Latin

Жомокчулар Жана Жомоктор - 10

Total number of words is 4090
Total number of unique words is 1755
36.3 of words are in the 2000 most common words
49.5 of words are in the 5000 most common words
55.9 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Бир күнү байбачага бир кеп айтайын деп жолунан чыгат:
– Ой, уке, сага кеп айтайын, кичине токто, – дейт. Кичине токтой калат бала.
– Сенин кесибиң да, өнөрүң да, окууң да жок, бир кесип үйрөнсөң боло, – дептир.
– Мунун айтып турган кебин кара, мени кесип үйрөн дейт, атамдын эле дүнүйөсү
жетпейби мага, – деп жүрүп кетиптир.
Беш-алты күн өткөндөн кийин дагы токтотуп:
– Ой, балам, кесип үйрөнсөңчү! – дейт.
– Мага кесип үйрөн дейт, акмак! – деп жигиттери менен сабайт.
Көп кечикпей эле баланын атасы өлүп калат. Бир-эки жыл кумар ойноп, хандын
дүнүйөсүнүн баарын ада кылат. Өнөрү жок, эч кесип билбейт. Ачка өлө турган болгондон
кийин тоого отун алууга келет. Баягы чалды тааныбайт, чал дароо эле тааныйт.
– Менин айтканымды кылбадың. Болуптур, отунга келсең, экөөбүз бирге иштейли, –
дейт чал.
Беш-алты күн отун көтөрүшүп, бала-чакасына нан алып барат бала. Бир күнү дагы
отунга келип, чалдан бөлүнүп, чоң жыгачтын көлөкөсүнө барып, көлөкөлөп бир аз отурат.
Жыгачтын түбү үңкүр экен. Үңкүрдү караса, үңкүрдүн ичинде эки кумура турат. Экөө тең
толтура алтын. Алтынды көрүп туруп:
– Ой, ата, бери кел, мен алтын таптым, – дейт. Экөө келип:
– Эми отунду коёлук, кудай берди, алтынды алып үйүбүзгө кетелик…
Экөө эки челегин көтөрүп, мындайраак жерге барып, көлөкөлөп отурат. Чал ошо
жерде олтуруп, үргүлөп уйкуга кирип кетет. Ошондо тиги бала ойлонот. «Алтынды
тапкан мен болсом, чалга бирөөн эмне үчүн берем?» – деп, чалды өлтүргүсү келет.
Үргүлөп турган чалды балта менен шилиге чабат. Чапса чал жыгылып, кичине эсине
келип, башын өйдө көтөрө коюп:
– Балам, менин ажалым жеткен, шейит болдум, акыры өлөт элем, сенден себеп болду,
капалыгым жок. Эми кыяматтык айта турган кебим бар. Балам жок эле. Бирок
кемпиримдин быйыл боюнда бар эле. Кемпириме айтып кой, эркек төрөсө, баланын атын
Даат койсун, кыз төрөсө өзү билсин, кимди койсо коё берсин, менин айтарым ушул.
Кемпирине келип:
– Менден бөлүнүп иштеди эле, чалды карышкыр жеп кетиптир, – деп көйнөгүн
бериптир. Өзүн кумга көмүп, эки кумура алтынды алып келип, дүкөн куруп, байбача
болуп жатып калды.
Бир күнү баланын оюна келет: «Бая чал аманат деп бир кеп айтпады беле, ошону
кемпирине айтып коёюн» – деп кемпирге келет.
Кемпир эркек төрөп, баласынын атын Даат коёт. Даат төрт- бешке чыгып калат.
Баягы бала дүкөнчү болуп жыргап жатат. Ошол убакта Иранда акылман, билгич,
сынчы Арун Нур Рашид деген падыша болгон экен. Ошо баш увазирине айтат:
– Күнүнө элди аралап, уурулук, чоңдук-зордук кылгандарды алып келип тур. Менин
заманымда эл тынч болсун! – дейт.
Бир күнү Арун Нур Рашид падыша аскеринен кошуп алып:
«Көчөнү аралап байкап көрөйүнчү, эл эмне болуп жашап жатат экен?» деген ойдо
атчан, бая кемпирдин уулуна жакын көчө менен өтүп калат.
Баласы көчөгө ойноп кеткен экен: «Атчандар тепсеп кетпесин» – деп:
– Ой, Даат, ой Даат! – деп кыйкырат.
Арун Нур Рашид атынын башын тартып, токтоп увазирин:
– Зордук-зобулук жок деп жатасың, даат деп кыйкырып жатпайбы, барып кабар ал.
Эмне үчүн даат дейт? Бирөөнүн зорлугу болбосо даат дейт беле, – деп жиберет.
Даат деп кеткен кемпирге барып:
– Эмне үчүн даат деп жатасың, сага ким зордук кылды!.. – деп сурайт.
– Мага эч ким зордук кылган жок, баламын аты Даат эле. Көп атчандардын
тепсөөсүндө калбасын деп чакырдым, – деп, кемпир жооп бериптир.
Падыша ошо жерден кайра тартып, тактысына олтуруп:
– Ошо кемпирди, баласы менен экөөн тең алып келгиле! – деп адам жибериптир.
Ал келип кемпирден сураптыр:
– Бул балаңдын атын эмне үчүн Даат койдуң?
– Даат койгон себебим, чалым отун сатып оокат кылчу. Анын шериги бар болчу. Бир
күнү ошол шерик бала: «Чалыңы карышкыр жеп кетти», – деп, кан болгон көйнөгүн алып
келип берди. Анан андан беш-он күндөн кийин келип, кемпиримдин боюнда бар эле,
эркек төрөсө, Даат койсун, кыз төрөсө өзү билсин, – деп табыштады. Ошо себептен Даат
койдум.
– А бала кайда турат?
– Ал дүкөн кармайт, бай.
Кемпирден ал баланын турган жерин сурайт. Кемпир айтып берет.
– Баланы качырбай алып келгиле, – деп, эки жасоол жиберет.
Баланы алып келип:
– Кемпирдин чалы менен бирге отун алып иштеп жүрчү белең? – деп сурайт.
– Ээ, иштеп жүрчү элем.
– Мунун чалы кана?
– Чалын карышкыр жеп кеткен.
– Карышкыр жеп кетти дейли.Баланын атын Даат кой деп сага кантип айтты?
– Эркек төрөсө, Даат койсун деп өлөрдөн мурунураак айтты эле.
– Кызыталак, сен өлтүргөн турбайсыңбы, муну карышкыр жегенде, сөөк-мөөгү
калгандыр, же болбосо өлүгүн көрсөткүн! – деп, беш жигитин кошуп берет. – Кана, кай
жерге карышкыр жеди эле? Сөөгүн тап!..
Отун алган жериндеги кумга көмгөн экен, дөмпөйүп жатканынан улам ачып, таап
алат. Чалдын өлүгүн балага өңөртүп, хандын алдына алып келет.
– Чалды таап келдик – деп, өлүгүн жерге коёт.
Ошо жерден баягы баланын колун аркасына байлап, желдетти чакыртып,
көпчүлүктүн көзүнчө даргага астырып өлтүрөт.
Баланын дүнүйөсүнүн баарын кемпирге берет. Чалын кепиндеп, өз колу менен коюп,
кемпир бай болуп жатып калат.
ЖАНСАП
Бир падышанын Жансап деген жалгыз баласы болгон экен.
Рам1 ача турган молдону падыша чакырып:
– Баламдын өмүр баянын жана кандай бала болоорун айтып бер, – деп чакырткан
экен.
Рамчы китебин ачып олтуруп:
– Балаңыз акылман, өмүрү да узун болот, – деп олтуруп, – ыя ат-а! – деп, бармагын
тиштейт. – Балаңызга перинин кызы оро-пара келет. Ошондон кандай болор экен?
Падыша муну угуп:
– Перинин кызы көрбөсүн – деп, киши кире албай турган темирден үй жасайт.
Эшигине кароол коюп, темир үйдүн ортосуна көл жасап, айланасын гүл кылып, бетин
айнектеп баламды зериктирбей турасың, – деп, беш-алты кыз коёт.
Бир күнү Жансап көлгө түшөйүнчү деп барса, көлдө бир чырайлуу кыздын өңү
көрүнөт. Кыз экен деп кармайын десе, колуна кирбейт. Тамдын бетин, үстү жагын караса,
бир сулуу кыз турат.
Кыз айтат:
– Мен да сага ашыкмын. Мен эрге тием деп эне-атамдан уруксат албай келгем, же
болбосо ушул жерде калат элем. Мени издесең Каухар Никин2 деген шаардан табасың, –
деп учуп кетет.
Атасына кабар кетет. Бала ашык болуп, талып жатып калат. Атасы үйүнө келсе, кожомолдолорго окутуп жатат. Бала оңолбой, бир күнү колуна таяк алып, атасына көрүнбөй
качып жөнөйт. Ал атасына тиешеси жок бөлөк шаарга барат.
Базарга кирет. Ошол элдин тааный турган кожосу:
– Бир сааттык ишим бар. Кимде-ким бүтүрүп берсе, миң тилле алат, – дейт.
Эл ага кулак салбайт. Бала: «Кыямат иш болсо да бир саатка барайын да, бүтүрүп
берип миң сомун алайын», – деп:
1 Рам – адамдын өмүр жолун айта турган адам.
2 Каухар Никин – каухар таштан бүткөн шаар.
– Кожом, мен барам, – дейт. Кожо үйүндө бир атты союп, ичегисин алып таштаган
экен.
Кожо айтат:
– Ушунун ичине кирип, бир саатча жатып, көргөн окуяны мага айтасың. Бир сааттан
кийин ачып алам – деп, баягы баланы чыкпай тургандай кылып, ичегини тигип коёт. Бир
убакта бала кыймылдагандай, андан кийин асманды көздөй көтөрүлгөндөй болот. Көрсө,
жорулар аякка тартып, биякка тартып, киши чыга тургандай кылып ачып жиберишет.
«Эмне балакет болду» – деп, бала бая жерден чыкса, жорулар зоонун башына көтөрүп
баратышыптыр.
Баягы кожо алды жактан кыйкырат. Бала зоонун башында турат. Каухар тоосу таштай
болуп эле жатат. Кожо ошондон пайдаланып жүргөн кесепет экен.
Эки жакты караса, ошо жерде аттын, адамдын сөөктөрү жатат. «Аттын, адамдын сөөгү
жыйылып, ушулар да мендей алданып, ушул жерде өлүп калган турбайбы, каухардан
кожого кулатпайын» – деп, бала ойлонуп, кожонун кыйкырганына кулак салбай, зоонун
аркы күн чыгыш жагынан пасыраак жер издеп басат. Ал саал пасыраак, адам түшүп кете
ала турган наркы бетине боюн таштап куланыптыр. Ойго түшүп, эси ооп, башын көтөрүп,
эсин жыйнап караса, алысыраак жерде бир жай турат. «Эмне болсо да, ошого барайын» –
деп, басып барыптыр. Барса, ошо тамда уча турган куш сүрөт турат. Ал адамча сүйлөйт:
– Сен кандай жансың?.. – деп сурайт адегенде.
– Куахар Никин деген шаарды издеп жүрөм.
Баягы макулук, Нургул атындагы шаа экен, адамча сүйлөп кирет.
– Сулайман пайгамбар жер жүзүндөгү дөө-шаа, курт- кумурскалардын баарына
падыша болгон. Мен ошол пайгамбардын убагында жашагам. Ал киши менен бирге
жүрүп, көп жерди көргөмүн. Каухар Никин деген шаарды көргөн да, уккан да эмесмин, –
дейт.
Бул Нургул шаа – үч бир туугандын эң кичүүсү. Үч айлык жерде бир акеси, андан ары
үч ыйлык жерде Раса-ал-Таир деген чоң акеси бар экен. Нургул шаа айтат:
– Мен биле албайт экемин, тиги эки акеме кат жазып жиберемин. Балким, ошолор
билип калар Каухар Никинди.
Адамды көтөрүп уча турган чоң куштардын бирөөнө кондуруп:
– Ортончу акемдикине жеткир, – дейт.
Үч айлык жолду бир саатта учуп жеткирет. Акесине барып, укеси жазган катты
көрсөтөт:
– Мен дагы Сулайман пайгамбардын убагында көп жерлерди көргөмүн, мындай
шаарды уккан эмесмин, – дейт. Ал күнү ал акеси меймандап, эртесинде кушка кондуруп,
чоң акеси Разан-ал-Таирге кагаз жазып жибериптир.
Ал дагы:
– Уккан да, көргөн эмесмин – деп, айран-таң калат. – Бирок кечинде ар тарапка оокат
издеп кетишкен куштарым чогулуп келишет. Балким, ошолордон Каухар Никинди
билгени болуп калар. Сулайман пайгамбар өткөндөн кийинки курулган шаардыр.
Куштары ар тарапка жайылып оттоп кетип, кечинде келишет. Разан-ал-Таир
куштарына:
– Каухар Никин деген шаарды көргөнүң, билгениң барбы, айткыла? – деп сурайт.
Бир чоң куш айтат:
– Бир тоого оттоп барып, аппак жаркыраган шаар көрдүм, болсо Каухар Никин шаары
ошол болот. Барып билет элем, бирок ошол шаардын уучулары атып коёбу деп коркуп,
шаарга бара албадым. Менин билгеним ушул, – дейт.
Ал күнү шаар көрдүм деген жаңкы кушка баланы кондуруп:
– Ошо жаркыраган тоого жеткиресиң, андан ары өзү эптеп барат, – дейт.
Ал үч бир тууган келгин куштарды кышы менен багып, жазында жай тапкан жагыңа
барып тууп, күзүндө кайтып келесиңер, – деп, жөнөтөт экен.
Шаар көрдүм деген куш Жансапты көтөрүп, тоого алып барып жеткирет. Нары шаарга
алпарышка уучулардан коркот. Бала зоонун пасыраак жеринен түшүп, агарган шаарды
көздөп басат.
Перинин шаары экен, бала жакындаганда кароолчулары кандай жан деп таң
калышып, жетелешип падышанын астына алып барышат. Буга ашык болгон кыз ошо
падышанын кызы болуп чыгат.
Падыша сурайт:
– Адамзат бул жакка келчү эмес эле, кандай болуп келдиң? Шамал учуруп, же шайтан
алып келдиби? – десе, бала болгон ишти болгондой айтат.
– Бир кыз көрүнүп, Каухар Никин деген шаардан табасың деген, ошону издеп келдим,
– дейт бала.
Адамзат келди дегенин кыз угуп, баланы көрүп, таанып, атасына:
– Мен адамзатка ашыкмын, ушуга тиемин. Ата-энеси кыздын сунушун кабыл алышып:
– Өзүң кааласаң болуптур, – деп, ата-энеси молдо чакырып, нике кыйып, кызын балага
берет. Беш-алты ай жашагандан кийин баланын эсине эне-атасы келип:
– Ата-энемди барып көрүп келейин, – дейт.
Кыз макул болуп, аны бир периге көтөртүп, баланын атасыныкына келип, ата-энесин
сүйүнтүп, атасы той кылып, жыргап туруп калат экен.
АКЫЛ АКЕ
Бир заманда Акыл аке деген чоң окумуштуу болот экен. Ал шаардан алыс башка бир
жерде коргон тамы бар, балачакасы жок, жалгыз жашайт экен.
Ал ата-энеси жок жетим балдардан эки жүз балага чейин окутуп турат. Алиги окуткан
балдарга кийим-кечесин, оокатын өзү берет. Эки жүз бала бир тамда, өзү жалгыз бир үйдө
жатат.
Бир күнү:
– Ач эшигиңди! – деп Акыл акеге эшиктен бир добуш угулат.
Айласыздан туруп, эшигин ачса, жети киши балта-бычагы менен кирип келип:
– Алтын кайда? Биз алтынга келдик, – дейт.
– Алтынга келсеңер, көчүгүңөрдү баскыла. Алтын канча керек болсо, ошончо алтын
табылат. Аш бышырайын, жеп кеткиле, – дейт.
– Ашың качан бышат?
– Бир саатта. Сабизи даяр, оту алдында. Азыр бышырам.
– Андай болсо, алтыныңды көрсөтүп кой.
Үч-төрт сандыкты ачат, баары алтын экен.
– Жетөөбүз көтөрө алгыдай эле алабыз. Муну көтөрө албайбыз го десе:
– Жок, силер көтөрүп жүрбөйсүңөр, качырлар бар бир сарай, ошого жүктөп кетесиңер,
– дейт.
Булар ошого ишенип, ашты күтүп калышат. Аш бышкыча жетөө тең уктап кетет.
Ашты демдеп коюп, эки жүз баланы чакырып коюп, ууруларды ойготот.
– Аш бышты, меймандар келгиле! – дейт.
– Эмне чакырдыңар! – дейт уурулар.
– Тамак ичсин дедим дегенче болбой эки жүзчө балдар кирип келет.
– Карма, ууруларды! – дейт Акыл аке.
Ууруларды кармап, колун аркасына байлайт. Аңгыча таң атат. Ууруларды падышага
тапшырып, Акыл аке аман калат.
ШАЙМАРАН
Илгери Данияр молдодон бир бала төрөлүп, атын Жээнша коюптур. Баласын мектепке
берип, өзүндөй молдо кылам десе, баласы эч түшүнбөй коёт. Рам ачтырып караса:
– Балаң, чоң окумуштуу болот, – дейт. Окутса, баласы эчтеме түшүнө албайт.
Кийин атасы Данияр өлүп, баласы Жээнша эч оокат кыла албай калат. Тоого чыгып,
отун алып күн көрөт. Бир күнү отун алып жүрүп, бир жерге эс алып отурса, бир тешиктен
жону жылтырак коңуз чыгат. Бая коңуз чыккан жерди колу менен шилесе, бир нерсе
илээшкендей болот. «Бул аселге окшогон неме экен» – деп, балтасы менен ошо жерди
чукуласа, кудук толгон асел экен, таап алып, ошону сатып байыйт. Асел түгөнгөндөн
кийин, кудуктун түбүн караса, ары жагында кичинекей эшик турганы көзгө чалдыгат.
Ошол эшикти тырмалап ачып, улам ылдый кете берип, жердин алдын көздөй түшүп
барса, жыландар көрүнөт. Жыландар аны кармап алып, алтын тактын үстүндө олтурган
ак жыланга алып барат.
Баягы кичинекей ак жылан:
– Бу жерге адам келчү эмес эле, кайсы жер менен келдиң? – деп адамча сүйлөйт.
Баягы бала:
– Бир бал кудук бар экен, ошондон улам келдим, – деп айтат.
– Бизге адамзат зыян кылганынан жердин алдына качып келсек, кудукту ада кылып
олтуруп бизди тапкан турбайсыңбы – деп, жыландарына чактырып өлтүрө турган болот.
Кайта бир макулукту өлтүргөндө эмне, эми сен бул жерден кетпейсиң, кетип кайта жер
үстүнө барсаң, бизге зыян кыласың, ушу жерде жашайсың, оокатың бизден – деп, ошо
жерге токтотуп коёт. Ушуну менен үч жыл өтөт, жыландардын оокатын жеп, жан сактап
турат. Ал жерде эч ким жок, сүйлөшөргө киши жок, бир күнү Шаймаранга арыз кылып
калат.
– Жеримди, элимди сагындым. Мени бир жердин үстүнө чыгартып койбойсузбу, эмне
десең, айтканыңды кылайын – дейт.
Шаймаран ойлонуп туруп:
– Эми сени кыяматтык бала кыламын. Мени ата катарында көрүп, айтканымды
кылсаң, чыгарып коёмун, – дейт.
Бала жалынып:
– Айтканыңыздан башка эч иш кылбаймын, эмне тапшырма болсо тапшыргын.
– Мени – жыландын падышасын, жыландарды көрдүм деп эч оозуңдан чыгарбайсың.
Экинчи, мончого такыр түшпөйсүң. Кудукту да эч кимге айтпайсың. Эми чоң молдо
болосуң, көзүң ачылып, олуя болуп каласың дегендей кылат.
Ошону менен жыландар жердин үстүнө чыгарып коёт. Чоң молдо болуп, оокатын
кылып жүрөт.
Күндөрдүн биринде ошо жердин падышасы бүткөн бою ала болуп кетет. Табып
чакырып дарылайт, эч айыкпайт.
Анан палан чоң молдо бар десе, ошону алдырат. Молдо көрүп туруп айтат:
– Сиздин бул кеселиңизге жыландын падышасы Шаймарандын сорпосун ичсеңиз
айыгасыз, болбосо башка дары туура келбейт, – дейт.
– Шаймаранды кантип табыш керек? – дейт падыша алиги молдого.
– Аны табышка, Шаймаранды көргөн адамдын бүткөн бою жыландай жол-жол болуп
калат. Эркек, аял дебей, бүткүл калкыңыздын баарын чакырып, мончого түшүрөсүз, бирэки адам карап турат, – деди.
Ишти дал ошондой жасады. Эч кимден андай белги чыкпады. Алиги Жээнша бекинип,
мончого келген эмес. Анан бирөө байкап:
– Жээнша келген жок мончого, – деди.
Падыша Жээншаны жасоол жиберип айдатып алып, мончого салды. Дал жыландын
түспөлү ошондон чыкты.
– А ушул экен, таптык, ушу бала көргөн экен – деп, падышага сүйүнчүлөп барышты.
– Жыландын падышасын кайдан көрдүң, чынын айт? – деди.
– Мен көргөнүм жок, – деди бала. Көргөнүм жок десе, падыша:
– Чыныңды айт, айтпасаң дарга астырып өлтүрөм! – деди. Айласы кетип:
– Көргөнүм жок! – дей берди ал.
– Көрбөгөн болсо да дарга аскыла, өлүп кетсин! – деп, желдеттерин чакырды.
Анан алып жөнөй турган болгондо:
– Айтайын, эми. Жыландар жердин алдында, ага баштап барсам, мени өлтүрүп коёт,
барыш да кыйын дегенде, чоң молдо айтты:
– Бал кудукка мени баштап бар, аны өзүм чыгарам.
Молдону ээрчитип кудуктун башына алып барды. Молдо кудуктун башына олтуруп
исмазан окуй берди. Бир убакта жыландар падышасын алтын табакка салып жердин
алдынан чыкса, бир адам менен кудукта Жээнша олтурат.
Шаймаран көрүп:
– Сен жыландын падышасын көргөндү айтпайм деп убада кылбадың беле? – дейт
балага.
Ал ыйлап:
– Даргага аса турган болгондо айттым. Падыша ала болуптур, адамдарды мончого
түшүрүп, качып жүрсөм да таап берген мобул молдо… – деди бала.
– Болуптур, сени бала атадым эле, сага дагы зыян кылбайын, эми баары бир мен
өлөмүн, жердин алдына түшүп кете бергиле – деп, жыландарын кайтарып жиберет.
– Эми сага да жакшылык кылайын, менин шорпомду кайнатып, биринчи шорпону
сени ичкин деп кыйнайт, өлсөң да ичпегин, ичсең өлүп каласың. Сен ичпегенден кийин
өзүң ич деп молдого берет падыша. Молдо ичсе өлөт. Экинчи шорпону эки жолу кайнатып
туруп, аны жерге төк. Үчүнчү дагы суу куюп кайнатып, падышага ичир, бүткөн боюна
сыйпа, падыша ошону менен ала кеселден айыгат.
Ошо жылан падышанын айтканын кылып, үчүнчү сорпосун падышага ичирет, бүткөн
боюна сыйпатат, падыша айыгат.
Жээнша чоң окумуштуу болуп, жыргап жашап калат.
МУСА БАЙГАРИН УУЛУ
1894-жылы азыркы Москва районундагы Аксуу айылдык Советинин
Чоңарык айылында (мурунку Жамансарт болушунда) орто дыйкандын үй-бүлөсүндө
туулган.
1919 –1920-жылдары Жамансарт болуш ревкомунун төрагасы болуп иштейт. 1921жылдын январынан тартып, Беловодск болуштук ревкомунда төрага болуп дайындалып,
бир аз иштеген соң ооруга байланыштуу бошонот.
Сырттан окуп, юридикалык институтту бүткөн. 1926-жылдан тартып, 1954-жылга
чейин сот, тергөө органында иштеп, пенсияга чыккан. Кыргыз ССР илимдер
академиясынын Тил жана адабият институтунун фондусуна жетимиштен ашуун жомок
тапшырган. 1983-жылы дүйнөдөн кайткан.
БАЛА ПАДЫША
Илгери заманда бир жердеги жаш балдар чогулуп алып,
«Шаар-падыша» деген оюндарды ойнойт. Жедигер аттуу бала падыша, башкасы
увазир, бек жана желдет болот. Кайсы бир баланы казы жана суракчы кылып, калганы
талаадагы таштарды жыйнап келип, падышага сарай салып, аны Жедигер падышанын
«шаары» деп аташат.
Бир күнү балдар топурап, өздөрү курган шаарда жүрүшсө, мурунку шаардын
падышасы Абдыракман деген киши келип, балдардын ойноп жатканын көрүп, бир
баладан: – Буларың кандай оюн? – деп сурайт. Падыша Абдыракмандын сурагына мындай
деп жооп берет.
– Тээтиги Жедигер падышабыздын шаары, тетиги такта олтурган биздин падыша –
Жедигер. Баарыбыз падышанын буйругуна баш ийип, анын буйругу боюнча иштейбиз, –
дейт.
Кан Абдыракман булардын иштегенин жана салган шаарларын көрүп, айран-таң
калат.
– Силер падышаңарга айткыла! Ушул шаарын мага сатсын, мен бир дилде алтын
беремин, – дейт Абдыракман.
Абдыракман кандын сөзүн алиги бала өзүнүн каны Жедигерге айтып барат.
Балдардын каны Жедигер:
– Бул шаар сатылсын, биз башка жерден шаар салып аларбыз – дейт да, шаарды сатып,
бир дилдени алып, өздөрүнүн казынасына салып коюшат.
Абдыракман падыша:
– Бул шаар меники болду, силер эми башка жерден сатып алгыла, ошол жакка
көчкүлө, – деп кетип калат.
Балдар эртесинде ал жерден кетип, башка жакка барып, мурункусунан артык кылып
шаар, сарай салып, ойноп жүрө беришет.
Абдыракман падыша бир күнү уктап жатып түш көрөт. Түшүндө гүл жыттанган бакта
алтын, каухар, жакут менен кооздолгон сарайларды аралап жүрүп, бир ак селделүү адамга
кезигет. Ал селдечен:
– Сен Абдыракман падыша, бул жерди аралабай, бала падышадан сатып алган
сарайыңды арала, – дейт.
Падыша көргөн түшүнө сүйүнүп, кедейлерге кайыр, садака берип, падыша
Жедигердин жаңы шаарына келет.
– Мынабу сарайларыңарды мага саткыла, бир жүз дилде берейин – дейт да, сүйлөшүп
бир жүз дилде берип сатып алып:
– Эми бул сарай меники! – деп, кетип калат.
Балдар сарайларын бир жүз дилдеге сатып, башка бир жерге дагы сарай, шаар
салышат.
Абдыракман падыша бир күнү дагы түш көрөт. Түшүндө мурунку көргөн сарайынан
бир нече артык, кооз келишкен сарай, ал сарайдын бактарын аралап жүрсө, баягы ак
селдечен адам дагы кезигет.
– Падыша, бул аралап жүргөн сарайлар – бала падыша Жедигердики. Жакшылап
көрүп алыңыз, – дейт ал.
Абдыракман падыша ойгонуп кетип, бул түшүнө абдан кубанып, бечара
кембагалдарын чогултуп алып, кайыр- садакаларын берет. Андан кийин Абдыракман
падыша кубанып сейилдикке таң-тамаша кылып чыгат. Тамашадан кайтып келе жатып,
бала падыша Жедигерге келет. Дагы бала падыша Жедигерден жаңы шаар, сарайларын
бир миң дилдеге сатып алат.
– Мынабу шаар, сарайлары менен дагы меники болду.
Силер башка жерге сарай салып алгыла, – дейт.
Күндөр өтүп, бир күнү Абдыракман падышанын алдына эки адам доо доолашып,
чатак менен келишет. Чатакташкан эки адамдын тең жетелеген бээси, ал эки бээде бир
кулун бар экен. Эки бээ экөө тең кара. А жалгыз кулундун өңү да кара экен. Карала кулун
эки бээни тең эмет экен. Эки бээ экөө тең бир кулунга ийип, эмизет экен. Доолашып
келген эки адам экөө тең менин бээмден туулган кулун дейт экен. Падыша тактап сураса,
эки бээ экөө тең кулунду бир түнү – жума түнү тууган дейт. Бирок кулундун
туулгандыгын экөө тең өз көзү менен көрбөптүр. Бирок күндүзү эки бээ бир кулунду
эмизип жүргөнүн эки адам тең далилдейт. Доо чыры ошондон башталган. Падыша
текшерип, адилдик кылып кулунду кимисине алып берерин биле албай айран-таң болуп
олтурганда, бир жаш бала мындай деп айтат:
– Ой кудай-ай, мынча адам бир кулундун кайсы бээден туулганын айрып биле албай
олтурушканын карачы.
– Ой, энеңди… былжыраган бала, элдин башы катып олтурганда бекер келжиребей,
жөн отурсаңчы! – деп урушуп, тилдеп жиберет увазирлери.
Анда бала:
– Уруша бериңиздер, бирок биздин Жедигер болсо, бул элди минтип камалап олтурбас
эле – деп, кайра-кайра айтат.
Баланын бул сөзүн Абдыракман падыша угуп:
– Эй, бала, ушул ишти силердин бала падышаңар чече алат беле? – деп сурайт.
– Таксыр, биздин Жедигер падышабаз болсо, бул ишти алда качан эле чечип коёт эле,
– дейт.
Анда кан Абдыракман бир адамды жиберип, жети жашар бала падыша Жедигерди
чакыртып алат, болгон ишти түшүндүрүп айтат:
– Балам, бул сен эмне дээр элең? – дегенде, анда балдардын падышасы Жедигер:
– Бул көп ойлоно турган иш эмес, – деп, бир чыны суу алдырып, кулунду кармап алып,
кулагынын учунан кесип, чыныдагы сууга үч тамчы канын тамызып, бир бээнин
кулагынан үч тамчы кан алып, чыныдагы сууга аны дагы тамызып көрүп:
– Мына бул кулунду тууган бээ ушул экен – деп, нак энесин таап бериптир.
Жыйналган эл:
– Балам, муну кантип ажыраттың? – деп сурашканда, анда балдардын падышасы
Жедигер:
– Кулундун өз энесинин каны суунун ичинде өз кулунунун каны менен биригип
кошулуп кетет. Өзү туубаган бээнин каны башка кулундун каны менен кошулбай, эки
бөлөк болуп калат деген экен.
Андан кийин көпчүлүк турган эл суудагы канды караса бала падыша Жедигердин
айтканындай болуп чыккан экен. Кулунду өз энесинин ээсине алып бериптир.
Дагы бир күндөрдө Абдыракман падышанын алдына эки адам беш жаштагы атан
төөнү талашып келет. Эки киши экөө тең өзүмдүн инген төөм, өз колум менен тууганда
тумшугун артып туудурганмын деп какшайт. Падыша доону чечүү үчүн казыга жиберсе,
казы ажырата албай, кайра падышага жиберет. Падыша төөнү кимисине берерин биле
албай аң-таң болуп турганда, дагы бир жаш бала тура калып:
– Муну биздин Жедигер падышабыз эчак эле чечмек, – деген экен.
Ошондо падыша Абдыракман:
– Балам, сен Жедигер падышаңды чакырып келгин, силердин падышаңарды көрөлү, –
деген экен. Ошондо алиги жаш бала жүгүрүп барып, өздөрүнүн Жедигер падышасын
чакырып келиптир. Жедигер эки жагын беттештирип сурап:
– Бул атан төөнүн энеси барбы?
– Бар, – дешет.
– Экөөңөр тууган энесин алып келкиле, – дейт.
Жыйналган эл Жедигер бала падыша кантер экен деп карап олтурганда, экөө эки
инген төөнү алып келишет. Жедигер эки төөнү аркан бою жерге коюп, бышты атанды
чөгөрүп, төрт бутун мыктап байлатып, атандын санын кыл чылбыр менен толгогон экен.
– Чылбыр атандын санын кыйып, атан төөнүн жанына күч келген кезде алысыраак
жерде кармап турган эки ингенди коё бергиле, – дейт.
Эки төөнүн бири атандын бото күнүндөгү боздогон үнүн таанып, боздоп келип,
атандын үстүнө түшө калган экен. Ошондо Жедигер:
– Атан мынабу инген төөдөн туулган экен, – деп айтат. Олтурган эл бала падышанын
акылына таң калган экен.
Дагы бир күндөрдө Абдыракман падышанын алдына он бир жаштагы жана он
жаштагы эки кара баланы ээрчитип бир адам келиптир.
– Бул баланын бири менин өз балам, бири менин балам эмес. Бүгүн эртең менен
карасам, балам жата турган төшөктө эки бала жатып калыптыр. Карасам – түрлөрү,
кийимдери, кулк-мүнөздөрү, сөздөрү баары бирдей. Менин өз балам кимиңер деп сурасам,
экөө тең сиздин балаңызбыз, – деп айтат.
Өз балам кайсынысы экенин айрый албай, сизге келдим, – дейт.
Падыша Абдыракман эки баланы алысыраак коюп, мурунку өткөн убактагы иштерин
сурап көрсө, экөөнүн сөзү да айырмасы жок бирдей чыгат. Падыша ары-бери сурап
текшерип, эч кандай айырма таба албайт. Эң акыры бала падыша буга эмне дээр экен деп,
Жедигерди чакыртып алып, иштин маанисин түшүндүрүп берет. Жедигер падыша:
– Бул эч качан кыйын иш эмес экен, – дейт.
Бир бош шишени алдырып, ал шишени өзү кармап туруп, эки балага айтат:
– Балдар, силердин кимиңер мынабу шишеге кире алсаңар, ошонуңар бул
кишиникисиңер, – дейт.
Эки кара баланын бири секирип келип, шишенин ичине кирип кеткенде, бала падыша
Жедигер шишенин оозун баш бармагы менен баса коюп, алиги кишиге айтат:
– Тигине, жаныңарда турганы өзүңдүн балаң. А бул шишедеги бала сизди алдап
жүргөн шайтан экен, – дейт.
Ошондо жыйналган эл абдан айран-таң калган экен.
Абдыракман падыша элди жыйнап:
– Жалпы журт мынабу жети жашар бала Жедигердин акылы менден алда канча артык
экен, ошондуктан бүгүнкү күндөн баштап, бардык падышалыгымды ушул балага өткөрүп
берем. Мындан кийин сиздердин падышаңар мен эмес, Жедигер деген экен.
Ошону менен Жедигер бала жети жашында такка минип, адил падыша атанган экен.
ЧАБАЛЕКЕЙДИН КУЙРУГУ ЭМНЕ ҮЧҮН АЧАКЕЙ
Күндөрдүн биринде жылан жер жүзүндөгү жандуу менен жансыздарга мындай деп
арманын айтат экен:
– Мени жараткан кудай силердин баарыңардан кем кылып жаратыптыр. Буту-колум
жок. Башымды көтөрө албай, жерде боортоктоп калдым, эмне жеп, эмне кыларымды да
билбейм. Силердин баарыңар бүт тилдеп, каргап жаман көрөсүңөр. Менин оозумда айры
соймоңдогон тилим бар. Ойлоп-ойлоп олтурсам, жандуу менен жансыздын ичиндеги эң
шордуу жек көрүмчүсү мен экенмин. Мага эч кимиңер жардам бергиңер келбейт. Сен азап,
кордукту көп тартсаң, падышалык деле колуңдан келер эле деп, сөз менен болсо да
көңүлдү көтөрүп коюучу эч ким жок.
Эки көзүнөн жашын мончоктотуп ыйлайт.
Жандуу, жансыздардын бардыгы жыланга боору ачып, таарынычын туура көрөт. Кара
кылды как жарган адилеттүү жыланды ошентип хан шайлашат. Жылдан жыл, айдан ай
өтүп, бир күнү жылан:
«Ааламга падыша болуп, бардык бийликти өз колума алсам, мындан да жакшы болоор
эле. Көзүмө көрүнгөндү ичпей, эттин таттуусун жеп, кандын ширинин сорот элем» – деп
кыялданат. Анан кандын ширинин, эттин таттуусун биле тургандарды чакырат. Кош
канатын делдейтип, буттарын тартайтып чиркей, дагы бир топ кансоргуч келет. Жылан
алардын ичинен чиркей менен аарыны тандап алып:
– Сен экөөңдөн башкасы таасын биле албайт жана алардын колунан да келбейт, жер
жүзүндөгү өсүмдүктөрдүн даамын, жандуулардын канын соруп, таттуусун мага айтып
бергиле. Жумшактан топурактын, катуудан таштын даамын алгыла, – деп жиберет. Качан
келээр убактысын да болжоп айтат.
Күндөн күн өтүп, чиркей шамал болсо, чөптүн түбүнө корголоп, кыңылдап үн салып
жүрүп, кечигип калат. Аары өсүмдүк менен кандуулардын канын татып көрүп, эң
таттуусун билип алып, падышаны көздөй жөнөйт. Алдынан чабалекей чыгат.
– Аарыке, падышага таттуу тамак издеп кетти деп уктум эле, таптыңбы? – дейт.
Аары чабалекейди теңсинбей, сурагына жооп бербей, зуулдап учуп жөнөйт.
– Аарыке, түшүндүм жолуң болуптур. Издегениңди таапсың. Азаматсың досум! Сенин
эптүүлүгүңдү, эч нерседен тайманбастыгыңды башынан эле билгемин, – деп, чабалекей
аарыны мактайт.
Анда аары мактана түшүп:
– Падышага кимди тапканымды билесиңби?
– Ээ,аарыке! Мен эмне билмек элем сенден. Бүткөн-боюмдун чоңдугу болбосо, акыл
барбы, менде? Сен падышанын акылчысысың! Канакей, досум, ардактуу падышага кимди
таптыңыз? – деп сурайт.
– Падышага ылайыктуу дүйнөдө адамдын каны экен – дейт.
Чабалекей чочуп кетет.
«Асыл десе асыл, акыл десе акыл болуп жүргөн адам баласы ушул жарым жандуу
жыланга азык болуп калабы» – деп:
– Менин акылымдын кыскалыгы ушул эмеспи, – деп, алдай баштайт аарыны
чабалекей, – мен укпапмын муну. Бирок дүйнөдөгү таттуу канды тапкан жандын тили
башкача болот дешет го. Көбүнчө тилинин учунда мөөрү болот имиш. Кана, көрсөтчү, дос,
тилиңди, – дейт.
– Мынакей – деп, аары тилин чыгарат. Чабалекей дароо аарынын тилин жулуп алат.
Аары булдурап, падыша жыланды карай учуп жөнөйт. «Тили жулунду, адамдын каны
таттуу экендигин эми кантип айтар экен» – деп чабалекей аарынын артынан акмалап
жөнөйт.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Жомокчулар Жана Жомоктор - 11
  • Parts
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 01
    Total number of words is 4062
    Total number of unique words is 1893
    34.1 of words are in the 2000 most common words
    46.8 of words are in the 5000 most common words
    52.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 02
    Total number of words is 4214
    Total number of unique words is 2104
    32.9 of words are in the 2000 most common words
    44.6 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 03
    Total number of words is 4152
    Total number of unique words is 2045
    34.6 of words are in the 2000 most common words
    47.4 of words are in the 5000 most common words
    54.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 04
    Total number of words is 4150
    Total number of unique words is 2066
    32.5 of words are in the 2000 most common words
    45.7 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 05
    Total number of words is 4129
    Total number of unique words is 1861
    36.1 of words are in the 2000 most common words
    48.6 of words are in the 5000 most common words
    54.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 06
    Total number of words is 4073
    Total number of unique words is 1772
    37.9 of words are in the 2000 most common words
    50.9 of words are in the 5000 most common words
    56.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 07
    Total number of words is 4031
    Total number of unique words is 2005
    35.4 of words are in the 2000 most common words
    47.5 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 08
    Total number of words is 4000
    Total number of unique words is 1967
    34.2 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    55.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 09
    Total number of words is 4090
    Total number of unique words is 2041
    34.4 of words are in the 2000 most common words
    48.3 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 10
    Total number of words is 4090
    Total number of unique words is 1755
    36.3 of words are in the 2000 most common words
    49.5 of words are in the 5000 most common words
    55.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 11
    Total number of words is 4202
    Total number of unique words is 1835
    37.9 of words are in the 2000 most common words
    50.3 of words are in the 5000 most common words
    56.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 12
    Total number of words is 4059
    Total number of unique words is 1853
    34.9 of words are in the 2000 most common words
    47.5 of words are in the 5000 most common words
    53.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 13
    Total number of words is 4023
    Total number of unique words is 1816
    36.1 of words are in the 2000 most common words
    49.0 of words are in the 5000 most common words
    55.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 14
    Total number of words is 4128
    Total number of unique words is 1794
    35.4 of words are in the 2000 most common words
    48.5 of words are in the 5000 most common words
    55.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 15
    Total number of words is 4128
    Total number of unique words is 1880
    33.4 of words are in the 2000 most common words
    47.5 of words are in the 5000 most common words
    54.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 16
    Total number of words is 3951
    Total number of unique words is 1518
    36.3 of words are in the 2000 most common words
    49.6 of words are in the 5000 most common words
    57.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 17
    Total number of words is 3907
    Total number of unique words is 1675
    37.0 of words are in the 2000 most common words
    49.9 of words are in the 5000 most common words
    56.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 18
    Total number of words is 4005
    Total number of unique words is 1671
    37.2 of words are in the 2000 most common words
    51.2 of words are in the 5000 most common words
    57.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 19
    Total number of words is 4054
    Total number of unique words is 2029
    33.6 of words are in the 2000 most common words
    46.8 of words are in the 5000 most common words
    53.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 20
    Total number of words is 4155
    Total number of unique words is 1829
    34.3 of words are in the 2000 most common words
    47.3 of words are in the 5000 most common words
    52.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 21
    Total number of words is 4145
    Total number of unique words is 1916
    33.5 of words are in the 2000 most common words
    46.1 of words are in the 5000 most common words
    53.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 22
    Total number of words is 4175
    Total number of unique words is 1923
    35.3 of words are in the 2000 most common words
    48.7 of words are in the 5000 most common words
    54.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 23
    Total number of words is 3979
    Total number of unique words is 1623
    36.1 of words are in the 2000 most common words
    48.7 of words are in the 5000 most common words
    54.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 24
    Total number of words is 4111
    Total number of unique words is 1658
    36.5 of words are in the 2000 most common words
    49.2 of words are in the 5000 most common words
    54.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 25
    Total number of words is 4082
    Total number of unique words is 1920
    33.7 of words are in the 2000 most common words
    46.1 of words are in the 5000 most common words
    53.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 26
    Total number of words is 3970
    Total number of unique words is 1798
    32.3 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 27
    Total number of words is 4049
    Total number of unique words is 1925
    35.2 of words are in the 2000 most common words
    48.5 of words are in the 5000 most common words
    54.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 28
    Total number of words is 4196
    Total number of unique words is 1935
    34.7 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 29
    Total number of words is 4079
    Total number of unique words is 2069
    33.0 of words are in the 2000 most common words
    44.8 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 30
    Total number of words is 4175
    Total number of unique words is 2074
    33.1 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    52.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 31
    Total number of words is 4117
    Total number of unique words is 2049
    32.9 of words are in the 2000 most common words
    46.1 of words are in the 5000 most common words
    52.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 32
    Total number of words is 4160
    Total number of unique words is 2020
    33.9 of words are in the 2000 most common words
    46.5 of words are in the 5000 most common words
    53.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 33
    Total number of words is 4042
    Total number of unique words is 1830
    36.4 of words are in the 2000 most common words
    49.7 of words are in the 5000 most common words
    55.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 34
    Total number of words is 4275
    Total number of unique words is 1721
    36.7 of words are in the 2000 most common words
    50.1 of words are in the 5000 most common words
    56.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 35
    Total number of words is 4047
    Total number of unique words is 2016
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 36
    Total number of words is 1590
    Total number of unique words is 953
    41.2 of words are in the 2000 most common words
    52.2 of words are in the 5000 most common words
    57.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.