Latin

Жомокчулар Жана Жомоктор - 16

Total number of words is 3951
Total number of unique words is 1518
36.3 of words are in the 2000 most common words
49.6 of words are in the 5000 most common words
57.4 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Ошону менен баягы кудуктагы бала жатса, чака алып бир киши келатат.
– Бул жакта мен бармын, чаканы эле салгыла, – дейт. Сууну алгандан кийин, аркан
салып баланы тартып чыгышат. Баланын кайдан келатканын сурайт. Бала келатып агасы
менен чөп аркан үзүлүп калып, кудукта калганын айтат. Булар бир шаарга бараткан
соодагерлер болот. Ал шаардын бери жагында бир чоң суу бар. Ары баратканда сууга бир
кишини, кайра келатканда дагы бир кишини салып ийип, аман өтчү экен.
Соодагерлердин башчысы:
– Бир кишини сатып келаттык эле, ары баратканда бул баланы салып өтөлү, кайра
келатканда жана сатып келаткан кишини салып өтөбүз, – дейт.
Аны бала угуп, соодагерлер уктагандан кийин, бала туруп токойду аралап качып
кетет. Бир жерге барып уктап, эртеси белгисиз бир жакты көздөй жөнөйт.
Күн кеч кирип калган кезде, бир абышка бир топ эчки айдап баратат. Бала чуркап
барып:
– Атсалоомуалейкум, ата, – дейт.
– Алекима салам, кайдан келаткан баласың?
– Баласы жок кишиге бала болоюн деген баламын.
– Оо, айланайын, балам жок эле, мага бала бол. Бала абышка менен эчкини айдап
баратат.
– Ой, балам, мобу кырдын ары жагына кекиликке желе тарттым эле, ошого кекилик
түшсө, алып келе кал.
Бала барса, желеге үч-төрт кекилик түшүп калыптыр. Кекиликтин баарын коё берип,
желени түрүп кайра келди. (Айбанаттардын тилин билет.)
– Баланы маа бергенден кийин кекиликтин кереги жок, – деп, эчкини айдап үйүн
көздөй жөнөштү.
Үйүнө жакындаганда байбичесин чакырып кыйкырды.
– Байбиче, бат чык, балалуу болдук, кудай берди, суу ала чыгып баланын башынан
тегеретип чач!
Байбичеси чыныга суу алып, баланын башынан суу тегеретип чынысын кошо
ыргытып жиберди. Эки эчкиси бар экен, бир эчкисин кармап аксарбашыл – баабедин деп
союп, айылын чакырып, баласына бата алды.
Эртеси эле бала чуркап барып, тоодогу бадалдарды түп- түбү менен жулуп, үйдөй
кылып көтөрүп, базарга алып барып сата берди.
Бир айга жетпей эле, абышканы байытып, жортуулга барып, малдын баарын алып
келип, абышканы байытты.
Атасы менен бир күнү дөңгө чыгып, жаканы караса, арыда эки дөбө турат. Бири ак
дөбө, бири жашыл дөбө.
– Ата, тетиги эмне дөбөлөр? – дейт.
– Аны сурап эмне кыласың, айланайын.
– Атакебай, айтсаң?
– Ушунда бир хандын бир шерменде кызы чыкты. Мен табышмак айтамын, ким
табышмакты тапкан кишиге тиемин. Тетиги ак дөбө дегениң – табышмагын таппай
өлгөндөрдүн башы. Тетиги жашыл дөбө дегениң – жаңы өлгөн жигиттердин башы. Кимде
ким тапса, ошого тиемин, таппаса башын аламын, – деп, канкор кыз жигиттин баарын
кырып салды.
– Атакебай, мен барып табышмагын таап алып келемин, – деди.
– Кой, айланайын барба, атасынын көрү, канкор кызды эмне кыласың. Сага бир
жакшы кыз табылаар.
Бир күнү атасы уктап жатканда, эртең менен тулпарын минбей эле жөө чуркап,
кандын сарайына барды.
Кыздын коңгуроосун урду.
– Жаш бала экенсиң, табышмак табасыңбы? – деди. Бала:
– Табамын, – деди.
Кыз коңгуроо уруп, шаардагы элди чакырды. Шаардагы эл чубап келе берди:
– Баягы канкор кыз дагы бир жигиттин башын алмак болгон экен го, – деди. Эл
чуркурап келишти.
– Эми, айланайын, жаш бала экенсиң, бул канкор кыздын табышмагын таба көр, – деп
чуулдашты.
Кыз келип табышмагын айтты.
– Маашарып, мамашарып деген эмне? – деди. Бала таппай калды.
– Он күнү уруксат бер, тапсам-таппасам да, – деди. Элдин баары чуркурап калды.
– Ой, канкор кыз, он күн уруксат бер, жаш бала экен, – деди.
Кыз:
– Макул, он күн уруксат, – деди.
Бала: «Айла болсо алпкаракуштан болот, алпкаракуштун терегине барайын, теректин
башында алпкаракуштун эки балапаны чыйылдап жатат».
Бала барса, теректе оролуп бир ажыдаар чыгып бараткан. Алпкаракуштун балапанын
жылда эле ажыдаар жеп кетчү экен.
Бала барып кылыч менен ажыдаардын белин кыя чапты, балапандарга кескилеп
салып, ажыдаардын этинен тойгузуп коёт. Балдар тойгондон кийин:
– Энемде жумушуң бар беле? – дейт.
– Энеңде менин жумушум бар, энеңе учурашып, жумушумду айтайын деп келдим эле.
Мен келгенде ажыдаар силерди жегени терекке оролуп баратыптыр. Ажыдаарды
өлтүрүп, силерди аман алып калдым. Эми энеңер менин максатыма жеткирер бекен?
– Жеткирет, энеме биз да айтабыз.
Аңгыча алпкаракуш келет. Келгенден кийин:
– Кайдан келген баласың? – деп баланы сурайт.
– Мен бир кандын кызынын табышмагын таппай калып, сени билер бекен деп
келдим. Мен келсем, балдарыңды жегени ажыдаар терекке оролуп чыгып баратыптыр.
Ажыдаарды өлтүрүп, балдарыңды тойгузуп койдум. Эми сен менин табышмагымды
табууга жардам бер.
– Эмне деген табышмак экен.
– Маашарыпты, мамашарып деген эмне? Анда алпкаракуш:
– Маашарыпты билемин, Маашарыпты перинин падышасы.
– Эми мени ошого алып барыңыз. Мамашарыпты ошол жерден сураштырып көрөйүн.
Балдарына алып келген тамактарын берип:
– Ыракмат, менин балдарымды ажыдаардан аман алып калгандыгың үчүн жан-дилим
менен кызмат кыламын. Жонума келип отур, Маашарыптын шаарына алып барайын.
Бала барып, алпкаракуштун жонуна олтурду. Алпкаракуш учуп жөнөдү. Бир кыйла
учкандан кийин бир жонго барып конду.
– Түшкүн бала, Маашарыптын шаары, кандыкын сура, –
деди. Эки сакчы турган Маашарыптын дарбазасына барат бала.
– Сен кайдан келген баласың? Эмнеге келдиң? – деди.
– Маашарыпта жумушум бар. Ошол падышага кийирип койгула, – дейт.
– Биз падышадан сурайлы, киргиз десе киргизели, – деди. Бир жигит келип:
– Бир адамдын баласы келип, Маашарыпта жумушум бар,
– дейт, – кийирелиби? – деди.
– Өзү адам баласы болсо, өлгөнү келген эме го, киргизгиле!..
– Киргин, падыша уруксат берди, – деди. Бала кирип, таасым кылды.
– Сен кайдан келген адамсың? – деди.
– Мен бир кандын кызы табышмак айтып, ошо табышмакты таппай сизди билээр
бекен деп келдим, – деди.
– Эмне деген табышмак айтты?
– Маашарып, мамашарып деген эмне? Ар кимден сурасам, Маашарып деген перинин
падышасы, мамашарып дегенди билбейбиз, – деди. Мамашарыпты сиз билесизби?
– Маашарып деген менмин. Мамашарып деген перинин манабынын кызы эле, мен
ашык болуп ошо Мамашарыпты алдым. Мен сейилчиликке тайган салчу элем, бир күнү
башым ооруганынан чыдай албай, үйгө келдим. Үйгө келсем, Мамашарып жок, үйдөгү
тамак бышырган аялдан Мамашарып кайда деп сурадым:
– Сиз сейилчиликке кеткенде эле арабасын курдуруп алып, тетиги кырдан ары кетчү,
сиз келер убакта келип калчу. Бүгүн да ошентти, – деди.
Кырдын ары жагында катын албай жашаган кырк заңги бар эле. Барсам, ошо кырк
заңги менен ойноп жатат. Ачуум менен барып, чык эле, чык, – деп кыйкырдым. Заңгилер
чыгып келе берди. Келгенин кылыч менен башын ала бердим. Бирөөнүн бир колун сый
чаптым. Ал ылдый карата качты.
Эң аягында кырктын чоңу кылычты чаптырбай кармап, күрөшө кетти. Мени жыгып
алды. Камчымды алып, өзүмдү чабам дегенде кылычты бербей тырмышып жатсам,
тайганым жетип келди. Үстүмдө басып алган заңгинин атаманын чандырынан жара
тартып тайган өлтүрдү. Тайганымды, Мамашарыпты ээрчитип, үйгө алып келдим:
– Бети жок, шерменде, сенин бетиң түгөнүп калсын, кырк бойдок мени өлтүрүп коё
жаздады, жанымды мобу тайган алып калды.
Алтын керебетте мамык жаздыктарды коюп тайган жатат. Мамашарыпты чынжыр
менен тайгандын ордуна байлап коюптур.
– Баланы өлтүргүлө! – деди.
Эки жигити алып чыгып даргага асабыз дегенде:
– Мен бир папирос тартып алайын, папирос тартчу элем, – деди.
Мындай барып, алпкаракуштун жүнүн орогон кагазга сала койду. Түтөгөндө
алпкаракуш көрүндү. Эки сакчы аны байкап калды. Алпкаракуш келди да, баланы эңип
алып кете берди. Баягы терегине барып конду. Бала менен коштошуп, акыреттик дос
болуп, табышмагын айтып берип, кызды алгын, – деп узатып ийди.
Он күн эмес эки-үч күндө эле кыздын сарайына келди.
Коңгуроону урду, кыз чыгып келди.
– Таптыңбы? – деди.
– Таптым, элиңди чакыр, – деди.
Кыз коңгуроону уруп, элин чакырды. Эл чогулуп келип чуркурады:
– Ой, айланайын, таптыңбы? – деди. Кыз:
– Кана, эмне экен? – деди.
– Маашарып перинин падышасы экен, Мамашарып падышанын катыны экен.
Ошону менен эл чурулдады:
– Ишиң оңолсун, айланайын, – деп, эл тарап кетти. Кыз барып, тийип алган заңгиге
айтты.
– Табышмакты таап алды, эмне кыламын, – деди.
– Эми сага аял болдум, экөөбүз атамын эки тулпарын алып, Кап тоосуна барып, ойноп
келели де! Арак-шарап ал, менде бир самын бар, ошо самынды ала бар, Кап тоосуна
баргандан кийин аракты берип мас кыл. Анан самынды баткак болуп кал деп, ыргытып
жибер. Сен атыңды минип алып башка жагы менен келе бер. Масы тарагандан кийин
атын минип сени издеп жөнөйт. Аты келип баткакка тыгылат. Аны баткак соруп кетет.
Ошентип өлөт, – деди. Айткандай мас кылып, самынды ыргытып ийип, кыз өзү келе
берет.
Бир маалда бала ойгонуп, эки жагын караса, кыз жок. Атын минип келген жагы менен
бастырайын десе, аты баткакка тыгылды. Бала секирип аттан түшө качты. Атты баткак
соруп кетти. «Эми кантип кетемин» – деп, бала эки жагын каранып турду.
Үч көгүчкөн учуп келип, бир терекке конду. Силкинип койду эле, үчөө тең айнектей
кыз болуп калды. Бирөө айтты:
– Ушул жерде бир үч бала бар, ошонун улуусуна тиемин, – деди.
Анда бири:
– Опэ-эй, мен ортончусуна тиемин, – деди. Кичүүсүнө тиемин деген кыз:
– Мен күйөөгө тийгенде, мобу теректин түбүндөгү атамдын уч килем деген килеми
бар, ошону менен ары-бери учабыз, – деди.
Үчөө кыткылыктап кайра көгүчкөн болуп учуп кетти. Бала сүйүнүп чуркап келип,
теректин түбүн чукуп, уч килемди сууруп алды. Уч килемге отуруп учуп, бала кайра
барды.
– Мен сени издеп таппай калбадымбы? Кантип келдиң, – деди.
– Ой, бир уч килем таап алып, ошо уч килем менен учуп келдим.
Кыз баягы заңгиге барды.
– Баткакка тыгылбай эле, бир уч килем таап учуп келиптир, эми эмне кылабыз? –
деди.
Ал түндө арак берип мас кыл, салкынга жаталы деп, сыртка жат. Астыңа уч килемди
сал да уч килемге өзүң отуруп, уч килем менен учуп, баткактын ары жагына алып барып
таштап, кайта өзүң учуп жүрө бербейсиңби, – деди.
Мас кылып, уч килемге жаткырып, кайра учуп барып, Кап тоосуна алпарып таштап,
кайра учуп жүрө берди. Кыз заңгиге барды.
– Сен айткандай уч килем менен алпарып таштап келдим.
Бала бир маалда көзүн ачса, бая Кап тоосунда зынданда жатат.
Ошондо баланын жини келди. «Мен акмак болуп Маашарыптын айтканын
унутуптурмун. Кыз мени өлтүрө албай жаткан турбайбы. Өлгөн экемин. Эми кантип
барамын» – деди.
Эки жакты караса, ылдый жакта бир үч бала мушташып жатат. Бая үч кыз, үч бала…
Үчөөнө үчөөбүз тиебиз дегенин эстеп сурайт.
– Үчөөбүз бир тууган элек, атабыздан калган уч килем, бир кызыл гүл бар эле,
теректин түбүндө болчу.
– Кана, алып чыккылачы, – деди бала.
Теректин түбүндөгү уч килем менен гүлдү алып чыгышты.
– Ушуну бөлүп алышка аябай мушташып жатабыз, – дешти.
– Муну мен бөлүштүрүп беремин. Үчөөңдү жарыштырамын.
Чыгып келгениңе уч килемди беремин. Экинчи келгениңе гүлдү берем, артта
калганың куру каласың, – деди.
– Тээтиги жерден жарышып келгиле – деп, балдарды марага жиберди.
Гүлдү бала төш чөнтөгүнө катып, балдар келгиче уч килемге түшүп, учуп кетип калды.
Ошону менен кайра барды. Маашарыптын айтканы эсине түшүп, сениби, – деп кекенди.
– Ой, сени мен издеп таппай жатса, кайда жүрүп келдиң,
– деди кыз.
– Тияк-биякка эле жүрүп келдим, – деди бала.
Хандын кырк кызынын ичинде түрү суук чаар кыз бар экен. Кызыл гүлдү алып, чаар
кызды бери чакырып:
– Күндөй эле жаркыраган сулуу кыз бол, – деп гүлдү кармата койду.
Жаркыраган эле бир сулуу кыз болуп калды. «Мындай кыз жок эле» – деп, кандын
кызы жакын барды. Кийими баягы чаар кыздын кийими:
– Ой, сен, кантип минтип калдың?
– Жездем эле бир нерсени жыттата койсо, ушинтип калдым, – деди.
– Ой, тетиги чаар кызды укмуштуу сулуу кыз кылып коюпсуң, – деди.
Короого чыгып, гүлдү чөнтөгүнөн алып чыгып:
– Эшек болуп кал, – деп жыттатты кандын кызына. Эшек болуп калды. Талдан союл
кыркып, өкүртүп сабап, минип баккан атасына барды. Атасы баягы кыздан өлгөн экен деп
ыйлап-сыктап жүргөн. Эшекти эшикке атасынын мамысына байлап коюп:
– Салоомалейкум, ата, – деп кирип барды.
– Ой, алдыңа кетейин кайда жүрдүң, баягы канкор кыздан майып болгон экен, – деп
жүрөгүбүз түшүп калбадыбы.
– Канкор кызыңды утуп алып келдим, келиниң эшикте турат, – деди.
Абышка-кемпир чуркап эшикке чыкты.
– Кана? – дешти.
– Мына келиниңер! – деп союлду алып эшекти койгулады.
– Байкушту эмнеге сабадың, – деди энеси.
– Мунун ошончо кылмышы бар – деп, өкүртө сабады.
Баягы агасы бир жерге барып, куш башына конуп, кан болбоду беле.
– Мен кан болбой кара жерге кирейин, ошол инимди издеп көрөйүн, – деп туш-тушка
жигит чаптырды.
Баягы абышкага келди.
– Ушундай бир бала жоголду, көргөн-билгениңер барбы?
– деди агасынын жиберген эки жигити.
Эшегин минип, кыйкыртып-өкүртүп баягы эки жигиттин арт жагынан чапты.
– Ошол кандын иниси – менмин, барып сүйүнчүңөрдү ала бергиле, мен да барамын, –
деди.
– Эшекти минбеңиз, жорголордун бирин минип алыңыз, кан башыбызды алат, – деди.
– Башыңарды алдырбайм, жүргүлө, – деп эшеги менен жөнөдү.
Эшегин тышка мамыга байлап коюп, кирип агасы менен кучакташып көрүштү.
– Ой, айланайын кудай, көрсөттүңбү, – деп, жалынып- жалбарып, жигиттин бирөөн
койдон аксарбашыл өткөргүлө – деп, жигитин жумшады.
Тышка бала чыгып кетип, эшегин каңкылдатып союл менен сабап жатты.
– Мамыга байлап эле бир эшекти сабап жатат иниң, бир балаа болгон эме го, – деди.
Сабап, сабап үйгө кирип, коюн союп, түлөө кылып, түлөөнү жеп жаткан кезде бир-эки
жигит келди.
Жанакы кыздын атасынын жигиттери экен.
– Күйөө-кызым жоголду, билгениңер болсо кабар жибергиле, – деп кандарга кабар
жибериптир.
– Ошол кандын жоголгон кыз-күйөөсүн мен таап берем, сүйүнчүсүн ала бергин.
Жигиттерине уят кылбайм, – деди иниси агасына.
Кандын жигиттерине инисинин тили менен:
– Таап берем, келе бергиле, – деди. Эки жигит чапкан бойдон:
– Сүйүнчүсүн алып келсин, таап берем деди, – деп канына барды.
Кан үйүнө далай дүнүйө, мал алып жыйырма-отуз киши менен келди.
Баланын агасы сүйүнчүсүн алып, келген конокторду коноктоп, түнөтүп:
– Кана, күйөө-кызды көрсөткүн, – деди, кыздын атасы кан.
– Ой, айланайын, мени шерменде кыласыңбы, кайда күйөө- кызы, – деди. – Кана,
таппайсыңбы? – деп омуроолоду.
– Мага уруксат бер, мынабу эшекти минип барып эле таап келемин, – деди, кыздын
атасынын жигиттерине.
Эшекти минип:
– Жүрүңүз, мен таап беремин, – деп, агасын ээрчитип барды.
– Кана, менин кыз-күйөөм, кана, табам дебедиң беле? – деди.
Эшектен түшүп:
– Күйөөң – мен, кызың – мына! – деди.
– Ой, бу кандай неме, кызың деп эшекти көрсөтөт, – деп, кандын ачуусу келди.
Кызыл гүлдү колуна алып:
– Калыбыңа кел! – деп, эшекке жыттата койду.
Апарык, кийиминин баары самсаалап тытылган баягы эле кыз тура калды.
– Кызыңыз ушубу, ата? – деди.
– Кызым – ушу! – деди.
– Эмесе, күйөөңүз – мен, – деп, кыздын кылган жоругунун баарын айтып берди. Үйүнө
барса, заңги ачкадан өлүп калыптыр.
– Кыздын сазайын өзүм берейин – деп, кан күйөөсүн алып жөнөдү.
Багып алган увазирдин кызы бар экен, ошону балага алып берди. Өзүнүн ордуна кан
кылды.
Экөө атасын издеп барса, кедейдин аялы канга тийип, кедейди ат баккан кул кылып
коюптур.
Ошол жерден элди чогултуп:
– Каныңар жакшы канбы? – дегенде. – Каныбыз жаман, эптеп байыган бир кедей
Мисирге кетсе, аялын алып, эки баласын өлтүрөм дегенде, качып кетип, мал-мүлкүн ушул
кан ээлеп, балдардын атасын кул кылган. Митаам кан, – деп эл чуулдады.
Канды даргага асып өлтүрдү.
Атасына баягы эки баланы качырган күңдү алып берип, атасын кандын ордуна кан
кылып жашап калды.
АСАН МЕНЕН ҮСӨН
Шайдат кандын эки аялы болуптур. Улуу аялынан Асан,
Үсөн, кичи аялынан Кысан. Кичи аялын жакшы көрчү экен. Кичүү аялынын баласы
Кысанды окууга берип, ал окумуштуу болот. Асан менен Үсөндү окууга бербейт.
Бир күнү падыша түнүчүндө Нурказар кушту көрөт. Куш адамча сүйлөйт. Күлүп
каткырса, оозунан алтын акчалар шорголоп куюлат.
Ага ашык болуп, ордунан турбай жатып алат кан. Жакшы көргөн аялы келип:
– Ой, эмне турбайсың? – дейт.
– Турбайм, – дейт.
Баягы турбай эле жатып алды, тур десем болбойт, – деп кандын теңтуштарына барат.
– Теңтуштары, силер барып сурап көрбөйсүңөрбү? – дейт. Бир топ теңтуштары келет.
– Ой, эмне сен турбай жатасың? Бир жериң ооруйбу? – деп сурашат.
– Жок, мен түш көрдүм, ошого ашык болуп жатамын, – дейт.
– Эмне деген түш көрдүң?
– Бир Нурказар кушту көрдүм кишиче сүйлөгөн. Каткырып күлсө, оозунан алтын,
күмүш акчалар чубуруп астыңа толуп калат. Ошого ашык болуп жатамын, – дейт.
– Жатып алсаң сага ал өзү келип бермек беле. Балдарыңды жиберсең эле, издеп таап
келбейби.
– А туура, – деп Асан менен Үсөндү чакырат. –Балдарым, түшүмө кишиче сүйлөгөн
Нурказар кушту көрдүм, ошону издеп келесиңерби?
Асан, Үсөн:
– Таап келебиз, ата, – деди.
Экөөн аябай аттап-тондоп, жараган аттарды, азык-түлүгүн, жарак-жабдыктарын
камдап берип жөнөтүп жиберет.
Төрт-беш күндөн кийин Кысан угат.
– Ээ, ата, мени жакшы көргөнүң кайсы, Асан, Үсөндү жакшы көрөт турбайсыңбы, ал
экөөнү түшүңдө көргөн кушка жиберипсиң да, мага унчукпайсың, мен деле барат элем.
– Сен, балам, жашсың. Ошон үчүн сени жибергеним жок.
– Жаш эмесмин, барамын – дегенде атасы айласы жок, ага да жараган ат, азык-түлүк,
жарак-жабдык камдап берип, Кысанды жөнөтөт.
Төрт-беш күн мурун кеткен агаларынын артынан жетет.
Үчөө жүрүп олтуруп, бир жерге барса, үч жол бар: бир ташка жазып койгон. Кысан
окуу билет: «Башкы жолго түшкөн барса келет, орто жолго түшкөн же келет, же келбейт,
аяккы жолго түшкөн барса келбейт».
Улуусу Асан барса – келет деген жолго, Үсөн же келет, же келбейт деген жолго, Кысан
барса – келбейт деген аяккы жолго түшөт.
Кысан бир айча жол жүргөндөн кийин аты баспай калат. Атын таштап жүрүп отурса,
бир күмбөз көрүнөт. Күмбөздүн жанында көп кийик жүрөт. «Бир кийик атып алып,
бышырып жейин», – деп жакындап барса, баары жабалактап Кысандын жанына келет.
«Бул кандай кийик. Менден качпастан жаныма келет?» – деп Кысан ойлойт.
Кысандын азыгы түгөнүп ачка: «Күмбөзгө кирейинчи» – деп, күмбөзгө кирсе, түрлүү
тамактын баары даяр. Кысан бир тамакка колун сунуп жейин дегенде: «Тарт, наадан
колуңду!» – деп, бири чыгат.
Мындай караса, бир кемпир олтурат. Алтын үстөл, алтын отургуч.
– Энеке, ачка элем, тамактан бербейсизби? – дейт.
– Тамактан дейт, наадан, сүф! – деп, үйлөп ийди эле, кийик болуп калды.
– Айланайын, энеке, тамагыңа ыраазымын, калыбыма келтир, кийик кылба, – деди.
– Кийик кылба дейт, наадан, сүф! – деп, үйлөп жиберди эле, тили да байланды.
Ал кийикке да кошулбай эле, өзүнчө жолго түшүп алып жөнөй берди. Бир топ
жүргөндөн кийин бир күмбөз көрүндү.
Күмбөзгө кирип барса, түрлүү тамактын баары даяр. Баягы кийик тамакка колун
сунду. «Менин энем кылган экен» – деп, бир сулуу кыз:
– Сүф! – деп, үйлөп койду эле, калыбына келип, жарак- жабдыгын асынып: – Кайдан
келатасың? – деп сурады.
Тили жок сүйлөй албайт. «Тилин да байлаган экен» – деп:
– Сүф! – деп койду эле, тил чыгып кадимкидей сүйлөдү.
– Кайдан келатасың? – деди.
– Шайдаткан деген кандын шаарынан келатам.
– Эмне издеп келатасың?
– Атам Нурказар кушка түшүндө ашык болуп, мен ошону издеп келатам, – деди.
– Перинин падышасынын кызы элем. Атым – Гүлбаарам, Нурказар кушум эле. Атам
өлүп, Айжамал перинин кызы падыша болуп, энем экөөбүзгө эки жерге күмбөз салып
берип, перинин шаарынан айдап, Нурказар кушумду ошол Айжамал алып калган. Ошону
менен энем тиякта. Буюрса мени сен аласың, күйөө болосуң. Никебизди кабыл кылсын –
деп никелешет. Кысан Гүлбаарамды алат.
– Нурказарга кантип барам? – дейт.
– Сен эми тетигинде чоң терекке алпкаракуш тууйт. Жылда эки балапанын ажыдаар
жеп кетет. Ошого барып ажыдаарды өлтүрсөң, аман каласың.
Барса, терекке ажыдаар оролуп чыгып баратыптыр. Кылыч менен белин кыя чаап,
өлтүргөн кезде, алпкаракуш келет.
Ажыдаарды көрөт:
– Эмне максатың бар? – дейт.
– Перинин шаарына алып барыңыз, Нурказар кушту алып келүүгө баратам.
Ошону менен алпкаракуш Кысанды көтөрүп алып учат.
Перилер уктаганда кырк күн укташат экен. Кызуу уктап жаткан убакта келишет.
– Тээтиги оозу ачык көрүнгөн үй перинин үйү, – деп, көрсөтүп берет. Оозунда
сакчылар уктап жаткан. Үйгө кирип барса, алтын туурда Нурказар куш конуп отурат.
– Мен сизге келдим, алып кетейин, – дейт.
– Менин кожоюнум – перинин падышасы Айжамал. Адам баласын ээрчип эмне барам?
Барбайм! – дейт куш.
Анда Кысан:
– Эмесе, менин атам сага ашык болуптур. Өлүп калса, акыретте атамдын канын
көтөрөйүн.
– Ал кишинин канын көтөрүп, акыретте мен кандай…
Үйүңдөн чыкканга канча жыл болду?
– Быйыл отуз жыл болду, – дейт.
– Эми сен тетиги Айжамалдын жеңине кай жерден чыкканыңда, атыңды, атаңдын
мага ашык болгондугун, каның көтөрөм дегениңди, бул жерге алпкаракуш аркылуу
келгениңди жазгын. Алтын көшөгөдө үстүнө каухар жамынып жаткан Айжамал,
коркпогун, ойгонбойт… – Нурказар көзүнөн жаш чыкканча күлөт, оозунан алтын-күмүш
төгүлөт. Кысан алтын шакегин Айжамалга салат. Өзү Айжамалдыкын салынат.
– Жүр эми, кеттик! – деп Нурказарды көтөрүп, алпкаракушка минип учуп, баягы
терегине келсе, балдар аман- эсен.
– Дос болдук, – деп алпкаракуш бир канатын сууруп, дубалап берет. Ушу, кайда барам
десең жеткирет, – дейт.
Канатка түшүп, Нурказарды көтөрүп, Гүлбаарамдыкына келет. Гүлбаарам Нурказар
менен учурашып, кайра өзүңө келипсиң, Кысанга тийипсиң, баарыбыз эми бир жерде
болобуз,– дейт.
Гүлбаарам, Кысан азык-түлүгүн, Нурказар кушун алып канат менен учуп жөнөйт.
Жолдо Гүлбаарам:
– Жети катар асмандан бизди өткөрбөйт энем. Никемди сага буйруп койгондон кийин,
мынабу ок – Сулайман пайгамбардан калган ок. Ушуну жоо кемпирге тий деп ыргыт,
– дейт. Айтканындай жоо кемпирге тий деп ыргытып жиберет. Келсе, ок тийип, баягы
кемпир өлүп калган. Кийиктердин бардыгы тегеректеп келет.
Гүлбаарам дубасын жандырып, кийиктин баарын киши кылып:
– Келген жагыңарга баргыла, – дейт. Канат менен учуп олтуруп, агалары менен
тараган үч айры жолго барышат. Конуп, Гүлбаарамдын жибек чатырын тигип, кудук бар
экен, аркан менен суу алып, чай кайнатып ичишип, Гүлбаарамдын тамагынан жеп
отурушат.
– Гүлбаарам, Нурказар, силер туруп тургула, эки агамды издеп, таап келип ала
кетейин, – деп, баягы башкы жолго түшкөн Асанды издеп жөнөйт.
Нурказарды күлдүрүп, оозунан алтын-күмүштү, каухарларды түшүрүп алып, жол азык
кылып алат. Бир шаарга барса, Асан ашканада суу ташып, отун көтөрүп жүрөт. Кийими
жок, начар болуп калган. Асанды ээрчитип барып дүкөндөн жакшы кийимдерди сатып
алып кийгизип, базарга барып, бир жараган күлүк атты ээр-токуму менен сатып алып,
Асанды мингизип, Үсөндү издеп жөнөйт. Бир шаардан отун көтөрүп жүргөн Үсөндү
кийиндирип, базарга барды. Базардан бир жараган ээр-токуму менен ат алып, Үсөнгө
мингизип, Асан менен Үсөндү ээрчитип алып жолго түштү. Үчөө биригип, Гүлбаарам
менен Нурказарга келишти. Ал жерде баары биригип чай ичишип, жол тарталык деп,
Кысан белине аркан байланып, кудуктан суу алууга түштү.
Асан менен Үсөн арканды кудукка ыргытып ийип, чатырды жүктөп жөнөп калды.
Асан кушту колуна алып, Үсөн Гүлбаарамды учкаштырып, алпкаракуштун канатынын
учаарын билбей, аны ыргытып ийип, экөө жолго чыкты. Бир топ жерге баргандан кийин,
Гүлбаарамды «айтып коёт» деп талаага таштап, кете беришти. Асан менен Үсөн
Нурказарды алышып атасына келишти:
Атасы:
– Кысан кайда? – деди.
– Үчөөбүз үч башка кеткенбиз. Кысан барса келбейт деген жолго түшүп кетти эле. Ошо
бойдон Кысанды көрбөй калдык. Мындан минген аттарыбыз жүрбөй Үсөн экөөбүз
эшиктеги эки атты сатып алып, бир шаарга бардык. Шаарда бир оозу ачык үй турат. Үй
ичи жаркырап жарык. Алтын туурда Нурказар отурган экен. Алтын туурдун жарыгы
үйдүн ичин жаркыратат. Асан кирип, Нурказарды кондуруп чыкты.
Ошону менен Нурказарды алып бир канчалык жол жүрүп, эми келдик, ата, – дешти.
Атасы капаланып, Кысандын келбегенине бушайман болду. Аңгыча перинин
падышасы Айжамал кыз эки жигитин ээрчитип келип калды.
Шайдат канды чакыртты.
– Ата, мобу Нурказар куш меники эле, муну ким алып келди? – деди.
– Асан, Үсөн деген эки уулум алып келди, – деди.
– Чакыртыңыз уулдарыңызды, – деди.
– Бу кушту кайдан алып келдиңер? – деди.
– Бир шаардан, бир үйдө алтын туурда отурган экен.
Ошондон барып алып келдик.
– О, бети жоктор! – деди Айжамал. – Кана, Нурказар сен сүйлө, ким алып келди сени, –
деди.
– Мени Кысан деген бала алып келди, – деди. – Кысан Гүлбаарамга үйлөнүптүр. Менин
турган жеримди Гүлбаарамдан угуп, алпкаракушка минип, биздин үйгө келди. Сиз уктап
жатыпсыз, мени алып кетем, – деди. Мен барбаймын, кайдан келген немесиң, менин
кожоюнум бар – перинин падышасы Айжамал деген, тетиги алтын көшөгөдө уктап жатат.
Мен падыша кожоюнумду таштап, бир адам баласын ээрчип кетпеймин дедим, менин
атам падыша сага түшүндө ашык болуп, мени таап кел, – деп жиберди. Кайра куру барсам,
атам ашыктыктан өлүп калат, барбасаң атамдан канын мен көтөрөйүн дегин, – деди. Мен
кантип кишинин канын мойнума көтөрөм? Андай болсо барайын, сен кайдан келгениңди,
шаарыңдын атын, атаңдын атын, тетиги Айжамалдын атын толук жазып бүтсөң, ал сага
аял болот. Койнуна жатып мен тур дегенде тургун, колуңдагы шакегиңди Айжамалдын
колуна сал, Айжамалдын шакегин өз колуңа сал дедим. Тигил, ошондой кылды. Анан
Кысан мени алып жөнөдү. Алпкаракуш күтүп турган экен, ал көтөрүп учуп келип, өзүнүн
терегине конду. Эки баласы аман-эсен турган экен. Ошону менен алпкаракуш Кысанга дос
бололу деп бир тал канатын сууруп берди.
– Ушуга түшсөң, кадимкидей олтуруп жериңе жеткирет, – деди.
Нурказарды алып, канатка түшүп Гүлбаарамга келдик. Ал жерде беш-алты күн болдук.
Андан Кысан, Гүлбаарам үчөөбүз канатка түшүп учуп дагы жөнөдүк. Бизди энем
куткарбайт. Сулайман пайгамбардан калган ок деп бир окту Гүлбаарам Кысанга берди.
Жоо кемпирге тий деп ыргытты. Учуп отуруп кемпирдин күмбөзүнө келсек,
Гүлбаарамдын энеси жок, баягы ок тийип өлүп калган экен. Кемпир дубалаган кийиктин
баары тегеректеп келди. Кемпирдин дубасын Гүлбаарам жандырып, кийиктин баары
киши болду.
– Кайдан келсеңер, ошол жериңерге кеткиле, – деп, кийиктерди таратып ийип, баякы
канатка олтуруп, учуп жөнөдүк. Бир жерге кондук. Үч айры жол бар экен, Гүлбаарам
чатырын тигип, тамак-аш ичкенден кийин Кысан мени күлдүрүп алтын-күмүш, каухар
алды. Мынабу жол менен Асан,
Үсөн деген эки агам кетти эле, ошолорду издеп, таап келейин, силер туруп тургула, –
деди.
Бир-эки күндөн кийин эки агасын ээрчитип келди. Эми тамактанып жөнөйлү, мен
кудуктан суу алып берейин деп, Кысан белине аркан байланып кудукка түштү. Арканды
кудукка ыргытып ийишип, чатырды жыйнап, канаттын учаарын билбейт экен, аны
таштап салышты. Асан агасы мени кондуруп, Үсөн иниси Гүлбаарамды учкаштырып
жөнөп калышты.
Бир топ жерге келгенден кийин Гүлбаарам айтып коёт, – деп, Гүлбаарамды талаага
түшүрүп ташташты. Мени алып үйүнө келишти. Кысан кудукта калды.
Айжамал эки жигитин чакырып:
– Түштөн калбай Кысан менен Гүлбаарамды таап келгиле, – деди. Эки жигит учуп
жөнөдү.
Түшкө жетпей Кысан менен Гүлбаарамды алып келишти.
– Кана белгиң? – дегенде Кысан шакегин көрсөттү. Анан Кысан менен Айжамал:
– Өмүрлүк жолдош болобуз! – деп, кол алышты. Шайдат кандан Айжамал:
– Эки балаңызды мен текшерейин, ата, уруксат бериңиз,
– деди.
Асан менен Үсөндү чакырды:
– Бир тууганга кара санаган кимге жакшылык кыласыңар, өз убалыңар өзүңөргө! –
деп, Айжамал кылычын алып, экөөнүн башын чаап таштады.
Шайдат кан Кысан менен аман-эсен Нурказарды, перинин кызын алып келгенине чоң
той берип, Кысанды ордуна кан көтөрдү. Айжамал да падышалыгын берди. Адам
баласына кандык, перилерге падышалык сурагын жүргүзүп жатып калды.
ҮЧ БИР ТУУГАН
Илгери бир убакта үч бир тууган болгон экен. Үчөө тең бойдок. «Биз өңдөнгөн үч бир
тууган болсо алалык», – деп үч бала кыз издеп чыгат. Ар кайсы жерден издеп, таба албай,
бир жерге барса, хандын жалгыз кызы бар экен.
– Эч болбосо бирибиз хандын кызын алалык – деп, ханга барышат.
Хан:
– Үчөөң бир кымбат баалуу буюм алып келсеңер берем, – деди.
Баалуу буюм издеп үчөө үч жерге бөлүнүп жөнөдү. Улуусу барган жеринен:
– Мында эмне кымбат баалуу буюм бар? – деди. Анда ал жердеги бирөө:
– Бул жерде кымбат баалуу бир төө бар, – деди. Анын эмне кылып берерин сурады.
– Кыйынчылык болуп жаткан жер болсо, көз ачып- жумганча жеткирет, күлүк.
Бала аны алды.
Экинчи бала барган жерден:
– Бул жерде кымбат баалуу эмне бар? – деди.
– Бир күзгү бар.
– Ал күзгү эмне кылып берет? – деди.
– Бир канчалык жерде киши өлүп жатса, ошону көрсөтөт,
– деди.
Күзгүнү бала сатып алды. Үчүнчү бала барган жерден:
– Эмне баалуу буюм бар? – деп сурады.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Жомокчулар Жана Жомоктор - 17
  • Parts
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 01
    Total number of words is 4062
    Total number of unique words is 1893
    34.1 of words are in the 2000 most common words
    46.8 of words are in the 5000 most common words
    52.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 02
    Total number of words is 4214
    Total number of unique words is 2104
    32.9 of words are in the 2000 most common words
    44.6 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 03
    Total number of words is 4152
    Total number of unique words is 2045
    34.6 of words are in the 2000 most common words
    47.4 of words are in the 5000 most common words
    54.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 04
    Total number of words is 4150
    Total number of unique words is 2066
    32.5 of words are in the 2000 most common words
    45.7 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 05
    Total number of words is 4129
    Total number of unique words is 1861
    36.1 of words are in the 2000 most common words
    48.6 of words are in the 5000 most common words
    54.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 06
    Total number of words is 4073
    Total number of unique words is 1772
    37.9 of words are in the 2000 most common words
    50.9 of words are in the 5000 most common words
    56.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 07
    Total number of words is 4031
    Total number of unique words is 2005
    35.4 of words are in the 2000 most common words
    47.5 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 08
    Total number of words is 4000
    Total number of unique words is 1967
    34.2 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    55.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 09
    Total number of words is 4090
    Total number of unique words is 2041
    34.4 of words are in the 2000 most common words
    48.3 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 10
    Total number of words is 4090
    Total number of unique words is 1755
    36.3 of words are in the 2000 most common words
    49.5 of words are in the 5000 most common words
    55.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 11
    Total number of words is 4202
    Total number of unique words is 1835
    37.9 of words are in the 2000 most common words
    50.3 of words are in the 5000 most common words
    56.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 12
    Total number of words is 4059
    Total number of unique words is 1853
    34.9 of words are in the 2000 most common words
    47.5 of words are in the 5000 most common words
    53.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 13
    Total number of words is 4023
    Total number of unique words is 1816
    36.1 of words are in the 2000 most common words
    49.0 of words are in the 5000 most common words
    55.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 14
    Total number of words is 4128
    Total number of unique words is 1794
    35.4 of words are in the 2000 most common words
    48.5 of words are in the 5000 most common words
    55.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 15
    Total number of words is 4128
    Total number of unique words is 1880
    33.4 of words are in the 2000 most common words
    47.5 of words are in the 5000 most common words
    54.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 16
    Total number of words is 3951
    Total number of unique words is 1518
    36.3 of words are in the 2000 most common words
    49.6 of words are in the 5000 most common words
    57.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 17
    Total number of words is 3907
    Total number of unique words is 1675
    37.0 of words are in the 2000 most common words
    49.9 of words are in the 5000 most common words
    56.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 18
    Total number of words is 4005
    Total number of unique words is 1671
    37.2 of words are in the 2000 most common words
    51.2 of words are in the 5000 most common words
    57.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 19
    Total number of words is 4054
    Total number of unique words is 2029
    33.6 of words are in the 2000 most common words
    46.8 of words are in the 5000 most common words
    53.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 20
    Total number of words is 4155
    Total number of unique words is 1829
    34.3 of words are in the 2000 most common words
    47.3 of words are in the 5000 most common words
    52.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 21
    Total number of words is 4145
    Total number of unique words is 1916
    33.5 of words are in the 2000 most common words
    46.1 of words are in the 5000 most common words
    53.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 22
    Total number of words is 4175
    Total number of unique words is 1923
    35.3 of words are in the 2000 most common words
    48.7 of words are in the 5000 most common words
    54.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 23
    Total number of words is 3979
    Total number of unique words is 1623
    36.1 of words are in the 2000 most common words
    48.7 of words are in the 5000 most common words
    54.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 24
    Total number of words is 4111
    Total number of unique words is 1658
    36.5 of words are in the 2000 most common words
    49.2 of words are in the 5000 most common words
    54.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 25
    Total number of words is 4082
    Total number of unique words is 1920
    33.7 of words are in the 2000 most common words
    46.1 of words are in the 5000 most common words
    53.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 26
    Total number of words is 3970
    Total number of unique words is 1798
    32.3 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 27
    Total number of words is 4049
    Total number of unique words is 1925
    35.2 of words are in the 2000 most common words
    48.5 of words are in the 5000 most common words
    54.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 28
    Total number of words is 4196
    Total number of unique words is 1935
    34.7 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 29
    Total number of words is 4079
    Total number of unique words is 2069
    33.0 of words are in the 2000 most common words
    44.8 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 30
    Total number of words is 4175
    Total number of unique words is 2074
    33.1 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    52.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 31
    Total number of words is 4117
    Total number of unique words is 2049
    32.9 of words are in the 2000 most common words
    46.1 of words are in the 5000 most common words
    52.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 32
    Total number of words is 4160
    Total number of unique words is 2020
    33.9 of words are in the 2000 most common words
    46.5 of words are in the 5000 most common words
    53.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 33
    Total number of words is 4042
    Total number of unique words is 1830
    36.4 of words are in the 2000 most common words
    49.7 of words are in the 5000 most common words
    55.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 34
    Total number of words is 4275
    Total number of unique words is 1721
    36.7 of words are in the 2000 most common words
    50.1 of words are in the 5000 most common words
    56.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 35
    Total number of words is 4047
    Total number of unique words is 2016
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 36
    Total number of words is 1590
    Total number of unique words is 953
    41.2 of words are in the 2000 most common words
    52.2 of words are in the 5000 most common words
    57.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.