Latin

Жомокчулар Жана Жомоктор - 34

Total number of words is 4275
Total number of unique words is 1721
36.7 of words are in the 2000 most common words
50.1 of words are in the 5000 most common words
56.1 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
ушубу? Кашкулак деген макулук кантип мага күйөө бала боло алсын. Атасы ушунча
дүйнөнү тапканына караганда мында бир керемет болбосун» – деп ойлойт да, Кашкулак
күйөөсүн карайт, карап туруп шолоктоп ыйлайт.
Күн кеч кирип калган убак эле. Кыздын эки жеңеси боло турган, бири ынак жеңеси,
бири чунак жеңеси. Чунак дегенибиз ар нерсени көп билген ушакчы, ичи тар жеңе, ынак
жеңеси кызга жанкеч боло турган. Кыздын күйөөсү кашкулак болгондуктан,
жеңелеринен башка эч ким киргизилбеди жана үйгө жан адам жолотподу. Кан менен
каныша кыздан кабар албады, дүйнөнү көрүп, пайгамбар жолдон адашат болуп, көрүп
турган көздөрүнө ишенбей, мунар терек менен чынар теректин жанындагы алтын такта
экөө жанаша отуруп, май көл менен сүт көлдүн бирине бири секирип ойноп жаткан
балыктарды тиктеп, айран-таң. Күүгүм кирип, кыз-күйөөнүн өргөөсүнө чырак коёр маал
болду. Ынак жеңеси чырак коюп, кызга ар түрдүү кеп-кеңеш берип отурат. Он эки канат
ак өргөө эшигине каалга орнотулган алтындан. Кеч киргенде кыздын сулуулугундай
айдын шооласы пайда болду. Үй ичинде түн ортосу ооп калган кезде, кызды төшөк салып
жаткырып коюп, ынак жеңе ак өргөөнүн каалгасын тыштан кулптап, жөнөй берди, кыз
төшөккө жатып, кашкулак күйөөсүн карап отурат. Кашкулак кыздан жатууга уруксат
сурады. Кыз жийиркенген сыяктуу Кашкулакка карап:
– Ушул кебетең менен кантип менин койнума жатасың? – деп, тескери карап ыйлады.
Ошондо бала кашкулак кепти оңой эле чечип ийди. Үйдүн ичи жарык боло түштү. Айпери
сулуу кайрылып караса, адам баласы көрбөгөн бир сулуу жигит маңдайында турат.
Ошондо кыз эси эңгиреп, эстен танат. Баягы ынак жеңеси шордуу кыз деп, ыйлап бара
жаткан эле, кайрылып караса, үй жарык болуп турат. Аста басып келип караса, бир сулуу
жигит кыздын чачын сылап, күлүп турат.
Баланын сулуулугу үйдү жарык кылып турган экен. Жеңеси сүйүнгөн бойдон
күйөөсүнө айтат. Күйөөсү келип көрүп, атасы канга айтат. Кан-канышалар билгизбей
келип көрүшүп, аябай таң калып, сүйүнгөндөн ыйлап жиберишет: «Кызыбыздын багы
ачылган экен» – дешип, сүйүнүп жатып калышат.
Ал эми кыз менен бала көпкө сүйлөшүп отуруп, бири- бирине ыраазы экенин
билгизип, махабаттын кызыкчылыгына батышат да, уктап калышат. Саар менен кыз
ойгонсо, күйөөсү төшөктөн туруп, кашкулак кепти кийинип алыптыр. Ошондо кыз:
– Муну кийбей эле койчу? – деп суранат. Бирок бала макул болбойт:
– Жок, мен качан гана бүт сындан өткөндө таштайм, болбосо күн менден уялып,
жарык шооласын жоготот. Биз күнөөгө батабыз, жаным, ашыкпа, – дейт.
Экөө сүйлөшүп отурганда, ынак жеңеси келип, кыз-күйөөгө тамак берет. Кайта
кетеринде чунак жеңеси келип кызды:
– Кандай, күйөө жактыбы? – деп какшыктайт.
Кыз көзүнүн жашын төгүп ыйлайт. Чунак жеңеси кетип калат. Ошондо Айпери
сулуудан күйөө: – Эмне ыйлайсың? – деп сурайт.
– Ушул жеңемен корком, бул билбеген балаа жок, айлакер неме, ушунун залалы тиеби
дейм – дейт. Күйөөсү ойлонуп туруп:
– Эч нерсе эмес, мунун айлакерлиги көп болсо да алты жылдан ашпайт. Андан кийин
биз түбөлүк жашай беребиз, – дейт.
Кыз алты жыл дегенге көп түшүнө бербейт.
Алиги чунак жеңеси келип, күйөө-кызга ар түрдүү сөз сүйлөп отуруп, түн ортосу
болгондо:
– Мен кетейин, – деп, эшикке чыгып, каалганын тышынан кулптап, үйдөн алысыраак
барып кайта караса, үйдүн ичин жарык шоола каптап турат. Кайта келип караса, ай десе
аркы жок, күн десе көркү жок бир сулуу бала кыз менен кучакташып отурат. Көпкө отуруп
махабат кызыкчылыгына батып, уктап калышат. Алиги чунак жеңеси секин келип, күйөө
баланын кашкулак кебин коломтого өрттөп жиберет. Күйөө бала башын көтөрө калып,
куш болуп түндүктөн учуп кетет. Кыз күйөөсү учуп кеткенин көрүп, аябай ыйлайт. Чунак
жеңеси качып кетет.
Саар менен ынак жеңеси келсе, кыз ыйлап отурат. Кашкулак күйөө жок. – Оо, кыз,
күйөө кана? – деп, жеңеси сурайт. Чунак жеңеси коломтого салып өрттөгөнүн, күйөөсү
куш болуп түндүктөн учуп кеткенин айтат.
Кыздын агасы, кан-канышалар кыздын чунак жеңесин суракка алат. Ал эч сыр
айтпайт, ошондо кан кызына кылган кыянатчылыгы үчүн келинин – кыздын чунак
жеңесин кырк азоо байталдын куйругуна байлатып, сүйрөтүп өлтүрткөн экен. Баягы
кашкулак баласынан ажыраган кемпир-абышка боздоп ыйлап, башын ташка койгулап,
баласын көрөр бекенбиз дагы деп ыйлоодо.
Кан болсо, эмне кылаарын билбей, ойлонууда. Мунар терек менен чынар теректеги
тактын үстүндө канышасы экөө жакасын муунта кармап отурат. Кыз болсо ыйлай берип,
эси эңгиреп, эки күндө өңүнөн азды. Ошондо кандын кызы ата- энесинен кашкулак кеп
күйөөсүн издеп жөнөөгө уруксат сурайт экен.
Кан кызына күлазык камдап, темирден чокой, темирден таяк жасатып берип, кызын
алыскы сапарга узатат. Кыздын кашкулак кеп күйөөсү эгер менден ажырап калса, алты
жылга чейин көрбөй калышы мүмкүн, алты жыл издеп калса, мени таап калышың мүмкүн
деп, мурда экөө махабат кызыгына батып жатканда сүйлөшкөндө эскертип айткан
болучу.
Кандын кызы ата-энеси, тууган-туушкандары менен кош айтышып, жолго чыгат. Бир
нече күн, бир нече жыл жол жүрүп кете берет. Ак кар, көк муз басат. Ошентип, алыскы
жолду беш жыл басып, алтынчы жылга аяк басканда мелтиреген түз талаага туш келет.
Кыздын алдынан сакалы аппак, өңү-түсү аппак, узун бойлуу бир абышка жолугат.
Кыз чочуп кетет:
– Ата, жакшысызбы? – деп, салам айтыптыр. Абышка сөзгө келип:
– Ээ, кызым, эмне кылып ээн жер, эрме чөлдө өңүңдөн азып кыйналып, мынча не азап
түштү башыңа? – деп сурайт.
Кандын кызы башынан өткөргөнүн, акырында ошол кашкулак кеп күйөөсүн издеп
жүргөнүн айтат.
Жолоочу абышка ойлонуп туруп:
– Кызым, көп кыйынчылык тарткан экенсиң, мен сага жыкшылык кылайын, жакшы
угуп, түк эсиңден чыгарба, – дейт. – Ушул жол менен жүрүп отурсаң, бир зоонун түбүндөгү
боз алачык учурайт. Ал алачыкта бир желмогуз кемпир жашайт. Сени көрүп күтүп отурат
эшигинде. Ал кемпир: – Ээ кызым, өңүңдөн азып, мынча неге кыйналып, жол кезип
жүрөсүң, башыңа эмне кыйынчылык түштү, – деп сен барарың менен сурайт. Ага эч
сырыңды айтпа, сырыңды айтсаң, сени жеп коёт. Ошондуктан мен эл-жеримден адашып
жүргөн бир мусаапырмын, – деп, ыйлай бер. Мени кыз кылып ал дегин, ошондо үйүнө
киргизет. Киргизери менен үйдү үрпөңдөтүп катуу шамал болом. – Быягын карма,
тыягын карма, – дейт кемпир. Аягын карма десе аягын, тыягын карма десе тыягын карма.
Бирок таң атканча үйдү учурган катуу шамал боло берет. Экөөң тең алдан тайып,
шалдырап чарчай баштаган кезде, таңды атырам, ошондо чарчаган кемпир сенин алдыңа
башын коюп, кызым чачымды жул, – дейт. Сен чачын карап отура бер. Кемпирдин көзү
бозоруп, аппак болуп чыгат, ошондо кемпирдин уктаган мезгили ошол. Эгер кемпирдин
көзү кызарган болсо уктабаганы, агарганын байкасаң, тырышып кал деп, бүжүрөп жаткан
денесине сыйпалайсың деп, кыздын колуна бир кара кыл берет. Көзү агарган кезде,
ырымдап сүйкөп калсаң, ошол кыл кемпирди бүт тырыштырып, ордунан тургузбайт. Сен
дароо үйдөн качып чыгып, күн чыгышты карай жол жүрөсүң, ошентип, кемпирден
кутуласың, болбосо андан кутулуу кыйын, сени үйгө киргизери менен мен шамал болуп
учурбасам, жеп коёт. Эми, кызым, кош бол, дагы эсен кутулсаң, жолугушаарбыз – деп,
батасын берип, абышка көздөн кайым болот.
Кандын кызы ушунчалык айран-таң калды, кете берди. Бир кезде алды жагын караса,
укмуштай сонун түрдүү түстө бир кызарып, бир карарып, бир бозоруп кубулган сыяктуу
жылгансып турган зоого туш келет. Чын эле түбүн караса, бир боз алачык турган экен.
Үйдөн жети баштуу желмогуз чыга калып алдын тосуп:
– Ээ, кызым, алдан тайып, өңдөн азып, мынча не азап түштү башыңа? – дейт.
Кыз сырын айтпай:
– Ээ, энеке, элимден-жеримден адашкан бир мусаапыр кызмын, – деп ыйлайт.
– Кой, кызым, үйгө эрте кир, каның толсун, жаның толсун, – деп, кемпир эшик ачат,
үйдүн ичинде бир соку (минер аты), сокбилеги (камчыланар камчысы) гана бар. Башка эч
байлык, же өзүнөн башка жан жок экен. Кыз бир имерип карагыча эле шатырап шамал
боло баштады. Кемпир жан алакетке түштү. А кыз карма деген жерин кармай берди. Таң
атканча шамалдын катуулугунан үй менен кармашып чыккан кемпир, кыз чаалыгыпчарчаган кезде таң атты.
– Кызым, чачымды жул, – деп, желмогуз кемпир башын жерге койду.
Кыз кемпирдин чачын карап отурду. Бир убакта кемпирдин көзүн байкаса, көзү чын
эле бопбоз болуп агарып калат. Баягы абышка берген кара кылды ала коюп, бүрүшкөн
буту-колуна сүртөт. Тырышып калсын деп тилейт. Кыз эшикке качып чыгат. Кемпир
мындай дейт:
– Оо, оңбогон кыз, каныңды бир аз толтуруп туруп жейин дедим эле, тилегиме жетпей
калдым! – деп, бакырат, тырышкан неменин буту-колу жазылбай, ого бетер тырышып
кала берет.
Кыз күн чыгышты бет алып жөнөй берет. Күндөп-түндөп жүрүп, күндөн-күн, айдан ай
өткөн кезде, баягы узун бойлуу аппак сакал абышка экинчи жолу кезигет.
– Ээ, кызым, эсен-аман келе жатасыңбы? – дейт. Абалкан кандын Айпери сулуу:
– Ооба, ата, сиздин жардамыңыз тийип, өлбөй тирүү келе жатам, – деп ыйлайт.
– Ээ, кызым, көп жашык киши мурадына жетпей калат, андан көрө ыйлабай,
кайраттуу бол! Эми кызым, көп кечикпей мындан көп жол жүргөндөн кийин дагы бир түз
талаага туш болосуң, ошол түз талаанын орто ченинде такыядай болгон дөңсөө бар,
дөңсөөнүн нары жагына өтсөң, бир он эки канат ак өргөө тигилип турат. Ошол үй сенин
күйөөңдүн жашап турган турагы. Баягы экөөңөр кыз-күйөө болуп жүргөндө тигилген
өргөө. Жигит да сени унутпай жүргөн кези. Алты жылда жолукмак экенсиңер, ага аз
убакыт калды. Ал жигиттин кабары мындай: перинин кызынан туулган бала. Толгоо
тартып жүргөн убагында адамзааданы көрөм деп, пери кызы жер кыдырып учуп
жүргөндө, Абалкан кандын короосун көрөт, ошол жерде сен жаңыдан төрөлгөн элең.
Ошондо перинин кызы да хан атаңдын кан сарайындагы мунарага чыгып төрөп, эркек
төрөйт. Бир сени, бир уулун карап, экөөңдүн тең окшош жана сулуу болгонуңарды карап
отуруп, перинин кызы ушул экөөңөрдүн өмүрүңөр бирге болуп, жашоого турмуш менен
алышып жүрүп баш кошот экенсиңер.
Менин уулум адамзаада Айпериге баш кошот экен. Ошондуктан атын Актилек, – деп
коёт. Кашкулак кеп жамынган баланын аты – Актилек. Сенин сүйгөн жигитиң ошол он
эки канат ак өргөөдө жашайт. Сен түз эле барсаң, аны кармай албайсың, жашынып бар. Он
эки канат ак өргөөгө кирсең, сол капшытта алтындан туур көрүнөт, ошол туурдун алдына
өзүңдүн боюң менен тең ор каз да, үстүн чөп-чар менен бекитип, ичине кирип жата
бересиң, сен барган кезде Актилек башка жакка учуп кеткен болот, – деп кыздын колуна
жибектен тор берет. – Качан сен орду казып бүткөндөн кийин, үстүн эптеп чөп-чар менен
бекитип жата бер, куш болуп учуп жүргөн күйөөң келип конот. Же болбосо адамзааданын
жыты жыттанат деп, үйдү айланып уча берип, акыры адамзаада кайдан келмек эле деп,
учуп келип туурга конот. Конуп алып өзүнчө сүйлөйт. Уктадым, уктадым, – деп, сүйлөп
калат. Көзү ачык турат, бирок уктадым дегени уктабай турган учуру болот. Андан кийин
уктаганым жок, уктаганым жок дей берет, ошол уктаган кези. Сен торду башынан алыс
ыргыт. Ошондо жигит торго түшөт, тор-мор менен сени көтөрүп асманга алып учуп
чыгат, сен коркпо, тордун учун белиңе байлап ал, кошо уча бересиң. Көзүңдү бекем жуумп
аласың, качан гана күйөөң сени көзүңдү ач деп үч айтпаса, эч ачпа, ошондо үч ак көгүчкөн
кошо жандай учуп келип, биринчи көгүчкөн мындай дейт:
– Ээ, шордуу, чачы узун, акылы кыска жан, көзүңдү ач, өлөсүң, ушундай жигиттин
артынан кошо учуп, сен куш боло албайсың, ач көзүңдү, – деп кобурайт, сен да көзүңдү
ачпа. Ошондо экинчи көгүчкөн мындай дейт: – Койгула, кыздар, чачы узун, акылы кыска –
деп кандын кызы Айперини айтпагыла, кантсе да шордуу перинин уулу Актилекти сүйүп
калса кантсин, экөө тең бир күнү жерге түшкөн тура, бирге төрөлүптүр, – дейт. Үчүнчү
кыз айтат экен, бир күнү төрөлгөнү мындай турсун, экөөнүн окшоштугун айтсаңар, экөө
тең сулуу, жүзүнөн жарык шоола чачылат. Бул кыз төрөлгөндө, баланын энеси келип
ушул кыздын кан сарайындагы мунаранын башына Актилекти төрөп, перинин кызы
кандын кызынын бетине түкүрүп кеткен. Экөө окшош болгону ошо дешет. Биринчи кыз
анда кызды өлүмдөн сакташ керек, болбосо кыз куш конгондо жерге катуу тийип өлөт.
Ошондуктан үчөөбүз тең Айперинин көкүрөгүнөн жөлөп, аягынан көтөрүп, куш коноордо
жардам кылалы дешет. Үч кыз макул болуп, кызды үч жерден көтөрүп уча баштайт да,
кушка карап (үчөө тең пери кыздар, ак көгүчкөн) ушунча жерден сени сүйүп, убара
тартып, кыйналып жүрсө, сен эркекмин деп коркойбо, секин жерге түш, ыңгайлуу жерге
кон деп, үч ак көгүчкөн кушка айткан экен. Ошондо перинин уулу Актилек пери
кыздардан уялып, эсен-аман түшүрөт. Көзүңдү ач! – дейт үч жолу, ошондо баягы
кашкулак күйөөң кашкулак кеби жок эле, кадимки адам сыяктуу жаныңа пайда болот
деген экен. Бирок өзүңө өзүң сак бол, менин айтканымдын бир эле жеринен жаңылсаң,
куш колго түшпөйт, менин сөзүмдү көкүрөгүңө бекем түй дагы жолугушууга чейин, кош
кызым – деп, көздөн кайым болот. Ошентип, Абалкан кандын кызы Айпери күндүртүндүр жол жүрүп кете берет, күндөрдүн биринде баягы аксакал айткан такыядай дөбөгө
туш келет. Дөбөнү айланып келсе, кадимки кыз-күйөө болуп, кашкулак кеп менен бирге
отурган ак өргөөгө туш келет. Ичине кирсе, чын эле сол капшытта алтындан орнотулган
туур турат. Кыз туурдун алдына түшүп, үстүн эптеп чөп-чар менен жаап алып, жата берет.
Бир убакта байкаса, шуулдаган бир нерсе учуп келип, үйдү айлана берип:
– Ээй, адамзааданын жыты жыттанат, – деп, туурга конбой, уча берет. Эки, үч күндөн
кийин: «Адамзаада кайдан келмек эле» – деп, туурга келип конот, түн ичинде куш конору
менен үйдүн ичи жарык болуп калат. Бир оокумдан кийин, уктадым- уктадым деп, өзүнчө
кобурайт. Андан кийин кайта эле: Уктаганым жок, уктаганым жок, – деп калат. Ошондо
кыз торду куштун башына ыргытат. Куш торго түшөт да, чочуп кетип, он эки канат ак
өргөөнүн түндүгүнөн уча качат. Кызды көтөрүп учуп, көп күн жүрөт. Бир кезде үч
көгүчкөн шакылыктап күлүп, жандан учуп, кушка жана кандын кызына сүйлөй баштайт.
Биринчи кыз: – Чачың узун, акылың кыска шоордуу кыз, перинин уулу сага теңби,
көзүңдү ач! – дейт, кыз катуу жумган көзүн ачпайт.
Анда экинчи кыз: – Койчу, шоордуу деп кемсинтпе, кандын кызы Айперини – дейт.
Үчүнчү кыз: – Булардын сүйүшүп калганына мындай себеп болгон: перинин кызы
толгоо тартып, төрөй турган убагында, ушул Абалкан кандын сарайындагы мунарага
келип, уулдуу болгон. Адам пендесин көрөм деп учуп жүрүп, ушул кан сепилинде Актилек
тилеп жүрүп, Актилекти төрөгөн – дейт.
Ошондо биринчи кыз: – Андай болсо үч тарабынан көтөрүп кошо учалы, кушту
кондуралы, – деп сүйлөшөт.
Бардыгы абышканын атканындай болот. Перинин кыздарынын сөзүн угуп, перинин
уулу Актилек уялып жерге түшөт да, кандын кызына:
– Көзүңдү ач! – дейт, үчүнчү жолу кыз көзүн ачса, баягы өзүнүн сүйгөн жигити күлүп,
маңдайында турат. Көгүчкөндөрдү караса, аппак үчөө үч жерде жатат, аппак
көгүчкөндөрдүн мойну, канаттары көгөргөн. Ошондон кийин көгүчкөндөр көгөрүп
калган экен.
Көгүчкөндөр кош айтышып, учуп кетишет, кыз менен бала бирин бири кучакташып,
жытташып калган экен. Он эки канат ак өргөөгө экөө кирип, көпкө жашап турушат.
Чексиз азап тартып жүрүп кошулган эки жар биринен бири ажырабай көпкө ак өргөөнүн
эшиги ачылып, баягы узун бойлуу аппак сакал адам кыз менен жигиттин үстүнө кирип
келип, мындай дейт:
– Кызым, ата-энең сенин кеткениңе алты жыл болду деп, жол карап зарлап, бир
көрсөк арманыбыз жок эле жалгыз кызды, – деп, ыйлап отурат. Ата менен эне – адам
баласынын айы менен күнү, аларды унутпа, кызым, башка кеп айтаарым жок сага. Ал эми
Актилек балам, сенин энең пери кызы ушул адамзаада Айпериге кошулду. Бирге төрөлгөн
курбулар эле, кийин чоңойгонуңда кыздын ак сарайына күндө учуп барып жүрүп, кызды
каттуу сүйүп калган. Эми тилегине жеткен окшойт, келбей калды. Мен он эки ай көтөрүп
чоңойтконума ыраазымын, адамзаада Айпери менен чексиз сүйүшкөндөр бирге жашай
беришсин, менин уулумдан төрөлгөн балдар ушул экөөңдөй болуп сүйүүсүнө жолтоо
болбой, эркин жашасын, – деп ыраазы болуп отурат. Кана эми, кандай кыласыңар? – дейт.
Актилек менен Айпери тура калып жүгүнүшүп, урмат көрсөтүп: – Бизди ошол кан
сарайына тез жетүүгө жардам бериңиз, – дешет. Баягы аксакал адам мындай дейт:
– Силер он эки канат ак өргөөдөн чыгып, бир күн жөө жүргүлө, ошол жерде алтын
булак кезигет. Суудан ичип, бетиңер менен колуңарды жууп, суусу кургаган кезде экөөң
тең бир деп кадам шилтесең бир жылдык, эки деп аттасаңар эки жылдык, үч деп бассаңар
үч жылдык, төрт деп бассаңар, төрт жылдык, беш деп аттасаңар беш жылдык, алты деп
аттасаңар алты жылдык жол басасыңар. Ошентип, кызым келген алты жылдык жолду
алты аттоо менен өткөрөсүңөр да, кан шаарына жетесиңер. Алты аттоо менен алты
жылдык азап мээнетиңер сап болот. Бирок мээнетсиз жашоо ырахатсыз, алты сапар басуу
менен алты жылдык жол сап болот… Мээнитсиз ырахат жок. Актилек сен адам пендеге
кошулуп, сүйгөнүңө жеттиң. Бирок адамдык сапат бирөөнүн акысын жебөө, өз
адамгерчилигин бирөөгө сатпоо, туура жолдо туура жүрүү, жаман-жакшыны таразалап
билүү, бирөөгө чоңсунбоо, булар адамгерчиликтин чоң милдети, пери менен адам
пендесинин ыйык милдетине доо кетирбей, түбөлүккө ынтымактуу жашап өткүлө,
балдарым, оомийин! – деп, бата берип, көздөн кайым болот.
Чексиз сүйүшкөн эки жар бири – пери, бири – адам пенделер кол кармашып, бир күн
жол жүрүшөт. Баягы алтын булакка келип, түнөп калышат. Эртеси эрте туруп, бети-колду
таза жууп, суудан ичип, бети-колунун суусу кургагандан кийин алты жолу атташат,
ошондо чын эле алты жылдык жол сап болуп, кандын шаарына жетип калышат. Шаарга
кирери менен, шаар эли кандын кызын таанышып, канга сүйүнчү айтышат. Кан сүйүнүп,
ак сарайынан чыга калса, баягы мунар терек, чынар терек май көл, сүт көл калыбына
келип калат. Кан менен каныша чексиз сүйүнүшүп, кыз күйөөсүн урмат- сый менен тосуп
алышат. Ошентип, хан дүйүм элди чогултуп, кырк күн оюн, кырк күн тоюн берип, күйөө
баласы перинин уулу Актилекке кандыгын берет. Актилек баягы карып болгон атаэнесин алып келип, алтындан ак сарай салдырып, жыргап- куунап жатып калышат. Кийин
бала менен кыздын башынан өткөн тарыхын китеп кылып, казынага салдырган экен.
Ошентип, чексиз сүйүшкөндөр пери менен адам баласы адилеттик менен эл башкарып,
казынанын оозун ачып, кедей- кембагалдарга бөлдүрүп берип, байы жок, кедейи жок,
теңдик заман куруп, ушул күнгө чейин жашап калышкан экен.
КАРЫШКЫР ЖЕГЕН АДАМ
Илгери-илгери бир замандын заманында Омор деген катуу каардуу, оңой менен
адамдын сөзүнө ишенбеген текебер хан болот. Омор хандан атасы Жамаке хан жети
катын алып, эч кимиси төрөбөйт. Кан жети катындын жетөөнү тең:
– Силер төрөбөйсүнөр – деп, коё берет.
Андан кийин бир күнү Жамаке хан: – Мага ким эркек төрөп берсе, мен ошо кызга
үйлөнөм, – деген жарлыкты жөнөтөт.
Ошондо бир кембагалдын кызы, атасына:
– Ата, сиз ханга барып, менин кызым эркек төрөйт, бирок кем акыл жаралат. Ошого
көнсөңүз, сизге берейин деп айтыңыз, – дейт.
– Болуптур, эмне болсо да, мен куубаш хан атка конбой, уулдуу болсом – деп, кан
макул болот. Чалга карап хан мындай дейт: – Кыздын акысына эмне аласың? – дейт.
– Бир баштык алтын – деп, кол башындай кичине баштык көрсөтөт. Кан обозгерин
чакырып, абышкага казынадан алтын салдырат. Кандын казынасында алтын-күмүштү
бүт салдырса да толбой калат.
Кан айран калып, жети баштуу желмогуз кемпирди чакырып:
– Бул эмне деген баштык, эч толтура албадык, – деген экен.
Ошондо мастан кемпир:
– Бул баштык адамдын көз майынан алып жасалыптыр, муну толтуруш оңой, ханым, –
деп, жерден эки ууч топуракты баштыкка салары менен, баштык толуп калат. «Көзүң
топуракка гана тоёт, башка эч нерсеге тойбойт» деген макал ошондон калган экен.
Ошентип, Жамаке хан кедей чалдын жалгыз кызы Жамыйланы аялдыкка алат.
Күндөн күн өтүп, айдан ай, жылдан жыл өтүп, хандын канышасы Жамыйланын боюнда
болот. Көп узабай ай күнү жетип, кандын канышасы эркек төрөйт. Жамаке кандын
баласынын атын Мурад болсун деп Мурадша коёт.
Мурад үч жашка жетип-жетпей апасы Жамыйла дүйнөдөн кайтат. Бир жылдан кийин
Жамаке хан дагы бир обозгердин кызына үйлөнөт. Обозгердин кызы Жамалды Жамаке
хан катындыкка алат. Жамал каныша күндөн күн, айдан ай өтүп, жыл айланганда бир
эркек төрөп, атын Омор коёт. Жамал каныша менен уулу көп жылдар бирге жашап, Омор
айтканынан кайтпаган каардуу жигит болуп өсөт. Ал эми мурунку аялдан төрөлгөн
Мурадша өз энеси болбосо да, бирөөнүн колунда момун, жоош болуп чоңоёт.
Атасы Жамаке хан Мурадшага барып, тартип-тарбия бере албады. Азыркы каныша
Жамал да ага жибермек эмес. Кийинчерээк Омор хан он беш-он алтыга чыккан убагында
апасы Жамал Жамаке ханга айтып:
– Өз көзүң менен өз ордуңду уулуңа бер, кандыкты хандай өткөрөр экен, көрүп тур, –
дейт. Элин чогултуп Жамаке хан:
– Омор уулума хандыгымды берем, – дейт.
Эл макул болуп, Омор хан болот. Күндөн күнгө каары күчөп, атасына баш ийбей, же
кандык таажысын бербей коёт. Ошентип Омор хан жыйырма жыл кандык дооран сүрөт.
Атасы Жамаке менен апасы Жамал дүйнөдөн кайтышат. Ошентип, Омор хан эми өзүн өзү
билип, өтүгүн төргө илип дегендей, өзү
– хан, өзү – бек болуп жашай берет. Омор хандын аталаш тууганы Мурадша элүү жаш
курагында Омор ханга келип:
– Мен да Жамаке хандын биринчи баласы элем, жашымда апам Жамыйла өлүп,
бактым байланып, бирөөнүн колунда өстүм. Мен элүү жашка чыкканда: «Менин атам
ким?» – деп баккан энемден сурасам, – сен Жамаке хандын баласы элең, энең өлгөндөн
кийин сени Жамаке карабай койгон деген сөздү уктум, мен да аталаш тууганыңмын, мага
да кызмат бериңиз, көп жылдар адашып жүрүп, өз шаарыма эми келдим, – дейт.
Ошондо Омор хан ойлонуп туруп, аталаштан түбүнөн коркуп:
– Сен жалкоосуң, иштебейсиң, ошону үчүн сени Жамаке хан карабай койгон, – деп,
тоого айдатып жиберет.
Мурадша колунан эчтеме келбей, ыйлап-сыктап, арман айтып: «Атадан алтоо болгуча,
энелештен экөө болсомчу» – деп, тоодо жашап жүрө берет. Ошентип, алтымыш курагына
чейин кемпири төрөбөй, же башка катын ала албай, картаят. Алтымыштан өткөндө
кемпиринин боюна бала бүтүп, ай күнү жеткен убагы болот.
Омор хан кийинчерээк ойлонуп: «Эмне болсо да тууган эмеспи» – деп, Мурадшага
жылда бир келчү болгон.
Ошентип, Мурадшанын байбичеси эркек уул төрөп, Мурадша жалынып, этегине салып
отурса, эшиктен бир адам салам айтып кирип келип, баланы көрүп, оозун күбүрөтүп,
баланын жүзүнө карайт. Бирок ал кечикпей эле ыйлай баштайт. Ошондо үй ээси:
– Баланын атасы болуп сүйүнүп отурсам, сен жолоочум эмнеге ыйлайсың? – деген
экен.
– Бул бала кордук көрбөй чоңоёт экен. Он сегиз жашка толгондо үйлөнөт, ошол
үйлөнгөн түнү түн жарымында баланы карышкыр жеп кетет экен, – дейт.
Мурадша эмне дээрин билбей, ал да жолоочуга кошулуп ыйлап отурса, эшик дүр дей
түшүп, көп аттуу адамдар менен кошо Омор хан келип калат. Хан үйгө кирип:
– Эмне ыйлап жатасыңар? – дейт.
Эч ким унчукпайт. Ошондо жолоочу болгон адам:
– Бул баланы он сегиз жашка чыгып, аял алган түнү, жарым түндө карышкыр жейт
экен, таксыр, ошого ыйлап отурабыз, – дейт.
– Аны сага ким айтып берди, кайдан көрдүң, карыганда тапкан баласын кайта өлтүрүп
ыйлайсыңар. Бул эмне жорук? – деп, кекетет.
Ошондо баягы жолоочу киши:
– Маңдайында жазылып турат, ошондон окудум, – дейт. Ошондо хан чочуп кетип,
баягы жолоочу адамга:
– Сени эч жакка кетирбеймин, силердин баарыңарды хан сарайына алып барып,
акысыз казына эсебинен багам. Качан бала он сегизге чыкканда, аял алып беребиз,
ошондо аял алган күнү карышкыр жесе, анда силер өмүр бою хан сарайында болосуңар.
Эгер бала өлбөй калса, калпыңар чыгат. Силерди ошол саатта башыңарды алдырамын,
ушуга макулсуңарбы? – деп хан сурайт.
Ошондо баягы жолоочу киши:
– Мен калп болуп чыксам, анда кандай жаза берсеңер да, мен макулмун, – дейт.
Ошондо Омор хан кан сарайына баланы ата-энеси менен жана баягы жолоочу кишини
хан карайына алып келип, казына эсебинен бактыра баштайт.
Омор хан да балалуу болгон эмес экен. Бала чоңоюп, беш- алтыга чыкканда, баланы
чакырып карап отуруп, баланын сулуулугуна жана акылдуулугуна хан аябай суктанат.
Ойлонуп отуруп, обозгерлер менен баланы сакташ жолун кеңешип отуруп хан мындай
дейт:
– Силер, бардык темир усталарды чакыргыла. Алар жети катар үй жасашсын,
темирден ар бир кананын ортосуна жети катар солдат тургудай болсун, бардык үйдүн
оозу бирдей ачылып жана бирдей жабылып турсун, – деген буйрук берет.
– Ал үйдүн формасы тегерек боз үй сыяктуу үйдүн сыртына үй курулсун, ар бир
капасына жети катар кароол карап тургандай болсун деген экен. Ошентип, үйдүн
сыртынан үй тигип отуруп, жети катар темир үй курулуп бүтөт. Ар бир капасынын
ортосунда тегерете жети катар кароол коёт. Ошол убакта бала да он сегиз куракка жетип,
келишкен, адамды таң калтыра турган сулуу бала болуп чоңоёт. Омор хан биринчи
обозгерин чакырып алып, он сегизге чыккан кыз Акмаралды балага алып бермек
болушат. Акмарал да баланы жөн бала эмес, хан тукуму экенин угат да, балага аял болууга
макулдугун берет. Ошентип, кечке оюн, ыр-тамаша менен той башталып, кеч кирген
убакта Омор хан жети катар темир үйдүн эң биринчи ички бөлмөсүнө жууркан-төшөк
менен баланы жана кызды киргизип, бардык бурчту текшерип, кан өз колу менен
каалганы кулптап, ар бир канада турган жети катар кароолго буйрукту берип, мындай
дейт:
– Силер, ар бир канада кайтарып турганда, чымын учуп, эч нерсе кирбесин, жандуу
эмес, жансыз топурак түшсө да, бутуңар менен тепсеп, эч жерде кыймыл болбосун. Саат
12ден 12 мүнөт өткөндө өзүм келип ачып, келин менен баланы алып чыгабыз, – деп кызжигитти саат жетилер чамасында киргизип, эч кимди кетирбей камап коёт. Ачкычты
Омор хан өзү колуна алып, сырткы каалганын биринчи оозуна отуруп алат экен. Кыз
менен бала өткөн күнүн, экөөнүн бири-биринин сүйүүсү аткарылып, махабаттын
кызыгына батып, бири-бирине ыраазы экенин билдиришип, уктап калышат. Бир маалда
кыз көзүн ачып баланы караса, бала кебелбей уктап жатат. Кыз башын көтөрүп, үйдүн
ичин караса эч нерсе жок, кадимкидей каухар таштардын жардамы менен үйдүн ичи
жарык болуп турат. Кыз баланы карап суктанып карап турса, башы шылк дей түшөт, кыз
өзүн караса, килейген канчык карышкыр болуп калган, бала болсо килейген ысар кой
болуп жанында жатат. Карышкыр койду көрөрү менен суктугу кирип, ысар койду
жулмалап жеп кирет. Качан баланын этин бүт жеп, шалдыраган сөөгү калганда
карышкыр соолуга тиктеп калат, бир маалда башы өзүнөн өзү шылк дей түшөт. Кыз
көзүн ачып караса, өз калыбына келип, кыз болуп калган. Бала болсо, шалдыраган сөөк
болуп калат. Кыз башы-көзүн койгулап ыйлап жатканда, саат туптуура 12ден 12 мүнөт
болгон. Омор хан өз колу менен ачкычты ачып кирип келсе, кыз ыйлап жатат. Бала болсо,
небак өлгөн, сөөгү шалдырап, төшөктүн үстүндө жатат. Кан эси чыгып, обозгерлерин
чакырып өлүк баланы көрсөтөт. Кызды кандын ак сарайына отургузуп алып, такта
отурган кан кыздан эмне болгонун толук айтып берүүсүн өтүнөт. Ошондо ыйлап отурган
кыз мындай дейт экен:
– Бизди киргизип, сиздер чыгып кеттиңиздер. Ошондо жигит экөөбүз ойноп-күлүп,
махабаттын кызыкчылыгына батып, бири-бирибизге сүйүүбүздү берип,
ыраазычылыгыбызды билдирип отуруп, кандай уктап кеткенди билбей калыппыз. Бир
кезде ойгонуп кетсем, күйөөм жанымда жатат. Сулуулугуна суктанып карап отурсам, бир
кезде башым шылк дей түштү, өзүмдү карасам килейген канчык карышкыр болуп
калыпмын. Жигитти карасам, килейген жайдары ысар кой болуп жанымда жатат.
Карышкыр болгон кыялым бузулуп, ысар койду бир паста үзүп-тытып жей баштадым.
Карасам, койдун эти бүт желип бүтүп, шалдыраган гана сөөгү калган экен, ошондо башым
адаттан тышкары шылк дей түштү, өз акылым өзүмдө. Күйөөмдү карасам шалдыраган
сөөгү калган. Карап отуруп түшүмбү десем – чын экен, жигитимдин шалдыраган сөөгүнөн
башка эч нерсе жок, өлүп калыптыр. Таксыр, ханым, менин боюмда да болуп калган
окшойт, – деп ыйлайт.
Омор хан ойлонуп отуруп, баягы баланын ата-энесин жана баягы жолоочу жигитти
кошуп, кан сарайынан кандын отурган жерине алып келип, баланы чын эле карышкыр
жеп кетиптир, – деп угузат. Жамаке кандын биринчи уулу Мурадша кемпири экөө тең
ыйлап кала беришет. Омор хан ошондо баягы адамдан:
– Сен мунун өлөөрүн кантип билдиң? – деп сурайт.
– Таксыр, каным, жаш баланын бешенесиндеги жазуу ошондой жазылган экен,
ошондон билдим, – дептир.
Ошондуктан эл оозунда: «Бешенеге жазылса ошону көрүп, ошол жазылган ырыскы
түгөнгөндө өлөт, бешенеге жазылганды көрдүк» – деп айтылып калганы ошол себептүү.
Омор хан ойлонуп отуруп бул жөнөкөй адам эмес экен деп, ичинен тообосунан жанып,
жолоочуга жана мындай собол берет экен:
– Сен, адам пендеси, өзүңдүн өлөөрүңдү билесиңби? Ошондо жолоочу адам:
– Мен дагы көпкө жашаймын, бул жарыкчылык заманда, мындан да кызык окуяларды
түшүнүп, качан гана адилеттүү заман курулганда, ааламда тынчтык заман болуп, залим
кан ичкичтер жоголгондо, экинчи дагы сизге бир кезде жолугуп, мүдөөм бүткөндө гана
ааламдан жоголом, – деген экен.
Мурадша өлгөн уулуна кайгырып, сөөгүнө күмбөз салдырып көөмп, келинин үйүнө
алып келип, тиричилигин өткөрө беришет. Акмаралдын чын эле боюнда бар экен, айдан
ай өтүп, жылга айланарда эркек бала төрөйт экен. Баланын атын Болотбек деп коюшат.
Болотбек чоңоюп, жети-сегиз курагына келгенде Акмарал сулуу Болотбекти медресеге
берип, беш жыл окутат. Болотбек аябаган көз талыткан сулуу, эстүү жигит болуп өсөт.
Ошондо баягы адам келип балага акыл айтып:
– Сен эми адилеттүү кан болосуң, – деп айтып, өзү Омор хандын багына баланы
ээрчитип кирип, ханга салам айтат. Омор хан чочуп кетип, обозгерлери менен тактан тура
калат. Ошондо баягы адам Омор ханга:
– Сиздин ордуңузга ушул Мурадшанын небереси хан болот, өз ыктыярың менен
бергин, – дейт.
Ошондо хан:
– Мунун башын алгыла! – деп, желдет чакырат. Желдет кирери менен баягы адам кол
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Жомокчулар Жана Жомоктор - 35
  • Parts
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 01
    Total number of words is 4062
    Total number of unique words is 1893
    34.1 of words are in the 2000 most common words
    46.8 of words are in the 5000 most common words
    52.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 02
    Total number of words is 4214
    Total number of unique words is 2104
    32.9 of words are in the 2000 most common words
    44.6 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 03
    Total number of words is 4152
    Total number of unique words is 2045
    34.6 of words are in the 2000 most common words
    47.4 of words are in the 5000 most common words
    54.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 04
    Total number of words is 4150
    Total number of unique words is 2066
    32.5 of words are in the 2000 most common words
    45.7 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 05
    Total number of words is 4129
    Total number of unique words is 1861
    36.1 of words are in the 2000 most common words
    48.6 of words are in the 5000 most common words
    54.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 06
    Total number of words is 4073
    Total number of unique words is 1772
    37.9 of words are in the 2000 most common words
    50.9 of words are in the 5000 most common words
    56.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 07
    Total number of words is 4031
    Total number of unique words is 2005
    35.4 of words are in the 2000 most common words
    47.5 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 08
    Total number of words is 4000
    Total number of unique words is 1967
    34.2 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    55.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 09
    Total number of words is 4090
    Total number of unique words is 2041
    34.4 of words are in the 2000 most common words
    48.3 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 10
    Total number of words is 4090
    Total number of unique words is 1755
    36.3 of words are in the 2000 most common words
    49.5 of words are in the 5000 most common words
    55.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 11
    Total number of words is 4202
    Total number of unique words is 1835
    37.9 of words are in the 2000 most common words
    50.3 of words are in the 5000 most common words
    56.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 12
    Total number of words is 4059
    Total number of unique words is 1853
    34.9 of words are in the 2000 most common words
    47.5 of words are in the 5000 most common words
    53.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 13
    Total number of words is 4023
    Total number of unique words is 1816
    36.1 of words are in the 2000 most common words
    49.0 of words are in the 5000 most common words
    55.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 14
    Total number of words is 4128
    Total number of unique words is 1794
    35.4 of words are in the 2000 most common words
    48.5 of words are in the 5000 most common words
    55.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 15
    Total number of words is 4128
    Total number of unique words is 1880
    33.4 of words are in the 2000 most common words
    47.5 of words are in the 5000 most common words
    54.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 16
    Total number of words is 3951
    Total number of unique words is 1518
    36.3 of words are in the 2000 most common words
    49.6 of words are in the 5000 most common words
    57.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 17
    Total number of words is 3907
    Total number of unique words is 1675
    37.0 of words are in the 2000 most common words
    49.9 of words are in the 5000 most common words
    56.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 18
    Total number of words is 4005
    Total number of unique words is 1671
    37.2 of words are in the 2000 most common words
    51.2 of words are in the 5000 most common words
    57.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 19
    Total number of words is 4054
    Total number of unique words is 2029
    33.6 of words are in the 2000 most common words
    46.8 of words are in the 5000 most common words
    53.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 20
    Total number of words is 4155
    Total number of unique words is 1829
    34.3 of words are in the 2000 most common words
    47.3 of words are in the 5000 most common words
    52.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 21
    Total number of words is 4145
    Total number of unique words is 1916
    33.5 of words are in the 2000 most common words
    46.1 of words are in the 5000 most common words
    53.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 22
    Total number of words is 4175
    Total number of unique words is 1923
    35.3 of words are in the 2000 most common words
    48.7 of words are in the 5000 most common words
    54.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 23
    Total number of words is 3979
    Total number of unique words is 1623
    36.1 of words are in the 2000 most common words
    48.7 of words are in the 5000 most common words
    54.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 24
    Total number of words is 4111
    Total number of unique words is 1658
    36.5 of words are in the 2000 most common words
    49.2 of words are in the 5000 most common words
    54.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 25
    Total number of words is 4082
    Total number of unique words is 1920
    33.7 of words are in the 2000 most common words
    46.1 of words are in the 5000 most common words
    53.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 26
    Total number of words is 3970
    Total number of unique words is 1798
    32.3 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 27
    Total number of words is 4049
    Total number of unique words is 1925
    35.2 of words are in the 2000 most common words
    48.5 of words are in the 5000 most common words
    54.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 28
    Total number of words is 4196
    Total number of unique words is 1935
    34.7 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 29
    Total number of words is 4079
    Total number of unique words is 2069
    33.0 of words are in the 2000 most common words
    44.8 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 30
    Total number of words is 4175
    Total number of unique words is 2074
    33.1 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    52.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 31
    Total number of words is 4117
    Total number of unique words is 2049
    32.9 of words are in the 2000 most common words
    46.1 of words are in the 5000 most common words
    52.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 32
    Total number of words is 4160
    Total number of unique words is 2020
    33.9 of words are in the 2000 most common words
    46.5 of words are in the 5000 most common words
    53.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 33
    Total number of words is 4042
    Total number of unique words is 1830
    36.4 of words are in the 2000 most common words
    49.7 of words are in the 5000 most common words
    55.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 34
    Total number of words is 4275
    Total number of unique words is 1721
    36.7 of words are in the 2000 most common words
    50.1 of words are in the 5000 most common words
    56.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 35
    Total number of words is 4047
    Total number of unique words is 2016
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 36
    Total number of words is 1590
    Total number of unique words is 953
    41.2 of words are in the 2000 most common words
    52.2 of words are in the 5000 most common words
    57.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.