Latin

Жомокчулар Жана Жомоктор - 06

Total number of words is 4073
Total number of unique words is 1772
37.9 of words are in the 2000 most common words
50.9 of words are in the 5000 most common words
56.8 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Аскери баатыр баарыдан
Дүйнөнүн баарын караткан.
Тең келген адам болбогон
Тайгак кечүү, тар жолдун
Далайын түзөп оңдогон,
Пендеде мындай болбогон.
Рашит паша бир күнү
Чыккан экен сейилге
Кырк жигити кашында
Олтурган экен Рашит
Мунаранын башында,
Коңгуроо үнү угулду
Бир мечиттин ичинен
Карап турса Рашит
Беш жүздөй кыз чууруду.
Ошол беш жүз ичинен
Бир сулуу кыз бурулду.
Так ошо кыз пашага
Перизаттай көрүндү.
Рашит кызды карады,
Периби деп санады.
Кызды көрүп кызыды,
Рашиттин башынан
Акылы түрлүү бөлүндү.
Бирмакиге кеп айтты.
Кимдин кызы экенин
Билип келчи деп айтты.
Бирмаки туруп ордунан
Туруп кыздын артынан
Жөнөп калды соңунан
Байкаган жок кыз аны
Барып бир жерден бурулду.
Артынан Бирмаки келе берди. Кыз жасалгалуу бир үйгө кирди. Артынан Бирмаки
кошо кирди. Кирсе үйдүн ичи эң сонун, Рашит падышанын үйүнөн артык. Ар түрдүү сонун
буюмдар бар экен. Адамдын акылы жеткис. Караса, бир сонун аял турат. – Келиңиз, – деп,
эки колун бооруна алды. – Отуруңуз – деп, шашып калды аял. Бирмаки караса, кыз жок.
Айран калды. Аял: – Эмне, сиз шашып турасыз? – деди. Бирмаки: – Бир жумушка келдим
эле, – деди. Аял: – Ишиңиз табылып калаар, – деди. Аңгыча төркү үйдөн кызы чыга келди.
Бирмаки менен учурашты. Бирмаки аялдан: – Сиз кимдин аялы болосуз? – деди. Мен
сиздин жолдошуңуздун аялымын, – деди. Бирмаки кайра сурай албай туруп калды.
Аңгыча эшиктен Акматшарип кирип келди. Биринчиси, падыша Арун- рашит, экинчиси,
Бирмаки, үчүнчүсү, Акматшарип эле. Ошол үй Акматшариптики экен. Акматшарип
Бирмакиден бей уруксат келгенине таңгалып, бул мага жамандык кылып жүргөн экен
деп, каарлана баштап, Бирмакиге кол салууну ойлоду. Бирмаки биле коюп: –Акматшарип,
сен мени жаман көрүп турасың, ырас мен келдим, өтө зарыл жумуш бар эле, – деди.
Акматшарип ага эмне жумушу бар экенине таң кала: – Сени чакырсам да келбейсиң, не
себептен эми келдиң, я? – деди. Бирмаки:
– Мында бир себеп менен келдим. Мени Арунрашит жиберди, – деди.
– Биз таң эртең сейилдеп буранага чыгып, эки жакты карап отурдук. Бир убакта
мектептен кыздар тарап калды. Бир кыз өтө эле сонун көрүндү. Ошону барып билип кел
деп Арын Рашит падыша мени жиберди. Мен тез эле мунарадан түшүп, кыздын артынан
кайда бараар экен деп ээрчип келе берип, эми сизге дуушар болуп олтурамын. Артынан
келсем сиздин кыз экен, – деди Бирмаки.
Акматшарип кызды эмне кыларын сурады.
– Кыз жакса, аламын дейт, – деди Бирмаки. Кептин чынын угуп Шариптин ачуусу
тарады.
– Эгер кызды падышага берсек, эмне дейсиз? – деп Бирмаки Акматшариптен сурады.
– Анда мен кыз менен аялыма кеңешип туруп, жообун эртең берейин, – деди.
Эртеси жообун алуу үчүн киши жибермек болуп Бирмаки үйүнөн чыгып кетти.
Рашитке барса, күтүп турган экен. Бирмакиден: – Кыз жактыбы? – деп, Арунрашит
сурады.
– Бардык, – деди.
– Кимдин кызы экен?
– Акматшариптин кызы экен, сулуулугу бул дүйнөдө жок, эң сонун экен, андай кыз
болбос, – деди Бирмаки. – Периде гана болбосо, бул дүйнөдө жок андай кыз, – деп сөзүн
кошумчалап, өтө сонун экенин, чын пейили менен жактырганын айтты.
Падыша өтө кубанып, көңүлү көтөрүлдү.
– Бергидейби?
Бирмаки: – Мен сүйлөштүм, эртең жооп бермекке кеңешмек болушту, – деди. Падыша
ого бетер кубанды. Вазирлерин чогултуп, шатыра-шатман жамбы аттырып да жиберди.
Эртеси эртең менен Бирмакини чакырып: – Кыздан жооп ал, – деп буюрду. Хан,
бекзаада, акылман, чечендерин чакыртып алып, мен бүт дүйнөгө падыша болдум, бирок
мен өтө кубанып турамын, – деди. Бүгүндөн калбай төрт киши чечендерден жөнөгүлө да,
бүгүн кайра жооп алып келгиле! – деп, кыздын ата-энесин көздөй жиберди…
Алар келе берсин, эмики кеп Акматшариптен болсун.
Акматшарип Бирмакини кетирип жиберип, кызына эмне деп айтаарын билбей өтө
капаланды. Эч кеп-сөз дебей олтура берди да, эшикке чыкты. Муну көрүп, кыздын
энесинин ою ар түрдүү бөлүнүп капа болду, ыйлады.
Кызы: – Эмне ыйлап жатасың – деп сурады. Анда энеси:
– Ээ, балам, сени мен атаңдын ажалына тууган экемин, – деди. Кызы чочуп кетти.
– Сени Арунрашит падыша алам дептир. Ага өз каалооң менен барбайсың, ошон үчүн
хан атаңы өлтүрөт.
– Эгер мени падыша аламын десе, барамын. Капа болбой эле койгула, – деди кыз.
Энеси сүйүнүп кетти. Эшикте турган Акматшарипке:
– Сүйүнчү, кыз макул болду, – деди. Акмат да өтө кубанычта болду, үйүнө кирди. Кызы
Күланданы атасы чакырып, өз оозу менен сурап, ишенип, көңүлү анык жайланды. Эртең
келет хандын кишиси, эмне жооп берейин, – деди кызына.
– Келе берсин, жообун өзүм берем, – деди кыз.
Эртеси хан дайындаган чечендер Акматшариптин үйүнө келди. Шарип аларды
коноктой баштады. Дасторкон салынды. Жуучулар падышанын буйругу боюнча кудалык
чоо-жайды сүйлөшө турганын айтышты. Сөз башталды. Кыздын башын ачышты,
адегенде Акматшарип:
– Эгер Арунрашит айтса мен жок демек белем, – деди. Сөз анан калыңына жетти.
Акматшарип: – Кызым Күланда өзү билет, – деп, чыга берди. Жуучулар Күланданын
үстүнө киришти. – Куда менен кудагый сизди падышага бермек болду, бирок калың
маселеси чечилбей жатат, – дешти.
– Эмненин калыңы? – деди кыз.
– Сизге берүүчү калыңчы? Кыз:
– Мен кишиминби, же малмынбы?
– Кишисиз, – деди тигилер.
– Эгер мен киши болсом, мени сатпагыла! – деди. Жуучулар буга болбой коюшту.
– Анда, – деди кыз, – калыңыма чыдай турган болсоңор он беш сары куйрук козу, он
беш карышкыр, жыйырма беш тоо теке, отуз жолборс, кырк кабылан, элүү айгыр,
алтымыш атка жетимиш нокто, сексен чылбыр.
Жуучулар буга макул болушту. Падышага бир шакек берди кыз. Эртеңден калбай
келишээрин эскертти Күландага.
Жуучулар убаданы бекитип падышага кетишти. Жетээри менен: «Алмай болдук» –
деп мактанышты. – Кыз көңүлгө жактыбы? – деп сурады падыша ириде жуучулардан.
Жуучулар падышага кыздын сулуулугу пендеде жок экен дешти. Кыз берген аманатты
падышага тапшырышты. Падыша шакекти колуна салып, көрө коюп өңү бузулуп кетти.
Падыша кыздын калыңы канча болду, – деди. Жуучулар өтө арзан болду, – деди. Падыша:
– Кана, айткылачы? – деди. Жуучулар:
– Таксыр, арзаны ушул, он беш сары куйрук козу, он беш карышкыр, жыйырма беш
тоо теке, отуз жолборс, кырк кабылан, элүү айгыр, алтымыш атка жетимиш нокто, сексен
чылбыр, – деди жуучулар. – Муну кайдан табабыз? – деди Рашит. – Ушуну кантип
таппайлы! – дешти жигиттер. Кыркыбыз кырк жактан чыгып, бирден карышкыр атып
келебиз. Козу болсо короодо турат. Жыйырма беш тоо текени миң киши чыгып кармап
келебиз. Отуз жолборсту ажайыпканадан, кырк кабыланды ар кайсы падышадан алабыз.
Элүү айгырды алтымыш атты байлардан сурайбыз. Жетимиш нокто, сексен чылбырды он
кемпир бир күндө даярдайт. Ушул эле эмеспи! – дешти жуучулар. Бул кепте маани бар
экенин алар билишкен жок.
Падыша болсо дым дебей, чекесин таянып олтура берди, жуучулардын сөзү
кулагынын сыртынан өтүп жатты. Падыша Бирмакиге: – Кайдан табабыз бул калыңды? –
деди. Угуп олтургандар айраң-таң калышты. Кырк вазирине падыша: – Силерди кырып
койсом, дурус эле болгон турат. Бирок уят болчудаймын. Силерден көрө бир мусапыр
багып алсам, жакшы болмок. Себеби кыз бизге тийбейт экен. Мен кыйынмын дечү элем,
менден акылдуулар көп экен го. Ражап деген бир ханды бир чаар кыз жаңылтып тийди
деп уктум эле, ошол кыздын эжеси Акматшариптин аялы, ал чаар кыз Акматшариптин
балдызы экен, ошо кызга туш болупмун. Бул кыз мага тийбейт, калыңы өтө көп.
Силердин баамыңар жетпесе, мен чечмелеп берейин, – деди Рашит падыша. – Он беш сары
куйрук козу дегени, мен он бештеги сары козудаймын. Он беш карышкыр дегени, он
бешиңде карышкырдай элең, эмине… дегени. Жыйырма беш тоо теке дегени, сен
жыйырма беште болсоң болот эле дегени. Отуз жолборсу – жолборстой чамынган
курагың калган жок дегени, кырк кабылан дегени – ички, тышкы душмандарыңа
кабыландай тиер убагың эчак өткөн дегени. Алтымыш атка жетимиш нокто дегени –
алтымышка келип ата болдуң, башыңа нокто түшүп, нокто болдуң, көзүң кызарып, бетиң
бырышып, шай кеткен кез. Сексен чылбыр дегени – сексенге чыккан менин жашым. Бул
шакеги – өзүңдүн перзентиңизбиз дегени.
Жигиттер баш болгон эл оозун ачып отуруп калышты. Ошентип Арунрашит падыша
кыздын табышмактуу сөзүн чечти.
– Мен өтө чеки иш кылыпмын, шарияттан чыгыпмын, – деп, Рашит имамын
чакыртып, сексен дара чаптырды. Кыз падышага тийбей кутулуп калат.
Рашит кийин текшертсе, баякы ханды жаңылтып тийген чаар кыз ушул Күланданын
таэнеси экен. Хандан жуучу барганда Күланда таэжесинин үйүнө барып, кеңешип келет,
ошонун айтуусундай болуп падышадан кутулуп калат.
Сөз эми Арунрашиттен башталсын. Арунрашитте бала болбойт. Агасы Абдимуталипте
гана бир кыз болот. Кыздын аты – Нурбүбү, Нурбүбүнү Субайда ханыша багып алат да,
кырк кыз курайт. Себеби Арунрашит ушул агасынын кызын акылдуу бир сонун, дүйнөдө
жок даанышман адам кыламын деп, ак сарай салдырып багат. Түштүк жерине бак
тиктирет, ичин гүлдөттүрөт, ага бейжооп киши кирбейт. Дарбазасын темирден жасатып,
эки жагына алтыдан, он эки кызды мылтык берип сакчы коёт. Кыздар турчу жайдын ичи
да бейиш болот. Нурбүбүнүн кырк кызына үй салдырат. Азем тотуну алдырып келет.
Кишинин тилин билген куш сайрап, булактар кайнап, дүйнөдө кулак угуп, көз
көрбөгөндөрдүн баарын алдырат. Алтындан такты жасатат. Кырк кыздын үстүнө бир да
эркек кирбейт.
Бирок Арунрашит падыша кызды эркек кылам, – деп ойлойт. Кыз үстүнө бир да
макулук киргизбейт.
Кыздар шапар тээп ойноп жата берет. Бир жолу бири-бири менен аңгемелешип,
сырлашып:
– Эркек тапсак, ортобузга алып сыр сурасак – деп, кеңешет кыздар.
Нурбүбү өз үйүнүн төрүнөн сыртка жол казып чыгарууну айтат. Кыздар буга макул
болуп, каза башташат. Жолду кырк кыз, кырк күндө казып бүтөт. Жол шаардын
чекесинен чыгат. Бирок жолдун оозун бекитип коюшат. Бир мусапыр абышканы таап, ага
бир табак дилде берип, кызматка алышат. Ал жолду кайтарып турат. Чал ошол жол
чыккан жерге короо-жай салып тура берет.
Кыздар сыртка бирден чыгып, абышка менен аңгемелешип, ата-бала болуп калат. Бир
күнү Нурбүбү эшикке чыгып, жаман кийим кийип, бетине парда тартып, абышканын
эшегин минип, базарды аралап жүрө берет. Базарда сонун-сонун адамдар бар экен, бири
да көңүлгө жаккан жок. Жолдо келатса, бир сонун дүкөн турат. Нурбүбү караса эл көп,
сонун-сонун адамдар күлүп-жайнап, ойноп жатышат. Нурбүбү мусапыр түрү менен элге
келет. Элдин ичинен бир байбача көңүлүнө жагат. Эч бир жеринде кеми жок. Ким экенин
билейин деп Нурбүбү туруп калат. Оюн да тарайт. Баягы мырза элдин баарын:
– Жүргүлө! – деп, ээрчитип жөнөйт. Эң сонун салынган бир сарайга барат. Сарайдын эч
бир кемчилиги жок, эң сонун экен. Ким ушуну жаман десин, – деп Нурбүбү жөнөп кетет.
Абышканын эшегин кайра өзүнө берип, сарайына кирет.
Кыздар тегеректеп:
– Эмне көрдүң, эжеке? – деп сурашат. Көргөн жигити жөнүндө айтып берет:
– Байбача эң эле сонун, бир адамда жок киши экен, – дейт Нурбүбү.
– Мында келеби? – деп сурашат кыздар.
– Келет, – дейт Нурбүбү.
Нурбүбү бир күнү баягы жашыруун жол менен эшикке чыгып, абышкага эшикти
каратса, эч ким көрүнбөйт. Жаман кийимин кийип, бетине парда тартып, эшекти минип
Нурбүбү жөнөп кетет. Баягы дүкөнгө барса, мырза жалгыз турат. Нурбүбү ушуну бир
сынайынчы деп, эшеги менен барып:
– Ээ, байбача! – дейт.
Байбача карап калат. Нурбүбү мөөр таш сурайт.
– Бар! – дейт байбача. Нурбүбү бирди сурайт. Байбача каухар таштан бирди алып
берет. Мусапыр каухарды алып, чыгып кетет. Байбача унчукпай туруп калат. Үч күн
өткөндөн кийин кайра келсе, байбача дагы жалгыз турат. Нурбүбү жакут таш сурайт.
Байбача: – Бар, – дейт. Анан бирди берет. Мусапыр алып, чыгып кетет. Байбача: – Кайта
бер, – деп сурабайт. Нурбүбү ал дебейт.
Жана он күн өткөндөн кийин дагы келет. Зимурут сурайт. Байбача бирди берет.
Мусапыр зимурутту алып жатып, байбачаны таанырын сурайт.
– Жок, – дейт байбача.
– Эмесе, мени таанып ал! – деп, Нурбүбү бетиндеги пардасын ачып иет. Байбача
караса, бети жаркырап тим эле перизат. Эси оой түшөт. Байбача эсине келген кезде: –
Намаз жума күнү биздикинде болуңуз, – деп, айтып жүрүп кетет.
Күндү күтүп жүрөт. Бир күнү эл чогулуп намазга түшүп жатыптыр. Байбача басып
келсе, эл тарап калган экен. Мечитке кирип турат. Бир оокумда бир эшек минген аксакал
киши чыгат. Аны байбача ээрчип алат. Ал киши бир дубалдын түбүнөн бир боо ак
куурайды сууруп алса, астынан үңкүр көрүнөт.
– Ушундан нары барсаң, жогуңду табасың, – деп, байбачаны үңкүргө түшүрөт. Бир топ
жерге баргандан кийин, чоң жарык көрүнөт. Жакындап барса каалга. Туткасын тартып
кирсе, баягы издеп жүргөн кызы ошол жерде отурат. Тура калып кыз көрүшөт. Анан:
– Мага жуп болосуң, – дейт дароо. – Үйдүн ичи эң эле кооз экен. Кулак угуп, көз
көрбөгөндүн баары ошол жерде турат. Жигит коруна баштайт. Кыз жигитке: – Мен сага үч
жолу сени көрсөм, – деп бардым. Үч жолу тең кымбат буюмуңду сурадым. Үчөөндө тең
мага илгиртпей бердиң. Ошентип мага жагып калдың, – деди кыз. – Кокус менден тыйын
сурасаң, мен экинчи сага келмек эмесмин.
Бир топ убакыт өткөн соң жигит кыздын атын сурайт.
Кыз:
– Атым – Нурбүбү, – дейт.
– Сенин атың ким? – дейт кыз жигиттен.
– Атым – Арунрашит, – дейт жигит.
Кыз чочуп кетип, Арунрашитте бала жок экенин айтат.
– Ырас, анын баласы жок, мен агасынын баласымын.
– Мени дагы, – дейт Нурбүбү, – эч бир жанга көрсөтпөй, Субайда ханыша багып,
ушунча имарат салдырып, кырк кызды жалдап ушунча дүнүйөнүн баарын энчилеп
берген. Бирок сенин дайыныңды угуп калып, бир абышканы миң дилдеге жалдап, сени
таптым, – дейт анан кыз.
Байбача менен кыз сүйлөшүп отура берет көпкө. Аңгыча терезеден бир кыз чыгып,
оюндун бүтүп баратканын айтат.
Кыз жигитке: – Эмесе, сен ушул жерде туруп тур, мен оюн баштап берип, кайра келем,
– дейт.
Жигит макул болуп туруп калат. Кыз сыртка чыгып кетет. Эшик жана ачылып бир
келин кирип келет. Келин жигитке:
– Мен сизди чакырып келдим, – дейт.
Жигит кайда барарын сурайт. Келин Субайда ханышага барарын айтат. Жигит
ойлонуп туруп: «Барсамбы, же барбасамбы? Барсам, эмне болот?» – деп кыздан коркот.
Барбайын десе, Субайда кайын эне болгону турат. Жигит барууну туура таап, келин менен
ээрчип жөнөп кетет. Эшикке чыгышат. Хандын үйү эшиктин эле алдында экен. Субайда
ханыша кырк аял менен эшигинин алдында экен, жигит тааныбай туруп калат. Караса,
бир аял. Кийими тим эле жаркыраган күн. Ошо аял ордунан тура калып:
– Ырахмат кызыма, өз теңин тааптыр, куттуу болсун! Бирок мени эч ким билбесин –
деп, үйүнө кирип кетет. Субайда ханыша ошол экен.
Жигит кайра баягы бөлмөгө кирсе кыз келип калыптыр.
Кыз жигиттен:
– Кайда бардың? – деди.
– Субайда ханыша чакырыптыр, ошого бардым – деп, жооп айтат.
– Сени эч кайда барба дебедим беле, – дейт кыз.
– Субайда чакырса, кантип барбай коём, – дейт жигит.
– Жер астынан сен үчүн азап тартып жол каздырып кыз башым менен убара болдум.
Сен менин ким экенимди билгиң келбейт турбайбы. Болбосо күтө турат элең го.
Падышанын жалгыз кызымын. Оюмда сени эч кимге көрсөтпөй, ушу жерде кыз-күйөө
болуп түбөлүк жашайлы дегемин. Эми болбой калды.
Өз жолуңду өзүңчө тап! – деди Нурбүбү. – Кетпейм, – деп жигит мойноду.
Ушул учурда эшикке чыгып, кыздарга:
– Ургула! – деп буйрук берди.
Кыздар келип жигитти ура баштады. Акыры эч жерин койбой көгөртө сабап, чала жан
кыла уруп туруп, жер алды сүйрөп, эшикке чыгарып ташташты. Жигит араңжан талаада
кала берди. Байбачанын кайда кеткенин эч ким билген жок.
Үй-бүлөсү билбеди. Жарым ай өтүп, араң табылды. Караса, эч жеринде тамтыгы жок,
көк челек шишип тил-оозу жок. Эптеп замбилге салып үйүнө алып келишет. Муну ким
урганын эч ким билбей койду. Байбача өзү айтууга тили жок. Байбача мурда элине өтө
кадырлуу, жоомарт жана бей-бечарага кайыры тийген адам эле. Кедейлер байбачанын
бул абалына өтө капа болушту.
Ал бир жылдан кийин айыкты. Эл эмне болгондугу тууралуу сурашты. Жигит эч кимге
эч нерсе айтканы жок. Ошентип, арадан эки жыл өттү. Байбача кыздын кылганын элге
айтайын десе, падышанын кызы, кокус эшитсе падыша мал-мүлкүн талап алып, өзүн
өлтүрүп койгудай, айтпайын десе, кордук эсинен кетпейт. Эмине кылаарын билбей, бир
топко жүрө берет.
Бир күнү ойлонуп отуруп: «Мен минтип жүргөндөн көрө өлгөнүм жакшы» – деп,
дүнүйөсүнүн баарын чача баштайт. Кырк жигит курап, кыркын тең коёндон окшош
кийгизет. Кырк катын курап, кыркын тең жасайт. Жигиттеринин баарын Арунрашиттин
жигиттерине окшоштурат. Бир аялды Субайда ханыша, бир жигитин Акылбирмаки
кылат. Өзү экинчи Арун- рашит падыша болуп жата берет.
Ал эми чыныгы Арунрашит падыша Бирмакини ээрчитип, жаман кийим кийип, ар
түнү мусапыр катары үйгө кирип, тилемчилик кылып жүрөт. Максаты элдин ичинде
ушакчы барбы, ууру барбы, аны билиш керек эле. Элдин турмушуна кызыгышкан алар.
Бир күнү күндүз сууну бойлоп келе жатышса, бир абышка турат. Суунун жээгине барса,
абышка жолотпой:
– Кеткиле, бул жерден өтпөгүлө, азыр Арунрашит өтөт, – дейт.
Карап турса, чын эле бир чоң кайык келе жатат. Ичи толгон эл. Арунрашиттин өзү,
Бирмакиси, Субайдасы, кырк жигити менен оюн-шоок, ырчы, чоорчу, санжыргасы менен
ойноп- күлүп өтүп кетишет. Рашит падыша Бирмакиси экөө айран- таң калат. «Чыныгы
падыша биз бул жерде турсак, тигилер ким болду?» – деп ойлойт. Абышкага эки дилде
берип, Рашит, Бирмаки, абышка үчөө бир кайык менен артынан жөнөйт. Жетип да
барышат. Түмөнү түрүлгөн эл тосуп турат. Үй көтөрүлгөн, бээ союлган. Эл ушунчалык көп.
Бирин бири тепсеп жатат. Арунрашитти көрөбүз деген эле үндөр.
Арунрашит болгон адам бир оокумдан кийин солкулдап ыйлап, өкүрүп-бакырып
кирди. Анан чечинип салды. Денесинде тамтык жок, камчынын, темирдин тагы. Эти көк
ала койдой союлган. Муну Бирмаки байкап калды. Бир маалда Арунрашит болгон адам эс
алды да, элди жыйнатты. Жарды- жалчы, кедей-кембагалга тегиз экиден дилде берди.
Элдин катарында олтурган Арунрашит менен Бирмаки да төрт дилде алды.
Бул чоң жыйынга баягы жигит анан мындай деп кайталады.
– Мен чыныгы Арунрашит эмесмин. Мен болсом – дүнүйөсүн чача албай жүргөн бир
байбачамын, Арунрашиттин букарасымын. Мен бир кыз үчүн куурап жүргөн кудуретсиз
пендемин, – деп, башынан өткөргөнүн бүт баяндады төкпөйчачпай. Анан этегиндеги тактарды элге даналап көрсөттү. Көзүнө жаш да алды.
– Арунрашит падыша капа болуп, эмне кылаарын билбей, нары ойлонуп, бери
ойлонуп… Анан падыша:
– Бирмаки, мен бул кызымды эркек кылайын десем болбоду, – деп, Акылбирмакиге
карады. Акылбирмаки:
– Ээ, падыша, эч убакта эркек кыз болгон эмес, жана да кыз эркек боло албайт – деди.
Арадан үч күн өттү. Арунрашит падыша байбачаны аскерлерин жиберип, сууда кайык
менен сүзүп жүргөн жеринен карматып келди.
– Эртең эле ордого келсин! – деп, бүт элине кабар бердирди. Эртеси элдин баары
келди. Ордонун ичи-сырты жана айланасы элге толду. Эми эмне айтаар экен дегендер да
бир жыйын.
Падыша кырк вазири менен эл алдына чыкты. Жаасы катуу. Каарданып, баягы
байбачаны алдырып келди. Падыша атына минип:
– Мобул жигитти тааныйсыңарбы? – деп, элине кайрылды.
Эл чуулдап таанырын айтышты.
Падыша Нурбүбүнү чакырды. Нурбүбү жанына келди. Падыша кызына карап: – Балам,
мынабу жигитти тааныйсыңарбы? – деди.
– Жок, атаке – деп, Нурбүбү жооп берди. Падыша жигитке кайрылып:
– Сен бул кызды тааныйсыңбы? – деди. Жигит таанырын далилдеди. – Таанысаң,
аялдыкка алгын! – деди жигитке, падыша буйрук берип. Жигит үйүн карай кызды
ээрчитип жөнөдү. Карап турган эл Арунрашиттин адилеттигине абдан ыраазы болуп,
алкыш айтышты.
МЫРЗАЛЫ ДҮЙШӨНБҮ УУЛУ
Мырзалы аксакал 1886-жылы канай элинде туулган. Бала чагынан жомокко шыктуу
болгон. «Чалдын баласы», «Кийикчи», «Жолой»,
«Уурубай», «Эки жетим», «Эр Төштүк», «Кедей чалдын баласы»,
«Беймаза», «Кемел», «Аялдардын айласы», «Байдын баласы», «Карагул»,
«Үч кыз», «Хандын эки баласы», «Үч жетим», «Эки бир тууган», «Миңбай күлүк» өңдүү
жыйырмадан ашык жомокту толук билген.
Ал отуз беш жашына чейин атасы Дүйшөнбү менен бирге турган. 1921-жылдан
тартып, Пишпек шаарындагы ички иштер бөлүмүндө 1945- жылга чейин кызмат өтөгөн.
Талас, Нарын, Атбашы, Ысыккөл, Токмокто көп болгон. Ошол жердегилердин жомогун
өздөштүргөн. Кийин 1976-жылдын 23-февралында 89 жаш курагында Шалта айылында
дүйнөдөн кайткан.
ҮЧ ЖЕТИМ
Үч жетим баланын бир көк өгүзү болот. Улуусу – мүйүзүндө, ортончусу – белинде, эч
кичүүсү – куймулчагында жашайт. Көк өгүзүн алар дайыма тоодо кармап, тоодо багат.
Бир күнү көк өгүзү эмнегедир күчала чычып калат.Ал удаасы менен үч күн, үч түн чычат.
«Бул эмнеси, муну ортончу агама айтайынчы» – деп кичүүсү үйдөн эртең менен
чыгып, түшкө жакын агасына келет.
– Көк өгүз күчала чычып калыптыр. Бүгүн үч күн болот, – деди ал.
– Ал эмнеси, өгүз өлүп калып жүрбөсүн. Мен эмне себептен күчала чычканын билбейм.
Тигил агаңа барып айт, – деди ортончусу.
Үйдөн түштө чыккан экөө жүгүрүп олтуруп улуусунукуна кечинде келишти.
– Көк өгүз күчала чычып калыптыр. Бүгүн төртүнчү күн.
Бул эмнеси? – деди улуусуна.
Улуусу:
– Көк өгүз суусап калган турбайбы, муну сугаралы.
Мүйүзүнөн үчөөлөп тартсак, көлгө жетээр.
Өгүздү мүйүзүнөн сүйрөп отуруп белден-белди, кырдан- кырды ашырып, эптеп көлгө
жеткиришти. Көк өгүз баш-аягы бир күндүк жол болучу, көлдү бир паста эле шимирип
салды. Көл соолду. Түбү көрүндү. Кургакта калган бир балык көк өгүздү жутуп, көк
өгүздүн үстүндөгү үч жетим бала качып кутулду.
Аңгыча асмандан калдайган кара булут көчүп келип, өгүз жуткан балыкты илип
кетти. Көрсө, ал алпкаракуш экен. Алпкаракуш балыкты тоого тийгизсе, тоо жарылат,
ташка тийгизсе, таш жарылат. Айласы кеткен алпкаракуш эчкисин жайып, текесинин
көлөкөсүндө уктап жаткан чалга учуп келип, текесинин мүйүзүнө конуп, балыкты жей
баштады. Көк өгүздүн бир далысы ыргып кетип, чалдын бир көзүнө тийди. Далы көзгө
сайылып калды. Чал көзүн укалап атып далыны чыгара албай койду. Койчу, жылкычы
жана башка коңшулары чогулуп, текенин сакалынан аркан эшип, далынын башынан
байлап тартып, зорго чыгарышты. Аны көптөп туруп көтөрүп жерге коюшту эле, далы
бир шаарды бүт басып калды.
Кырк соодагер келди, конолук десе, бир жагы токой, бир жагы камыш.
– Буларда ит-куш болуш керек, токойсуз, камышсыз жерге конолу – деп, андан өтүп,
ачык жерге келип конушса, бир жер өзүнчө эле көчүп бара жатат.
– Бул жылып бараткан кызык жер экен, – деп, таң калып карап турушса, ал далыны
тиштеп качып бараткан түлкү болуп чыкты. Жүргүнчүлөр түлкүнү атып, бир жак терисин
сыйрып, экинчи жагын сыйралы деп түлкүнү оодара албай коюшту.
Аңгыча бир кемпир келди:
– Келиним жаңы эле көз жарып, эркек бала тапты, ошол балама тебетей кылып
берейин, түлкүнүн терисин мага бергиле, – деди.
– Алыңыз, – дешти алар териден кутула тажап.
Кемпир бир колу менен түлкүнү оодара салып, терисин сыйрып алды. Ал тери жаңы
төрөлгөн балага тебетей чыкпай калды. Кемпир бучкактарын курап жатып балага
араңдан зорго топу жасады.
Бала кийикке чыккан мергенчилерди көрүп:
– Ата, мага чокмор жасатып бериңиз, мен кийик уулаймын. Мылтык менен атып,
убара болуп жүрбөй эле, кийиктерди чокмор менен уруп келемин, – деди.
Атасы үч коюн сатып, дөө устага темирден чокмор жасатты.
Чокморду өлгөн-талганда көтөрүп келип баласына берди. Баласы:
– Ушу да чокморбу? Кичине болуп калыптыр, – деп ыргытып жиберди эле, ал булутка
жетип, кайра жерге түштү.
– Өзүм барып жасатып аламын, – деп, үч коюн айдап, чокморун көтөрүп, дөө устага
барды. – Мына бул чокморго кошуп, дагы бир ушундай жасап бериңиз, жасаган акыңызга
бул үч койду алыңыз – деп, баягы үч койду берди.
Дөө уста баланын айтканындай чокморду бириктирип, бир чоң чокмор жасап берди.
Бала чокморду көтөрүп келип, атасына:
– Мага эки жигит таап бериңиз, мен аларды жолдош кылып алып кийикке чыгам, –
деди.
Атасы алдуу, күчтүү жигиттен эки жигит таап берди. Бала азык-түлүгүн, эки
жолдошун алып, чокморун көтөрүп, тоого кийикке кетти. Кийиктерди кечке чейин
кыйратып, кечинде бир жерге жатмакчы болуп токтошту. Казанын асып, алтымыш
кийиктин этин бышырып, үчөө жеп жатышты.
Эртеси бала:
– Сен бул жерде кал, биз келгенче дагы эт бышырып тур! – деп, бир жолдошун
калтырып, бир жолдошун ээрчитип кийикке жана чыгып кетти.
Үйдө калган жигит, алтымыш кийиктин этин бышырып отурса, кабагын кар, мурутун
муз баскан бир киши келди. Ал киши:
– Мен жолоочумун, этиңден бир кесим эт, сорпоңдон бир кесе сорпо берчи? – деди.
Тигил жигит:
– Эт өзүбүзгө жетпейт, биз үч кишибиз, кожоюнумдан уруксатсыз бере албайм, – деди.
Тигил киши тура калып, жигитти көтөрүп барып карагайга таңып, казандагы этти
жеп, сорпосун бүт ичип, жүрүп кетти.
Кечинде кийикке кеткендер келсе, эт жок, жолдошу карагайда таңылып турат.
– Ой, сага эмне болду? – деди бала. Балбан жигит:
– Мени кудай уруп таштады. Кабагына кар, мурутуна муз тоңгон бир киши эт сурады.
Берген жокмун, ал мени таңып коюп, эттин баарын жеп кетти, – деди.
Кийикчилер кайрадан эт бышырып жешти. Эртеси бала:
– Бүгүн сен кал, тигил балбан экөөбүз кийикке чыгалы, – деп, тигини калтырып, экөө
кийикке чыгып кетти.
Үйдө калган балбан жигит алтымыш кийиктин этин бышырып жатса, баягы кабагына
кар, мурутуна муз тоңгон киши келди.
– Жолоочумун, кардым ач, этиңден бир кесим эт, бир кесе сорпо берип койчу? – деди.
– Эттин ээси бар, андан уруксатсыз бере албайм, – деди балбан.
Тигил киши тура калып, балбанды көтөрүп чаап, сүйрөп барып карагайга таңып, этти
жеп, сорпосун ичип, жолго түштү.
Кийикчилер кечинде келишти, балбан байланып турат, эт жок.
– Ой, сага эмне болду?
– Ээ, мени кудай урду. Кечээги киши келип, мени таңып салып, этти жеп, сорпону ичип
кетти.
Таңылган балбанды чечип бошотту. Кайрадан казан асып, алтымыш кийиктин этин
бышырып жешти.
Эртеси бала:
– Бүгүн кийикке силер баргыла, үйгө мен калайын, – деди да, чокморду көтөрүп, эки
кырдын башы кошулган чокуга койду. – Кийик жайылып келгенде, түртүп жиберсеңер,
таш кулап, эки кырдын ортосундагы кийик кыйрайт, – деди да, бала кайра үйүнө келди.
Казанын асты, алтымыш кийиктин этин салды. Чеке күйгөн ысыкта кабагына кар,
мурутуна муз тоңгон киши дагы келди.
– Мен жолоочу элем, балам. Кардым ач, бир кесим эт, бир кесе сорпо бер? – деди.
– Эт берилбейт! – дегенде эле тиги киши обдулду. Бирок бала аны кучактап барып,
жоон карагайга таңып салды. «Эми чокморума барайын, тигил экөө көтөрүп келише
алышпайт» – деп, чокуга жөнөдү.
Барса, эки балбан чокморду жылдыра алышпаптыр.
Чокморду көтөрүп, эки жолдошун ээрчитип келсе, баягы киши карагайды түбү менен
жулуп, качып кетиптир. Ал кишини бала артынан кууп жөнөдү. Тиги киши качып олтуруп
жердин алдына кирди, артынан бала да кирди. Баланын алдынан сокур, кара кыз чыкты.
– Эй, бала, сен кимди кууп баратасың? – деди.
– Муз мурут кишини кууп баратамын.
– Ал менин атам болот, аны кууп эмне кыласың? – деп, баланы алкымдан алды. –
Атышасыңбы же алышасыңбы? – деди балага.
– Алышамын! – деди да бала экөө бир жума күрөштү. Дөң жер пас болду, пас жер саз
болду. Бала кызды жеңди. Бирок бала жер үстүнө чыга албай калды. Анан бир чынар
терекке жолукту, ал теректи үч ороп жаткан ажыдаарды көрдү. Бала чокмор менен
ажыдаарды бөлө чапты. Ажыдаар туйлаганда терек термелип башы ийилип, жерге тие
жаздады. Башынан калдайган булуттай уя көрүндү. Уяда алпкаракуштун үч балапаны бар
экен.
Кечинде балапандардын энеси келди.
– Бизди жегени келаткан ажыдаарды тетиги бала өлтүрдү, биз өлүмдөн калдык, –
дешти балдары.
Алпкаракуш ажыдаардын көкүрөгүн өзү жеди, көчүк жагын балапандарына берди, үч
балапан да жеп алды.
Алпкаракуш:
– Балдарымды душмандан аман алып калыпсың. Мунуңа ыракмат. Бирок мага
түшүнүксүз болуп жатат, кайдан келген жана кандай иш менен жүргөн баласың? – деп
сурады.
– Жер үстүндө жашоочу элем, жер астына түшүп кеттим.
Эми жер үстүнө кайра чыга албай жүрөм.
– Жер үстүнө мен сени чыгарам. Кырк таранчы, кырк табарсык тап, кырк табарсыкка
суу куй, оозун байлап бекит. Сени көтөрүп мен жер үстүнө учканда, оозумду ачып а-а-а
дегенде таранчыдан бирди, табарсыктан бирди салып турасың. Жол алыс, суусайм,
курсагым да ачат, – деди алпкаракуш.
Бала бир чалдын отуз эчкисин союп, отуз табарсыгын алды. Аларга суу куюп, оозун
бекитти. Бир жерде жайылып учуп жүргөн таранчыларды топусу менен басып койду эле,
торпоктой болгон кырктан ашык таранчы топусунун алдында калды. Чоңдугу ала каптай
болгон отуз табарсыкты, торпоктой кырк таранчыны көтөрүп, бала алпкаракушка барды.
Алпкаракуш баланы жонуна кондуруп учту. Жолдо келе жатканда кырк таранчы, кырк
табарсык түгөндү.
Алпкаракуш оозун ачып:
– А-а-а!.. – деди эле, суу оордуна өзүнүн эки көзүн чукуп, суусун агызып берди. Ал
түгөнгөндөн кийин эки такымынын этин жулуп берип, канын сордурду.
Алпкаракуш бир шаарга жакын конду.
– Даамы башка суу менен канды кайдан алдың? – деп сурады.
– Эки көзүмдүн суусун, эки такымымдын этин үзүп, канымды агызып бердим, – деди
бала.
Алпкаракуш балага:
– Сүв-сүв!.. – деп дем салды.
Баланын такымы мурдагы калыбына келип, көзүнө көз бүттү!
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Жомокчулар Жана Жомоктор - 07
  • Parts
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 01
    Total number of words is 4062
    Total number of unique words is 1893
    34.1 of words are in the 2000 most common words
    46.8 of words are in the 5000 most common words
    52.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 02
    Total number of words is 4214
    Total number of unique words is 2104
    32.9 of words are in the 2000 most common words
    44.6 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 03
    Total number of words is 4152
    Total number of unique words is 2045
    34.6 of words are in the 2000 most common words
    47.4 of words are in the 5000 most common words
    54.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 04
    Total number of words is 4150
    Total number of unique words is 2066
    32.5 of words are in the 2000 most common words
    45.7 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 05
    Total number of words is 4129
    Total number of unique words is 1861
    36.1 of words are in the 2000 most common words
    48.6 of words are in the 5000 most common words
    54.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 06
    Total number of words is 4073
    Total number of unique words is 1772
    37.9 of words are in the 2000 most common words
    50.9 of words are in the 5000 most common words
    56.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 07
    Total number of words is 4031
    Total number of unique words is 2005
    35.4 of words are in the 2000 most common words
    47.5 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 08
    Total number of words is 4000
    Total number of unique words is 1967
    34.2 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    55.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 09
    Total number of words is 4090
    Total number of unique words is 2041
    34.4 of words are in the 2000 most common words
    48.3 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 10
    Total number of words is 4090
    Total number of unique words is 1755
    36.3 of words are in the 2000 most common words
    49.5 of words are in the 5000 most common words
    55.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 11
    Total number of words is 4202
    Total number of unique words is 1835
    37.9 of words are in the 2000 most common words
    50.3 of words are in the 5000 most common words
    56.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 12
    Total number of words is 4059
    Total number of unique words is 1853
    34.9 of words are in the 2000 most common words
    47.5 of words are in the 5000 most common words
    53.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 13
    Total number of words is 4023
    Total number of unique words is 1816
    36.1 of words are in the 2000 most common words
    49.0 of words are in the 5000 most common words
    55.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 14
    Total number of words is 4128
    Total number of unique words is 1794
    35.4 of words are in the 2000 most common words
    48.5 of words are in the 5000 most common words
    55.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 15
    Total number of words is 4128
    Total number of unique words is 1880
    33.4 of words are in the 2000 most common words
    47.5 of words are in the 5000 most common words
    54.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 16
    Total number of words is 3951
    Total number of unique words is 1518
    36.3 of words are in the 2000 most common words
    49.6 of words are in the 5000 most common words
    57.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 17
    Total number of words is 3907
    Total number of unique words is 1675
    37.0 of words are in the 2000 most common words
    49.9 of words are in the 5000 most common words
    56.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 18
    Total number of words is 4005
    Total number of unique words is 1671
    37.2 of words are in the 2000 most common words
    51.2 of words are in the 5000 most common words
    57.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 19
    Total number of words is 4054
    Total number of unique words is 2029
    33.6 of words are in the 2000 most common words
    46.8 of words are in the 5000 most common words
    53.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 20
    Total number of words is 4155
    Total number of unique words is 1829
    34.3 of words are in the 2000 most common words
    47.3 of words are in the 5000 most common words
    52.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 21
    Total number of words is 4145
    Total number of unique words is 1916
    33.5 of words are in the 2000 most common words
    46.1 of words are in the 5000 most common words
    53.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 22
    Total number of words is 4175
    Total number of unique words is 1923
    35.3 of words are in the 2000 most common words
    48.7 of words are in the 5000 most common words
    54.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 23
    Total number of words is 3979
    Total number of unique words is 1623
    36.1 of words are in the 2000 most common words
    48.7 of words are in the 5000 most common words
    54.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 24
    Total number of words is 4111
    Total number of unique words is 1658
    36.5 of words are in the 2000 most common words
    49.2 of words are in the 5000 most common words
    54.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 25
    Total number of words is 4082
    Total number of unique words is 1920
    33.7 of words are in the 2000 most common words
    46.1 of words are in the 5000 most common words
    53.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 26
    Total number of words is 3970
    Total number of unique words is 1798
    32.3 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 27
    Total number of words is 4049
    Total number of unique words is 1925
    35.2 of words are in the 2000 most common words
    48.5 of words are in the 5000 most common words
    54.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 28
    Total number of words is 4196
    Total number of unique words is 1935
    34.7 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 29
    Total number of words is 4079
    Total number of unique words is 2069
    33.0 of words are in the 2000 most common words
    44.8 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 30
    Total number of words is 4175
    Total number of unique words is 2074
    33.1 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    52.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 31
    Total number of words is 4117
    Total number of unique words is 2049
    32.9 of words are in the 2000 most common words
    46.1 of words are in the 5000 most common words
    52.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 32
    Total number of words is 4160
    Total number of unique words is 2020
    33.9 of words are in the 2000 most common words
    46.5 of words are in the 5000 most common words
    53.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 33
    Total number of words is 4042
    Total number of unique words is 1830
    36.4 of words are in the 2000 most common words
    49.7 of words are in the 5000 most common words
    55.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 34
    Total number of words is 4275
    Total number of unique words is 1721
    36.7 of words are in the 2000 most common words
    50.1 of words are in the 5000 most common words
    56.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 35
    Total number of words is 4047
    Total number of unique words is 2016
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 36
    Total number of words is 1590
    Total number of unique words is 953
    41.2 of words are in the 2000 most common words
    52.2 of words are in the 5000 most common words
    57.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.