Latin

Жомокчулар Жана Жомоктор - 08

Total number of words is 4000
Total number of unique words is 1967
34.2 of words are in the 2000 most common words
47.8 of words are in the 5000 most common words
55.3 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
– Жаныбек, сен капаланба, өзүң айыптуусуң, эмдиги жылы так ушул маалда ушул
жерге келип этегиңди тос! – дейт да, жок болот.
Жаныбек кайра тартып келе жатса, кокту толгон эчки, теке, аркар, кулжалар. Киши
деп сезип да койбой, жуушап жатат. Жаныбек аябай таң калат. «Айперинин касиети го,
менден кайберендер коркпойт» – деп, аябай ырым кылат. Сезбей кайберендер жуушап
жатат. Ойлонуп туруп, өзүм ачкамын деп, аяк жактагы аксак кийикти атып, союп, этин
бышырат. Жуп эт даяр болгондо тумшугун жеңине каткан кемпир келет. Бир кесим эт
берсе жебей, жеңине катып алат. Аны Жаныбек акырын көрүп калат. Анан бат эле кетип
калат. Жаныбек: «Токойдо жезкемпир көп дечү эмес беле, акыры бул желмогуз менин
жанымды койбойт. Буга аракет кылайын»
– дейт. Ээр токумун жаздап, бүчүрдөн адам жасап, чепкенин айкарасынан жаап коюп,
мылтыгын октоп, колуна алып, карагайдын башына чыгып карап отурат. Түн ортосунан
оогон ченде жезкемпир:
– Жаныбек сенсиңби, каныңды ичем, – деп тырмагын батырганга аракеттенет.
Жаныбек:
– Какбаш менмин, – деп атып жиберет. Бутунун канын чубурткан бойдон кемпир
качып жөнөйт.
Кандын изи менен Жаныбек кубалап отурса, бир үңкүргө кирип кетет. Чалына
арманын айтып, ыйлап отурганын акырын көрөт. Экөөнү тең мээлеп атып өлтүрөт. Жез
тырмактарын кесип алып кайтат.
Антип-минтип мезгил өтүп кетет. Жуп Айперинин айтканы эсине түшөт да, белгилүү
жерге келип этегин тосот. Балтайган эркек бала этегине түшөт. Жаныбек мээнет кылып
багып, кайберендин этин берип, терисин кийгизет. Бала эмгекчил, көзгө атар мерген
болуп атасы экөө айылын багып, оозго кирет. Карыялар бата кылып, балага Жанадил
деген ат коёт. Жанадил ууга барса, куру келбей, атасынын колун узартат.
ЫНТЫМАК АЖАЛДАН САКТАДЫ
Илгери убакта бир бечара болгон экен. Болгону бир жаман үйү бар экен. Мындан
башка үрүп чыгарга ити да жок экен, отун сатып жанын багып, байлар, соодагерлер келсе,
кондурбай, кабагын ачпай кетирчү экен.
– Мага консоңор, кир болосуңар, үйдө тамагым жок – деп тажатчу. Анан көбү түңүлүп
келбей коё турган.
Күн кечтеп калган кезде Ынтымак деген бир киши келет.
Берерге бирдемесин таппай үй ээси аябай кубанат.
– Төбөм – жайлоо, төшүм – кыштоо, өзүм ичпесем жок, алдымдан жер өтсө, мейли,
сүйгөн коногумдан аябайм – деп, жакшылап конок кылат. Ынтымак:
– Меймандостугуңа ыракмат, мен дагы бир керегиңе жарармын, кара кылды как
жарган калысмын. Бир күнкү туз таткан жериңе миң күнү салам бер, ыракмат – деп, кош
айтышып, жөнөп кетет.
Күн чубактап отурган кезде бир топ атчандар, арабалуу адамдар өтөт, көңүлдөрү
ачык. Мурда көп ойлонуп жүргөн кедей: «Мен качан байыймын, ушулар өңдөнүп» – деп,
ойлуу отура берет. Ошентип, капалуу отурган кезде бирөө:
– Бечарам, жоктун жону катуу деген, көңүлдү чөгөт кылбай тетиги дөбөнүн
жанындагы чоң ташты эптеп оодар. Астын ачсаң, чоң сандык чыгат. Улам ачып отурсаң,
жетинчиси чыгат, ошондо алтын бар. Аны алып жыргап жатып каласың – деп, көздөн
кайым болот.
«Айтса-айтпаса калппы. Күндө куурап жүргөнчө, бир жолу байып калайын» – деп,
ташты кургап-тердеп оодарат. Улам ачып отуруп, жетинчи сандыкты алат. Үйгө көтөрүп
кетейин деп, ага чыдабай, эмне болсо көрүп, бир тынып калайынчы деп ача салат. Караса,
тумчугуп калган кара чаар жылан бар экен. Баш көтөрүп ажыдаар болот, кичине туруп:
– Жаныңды алам, акыркы сөзүңдү айт, ачыкканды көрдүңбү – деп кекетет. Кедей:
– Азизим, мен сенин сообуңа калдым, жети кабат жер алдында элең, күн көргөздүм,
жакшылыкка жамандык туура эмес, – дейт.
– Сөздү кыскарт, соромун, өзөгүм карарып баратат! – деп шаштырат.
– Болуптур, үч калыска түшөлү, жакшылыкка жамандыкпы, же жакшылыкка
жакшылыкпы? – деген суроо менен кайрылалы, – дейт кедей.
– Акыры менден ажалың жетти, – деп, жылан утур-утур демитет. Биринчиси – дөбө,
экинчиси – уй, үчүнчүсү – адам болсун дешет алар. Дөбө менен уйга тил кирет.
– Мени эмне гана кылышпайт, – дейт дөбө. – Жакканга отун, жегенге чөп, отурганга
таза аба болом, бирок мени аябай булгайт, жакшылыкка – жамандык. Чынбы? – дейт.
Сөз кезегин уй алат.
– Сааса – сүт, жесе – эт боломун, бирок ошого карабай баламды дагы, өзүмдү дагы
союп, жеп кетишет, мында жакшылыкка – жамандык.
Жолдон өтүп бараткан бейтааныш кишини токтотушат.
Иштин жайын ага толук түшүндүрүшөт.
Көрсө, баягы Ынтымак экен. Ажыдаардан чочуп, кедейди таанымаксан болуп калды.
Бечаранын көзү чанагынан чыгып кете жаздады.
– Мен ишенбейм, жылан ажыдаар болушу мүмкүн эмес, жети кабат сандыкка
жатканың калп, болбосо мурдагы калыбыңа кел, анан калыс сөзүмдү айтайын – дейт
Ынтымак.
Ажыдаар, жыланга айланат. Жетинчи сандыкка кайра түшөт. Ал сандыкты таш менен
бекитет да:
– Туурасы ушул! – деп жыйынтыктайт.
АКЫЛЫМ БАР, АКЧАМ ЖОК
Бегмат аттуу бир акылдуу адам болгон экен. Бирок колунда такыр оокат болбоптур,
ким эмне берсе ошону алып, оокат кылыптыр. Ачкалыкка, жылаңач-жыртыкка көнгөн.
Бирөө бирдеме бербесе, ачка жүрө берген. Байларга, соодагерлерге барып:
– Менин акылым бар, акчам жок, мүмкүн болсо акылымдан алып, акча бергиле – дейт.
Жолдун боюна отуруп алып да акылым бар, акчам жок – деп, какшай берет.
Ошентип, далай жылдарды өткөрдү. «Жиндиби, акылы жокпу?» – деп, көбү таң калды.
Чынында ал жашаган заманда адилдик жок эле. Элдин айткан сөзүнө кулак салбай,
өзүнүн айтканы – айткан, дегени – деген. Бир күнү падышанын көчөсү менен өтүп
баратып, адаттагы сөзүн кайталады. Мына ушул учурда падышанын вазирлери муну укту
да, дароо падышага жеткирди. Падыша:
– Чакырып койгула, бир байкайлы, – деди. Падышанын сарайына кирери менен
Бегмат:
– Акылым бар, акчам жок, – деп, угуза айтып калды.
Аны падыша дароо укту. Падыша:
– Акылың эмнеге жетет, ошону айтчы, а деп эле акылым бар, акчам жок дей бербей, –
деди. Анан түшүнбөгөн келесоонун көзүн тазалайлы деп, кырк төөлүү соодагерлерге
кошуп, башка бир шаарга жөнөттү эгерим келбесин деп, соодагерлер менен баратса да,
айткан сөзү баягы «акылым бар, акчам жок».
Барган жеринде жаагын басканы жок, коркутса да башка сөз айтпады. Бир нече күн,
түн жол басып өткөндөн кийин, Бегмат жарды-жалчы, дубаналарды көрдү. Ичи ачышты
да, маталарды жолдошторунан башка бөлүнүп сата баштады. Беркилеринин жаны
кашайып, Бегматты адаштырып жоготууга аракет кылышты. Бегмат тигилердин
айткандарын тыңшап да койгону жок, өзү билгендей сата берди, башка шаар, кедейкембагалдарга жага бербеди, соодагерлер урушуп да айтты, абдан коркутуп да көрүштү.
Бегмат: «Акылым бар, акчам жок» деген сөздөн башканы айтпады. Жолдоштору сабаган
да жок, себеби элден коркту. Маталарды арзан да, кымбат да сатып алып, ал шаардан
кишмиш жүктөп жөнөштү. Бегмат жолдо жүрүп бир нече күндөн кийин чоң дарыянын
боюна келип, чатырды тигип, жыйырма төөнүн кишмишин сууга төктү. Балыктар тойду.
Чачпай калгандан кийин балыктар сыртка чыгып сурай баштады:
– Айланайын, бизге тамак качан чачасың? – дешти. Бегмат:
– Ким кишмишти кааласа, суунун түбүнөн бирден таш алып чыкса, анан берем,
болбосо бербейм! – деп кесе айтты.
Балыктар таш алып чыгып, кишмиш жеп жатты. Бир кап кишмишти балапан баскан
көгүчкөндөргө берди. Балыктардан жыйналган таш дөбө болгон.
Эми көгүчкөндөргө:
– Бирден төөнүн корголун тапкыла, анан бирден кишмиш беремин, – деп, убада
кылды.
Көгүчкөндөр капкайдан коргол алып келип, ага кишмиш алып жатты. Акыры
Бегматтын кишмиши да калбады. Баягы кырк төөгө төөнүн корголун, таштарды толтура
жүктөдү. Бир жерге келсе суук, отун жок, шүмтүрөп шодокондун бүркүтүндөй жүргөндөр
көп. Бегмат түтүн булаткандан кийин, баарысы жабылып, карыз коргол алышты, эки эсе
акча беребиз дешти. Жылынып, эс алгандан кийин Бегматты акмак, – деп, жектеп тилдей
башташты.
– Жинди болбосо, кишмиштин ордуна коргол жүктөйбү, таш алабы? – деп тутанышты.
Шаарга жетери менен соодагерлер Бегматты жамандай башташты. Болгон ишти төкпөйчачпай баяндап айтты.
– Соодагерлердин өмүрүн кантип сактаганын айтсын, болбосо карыз алганды берсин
– деп, көшөрүп турду. Бир убакта төөдөгү бир ташты ачса, жарк эте түштү, көздү уялткан
каухар экен. Падыша аябай кубанды, анын жарымын элге бөлүп берди.
– Акылым бар, акчам жок деген чын экен, – деди ал.
СЫРДУУ БУЛАК БАЯНЫ
Илгери-илгери бир эшен болгон экен, жашы жетимиштен ашканына карабастан жаны
тынбаган, жер чабыттап бүтпөгөн адам. Айлынан безип, үч айда үйүнө бир келүүчү экен.
Андан узак дагы жүрүп алыска кетип кала турган. Бир күнү эшен эң алыска жолго
жүрүүгө даярданып, жолоочулап жөнөмөк болот. Бир нече күнү жол баскандан кийин, бир
эрме чөл кезигет, тогуз күн өткөндө чөлдөн чыга албай айласы кетип, амалы түгөнүп,
көмөкөйү кургайт, көзү чакчаят. Сүйлөөгө дарманы куруп, денесин тер басып, амалы
аябай кетет.
Эшен ушундай абалда кетип баратса, жолдон булактын акканын көрөт. Ал суунун
даамы таттуу, шербеттин суусундай, бирок ал бир дөөнүн сыйкырдуу булагы, эркек ичсе
аял болот, аял ичсе эркек боло турган чырын билбеген эшен чыдабай көмөкөйү кургап,
булактан жата калып суу ичет. Ана-мына дегенче эле эшен он сегиз жашар кыз болуп
калат. Бирок эшен аны өзү билген жок. Каны каткан байкуш дагы суу ичет. Бир убакта
суудан жакшынакай кызды көрүп калып, карыганына карабастан ашык болот. Өзүнүн
кийим-башын оңдоп, кыз менен тамашалашкысы келет. Чынында ал өз көлөкөсү экенин
таптакыр билген жок.
– Бери чык, кантип суу ичинде зерикпей жатасың? Өмүрдү бирге өткөрөлү – деп,
жинди болгон адамча күлө баштайт. Кел берилеп ымдайт. Өзү эмне кылса, баарысы
ошондой көрүнүп жатат. Үнүн чыгарбай, оозун басып, кызга кол жаңсады. Кыз дагы
унчукпай колун булгалады. Суудагы кыз дагы эшенди өз тарабына чакыра баштады.
«Мейли барайын» – деп, суунун түбүнө түштү, суу азыраак ылай, колу менен суудан
кызды карады, сыйпалады, аңтарды, эчтеме жок.
Так ушул маалда булактын ээси дөө келип калды. Дөө эшенди кепке ала баштады.
– Сен кайдан келген немесиң, эмне издеп жүрөсүң?
– Мен жолоочумун, бойго жеткен кызымды түшүрүп жибердим, – деп баарысын айтып
берди.
– Сен жолоочу, калп айтып менин башымды катырба, суудан көрүнгөн – сенин
көлөкөң. Сен булактан ичип эшен болбой, кызга айланып калганыңды билбейсиңби! –
деп айтты.
Эшен таптакыр ишенбеди.
– Кантип ошондой болсун! – деди.
Адегенде өзүн суудан карады, анан күзгүдөн көрдү. Өзүнүн башын койгулап, эмне
амал-айла кыларды билбеди. Кайсы бетим менен айымдын жүзүн көрөм? – деп,
капаланды. – Эмне кылганда өзүмдүн мурдагы абалыма келем? – деп, эшен жалынып,
дөөдөн сурады.
– Сен калп айтасың, мен сага такыр чын айтпайм – деп дөө өжөрлөндү.
Эшендин амал-айласы түгөнүп, жолун узартты. Көп узабай туруп, аң уулап жүргөн
падышага кезикти.
Ай десе аркы, күн десе көркү жок, башкача бир кыз. Падыша бардык ишти
жыйнаштырып, кызга аябай ашык болду. Падыша сарайына алып барып, нике
кыйдырып, кызды аялдыкка алды. Арадан беш-алты күн өткөндөн кийин, кыз падышага
тыным бербей бакырып-өкүрүп ыйлады.
Акыры падыша кыздан сураганда, башынан өткөн окуялардын баары-жогун
калтырбай айтып берди. Бирок падыша анын сөзүнө таптакыр ишенбеди:
– Кантип эле эркек аял болсун? – деп, ишенбестикти туудурду.
– Көзүм көрмөйүнчө ишенбейм, – деди падыша.
– Эмесе булакка баргын, ошондо гана айтканың туура деп айтамын, – деп эскертти.
Эртең менен эрте булакка барганга убада кылышты. Падыша сырдуу булакты
анчалык байкас албай, жата калып суу ичти да, он сегиз жаштагы кыз болуп калды. Эки
кыз эмне кылар айлаларын билбей, көз жаштарын көлдөтүп ыйлай баштады.
Бир ушакчы кемпир жолдон өтүп баратып эки кызга таңданып карап, булактын
суусунан ичмекчи болду. Кыздар ал кемпирди коркутса да болбоду.
– Силердей кыз боло албай жүрөм, оозуңардан айланайын! – деп, жалынып-жалбарды.
Кемпир башын көтөрбөй, тойгончо булактын суусунан шимирди. Татынакай жигит
болуп жатып калды. Эшен – кыз, падыша – кыз, кемпир – бай болуп чогуу болушту. Эки
кыз күйөө кылганга макул болуп, падышанын сарайына барышты. Бул болгон окуяны эч
кимге ооздорунан чыгарышпай, булар алты жылдан ашык эл сурашты. Эшен – кыз ар
жылы эгиз төрөп отуруп, он эки баланын энеси болду. Күндөрдүн биринде эки аялы
менен Кемпирбай уктап калат. Ошондон кийин такыр көз жумбайт. Кемпирбайдын
аргасы кетип: «Сырдуу булакка барсамбы», – деп чечти. Ошентип, сырдуу булакка жетип
отурары менен, баягы дөө келип:
– Эмне менин булагыма келип жүрөсүң? – деп, такый баштады.
Кемпирбай окуянын бардыгын төкпөй чачпай айтып берди.
– Анда бардыгыңар чогуу келгиле, мурдагы калыбыңарга келесиңер, – деп
сүйүндүрдү.
Дароо барып, үй-бүлөсүн чогуу алып келди. Дөө Эшен– кызды абдан жемеледи.
– Элди алдаган, калпычы, ошондон таптың, – деп айтты.
– Пайдыша сен калыс эмес экенсиң. Акыйкатсыз падышадан көрө – жогуң жакшы.
Кемпирбай, сен калп айтканды жакшы көргөн ушакчы залим элең, муну мен туура
айтамбы? – деп, үчөөнөн жандырып сурады.
– Чынбы? – деди, эгерде жакшы жолго түшүп, жалган ишке барбаска ант ичсеңер,
мурдагы калыбыңарга келтирем.
Баарысы:
– Андай болбойт! – деп, өпкөсүн калбыр кылышты.
Булар жыйырма балалуу болушкан эле, дөөнүн амалынан кийин баарысы өз
калыбына келишип, ынтымакта, алдым- жуттум болбой акыйкат жашап калышыптыр.
ЫБЫРАЙЫМ АБДЫРАКМАН УУЛУ
Өз атасы Абдыракман колунан бардык иш келген чебер, мергенчи, тамырчы, комузчу,
адамды көрөр замат сындаган сынчы болгон. Жетөгүздөгү эл бүгүн дагы Абдыракман
сынчы деп айтышат. 1942-жылы 81 жашында Жетөгүздө дүйнөдөн кайткан.
Ыбырайым 1888-жылы Жетөгүздүн Чырак айылында туулган. Ал жети жашынан
баштап айылдагы бала окуткан молдолордо тырышып окуй баштаган. Ал убактарда
жаздырып окутчу эмес. Чөк түшүп олтуруп, молдонун камчысынын алдында окуган доор
эле. Өзү тырышып жазууну өздөштүрөт. Шаардан окусам дегенде эки көзү төрт болот.
Элдеги толуп жаткан кошок, майда ырлардын бардыгын жазып, жаттайт. Эл кыштоого
кирип, согум союлганда айылдагы аксакалдар манасчыны чакырып келишип, боз үйгө жык
толуп, таруу бозону сүзүп, этти салдырып коюп
«Манасты» айттырчу. Бир кыштын ичинде «Манасты» үч айттырса, соопчулук
болот дешчү алар.
Ыбырайым тосурайган тону менен «Манасты» угуп, уктабай отура берчү экен. «Бул
бала манасчы болот» – деп, эл ошондо эле айтышчу экен.
Он эки жашында Караколдогу «Жаңы тартип» деп аталган татар мектебине кирип,
ийгиликтүү бүтүрүп, Жетөгүздөгү жаңы ачылган мектепке 1905-жылы мугалим болот.
1922-жылы Алматадан Каюм Мифтаков элдик адабиятты жыйноого Кыргызстанга
келет. Ушул кишинин келиши менен элдик адабият да,
«Манасты» жазуу иши да башталат. Ушул эле жылы партиянын Нарын шаардык
комитетинин секретары Касымбай Тельтаевдин түздөн-түз тапшыруусу боюнча
«Манас» эпосун жазууга киришет. Нарындын Солтонсары жайлоосуна Сагымбайды алып
барып, Манасты туулгандан баштап жаза байштайт.
Ошентип мугалимдиктен Ыбырайым Абдыракман уулу калып,
«Манаска» биротоло өтүп калат. Бирде Сагымбайдын үйүндө Кочкордо, бирде
Ыбырайымдын үйүндө Атбашыда жазып, 1926-жылы «Манасты» бүтүрөт.
1936 – 1937-жылдары Саякбай Каралаевден «Манасты» жазат. Өзү да жыйнап,
«Манас», «Семетей», «Сейтектин» варианттарын түзөт.
«Жаңыл Мырза», «Казак кайың саап, кыргыздын Ызарга киргени»,
«Кыргыз-казак окуясы» деген окуяларды жыйнайт. Маселен: «Чечендердин сөздөрү»,
«Анекдоттор», («Күлдүргүч») макал-лакаптары (үч миң сөз), жөө жомоктору болуп башаягы бир миң басма табак эмгеги болот.
1960-жылы пенсияга чыгып, жылдын жарымын Атбашыда, жарымын Фрунзеде
өткөрөт. Шапак Рысменди уулу, Тоголок Молдо, Багыш Сазан уулу, Жаңыбай Кожек уулу,
Акмат Рысменди уулу, Молдобасан Мусулманкул уулу өңдүү манасчылардын дастандарын
жазууга түздөн- түз көмөктөш болгон. Ысыккөлдө Дыйканбай, Жандыке, Байжан, Отунчу,
Калча, Акылбек манасчыларды көрүп, алардын «Манасын» уккан. Отуз жыл мугалим,
жыйырма беш жыл оозеки чыгармаларды жыйнаган. Аларды кайра иштеп чыккан.
МААМЫТ МЕНЕН КАРА ДӨӨ
Байыркы өткөн заманда Маамыт аттуу бир чабал киши жашайт. Анын отуз чакты
эчкиси болот. Эрди-катындын ишенген оокаты – ошол эчкилер. Маамыт мөөнгө жуурат
куюп алып, эчкилерин кайтарат. Бир түлкү ар күнү келип, куйругу менен Маамытты жыга
чаап, жууратын ичип кетип жүрөт. Карышкыр бирден эчкисин жей берип, акыры он беш
эчкиси калат. Ошол арада кайып-каскагынан Кара дөө кездешип калат:
– Маамыт, эчкилериңдин бардыгын мага бергин! – дейт ал.
Маамыт:
– Эчкилеримди сага бербейм, – дейт. Анда Кара дөө:
– Эмесе, экөөбүз күчүбүздү сынашып, кимибиз утсак, эчкилерди ошонубуз алалы,
айтканыма көнбөсөң, сени өлтүрөм.
Дөөнүн айтканына Маамыт аргасыздан макул болот. Дөө мындай дейт:
– Биринчи экөөбүз тоону кулатышабыз, эртең эрте ушул жерге кел, мен күңгөйдүн
тоосун, сен тескейдин тоосун кулат. Эртеси болжогон жерге Маамыт менен дөө келет.
Кара дөө чечинип алып, күңгөйдүн тоолорун бирине бирин койгулаштырып кулатып, түз
жерге айландырат. Ал эми Маамыт болсо, бир чоң кара таштын түбүнө барып бир аягына,
бир быягына чыгып, тегерете басып турат. Кара дөө жетип келип, Маамытка суроо берет:
– Маамыт, сен эмне кылып турасың? – деп. Анда Маамыт:
– Ушул ташты былкылдатып эле койсом, жер астын-үстүн болуп, аласалып кете
турган көрүнөт, – дейт. Кара дөө токтой калып ойлонуп, Маамыттын кыйындыгына жана
билгичтигине таңданып айтат:
– Эмесе, Маамыт, мөрөй сеники, ташты ала салдырбагын, башка мөрөй коюп
сынашалы, эртең менен кел, мен күңгөйдүн, сен тескейдин токойлорун жулушалы, – дейт.
Эртеси келишип, Кара дөө чечинип алып күңгөйдүн токоюнун бардыгын жулуп салат.
Маамыт бир узун теректин башын бир, аягын бир карап, тегерете басып турат. Кара дөө
суроо берип:
– Маамыт, эмне кылып турасың? – дейт. Маамыт мындай жооп кайтарат:
– Ушу терек жер жүзүндөгү жыгачтардын падышасы экен, эгер сындырсам дүйнөдөгү
бардык эл тамак-аш бышырып жей алышпай кала тургандай. Ошондуктан кандай
кыларымды биле албай турам, – дейт Маамыт.
– Кокуй, андай болсо, кой. Маамыт, мөрөй сеники! – дейт Кара дөө. Эмесе Маамыт,
жерди оё тебишели.
Маамыт үйүнө келип, жууратты мөөнгө куйдуруп алып, болжошкон жерге эрте барып,
мөөндү жерге көөмп, үстүнө топурак сээп коёт. Кара дөө да келип, болжогон жерди бир
тепкенде, киндигине чейин жерге батат. Эми кезек Маамытка келет, көөмп койгон
жууратты бир тепкенде, мөөн жарылып кетип, Маамыт киндигине чейин жерге кирип,
жуурат былп этип жердин үстүнө чыгат.
Анда Маамыт мындай дейт:
– Ой, Кара дөө, сен бир тээп киндигиңден жерге баттың, мен бир тепкенде жердин
мээси чыкты, эми тепсем, жердин карды жарылып, ала салып, бүтүндөй таш-талканы
чыгат – деп айтканда, Кара дөө аң-таң калып, мөрөйдү дагы Маамытка берет.
Кара дөө эми Маамытты конокко чакырып, абдан сыйлап, жатып уктагандан кийин
өлтүрмөкчү болот. Маамыт билип, үйүнүн төрүнөн бир дөңгөчтү көрүп, Кара дөө
уктагандан кийин туруп, дөңгөчтү сүйрөп жаткан ордуна коюп, өзү дөңгөчтүн ордуна
жатып алат. Бир убакта Кара дөө тура калып, балта менен дөңгөчтү бир салып, аялына
айтат:
– Маамытты жайладым, эртең менен жигиттерге айтып, жар көчүрүп таштасын, – деп,
уктап калат.
Дөө уктагандан кийин, Маамыт дөңгөчтү кайра ордуна коюп, өз ордуна жатып уктап
калат. Маамыт эртең менен дөөдөн мурда ордунан турат.
Дөө Маамыттын аман-эсен тургандыгын көрүп, айран-таң калып, тамак ичип
отурганда, дөө Маамытка суроо берет:
– Маамыт түш көрдүңбү?
– Билбейм, түндө чымынбы, чиркейби бир кыбыраган неме үстүмдө жөргөлөгөндөй
болду, – дейт.
Ошондо дөөнүн жүрөгү оозуна тыгылып, Маамыттан эптеп кутулуунун аракетин
кылып, көп алтын берип жөнөтөт.
Маамыт дөөнү конокко чакырат. Дөө аргасыздан барат. Маамыт аялына амал үйрөтүп
коёт да, дөөгө суусун ичиргенден кийин, үйүнөн ыраак барып, эчкилерин айдаган болот.
Аял от жагып, казанга суу куюп бек кыйкырат:
– Ой, Маамыт, конокко кандай эт саламын? – деп.
– Баштагы дөөнүн башын сал, кийинки дөөнүн төшүн сал, алар аз келсе, алдыгы
отурган дөөнүн санын кесип сал!
Дөө токтолуп тура албай, Маамыттын жаман алачыгынын чамгарагын моюнуна илген
бойдон безе качып жөнөйт. Дөө арым уруп бара жатып, түлкүгө кезигет, түлкү дөөнүн
кимден качкандыгынын жөнүн сурайт. Дөө Маамыт деген баатырдан качып бара
жаткандыгын айтат. Анда түлкү: Маамыт жер үстүндөгү адамдын эң чабалы экендигин,
куйругу менен жыга чаап салып, жууратын ичип алгандыгын айтат. Түлкүнүн айтканына
дөө ишенбейт. Түлкү дөөнү жетелеп кайра Маамытты көздөй жөнөйт. Ошол учурда
Маамыт алардын алдынан чыгып:
– Кайран түлкү дос, качкан дөөнү кайта ээрчитип келе жаткан турбайбы! – деп
каткырат. Дөө түлкүнү башка чаап өлтүрөт. Анан Маамыттан качканына арданып, дөө
тоодон кулап өлүптүр…
ЖЕТИ БАЛА
Бир кедей кемпирдин жети баласы болот. Ал балдар абдан акылдуу болуп чоңоюшат.
Өнөр үйрөнүү үчүн жетөө жети өнөргө тырышышат.
Күндөрдүн биринде кемпир жаа жасайт. Балдары энесинен жааны кимге берерин
сурашат. Анда кемпир:
– Балдарым, араңардан кимиңердин өнөрүңөр артык болсо, ошого берем – дейт. Эң
улуусу:
– Энеке, асмандагы алпкаракуштун карааны торгойдой болуп гана көрүнсө да, атып
түшүрө алам, мергенчимин, – дейт. Экинчиси:
– Менин өнөрүм ушул. Жети жыл мурун кеткен кумурсканын изин таба алам.
Үчүнчүсү:
– Дүйнө жүзүн алаканымды карап туруп эмне болуп жатканын айтып бере алам.
Төртүнчүсү:
– Кайыптан тамак таап, канчалык адам болсо да, тойгуза алам. Бешинчиси:
– Менин өнөрүм ушул: деңиз-дарыялардан көздү ачып- жумганча кеме-кайык жасап,
өтө алам. Алтынчысы:
– Деңиз-дарыялардын үстүнөн чуркаганымда, таманымдан чаң чыгат. Жетинчиси:
– Артымдан душман кууса: «Кара жер жарыл!» – деп койсом, кара жер жарылып кетет.
Мен кирип кетип да, каалаган жерден чыга алам.
Энеси балдарынын өнөрүн уккандан кийин мындай дейт:
– Балдарым, эмесе силер, Болбос канга барып ушул өнөрүңөрдүн жөнүн ачык айткыла,
кан текшерип, кимиңердин өнөрүңөр артык экендигин чечсин, артык болгонуңарга
жааны берем, – дейт.
Кемпирдин жети баласы токтоосуз Болбос кандын шаарын көздөй жөнөйт. Шаар ичи
чаң-тополоң. Балдар таң калып отурушканда, бир адам кездешет. Балдар ал кишиден
шаардагы дүрбөлөңдүн жөнүн сурайт. Ал киши жооп кайтарат:
– Кечээ түнү кандын кызы жоголду. Ал жалгыз эле. Кайда кеткендигин эч ким
билбейт. Дайынсыз. Ошон үчүн дүрбөлөң түшүп жатат.
Андай сөздү укандан кийин, жети бала кеңешет. Жети жылы мурун кеткен
кумурсканын изин биле турган бала, ары- бери карап:
– Кандын кызы асман менен кетиптир, – дейт.
Дүнүйөнү алаканынан карап биле турган бала алаканын ачып-жумуп:
– Кызды Тойбос кандын алпкаракушу алып бара жатат.
Балдар издеп жөнөшөт. Жүрүп-жүрүп отуруп, бир чоң дарыяга капталат. Үч-төрт
күндөн бери даам татышпагандыктан карындары абдан ач. Жок жерден тамак табам
деген бала ары-бери кайсаңдап бир кой, нан даяр кылат, бардыгы тоюнушат. Кандайдыр
дарыя, деңиз алдынан кабылса, көз ачып-жумганча кеме-кайык жасачу бала дарыянын
жээгине чуркап барып, кайта келип, кеменин даяр болгондугун айтат. Балдар дарыянын
жээгине барышса, бир жакшы кеме даяр. Кемеге түшүп күндөп-түндөп жүрүп отурушуп,
Тойбос кандын шаарына келишет.
Тойбос кан алпкаракушуна кырк кандын кызын алдырып келип, эң жарактуусун өзү
алып, калгандарын вазирлерине берүүчү экен. Жети бала барып жеткен убакта, Болбос
кандын жоголгон кызы кырк кызы менен сууга чумуп келе жаткан болот. Дарыянын
үстүнөн чуркаганда, таманынан чаң чыккан бала, дарыянын үстүнөн ылдам жетип барып,
Болбос кандын кызын жана ага кошуп кырк кандын кызын көтөрүп келип кемеге салат.
Бул кабар Тойбос канга угулганда, токтоосуз алпкаракушун жиберет, ал атылып келип,
эки кызды эки колуна илип, кайта асманга чыгып кетет. Алпкаракуш асманга торгойдой
болуп чыкканда, атып түшүрө турган бала, жааны колуна алып, кыз эңген алпкаракушту
атып түшүрөт. Эки кыз асмандан айлан-көчөк болуп келе жатканда, баягы таманынан чаң
чыгуучу бала тосуп алат. Буту сынган алпкаракуш өз канынын эшигинин алдына барып
далп этип түшөт. Кан көп аскерлерин кемеге түшүрүп, балдардын артынан куудурат.
Куугун аскер жете турган болгондо, кара жер как жарыл дей турган бала:
– Кара жер как жарыл! – дейт.
Кууган аскерге карматпай, жер алдына кирип кетишет. Жете келип кармай турган
болгон ак боз атчан баатыр да жерге бирге кирип кетет, абдан шашып не кыларын
билбей:
– Эми мен кайта жер үстүнө кантип чыгам? – дейт ал.
– Өзүң тилеген жерден чык, – деп, балдар айтышат.
– Эмесе, кандын коломтосунан чыгайын, – дейт ал.
Ал так ошол жерден чыгат. Тойбос кандын аскерлерине көргөндөрүнүн баарын
төкпөй-чачпай айтат.
– Кыздарды ала качкандар адам эмес, азирейил жалаңкыч экен алар.
Тойбос кан абдан таң калып, өзүнүн кызынан айрылгандыгына катуу кейип, кызына
аш-жытын берип, мындан кийин кыз уурдатпаска тобо кылып жатып калат. Жети баатыр
Болбос кандын коломтосунан чыгып келе жатышса, шаардын калкы дүрбөп, мындай
сөздү айтышат.
– Өгүнү кандын кызын жутту эле, эми өзүн жутканы келе жатышат, аны менен эле
тим болбостон, баарыбызды кырып түгөтөт экен – дейт.
Качып тоого чыгышат. Жети баатыр жер үстүнө чыкса, адам дегенден эчтеме жок. Боз
атчанды босогого байлап салып, эки кызды окшоштуруп төргө отургузуп, бир койду
союп, этин казанга салганда, оттун түтүнү чыкканын көрүп, кан бирөөнүн барып билип
келүүсүн өтүнөт. Көпчүлүктүн ичинен эч ким барууга чыкпаган соң, бир жетим балага
буюрат барып билүүгө. Жетим бала аргасыздан келет.
Кемпирдин жети баласы, аны менен бирге кандын кызы аман-эсен отургандыгын
жана бир жигиттин эшикте байлануу экенин көрүп, токтоосуз жетип, канга сүйүнчүлөйт.
Баланын айтып келген сүйүнчүнө кан ишенбей, дагы бирөөнү жиберет. Бир киши барып
көрүп, баланын сөзүнүн чын экендигин канга айтат. Кан кызын көрүп, чектен тыш
кубанат. Кыз атасына көргөндөрүн айтып берет.
Жети баатыр да канга өнөрлөрүн бир баштан айтышат. Кан жети баатырдын эң
улуусуна кызын берип, Тойбос кандын кызын дагы бирөөнө алып берип, ал гана тургай
тактан түшүп, кандыгын да берет. Калгандарына калкынан кыз алып берет. Жети баатыр
карыган энесин алдырып, ыракат турмушта туруп калышат. Жетөөнүн кимисинин өнөрү
артык?
ЖАНЫБЕК КАН, ЖЕЙРЕН ЧЕЧЕН, АЛДАР КӨСӨ
Бир күндөрдө Жаныбек кан, Жейрен чечен жана вазирлери менен ордодо отурганда,
Алдар көсө кирип келип:
– Ассалом алейкум, кан ордосу, – дейт.
– О, алекиме салам, эл жоргосу, – дейт Жейрен чечен.
Алдар көсө отургандан кийин Жейрен чечен олтургандарга айтат:
– Мени эч ким жеңе алган жок эле, ушул кирген көсө жыгып кетти го, – дейт.
Жейрен чеченден көсөнү кантип жыккандыгын сурашат отургандар.
– Көсө салам айтып киргенде, колум менен башымды кактым, балаа башка кайдан
келет дегенимде, көсө тилин кагып, башка балаа тилден жетет деп айтып чыгып кетти, –
дейт.
Жейрен чечендин бул сөзүн уккандан кийин, кандын кыйынсынган бир вазири
мындай дейт:
– Ал куулугу ашынган көсөнү мен кандай болбосун жеңем, алдатпайм, каным, сенден
каалаганымды алам, эгер жеңе албасам, жазалуу болом, – дейт.
Вазир көсөнү жеңсе, кандан каалаганын алмакчы, эгер жеңилсе дайынын таппай
калмакчы. Вазир токтоосуз аттанып, көсөнүн артынан жөнөйт. Көсө таягын таянып алып
шыпылдап басып бара жаткан болот. Вазир жетип барып, көсөгө салам берет. Көсө
вазирге карап:
– Ээ, баатыр, кайдан келе жатасың? – дейт.
– Сени издеп келе жатам! – дейт вазир.
– Менде эмне жумушуң бар эле? – дейт көсө.
– Жер ортосун таба албай, сенден сурайынчы деп келдим,
– дейт вазир.
Көсө туруп:
– Арзан эле иш турбайбы, баатыр, – деди да, таягын колуна алып, көзүн алаңдатып,
эки жагын эринип карап:
– Атаганат, боюм жапыстык кылып жатат – деп айтканда, вазир шашып кетип:
– Эмесе, менин атымды мине коюп кара – деп, түшүп атын көсөгө берет.
Көсө атка минип, таягын шарт камчыланып, мындай дейт:
– Атаганат, көпкөн вазирим ай, менден акыр заманды да сураганы турасыңбы?
Отурган жериң – жердин ортосу, акыр заман атынан айрылган кишинин башында! – деп
айтып, чапкан бойдон кете берет.
Вазир көзү караңгыланып тамтайып отуруп кала берет.
Көсө кайра тартып, вазирге мындай дейт:
– Ээ, вазир, сен кандай болбосун кан менен мелдешип келгендирсиң, көсөнү жыгып
келем деп. Мен ушу бойдон кете берем, бүткүл мал-пулуңдан айрылып, тентип калаарың
анык. Ошондуктан сага бир жакшылык кылайын деп кайра тарттым. Сен эми менин
айтканыма макул болуп, тилиңин учун кесип, кандын алдында сүйлөй албай барсаң
кутуласың, – деп айтып көсө сызып кете берди.
Вазир көсөнүн айтканына макул болуп, тилинин учун кесип барып, мелдештен
кутулат.
ТОКТОГУЛ ЫРЧЫНЫН БАЛАСЫ
Чабуулда жоонун колуна түшүп кеткен бала кул болуп, тезек терип талаада жүрүп,
жылкынын бир куу башын таап алып мындай сөздөрдү айтат:
Тулпардын башы сен болсоң, Куурап жатчу сен белең!
Кишиден шумкар болсом да, Тезек терер мен белем! –
Баланын ушинтип ыйлап отургандыгын бир киши көрүп, канга айтып барат. Кан
баланы алдырып келип, тулпарды тааныгандыгы жөнүндө суроо сурайт.
– Тулпардын куу башын тааныган, өзүн тааныбайт дейсизби, каным? – дейт бала.
– Андай болсо, балам, мага тулпар таап бер – деп, айтат кан.
– Каным, жаныма жигит кошуп бер, тулпарды издеп, таап берейин, – дейт бала.
Кан балага эки жигит кошуп берет. Бала тулпарды шаарлардан издеп таппай,
Сарарканын жайлоосуна келип, бир агын сууга кабылып, агып келе жаткан жылкынын
тезегин кармап алып, тулпардыкы экен, ушу суунун башында, кандай болбосун тулпар
бар экен деп айтып, сууну бойлоп жөнөйт. Жолдоштору суроо берет:
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Жомокчулар Жана Жомоктор - 09
  • Parts
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 01
    Total number of words is 4062
    Total number of unique words is 1893
    34.1 of words are in the 2000 most common words
    46.8 of words are in the 5000 most common words
    52.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 02
    Total number of words is 4214
    Total number of unique words is 2104
    32.9 of words are in the 2000 most common words
    44.6 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 03
    Total number of words is 4152
    Total number of unique words is 2045
    34.6 of words are in the 2000 most common words
    47.4 of words are in the 5000 most common words
    54.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 04
    Total number of words is 4150
    Total number of unique words is 2066
    32.5 of words are in the 2000 most common words
    45.7 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 05
    Total number of words is 4129
    Total number of unique words is 1861
    36.1 of words are in the 2000 most common words
    48.6 of words are in the 5000 most common words
    54.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 06
    Total number of words is 4073
    Total number of unique words is 1772
    37.9 of words are in the 2000 most common words
    50.9 of words are in the 5000 most common words
    56.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 07
    Total number of words is 4031
    Total number of unique words is 2005
    35.4 of words are in the 2000 most common words
    47.5 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 08
    Total number of words is 4000
    Total number of unique words is 1967
    34.2 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    55.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 09
    Total number of words is 4090
    Total number of unique words is 2041
    34.4 of words are in the 2000 most common words
    48.3 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 10
    Total number of words is 4090
    Total number of unique words is 1755
    36.3 of words are in the 2000 most common words
    49.5 of words are in the 5000 most common words
    55.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 11
    Total number of words is 4202
    Total number of unique words is 1835
    37.9 of words are in the 2000 most common words
    50.3 of words are in the 5000 most common words
    56.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 12
    Total number of words is 4059
    Total number of unique words is 1853
    34.9 of words are in the 2000 most common words
    47.5 of words are in the 5000 most common words
    53.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 13
    Total number of words is 4023
    Total number of unique words is 1816
    36.1 of words are in the 2000 most common words
    49.0 of words are in the 5000 most common words
    55.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 14
    Total number of words is 4128
    Total number of unique words is 1794
    35.4 of words are in the 2000 most common words
    48.5 of words are in the 5000 most common words
    55.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 15
    Total number of words is 4128
    Total number of unique words is 1880
    33.4 of words are in the 2000 most common words
    47.5 of words are in the 5000 most common words
    54.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 16
    Total number of words is 3951
    Total number of unique words is 1518
    36.3 of words are in the 2000 most common words
    49.6 of words are in the 5000 most common words
    57.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 17
    Total number of words is 3907
    Total number of unique words is 1675
    37.0 of words are in the 2000 most common words
    49.9 of words are in the 5000 most common words
    56.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 18
    Total number of words is 4005
    Total number of unique words is 1671
    37.2 of words are in the 2000 most common words
    51.2 of words are in the 5000 most common words
    57.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 19
    Total number of words is 4054
    Total number of unique words is 2029
    33.6 of words are in the 2000 most common words
    46.8 of words are in the 5000 most common words
    53.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 20
    Total number of words is 4155
    Total number of unique words is 1829
    34.3 of words are in the 2000 most common words
    47.3 of words are in the 5000 most common words
    52.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 21
    Total number of words is 4145
    Total number of unique words is 1916
    33.5 of words are in the 2000 most common words
    46.1 of words are in the 5000 most common words
    53.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 22
    Total number of words is 4175
    Total number of unique words is 1923
    35.3 of words are in the 2000 most common words
    48.7 of words are in the 5000 most common words
    54.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 23
    Total number of words is 3979
    Total number of unique words is 1623
    36.1 of words are in the 2000 most common words
    48.7 of words are in the 5000 most common words
    54.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 24
    Total number of words is 4111
    Total number of unique words is 1658
    36.5 of words are in the 2000 most common words
    49.2 of words are in the 5000 most common words
    54.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 25
    Total number of words is 4082
    Total number of unique words is 1920
    33.7 of words are in the 2000 most common words
    46.1 of words are in the 5000 most common words
    53.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 26
    Total number of words is 3970
    Total number of unique words is 1798
    32.3 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 27
    Total number of words is 4049
    Total number of unique words is 1925
    35.2 of words are in the 2000 most common words
    48.5 of words are in the 5000 most common words
    54.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 28
    Total number of words is 4196
    Total number of unique words is 1935
    34.7 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 29
    Total number of words is 4079
    Total number of unique words is 2069
    33.0 of words are in the 2000 most common words
    44.8 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 30
    Total number of words is 4175
    Total number of unique words is 2074
    33.1 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    52.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 31
    Total number of words is 4117
    Total number of unique words is 2049
    32.9 of words are in the 2000 most common words
    46.1 of words are in the 5000 most common words
    52.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 32
    Total number of words is 4160
    Total number of unique words is 2020
    33.9 of words are in the 2000 most common words
    46.5 of words are in the 5000 most common words
    53.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 33
    Total number of words is 4042
    Total number of unique words is 1830
    36.4 of words are in the 2000 most common words
    49.7 of words are in the 5000 most common words
    55.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 34
    Total number of words is 4275
    Total number of unique words is 1721
    36.7 of words are in the 2000 most common words
    50.1 of words are in the 5000 most common words
    56.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 35
    Total number of words is 4047
    Total number of unique words is 2016
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 36
    Total number of words is 1590
    Total number of unique words is 953
    41.2 of words are in the 2000 most common words
    52.2 of words are in the 5000 most common words
    57.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.