Latin

Жомокчулар Жана Жомоктор - 29

Total number of words is 4079
Total number of unique words is 2069
33.0 of words are in the 2000 most common words
44.8 of words are in the 5000 most common words
51.0 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Бир күнү Акай шарактап үн чыккан жакка барат. Илгери иштүү аялдар чогулуп, бир
үйгө иш кылуучу. Колуктусу аларга от жагып, тамак аңдып ичип жүрчү.
Күйөөсү Акай келе жатканын көрүп, тура калып:
– Жака-жеңи алты карыш, жаңылбагыла, жеңелер! – деп, эки жолу үнүн чыгарат.
Колуктусунун үнүн угуп: «Капырай, тим эле катындарды башкарат турбайбы,
баатырым, узум. Мен үйгө барып тамак жасап коёюн, чарчап келет» – деп, үйгө кетип
калган экен.
КОКЕ
Илгери бир бай аялы экөө кырк жыл бирге жашап, бир да балалуу болбоптур. Биз
эмнеден жаздык дешип, зарлап ыйлашып, кулак уккан жердеги мазарларга барып,
байлыгын аябай чачышып, аксакалдарга, бүбү-молдолорго сыйынышат. Ошентип, зарлап
жүрүп, бир кыздуу болот. Кыз туулган күнү жар салып, элди чогултуп той берип, атын
Койсун коёт. Көк бөрү, көз таңмай, күлүк чапмай, жорго салыш, ордо атыш болот.
Ата-эне Койсунду ак өргөө көтөрүп, кийимдерди, алтын, күмүштөн жасалган билерик,
шакек, сөйкө, толуп жаткан көз уялткан каухар, бермет тагып, бирөө кийинтип, экинчиси
кашык менен ичирип, колунан жетелеп, күнү-түнү шаан-шөкөт менен чоңойтот.
Он эки жашынан тартып эл оозуна кирет. Мындай да сулуу болобу. Тим эле жаңы
чыккан ай, күндөй. Жайнап турган гүлдөй деп, он алты жашында атагы элге тарайт. Атаэнеси кызына ыраазы болуп жалынат. Атын уккан жерден күйөө келип, той берип, шааншөкөт менен алып кетет. Койсун бир ай көшөгөдө олтурат. Оокат кылганды билбейт.
Тамакка тоюп алып уктап жата берет. Акыры тажашып, атасына жеткирип берет.
Койсунду көрө калышып, сулуулугуна кызыгып, ашык болуп сөзгө келбей, улам эле
байдын же кандын балдары колуктулукка алып кетүүчү болду. Үйүнө барганда, Койсунду
баягы эле мүнөзүнөн жадап, кайта жеткиришет. Ошентип, Койсун сулуу бир айда, жарым
айда эле, күйөөдөн чыгып келе берүүчү болот. Байкуш атасы бир-эки жумадан ашса,
үйүнүн жанындагы кичинекей кызыл омполорго1 чыгып, дүрбү салып Койсундун кеткен
жагын карап:
– Капырай эки жумадан ашып кетти. Кокеге эмне болду? – деп, көз чаптырчу экен.
Анан Кокетайы атасын көп күттүрбөй эле жөө, же ат минип келип калучу экен.
Кокетайды колукту издеген жигиттер бачым эле алып кетет. Атасы кызыл омполдон
дүрбү салып:
– Коке качан келет, кечикти го – деп, санаага батчу экен.
– Жамандыгынан Койсун аты, Кокеге конуптур.
Эркеликтин аягы ушундай турбайбы.
БУРГАНТАЙ
Бурул бир үйдүн эрке кызы. Чий куурчак жасап, ойноп эшикке чыкса, топурак-ылай
менен ойноп, өз боюна карабай, иш кылганды такыр үйрөнбөйт. Эне-атасы элге
кошулбай, бир коктуда жалгыз үй турчу. Энеси бирдеме десе атасы, атасы бирдеме десе
энеси кызына болушат. Бурул обу жок эрке өсүп, бойго жетет.
Алыстан бир жигит келип, колуктулукка алып кетет. Күйөөсү экөө байдын коюн
багып, өзүнчө бир коктуда сайма алачыкта жашашат. Эки-үч жыл өтпөй бир балалуу
болот. Бурулдун төркүндөн кийип келген кийимдери жыртылат.
Бир күнү күйөөсү колуктусунун кийими эбинен кеткенин, өзүнүн жыртылган
кийимдерин көрүп:
– Ийне сайганды үйрөнсөң боло, Бургантай, эч кур дегенде күнүнө боюңа бир учук
жиптен илсең да, этиң көрүнбөйт эле –
1 Омпо – дөбө.
деп, аябай жемелейт. Байдын байбичесинен бир ийик жип сурап келип:
– Эй, Бургантай, мен байдын малын айдашып Анжиян аркага барам, сен күндө бир-эки
учук жиптен боюңа илип алчы, айланайын, – дейт.
– Макул – дейт колуктусу.
Күйөөсү бир жылдан ашык жүрүп келет. Колуктусун, баласын сагынып, алачыктын
жанына келе калып:
– Бургантай, Бургантай! – деп чакырат.
Бурул күйөөсүнүн үнүн угуп, шашып чуркап чыгат. Күйөөсүнүн аты Бургантайдын
кийимдеринен үркүп, күйөөсүн көтөрүп чабат. Байкуш күйөө эсине келип, колуктусун
караса, ичке жипти бир учактап, үстү-үстүнө табылган жипти эле иле бериптир.
Жыртыктын арасы кычы саргыл, бети ботала, каткан жарма, буту-колу кычы. Буттун
тырмактары ичине имерилип кеткен.
– Сен Бурул эмес, накта Бургантай турбайсыңбы. Мен сени жыртылган жерлериңди,
кийимиңди жамап, боюңду таза алып, үйдү таза күт дебедим беле. Сен жиптин баарын
самсаалатып илип алганың эмне?
– Сен өзүң күнүгө бир-эки учуктан боюңа илип жүр дебедиң беле.
– Чачыңды тарап, бетиңди эмне жуубайсың?
– Сени качан келет деп, сагынып жүдөп кеттим.
– Атаны кокуй, Бургантай, кантип оокат кылабыз – деп, арман кылыптыр күйөөсү.
Анжияндан алып келген кийимдерин,колуктусуна эки казан суу ысытып жуунтуп,
кийинтип ата-энесин чакыртып, Бурулдун жоруктарын толук түшүндүрүп:
– Алып кеткиле! – дейт. Бурул төркүнүнө кетет.
ӨЗҮБЕК РЫСБЕК УУЛУ
Өзүбек Рысбек уулу 1925-жылы Токтогул районунун Балачычкан өрөөнүндөгү Карасуу
айылында төрөлгөн. Балалык чагы Каракаш кыштагында өттү.
Атасы Рысбек үй жыгач жасай койчу, комуз чертип азыраак ырдап да жиберер эле.
«Жаныш-Байыштан», «Курманбектен», «Кыз Жибектен»,
«Шекер-Шекрет» дегендерден көп ырдоочу. Арстанбектин, Жеңижоктун,
Калмырзанын, Мырзабектин казалдары деп арабча жазылган көп кол жазмалары болор
эле. Бош убактарда комузун чертип, кызып олтуруп, ошол казалдарын окуп ырдоочу.
1945-жылы согуш бүтөр жылы ачарчылыктын айынан, он төрт окуучудан үч эле
окуучу калып, айласыздан 9-класс жабылып калды. Атасы эмгек фронтунан келип,
колхозго койчуман болуп иштеди. 1944-жылдын декабрь айында Жаңыжол районунун
Жетибел Асперди-Ботонун кыштоосуна кыштады. Жеңиш майрамын Ташкөмүр
шаарынын ары жагындагы Ууружар сайынан тосту, Жеңишке аралаш айылга алты короо
кой айдап келди. Ачкалыкта эгин жок жашап турган элди кой-эчкинин сүтү менен асырап
калган.
Анан 1947-жылы октябрда ФЗОго кетти. Ал жерде да комузду колдон түшүрбөдү.
Ташкөмүр шаарында эки-үч жолу радиодон бердирди. Ошондогу кубанганды сураба.
Аскерге 1948-жылы чакырылып, Ашхабад шаарында болду. Жер титирөөдөн кулаган
жайларды кайра курушту. Агитбригада болуп, 54 жумушчу батальонго кыдырып концерт
берип жүрдү.
Күндөрдүн биринде Кыргызстандан: Мыскал, Чалагыз, Токтоналы, акын Асек (обончу),
Дүйшөн Сулаймановдор барышты.
1952-жылы аскерден келип, Токтогул жолун куруп жаткан курулушта иштеди.
1955-жылы шахтада иштеп жүргөндө зоо көчүп, авария болуп, бут сынып, баш
айрылып, эки балдак менен жүрүп, маданият үйүндө иштөөгө туура келди.
1957-жылы Кыргызстан жаштарынын биринчи фестивалына катышты.
1970-жылдан жаңы шаар Каракөлгө келип, клубга көркөм жетекчи, балдар музыкалык
мектебине комуз бөлүмүнүн башчысы болуп, комузга жаш балдарды даярдап, комуздан
сабак берип келди.
Республикалык радионун алтын фондусуна тапшырган күүлөрү сакталып турат.
Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын кол жазмалар фондусуна көп фольклордук
материалдарды өткөргөн.
КЕДЕЙДИН ҮЧ УУЛУ
Бар экен, жок экен, ач экен, ток экен, илгери өткөн заманда Сарымсак аттуу кедей
болгон экен. Турмуштан кысталып, жалаң өзүнүн билек күчү менен иштеп, жан сактап,
кандайдыр бир жылдары насиби буюруп, Бурул аттуу бир кедейдин кызына үйлөнүп, таң
аткандан керели-кечке чейин иштеп, байлардын отунун алып, отун жагып, жайдыркыштыр эч тынбайт. Жылдар өтүп, Сарымсак кедей Токтоназар, Токтобай, Токтаалы
аттуу үч уулдуу болот. Кичүүсү Токтаалы он экиге толгон кезде, Сарымсакка карылык
жетип, баштагыдай байлардын катуу жумуштарына жарабай калат.
Күндөрдүн бир күнүндө балдарынын маңдайына олтуруп, балдарын кепке салат.
– Мен байдын ак көңүлүн таап, көп дүнүйө табамын. Ошонун жарымысын зарп кылып,
сизди багамын – дейт, биринчи уулу Токтоназар.
– Дурус, балам, жакшы тилегиң бар экен, жарымысын зарп кылганың көптүк кылбас
бекен, балам. Өзүңдүн да алган жарың болот, бала-чакаң кыйналып калбайбы, ондон бир
үлүшүңдү таамай берип баксаң, кемпир-чал кор болбойбуз, – дейт Сарымсак.
– Ата, айтканым айткан – деп, ага баласы болбойт.
– Болуптур, балам, тапкан учурунда көрөлү, – дейт. Экинчи уулу Токтобай агасын
жекирип тилдеп:
– Менден улуу болуп туруп эсиң жок. Уялбай жарымын зарп кылам дейсиң. Мен да
адамга кайрымдуу байларга малай жүрүп, толугу менен тапкан дүнүйөмдү жумшайм, аял
албайм, дүнүйөдө эне-атадан кымбат эмне бар, силерди бүт тапканымды зарптап
багамын. Аял алсам, бөлүнүштүү болуп, силерге каралай албай калам. Эгерде өмүрдү
берсе, силерди өлөрөлгөнчө алаканыма салып багамын. Жаза тайып көзүңөр жумулуп кеткендей болсо,
Сарымсак кедейдин күмбөзү деп кооз эстелик курдурамын. Эки жылы иштеп оокат таап,
анан турмуш курууга коёмун, ага чейин сизди гана апам менен баксам деген тилегим бар,
– деди.
Анда Сарымсак кедей уулу Токтобайдын айткан сөзүнө абдан ичи эзилип, «айтсаайтпаса төгүнбү, балдарым жетилип бараткан тура, үйлөнбөстөн эне-атамды багамын
дейт тура, акылыңдан айланайын» – деп, ошол убакта өзүн багууда тургандай сезип, бир
жагынан кубана, экинчи жагынан тобо кылып, уулуна эч нерсе деп айта албастан кичүү
уулуна кайрылды:
– Кана, балам, сен бизди кандайча багасың, оюңду айтчы, угалы?
– Ээ, ата, сиз бекер эле бизден сурап убара болуп жатасыз, – деди үчүнчү уулу
Токтаалы. – Токтоназар байкем тапкан дүнүйөмдүн жарымын зарп кылып багам деди го.
Байкемки деле туура, балалуу-чакалуу болуп калсам, жарымын өзүмө, бала-чакама
жетсин деген ою туура. Токтобай байкемдин айтканында деле калети жок. Эми менин
сизге бере турган жообум: – Ата сиздин карыганыңызды, менин бакканым билет
– деди.
– Ээ балам, бул эмне дегениң? Менин карыганымды билсең, мен карыдым да, анда
бакпайсыңбы?
– Мына ошону айтып жатпайынбы, сиз карыдыңыз, мен жашмын, сизди багууга
убактым жетпей жатпайбы.
– Балдарым, бул жүрүшүңөр жарабайт. Үчөөңөр тең кетсеңер болбойт. Токтаалы жаш,
биз менен болсун, экөөңөр бир жылча бир жакка барып, иштеп келгиле – деди.
Макул болушуп, Токтоназар менен Токтобай азыраак жол азыгын камдана баштады.
– Мен эптеп өз оокатымды табууга кантип жарабайын – деп, Токтаалы да, ата-апасына
ач кенедей асылып, уруксат сурайт.
– Мейлиң, байкелериң менен барсаң, барып келгин – деп ак батасын берип, кемпирчал узатышат.
Үч бир тууган жүрүп олтурушуп, бир топ күн өткөндөн кийин, түгөнгөн тоонун
тумшукта, туюкталган кысыкта бара жаткан жолоочу үч тарапка кетет. Биринчи жолуна:
«Барса келет» – деп жазуу жаздырып койгонун, Токтоназар эжелеп жатып окуйт. Экинчи
жолуна: «Барса келер-келбеси күмөн» – деп, үчүнчү жолуна: «Барса келбейт» – деп жазган.
Бардык жазуулардын этегинде жалгыздан жол жүрүш, экиден жүрүүгө уруксат эмес деген
эскертүүлөрү бар экен. Эми эмне кылыш керек?
– Чогуу кетүүгө уруксат эмес. Мынабу барса-келбесине мен барайын. Мен силерге
караганда мектеп көрүп калдым. Экинчиден, силерден улуумун, – деди улуу агасы
Токтоназар.
Ага эң кичүү иниси Токтаалы болбоду.
– Байке, өзүңүз айткандай, улуулата жол бериш керек. Сиз биринчи окуганда: «Барса
келет» – деп окугансыз, ал сизге тиешелүү. Себеби сиз бизден улуусуз. Экинчи окуганда
«Барса келер-келбеси күмөн» – деп окугансыз. Ал Токтобай байкеме тиешелүү, менден
улуу. Үчүнчүсүндө: «Барса келбейт» – деп окугансыз, ал мага, менин үлүшүмө туура келип
жатат. Эмнеси болсо да, бир жыл маалы болгондо, ушул секиден табышабыз. Мурда
келгенибиз жети күндөн күтүшөбүз. Жети күндө келбесе, анда кете бермей, – деп, үч бир
тууган үч жолго түшөт. Эң эле опурталдуу, барса-келбеске бара жаткан Токтаалы.
Бир азыраак жол жүргөндөн кийин, жайылып жүргөн койго кез келет. Жер жайнаган
кой, карап турса бири да баспайт, бири да оттобойт. Койлор жайылып, чөп үскөнү чөп
үзүп, кашынганы кашынган бойдон турган-турган жеринде катып калган. Койчусу жок.
Токтаалы жолдон чыгып, койду аралап, койчусун издей баштады. Кырда таягына
сүйөнгөн бойдон ал дагы катып калган. Жанына барып кыйкырып сураса, жооп жок.
Акырында таягын кармалап карап турса, бир темир сороюп чыгып турат. Эмне темир
болду экен деп, баягы темирди басып койсо, койлор маарап, койчу тилге кирип сүйлөй
баштайт.
– Ажалың жок бала экенсиң, сен бул жакка кандайча келдиң, эч кимге билгизбей
жасаган тээктер бар, аны бир бассаң болду, ал чоюн башка туташтырылган, басарың
менен чоюн баш чокуга бир салып, бул дүйнө менен кош айттырып коёт. Эмнеси болсо да
бактың бар экен, таяктын боорундагы темирди кайдан билдиң? – деп дагы толгон-токой
суроолорду берди.
Жай олтуруп, Токтаалы түшүндүрдү, эмне көргөнүн кандайча келгенин, эч нерсесин
койбой айтып берди.
– Биздин турганыбызга канча жыл болду, – деди койчу Тотаалыга карап. – Белгисиз
бир мастан кемпир башчыбыз, койчусу жалгыз менмин! Жүз миңдеген койлор бар.
Жакшылап семирип келгенден кийин, беш жүзбү, миңби, ага болбосо ушунча жүзмиңдеген койго бир адамдын көздөөсү жетишеби, чөп орбойбуз, жем жебейт, суу ичпейт.
Керек деген койдон керегине айдатып кетет. Мындан ары эки белес ашкандан кийин,
эчкилер жайылган жерге барасың, ичинде ак серкенин мойнунда коңгуроо бар.
Коңгуроодогу тээкти бассаң, эчкилер маарап жайыла баштайт. Аралап жүрүп отурсаң
шагылдуу боркулдаган этегинде мага окшогон койчуманы бар, калган сөздү ошол эчки
баккан койчудан уккун – деп, сөзүн кыскартты.
Айткандай эле агылгалап жүрүп олтуруп, калың эчкинин жайылган жерине жетти.
Ичинен издеп жүрүп ак серкени тапты да, мойнундагы коңгуроо орноткон тээкти басты
эле, бардык эчкилерге жан кирип, маараганы маарап, оттоп басканы басып, айланага
текши кыймыл кирип калды. Шагылдуу боркулдаган этегине барса, койчуманы бар экен,
баягы серкедеги тээкти басканда эле кошо жан кирди. Саламдашып учурашып, экөө
көпкө сырдашты.
– Эми жаш бала экенсиң, тилегиң орундалсын, мындан ары саналуу беш белес ашсаң,
көз кайкыган жайыкка учурайсың. Жүрө түшсөң, кадимкидей жайылып жаткан уйларга
кез келесиң. Жакындап барсаң, алар да ушул көргөн кой-эчкилер сыяктуу оттогону
оттогон, жатканы жаткан жерде кыймылсыз турганын көрөсүң, уйлардын ичинде
көркөмү келишкен көк буканын мүйүзүнө орнотулган биздин серкенин мойнундагы
коңгуроодогу тээктей тээги бар, ошону бассаң, бардык уйларга жан кирет. Ошонун
жанында тура берсең, кызыл кашка ноопас минген уйчуман өзү жетип келип, сага
ыракмат айтып кучактап, кубанып тосуп алат. Калган сөздү ошол уйчумандан уксаң
болот, – деди.
Таң азандан чыккан Токтаалы жолсуз адыр менен саналуу беш белес ашканда, көз
жоосун алган адам суктанарлыктай түз мейкинге кез келди.
Азыраак жүргөндөн кийин, жайытта катып калган уйларга кез болду. Аралап жүрүп,
бир күн, бир түн дегенде баягы көк буканы таап, мүйүзүндөгү тээгин басып туруп келди
эле, көз ачып жумганча, нечен уй бүткөндүн баары кыймылга кирди. Көп узубастан,
кызыл кашка ноопас минген карыя ноопазынан секирип түшүп, бала менен кучакташып
көрүшүп, кандайча келгендигин, эмне иш менен жүргөндүгүн карыя сурап укту.
– Балам, өзүң жаш болгонуң менен идирегиң бар окшойт, асты-кийиниңди байкап
жүргөнүңө ыракмат, уулум. Биздин болсо карылыгыбыз жетти. Эчкинин жашындай
жашыбыз калды. Күндөп-түндөп иштегенибиз Абдижалил кандын малын багабыз.
Үстүбүздөн эч ким билбеген аяр мастан кемпир башкарып турат. Абдан жакшы
жайыттарга жиберип, семирген кезекте ую, кою, жылкысы болобу, жайылып келе
жатканда, ушинтип орду-ордуна катырып таштайт экен. Чөп камдабайбыз, суу бербейбиз.
Керек деген маалда падышага жеткирип берет. Ууру-бөрү дегенди билбейбиз. Бир жаман
адаты, уйчусун да, койчусун да кошо катырып таштайт. Эми, балам, мындан ары барсаң,
ушул мейкин талаа түгөнүп, кайрадан тоо башталат. Майда чыбырда жер жайнаган
жылкы бар. Ошол жылкылардын ичинде, ээр токулгасы менен дал ушул биз сыяктуу
катырып таштаган, жерде кашка айгыр бар. Ээрдин кашында тээкти бассаң, бардыгына
жан кирет. Кашка айгырдан айрылба, минип бастырып жүрүп олтурсаң, мунарыктап
алыстан шаардын карааны көрүнөт. Көрүнгөн шаар Абдижалил кандын шаары. Ошол
шаарга баргын, четине бир үйгө кайрылып жатып алып, эртең менен эрте күндүн мурдун
тийгизбестен бар, а киши күн чыкканча уктап жатканды жаман көрөт. Элди ушундай
катуу кармайт. Күн чыкканча уктап жаткан адам көрсө, эрте туруп эмгектенгенден
качкан адам – адамбы, өз ырыскысын өзү кырккан неменин айбандан айырмасы жок, бул
дүйнөгө уйку үчүн келген болсо, түбөлүккө уктай берсин, болбосо эртең менен салкында
бүткөргөн жумуш бирөөлөр бүткөргөн сыяктуу болот деп, ар бир айылга, көчөгө тыңчы
коюп, уктап күн тийгенге калса, кандын алдына алып келип, дарга асып коюшат. Эми сен
таң аппак аткан мезгилде, түз эле үстүнө кирип барып, салам айтып, жай жообуңду
божурап, көпкө созбогун, бала болоюн деп келдим эле, жок дегенде бир жылча кой
кайтарып, бала болуп берейин дей бергин. Сенин бир туугандарыңдын эмне болуп
жатканын, кайсы күнү кетээриңерди, баарын өзү билет. Мейли, балам, десе болду, адал
эмгектене бер, акыры өзү билип, жыл маалында жөнөтөт, болбосо өмүр бою кызматында
кала бересиң, каяша кылсаң, башыңды алдыртып коёт. Жолуң ачылсын, менин
айткандарымды эсиңден чыгарбагын, уулум – деп, батасын берип, узатып кала берди.
Карыя уйчумандан бошонуп чыгар менен жүрүп отуруп, үч күн, үч түн дегенде
жылкыларга барды. Жээрде кашка айгырдын өзүн таап, ээр кашынын алдындагы тээкти
басып койсо, жылкылардын бардыгына жан кирип, ой-тоонун баары кыймылга келе
баштады. Колдон чыгарбай жээрде кашка айгырды минип, тоону түптөп жүрүп олтуруп,
кечке жуук шаарга барып, бир айылга кайрылып, таң заардан туруп, түз эле
Абдижалилдин ордосуна келип, аттан түшүп, кол куушуруп хан алдына барат:
– Сизге бала болоюн деп келдим эле, жок дегенде бир жылча таалимиңизди алып
кетсем, бала болуп! – деп, зарлап туруп алгандан кийин:
– Болуптур, балам, ак ниет бол! – деп, тим болду. Башка сөзгө өткөн жок.
Кандай жумушу болсо да каралаша берди. Тез эле Токтаалы балам деп ишенип, көп
жумуштарга жумшоочу болду. Өзүнүн илбериңкилиги менен Абдижалил канга жакты.
Бекер карап туруу болбойт, козу-кой кайтаруу, отун алуу, от жагууга үйүндө эле көнгөн.
Токтаалы кабагым-кашым дебестен, алы жеткен жумушунан эч баш тартпады. Бирок
кандайдыр төмөндөгүдөй бир ой Токтаалынын тынчын кетире баштады. «Байкелерим
менен барып, мен да ал жетишинче азыраак каражат таап келишим керек. Байкелерим
мал, кийим табышса, мен болсо, канга бала болуп жүрдүм деп эч нерсе жок, эки колумду
мурдума катып барууга болбойт го» – деп, дүнүйө табуу жагын ойлоду. Эң биринчи
кандын келинин, анан кызын алдасам деген ойдо болду.
Күндөрдүн бир күнүндө жайлоонун чөбүн жулуп тазалап, эки жагынан үч кестен
аралык коюп, кырк түп дарбыз айдайт. Дарбыздар абдан жакшы чыгат. Жаңыдан чылбыр
таштайын деп калганда, эриккен кандын кызы менен келини ышкын терип келе
жатышып, коюн айылга каптатып коюп, эрбеңдеп ээн талаада бир нерсе кылган болуп
жүргөн Токтаалынын жанына басып келишет.
– Аралыгын бир ат чабымдан тигип, мунун дыйкандыгын кара дешип, аябай күлүшөт.
– Сенин мээң барбы, Токтаалы жайлоонун башы, суу муздак, аралыгы алыс болсо, кандын
малы батпай жүрсө, мал тебелеп таштабайбы дарбыздарыңды, карасаң этегине суу
чыкпай калган сыяктанат. Ушул жерге кур мээнет кетирип, айдаганың кимдин чекесин
ысытмак, – деген шылдыңына чыдабай Токтаалы:
– Кыйналмайын эмгектин үзүрү болбойт. Мен силерге түшүндүрүп берейин, анан
күлгүлө – деп, келин менен кыздын сөзүнө териге сүйлөдү. – Биринчиден, бул дарбыз
айдаган себебим, ушундай жайлоого эгин, мөмө өсүүсүн билмекчимин, бул жер күнгө бет,
тырс эткен таш жок. Кыян келүүдөн, зоодон алыс. Айдоом зоого жакын болсо, түшкү
ысыкта жылкы көлөкөлөп, күн жаанда корголоп тебелеп коёт болуучу. Эми бул жерге
жылкычылар жаанда да, ысыкта да келбейт.
Ошентип, жылкы тебелөөдөн калган. Болбосо, ушунча өскөнчө тепселбес беле?
Экинчиден, чөбүн койбой таза жулуп таштаган себебим, такыр жерге койлор келбейт,
дарбыздын өзүн кой жебейт, качан гана түйүлгөндө, чылбыр таштап көгөрө баштаганда
мал аралайт, ага чейин бул конуштан көчүп кетебиз. Өйдө-ылдый өткөн мал издегендер
суусунун кандырат, – деп жооп берет.
Айткан сөздөрү орундуу болуп калганга сына түшкөн кандын кызы менен келини
эптеп шылтоо таап, баланы жеңмекчи болушат.
– Мына көрдүңбү, акыркы түп дарбызыңа суу жетпей калган, бул эч качан дарбыз
болбойт – дешет.
– Силер билбейт турбайсыңарбы, мен эртең менен зоо түбүнө буруп, күндүзү сууну
тартып таштаймын, эң акыркы түбүнө астынан таш чыгып, дем болуп чыкма болуп
калган, баары бир андан эч нерсе болбойт, булар берген түшүмдү ал деле берет, – деди
бала.
– Сенин бардык айдаганың кырк түп болсо, бир түбүнө суу жетпей калса, эч болбойт! –
деп, келин менен кыз жоолап талашты башташты.
– Эмнеден мелдешели! – деп, абалы өз ара сөзгө келишти.
– Эгер силердики туура болбой калса, эмне бересиңер?
– Биздин колубуздан эмне болсо келет. Менин күйөөмдүн күлүк кара тулпарын ээр
токуму, жарак жабдыгы менен алып беремин, – деди келин.
– Мен атамдын даарат алып жүргөн алтын кумганы бар, ошону алып беремин, – деди
кандын кызы.
– Эми сиздерде баары бар, кара тулпарды жоо-жарагы, ээр токулгасы менен сайсаң,
сен алтын кумган сайсаң, мен болсо эч нерсем жок, бир кедейдин баласымын, малым да,
пулум да жок, өз өмүрүмдү кулдукка сайдым. Эгер утулуп калсам, ушул экөөңүздөрдүн
айтканыңар менен болуп, өмүр бою силерге кул болууга даярмын.
– Анда эмесе калыска түшөбүз, калыс адамды каяктан табабыз – дешти хандын кызы
менен келини.
– Калысты таптым, кандын өзүнө калыска түшөбүз. Дүйнөдө андан ашкан калыс жок.
Биз эмес, эр өлтүрүп, эриш бузгандарды калыстыгы менен таң калтырган…
– Бирибиздин атабыз, бирибиздин кайнатабыз болсо, кантип ушул жетим менен
мелдештик эле деп айтмак элек, башка калыс тапкын, – дешти.
Ага бала болгон жок.
– Падыша кудаа эмес, кудаадан жудаа эмес, кан турганда башка кишилер калыстыкка
жарабайт. Эгер силер уялсаңар, үйдүн сыртында менин айткан кебимди толук угуп
тургула, кийин укканыбыз жок деп, чатак чыгарбагыдай болгула – деди Токтаалы.
Баланын кебине келин менен кыз аргасыздан макул болушту. Кеч кирди, койду
короону карата айдап, келин менен кызды кандын тушундагы капшытка коюп, өзү ак
өргөөгө салам айтып кирип барып, сыңар тизелеп олтура калып:
– Кан ата, мен бүгүн бир чатак иш менен келдим, калыстык кылып бир ажатыбызды
ачып койсоңуз экен, – деди.
– Айтчы, балам, ажатыңды ачып берейин, – деди.
– Анда эмесе, сизге бала болуп келгенден бери эл-журт дыйкан экен деп жүрсүн деп,
кой жайчу жердин күңгөй багытына саналуу кырк түп дарбыз айдадым. Ушунча сан
жетпес жылкылардын туягы тийбей, койлор, уйлар тебелебей турган бир жакшы жер
таап айдадым эле, чылбыр таштап, күлдөө маалында сугарат эмеспи, ошол маал болуп
сугарсам, сууну жөн эле жөөк менен албастан, суу муздак болуп чирип калбасын деп сууну
талаага жайып, муздак илеби кайтып жылуураак болуп ичиле тургандай болсун деп суу
калың чөптү аралап келип, жөөккө түшүп, этегине бир түбүнө жетээри менен эле сууну
баш жагынан тартып койгомун. Себеби күндүн мурду чыгып кетсе, дарбызды чачып
койбосун деп, ар бир дарбыздын аралыгын үч метрден алгамын, ошол акыркы түбүнүн
астына бир таш пайда болуп, суу жеп аң болуп чыгып калган. Ошону көрүп алып, бир эки
адам: сенин мобул дарбызың болбойт дейт, мен болот деймин. Ошентип, талаш менен
келдим. Кан ата, калыстык кылып, же болоорун, же болбосун айтып берип койсоң экен, –
дейт.
– Балам, Токтаалы, бул айтканыңа караганда анык дыйкандын сөзүн айтып жатасың.
Бийик тоолуу, абасы салкын, суусу муздак жерге күңгөй тарабына айдап, аны муздак суу
менен сугарбай, кечке чейин жайылып олтуруп, зорго жөөккө жеткиресиң. Ал эчен
жылдан берки кара чирик болуп калган бузулбаган дың жер менен, жердин ширесин
боюна тарткан суу өзү өсүмдүктүн жаны болуп калат эмеспи. Айтууңа караганда отуз
тогузунун түбүнө жетип, бир түбүнө чала чырпып жетип, суу жиберсем да тартылып
туруп алды дедиң. Суу барган, бирок жер дем болуп калат, балам, мелдешсең мөрөй
сеники, – дейт.
– Бул калыстыгыңызды айттыңыз, кан ата, ыраазымын! – деп таазим кылып, жүгүнүп
чыгып кетет.
Сыртка чыгып:
– Мына, хандын калыстык сөзүн уктуңуздар; отуз тогуз түбүнө дем болуп, толук
жетпей жатат десем, эч нерсе эмес, бир түбү заңдан эле болуп калат дебедиби. Эми
силердин убадаңар боюнча мелдештерди берүү жагын күтүнө берсеңер болот. Болбосо,
хан атама кайрадан калыска түшөбүз – деп, келин менен кыздын жүрөгүн опкоолжутуп,
чочутуп койду.
– Менин алып берүүм оңой эле. Эки-үч күн удаа эле оокат ичпестен таарынып жатып
алсам эле, эмне сураганыңды беремин, айткын дейт. Мен алтын кумганды сурайм, сөзсүз
берет, – деди кандын кызы.
– Мен да эмне кылаар айламды таппай турат элем, ырас эстебедимби, мен да сенин
жолуңа түшөмүн. Кез-кезде буулугуп ыйлап да, бир топ күнчө убара боломун. Акыры кара
тулпарды жарак-жабдыгы менен берет, аламын, себеби эркектер аялдардын көз
жашынан коркот дешет го. Эгер ошол чындык болсо, көз жашты көлдөтүп төгүп отуруп
албай жаным жокпу
– деди келин.
Ошентип арадан бир топ күндөр өтө баштайт. Келин күйөөсү келээр тушта тетири
карап жатып алып, үшкүрүп-бышкырып капалана берет.
– Мынча кимдерден капа болдуңуз? – деп, кандын баласы сурап, колуктусунун
жанынан чыкпай айланчыктайт. Көздөн жашты кылгыртып үшкүрүнүп, эч жооп айтпайт.
Экинчи күнү да ошол жорукка түшөт.
– Бай болгур, болгон ичиңдеги сырыңды айтчы, мен угайын. Кулдардан, күңдөрдөн
кагуу, же мен жөнүндө ушак уктуңбу? – деген суроосуна унчукпастан, оң каратып
жаткырса болбостон тетири карап, бир жагынан ачка болгон келин көзүнүн жашын төгөт.
Хандын уулу өз ичинен эмне кылаар айласын билбей, жүрөгү күйүп, таң атканча
колуктусу ачкадан уктабаса: «Эмне болду, же ооруп жатабы, табып издеп тапсамбы» – деп,
нечен түркүн ойлор менен таң атырат.
Эртеси дагы эле үшкүрүп-бышкырып ыйлай бергенден улам, жанына келип олтуруп:
– Сенин эмне көздөгөнүң бар, же бир нерсе жетишпей турабы, сурагын, бардыгын
орундатайын, – дегенде, аялы:
– Эгер орундатсаң айтам, болбосо убара болбой эле коёюн,
– деди.
– Айт, айта бергин, эмне болсо да орундаймын, эгер колдон келе турган болсо,
орундатпасам адам эмес дегин, – деди.
– Анда эмесе мен ушул козу-кой кайтарып жүргөн Токтаалы жетимге сенин кара
тулпарыңды ээр токулгасы менен уткузуп жибердим, ошону кантип айтарымды билбей,
же макул болбой коёбу – деп, ар кайсы ойлорго түшүп ыйлап жатамын. Эгер тулпарды
бере албаймын десең ушул жетимге өмүр бою кул боломун, – деп дагы ыйлады. Ары
ойлоп, бери ойлонуп беремин деген сөз оозунан чыгып кетти. Оң карап күлүп, сол карап
жашып:
– Эми мейли, болуптур, эр жигиттин алдындагы атты бийлеп уткузуптур, эми мындан
аркыларга сабак болсун. Эркектир-аялдыр өз-өз буюмун өздөрү билсин, аял эркектин,
эркек аялдын буюмуна тийбесин, – деп, атты мингизет.
Атты жетелеп келип Токтаалыга берет. Токтаалынын санаасы тынып, тулпарга
минип, кой кайтара баштайт. Күндөрдүн бир күнүндө кызга келет.
– Кана эми, жеңең болсо кутулду, көрдүңбү. Кара тулпарды минип жүрөмүн. Сен дагы
эртелегин, жыл маалы болоюн деп калды, кан атамдан үйгө кетүүгө жооп сурайын – дейт.
– Ата, мени кызым дей турган болсоңуз даарат алган алтын кумганыңызды бериңиз.
Мен болбогон бирөөлөр менен мелдешип уткузуп жибердим, – деп, кандын эрке кызы түз
эле атасынын үстүнө кирип барып ачык айтат.
Ошондо кан оюна кылт эле түшүп: «Түшүнүктүү, баягыда Токтаалы балам
калыстыкка кырк түп дарбыздын болор- болбосун сурабады беле, болду-болбоду дал
ошол» – деп, дароо түшүнөт кексе хан:
– Болуптур, балам, мелдешкен нерсени бербей коюш адамкерчиликке жатпайт, алгын!
– деп, алтын кумганын берет. Секин алып чыгып кетип, Токтаалыга алып барып берет.
Токтаалы алтын кумганды алгандан кийин, терең ойго батып отуруп ойлонот.
«Кандын баласынын тулпарын, кызынан алтын кумган утуп алдым деп, күнүгө тулпар
минип кой кайтаруу мага иласим эмес, мүмкүн болсо кан атамдан үйгө кайтууга уруксат
сурайын» деген ойдо болуп, кара тулпарды минип келип, кериге байлап кирип барып:
– Кан ата, жыл маалы болоюн деп калды, уруксат берсеңиз элге кайтсам, – деп сурады.
– Балам, бир жыл болсо да бала болуп калдың эле, көздөгөн максатың эмне, айткын,
балам – деди кан.
– Көздөгөн максатым эки агамдын аманчылыгы, ошолор аман-эсен болуп жолго
чыгышса, анан өзүбүздүн болжошкон жерибиз бар эле, алар мурда барса, бир жумага
чейин күтөм дешкен. А мен мурда барсам, бир жумага чейин күтөм, болбосо элге кете
бермей. Эгер кан ата, мүмкүн болсо, менден мурда эки агамды бошотсоңуз экен.
– Болуптур, эки агаңды бошотоюн, кийим, акча, мал, жар керекпи, уялбастан сурагын,
балам.
– Ырахмат, кан ата, бизге малдын да, кийимдин да, жардын да кереги жок. Өз учурунда
бешенеге жазганды көрөбүз. Эки агамды ээрчитип, барса-келбес сапардан аман калсам,
мындан артык олжо жок.
– Анда эмесе болуптур, балам, пейлиңден тап, – деп, бата берип, Токтаалыга кетүүгө
уруксат берет да, – жолдон бирөөлөр кармаса, ушул темирди көргөзсөң, коё берет – деп,
түшүндүрүп, колуна белги тагылган ак калай темир берет.
Кара тулпарды минип, алтын кумганды куюшканга бекем байлап, элин карай жол
тартат. Үч күн, үч түн жол жүргөндөн кийин, баягы болжошкон жерге келсе, алар ошол
жерде күтүп олтурушуптур. Агалары менен кучакташып көрүшүп, жай алып олтурары
менен:
– Сен каяктан келген адамсың? – деп, оозду тоскон жаш жигиттер сурай баштайт.
Жооп берүүнүн ордуна баягы кан берген темирди көргөзөт.
– Бая эле ошондой дебейсиңби? – деп, көрөрү менен агаларына кошуп, сыртка
чыгууга, кай жакка кетсе да өз эрки экендигин билгизишет.
Сыртка чыкканда тулпарды агаларына:
– Мингиле! – деп берсе, минбей коюшат. Себеби атасына ар кимиси өз тапкандарын
алып барышмак. Эң кичүү иниси тапкан кара тулпарды алып баруудан агалары баш
тартышты.
– Биз мына бул жаткан аздыр-көптүр табылгабызды өзүбүз айдап бара беребиз. Сенин
атың бар, бизге карабай алга бара бер, күткөн жерден күтөөрсүң, күтпөсөң түз эле үйгө
бара берсең да болот, – дешти.
Токтаалы агаларынын сөзүн уккандан кийин, чоң жол менен секин жүрүп олтуруп,
бир айылдан өтө бергенде, жоо- жарак кийими бар, желдей учкан ат минген жигит
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Жомокчулар Жана Жомоктор - 30
  • Parts
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 01
    Total number of words is 4062
    Total number of unique words is 1893
    34.1 of words are in the 2000 most common words
    46.8 of words are in the 5000 most common words
    52.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 02
    Total number of words is 4214
    Total number of unique words is 2104
    32.9 of words are in the 2000 most common words
    44.6 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 03
    Total number of words is 4152
    Total number of unique words is 2045
    34.6 of words are in the 2000 most common words
    47.4 of words are in the 5000 most common words
    54.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 04
    Total number of words is 4150
    Total number of unique words is 2066
    32.5 of words are in the 2000 most common words
    45.7 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 05
    Total number of words is 4129
    Total number of unique words is 1861
    36.1 of words are in the 2000 most common words
    48.6 of words are in the 5000 most common words
    54.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 06
    Total number of words is 4073
    Total number of unique words is 1772
    37.9 of words are in the 2000 most common words
    50.9 of words are in the 5000 most common words
    56.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 07
    Total number of words is 4031
    Total number of unique words is 2005
    35.4 of words are in the 2000 most common words
    47.5 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 08
    Total number of words is 4000
    Total number of unique words is 1967
    34.2 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    55.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 09
    Total number of words is 4090
    Total number of unique words is 2041
    34.4 of words are in the 2000 most common words
    48.3 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 10
    Total number of words is 4090
    Total number of unique words is 1755
    36.3 of words are in the 2000 most common words
    49.5 of words are in the 5000 most common words
    55.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 11
    Total number of words is 4202
    Total number of unique words is 1835
    37.9 of words are in the 2000 most common words
    50.3 of words are in the 5000 most common words
    56.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 12
    Total number of words is 4059
    Total number of unique words is 1853
    34.9 of words are in the 2000 most common words
    47.5 of words are in the 5000 most common words
    53.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 13
    Total number of words is 4023
    Total number of unique words is 1816
    36.1 of words are in the 2000 most common words
    49.0 of words are in the 5000 most common words
    55.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 14
    Total number of words is 4128
    Total number of unique words is 1794
    35.4 of words are in the 2000 most common words
    48.5 of words are in the 5000 most common words
    55.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 15
    Total number of words is 4128
    Total number of unique words is 1880
    33.4 of words are in the 2000 most common words
    47.5 of words are in the 5000 most common words
    54.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 16
    Total number of words is 3951
    Total number of unique words is 1518
    36.3 of words are in the 2000 most common words
    49.6 of words are in the 5000 most common words
    57.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 17
    Total number of words is 3907
    Total number of unique words is 1675
    37.0 of words are in the 2000 most common words
    49.9 of words are in the 5000 most common words
    56.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 18
    Total number of words is 4005
    Total number of unique words is 1671
    37.2 of words are in the 2000 most common words
    51.2 of words are in the 5000 most common words
    57.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 19
    Total number of words is 4054
    Total number of unique words is 2029
    33.6 of words are in the 2000 most common words
    46.8 of words are in the 5000 most common words
    53.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 20
    Total number of words is 4155
    Total number of unique words is 1829
    34.3 of words are in the 2000 most common words
    47.3 of words are in the 5000 most common words
    52.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 21
    Total number of words is 4145
    Total number of unique words is 1916
    33.5 of words are in the 2000 most common words
    46.1 of words are in the 5000 most common words
    53.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 22
    Total number of words is 4175
    Total number of unique words is 1923
    35.3 of words are in the 2000 most common words
    48.7 of words are in the 5000 most common words
    54.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 23
    Total number of words is 3979
    Total number of unique words is 1623
    36.1 of words are in the 2000 most common words
    48.7 of words are in the 5000 most common words
    54.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 24
    Total number of words is 4111
    Total number of unique words is 1658
    36.5 of words are in the 2000 most common words
    49.2 of words are in the 5000 most common words
    54.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 25
    Total number of words is 4082
    Total number of unique words is 1920
    33.7 of words are in the 2000 most common words
    46.1 of words are in the 5000 most common words
    53.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 26
    Total number of words is 3970
    Total number of unique words is 1798
    32.3 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 27
    Total number of words is 4049
    Total number of unique words is 1925
    35.2 of words are in the 2000 most common words
    48.5 of words are in the 5000 most common words
    54.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 28
    Total number of words is 4196
    Total number of unique words is 1935
    34.7 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 29
    Total number of words is 4079
    Total number of unique words is 2069
    33.0 of words are in the 2000 most common words
    44.8 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 30
    Total number of words is 4175
    Total number of unique words is 2074
    33.1 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    52.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 31
    Total number of words is 4117
    Total number of unique words is 2049
    32.9 of words are in the 2000 most common words
    46.1 of words are in the 5000 most common words
    52.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 32
    Total number of words is 4160
    Total number of unique words is 2020
    33.9 of words are in the 2000 most common words
    46.5 of words are in the 5000 most common words
    53.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 33
    Total number of words is 4042
    Total number of unique words is 1830
    36.4 of words are in the 2000 most common words
    49.7 of words are in the 5000 most common words
    55.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 34
    Total number of words is 4275
    Total number of unique words is 1721
    36.7 of words are in the 2000 most common words
    50.1 of words are in the 5000 most common words
    56.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 35
    Total number of words is 4047
    Total number of unique words is 2016
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 36
    Total number of words is 1590
    Total number of unique words is 953
    41.2 of words are in the 2000 most common words
    52.2 of words are in the 5000 most common words
    57.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.