Latin

Жомокчулар Жана Жомоктор - 09

Total number of words is 4090
Total number of unique words is 2041
34.4 of words are in the 2000 most common words
48.3 of words are in the 5000 most common words
54.1 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
– Тулпардын тезеги экендигин кандайлыктан тааныдың? – деп.
– Сууга, таштан ташка урунуп келе жатып бир да жери кетилбептир го, ушуну да
билбеген киши болобу? – дейт бала. Суунун башына барышса, бир топ кербендер
жатышат. Чом кесип, аркасы тамтыксыз жоор болгон тартайган чоң ат турат.
Жолдошторуна:
– Ушул жоор ат тулпар экен, сатып алгыла! – дейт бала. Жоор аттын тулпар
экендигине жигиттер ишенбейт. Сатып алгысы да келбейт. Бирок ушул тулпарды сатып
албагандыгыбызды канга айтып барса, жазаланабыз го деп чочуп, жоор атты аргасыз
сатып алышат да, канга алып жөнөшөт.
– Бул тулпарды эми ким таптайт? – дейт кан.
– Тулпарды тапкан таптайт, – дейт бала.
Тулпарды баланын өзү таптоосуна кан макул болуп, колуна өткөрүп берип, качан
табы жеткенде мага алып келип көрсөт,
– дейт. Бала тулпарды табына жеткирип, кандын алдына алып келип:
– Каным, тулпар табына келип жетти. Эми той өткөр – деп, айтат бала. Кан чоң той
өткөрүп, тулпарды ким минип чабат деген маслекат коюлат.
– Мен чабам, – дейт бала.
Чабылчу аттар чубатууга түшкөндө, бала тулпарды минип мындай айтат:
– Тулпарды минген туруучубу,
Тууганга жетпей тынуучубу. Каным, кош эми.
Чү коюп, сызган бойдон кете берет. Көпчүлүк жабыла кала беришет. Ошол
көпчүлүктүн ичинен бир байтал минген киши кууп жетет. Бала ага кайрылып, байталдын
ичинде Туучунак бар экенин, ошонун деми менен чуркап келгенин, туудуруп алса, тулпар
чыгаарын айтат. Ошону менен бала көздөн кайым жеткирбей кетет.
Аттын дүбүртүн угуп, үй пааналап турган Токтогулдун кызы:
– Тулпардын дүбүртү чыгат, жалгызым келе жаткан бейм – деп, атасына айтат.
Кызынын сөзү боюнча, Токтогул жети катар жибек аркан тарттырып, кийиз менен
жуурканды жерге кабаттап салдырып, тосуп турушат. Тулпар алты катар арканды үзүп
өтүп, жетинчи арканга барып токтойт.
ДОМОНУН КЫЗЫ
Илгери-илгери мүнүшкөр Домонун жалгыз кызы бар экен. Бир күнү мүнүшкөр
ойлонуп олтуруп:
– Көзүмдүн тирүүсүндө кызымды жайына тапшырайын! – деп, күйөөгө берет.
Арадан көп жылдар өтөт. Күндөрдүн биринде иттин үргөнүнөн улам кайын атасы:
– Балам, сыртка чыкчы, ит үрөт, булар ким болду экен? – дейт.
Келини эшикке чыгып, кайра кирип:
– Үч бүркүтчү экен: бирөө сүйүнүп, бирөө өкүнүп, бирөө күйүнүп келе жатат.
Анда кайын атасы:
– Ал эмне дегениң, балам, түшүнбөй калдым? – дептир. Келин сөзүн чече сүйлөп:
– Үч бүркүтчү келе жатат. Сүйүнгөнү – бүркүтүнө түлкү алдырыптыр, өкүнгөнү – чалабула бирдеме алдырган, күйүнгөнү – куру кайткан окшойт, – деген экен.
Аңгыча бүркүтчүлөр келип, казан асылып, мейман күтүү башталат. Сөздөн сөз чыгып,
кайын атасы тигилердин жайын сураса, дал эле келини айткандай болуп чыгат. Аш-тамак
жеп, коно жатып, эртеси бүркүтчүлөр аттанарда Домонун кызы:
– Ата, мен десең, ушул эч нерсе албаган бүркүттү сатып алыңыз, – дейт.
Кайын атасы келининин сөзүн жок дей албай бүркүтчүгө барып:
– Бүркүтүңүздү сатып кетиңиз! – деп суранат.
– О, кокуй, сатып эмне кылам, тим эле алыңыз!
Кайын атасы келип, келинине бүркүтчүнүн сөзүн айтса, келини:
– Жок, ата, бекер алсак, ал калыстык болбос, ээсине убал болор, бул бүркүттүн эң
төмөнкү баасы бир айгыр үйүр жылкы, ошону алсын да, бүркүтүн берсин! – дейт.
Кайын атасы өзүнчө капа болуп, антсе да келининин көңүлүн кыя албай, бүркүттүн
ээсине барып, жогорку шартты айтты эле, тиги киши:
– Сиз эмне шылдың кылып жатасызбы? Мунуңуз жарашпаган сөз, жөн эле алыңыз! –
деп, жаа бою түйүлөт.
Акыры келиндин кайнатасы болбой жатып, бир айгыр үйүр жылкыны айдап берип,
баягы эчтекеге жарабаган бүркүттү алып калат.
Бүркүттүн ээси кубанып жолго түшөт, жылкынын ээси ичинен кайгырып үйүнө
кирет:
– Балам, бул бүркүттүн өнөрү кайсы? Мунуңдан пайда барбы? Бир айгыр үйүр жылкы
деген оңой эмес.
Анда Домонун кызы:
– Ата, бул – төө комдот деген бүркүт ушул.
Бүркүт тапталып, биринчи салганда эле каман алат. Ошондо балалык кылып,
камандын жалын бүкүлү жеп, көкүрөгү коё1 болгон экен. Эми мезгил өткөрбөй, бир ак боз
бээни союңуз да, ошонун казысынан биринчи күнү табактай, экинчи күнү чыныдай,
үчүнчү күнү андан кичирээк казы сугунтуңуз, ошондо жибийт да, көкүрөгүндөгү кыл
түшөт.
Өнөрүн андан ары көрө жатарсыз, – дептир.
1 Коё – алгыр куштун, тайгандын ичин тазалоо үчүн тоголоктоп тамакка кошуп
берген кыл-кыбыр.
Атасы келиндин айтканын жасап, ак боз бээни союп, казысынан үч жолу сугунтканда
бүркүт камандын жалын кусуптур.
Ошондо Домонун кызы:
– Ата, эми бүркүтүңүздү аңга алып чыга берсеңиз болот. Төө комдот деген бүркүт
ушул. Муну салганда төөнү коомдой барыш керек. Ал бүркүттүн шерти ар күнү арбытып
алат. Ошондуктан, ар салган сайын киши улам көбөйүп арбын барсын. Бүгүн бешөө чыкса,
эртең он, бүрсүгүнү он беш, анан отуз, кырк болуп арбып отурсун – деди.
Эртеси күйөөсү атка минип, жанына бир топ жолдош алып, бүркүттү салса, көзүнө
көрүнгөндүн баарын алыптыр. Ошентип, бүркүт бара-бара күнүнө алтымыш, жетимиш
карышкыр, түлкү, кулжа, теке алат.
Төө комдот бир жума өтпөй эле ээсин дүнүйөгө батырат. Не бир сүлкүлдөгөн
сүлөөсүндөр батпай кетет. Домонун кызынын күйөөсүнүн баркы көтөрүлөт, элдин оозуна
алынып макталат.
Ал күндөрдүн биринде: «Келин оюна келгенин сүйлөй берет, анча көп кишини олжого
орток кылбай эле, төрт-беш киши менен чыксак кудай алабы» – дейт да, арбын киши
ээрчитпей, аз киши менен жөнөп кетет.
Кечке жуук Домонун кызы эшикте кир жууп олтурса, бүркүт келип туурдукка конуп
калат.
Келин бүркүттү көрө коюп:
– Атаны кокуй ай-ээ, болбой калган турбайбы, бүгүн уулуңуз канча киши менен кетти
эле? – деп, атасынан сурады.
Кайнатасы:
– Төрт-беш киши менен кетсе керек, – деди. Келин:
– Айтпадым беле, олдо кокуй ай-ээ, бешөөнү тең алган турбайбы, тезирээк киши
чаптырыңыз! – дейт да, бүркүттү алып, ортоңку салаасын балта менен кыя чаап:
– Кош жаныбарым, шартың ушул эмес беле! – деп, учуруп жиберген экен.
Эл барып караса, бүркүт бешөөнү бирдей алып, боор этин оё жеп гана тим болуптур.
Кыргыз баласында Домонун кызындай кушка тилмеч укмуштуу пенде чыккан эмес экен.
Ошондон улам кыргыздын уламышында Домонун өзү көп оозго алынбай, Домонун
жалгыз кызы сөз болуп калыптыр.
БАЛТА ЖУТАР
Илгери бир заманда Чомотой аттуу саятчы бүт куштардын тилин билүүчү экен. Бир
күнү өз үйүнүн жанында дөңдө олтурса, бир көк жору учуп келди да, Чомотой саятчыга
салам берди. Андан соң саятчыга катуу таарыныч айтты.
– Мен болсом бардык куштун чоңу, зору, төрөсү болом, анын үстүнө сакалдуумун,
жүндөрүм да буудайыктыкындай чаар. Таз жорудай тарп аңдып, сасыган эт жебеймин,
тишиме, тамагыма жумшак деп сөөк гана жеймин. Бир гана адамзатка таарынычым, мени
жада калса бүркүткө да теңебей, жору деп коюшат экен, өз атымдан эле айтпайбы?
Кумайыктын энеси буудайык десе болбойбу! – дептир.
Чомотой карыя боору эзилгенче күлүп:
– Мына, муну жутуп жиберчи, мен бир жакшы ат берейин! – деп, колундагы ак
балтаны сунду.
Көк жору ап эткизе сугунуп жибериптир. Ошондо саятчы:
– Анык балта жутар экенсиң! – дептир.
Көк жору ошондон баштап балта жутар аталыптыр жана саятчынын койгон атына
ушул күнгө чейин ыраазы экен.
ЫСЫККӨЛ
Илгери, илгери мындан нечен жүз жыл мурда, ушул бууракандап толкундап турган
Ысыккөлдүн орду гүлдөгөн тегиз мейкиндик болуптур. Буралган калың чөптүү
жайыттарда короо-короо койлор, үйүр-үйүр жылкылар жайылып, шаардан- шаарга
тыным албай чубалжып кербендер каттап турчу экен. Бул бай өлкө жана аны кыраакы
ханы жөнүндөгү кабар узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына таралат. Бирок хандын
жүзүн көргөн эч ким болбоптур. Эмне үчүн кишиге көрүнбөйт деп, эл арасында өйдөылдый, ар кандай каңшаар, имиш-имиш сөз тарайт.
Хандын жүзүн көргөндөр анын чачын алууга барган чачтарачтар гана болушат, бирок
алар хандын сарайында болушуп, хандын чачын алышкандан кийин эле, жер жуткансып
ың-жыңсыз жок болуп турушат. Чачын алгандан кийин, аларды хандын буйругу боюнча
өлтүрүп коюшат экен деген жаман кабар да болот.
Акыры анын хандыгында жалгыз гана чачтарач калат. Ал атасы өлүп калгандан
кийин, анын кесибин улантып калган жаш улан эле. Кичирээк боз төбөл үйүндө карыган
энеси экөө туруучу.
– Эй, кемпир! – деди дүбүрттөтө катуу келишкен атчандардын ичинен бирөө өкүм
сүйлөп. – Бол, балаңды тезирээк ойгот! Курал-шайманын алып, хандын сарайына келе
койсун. Хан өзү буйрук кылды, кечикпесин!
Жаш чачтарач чабаганчылардын сөзүн угуп, төшөгүнөн ыргып турду.
– Жан дилим менен даярмын, таксырлар. Азыр артыңардан барамын. – Жаш жигит
апасы менен коштошту да, атына минген бойдон чаңызгытып жүрүп кетти.
Байкуш кемпир көзүнөн жашы мөлтүлдөп, босогонун алдында көпкө чейин телмире
карап кала берди. Жүрөгү кайгычерге толуп, уулун кайра көрөмүн го деген үмүт болгон жок. Бул арада кызматкерлер
жаш чачтарачты хан жатчу бөлмөгө чейин узатып келишти да, жаңы буйрукту күтүп,
өздөрү сыртка калып калышты, анткени ким босогону аттаса, өлүмгө башы байланмак,
жарлык ошондой болчу.
Хан гүлдүү жибек төшөктүн үстүндө оонап жаткан экен. Жаш жигит аны көрөрү
менен, чочуган бойдон кыйкырып жибере жаздады: «Кулактары эшектин кулагындай
турбайбы!» Ушул себептүү элге көрүнбөй жүргөн турбайбы! Эми менин да башым алынат
экен го» деген ой бир заматта кылт эте түштү.
Ошол учурда хандын коңур үнү угулуп калды.
– Кана, чачтарач, бери жакын кел, коркпо. Бактың бар экен, сен мага керексиң, аман
каласың. Бирок эсиңде болсун,
– хандын көздөрүнөн каардын учкундары чагылыша түшкөндөй болду. – Кокус бул
жерде көргөндөрүң жөнүндө тигиндей-мындай деп оозуңдан бир ооз сөз чыкчу болсо,
кыйноо тартып жатып өлөсүң, бүткүл калк да жабыр тартып, көрбөгөн көргүлүктү көрөт.
Кана, менин буйругумду орундатамын деп ант кылгын да, ишиңе кириш.
Коркконунан калтырак баскан жаш жигит чөк түшүп олтура калып таазим кылды да:
– Жашырын сырды эч кимге айтпаймын! – деп, ант берди. Анан өз милдетин аткарып,
анысы үчүн хандан белек алып, сүйүнгөн жигит дал болгон немедей сарайдан чыкты.
Күн артынан күндөр өттү. Ал арада нечен ирет хандын сарайында болуп, нечен ирет
олжолуу кайтып, оокат- тиричилиги бир топ оңолду.
Бирок баштагы шайыр жайдары жигит сумсайып суз, дайым кабагы бүркөө, киши
менен да сүйлөшпөйт, өңүнөн да азып кетти.
Эмне кыларын билбей, энесинин эси эки болду. Нечен ирет жалынып-жалбарып,
уулунун сырын тартууга аракет кылганы менен, эч жооп ала албады, колун шилтеп коюп
гана басып кетет.
Күндөрдүн биринде хан сарайынан кайткан соң, жигит энесине кайрылды:
– Оо, айланайын, энекем! Мен мындан ары минтип азапка түшүп жүрө албайм.
Кеңешиңди айт, – деди көзүнөн жаш салаалап. – Хан сарайынан көргөн шумдугум жаныма
жай бербеди. Эми мындан ары чыдай албайм. Бук болуп өлө турган болдум. Бирок
айтайын десем, кыйноо тартып өлөм, ал гана эмес, элим катуу жабыркаган турат, эмне
кылам? Кеңешиңди айтып, жардам бер, апа!
Энеси көпкө ойлонду да, мындай деди:
– Сенин башыңа түшкөн кайгы менин башыма түшсө эмне. Сарайда көргөнүңдү адам
баласынын кулагына угузбаска ант кылган экенсиң. Мындан ары да унчукпай жүрө
берсең, саргайып солуп бүтө тургансың. Уулум, ага мен да чыдай албайм. Башың али жаш,
көрөр күнүң алдыда. Сен эми мындай кылгын, уулум. Кичинекей кезиңде атаң менен көп
барчу төмөн жактагы ээн жерди билесиң го, ошо жерде бир эски таш кудук бар. Хан
сарайынан көргөндөрүңдү ошол кудукка айтып, ичтеги бугуңду чыгар. Ошондо гана
жаның жай алып, жеңилдей түшөсүң, уулум. Бол, тез жөнө!
Энесинин айтуусу боюнча бала алыс жолго чыгат. Күнү бою жүрүп олтуруп, күүгүм
кире, күн бата баягы жерге келет. Кудуктун айланасы ээн, түнөргөн сүрдүү аскалардан
башка эч нерсе көрүнбөйт.
Жадаганда жалбырактардын шуудураганы да, чымчыктардын сайраганы да, аккан
булактын шылдыры да угулбайт. Жаратылыш ың-жыңсыз тынчтыкка бөлөнгөн. Жаш
жигит эки жагын элеңдей карап, баягы кудукка келди да, эңкейген бойдон катуу-катуу
кыйкырды.
– Оо, шумдук! Аллаяр таксыр ханыбыз эшек кулак неме экен. Уктуңбу, кудугум, менин
айтканымды? Биздин ханыбыздын кулагы эшектин кулагындай экен.
Анын кубарган жүзүн нур чалып, жүгү жеңилдегенсип, күлүмсүрөй түштү.
Чачтарачтын айткандары жаңырыктап, кудуктун түпкүрүнө карай тереңдегенсиди.
Баланын үнү басылар менен, кудуктун түбү кулдурттап, кайнап ташыгандай шуулдады.
Күчөгөндөн күчөп, бир аздан соң кудуктан атырылып оргуштаган суу чыга баштады.
Коркуп кеткен бала качып жөнөдү, бирок селдей атырылган суу качкандын артынан
калбай согончоктоп жайнап баратты. Акыры бала да бууракандаган суунун катуу шарына
кабылып, күм-жам болду. Эгиндүү талаа, көгөргөн жайыт, толгон айыл менен шаарлар суу
астында калды.
Суу канчалык ташкындаганын ким билсин, бирок эч ким, эч бир кыбыраган тирүү жан
ал ташкындан аман калбаптыр дешет. Ошол суу каптап, көк ирим көл пайда болгон жер
ушул Ысыккөл экен.
ЫБЫРАЙЫМ ДУБАНА УУЛУ
1894-жылы (кой жылында) туулган. Алты-жетиге келгенде таасын молдо жок,
«Алиппени» окуйт. Окуганда башка балдар таяк жеп качып, ал ынтымды коюп окуй берди.
Түндө ата-энесин уктатпай бир чыракты жагып, кобурап окуй берет. Бирок кышында бирэки ай гана окуйт. Малы бары жайлоого кетет. Малы жогу дыйканчылык кылат.
Жайында окубайт. Ал ошондо өксүккө учурады. Кышында азыраак окуганды жайында окуп,
окуунун артынан түшүп жайы-кышы окуй турган окууну окуюн десе, ата- энеси уруксат
кылат.
Окуп жүргөндө жат жазганды, окуганды билип, дубай-салам сөздөрдү жазып калды.
Малын багат, бошосо китеп окуйт.
Дубананын алдым-жуттуму жок, кыял-жоругу жакшы. Эки киши урушса дароо
табыштырат, жараштырат.
– Арамдыкка баспа, бүлүнгөндөн бүлдүрөк алба, арамдыкка басса, анын опосу болбойт.
Кесиптин жакшысы – дыйканчылык, чарбачылык, – дечү атасы.
Өзүн сыйлап, бүтүн чалаказак боюнча Дубана деп, баарына кадырлуу киши болчу.
1918-жылы Совет баш бакканда, август айында өлдү.
Апасы Таштеке – чарчы бойлуу, кызыл тоголок жүздүү, чечен, кошокчу, жамакчы,
тилдүү-ооздуу, ырчы, өзү абдан жүрөктүү болчу.
Ал бир айтканды дароо үйрөнүп алчу. Өзү кадырлуу, мыкты кишилер өлсө, алып барып
кошок коштурчу.
Энеси кылдат ишке жок эле. Той болсо, эркекче тарых сөздөрдү сүйлөшүп олтурчу.
Бирөөгө чукул жооп берчү киши эле.
Алардын ары жагында Кашкабаш, Сарымсак аксакалдардын Дадабай деген таз кишиси
жаздан күзгө чейин чөп коруйт, жайлоого чыкпайт, жатакка калат. Анын апасынын
балдары жаш, бир топ саан уйлары бар экен, уйлары корукка түшүп кетсе, Дадабай
корукчу кармап алат.
Апасы уюн алайын деп барса, уюн бербей:
– Жакшылап туруп, мени бир кошкун, берейин, – дейт. Ошондо апасы ошону кошкону:
–Жатакчынын башы элең,
Жапандаган таз элең. Корукчунун башы элең, Кодоңдогон таз элең.
Ээр-токумуң бир кучак, Үзөңгү бооң үч буурчак1 Сууң кетти шаркырап, Башың калды
жаркырап.
Ошондо таз күлүп, малын берип: – Анан дагы бир ооз кош, – дегенде:
– Дадакем капкан коюп түлкү алган, Казактан капшытын тешип мүлк алган –
деген уурулук жайы бар экен, ошону кошуп жиберет.
Атасы тирүү кезинде, атасынын амырында болду. Китепти окуп, өзүн өзү окутуп,
молдо болду. Жаш кезекте окуган билими көкүрөктө калды. Жомокту таштаган жок.
1941-жылы Чүй каналын март-апрель айында казып, июнда уруш чыгып, 1942жылдары Желарыктагы поезд жолун жасашты. 1942-жылы колхоздун эгинин өгүз-соко
менен айдап, 1943-жылы эмгек аскерге алынды. 1945-жылы май айында уруш басылды.
Эгиндин түшүмү көбөйдү. Курсак тоюнду, эл оңолду, сыйлык байге берди. 1950-жылы катуу
ооруп, жумуштан бошоп, иштебей калды.
БЕЙЖАЙ АЯЛ
Мисир шаарында отун алып, аны сатып жашаган бир отунчу кедей болот. Анын
бейжай аялы бар экен. Тамагыңдын тузу жок экен деп койсо, кочуштап келип туз салат
тамагына, тамагы уутана болуп калчу экен. Ысык экен деп койсо кокустан, суу куюп
суутчу экен.
Жигит бир күнү аялын бир муштап коёт.
– Өлтүр эле, өлтүр! – деп, таң атканча сүзгүлөй берет. Баягы күйөөсү ачка жатып, таң
ата эртеси отунга кетет.
Ал кеткенден кийин аялдын ачуусу тарабай кедейдин артынан токойго барат. Атын
байлай салып тик ылдый жөнөйт. Ошол жерде илгери-илгери казылган кудук бар экен,
оозу бадал менен жабылып калган. Катын ошого ачуусу менен баратып түшүп кетет.
Күйөөсү: «Ырас кутулдум бейжайдан», – деп, отунун алып, аны базарга сатып,
курсагын тойгузуп, үйүнө келип олтурду. Жашынан катыны тилдеп жаман көндүрүп
койгон неме, бир- эки күн өткөн соң катынынын урушун сагынды. Анан:
«Бейжай болсо деле катындын бары түзүк турбайбы, эртең барып чыгарып алайын» –
деп чечти.
Отунчу эртең менен кудукка барды. Аркандын бир учун казыкка байлап, бир учуна
таш байлап, кудукка салды. Арканды анан өзү жакка тарта берди. Аялы жок. Бир маалда
бир кулагын жамынып, бир кулагын төшөнгөн жин чыкты.
Жигит эстен танды. Ал эси ооп жатса, жин келип:
– Жакшылыкка жакшылык, сенин кылган жак- шылыгыңды кантип унутайын. Кечээ
шашкеде бул кудукка бир аял түшүп келди. Мынакей, бетимдин тытылбаган жери жок.
Айлам кетип турганда сенин арканың колума тийди. Мындан артык да жакшылык
болобу, ошону менен чыгып келдим.
– Ошол катын меники болчу, арканды ошого салган болчумун, – деди отунчу.
– Ушу менин жин башым чыдай албады, сен кантип чыдап жүрдүң? Мынабу Мисирдин
падышасынын жалгыз кызы бар, ошону сага алып берейин, бул катынды ташта, – деди
жин.
– Мал, дүнүйөм болбосо мага падышанын кызын кантип алып бересиң? – деди жигит.
– Мен, эртең барамын да, кызды жинди кыламын. Кыздан кетпей бир айга чейин
кармасам, бир айдан кийин падыша жар чакырат, кимде-ким менин кызымды айыктырса,
ушул айыккан кызды ошол алсын, – дейт. Сен дароо баргын да, чөптү сыгып, ширесин
бетине сүрт, анан сууну бетине бүрк, кыз дароо айыгат, убада боюнча кызды сен аласың.
Анан менин шертим, мага экинчи келбе. Мен дагы бир кызга тием. Сен аны дагы
айыктырам деп экинчи жолу келсең көзүңдү көр, колуңду шал кылам, – деди.
Ошондо отунчу: «Бүгүн байкайын, бүгүн падышанын кызы жинди болсо, бул катынды
албаймын, күтүп турайын» – деп жинге ишенип, дары-дармегин алып, үйүнө кете берди.
Жин барды да падышанын кызына тийди, кыз жинди болду.
Бир айга чейин кожо-молдодон жардам болбогондон кийин, падыша жар салды.
– Кимде-ким менин кызымды айыктырса, өзүнүн салмагындай алтын беремин – деген
сөздү айтты.
Муну уккандан кийин дары-дармегин, чөбүн алып барып, суусун бүркүп кызды
айыктырып, канга күйөө бала болуп кала берди отунчу кедей.
Жин андан өтүп, Багдаттын падышасынын кызына барып тийди, кыз айыкпады.
Баягы кабар дагы угулду.
– Сооп үчүн күйөө балаңды жардамга жибер – деп, Мисирдин падышасына кабар
келди.
Амал жок отунчу күйөөнүн кайын атасы:
– Багдаттын падышасынын кызы оору экен, айыктырып кел, балам, сооп үчүн – деди.
Барайын десе жинди кылам деген жиндин убадасы бар. Барбайын десе, кайнатасынын
сөзүн кыя албайт, бир кыйноого түштү. «Бирок кайнатага жаман көрүнгөнчө айыктырам
деп барып жинден өлөйүн», – деп, тобокелге салды.
Багдат падышасынын үйүнө кирсе, жин кызды кучактап олтурат. Ошондо эле кедейди
жин көрө коюп ачуусу келди:
– Ай, нысапсыз, айткан сөз, алышкан кол кана, көр кылып, шал кылам сени, – деди.
– Ай, таксыр, – деди кедей, – мен дүнүйө, бакты, такты издеп келгеним жок бул жерге,
баягы катын кудуктан чыгыптыр, жинди таап бер, – деп мени кубалап келатат. Ошону
сага эскертейин деп келдим, – дептир отунчу.
Ошондо жин кучактаган кызын таштап:
– Мен Көйкапка кеттим, катыныңа өзүң жооп бер – деп, көздөн далда болгон экен.
«Бейжайдан жин качып кутулуптур» ылакабы ошондон калыптыр.
ТӨЛГӨЧҮ
Эрди-катын экөө жашынан кошулуп, картайганча бирге турат. Анан экөө:
– Кошулганда кедей элек, ошол бойдон келатабыз. Мен эми өз оокатымды өзүм
кылайын, сен өз оокатыңды өзүң кыл – деп, чалы сөз баштады.
Кемпири:
– Сен эл катары иштебесең, Кудай Таалам оокатты өзү эле оозуңа салып турабы? –
дейт.
– Соода кылайын десем ага жарабадым, орок оро албадым. Дүнүйө-мүлктү кудай
бербеди, ууру кыла албадым, – дейт чалы.
– Анда менин тилимди алгын, – дейт кемпири.
– Кырк бир кумалак таш, бир оромол берем, тогуз жолдун тоомуна бар да, оромолду
жайып төлгө тарт.
– Мен төлгөчү белем, ал тургай эмне деп айтаарын да билбейм, – дейт чал.
– Сен, – дейт кемпири, – кумалактын тилине караба, оюңа эмне келсе, ошону айтып
отура бер.
– Акыры чал ишти кемпири айткандай кылды. Оромолун жайып, кумалагын анын
үстүнө жайып олтура берди.
Ошол шаарда бир кедейдин эшеги жоголуп, бир ай болуптур, таппай жүргөн экен,
баягы төлгөчүгө келди.
– Төлгө тартып бер мага, табылып калса мынабу тыйын мал башы, – деп беш тыйын
берди.
Төлгөчү тыйынды алып, төлгөнү жайып коюп, олтура берди.
Төлгөчү сүйлөбөйт, аны күтүп тигил отурат. Чал эгерим эшикке чыгып көргөн эмес
бала чагынан. Бир жолу молдого барган эле, ошондо санаа ич деген экен, ошо сөз оюна
түштү.
– Бар, санаа ич! – деди.
– Дагы эмне дейсиз?
– Санаа ич! – деди. Дагы айтса:
– Санаа ич! – деди.
Эшектин ээси: «Эшегимдин бар, жогун айтпастан санаа ич дейт», – деп, таарынып
басып кетти.
Төлгөчүдөн өтүп чай ичейин деп самоорчуга барса бир капта санаа деген жалбырак
туруптур. Баягы санаадан беш тыйынга алып салып: «Эшек кайдан табылат эми» – деп,
чай ичип олтура берди. Аңгыча ичи ооруп чыкты. Шаардан чет ээн жерге барып,
отурайын десе коктунун таманы толо камыш. Аны араласа эшеги камыштын ичинде
жүрүптүр, таап сүйүнгөнүнөн төлгөчүгө келип дагы беш тыйын берди.
Күндөрдүн биринде шаардын ханы казынасынан эки каухар жоготту. Бул хандын
кырк тогуз төлгөчү, балчысы бар экен. Төлгө салып, бал ачышты, бирок каухарды ким
алганы белгисиз.
Хандын ачуусу келип:
– Бир жумада таппасаңар даргага астырам, – деди.
Бир жумага чейин баягы буюм табылган жок. Баягы айткан жумасында кырк тогузун
тең даргага асмак болушту. Калайык бүт чогулду.
Баягы эшегине төлгө салдырган келин ханга бирдемелерди шыбырады:
– Жокту таба турган бир балчы бар.
– Аны билсең өзүң барып айдап кел, – деди, хан. Ал барып төлгөчүнү айдап келди.
– Менин кырк тогуз балчым бар эле, бардыгы жоголгон буюмумду таппай коюшту.
Баарын тең өлтүргөнү жатам. Сен да издеш. Эгер таппасаң элүүнчү кылып сени да даргага
асамын.
Чал ээн тамга кирип: «Муунуп өлөйүн», – деп ойлоду да, ханга шарт койду.
– Мени бир ээн жерге коюп, бир ичке аркан бер, – дейт. Хан чалдын мүдөөсүн аткарды.
Хан эшикте: «Эмне деген кабар айтаар экен?» – деп, күтүп отурду. Увазир, жигиттери
жанында.
– Жан чык, жан чык! – деп, кыйкыра берди төлгөчү үйдөн. Баягы муунуп атканда хан:
– Эшикти ачкыла, бул тапты! – деди. Эшикти ачып кирип барышса чал баягы арканды
сыйыртмак салып муунуп калыптыр. Бирок:
– Шаарда уурунун аты – Жанчык деген үн чыкты.
Туш-тушка чапкылап шаардан Жанчык аттуу бир казыначы бар экен, ошону айдап
келишти.
– Жанчык, каухарды сен алган турбайсыңбы! – деди хан.
– Мен келе жатсам казынанын эшиги ачык. «Ууру алса каухарды эле алат» – деп, эки
каухарды алып барып үйгө коюп койгом, – деди.
Ошентип, каухар табылды. Хан ал төлгөчүгө ыраазы болду.
– Бай кылайынбы, же мансаптуу кылайынбы, эмне тилегиң бар? – деп сурады хан
төлгөчүдөн.
Чал айтты:
– Мага эч мансаптын кереги жок. Менин суранаарым мындан ары бир буюмуң
жоголуп кетсе, мени таап бер деп гана кыйнаба, – деди.
Бирок төлгөчүнүн атагы дүйнөгө кетти. Анан бир хандын азиз кызы, кырк нөкөрү бар
экен. Кыздын колундагы каухар шакек жоголуп, ал табылбай калат. Ал сарайда кырк
кыздан башка эч ким жок экен.
– Менин кызымдын шакеги жоголду, ошону таап берсин – деп, берки ханга кат
жиберди. Төлгөчүнү тааныган хан:
– Барып таап бер! – деп, төлгөчүнү тигил хандыкына жиберди.
Келген жигиттер шатыра-шатман төлгөчүнү алып жөнөдү.
Хан кечинде келип учурашып:
– Эртең менен келебиз, төлгөңдү тартып шакекти таап кой, – деп макулдашты.
Төлгөчүнүн жүрөгүнө тамак баспай: «Кантип табам» – деп, убайым басты.
Жарым түн оогончо уктабай олтурса бир кыз келди.
– Эмне келдиң? – деп, төлгөчү сөз салды. Кыз айтты:
– Бир кашык кан, чымындай жанымды сенден соогатка сурап келдим, – деди.
– Кандайча? – деп сурады төлгөчү.
– Ошол шакекти мен уурдагам, эртең сен табасың, ошол себептен жанымды сурап
келдим. Кантип аман алып каласың?
Төлгөчү айтты:
– Сарайда дагы ким бар?
– Кырк кыз, он эки каз бар. Андан башка эч ким жок.
– Он экинин ичинде белгилүү казы барбы?
– Бар, – деди кыз, бирөө көк ала.
– Шакекти камырга ороп ошол казга жегизип кой, эртең менен ошол каздын
курсагынан табайын.
Кыз болсо, шакекти камырга ороп, көк ала казга жегизип койду.
Эртең менен: «Кантип табаар экен» – деп, хан увазирлери менен келди.
Баягы төлгөчү хан келгенде кумалагын ары чачып, бери чачып:
– Муну адам албаптыр, мында бир көк ала каз бар экен, ошонун жемсөөсүндө, – деди
төлгөчү.
Хан казды карматып сойдурса, шакек камырга оролгон бойдон чыкты. Төлгөчү
хандын бергенин алып, байып калды.
КАУХАР
Илгери Ал-Ариш падышанын доорунда калктын пейили абдан оңолуп, ууру жана калп
жоголуптур.
Бир дыйкан:
– Мынабу жериңди мага сат, – деди бир адамга келип. Ал адам жерди ага сатты.
Дыйкан буурусун салып айдап жүрсө буурусунга илинип, капкагы ачылып калган
кумган чыкты. Ичи толо алтын.
Алтын таап алган киши ээсине барды:
– Жериңизден алтын чыкты, алтыныңды өзүң барып ал, – деди.
Анда мурунку кожоюн:
– Сенин пешенеңе чыккан алтын, мен нечен жолу айдаттым, бирок алтын чыккан
эмес, албайм, ал алтын сенин пешенеңе жазылган, – деди.
Бул экөө «сен ал, мен ал» болуп кыжылдашты. Экөө чатакташкан боюнча падышага
барышты.
Сатып алган:
– Мен жерин сатып алгам, алтынын сатып алган эмесмин.
– Нечен жылдан бери мага табылбаган алтын мунун пешенесине табылган, мен
албайм, – деп жер ээси айтты.
Ошондо падыша:
– Экөө тең албайм деп жатат, эмне кылабыз – деп, султандарын чакырып алып
акылдашты.
Бир бүтүмгө келе алышпаганда бир акылман увазири бар экен, ошого кеңешти.
– Таксыр, ээси жоктордун баары хандын казынасына кирет, сиз казынага салыңыз, –
деди увазир.
Бул сөздү укканда хан ыргып туруп:
– Минтишке акым жок, эмне үчүн мен аламын.Мен жамандык жолго чыксам, антпе
деп акыл айта турган сен ушуну кыласыңбы, – деди падыша увазирине. Ал увазирди
күнөөлөп зынданга салды.
Экинчи увазирин чакыртты.
– Таксыр, тапкан киши, саткан ээси албаса, же падыша сен албасаң, муну терең казып
тебелеп-көөмп коюш керек, – деди ал.
– Бул алтын, табыйгат тебелеп-көөмп койгон алтын болчу. Эми бизди пайдалансын
деп жердин үстүнө чыгарып бербедиби.
– Мээнет тер төкпөй пайдалансак күнөкөр болбойбузбу, – деп дагы бирөө чыкты.
– Эми эмне кылабыз, – деди анда падыша.
– Кимиң бар үйдө? – деп сурады аргасы кеткенде.
– Бойго жеткен уулум бар, – деп бирөө айтты.
– Бойго жеткен кызым бар, – деди бирөө. Эртесинде бирөө кызын, бирөө баласын
алып келди.
Бирөө уулун, бирөө кызын бергенден кийин падыша көпчүлүктүн алдына чыкты:
– Бул уул-кыздын тагдыры менде. Себеби эми уул да, кыз да меники. Калайык калк,
экөө жуп. Мен кайнатасы катары эки балага энчи берем. Мынабу алтын силердики, –
деди.
Отурган эл:
– Туура, туура! – дешти. Экөө кошулуп үй-бүлө болушту. Бир күнү кыз:
– Бул алтын аталарыбыз тапкан алтын. Ушуну аталарыбыз да, падыша да албады. Биз
эмне үчүн алышыбыз керек? Мээнет, тер чачканыбыз жок. Бекер, а бекердин сорпосу
татыбайт. Ошон үчүн падышага алып барып берели, – деп чечишти.
– Пешенебизге эмне жазылса ошону көрөбүз, мына бу алтынды албайбыз, алууга
акыбыз да жок, – деп падышага таштап кете беришти.
Падыша улама, улукту, султанын чогултуп:
– Муну эмне кылабыз, кимге беребиз – деп акылдашышты.
Бир даанышман чыгып:
– Бул алтындын наркына бир кенен жерге мөмө-жемиш тигелик. Ошо жемиштен
бүтүн эл пайдалансын, – деди. Бул бүтүмдү падыша туура тапты.
Бак жасалды. Анжир, алма, өрүк мөмөнүн жемишин үч жылга чейин тикти. Үч жылда
алдыңкы тиккени мөмө берди. Анын бир сорту күйүп турган каухар болду. Ошондо
падышага сүйүнчү барды.
– Сүйүнчү таксыр, биздин кылган ишибиз ак экен, бир түп бак каухар болду.
Ошентип, падыша эл-журтуна:
– Кимде-ким кембагал болсо ушул каухардан пайдалансын деген жарыя кылган экен.
УЕЗБАЙ ЧАПЫРАШТЫ УУЛУ
Уезбай Чапырашты уулу 1890-жылы Кетментөбө өрөөнүндөгү Акчий айылында орто
дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Шевченко атындагы кыштакта жаңы ачылган үч
жылдык орус-тузем мектебине 1914-жылы кирип, аны 1917-жылы бүтүрүп чыгат. 1917–
1919-жылдары Музтөр волревкомунун секретары, 1920–1923-жылдарда райондук
милициянын комиссары, 1923-жылдын күзүндө Союзкошчунун (патрочком) председатели,
1924–1926-жылдары райондук эл судьясы, 1927–1928- жылдары Арым шериктигине
(райпотребсоюзга) председатель болуп иштейт.
1928-жылы райондо колхоз уюштуруп, адегенде Орозбеков атындагы артель,
кийинчерээк «1-май» колхозуна биринчилерден болуп кирген. 1930– 1956-жылдары Москва
атындагы колхоздо ферма башчысы кызматында эмгектенген.
Мында айта кете турган сөз: 1918-жылдан 1928-жылга чейин басмачыларга каршы
күрөшүүдө активдүү катышкан адам болгон. Командир Арстанаалы Осмонбековдон бир
канча жолу алкыш алган. Арстанаалы Осмонбековго жардамчы командир болуп, ошол
жылдары басмачыларга каршы тынымсыз күрөш жүргүзүп келишкен.
ДААТ
Илгери бир кемпир чалы экөө отун алып, аны наабайга сатып, оокат кылып жүрүшөт.
Алар отун алып жүргөндө, падышанын бир байбача баласы күнүгө тоого жигиттери
менен саякат кылып кетет. Кан баласы атасынын эле дүнүйөсү менен ойноп-күлөт.
Окуган окуусу, үйрөнгөн өнөрү деле жок. Кембагал чалдын сынчылык жайы бар экен.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Жомокчулар Жана Жомоктор - 10
  • Parts
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 01
    Total number of words is 4062
    Total number of unique words is 1893
    34.1 of words are in the 2000 most common words
    46.8 of words are in the 5000 most common words
    52.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 02
    Total number of words is 4214
    Total number of unique words is 2104
    32.9 of words are in the 2000 most common words
    44.6 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 03
    Total number of words is 4152
    Total number of unique words is 2045
    34.6 of words are in the 2000 most common words
    47.4 of words are in the 5000 most common words
    54.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 04
    Total number of words is 4150
    Total number of unique words is 2066
    32.5 of words are in the 2000 most common words
    45.7 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 05
    Total number of words is 4129
    Total number of unique words is 1861
    36.1 of words are in the 2000 most common words
    48.6 of words are in the 5000 most common words
    54.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 06
    Total number of words is 4073
    Total number of unique words is 1772
    37.9 of words are in the 2000 most common words
    50.9 of words are in the 5000 most common words
    56.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 07
    Total number of words is 4031
    Total number of unique words is 2005
    35.4 of words are in the 2000 most common words
    47.5 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 08
    Total number of words is 4000
    Total number of unique words is 1967
    34.2 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    55.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 09
    Total number of words is 4090
    Total number of unique words is 2041
    34.4 of words are in the 2000 most common words
    48.3 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 10
    Total number of words is 4090
    Total number of unique words is 1755
    36.3 of words are in the 2000 most common words
    49.5 of words are in the 5000 most common words
    55.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 11
    Total number of words is 4202
    Total number of unique words is 1835
    37.9 of words are in the 2000 most common words
    50.3 of words are in the 5000 most common words
    56.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 12
    Total number of words is 4059
    Total number of unique words is 1853
    34.9 of words are in the 2000 most common words
    47.5 of words are in the 5000 most common words
    53.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 13
    Total number of words is 4023
    Total number of unique words is 1816
    36.1 of words are in the 2000 most common words
    49.0 of words are in the 5000 most common words
    55.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 14
    Total number of words is 4128
    Total number of unique words is 1794
    35.4 of words are in the 2000 most common words
    48.5 of words are in the 5000 most common words
    55.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 15
    Total number of words is 4128
    Total number of unique words is 1880
    33.4 of words are in the 2000 most common words
    47.5 of words are in the 5000 most common words
    54.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 16
    Total number of words is 3951
    Total number of unique words is 1518
    36.3 of words are in the 2000 most common words
    49.6 of words are in the 5000 most common words
    57.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 17
    Total number of words is 3907
    Total number of unique words is 1675
    37.0 of words are in the 2000 most common words
    49.9 of words are in the 5000 most common words
    56.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 18
    Total number of words is 4005
    Total number of unique words is 1671
    37.2 of words are in the 2000 most common words
    51.2 of words are in the 5000 most common words
    57.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 19
    Total number of words is 4054
    Total number of unique words is 2029
    33.6 of words are in the 2000 most common words
    46.8 of words are in the 5000 most common words
    53.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 20
    Total number of words is 4155
    Total number of unique words is 1829
    34.3 of words are in the 2000 most common words
    47.3 of words are in the 5000 most common words
    52.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 21
    Total number of words is 4145
    Total number of unique words is 1916
    33.5 of words are in the 2000 most common words
    46.1 of words are in the 5000 most common words
    53.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 22
    Total number of words is 4175
    Total number of unique words is 1923
    35.3 of words are in the 2000 most common words
    48.7 of words are in the 5000 most common words
    54.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 23
    Total number of words is 3979
    Total number of unique words is 1623
    36.1 of words are in the 2000 most common words
    48.7 of words are in the 5000 most common words
    54.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 24
    Total number of words is 4111
    Total number of unique words is 1658
    36.5 of words are in the 2000 most common words
    49.2 of words are in the 5000 most common words
    54.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 25
    Total number of words is 4082
    Total number of unique words is 1920
    33.7 of words are in the 2000 most common words
    46.1 of words are in the 5000 most common words
    53.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 26
    Total number of words is 3970
    Total number of unique words is 1798
    32.3 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 27
    Total number of words is 4049
    Total number of unique words is 1925
    35.2 of words are in the 2000 most common words
    48.5 of words are in the 5000 most common words
    54.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 28
    Total number of words is 4196
    Total number of unique words is 1935
    34.7 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 29
    Total number of words is 4079
    Total number of unique words is 2069
    33.0 of words are in the 2000 most common words
    44.8 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 30
    Total number of words is 4175
    Total number of unique words is 2074
    33.1 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    52.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 31
    Total number of words is 4117
    Total number of unique words is 2049
    32.9 of words are in the 2000 most common words
    46.1 of words are in the 5000 most common words
    52.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 32
    Total number of words is 4160
    Total number of unique words is 2020
    33.9 of words are in the 2000 most common words
    46.5 of words are in the 5000 most common words
    53.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 33
    Total number of words is 4042
    Total number of unique words is 1830
    36.4 of words are in the 2000 most common words
    49.7 of words are in the 5000 most common words
    55.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 34
    Total number of words is 4275
    Total number of unique words is 1721
    36.7 of words are in the 2000 most common words
    50.1 of words are in the 5000 most common words
    56.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 35
    Total number of words is 4047
    Total number of unique words is 2016
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 36
    Total number of words is 1590
    Total number of unique words is 953
    41.2 of words are in the 2000 most common words
    52.2 of words are in the 5000 most common words
    57.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.