Latin

Жомокчулар Жана Жомоктор - 27

Total number of words is 4049
Total number of unique words is 1925
35.2 of words are in the 2000 most common words
48.5 of words are in the 5000 most common words
54.5 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Чал болбойт. Кемпирдин катып жүргөн алтын акчасы бар экен, ошону бир жигитке
берип, бир бээ, эки-үч кой жана башка керектүү нерселерди алдырып, түлөө бермекчи
болот.
«Менин малыма тийбей, өзүң таап бермек болдуң, кемпир бээң семиз, койлоруңдун
куйругу казанбактай экен» – деп, чал аябай сүйүнөт. Койду, бээни союп, боорсок
бышырып, аябай даярданып, эл чакырып түлөө берет. Ак сакал, көк сакал, кемпир-кезек,
бала-бакыра болуп келишет.
– «Жети кишинин бири кадыр» деген, эл-журт, балам жок, бата бергиле! – деп,
суранды эле, эл чуулдап бата берет. «Эй, шумдук, деле адамга тамак бербеген немелерге
кандай кудай жалгады» дешип, таң калышкан эл бүт түлөөнү кемпир бергенин
түшүнүшөт.
Бир нече күн өтөт, бир күнү кемпир эшикте турса, бир кара булут келе жатат. «Кир
жайдым эле, күн жаайт го» – деп турса, кара булут ичинен бир аксакал киши болуп:
– Эй, байбиче, тилегиңиз кабыл болду. Балалуу болосуң, – деп, көздөн кайым болуп,
булут таркап кетет.
Кемпир сүйүнүп, кудайы берет. Ошентип, кемпирдин тилеги келип, эркек бала төрөйт.
Баласы экиге чыгат, ошондо баланы көрүп, мээр жаап, чал той берет. Чоң үй салдырып,
баланы молдого берип окутат. Эч нерседен кем кылбай өстүрөт. Бала он алты-он жетиге
келгенде, атасы кара аргымак камдап, күмүш ээр токум кылып, баласын сыртка чыгарат.
Баласына үч миң дилде берип, кемпир-чал базарга жиберет.
– Ич, же, эмне көңүлүңө жакса ошону сатып алгын – дешет. Бала базарга барып карап
жүрсө, бир кемпир чоң дөбөт кармап турат:
– Ой, байбиче,бул эмне? – дейт, анда ал кемпир:
– Бул ит, – деп жооп бериптир.
– Эмне иш кылат? – десе.
– Короо кайтарат, үрөт – деп жооп берет кемпир, – кичинесинде тоодон таап алдым
эле, эми чоңойгондон бери кутурду, кабанаак болду, же курсагын тойгуза албадым. Эмне
берсең ошону алам, балам.
Бала миң дилде берип, итти сатып алат. Аңгыча бир кара мышыкты сатып отурган
адамдан:
– Бул эмне деген жаныбар? – деп сурайт.
– Бул – мышык, үй ичине тынчтык бербеген чычканды кармап жейт. Итти деле миң
дилдеге албадыңбы. Менин мышыгым да миң дилде, – деди тиги адам.
– Макул – деп, миң дилде берип, мышыкты сатып алды.
Андан ары барса, бир адам жылан сатып отурат.
– Бул эмне? – деп дагы сурады бала.
– Жылан – деди.
– Эмне кылат? – деди бала.
– Кызым, аялым экөө отун алып жүрсө, кызымды чагып алыптыр, алса – адам алсын,
албаса – өлтүрөм, – деди ал киши.
– Эмесе мен алам, канча? – дейт.
– Миң дилде, – дептир ал адам. Калган миң дилдесин берип, жыланды да сатып алды.
Кечке маал үйүнө келе жатса, ата-энеси экөө тең карап турган болот. Торпоктой чоң
бир жаныбарды жетелеп келе жатат бала. Келсе ит.
– Бул эмнең? – дешсе.
– Миң дилдеге ушул итти сатып алдым. Миң дилдеге мышыкты алдым. Миң дилдеге
мынабу жыланды алдым, – деди бала. Энеси чалы менен урушат.
– Баланы мурунтан эл көзүнө чыгарып, эл аралатпай, сен кылдың? – деп, кемпир
чалын каарып өтөт. Чалдын баласына ачуусу келет, кемпирине да жини келип, үч миң
дилдеге ичи күйүп, баласын үйдөн кууп чыгат. Бала итин жетелеп, мышык, жыланын
алып кетет.
Кетип бара жатып бир тоонун түбүнө келип, уктап калат, жылан койнунан чыгып
ышкырат, түрдүү тамактар даяр болот, ичип-жешип төртөө тоюп алышат.
– Эй, бала, тетиги тоонун чокусун көрдүңбү? – дейт жылан балага – ошону Талчоку
дейт, илгери ажыдаар чыккан, ошол жерге жетсек, менин атам бар. Мен сени алпарып,
адам кылам
– дейт.
– Көрдүм – деди бала.
– Менин атам – жер алдындагы жылан падышасы – Шаамаран, мен ошонун кызы
болом. Мына бу итиң – иттин Кумайыгы, мышыгың – мышыктын Күлүстөнү. Кумайыкты
жору тууйт. Эки чилде көрүп, анан күчүк болуп жумурткадан чыгат. Ошол Талчокуга
Кумайыкты минбесең жетпейсиң. Ал сени жеткириш үчүн ак аркардын этине тоюш керек,
антпесек жетпейбиз. Мобу тоонун ар жагында бир башат бар, ошол башатка барып, мен ак
аркар суу ичкени келгенде чагам. Сен дароо жетип, мен чаккан жерди кесип ыргыт. Этин
Кумайыкка беребиз.
Кумайык ак аркардын этине тоюп, эки күн уктап, анан баланы көтөрүп алып
Талчокуга жөнөйт.
– Менин башым каякка бурулса, Кумайык да ошол жакка бурулса, жетебиз, – деди
жылан.
Ошентип, Талчокуга жеткенче Кумайык аксап, эптеп жеткирет. Барышса, ак сарай
алтын-күмүш, күн тийген, жемиш бышкан бейиштен жыргал экен. Ити аксап, таптакыр
баса албай калат. Жылан бир чөптү алып берип, ошону сууга салып сүрттүрсө, буту
айыгып калат. Сарайдагы көп сонунду көрүп жүрүп, сонуну таркаганча бир жыл өтөт.
Ичкен-жегени сонун, ойногону перинин кыздары.
Бир күнү баланы Шаамаран жылан падышасы чакыртат:
– Келгениңе бир жыл болду, балам, эмнеге келбейсиң? – деди.
– Ойногонум пери кызы, ичкеним чүйгүн, көргөнүм шумдуктуу алтын-күмүш
жасалгалуу дүнүйө болду, келбегенимдин себеби ушул. Кечирип кой, Шаамаран падыша
– деди бала.
– Эй, балам, менин кызымды миң дилдеге сатып алып, өлтүрбөй алып келгениңе
ырахмат. Эмне аласың? Адам баласына алтын баалуу болчу эле, алтын ал, нечен асыл
таштар бар, мундан ал. Перинин кызын кааласаң аны ал – дейт.
– Жок, эчтеме албайм, асман менен учуп жүргөнгө бир ажыдаар бер – дейт бала.
– Жок, бербеймин, – деди Шаамаран, – мен ант кылганмын, илгери мен ооруп,
тамырчы адам баласынын сүтү дары дешкенинен бир ажыдаарды жиберип, бир бала
алдырдым, ал балага алтын берип, бир кичинекей сүт алып кел, – деп жөнөттүм. Бала
барып, бир куурай терип жүргөн жаңы төрөгөн келинден алтын берип жатып, бир
азыраак сүт алып келди. Мен ошол сүттөн айыктым. Бала бир ажыдаар сураганын берсем,
ал бала эл-журту менен эрегишип, падышаны баш кылып бүт элди сордуруп таштаптыр.
Аны билип калып, ажыдаарды алып койдум, ошондон кийин ант кылгам.
– Ажыдаарды атаң бербей койду – деп, ал жигит кызына барат.
– Анда тилинин алдында сактап жүргөн алтын шакеги бар. Ошол алтын шакекти сура,
– деди кыз.
Шаамаран падыша алтын шакегин берди.
– Алтымыш күн жанымда бол – деп, алтымыш дуба үйрөттү.
Эл-жерине кетмек болуп, шакекке бир дубасын айтып, көп алтын алып, бала жолго
чыкты. Шаамарандын сулуу кызы:
– Башыңа не иш түшсө келип тургун, – деп, коштошуп калды.
Бир жерде бала эс алып отурса, бир чал мал багып жүрөт.
– Ой, балам, кайдан жүрөсүң? – деди чал.
– Атам-энем жок, баласы жокко бала болом, – деди бала.
– Мага бала бол – деп, чал баланы алып үйүнө келди.
– Жашымда куурай алып жүрүп төрөп, жоготуп алдым эле. Эми баламы таап келиптир,
– деди кемпири.
Чоң той берет. Бир нече күндөн кийин кемпир:
– Балам, эми келинчек ал, мени казан-аяктан куткар, – деди.
– Апа, анда ханга куда бол, – деди бала.
– Ай, балам, ага колдо жок, бизге хан кызын береби? – дейт.
– Өзүң хандын насаатчысың, былжырабай куда түш! – деди чалы.
Ал элдин шарты боюнча куда түшө турган киши үч күн үйдүн тегерегин шыпырат
экен. Кемпир бир күн шыпыргандан кийин хан жигиттерине буйрук кылат:
– Ким мага жуучу түшкөнү жатат, билгиле.
Карап турушса баягы акылчы кемпир экен, жигиттери ханга айтып келишет.
– Сиздин акылчы кемпириңиз экен, ханым – дешти жигиттер. Хан кемпирди чакыртат.
– Эй, байбиче, балам жок дечү эмес белеңиз? – деди хан.
– Ооба, жок деп жүрчү элем. Ушинтип жоготуп коюп, эми таптым баламды, – деди
кемпир.
– Болуптур, мен сени чанбаймын – деди да, хан калыңын кесмей болду – жылып аккан
суу болсун, сыдыра бүткөн тал болсун, бир жагы май, бир жагы сүт көл болсун.
Булбулдары сайрап турсун да, суунун биринин чабагы бирине ыргып турсун. Эшигимдин
алдына түн ичинде күндүзгүдөй жарык болсун, даарат алган жерим жакут, көөхар болсун.
Малдын эсеби жок келсин – деп, кемпирди узатты. Кемпир капа болуп кайгырып, ыйлапсыктап үйүнө келди.
– Ыйлаба, апа, – деди бала.
Эртеси хандын айтканын айтканындай кылып алтын шакектин касиети менен
орундатат. Хан таң калып отуруп калат. Көп малдын эсебин таба албай элине таратат. Ач
көздөрү төрт-бештен, калгандары эки-үчтөн алышат. Хан кызын балага берет. Отуз күн
оюн, кырк күн тоюн өткөрүп, үйлөрүнө жөнөр маал болуп калат.
– Эми жаман үйгө кантип алпарабыз, – деп, кемпир байкуш дагы кайгырат. Чалы ага
ачууланат.
– Апа, коркпо! – деди баласы.
Үйүнө келишсе, келиштире салынган заңгыраган үй-жай, бардыгы жасалгаланган
экен. Ханды кошо чакырып, абдан меймандашат. Хан дагы таң калат.
Ошентип, бала атасы-энеси менен жашап, жатып калат экен.
ЧЫНААЛЫ ШАКЕТАЙ УУЛУ
1920-жылы Талас районундагы Арал айылында (мурдагы Талдыбулак кыштагында)
орто дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган.
1937-жылы Буденный жети жылдык мектебин бүтүргөндөн кийин, Фрунзе
шаарындагы педагогикалык окуу жайына кирип, 1939-жылы бүтүрүп, Талас районундагы
Талдыбулак жети жылдык мектебинде мугалим болуп иштеп, 1940-жылы Советтик
Армиянын катарына чакырылган. Армияда кызмат өтөп жүргөндө согуш башталып,
1943-жылы жарадар болуп, Талдыбулак мектебине кайра келип, мугалимдик кесипте
1939-жылдан 1980-жылга чейин иштеген. Иштеген ишинде жакшы көрсөткүчтөргө
жетишип, «Эл агартуунун отличниги» значогу,
«Эмгектеги каармандыгы үчүн» медалы жана да согуштук көп медалдар менен
сыйланган.
Ал акындардын ырларын атайын кызыгып жыйноого 1954-жылдан тартып киришет.
Акындардан Эсенаман, анын баласы Үмөталы, Айтыке, Чоңдунун ырларын топтоп,
Кыргыз ССР илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунун фондусуна
өткөргөн.
Чынаалы аке Таластан чыккан комузчулар Айдараалы жөргөлөк, Эркесары, Атай,
Шекербектин комузчулук чеберчилигин эргип сүрөттөп айтар эле.
КӨӨДӨК
Илгери-илгери бир заманда эки бир тууган болуптур. Биринчи жолу алар
сырдашканда, болгон акылдарын айтышып, эл катары тың жан сактоо кылып, жакшы
жашоону эңсешет. Эмгегинен тапкандарын туура пайдаланып, иштери оңоло баштайт.
Мал күтүп, акча топтоп, мезгил жетип, улуусунун үйлөнүү учуру келет. Кыз сынап, эл
аралап, ар кандай кишилерге жолугат. Бир күнү жолдон кетип бара жаткан карыя кишиге
жолугуп, болгон оюн айтып, карыядан акыл сурайт.
– Аке, мен жетим элем. Бир тууганым экөөбүз эмгектенип, мал күттүк. Бир аз акча
топтодук. Эми мен үйлөнөйүн деп, кыз издеп жүрөм. Кандай кызга үйлөнсөм? – дейт.
– Балам, көөдөк болбосо болду, үйлөнө бер – деп көздөн кайым болот.
Бала түшүнбөйт. Жолдон жолуккан кызга сүйлөшүп:
– Атың ким? – деп сурайт.
– Атым Чыдамсыз, – дейт кыз.
Бала ойлонуп олтуруп: «Мунун аты Көөдөк эмес экен, ушуга үйлөнөйүн» – деп ойлойт.
– Чыдамсыз болсоңуз – мейли, атыңыз Көөдөк болбосо болду. Мен үйлөнөйүн деп кыз
издеп жүрөм, мага турмушка чыгасыңбы? – дейт бала.
– Азыр чыгам, кеттик эмесе! – деп, шаштыра баштайт.
– Мынча эмнеге шашасың? Аты-жөнүңдү айтчы, шаштырбай? – деп, бала таң калат да,
кызды карайт.
– Айтпадым беле, атым – Чыдамсыз. Алар болсоң эрте ал. Мындан көпкө чыдай
албайм, – деп кыз шашат. «Кой, карынын сөзүн угуш керек, аты Көөдөк эмес экен» – деп,
Чыдамсызга үйлөнөт.
Иниси үчөө жакшы жан сактап, турмуштары оңоло баштайт. Күндөрдүн биринде
Чыдамсызды көндүрүү үчүн:
– Кандын уларын уурдап келдим, сен муну эч кимге айтпа, хан бизди доого жыгат –
деп, эскертип уларды союп, бышырып жешет.
Бир күнү чыдайт, эки күнү чыдайт. Үчүнчү күнү көөдөнүнө батпай, жарылып кете
жаздайт. Бул коңшуга чуркап барат, оозу батпайт, тиги коңшуга чуркап барат, оозу
батпайт. Акыры үчүнчү коңшуга барат.
– А… ай, сен, биздин эмне кылып жүргөнүбүздү билесиңби? Биз силерге окшоп эле эти
жок олтурмак белек. Кишиге айтпайсыңбы? Мен айтып берейин – деп, бүлкүлдөп, өпкөөпкөсүнө батпай, демиге баштайт.
– Айта бер, мен көөдөк эмесмин, айтпайм, – деди.
Болгон ишти болгондой айтып таштады. Эки бир тууган эгин айдап, талаада жүрдү.
Бир жерге келгенде, сокону өгүздөр тарта албай калды. Ал жерди ала калтырбас үчүн
кетмен менен казышты. Убакытты бошко кетирбестен, биринин колун бири бошотуп
жерди казып, экинчиси сокону жүргүзө берди. Бир аз казгандан кийин чоң чаначтын чети
чыкты.
– Байке, чанач! – деп, кыйкырды кичүүсү.
Агасы кошту токтотуп, чуркады. Акырын алышып, оозун ачты. Толтура алтын экен.
Бороздун четинде олтурган
Чыдамсыз күбүр-шыбырды угуп, чуркап келди. Эми аны жашыра албай калышты.
– Кишиге оозуңдан чагарба, эми биз бул алтынга мал алабыз, шаар салабыз,
оюбуздагынын баарын кылабыз, – деди агасы.
Алтынды үйүнө алып барды. Бара жатканда баягы үйлөнөм дегенде жолуккан ак
сакал карыя дагы жолукту.
– Ээ… эй, балам, сак бол, көөдөк аял алба дебедим беле. Сак болбосоң, бул алтын үчүн
башыңдан ажырайсың – дейт да, көздөн кайым болот. Балдар эми түшүнөт, эртеси баягы
сырдашкан аял менен Чыдамсыз уруша кетет.
– А, ай жигит, аялыңды кой дебейсиңби, мунуң бир көөдөк экен. Эгер кой дебесең,
баягы күнү хандын уларын уурдап жегениңерди айтам. Хан силерди шыр айдап кетет –
дегенде
Чыдамсызды араң койдуруп, экөөнү жараштырып тынышат. Эми экөө ынак болуп
калышат. Эки күндөн кийин айт болуп, айт намазга аял, эркек дебей бара жатканын
көрүп:
– Булар кайда баратышат? – деп, сурайт Чыдамсыз.
– Сен билбейсиңби? Тээтиги молдонун, казынын үйүнө бара жатат. Ал экөөнүн тең
аялы өлгөн, ошого бара жатат – деп түшүндүрөт.
Балдар көөдөктүн сөзсүз бул ишти ханга билдире турганына түшүнөт да, алтынды
башка жакка катып коюшат. Акырындык менен өз керектерине жаратып, иштери оңоло
баштайт. Көөдөк бир жума чыдайт. Экинчи жумада ичине батпай, ар кайсы үйгө кирип
айткысы келет. Бул үйгө кирет, оозу батпайт, ал үйгө кирет, оозу батпайт. Баягы сырын
айтып жүргөн коңшусуна барып:
– Ай, жеңе, сен билесиңби? Көптөн бери айтайын деп, оозум батпай жүрчү эле, эми
айтайын, эч кимге айтпайсыңбы? – деп сурайт.
– Айт, мен көөдөк эмесмин, айтпайм айтсам баягыда эле хандын уларын айтпайт
белем, – дейт.
Ага ого бетер ишенди. Көкүрөгү көөп чыдай албай:
– Ай, жеңе, кош айдап жүрүп аңыздан бир капка барабар болгон чоң чанач алтын таап
алдык. Эми бай болобуз, шаар курабыз. Азыр эле күнүнө эт жеп жыргап калдык. Эми бай
болобуз, ошондо көрөсүң, жеңе – деп, каткырды эле, көөдөнү бошогонсуп калды. Дагы
чыдаган жок. Экинчи, үчүнчү, төртүнчү үйгө кирип айткысы келди. Демигип чуркап
жүрүп, үйүнө кеч барды.
– Сен эмне бүгүн желигип калгансың, кайда жүрөсүң? – деп, ачууланып сурады эри.
– Оой, кудайдын бергенинин эмнесин жашырат элек. Биз бирөөнүн алтынын уурдап
алдык беле, бардык коңшуларга сүйүнчүлөп айтып чыктым, – деди.
Иштин эми жаман жагына айланганын билишкен жигиттер алтынды таза киши таба
албас жерге бекитти. Күндөр өтүп, бул иш ханга жетти. Хан жигитти чакыртты.
– Алтынды алып келип, хандын казнасына төккүн, төкпөсөң башың алынат – деп,
казыны, молдону чакырып кыйнай баштады. Жигит эч шек бербеди, сабаса да айтпады.
Акыры аялды чакыртып, катуу суракка алды. Үйүн тинттирди. Короо-сарайын бүт
аңтартты.
– Каякка катты айт, бул эриңдин алып келгени чынбы? – деп, кысымга алып, сабады.
Чыдамсыз чынын айтты, бирок алтын табылбады.
– Айланайын, ханым, молдоке, казы аке, менин аялымдын акыл-эси туура эмес,
көөдөк, ар кайсыны айта берет, эң мурун кайсы күнү деп сурасаңыз. Ошону туура айтса
эле күнөөлүү болоюн – деп, жигит ыйлай берди.
– Кана, кайсы жерден таптыңар, качан үйгө алып келдиңер? – деп, суракка алды казы.
– Аңыздан кош айдап жүрүп тапканбыз. Чоң чаначта болчу. Баягы хандын уларын
уурдап жегенден төрт күндөн кийин, баягы молдонун, казынын катыны өлгөн күнү үйдө
болчу. Ананкысын билбейм, – деди Чыдамсыз.
Хан, молдо, казы, аны көөдөк, келесоо деп чечти. Анткени молдонун, казынын аялы
өлгөн эмес. Хандын улары жоголгон эмес. Аңызга чаначка салган алтынды катыш мүмкүн
эмес.
Ошентип, ага-инилүү жигиттер амалын таап кутулушту. Көөдөк болсо ошол казынын
таягынан кийин ооз ачпас болду.
ДАРДАҢАЛЫ МЕНЕН ДЕРДЕҢАЛЫ
Илгери бир заманда биринин сөзүн бири укпаган Дардаңалы менен Дердеңалы деген
эки бир тууган болуптур. Ата-энеси, ага туугандары:
– Ынтымактуу жүргүлө, антпесеңер турмушуңар оңолбойт десе, угушпайт. Дардаңалы
төшүн бүчүлөнбөй, дардайып барып төшүнөн бир тийип, бардык ишке чыдамы жок,
сабыр кыл десе, укпаган бала болот. Кылган ишинин баары чалды-куйду, башаламан
бүтөт.
Дердеңалынын эки таноосу дердейип, таноолорунан буу чыгып, дердеңдеп жүрчү.
Бир нерсени укса эле делдеңдеп чуркап барып, аны көргөндөн кийин: «Мен да ошондой
болом» – деп, дердеңдейт.
Күндөрдүн биринде көкбөрү тартып жүрүп, бирөө атынын жүгөнү жок болсо да,
камчы үстүнө камчы уруп, элден кутулуп, көкбөрүнү үйүн көздөй алып кетип, көрүнбөй
калат. Муну көргөн балдар баш-аягына түшүнбөй туруп эле, атасын:
– Мага жеткирбеген тулпар таап бергин! – деп кыйнашат. Аргасыздан атасы эки
баласына эки тулпар таап берет.
– Жүгөнсүз чаппагыла, күүлөнгөндөн кийин тулпарлар белгисиз жакка алып кетет.
Жүгөнү менен да ала качып кетсе, алыңар келбей калат – деп, атасы эскертет.
Балдары аны этибарга алышпайт. Тулпарларды минип көкбөрүгө чыгышат. Көкбөрү
колго тиер замат аттардын жүгөнүн шыпырып ташташат. Эми камчы үстүнө камчы
урушат. Тулпарлар камчыга ууккандан кийин учуп жөнөйт. Алар көкбөрүнү үйгө алып
барабыз деп ойлошот. Бирок тулпарлар белгисиз багыт менен зымырап жок болот.
Тулпарлар токтоно албай сууга түшүп кеткени, же ээн талаа, эрме чөлгө барып,
зорукканда жыгылып, бардыгы ачкадан өлгөнү ушу күнгө чейин белгисиз. Атасы
балдарынын ыргыткан жүгөндөрүн үйүнө алып барат. «Балдарым келсе, турпарларына
ушул жүгөндү катып берем» – деп, сактап жүрөт экен.
ЧАКЧЫГАЙ МЕНЕН КАРАКАШ ЧЫМЧЫК ЭМНЕ ҮЧҮН ЖАЙЛООДО
ЖАШАШАТ?
Илгери каракаш менен чакчыгай деле кара чыйырчык сыяктуу токойдо, коросарайларда уя салып, бардык чымчыктар менен атаандашып жан сактоо кылчу экен.
Чакчыгай түркүн обон менен сайрап, уйду туурап – мөөрөп, койду туурап – маарап,
кулунду туурап – кишенеп, кишини туурап – ышкырып, итти туурап – үрүп, булбулдан да
мен өйдөмүн деп мактанат. Кашка чымчык болсо, бир гана чыйкчыйк эткенден башка үнү жок – ызалуу.
Чакчыгай өтө куу болгондуктан, каракашты азгырып:
– Сага мен эң сонун обондорду, сайраганды үйрөтөр элем, убакытым жок, жанагы
торгой, карлыгач, чыйырчык, сары айгыр, булбулдар мага сынтагышат. Ар кимди
туурагандан башка таш-балакетти билбейсиң, өзүңчө чыгарган обонуң жок. Жайлай
чакылдап, ар кайсы ташка бир конуп, балдарды алаксытып, бизге тең эмессиң дешет. Мен
ушул ызага чыдабай өзүмө досторду көбөйтүп алайын деп жүрөмүн. Каракаш аке,
азырынча сен экөөбүз дос бололу. Анан дагы дос издейли. Сага түркүн обон табышка
дагы-дагы убакыт жетишер – деп, көңүлүн жубатты.
Каракаш чакчыгайдын бардык айтканына макул болду. Ынтымакта жакшы жашап
жүрүштү. Чакең дос издеп таранчыга келди.
– Таке, силер көпсүңөр, бир эле түрдүү чыйпылдайсыңар, ошондо да көп үн чуулдап
басымдуу угулат экен. Менин досум каракаш деле чыйпылдайт. Жалгыз болгондуктан
үнү этибарга алынбайт, эч ким ага назар салбайт. Макул десеңер биз силерге кошулуп
бирге жашайлы. Ошондо тигилерге теңтуш болобуз – деп, көз жашын төгөт.
Таранчылар боору ооруп кабыл алат. Күз болгондо кыргый келип чымчыктарды
кырып жей баштайт. Таранчылар бадалга кире качышат. Каракаш менен чакчыгайдын
балапандары ачыкта калып, турумтай, жагалмай, кыргыйлар илип кетет. Эми таранчылар
менен чакеңдин ортосунда чатак чыгат.
– Дос болгонубуз кайсы, өз балапаныңарды бадалга, түнткө ала качып кирип
кеттиңер. Менин балапандарым артта калып, баарын жеп кетишти, – деп таарынат.
– Силердин балапандарыңар өтө жай учат. Өзүңөр да жай учасыңар, жашынганды
билбейсиңер, анын үстүнө күзүндө чээнге кирип, жазында чыгасыңар, ыйлаганыңардан
боорубуз ооруду эле. Балдарыңардын жөндөп уча албаганын бизден көрөсүңөр. Мындан
көрө мурдагыдай бөлөк-бөлөк жүрөлү – деп, таранчылар учуп кетишет.
Ошентип, каракаш менен чакчыгай орундарында отуруп калышат. Ошол жылы кыш
эрте келип, каракаш менен чакчыгай чээнге кире албай калат. Эстери ооп, жансерек
болгон чымчыктарды балдар таап келишет. Балдардын атасы аларды таанып, өлтүрбөс
үчүн капас жасап, жылуу үйгө киргизип, ундун улпагын, талкандын кебегин берип,
кыштан аман-эсен чыгышат.
Атасы балдарга:
– Эл жайлоого чыкканда ала чыгып, ошол жерге коё бергиле. Жайлоодо жагалмай,
турумтай, кыргый болбойт. Алар чымчыктын көп жеринде болушуп, чымчыктардан илип
алып жеп, жансактайт. Жайлоого кыш түшкөндө таштын коңулуна, суурдун ийинине
кирип, чээнден чыгышат. Жайында балапандары менен ойноп, күзүндө таштап келесиңер
– деп, кеңеш берет.
Балдар сүйүнүп макул болушат. Жайлоого барышат. Каракаш менен чакчыгайдын
оозуна шилекей салышып, эркин коё беришет. Ошондон кийин балдар жайкысын
балапандарын издеп таап багышат. Бирок барган эле жылы каракаш:
– Кайра кетем! – деп, чатак кылат.
Чакчыгай мындай деп кеңеш берет:
– Жакада болсо чымчык көп, кайсы обонду үйрөнөөрүңдү билбей башың айланып
калат. Бул жерде жалгыз мен түркүн обонго салам. Бир-экөөнү үйрөнүп калгың бардыр.
Анын үстүнө экөөбүз бир эле суурдун эски ийинине тууп, балдарыбызды бирге
чоңойтобуз. Эгер суусар көп болсо, чоңураак таштын коңулуна жанаша уя салабыз. Мен
болсо, чээнден чыккандан кийин, не түркүн обонго салып сайраймын. Сен болсо, кулак
салып угуп, балапандарга жем берип, жыргап жүрө бересиң. Кой, досум, мындай бизге
душманы жок жер кайдан табылат, – деп азгырат.
Ага каракаш макул болот. Өтө ыраазы болуп, чакчыгай сайрай берет. Ошентип,
каракаш байкуш: «Чакчыгайдын сайраган обондорунун бирин болбосо бирин, быйыл
болбосо эмдиги жылы үйрөнөрмүн» – деп, чакчыгайдын балапанына бетегенин бүрүн
терип келип берип, ушул күнгө чейин бир обон үчүн кошомат кылат экен.
АЛЫМКУЛ СООДОНБЕК УУЛУ
1921-жылы Жетөгүз районуна караштуу Тосор айылында кедей- дыйкандын үйбүлөсүндө туулган.
Атасы Тиленчи уулу Соодонбек 1928-жылы колхозго мүчө болуп кирген. 1930-жылы
Тосор айылындагы башталгыч мектептин 3-классына чейин окуган. Андан кийин энеси көп
жылдар оорулуу болгондугуна байланыштуу окубай калган.
1937-жылдан тартып, Оргочор совхозунда чабан болгон. 1942-жылы Улуу Ата
Мекендик согушка барып, 62-аткычтар дивизиясында болуп, 1944-жылы 6-апрелде
жарадар болгон. Госпиталда жатып, 1944-жылы согушка жараксыз деп табылып, үйгө
келген. Ошондон тартып Тосор айылында чабан болуп иштеп жүрүп, пенсияга чыккан.
Жомокторду талаада кой кайтарып жүрүп, ар кайсы аксакалдардан, айрыкча өз
айылындагы жомокчу Кыштообайдан үйрөнгөн.
АТАНЫН КЕРЭЭЗИ
Илгери бир замандарда Билегеч аттуу бир адам жашаган. Билегеч ар нерсени кыйын
билгендиктен ушул атка конгон. Билегечтин жалгыз уулу болот. Билегеч күндөрдүн
биринде өзүнүн өлөрүн билип калат да, уулун чакырып алып:
– Уулум, жакында мен дүйнөдөн кайтам. Сага билген акылымды айтып кетейин,
жакшылап ук. Эркектин жан жолдошу – аялы. Биринчиси, ак-караны ичине бекитип,
алганынын айыбын ачпайт. Экинчиси, албуут болот. Ачуусу келсе, өзүнүн алганын өлүмгө
кыят. – Атасы оор дем алат да, баласына айтып жаткан акылын улантат. – Менин сага
айтаар акылым алтоо: биринчиси, эмне болсо да, алган аялыңа сырыңды айтпа.
Экинчиси, соодагерден карыз алба. Үчүнчүсү, кандын жасоолу менен дос болбо.
Төртүнчүсү, туз таткан адамыңа эзели кара санаба. Бешинчиси, ар түрлүү насипти
таштасаң да, эртең мененки насипти эч качан таштаба. Алтынчысы, адам ниетинен табат,
– дейт. Уулу кунт коюп угат. Мындан соң атасы дүйнөдөн кайтат.
Атасы өлгөндөн эки-үч жыл өткөндөн кийин, бала үйлөнөт. Аялы менен жакшы
жашап турат. Күндөрдүн биринде жигит олтуруп, атасы айткан акылдарды текшерип
көрөйүн деп чечет. Биринчи ирет кандын жасоолу менен достошот. Ал досу өлүмдөн
башкадан куткарам, – дейт. Ошентип, жасоол менен кол алышып, андан ары кетет. Жүрүп
отуруп соодагерге кезигип, андан беш жүз сом акча карыз алат. Жигит үйүнө келип
аялына:
– Мамырбай байдын баласы мага өч чыкты, мен аны өлтүрөм. Сен тактанын астына
тиктиги эки кулач болгон ороо каз, таш жыйна, ороону кайра көмгөнгө – дейт жигит.
– Өлүгүңдү көрөйүндү өлтүрүп кел, көөмп таштайлы, – дейт аялы.
Түн ортосу ченде, кан куюлтуп бир кап көтөрүп келип, ороого салып, таш менен
бекитип ташташат. Ал жерден көчүп кетип, башка жерге келгенден кийин, бир
шылтоолор менен аялын урат. Аялы канга арызданып келет.
– Каным, мени өлтүрмөк болду. Мен эмес ал канкор Мамырбайдын баласын өлтүрүп
ороого көмгөн – дейт.
– Жигитти айдап кел! – деп кан жасоолун чакырып буйрат.
– Эй, сени кан чакырып жатат! – дейт, оңураңдаган жасоол жигитке келип.
– Экөөбүз дос эмес белек, сен мени өлүмдөн башкадан куткарам дебедиң беле, кана
убада, куткар мени ушундан – деп жигит жасоолдон сурайт.
– Мен сени тааныбайм, бас дегенде бас, же болбосо алмадай башыңды алып таштайм!
– деп, жасоол канга айдап келет.
Ал аңгыча баягы соодагер келип, жигитке:
– Карызыңды төлө! – деп асылат.
– Берем сенин беш жүз сом карызыңды.
– Ой, каным, мына бул карөзгөйдүн айтканын уктуңузбу? Беш миң сом карыз алат да,
эми беш жүз сом деп турганын. Каным, төлөтүп бериңиз акчамды! – дейт соодагер.
Ошентип, кан жигитти суракка ала баштайт. Жигит канга атасынын керээзин төкпөйчачпай айтып берип, текшериш үчүн бардыгын тескерисинче жасаганын, өлтүрүп
көмгөнү Мамырбай байдын баласы эмес, өзүнүн кара токол эчкиси экенин айтат. Кан
Мамырбай байдыкына жигит чаптырып, баласы тирүү экенин билет. Жигиттин аялын
ээрчитип, жанына калыс алып, ороону ачтырат. Ачтырса, чын эле өлгөн токол кара эчки
чыгат.
Кан жигитти өзүнө биринчи жигит кылып алат. Арадан бир нече жыл өтөт. Кандын
аялы жигитке ашык болуп калат. Күндөрдүн биринде кандын аялы жигитке:
– Сен канды өлтүрүп, мени ал, кан бол, – дейт.
– Жок, эч качан жаман иш жасабайм, кандын тузун таттым, кара санабайм ага, – дейт
жигит.
Ичи күйүп калган кандын аялы, канга келип:
– Сенин биринчи жигитиң сени өлтүрүп, мени алам жана кандыкты ээлейм деп жатат,
буга мен макул болбой, каным сага айтып келдим, – дейт.
Кан ойлонуп калат:
– Ниетинен табат дебеди беле, мен ушул бүгүнкү күндү болжоп, келерки жылы эртең
менен биринчи ким келсе, ким экенине карабай өрттөп жибер – деп ашпозчуга буйрук
берет. Себеби бир күнү аялы, бир күнү жигити тамак алып келчү экен. «Ниети кара
кабылсын» – деп, кан ойлоп коёт.
Арадан бир жыл өтүп, болжогон күнү жигиттин кезеги тамак алып келүүгө келет.
Жигит тамак алууга бара жатса, алдынан карыган кемпир чыгып:
– Уулум, үйгө кирип, даам ооз тийип кет, жалгыз балам бар эле, ошол өлгөнүнө бир
жыл болду, ошого арнап дуба оку, – деп суранат. Жигит бир чети кемпирдин көңүлүн кыя
албай, экинчиден, атасынын айтканы эсине түшүп, кемпирдин үйүнө кирип, чай ичип
отуруп калат. Ушул убакта кандын аялы:
«Бул эмне кечикти, мен өзүм алып келе коёюн», – деп ашпозчуга жүгүрүп барат.
Кандын буйругун алган ашпозчу кандын аялын отко жагып жиберет. Андан соң жигит
келип, тамакты алып кайтып келет.
– Кан айымды чакырайын, тамак ичели, – дейт, жигит эч нерсе оюнда жок.
Анда кан айымдын келгис жакка кеткенин жана болгон окуяны жигитке айтат.
Ошондо жигит да болгон чындыкты, кандын аялынын эмне дегендигин, бардыгын айтып
берет.
– Ниетинен тапты, иним, – дейт кан ошондо. Кан башка аял алат. Жигитти да
үйлөнтүп:
– Атаңдын керээзи абдан туура экен, – дейт.
Кан жигитти өзүнө бир тууган кылып алып, жыргап- куунап жатып калышкан экен.
КАНДЫН СУРООСУ
Илгери өткөн заманда Акмак кан болот экен. Ал кан Акмак кан атка мындайча конгон
экен.
Кан күндөрдүн биринде, желдет чаптырып:
– Элдин ичинен үч киши таап кел, биринчи кишинин сакалы кара, чачы ак, экинчи
кишинин сакалы ак, чачы кара, үчүнчү кишинин сакалы жок да, чачы болсун – деп, буйрук
берет.
Желдет эл ичинен издеп жүрүп үчөөнү таап, канга айдап келет. Кан элди жыйнап
сурак жасайт.
– Ким туура жооп берсе, башы аман калат, туура жооп бере албаса, башы алынат –
деген жарлыкты элге окуйт.
Жанына үч адамды калыс алып, сурак жүргүзө баштайт.
– Башың бирөөбү? – деп, биринчи адамды чакыртып сурайт.
– Ооба, каным, башым бирөө – дейт, сурактагы адам колун бооруна алып.
– Эмне үчүн сакалың кара, чачың ак?
Сурактагы адам отурган калыбын жазбай, жооп берет:
– Каным, туура айтасыз. Мен энемден төрөлгөндө башымда чачым болгон. Жыйырма
жашка келгенде, ээгиме сакал чыккан. Чачым сакалымдан жыйырма жаш улуу.
Ошондуктан, чачым ак, сакалым кара.
Калыстар туура дешет. Ошентип, биринчиси өлүмдөн кутулат.
– Эмне үчүн сенин сакалың ак, чачың кара? – деп, экинчи адамды суракка ала баштайт.
– Каным, сиздин бул сурооңуз туура. Кордукту ким көп көрсө, ошол бат картаят.
Чачым жайдын күнү салкын калпактын астында, кыштын күнү жылуу тебетейдин
алдында жүрөт. Сакалым болсо, күнгө кургайт, суукка тоңот. Ушундай кордуктарды
көргөн үчүн сакалым агарып кетти, – дептир.
Калыстар мунун жообун да туура деп табышат да, өлүмдөн куткарышат.
Ошентип, үчүнчү адамга сурак жүрө баштайт.
– Кайран киши эмне деп жооп берер экен? – дешип, чогулган эл күтүп турушат.
– Эмне үчүн сенде сакал жок? – деп, кан сурак коёт.
– Каным, баш кесмек бар, тил кесмек жок.Уруксат этсеңиз, мен сизге суроо берейин –
дейт, канга кайрылып.
– Сура! – деп, кан мыскылдап күлүп коёт.
– Каным, адам кайдан жаралат? – дейт, сурактагы киши.
– Ата менен энеден – деп, жооп берет кан.
– Туура айтасыз, Алдаяр каным. Энемдин ээгинде бир тал сакал болгон эмес. Ээгим
энемди тартып, колу-бутум, башы- көзүм атамды тарткан тура – деп, жооп берет.
Муну да калыстар туура деп табышып, муну да өлүмдөн куткарат.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Жомокчулар Жана Жомоктор - 28
  • Parts
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 01
    Total number of words is 4062
    Total number of unique words is 1893
    34.1 of words are in the 2000 most common words
    46.8 of words are in the 5000 most common words
    52.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 02
    Total number of words is 4214
    Total number of unique words is 2104
    32.9 of words are in the 2000 most common words
    44.6 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 03
    Total number of words is 4152
    Total number of unique words is 2045
    34.6 of words are in the 2000 most common words
    47.4 of words are in the 5000 most common words
    54.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 04
    Total number of words is 4150
    Total number of unique words is 2066
    32.5 of words are in the 2000 most common words
    45.7 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 05
    Total number of words is 4129
    Total number of unique words is 1861
    36.1 of words are in the 2000 most common words
    48.6 of words are in the 5000 most common words
    54.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 06
    Total number of words is 4073
    Total number of unique words is 1772
    37.9 of words are in the 2000 most common words
    50.9 of words are in the 5000 most common words
    56.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 07
    Total number of words is 4031
    Total number of unique words is 2005
    35.4 of words are in the 2000 most common words
    47.5 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 08
    Total number of words is 4000
    Total number of unique words is 1967
    34.2 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    55.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 09
    Total number of words is 4090
    Total number of unique words is 2041
    34.4 of words are in the 2000 most common words
    48.3 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 10
    Total number of words is 4090
    Total number of unique words is 1755
    36.3 of words are in the 2000 most common words
    49.5 of words are in the 5000 most common words
    55.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 11
    Total number of words is 4202
    Total number of unique words is 1835
    37.9 of words are in the 2000 most common words
    50.3 of words are in the 5000 most common words
    56.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 12
    Total number of words is 4059
    Total number of unique words is 1853
    34.9 of words are in the 2000 most common words
    47.5 of words are in the 5000 most common words
    53.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 13
    Total number of words is 4023
    Total number of unique words is 1816
    36.1 of words are in the 2000 most common words
    49.0 of words are in the 5000 most common words
    55.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 14
    Total number of words is 4128
    Total number of unique words is 1794
    35.4 of words are in the 2000 most common words
    48.5 of words are in the 5000 most common words
    55.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 15
    Total number of words is 4128
    Total number of unique words is 1880
    33.4 of words are in the 2000 most common words
    47.5 of words are in the 5000 most common words
    54.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 16
    Total number of words is 3951
    Total number of unique words is 1518
    36.3 of words are in the 2000 most common words
    49.6 of words are in the 5000 most common words
    57.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 17
    Total number of words is 3907
    Total number of unique words is 1675
    37.0 of words are in the 2000 most common words
    49.9 of words are in the 5000 most common words
    56.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 18
    Total number of words is 4005
    Total number of unique words is 1671
    37.2 of words are in the 2000 most common words
    51.2 of words are in the 5000 most common words
    57.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 19
    Total number of words is 4054
    Total number of unique words is 2029
    33.6 of words are in the 2000 most common words
    46.8 of words are in the 5000 most common words
    53.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 20
    Total number of words is 4155
    Total number of unique words is 1829
    34.3 of words are in the 2000 most common words
    47.3 of words are in the 5000 most common words
    52.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 21
    Total number of words is 4145
    Total number of unique words is 1916
    33.5 of words are in the 2000 most common words
    46.1 of words are in the 5000 most common words
    53.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 22
    Total number of words is 4175
    Total number of unique words is 1923
    35.3 of words are in the 2000 most common words
    48.7 of words are in the 5000 most common words
    54.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 23
    Total number of words is 3979
    Total number of unique words is 1623
    36.1 of words are in the 2000 most common words
    48.7 of words are in the 5000 most common words
    54.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 24
    Total number of words is 4111
    Total number of unique words is 1658
    36.5 of words are in the 2000 most common words
    49.2 of words are in the 5000 most common words
    54.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 25
    Total number of words is 4082
    Total number of unique words is 1920
    33.7 of words are in the 2000 most common words
    46.1 of words are in the 5000 most common words
    53.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 26
    Total number of words is 3970
    Total number of unique words is 1798
    32.3 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 27
    Total number of words is 4049
    Total number of unique words is 1925
    35.2 of words are in the 2000 most common words
    48.5 of words are in the 5000 most common words
    54.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 28
    Total number of words is 4196
    Total number of unique words is 1935
    34.7 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 29
    Total number of words is 4079
    Total number of unique words is 2069
    33.0 of words are in the 2000 most common words
    44.8 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 30
    Total number of words is 4175
    Total number of unique words is 2074
    33.1 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    52.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 31
    Total number of words is 4117
    Total number of unique words is 2049
    32.9 of words are in the 2000 most common words
    46.1 of words are in the 5000 most common words
    52.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 32
    Total number of words is 4160
    Total number of unique words is 2020
    33.9 of words are in the 2000 most common words
    46.5 of words are in the 5000 most common words
    53.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 33
    Total number of words is 4042
    Total number of unique words is 1830
    36.4 of words are in the 2000 most common words
    49.7 of words are in the 5000 most common words
    55.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 34
    Total number of words is 4275
    Total number of unique words is 1721
    36.7 of words are in the 2000 most common words
    50.1 of words are in the 5000 most common words
    56.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 35
    Total number of words is 4047
    Total number of unique words is 2016
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 36
    Total number of words is 1590
    Total number of unique words is 953
    41.2 of words are in the 2000 most common words
    52.2 of words are in the 5000 most common words
    57.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.