Latin

Жомокчулар Жана Жомоктор - 05

Total number of words is 4129
Total number of unique words is 1861
36.1 of words are in the 2000 most common words
48.6 of words are in the 5000 most common words
54.3 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
– Күй, бутагым, күй! – деп, бала арчанын бутагын сууруп чыгат, үйдүн ичи тургай
короо-жай, кошуналардыкынан өйдө жарык болот. Буга энеси аябай кубанат.
БҮРКҮТ МЕНЕН ТҮЛКҮ
Бир мезгилдерде бүркүт менен түлкү дос жана өтө ынтымактуу болушат. Бирибизге
бирибиз кара санашпайлы деп убадалашат. Ошондон көп убакыт өтпөй бүркүт бир
жыгачка уя салат, ал жыгачтын түбүнө түлкү тууп, бачикилерин бага баштайт.
Түлкү бир күнү бачикилерин калтырып, алыс жакка жем издеп кетет.
Ошол учурда бүркүттүн карды ачып, дарактын түбүндөгү түлкүнүн бачикилерин жеп
салат. Анан нык тойгондуктан уйкуга кирет.
Бир аздан кийин олжосу менен түлкү келет. Караса, балдары жок. Ал: «Алыстан
душман келбейт. Бул карасанатайлык бүркүттүн колунан келди», – деп, дароо түшүнөт.
Көз жашын көлдөтүп ыйлайт. Кармашайын десе, алы жете турган эмес. Бирок жержеберине жетип каргайт.
Эң аягында: «Сом темирге балка бар, чоңсунганга алда бар» – деп, өзүнө өзү кайрат
берип, эркин чыңдайт. Кекенип туруп, сенин балапандарыңды мен жеп, сага күйүт салсам,
арманым болбостур, – деп, көз жашын аарчыйт.
Акыр тагдыр өзүнүн калыстыгын көрсөтөт. Түлкүнүн энелик мээрими менен жаш
төккөнүн укса керек. Бат эле алай- дүлөй түшүрүп, катуу шамал болот. Таш менен
топурактарды учурат. Бүркүт уя салган жыгач түбүнөн омкорулуп, кулап түшөт. Анын куу
бутактарына чагылган тийип, ал алоолонуп өрттөнө баштайт. Балапандар окчун жерге
барып түшөт. Балдары чала жан. Түлкүнүн көктөн тилегени жерден табылып, түлкү акең
мойсоп салат. Ынтымак менен шертти бузган бүркүт ошентип, балапандарынан кол
жууйт.
БҮРКҮТ МЕНЕН КОҢУЗ
Бүркүт асманды айланып жүрүп коёнду көрүп, качырып сала берет. Коркок байкуш
алыстан ажал келе жатканын сезип:
– Жан соога! – деп, жетип барат. Ал тездик менен коёнду тезекке калкалай салат.
Бүркүт коёндун жашынган жерин көрүп калган. Ал локуюп отуруп алган кезде, коңуз
бүркүткө мындай дейт:
– Баатыр, жан соога, бечара бир күнүн көрсүн – деп, жалынып-жалбарат. Анын
өтүнүчүнө кулак салбастан бүркүт коёнду дароо жеп, өзөк жалгайт.
Болгон ызасына чыдабай коңуз:
– Сенин тукумуңду курутпасамбы! – деп ант кылат, бүркүт кай жерге уя салбасын
коңуз жылып барып, жумурткасын кулатып таштап, тукум курут кылат.
Бүркүт канаттуунун зору болгону менен, өзү кетирген катаны ойлоп да койгон жок.
Ал:
– Мен кандай айла кыламын, тоого барсам дагы, ойго барсам дагы коңуз көлөкөчө
артымдан калбай жүрүп, жумурткамды бүт талкалады – деп, пайгамбарга арызданат.
Пайгамбарым боору ачып, бүркүттүн уясын өз койнуна алат. Муну байкап калган
коңуз кекенет. Коңуз кыкты тоголоктоп барып жумурткаларга аралаштырып салат.
Кыкты көрүп, пайгамбарым күбүймүн деп бүркүттүн жумурткасын кошо күбүп, баарысын
жерге таштап салат. Бүркүткө түн түшүп, жумуркаларынан ажырайт. Мына ошол
мезгилден кийин урук чачып жаткан маалда эч качан бүркүт уя салбай калыптыр. Эч
кимди, эч качан колунан келбейт деп кемсинтүүгө жарабайт тура.
КИЙИК МЕНЕН КОЙЧУ
Илгерки өткөн заманда койчу өзүнүн кой-эчкилерин жакшынакай жайытка жайды.
Жайкалган чөп, таза аба, тунук булактын суусу малга да, адамга дагы кандай жагымдуу.
Бир күнү койлоруна караганы жок бийик жерге жайып, кечинде короосуна айдап келди.
Абайлап караса, тоодон бир кийик кошо келип, короого кирип калыптыр. Аны көрүп, бир
чети таң калып, бир чети койчу кубанат.
Ал мейманды жем берип, жакшылап коноктоду. Анын максаты өзүнө үйүр кылуу
керек эле.
Эртеси күн чайыттай ачык болду. Кой-эчкиден мурун баягы кийик тышка чыгып,
тоону көздөй куюндады. Чөбүн, жемин жеп кайберендик кылып, кылчайбай кеткенине
койчу ичи күйүп, аябай таарынды. Ошол жүргөн зоокаларды карап, көзү тешилди. Аны
байкап калган кайберендин жол башчысы мындай деп үн алыптыр:
– Сен кой-эчкилериңди унутуп коюп, кийиктерди өзүңө үйүр кылсам деп аракет
жасапсың. Эгерде бизге башка жактан кийиктер келип кошулуп калса, бизди такыр оюңа
алмак эмессиң. Ошондуктан ачка болуп азап тартпайлык деп кийик сенден кетип
калыптыр.
– Туура-туура! – деп, койчу башын ылдый ийкеген экен. Илгерки убактан бери карай
айтылып келе жаткан элдин нускалуу сөзү бар эмеспи: «Эски дос эстен кетпейт, жаңы дос
кадырга жетпейт» – деген. Кайберендердин жогоркудай айткан сөздөрү абдан туура.
КАРАСАНАТАЙЛЫКПЫ, ЖЕ КАРА ЖЕМСӨӨЛҮКПҮ
Бир кездерде арстан, карышкыр, түлкү аябагандай ынак болуптур. Кенедей тамак
табылса, нысап менен бөлүшүп жегенге үйрөнүшөт. Бир жолу үч дос жортуулга жөнөшөт.
Көп мезгил өтпөй жолдон бир козулуу кой, келишкен кочкорго кезигишет. Үчөө тең
кубанычка батышып, күлүңдөп бири- бирин карашат.
– Кана, көк жалым, бул олжону эми кандай бөлүштүрөбүз, сөз сенде, – деп, арстан
карышкырды карайт.
Карышкыр буйдалбай туруп буга мындай деп жооп берет.
– Кочкор – сиздики, кою – меники, козусу – бечара түлкүнүкү.
Арстан карышкырдын бул сөзүн жактырбай, ачуусу келип, аны жаактан ары тартып
жиберет. Карышкырдын бир жаагы кыйшайып, көзү чанагынан чыгып, мурдунан кан
токтобой агат.
Андан кийин арстан:
– Кана, жойпум, эми сен айтчы! – деп, түлкүнү карайт. Түлкү кыйпычыктап, жалтактап
мындай деп сүйлөп баштайт:
– Арстаке, кочкор, албетте, сиздики, аны сиз эртең менен жейсиз. Кой деле сиздики,
насибиңиз, аны менен түштөнөсүз. Козунун этин жатар алдында жесеңиз, өтө жеңил,
даамдуу. Кудай баарысын сизге аш кылсын – деп, сөзүн аяктайт.
Арстан түлкүнү далыга чаап эркелетет:
– Өз көмөчүңө күл тартпаган желмогузсуң, андай болбосо кулагыңдан айырып,
тилиңди кесет элем – деп, үчөөн тең арстан жеген экен.
АЙЛАКЕР ТҮЛКҮ
Мурунку өткөн заманда кызыл түлкү болгон экен. Тамак издеп таппай аргасы түгөнүп
келатса бир бышырылган нан жатат. Аны алып ичинен кымың дей түшөт. «Муну байдын
койчусуна берсем колкосуна кой-козу белек кылар» – деп ойлойт. Ошентип, түлкү
жалооруп койчуга жайын айтып, нанды алып барып берет.
«Бай урушса, көп уруштун бири» – дейт да, түлкүгө бир козу берип жиберет.
Түлкү абдан кубанып, козуну өзүнүн үңкүрүнө алып барып, чөп таап багып жүрөт.
Үңкүргө жакын жердеги бир сагызган шакылыктап, козуну багып жүргөнүн
карышкырга жеткирет. Түлкү чөпкө кеткенде карышкыр менен сагызган козуну алып
кетишет.
Түлкү дароо бул иш сагызгандын колунан келгенин билет.
Аларды өлтүрүштүн амалы менен түлкү эми издеп жөнөйт.
– Кышка бир ичик жасап бергин, – деп, карышкырга жолугуп айтат. Карышкыр ага
макул болот. – Анда акырын менин артымдан баргын, мен тамак белендеп турайын – деп,
жөнөй берет.
Түлкү мурда барып чок салган ороону көлдөлөң менен жаап коёт. Карышкыр келет.
Көлдөлөңгө отурайын дегенде эле от жалындап күйүп, карышкыр кошо күйүп өлөт.
Сагызган келер убагын билип, түлкү өлүмүш болуп жатып калат. Сагызган шакылыктап
жаны-алы калбай келет. Түлкүгө конуп, көзүн чукуюн дегенде, сагызганды шап кармайт.
Ошентип, кызыл түлкү амал менен өзүнө жамандык издегенди кармап, алдап
өлтүргөн экен.
МОЛДОБАСАН МУСУЛМАНКУЛ УУЛУ
Акын, манасчы, комузчу, жомокчу жана кыякчы Молдобасан Мусулманкул уулу 1883жылы Акталаа районундагы Терек айылында төрөлгөн.
Атасы айылдык дарыгер, сөзмөр, агасы Калыгул «Манас» эпосун айткан.
Ушундай чөйрөдө өсүп, он жети жашынан өз алдынча ыр чыгарып, ырчы катары эл
ичине белгилүү болот.
1933-жылдан 1952-жылга чейин Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз
мамлекеттик филармониясында иштеген. Андан «Салтанат» (1930), «Гүлбара менен
Асан» (1935), «Осмон баатыр» (1936), «Акылдуу кыз, Зулум хан» жомоктору, «ЖанышБайыш», «Кедейкан», «Курманбек»,
«Жаңыл мырза» дастандары, 1944–1945-жылдары «Манас», «Семетей» эпостору
жазылып алынган.
Кыргыз ССРинин Эл артисти (1935).
Эмгек Кызыл Туу, эки «Ардак белгиси» ордени жана медалдар менен сыйланган.
АКЫЛДУУ КЫЗ ЖАНА ЗУЛУМ ХАН
Бир хан илгери таптакыр кыз жактырбай коёт. Күндөрдүн бир күндөрүндө эли
жыйылып келип:
– Э, ханым, сиз дүйнөдөн так өтөсүзбү? – дешти. Анда хан элине:
– Макул, болот, андай болсо менин кол алдымдагы элде канча кыз бар, баарын жыйып
келгиле, – деди.
Эли макул болуп туш-тушка ат чаптырышты. Бай, жарды, кедей-камбагалдардын
кыздары жыйнала баштады. Он беш менен он жетинин ортосу келсин делип эскертилген
эле. Он беш менен он жетинин ортосундагы кыздарын колунан жетелеп, кээ бирөөнүн
атасы, кээ бирөөнүн энеси келе беришти. Ошентип, кыздар үч күндө чогулуп бүттү.
– Кыздар жыйылды! – деп, ханга кабар жетти. Акылсыз хан эл ичинде кыздарды бүт
көрөмүн деп сүйүнүп кетти.
Кырк вазирин ээрчитип, ордосунан чыгып келип, чогулуп турган кыздарды көрө
баштады. Көрүп бүтүп, көпчүлүк элди кабар салып жыйнатты. Эли чогулуп ханга:
– Көңүлүңүзгө кыздардан жактыбы? – дешти.
– Ким жакшы, ким жаман экенин бир көрүп билүү кыйын. Ошон үчүн ким эстүү, ким
эссиз экенин билгим келет. Ал үчүн мен бир нерсе сураймын, – деп, хан элине жарыялады.
– Эгер ошол сөздү ким тапса, мен ошол кызды аламын, – деди.
Эли бул сөзгө айран-таң калды. Келген кыздардын саны бир миң беш жүз экен.
– Угуп тургула, – деп хан жана айтты. Көпчүлүгү шап турушту. Хан өзүнүн сөзүн айта
баштады. – Кең кайсы? Тар кайсы? Ушул эки сөздү тапкан кызды аламын. Мөөнөтү кырк
күн, – деди.
– Кыздар чурулдай баштады.
Ата-энеси да үйлөрүнө кетпей, кыздардын жанында турсун, – деп, жарыя кылды хан.
Анан үйүнө өзү кирип кетти.
Кыздардын ата-энелери чуулдап-чуркурашты. Эгер бир эле кыз кокус үйүнө кетсе,
анын ата-энеси, өзү, үй-мүлкү талана турган болду. Ар он кызга бирин башчы кылып,
ошол башчыдан жооп алам деп, вазирлерине катуу тапшырган экен хан. Кыздар талаага
жайнап чыга башташты. Хандын буйругу боюнча он кызга бир кыз башчы болуп
шайланды.
Күндөн күн өттү, бирок сөздү эч кимиси таба алган жок. Кайгырып, капа болду.
Кыздар ыйлады-сыктады. Себеби эч кимиси таппаса, баарынын башы алынат, бирөө
тапса баары кутулмак.
Кыздар тура берип аттары ыргайдай, өздөрү торгойдой болду. Бирок эч кимисинин
акылы жетип залим хандын оюндагы тар жана кеңди таппады.
Ар бир үч күндө он башы кыздардын тапкандарын ханга келип айтып турду. Ханга
келсе деле, бул эмес дейт. Кыздардын заманасы куурулуп, төрт айласын таппай, кара
жандарын кайсы жерге катаарын билбей, залим хандын жарлыгынан коркуп, кырк күн,
кырк саат турушту.
Он башылар тар деген капчыгай, жыландын ийни, куркулдайдын уясынын оозу,
ийненин көзү деп, дагы ушул сыяктуу бир топ нерселерди айтышты. Эч бирин туура
көргөн жок залим хан. Кыздар талаада болсун жана үйдө болсун ыйлап-сыкташат, аларга
кошулуп ата-энелери да ыйлап- сыкташат, бирок эч бир кыз эмине тар, эмине кең экенин
таба алган жок. Кыздардын күнү каран болду. Өңдөрүнөн азды, кыздарды санаа катуу
басты. Эч бир айла таба албай, акыры өлөбүз дешти. Чуркурап муңдуу келин-кыз болуп
ыйлашты.
Аңгыча хандан бир жигит келди:
– Кары дебей, жаш дебей, келин дебей, кыз дебей канды көздөй жүргүлө, хан
жарлыгын билгиле! – деди ал.
Кыздар ханды көздөй агылышты. Жолдон куурай терген чаар кыз көрүндү. Көйнөгү
жок, кийими жок. Бирок орогу бар колунда, көтөргөнүн байкасаң, бир чоң жүк куурай
жонунда. Жоолугу жок, жылаң баш, көйнөгү чолок жылаңач. Ага Күлайым барды
жакындап, бирок аты үркүп жолободу. Күлайым болбой чаар кызга кеп айтат:
– Атым үркүп жолобой жатат, – деп айтат. Анда кылчая карап чаар кыз Күлайымды:
– Коё турчу, – деп айтат. Куурайын таштап жонунан, орогун таштап колунан
Күлайымды чаар кыз тосуп турду жолунан. – Күндө эле кыздар келесиң, талаанын гүлүн
тересиң. Жаңыдан мында келгенде, жаркылдап алтын кийип, жаныңар калбай сүйүнүп,
тоту куштай таранып, боюңар сулуу формалуу, алтындан кийип жаркылдап, аябай
шаңдуу келдиңер да, талаанын гүлүн тердиңер, кырк күн болду келгениң, не экенин
билбедим, эжеке, капа болбосоң, күндө ойноп жүрөсүң, бүгүн жаман мүнөзүң, кандай оор
иш түшүп башыңа, капа болуп жүрөсүң. Карасам, башка мүнөзүң, кай түрдүү иште
жүрөсүң.
Капа болбо мен үчүн, мен кайгырам сен үчүн. Куурай терген мен болсом, кубанып
жүргөн сен болсоң. Капа болбо өзүмө, жооп бер, эже, сөзүмө – деп, чаар кыз айтты мындай
кеп.
Анда Күлайым кыз сүйлөдү. Чаар кызды сүйбөдү:
– Куурай терген сен болсоң, куурап жүргөн мен болсом, – терикти кыздын сөзүнө, –
болосуң теңтуш өзүмө, жолдон чыккын тартайбай,көрүнбө менин көзүмө!
Анда чаар кыз:
– Ай, сулуу кыз, эжеке, кимдер жорго минбеген, башына бакты конгондо, кимдер
торко кийбеген. Теригесиң сөзүмө, көрүнбө дейсиң көзүмө, жакшылап жооп бербейсиң,
менин айтка сөзүмө. Азыр жаман көрөсүң, бакты консо башыма, көрүнөөрмүн көзүңө.
Танбагын айткан сөзүңө, жардычылык- жокчулук, береке болот токчулук, бакты кетсе
башынан, басат экен жокчулук. Мен да сендей кыз элем. Туурга конгон куш элем. Дүйнөдө
жок уз элем. Эркелээрге энем жок, аркаларга ага жок, энем өлүп кор болуп, дүйнө жүзү тар
болуп, бутумда жок нөкөрүм, эки таман чор болуп, мен жүрөмүн бул жерде бир көйнөккө
зар болуп. Он сегизде өмүрүм, мен да сендей болсом деп, ойлоп турат көңүлүм. Бирок
көйнөгүм жок жылаңач, тебетей жок жылаңбаш, куурай терем зарыгып, мени да сендей
кылбайт деп, кудайга турам таарынып. Көп карадым кылчактап, карап турсам алыстан
көзүмүн жашы бурчактап, жолобогун, сен, дейсиң. Жокчулук келсе бир күнү, сен дагы эле
мендейсиң. Ата-энеңин барынан алжаңдап ойноп жүрөсүң. Аял-эркек болсо да, башына
конгон багынан, сен болсоң менин өзүмдөй, киши качат жаныңан. Бакты кетсе башынан,
падыша түшөт тагынан.Мен да сендей кийинсем жигиттер кетпес жаныман. Сулуулукка
ишенбе! Сулуулукка ишенсең, түшөсүң бир күн кишенге – деп, чаар кыз айтты.
Күлайым кыз, атынын мойнун буруп, кылчайып туруп, чаар кызга сүйлөй баштады:
– Сен капа болдуңбу? – деди Күлайым, – кагылайын, эжеке, мен сөзүмдү баштайын:
хандан кабар келиптир, калкка кабар салыптыр, кыздын баарын келсин деп, бүгүн жооп
берсин деп, табышмакты тапсын деп, тапканы айтып берсин деп. Тапсак барып айтабыз,
таппасак бир миң беш жүз кыз баарыбызды хан өлтүрөт. Хандын иши кыйын деп, кырк
күн кылды жыйын деп чаар кыз анда кеп айтат:
– Ээ, Күлайым сулуу кыз, өзүң менден улуу кыз. Кандай табышмак эле айтып берчи
угайын, мен да угуп сынайын.
– Эки эле ооз табышмак, таппай койдук ушуну, тапкан кызды аламын, – дейт. Дүйнөдө
кең кайсы? Тар кайсы?
Күлайым сапарын улайт. Чаар кыз коштошуп туруп калат. Күлайым кыздарга барса,
алар чуу-чуу болуп жатат. Күлайымды кайда жүрдүң? – деп, бир хандын вазири кагыпсилкип коркутат. Күлайым эки жагын карап, көзүнөн жашы тамчылап ыйлайт. Хандын
вазирлери кыздарды өлтүргөнү кылычтарын кайрап, курчута баштайт.
Бир убакта хан кыздарга келип:
– Кана, кыздар, таптыңарбы? – деди. Кыздар бирин бири карашты. – Же өлүмгө
ыраазы болдуңарбы? – деди хан, мурдагы сөзүн кайталап.
Кыздар чуркурап ыйлады. Бир убакта Күлайым тура калып:
– Ханым, баш кесмек бар, тил кесмек жок. Кыздардын баарын кырсаңыз, кыра
бериңиз. Бирок бир өтүнүчүмдү аткарып, анан кырыңыз. Мобу токойдо бир кыз жүрөт,
кечээ мени көрүп, эки сөздүн башын кошо албайсыңар да, анан күйөөгө тиймек болосуңар
деп мени кордоду, – деди. – Ошол кызды да алдырып келгиле, табышмакты тапса тапсын,
таппаса биз менен бирге өлсүн.
– Макул – деп хан, токойдогу кызга киши жиберди. Бир жигит токойго чаап барса, бир
кыз жүрөт. Эч ким менен иши жок. Жигит:
– Ой, кыз, куурайыңды ташта! – деди. Чаар кыз олурайып карап калды. – Хан сени
алып келгин, – деди.
Анда чаар кыз:
– Сенин ханың кандай кылып алып кел, – деди. Учкаштырып кел дедиби, же атка
мингизип кел дедиби? – деди жигитке.
– Тим эле, – деп, жигит кызга жооп берди.
Анда мен барбаймын, учкаш десем болбой койду деп айт, – деди чаар кыз.
Жигит чапкан бойдон кайра ханга жетип келди.
– Канакей, жанагы кыз? – деди.
– Келбей койду. Хан бир ат берип жиберсин, ат жибербесе, мен бара албаймын, эгер
керек болсо, хан өзү мени менен жооптошуп кетсин дейт, – деди, жигит ханга.
Хан кызга бир ат кошуп жиберди. Чаар кыз атты минип жетип келди. Көйнөгү жок,
жоолугу жыртык, жаман чапан. Жанында бир жарым миң кыз ыйлап турат. Кырк
вазирдин колунда кылыч, найза, мылтык.
Чаар кыз аттан түштү. Хан каарлуу. Хан чаар кыздын жанына келип:
– Кызым, сен бир нерсени билесиңби? – деди.
– Жок, – деди чаар кыз.
– Кең кайсы? Тар кайсы?
– Тапканды эмне кыласың, ханым? – деди кыз.
– Ким тапса, мен ошону аялдыкка алам.
– Эгер мен тапсам, мени да аласыңбы?
– Алам. Тар кайсы? – деди хан.
– Ушул элеби?
– Ушул эле.
– Андай болсо, кең – кудайдын казынасы. Тар – кудайдын каары. Себеби кудай
ырайым кылса кечирет. Тар – сенин каарың. Ушунча кыздын канына савинсиң. Ушунча
кызды бир сөз үчүн өлтүргөн жатасың. Бирок ушунчанын канына савин болуп жаткан
сенин күнейиңди кечип жаткан кудайга ыракмат. Тар менен кең ушу – муну таптымбы? –
деди чаар кыз ханга.
Хан айран калып:
– Таптың! – деди чаар кызга.
– Эгер тапсам, убадаң боюнча кыздардын баарына кечирим кыл.
Хан макул болуп, кыздардын кетишине уруксат берди. Кыздар ошентип, өлүмдөн
калды. Чурулдашып чаар кызга жалынышып:
– Кудай тилегиңди берсин, өмүрүң узун болсун, көшөгөң көгөрсүн – дешип, чаар кызга
ыраазы болушту. Үстүндөгү бирден чапанын беришти. Чапан үйүлүп, тоодой болду. Хан
үйүнө кирип кетти. Чаар кыз эшикте калды. Хан кайра чыкканы жок. Чаар кыздын ачуусу
келип, бир боо куурай менен тоодой болуп үйүлгөн чапанды өрттөп жиберди. Түтүн
асманга көтөрүлдү. «Өрт болгон экен» – деп, элдин баары кайра чогулду. Хан эшикке
чыкты. Эл өрттү өчүрүп, чапандарды талап кетишти.
Кээ бирлери чаар кызга:
– Муну эмне өрттөдүң? – деп, суроо беришти.
– Муну эмне кылат элем, мага дүнүйөнүн кереги жок – деди.
Эл ага:
– Эрге тийгенде кийбейсиңби? – дешти. Анда чаар кыз:
– Мени алуучу киши бир көйнөк таап алаар, – деди. Ушуну менен эл тарап кетишти.
Чаар кыз эшикте калды.
Хан эшикке чыгып, чаар кызга:
– Сен кете бер, эртең барып өзүм алам, – деди.
Чаар кыз үйүнө кетти. Эртеси күтсө, хан келбейт. Чаар кыз атасына:
– Ата, сен хандын эшигине барып, хан эле хан, сен менин кызымды алам депсиң,
аласыңбы, жокпу? – деп кыйкыр. Андан коркпоңуз, ата, – деди атасына чаар кыз.
Чал өгүзүн минип алып, хандын эшигине жетип келди.
– Ой, о-ой, хан барсыңбы? – деди чал. Хан эшикке чыгып караса, бир чал. Чал:
– Хан сенсиңби? – деди.
– Ооба, менмин, – деди хан.
– Эмесе, сен хан болсоң, мен сенин кайын атаңмын. Хан уялып кетип:
– Эмне кыйкырдың? – деди.
– Менин кыйкырганым, менин кызым жиберди, хан мени качан алат экен, ошону
билип кел деп жиберди, – деди.
Хан бир азга уялып, туруп калды. Анан жигиттерин чакырып, эки мекиян тоокту бир
корозу менен чалга артып:
– Муну кызыңызга алпарып бериңиз, бүгүн куудурсун, эртең туудурсун! – деди.
Абышка артынып алып жөнөдү. Үйүнө барып, кызына капачылыгын айтты. – Балам
сени хан албайт экен, эки тоок берди, бүгүн куудурсун, эртең туудурсун, – дейт.
Кызы күлүп, корозду баш кылып эки тоокту союп, бышырып, атасын этке тойгузуп,
куурайга кете берди. Ушуну менен арадан үч күн өттү. Кыз атасын ханга жибермек болду.
– Сен ханга бар. Оо, ханым де, тоокторуңду алып бардым. Бир күнү куудурду, эртеси
туудурду, эми жумурткасын бооруна басып, чайкап жатат кызым. Андыктан үч күндүк
жөжөгө үч күндүк таруу керек экен, мобул тарууну бүгүн айдасын, эртең сугарсын,
бүрсүгүнү чыгарсын, анан бастырып туруп, алып келсин деп айт ханга, – деди кыз
атасына. Бир аяк таруу берип, атасын ханга жөнөтүп, кыз туруп калды. Чал хандын
ордосуна келди.
– Хан барбы? – деди.
Хан эшикке чыкты. Караса, чал турат. Чал ханга баарын төкпөй-чачпай айтты. Хандын
заманасы куурулду. Эч айла таппай, казынасындагыларды чакырды да, чалдын
куржунуна толтура алтын салып берди.
– Бул кызыңдын калыңы үчүн берилди.
Чал алтынды көтөрүп алып, кызына келди. Кызы:
– Эң сонун болуптур – деп, алтынды эч кимге айтпай катып койду. Бир кой союп,
айылындагы элин чакырып тамак берип, чаар кыз жүрө берди. Үч күн өттү. Чаар кыз
атасын кайра ханга жиберди. Кызынын айтуусу боюнча ханга барып чал:
– Кызымды аласыңбы, же албайсыңбы? Алам десең чыныңды айт, эртеңден калбай ал.
Албасаң куурайына барат эле, – деди.
Хан туруп айласы кетип:
– Эртең токойго куш салам, ошол жерге келсин кызың, – деди хан чалга.
Чаар кыз эртеси эрте туруп, белине орогун чалып, бир көтөрмөсүн белине курчанып,
токойго келип, куурайын тере берди. Хан ууга токойго саякатка чыкты:
– Чаар кызды табалы. Алып келип нике кыйып, үч күндөн кийин кайра коё берели, –
деп хан, кырк жигити менен кеңешти. Токойду аралап келе жатса, чаар кыз ошо жерде
жүрөт. Хан өзү барып караса, өңү чаар экен. «Эптеп алып барып, анан коё беремин» деген
ой менен туруп:
– Мен сени алганы келдим, – деди кан.
Чаар кыз макул болду. Хан бир кишинин атын мингизип, бир жигиттин кийимин
кийгизип, чаар кызды хан ордосун көздөй алып жөнөдү. Жигиттери алып келип, чаар
кызды хандын үйүнө таштады. Аны көргөн эл:
– Ханды кудай алсын, чаар кызды алыптыр – дешип, эли ханды жерге-сууга тебелептепсеп ушакташты. Хан уудан келгенче казынаны чаар кыз ачтырып атлас, шайы, тукаба,
буулум, жибек, сонун-сонун буюмдардан кийимдерди тандап алып, мончого түшүп
кийинди эле, чаар кыз бир сонун эле сулуу кыз болуп жатып калды. Тим эле моймолжуйт.
Хан үйүнө келди, атын байлап коюп кирсе, үйүнүн ичи эң эле сонун болуп жасалган,
дасторкону салынган, үйгө кирсе кайра чыккыс.
Хан таң калды, чаар кызды караса, өтө эле сонун болуп калыптыр. Хандын ичи
жылыды. Элин жыйып, той берип, чаар кызга нике кыйды. Хан:
– Кардыгач мен сенден бир нерсе сурайын, эгер мен адилетсиз иш кылсам, эч кимге
айтпа.
Чаар кыз макул болду. Хан элди күбө кылды, эгер каршы чыкса, коё бермек болду.
Ушуну менен чаар кызга нике кыйдырды.
Эл чаар кызды бүгүн-эртең кетет дешип жүрдү. Арадан бир ай өттү. Чаар кыз кетпей
эле жүрөт. Чаар кыз байбиче болду. Бир абышканын жалгыз бээси бар эле, бээсин минип
жолоочу жүрүп калды. Бээси бооз эле. Абышка түштүк жерге келгенде, түн кирди. Жолдун
боюнда эки киши жатат. Эки ат кошкон арабасы бар экен. Аттарын откоруп
жатышыптыр. Абышка ошонун жанына барып түштү. Бээсин отко коюп уктады. Бээси
тууп салды. Уктап калган абышка бээсинин тууганын билбеди. Арабакечтер арабасын
кошуп жөнөп кетти. Кулун арабанын калдырагын угуп артынан ээрчип кете берди.
Арабакечтер узап кетти.
Абышка тура калса, бээси тууп коюптур. Бирок кулуну жок, бээси кишенеп турат. Арыбери карайт. Кулун көрүнбөйт. Абышка өзүн башка бир муштап, арабага жетсе, кулун
ээрчип бара жатат. Барып кулунду кармаса, арабакечтер бербей:
– Биздики! – дешти, абышканы токмоктоп да койду.
Абышка аларга алы жетпей, кайра ханга келип, бардыгын айтты. – Менин кулунумду
эки арабакеч зордуктап алды, – деди чал ханга.
Хан киши жиберип, арабакечтерди алдырып келди. Алар:
– Кулун биздики, араба тууп берди, – дешти. Чал:
– Менин бээмдики! – деди.
Хан араба менен бээни эки жакка койдуруп, кулунду коё берди эле, кулун арабаны
ээрчип берди. Себеби түн ичинде туулуп, арабаны ээрчип кетет, энесин тааныбай калган
эле. Хан:
– Кулунду араба тууганы чын экен – деп, арабакечтерге алып берди.
Абышка кулундан ажырап, үйүнө барса, кемпири кактабай канын ичет. Абышканын
айласы кетип: «Хандын аялы эстүү эмеспи, ошого барайын да, бир айла таптырып
алайын», – деп ойлоду. Абышка хандын үйүнө далдаланып келип карап турса, Кардыгач
бурактап эшикке чыкты. Муну көрүп, абышка жолунан тосуп тура калды да:
– Балам, амансыңбы? – деди.
– Шүгүр – деп, Кардыгач жооп берди. Абышка ыйлап жиберди.
– Мен, балам, абдан жаман болуп турам, өзүң көрдүң, хан менин кулунумду бир
арабакечке алып берип койду. Ошону кайра алып береби деп үмүт этип, сага келдим эле,
балам, – деди чал.
Кардыгач ырайым этип:
– Ата, – деди чалды, – менин хан менен кылган убадам бар эле. Эгер хан угуп калса
мени коё берет го, – деди чалга.
– Мен эч кимге айтпаймын, эгер айтсам, мени жер жутсун, – деп, жооп берди.
– Сен үйгө бар. Баланы кемпириң менен талашып, үйүңдүн ичиндегилерди көтөрүп
алып, бети-башыңарды жарып, кызыл жаян болуп ханга келгиле. Баланы кемпирге бербе,
– деди.
Абышка үйгө келди, кемпири менен урушуп, баланы талашып, бети-башын айрып,
оокатын бөлүп алды, хан булардын чатагын угуп, чакыртып келип, сурай баштады.
Абышканын башы, кемпирдин бети жарык, баланы талашып абышка – меники, кемпири –
меники, – дейт. Бири-бирине сөз бербейт. Хан абышканы:
– Сен кантип туудуң? – деди.
– Мен эртең менен эрте отунга барсам, бир куу теректин боорунан ушул баланын буту
чыгып туруптур, сууруп алсам, ушул бала экен, – деди. Хан:
– Куу теректен кантип бала чыксын, – деди.
– Таксыр, куу араба кантип кулун туусун, – деди чал.
Хан уялып кетти. Арабакечти таптырып, кулунду абышкага кайтарды. Хан:
– Мен жаңылып калыпмын, – деп, кемпирге бир кулундуу бээ, музоолуу уй, бир сыйра
кийим менен баласын колуна берип, кемпирди жөнөттү.
Абышкага бир ат мингизди да, бирок абышканы хан алып калды.
– Сен чыныңды айт, бул акылды сага ким айтты? – деди хан.
– Эч ким айткан жок, эч сырым деле жок.
– Сырың эң көп, айт!
Чал сырын айтпай койду. Хан сурасам айтпайт деп, төөнүн терисин сууга жибитип,
ошонун ортосуна чалды тиктирип туруп тамдын күн жагына жөлөтүп койду. Бешим
болду. Айткан жок. Бирок күнгө тери кургап бырышып-тырышып абышканы кысып, сайсөөгүнөн өтүп, өлө турган болду. Чал бакырып сырын айтууга макул болду. Чал:
– Сенин аялың айтты, – деди.
– Болуптур, – деп чалды чыгарып, жолуна салды. Хан үйүнө келип Кардыгачты:
– Убада кана? – деди эле, Кардыгач кемчилигин мойнуна алды.
– Сени кетирем, – деди.
– Мейлиң, – деди, ыраазы болуп Кардыгач. Кырк жигитти хан чакырып:
– Силер Кардыгачты жеткирип келгиле, – деди.
Кырк жигит капа болду. Бирок ооз ачпады ханга. Хан эки атка араба коштуруп, үйүн
көздөй жөнөтмөк болду.
– Убада аткарылбай калды. Эми ыраазы бол, – деди хан.
– Ыраазымын, – деп колун бооруна алды.
– Эми сен менин тактымды, таажымды калтыр да, башка дүнүйөдөн алышыңча ал, –
деди. Кардыгач буга макул болду.
– Эми мен кетем, ага чейин колум менен бир тамак берейин, – деди кыз.
Ошентип, экөө бир үйгө кирди. Эң сонун тамак кылды. Ханга бере баштады. Хан
кызыгып иче берди да, бир маалда мас болду. Түртсө да ойгонбогудай уктап калды.
Ханды Кардыгач чоң сандыкка салып, оозун бекитип койду. Таажысын, тагын коюп,
керебеттин көшөгөсүн түшүрүп, киши жаткандай кылып койду. Эшигин ачып,
жигиттерди чакырып, төрт кишиге көтөртүп чоң сандыкты арабага салдырды. Хан
уйкусунан ойгонбоду. Кардыгач жигиттерге:
– Эми мен кеттим, ханыңар уктап калды, качан ойгонгондо эшикке өзү чыгат, аман
болгула, – деп, арабаны бир жигитке айдатып, жөнөп кетти. Хандын жигиттери капа
болуп кала беришти.
Кардыгач абышканыкына барса, уктап калыптыр. Ойготуп, от жактырып отурушту.
Арабакеч:
– Эми мен кетейин, – деди. Кардыгач:
– Коё тур, сен да калыс кишисиң, мына бу сандыкты көргүн, – деди да, сандыкты ачты.
Ачса – хан. Хан тура калды, көзүн ачып караса чоочун үйдө жатат.
– Бул үйгө мени ким алып келди я, Кардыгач? – деди хан.
– Сизди мен алып келдим.
– Эмне үчүн?
– Сиз мени коё берерде таажымды, тагымды калтыр да, башка көңүлүңө жаккандын
баарын ал дедиңиз. Мага сиз жагасыз. Ошон үчүн сизди алып келе бердим, – деди
Кардыгач.
– Эч кимге айтпа. Мен уят болдум сага. Муну эч ким көрбөсүн, – деди. – Бул жерде
турсак, хан башыбыз менен уят десе, Кардыгачтын айтып турган жери:
Керектүүнүн баарысын
Алып кеткин, – деп айттың.
Мен сүйлөдүм макул, – деп,
Сизден артык керектүү,
Таба албадым үйүңөн.
Сандыкка сени салдым да
Алып келдим үйүмө.
Пайдасы жок не кылам
Үйүңдө калды дүнүйө.
Кетирбеймин сени деп,
Кардыгач айтты мындай кеп.
Ханзаада туруп зарылып,
Кардыгачка таарынып.
Э, ханзаада, бегим, – деп
Менин уккун кебим, – деп.
Увазир жакшы – хан жакшы,
Катын жакшы – эр жакшы.
Кадырды билген сен жакшы.
Табышмагың мен таптым,
Жаттың менин койнума.
Эми чанып жатасың,
Убалым сенин мойнуңа.
Ак никелеп алдың, – деп,
Алып кайра чандың, – деп.
Кардыгач айтты мындай кеп:
– Убадаңдан танбагын
Уят болот барганым.
Уруу кыздын ичинен
Мени тандап алганың.
Уят болот бекзаада
Мени кайра чанганың.
Убада кылып кеп айттың,
Сага жаккан дүнүйө
Алып кеткин, – деп айттың,
Сүйгөнүм жалгыз сен болдуң,
Алып келдим өзүңдү.
Үйүңө кайра кетпейсиң
Уккун менин сөзүмдү.
Билегим артам мойнуңа,
Бирге жатам койнуңа.
Кыздан тандап мени алдың,
Кыяматтык сен болсоң,
Кыз алган зайыбың мен болсом,
Сени таштап Кардыгач
Кайсы жакка барам – деп.
Сендей асыл бекзаада
Кайдан таап алам – деп.
Акылдашым сен болсоң
Алган зайыбың мен болсом.
Кудай кошкон кубатым,
Кошулган сиздей урматым.
Таажың менен тактың деп,
Табышмак сөзүм таптым деп,
Миң кыздан сага жактым деп,
Таалайым артык кыздардан
Мени сүйгөн бактым деп,
Кардыгач айтат мындай кеп.
Эми ханзаада туруп кеп айтты,
– Э, Кардыгач, – деп айтты:
– Сенден башка кыздардан
Акылдуу барбы, – деп айтты.
Анда Кардыгач канга кеп айтат.
Э, ханзаада, каным деп,
Кадырды билген жаным, – деп.
Акылдуу кызды айтайын.
Жер жүзүнө Рашит,
Болгон экен падыша.
Падыша болуп турганда
Кырк жигит күткөн жашында.
Акылдуу жигит даанышман
Бирмаки жигити кашында
Өзү сексен жашында,
Жер жүзүнүн баарына
Падыша болгон жашында,
Андан артык акылы
Бирмаки мунун жакыны
Өзү ушундай даанышман
Дүйнөдөн кабар алышкан.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Жомокчулар Жана Жомоктор - 06
  • Parts
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 01
    Total number of words is 4062
    Total number of unique words is 1893
    34.1 of words are in the 2000 most common words
    46.8 of words are in the 5000 most common words
    52.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 02
    Total number of words is 4214
    Total number of unique words is 2104
    32.9 of words are in the 2000 most common words
    44.6 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 03
    Total number of words is 4152
    Total number of unique words is 2045
    34.6 of words are in the 2000 most common words
    47.4 of words are in the 5000 most common words
    54.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 04
    Total number of words is 4150
    Total number of unique words is 2066
    32.5 of words are in the 2000 most common words
    45.7 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 05
    Total number of words is 4129
    Total number of unique words is 1861
    36.1 of words are in the 2000 most common words
    48.6 of words are in the 5000 most common words
    54.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 06
    Total number of words is 4073
    Total number of unique words is 1772
    37.9 of words are in the 2000 most common words
    50.9 of words are in the 5000 most common words
    56.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 07
    Total number of words is 4031
    Total number of unique words is 2005
    35.4 of words are in the 2000 most common words
    47.5 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 08
    Total number of words is 4000
    Total number of unique words is 1967
    34.2 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    55.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 09
    Total number of words is 4090
    Total number of unique words is 2041
    34.4 of words are in the 2000 most common words
    48.3 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 10
    Total number of words is 4090
    Total number of unique words is 1755
    36.3 of words are in the 2000 most common words
    49.5 of words are in the 5000 most common words
    55.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 11
    Total number of words is 4202
    Total number of unique words is 1835
    37.9 of words are in the 2000 most common words
    50.3 of words are in the 5000 most common words
    56.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 12
    Total number of words is 4059
    Total number of unique words is 1853
    34.9 of words are in the 2000 most common words
    47.5 of words are in the 5000 most common words
    53.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 13
    Total number of words is 4023
    Total number of unique words is 1816
    36.1 of words are in the 2000 most common words
    49.0 of words are in the 5000 most common words
    55.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 14
    Total number of words is 4128
    Total number of unique words is 1794
    35.4 of words are in the 2000 most common words
    48.5 of words are in the 5000 most common words
    55.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 15
    Total number of words is 4128
    Total number of unique words is 1880
    33.4 of words are in the 2000 most common words
    47.5 of words are in the 5000 most common words
    54.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 16
    Total number of words is 3951
    Total number of unique words is 1518
    36.3 of words are in the 2000 most common words
    49.6 of words are in the 5000 most common words
    57.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 17
    Total number of words is 3907
    Total number of unique words is 1675
    37.0 of words are in the 2000 most common words
    49.9 of words are in the 5000 most common words
    56.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 18
    Total number of words is 4005
    Total number of unique words is 1671
    37.2 of words are in the 2000 most common words
    51.2 of words are in the 5000 most common words
    57.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 19
    Total number of words is 4054
    Total number of unique words is 2029
    33.6 of words are in the 2000 most common words
    46.8 of words are in the 5000 most common words
    53.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 20
    Total number of words is 4155
    Total number of unique words is 1829
    34.3 of words are in the 2000 most common words
    47.3 of words are in the 5000 most common words
    52.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 21
    Total number of words is 4145
    Total number of unique words is 1916
    33.5 of words are in the 2000 most common words
    46.1 of words are in the 5000 most common words
    53.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 22
    Total number of words is 4175
    Total number of unique words is 1923
    35.3 of words are in the 2000 most common words
    48.7 of words are in the 5000 most common words
    54.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 23
    Total number of words is 3979
    Total number of unique words is 1623
    36.1 of words are in the 2000 most common words
    48.7 of words are in the 5000 most common words
    54.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 24
    Total number of words is 4111
    Total number of unique words is 1658
    36.5 of words are in the 2000 most common words
    49.2 of words are in the 5000 most common words
    54.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 25
    Total number of words is 4082
    Total number of unique words is 1920
    33.7 of words are in the 2000 most common words
    46.1 of words are in the 5000 most common words
    53.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 26
    Total number of words is 3970
    Total number of unique words is 1798
    32.3 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 27
    Total number of words is 4049
    Total number of unique words is 1925
    35.2 of words are in the 2000 most common words
    48.5 of words are in the 5000 most common words
    54.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 28
    Total number of words is 4196
    Total number of unique words is 1935
    34.7 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 29
    Total number of words is 4079
    Total number of unique words is 2069
    33.0 of words are in the 2000 most common words
    44.8 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 30
    Total number of words is 4175
    Total number of unique words is 2074
    33.1 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    52.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 31
    Total number of words is 4117
    Total number of unique words is 2049
    32.9 of words are in the 2000 most common words
    46.1 of words are in the 5000 most common words
    52.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 32
    Total number of words is 4160
    Total number of unique words is 2020
    33.9 of words are in the 2000 most common words
    46.5 of words are in the 5000 most common words
    53.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 33
    Total number of words is 4042
    Total number of unique words is 1830
    36.4 of words are in the 2000 most common words
    49.7 of words are in the 5000 most common words
    55.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 34
    Total number of words is 4275
    Total number of unique words is 1721
    36.7 of words are in the 2000 most common words
    50.1 of words are in the 5000 most common words
    56.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 35
    Total number of words is 4047
    Total number of unique words is 2016
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 36
    Total number of words is 1590
    Total number of unique words is 953
    41.2 of words are in the 2000 most common words
    52.2 of words are in the 5000 most common words
    57.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.