Latin

Жомокчулар Жана Жомоктор - 14

Total number of words is 4128
Total number of unique words is 1794
35.4 of words are in the 2000 most common words
48.5 of words are in the 5000 most common words
55.9 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Улукманды өлтүрүп, боорун алууга келдик эле. Элден-журттан коркуп, бул жамандыктан
кайттык. Улукман үйдө олтуруп буйрук кыла берсең, экөөбүз келген ооруну дарыласак
дегенде кемпири ордунан ыргып туруп, чын жүрөктөн кабыл алат. Ошондон баштап көп
жылдар кызмат кылат. Экөөнүн билгичтиги Улукмандан да ашат.
Бир күндөрү Улукман үйүндө отурса, кызыл шым кийген, кылычын байланган эки
адам кирип келет.
– Улукман ким? – деп сурайт.
– Үйдө олтурат – деп, Аблетун жооп берет.
Үйгө кирип кетет экөө. Аркасынан Аблетун кошо кирет.
Улукмандын жанына отуруп, эки киши сөзгө кирет.
– Биз балан мамлекеттен келдик. Биздин падышабыз он жети жыл бала көрбөдү.
Быйыл катыны кыз төрөдү. Муну салбаган табып, окутпаган молдо калган жок.
Даңкыңызды угуп, кан сизге бизди жиберди, – дейт. Улукмандан мурун эле Аблетун баш
көтөрөт:
– Бу киши а жерге бара албайт. Анткени ар күнү канчадан оору келип жатат, ошондон
колу бошобойт. Макул болсо, каныңа айта бар, ошондон ушул жерге чейин жыгач
орнотуп, үстүнө сым тартып келсин. Ошол жол тартылып бүткөндө сымдын башын кыз
кармасын. Бу жерде Улукман кайсы кесел экенин кармап билет.
Аблетундун сөзүн угуп:
– Болуптур, айтып барабыз – деп, жолго түшөт.
Айтып барат. Аргасы кеткен кан жыгач орнотушка элди буйруйт. Бир айга жетпей эле
сым тартылып, бир учу Улукмундын үйүнө туташтырылат.
– Бирөөң баргыла, бирөөң бул жерде калгыла. Балан күнү балан саат, балан мүнөттө
кызды алып келип, тартылган сымдын учун карматкыла, – дейт.
– Куп! – деп, бирөө кетип, бирөө калат. Ошол убакта Улакман сымдын учун кармайт.
Ал жактан келген киши жанында карап олтурат. Улукман кылчайып жанагы кишини
карап:
– Каныңдын кызы эчкиби? – деп сурайт.
– Жок, жок, адам – деп жооп берет.
– Улукман сымды коё берет. Дагы туруп кайта кармайт.
Дагы Улукман кайрылып:
– Кандын кызы аюубу? – деп сурайт.
– Жок, адам – деп жооп берет.
Бир аз туруп дагы кармайт. Дагы кармап туруп, коё берип:
– Каныңдын кызы кармады, өстүрбөгөн кесел аз эле экен – деп жанагы кишиге, үч
шише дары берет.
– Мынабу коюу дарыны кыздын эч жерин калтырбастан шыбагыла. Бир сааттан
кийин мынабу шишедеги сууну төбөсүнөн ылдый куйгула. Үч дары менен кыз он жети
жаштагы куракка келет, – деп, үч шишени чүпүрөккө ороп, жанагы кишини көздөй сунат.
Аблетун ал дарыларды Улукмандын колунан ала коёт.
– Ой, Улукман, эч нерсени байкабаган жан экенсиң. Тигилер бирин бирине
аралаштырып сыйпашса, анан кыз айыкпай калса, кандын ачуусу келип, анан бизге эки
киши жиберип, бизди өлтүрүп кетсе деп турасыңбы. Андан көрө мага берсең, мен өз
колум менен дарылап, айыкса-айыкпаса да өзүм көрүп келгеним оң го, – дейт.
– Бул сөзүң туура. Коюу дарыны кызга сыйпа, бир сааттан кийин мынабу кызыл дары
менен жуу, бедеринде жок болот. Анан мынабу шишедеги суу менен жуу – деп, Улукман
Аблетунга тапшырат.
Аблетун эшикке чыгып, жанагы кандан келген кишини чыкырып:
– Мынабу тартылып келген зымдын учу каерге барат? – деп сурайт.
– Учу туура эле кандын ордосуна барат, – деп жооп берет. Аблетун колуна балтаны
алып, жаткан талдан эки кулачты кесип, бутуна таңат. Колуна үч кулачка жакын талды
алат. Тартылган зымга чыгат. Жыгач бүт темирдин үстүндө чуркаган бойдон кетет.
Жүрүп олтуруп кандын ордосуна барып түшөт.
Караса, алтын тактын үстүндө кан олтурат.
Тегереги толтура эл. Аблетун кайрылып, отура калып, бутундагы жыгачты чечип
таштайт. Кайра туруп:
– Кызын табыпка салган кан ким? – дейт.
– Мен! – деп хан ыргып турат.
– Келиңиз бери жакка! – деп чакырат. Канга келип, кол сунуп учурашат.
Аблетун:
– Жаныңызда бычагыңыз барбы? – деп сурайт.
– Бар! – деп жооп берет хан.
– Алыңыз, – дейт.
Кан бычагын колуна кармайт.
– Оногу талдан барып, кулач-кулач төрт чыбык кесип келиңиз – дейт.
Кан төрт чыбыкты кесип келет. Чыбыктардын учун шиштеп, жерге тегерете
сайдырат. Канга карап:
– Мынабу кемселиңизди чечиңизчи, – дейт. Кан кемселин чечет.
– Төрт чыбыкты ийип мына муну үстүнө жабыңыз, – дейт.
Чыбыктын үстүнө кемселин жабат. Кайра экөө тең тике турат. Аз убак өтпөй эле
Аблетун эңкейип, жанагы жабылган кемселди карайт. Кылчайып канга:
– Мынабу бышкан анделекти алып бериңиз, – деп айтат Аблетун.
Кан эңкейип колун сунат, колу жетпейт. Олтура калып колун сунат, колу дагы
жетпейт. Акыры өзүнүн жаап койгон кемселине башын катып эңкейет. Кемселге башы
кирип, көрүнбөй калганда кан өзүн жылаңач катын сезет.
Карап турса, этектен ат-төө жетелеген көп адам чыгат. Баягыны көргөндө, жылаңач
бойдон качып барып, бир чуңкурга жата калат. Мунун качып барып жатканын келе
жаткан адамдар көрүп калат.
Арасында бир аксакал:
– Жанагы чуңкурга качып барган катын го, сен барып көрүп келчи? – деп бирөөн
жумшайт.
А жигит чаап келип караса, чачы куйругуна түшкөн бир жылаңач аял чуңкурда жатат.
Беттешип карай албай кайра чаап келет.
– Чачы куйругуна түшкөн бир аял бөк түшүп жатат. Беттешип карай албадым, сыртын
гана көрдүм, – деп жооп кайтарат.
Аксакал киши:
– А катын эрине бир күнөө кылган. Кийим-кечесин сыйрып алып, талаага айдап
жиберген да. Бирөөң шымыңды, бирөөң көйнөгүңдү, бирөөң жоолугуңду бер. Сен алпар
да, кийинтип жибер – деп, жанагы жигитти кайра буйруйт.
Жакындап барып чуңкурга жанагы үчөөнү ыргытып:
– Ой, катын, мынабу кийимдерди кий! – деп тескери карап турат.
Катын кийинип ордунан турат.
– Алып кел, бер жакка! – деп аксакал кыйкырат.
Аксакал катындан кеп сурайт, аксакалдын сөзүнө жооп кайтарбайт. Аксакал
шериктерин карап:
– Жанагы менин айткан сөзүм да, бу бети жокко эмнени айтасың? Чылбыр менен
мойнунан байлап кой. Баспаса төө сүйрөп өлтүрсүн, – деп төөгө байлатып коёт.
Жүрүп олтуруп бир айылга келет. Айылдагылар катынды сурашат.
Ак сакал:
– Бу шерменденин эмнесин сурайсыңар, катуу күнөө кылып, качып жүргөн катын да!
Айылында бир катыны өлгөн адамды чакырып:
– Сага катын таап келдим, төөдөн чечип, жетелеп барып нике кыйдырып ал, – деп
тигиге тапшырат.
Баягы төөдөн чечип алып, үйүнө жетелеп барат. Молдону чакырып, бир табак күрүч
кылып, нике кыйдырат. Ушул бойдон жанагы кишинин колунда он жыл болот. Он жылда
эки уул төрөйт. Бир күнү күн ысык эле. Чоң дайрага эки челек көтөрүп сууга барат.
Челекти жерге коюп, аяк-быякты караса, адам көрүнбөйт. Кийим-кечесин чечип, бир
киринип алайын деп, чоң суунун жээгине олтурат. Отурары менен эле көк чөптөн буту
тайып кетип, сууга түшүп кетет. Чоң суу агызып кетет. Кээ жерде чыгып, кээ жерде
жоголуп отуруп суунун ортосунда калат. Ошентип, агып кетип бара жатса, суунун жээгине
чыккан кайыңдын бутагы салаңдап турат. Кайыңдын учунан кармайт. Күч келгенде
кайыңдын салаңдаган бутагы сына баштайт. Кайыңдын бутагы жарымдап сынып калган
кезде токойдон Аблетун чыга калат. Кан бая жерде Аблетунга жалынып, ыйлай баштайт.
– Мен сага эмне күнөө кылдым эле. Мени элге-журтка шерменде кылдыңыз, – дейт
Аблетун:
– Кылган күнөөңдү билбейсиңби. Пирим Улукманды зымдын учуна улак карматып,
улакты коё берип, аюу карматып, Улукманды сен шылдың кылбадыңбы, ошол сенин
шылдыңыңа сага ушул күндөрдү көрсөттүм, – дейт. Катын хан ыйлап:
– Улакты, аюуну карматканым билбейм.
– Билбесең, ушундай шылдың кылгандын жазасын бересиңби? – дейт.
– Жазасын беремин, – деп, оозуна каргыш алат. Аблетун катынды чачынан кармап,
суудан тартып алат.
Катын кургакка чыгып, көзүн ачса, эңкейип өзүнүн кемселине башын катып, колу
анделекке жетпей турат. Кара тер куюлган, колу-бутунан күч кеткен, хан эки колу менен
таянып ордунан турат. Карап турган калың эл таң калат.
– Катын менен кыз кана? – деп сурайт Аблетун.
Кызды катын көтөрүп келет. Көтөрүп жакын келгенде, Аблетун канга карап:
– Анделекти алың, – деп, экинчи буйрук кылат. Мурдагы иштерди көрүп келген кан
башын чайкап болбойт.
– Ала бериң, эч нерсе болбойт! – деп катуу айтат Аблетун Эңкейсе эле аңделекке колу
жетет. Анделекти алып Аблетундун колуна берет. Аблетун бычагын колуна алып,
анделектин түбүн тегерете кесип алып, катынга:
– Муну жүрөгүңүн тушуна жармаштырып кой – деп колуна берет.
Аблетун анделектен бир тилим алып, кызды көздөй сунат. Кыз оозун ачат, оозуна
анделекти тийгизип, жерге таштап жиберет. Экинчи тилип алып, үч жолу жегизет. Үчөөн
тең жерге таштап коёт.
– Анделекти ал! – деп, экинчи буйрук кылат.
Анделекти алат. Андан үч тилим кесип кызга жегизет.
Үчүнчү анделекти ал деп, аны да канга алдырат. Анделекти ортосунан тең бөлүп, эки
бөлүгүн эки колуна алып, бычагын бүктөп жанына салып, бир бөлүгүн катынынын
колуна берет. Бир бөлүгүн кыздын башындагы жоолукту алып таштап, кыздын башына
коёт. Катынга кайрылып:
– Мынабу бир бөлүктү кыздын көчүгүнө бас! – дейт.
Төбөсүнө койгон анделектин суусу кыздын башынан самсаалап агып турат. Бир аз
өтпөй эле, катынды карап:
– Таштап жибер кызды! – дейт.
Катын эңкейип, жерге коё турган болот.
– Эңкейбе, турган бойдон коё бер! – десе катын болбойт.
– Эңкейбей коё берсем, өлүп калбайбы! – деп жооп кайтарат. Аблетундун ачуусу келип,
катынды кызды көтөрүп турган эки колунан кармайт. Катуу кысып, колун эки жакка
ачып жиберет.
Катын үнүнүн бардыгынча чаңырат. Анан жерге буту тиет, чойгон жибектей болуп
кыз энеси менен тең боло калат. Аблетун кылчайып канды карап:
– Каным, айткан сөзүңдүн өтөөсүнө чык – дейт. Катын кайрылып кызын ээрчитип
үйүнө кирип кетет.
– Каным, кыз калыбына келдиби? – дейт. Кан Аблетунду кучактап, эки бетинен өбөт.
– Кана, каным, убадаңды аткар! – дейт. Кан аркасына кайрылып:
– Кечээ зымдын башында ким турду эле, – деп сурашат. Эки адамдын атын айтышат.
Чакыртып келет.
– Кечээ зымдын башында турганың ыраспы?
– Ырас! – деп мойнуна алат.
– Эмне үчүн зымга улакты бастырдың? – дейт.
– Мен зымдын жанында олтурат элем, сиздин аялыңыз бара элек эле, бир жаш улак
секирип келди. Улакты кармап, зымдын учуна бутун бастым. Бул ырас, экинчи бир
аксакал киши аюу жетелеп келди, аюуну жаңдап мыногу зымды кармачы дедим, ал
адамча кармады, – деп жооп берди.
– Мен күнөөкөр эмес бекенмин, – деп, Аблетунду көздөп кан таазим кылды.
Аблетун канды карап:
– Жыгач орнотуп, зым тарттырып сизди убара кылдык. Ыраазы болуң, кызыңыз он
жети жаш куракка кайра келди – деп, канга салам берди.
– Кана эми, олтуруп тамактанып кетиң! – деп, кан колун куушурду.
– Куп, мынабу жыгачтарды бутума таңып алып, силерге бир оюн көрсөтүп анан кийин
олтуруп сиздин тамагыңызды жейин – деп, жыгачты бутуна таңа баштады. Колундагы
бир жыгачты алып, ыргып сымга чыкты.
– Кош, аман бол, каным, – деп көздөн кайым болду.
Зымда келе жатып, Улукмандын берген дарысын корум таштуу жерге ыргытып
жиберди. Ташка тийип, үч шише тең жарылып калды.
Аблетун кайра Улукмандын астына келди. Саламын айтып, чөк түшүп алдына
олтуруп:
– Сыйпа деген дарыңызды сыйпадым, жуу деген дарыңыз менен жуудум, үчүнчү
дарыңыз менен да жуудум, саат өтпөй эле кыз баягы калыбына келди он жети жашка.
Сүйлөгөн сөзүндө, ой-боюнда эч нукусу1 калган жок.
– Кана, пирим, барып бүтүрүп келген кызматым үчүн дубаңызды бериңиз, – деп
алаканын жайды.
Улукман да алаканын жайып:
– Аблетун кыяматка чейин атың өчпөсүн! – деп батасын берди.
***
Бир жигит катуу ооруп, төшөктө эки жыл жатат. Бир адам келип:
– Улукман деген табып чыккан имиш, алдына барган кесел айыкпай койбойт имиш,
сен ошого барсаң боло, – дейт.
– Басууга жарабасам, атка мине албасам, кандай барамын.
Аялы бул сөзгө аралашат:
– Төөнү токуп бир жагына сени, бир жагына башка бир нерсени артып, тең кылып
алып барсам болор бекен, – дейт.
Чыбыктан узун самбал токуп, бир жагына аны теңдеп, бир жагына күйөөсүн артып,
Улукманды көздөй жетелеп жөнөйт катыны. Эки түнөп, үчүнчү күнү барат.
1 Нукусу – белгиси.
– Жардам бергиле, мынабуну табыптын алдына алып кирейин – дейт, жардап турган
адамдарга.
Эки киши басып келип:
– Ат-а, бечара – дешип, Улукмандын алдына көтөрүп киришет.
Улукман тамырын өзү текшерип көрүп:
– Бүгүн жаткыла, – дейт.
Ал күн жатып калат. Эртең менен Улукман басып келип:
– Иним, сенин ооруң менин колуман келбейт экен. Үйүңө бара бер, – дейт.
Катыны ыйлап, дагы эки киши жардамга чакырып, токулган самбалга чыгарып, төөнү
жетелеп жөнөйт.
Кайта үйүнө келгенде:
– Байбиче, мага обочо жерге алачык кылып бер. Бейшепти ордумда кылат эмесминби.
Бала-чакага жаман көрүнбөй оолак жатайын, – дейт.
Аялы макул болуп, айткан жерине алачыкты жасап, кийизге салып сүйрөп, узунунан
жаткызып, алачыктын ичинен жай кылып берет.
Ушундан бир нече күн өткөндөн кийин аял кесеге бир нерсени көтөрүп келип, коюп
кетет. Ичинде эмне бар экендигин башын көтөрүп көрө албайт. Көп кечикпей, мурда
көргөн жыландан түрү бөлөк бир жылан кирип келип, баягы кесеге башын салып,
кесенин ичиндегени иче баштайт.
Жылан жооноёт. Бир убакта жылан башын көтөрүп, эки жакты карап эңкейет дагы,
ичкенин кайта кесеге кусуп, кайрылып чыгып кетет. Оорулуу адам: «Кеседеги эмне болсо
да ичти, заарын салып кайта кусту, минтип жаткандан көрө мага өлүм керек эмеспи.
Ушуну ичсем, бачым эле өлүп калам го» – деп умтулуп, кесеге жетүүгө аракет кылат. Ошол
убакта кылчайып артын караса, алачыктын жыгачтарынын арасында адам бою өскөн
камыш турат. Бычак менен ыйкап олтуруп, баягы камышты кесип алып, кесеге салат.
Анан соро баштайт. Камышты жерге таштап: «Өлүп калсам келип көрүшөр» – деп оронуп
жатып алат.
Канчадан кийин ойгонсо, кара терге чөмүлгөн. Оокат талап кылып калыптыр. Аялын
кыйкырып:
– Мага бир оокат бер, – дейт.
Аялы тапкан оокатын алып келет. Ошо күндөн баштап эле, ашка кирип аз эле күндө
тура баштайт.
Бир күнү отуруп ойлонуп: «Улукман деп мени алпарса, кеселимдин дарысын таппай
өлөсүң, – деп мени кайра кууду. Мен үйдө жатып айыктым. Бул алдамчы табып экен. Буга
барып калпын чыгарып келейин», – деп, атты минип жөнөйт. Төө менен үч күндө барган
жерге бир күндө барат.
– Ой, Улукман, мени тааныдыңбы?
– Ооба, тааныдым.
– Мени төөгө артып келгенде мени айыкпайсың деп, кайра үйгө айдадың. Мен үйгө
барып, башымды ороп жатсам эле, айыгып калыпмын. Сен алдамчы табып турбайсыңбы,
– деди. Улукман башын көтөрүп:
– Бул айтканың чын. Сенин кеселиңди айыктыра турган даба кыйын эле. Түнү менен
ойлонуп, буга кыла турган дава менин колумдан келбейт го, – деп сага жооп бердим.
– Ии, кандай дува керек эле? – деп сурады.
– Биринчиси, сага жети жыл туубай калган төөнүн сүтү, экинчи, бөлөк бир түрдөгү
жыландын уусу керек эле. Ошол жыланды таап келип, жанагы төөнүн сүтүн ошого
ичирип, кайта кустуруп алып, жылан кускандан кийин сага ичириш керек болучу.
Буларды табуу менин колуман келмек эмес, – деп Улукман сөзүн бүтүрөт.
Бул сөздү уккандан кийин жигит башынан өткөн окуяны эсине түшүрүп, Улукмандын
табыптыгына таң калып үйүнө келет.
– Бая мен тердеген күнү кесеге алып келип койгонуң эмне эле? – деп сурайт аялынан.
– Ошо күнү эшикте турсам, көп төө жетелеген эки-үч адам өтө берди. Бир аксакал
киши. – Ой, балам, бери кел, бир кесе ала кел! – деп чакырды. Үйдөгү кесени колума
кармай бардым. Балам, оногу төө эки-үч күндөн бери саалбай, желини ооруп келатат.
Төөнү саап ал, – деди. Төөнү саап алдым. Ал сүттү үйгө алпарбастан сенин алачыгыңа
коюп кеттим – деп, жооп берет.
Ошондо кыргыздын «айыгар оорунун дабасы өзү табылат» деген сөзү ырас экен го, –
деп таң калат, оорудан айыккан адам.
ЖАНЫБЕК ХАН МЕНЕН ЖЕЙРЕНЧЕ ЧЕЧЕН
Бир заманда Жаныбек деген хан, Жейренче чечен деген адам болгон экен. Жаныбек
хан менен Жейренче чечен бир күнү атчан бир жакка кетип баратса, камгакты шамал
учуруп кетет. Жейренче чеченге Жаныбек хан:
– Тээтиги камгактан барып сурап кел! Каякка шашып барат? – деген экен.
Шамал учуруп бараткан камгактан:
– Жаныбек хан жиберди, сен каякка шашып баратасың?
– дейт.
– Менин желгенимди бир гана жел, жатканымды бир гана кокту билет. Менден кеп
сура деген каның акмакпы, же сен акмаксыңбы? – дептир камгак.
Кайтып келип, канга ушул кепти айтыптыр. Кан унчукпай тим болгон экен.
***
Экөө келатып, кара сууга чыккан камышка кез болот. Жейренче чечен:
– Быйыл жамгыр болбой, камыш өспөй калыптыр – деп айтыптыр.
– Ыя, акмак ай, түбүндө кара суу агып жатса, жамгырдын эмне кереги бар? – деп,
ачуусу келиптир кандын.
– Жок, андай эмес, жамгыр болбосо камыш өспөй калат, түбүндө суу болгон менен, –
деп айткан экен.
Андан бери, ат суу иче турган кечмеликке келгенде Жейренче чечен атынын башын
тартып, төрт буту сууда турса, атынын башын коё бербей коюптур.
Кан:
– Атыңды коё бербейсиңби, суудан ичсин, – дейт.
– Жана, камыштын түбүндө суу жатат, ошондон ичип өсөт дебедиң беле. Сөзүңүз
оозуңузда – менин атымдын да төрт буту сууда турат го деп, мат койгон экен.
АЧ КӨЗ ҮЧ ЖОЛООЧУ
Илгери бир айылдан үч адам чыгат. Үчөө тең иштебейт. Иштейин десе мээнет
табылбайт. Анан тирлигине байланыштуу иш издеп жөнөшөт. Ысыктын күнү көп жол
басып, акыры бир ураган коргондун түбүнө чарчап келип, эс алышат.
Чарчаган үчөө күн илеби кайткыча отура туралы деп атып уктап кетишет. Бир
мезилде жолоочунун бири ойгонуп кетсе, бир нерсе кулап, жанынан өтүп бараткан болот.
Тиги тура калып жыланды кубалап жөнөйт. Жылан ураган дубалдарды аралап барып, бир
ийинге кирет. Аңгыча тиги жолоочу жыланды кийирбей куйругунан кармап калат.
Тартат, бирок жылан чыкпайт. Ошентип, шериктерин чакырат. Шериктери келип жардам
берет. Бирок жылан чыкпайт.
Акыры үч жолдош бел боолорун чечип улаштырып жыланга байлап тартышса,
казандын ордундай топурак оодарылып, ошол жерден алтын теңге чачылып кетет.
Көрсө, кирген жылан алтын салынган казанга эки чимирилип алган экен. Жер
алдынын баары эле дилде болот.
Үч жолоочу эстеринен танып, олтуруп калат. Ошентип, үчөө кечке олтура беришет.
Бир кезде улуусу эсин жыйып:
– Бул дилдени бизге кудай берди, биз эми максатыбызга жеттик, – деп, сөз салат. Үч
жолдош макулдашып, эң кичүүсүнө бир дилде беришип, базарга оокат-аш алып кел, бул
дилделер менен шаарга түшсөк, оң болбойбуз – дешет.
Ошентип, кичүү жолоочу базарга кетет. Тиги кеткенден кийин, калган эки жолдош
мындай деп кеңешишет.
– Тигини эптеп жөнөттүк, эми качып берели. Мынча дилдени үчкө бөлгүчө, экиге
бөлгөнүбүз дурус болбойбу, – дейт.
Анда беркиси:
– Жок, качып кайда бармак элек. Ал бизге жетпеген күндө да, табылганы элге жарыя
кылып жиберсе, каракчынын колуна түшөбүз, же хан таптырып, буларды тартып
албайбы, андан көрө тиги келгенде өлтүрүп, оокат-ашын жеп, анан беймарал кетели –
дейт.
Акыры экөө талашып, үчүнчүсүн өлтүрмөк болушат да, унчукпай жатып калышат.
Оокатка кеткени көп жол басып отуруп базарга келет. Келсе, базар кызуу. Базарды
аралап ар түрдүү даамдарды алат. Жарты дилдеси калып, ага суусундукка шарап алайын
деп, ширелер сатылган жерге келет. Келсе ар түрдүү шараптар бар экен. «Меникин,
меникин алыңыз» – деп талашып, четте турган бир кызды ары сүрүп чыгарып
жиберишет. Ал эптеп жүзүмдүн ширесинен күн көргөн кедейдин жалгыз кызы экен. Күн
сайын бир кумура шире сатып оокат кылган. Ошентип, тиги базарчынын баягы кызга
көзү түшөт.
Жарты дилдеге кыздын ширесин сатып алгандан кийин, тиги кызды кантип колго
түшүрүүнүн амалын ойлойт.
– Кызым, – дейт базарчы, – ширең эң сонун экен. Менин дагы шериктерим бар. Биздин
буга суусунубуз канбайт. Эгер болсо дагы бир кумура алып келсең, беш дилде берер элек,
– дейт. Макул болот. Анда эски коргонго бара бер – дейт. Кыз эч нерсени ойлобой, жол
тартат.
Эми колго түштүң го, – деп, базарчы артынан жөнөйт. Бирок базардан чыкпай эле
айныйт. «Кантип эле ушунча дилдени, ушул сулуу кызды тигилерге ыраа көрөм. Андан
көрө, буга уу кошуп берип, экөөнү тең жайлап, дилдени да, кызды да өзүм алайын», – деп
ойлойт.
Базарга кайра кайрылып, акыркы күмүш тыйындарга уу сатып алып ширеге кошуп
жөнөйт.
Болгон азыгын көтөрүп чарчап, тигиге келсе экөө уктап жатат.
– Ой, тургула, уктай бересиңерби? – деп көчүк басат. Тигилер ойгонуп, базарчыны
отурары менен байкатпай баса калышып мууздап салышат.
– Эми кудай берди, – дейт экөө. – Алтын биздики, жай олтуруп оокаттаналы. Анан
дүнүйөнү бөлүшөлү – дешип отуруп, дагы суусундукту талашып ичип алышат.
Ошентип, тиги экөө тең ууланып өлөт.
Дыйкандын кызы болгон окуяны атасына айтып, бир жакшы жолоочу жардам
кылганын, дагы бир кумура ширеге беш дилде берерин айтып шашылат.
Дароо кумурага шире толтуруп, эски коргонго чуркайт.
Чарчап жетип келип, көргөн көзүнө ишенбейт. Анткени үч жолоочу тең өлүп жаткан
болот. Эки жакты караса бир кумура алтын турат. Мындай кызыкты көргөн кыз коркуп,
атасына келет.
Ошентип, кедейдин турмушу оңолуп жашап калган экен.
«Сагызган сактыгынан эмес, суктугунан өлөт» деген макал ошондон калыптыр.
АК ДИЛ АКТАН
Илгери бир өткөн заманда, эл ичинде кемпир-чал жашап, алардын жалгыз уулу болуп,
ошону карек тутушчу экен. Кемпир-чал өлбөстүн күнүн көрүп, баласын ак көңүл, ак ниет,
чынчыл кылып өстүрүшөт. Эч качан кишинин акысын жебе, ак дил бол дешет. Уулдун аты
Актан экен.
Ошентип күндөр өтүп, жылдар жылышып, Актан эр жетет. Кемпир-чал эшигинин
алдындагы бир теше жерге буудай айдап, ошонун данынан тирлик өткөрүшчү. Бир жылы
Актан буудай бышкан кезде оруп, эс алып жатса, бир карга учуп баратып оозундагы
тиштегенин түшүрүп жиберет. Актан топ деп жанына түшкөн нерсени караса, кыпкызыл
алма болот. Суусап турган жигит алмадан бир тиштеп жутуп жиберет. Ошондо карга
кайрылып айланып учуп баратып:
– Каак, каак, Актан шартты буздуң, ата-энеңдин насаатын укпадың, алманын кимдики
экенин билбей, кимдики экенин сурабай жеп алдың, бекер оокатка берилдиң, каак, каак!
Эр болсоң алманын ээсин таап, кечирим сурачы! Каак! Кемпирчалдын көпкөн уулу, ууру, ууру! – деп учуп кетет.
Ошондо Актан намыстанып, колундагы алмасын кармаган бойдон ата-энесине келбей,
алманын ээсин издеп жөнөйт. Намыс кылып арына келген жигит жол кезип күн кечирет.
Жумалап жол жүрөт, бирок кызыл алмалуу бак эч жолукпайт. Акыры арып азып
чарчап, түн жарымында бир коргондун түбүнө ыктап жатат. Анан уктап калат. Чарчаган
жигит күн шашке болгондо көзүн ачса, жаткан коргондун артынан салаңдап бышып
турган алмаларды көрөт. Актан кубанып кетип коргондун дарбазасын такылдатат.
Короодон аксакал чал чыгат.
– Кош, уулум. Кел, жол арыткан кейиптенесиң.
Жакшылык жышааналуу болсоң кир, – дейт.
Ошондо Актан болгон окуяны айтып кечирим сурайт.
– Ээ, балам, кечирилбес иш жасапсың, мен ыраазы эмесмин, ата-энеңе наалат, – деп,
кары кайрылып басмак болгондо жигит чуркап алдына чыгып жалбарат.
– Өмүр бою кул болоюн эшигиңде, эмне буюрсаң аткарайын, – дейт.
Чал ага да болбойт. Акыры жигит чөгөлөп кечирим сурайт.
Кары ошондо гана сөзгө келип:
– Уулум, мынча асылдың, эми менин үч тапшырмам, бир шертим бар. Ошолорду
аткарууга сөз берсең, кечирим берем,
– дейт.
Жигит:
– Аткарам, – деп сөз берет.
– Сөзсүз аткар, – дейт тигил.
– Анда алгач кирип өзөк жалгап ал, анан айтам, – дейт чал.
Шам-шум эткенден кийин:
– Эми уулум, биринчи ишим бул: мен карып алыс басалбай калдым. Кегети деген
айылда кетмен жасаган уста бар, ошондон кетмен сатып келип бер. Кетмендин «кериле
чапмасынан» бер де, – деп жөнөтөт.
Актан кечке жүрүп Кегетиге жетип кетменчи устаны таап, чалдын кебин айтат. Анда
уста:
– Уулум, жакшы атанын баласы окшойсуң, бир табышмагым бар ошону тапсаң,
«кериле чапма» сеники, – деп табышмакты айтат: «Катар-катар кайчы жылгачы, катар
казык уңгусу, аба бийик териси, алтын кочкор мүйүзү. Күткөн кор болбойт, көзү шор
болбойт».
Актан табышмакты жандырып, кетменин алып, чалга келет. Кары кубанып:
– Эми, бабалактагы байтеше жасаган устага барып, байтеше алып келип бер, – дейт. –
Байтешенин «тык токторунан» ал, – деп тапшырат.
Жигит эми Бабалак деген айылга барат. Чоң короого кирсе, чарпаяда уста чай ичип
отурган экен. Уста кызына карап:
– Кызым, кардар келди: табышмагыңан табышта, жандырмагын дал тапса «тык
токтор» байтешеден бер, – дейт. Актанга мындай табышмак баянын айтат:
– Бир карыя жол боюнда турса, учкашкан аттуу эки жан өтө бериптир. Артындагы
бойго жеткен кыз экен. Ошондо жолдогу карыя өтө берген тиги кыздан:
– Кызым, алдыдагы учкаштырган кимиң болот? – деп сураса:
– Аба, сурабасаңыз болот эле, сурадыңыз айтайын, карасаңыз да, кайрып сөз салган
кыргыйлыгыңызды байкайын. Бул жигиттин энеси менин энемин кайненеси, мен болом
бул жигиттин жүрөк боор жан денеси, – деген экен. Бу не деген? – деп, устанын кызы
көөрүк жанына тура калды.
Актан табышмакты таап, байтешени чалга жеткирет.
Болгон окуяны айтат. Эмики тапшырма мындай дейт чал:
– Бир нак буудайым бар, ошону тегирменчиге алпарып
«колбала» кылып тарттырып кел, – дейт.
Актан тегирменчиге келсе «колбалага» кезек көп, чаташтырмам бар, таба отур – деп,
бул окуяны айтат.
– Илгери бир тегирменчи жигит болгон экен. Жигит боз улан кезинде айылдаш бир
кызды жактырып калып, сөз салат. Кыз да жигиттин махабатына арзып макул болот.
Ошентип, экөө ысык сүйүшүп, бактылуу күндү эңсеп, кумар канбай жүргөн мезгилде,
кыздын үйүнө бар жерден куда түшүп, кызды алып кетишет. Эки ашык ошону менен эки
жерде сыздап калат. Жылдар өтүп, бир жылдарда жигит да дүйнө күтүп, үйлөнөт.
Каадалуу той чакырып, калың элди мол чакырып, жашында сүйгөн кызына да кабарчы
жиберет. Ошондо кабарга кеткен адам минтип айтып келген экен: «Барсам жок экен,
айтсам келем деди, келгени үчүн келе албады да, келбесе келет эле го». Бул сөздүн
мааниси не жандыра отур, – деди тегирменчи Актанга.
Актан мунун да жообун берип, унду эрте «колбала» кылып тарттырып карыяга келет.
– Уулум, акылыңа бали, – дейт карыя сөздү угуп. – Сен менин сыноомон өттүң. Эми сен
менин шертимди да аткар. Анан сага кечирим берем. Шертим ушул, бойго жеткен
кызымы алсаң болду, – дейт карыя. – Бирок кызымын эки буту шал, тили сакоо, эки көзү
көр, – дейт карыя.
Актан сөзүнө туруп, ичинен эптеп багармын, өлбөсө жашайбыз деп макул болот. Бир
күндү белгилеп, ошондо келип салт-каадасы менен алып кетем, – деп жолуна түшөт.
Айткан күнү жигит ата-энесин ээрчитип, эшегине буудай артып, жалгыз эчкисин
жетелеп, баягы үйгө келсе, эл көп. Топурап той болуп жаткан болот. Күйөө келди, куда
келди деп эл дүрбөп урмат менен тосуп алышат.
Ошентип той аяктап, сый-урмат көрсөтүлгөндөн кийин карыя кызын жетелеп келет.
Куландан соо кызды көрүп, жигит ордунан ыргып туруп, каршы турат. Алдадың, – деп
карыяга атырылып, ата-энесин жетелеп кетмек болот.
– Мага эки буту шал, тили сакоо, эки көзү көр кызыңы бер, муну албайм, – дейт.
Ошондо кыздын атасы аста жылдырып. – Жөн-жайын баяндай баштады.
– Уулум, мен да сөзүмө турдум, мен сага окшогон ак ниет, ак дил күйөө балага
жолуксам, жалгыз кызым бейпайга кетпесе экен деп, ичтен сызып жүрөр элем, менин
мындан башка эч кимим жок. Эки буту шал дегеним ушул бойго жеткиче өзүң көргөн
коргондон бир кадам сыртка шилтеген жок, тили сакоо дегеним ушу күнгө чейин эй деп
короодон сырткары бирөө менен сүйлөшкөн жок, эки көзү көр дегеним ушул күнгө чейин
мен, анан сенден башка эркектин дидарын көргөн жок. Уулум, жаңылыштыгым болсо,
кечир. Мен сенин бир тиштем алмаң үчүн миң мертебе кечирим берем, алгыла эми,
тагдыр силердики – деген экен.
Ошентип Актан ак ниеттиги, акылмандыгы менен ата- энесин багып ууз кызга
үйлөнүп, кадырлуу кайын ата күтүп жашап калыптыр. Ал эми Актан тапкан
табышмактардын жандырмактары бар болсо да, ар ким ар кандай жандырып жүргөн
имиш.
Жомоктогу: 1-табышмактын жообу: кереге, уук, туурдук, түндүк. 2-табышмактын
жообу: алдыдагы адам учкашкан кыздын атасы. 3-табышмактын жообу: барсам күйөөсү
жок экен, айтсам келем деди. Күйөөсү келгени үчүн келе албады да, күйөөсү келбесе келет
эле го.
ҮЧ КЕЛДИР, ЖЕ КАКАНАК БАШ, КЫЛ КЕКИРТЕК ЖАНА КУУРАЙ САН
Илгери бир өткөн заманда үч кошуна жашаптыр. Алар каканак баш, кыл кекиртек,
куурай сан дегендер экен. Үч кошуна жакшы эле жашашканы менен, өмүр бою бирден
кемчиликтен арыла алышпаптыр. Каканак баш күндөн, жаандан коркуп жүрсө, кыл
кекиртек өмүр бою катуу сүйлөгөндөн эси чыгат экен. Куурай сан болсо өзүнүн салмагын
араң көтөрүп, ишке жарабайт.
Күндөрдүн биринде үч кошуна кеңешип, мындай чечимге келишиптир.
– Бир улак табалы да, кудайы кылалы. Кудайга арзыбыз жетип, тилегибиз кабыл
болор.
Ал улакты багыш үчүн жүгөрү керек. Ошондуктан жүгөрү айдашыптыр. Жүгөрү
чоңоюп, даны бышып калган кезде, бир күнү чак түштө бир байдын ую жүгөрүнү каптап
тебелеп, жеп кирет.
Кошуналар каканак башты:
– Уйларды айда – дешет.
– Оо, кокуй, ушул ысыкта башым түтөп кетпейби, кыл кекиртек сен бар, – дейт.
– Оой, кошуналар, силер соосуңарбы, мен өш деп кыйкыра албайм, куурай сан сен бар,
– дейт. Анысы шыбырап:
– Ушул шүдүңкүттөрдү кубалап жеткидей менин кайсы болот туяктарымы көрдүңөр,
тамашаңарды койгула – дейт, куурай сан.
Ошондо топ уй жүгөрүнү тыптыйпыл кылып тебелеп жеп кетет. Акыры куржалак
калган үч кошуна улак алганы базарга барышат. Базарга барышса, улак үч теңге экен.
Кошуналардын он теңгеси бар экен. Үч теңгеге кымбат дешип аралап улак издеп
жөнөшөт. Аңгыча бир шыпылдаган киши келип:
– Келе он теңгеңерди, мен силерге эки теңгеге улак алып берем, – дейт. Ошентип, тиги
киши бир жерден эки теңгеге улак алат да тигилерге берип, жолго түшөт. Калган акчаны
кайрыбайт.
– Бул эмнеси, – деп, каканак баш кууп жөнөсө, жаан жаап келет, кайра тартат. Кыл
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Жомокчулар Жана Жомоктор - 15
  • Parts
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 01
    Total number of words is 4062
    Total number of unique words is 1893
    34.1 of words are in the 2000 most common words
    46.8 of words are in the 5000 most common words
    52.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 02
    Total number of words is 4214
    Total number of unique words is 2104
    32.9 of words are in the 2000 most common words
    44.6 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 03
    Total number of words is 4152
    Total number of unique words is 2045
    34.6 of words are in the 2000 most common words
    47.4 of words are in the 5000 most common words
    54.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 04
    Total number of words is 4150
    Total number of unique words is 2066
    32.5 of words are in the 2000 most common words
    45.7 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 05
    Total number of words is 4129
    Total number of unique words is 1861
    36.1 of words are in the 2000 most common words
    48.6 of words are in the 5000 most common words
    54.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 06
    Total number of words is 4073
    Total number of unique words is 1772
    37.9 of words are in the 2000 most common words
    50.9 of words are in the 5000 most common words
    56.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 07
    Total number of words is 4031
    Total number of unique words is 2005
    35.4 of words are in the 2000 most common words
    47.5 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 08
    Total number of words is 4000
    Total number of unique words is 1967
    34.2 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    55.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 09
    Total number of words is 4090
    Total number of unique words is 2041
    34.4 of words are in the 2000 most common words
    48.3 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 10
    Total number of words is 4090
    Total number of unique words is 1755
    36.3 of words are in the 2000 most common words
    49.5 of words are in the 5000 most common words
    55.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 11
    Total number of words is 4202
    Total number of unique words is 1835
    37.9 of words are in the 2000 most common words
    50.3 of words are in the 5000 most common words
    56.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 12
    Total number of words is 4059
    Total number of unique words is 1853
    34.9 of words are in the 2000 most common words
    47.5 of words are in the 5000 most common words
    53.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 13
    Total number of words is 4023
    Total number of unique words is 1816
    36.1 of words are in the 2000 most common words
    49.0 of words are in the 5000 most common words
    55.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 14
    Total number of words is 4128
    Total number of unique words is 1794
    35.4 of words are in the 2000 most common words
    48.5 of words are in the 5000 most common words
    55.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 15
    Total number of words is 4128
    Total number of unique words is 1880
    33.4 of words are in the 2000 most common words
    47.5 of words are in the 5000 most common words
    54.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 16
    Total number of words is 3951
    Total number of unique words is 1518
    36.3 of words are in the 2000 most common words
    49.6 of words are in the 5000 most common words
    57.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 17
    Total number of words is 3907
    Total number of unique words is 1675
    37.0 of words are in the 2000 most common words
    49.9 of words are in the 5000 most common words
    56.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 18
    Total number of words is 4005
    Total number of unique words is 1671
    37.2 of words are in the 2000 most common words
    51.2 of words are in the 5000 most common words
    57.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 19
    Total number of words is 4054
    Total number of unique words is 2029
    33.6 of words are in the 2000 most common words
    46.8 of words are in the 5000 most common words
    53.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 20
    Total number of words is 4155
    Total number of unique words is 1829
    34.3 of words are in the 2000 most common words
    47.3 of words are in the 5000 most common words
    52.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 21
    Total number of words is 4145
    Total number of unique words is 1916
    33.5 of words are in the 2000 most common words
    46.1 of words are in the 5000 most common words
    53.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 22
    Total number of words is 4175
    Total number of unique words is 1923
    35.3 of words are in the 2000 most common words
    48.7 of words are in the 5000 most common words
    54.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 23
    Total number of words is 3979
    Total number of unique words is 1623
    36.1 of words are in the 2000 most common words
    48.7 of words are in the 5000 most common words
    54.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 24
    Total number of words is 4111
    Total number of unique words is 1658
    36.5 of words are in the 2000 most common words
    49.2 of words are in the 5000 most common words
    54.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 25
    Total number of words is 4082
    Total number of unique words is 1920
    33.7 of words are in the 2000 most common words
    46.1 of words are in the 5000 most common words
    53.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 26
    Total number of words is 3970
    Total number of unique words is 1798
    32.3 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 27
    Total number of words is 4049
    Total number of unique words is 1925
    35.2 of words are in the 2000 most common words
    48.5 of words are in the 5000 most common words
    54.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 28
    Total number of words is 4196
    Total number of unique words is 1935
    34.7 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 29
    Total number of words is 4079
    Total number of unique words is 2069
    33.0 of words are in the 2000 most common words
    44.8 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 30
    Total number of words is 4175
    Total number of unique words is 2074
    33.1 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    52.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 31
    Total number of words is 4117
    Total number of unique words is 2049
    32.9 of words are in the 2000 most common words
    46.1 of words are in the 5000 most common words
    52.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 32
    Total number of words is 4160
    Total number of unique words is 2020
    33.9 of words are in the 2000 most common words
    46.5 of words are in the 5000 most common words
    53.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 33
    Total number of words is 4042
    Total number of unique words is 1830
    36.4 of words are in the 2000 most common words
    49.7 of words are in the 5000 most common words
    55.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 34
    Total number of words is 4275
    Total number of unique words is 1721
    36.7 of words are in the 2000 most common words
    50.1 of words are in the 5000 most common words
    56.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 35
    Total number of words is 4047
    Total number of unique words is 2016
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 36
    Total number of words is 1590
    Total number of unique words is 953
    41.2 of words are in the 2000 most common words
    52.2 of words are in the 5000 most common words
    57.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.