Latin

Жомокчулар Жана Жомоктор - 25

Total number of words is 4082
Total number of unique words is 1920
33.7 of words are in the 2000 most common words
46.1 of words are in the 5000 most common words
53.0 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
көйнөктү боёп, жигиттердин колуна берип, эки баланы дыйкан үйүнө ээрчитип кетет.
Үйүнө барып, сууга ээрчитип алып, дыйканчылыгын кылып жүрө берет.
Баягы албуут эне көйнөктү көрүп:
– Бул сенин балдарыңдын каны эмес! Бул жигиттер өлтүрбөй эле, бу же койдун, же
иттин каны! – деп, жигиттерди суракка алат.
– Өлтүрдүк! – деп, жигиттер айтса болбой кыйнаганда бир жигит чаап дыйканга
барып: – Бизге ишенбей, баламды өлтүрбөй келдиң деп кыйнап жатат, – дейт.
Жигиттин сөзүн укканда дыйкан:
– А болбостур, эки бала элин сагынып,ойногон балдарды сагынган неме элине кетсе
керек, үйдө жок, ошо жактан издегиле – деп, жооп берет.
Аргасыздан дыйкан үйгө келип, эки балага:
– Балдарым, силерге бул жер жай болбой калды. Атаңар ишенбей, жигит жибериптир.
Силер бул жерден качкыла, кеткиле – деп, баягы дыйкан бир чака бадырак кууруп берет.
– Бул жактан чыгып, бөлөк шаарга кеткин же болбосо өлтүрүп коёт, – деп, бир чака
бадыракты эки баштыкка салып, эки баланын далысына түйүп, узак жолго салат.
Балдар узак жол менен күндөп-түндөп жүрүп олтурат. Баягы буудай азык-түлүгү
түгөнөт. Ичээр эчтекеси калбай, шаарга жетпей, айдай талаада калышты. Как эткен карга,
кук эткен кузгун жок, бир чоң таш кызыл жардын алдына барышты. Көлөкөлөп олтуруп,
көп ыйлап, көп кайгырып жатып, уктап калышты. Бир оокумда улуу байкеси ойгонуп тура
калса, жар түбүндө олтурат. Бая кичүү бөбөгү уктап жатат.
«Чарчаган неме уктасын, уйкусу кансын» – деп, ойлоп ойготпойт. Эригип олтуруп,
таштын түбүн таягынын учу менен чиймелеп казып олтурса, бир төөнүн кумалагындай
алтын чыгат. Алтынды ала коюп, бала сүйүнүп, жеңинин учу менен тазалап: «Эми өлбөй
калдык, бир шаардын четине эптеп жетсек сатып, ушунун тыйыны менен оокаттанып
жан багабыз», – деп, сүйүнүп кетип, бөбөгүн ойготот.
Күн кечтеп баратат. Ойготсо бөбөгү ойгонбойт. Ары чоёт, бери чоёт, ары жакка тартат,
бери жакка тартат, ойгонбойт.
«Өлүп калган экен» – деп, бала ыйлап олтуруп, түн кирип кетет. Бала бөбөгүнүн
жанына түнөп, жылдыз суюлуп, таң атканда: «Ойгонор бекен?» – деп аракеттенип
ойготот. Ойгонбой койгондон кийин бала: «Өлгөн экен» – деп түңүлүп:
«Ушул жерден өткөн адамдар баланын колтугуна койгон алтынды алып, соопчулукка
көмүп койгула» – деп таштын бетине катты жазып, бая баланын агасы узак жолго түшөт.
Бөбөгү ошо кара таштын түбүндө калат. Бала жүрүп олтуруп, бир шаардын четине барса,
бир заңкайган ак үй турат. Баягы ак үйгө кирейин десе: «Бул ак үйгө кирген киши
чыкпайт» деген сөз жазып койгон.
Бир уугу көрүнгөн, аябай жыртылган кара үйгө кирейин десе, дагы жазылган сөз бар.
«Бул кара үйдүн ыгын таппайт.
Ыгын таап кирген адам кылымга чейин жан сактайт», – деп жазылган.
Бала тура калып ойлонот. «Кой мен ак үйгө кирип чыкпай калсам, анда тапкан пайдам
кайсы, тобокел кара үйгө эле кирейин» – деп бала кара үйгө кирет. Кара үйгө кирсе, эки
көзү көрбөгөн ээгин эңилчек баскан, бүктүшө жаткан, сакалы белине түшкөн, жашоодон
үмүт үзгөн, астында казылган ороо бар, ороонун үстүндө кара талпак, кара талпактын
үстүндө карылыгы жеткен бир кара абышка жатат. Бала тура калып, колун бүгүп салам
айтат. Кулагын ныл1 басып, кишинин саламын укпайт. Бала кайра-кайра кыйкырып:
– Ата! – деп, барып колун кармайт. Анда абышка сезип:
– Ээ, балам, сен кимсиң? – дейт.
Бала атага жооп берип, башынан өткөн жайын айтат.
– Ээ, балам, кайда барасың?
– Э-эй, ата, кайда барайын, жашоонун жайын издеп жүрөм. Мен баласы жокко бала,
ботосу жокко бото болоюн, – деп жүрөм.
– Ээ, балам, менин балам, ботом жок, мага бала бол!.. Анда бала: «Мен бала болсом,
кандайча жашоо болот, эч нерсеси жок болсо?» – деп, бала ойлонот дагы:
– Ата, эч нерсеңиз жок экен, экөөбүз кантип жашайбыз.
– Ээ, балам, мен бир миң үч жүзгө чыктым, ырыскы жетип жашап келе жатам. Мен
жашагандай эле жашайсың.
Бала шарт эшикке чыкмакчы болгондо, абышка шап билектен алат.
– Ай, балам, токто! Ырыскы жетет деп айтпадымбы! – дейт.
Бала бир ойлоно калып, бая эшикте жазылганды сезип:
«Эмнеси болсо да бир түнөп өтөйүн» деген ойго келет. Бала абышканын жанына
чөгөлөп олтура калат. Абышкага бала сырын айтат.
– Ата, ачкамын, беш күндөн бери эч наар сыза элекмин.
Ачкалыктан бөбөгүм өлүп жолдо калды.
Баягыны угуп абышка:
– Бир аз тура турчу, балам! – деп үшкүрүп таягын жерге саят.
1 Ныл – дүлөй.
Бир аз болор-болбос, болуп койбос, жесе адам тойбос, бир кенедей тамак пайда болот.
– Балам, тур, мобу насипти алып же, – дейт, абышка балага кайрылып.
Бала алып жейт. Бала тойбой калат.
– Тойбой калдым, ата! – дейт.
– Мындан көп тамак жеөгө болбойт. Ачкамын, арыкмын дейсиң, мындан көп жесең
өлүп каласың. Мындан көбүрөөк насибиң эртең болот – деп, коёт абышка.
Аңгыча күн батып, күүгүм кирип, каш караят. Бала жатмакчы болуп жата албай,
көңүлү ооп, абышканын таягын акырын уурдап алат. Бала үшкүрүп, абышкадай жерге
сайса, эч кандай майнап чыкпайт. Баягыдан башка тамак болбойт, бала уктайт.
Бир аз тамак өзөгүнө түшүп, эртеси күнү эртең менен шашкеге чейин турбайт.
Шашкеде козголуп бала көзүн ачса, баягы абышка да, тамак да, таяк да жок, ороо да жок,
талпак да жок, үй да жок, бир эле айдай талаада жатып калат.
Бала туруп, чекесин сыйпап, үшкүрүп олтуруп, элдир- селдир эсине келип: «Мен эмне
болдум, өңүмбү же түшүмбү, кандай керемет?» – деп, анан туруп, дагы узак жолго түшсө,
астынан бир жээрде сакал, жээрде ат минген, кементай кийген, кейпи көп күн жүргөн бир
адамга учурайт.
– Ассалоомалейкум! – деп, бала ийилип салам берет. Баягы киши алик алып, балага
карата сөз салат:
– Ээ, жол болсун, балам! Түрүң арып-ачкан, кейиш тарткан, узак жол баскан бала
экенсиң. Каякка бет алган баласың?..
Бала жээрде сакал кишиге жооп берет.
– Ээ, ата, мен баласы жокко бала, ботосу жокко бото болоюн, – деп, ата-эне издеп
жүрөмүн.
– Ээ, менин балам жок, ботом жок, мага бала-бото бол, – дейт, жээрде сакал киши.
Жээрде атка учкаштырып, алты канат ак сарайдай болгон ак үйгө алып барат. Ак үйдө
тамак-аш, ана-муна дегенден ным эчтеме жок. Бая суусаган, чарчаган бала тамшанып
үстүңкү ээрдин жалап коёт. Аны биле калып жээрде сакал киши:
– Жум, балам, көзүңдү, – дейт.
Бала көзүн жумат. Абышка бир кара кыңырыкты:
– Чөлдөгөн балага кымыз бол! – деп, жерге таштап коёт.
Кымыз болуп, кымызды ичип, уйкусу келген бала кымызга мас болуп уктайт. Бир
убактыда бала тура калса, жээрде сакал киши уйкуга батып төрдө жатат.
– Ата, ата, курсагым ачты, – дейт, төрдөгү кишини ойготуп.
– Дагы көзүңдү жум, балам! – деп, баягы атасы көзүн жумдурат.
Макисин кармап дагы үшкүрүп:
– Жээриңе аш бол, киериңе кийим бол, – деп, таштап коёт.
Дасторкон толо тамак жайнайт. Үстүнө жаркылдаган кийим болуп, кийимди киет,
тамакты ичет. Баягы курсагы ачып келген бала тамакты көбүрөөк ичип, тамак өзөгүнө
түшүп эси ооп, бир күнү-түнү жатып тура калса, ак үйдүн ичинде жатат. Курсагы ачып
калыптыр. Эшикке чыга калса, кабыланы баштанып, ээр токумун башына жазданып,
абышка кырда жатат. Жанына барып салам айтат, укпайт.
– Ата, ата! – деп, кыйкырат, укпайт. Абышка керилип, чиренип кайра оңдонуп уктайт.
Баягы бала: «И-и бу дагы менчилеп өзөгүнө түшүп кеткен тура. Мен деле макини
үшкүрүп, жерге таштасам, тамак болбойбу» – деп ойлоп, макини үшкүрүп, жерге таштайт.
Тамак чыкпайт, эчтеке жок. Аңгыча алай-дүлөй шамал болуп, ак үйдү асманга учуруп,
күлүн сапырып, баланы учуруп барып бир кырга таштап, ат менен абышкадан дайын жок,
куураган жерге, каккан куу мамыга жүдөгөн даакысы түшпөгөн бир кийик байланып
калат. Кер эчкини бала, кер эчки баланы тиктейт. Ошентип тиктешип олтуруп, көп
убакыт өтөт. Кер эчки эңкейип чөп жейин десе моюну жерге жетпейт. Котуру күбүлүп,
даакысы жерге түшүп турат.
Бала курсагынын ачкалыгынан эчкини союп жесем деп, көңүлүн буруп, кер эчкинин
жанына басып келет. Эңкейип мойнун кармап, семиз-арыгын көрөт. Анда кер эчкиге тил
кирет:
– Ээ, бала, мага көңүлдү бурба, адамзат, менин кебиме кулак сал! – дейт. Бала чочуп
кетип колун тартат. Анда кер эчки балага айтат. – Ушундай колуңдун шоктугунан,
нээтиңдин бузуктугунан, өз ырыскыңдан өзүң күбүлдүң. Мен сага бир эмес, үч жолу
кабылдым. Ниетиң бузук, ичиң сасык, ырыскыңан кагылдың. Бирок акыркы ирет мен
сага ырыскы болдум. Жата калып эмчегимди эм! – дейт.
Бала жата калып эмчегин эмейин десе, эчки былжыраган сымма котур. Анда
жийиркенип этин жыйып, эмбейин десе ачкалыктан өлүп баратат. Аргасыздан бала
эмчегин эмет, үч соргондо бала тоёт.
Ушуну менен бала менен эчки тиктешип, күн батканча олтурат. Күн батканда дагы
эчкиге тил кирип:
– Ээ, бала, канчалык азар, азап тартып жүрсөң дагы, бир тобо кылган жоксуң. Ушуну
менен үч кабылдым. Биринчи кара үй, карыган абышка болуп калдым. Мында ниетиңди
бузуп, таяк уурдадың, экинчиден жээрде ат, жээрде сакал киши болуп кабылдым.
Үчүнчүдө ушундай котур эчки болуп колуңда турам. Менин котурумдан жийиркенип
көңүлсүз аргаң жок эмдиң. Мен котур эчки эмес, перинин Умай энесимин. Мен сенин
келечектеги бактылуу, жылдыздуу шер болоруңа көзүм жетип, акылдуу адам болот деп,
жалгыз кызым бар эле, ушуну бермекке жолуңду тостум эле. Аттегин ай, эмчегимди,
сүтүмдү эмип койдуң. Кызым экөөң эмчектеш болуп калдың. Болбостур, мындан ары
ырыскың өзүңдө – деп, көздөн кайым жок болот, бала талаада кала берди.
Ыйлап-ыйлап, узак жолго түшүп жүрүп олтуруп, бир шаардын четине барып, шаардын
ичи карарып-түнөрүп эле көп кишилер чогулуп жатат. Бала чогулган жерди көрүп, шаарга
батына албай, бир булактын башына барып, суу ичип:
«Кандайдыр суу алган жер экен, бирөө келээр» – деп олтурса, бир жыртык чака,
сынык кумган колуна алып, бир бөкчөйгөн байбиче сууга келип, эңкейип суу сузат.
Бала барып:
– Эне, амансызбы? – десе, такыр кемпир укпайт.
– Эне, бул кайсы айыл? – десе.
– Суу алып жатам, – дейт.
Суу алган чакасын караса, түбү жыртык: «Буга кантип суу токтойт» – деп бала ойлоп
коёт. Мындай караса, суу ала турган кумганы сынык. Баягы кумганды көрүп: «Буга
кантип суу токтойт» – деп дагы ойлоп коёт.
Баягы байбиче кумганга сууну сузуп алып, булактан ылдыйраак барып, даарат алып,
чапанын жайып, намаз окуп калат.
Ошондо бала мурункусун эскерип, зырп этип жүрөгүнө түшүп: «Бул кереметтүү экен»
– деп, байбиченин жанына барып, мойнуна колун салып, зыркырап ыйлап иет.
– Кой, балам, намазыман жаңылып калдым. Тобоңо таянып, эсиңе эми келдиңби,
балам. Ушуну менен төртүнчү жолугушум – деп байбиче акактай кыз болуп тура калат.
– Ата-а, кичине макүрөө болуп калдың эле, – дейт.
Ал: «Макүрөөсү эмне» – деп ойлойт. Анда кыз жооп берет:
– Макүрөөсү ушундай. Биринчи жолуккан кишиң менин чоң атам эле. Экинчи
жолуккан өз атам, үчүнчү эчки – албарсты. Ошол кубулган котур эчкинин сүтүн эмип
койдуң, макүрөөнүн жайы ушундай. Эки атама адал иш кылсаң, сени өз жаныма тартып,
өздөрүндөй шер кылып алмак. Мени сага бермек. Бирок ошолордон ажырап калдың. Тээ
карарган калың элге барба, анда бир жаман иш, кандын кызы тилсиз жатат. Ошону
ууланттыңар, ким уулантканын билип бергиле, – деп хан элди кыйнап жатат.
Болушаарың жок, жалгыз экенсиң, мен төртүнчү жолу жолуктум, – деп, кыз кайра
тартмакчы болот.
– Карындаш, бардык ишти кечир, бир мээримиңди берип кет! – деп, бала жалдырап,
жалооруп кызга кайрылып, көзүнүн жашын төгүп жиберет. – Эч жерде, жакын жерде шаар
көрүнбөйт, азыгым жок, ачкамын.
Кыз жүрөгү жумшак эмеспи, мээримин төгүп:
– Көзүңдү жум! – деп, баланын көзүн жумдурат. – Минээрине ат, киерине кийим,
атаарына мылтык, чабаарына кылыч, саярына найза бол! – деп үшкүрүп, колунда
шакегин жерге таштайт.
– Көзүңдү ач! – деп кыз кайрылат.
Баягы кыздын айтканындай бардыгы орундап, минээрине ат, ичээрине аш, киерине
кийим, чабаарына кылыч, атаарына мылтык, саярына найза болуп калат. Кыз айтат:
– Токто, жигит! Бу шаардын ханынын кызынын тилден калганы эки бутунун
ортосунда тилин бууп албарсты жатат. Сен жалтанбай, хандын үйүн ыргыта сайып,
кыздын бутунун ортосунда жаткан албарстынын башын камындырбай кылыч менен кыя
чап!.. Ошондо кыз: – Ушунчалык уктаган экемин – деп, үшкүрүп тура калат.
Албарстынын боорун жарып, өтүн, тилин кесип, тилинин астындагы мөөрүн ал,
таманын тилип туз салсаң, ишиң оңолуп, кандын кызы сенин жарың болот. Ошенте
албасаң, сенин өлүмүң ошо жерден, хандан. Жалтанбай бар! Алың жетпей баратса, өзүм
жардам берем. Көзүңдү кыздын бутунан алба, бурулуп эки жакты карап калба. Бурулуп
калсаң, албарсты тура калып, сенин бооруңду тилип, туз салат. Ошентип кыз көздөн
кайым болот. Жигит зооту кийип, жарак-жабдыгын тагынып, найза менен сайып, кандын
ордосун жалтанбай жардырып өтөт.
Хан тура калып:
– Кайдагы акмак, макулук, кармагылачы! – дегиче, жигит бурулуп кыздын жанына
келип, албарстынын башын кыя чаап, көзүн оюп, тилин кесип, ичин жарып, боорун алып,
таманын тилип туз салып, денесин отту көздөй ыргытканда, кыз:
– Ох! – деп, тура калат.
Тактымды, таажымды, кызымды да берем, – деп хан шерт кылган. Айткандай тактытаажысын, кызын, кандыгын берип, баланы кан көтөртүп, өзү увазкер болуп, жыргап
жатып калат.
Өз жаны тынчып көңүлү толкуп, колуктулуу кан болуп, жайланып калгандан кийин,
эртегеси эсине, баштагысы башына түшүп, ит агытып, куш салып, канчалык шайырланып
жүрсө дагы кандын кабагы салыңкы, капалуу. Анын оюн кан кайнатасы таап коёт.
Кайнатасы айтат:
– Ме ушул шаарга жүз жыл сурак жүргүздүм. Элимден сендей жылдыздуу, бактылуу,
маңдайында периште ойноп турган жигитти көргөн эмесмин. Ошондой болсо да бир
капаң бар, сырыңды жашырбай айт, – дейт.
Анда бала намыстанып: «Толук сырымды айтсам болбостур, башкача жооп берейин» –
деп:
– Ата, менде эч капа жок. Мен дагы сиздей кандын баласы элем. Айылдан чыгып,
мергенчилеп, кийиктин кызыкчылыгына түшүп, үйүмдөн чыкканы үч ай талаада болуп,
үч айдан кийин барсам, айылымды жоо чаап, ата-энемди колго түшүрүп байлап кетиптир.
Ошентип, ага-инимден, эже- карындаштардан ажырап, сизге келип бала болуп калдым. Эч
капачылыгым жок, – деп, жашырып коёт.
Баякы кыраакы кайын ата көп ишенбеди. «Мейли эми, кандайдыр жашырып койду.
Дагы көрө жатарбыз. Жоо чапса, каракчы алса, калайык-калктан, жумурай-журттан бирөө
бир белги берет эле да! Бул сөзү жалган» – деп ойлоп, эки-үч жыл өткөндөн кийин Атакан
хан мурунку кан Токсобайга келип:
– Ээ, атсалоом алейкум, Токо! Эми бир кулач уулдуу болду деп угуп, достошоюн деп,
күйөө балаңыз экөөңүздү конокко чакырып келдим, – дейт.
– Достошуп келгениң үчүн, – деп, Токсобай кан Атакан канга ээр токуму менен тулпар
мингизип, алтын зоот кийгизип, колуна туур менен шумкар кондуруп, Атакан ханды
узатат.
Арадан беш ай өткөндөн кийин, күлүктөн жүздү, жоргодон жүздү байлатып, бир нарга
жамбы арттырып:
– Ассалоомалейкум, Атакан каным, тууруң кут болсун, жубайың жуп болсун – деп,
Атаканга конокко барат.
Атакан кызыр эмди тай, ак боз бээ союп, конокту жакшы мээримдүү тосуп алат. Кеч
бешимде тайдын эти бышып, меймандардын колуна суу куюлат. Бала кандын колуна
суунун кезеги келгенде эси ооп, колун сууга жууй берет. Жалгасын дебегендиктен, суу
куйган бала сууну куя берип, кумганда суу түгөнүп калат. Суу куйган бала сыртка барып,
кумганга кайра суу куюп келип, кайта куйганда эси ооп, жууй берет, астындагы чылапчын
толуп кетет.
– Мага достошкону келбей эле, булар шылдыңдап келген тура. Бер батаңды! Тарт
кумганды! – деп, тыяктан Атакан кан кыйкырып иет.
– Болду, баатыр! – деп коёт, бая эси оогон кан.
Атакан кан ансайын ачуусу келет. «Баатыр быякта турса, менин суу куйган баламды
баатыр дейт тура! – деп, Атакан сынып калып, сыр билдирбейт. Кандан ылдыйкы элге
бала сууну куюп бүтүрүп эшикке чыгып кетет. Аңгыча алты-жети табакка эт жасалып, эт
келет. Этти устукандап, эл устукан алып жеп жатканда, бая суу куйган бала кирип
келгенде:
– Ме, баатыр! – деп, макиси менен сайып, устуканды берет.
«Бул мени шылдың кылганыбы, жан бага албай сенделип жүргөн жетим баланы
баатыр дейт. Баатырдыкты көрсөтөйүн» – деп, Атакан кан баланы экинчи жолу баатыр
дегенде ашкере жини келип кекенет.
Аңгыча макидеги этти алам деп, эт менен маки кошо кетет. Эттеги макини бала суура
коёюн десе эле, бая агасынын макиси. Суу куйган бала макини таанып, бетиндеги атын
окуп, бакырып ыйлап чалкасынан кетет. Бая эт жеген элдин баарысы таң калып, баланын
башын көтөрө калат. Ачуусу келип турган Атакан жигиттерине буйрук кылат.
– Чыгар, эшикке сүйрөп чык! Жаагын бас! – дейт. Эки жигит желпилдетип эшикке
сүйрөп чыгат.
Ошо менен кекейип кан бала сыр алдырбай, эт да жебей, желпилдетип баланы сүйрөп
кеткенине зээни кейип, улутунуп үшкүрүп, катуу ойго түшөт. Аны капшытта олтурган
кара кан кайнатасы таанып: «Бир керемет болду!» – деп, байкап калат. Ошондо эл эт жеп
бүтүп, бата кылып, Атакан:
– Суу куйгуч баланы чакыр! – деп, кайта башынан суу куйдурат.
Кайра башынан бала суу куят. Канга жеткенде баягы кан кайра талып, баягысындай
эси ооп, колун жууй берет.
Башта эле ачуусу келип турган Атакан чыдай албай кетип:
– Ой, кан балам, канча жылдан бери колуңду жууй элексиң? – деп, ачуураак сөз менен
айтат. Анда колун жууп жаткан бала хан:
– Аба, анын жайын шашпай айтам, – дейт.
– Балам, бир керемет болду го. Канга кан сырын жашырбайт. Кары-жаштын астында
айт! – дейт, төрдө олтурган аксакал киши.
– Кандайча керемет болду, аба? – дейт, бала токтоло калып.
– Биринчи суу куйган бир жарым кумганга, экинчи суу куйганда Атакан айкырганча
жуудуң. Бирок жалгасын дегендин ордуна шашкан сыяктуу: «Болду» – деп койдуң.
Төртүнчүсүндө устукан бергенде: «Ме, баатыр» – деп бердиң, бешинчи макиң кошо кетип,
балаң бакырып жиберди. Бул кандай керемет дегенде карыя, бала хан жооп кайтарды.
– Ата, менин элимди жоо чаап кеткенде, бир кичинекей иним бар эле, ошол мен
мергенчилеп кеткенде артыман кетип, үй таппай жоголуп кеткен. Колунун үстүндө меңи
бар эле. Ошол менин бөбөгүмдүн меңине окшош экен. Ошол меңди көрүп бөбөгүм эске
түшүп, ойго батып кетиптирмин. Аяш атам бер батаңды, тарт кумганды дегенде, ойго
баткан жаным, шашып кетип, иним мендей баатыр болчу бала эле, байкоосуздуктан
баатыр болот эле деп ойлоп жатып, айтып коюптурмун. Экинчи устукан сунганда
колумдан маким кошо кеткен себеби, эсим ооп туруп, ошо болсо билсин дегендей кылып,
макини кошо коё бердим. Макинин бетинде: бир жагында өзүмдүн, бир жагында инимдин
аты бар эле.
Ошондо Атакан тура калып, баланын тың, баатыр болооруна көзү жетип: «Атаңдын
көрү ай! Менин балдарымдын бири да ушундай эмес» – деп сын коюп жүрчү. «Суу
куйгучун бала кылып алыптыр дейби» баланын кандай табылышын, кайсы жерде
болгондугун, ит агытып, куш салып жүрүп, бала кара таштын түбүндө ымжан жаны менен
жатканын, койнуна корголдой алтын катканын, түгөл-түз эл алдында айтып берди.
Ошондо бала кан эси ооп күн-түн үч күн жатып калат.
– Баланын сырын эбак билгем! – деп, инисин табыштырып, Атакан пери кызындай
сулуу кыз алып берип, үстүнө үй, астына казан асып, өрүшүнө мал салып узатат.
Эки бир тууган табышып, мурунку башынан өткөн окуяны эсине алышып, бирибиз
кан, бирибиз үйлүү-жайлуу болдук, атаны бир кайрылып издейлик деп, эки бир тууган
кеңешип, элине жөнөйт.
Келсе, элин жоо чапай эле, эли аман. Атасы тирүү. Өгөй энеси кадимкисиндей жүрөт.
Бирок атасы карып калган.
– Ассалоом алейкум, ата! – деп, балдары келет.
– Ээ, балдарым, кайдагы балдарсыңар? – дейт атасы.
– Биз сиздин балаңыз болобуз, – деп, жооп берет тааныбай калган эки бала.
– Менин балдарым эбак эле өлгөн – деп, ишенбейт атасы.
– Балдарыңыз эмне болуп өлдү эле? – деп, балдары суроо берет.
– Ээ, балам, балдарымдын өз энеси өлүп, кийин ушул байбичемди алгам. Сулуулугуна
суктанып, байбичеме ушундай жаман бузуктук иш кылган. Элден, журттан уялып, элдин
бетин карай албай өлтүртүп таштагам.
– Ай, ата, бизди койчуларың, жигиттериң өлтүргөн эмес. Биздин ордубузга кой сойгон.
Койдун канына көйнөгүбүздү боёп, сизге көтөрүп келип берген десе балдары, атасы
ишенбейт.
– Дагы кандай белгиң бар? – дейт.
– Ээ, ата, эми бир белгибиз калды, ошону көргөзсөк, ишенесизби?
– Ишенем, балам.
– Өгөй энебиз өзүң барда айран, өзүң жокто айранга суу кошуп, өзүң барда талканды
көөлөп, өзүң жокто кебеги менен көөлөп берчү эле. Ошондо өзүң барда көөлөп берген
талканы мына деп, кебеги жок талканды, өзүң жокто көөлөп берген талканы бул деп,
кебектүү талканды көтөрүп келип берет. – Биздин акыркы белгибиз ушул. Түшүнсөң –
түшүн, ишенсең – атабызсың, ата кылып алабыз, ишенбесең – как талаада каласың деген
экен эки бала.
Ошону менен балдарынын ак экендигине көзү жетип, өгөй энени кер өгүзгө
мингизип, кементайды кийгизип, чытырман токойду көздөй айдатып өрттөтүп,
балдарын бала кылат.
«Ата-бала кыйышпайт, ак жеринен ийне сынбайт» деген ылакап ушундан калган экен.
АКМАТ ТОКТОГУЛ УУЛУ
1912-жылы Өзгөн районундагы Кошетер айылында туулган. Он беш жашына чейин
атасы Токтогул Калманбет уулунун айткан жомокторун уккан.
Атасы үйдө үй-бүлөсү отурганда, айылдагылар чогулуп келишкенде, көп жомокторду
айтчу.
1932-жылы жазында Өзгөн районунда алты айлык мугалимдердин даярдоо курсун
бүтүрүп, 1932-жылы август айынан мугалимдик кызматка дайындалат.
1942-жылы октябрь айынан 1944-жылдын сентябрына чейин согушта болуп,
согуштан майып болуп келет.
1980-жылдан баштап, карылык пенсияга чыгат. Улуу Ата Мекендик согуштун 3группадагы инвалиди.
Жаш күнүндө атасынан угуп, көкүрөгүндө калган дастан, жомок, уламыштарды
кагазга түшүрүп, Кыргыз ССР илимдер академиясынын тил жана адабият институтунун
фондусуна тапшырган.
Акмат аке биз менен тыкыс байланышып жүрдү. Сүрөтчү Сагын Асанов портретин
тарткан.
Атасынын айткан дастандары бүт Акматтын көкүрөгүндө калыптыр. Жети-сегиз
дастанын кагазга түшүрдү.
«Эр Чегишти» жазайын десе бир сынчы:
– Ырыңды эч ким окубайт, кара сөз менен жаз, – дептир.
Ошондон кийин кара сөз менен жазган экен, «Эр Чегиштин» үзүндүсүн китепке
киргиздик.
Кетээринде баласынын үйүнө чакырып, бир дастанын Кыргыз Улуттук илимдер
академиясынын Кол жазмалар фондусуна тапшырып, калганын алып кеткен.
Ошол кезде жыгылып, жамбашын кокустатып алыптыр.
– Атам Келдибек манасчыны ээрчип жүрүп, «Манасын» бүт билип калыптыр. «Манас»
секторуна барып, атамдын вариантын жазып берейин десем, «Манаста» жогун жазгын
деген соң, «Манас» китебине кирбеген окуяны жазып, өткөрүп бердим, – деп колун сунуп,
кош айтышты.
ЭДИЛКАНДЫН ҮЧ КЫЗЫ, ҮЧ КҮЙӨӨСҮ
Илгери, илгери өткөн замандарда Эдилкан аймагы алыс, эли көп, көп жерлерди ээлеп,
салыгын салып, элинен алтын, күмүш жыйнайт. Таба албай калгандарын увазир менен
бектери кыйнайт. Сарайларын салдырып, кан ордосун чыңдайт. Алыстан жоо келбейт,
бейкут жатып, жыргай беришет. Элинин бир жагы байып жатса, арасында алсырап,
кыйналгандар да көбөйөт. Эдилкан увазирлери менен эл ичине аралашып, кандай жашап
жатышкан абалдарын көрүшпөйт. Эл арасындагы акылмандарга көз салышпайт, же
акылсыздарды ажыратпайт. Байыгандарын баалашып, күн өткөрө беришет. Эдилкандын
үч кызы болот. Алар акырындап бойго жетишет. Айланадан канзаадалар күйөө болуп
издеп келишпейт. Эдилкан кыздарын күйөөгө берүүнү ойлоп, үч кызына арнап үч жерге
жакшылап жай салдырат. Айланасын гүлдөгөн бактарга айландырат. Сарайлардын
алдында бактары гүлдөп, шактан- шакка конуп булбулдары сайрап турат.
– Күйөөнү кыздарым өзү тандап алсын – деп, Эдилкан күндөрдүн биринде элин
чогултууга увазирлерин жиберип, увазирлер жарчыларды алып, эл арасына жар чакырат.
– Эртең Эдилканыбыз баарыңарды чакырып, баарыңарды чубатып, кыздарына күйөө
тандайт. Кандын кызына жакканың байлыкка жетип жыргайсың. Эртең элдин баарын
чубатат. Кан кыздары каалаганын мага ушул күйөө болот, – деп, кубантат. Эртең эрте
баргыла, кан алдында ордодон чубап өтүп калгыла. Кандын кызы кааласа алма менен
урушат. Тандаганын күйөө кылып алышат – деген жарлык чакырат.
Элин чакырып, чубатуудан өткөрөт. Кыздарынын колдоруна кызыл алма берип:
– Өзүңөргө жакканын тандап, күйөөбүз ушул дегиле, – дейт Эдилкан.
Элин чогултуп, чубатып өткөрө баштайт. Кандын кыздары алмаларын колго алып,
карап турушат. Чоң кызы Чоюлкан өтүп бараткан бир байбачаны алма менен урат. Карап
турган калыстары кан күйөө, бек күйөө дешип, ак кийизге салып, көтөрүп алышып,
жасалгалуу жайга алып барышат. Кандын кызы Чоюлкан ушинтип күйөө таап алат.
Ортончу кызы Оюмкан карап туруп, керилип өтүп бараткан бир байбачаны колундагы
кызыл алма менен көкүрөккө уруп калат. Муну дагы байдын уулу байбача, бектин уулу
бекзаада деп, кан күйөө деп, дайындалган жасалгалуу жайына алып барышат.
Кичи кызы Кыялбү эч кимди алма менен урбастан, калктын баары өткөнчө тура
берет. Бул күнү Кыялбүгө күйөө табылбай калат.
Эдилкан эртеси элинин баарын чубатуудан кайта өткөрсө да, Кыялбүгө күйөө
табылбады. Эдилкан увазирлерин, жарчыларын чакырып:
– Калкымдан кандай адамдар келбей калды? – деп сурады.
– Эч ким калган жок – деди увазирлер, жарчылар. Бир жарчы туруп:
– Калың токой арасында көмүр өчүрүп көө болгон, бир токойго ээ болгон, эчтеке
менен иши болбогон, кийими жок салбыраган, баса албай балбыраган, башы жалтырак,
манжырасы куюлган кара таз калды, – дейт. Тазды алып өткөндө, кандын кызы Кыялбү
колундагы кызыл алма менен урат.
– Кызым кечке карап туруп, чарчап адашып калды – деп, Эдилкан жарыялайт.
Эртесинде увазирлерге аралаштырып, тазды алды жагынан өткөрөт. Кыялбү
таамайлап туруп, тазды дагы колундагы кызыл алма менен урат.
Эдилкан муну дагы жаратпай коёт. Эртесинде тазды эл ортосуна коюп, чубартуудан
өткөрөт. Тазды таамайлап туруп, үчүнчү жолу кызыл алма менен дагы урат.
– Башың – баш, багалчагың, кара таш, тапкан күйөөң кара таз! – деп, Эдилкандын
ачуусу келет.
Эдилкан Кыялбү менен кара тазды жаман төшөнчү, жамынчы берип, ордосунан
тышкары эшектер пааналап жүргөн жаман тамдын бурчуна киргизип таштайт. Муну угуп,
Кыялбүнүн апасы капаланып ыйлайт.
Бул жаман жайдын бурчунда Кыялбү менен кара таз жашай баштайт. Кара таз жакшы
эшек таап алып, токойдон отун ташып, базарга сатып, тез эле оңолот. Кара тазды Кыялбү
жууп, тазын айыктырып, башына чач чыгат экен. Тапканына кийим алып берип, кара
тазды жасап коёт.
– Мен тоо кийигинин этин сагындым. Силер барып, эчки- теке атып келгиле – деп,
Эдилкан бир күнү байбача күйөөлөрүн чакырып, тулпарды мингизип, ууга жиберет.
Бек күйөөлөр ууга барат деген кабарды кара таз угат да, Кыялбүгө келип айтат:
– Кан атаң сени кабыл албайт. Эне жүрөгү жумшак болот. Сени көргөндө эрип кетет.
Сен энеңе бар, тулпар сураба, сурасаң да бербейт. Жылкыга жетпей жүргөн, таакысы
түшпөгөн сары тай бар, ошону сура – дейт.
Кыялбү барып энесине айтат:
– Мен дагы ууга байбачалардын артынан барайын, ат берсин, ат бербесе жылкыга
жетпей жүргөн, таакысы түшпөгөн сары тайды берсин – деп, таз күйөөң сурап жатат де.
– Ээ, балам, ушунча элдин ичинен тапканың таз болдубу?
– дейт Кыялбүнүн энеси.
– Ээ, энекебай, калың элиңдин акылдуу, эр жүрөгү болбосо, акылдуу, эр жүрөктүү,
тазга тием да – деген экен.
Кыялбү даакылуу сары тайды жетелеп келип, тазга берет.
– Таз күйөөңө ат бер – деп, энеси Эдилкандан сурайт.
– Тазга ат кайда? Эшектен башкага тең эмес! – деп, Эдилкан жооп берет.
– Ээ, каным, таздын көөнү болбосо, кыздын көөнү эмеспи
– деген экен. Ат бербесең да жылкыңдын артында жонунан таакысы түшпөй,
жылкыга жетпей жүргөн сары тайыңды бер деп сурап жатат – дейт каныша кандын
маңдайына барып.
– Бул тайдын эмнесине кызыктыңыз экен? – дейт Кыялбү.
– Бул аргымак ээсин таппай жүргөн! – деп, таз күйөө жооп берди.
– Ээси сиз болот экенсиз да, – деп, Кыялбү күлгөндө, экөө тең күлүп калышат.
Ошентип, таз күйөө эптеп, сары тайды токуп, ноктолой чалып, минип алып кандын
байбача күйөөлөрдүн артынан жөнөп калат. Жолдо бара жатып, төрт жебеси менен жаман
жааны таап алат. Таз күйөө байбача күйөөлөрдүн артынан барбай, башка тоого чыгат.
– Тыш эти супсак болсун, ич эти даамдуу болсун – деп, таз күйөө эки теке, эки эчкини
атып, суу боюна сүйрөп келип, ичин жарып, ичеги-кардын, өпкө жүрөгүн, боорун,
бөйрөгүн алып, ичеги-карынды жууп, тазалап, карындарына салып, Кыялбү берген
куржунга салып алат.
Таз күйөө алардын эчтеке ата албай куру келишерин билип, байбача күйөөлөрдүн
жолун тосуп олтурат. Байбача күйөөлөр эчтеке таба албай, тапканын ата албай,
салбырашып кечинде келет. Таз күйөө отту чоң жагып, боорлордон шишкебекке сайып,
бышырып жеп олтурган болот.
– Байбачалар, жолуңар кандай болду? Тапкан олжоңор мол болдубу? Кандай
кайберендерди көрдүңөр? – деп, алар келип турганда, таз күйөө аларды карап, сурап
калат.
– Биз көргөн кайберенди ата албадык. Көрүп турасың го, куру келдик. Эми бизди
шерменде кылбай, тапкан олжоңдон бергин. Баары бир жаман тайың төртөөнү көтөрүп
кете албайт. Экөөнү бизге бер. Сенин каалаганыңды берелик.
– Мага эч нерсенин кереги жок. Төртөөнү тең беремин. Силерден эч нерсе албаймын.
Менин шартым бар, ошого макул болсоңор болду.
– Сен эмне десең, биз макулбуз – дешет байбачалар жарыша.
– Шымыңарды шыпырып, куйругуңарды тоскула! Мен чычаланын учун кичине
тийгизип коёмун – деген экен таз күйөө.
Анда байбача күйөөлөр макул болушуп, шымын шыпырып, тосуп беришет. Таз күйөө
жаткан чычаланы алып, куйруктарына тийгизип-тийгизип алат. Байбача күйөөлөр
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Жомокчулар Жана Жомоктор - 26
  • Parts
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 01
    Total number of words is 4062
    Total number of unique words is 1893
    34.1 of words are in the 2000 most common words
    46.8 of words are in the 5000 most common words
    52.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 02
    Total number of words is 4214
    Total number of unique words is 2104
    32.9 of words are in the 2000 most common words
    44.6 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 03
    Total number of words is 4152
    Total number of unique words is 2045
    34.6 of words are in the 2000 most common words
    47.4 of words are in the 5000 most common words
    54.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 04
    Total number of words is 4150
    Total number of unique words is 2066
    32.5 of words are in the 2000 most common words
    45.7 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 05
    Total number of words is 4129
    Total number of unique words is 1861
    36.1 of words are in the 2000 most common words
    48.6 of words are in the 5000 most common words
    54.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 06
    Total number of words is 4073
    Total number of unique words is 1772
    37.9 of words are in the 2000 most common words
    50.9 of words are in the 5000 most common words
    56.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 07
    Total number of words is 4031
    Total number of unique words is 2005
    35.4 of words are in the 2000 most common words
    47.5 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 08
    Total number of words is 4000
    Total number of unique words is 1967
    34.2 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    55.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 09
    Total number of words is 4090
    Total number of unique words is 2041
    34.4 of words are in the 2000 most common words
    48.3 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 10
    Total number of words is 4090
    Total number of unique words is 1755
    36.3 of words are in the 2000 most common words
    49.5 of words are in the 5000 most common words
    55.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 11
    Total number of words is 4202
    Total number of unique words is 1835
    37.9 of words are in the 2000 most common words
    50.3 of words are in the 5000 most common words
    56.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 12
    Total number of words is 4059
    Total number of unique words is 1853
    34.9 of words are in the 2000 most common words
    47.5 of words are in the 5000 most common words
    53.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 13
    Total number of words is 4023
    Total number of unique words is 1816
    36.1 of words are in the 2000 most common words
    49.0 of words are in the 5000 most common words
    55.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 14
    Total number of words is 4128
    Total number of unique words is 1794
    35.4 of words are in the 2000 most common words
    48.5 of words are in the 5000 most common words
    55.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 15
    Total number of words is 4128
    Total number of unique words is 1880
    33.4 of words are in the 2000 most common words
    47.5 of words are in the 5000 most common words
    54.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 16
    Total number of words is 3951
    Total number of unique words is 1518
    36.3 of words are in the 2000 most common words
    49.6 of words are in the 5000 most common words
    57.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 17
    Total number of words is 3907
    Total number of unique words is 1675
    37.0 of words are in the 2000 most common words
    49.9 of words are in the 5000 most common words
    56.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 18
    Total number of words is 4005
    Total number of unique words is 1671
    37.2 of words are in the 2000 most common words
    51.2 of words are in the 5000 most common words
    57.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 19
    Total number of words is 4054
    Total number of unique words is 2029
    33.6 of words are in the 2000 most common words
    46.8 of words are in the 5000 most common words
    53.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 20
    Total number of words is 4155
    Total number of unique words is 1829
    34.3 of words are in the 2000 most common words
    47.3 of words are in the 5000 most common words
    52.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 21
    Total number of words is 4145
    Total number of unique words is 1916
    33.5 of words are in the 2000 most common words
    46.1 of words are in the 5000 most common words
    53.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 22
    Total number of words is 4175
    Total number of unique words is 1923
    35.3 of words are in the 2000 most common words
    48.7 of words are in the 5000 most common words
    54.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 23
    Total number of words is 3979
    Total number of unique words is 1623
    36.1 of words are in the 2000 most common words
    48.7 of words are in the 5000 most common words
    54.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 24
    Total number of words is 4111
    Total number of unique words is 1658
    36.5 of words are in the 2000 most common words
    49.2 of words are in the 5000 most common words
    54.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 25
    Total number of words is 4082
    Total number of unique words is 1920
    33.7 of words are in the 2000 most common words
    46.1 of words are in the 5000 most common words
    53.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 26
    Total number of words is 3970
    Total number of unique words is 1798
    32.3 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 27
    Total number of words is 4049
    Total number of unique words is 1925
    35.2 of words are in the 2000 most common words
    48.5 of words are in the 5000 most common words
    54.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 28
    Total number of words is 4196
    Total number of unique words is 1935
    34.7 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 29
    Total number of words is 4079
    Total number of unique words is 2069
    33.0 of words are in the 2000 most common words
    44.8 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 30
    Total number of words is 4175
    Total number of unique words is 2074
    33.1 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    52.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 31
    Total number of words is 4117
    Total number of unique words is 2049
    32.9 of words are in the 2000 most common words
    46.1 of words are in the 5000 most common words
    52.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 32
    Total number of words is 4160
    Total number of unique words is 2020
    33.9 of words are in the 2000 most common words
    46.5 of words are in the 5000 most common words
    53.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 33
    Total number of words is 4042
    Total number of unique words is 1830
    36.4 of words are in the 2000 most common words
    49.7 of words are in the 5000 most common words
    55.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 34
    Total number of words is 4275
    Total number of unique words is 1721
    36.7 of words are in the 2000 most common words
    50.1 of words are in the 5000 most common words
    56.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 35
    Total number of words is 4047
    Total number of unique words is 2016
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 36
    Total number of words is 1590
    Total number of unique words is 953
    41.2 of words are in the 2000 most common words
    52.2 of words are in the 5000 most common words
    57.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.