Latin

Жомокчулар Жана Жомоктор - 30

Total number of words is 4175
Total number of unique words is 2074
33.1 of words are in the 2000 most common words
45.3 of words are in the 5000 most common words
52.2 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
учурайт. Салам айтса, алик албай, аттын оозун коё берип, кете берет. Ичи күйгөн
Токтаалы аттан түшүп, төш олонун бош тартып, чап олоңун, кош басмайылды бек
тартып, оозун коё берди эле, көп узабай барып калың долонолуу булакка түшүп,
тулпардын белин бошотуп, бир долоного аза байлап, өзү нары- бери басып турса, баягы
жигит атын көл-шал кара терге түшүрүп, жетип барат.
Бала жолдон тосуп алып, дагы салам айтат. Саламга алик алуунун ордуна:
– Аттан түшүп, атты кармап тур! – деп, буйрук берет. Бала атты кармап турат.
– Сен каяктан жүргөн, кимдин баласысың? – деп сурайт.
Кандын баласы дейин десе, кийими начар, анда Токтаалы шашпастан:
– Кандын баласы болом, – деди.
– Сага окшогон кандын баласы жок, жаныңды жеп калп айтып жатасың. Сен андан
көрө тулпарды мага саткын, – деди баягы жигит кадимкидей чыйралып.
– Эч кандай сата албаймын. Мен хандын баласы болгондон кийин өзүм минип
жүрүшүм керек.
– Деги сен бул тулпарыңды эмнеге сатасың, малгабы, пулгабы, жаргабы? Акыры
сатышың керекпи? Эгер сатпасаң зордуктап болсо да алып кетемин.
– Зордукчуга, ууруга мал жокпу? Зардукчу зордуктаса, ууру уурдап алат. Сиз зордуктап
алганыңызга жол болсун? Агамдын досу болсоңуз, менден зордуктап тулпар алсаңыз,
досуңуз укса эмне болот? Мени жаш, коркот экен деп ойлобоңуз. Өз оюма койсоңуз, эч
кандай тулпарды бере албаймын. Анан зордоп аламын дечү болсоңуз, баары бир мени
өлтүрүп коё албайсыз. Эгер өлтүргөн күндө да, эл оозу элек дейт, угулбай калбайт.
Ошондо эл карысынан жашына чейин, баласынан-чакасына чейин күлбөгөн эл күлбөйбү,
айтпаган эл аңыз кылып айтпайбы. Бир тулпар үчүн досунун инисин өлтүрдү дебейби!
– Мен эчен жолу барып жүргөмүн. Сага окшогонду ким көргөн? Кара тулпарды уурдап,
өзүнөн башка киши даарат албаган аяш атамдын касиеттүү кумганын алып жүргөнүңдү
карагын. Сен жаныңды жеп калптарды айтып, менден кутулуп кеткиң бар. Эч убакта
барбайсың. Жок десең, тулпарыңды бир кара буурага жүктөгөн алтын бар, ошону алгын
да, жолго түш, кара тулпарды мага калтыргын.
Ага Токтаалы болбоду.
– Мен дагы айтамын, падышанын баласымын, өз дүнүйөмдү өзүм уурдамак белем. Бул
өзүмдүн тулпарым, агамдыкы болгондон кийин өзүмдүкү болот. Алтын кумган атамдыкы
болсо, баласы болсом, меники эмей кимдики, ойлонуп көрүңүзчү!
– Макул, сен падышанын баласы болсоң, анда мен эмнеси болом, падышанын уулу
болгондон кийин билишиң керек! – дегенде, бала токтолбостон кара буурадагы алтынды
айтканда эле кербен башчысы Жоробек деген жигит экендигин дароо эске түшүрүп:
– Сиз атамдын кербен башчысы болуп кызмат кылат эмессизби, жаңылбасам сиздин
атыңыз Жоробек болууга тийиш, – деди.
Жоробек шылкыя жер тиктеп: «Бул шумпай падышанын баласымын деп мени алдап
жатат, мунун калпын чыгарыш үчүн кан алдына айдап барсамбы? Кокус баласы болуп
калса, өзүмдүн баламды өзүмө айдап келипсиң, абдан кыраакы жакшы жигит болгон
турбайсыңбы десе, эмне дейм? Андан көрө бул баланы алдап, колго түшүрүү керек» – деп
көпкө ойлонот.
– Кан астына барасыз!
– Эмнеге барамын, мен үйдөн минип чыккан атым үчүн бармак белем. Кандай
түшүнбөгөн адамсыз, ушул сизди да атам ишенип соода-сатыкка коюп, минтип кербен
башчы кылып иштетип жүрөт.
– Эч кайда барбайсың. Кыскасы, сендей хандын баласы жок. Сен кимди окуткуң
келди? – деди намыстанган Жоробек. Токтаалы айтты:
– Сиз менин айтканыма болбой, ишенбей жатасыз! Кайра жолдон калып жөн эле бара
берелиби, баалуу нерседен мелдешип, анан баралы.
– Эгер кан сени балам десе, сен эмне саясың?
– Ушул минип турган кара тулпарымды, алтын кумганы менен кошуп саямын. Өзүң
эмне саясың?
– Мен ушул миң төөнүн ичинде өз салмагына жакын алтын жүктөлгөн кара буураны
алтыны менен сайдым, – деди.
Экөө кол алышып убадалашты.
– Эгер атам мени балам деп бир ооз эле айтса болду. Кайрадан тантып сурашып
отурбайбыз. Ооздон эмне чыкса, ошону орундатабыз – деп убадаларын бекемдеп, канды
карай жол жүрүштү.
Аттардын оозун коё берип отуруп, тез эле кандын ордосуна кирип келишти.
Токтаалы баягы өзү бала болуп жүргөндө кирген жагы менен Жоробекти ээрчитип,
кандын астына барып, чөгөлөп олтура калат да:
– Кан ата, арызым бар! – дейт.
– Айт, балам, айта бергин! – дейт.
– Айтсам ата, сиздин кербен башчыңыз, мына бул Жоробек деген жигитиңиз сен
хандын баласы эмессиң, бир дагы балалык белгиң жок, сен башкалардын баласысың,
кыскасы, мени башка адамдан бүткөнсүң дегендей ой менен экөөбүз сиздин алдыңызга
келдик. Мен сизге адал ниетим менен эле бала болом деп келбедим беле, анан буга
окшогон жигиттериңиз мени шылдыңдап, сен уурусуң, – деп зээнимди кейитти. Мен
балаңыз болгондугум чын болсо, айтып түшүндүрүп берсеңиз.
– Жоробек балам, сен менин баламды сен кандын баласы эмессиң деп айтууга кандай
акың бар? – деп, катчысын чакырып, кандын уулу Токтаалы деген күбөлүк жаздырып
берип туруп: – Мына бул Токтаалы менин уулум, ушул үйдө жүргөнүн көрүп билбеген
кыраакы эместигиң үчүн каяктан болсо да мелдешиңди берип кутул, бүтөөрүң менен
ушул жерде болгун, – деди.
Жоробек басып чыгып, өзүнүн кербенчилерине келип, баягы айтылган кара буураны
алтыны менен жетелеп Токтаалы үйүн көздөй жөнөп, жол жүрүп, эки күн өткөндөн кийин
үйүнө келсе, кечинде баягы жаман үйдүн ичинде дуулдап көңүлдүү үндөр чыгып жатат.
Алысыраак жерге буураны чөгөрүп, кара тулпарды бир даракка аса байлап, өзү
агаларынын кызыгын угууга үйдүн эшигине келип тыңшайт.
Улуу агасы Токтоназар башынан өткөндөрүн айта баштайт:
– Үчөөбүз үч башка жолго түшүп, жолубузду уланттык. Мен биринчи күнү эл жок ээн
сай менен жүрүп, эртеси түз жер менен жүрүп, азыгым түгөнүп, курсактар ача баштаганда
эл четине жеттим. Же элинин бай экенин, же элинин жарды экенин бир жыл маалы жүрүп
эч түшүнө албадым. Малы кайда жайлайт, даны кайсыл тарапка бышат белгисиз, бирок
кабынан ун, казанынан эт өксү болбойт. Биздикиндей шарылдап аккан суусун көрбөдүм,
сууну кайдан алат деп ойлонуп жүрсөм, эртең менен күн чыга электе, кечинде кеч
караңгы киргенде, ар кайсы үйдүн короосунда жыгачтан кооздоп жабылган жерлер
болуучу эле. Көрсө, ошол төрт чарчы кооздолгон жыгач кудуктан суу алышат экен. Мен
көп узабай эле бир адамга учурап, ушундай кедей-кембагал адам элек, мал күтсөк, эл
катары болсок деген ойдо өзүмдүн адал таман акы, маңдай тер менен жан сактайын деп
ушул элге келдим эле десем, тилегиң жакшы экен, мына бул үйгө жатасың, мына бул үйгө
күнүгө койлор камалып калат, ошол камалган койлорду союп, этин мобул үйгө
жеткизесиңер – деп, жыйырма-отуздай адамга кошуп койду.
– Бир жыл маалы эле иштейм, эмдиги жылы ушул бүгүнкү күнү бошотсоңуздар экен
деп сурандым. Баягы киши айтканың кабыл болот деген.
Ошол кишинин айтуусу боюнча күнүгө келген койду союп, бир тамга киргизип,
аягынан илип чыгабыз, эртеси баягы союлган койлор жок. Кыскасы, күнүгө ушул
иштерди кайталай бердим. Акыры жыл маалы бүткөндө баягы киши келип:
– Ырахмат, уулум, аз жүрдүңбү, көп жүрдүңбү, биз сага ыраазыбыз, эми сиз бизге
ыраазы болуңуз – деди да, эки торпок жетелеп келип, бир сыйра кийимди, жолдо жей
турган оокат, азыраак күмүш тыйындарды берди.
Ошолорду алып, алардын көргөзгөн жолу менен келсем, баягы ушул жерден күтөбүз
деген жерге келип, эс алайын десем, Токтобай иним келип калды. Анын эмне болуп
жүргөнүн, кандай абалда болгонун өз оозунан уккула – деди.
Экинчи уулу Токтобай сөзгө кирди.
– Байкем айткандай «барса келер-келбеси күмөн» деген жолго кирдим, булардан
бөлүнгөндөн кийин же жолум арбыбайт. Оң кол тарабымда тоонун башынан уйлардын
жайылып жүргөнүн көрүп, айыл бар окшойт деп үмүткөр болуп жүрүп олтуруп, бир жума,
жети күн болду дегенде, зорго элге аралаштым. Байкем мага көп азык берген эле, ошол
жетинчи күнү түгөндү. Байкем айткандай алардын салт-санаасын ким билсин. Өзүмдүн
кембагал экенимди, анан азыраак мал таап, ата-энемди кор кылбай багуу жагын сураган
бир адамга айтып берсем, абдан жакшы болот деп, бир үйдү көргөзүп, үч күнгө чейин
ушул жерге жатасың деп, ошол үйдө керебеттин түбүнө жатып жүрдүм. Бул жакшы жайга
үч күндөн кийин дагы бирөө келет го деп ойлогом. Баягы мени башкарган киши келип,
мени керебетке жатууга буюрганда, ошондо мен үчүн экенин билдим. Эзели керебет
көрбөгөн жаным, жаткандан кийин көнө баштадым. Өзүмдү болсо, бир ак сарайдын
ичинде уй союуга буюрду. Кечке уй соёбуз, кечинде үйгө келип жатмай. Ошентип эл
менен бир туугандай болуп кеттим. Элге боор батырыштык кылып алаксып жүрүп,
убакыттын өткөнүн билбей калыптырмын. Он кой айдап келип, бир сыйра кийим
кийгизип, бир калта күмүш акча берип жөнөтүштү. Болжошкон жерге келсем, байкем бар
экен. Үчүнчү уулуңуз Токтаалы өз көргөнүн өзү айтып берет, – деп айтар менен андып
турган Токтаалы:
– Ассалоомалейкум, мага кезек келдиби? – деп, салам айтып кирип келери менен,
атасы-апасын кучактап бетинен өпкүлөп:
– Ээ айланайын, уулум, барса-келбес сапарга кеткен экенсиң, агаларыңды сыйлап,
кичүү мен барамын деп, эми көргөн-билгениңди айта отургун, – дешти эне-атасы.
– Болуптур, бир жыл ичинде баштан өткөзгөнүмдү айтып берейин. Эки байкемден
бөлүнгөндөн кийин жолго кирбей, жолсуз жер менен бир топ убактылар жүргөндөн
кийин, жайылып жүргөн койго жеттим. Бирок бири да баспайт, кашынганы кашынган
жерде, басып баратканы дал ошол баскан түрдө, чөп үзүп жатканы ошол бойдон бардыгы
катып калган. Себеби Абдижалил кандын мастан кемпири койлорду семиртип туруп,
койчусу менен кошуп катырып таштайт экен. Койчусуна жетип барып суурасам үңдөбөйт.
Салам айтсам, алик жок. Кадимкидей турат, кыймыл жок. Жанына барып таягын
сыйпалап турсам, бир тээк учурады, басып койсом койлорго, койчуга тил бүттү. Андан
эчки жайылып жүргөн жерге бардым, анын тээги серкенин мүйүзүндө экен, аларды да
жанга киргиздим. Аларды койчу айтып берген эле. Эмне кылышты эчки баккан уйчуларга
бар, ичинде көк бука бар, ошонун мүйүзүндөгү тээкти бассаң, баары тилге кирет,
калганын ошондон угасың деген. Айтканындай эле ал карыя адам экен, бардыгын айтып
берди. Мындан ары жылкы ичинде ээр токулгасы менен жээрде кашка айгыр бар, ошол
жээрде кашка айгырды минип, ошол уйчу карыянын үйрөткөндөрүн айтып, бир жыл бала
болуп коюн, козусун багышып каралашып жүрдүм. Менин эки байкем дагы ушул эле
хандын кол алдындагы элге барышты. Мен өзүмдүн айтуум боюнча бала боломун, дүнүйө
деген эмесмин. Кара тулпар таптым. Сизди даарат алып жүрсүн деп алтын кумган, аздыркөптүр үй-там жасалгалап салдырып алсак деп, бир кара буурага жүктөп алтын алып
келдим, – дегенде атасы Сарымсактын оозу ачылып:
– Бул каяктагы жокту айтып жатат, кара тулпар, алтын кумган, кара буурага
жүктөлгөн алтын алып келдим дейт, ушул туурабы. Токтоназар эки ургаачы торпок алып
келди, жыл айланса эки уй. Токтобайым он кой алып келди, жыл айланса кой-козусу
менен көбөйүп калат. Бул жиндим алып келгени чынбы, же жокпу? Сыртка чыгып, алып
келгениңди көрөлүкчү, – деп, сыртка чыкса, чын эле кара тулпар байлануу турат. Алтын
кумганды канжыгадан чечип келип атасына берет. Кара буурадагы алтынды байкелери
менен ташып, жаман үйдүн ичин толтурушат.
– Турмушумда көрбөгөн байлыкты көрдүм. Балдарым жетилип, менин канаткуйругум өскөн турбайбы! – деп, эртеси Токтобайдын алып келген койлоруна тийбей,
алтынга кой сатып алып, заңгыраган жай сатып алып, «жардынын бир тойгону орто
байыганы» деген ылакаптагыдай болуп, кыргыз элине атагы чыккан чоң той берип,
үйлүү, жайлуу, малдуу болуп, уулдарын үйлөнтүп, атак-даңкы жер жарган Сарымсак
кедей бала-чакасы менен жыргап жатып калган экен.
САРГАЛДАЙ МЕНЕН АК КОЁН
Илгерки өткөн заманда байлыгы менен мартабасына чиренген Кансейит бай:
– Кандайча болсом малсыз боло аламын – деп, элден кеңеш сураган экен.
– Кансейит байым, сиз байлыктан кутулгуңуз келсе, төөнүн үстүндө бара жатып нан
жесе, жарды болот, – деп уккамын. Сиз да ошону кайталасаңыз, малдан ажырап, жарды
болуп калууга тийишсиз – деген экен эл ичинен бир карыя чыгып.
Ошондо Кансейит бай колуна ак буудайдын нанын кармап, ак төөгө минип, нан жей
баштайт. Көп узабай эле жеп жаткан нанынан үбөлөнүп бир күкүм нан жерге түшүп кетет.
Кансейит төөдөн түшүп, күндүн мурду жерге жаңы чачыраганда издеген, каш
карайып, адам көрбөй калганча издейт, бирок табылбайт.
Акыры караңгы кирип, эч нерсе көрө албай калганда, аза таягын ошол жерге житире
казык кылып кагып кетет. Нандын күкүмүн таба албай, убара болгон Кансейиттин көз
жашы мененби, же ак буудайдын нанынын касиетиби, айтор, бир чынар терек болуп өсүп
чыгат. Эртеси дагы издөөгө барган экен. Ошентип айбы-жылбы табалбай, акыры «Ушул
чынар терек болуп жүрбөсүн» деген ойдо калыптыр.
– Төөнүн үстүндө нан жесем деле, малдын жок болот деген сөзү жалган го. Жок
дегенде карышкыр кырып, же боор базгак болуп, бир азыраак зыян келтирбес беле. Ойго
да, тоого да малым батпаса, убайын мен көрбөй, күң-кулдар көрүп жатса, жети жылдан
бери малымдын эсебин билбесем, андан көрө
«ач кулактан тынч кулак» кедей болуунун жолун таап берсеңиздер, калайык-калк! –
деп, Кансейит бай элге экинчи жолу кайрылганда, эл ичинен Айдаркул деген киши
чыгып:
– Кансейит байым, «кесирлүү киши бай болбойт, жардынын колу май болбойт» деген
лакап бар го, сиз кесирлүү болсоңуз, жыл маалына жетпей жылан сыйпагандай малдан
ажырайсыз – дейт.
– Эмесе, мен кандайча кесир күтүүм керек – деп, суроо берет Кансейит бай.
– Биринчиси, сиз ак төөнүн үстүндө ак нан жедиңиз, бирок жоголгон нандын күкүмүн
издеп, кыйналбоо керек эле. Нанды талаага тепсендиге таштаган кесир, сиз адам баспай
тургандай кылып короолоп коюпсуз, андан чынар терек пайда болуп жатпайбы. Сизге үч
тапшырма берейин, ошону аткарсаңыз, малдан толугу менен ажырап, итке минген жарды
боло аласыз. Биринчиси, кыргыздын көбү эле боз үй күтөт. Ар бир боз үйгө кирген сайын,
эстен чыгарбай, эшигин кайра тээп кирип жүрүңүз. Экинчиси, иттин ит аягын колуң
менен кармабай, бутуң менен тээп келип, көмкөрүп коюп жүрүң. Үчүнчүдөн, элдин тыгыз
орношкон жерине чоң сууга тегирмен салдырың да, андан кала алдырың, ошондо малдан
ажырайсыз – дейт Айдаркул.
– Айтканыңды аткарайын, анда жарасы жеңил экен, – деп, бир топ күндөр эмес айлап,
өз үйүнө кирсе да, өзгө үйгө кирсе да, босогону басып туруп, эшикти кайра тебет. Көп
убактылар ушундай көрүнүштөрдү эчен жолу кайталаса да, эч кандай шек-шыбаат
болбойт. Айласы кетип, Кансейит иттин ит аягын тээп барып, тамак берип, кайра келип,
ордуна келип көмкөрүп таштайт.
Айласы кеткен Кансейит Айдаркул чеченди чакырып алып, катуу кысымга алат.
– Сен Айдаркул, мени шылдыңдаганы жүргөн экенсиң да, мына сенин үч жолку берген
тапшырмаңды аткардым, эч нерсе тыянак чыкпады. Жалган айтып мени
маскаралагандыгың үчүн жазаңды аласың, – дейт.
– Ээ Кансейит байым, экөөнү туура аткарыпсыз, бирөөнү туура эмес аткарып жаткан
экенсиз.
– Кандайча мен туура эмес аткарам, өзүңдүн айтканыңдын баарын өз ордундай
аткардым. Айдаркул чечен сен жаныңды жебе, – деген турбайбы.
– Бирөө гана туура эмес дебедимби, ал сиз тегирмендин каласын алгандан алсам деп,
тегирменге келген адамдардан өзүңүз моюнуңа баштык асынып алып, эки-үч эселеп көп
алып турсаңыз, ошондо мудааңызга тез жетүүгө тийишсиз.
Ошол айткан күндөн баштап, Кансейит мойнуна баштык байланып, тегирмендин
каласын өзү ала баштайт. Бир алган кишисинен көңүлүнө карабай абдан ашыкча
алып,элдин каргышын уга баштайт.
Кансейит ойлонот: «Ушул жашка чыкканы, мен Кансейит болгону эчендерди көрдүм.
Бактымды ачтыбы, ой менен тоого малым, ороолорго даным, карындарга майым,
сандыктарга шайым, үкөктөргө чайым батпады. Жалаң койдун аксагы жүз короо кой
болду. Алтын-күмүш акчаны ар кайсы жерге көөмп бекитем. Жылкым жүз миңден ашты.
Эчки-кой эсебин кимдер эсептеп айтты. Жуттун малы деп уйду, Кансейит кесирленип,
Ойсул ата төө эсебин ким билсин, кишичил буурадан беш жүздү эсептеп, калганга санат
жетпей, кайра келе жатты. «Ушунча да чексиз байытабы? – деп, кыбыланы карап,
наалышын үстүүстүнө айтты. – Ошентип, байлыктан жадап, ушунча малым болгону менен, элге
баркым болбосо, ойго-тоого батпаган малды берип, эмне мынча мени кыйнаганы.
Биринчи уулумдун атын кебетесин карап, кабагы жардай салаңдаганынан Жармандай
койдум. Мында деле баатырлык, балбандык, акылмандыктын бир да белгиси билинбеди.
Малга ээ болор түрүн көрбөдүм. Экинчи уулумдун маңдайындагы калын көрүп сүйүнүп,
мүчөсү деле жаман эмес, баатыр болор деген илгери үмүт менен Калмаңдай койдум.
Мунум да малга ээ болчу түрү жоктой.
Үчүнчү уулум төрөлгөндө, согончогу менен желкеси жерге тийип, көмкөрөсүнөн
жаткырсак, маңдайы менен бутунун башы тийип, жерге денеси тийген эмес. Көлөмү
көөдөндүү тайгандай, жоосун жеңсин, баатыр болсун тайманбай, Ак дөө, Көк дөө, Кара
дөөлөрдү жеңсин, Саргалдай деп атын койдум, мунумдун деле малга ээ боло турган
белгиси билинбеди. А көрөкчө уулдарымдын үчөө тең менин билишимче начар, белдүү,
алдуу болбосо, же эрдиктен, же акылдан айтпаса, ушунча малдын ээси болсом, бирөө
жарым кол салып келсе, баш көтөрөр уулум болбосо, мадыра баштар менен тостоюп
туруп бергенден көрө, малсыз жашаганым оң» – деп, тегирменден түшкөн каланы ач
көздөнүп ашыкча алып, элдин наалатын, жек көрүүсүн уга берди. Жек көрүнчү, шүмшүк
атанып, элдин урмат-сыйынан калды.
Күндөрдүн бир күнү Кансейит уулдарына кеңешет:
– Малсыз болуп, тынч жашаар бекенбиз, баарыңар тобо- таасир кылып тилегиле.
Ошентип, кара кой союп, бир күндү болжошуп, ошол күнү түш көрүүгө жабыла уйкуга
киришет.
– Ата, мен түш көрдүм, элсиз ээн чөлдө экенбиз, мал деген бизде болбоптур. Үрүп
чыгар ит да жок, кыйынчылык тартат экенбиз. Акырында бир байга жалданып койчуман
болдум. Денемдеги сары түгүмдү устара менен кырып таштады – деди эң биринчи болуп
уулу Жармаңдай.
– Түшүң туш келсин, кырып койгон түктөй малдан ажыраппыз. Бул малдан көрө
байдын малын баккан оң, кедей болот экенбиз – деп атасы бата кылды.
– Ата, мен да көргөн түшүмдө ээн талаа, эрме чөлгө туш келип, ой-тоого ар түрдүү
эгин айдап, абдан жакшы чыкты. Анан бакпай, сугарбай кууратып, шамал учуруп кетти.
Кой эмес, коргол жок, уй эмес, жампасы жок, какыр чөлдө калып, акыры көпкө убара
болуп, эл четине бир уйлуу байга уйчуман болуп калгандай болдум, ойгонсом түшүм экен
– деди экинчи уулу Калмаңдай.
– Ээ, балам, шамал учурган куураган чөптөй малдан ажырап, түйшүгү жок томаяк
кедей болот экенбиз, оомийин Алло акибар! – деп бата кылды.
Үчүнчү уулу Саргалдайга кезмет жетет:
– Ата, мен түш деле көрө албадым, белги деле биле албадым. Байкелеримдин
айтуусуна караганда, сиздин жоруганыңызга караганда, түшүңүздөр оңолбоптур. «Түшү
оңолбогондун өзү оңолбойт».
Жармаңдай байкем койчу болсо, Калмаңдай байкем уйчу болсо, апам экөөңүздөр
уйдун, кээде койдун сүтүн бышырып ичип, кара алачыкта жашап күн өткөрөт
окшойсуздар – дейт.
– Сен менин тилимди албайт экенсиң, – дейт да, Кансейит байдын заары бетине
чыгып туталанып, бүткөн боюн калчылдак басып, – улуу байкелериң макул болсо да, сен
макул болбойт экенсиң да, андай болсо балалыктан кечтим! Тезирээк көздөн далдоо жок
кылгыла тилазарды, – деп буйрук берет.
Саргалдай үйдөн атып чыгып, токойду карай качат. Агалары аркасынан кууп жүрүп
отурушат. Токойдун калың жерине келгенде, чарчаган алсыз Саргалдай өлдүм деп коюу
өскөн жаш балатыга боюн тыштап, аппак коёндун бөжөгүн баса жыгылат.
– Бир тууган элек, өлтүрөмүн десеңер мен даярмын. Адамдын төрөлүшү болгондон
кийин, өлүмү да болот, байкелерим – деп, Саргалдай агаларына жалынып-жалбарат.
– Тирүү калсын, эптеп жан сактап, күнүн көрсүн десеңер, мынабу коёндун бөжөгүнүн
канына көйнөгүмдү боёп, атама ала барып ишендиргиле, – дейт. Эки агасы ары ойлонуп,
бери ойлонуп отурушуп акыры Саргалдайды коё беришмекке, ак коёндун бөжөгүнүн
канына боёлгон көйнөктү көргөзүп, баланча жерге өлтүрдүк деп, атасын ишендириш
үчүн макул болушат.
– Экинчи элге жолобогун, биздин сага тапшырмабыз. Ак дөө менен алышып, Көк дөө
менен күрөшүп, Кара дөө менен кармашып жеңгин. Антпесең эч арга жок. Эгер жардам
бер десең, биз дагы кошо барабыз. Атамдын корккону да ушул дөөлөр. Малды ээ кылбаса,
баш көтөрөр балдары биз манжепис болуп калдык, – дейт агалары.
– Өзүң айткандай өлсөк да, талсак да жеңүүгө аракет кылып көрөлү, ажал жетсе өлөлү,
– дешет.
– Анда эмесе жол баштагыла, баралы – деп агалары менен дөөлөрдү карай жол тартат.
Үчөө жол жүрүп бара жатса, жол боюнда бир кемпир-чал олтурушат. Экөөнүн тең көздөрү
сокур. Абайлап басып келип, агаларын жол жээгине калтырып, өзү басып барып:
– Ассалоома алейкум, ата-апа, баласы жокко бала болоюн, ботосу жокко бото болоюн
деп келдим, – деди.
– Мындай келчи, балам, жамандык кылчу түрүң жоктой көрүнөт, – деп карыя жанына
чакырып, башы-көзүн, буту- колун колу менен кармалап карап чыгып: – Балам, сенин атаэнең бар немесиң го, эгерде ата-энең болбосо чучугуң толо болмок эмес, – деп жакадан
кармап бир силкти эле, Саргалдай былк эткен жок. – Эми балам, менин сынымдан өттүң.
Биротоло мал-мүлкүмдү сага өткөрүп берейин. Эми, балам, ушул жол менен түптүз жүрүп
олтурсаң, тайпаңдуу жайлоо Көкжайык деген жердин күн батыш тарабында көз учкан
кайберен жүрчү ак зоонун үстүндө коркок киши минип, жүрөктүү киши жүгүрүп өтө
турган Минме деген өткөөлдөн өтсөң, Ак кайыптын Ак үңкүр деген үңкүрү бар, мына
ошол жерге барып:
Жок болсо экен ууру-бууру,
Камбар ата жол баштагын
А жаныбар кыруу-кыруу! –
десең Камбар ата баштаган миң сан жылкы көз астыңа келе түшсө, жылкынын бүт
болгону. Ичинде өкчөп, салып алсаң, сака болгон, адамча сүйлөп, жоонун сырын үч ай
мурун айтып бере турган сары тулпар бар. Ошого мынабу жүгөндү башына катсаң, сенден
ажырабайт. Күч келген жерде сага акыл үйрөтөт. Көп убактыларда өкчөп, жаныңа сака
кылып салып алсаң да болот.
Чолпонатага сыйынып, ошол үңкүрдүн кыбыла тарабына туруп курейлесең, мүйүзү
казандай көк кочкорго арманыңды, сырыңды айтсаң, чагарак куйрук көк токтуну таап
берет. Көк токтуну кармаарың менен жер жарган ачуу үн менен:
– Кедейбайдын малына ким ээ болуп көздөп калган – деп, жети баштуу желмогуз
келип, сени менен кармашат. Сары тулпардын айтканын кылсаң, акыры желмогузду
жеңип чыгасың. Эгерде сары тулпардын тилин албасаң, биз чал- кемпир көзүбүз
ачылбаган бойдон көзсүз калабыз.
Уйдун эсебин билгиң келсе, уй ээси Зеңги баба көрүнөт, малым түгөл экен дегин. Төө
эсебин билгиң келсе, Ойсул атага жалынып, күн чыгышты карап үн салсаң, жер жайнаган
эчкилер көрүнөт. Ичинде коңгуроолуу ак серкени кармап алып, дароо курмандыкка чал.
Ачуусуна чыдабай жети баштуу кемпир сени менен алышат. Жигиттердин пири
Шаймерден колдо! – деп алып уруп, алты башын кесип, алты жакка бир бирине кошпой,
ыргытып жибер. Жетинчи башына келгенде, аман коёр бекенсиң деп сырын айта
баштайт. Сырларынын баарын угуп, бир башын аман коюп, нечен ал жетпеген дөөлөрдүн
сырын сурагын, оомийин аллоуакибар – деп бата беришип, чал-кемпир кала беришет.
Саргалдай агаларына келип, болгон ишти айтып берет. Эки агасы кошулуп, күн-түн
дебей жети күн, жети түн жол жүрүп, Көкжайыкка жөнөшөт. Минмеден өтүп Акүңкүргө
барышат. Камбар ата пирим деп катуу зыйрат менен сары тулпарды өндүрүп алды.
Жылкы ичинен эки агасына эки тулпар кармап миндирип, үчөө тең атчан болуп
калышты. Уй, төө, эчкилердин түгөлдүгүн билип, кой тарапка өткөндө, жер жаңырган
ачуу үн чыгып:
– Ким Кедейбайдын малын эсептеп жүрөт. Кара оозуңа кан толгур, Саргалдай келер
маалы боло элек эле, – деп жакындап келип:
– Айткан сөзүм ук, балам,
Алышчу болсоң чык, балам.
Жети баштуу мен болом,
Алың жете жык, балам,
Кедейбай мага баш ийген,
Ошондуктан кысканам.
Күч атасын тааныбайт,
Чайнабай тирүү жут, балам, –
деп келип, жети баштуу жезкемпир Саргалдай менен кармашып калат. Жети күн, жети
түн кармашат. Тоо жерлер түз, түз жерлер саз, саз жерлер көл болгончо кармашып, акыры
сары тулпардын жардамы менен көтөрүп уруп, алты башын кесип, бир бирине кошпой
ыргытып жиберип, жетинчи башына келгенде жан соогалап, бардык сырын ачып, айтып
берет.
– Кой ичиндеги көк кочкор, чагарак куйрук көк токтуну таап берсе, эчки ичинде ак
серкени кудайы чалгын, – дейт.
Угары менен Саргалдай дароо ак серкени мууздап, канын айланта чачып, ырымдап
басып кетет. Чагарак куйрук көк токтуну жетелеп, кемпирдин айтуусу боюнча атасы
Кедейбайга келет. Жер жайнаган жылкы, кой, уй, эчки, төөлөрдүн баары мурдагыдай
сыйкырланбай, ачыкта жашап калат.
Саргалдай он үч жашар кезеги экен. Экинчи атасы Кедейбай, энеси Зууракан байбиче
эки көздөн ажырап, желмогуз кемпирдин туткунунда кармалып, күндө келип канын
соруп, ого бетер карайлатып турган. Айласы кетип Саргалдайдан жеңилгенден кийин энеатасынын көзүн ачып берүүгө аргасыз болду. Саргалдайга жетелетип келип, көк токтуну
сойдуруп, боз үйдүн күн чыгыш тарабына чийдин каттоосуна бекиткен ак чүпүрөк – көк
чүпүрөгүн чийдин каттоосунан алып чыгып, көк токтунун канына сүртүп, Саргалдайга
берет:
– Чал менен кемпирге өзүң сүрткүн, көздөрүнө көрүнбөйүн, эгер көрүнсөм, эски
жарабыз ырбап кетип жүрбөсүн, – деп, желмогуз кемпир кеткенден кийин, Саргалдай
атасына сыйпады эле, көзү чайыттай ачылды. Экинчи жолу энесине сыйпады эле, ал дагы
көрүп калды.
– Жаның жашарсын, учуң узарсын, кайгы-капасыз жаша, – деп атасы бата берди.
Энеси Зууракан бата бербестен туруп оюна бузук ой кетти:
«Аа бу балада иш бар окшойт, бизге калп эле бала болсом деп, өзү эле бизди сокур
кылып койсо керек. Качан колуна сары тулпар тийгенден кийин биздин көзүбүздү ачып
отурат. Бул бала бизге бала болмок беле, тирүүлөй отко өрттөп жибериш керек» – деп,
Кедейбайга отту чоң кылып жактырып, от абдан кызып күйгөндө Саргалдайды чакырып:
– Сен биздин балабыз болсоң, мына ушул күйүп жаткан отко түшөсүң. Эгер түшпөсөң,
биздин балабыз эмессиң, – дешет.
Ооздон сөзүн угар менен Саргалдай:
– Куп ата, сиз үчүн чокко-отко түшүүдөн кайра тартпаймын
– дейт да, отко ыргып түшөр менен, сары тулпардын жардамы менен тулпар болуп
ойноп чыгат.
Экинчи жолу отко ыргыттырды эле, сары тулпардын жардамы менен жолборс болуп
жойлоп чыкты. Үчүнчү жолу ыргытканда ак коён болуп секирип чыкты. Төртүнчү жолу
кайрадан камынтпай алоолонгон отко ыргытышты эле, ак шумкар болуп чыкты.
Кедейбай кемпирин акырая карап, сакалын тарап:
– Бизге пейлибиздин оң эмесинен ушул иштерге оропара болсок керек – деп,
Саргалдайга карата: – Балам, жети башты жок кылсаң, белги барбы? – дейт.
– Ата, алты башын кесип, алты жакка бир бирине кошпой ыргыттым. Бир башын
түбөлүккө аман калтырып, силердин көзүңөрдү ачтырып олтурам. Ишенбестик болуп
жүрбөсүн деп, жонунан үч эли кайыш тилип алдым эле, – деп тилип алган кайышын
атасынын алдына таштады.
– Учуң узарсың, балам. Жаның жашарсын, балам. Алды- кийниңден жоо чыкпасын,
душманың багынып өтсүн! Тилеген тилегиңе жеткин, балам. Ырыска шерик жигиттин
жан жолдошу сары тулпар сеники. Жооңду – Ак дөө, Көк дөө, Кара дөөңдү жеңгин, кайда
барсаң, олжолуу жеңиш менен келгин – деп, Кедейбай бата берди.
Ошондо агасы Жармаңдай, Калмаңдай агылгалап, агаларың бар экен дебесин, алдап
жүргөн шум окшойсуң деп, бекер кайгы жебесин дешип, эки күндүк узак жолдо
калышкан. Азыраак азык көтөрүп, эне атасынан бата алып, өз атасы менен өгөй
атасынын душманы – Ак дөө, Көк дөө, Кара дөөлөргө каршы сапар жолун баштады.
Эки күнү-түнү менен жол жүрүп, агаларын таап, андан ары Ак дөөнү карай сапарын
улантышты. Эчен күнү элсиз талаада жол жүргөндөн кийин, эч оокаттары калбай
азыктары түгөнүп калгандыктан эки агасы:
– Саргалдай сары тулпарды сойгун, – дешип ортого алат. Айласы кетип, Саргалдай
сойсо – соёмун да деп, сары тулпардын төрт бутун бууп, жыгууга даярдаганда, сары
тулпар дүйүм тамакты көрсө кайткыс, кирсе чыккыс кылып жайнатты. Эчен жылдык
азык-оокатын камдап берип:
– Байкелер! Сиздер көңүл ачып эс ала бергиле! Мындан ары өзүм барып келейин! –
деп, агаларынан уруксат сурады. Себеби аттары да, өздөрү да куйкаланган күндүн
илебинен запкы жеп, агаларынын андан ары бара турган кудуреттери жок эле.
Азыраак жол жүргөндөн соң сары тулпар:
– Мен көргөндү көрдүңбү, досум, Мен туйганды туйдуңбу, досум.
Ак дөөнүн карга кароолу төгөрөккө көз салып калыптыр. Менин жалымдын түбүндө
ыраакка атчу жазайыл бар. Күнчүлүк жерди аркан бою келтирген турнабай дүрбү менен
карап көрүп дааналап, кароолуна жеткизе карап атып таштабасаң, Ак дөөдөн кутула
албайсың, досум – деди.
Жал түбүндө турнабайды алып карап, жазайыл менен бизди көрүп калды окшойт,
сырт кийимиңди чечип ыргытып кой. Карга экен, учуп кетти, карайтып чычып кетти, –
деп калат.
Саргалдай сырткы чепкенин чечип ыргытып туруп калды. Санаасы тынган карга
кароол Ак дөөнүн жаны турбайбы, айланып башка жакты карап, карга экен учуп кетти,
карайта чычып кетти. «Кайсы жоо буза алмакчы, Ак дөөлөр баскан чекти» – деп, кара
карга бурулуп оңдонгуча, жазайыл менен мелтирете мээлеп, кароолго толук алып, аяк
серппей жыгылсын үчүн машааны секин ирмегенде, көз ачып-жумганча жалп этип кулап
кетти.
– Жазбай таамай аттың, бали ыракмат! Билгизбедиң мылтыктын доошун, эми аша
берсек, коркунуч болбойт, алдыңда турган Ак дөөнүн тоосун – деп сары тулпар
Саргалдайдын мергендигин куттуктады.
Саргалдай секин жыла басып, сары тулпарды минип, Ак дөөнүн айылына жөнөйт, бара
жатса оозун төөнөгүч менен тепчип койгон бир кыз учурап:
– Бул жерге келген куштун канаты, келген кишинин таманы күйчү эле, – деп, тактап
сүйлөй албай жатканда, Саргалдай төөнөгүчүн сууруп алат. Бүдөмүк сүйлөп жаткан кыз
ачык сүйлөй баштайт. – Силерге бакты-таалай берсин. Ак дөөдөн этият болуңуз – деп, Көк
дөөгө бара турган жолдун татаал жактарын толук көргөзүп берди.
Ак дөөнүн жаны чыга албай, эки көзү алайып, эки буту шалайып, аа дээрге алы
калбай, кара кушун жарып ок тийип, жан чыкпай коркурап жаткан экен:
Ошондо Ак дөө:
– Атаңдын көрү, Саргалдай,
Таамай аттың жазганбай.
Мергендигиң болбосо,
Мертинет элем шайтандай.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Жомокчулар Жана Жомоктор - 31
  • Parts
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 01
    Total number of words is 4062
    Total number of unique words is 1893
    34.1 of words are in the 2000 most common words
    46.8 of words are in the 5000 most common words
    52.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 02
    Total number of words is 4214
    Total number of unique words is 2104
    32.9 of words are in the 2000 most common words
    44.6 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 03
    Total number of words is 4152
    Total number of unique words is 2045
    34.6 of words are in the 2000 most common words
    47.4 of words are in the 5000 most common words
    54.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 04
    Total number of words is 4150
    Total number of unique words is 2066
    32.5 of words are in the 2000 most common words
    45.7 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 05
    Total number of words is 4129
    Total number of unique words is 1861
    36.1 of words are in the 2000 most common words
    48.6 of words are in the 5000 most common words
    54.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 06
    Total number of words is 4073
    Total number of unique words is 1772
    37.9 of words are in the 2000 most common words
    50.9 of words are in the 5000 most common words
    56.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 07
    Total number of words is 4031
    Total number of unique words is 2005
    35.4 of words are in the 2000 most common words
    47.5 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 08
    Total number of words is 4000
    Total number of unique words is 1967
    34.2 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    55.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 09
    Total number of words is 4090
    Total number of unique words is 2041
    34.4 of words are in the 2000 most common words
    48.3 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 10
    Total number of words is 4090
    Total number of unique words is 1755
    36.3 of words are in the 2000 most common words
    49.5 of words are in the 5000 most common words
    55.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 11
    Total number of words is 4202
    Total number of unique words is 1835
    37.9 of words are in the 2000 most common words
    50.3 of words are in the 5000 most common words
    56.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 12
    Total number of words is 4059
    Total number of unique words is 1853
    34.9 of words are in the 2000 most common words
    47.5 of words are in the 5000 most common words
    53.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 13
    Total number of words is 4023
    Total number of unique words is 1816
    36.1 of words are in the 2000 most common words
    49.0 of words are in the 5000 most common words
    55.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 14
    Total number of words is 4128
    Total number of unique words is 1794
    35.4 of words are in the 2000 most common words
    48.5 of words are in the 5000 most common words
    55.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 15
    Total number of words is 4128
    Total number of unique words is 1880
    33.4 of words are in the 2000 most common words
    47.5 of words are in the 5000 most common words
    54.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 16
    Total number of words is 3951
    Total number of unique words is 1518
    36.3 of words are in the 2000 most common words
    49.6 of words are in the 5000 most common words
    57.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 17
    Total number of words is 3907
    Total number of unique words is 1675
    37.0 of words are in the 2000 most common words
    49.9 of words are in the 5000 most common words
    56.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 18
    Total number of words is 4005
    Total number of unique words is 1671
    37.2 of words are in the 2000 most common words
    51.2 of words are in the 5000 most common words
    57.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 19
    Total number of words is 4054
    Total number of unique words is 2029
    33.6 of words are in the 2000 most common words
    46.8 of words are in the 5000 most common words
    53.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 20
    Total number of words is 4155
    Total number of unique words is 1829
    34.3 of words are in the 2000 most common words
    47.3 of words are in the 5000 most common words
    52.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 21
    Total number of words is 4145
    Total number of unique words is 1916
    33.5 of words are in the 2000 most common words
    46.1 of words are in the 5000 most common words
    53.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 22
    Total number of words is 4175
    Total number of unique words is 1923
    35.3 of words are in the 2000 most common words
    48.7 of words are in the 5000 most common words
    54.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 23
    Total number of words is 3979
    Total number of unique words is 1623
    36.1 of words are in the 2000 most common words
    48.7 of words are in the 5000 most common words
    54.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 24
    Total number of words is 4111
    Total number of unique words is 1658
    36.5 of words are in the 2000 most common words
    49.2 of words are in the 5000 most common words
    54.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 25
    Total number of words is 4082
    Total number of unique words is 1920
    33.7 of words are in the 2000 most common words
    46.1 of words are in the 5000 most common words
    53.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 26
    Total number of words is 3970
    Total number of unique words is 1798
    32.3 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 27
    Total number of words is 4049
    Total number of unique words is 1925
    35.2 of words are in the 2000 most common words
    48.5 of words are in the 5000 most common words
    54.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 28
    Total number of words is 4196
    Total number of unique words is 1935
    34.7 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 29
    Total number of words is 4079
    Total number of unique words is 2069
    33.0 of words are in the 2000 most common words
    44.8 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 30
    Total number of words is 4175
    Total number of unique words is 2074
    33.1 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    52.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 31
    Total number of words is 4117
    Total number of unique words is 2049
    32.9 of words are in the 2000 most common words
    46.1 of words are in the 5000 most common words
    52.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 32
    Total number of words is 4160
    Total number of unique words is 2020
    33.9 of words are in the 2000 most common words
    46.5 of words are in the 5000 most common words
    53.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 33
    Total number of words is 4042
    Total number of unique words is 1830
    36.4 of words are in the 2000 most common words
    49.7 of words are in the 5000 most common words
    55.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 34
    Total number of words is 4275
    Total number of unique words is 1721
    36.7 of words are in the 2000 most common words
    50.1 of words are in the 5000 most common words
    56.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 35
    Total number of words is 4047
    Total number of unique words is 2016
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 36
    Total number of words is 1590
    Total number of unique words is 953
    41.2 of words are in the 2000 most common words
    52.2 of words are in the 5000 most common words
    57.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.