Latin

Жомокчулар Жана Жомоктор - 02

Total number of words is 4214
Total number of unique words is 2104
32.9 of words are in the 2000 most common words
44.6 of words are in the 5000 most common words
50.0 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Чегиш эки кесени эки жигитке бекем карматып, үйүн карай шашып кайтып келе
жатты…
Көздүн ачылышы
Чегиш аттан түшүп, жигиттерин ээрчитип, салам айтып ата-энесине аман-эсен
келгендигин билдирди да, сөзгө келбестен, жигиттеринин колундагы көздү алып, атасы
менен энесине жезкемпир айткандай кылып салып берди…
Каңдыларга кандын баласы ата-энесине көз салган имиш деген кабар тез эле тарады.
Бардыгы кан менен канышанын жаңы көзүн көрүүгө келип жатышты. Бул адамбы,
олуябы, же болбосо көз боочубу деген үндөр жаңырып турду.
Эл күткөн үч күн бүтүп, Жоодар кан ордосуна келди. Эми келип, бардыгы сүйүнүп:
– Чын эле баштагыдай болуп калыптыр, – дешип таң калышты.
Жоодар канга келип-кеткендер бир айга созулду. Эли
Чегишке чексиз ыракмат айтышты.
МУРАТААЛЫ КҮРӨҢКӨЕВ
Залкар комузчу, кыякчы, чоорчу жана жомокчу Муратаалы 1860-жылы Ысыккөлдүн
күңгөйүндөгү Талдыбулак айылында төрөлгөн.
Ата-бабасы сурнай, чоор тартып, комуз, домбура чертип, кыяк тарткан мыкты
өнөрпоз адамдар болгон.
1928–1930-жылдары кыргыз театрында иштеген.
1936-жылы кыргыз филармониясында эл аспаптар оркестринде кыяк тарткан.
Музыкалык сабаттуулукка үйрөнгөн.
Ал жүзгө жакын элдик күүнү билген.
1939-жылы кыргыз искусствосунун Москвада өткөн декадасына катышкан.
Муратаалы терме, насыят ырларды ырдап, «Кыз Дарыйка»,
«Алпамыш баатыр» дастандарды, «Залзал», «Зоркуш» өңдүү жомокторду айткан.
Кыргыз ССРинин Эл артисти (1939), Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери менен
сыйланган.
Муратаалы 1916-жылы Үркүндө аябай жүдөп калган кезде, көл аймагынан чыккан
атактуу бийлердин бири Сагалы Алматай уулу өз колуна алып, кем-карчына каралашып,
көч баштатып, кыягын тарттырып жүрчү экен.
Кылкыягын кыяда ат баса жыгылып, сынып калганда, комузчу, уста
Чалагыз Иманкул уулу каңдап бериптир.
Муратаалы кызы Акылай 1939-жылы уул төрөйт. Атын Толтой коюшат. Күйөөсү
Улуу Ата Мекендик согушта 1941-жылы курман болгондон кийин, Акылай уулу Толтойду
алып төркүнүнө келет. Бала таятасы Муратаалынын тарбиясында чоңоёт.
Муратаалы Күрөңкөев атындагы музыкалык окуу жайында кыякчы Саид
Бекмуратовдун классында кыяк тартканды үйрөнөт. Пенсияга чыкканга чейин чоң
таятасынын кыягын колунан түшүрбөй тартып жүрөт.
Толтой Мураталиев 2007-жылы жол кырсыгынан каза болду.
МУҢДУК-ЗАРЛЫК
Илгери-илгери бир өткөн заманда Жанчаркан деген кан болгон экен, жашы
алтымышка келгенче алтымыш катын алыптыр. Бирок уулдан болобу, кыздан болобу,
такыр перзент көрбөптүр.
Бир күнү балалуунун баласын көрүп бек катуу ыйлайт.
– Эй, жараткан Кудай, – дейт ал, – канча бай болдум, падыша болдум. Бирок перзент
болбогондон кийин, киши эмес экемин.
Бирок жыл өтүп, падыша ажылыкка жөнөйт. Эки айчалык жол баскандан кийин, бир
күнү түш көрөт. Түшүндө кырк чилтен:
– Падышам, эми үйүңүзгө кайтыңыз, бир уул, бир кыз жүзүн көрөсүз, – деп аян берет.
Чал үйүнө келет. Арадан он жылча убакыт өтөт. Эч кандай перзент көрбөйт. Барынды
деген билгич увазири бар эле, аны чакырып алып, кеңеш салды.
– Көп маараке той кылсак, калк чогулуп келсе, үйүңөрдө кызыңар барбы? Бир уул, бир
кыз таап берер беле? Балким, кимдир бирөө, менин кызым бар дээр, – деди.
Падыша айткандай болду. Тойдо Жанчар кандын увазири атка минип, элге жар айтты:
Менин атым –Барынды,
Мен айтамын зарымды.
Кыйкырамын калайык,
Бир перзенттин дартынан,
Беттен төктүм арымды.
Тойго келген көп элде,
Бир собокөй бар бекен?
Бир уул, бир кыз табатын,
Кызына кепил болотун,
Кыз милдетин алатун,
Катар-катар нар бекен,
Ар ким биздей зар бекен?
Кызына кепил болотун,
Бир собокөй бар бекен?
Ат сыналбас чабылбай,
Мээр опо табалбай
Он сан эли сандалды,
Барынды айткан сөзүнө,
Таппай жооп сүзүлдү.
Кыз милдетин алалбай,
Кызына кепил болалбай,
Калың журту бузулду.
Дарыя, деңиздин боюнда балык алып, оокат кылуучу бир Жоодур деген чал бар эле.
Катыны эчак өлүп, Канышайым кызы калган. «Кыз Каншайымды бир уул, бир кыз таап
бер десемби. Берген акчасы болсо жеп турсам, таппаса койсун,
өзүм картаң болсом, күнүм бүтүп, өлүп да калбаймынбы. Бул жерден берем деп айтпай
туруп, балама жандатып кеңеш салып көрөйүн», – деп, чал ойлонуп, үйүнө келип
баласына айта албай, ооруган киши болуп, башын белиндеги куру менен таңып алып,
деңиздин боюндагы балык алып туруучу чөп алачыгында отуруп, кызына айтканы:
Ээ, ботом, менин айганым,
Айганым ойлоп койгонум.
Ал эсимден кетпеди,
Падышанын тоюнан
Өлгөнчө мыктап тойгонум.
Журт султаны падыша,
Журттун баарын жыйнады,
Жыйнап алып сыйлады.
Сыйлаганы курусун,
Акырында баарысын
Дартын айтып кыйнады.
Кашымда жалгыз байкушту
Берерге көзүм кыйбады.
Кедей болдум жашымдан,
Кедейлик чиркин кетпеди,
Чырмалышып башымдан.
Кедейлик доор сүргүздү,
Жарты алачык тиккизди.
Жар башына кондурду,
Алтымыш жашка келгенде,
Катынымды өлтүрдү.
Балыктан өтүп оокатым,
Карыганда минтип оңдурду.
Кантип кармап берейин,
Башымдагы жалгызды.
Ыйлатып кантип берейин,
Жалгыз тууган байкушту.
«Малдын зарпы өткөн куу чал, малдын караанын көрүп калып, мага бети чыдап
айталбай турган экен», – деп кыздын айтканы:
Айланайын, жан ата,
Ботоңдун айткан сөзүнө
Кулагыңды сал, ата.
Эртерээк канга бар, ата.
Малды санап ал, ата,
Кайгырба, ата, бепбекер,
Ажал жетсе өлөөрбүз.
Кара жердин астында,
Курт - кумурска жеп кетер.
Кол кап кийдим жең үчүн,
Мени тууган сен үчүн,
Карача башым, сата бер.
Кайгырба, ата, мен үчүн.
Алтымыш катын үстүнө
Мени сатып барасың,
Тең курбуман кем үчүн.
Чалдын белиндеги курун алып таштап, кызына айтканы:
Айланайын чырагым,
Кай сөзүңө ынайын.
Чырагым сенин бааңа
Кай түрлүү мал алайын,
Көлдөн көлдү кыдырып,
Бутумду тикен сыдырып,
Отура калып ар жерге,
Тикенди алдым чыңырып.
Ак шумкарды колго алып,
Ак кууга салсам деңизде.
Карчыга да илдирсем,
Канаттуу куштан семизди.
Дыйкан болуп аларга,
Алайымбы чырагым,
Коңур чолок өгүздү.
Бала жооп кайтарды,
Кайдан билдим чырагым
Ушу сөздү айтарды.
Күйөлүктөн коогалдуу
Алайынбы бааңа
Тору чолок байталды.
Кез-кез барып минген деп,
Өркөчү талга тийген деп,
Жайлоого чыксам каркайтып,
Астыңкы ээрдин шалпайтып,
Алайымбы бааңа
Сары кошмок ингенди?
Малды алып нетесиз, багып берер балаң жок, же кошуп коёр танаң жок, азыраак
акчасы болсо, ошол тынч эмеспи.
Чөп алачыгыңа жатып, жей бербейсиңби. Менин баамды ушуга алсаң бүтөт, – деп, төш
чөнтөгүнөн бир кичине калта алып берди.
Калтаны алып, чал жолго түштү. Жолдон калтаны караса, бир теңге сыйгандай да
эмес, бир теңге баткандай да эмес, үч теңге сыйышып жаткандай да эмес, чал тура калды
да баш чайып:
Эки көзү жаш чайып,
«Мени кудай урган экен,
Кызым бара турган жерине
Мурунтан ак көңүлүн бурган экен.
Барсамбы, барбасамбы, ээ мынча көңүл ооду, бара калайын, аздыр-көптүр бергени
болсо ала калайын, кудай уруптурбу, эч болбосо эки-үч улактуу эчки берер» – деп, кандын
дарбазасынын алдына барды. Барынды деген увазири турган экен. Барындыга сөз кошту:
– Канышайым деген кызым бар. Бир уул, бир кыз тапмак болду, милдетин мен алмак
болдум. Кандын берер акчасы болсо алып бергин, берсең ушул калтага салып бергин, –
деди. Ошондо калтаны колуна алып, чалды ээрчитип канга барып, Барындынын айтканы:
Ассалому алейкум,
Алдияр, таксыр, каныбыз!
Бир баланын дартынан
Кетти го биздин арыбыз,
Арыз кылып келип тур,
Мына бу турган чалыңыз.
Чал үйүндө бар экен,
Сизге ылайык жарыңыз.
Чал колунда калта экен,
Колуңузга алыңыз.
Сиз да ысап кылыңыз,
Үч теңгелик калта экен
Алты теңге салыңыз.
Алдыңа келген бул чалдын,
Кызын бекер алыңыз.
Калтаны канга тапшырды,
Кан колуна уштады.
Шондо падыша сүйлөдү:
Мына бу чалың ток бекен?
Кыз милдетин алган соң,
Кызына кепил болгон соң,
Ушу жаткан көп элде
Мындан чоңураак калта жок бекен?
Калтанын оозун ачады,
Намыян оозун чечеди.
Үч теңгелик калта деп,
Беш теңге алып салады,
Элесин билбей калады.
Он беш теңге салса да,
Жук болбой кетип барады.
Жети там эле акчасы,
Кучактап тилле салады,
Шондо калта толбоду.
Толор заман болбоду.
Жайылып жаткан көп элди
Жалгыз калта жалмады.
Шондо падыша шашады.
Шашканынын белгиси,
Ары-бери басады.
Журтунун баары качады.
–Ээй, калкым! Кары-жаш, эркек-ургаачы, калтаны лажы кылып толтура турган адам
жокпу? – деди.
Ошол убакта мастан кемпир деген бар эле. Ысык ичип, суюк чычкан, жабагы жеп, жүн
чычкан. Кенен дамбалды көтүнө каткан. Өзү үч жүз алтымыш жашка чыккан.
–Көп акча берсеңер, мен толтурамын – деп, калың элдин ичинен тура келди.
– Макул, – деди падыша.
Кемпир калтага келди. Калтаны байкап караса, адамдын көзүнүн кабы экен.
–Сенин толоруң бу эмеспи! – деп, жерден бир ууч топурак алып, калтага карап: – Уув! –
деп кетти. Калта толмок турсун ашып, көчөнүн бетин акча басып кетти. Элдин жартысы
алып байып калды. Бай алып мурадына жетти, акчадан кан кайта алып, казынасын
толтурду, калганын төрт төөгө жүк кылды., Төрт төөнүн жүгүн Жоодур чалга берип,
Канышайымды кан алды. Арадан көп убакыт өттү. Канышайымдын боюна бүттү. Тогуз
ай, тогуз күн, тогуз саат болуп, толготоор мезгилине жетти. Падыша тагынан түшүп,
жүгүрүп чыгып, Барынды увазирин чакырды.
–Ээй, Барынды, дөөлөт, сөөлөттүү дүнүйөнүн баарын мага аябай берди, бир баланын
үнүн укканым жок. Канышайым уулдур, кыздыр төрөп, баланын үнү чыр дей түшсө,
жүрөгүм жарылып өлүп кетемби деп, сизге качып келдим. Биз кырк жигитти ээрчитип, ит
агытып, куш салып кетелик Чүгүрлү тоого, – деди.
–Уксак айдаладан угалык, – деди Барынды.
Кан увазири, кырк жигити менен тоого чыгып кетти. Эми падышанын сарайда калган
алтымыш катынынан кеп угалык. Алтымыш катын маслакат кылышты. Мастан
кемпирди чакырып, алтымышыбыз алтымыш табак акча берсек, бир айланы таап берер
деп мастан кемпирди чакырып алышты.
–Ээ, мастан, – деди алардын бирөө, – алтымыш дилде акчаны алып, ушул ишке
ылаажы таап бериңиз, – деди.
– Алтымыш табак тилдени бергин, – деп дароо салдырып алды.
– Эсебин өзүм табамын.
Тиллени үйүнө бекитип, кайра келди. Жөн келбей, иттин эки жаш күчүгүн колуна
кармай келди.
–Баарың далдаага чыгып кет, падышанын жакшы көргөн катынын өзүм төрөтөм, –
деп, авзин окуп, толготкон катынга деп уруп кетти.
–Ав! – деп Канышайым керегени кармай жыгылды. Мастан кемпир тартты, бир уул
туулду, артынан бир кыз түштү алтын-күмүштөй жаркыраган. Мастан кемпир эки баланы
өзү алып, эки жаш күчүктү койнуна таштап жиберди. Эки баланы этегине салып,
алтымыш катынга чуркап келди.
– Мына, балаңар, багып алсаңар, алтымышыңарга тең бала болот. Өлтүрсөңөр да өз
колуңар менен өлтүргүлө!
–Ай, мастан, акмак экенсиң, бала кыла турган болсок, сага алтымыш табак тиллени
беребизби, өзүң жогото бергин, – дешти алар. Мастан кемпир баланы алып, дарыянын
боюна келип, таштайын деп баланы кыйбай, таштабайын деп тиллени кыйбай:
Эшиктин алды көл кава
Сага болдум мен ава.
Эки асыл султаным.
Каныңды жүктөп барамын
Таштайын десем бул сууга,
Силерди көзүм кыйбады.
Таштабайын десем да
Тиллени көзүм кыйбады.
Өлтүрбөйүн десем да
Алтымыш адам болбоду.
Баргынды баламАллага
Раазы болгун касага.
Тирүү жүрсөң чырагым:
Каласың көп машака.
Алтын сака алчысы
Байлардын малай жалчысы.
Аман жүрсөң ботом ай,
Экөөң да болот элең го
Эл-журтуңдун падышасы.
Экөөң бирдей баласың,
Баш билбеген данасың,
Жашап миңдиУлукман,
Өлүмдүн таппай чарасын.
Тирүү жүрсөң карагым,
Бир балаага каласың.
Бүгүн өлсөң чырагым,
Бейишке туура барасың.
Күн бүткөндөн түн бүттү,
Түн бүткөндөн күн бүттү.
Кудурети күчтүү кудайым
Жаш балага тил бүттү.
Тил бүтүп бала сүйлөдү:
–Мастан кемпир анабыз,
Таштабай суудан алыңыз,
Өзүбүз адам болгон соң,
Өлгөнчө сизди багабыз.
Ажалың жетип, сен өлсөң,
Башыңа чырак жагарбыз.
Бир күндөрдө өлөрбүз
Ага чейин, Алланын
Не салганын көрөбүз.
Эй, дүнүйө, кантейин,
Туубай жатып өлтүрүп,
Күндөштүгү курусун
Алтымыш өгөй апабыз.
Таштай бергин кантейин,
Жараткан болсун баанабыз.
Мастан кемпир турады
Ыйлабагын көөдөк деп,
Шапалактап балдарды
Жаакка тартып урады.
Урганына чыдабай
Чыркырап балдар ыйлады.
Урган таяк батты энди,
Мастандын колу катты энди.
Ыйлаганын эшитип,
Бирөө келип калат деп,
Балдарды сууга атты энди.
Кайберен кырк чилтен
Түшүрбөй сууга беттенди.
Мастан кемпир жанады,
Сууга аттым баланы,
Кайберен кырк чилтен
Түшүрбөй суудан алады.
Чүгүрлүнүн тоосуна,
Балдарды алып барады
Таштан жасап үй кылып,
Баана кылып береди,
Экөөнө бир кийик,
Эне кылып береди.
Ал балдарды кийикке
Бала кылып береди.
Кудурети күчтүү жараткан
Тоодон алма жегизип
Кийикти балам дегизип,
Кийик жүрчү үч мезгил
Баласынча эмизип.
Ал анда жата турсун, эми алтымыш катындан сөз угалык.
–Бизден жакшы көргөн падышанын катыны иттин күчүгүн туупсуң – деп, эки маал
кирип, тууган катындын бетине түкүрүп кетишти. Эми падышага ким угузат, дагы эле
мастан кемпир жарайт,– деп аны чакырышат. Мастан кемпир келсе, тууган катын көзү
бозоргон бойдон тура элек экен, кемпир:
– Суф! – деп койсо, көзүн ачты.
–Ээ, жүзү каранын тууган баласын кара! – деп, бетине түкүрүштү. Мастан кемпир
падышага угузуш үчүн тоону көздөй жөнөп кетти. Ошол учурда падыша жигиттерине:
«Сүйүнчүгө келе жаткан адамды ким биринчи көрүп, сүйүнчү айтса, ошого башынан
ылдый тилде куям», – деп айткан.
Кемпирди кан өзү көрө коюп жигиттерин чакырды:
Атка салдым тердикти,
Душманга кылдым эрдикти,
Өлбөй адам тир жүрсө
Көрөт экен тирликти,
Баштан өттү бенделик,
Колуңдан дөөлөт кеткен соң,
Кадырды сурайт ким келип.
Өлбөй адам тим жүрсө.
Көрөт экен сенделип.
Шаар жактан бир адам,
Элпең-селпең этеди,
Бизге качан жетеди.
Тилимди алсаң, жигиттер,
Тиге ат койсок кантеди?
Кырк жигит баары ат койду,
Ат башына тап койду.
Аяңдабай желеди,
Мастанды келип көрөдү.
Мастан кемпир кулайды,
Узунунан сулайды.
Бир топ бүткөн тикенге
Ооналактап ыйлайды.
Аттын башын тарт, балам,
Не деп турат карт мамаң.
Карт мамаңдын сөзүнө
Кулагың сал өрт, балам.
Кайып болсун сырдашың,
Чилтен болсун колдошуң.
Жалганчы экен кыз берген
Жоодур чалың оңбосун.
Ит баласын тапты го
Канышайдай жолдошуң.
Алатоонун боюнан
Ак шумкар учар кыяксыз
Ит баласын тапты го,
Каныштай сындуу уятсыз,
Эскертейин деп келди,
Мамаң шордуу сыяксыз.
Баласыз кеттиң чырагым
Бу жалганда туяксыз.
Падыша аттан кулады
Ов дүйнө деп ыйлады.
Эс алалбай падыша
Узунунан сулады.
– Канышайым ит күчүгүн тапканы ырас болсо өлтүргүлө, мен мында жатып турайын,
– деди падыша. Канышайымды өлтүрмөккө жигиттер калааны көздөй жарышып жөнөп
калды. Барынды увазир жигиттерге жандап чаап баратып айткан сөзү:
Айланайын жигиттер,
Аттын башын бура тур.
Асманды булут торлосо,
Душмандык элге козголор.
Жигитти жигит корлосо,
Душман корлоп не кылар.
Алтымыш туубай жүргөндө
Ошо кезде не кылдың?
Чаап кетип барасың
Эмнени сен билдиң?
Жаман менен жакшыны
Илгертеден мен билдим.
Жакшынын иши бүтпөдү,
Жамандын иши жетеди.
Тилимди алсаң жигиттер,
Өлтүрбөсөк нетеди.
Өлтүргөн менен падышанын
Кайсы кеги бүтөдү.
Айланайын жигиттер,
Бейкүнө өлүп кетеди.
Ошенетип ойлойду,
Барынды айтып толгойду,
Кырк жигиттен өтүнүп,
Канышайымды коргойду.
Буйрук менен чыккан кырк жигит
Бул айтканга болбоду.
Кырк жигиттен мурун чаап барып, увазир Барынды Канышайымга айтканы:
Болот кабат тос келет,
Сизди сурап падышадан
Кылдым эле аз үмүт.
Сурасам да бербеди,
Өз көзү менен көрбөдү.
Сизге келди кырк жигит
Он бештен тууган айдайым,
Кызыр эмген тайдайым
Өтүп кеттиң дүйнөдөн,
Жалганчы дүйнө найлайым.
Падышанын буйругу
Сизге келди кырк жигит.
Далаага чыккын,
Канышайым,
Турбас эле ордунан,
Жүк көтөрбөс кара нар.
Мусапыр кылса пендеге
Алла не жук чара бар.
Буйрук болду сиздерге
Курулу турган тилле дар.
Бул сөздөрдү укканда
Канышайымдай сулуунун
Бетинен каны качады,
Катуу жаман шашады,
Шашканынын белгиси
Аягын тамтаң басады,
Жүгүрүп эшик ачады.
Бай малындай ылганып,
Өңкөй жибек чулганып,
Далаага чыктыКанышайым
Жаш күчүктү колго алып.
Канышайым туруп ыйлады,
Көзүнөн жашы булайды.
Не пейлимден таптым деп,
Жат кылып зарлап кулайды,
ШондоБарынды сүйлөдү:
Ай менен жылдыз күн элең.
Өз катары ичинде
Артык туунар нур элең.
Сенден бала болгондо
Падышалык орунду
Сол басат деп оюмда
Үмүт кылып жүрчү элем.
Аман болгун, Канышайым,
Дүйнөдөн көчүп жөнөдүң.
Чапса балта өтпөйдү,
Чакыр тоонун ташына,
Нелер келип, не кетпейт,
Адамзаттын башына.
Жетип келип кырк жигит
Канышайымдын кашына
Байкабады ой-боюн,
Тыңшабады айгайын,
Эки колун байлады,
Билгенинче жайлады,
Дарганы көздөй айдады.
Кайрат кылар дарман жок
Канышайым шондо ыйлайды,
Чымындай жанын кыйнады.
Эки колу байланып
Дарга келди айдалып,
Эч бир айла кыла албай
Турду ыйлап айланып,
Балалуу аркар маарайды,
Баласыз аркар тыңлайды.
Жүзүм кара болду деп,
Канышайым ыйлады.
Дүнүйө үчүн күйбөдүм,
Башымда дөөлөт барында
Жамандык ишти сүйбөдүм.
Тоодон аккан булактай
Чырагым сага ийбедим,
Мастан кемпир кантейин
Кесир болуп келдиң да,
Мен козумду сүйбөдүм.
Дүйнөнү кол менен термедим,
Опасы жок шум дүйнө
Өтөрүңдү билбедим.
Мастан кемпир кантейин
Кесир болуп келдиң да,
Мен козумду көрбөдүм.
Дүнүйөнүн билдим жалганын,
Башка убайым салганын.
Душмандан көрүп бул ишти
Тиштелүү кетти бармагым.
Мастан кемпир кантейин
Бир сүйө албай козумду
Ичимде кетти арманым.
–Өлтүрбөйлү десе болбойсуңар. Буга мастан кемпир келип бир окуя кылган экен, – деп
Барынды увазир аттын башын буруп, атка камчы уруп, мастанды көздөй кырк жигит
менен жүрүп калды. Мастанга барып, мастанга айтканы:
Ээй, мастан кемпир, аманбы,
Тилегиң курган ит капыр,
Баарыбыз сиздин балаңыз,
Түшүм кабыл болду деп
Сүйүнүчтө жүрчү элек.
Баарыбыздын тобобуз
Кече өзүң барыпсың.
Алтымыш катын ичине,
Масылакат кылыпсың.
Канышайымдай сулуунун
Баласын уурдап алыпсың,
Калтаңызга салыпсың,
Акчага тоюп каныпсың.
Баланы бергин ит капыр
Акылыңан таныпсың.
Мастан кемпирдин ачуусу келди. Каарланды да дамбалын чечип алып, качырып сала
берди. Кырк жигит кыркы кырк жакка качты. Бирөө кача албай туюкталып:
– Ой-ой, мастан, сабыр кыл! – деп, тура калды. –Эч кимдин оюнда жок, кысталак,
жанагы Барынды сөзү менен келдик, – деди. Кырк жигит кайра келип, Канышайымды
дарга асты. Кырк чилтен келип дарганын боосун үзүп кетти эле, Канышайым өлбөй
калды Жана дарга боо тагып, Канышайымды кайра тартты. Дарганын казыгын кырк
чилтен кайра кыйратып кетти. Канышайым койнундагы күчүктөрү менен өлбөй, тирүү
калды. Эки жигит канга барып:
–Канышайымды эки мерте даргага ассак, дар казыгынан бери сынып,Канышайым
койнундагы эки күчүгү менен аман калды.Күчүк тууганы ырас экен, – деди.
–Мага жүзүн көргөзбөй, Кушучпастын аралына күчүгү менен алып барып салгыла! –
деди хан. Кушучпастын аралында түрлүү жырткыч айбандар жашоочу эле, ошондуктан ал
жерге Кушучпас деп ат коюлган. Эми тоодогу эки баладан кабар алалык. Чүгүрлүнүн
тоосунда эки баланы кайберен багып, балдар балакатка жетип калды. Эл-журт, эне-ата
көрбөй, балдар арманда өстү деп, эркегинин атын – Зарлык, кызынын атын – Муңдук
койгон экен кырк чилтен. Зарлыкка жаа тартууну, Муңдукка эне- ата, эл-журт көрбөй
калды деп, жети кылым шаардын өрмөгүн үйрөткөн экен. Зарлык бир күнү кийик уулап,
бир белде уктап жатса, Жанчар кан ууга чыгып келаткан болот. Кайкыда бир нерсе
жалтырап жатыр алтын-күмүш окшойт. Мылтыкпы же, неси болсо да жаркырап жатат.
– Жигиттер, кайкыда жаркырап жаткан немени бирөөң барып көрүп келгилечи, –
деди кан. Жигиттер макул болушпады.
–Эмесе, сен барып келчи Барынды! – деп увазирине буюрду. Барынды да падышага
каршы турду.
–Кыяматтык жолдошуң Канышайымды, ак-карасына жетпей же өз көзүң менен
көрбөй, Кушучпастын аралына өткөрүп таштадың. Мунуң адилетсиздик. Буга барбайт
десең, мага карматкан дарбазаңдын кулпусун өзүңүз алыңыз, – деп, атынын мойнун
буруп, атына камчы уруп, шаарына көздөй жөнөдү.Араң турган кырк жигит анын
артынан кошо кетишти. Падыша жалгыз калды. «О, не болсо да барайын. Жырткыч болсо
мени жесин. Ушинтип сандалып калганча, кудай мени алсын», – деп, жаркыраган нерсеге
чыгып барды. Келсе, он бешке толгон ай шекилдүү бир бала саадагын жанына коюп,
уктап жатат. Кан түшө калып, этин этине коюп, бетин бетине коюп, көзүн көзүнө коюп,
төшүн-төшүнө коюп:
Тоого да бердиң баланы,
Ташка да бердиң баланы.
Эй, жараткан Кудай аа,
Тындырбадың санаамды –
деп кучактаганда, бала ойгонуп караса, үстүн бир кара балакет басып жатат.
Кайып өсүп калган эме үстүндөгүнү силкип таштап, саадагын колуна алып, баса
берди. Жанчар кан баланын алдын торой чапты.
–Тарт, колуңду, саадак менен бир чапсам өлөсүң, – деп бала мойноп койду.
Кан үйүнө келди:
Тоого да бердиң баланы,
Ташка да бердиң баланы.
Эй, жараткан Кудай аа,
Тынчытпадың санааны.
Арадан ай өттү. Алтымыш катын бушайман болду.Анткени кандын көөнү эч нерсе
чаппайт. Кабагы бүркөө.
– Падыша ууга барып келгенден бери бир балакет болду, – деп, алтымыш катын
касамдашты. Караса, баары тең көргөн эмес.
– Кой мастан кемпирди чакыралы – деп, аны чакырып келишти.
– Эки ай болду, ууга барып келгенден бери бир балакет болду, – дешти буга.
Мына ушундан кийин мастан кемпир кайра келип ырдап турган жери:
Айланайын чырагым,
Сен үчүн мен төгөмүн
Кан аралаш жашымды,
Эмине болду чырагым,
Бир көтөрчү башыңды.
Тоого жалгыз барыпсың,
Бир неме анда көрүпсүң.
Көргөнүң Пери баласы
Жылаңач жалгыз жүрөдү.
Атып ийип өзүңдү
Тамаша кылып күлөдү.
Муну неге билбейсиң,
Мастан энең келгенде
Ордуңдан ыргып турбайсың.
Таарынбайбы энеңиз
Мойнуңду бачым бурбайсың.
Падыша: «Мен көргөн Пери баласы тура» – деп, кубанып калды. Мастан кемпир
падышадан кийин дароо алтымыш катынга барды. Катындар кандын минтишине эмне
себеп болуп жаткандыгын сурашты.
– Мен Канышайымдын баласын сууга ыргытып ийбедим беле. Ал балдарды кайберен
тосуп алып багып жүрүптүр. Бая күнү кан ууга барып, өз баласын көрүптүр, мен ал бала
Перинин баласы деп, кандын көңүлүн буруп таштадым, – деди мастан. Муну укканда,
алтымыш катын тынчы кетип, титирей башташты да, мастан кемпирге дагы
кайрылышты:
– Көп акча берелик, баланын көзүн тазалаңыз, – дешти. Мастан кемпир макул болуп,
көп акча алып. Чүгүрлү тоосуна бет алды. Агасы Зарлык кийик уулап кетиптир.
Карындашы Муңдук алтын тарак менен чачын тарап, үңкүрдүн оозунда күнөстөп
отурган. Муңдукту көрүп сүйүнүп, кемпирдин ырдап турган жери:
Кадам бастым ушинтип,
Чүгүрлүнүн бетине.
Кулак салаар бар бекен
Менин айткан кебиме.
Тоодогу эки баланын
Бирөө бар да, бирөө жок
Казыр келдим эбиме.
Тузун тартып далайы
Душманчылык көп кылдым,
Көө сүртөр жан бар бекен,
Менин эки бетиме.
Чачын тарап отурган Муңдук мастан кемпирдин сөзүн угуп, үңкүргө кирип оозун
бекитчү ташы менен бекитип алды. Мастан келип үңкүрдүн оозундагы ташты алып
ыргытам деп, дарманы келбеди.
– Эй, мында ким бар?
– Ээ, сен өзүң кимсиң?
– Мен сени колдоп жүргөн периңмин.
– Перим болсоң мен жылаңач отурам.
Мага кийим берип, андан кийин колдобойсуңбу?
– Ээ, карагым, мен өлүү арбак, сен тирүү арбак, өлүү арбактын берген кийими, тирүү
арбакка кийим болобу? Эрмектешкен кишиң жок, киши келсе кийип чыгар кийимиң жок,
ошону билип колдоймун деп келбегенде, бул жерге эмне келди деп турасың.
Агаң Зарлык кийик уулаган болот. Андан көрө ушундан ары жүрүп отурса, – деп кеңеш
берди кызга:
Отуз күндүк жолу бар,
Отуз күндүк бели бар.
Нечен бийик тоосу бар,
Кийик өтпөс зоосу бар,
Кытай деген эли бар,
Күлмөс деген каны бар.
Кырозой деген көлү бар,
Күлсарат деген аты бар,
Куралай деген кызы бар.
Эгер агаң барып калса, Күлсарат деген атын берет, көңүлүнө жагып калса,
Куралай деген кызын берет. Минтип үңкүрдө жатканча, агаңды ошол жакка барып
кел дебейсиңби? – деди да, жыгачка далдаланып калды мастан. Эки түлкү көтөрүп алып,
агасы Зарлык ушул учурда үңкүргө кирип келди. Кемпирдин окуясын
Муңдук агасына төкпөй-чачпай айтып берди.
– Ал бир балаадан сактап жүргөн бир бели бүкүр пери кемпир экен, – деди
Муңдук.
– Ага ишенбе.
Мени барса-келбес жолго салып, сени өлтүргөн жүргөн турбайбы, кап, саал илгери
келсем, атып салмак экемин – деп, Зарлык карындышына кемпирдин жайын толук
түшүндүрдү. Бирок Муңдук ишенбейт.
– Барып кел! – деп, мөгдөй берди.
Акыры кыздын оюна агасы макул болуп, ууга чыгып, кырк кийик атып келип, теңин
Муңдукка таштап, анан карындашына айткан жери:
Жараткан, кадыр зуражал,
Кыз Муңдукту оюңа ал.
Мен айланып келгенче,
Ак жүзүңдү көргөнчө,
Каралдым Муңдук аман бол.
Мында калды бир көзүм
Саргарар болду ак жүзүм,
Муңдукту сизге тапшырдым,
Азирети кызыр колдосун!
Жана айланып келгенче,
Жүзүңдү аман көргөнчө,
Аман бол, Муңдук, жалгызым.
Элдин жолун ачалык,
Жаман жолдон качалык,
Муңдугум калды кудай ай,
Чүгүрлү тоодо бозоруп,
Муңдукту сизге тапшырдык,
Мурунку өткөн машайык.
Жүрөктө көптүр черлерим,
Кедейликтин дартынан
Издейм Кытай жерлерин.
Кыдырамын азыр мен
Белгисиз арал чөлдөрүн,
Муңдукту сизге тапшырдым,
Ага сабыр кылып тур,
Тарттым жолдун ыраагын,
Чилтен минер бурагын,
Жана айланып келгенче,
Ак жүзүмдү көргөнчө,
Аман бол, Муңдук, чырагым.
Бул сөздү айтып
Зарлык Жолго түшүп жөнөдү,
Учкан куштай келеди.
Алты кырдан ары ашып
Жетинчи тоого жанашып,
Нечен түркүн бел ашып,
Карсак, жолборс калыңдан
Каргып кетип барады.
Түлкү жүрбөс түлейден,
Түйүлүп кетип барады.
Нечен түркүн жер көрүп,
Сүйүнүп кетип барады.
Ит ичпеген ачуу көл,
Ошондон ичип барады.
Нечен кабат суу келсе,
Токтобой кечип барады.
Моюр-моюр, моюрду
Көөдөгө козу тоюнду.
Жаратканга бел байлап
Жөө жүрүп кылды оюнду.
Ыйлай-ыйлай баланын
Эки көзү коюлду.
Дал отуз күн болгондо
Жүрүүгө буту жарабай
Таманы ташка оюлду.
Бир жатпады чечинип,
Эки буту көшүлүп,
Ыйлай берди Зарлык
Көз тамыры кесилип,
Дал отуз күн болгондо
Жыгылады бир жерге,
Таманы ташка тешилип.
Тоо башында карагай
Зарлык зарлап барат ай.
Желиксе күлүк тынады,
Дал отуз күн болгондо
Жүрүүгө буту жарабай,
Эт-бетинен кулады.
«Куурайга чыккан жалбызым,
Куруду минтип жалгызым.
Эмине күндө болду экен
Куураган Муңдук байкушум.
Жараткан кылды шумдугун,
Душмандар кылды куулугун.
Өзүм өлсөм мейличи,
Чүгүрлү тоодо Муңдугум
Оозумдан түштү чоорум.
Өзүм өлсөм кантейин
Кокуй, Муңдук, боорум», – деп,
Ыйлап жаткан кезинде
Бирлери медет береди.
Боздоп жаткан бир жерде
Туруп бала жөнөдү.
Ыргыштай басып келеди,
Бирлери медет берген соң,
Бала суудай ташады
Кайра кайрат чачалы,
Бычактай курч таштарды
Былчырата басады.
Бир нече күн бек жүрдү,
Бир нече күн жол жүрдү.
Бул сапарда Зарлык
Дагы отуз күн деп жүрдү.
Жоо болсо да мол жүрдү,
Сүйлөрүнө сөз болду,
Көрөрүнө көз болду.
Зарлык бала шол кезде
Бир бийикке кез келди.
Тоого жата албай, бир өтөккө келип жатты. Бул жерден кайра кеткеним менен Муңдук
уктабас. Андан көрө учуп өлөйүн деп, өлө албай:
Тоону көздөп өрлөйдү
Ашуусун таппай терлейди,
Ашуусун мөңгү бербейди.
Мөңгүдөн жолду таппайды,
Ыйлап анан соолукту.
Ыйлап турган кезинде,
Чарк айланып асмандан
Кырк чилтен келип жолукту.
–Колдой көргүн бабам, – деп,
Ага бала жабышты.
Калың токой бадалдан
Баланы алып чыгарды,
Тоо үстүнөн шамалга.
Кулан, кийик аң экен,
Бөрү, кабылан бар экен.
Он беш күндүк жолу бар
Өзү бийик тоо экен.
Тоонун түшөөр салаасы
Жерин байкап караса,
Күлмөс кандай падышанын
Аңды уулап жүрүүчү
Кызыр алуу деген көл экен.
Элин болжоп караса
Жуда кытай эл экен.
Бала түшүп ылдыйлап,
Ойноп кетип барады.
Мастан кемпир кылганын
Ойлоп кетип барады.
Ушул учурда Зарлыктын үнүн уга салып, шагылдагы ордунан тура калып, Муңдук
чуркап келе жатыры.
Карагым, калкам, агакем,
Карыпка кудай жаш экен.
Тирүү сени көрсөткөн
Табигат иши аз экен.
Көрөйүн сени деп бедим
Көкөйүмдөн кетпедиң,
Кетериңде бир жерге
Айланайын, агаке,
Не тапшырып кетпедиң,
Бу барбагандан барганың
Күлмөскан элин алганың,
Башына кайгы салганың,
Бечара болгон Муңдукту
Шондо да эске албадың.
Муңдугум калды дебедиң
Асыбайын жебедиң.
Дөөнү издеп эзилдиң
Кайратыңан эшилдиң.
Сагынгандан саргарып,
Үч мезгил сени эстедим.
Ак дайранын четинде
Сууга кете жаздадым.
Бечара болгон Муңдукту
Анда да эске албадың
Душман кылган куулугун
Билбейди деп ойлойсуң.
Тоодогу жетим Муңдугум
Айкалышып көрүштү,
Айдай беттен өбүштү.
Ажыратаар адам жок
Өпкөлөрү көбүштү.
Кучактап алып Муңдукту
Зарлык бала бакырды.
–Мастан кемпир кайда? – деп,
Бирлерге ыйлап чакырды,
Оозунан сүйдү оймолоп,
Бетинен сүйдү кыймалап.
Ага сабыр кылып тур,
Медет берсе бирлерим
Мастанды эрте жоготуп,
Майып кылып тыналык,
Табыйгат медет кылбаса.
Кандай айла кылайлык?
– Эй, карагым, сабыр кыл эми – деп, экөө ажырашып турушту. – Баягы өзүң айткан
Күлсарат деген ушул. Жетишээрлик үй бөлүп, көчүп келе жатам. Канча жылкы, канча
кой, дүнүйө менен жерден азыр көчтүн асты чыгат. Куралай деген сулууну сага жеңе
кылып келатам. Бул кийимди кий, бул атты мин, жеңенин астын тосуп, утурлап баргын.
Аңгыча көчтүн асты чыкты. Жайнап көч астында Куралай келе жатат. Ал алдын
караса, Зарлыктан айыргыс, андан да сулуу, бир кыз тосуп турат. Куралай аттан түшө
калып, Муңдукту бетинен сүйүп, үстүнө ак чачат. Көчтөгү катын-балдар акчаны жыйнап
алышат. Ошентип, Чүгүрлүгө келип конуп калышат. Малга Чүгүрлүнүн бети толуп чыгат.
Эми Канышайымдан сөз баштайлы. Кушучпаста кулан, элик, майда кийик, аңдар бар
экен. Шашкеде аң уулап, бешимде кайра келип, адал өлгөнүн Канышайымга кастарлап
берип, арам өлгөнүн өздөрү жеп, Канышайымды энесинтип, эки күчүк баласынып турган
экен. Ошол жерде кабылан, жолборс барлыгы, бул экөө кайдан чыкты? Бул экөөнү
өлтүрүп таштайлы деп күчүктөрдү ошол жырткычтар тосуп калды. Аркы эки тосмосунан
өтүп, үчүнчү тосмого келгенде, бирөө качып кутулду, бирөө кызыл ала болуп таланды.
Анан качып кутулганы Канышайымга барганда, Канышайым бакырып кыйкырса,
баягы күчүктү талап жаткан жырткычтар адамзаттын үнү чыгып жатат деп, күчүктү
таштап качты. Күчүк өлөр-өлбөс жаны менен өлбөй калган экен.
– Эй, жараткан, итти да ыраа көрбөдүңбү? – деп, күчүктү башынан
жөлөп,Канышайымдын айтып турган жери:
Айланайын бири бар
Ар нерсе кылсаң эркиң бар.
Өзүң ырахым кылбасаң
Кең дүйнө мага болду тар.
Өмүрүм өттү кантейин,
Ит күчүгү балам боп.
Кашымда жолдош күчүгүм,
Каманда келди жара боп,
Ит менен куштун ичинде
Өттүбү күнүм каран боп,
Кашымда ата-энем жок,
Көөнүмдө бузук санаам жок
Чыгып кетер аралдан
Кайрат менен чамам жок.
Же караан кылып турарга
Ушул иттен башка банам жок,
Кашымда жолдош күчүктөр
Камандан келди жара боп.
Жырткычтардын ичинде
Өттүбү күнүм каран боп.
Калдым жалгыз токойдо
Көз жашым кабыл болбойбу.
Бүбү менен Ава энем
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Жомокчулар Жана Жомоктор - 03
  • Parts
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 01
    Total number of words is 4062
    Total number of unique words is 1893
    34.1 of words are in the 2000 most common words
    46.8 of words are in the 5000 most common words
    52.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 02
    Total number of words is 4214
    Total number of unique words is 2104
    32.9 of words are in the 2000 most common words
    44.6 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 03
    Total number of words is 4152
    Total number of unique words is 2045
    34.6 of words are in the 2000 most common words
    47.4 of words are in the 5000 most common words
    54.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 04
    Total number of words is 4150
    Total number of unique words is 2066
    32.5 of words are in the 2000 most common words
    45.7 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 05
    Total number of words is 4129
    Total number of unique words is 1861
    36.1 of words are in the 2000 most common words
    48.6 of words are in the 5000 most common words
    54.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 06
    Total number of words is 4073
    Total number of unique words is 1772
    37.9 of words are in the 2000 most common words
    50.9 of words are in the 5000 most common words
    56.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 07
    Total number of words is 4031
    Total number of unique words is 2005
    35.4 of words are in the 2000 most common words
    47.5 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 08
    Total number of words is 4000
    Total number of unique words is 1967
    34.2 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    55.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 09
    Total number of words is 4090
    Total number of unique words is 2041
    34.4 of words are in the 2000 most common words
    48.3 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 10
    Total number of words is 4090
    Total number of unique words is 1755
    36.3 of words are in the 2000 most common words
    49.5 of words are in the 5000 most common words
    55.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 11
    Total number of words is 4202
    Total number of unique words is 1835
    37.9 of words are in the 2000 most common words
    50.3 of words are in the 5000 most common words
    56.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 12
    Total number of words is 4059
    Total number of unique words is 1853
    34.9 of words are in the 2000 most common words
    47.5 of words are in the 5000 most common words
    53.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 13
    Total number of words is 4023
    Total number of unique words is 1816
    36.1 of words are in the 2000 most common words
    49.0 of words are in the 5000 most common words
    55.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 14
    Total number of words is 4128
    Total number of unique words is 1794
    35.4 of words are in the 2000 most common words
    48.5 of words are in the 5000 most common words
    55.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 15
    Total number of words is 4128
    Total number of unique words is 1880
    33.4 of words are in the 2000 most common words
    47.5 of words are in the 5000 most common words
    54.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 16
    Total number of words is 3951
    Total number of unique words is 1518
    36.3 of words are in the 2000 most common words
    49.6 of words are in the 5000 most common words
    57.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 17
    Total number of words is 3907
    Total number of unique words is 1675
    37.0 of words are in the 2000 most common words
    49.9 of words are in the 5000 most common words
    56.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 18
    Total number of words is 4005
    Total number of unique words is 1671
    37.2 of words are in the 2000 most common words
    51.2 of words are in the 5000 most common words
    57.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 19
    Total number of words is 4054
    Total number of unique words is 2029
    33.6 of words are in the 2000 most common words
    46.8 of words are in the 5000 most common words
    53.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 20
    Total number of words is 4155
    Total number of unique words is 1829
    34.3 of words are in the 2000 most common words
    47.3 of words are in the 5000 most common words
    52.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 21
    Total number of words is 4145
    Total number of unique words is 1916
    33.5 of words are in the 2000 most common words
    46.1 of words are in the 5000 most common words
    53.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 22
    Total number of words is 4175
    Total number of unique words is 1923
    35.3 of words are in the 2000 most common words
    48.7 of words are in the 5000 most common words
    54.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 23
    Total number of words is 3979
    Total number of unique words is 1623
    36.1 of words are in the 2000 most common words
    48.7 of words are in the 5000 most common words
    54.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 24
    Total number of words is 4111
    Total number of unique words is 1658
    36.5 of words are in the 2000 most common words
    49.2 of words are in the 5000 most common words
    54.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 25
    Total number of words is 4082
    Total number of unique words is 1920
    33.7 of words are in the 2000 most common words
    46.1 of words are in the 5000 most common words
    53.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 26
    Total number of words is 3970
    Total number of unique words is 1798
    32.3 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 27
    Total number of words is 4049
    Total number of unique words is 1925
    35.2 of words are in the 2000 most common words
    48.5 of words are in the 5000 most common words
    54.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 28
    Total number of words is 4196
    Total number of unique words is 1935
    34.7 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 29
    Total number of words is 4079
    Total number of unique words is 2069
    33.0 of words are in the 2000 most common words
    44.8 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 30
    Total number of words is 4175
    Total number of unique words is 2074
    33.1 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    52.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 31
    Total number of words is 4117
    Total number of unique words is 2049
    32.9 of words are in the 2000 most common words
    46.1 of words are in the 5000 most common words
    52.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 32
    Total number of words is 4160
    Total number of unique words is 2020
    33.9 of words are in the 2000 most common words
    46.5 of words are in the 5000 most common words
    53.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 33
    Total number of words is 4042
    Total number of unique words is 1830
    36.4 of words are in the 2000 most common words
    49.7 of words are in the 5000 most common words
    55.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 34
    Total number of words is 4275
    Total number of unique words is 1721
    36.7 of words are in the 2000 most common words
    50.1 of words are in the 5000 most common words
    56.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 35
    Total number of words is 4047
    Total number of unique words is 2016
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 36
    Total number of words is 1590
    Total number of unique words is 953
    41.2 of words are in the 2000 most common words
    52.2 of words are in the 5000 most common words
    57.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.