Latin

Жомокчулар Жана Жомоктор - 17

Total number of words is 3907
Total number of unique words is 1675
37.0 of words are in the 2000 most common words
49.9 of words are in the 5000 most common words
56.0 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
– Бул жерде кымбат баалуу бир чыны бар, – деди.
– Ал эмне кылып берет? – деди.
– Өлгөн кишини тиргизет, – деди.
Бала чыныны сатып алды. Баягы үчөө бөлүнүшкөн жерге келип чогулушту.
– Кана, сен эмне кылдың? – деп, улуусунан сурады.
– Мен бир төө алдым, – деди.
– Ал эмне кылат экен? – деп сурашты.
– Бир канчалык жерге көз ачып-жумганча жеткирет, күлүк экен, – деди.
Экинчи баладан сурады:
– Кана, сен эмне алдың?
– Мен бир күзгү алдым, – деди.
– Ал эмне кылат экен?
– Бир канчалык жерде киши өлүп жатса, ошону көрсөтөт экен, – деди.
– Ой, сен, күзгүңдү аччы, хандын кызы үйүндө бекен же бирөө алып кетти бекен? –
деди.
Күзгүсүн ачып, өлүп калыптыр, коё элек экен, – деди.
– Кана, күлүк төөң менен бизди жеткир.
Үчөө төөнү минип жөнөдү. Көз ачып-жумганча жетти.
Барса, хандын кызы өлүп калган.
– Кана, чының менен тиргиз! – деди.
Бала чынысы менен хандын кызын тиргизди. Ханга:
– Сиздин тапшырмаңыз боюнча, үчөөбүз үч кымбат баалуу буюм алып келдик.
– Мен төө алып келдим, күлүк.
– Мен күзгү алып келдим, алыс жерде өлүп жаткан өлүктү көрсөтөт.
– Мен бир чыны алып келдим, өлгөн кишини тиргизет.
Эми кимибизге бересиз? – деп хандан сурады.
Хан айтты:
– Күлүк төө дегениң – санаа, күзгү алып келдим дегениң – жарыкчылык, чыны алып
келгениң – табып. Ошондуктан мен кызымды табып алып келген балага берем! – деди.
Ошентип, хан чыны алып келген балага кызын берет. Күйөө балага хандыгын берип,
ал бала ошол жерде хан болуп жашап калат. Эки агасы элине кетет.
КАРЫШКЫР, ТӨӨ, ТҮЛКҮ
Илгери бир убакта бир карышкыр, төө, түлкү үчөө дос болуп, бирге жашап жүрөт. Төө
болсо чөп-чардан жеп, ачка болбойт. Карышкыр менен түлкүнүн жээри жок, ачка болуп
калат. Түлкү карышкырга:
– Алдап төөнү жейли, – дейт. Түлкү, карышкыр экөө төөгө келет.
– Төө, сен чөп-чар жеп, тоюп жүрөсүң, жээр неме жок, биз ачка болуп калдык.
– Сени биз жейлик, келеркиде өзүңөн артык төө берели, – деди.
Төө макул болду. Карышкыр жара тартып, төөнү жеп, бир топ күн карышкыр менен
түлкү тоюнуп калды.
Төөнүн эти түгөнгөндөн кийин, карышкыр менен түлкү тамак издеп, бир жерге барса,
бир козу качты.
Карышкыр:
– Токто, качпа! – деп кыйкырды. Козу эси чыгып, туруп калды.
– Сен эмне качасың, былтыр да мени сөгүп качып кеткен болчусуң, – деди.
Козу:
– Ээ, баатыр карышкыр. Быйыл туулуп, алты ай боло элекмин, анан былтыр сени
кайдан тилдеймин, – деди.
– Өзүң болбосоң да сенин туугандарың, ага-инилериң мени тилдеген. Көп сүйлөбө, –
деп карышкыр козуну баса калып, түлкүгө бербей, бүт жеп алды.
Түлкү:
– Ээ, карышкыр, эмне үчүн мага бергениң жок? Карышкыр:
– Кичине экен – деди, – экөөбүз тойгудай эмеспиз, эми чоңураак неме кабылса,
ошондо тоёсуң, – деди.
Түлкүнүн ачуусу келди. Ары жактан бир топ киши көрүндү.
Карышкыр, түлкү алып келаткан мергенчилер экен.
Түлкү тааный коюп, ийинге кире качты. Карышкыр кире албай туруп калды.
Мергенчилер келип, карышкырды атып алып, терисин сыйрып кете беришти. Куу түлкү
эки досу – төө менен карышкырды өлтүрүп, өзү аман калды.
ОРМОНБАЙ КУЛЖАБАЙ УУЛУ
1903-жылы Кетментөбө аймагындагы Каратектир деген жерде төрөлгөн.
Булар Ничке деген жерде жашайт. Балалуу-чакалуу болуп өскөндөн кийин Кулжабай
Таттысарыдан чыккан Ниязбек бийге масалат салат.
– Эки атанын баласы биз бөлүнүп албайбызбы, кичинекей Ничкеден батышпайбыз го
эми, балалуу-чакалуу болдук. Каратектирге арык чыгарып алалык, – дейт.
Кышы менен макулдашып жүрүп жазында:
– Арыкчылыкта кантип чабабыз, мен кыбачы алып келемин, күзүндө чабабыз, – деп
жайлоого көчүп кетип калыптыр.
– Бий убадаңда турбадың, баары бир мен чыгарамын – деп, беш инисин ээрчитип,
Каратектирге барыптыр. Арык чыга турган төш таштуу. Бир дыйканды ээрчитип келип,
бир теше жерге коон, бир теше жерге дарбыз айдаптыр.
– Арыгың чыга элек болсо, суусуз жерге айдайбызбы?
– Коонуң гүлдөп, тарууң баш алганча мен сууну чыгарып берем.
– Болуптур, – дейт.
Аны айдатып коюп, беш иниси менен арыкты баштайт. Сууну ээрчитип жүрүп
олтуруп, кырк бир күндө коон-дарбыз менен таруунун кулагына жеткириптир.
Суусамырда жаткан Ниязбек бийге капка салбай, сызмага артып туруп:
– Баягы суу чыкпаган жердин коон-дарбызы – деп, эки тордомо коонду жиберипир.
Ниязбек уялганынан бир бээ жетелеп, бир койду өңөртүп, жетип келиптир.
– Мага караганда сен туруктуулук кылдың. «Баатыр табат, байман жейт» деген
макал бар. Өзүң каалаган жерди ал. Калганын бөлүштүрүп алалык. Арыктын аты
Байбагыш арык болсун. Бала-чакаңарга чейин мурап, арыктын ээси силерсиңер – деп,
ынтымак менен күзүндө келип, там-таш, сарай салып отурукташат.
Кулжабай дыйкан, момун, арык казып берип, эл үчүн кызмат кылган. Ормонбай сегиз
жашка чыкканда атасы каза болду.
Он бир, он эки жашында Култай, Мааша, Асан молдолордон арабча окуду. Булар
окутканда жалаң эле китепти окутчу. Кагаз жаздырчу эмес.
Булардан кийин Өскөнбай молдо окутту. Ал киши сабаттуу киши экен.
– Сен молдо болсоң, бирөө кат жазып бер десе, эмне дейсиң, – деп иш кагаздарынын
баарын үйрөттү. Бүтүп чыгып эле катчылыкка жарай баштады.
1926-жылы Торкендеги жаңы ачылган мектепке кирди. Сабаты ачылгандар барып эле
төртүнчү класстан окуп, ошол эле жылы башталгыч мектепти бүтүрөт. Торкендин
мектебинде окуп жүргөндө күндүз окуп, кечкисин сабатсыздарды окутту.
1927–1928-окуу жылында өзүнүн Каратектирине мугалим болот. Каратектирге дагы
эл көчүп келип, алар жогорураак жагына орношкон. Мектеп жок. Жогорку эл төмөн
келбейт. Төмөнкү эл жогору барбайт. Ошондо ортодо Үмөтаалы уулу Эркинбайдын ортосу
далис, эки бөлмө үйү бар эле. Ошону исполком чакырып:
– Мектеп жок болуп жатат, сен үйүңдү бергин мектепке, – деди.
Мектепке ошону алып берди. Эки класс кылып, Танаалы уулу Жөкүш экөө окутту
балдарды. Кечкисин сабатсыздарды окутат.
Ал 1929–31-жылдары Жалалабад педагогикалык техникумуна сырттан окууга кирди.
1931-жылдын күзүндө Кетментөбөгө келди. Келсе өз айылында
«Өспүрүм» деген колхоз жаңы уюшулуп жатыптыр. Ошо жерден башкарма болуп
шайланат.
Ошентип, колхоз уюштурууга алгачкылардан болуп киришип, пенсияга чыкканга чейин
белсенип эмгектенди. Ал Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу.
ЯКМАС АКИМ
Якмас Аким байлыгы ташыган адам экен. Ал адамдын өмүрүн узартышка көп аракет
жасаптыр. Тынч океандын бир аралында кия (чөп) бар экендигин китептен көрүп, ошону
табыш үчүн кеме жасатып алып, издеп жөнөйт. Бирок Кудай мени оозуна албастан
жөнөдү деп Асирейил (жан алгыч) периштени чакырып:
– Якмастын артынан барып, колундагы китеби менен компасын эптеп сууга чөгөрүп
ийип кел! – деп жиберет.
Асирейил артынан барып, Якмастын кемесинин арт жагына чымчык болуп конуп:
– Каякка бара жатасың? – деп, Якмастан сурайт. Якмас:
– Адам баласынын өмүрүн узартып, узак жашата турган дары чөптү издеп баратам, –
дейт.
Асирейил: – Сен ошондой билгичсиңби?
– Билгичмин! – дейт.
– Билгич болсоң, азыр Асирейил кайда? – деп сурайт. Якмас:
– Асирейил же сен, же мен, – дейт. Асирейил:
– Кантип билесиң? – дейт. Якмас:
– Колумда китебим бар, – дейт. Асирейил:
– Кана китебиң? Якмас:
– Мына! – деп, көрсөткөндө китебин, компасын океанга кагып түшүрөт. Якмас:
– Максатым ишке ашпады! – деп үйүнө келип: – Мен элге жакшылык кылайын деген
элем, иш жүзүнө ашпады – деп, бардык дүйнөсүн жетим-жесир, кедейлерге бөлүп берип,
аялын колунан жетелеп, бир башым дубана болсом да, оокат кылам, – деп, шаар кыдырып
кете берет.
Якмас кыдырып жүрүп, Сырдыбай кандын шаарына барып, шаардын ичинде бир үйдө
убактылуу жайланышат.
Сырдыбай кан кырк жигити менен ууга чыгып, куш салып жүрүп, эки чоң суунун
куймасынан бир жерди жактырып:
– Ушул жерди тегиздетип, жайдын күнү сейилдей турган жай кыл! – деп, Ыдырыс
деген вазирине дайындайт.
Вазир Ыдырыс базарга барып:
– Кырк жумушчу керек – деп, элге кулактандырды. Якмас базарга түшкөн экен, вазир
Ыдырыстан сурайт:
– Сага кырк жумушчу керекпи, же кырк кишинин ишин бүтүрө турган, кырк кишинин
оокатын иче турган болсо эле болобу? – дейт.
Ыдырыс:
– Эгер ошондой болсо да болот, – дейт.
– Андай болсо, жаныңа мени ээрчитип алып, ханга алып бар, – дейт.
Ыдырыс тигини ээрчитип алып, ханга алып барат. Якмас хандын алдында убадасын
берип, макул болот.
Хандын чоң атасы дөө экен, чоң атасы алып жүргөн күрөк бир дөбөдө топуракка
көмүлүп калган, ошону каздырса, кырк киши көтөрүп келет.
Якмас кырк киши зорго көтөрүп келген күрөктү сол колу менен алып, ушул жарайт –
деп, жерге сайып коёт. Кырк кишиге даярдаган оокатты ичип:
– Ишиңерди көргөзгүлө, – дейт.
Вазир иштете турган дөбөнү ээрчитип барып көрсөтөт. Якмас үч күндөн кийин
менден кабар ал, – деп, иш үстүнө кала берет. Үч күн ичинде дөбөнү тегиздеп, айландыра
ар түрдүү жемиштерди тигип, дуба менен жемиштерди бышырып, дөбөнүн ортосунан бир
кумура дилденин оозун ачып, бак- дарактын ортосуна коюп, Якмас көлөкөдө уктап
калыптыр.
Үчүнчү күнү Ыдырыс келип, таң калат. «Дубакөй турбайбы», – деп айланып, кыдырып
жүрүп, уктап жаткан Якмастын бутун басып алат.
Якмас ойгонуп кетип:
– Кожоюн, көңүлгө жагабы? – дейт.
– Жагат! – деп, ортодо турган кумураны көрүп: – Бул эмне?
– дейт.
Якмас:
– Бул кумурада алтын, – дейт. Анда вазир:
– Жакшы болуптур, экөөбүз бөлүп алалы? – дейт.
– Жок, бул жерге падыша ээ болот. Бул алтын – падышаныкы. Биз экөөбүзгө алууга
болбойт, – деп, Якмас кумураны бербейт.
Вазир:
– Канча алтын бар экен? Кумурага эңкейип карачы! – дейт. Якмас кумурага эңкейип
карап атканда, вазир Якмастын башын кылыч менен шарт чаап таштайт. Якмастын башы
тоголонуп баратып:
– Кызыталак, менин аялымдын алты айлык боюнда бала бар. Алты жашка чыкканда,
сенин башыңды менин башымдай тоголотот! – дейт.
Якмас жасап бак тиккен жерге:
– Менин сегиз жашта кызым бар, он сегиз жашка чыкканда сага берем, бул жерди
кеңейтип, биз жайында сейилге келгенде, дүр-дүйүм жемиш менен камсыз кыласың! –
деп, Сырдыбай кан Инамжан деген адамды коёт.
Якмас аялына:
– Сенин курсагыңдагы бала – эркек. Төрөлгөндө атын Даанышман кой. Алты жашка
чыкканда колуна мобу кестикти бер, андан аркасын өзү билет, тилин алып, өз жайына
кой! – дейт экен.
Алты ай өтөт. Бала аман-эсен төрөлөт экен. Антип-минтип алты жыл өтүп,
Даанышман алтыга чыгат. Даанышмандын колуна кестекти берет. Даанышман апасына:
– Казанды жууп, тулга асып тур, мен базарга барып келем, – деп жөнөйт.
Базарга келип, касапка барса семиз уйдун этин сатып жаткан экен, мага беш кадак эт
тартып бер! – деп, этти алат.
Акча төлөбөй кетип баратат эле, касап:
– Каякка барасың, акча төлө! – деди.
– Акчаны эмне кыласың, мындан башка акчаны аш кылсаң. Малчыдан уурдап келип
сатып жатасың! – деди эле, касап:
– Ээ, өмүрүң узаргыр, эмне дейсиң, кете бер! – деди… Базарды аралап жүрүп койдун
майын, сабиз, пияз алды.
Алгандарынын баарын апасына алып келди.
– Сиз жакшылап палоо жасай бериңиз, мен ашка кошо турган жакшы жыттуу гүл алып
келем, – деп кетти.
Даанышман Сырдыбай сейилдеп турган багындагы Инамжанга барды. Короосуна баш
багып:
– Инамжан аке, саламатсызбы? Капа болбосоңуз тетиги жыттуу гүлдөн бир тал бериң?
– деди.
Инамжан гүлгө кеткенде, короосунун эшигинде бир кой байланып турган эле,
Даанышман агытып жиберип:
– Аке, коюңуз бошонуп, гүлдөрдү жеп жатат! – деп кыйкырды.
Инамжан келип, кайра басты эле, койду Даанышман кайра коё берип, дагы кыйкырды.
Үчүнчү жолу коё берип, дагы кыйкырды эле:
– Эй, кызыталак, кандай токтобойсуң! – деп, Инамжан таш ыргытты эле, таш койго
тийип, кой тырп этпей жыгылып өлдү.
Даанышман:
– Ээ, аке, үч жанды бекер өлтүрдүң, –деди.
– Эмне деп айтып жатасың? – деди.
– Үч жанды бекер өлтүрдүң деп айтып жатам, – деди.
– Өлгөн кой бирөө эле, кайдагы үч жан, – деди. Даанышман айтты:
– Койдун ичинде эгиз кара кашка: бири эркек, бири ургаачы козусу бар эле.
Инамжан:
– Жашабаган бала, азыр койду соём, жалган айтсаң, сени кошо соём! – деди.
Даанышман:
– Мен макулмун, – деди.
Койду союп көрсө, баланын айтканы туура чыкты. Инамжан ойлонуп туруп:
«Вазирдин дайындаган баласы ушул окшойт». Вазир Ыдырыс бала келсе ушул жерге
келет – деп, Инамжанга дайындаган. Алты жыл өттү, бала келсе, союп мага жүрөгүн бер,
жүрөгүн бербесең мен ишенбейм деген.
Инамжан баланы: – Соёмун! – деди. Даанышман айтты:
– Сыдырбай кан менен Ыдырыс сени алдаган кызымы берем, – деп. Кызын бербейт,
мен алып берем, – дейт.
Инамжан:
– Менин убадам бар, сени союп жүрөгүңдү бермекмин.
– Аны ыраазы кыл, мынабу жондун нары жагында бир келин ак козу жетелеп ыйлап
баратат. Себеби келиндин баласы өлүп, эмчегине сүт толуп, чыдабаганынан козуга
эмизген. Келин бирөөгө беш дилде карыз болуп, козу беш дилдеге сатылганы жатат.
Мынабу беш дилдени берип козуну алгын. Адамдын сүтүн эмген үчүн козунун жүрөгү
абдан ширин. Алып келип союп, менин көйнөгүмө ороп, каны менен берсең, ыраазы
болот. Ишенбесең, чуркап кара! – дейт.
Инамжан чуркап караса, келин козуну жетелеп баратат. Эмнеге ыйлап баратканын
сураса, Даанышмандыкы тура.
Инамжан беш дилдени берип, козуну алып келип, баланын көйнөгүн канга боёп,
козунун жүрөгүн алып, баланы коё берет. Вазир Ыдырыс келип, жүрөктү жеп, ишенип
калды. Бир топ жыл өтөт. Сырдыбай кан бир күнү түш көрүп, түшүн унутуп калыптыр.
Сырдыбай дубана-бакшы, кожо-молдолорду чакырып, унуткан түшүмдү таап бергиле
дейт. Эч кимиси таба албайт. Сырдыбай кан кырк вазирге буйрук берет:
– Менин унуткан түшүмдү табасыңар же таба турган олуяны табасыңар, кырк күнгө
чейин таппасаңар, баарыңарды даргага астырам, – дейт.
Вазирлер сурамжылап, эч айла таба албай коюшат. Кырк күн бүтүп, эртеси даргага
асыла турган болушат. Ыдырыс вазир ойлонуп: «Баягы олуя баланы бекер өлтүрткөн
экемин, ошол бала билет эле, мен Инамжандан сурап көрөйүн, кокус өлтүрбөсө, бала
унуткан түшүн таап берсе, кырк вазирдин жанын аман алып калат».
– Коркпой чыныңды айт! – деди.
– Силер аман кала турган болсоңор, бала өлгөн жок.
Инамжандан баланын жашаган жерин билип алып, Сырдыбай канга барды.
– Баланча көчөдө олуя бар. Ошол унутулган түштөрдү табат, – деди.
– Мен барсам, келбейт.
– Муршап жибер! – деди кан.
Ыдырыс муршап жиберди. Муршап барып, Даанышманга:
– Сени кан чакырып жатат! – деди. Даанышман:
– Кандын чакыруусуна барбаймын, мен али жашмын, кандын чакыруусуна баш
ийбеймин, ханга айтып бар, түшүнөт,
– деди.
Муршап канга келип айтты.
– Туура айтыптыр, сени буйрук менен чакырганы жок, келип кетсин деп сурады, –
деди. Ал дароо келип, балага айтты:
– Жок, мен бара албаймын, – деди. Кан:
– Ат токуп алып мингизип кел! – деди. Атты алып барса:
– Жок, бул шамалдан жаралган ат, минбеймин, – деди. Төөнү алып барса:
– Минбеймин – деди.
Өгүздү алып барса:
– Бул заңги баба, буга да минбеймин. Анда кан:
– Сурачы, эмнени минет экен? Муршап барып:
– Деги эмне минсең барасың? – деди.
– Хандын Ыдырыс деген вазири бар, ошону токуп, эки шибеге ээрге илип келсеңер,
ошону менен барам! – деди.
Даанышман Ыдырысты токутуп алдыртты. Даанышман Ыдырысты минип, шибеге
менен сайгылап баратты. Кандын эшигине минип барып, түшпөй туруп алды:
– Ат алсын! – деп, эки жигит келип, Ыдырыстын башын кармады. Башын кармаган
жигиттерге айтты:
– Мен кандан чыгып келгенче жанын тындырбай шибеге менен сайгылап турсаңар,
эгер аяп жанын тындырсаңар, силерди мунун ордуна сайгылатам! – деди.
Эки жигит өз жанынан коркконунан жанын тындырбай сайгылап турду. Даанышман
салам айтып кандын үстүнө кирди. Кан алик алып:
– Отур, балам! – деп, орун көрсөттү. Даанышман:
– Чакырган экенсиз, келдим! – деди. Кан:
– Балам, мен кызыктуу түш көрдүм да, унутуп калдым, – деди.
– Каным, түшүңүздү эсиңизге түшүрүңүзчү, – деди.
– Каным, менин айткандарымды орундатсаң, жоруп да берем.
– Эмне айтсаң, ошонун баары орундалат.
– Мен минип келген Ыдырыс сейилдей турган дөбөнүн ортосунан бир кумура алтын
таап алган. Ыдырыс барып, канга айтпай бөлүп алайын, – деди. Атам жер канга тиешелүү
болот. Жерден чыккан кен жана башка табылгалар канга тиешелүү, албайбыз, кандын
казынасына беребиз, – деди. Ыдырыс атамы эңкейип кара, канча алтын бар экен, – деди.
Атам эңкейгенде, атамын башын алып таштады. Атамдын башы: кызыталак, менин
аялымдын алты айлык боюнда бар, кудай кааласа, ал алты жашка чыкканда, башың
меникиндей тоголонот деген. Биринчи Ыдырыстын башы алынсын.
Ыдырыстан сурады эле:
– Туура! – деди.
Ыдырыстын башы алынды. Кан:
– Балам, эми түштү жоруп бер! – деди. Даанышман айтты:
– Сиздин аялыңыздын аты Сыргажанбы! Сырганын сулуулугуна кызыгып, кордук
менен алгансыз, туурабы?
– Туура! – деди.
– Сырганын сүйгөн жигити бар эле, үкөккө салып ала келген, баш жагыңызда, алтын
табактагы алмадан бирөө колун салып, алып турчу беле?
– Туура! – деди. Даанышман:
– Айткандын баары орундайт дегенсиз, кан эки сүйлөбөйт, туурабы? – деди.
Кан:
– Туура! – деди.
– Эмесе, мынабу үкөктүн ичинде кыздын сүйгөн жигити жатат, сиз эшикке чыкканда,
Сыргага жигити кол салат. Алтын табактагы алмага кол салган ошол жигит. Үкөктү ачып
караңыз дагы, жигитине кошуп, жакшы жашагыла – деп, жаман айтпай, көңүлүңдөн
чыгарып, энчи берип жөнөт! – деди.
Кан макул болуп жөнөттү. Даанышман уруксат сурады.
– Балам, сен менин жаныман кетпе. Жаш болсоң да, баш вазир бол! – деп жиберди.
Акыры вазир болуп жүрүп, кан өлгөндөн кийин Даанышман кан болуп, Инамжанга
айткан кандын кызын алып берип, атасы сейил жасаган жеринде Данышман сейилдеп
калган экен.
СОКУР СООДАГЕР
Бир заманда Нуржан деген соодагер соода кылып жүрүп, байлыгы ташып, дүнүйөсү
ашыптыр. Бирок мастан кемпирге алдатып, сокур болуп калат. Сурап деген жалгыз
баласы бар экен, баласы он сегиз жашка толот.
– Балам, мен сооданы он сегиз жашымдан баштадым эле, сен да эми соода кыл! – дейт.
– Сен бүгүн өзүбүздүн үйдөгү бардык дүнүйөнү карап чык. Эртең миң сом жаныңа сал
да, биздикинде жок буюмду таап кел! – дейт.
Баласы базарды араласа, базардагы дүнүйөнүн бардыгы эле үйүндө бар экен. Бир
адам капкара ит жетелеп, сатканы туруптур: «Бизде мындай ит жок эмеспи» – деп, сатып
алды:
Атасына:
– Мен базардан үйдө жок буюмду таба албадым, бир адам кара ит алып жүргөн экен,
бизде кара ит жок, ошону сатып алдым, – деди.
Атасы:
– Жакшы кылыпсың! – деди.
– Дагы миң сом алгын да, жакшы жолдош сатып алгын! – деди.
Баласы Сурап базарга барат. Эки жигит бир өлгөн адамды мүрзөдөн алып чыгып уруп
жатат. Сурап:
– Бул өлгөн адамдын эмне күнөөсү бар? – деди.
– Беш дилде карыз эле, бербей өтүп кетти, жок дегенде уруп алсакпы деп, уруп
жатабыз! – деди.
Сурап беш дилдени берип, ак кепиндеп көмдүрүп, күмбөз салдырып, күмбөздүн
акчасын төлөп, баса берди. Болгон окуяны атасына айтты.
– Жакшы кылыпсың, балам! – деди.
– Эми миң сом алып, базарга жар салгын. Жакшы, ак ниет жолдош болсо миң сом
берем дегин. Акча алыш үчүн:
«Мен ак ниет болом», – деп келе берет. Сен жарабайсың деп, кетире бер, базар
тараганда кыбыла тараптан боз чепкен кийген, эски этегин кайра түрүнгөн жигит: – Аке,
мен жарар бекемин, – дейт. Ошол жигитти алгын! – деди атасы.
Баягы жигитти алды. Жигиттин аты – Билерман.
Билерманды ээрчитип келди. Атасы:
– Сурап балам, жакшы жолдош таапсың, – аксарбашыл миң кунан кой, кой айдай
турган эки жигитти кошуп берет.
– Бүгүнкү жолго эрте чыккыла, кеч бешимде камыштуу булакка жетесиңер. Ал
булакка малыңарды сугаргыла, ал жерге жатпагыла, андан өтүп барып, кеч кирген жерге
жаткыла. Андан жүрүп олтуруп эки хандын шаарынан өтүп, үчүнчү хандын шаарына
сатасыңар. Биринчи сыйкырдуу кыздын шаарынан өтөсүңөр, андан ары Узур шаарынан
өтөсүңөр, акырында Береке шаарына саткыла. Малыңар баалуу болот – деп, сокур
соодагер балдарын жөнөтөт.
Балдар эрте жөнөп, малын айдап олтуруп, кеч бешимде атасы айткан камыштуу
булакка жетип, малын, аттарын сугарып, сокур соодагер баласы Сурап:
– Атам айткан, бул жерге жатпайлы, – дейт. Жигити Билерман:
– Жок, кожоюн, атаңыздын айткан булагы ушул, бул булактын сырын мен билем,
ушул жерге жатабыз! – дейт.
Сурап сокур соодагер баласы:
– Сен сырын билсең, жатса жаталы, – деп, макул болот. Билерман бир көк улакты
союп, терисин ийлеп чанач кылып, ичине талкан салып, бууп коёт.
Күүгүм талаш бир кемпир эки челекти бакан менен ийнине салып:
– Айланайын, балдарым, мен бир мусаапыр кемпирмин.
Өткөн-кеткен соодагерлерге май талкан берип, бергенин алып, эптеп оокат кылып
жүрөм – деп, көк улактын чаначына салынган талканды балдарга сунат.
Билерман жигит:
– Эне, бизде дагы жол азык кылып жүргөн май талкан бар. – Колундагы чаначты
көрсөтүп, алманы кырымыш болду. Кемпирдин өзүнүн чаначын өзүнө берип, өз чаначын
өзү алып калат.
Кемпир үйүн көздөй челектерине суу алып жөнөйт. Билерман жигит мылтыгын октоп
алып, аркасынан барып, кемпир жаман үңкүргө кирээри менен артынан кирсе,
кемпирдин эки кызы бар экен. Кыздарына айтып жатат:
– Баягы мен сокур кылгандын баласы миң кой айдап түнөп калыптыр. Чаначты
колуна бердим. Төрт киши экен, бардыгы сокур болот, миң койду сатып жыргайбыз.
Алардын талканын биз жейли! – деп үчөө тең жеп сокур болуп калды. Кемпир кыздары
менен:
– Алдады! – деп сыйпалашып, – кокуй, айыга турган дарыны тап, – деп калганда бала
үчөөнү тең атып өлтүрүп, үңкүрдүн эки жагын караса, бир каалга турат, каалганы ачып
караса ичи толгон дүр-дүнүйө, каалганы жаап эшикке чыгып, от коюп өрттөп, белгилеп
коюп Билерман жолдошторуна келип:
– Жайлап келдим, беймарал уктай бергиле! – дейт.
Бир-эки күн жол жүргөндөн кийин бир аппак бай кемпирге жолугуп, ошол жерде
түнөшөт. Бай кемпир ыйлап отурат:
– Менин эки жакшы көргөн балам силер келе жаткан жолдо сыйкырдуу кызды
аламын деп барып, аскери менен таш болуп калды. Менин балдарыма окшогон азаматтар
таш болуп турат. Айланайын, балдарым, силер катылбай өтүп кеткиле.
Билерман эки күн жол жүрүп, сыйкырдуу кыздын шаарына жетти. Шаардын
дарбазасы бар экен. Дарбазанын эшигинин алдында көп солдаттар аттары, жарактары
менен таш болуп калган.
Соодагердин баласы:
– Жандап өтүп кетебиз, – деди. Билерман:
– Дарбазага барабыз, буюрса ушул кызды сага алып берем
– деди.
Эшигинин алдына барды эле кыз:
– Эрдемсинген кызыталак! – деп, эшикти катуу жапты эле, аттары таш болду. Экинчи
эшикти жапты эле, балдардын бел курчоосуна чейин таш болду, үчүнчү жолу жапты эле,
балдардын бел курчоосунан ылдый таш болду. Кыздын сыйкыры үчүнчү жолу жапканда
бүт таш болчу экен. Бүт таш кыла албандан кийин, эшикти ачып:
– Мен сеникимин, сага багындым, дарбазанын оозу ачык, киргиле, – деди эле,
Билерман:
– Кирбейбиз сага окшогон мыкаачыга, эмне шартың бар?
Айт, – деди.
Кыз айтты:
– Менин шартым, кимди таш кыла албасам, ошого тиймекмин. Мынабу таш болгон
баатырлар – менин шартымды көтөрө албай, таш болгондор.
Билерман айтты:
– Сага окшогон мыкаачыга ким макул болот? – деди. Кыз айтты:
– Силердин шартыңарга көнөйүн, айткыла! – деди. Билерман айтты:
– Мынабу таш болгон адамдардын бардыгын адам түрүнө келтиресиң, анан
сүйлөшөбүз, – деди.
Кыз дарбазасынын эшигин үч жапты эле, бардык таш болгондор:
– Айланайын, бизди кандай адам куткарды! – деп, өйдө- ылдый чапкылап,
сүйүнгөнүнөн ыйлап, чурулдашып жиберди.
Билерман:
– Сыйкырдуу кыздын азабынан биз куткардык силерди, – деди.
– Жолдо биз конок болгон Чынар деген бай катындын балдары ким? – деди эле, эки
жигит:
– Биз! – деп алдына келди.
– Биз Үзүр шаарынан соода кылып келе жатып, силердикинде болобуз, ошондо
сүйлөшөбүз, – деди сыйкырдуу кызга:
– Сиздин аты-жөнүңүз ким, сиз эмне дейсиз? – деди. Кыз:
– Менин атым – Гүлбара, ушул шаардын падышасы болом. Менин атам – Тынык хан,
сени ким келип жеңсе, ошол жигитке тиесиң деген, силерге макул болсом, шартымды
бузбайм.
Гүлбаранын атасы Тынык менен сүйлөшсө кызын бере турган болду.
Гүлбара кыздын шаарына үч күн жатып, Береке шаарына барып соода кылып, келе
жатып кызды алып кетебиз, – деп, убаданы бек кылып кетишти.
Сурап менен Билерман сыйкырдуу кыздын шаарынан өтүп, эки-үч күн жол жүрүп,
Үзүр шаарга кире бергенде, чоң тыттын түбүндө булак бар экен, ал булактын түбүндө бир
кемпир-чал жашоочу. Өткөн-кеткен жолоочулардан катык сурап, оокат кылчу экен, жол
жүрүп, кеч келип, кемпир-чал отурган булакка түнөйлү, – деп кайрылат.
Кемпир-чал айтты:
– Биз болсо өткөн-кеткендерден кайыр сурап, оокат кылган бечарабыз, катыгыңар
болсо бергиле да, биерге жатпагыла, ар күнү кандын казынасын уурдайбыз деп ушул
жерге жети каракчы чогулуп келип, казынага бара албайт. Силерге окшогон
жолоочуларды талап алып жиберет.
Билерман:
– Ушул жерге жата беребиз, – деп, түнөй турган болот. Караңгы киргенде жети
каракчы келет. Жети каракчы
Билермандан:
– Каяктан келе жатасыңар, каякка баратасыңар? – деп сурайт.
Билерман:
– Уурубуз, ушул уурдап келе жаткан койго ыраазы болсоңор, силерди да шерик
кылабыз.
Отуруп сырдашкандан кийин, жети каракчы:
– Хандын казынасын уурдайбыз деп күнүгө келебиз, бирок уурдап кете албай, күнүгө
убарабыз.
Билерман:
– Уурдап келаткан койго силер шериктешсиңер. Хандын казынасын уурдасак, биз
шериктеш болобузбу? – дейт.
Бардыгы тамактанып, эл жаткандан кийин, казынаны уурдаганы жөнөшөт. Билерман
казынанын дубалынын бир жерин киши баткыдай тешип, өзү кирет, казына эки кабат
дубал экен, алтын экинчи дубалдын ичинде экен.
– Мен кирем, менин артымдан силер киресиңер, кандай кылып алып чыгарыбызды
ичине кирип сүйлөшөбүз. Силер сойлоп отургула! – деп, өзү эң мурда кирип, утур бирден
чакырып, тар эшиктен сойлоп кире бергенде башын кылыч менен чаап, бирден таштай
берет. Жети каракчынын башын кесип, казынанын ичине калтырып, жети каракчынын
оң кулактарын кесип, жети каракчынын аттарынын сол кулагын кесип алып, кете берет.
Хан кароолчулары жетөөнүн башын биз алдык – дейт ханга.
– Макул, азаматтык кылгансыңар, бирок эмне белгилери бар? – деп сурайт хан.
Кароолчулары эч билги көрсөтө алышпайт.
– Демек, муну өлтүргөн силер эмессиңер, андан көрө элге жарыя кылып, өлтүргөн
кишини таапкыла! – деп, буйрук берет хан.
Элге:
– Ушундай окуя болду, муну ким кылды? – деп, жарыя салат.
– Муну мен кылгам! – дегендер чыгат. Андай адамдардан:
– Эмне белгиңер бар? – дейт. Эч нерсе көрсөтө албагандарды капаска отургузуп,
издөөнү жүргүзө берет. Таба албайт, кемпирчалдан башка эч кимди да калтырбайт. Акыры кемпир- чалды алдырып:
– Чет жакадан келген киши болду беле? – деп сурайт.
– Болгон. Жети каракчы казынаны уурдайбыз деп, күнүгө барып уурдай албай, биздин
жаныбызга түнөгөн жолоочуларды тоноп алып кете берген. Кечээ кечинде көп кой
айдаган көп киши түнөй турган болушту, караңгы киргенде баягы жети каракчы келген.
Жолоочулардын ичинен Билерман деген:
– Биз – уурубуз, ушул биз айдаган миң кой бир байдын кою экен, койчуларын өлтүрүп,
коюн алып келе жатабыз – деп, жети каракчы менен сырдашат.
– Азамат экенсиңер, коюңарга шерик кыласыңарбы? – дейт Билерман:
– Албетте, кылабыз, – дейт. Силердин эмне өнөрүңөр бар? – деп, жети каракчыдан
сурайт.
Жети каракчы:
– Ушул шаардын ханынын казынасы бар, кире албай жүрөбүз, – дейт.
Билерман айтты:
– Койго дагы шериксиңер, казынаны уурдасак, силер бизди шерик кыласыңарбы!
– Уурдашсаңар, шерик кылабыз! – деди.
– Болду, уурдашпай анан! – деди.
Жолоочулар жети каракчы болуп казынага кеткен, таңга маал жолоочулар жайладык,
– деп, коюн айдап жөнөп кеткен. Жолоочулар чай ичип, жай жөнөгөн, шаардан көп
алыстай элек болуу керек, – деди кемпир-чал.
Хан жолоочуларды таптырып келип:
– Силер эмне билесиңер? – деди.
– Ханым, аны мен кылдым, – деп, Билерман айтты.
– Эмне белгиң бар? – деди.
– Белги бар! – деп, оң чөнтөгүнөн жети каракчынын оң кулагын, сол чөнтөгүнөн
аттардын сол кулактарын алып, хандын астына таштады.
Үзүр шаарынын ханы Райымбек Момун уулу Билерман менен Сурапка чоң ырахмат
айтып:
– Бали, баатырлар, Билерман сага бойго жеткен кызым бар, аты – Сырга, кызымды
калыңсыз берем! – деди.
– Жок, ханым, менин агам – Сурап. Кызыңызды Сурапка бересиз, – деди.
Хан кызын үч күн конок кылып сыйлап, анан алып берди.
– Күйөө бала Сурап кайнатасынан сурады:
– Менин атам Нуржан миң кой айдаткан. Береке шаарына саткыла деген, атанын
айтканын сыйлап, Береке шаарына сатабыз. Кызыңызды камдантып турсаңыз, келе
жатып ала кетсек экен, – дейт.
Үзүр шаарынын каны буга макул болду. Сокур соодагер балдары Береке шаарына
барып, соода кылып, малын сатып бүттү. Малы жакшы пул болду.
Билерман ушул шаарда жакшы ээр жасай турган бир уста бар экен, ошого жолукту.
Миң сомдук ээр жасап бер, – деп, колуна миң сом берди.
Ээрчи он күндөн кийин келип:
– Ээриңди ал! – деди.
Он күн өткөндөн кийин Билерман Сурапка айтты:
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Жомокчулар Жана Жомоктор - 18
  • Parts
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 01
    Total number of words is 4062
    Total number of unique words is 1893
    34.1 of words are in the 2000 most common words
    46.8 of words are in the 5000 most common words
    52.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 02
    Total number of words is 4214
    Total number of unique words is 2104
    32.9 of words are in the 2000 most common words
    44.6 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 03
    Total number of words is 4152
    Total number of unique words is 2045
    34.6 of words are in the 2000 most common words
    47.4 of words are in the 5000 most common words
    54.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 04
    Total number of words is 4150
    Total number of unique words is 2066
    32.5 of words are in the 2000 most common words
    45.7 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 05
    Total number of words is 4129
    Total number of unique words is 1861
    36.1 of words are in the 2000 most common words
    48.6 of words are in the 5000 most common words
    54.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 06
    Total number of words is 4073
    Total number of unique words is 1772
    37.9 of words are in the 2000 most common words
    50.9 of words are in the 5000 most common words
    56.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 07
    Total number of words is 4031
    Total number of unique words is 2005
    35.4 of words are in the 2000 most common words
    47.5 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 08
    Total number of words is 4000
    Total number of unique words is 1967
    34.2 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    55.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 09
    Total number of words is 4090
    Total number of unique words is 2041
    34.4 of words are in the 2000 most common words
    48.3 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 10
    Total number of words is 4090
    Total number of unique words is 1755
    36.3 of words are in the 2000 most common words
    49.5 of words are in the 5000 most common words
    55.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 11
    Total number of words is 4202
    Total number of unique words is 1835
    37.9 of words are in the 2000 most common words
    50.3 of words are in the 5000 most common words
    56.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 12
    Total number of words is 4059
    Total number of unique words is 1853
    34.9 of words are in the 2000 most common words
    47.5 of words are in the 5000 most common words
    53.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 13
    Total number of words is 4023
    Total number of unique words is 1816
    36.1 of words are in the 2000 most common words
    49.0 of words are in the 5000 most common words
    55.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 14
    Total number of words is 4128
    Total number of unique words is 1794
    35.4 of words are in the 2000 most common words
    48.5 of words are in the 5000 most common words
    55.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 15
    Total number of words is 4128
    Total number of unique words is 1880
    33.4 of words are in the 2000 most common words
    47.5 of words are in the 5000 most common words
    54.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 16
    Total number of words is 3951
    Total number of unique words is 1518
    36.3 of words are in the 2000 most common words
    49.6 of words are in the 5000 most common words
    57.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 17
    Total number of words is 3907
    Total number of unique words is 1675
    37.0 of words are in the 2000 most common words
    49.9 of words are in the 5000 most common words
    56.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 18
    Total number of words is 4005
    Total number of unique words is 1671
    37.2 of words are in the 2000 most common words
    51.2 of words are in the 5000 most common words
    57.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 19
    Total number of words is 4054
    Total number of unique words is 2029
    33.6 of words are in the 2000 most common words
    46.8 of words are in the 5000 most common words
    53.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 20
    Total number of words is 4155
    Total number of unique words is 1829
    34.3 of words are in the 2000 most common words
    47.3 of words are in the 5000 most common words
    52.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 21
    Total number of words is 4145
    Total number of unique words is 1916
    33.5 of words are in the 2000 most common words
    46.1 of words are in the 5000 most common words
    53.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 22
    Total number of words is 4175
    Total number of unique words is 1923
    35.3 of words are in the 2000 most common words
    48.7 of words are in the 5000 most common words
    54.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 23
    Total number of words is 3979
    Total number of unique words is 1623
    36.1 of words are in the 2000 most common words
    48.7 of words are in the 5000 most common words
    54.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 24
    Total number of words is 4111
    Total number of unique words is 1658
    36.5 of words are in the 2000 most common words
    49.2 of words are in the 5000 most common words
    54.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 25
    Total number of words is 4082
    Total number of unique words is 1920
    33.7 of words are in the 2000 most common words
    46.1 of words are in the 5000 most common words
    53.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 26
    Total number of words is 3970
    Total number of unique words is 1798
    32.3 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 27
    Total number of words is 4049
    Total number of unique words is 1925
    35.2 of words are in the 2000 most common words
    48.5 of words are in the 5000 most common words
    54.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 28
    Total number of words is 4196
    Total number of unique words is 1935
    34.7 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 29
    Total number of words is 4079
    Total number of unique words is 2069
    33.0 of words are in the 2000 most common words
    44.8 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 30
    Total number of words is 4175
    Total number of unique words is 2074
    33.1 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    52.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 31
    Total number of words is 4117
    Total number of unique words is 2049
    32.9 of words are in the 2000 most common words
    46.1 of words are in the 5000 most common words
    52.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 32
    Total number of words is 4160
    Total number of unique words is 2020
    33.9 of words are in the 2000 most common words
    46.5 of words are in the 5000 most common words
    53.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 33
    Total number of words is 4042
    Total number of unique words is 1830
    36.4 of words are in the 2000 most common words
    49.7 of words are in the 5000 most common words
    55.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 34
    Total number of words is 4275
    Total number of unique words is 1721
    36.7 of words are in the 2000 most common words
    50.1 of words are in the 5000 most common words
    56.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 35
    Total number of words is 4047
    Total number of unique words is 2016
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 36
    Total number of words is 1590
    Total number of unique words is 953
    41.2 of words are in the 2000 most common words
    52.2 of words are in the 5000 most common words
    57.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.