Latin

Жомокчулар Жана Жомоктор - 13

Total number of words is 4023
Total number of unique words is 1816
36.1 of words are in the 2000 most common words
49.0 of words are in the 5000 most common words
55.5 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Съездден кийин кедей күчүнө кирди. Аялдар шайлоо укугуна ээ болду. Аялдарды
сүйгөнүнө бербей, малды көп берсе чал болсо да, кыз барбайм деп ыйласа да болбой, зордук
кылып берчү. Эки аял албасын деп токтомго чийилип, ар ким сүйгөнүнө барсын, малга
сатылбасын деп, укук берилди.
Бай-манап менен кедей теңелди. Антип-минтип жигит болду.
Үйлөнүп, ат жалын тартып мингенден кийин, жаман жүргөнү жок.
«Кандай жүрсөм аксакалдар жаман көрбөйт, кыйшык жүрүп коюп жүрбөйүн» – деп,
өзүн өзү текшерип турар эле.
Жол башчы жакшы кишилердин таасири тиет турбайбы. Агасы Сыдыгалы арабча
жетик окуган киши эле. Ал киши:
– Чын сөз кылчы, тазалык жашоонун булагы. Чын сөздү канчалык бурмалап калп кыла
албайсың, чындык жеңет. Бирөөгө жамандык кылба, жакшы жүр – деп, насыйкат айтчу.
Ал киши күчтүү да киши эле. Бир центнер буудайды каптын кулагынан кармап, өгүзгө
коё койчу.
– Адалдын берекеси болот, арамдын берекеси болбойт, – дечү. Алдыңкы кишилердин
жүрүшүн үйрөнөм деп, ошо жакка ооп кетти.
Ал ат жалын тартып мингенде, ыңкылап чыкты. Майда кызматта, көбүнчө
Чоңарыкта колхоздо ферма болуп жүрдү.
Абдыкеримдин атасы Сыдык жетимиштен ашып, картайып калган кезеги. Кызыл
сары киши болтойгон, анча семиз эмес. А киши абдан чечен. Сыдык сүйлөгөндө
«Манасыңдын» кереги жок болчу. Ошо киши бир жакка бастырса, айылы алардын жогору
жагында Кашкасууда эле.
– Оо, бала жүр, баланча жакка барып келели – деп, ага келип калчу. Жаш кезекте ошо
киши менен жүрүп, көп жаман-жакшыларды көрдү.
– Ай, балам, жакшы жүр. Кишиге кыянатчылык кылба. Таза жүрсөң өз башың өзүңө
жетет. Тазалык жакшы болот, – деп айтуучу Сыдык:
Андан кийин ошондой кишилерди көп көрдү. Жигит кезинде орундуу сөз сүйлөгөн
кишилерге кошулуп, орунсуз сүйлөгөн кишилерден качып турду. Атай, Муса менен аябай дос
эле.
Балбан Кожомкул менен сырдаш, Осмонкул ырчы менен теңтуш, ушундай адамдар
менен жүрдү.
Элдик уламыштарды, жомокторду, санжыраларды мыкты билчү. Ал 1988-жылы жаз
айында жол кырсыгынан капылет каза тапты.
ДАНИЯР ТАБЫП
Жансаптын атасы чоң табып Данияр бир күнү китеп карап олтурса, бир жерде
мүрөктүн суусу жатат. Ошол мүрөк суусун таап, ичип өлбөс боломун, – деп жөнөйт анан
ал. Китеп колунда. Мүрөк суусу дарыянын ары жагында.
– Даниярды кудай урду, мүрөк суусун тапса, адам баласы өлбөс болуп калат, барып
токтоткун, китептен Даниярды ажырат, – деп шайтан Жебирейилге айтат.
Жебирейил кишинин кейпин кийип, Даниярдын алдынан чыгып, көпүрөнүн үстүнөн
экөө саламдашып калат.
– И, каякка баратасың? – деп, бири-биринен сурайт. Данияр табып китебин
колтугунан түшүрбөйт. Жебирейил:
– Каякка барасың? – дейт.
– Мынабу маңдайкы тоодо мүрөктүн суусу бар экен, ошого.
Мүрөктүн суусун ичкен киши өлбөйт экен – дейт.
– Мүрөктүн суусу бар экенин кантип билдиң? – деп, Жебирейил сурап калды
Даниярдан.
– Ой, мынабу китепте турбайбы.
– Кана, кана, – дейт.
– Мүрөктүн суусу баланча тоодо, иреңи мындайча, – деп китеп көрсөтүп турат.
– Ой, бали, чын бекен ошол, – демиш болуп атып кетепти кармап турган колду уруп
жиберет. Китеп сууга түшүп кетет. Суу – киши агып өлө турган суу. Китептен Даниярды
ажыратып, Жебирейил алекисаамда көздөн кайым болот.
Китептен ажырап, Данияр кайта үйүнө келип, жалдырап олтуруп калат. Жалгыз
баласын окутса, алтек-талтек жинди чалыш, чалакайым Жансап деген баласы бар экен,
«Алиппени» да билбейт.
Ошентип турган кезекте Данияр өлүп, аялы жесир калат. Айласы кеткенден кийин,
баласы тоодон отун алып, оокат кылат.
Жансап ошентип отун алып жүрдү. Канча күн, канча жыл өттү, белгисиз. Жансап чоң
жигит болуп калды. Бир күнү жоон топ киши тоодон отун алып жатканда күн жаады.
Отунчулар Жансапты келесоо дегенсип:
– Эшек кайтарып тургун – деп, Жансапка кайтартып койду.
Эшекти кайтарып туруп Жансап үшүп, жаанга чыдай албай, жерди түрткүлөдү. Жерди
чукуп жатса, таягынын учунан алтын шекилдүү бир нерсе чыкты. Тегерете казайын десе,
чоң жезби, алтынбы сапсары болуп көрүнөт. Жансап баягынын капкагы экенин
көргөндөн кийин жолдошторун чакырды.
Жолдоштору келип, жабыла казып, ачты. Казса, капкак өзү жез экен. Капкакты
баарылап ары жагына оодарышты. Ары жагынан бал чыгат. Кудук толтура бал экен.
– Бул балакет балга окшош нерсе экен, уубу? – деп, ооз тийгенден баары коркушуп
«өлсө ушу өлсүн» дешип, келесоо Жансапты: – Ооз тий! – деп кыйнашты.
Жансап ооз тийсе бал экен, өлбөй калды. Бал экенин билгенден кийин, баары жеп,
тоюп, идиш алып келишип, балды сүзүп алышып, баягылыр балды базарга сатып, баары
бай боло баштады. Абдан терең кудук экен, бир аркан, эки аркан бою балды сатып
олтурушуп түгөтүштү. Бал аяктап, түгөнгөн кезекте Жансапты түшүрүп: «Бул ит келесоо
неме айтып коёт, муну кудукка көөмп коёлу» деген пикирге келишти.
– Жансап бул балды тапкан да сен, таткан да сен, аягына чейин түш, түгөнгөндөн
кийин, тартып алабыз, – дешти.
Балчылар Жансапты аркан менен кудуктун түбүнө түшүрүштү. Жансап балды салып
берип, кырып түгөттү.
– Эми тарткыла – дегенде, арканды кыркып, Жансапты ошо жерге калтырып,
капкакты жаап, көөмп ташташты.
Жансап кудуктун ичинде калды. Тигилер үйүнө келишти, балды алышып, баарысы
бай болуп, ушуну менен Жансап караңгы кудукта жата берди. Кудуктун бир капталынан
чаянбы, жыланбы бир нерсе келип кудукка түштү. Жансап баягы чаян түшкөн жерди
кестиги менен чукуй берди. Чукуган жерге Жансаптын башы батты, жана чукуганда
көөдөнү батып, баягыга Жансап кирип кетти. Ар жагынан чыкса, кадимки жердей
жапжарык, Шаймарандын жаткан жерине барды.
Бир жылан:
– Бир киши жүрөт! – деп Шаймаранга кабар берди.
– Кишини өлтүрбөй, мага алып келгиле, – деди.
Жансапты Шаймаранга алып барды. Шаймаран Жансаптын бүтүн тарыхын сурады.
Атасы Даниярдын, өзүнүн эч нерсе билбегенин айтып, эшек менен отун алганын, жаанда
жер чукуп олтуруп балды тапканын, балды түгөтүп, кудуктун түбүндө калганын, чукуп
олтуруп өзү баткандай кылып казып, ал аркылуу Шаймаранга келгенин, көргөнүн айтып
берди.
– Менин балканамды куруткан эме турбайсыңбы, – деди. Ошону менен айдан ай,
жылдан жыл өтүп, Жансап бечара Шаймаранга жалынды. Күндө ыйлагандан кийин
Шаймаран бошотоюн десе опасыздыгынан, бошотпоюн десе, тигинин көзүнүн жашынан
коркот.
– Падышам, Шаймаран – деп, күнү-түнү ыйлайт. Жети жылдан кийин:
– Бечара сени бошотоюн, – дейт Шаймаран. Ошондо Шаймаран Жансапка:
– Адам баласы айлакер болот, мен сени бошотсом, кишиге айтпайсыңбы, – деди.
– Айтпаймын, – деп ант берет. Анан айтат:
– Өмүрү кишинин көзүнчө сууга, мончого түшпө. Анткени жылан менен бирге жүргөн
кишиге жыландын бедели этине түшүп калат, – дейт.
Ушуну менен алып келип, жаап койгон кудуктан Жансапты чыгарды. Жансап
дүйнөнүн жүзүнө чыгып, үйүнө келсе, энеси абдан жаман турмушта экен. Отун алган
жолдошторунун баары дүкөн ачып, байбача.
Жансап келди дегенден кийин баякылар чогулуп, алдына түшүшүп, дүнүйө беришип,
Жансаптын да үй турмушу оңолду. Ал аны менен жыргап жата берсин. Ошол шаардын
ханы ооруп бир чоң молдону алып келип, бал китеп ачтырса, Шаймарандын эти менен
шорпосу дары, башка дары жок, –
дейт бир көзү ачык.
– Кандай кылып Шаймаранды табыш керек – деп хан аракет кылат.
Ошондо табып айтат:
– Элиңдин баарын эркек-ургаачы дебей мончого сал. Шаймаранды көргөн кишинин
этине бедер түшүп калат, мен таап беремин, – дейт.
Элдин баарын мончого салды. Элдин баары түшүп, мончодон качып жалгыз бечара
Жансап калды.
Жансапты айдап келишти. Чечинтсе, этинин баарына жыландын сүрөтү түшүп калган.
– Кана, Шаймаранды кайдан көрдүң, чыныңды айт? – деди.
– Көргөнүм жок, – деп бечара танды.
– Танбай чыныңды айт, башыңды аламын – деп, Жансапты өлүмгө алып барды.
– Өлгөнүмчө айтып берейин, – деп, Жансап айтып берди. Бүтүн болгон окуяны, баягы
балкудукту айтып, табып Жансапты ээрчитип алып балкудукка барды. Капкакты ачып
коюп, «Азайымкан» касыйда дубаларды окуп чакырды.
Дубанын күчү кыйын да Шаймаранды алтын илегенге салып бир жылан көтөрүп
келип берди.
Шаймаран келсе, табыптын жанында Жансап турат.
– Ой, Жансабым, убада ушундай беле? – деди Шаймаран.
– Жан деген кыйын экен, башымды алып таштаймын дегенден кийин, ушул жумуш
болду – деди Жансап.
– Эми сенде жазык жок, – деп айтты Шаймаран. Ошондо Шаймаран Жансапты:
– Мени эми өзүң койнуңа катып, өзүң алпаргын, – деди. Жансап өзү табыптын
артынан жөнөдү.
Жолдо баратканда Шаймаран Жансапка:
– Сен бечара көңүлүңдө арамчылык жок, ажалым сенден экенин билип, ыйлаганыңа
боорум ачып, коё бергем. Эми мени алпарып, падышага дары кылып соёт. Мен сага
жакшылык кылып кетейин. Башымды кыркып, куйругумду кыркып, казанга кайнатат.
Биринчи чыккан чий көбүк заар болот, табып ошону сен ич деп айтат, сен ичпегин,
экинчи кайнаган чий көбүк – аны ичкен он сегиз миң ааламдын тилин билет. Этти сага
бышыртат. Биринчи көбүгүн алып, табыпка коюп кой. Экинчи көбүгүн өзүң ичкин, он
сегиз миң ааламдын тилин билесиң. Үчүнчү сорпону падышаңа берсең айыгат, дары
болот
– деди.
Барып Шаймарандын башы менен куйругун кыркып, казанга салып кайнатат.
Биринчи көбүгүн калпып, табыпка алып коёт. Экинчи көбүгүн өзү ичип, үчүнчү көбүк
сорпосун падышага берет.
Табып китептен көргөн да, экинчисин ичем деп ынтыгып олтурат. Үчүнчү көбүгүн
элден мурун падышага берсе, падышанын бүткөн бою айыгып басылды.
– Экинчи сорпону алып кел, – деди.
Экинчи деп, биринчи сорпону берди. Сорпону ичип, табып кырынан кетип өлдү.
Экинчи сорпону Жансап өзү ичип, он сегиз миң ааламдын тилин билди.
СҮЙЛӨБӨС КЫЗ
Илгери Асан деген адамдын сулуу кызы, дагы бир байдын үч баласы аял ала элек
болот. Бай ооруйт. Күн өткөн сайын ахывалы оордойт: «Үч балама тең аял алып бергеним
жок. Жаным чыкканча баарына тең аял алып берип, ушулардын карызынан кутулайын»,
– деп ойлойт ал, акыры.
Элден мурун улуу баласын чакырат.
– Ой, балам, көзүмдүн тирүүсүндө кимдин кызын аласың, айткын, алып берейин.
– Асандын кызын алам, – деди анысы. Ортончу баласын чакырды.
– Балам, карызымдан кутулайын, кимдин кызын жактырасың, – деди ага дагы.
– Асандын кызын аламын, – деди ортончосу. Анан кичүү баласын чакырды.
– Балам, карызымдан кутулайын, кимдин кызын аласың?
– деди ага дагы. Ал да туруп:
– Асандын кызын, – деди. Бай үчөөн тең чакырды.
– Үчөөң тең Асандын кызын аламын дейсиң, үчөөң үч миң дилде ал, киши башына
миңден болсун, – деп, киши башына миң дилдеден берди.
– Кимиңер асыл буюм алып келсеңер, Асандын кызын ошого алып беремин, – деди.
Үчөө базарга барды. Барса улуусу барган жерде бирөө күзгү кармап турат.
– Бул күзгүнүн баасы канча?
– Күзгүнүн баасы миң дилде.
– Бул күзгүнүн баасы миң дилде болгондо кандай өнөрү бар?
– Өнөрү, дүйнө жүзүндө эмне болуп жатканын көрүп турасың.
Караса күзгү бүткүл дүйнөнү көргөзөт. «Мындан да асыл буюм барбы?» – деп, күзгүнү
бала миң дилдеге алды.
Ортончосу базарга барса, кичинекей килемди миң дилдеге деп бирөө кармап отурат.
– Ой, бул килемиңдин эмне өнөрү бар?
– Өнөрү ушул көз ачып-жумгуча самаган жерге жеткизет.
Базарга кичи баласы барды. Бирөө бир алма шекилдүү нерсени кармап турат.
– Мунун баасы канча? – деди бала.
– Баасы миң дилде.
– Эмне өнөрү бар бул алмаңдын, миң дилде болсо.
– Өлгөн кишини сууга ала электе алып барып жыттатса, адам тирилет, – деди.
«Мындан да ашкан асыл буюм барбы?» – деп, бала алма шекилдүү буюмду алды.
Базардан буюмдарын алып бүткөн соң, үч бир тууган кошулушту.
– Сен эмне алдың? – биринен бири сурады.
Үчөө тең эмне алгандарын бири-бирине көрсөтүштү. Асандын кызы эмне болуп
жатты экен деп күзгүдөн карашса, Асандын кызы өлүп, эл чогулуп, ызы-чуу түшүп
жатканын көрүштү.
– Ой, кана сенин килемиңе отуруп учуп, сууга ала электе жетелик – деди.
Үчөө килемге отуруп учуп жетишип, сатып алган алманы алып:
– Тирилт муну, – дешти.
Кичүү баласынын жыттаткан алмасынан кыз тирилди. Кыз тирилгенден кийин, үчөө
калыска түшүп кызды талашты.
– Менин күзгүм болбосо, мунун өлүп жатканын кантип билет элек, мен алам – деп
улуусу айтты.
– Менин килемим болбосо, сен кантип жетет элең, – деди килемдин ээси.
– А сен күзгүң менен көргөн, а сен килемиң менен учуп жеткен менен, менин алмам
болбосо эмне кылат элең? – деди кичүүсү.
Ошентип, бул үчөөнүн талашынан калыстардын башы айланды…
Бир жерде хандын үч баласы болот. Бири-биринен сырын жашырат. Кийикке чыкса да
экөө үйдө калып, бири чыгат. Кичи баласы кийикке чыга турган күнү эки агасын чакырат:
– Бүгүн ууга чыга турган күнүм эле, экөөң тең жүргүн.
Үчөөбүз тамаша кылып, кимибиз өнөрлүү экенбиз, ошону көрөлүк, бирок олжо
меники, талашпайсыңар. Силер тамаша гана көрөсүңөр – деди.
Эки агасы:
– Эмнеси болсо да үчөөбүз тамаша кылалы, тапканыбызды сага берели, – деп, тоого
барышты. Кийик кубалап, баланча жерден табышабыз деп, бир жерди убада кылып коюп,
үчөө үч бөлөк жерге кетишти.
Улуу баланын аты жүрбөй, бир белде турса, бир кийик шекилдүү нерсе келди.
– Мени сен атпагын, сага мынабу шакекти – Сулайман пайгамбардын жүздүгү, ушуну
берейин. Бул шакекти алсаң, падыша болосуң, – деди кийик. Шакекти ал дароо алды. Бир
убактан кийин эки иниси келди.
– Эмне табылгаңар бар? – деп, олжону сурады кичүүсү.
Күн меники деген убадасы бар эмеспи.
– Күн – меники, шакекти мага бер. Улуу агасы:
– Бербейм, – деди. Ортончосу:
– Убада бар эмеспи, бергин, – деди кичүүсүнө болушуп. Калыска түшүштү:
– Убадаңар бар экен, күн меники дегенге бергиле, – деди.
Ушуну менен чатак болуп, улуусу кичүүсүнө шакекти бербей койду…
Ошентип бир молдо, бир зергер, жыгач уста үчөө жолдош болуп, үчөө бирөөнүн үйүнө
барып конду. Бир убакта баягы жыгач уста эшикке чыкса, эшиктин астында бир дөңгөч
жатат. Дөңгөчтү адамдын мүчөсүндөй кылып сүрүп, бир сулуу кыз кылып, эшиктин
астына жөлөп койду эле, бир убакта зергер эшикке чыкса, сулуу кыз турат. Ары-бери
кызды караса, дөңгөч жыгач экен. Зергер турду да, кийимди тигип, сөйкөнү, билерикти
жасап, сулуу кийимин кийгизип койду.
Бир убакта молдо эшикке чыкса, эшиктин алдында келишкен сулуу бир кыз турат.
Караса, баягынын жаны жок, жасалгасы адамдай сулуу. Молдо туруп баягыга:
– Сүф, сүф! – деп, жан салды. Жыгач кызга жан кирди, үчөө кызды талашып, калыска
түштү. Калыстар туруп: дөңгөчтү чаап, кыз сөлөкөтүн салганга ыйгарды. Кыз жыгач
устага ыйгарылганда берки экөө нааразы болду…
Бул жерде бир падышанын жалгыз кызы: «Мени ким үч сүйлөтсө, ошого тием», – деп
убада берет. Бирок барган элдин баары үч сүйлөтө албайт. Жазасын атасы бычып, үч
сүйлөтө албагандардын башын алып турат.
Бир сулуу жигит падышага:
– Кызыңызды мына мен үч сүйлөтөм. Жок сүйлөтө албасам, башымды алып таштай
бериңиз, – деп барды.
Падыша:
– Жакшы бала экенсиң, бөөдө өлүп каласың го, далай бала өлүп кетти эле, – дейт.
– Сүйлөтө албасам өлүмгө ыраазымын, сүйлөтсөм кызыңды аламын, – деди ал.
Баягыга кол койдуруп алып, падыша кызга жиберди.
Барганда:
– Күйөө келди, – деп, барабанды какты. Бала барып:
– Сизге бирдемени чечип берет деп калыска келдим, – деп сөздү баштады.
Баягы Асандын кызын үчөөнүн жакшы көргөндүгүн, байдын үчөөнө үч миң дилде
бергенин, бая күзгү менен кыздын өлүп жатканын көрүшкөнүн, килем менен учуп
барышканын, алманы жыттатып тирилткенин айтты. Калыстар күзгү менен көргөнгө
кызды ыйгарышты – деди.
Сүйлөбөгөн кыз:
– Анда сенин калыстарың калыс эмес экен. Күзгү менен көрүп, учуп барганда эмне
кылат эле, кыз алма менен тирилткен баланыкы эмеспи, – деп кыз бир сүйлөдү. Барабан
кагылды.
Андан кийин Сулаймандын жүздүгүн алган үч бир тууганга келди. Кичи баласынын
күнү экен, олжо, табылга меники деген балага ыйгарышты, – деди.
– Өз тапканын өзүнө бербейби. Туура эмес чечкен – деп, кыз жана бир сүйлөдү.
Баягы жыгач устага келди. Жыгач уста дөңгөчтү чаап, кыз кылып койду. Зергер
кийинтти. Молдо жан салды. Калыстар жыгач устага беришти.
Ошондо бая сүйлөбөгөн кыз:
– Дөңгөчтү канчалык кооздобо – дөңгөч, дөңгөч. Эмгек жан салгандыкы. Молдо алмак
– деп, үчүнчү жолу сүйлөдү.
Ошону менен падышанын кызын үч сүйлөтүп жанагы жигит алып жатып калат.
БАЛКЫЯ
Илгери Балкыя деген бир киши таалай издеп чыгып, таалайдын каякта экенин
билбей, дүйнөнү кезип жүрөт. Жаздын күнү. Жыландын падышасы Шаймаран бир топ
жыландар менен жыргап жатканда, Балкыя үстүнөн чыгып калат.
– Адам келатат, – деп, Балкыяны бир жылан падышага айтат.
– От чачып өлтүрбөй, мага тирүү алып келгиле, – дейт. Балкыяны жыландын
падышасы Шаймаранга алып келет.
Шаймаран он сегиз миң ааламдын тилин билет.
– Эмне кылып жүргөн кишисиң? – деп, Балкыядан сөз сурайт.
– Мен бир шордуумун, бакыт издеп жүрөм.
– Аны издеп жүрсөң, адам баласы опосуз, айлакер окумуштуу болчу эле. Сени коё
берсем деп дагы бирөөгө айтпаска убада алат.
– Таалай издеп жүргөн экенсиң, тоскоолдук кылбайын, – деп, Шаймаран Балкыяны
жайына коёт. Шаймарандан чыгып, канча бир күн жол жүргөн соң, Балкыя бир кишиге
жолугат.
– Сен эмне болгон кишисиң? – деп, Балкыя баягы кишиден сурайт.
– Мен Акоп молдомун, – дейт баягы киши. – Сулайман пайгамбардын жүздүгүн алсам
дегем, бирок суу, дайралардан өтө албай жүрөм. Өтүүнүн жолун бир гана Шаймаран
билет, ошону издеп жүрөм, аны тапсам өтө алам, – дейт.
– Кантип?
– Шаймаран он сегиз миң ааламдын тилин билет. Сууга чөкпөй турган бир чөп болот.
Ошо чөптүн суусун таманыңа сүйкөп алып бассаң, суунун үстүнөн кургак жердей басып
кетесиң. Ошол чөптү тапсам, суудан өтсөм, Сулаймандын жүзүгүн алаар элем. Эгер
жүзүктү тапсам, чөп, суу, таш, кыбырагандын тилин билип, он сегиз миң ааламды сурап,
падыша болот элем. Сага да таалайды таап берет элем – деди.
Ошол сөзгө Балкыя алданып:
– Шаймаранды мен таап берер элем, бирок аны сен өлтүрүп коёсуң го – деди Акопту.
– Мен өлтүрбөймүн, суудан өтө турган гана чөптү сурап алып, анан коё берем – деди.
– Шаймаранга убадам бар эле. Коё бере турган болсоң, мен таап берейин, – деп, көргөн
жерине Балкыя ээрчитип келди. Нардай болгон эле ажыдаарлар.
Акоп «Азайымкан» деген дуба менен нардай жыландардын баарын талытып,
кыймылдатпай таштады. Акоп Шаймаранды дуба менен чакырды эле, аны күмүш табакка
бир жылан салып алып сойлоп келип, таштап кетти. Дубаны жандырып, эси ооп калган
Шаймаранды тирилтсе, бая Балкыя досу олтурат.
Балкыя досуна:
– Ушуну кыласыңбы? – деди. Анда Акоп туруп сөзгө аралашты.
– Бу кишини азгырган мен. Сенден бир нерсени сурайбыз, ошону айтып берсеңиз, коё
беребиз, – деди.
– Айткыла, айтып берейин – деп Шаймаран айтты.
– Тегерете деңиз экен, деңизден өтө албай, айлабыз куруп турат. Мына китептен
көрдүм, бир чөп бар дейт, ушу чөптү сүйкөсө, деңизден кургак жердей басып өтөт дептир,
кайсы чөп экенин билбей жатабыз. – Акоп китебин сууруп чыкты – ушу сөздү айтсаңыз
эле, биздин сизге зыяныбыз жок, ордуңузга алып барып коёбуз, – деп айтты.
– Анда эмесе, тетиги чөптү жулуп алып таманыңа сүйкөп, сууну кечип көрчү, – деп,
Шаймаран бир чөптү көргөздү. Ошо жердеги чөптүн бирин үзүп, таманына сүйкөп,
арыктагы сууну кечсе, батпайт. Акопко «он сегиз миң ааламга падыша болдум, эми
барамын» деген ой кетти.
Ошону менен Шаймаранды коё берди. Шаймаран Балкыяны Акопко кошпой:
– Бери келчи? – деп жалгыз чакырып алды.
– Айтпадым беле, мени бир топ мыжып, убара кылдыңар.
– Сен жамандык кылсаң да, мен жакшылык кылайын. Силер суудан өтүп,
Сулаймандын жаткан жерине барасыңар. Барганда Сулайман терең сайдын ичинде болот.
Тегереги бүт ажыдаарлар. Жакындаганда от жагып күйгүзүп жиберет. Сулайманды тоого
барганда көрөсүңөр. Сулайман кымбат баалуу нерсени жамынып, тактынын үстүндө
жатат. Жүзүк сол колунун чыпалагында. «Азайымкан» дубаны окуп, жыландардын
баарын талытып, катырып алсыз кылып таштайт. Сулайман жаткан белден ары
баргандардын баары күйүп өлөт. Сен белдин бери жагында кал. Агер Акоп менен кошо
барсаң, сен да күйүп өлөсүң.
Шаймаранды коё беришти, коштошуп Акоп менен Балкыя жөнөп, дарыяга барганда
чөптү таманына сүйкөп алып, экөө кургак жердей суудан өтүп, Сулайман жаткан тоонун
башына чыкты. Караса, тактын үстүндө кымбат жакуттан жамынып алып Сулайман
жатат. Сулайманды кайтарып тегерете ажыдаар, жолборстор турат.
Белден чыгып: «Булардын баарын талытып таштайын», – деп, Акоп «Азайымканды»
окуй баштады. Ажыдаарлар зыңкыйып катып, жолборс да кыймылдабай жатып калды.
«Жүзүктү алам, он сегиз миң ааламга падыша болом» – деп, Акоп кубанып турат.
Ошондо Балкыяны:
– Жүр! – деди. Балкыя туруп:
– Мени эмне кыласың, өзүң эле барып алып кел, мен ушу жерде күтүп турайын, – деди.
Шаймарандын сөзү менен Балкыя олтуруп калды.
Тиги кетти. Барды. Дубаны окуп, жылан да, жолборс да кыймылдабай жатат. Акоп
барып Сулаймандын колунан тартып, чыгарам деп жүзүккө асылды.
– Тарт колуңду! – деп, Жебирейил кыйкырганда анын үнүнөн коркуп кетип, эсинен
танып, «Азайымкан» дубаны жандырып жиберди. Талып жаткан жыландар тирилип, от
чачып, Акоп өлдү.
КУРБАН КАЙНАЗАР УУЛУ
Кыргызстандын түштүгүндөгү Аксыда өз журтунун урмат-сыйына, кадырлоосуна
өзүнүн сөзмөрдүгү, айылдагы жамандык-жакшылыкка билермандыгы, балбандыгы,
мергенчилиги, калыстыгы менен таанылган Курбан Кайназар уулу кылым башында 1899жылы Аксынын Карасуусунда кеч күздө жарыкка келген экен.
Атасы Кайназар Мамбет уулу чоң, апасы кичирээк киши эле. Ага караганда Курбан
кичине болчу. Атасы чокчо сакал, узун бойлуу, ак жүздүү, көп деле сүйлөбөгөн жоош киши
эле.
Апасы Тажи Ашираалы кызы, төркүнү багыш, Коштөбөдөн, орто бойлуу, кара тору,
чачы куду билектей, жаш убагында жерге тийчү. Кийин элүүлөргө барганда балтырына
барчу эле. Чачын жууганда билегине ороп алып жуучу. Бирөөгө жамандыгы жок ургаачы
эле.
Ал жаштыгында атасы орто дыйкан болду. Ошонун дөөлөтүндө ат жалын тандап
мингенден баштап эле жалгыз уул болду. Бурма аттуу эжеси андан үч жаш улуу эле.
Жашында эле балдар менен күрөшүп, күрөшкөндө жыгып, жарышкандан чыгып кетээр эле.
Он жети жашында үйлөндү.
Атасы Кайназар ошол кездеги элдин ичинде оокаттуу адамдардан болуп, өзү жер кезип,
көптү кыдырган, көптү көргөн сөзмөр, меймандос адам эле дейт. Үйүнөн ар дайым
ырчылар кетпей, Кетментөбөдөн Токтогул, Эшмамбет, айылдагы Жеңижок (Өтө),
Ниязаалы комузчу, Нурмолдолор ары-бери өткөндө конуп, ырдап өтүшчү экен. Улуу акын,
комузчуларды көрүп, алардын шаңшыган ырларын угуп, айрымдарын жаттап, ырдап
жүргөн Курбандын бала кези таланттардын арасында өтүптүр.
Айрыкча Токтогулдун сүргүндөн кийинки өмүрүндө Аксыда жашап, Кайназарга үч
жылдай коңшу турушу, Жеңижоктун өмүрүнүн акыркы жылдары, айрым айтыштар
Курбан Кайназар уулунун эсинде жакшы сакталган.
Октябрь революциясынан кийин Кыргызстандын түштүгүндө да Совет бийлиги орноп,
эмгек артелдери уюшула баштаганда алгачкылардан болуп мүчө болуп кирген. Отузунчу
жылдарда колхоздо Курбан Кайназар уулу арабакеч, малчы, эсепчи, колхоздун башкармасы
болуп иштеген. Ошол кездерде эл оңоло түшүп, ар түрдүү улуттук оюн, мелдештер өтүп
турган. Эл арасында таамай күрөшүп, биягы жедигер, тиягы Наманген, Чаткал, Таласка
чейинки аралыктардагы улакчылардын көбүн алдыга түшүрчү эмес экен.
Согуш алдында Караван аскер комиссариатында иштеп калат да, согуш мезгилинде
айыл граждандарын согушка окутуп, даярдоодо өз салымын кошот. Пача-Ата, ТоскоолАта тоо араларында жайдыр-кыштыр аскерге даярдоо пункттары иштеп, жүздөгөн
адамдарды жаңы топтор менен жөнөтүп турган.
Согуштан кийинки жылдарда эл оор турмуш, ачкачылык, кыйынчылык күндөрдү
көргөнү белгилүү. Мына ошол жылдары Курбан улакчы, мергенчиликтин сырларын
үйрөнүп, өз айылын эт менен багууга жараган.
Мындан башка да Курбан Кайназар уулунун эл арасында ар түрдүү балбандык, чечендик
окуялары айтылып жүрөт.
Кайназар уулу Курбандын 80 жашына чейин бир дагы тиши түшкөн эмес. Курбан
карыянын кол өнөрү да көпчүлүккө таанымал болгон. Ээрди куш баш (кайыңдын, талдын
жоон айры бутактарынан туюк чаап, төөнүн терисинен ийлеп, каптап, мыктаган),
талас ээр (бул ээрди төрт бөлөк чаап даярдап, кийин бириктирип кадап, жасалгалап
бөлгөн) кылып чапканды билген. Анын көп ээрлери Аксынын калың катмарына тараган.
Күмүштөн чабылган алгачкы ээри 1951-жылы тун уулуна арналып, азыркы күндө маркум
уулунун Кочкоратадагы үйүндө турат. Ошондой эле кыргыз үйгө кереге, уук, атка жүгөн,
басмайыл, көмөлдүрүк, быштаң жасап, токуганды жакшы билген. Жаш кезинде ар дайым
куш таптап салып жүрсө, акыркы жылдары үйүндө куш түлөтүп таптап, эрмектеп
отурган.
Өзү кыргызча, арабча, латынча жазат, орусча, өзбекче, казакча сүйлөп, жооп бергенди
өздөштүргөн.
Курбан Кайназар уулунун эки кыз, үч уулу болгон.
УЛУКМАН
Абу Али Сино Күмбөз Даварда үч жыл окуп, чачы бетине түшүп, муруту ээгин жаап,
жер жүзүнө доктурлук илимин таратып, көп жигиттерди чогултуп, окута баштайт. Ошол
окуунун ичинде жер жүзүндө эки баштуу жылан бар, ар башын түбүнөн кесип, сууга
кайнатып шорпосун ичсе, жер жүзүндөгү чөп, мынабу кеселге «мен давамын» деп айта
берет. Ушу сөздү угуп, Аблетун, Аластун деген жигит уруксат сурайт.
– Биз ошо жыланды издейбиз, – дейт. Абу Али Сино:
– Бу жыланды табыш өтө кыйын, буга убара болбогула – десе болбой, экөө ушу
жыланды табышка тоо-ташты көздөй жөнөйт. Ар жылы жазда жыйырма бир жыл издейт.
Жыйырма биринчи жылы бир алачык көрүнөт. Ушуга барып, чай ичип кетелик деп
кайрылат. Алачыкка жакындаганда, баягы издеген жылан астынан чыгат. Экөө баса
калып жыланды өлтүрүп, эки башын кесип алып алачыкка барса, бир кемпир олтурат.
– Эне, казаныңа суу куюп бергин. Биз чай ичип кетели, – дейт. Кемпир ордунан туруп,
казанды чайкап, суу куюп берет.
– Сиз ишиңизди кыла бериңиз, биз чайды өзүбүз кайнатып ичебиз, – дейт.
Баягы жыландын эки башын салат. Экөө от жагып олтуруп анан уктап калышат.
Талаада эчки кайтарып жүргөн кемпирдин жети жаштагы баласы басып келип, эки
кишинин уктап жатканын көрөт. Казанда капкак жабылуу, бирок ичинде бир нерсе
бырылдап кайнап жатат. Капкакты ачып караса, эч нерсе көрүнбөйт. Чөмүчтү алып,
эңкейип кайнап жаткан суудан бир ууртайт. Капкагын жаап коюп, бала кете берет.
Ушул учурда уктап жаткандар ойгонуп, ордунан туруп, экөө эки кашыкты алып,
шорподон уурташып, жыландын башын алып, муздатып ороп, жанына салып алат.
Ушуну менен жүрүп отуруп элине келет. Төрт-беш ай өтөт, эч белги билинбейт. Экөө
туруп, Абу Али Синонун алдына барып, жыландын башын көрсөтөт.
– Мен айткан жыландын өзү. Мээнетиңер кайтып, табылыптыр.
– Биз муну тапкан эле жерде кайнатып ичкенбиз. Төрт- беш ай болду, эч белги жок.
Болбогон нерсени айтып, бизди жыйырма бир жыл убара кылдыңыз – дешип, капа боло
баштайт.
Абу Али Сино:
– Жок, андай эмес, шорпону ууртаган киши билбей койбойт. Дагы беш айга сабыр
кылгылачы. Ага чейин бир белги болбосо, анан мени жалганчы дегиле – деп буларды
токтотот.
Ортодон жети ай өтөт. Элге угулуп калат:
– Оногу жерде кемпирдин жалгыз баласы кесел кишилерге бир чөптү жулуп берсе эле
айыгып, туруп кетип жаткан имиш, деген сөз угулат.
Абу Али Сино экөөн чакырып:
– Уктуңарбы, кемпирдин жети жашта баласына барган эле оору айыгып, туруп кеткен
имиш го. Ошого ичирип коюп, мага келип ачууланасыңарбы дегенде экөө ойлонуп: «Биз
казанга салып, уктап калганыбызда, ошо бала ичип койгон экен го» дешип, күнөөнү
өздөрүнө алышат.
– Жыйырма бир жыл издеп, биз кала беребизби. Кана айтың, биз ошо баладан кантип
өч алабыз – дегенде Абу Али Сино:
– Эми ошо баланы өлтүрүп, бычак тийгизбей боорун алып, шорпосун ичсеңер, силерге
өтөт, – деп сөзүн бүтүрөт.
Экөө акылдашып:
– Ушунча жыл иштеп куру кала беребизби. Жети жаштагы балага күчүбүз жетпейби.
Барып өлтүрөлү да, боорун алып, кайнатып ичели – деп, баланы өлтүрүшкө жөнөп
калышат.
Кемпирдин үйүнө жакындаганда дем алып олтуруп, Аластун ойлойт: «Жыйырма бир
жыл издеп, аны кемпирдин алачыгынын жанынан таап, атаганат кумганга кайнатып
ичсек болбос беле. Эми карачы, өз колубуз менен кемпирдин казанына салып беребизби.
Дагы уктап калабызбы? Баланы өлтүрсөк, муну бирөө көрүп койсо, же бооруна бычак
тийип калса, кийин кыяматта кандай жооп беребиз», – деп, жер тиктеп олтурганда
жанындагы Аблетун:
– Сен эмнени ойлонуп олтурасың? – деп сурайт.
– Мен ойлогон оюм – баштагы сөздөрүн айтып келип, – баланы өлтүргөндү бирөө
көрүп койсо, же колго түшсөк, же бооруна бычак тийип калса… башынан бизге буюрбаган
нерсе экен го. Азыр дагы бир каргаша болобу деген ойго келип, мен ушул жаман ойдон
кайткым келет, – дейт.
– Чын жери, иштин башы оңолмоюнча, этеги оңолбойт. Мен дагы сенин оюңа
кошулдум. Кана, курдаш эми эмне кылабыз? – дейт.
Аластун:
– Менин акылым, бала менен кемпирге барсак, жаман- жакшы кыялыбызды
жашырбай айтсак, макул десең, ушу жерден кызмат бер деп талап кылсак – деп, ордунан
туруп, кемпир менен баланын үйүнө барышат. Барса, эшигинде беш- алты кесел жатат.
Бала тура калып бирөөнө эңкейип дары берет, баягылар жеп болуп эле айыгып, ордунан
туруп кетип жатат.
Экөө кемпирге кирип:
– Балаңыздын аты ким? – деп сурайт.
– Улукман, – деп жооп берет кемпир.
– Улукман! – деп чакырат Аблетун.
Чакырган үндү угуп, Улукман эшиктен кирип келет.
– Олтур, иним, – дейт Аластун.
Улукман энесинин жанына отурат. Аластун башынан өткөнүн баяндайт.
– Жыйырма бир жыл издеп таап, казаныңа салып бердим. Биз ушул келишибизде
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Жомокчулар Жана Жомоктор - 14
  • Parts
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 01
    Total number of words is 4062
    Total number of unique words is 1893
    34.1 of words are in the 2000 most common words
    46.8 of words are in the 5000 most common words
    52.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 02
    Total number of words is 4214
    Total number of unique words is 2104
    32.9 of words are in the 2000 most common words
    44.6 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 03
    Total number of words is 4152
    Total number of unique words is 2045
    34.6 of words are in the 2000 most common words
    47.4 of words are in the 5000 most common words
    54.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 04
    Total number of words is 4150
    Total number of unique words is 2066
    32.5 of words are in the 2000 most common words
    45.7 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 05
    Total number of words is 4129
    Total number of unique words is 1861
    36.1 of words are in the 2000 most common words
    48.6 of words are in the 5000 most common words
    54.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 06
    Total number of words is 4073
    Total number of unique words is 1772
    37.9 of words are in the 2000 most common words
    50.9 of words are in the 5000 most common words
    56.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 07
    Total number of words is 4031
    Total number of unique words is 2005
    35.4 of words are in the 2000 most common words
    47.5 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 08
    Total number of words is 4000
    Total number of unique words is 1967
    34.2 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    55.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 09
    Total number of words is 4090
    Total number of unique words is 2041
    34.4 of words are in the 2000 most common words
    48.3 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 10
    Total number of words is 4090
    Total number of unique words is 1755
    36.3 of words are in the 2000 most common words
    49.5 of words are in the 5000 most common words
    55.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 11
    Total number of words is 4202
    Total number of unique words is 1835
    37.9 of words are in the 2000 most common words
    50.3 of words are in the 5000 most common words
    56.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 12
    Total number of words is 4059
    Total number of unique words is 1853
    34.9 of words are in the 2000 most common words
    47.5 of words are in the 5000 most common words
    53.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 13
    Total number of words is 4023
    Total number of unique words is 1816
    36.1 of words are in the 2000 most common words
    49.0 of words are in the 5000 most common words
    55.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 14
    Total number of words is 4128
    Total number of unique words is 1794
    35.4 of words are in the 2000 most common words
    48.5 of words are in the 5000 most common words
    55.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 15
    Total number of words is 4128
    Total number of unique words is 1880
    33.4 of words are in the 2000 most common words
    47.5 of words are in the 5000 most common words
    54.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 16
    Total number of words is 3951
    Total number of unique words is 1518
    36.3 of words are in the 2000 most common words
    49.6 of words are in the 5000 most common words
    57.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 17
    Total number of words is 3907
    Total number of unique words is 1675
    37.0 of words are in the 2000 most common words
    49.9 of words are in the 5000 most common words
    56.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 18
    Total number of words is 4005
    Total number of unique words is 1671
    37.2 of words are in the 2000 most common words
    51.2 of words are in the 5000 most common words
    57.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 19
    Total number of words is 4054
    Total number of unique words is 2029
    33.6 of words are in the 2000 most common words
    46.8 of words are in the 5000 most common words
    53.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 20
    Total number of words is 4155
    Total number of unique words is 1829
    34.3 of words are in the 2000 most common words
    47.3 of words are in the 5000 most common words
    52.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 21
    Total number of words is 4145
    Total number of unique words is 1916
    33.5 of words are in the 2000 most common words
    46.1 of words are in the 5000 most common words
    53.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 22
    Total number of words is 4175
    Total number of unique words is 1923
    35.3 of words are in the 2000 most common words
    48.7 of words are in the 5000 most common words
    54.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 23
    Total number of words is 3979
    Total number of unique words is 1623
    36.1 of words are in the 2000 most common words
    48.7 of words are in the 5000 most common words
    54.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 24
    Total number of words is 4111
    Total number of unique words is 1658
    36.5 of words are in the 2000 most common words
    49.2 of words are in the 5000 most common words
    54.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 25
    Total number of words is 4082
    Total number of unique words is 1920
    33.7 of words are in the 2000 most common words
    46.1 of words are in the 5000 most common words
    53.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 26
    Total number of words is 3970
    Total number of unique words is 1798
    32.3 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 27
    Total number of words is 4049
    Total number of unique words is 1925
    35.2 of words are in the 2000 most common words
    48.5 of words are in the 5000 most common words
    54.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 28
    Total number of words is 4196
    Total number of unique words is 1935
    34.7 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 29
    Total number of words is 4079
    Total number of unique words is 2069
    33.0 of words are in the 2000 most common words
    44.8 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 30
    Total number of words is 4175
    Total number of unique words is 2074
    33.1 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    52.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 31
    Total number of words is 4117
    Total number of unique words is 2049
    32.9 of words are in the 2000 most common words
    46.1 of words are in the 5000 most common words
    52.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 32
    Total number of words is 4160
    Total number of unique words is 2020
    33.9 of words are in the 2000 most common words
    46.5 of words are in the 5000 most common words
    53.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 33
    Total number of words is 4042
    Total number of unique words is 1830
    36.4 of words are in the 2000 most common words
    49.7 of words are in the 5000 most common words
    55.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 34
    Total number of words is 4275
    Total number of unique words is 1721
    36.7 of words are in the 2000 most common words
    50.1 of words are in the 5000 most common words
    56.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 35
    Total number of words is 4047
    Total number of unique words is 2016
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 36
    Total number of words is 1590
    Total number of unique words is 953
    41.2 of words are in the 2000 most common words
    52.2 of words are in the 5000 most common words
    57.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.