Latin

Жомокчулар Жана Жомоктор - 18

Total number of words is 4005
Total number of unique words is 1671
37.2 of words are in the 2000 most common words
51.2 of words are in the 5000 most common words
57.9 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
– Бүгүн ээрчиге барасың, ээрге кызыгып ала койбо. Ээрчиге дагы миң сом бер.
Мындан да жакшы ээр бергин, – деп. Ээрчи бул ээр жакпаса, миң сомуңду ал. Мен мындан
ары ээр жасаганды койдум, – деп, устаканадан чыгып кетет. Сен артынан калбай, ээрчип
бара бер. Жолдон коркунучтуу жолборс, илбирс, ажыдаар кезигет, коркпостон бара бер.
Сага алар тийбейт. Калың бактын арасында чоң ак үй, ичине кирсең орундук бар, отура
бер, таң атканча отур, бирок уктаба.
Сурап түнү менен отурат, эч ким кезикпейт. Таңга маал бир кыз келип, «кылыч менен
чаап салайын» десе, кылычтын бетинде: «Өлтүрбө, сенин никеңди ушул жигитке
буюрган» деген жазуу турат.
Береке шаарынын ханы Азрапжан кызымды эч кимге бербейин, кызым менен эч ким
сүйлөшпөсүн, – деп бактын арасына үй тигип, коркунучтуу айбандарга кайтартып койгон.
Кыз ойлоду: «Атам эрге бербейм деп ушул жерге бекитсе, бул эмне деген шумдук, бул
жигитти өлтүрбөй коё турайын».
Таң атканда Сурап туруп жолдошуна келди. Билерман:
– Эмне көрдүң? – деди. Сурап:
– Эч нерсе көргөнүм жок.
– Уктадыңбы?
– Таңга жуук көзүм илинип кетиптир, – деди.
– Өлбөй калыпсың, жакшы болуптур. Эми курсакты жакшы тойгузуп, кечке чейин
укта, кечинде баягы жерге барасың, – деди.
Сурап кечке чейин уктады. Билерман Сурапты ойготуп:
– Баягы жерге бар, бирок уктаба, бүгүн уктасаң, тирүү калбайсың! – деди.
Сурап барды, уктабай отурду. Түн ортосунда кыз келип:
– Бул жерде эмне отурасың? – деди. Сурап:
– Сизди күтүп отурам, – деди. Кыз айтты:
– Мени атам эч кимге бербейм, – деп ушул жерге бекиткен,
– кокус киши барса, өлтүрөсүң, – деп, мобу кылычты колума берген. Сени түндө чаап
таштай турган элем. Кылычты сага көтөрсөм, кылычтын бетинде жазуу пайда болду. Эми
менин пальтомду көтөрүп, атама салам айтып киргин. Пальтону тааныйт. Өзүң билип
жооп бер! – дейт.
Сурап пальтону алып, Билерманга барды.
– Кудай бериптир, кыз колубузга тийди. Пальтону көтөрүп ханга баргын, сен бул
пальтону кайдан алып жүрөсүң, бул менин кызымдын пальтосу, – дейт. Сиздин
кызыңыздан башка пальто жок деп ойлойсузбу, мындай пальто бизде тогуздап бар дегин,
мындай пальто эч кимде жок, – деп жасаткан. Эгерде ушундай пальтодон тогузду таап
берсең, мен сага ушул пальто кийген кызымды берем, – дейт. Болуптур, үч күн мөөнөт
берсеңиз, мен тогуз пальтону таап келемин дегин, – деди Билерман.
Сурап пальтону көтөрүп хандыкына барды. Салам айтып, пальтону илип коюп отурду,
хан аялы экөө таанып:
– Сен бул пальтону кайдан алып жүрөсүң, менин кызымдын пальтосун, – деди.
– Сиздин кызыңыздан башкада мындай пальто болбойбу?
Биздики тогуздап турат.
– Эгерде силерде тогуз пальто болсо, анда кызымды берем, эгерде жок болсо,
башыңды алам! – деди.
– Болуптур, үч күн мөөнөт бериңиз, – деп Сурап чыгып кетти.
Билерманга келди.
– Убада кылдык, ушул пальтодон тогузду тапсак, бере турган болду кызын.
– Сен ушу жерде эс алып жата бер, эртең ушул маалда келип калам, – деп Билерман
бир жакка жөнөп кетти.
Билерман тогуз пальтону таап, айткан убагында келип калды. Билерман экөө тогуз
пальтону көтөрүп, хандыкына барды. Хан аялы экөө кеңешти.
– Биз пальтону жасатканда, мындай пальто эч кимде жок деп жасаткан элек, бул
жигит тогуздап көтөрүп жүрөт, оңой жигит эмес экен, убада боюнча кызды берели, –
деди.
Кан кызды түнү менен төөгө айдатып жөнөттү.
Сокур соодагердин балдары Сурап менен Билерманга Береке шаарынын ханы Зулайка
кызын жыйырма сарпайын кул-күңү менен отуз түтүн эл кошуп жөнөттү. Үзүр шаарынын
Райымбек кызы Райымбүбүнү элүү төөгө сарпайын жүктөп, кул-күңү менен жөнөттү.
Сыйкырдуу кыздын атасы Тыным хан сыйкырдуу кызы Гүлбараны он түтүн кул-күңү
менен жүз төөгө сарпайын жүктөп жөнөттү.
Сыйкырдуу кыз: «Шаарында аскери менен таш болуп калган эки жигиттин апасы ак
байбиче келсе, балдарын дос кылалы», – деп камданып турган экен, жүз жылкы ал
жөнөттү. Камыштуу булактагы мастан кемпир өткөн-кеткенден ар кандай айла-амал
менен жыйнаган мүлктөрү бар экен, анын мүлкүн бүт алып, сокур соодагердин баласы
эпсиз байып, армансыз келе жатты.
– Кана, жолдошум, дагы эмне арманың бар? – деди.
– Билерман, ыракмат сага. Бир гана арманым – мен ушинтип келе жатканда атам соо
болуп, өз көзү менен көрүп, алдымдан улак тарттырып тосуп, чоң тойду өзү өткөрсө, эки
дүйнөдө арманым болбос эле! – деди Сурап.
– Ал да болот. Сен жай бара бер, атаңа барып, ушул маалда атаң экөөбүз алдыңдан
тосуп чыгабыз, – деди Билерман.
Сокур соодагер баласы Сурапты базарга барып биздин үйдө жок буюмду алып кел деп
колуна миң сом берип базарга жөнөтпөдү беле. Сурап базардын баарын кыдырып караса,
базардагы буюмдун бардыгы үйдө бар экен. Сурап: «Атам өзүнүн байлыгын билсин деген
экен го», – деп ойлоду. Базарда бир адам ит жетелеп жүрүптүр. Иттин эки жагын караса,
кара экен. Биздин үйдө мындай ит жок деп, ошол итти сатып келген. Билерман ошол итти
союп, сокур соодагердин көзүнө сүрттү эле, көзү ачылды.
– Эми атка мин, балаңдын аман-эсен ойноп-күлүп, хандын кызын күң-кулу менен,
адамдын акылы жеткис олжо менен келатканын өз көзүң менен көрүп, алдынан улак
тарттырып чыгып, тоюн өткөр! – деди.
Соодагер көздүү болуп, эли менен баласы Сураптын алдынан улак тарттырып тосуп
алды.
Билерман ата-баланы кошуп:
– Кана эми, миң сомдук кызмат кылдым бекенмин силерге? Сокур соодагер баласы
Сурап:
– Балам, Билерман, миң сом эмес, эсеп жеткис кызмат кылдың! – деп ыраазылыгын
айтып, – эми экөөң тең бир тууган болуп ушул дүйнөнүн ыраатын көргүлө, – деди.
Билерман:
– Сиздер ыраазы болсоңор болду, – деди, – мен силерге ыраазымын, мени көрүмдөн
сууруп чыгып, беш дилде үчүн уруп жатканда, ажыратып алып, ызат менен күмбөз
салдырып, ак кепиндеп көмдүңөр эле. Сурап узак жашап, алып келген кандын кызынан
өнүп-өсүп, убай көр, мен кеттим! – деп кыбыланы карап, Билерман учуп кетти.
ЖЫЛАМЫШ ХАН
Илгери өткөн заманда Жыламыш аттуу бир хан болуп, бирок баласы жок экен.
Балалуу болом деп, кырк аял алган экен, бирок кырк катындын бири да төрөбөптүр.
Күндөрдүн биринде увазирлери менен талаага куш салып жүрсө, кушу верендеге чыкпай,
бир чыбык алачыктын түндүгүнө конот.
Хан увазирлери менен барып:
– Алачыкта ким бар, кушту алып бер! – дептир. Алачыктан бир кыздын үнү чыгат.
– Кушту салган кишинин кушу казды алса, салган кишинин кушун салдырган каз
алып береби? Куштан ээсин ажыратып өзү алат. Куш салып көргөн киши эмес ко – дептир.
Хан Жыламыш кыздын сөзүнө жыгылып, кушту өзү алып караса ай десе ай эмес, күн десе
күн эмес, адамда жок бир сулуу кыз экен.
Хан:
– Ата-энең барбы? – дейт.
– Ата-энеси жок кыз кайдан жаралат? – дейт.
– Атаң болсо, энең менен ханга барып жолуксун! – деп, хан кушун алып кете берет.
Кыздын атасы оокат үчүн бир жакка кеткен экен, кечинде келет.
Баштагы күнү кыз түш көрөт. Ханга тийип, бел курчоодон жогоркусу алтын, бел
курчоодон төмөнкүсү күмүш бир эркек, бир кыз – эгиз бала төрөп жүрүптүр.
Кыз түшүнө ишенип, атасына айтат:
– Бүгүн хан куш салып увазирлери менен жүрүптүр. Хандын кушу келип биздин
алачыкка конду, мени көрүп эртең менен мага атаң барып жолуксун, – деп кетти. Ата,
барып жолук. Мен жөнүндө кеп кылса, макул, менин кызым эгиз бала төрөйт, бири –
эркек, бири – кыз, балдарынын көкүрөгү алтын, көчүк жагы күмүш болот дей бер,
жалганчы кылбаса мен түш көргөм. Калыңына эмне аласың десе, ушул кичинекей боз
калтаны толтуруп алтын берсең болду дегин. Хан: – Ушул идишиңби? Кап таба алган
жоксуңбу? – дейт. Ханым ушуну эле толтурсаң болду дегин. Хан казынасын бүт салып,
толтура албайт. Казына бүткөндө болду, ханым, жеткирип, – бер деп баса бер. Толбой
калса, ач көздүк кылып толтуруп бер дебегин! – деп, кыз атасынын колуна кичинекей боз
калта берди. Атасы:
«Барбай жатып хандын казынасын кызганат» – деп, айтпасын деген ой менен
унчукпай, калтаны чөнтөгүнө салып, кызына нааразы болуп жөнөп кетти.
Чал ханга барды. Салам айтып:
– Чакырган экенсиз, келдим, – деди.
– Сиз ким болосуз?
– Болотбекмин, – деди.
– Андай болсо, жакшы келипсиз, – деп, Болотбекти сыйлап, – Болотбек аксакал,
кымызды ичкенге бер, кызды сүйгөнгө бер деген. Кызыңды мен жактырып калдым,
балалуу болсомбу, – дедим.
– Ханым балалуу болосуң. Менин кызым көкүрөгү алтын, көчүк жагы күмүш эгиз бала
төрөйт, – деди.
– Менин тилегеним бала да, Болотбек аксакал! Калыңына эмне берем? – деди.
– Калыңына, мына ушул калтага алтын берсеңиз болду, – деди.
Хан:
– Түзүгүрөөк идиш тапкан жоксуңбу? – деди.
– Ханым, ала турган колуктуң ушуну берди, – деди. Хан казыначыга:
– Калтасын толтуруп бер! – деди.
Казыначы алпарып алтын салса, калта толбойт. Болотбек:
– Хан калтасын толтуруп бер дебеди беле, толтур! – деди. Казыначы ханга келди:
– Ханым, чалдын боз калтасы казынанын баарын салсам, толбоду.
– Чакырчы! – деп мастан кемпирди чакыртып келип, – эмине кылабыз? – деди эле,
мастан кемпир калтадан алтынды бүт төктүрүп, калтанын түбүнө топурактан: – Суф, –
деп бир чымчып салып, бир табак дилде салды эле, боз калта толуп кетти.
Болотбектин кызы атасына көздүн челинен жасалган калта берген экен. Адамдын
көзү топуракка толот эмеспи, калта топурак салгандан кийин дароо толду.
Болотбектин кызы Айсулууну Жыламыш хан алды. Кыздын боюна болду, тогуз ай,
тогуз күн дегенде төрөлө турган болду. Жыламыш хан куш салып увазирлери менен
чыгып кетти.
– Бала көрүнгөндө мага сүйүнчүлөп баргыла?
Жыламыш хандын кырк төрөбөгөн аялдары мастан кемпирге дилде берип:
– Баласын эптеп жогот! – деди.
Мастан кемпир төрөп жатканда аялды алаксытып, эгиз кыз менен баланын ордуна,
бир эркек, бир ургаачы күчүк алдырып келип коюп, эгиз баланы мастан кемпир алып
кетти.
Балдарды алып кетип дайрага ыргытты эле, балдар сууга түшкөн жок, көздөн кайым
болуп кетти.
Кырк аял:
– Ханга сүйүнчүлөгүлө! – деди. – Аялы бир эркек, бир ургаачы күчүк төрөдү! – деп
киши чаптырды.
– Кысталакты көзүм көрбөсүн, күчүктөрү менен суунун аралыгына алып барып, оң
бутун кесип таштагыла, – деп буйрук берди.
Айсулууну күчүктөрү менен аралга алып барып таштады. Айсулуу эмчеги ооруп
чыдабай күчүктөргө эмизип, адамдын сүтүн эмген күчүктөр бат эле чоңоюп, аралдагы
токойдон кекилик, чил, кыргоол тиштеп келип, Айсулууну багып, токойдо жашай берди.
Сууга ыргыткан балдарды сууга тийгизбей кайберен алып барып, кийик эчкини
эмгизип, кайберен багып алды.
Жыламыш хан:
– Дегеле мага бала буйруган эмес экен, – деп ыйлап, бир канча күн эшикке чыкпай
үйүндө жатты. Бир топ жылдан кийин:
– Кой, талаага чыгайын, – деди. Аң уулап тоого чыкса, тоодо кийиктин арасында бир
жылаңач бала жүрөт.
Жыламыш хан:
– Кудай, тоого деле бердиң баланы, мени кандай кур койдуң! – деп катуу кейип келип
үйүнө жатып калды.
Катындары шекшип, мастан кемпирди чакырып:
– Хан тоого барып келип, жатып калды, балдарды эмне кылгансың? – деп мастандан
сурады.
Мастан балдарды сууга ыргытканда балдардын сууга түшкөнүн көрбөй калган.
Хандын кайсы тоого чыкканын сурап алып, ошол жакты карайынчы, – деп мастан
жөнөдү. Тоонун арасынан баланы көрдү. Балдар аман калган экен. Бала чоңоюп
калыптыр, балага тийсем, мени соо койбойт. Кызды таап алдабасам, бала алдана турган
эмес, – деп, кызды издеди.
Из кууп жүрүп кызды бир үңкүрдөн тапты. Бала кызды бир үңкүргө киргизип,
үңкүрдүн оозуна бир ташты коюптур, ал ташты карап, бала алп болгонун билип, мастан
жанынан түңүлдү.
Мастан: «Кызды алдап көрөйүн» – дейт:
– Айланайын кызым, мен сенин апаң болом. Сени мен сагындым, мени үңкүргө киргиз,
– деп жалынды.
Кыз:
– Менин сага окшогон апам жок. Менин апам – кийик, – деди.
Мастан үч-төрт күн келип жалынды. Кыз түгөйү келгенде айтты:
– Бир кемпир келип, апаң болом, – деди. Мен сага окшогон апам жок, – деп, эшикти
ачпадым, – деди.
Жигит:
– Эч кандай эшик ачпагын! – деди. Мастан бир күнү кийим алып келип:
– Айланайын, кызым, сага кийим алып келдим, жылаңач жүрбөй, кийип ал! – деди.
Кыз болбоду, мастан сенин жалгыз отурганыңа жаным кейийт. Батыш тарапта Күлбөс
деген хан бар. Гүлайым деген сулуу кызы бар экен, ошону алып келип бер десең алып
келип берет. Жалгыз отурбай ошону менен ойноп отурбайсыңбы? – деди.
Мастан кемпирдин максаты: «Бир тууганы барып, Күлбөс хандын кара дөөсүнөн өлүп
калса, кыз ушул үңкүрдө жатып жок болот. Буларды ушундай кылып түбүнө жетпесем,
өзүмүн алым жетпейт», – деп ойлоду.
Кыздын бир тууганы кечинде талаадан келгенде:
– Мен жалгыз эле отура беремби. Күн батыш тарапта Күлбөс деген хандын Гүлайым
деген бир сулуу кызы бар экен, мага ошону алып келип берсең, – деп ыйлады.
– Мейли, алып келип берейин сага, үч айлык оокат камдап берейин. Беш-он күндөн
кийин жөнөймүн, сен ыйлаба, – деп беш-алты күндүн ичинде отун-суу камдап берип:
– Эч кимге эшик ачпа, ачсаң экөөбүз тең өлөбүз! – деп жөнөдү.
Бир канча күн жол жүрүп олтуруп, куш салып увазирлери менен жүргөн Күлбөс ханга
жолукту.Күлбөс хан жылаңач балага:
– Каякка барасың? – деди.
– Күлбөс ханга барам, Гүлайым деген кызы бар дейт, ошону алып кетемин – деди.
Хандын увазирлери:
– Муну карасаң өлтүрүп коёлу, – деди. Күлбөс хан күлүп койду.
– Шашпагыла, мен өлтүр дегенде өлтүрөсүңөр! – деди. Жылаңач бала:
– Күлбөс хан кайда? – деди.
– Ушундан нары барсаң табасың, – деди.
Жылаңач бала шаарга кирди. Шаардагылар шылдыңдап:
– Бизчилеп кийинип албайсыңбы? – деп кийим көрсөттү.
– Кана, мага кийгизип көргүлө, –деди. Кийимди кийгизип, күзгүгө көрсөтүштү.
Бала жылаңач жүрүп капкара болуп күнгө күйгөн. Бала:
– Мен канткенде агарам! – деди.
Шылдың кылышып, көлдү көргөздү, ошого барып жатсаң, агарасың дешти.
– Болуптур! – деп, көлдү карай басты.
– Кийген кийимиңди чеч! – дешсе, анысын аякка, мунусун биякка ыргытып, көлгө
барып, күзгүгө көрүнүп алып, агарганча жатам, – деп жатып алды.
Ханга кабар кылды, увазирлерин чакырып:
– Баягы жылаңач баланы кармап алып келгиле! – деп, буйрук берди.
Увазирлер көлдө жаткан балага барып:
– Жүр! – деп кармашса, анысын аякка, мунусун биякка ыргытып, бирин бирине уруп,
жолотпой койду.
Увазирлер Күлбөс ханга барды:
– Бая күнү келатканда өлтүрөбүз дебедиңер беле. Ошол жерде тийгенде өнөр
көрмөксүңөр. Эми кайра баргыла. Сизди Гүлайым чакырып жатат десеңер келет. Хан
чакырып жатат десеңер келбейт, – деп увазирлерин кайра жиберди.
Увазирлери кайра барып:
– Күлбөс хандын кызы Гүлайым чакырып жатат, – деди.
– Эмесе барайын, – деп кийинип жөнөдү.
– Башка киши менен сүйлөшпөйт. Гүлайым менмин, – деп тосуп чык. Ал адамга
кошула элек жапайы, алдап сөзгө келтиребиз, – деп Гүлайымга айтыптыр.
Жылаңач баланын алдынан тосуп чыгып үйгө киргизип, оокат берип сыйлап, жакшы
кийимдерди кийгизип отургузду. Мастан кемпир айткан бир тууганың жөө жүргөнчө,
Күлбөс хандын Күлсары аты бар, ошону алып келип минип жүрбөйбү деп. Азыр баланын
эсине ошол түштү:
– Күлсары ат кайда? – деди. Хан баланын үстүнө кирип:
– Күлбөс хан менмин. Гүлайым бул – менин кызым.
Күлсары ат мына! – деп атты да көргөзүп таанышты.
Баладан:
– Сен кимсиң, кимдин баласысың? – деп да сураган жок. Анткени Күлбөс хан билет
болчу. Баланы сыйлап жакшы айтып, он күнчө таанышып, жылаңач жүрүү уят экенин
түшүндүрүп, үйүр кылды. Ал он күн ичинде кыз дагы көп-көп кеңештерди үйрөттү.
Бала ханга:
– Гүлайым менен Күлсары атты мага бер, мен кетем! – деп карындашынын жалгыз
калганын айтты.
Күлбөс хан айтты:
– Бизден жогору капчыгайда кара дөө деген жатат, кырк күн ичинде бир тойгузабыз.
Кырк күндүк оокат бербесек, бизди чаап кетет, ушуну өлтүрүп берип, анан кыз менен
атты алып кетесиң! – деди.
Бала айтты:
– Мага Күлсары атты бериңиз, мен өлтүрүп, башын кесип алып келем! – деди. Балага
Күлсары атты токуп, жарак-жабдык менен жөнөттү.
Бала барса, чоң ак дөбө, ошол ак дөбөдө чоң ак үй турат.
Үйгө кирсе, кара дөө уктап жатат.
– Эй, кара дөө, тур, күрөшөбүз! – деди.
Кара дөө оң бутун көтөрүп, ушул бутту басып жерге тийгизсең эле болду, – деди.
Бутун көтөрүп коюп кайра уктады.
Үйдүн бир капшытында бир темир чынжыр жаткан экен.
Чынжырды алып, дөөнү ага байлап Күлсары аттын омуроосуна салып, чуу койду.
Күлсары ат үй менен кошо сүйрөп жөнөдү. Бала капчыгайга салды. Дөө жанчылып,
капчыгайдын ичи кан. Бир оокумда дөө сүйлөдү.
– Азамат экенсиң, эми мени арманда өлтүрбө, бир кармашып өлтүр, – деди.
Бала макул болуп, бошотуп кармашты. Кара дөө күч алып, баланын шайын кетирди,
бала жыгыла турган болгондо ыйлап, кайберен-кайыптардан жардам сурады.
Кайберен-кайыптардын жардамы менен Кара дөөнү көтөрүп уруп, башын кесип,
канжыгага байлап барып, хандын эшигине таштады эле, хандын үйү солкулдап кетти.
Бала Кара дөөнү жеңгенден кийин, баркы көкөлөдү. Күлбөс хан той кылып, кызын
камдантып жөнөтө турган болду. Кызына эки жүз түтүн элди кошуп, жайгашканча айыл
ээси болуп турууга эстүү кишиден кошуп жөнөттү.
Бала дүңгүрөтө көчүп, эгиздин түгөйү калган төргө барып кондурду.
Жыламыш хан бир канча жыл жатып, тоого аң уулаганы чыкты эле, түзөң жеринде
бир кийик эчки жүргөн экен. Хан увазирлери менен кийик эчкини кууп жөнөдү. Кийик
эчки айылды карата качты, айылдын чекесинде чоң ак үйдүн эшигинде, бир канча киши
менен бала отурган эле. Эчки качып барып баланын койнуна кирип кетти.
Жыламыш хан балага:
– Сен кайдан жүргөн баласың? Биз кууп жеткен эчкини бер! – деди, бала ханды аттан
түшүрүп, жайлашып отуруп калды.
Хан:
– Бул жер бизге тиешелүү жер, каяктан көчүп келдиңер, ким болосуңар? – деп сурады.
– Ханым, сиз эмне деп жатасыз, бул жер – мен чоңоюп жетилген Мекеним. Карындаш
эгизим экөөбүз бул жерде чоңойдук.
Жыламыш хан баланын көкүрөгү алтын, көчүк жагы күмүш экенин көрдү.
– Карындашың кайда?
– Ушул эле жерде, – деди. Жыламыш хан:
– Менин баламсың! – деп бакырып, кучактап жыгылды, – кызымды көргөз! – деди эле,
кызды чакырса келбеди.
– Менин апам кайда, мен апамды көрбөсөм, менин атам кайдан болсун, – деди.
Жыламыш хан бул иш кырк катындын кылганы деп, кырк катынды алдырып келип:
– Силер билесиңер, кана, чыныңарды айткыла жан керек болсо, болбосо азыр отко
өрттөтөм! – деди.
Жандарына күч келгенде:
– Мастан кемпир билет, – дешти. Мастанды да чакыртты.
– Азыр өрттөймүн, чыныңды айтсаң, жаның калат! – деди. Мастан болгон иштин
бардыгын айтты.
– Ушул балдардын көзүн жоготуп бер, – деп мага алтын берди. Мен бир эркек, бир
ургаачы күчүктү алдына койдум да, эгиз балдарды сууга ыргыттым. Бирок балдар сууга
түшкөн эмес. Ханым, ушул сенин балдарың! – деп далилдеди.
Эми кыздын талабы боюнча увазирлер алып барып таштаган жеринен Айсулууну
издеп жөнөдү. Айсулуу чытырман токойдун арасына жаан, күн тийбей турган жерде
жашачу экен. Ошол күнү иттер жоолук, көйнөгүн тиштеп, ачык жерге чыгыптыр.
Айсулуу келип: «Иттер да мени шылдың кыла баштады», – деп, эптеп көчүгү менен
жылып, ачык жерге чыгыптыр. Иттер болсо, ар кандай жырткычтардан Айсулууну коргоп
жүрүптүр.
Увазирлер Айсулууну таап, учурашып, болгон ишти айтып, балдарына алып келип
тапшырып, балдары менен кошулуп калды. Жыламыш хан кырк катынды кырк азоо
байталдын куйругуна байлап, сүйрөтүп өлтүрдү. Мастан кемпирди арчаны чоң жагып,
өрттөп жиберди.
Жыламыш хан эсепсиз чоң той берип, Күлбөс ханды чакырып, эки хан баш кошуп, ат
чаптырып, кийик аттырып, кырк күнү той берип, баланын атын Самаган коюп, кыздын
атын Сары алтын койгон экен.
Жыламыш хандыкты Самаганга берип, атасынын ордуна Самаган хан болгон экен.
ЖАМШИТ
Илгери бир заманда Жамшит деген казынаны жети атасынан бери күткөн казанаштуу бай өткөн экен. Жамшиттин үч улуу болуптур. Балдарынын аттары: Уланбек,
Жоокербек, Турусбек.
Жамшит сексенден ашат. «Мен болсом карыдым, бир күнү жазып-тайып өлүп кетсем,
казынаны балдарым билбей калат го. Казына жерде бекитилген боюнча эмеспи, – деп
ойлонот. Казына мүлкүм үч балама жетет». Үч баласын чакырып алып:
– Менин өлөрүм калды, өсөрүм калган жок. Өмүрдү болсо, кудайга шүгүр жашадым.
Сексенден аштым. Эми силерге айтар кеңешим, ынтымакта болгула, улууңардын кебин
алып тургула. Менде, менден башка беш-алты атанын, мени менен жети атанын жыйган
казына-мүлкү бар. Мен болсом келерки шершембиде өлөм. Ушул жумадан калтырбай
көмгүлө. Колдогу оокат менен ызааттагыла. Көмгөндөн кийин жетилик өткөрүп туруп,
чогуу барып казынаны үчөөң бөлүп алгыла. Бөлүштүрүп алып, үчөөң үч казына
кармасаңар да жетет.
Казынанын катылган жерин мурун балдарына айткан эмес экен, айтып берди.
Жамшит өзү айткан күнү өлөт. Балдары айткандай ызат- сый кылып көмөт.
Жетилигин өткөрүп бүткөндөн кийин балдардын улуусу Уланбек эки инисин чакырып:
– Жүргүлө, казынага баралык.
Үчөө барса, казына уурдалып жок.
– Үчөөбүздөн башка муну бир дагы жан уккан эмес, көргөн эмес – деп, бири-биринен
шекшинет.
Кичүү иниси эки акеси атасын көмгөнү алаксып жүргөндө Турусбек таап, бекитип
алыптыр.
Турусбек:
– Мени жашсынтып, экөөң бекитип алган турбайсыңарбы? – деп, ыйлап коёт.
Бири-биринен көрүп, мойнуна алышпай, казыга барышат.
Казы:
– Мен бир икая айтып берейин, ошондон кийин ойлонуп көрүп, оюңарды айтып
келесиңер! – дейт.
Бир байдын бир жалчысы болуптур. Байдын аялы кыз төрөптүр. Жалчысынын аялы
уул төрөптүр. Байдын кызы менен жалчынын баласы төрөлгөндөн бирге чоңоёт. Экөө тең
бир короодо ойноп, экөө тең бойго жетет. Экөө бирин бири абдан жакшы көрөт. Бала
кызга ойноп-күлгөндү сунуш кылат.
– Атам кудалап койгон. Менин күйөөм келгенде, сага жолугуп туруп, анан күйөөмдүн
койнуна жатам. Эгер сага жолуга албасам, ал күйөөгө барбай, сага түбөлүк жолдош болом,
– деп, убада берет.
Күндөрдүн биринде кудалап жүргөн күйөөсү келип калат. Убада кылган жигиттин
атасы бир чакырым жерге көчүп барган. Бала кыздын күйөөсү келгенин билбей калат.
Күйөөсү кеч келип, кабар бербей калат.
Күйөө менен кызды жаткыра турган мезгил келгенде. Кыз:
– Ырахмат, жеңелер, төшөк салып бердиңер, эми кете бергиле. Мен өзүм эле жатам,
капа болбогула, – деп, кыз жеңелерин кетирип жиберет.
Кыз күйөөнүн төшөгүнө келип:
– Менин сизден сурай турган суроом бар, макулсузбу? – дейт.
Күйөө:
– Макул, сурай бер, – дейт.
– Менин атамын бир жалчысы бар эле, жалчынын аялы эркек төрөдү, менин энем кыз
төрөдү. Төрөлгөндөн тартып бирге ойноп, бирге өстүк. Экөөбүз тең бойго жеттик. Амалга
жарагандан кийин бала: – Баш кошсок, – деп сурады. Экөөбүз бири-бирибизди жакшы
көрөт элек. Ал жигиттен мен сурадым. Мен сенден жанымды аябаймын. Менин күйөөм
келгенде, сага жолугуп туруп, анан күйөөмдүн койнуна жатам деген элем. Ал кабар
жетпей, келбей калды. Сен менин өмүрлүк жарымсың, – деп күйөөсүнүн мойнунан
кучактап, бетинен кайта-кайта өөп туруп: – Ушул убада кылып жүргөн жигитке жолугуп
келейин – деп, уруксат суранды. Күйөө бала:
– Макулмун, барып жолугуп келүүгө, – деп, уруксат берди.
Кыз баланын үйүн карай кетти.
Кыз жолдо баратканда үч ууру жолукту. Уурулар кыздын алтын билеригине, алтын
сөйкөсүнө кызыкты. Кызды зордоону ойлонушту. Акырында уурулар:
– Кыз башың менен эмне кылып жүрөсүң? – деген суроого келишти. Кыз:
– Акелер, мен сиздердин колуңарга түштүм. Азыр кандай кылсаңар, силердин
эркиңер. Мен эмне үчүн келаткандыгымды айтып берейин – деп, болгон иштин чынын
айтты.
Уурулардын улуусу акылдуу киши экен. Жолдошторуна айтты. Бирге өскөн бала,
күйөөсүнө ыракмат айтып келсин, – деп кызды аман коё берди.
Кыз антташкан жигитине барса, ал уктап атыптыр, аны ойготту.
– Сиз кабарсыз калдыңыз – деп, күйөөсүнүн азаматтыгын, уурулар бошоткондугун
айтып: – Мына убада боюнча өзүм келдим. Кандай кылсаң, сенин эркиң! – деди.
Жигит кызга ыраазы болуп, кызды ээрчитип келип:
– Ыракмат, жезде, сен азаматтын бири экенсиң. Аман- эсен колуктуңду алып келдим,
баракелде, ушундай кызды кандай акмак сөзгө сөлтүк кылат! – деп, жигит күйөөнүн
койнуна салып берип кетиптир.
Казы бул икаяны айтып берип:
– Кызга айла жок, бардыгын жайгаштырган, кошо ойноп- күлүп жүргөн мартпы?
Калың берип алып, койнуна жатканы жаткан колуктусун уруксат берген күйөө мартпы?
Түн ортосунда кыз колуна тийсе, алтындары бар кыз экенине кызыкпай, коё берген
уурулар мартпы?
Үч бир тууганды чакырып, суроо берди.
– Жамшиттин улуу баласы Уланбек:
– Кыздын күйөөсү март? – деди.
– Сен аялга кызганыч экенсиң, – деди. Экинчи баласы Жоокербек:
– Жигит март экен, – деди. Кичүүсү Турусбек:
– Уурулар март экен, – деди.
– Турусбек, жашабагыр, ууру экенсиң, бар агаларыңды алып барып бөлүштүрүп
алгыла, – деп жыйынтыктады.
ЭКИ БАЛА
Илгери бир заманда эки бала шок, бейбаш болуптур. Эл арасында ишеничтен кетип,
элге батпай, суук тумшук көрүнүп кетет.
Биринин аты – Келдибек, биринин аты – Бердибек экен.
Бир күнү Келдибек Бердибекке акыл салат.
– Биз болсо элдин арасында ишеничтен кеттик. Биз бул жакшы жорукту
баштаганыбыз менен эл ишенбейт. Андан көрө биз башка жакка кетип, жакшы жүрүп,
жакшы иштейли, – деди.
Бердибек макул болуп, экөө башка элге кетишти. Жолдо баратып Келдибек
Бердибектен сурады:
– Сенин атаң сага эмне акыл айтчы эле. Бердибек айтты:
– Балам, бышык бол, колдон келсе бирөөнү алдасаң – алда, бирок алдатпа. Балам,
алгандын иши алган дечи эле.
Келдибек айтты:
– Менин атам ак жүр, аман иштеп жүр. Аз алсаң да берекеси болот дечү эле. Мен
атамдын акылын акыл кылам, – деди.
Экөө эки байга жалчы болду. Бердибек жыл маалына төрт койдон алмак болду.
Келдибек бир койдон алмак болду.
Жыл маалында экөө кезигишти. Бердибек айтты.
– Төрт кой алдык төлдөп сегиз болду. Шарты келген жерден төрт кой уурдап алдым
эле, ал сегиз болду. Он алты койлуу болдум. Келдибек бир кой алган, аны карышкыр жеп
кетти, тарпынын жүнүн кыркып алып, белине курчанып жүрөм, – деди.
Бердибек шылдыңдап:
– Жакшы атаң бар экен. Жүрө бер, жипти курчанып! – деди.
Келдибек өтүп бараткан соодагерге жалынып:
– Ушу жипти ала барып сатып, келишинче бирдеме ала келип берер бекенсиздер? –
деди.
– Мейли, төөнүн үстүнө байлап кой, – деди.
Соодагерлер соодасын бүтүп, кайра жөнөй турган болгондо, бир бала мышык кармап
туруптур. Соодагерлер:
– Ээй, бала, мына бул жипти алып, колуңдагыны бересиңби? – деди.
Макул болуп, мышыгын берип, жипти алып калды. Соодагерлер мышыкты билбейт
экен. Жолдо келатканда оокат жешсе мыёолойт. Нан берип, өзүнүн жегенинен берип,
алып келет. Жиптин ээси кой жайып жүрүп, алдынан чыгып:
– Акелер, эмне болду? – десе.
– Мынабу төөнүн үстүндөгү кара немени алып кал, жибиңе ушул келди, – дейт.
– Акелер, бул эмне? – дейт.
– Билбейбиз. Оокат жеп жатканда, ачка болгондо мыёолоп бакырат экен, эмне берсе,
жей берет экен, – деди.
Келдибек мышыкты койнунан түшүрбөй алып жүрөт. Кожоюн бир нан берсе,
жарымысын берет. Мышыгы ачка болсо бакырат. Келдибек жолдун боюнда кой жайып
турса соодагерлер келет. Анда ал:
– Соодагерлер, бул жанды ала барып, келишинче бирдеме ала келип бербейсиңерби? –
деп жалынды.
Соодагерлердин башчысы:
– Акырын бара бергиле, шаарга жакындаганда тосуп алам, – деп кете берди.
Соодагерлердин башчысы шаардын кожоюнуна бара жатса, шаар балдарынын кулактары
жарат. Шаарга келемиш чычкан батпай кетип, бешиктеги балдардын кулактарын үзүп
жеп ийишиптир, – деп кеп кылышат.
– Бул келемиш чычканды мышык деген жеп жок кылат имиш. Анын мыёологон үнүн
укканда кирерге жер таппай, өзү эле жоголот имиш дешет.
Соодагердин башчысы:
– Жолдо бир бала кудай аманат деп бир жандар байлады эле. Силердин кеп кылып
жатканыңарга окшойт, – деди.
– Сиздин төөлөр качан келет? – деди.
– Бүрсүгүнү келип калар, – деди эле. Шаар башчысы:
– Бүгүн алып кел! – деп, киши жиберди. Ал алып келип, коё берсе ачка мышык чычкан
келемишти бир паста кырып жиберди.
Шаардын эли: «Мага бер, мага!» – деп талашып жатышты.
Шаар башчысы ар бир көчөнүн өкүлдөрүн чакырып:
– Сексен көчө бар экен. Бул мышык бирөөнүн аманаты экен. Ар бир көчө бир табактан
алтынды чогултуп берип, алып кетесиңер! – деди.
Балдар кулактарынан ажырап жаткан эле. Таң болуп, алтынды чогултуп берип, алып
кетип турушту.
Шаардын башчысы соодагерлерге айтты:
– Мен алтынды чогулттуруп коём, кетерде кайрылып кет! – деп убада кылды.
Шаар элинен сексен табак дилде чогултуп, алтынды жыйырма эшекке жүктөп, шаар
башчысы соодагердин башчысына:
– Аманат, ээсине алып барып тапшыр, – деп жөнөттү.
Соодагерлер шаардан чыкканда кырк каракчы конгон жеринен басып алабыз, – деп
артынан жөнөдү. Соодагерлер кеч кирген жерге конду. Караңгы киргенде, каракчылар
тегеректеп басып, талап алалы десе, соодагерлерди темир коргон курчап калыптыр.
Каракчылар көрө албай калды. Каракчынын башчысы бул соодагерлерде бир сыр бар
экен. Буларды ээрчип, эртең көрөлү, – деди.
Соодагерлер эртеси жүк жүктөп жатып:
– Беш эшектин жүгүн басып алсын, он беш эшектин жүгү деле жетишет, – деди.
Соодагерлер какыраган жерге конду. Кырк каракчы тегеректеп барса, коргондун бир
жак жааты жок.
Каракчынын башчысы:
– Шашпагыла, бул соодагерлерде бир иш бар экен. Бүгүн да ээрчип көрөлү.
Соодагерлер жүк жүктөп жатып, он беш эшектин жүгүн албай эле коёлу, беш эшектин
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Жомокчулар Жана Жомоктор - 19
  • Parts
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 01
    Total number of words is 4062
    Total number of unique words is 1893
    34.1 of words are in the 2000 most common words
    46.8 of words are in the 5000 most common words
    52.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 02
    Total number of words is 4214
    Total number of unique words is 2104
    32.9 of words are in the 2000 most common words
    44.6 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 03
    Total number of words is 4152
    Total number of unique words is 2045
    34.6 of words are in the 2000 most common words
    47.4 of words are in the 5000 most common words
    54.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 04
    Total number of words is 4150
    Total number of unique words is 2066
    32.5 of words are in the 2000 most common words
    45.7 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 05
    Total number of words is 4129
    Total number of unique words is 1861
    36.1 of words are in the 2000 most common words
    48.6 of words are in the 5000 most common words
    54.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 06
    Total number of words is 4073
    Total number of unique words is 1772
    37.9 of words are in the 2000 most common words
    50.9 of words are in the 5000 most common words
    56.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 07
    Total number of words is 4031
    Total number of unique words is 2005
    35.4 of words are in the 2000 most common words
    47.5 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 08
    Total number of words is 4000
    Total number of unique words is 1967
    34.2 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    55.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 09
    Total number of words is 4090
    Total number of unique words is 2041
    34.4 of words are in the 2000 most common words
    48.3 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 10
    Total number of words is 4090
    Total number of unique words is 1755
    36.3 of words are in the 2000 most common words
    49.5 of words are in the 5000 most common words
    55.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 11
    Total number of words is 4202
    Total number of unique words is 1835
    37.9 of words are in the 2000 most common words
    50.3 of words are in the 5000 most common words
    56.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 12
    Total number of words is 4059
    Total number of unique words is 1853
    34.9 of words are in the 2000 most common words
    47.5 of words are in the 5000 most common words
    53.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 13
    Total number of words is 4023
    Total number of unique words is 1816
    36.1 of words are in the 2000 most common words
    49.0 of words are in the 5000 most common words
    55.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 14
    Total number of words is 4128
    Total number of unique words is 1794
    35.4 of words are in the 2000 most common words
    48.5 of words are in the 5000 most common words
    55.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 15
    Total number of words is 4128
    Total number of unique words is 1880
    33.4 of words are in the 2000 most common words
    47.5 of words are in the 5000 most common words
    54.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 16
    Total number of words is 3951
    Total number of unique words is 1518
    36.3 of words are in the 2000 most common words
    49.6 of words are in the 5000 most common words
    57.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 17
    Total number of words is 3907
    Total number of unique words is 1675
    37.0 of words are in the 2000 most common words
    49.9 of words are in the 5000 most common words
    56.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 18
    Total number of words is 4005
    Total number of unique words is 1671
    37.2 of words are in the 2000 most common words
    51.2 of words are in the 5000 most common words
    57.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 19
    Total number of words is 4054
    Total number of unique words is 2029
    33.6 of words are in the 2000 most common words
    46.8 of words are in the 5000 most common words
    53.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 20
    Total number of words is 4155
    Total number of unique words is 1829
    34.3 of words are in the 2000 most common words
    47.3 of words are in the 5000 most common words
    52.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 21
    Total number of words is 4145
    Total number of unique words is 1916
    33.5 of words are in the 2000 most common words
    46.1 of words are in the 5000 most common words
    53.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 22
    Total number of words is 4175
    Total number of unique words is 1923
    35.3 of words are in the 2000 most common words
    48.7 of words are in the 5000 most common words
    54.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 23
    Total number of words is 3979
    Total number of unique words is 1623
    36.1 of words are in the 2000 most common words
    48.7 of words are in the 5000 most common words
    54.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 24
    Total number of words is 4111
    Total number of unique words is 1658
    36.5 of words are in the 2000 most common words
    49.2 of words are in the 5000 most common words
    54.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 25
    Total number of words is 4082
    Total number of unique words is 1920
    33.7 of words are in the 2000 most common words
    46.1 of words are in the 5000 most common words
    53.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 26
    Total number of words is 3970
    Total number of unique words is 1798
    32.3 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 27
    Total number of words is 4049
    Total number of unique words is 1925
    35.2 of words are in the 2000 most common words
    48.5 of words are in the 5000 most common words
    54.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 28
    Total number of words is 4196
    Total number of unique words is 1935
    34.7 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 29
    Total number of words is 4079
    Total number of unique words is 2069
    33.0 of words are in the 2000 most common words
    44.8 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 30
    Total number of words is 4175
    Total number of unique words is 2074
    33.1 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    52.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 31
    Total number of words is 4117
    Total number of unique words is 2049
    32.9 of words are in the 2000 most common words
    46.1 of words are in the 5000 most common words
    52.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 32
    Total number of words is 4160
    Total number of unique words is 2020
    33.9 of words are in the 2000 most common words
    46.5 of words are in the 5000 most common words
    53.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 33
    Total number of words is 4042
    Total number of unique words is 1830
    36.4 of words are in the 2000 most common words
    49.7 of words are in the 5000 most common words
    55.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 34
    Total number of words is 4275
    Total number of unique words is 1721
    36.7 of words are in the 2000 most common words
    50.1 of words are in the 5000 most common words
    56.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 35
    Total number of words is 4047
    Total number of unique words is 2016
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 36
    Total number of words is 1590
    Total number of unique words is 953
    41.2 of words are in the 2000 most common words
    52.2 of words are in the 5000 most common words
    57.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.