Latin

Жомокчулар Жана Жомоктор - 24

Total number of words is 4111
Total number of unique words is 1658
36.5 of words are in the 2000 most common words
49.2 of words are in the 5000 most common words
54.8 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
– Келсең болуптур, сен эми Индустан деген жерге барасың. Анда Акимкан кызы
Айсулуу бул дүйнөдөн эрге тийбей, так өтөм деп жатат, – дейт. Ошол Айсулууну мага алып
келип берсең кутулдуң, болбосо кайда болсо да өлөсүң. Барыш-келиш үч жылга уруксат.
– Болуптур, барайын, – дейт да Акылбек жүрүп отуруп, нечен тоону ашып, нечен чөлдү
басып, атынын бирөө арыктап өлүп, кош атын минип, айлап жол жүрүп келе жатып,
азыгы түгөнүп Индустанга бир күндүк жол калганда чарчап, атын тушап, отко коюп,
уктап калат. Бир кезде чочуп тура калса, атын жолборс алып ыргытып жиберген. Аты
өлүп калган, аны көрүп: «Атаны, кокуй-ай, эми кантип Индустанга жетем» – деп, буркурап
ыйлап отурса, бир жолборс келип:
– Эмне ыйлап отурасың? – дейт.
– Алыс жерден келе жаттым эле, атымды жолборс жеп коюптур – дейт Акылбек.
– Атаны байкуш ай, мен ушул жерде жүргөн ат экен дебедим беле, андай болсо мага
мингин, Индустанга мен жеткирип коёюн, – дейт да, жолборс жонуна мингизип алып
жөнөйт. Анда-мында бир тийип отуруп, Акылбекти шаардын четине түшүрүп:
– Эми мен кетейин, – дейт да, жолборс жүрүп кетет.
Бала шаардын четине келе жатса, бир кемпир бир топ эчкини кайтарып жүрөт, бала
кемпирдин жанына барып:
– Жакшысызбы, эне! – дейт.
– Жакшы, балам, кайдан?
– Ээ, жетиммин, эне, атым – Акылбек, ботосу жокко бото, баласы жокко бала болоюн
дедим эле.
– Менин балам жок эле, мага бала болбойсуңбу, айланайын.
– Бала болоюн, эне.
– Анда эмесе жүрү үйгө, эчкилер жайылып оттой берет, курсагың ач көрүнөт, балам,
айрандан ич, каймакка талкан көөлөп берейин, мен болсом чалым жок, балам жок, бир
кемпирмин.
– Энеке, мен мындан ары эчкилерди кайтарып, отун ала келип жүрөйүн.
– Ошент айланайын.
Акылбек кемпирдин эчкилерин кайтарып жүрүп, бир күнү эки жакка көз салып
караса, шаардын бир жак четинде, окчун бир чоң терек, ага жанаша салынган мунара
турат. Тегереги бак, киши жок ээн, кез-кезде ошол мунаранын башы кечинде жарк этип
коёт. «Бул эмне болду?» – деп, айран-таң калып, бир күнү энесинен сурады:
– Энеке, ушул шаардын четинде бир чоң мунара бар экен, кечинде бир жарк этет,
жатарда бир жарк этет, бул эмне, энеке? – дейт.
– Ээ, балам, аны сурап эмне кыласың? – дейт энеси.
– Ээ, энеке, айтып койсоңуз?
– Айтсам, балам, бул шаардын каны Акимкандын кызы Айсулуу деген. Бул дүйнөдөн
эрге тийбей так өтөм деп, ушул мунараны салдырып, теректин башында мунарада жатат.
– Эне, бир курч керки жасаткын.
– Эмне кыласың, балам?
– Отун ала келип жүргөнгө жакшы экен. Энеси бир курч керки жасатып берет.
Акылбек эчкисин жайып барып, кишиге көрүнбөй, күнүнө терекке тепкич жасай берет.
Бир күнү мунарага чыгып барып караса, бир сулуу кыз алтын керебетте уктап жатат.
Башында бир шам, аягында бир шам, айланасында дүнүйө даамдар бар. Алардын баарын
байкап көрүп, түшүп кетет.
Эртеси эл жаткандан кийин дагы чыгып барып, башындагы шамды аягына
жандырып, аягындагы шамды башына жандырып, айланасындагы тамактарын
алмаштырып, түшүп кетет. Айсулуу эртең менен ойгонуп караса, шамдары жана
тамактары өзүнүн койгонундай эмес. «Бул эмне, мага киши келеби?» – деп, уктабай карап
жатса, бир жигит акырын чыгып келип, башкы шамды аягына коюп, аяккы шамды
башына коюп жатканда, чап колдон кармап алат.
– Сен эмне кылып жүргөн жансың, атама айтып өлтүртөйүнбү? – дейт кыз.
Ошондо Акылбек акылга келип айтканы:
– Мен Урум кандын уулу Акылбек болом, уксаңыз, ичимде кеп толуп жатат. Бул
дүйнөдөн эрге тийбей, так өтөм деген Акимкан кызы Айсулуу сиздин кабарыңызды
алыстан угуп, аттанып үйүмдөн чыгып, айлап-жылдап жол жүрүп, араң жеттим. Чынында
эле бул дүйнөдөн эрге тийбей, так өтөсүңбү? Мага ушуну айтып бергин. Болбосо, мени
коркутпай, акылга келгин. Ошончо жерден мен сени издеп келсем, азыр колдон алып
өлтүрөм десең, мени өлтүрдүң, мен өлөйүн, бирок ойлонуп, Айсулуу, артыңды кара:
Айсулуу туруп, аркы-беркини ойлоп:
– Анда болуптур эмесе, алыстан издеп келген азамат экенсиң, эми бул жерде мени
кантип аласың. Атам калың салат, аны кантип табасың? – дейт.
– Менин бул жерде мал-мүлкүм жок, акылын өзүң тап, азыр мен бир беш эчкилүү
кемпирге бала болуп жүрөм.
– Энеңди эртең атама жуучуга жибер. Эмне калың салат ошонун баарын унутпай
айтып келсин, анан көрөбүз.
– Болуптур эмесе – дейт да, түшүп кетет.
– Эне, канга жуучуга баргын, – деди Акылбек энесине барып.
– Апий, балам, канга жуучуга кантип барам, кан менин башымды алып салбайбы, –
дейт энеси.
– Алып салбайт, энеке, баргын.
Баласынын айтканынан чыга албай, кемпирдин айласы кетип, бармак болду. Канга
барып:
– Каным, жуучуга келдим, – деди. Кандын ачуусу келип:
– Кемпирдин башын алгыла! – деп, буйрук берди. Анда вазири туруп:
– Каным, уруксат этиңиз, бул кемпирге калың салыңыз, ал калыңды таппаса,
кемпирдин башын анан алыңыз.
– Болуптур, кемпир, мен азыр калың салам, тапсаң таптың, таппасаң эртең ушул
маалда башыңды алам, – деди да, калың салды.
– Бир жагымда мунар терек орнолсун, бир жагымда чынар терек орнолсун, мунар
терекке кыргый туусун, чынар терекке торгой туусун, кыргыйдын баласы торгойдун
баласын алып жеп турсун. Жанаша эки көл орносун, биринин чабагы бирине ыргып
түшүп турсун, айланам адам карап тургудай гүл чыгып, жыттанып турсун!
Кемпир үйүнө келип:
– Балам, барбайын десе болбойсуң, мен өлдүм, кан калың салды, ал калыңды кайдан
табабыз. Эртең менен башымды алат, – деп, кемпир буркурап ыйлай берди.
– Кой, эне, ыйлаба, эмне калың салды? – дейт Акылбек.
Кемпир кандын салган калыңын төкпөй-чачпай айтып берди.
– Балам, муну кайдан табабыз, мен өлбөгөндө ким өлдү? – деп, ыйлай берди.
– Эне, андан коркпоңуз, – деди энесин сооротуп.
Түн кирип, элдин баары жатканда Айсулууга барып, салган калыңынын баарын
айтты. Айсулуу бир алтын көмүркөй берип:
– Ушунун ичиндегини эмне бол деп чачсаң, ошол айтканыңдын баары болот.
Акылбек көмүркөйдү алып, түн ичинде барып, айтканынын баары бол деп чачты эле,
баары болуп калды. Эртең менен кан турса, баякы айтканындай болуп калган. Акылбек
энесине келип:
– Эне, калың бүттү, барып көргүн.
Энеси барып караса, айтканындай болгон. Кемпир сүйүнүп:
– Балам, бул кандайча болуп бүттү.
– Сиз аны сурап эмне кыласыз, андан көрө келинимди бергин, калыңың бүттү деп,
канга баргын! – дейт.
Кемпир кериле басып канга барып:
– Каным, калыңың бүттү, келинимди бергин, – дейт.
– Кел, байбиче, сенде бир касиет бар го дейм. Берели, кудагый, берели – деп, кан тогуз
түнү тойлотуп, отуз күнү ойнотуп, кызын берет. Акылбек Айсулууну алып жайлапкыштап жатып калат.
Бир күнү баякы ажыдаар түшүнө кирет:
– Мени эсиңден чыгардыңбы, кызды качан алып келесиң, же мени бул жерге жете
албайт дедиңби, сороюнбу! – дейт.
– Алып барайын, – деп Акылбек жанталашып жатып ойгонуп кетет.
Ажыдаар оюнан кетпей, санаасы санга бөлүнүп, бир күнү олтуруп Айсулууга:
– Биз эл-журтка кетели, сен кандай дейсиң? – деп, кеңеш сурайт.
– Атаңдан тартып, башынан берки болгон ишти атама айтып көр. Ал киши макул
табар, – дейт Айсулуу.
Акылбек кайнатасы Акимканга барып, атасы Урумкандын уулу экендигин
түшүндүрүп айтты. Кайнатасы Акимкан ыраазы болуп:
– Ушундай де, бул менин айткан калыңым кандай орундалды десем, балам, сенде
касиет бар экен го. Болуптур, баргыла, – деп Акимкан күйөө, кызын узатат.
Акылбек нечен күн жол жүрүп олтуруп, ажыдаарга беш күндүк жол калганда баланын
үшкүрүгү көбөйүп, өңү саруулай баштайт.
– Эмне, көп үшкүрүп саруулайсың? – деди Айсулуу.
– Эми сага айтпаска айла жок. Башынан беркини айтсам, өзүнчө жомок, кыскасы,
биздин элден бир ажыдаар чыккан. Ал ажыдаар сураганымды бер, болбосо сени баш
кылып элиңди сором, – деп, атамды коркуткан. Сураганың эмне деп атам айтканда,
балаңды бергин деген. Ошону менен атам мени ажыдаарга берген. Мен ажыдаарга барсам,
сага жумшаган.
Эми сени алып баратам, менин кайгым сенден ажырап калам го деп, ошого
үшкүрүнүп, сарсанаа болом, – дейт.
– Андан коркпо, мени алып барганда, ажыдаар ыраазы болуп, кара мурут жигит болот
да, менин жанымда олтуруп калат. Баракелде, эр уулум, шер уулум, ушундай ишке жарайт
дегемин деп, көңүлү жайланып, ачкычтын баарын сага берет. Ме, дүнүйө-пулдан
алышыңча алып кет, – дейт. Сага дүнүйөнүн кереги эмне, ачкычтар менен сандыктарын
ачып олтурасың, бир темир чоң кара сандык бар. Ошону ачсаң, ажыдаардын жети курт
жаны бар, колуңа бир балканы алып, жети кара куртту өлтүрсөң, ошону менен ажыдаар
өлөт. Анан ал жердеги дүнүйөнү биз ээлеп калабыз, – дейт Айсулуу.
Аны угуп Акылбек сүйүнүп калат. Жүрүп олтуруп ажыдаарга келет. Айткандай
ажыдаар:
– Баракелде, эр уулум, шер уулум, ушундай ишке жарайт дегемин, ме, ачкычты,
дүнүйөдөн алышыңча алып кет, – деп кара мурут жигит болуп, Айсулуунун жанында
олтуруп калат.
Акылбек ачкычтарды алып, баягы Айсулуу айткан чоң сандыктан жети кара куртту
таап өлтүрөт. Айсулуунун жанындагы кара мурут жигит – ажыдаар өлүп калат. Нечен
соодагерлерди соруп дүнүйөсүн алган. Ошол дүнүйөлөрдү таштап кетпей, ал күмбөздө
туруп калышат.
Айсулуу эгиз эркек төрөйт. Акылбек атын минип, кушту салып жүргөндө, бир күнү
бир жактан бир топ кербендер келе жатып:
– Биякта ак күмбөздөн ажыдаар чыкты деди эле. Билип берген кишиге мал башына
бир дилде, жаан башына бир дилде беребиз.
– Тас уулу менен мен билип берем, – дейт да бир мастан дилделерин алып, арабага
атты кошуп, эч жанга көрүнбөй, бир жерге келип карап жатса, бир жигит эртең менен ак
күмбөздөн аттанып колуна куш алып, кечке куш салып, кечинде ак күмбөзгө кирип кетет.
– Муну адамзат ээлеп алган экен – деп, кемпир айтып келет.
Ошону менен кербенчилер келип кетишет. Баягы мастан кемпир баласын арабасы
менен катып коюп, Акылбектин үйүнө келип:
– Мен бир байкуш мусаапырмын, сууңду алып, отунуңду жагып, ушунда жүрөйүнчү –
дейт.
– Кереги жок, оокатымды өзүм эле жасаймын, – дейт Айсулуу.
– Мейличи, бир мусаапыр кемпир экен, жүрсө жүрсүнчү,
– дейт Акылбек.
Ошону менен кемпир эки күн жүрүп, үчүнчү күндө Акылбек куш салып талаага кеткен
болот. Айсулууга чай берип олтуруп, чайга бир мас болуп жыгылып калуучу дарыны кошо
берип коёт, ошону менен мас болуп жатып калат. Мастан Тас уулун арабасы менен
алдырып келип, Айсулууну арабага салып алып кетет.
Кечинде Акылбек келсе, Айсулуу жок, эки баласы калган. Ошол жерден кокуй наалаты
окшотуп: «Мени чындап кудай урган экен» – деп ыйлап, атты агытып, кушту коё берип,
эки баланы колтугуна көтөрүп, жүрүп келе жатып, жайылып аккан бир чоң сууга кезигет.
Экөөнү көтөрүп кече албай, баланын бирөөнү берки өйүзгө коюп, бирөөнү көтөрүп алып,
кечип наркы өйүзгө кечип келе жатканда, берки баланы бир карышкыр көтөрө качып
кетет. Суунун ортосунда аркы балага барайын деп баратса, аркы баланы да бир
карышкыр көтөрө качып кетет. «Мени кудай жазалаган экен» – деп, өлөйүн десе, жан
таттуу, катын-баласынан айрылып, каңырыгы түтөп, эмне кыларын билбей, жүрүп
олтуруп, бир шаардын четине жетип, жатып калды. Өлдү десе, көрдө жок, тирүү десе,
санда жок болуп, эртең менен эрте турса, шаардагы элдин баары эле ат минип, жөөсү жөө
баары эле колунда бир кесимден эти бар, кукулуган эле адамдар. «Бул эмнеси» – деп
чарчап, бир жерде отурса, бир киши келип:
– Ой, сен кандай кудайдан үмүтүңдү үзгөн адамсың, эмне кукулабайсың?
– Бул кукулаганыңар эмне, ушунун дайынын айтыңызчы?
– дейт Акылбек.
– Дайынын айтсам, ушул шаардын каны өлгөн, ал кан өлөрүндө керээзин айткан,
менин кушумду асманга учургула, кимдин колуна консо ошону көтөргүлө деген, ошол
кандын айтуусу менен кушун учурган, ошол күндөн асманда, эч кимдин колуна конбой
жүрөт. Мына, мынабу эттен үзүп берейин, колуңа алып кукулай көр.
Кош көңүл этти колуна алып:
– Куу! Куу! – деди эле, баягы Акылбектин колуна келип конот.
– Кан табылды, кан көтөрөбүз! – деп элдин баары чуулдап, чуркурап кан көтөрөт.
Ал жерде кан болуп, аял алып, эч нерсе оюнда жок, жыргап жатып калат. Арадан он
беш жыл өткөндө Жайылма суунун боюнда эки бала кой кайтарып келип сүйлөшүп, бирибиринен сурашат.
– Сен кимдин баласысың?
– Мен Атанбайдын баласымын, – дейт бирөө.
– Ботонбайдын баласымын, – дейт экинчиси.
– Ботонбайдын сенден башка канча баласы бар?
– Ботонбайдын менден башка беш баласы бар. Мени менен алты.
– Атанбайдын сенден башка канча баласы бар?
– Атанбайдын баласы менден башка жети баласы бар. Мени менен сегиз бала.
– Сени башка балдарындай көрөбү?
– Жок, башка балдарындай көрбөйт. Күнүгө кой кайтартат. Ал Атанбайдын баласы
Ботонбайдын баласынан сурайт:
– Сеничи, башка балдарындай көрөбү?
– Жок, мени башка балдарындай көрбөйт, мени да күнүгө кой кайтартат, экөөбүз
ушинтип кой кайтарып жүргөнчө, канга качып барып кызмат кылбайлыбы? – дейт.
– Макул, эртең койду жайып келип, ушул жерге коюп, канга качып кирип кетели, –
дешип, эртеси койду жайып келип таштап, качкан бойдон канга барат. Канга кандай
кылып кирерин билбей, баягы эки бала эшикте туруп калышат.
– Силер эмнеге келген балдарсыңар? – дейт кандын жигиттери балдарды көрүп.
– Биз канга кызмат кылалы, – деп келдик. Сиз айтып көрүңүзчү, – деп, балдар кандын
жигиттерине айтат.
Кандын жигиттери канга келип:
– Каным, эшикте эки бала турат, канга кызмат кылып, бала болобуз, – дейт.
– Ал кайдагы балдар, бери чакырчы! – дейт кан.
Аңгыча балдардын аталары келип калат. Балдарды көрүп:
– Мында жүргөн турбайбы, жүргүлө, балдар, кетели, – десе балдар:
– Барбайбыз! – дейт.
– Эмнеге барбайсыңар? – деп сурайт аталары.
– Канга кызмат кылып, бала болобуз.
– Биз издеп келип, бул жерден араң тапсак, барбайбыз дейт, буларды көрчү! – деп,
кыжылдашып турушканда, кандын жигиттери:
– Сиздерди, балдар силерди кан чакырып жатат, – дейт.
Баарысы канга киришет.
– Эмне кылып жүрөсүңөр, эмне сонунуңар бар, айткыла?
– дейт кан.
– Сөзүбүз ушул, каным, эки бала экөөбүздүкү эле, кой кайтарып жүрүп, койду
калтырып, өздөрү жок, сурамжыласак, канга барыптыр деп уктук, келсек, балдар ушул
жерде экен, жүрү десек барбайбыз, канга кызмат кылып, бала болобуз дейт – деп, Атанбай
сөзүн баштады.
– Ушул балдар өзүңөрдүкүбү, чыныңарды айткыла.
– Мен чынымды айтайын, каным, Жайылма чоң суунун боюнда төө издеп келе жатсам,
бир карышкыр бир козу көтөрүп бара жатат. Айкырып, чапчам, таштай качты, барсам
бала, тирүү аман-эсен, тобо, бул кайдагы бала болду деп, ошондон бери жакшылап багып
чоңойтуп, асырап келдим. Быйыл он беште, аты Толубай, өз баламдай эле жүрүүчү,
каным.
– Сен ким деген болосуң?
– Менин атым – Ботонбай, мен дагы чынымды айтайын, каным, ушул Жайылма
суунун боюнан жылкы карап чыксам, жылкым жок, бул кайда кеткен деп келатсам, бир
карышкыр бирдеме көтөрүп бара жатат, козубу же улакпы деп, кыйкырып чаап калсам,
таштай качты. Барсам – бала, карасам тирүү, аман-эсен, үйгө алпарып, түлөөмдү берип, өз
баламдай багып, жылкы издеп жүргөндө таптым деп, атын Жылкыбай койдум. Ошондон
бери багып, балдарымдай эле көрчүмүн, бир күнү кой кайтарып жүрүп, кою калып, өзү
жок, канга барыптыр деген кабар угулду, издеп келсем, ушерде экен. Болгону ушул,
каным, меники да жашы он беште.
Кан ойлонуп отуруп: «Тобо, баягы менин өз балдарым турбайбы» – деп:
– Баргыла, силерге бала жок. Бала меники, силер ушунчалык баланы чоңойтуп,
чочойтуп бакканыңарга ырахмат. Ал үчүн мен силерди ыраазы кылам, бара бергиле –
дейт да, кетирип жиберет.
Кан балдарына кийбегенди кийгизип: «Карышкыр көтөрүп кеткен балдарым
табылды, кой эми аялымды издеп көрөйүн» – деп, элинин баарына жар салды.
– Эч киши калбастан кандын алдынан чубоодон өтсүн, – деп, кан буйрук кылды. Ошол
буйругу менен элдин баары чубоодон кандын алдынан өтө берди. Аялы жок.
– Киши калдыбы? – деп, сурайт кан.
– Бир мастан кемпир уул-келини менен калды.
– Бар, алдырып келгиле! – дейт.
Барып алдырып келет. Мастан Тас уулу менен келинин арабага түшүрүп ала келе
жатат. Караса, Айсулуу.
– Катынды кайдан алдың? – дейт кан Тасты.
– Өзүмкү – деп, жооп берет Тас.
– Өзүңкүбү, сенин энеңди мусаапыр экен десем, мусаапыр эмес, мага уу берип,
уулантып, далайды көрдүм, ишим ак экен, айланып жеттим. Кана, мастан, уулуң экөөң
ажалга жеттиң. Жигиттер, бул экөөнү алып барып өлтүргүлө – деп, кан кемпир менен
Тасты өлтүртөт экен.
БҮБҮКАН БОЛОТКАН КЫЗЫ
1911-жылы Акталаа районуна караштуу Куртка деген жерде туулган. Атасы
Болоткан, энеси Аселдин эки кыз, бир эркек баласы болгон. Эркек бир тууганы Малик, эң
улуу эжеси Калыйча, Бүбүкан ушул үчөөнү кедейчиликтин тарбиясында багып өстүрдү.
1925-жылы он беш жашында эне-атасы жайдын күнү Соңкөлдөн ыйлатып, атка
мингизип, бир жигитке өңөртүп, бир кишиге жетелетип жыйырма сегиз жаштагы
жигитке күйөөгө берди. Күйөөсү жарды, бир оокаттуу туугандары бар экен. Ошонун
оокатын жасап, малын кайтарып, эгинин сугарып жүрдү.
1932-жылдын июль айында атасы Болоткан дүйнөдөн кайтты. Бир тууганы Малик,
энеси Асел экөө калды. Ошол кезде Малик он беш жашта, аябагандай кедей-жарды эле.
Энеси оорулуу, аларга каралашайын десе, өзү жарды, андан да жардам жок. Ошондуктан
энеси менен бир тууганы энесинин төркүнүнө келип, ошол жакта жашап турушту.
Турдугул, Сатылган, Жакып деген үч таякеси жетиштүү, адамкерчиликтүү эле.
1938-жылдын декабрь айында бир тууганы аскерге кетип, энеси жалгыз калды. Өзүнүн
жолдошу Мамбет, Турдугул, Жакып, Сатылган таякелери аскерге кетишип, энесин бага
турган эч адам калбай, аргасыздан өзү колуна алды.
1945-жылга чейин кайын энеси, өзүнүн энеси колхоздо иштеп, жазгысын соко айдап,
күзгүсүн кырман басып, тоого барып карагай кыркып иштеп жүрдү. Эки байбичени багып
жатты. 1945-жылдын аягында кайненеси өлдү. Ошол учурда күйөөсүнөн да кара кагаз
келип, угузушту.
1945-жылдын май айында бир тууганы келди. Үчөө баш кошуп, бирге жашап турду.
Агасы колхоздо иштеди, аялы жок. Ошону менен энесин бир тууганына тапшырып, 1946жылдын аягында Сулайман Курманалиевге турмушка чыкты. Ал кишиден бир кыз, бир
эркек бар. 1946–47-жылдары күйөөсү экөө Кумбел шахтысына кетишет. Жолдошу
Сулайман забойщик болуп иштеди. Өзү забойдун ичинен вагонетка айдап, нечен
эркектерден кем калышпай, иштеп турушту. 1967-жылы пенсияга чыгып, Кочкорго
келишти. Сулайман 1982-жылы 16-ноябрда дүйнөдөн кайтты. Уулу Таалай менен жашап
жатат.
Ал жаш кезинен элдик жомокторго, ырларга ынтызарланып, аңыз, улама кептерин
көкүрөгүндө сактап, үйдө олтурганда келгендерге кеп салып, айтып берип олтурат.
Элге жомокчу, кошокчу катарында белгилүү.
СУЛУУ ИЗДЕГЕН ЖИГИТТЕР
Бир жигиттин түшүнө сулуу кыз кирип, ошо сулуу кызды табамын деп, төгөрөктүн
төрт бурчун төрт, Медийнанын беш бурчун беш айланып кыдырыптыр. Аты ыргайдай,
өзү торгойдой болуп арып-азып, чарчап, таппай келе жатса, бир дарыя суунун башында,
булактын көзүндө ай десе аты жок, күн десе көркү жок бир мелтиреген сулуу келин
олтурат.
Баягы жигит: «Менин түшүмдөгү кыз келин болуп калды, мейли, келин болсо дагы
алайын» – деп ойлоп, сүйлөшүп калды.
Келин макул болуп, жигит үйүнө алып келди. Күндөрдүн биринде баланын досу
учурады.
– А досум, колукту алдыңбы?
– Алдым, – деп, жигит жооп кайтарды.
– Кана, мен колуктуңду көрөйүн, – деп, досу баягы аял алган досунун үйүнө келсе,
алган сулуусу ажыдаар экен.
– Ээ, баатыр, сенин аялың аял эмес, оокат кыла албай, темселеп калган карыган
ажыдаар, – дейт.
Анда берки досу: «Бу менин сулуу аялымды көрө албай, айтып жатат» – деп, ичи
тарыйт.
Аны берки досу билет да:
– Ай, баатыр, сен аялыңдын ичин сылап көр, киндиги болсо – аялың адамзат, киндиги
жок болсо – жылан.
Чыпалагыңды кез-кез тузга мал, уктабай жат, аялыңа шек алдырбай ичин сыла, эгер
шек алдырсаң, бул шаарды бүт чаптырасың, өзүң кошо өлөсүң, – дейт.
Ошо менен баягы жигиттин айтканындай киндиги жок. Эртеси күнү досуна:
– Сенин айтканыңдай киндиги жок экен, – деп айтат.
– Эмесе аялыңдын боюна бүтүп калды, эки айлык, сен бир жакка соода-сатык кылып,
жолоочулап кет, тогуз ай, тогуз күн, тогуз саат, тогуз мүнөт дегенде кел. Ошондо
аялыңдын толготуп, төрөп жаткан учуру болот, – дейт.
Ошо келгенче берки досу бир жакшы кылыч жасап коёт.
– Бул бала түшүп келе жатканда аялыңдын мойнун кыя чап! – деп кылычты колуна
берет.
Жигит аялынын мойнун кыя чабат. Астына түшкөн баланын эч жерине кан тийгизбей
ал деген досу. Бирок алганча баланын көкүрөгүнө энесинин мойнундагы канынан эки
тамчы кан таамп кетет. Ошо менен баягы аялы өгүздөй кырк кулач ажыдаар болуп жатып
калат.
– Эми эмне кылам? – деп досуна кеңешет.
– Жонунан эки карыштай терисинен тилип калып, калганын өрттөп ий, – дейт баягы
жигит.
Ошо менен досу бир күнү дагы учурайт да:
– Балаң кандай бала болду? – дейт.
– Ой, билбейм, бир көтөрүп келген отуну бир шаарды камсыздандырат. Бир ичкенде
бир шаардын тамагын бир ичет, – деп айтат баланын атасы!
– Балаң экөөң биздикине бир конокко барып келчи? – деп досу чакырат.
Алар келгенче досу темирден үй жасап, ичин кооздоп, бир жагынан кирип, бир
жагынан чыгып кеткендей эшик жасайт. Баягы досу баласын ээрчитип конокко барат.
Досу менен баласын темир үйгө ээрчитип кирет. Жасалгалуу биринчи үйгө бала,
экинчисине баланын атасы кирет.
Досу баланын атасы экөө бир эшигинен кирип, бир эшигинен чыгып кеткенден
кийин, бала эмеспи, сүрөттөргө каралап, артта калат. Шап эшик жабылып, бекилет. Ошо
менен бала бакырганда баягы темири асманга үч көтөрүлүп, үч түшөт. Жети күнү бир
кесим нан, бир чөйчөк суу берип багып, андан кийин бир талаага ор кастырып, бир бээни
союп, казысын ичине жайдырып таштайт. Жети кетмен, жети нан койдурат. Ачыккан
баланы чынжырга байлап алып, ордун башына коёт. Этти, нанды көрүп оп тартканда
оозунан эки жылан атып кетип, жети катар нандан, казыдан өтүп, жети катар кетменге
барып токтойт. Жылан атып кеткенден кийин баланын эси ооп, жалдырап жыгылып
калат. Сүт берип, ак боз бээнин сүтүнө киринтип, баланы адалдап үйүнө алып келет.
Баягы эки тамчы кан баланын денеси менен бирге өсүп, жылан болуп, кийинки учурда
бала ажыдаарга айланып калмак. Досунун илим-билими менен бала аман-эсен тазаланат.
Ушундан кийин баланы атанын канынан жаралды, бала эркектики деп айтылып
келген экен.
ЖЫЛАН МЕНЕН КЫЗДЫН АҢГЕМЕСИ
Илгери учурда талаада бир кыз тезек терип жүрсө, бир ак жылан, бир кара чаар жылан
алдынан чыгат. Ак жылан ийинге кире качат. Кара чаар жылан ийинге жете элегинде кыз
өлтүрүп салат.
Ошо менен жүрө берет, кыз бойго жетет. Бойго жеткенде кыздын кичинекейинде
кайындап койгон күйөөсү бар экен.
– Кыз он алты жашка чыкты! – деп, күйөөсү калың айдап, малын алып, баягы кызды
алмакчы болуп келип, күйөөлөп жаткан түнү күйөөсү кыз менен сүйлөшпөй, бир күн
ыракаттанбай төшөк үстүндө өлөт.
Кыз аман. Баягы күйөөнүн алып келген малын ата-энелери алып үйүнө кайтат.
Ошондой кабарды угуп, дагы бирөө куда түшүп, малын айдап келип, той өткөрүп жигит
кызды алып үйүнө барып, түлөө тоюн өткөрүп, жатып калган түнү баягы күйөөсү өлүп,
кыз дагы күйөө менен жүздөшпөйт. Андан кийин беш күйөөгө барып, баш-аягы жети
күйөөсү өлөт. Ушуну менен кыз бир көзү ачык молдого барып, бал китеп ачтырат.
– Менин кандай бактым, жети күйөөгө барсам, жетөө тең өлдү?
Ошондо молдо бал китебин ачып олтуруп:
– Талаадан бир окуя көрдүң беле? – деп, кызга суроо берет. Кыз баягы жылан
өлтүргөнү эсинен чыгып кетет.
– Жок, мен көргөн жок элем, – дейт.
– Талаадан бир жылан өлтүрдүң беле? – деп молдо айтат. Унутуп калган кыз:
– Билбейм! – дейт.
– Сен жакшы ойлонуп эстегин. Кандай жерден, кайсы убактыда, кандай жылан
өлтүрдүң?
Баягы кыз кичирээк чагында өлтүргөнү эсине келбей, үйүнө келип жатып калат.
Арадан үч күн өткөндөн кийин баягы жылан түшүнө кирип, түшүндө кыз баягыдай
талаада тезек терип жүрөт, кадимкидей жыланды өлтүрөт. Бир жылан кутулуп жерге
кирип кетет, түшүндө баягы жылан өлтүргөн жеринде болот. Ошондо кыз: «А мен бала
кезде ушундай болбодум беле» – деп, баягы бала кезинде өлтүргөн жыланды эстеп,
эртеси күнү молдого келет.
– Молдоке, мен эстедим, талаада тезек терип жүрсөм, эки жылан учурады. Ак жылан
ийинге кире качкан. Кара чаар жыланды өлтүрүп, ошо жерге көөмп салгам, – дейт.
Ошондо молдо бал китебин ачып, кыздын окуясын карап отурса, кара чаар жылан
менен ак жыландын үйлөнүп жаткан күнү экен. Баягы ак жылан кыз, кара чаар жылан
күйөөсү экен. Экөөнүн бир түнкү сүйүүсүнө жетиштирбей, кыз өлтүрүп койгон.
– Сен мендей күйөөгө барарсың, мен да сенин сүйүүңө жеткирбеймин – деп, ошондо ак
жылан ант берген.
Ошо менен кыздын күйөөсү үйлөнгөн күнү ак жылан өлтүрө берип, кыз сүйүүгө
жетпей, кыз боюнча калып калган. Ак жылан да күйөөсүнүн кунун кууп, кыз боюнча жүрө
берген.
Ошо менен кызга молдо:
– Сенин ошол күйөөлөрүңдү күйөөсүнүн кунун кууп, жылан өлтүрүп жүргөн. Эми сен
мага миң дилде бер, мурунку күйөөңдү тирилтип берем, – деп кыздан миң дилдени алып,
булактын башына барып, кырк бир күн окуганда жыландын падышасы булактын башына
келет.
– Эй, молдо, өлгөн адам тирилеби, өчкөн кайра тамабы? – деп, жыландын падышасы
молдого айтат.
– Ээ, жылан падышасы, менин пендемди тирилтип бер, сенин жыланыңды биз
тирилтип берели, – деп, молдо жыланга жооп кайтарат.
– Өлгөн адамды тирилтүүгө күчүбүз жетпейт. Бул алдамчы молдонун өзүн чагып
өлтүр, кызды алдаган немени, – деп, жыландын падышасы бир жыланга буйрук берет.
Жылан барып молдону чагып өлтүргөндө койнунан ат башындай алтын, кой
башындай күмүш ыргып кетет.
Ошо чагып өлтүргөн жылан, бая ат башындай алтын, кой башындай күмүштү коргоп,
курчап жатып калган экен. Ошол күндөн ушул күнгө ордолуу жылан жаткан жерде алтын
бар деп айтылып калыптыр.
ӨГӨЙ ЭНЕ
Бир абышканын байбичеси өлүп, анын Нуркан, Мустапа деген эки баласы калат.
Нуркан улуусу, Мустапа кичүүсү. Абышка бай, бардар. Балдардын энеси өлгөндөн кийин
бир төрөбөгөн аял алат.
Анан ошо менен жүрөт-жүрөт, атасы барда өгөй эне балдарга тамакты дурустап
алдына коюп, атасы жокто айранга суу кошуп берип:
– Бар талаага, кой кайтарып кел! – деп, айдап жиберет.
Бая эки бала койчулардын жанына барып, кой кайтарышып, өңү азат, арыктайт,
кирдейт.
– Эки бала эмне начарлап кетти, көз салсаңчы – дейт, бир күнү атасы.
– Көз салып жатам – деп, жооп берет өгөй эне. Атасы барда талканды элеп, көөлөп
берсе атасы жокто кебеги менен көөлөп берет.
Улуусу эстүүрөөк, элеп берген талкандын теңин жеп, теңин түйүп, элебей
көөлөгөндүн да теңин жеп, теңин түйүп коёт.
– Силер талаадан эмне ичип, эмне жеп келдиңер? – деп, балдарды сабайт.
– Эчтеке жегенибиз жок – деп, чоң баласы эстүүрөөк айтпай коёт.
– Тезекчи абам бир кой союп берди, – деп, эс-акылы кире элек кичирээги токмоктон
коркуп айтып коёт.
– Талаадан кой союп жептир, – деп, кечинде бай келгенде атасына айтат.
Бай Тезекчини чакырып, суракка алса, Тезекчи өлгөндөй танат. Кичинекей бала тана
албай, чындыкты мойнуна салат. Тезекчи койчу байдан кордукту көрүп, кара өгүз менен
кайкайып, антип-минтип койго жеткенче койдун теңин бир кара карышкыр кырып салат.
– Боорукер койчуң койдун баарын кырдырды! – деп, баягы албуут эне байга
кыйкырып, койчуну кубалатып жиберет.
Тезекчи ал байдан чыгып, башка байга койчу болот. Бая эки бала Тезекчинин ордуна
кой кайтарып, баягы кырга коюн жайып барып, Тезекчи койчуга учурап, алып келген
азык- түлүгү, май, сүтүнөн чогуу ичип-жеп, өңдөнө баштайт. Анда өгөй эне: «Бул экөө
өңдөнүп, семирип, сергип кетти» – деп, каршылык кылып.
– Кой-козуңдан союп жеп жатат, – деп, дагы атасына жамандайт.
Анда эси жок ата өлөрчө эки баланы тепкилеп, эки жоон санына кыл чылбыр менен
толготуп, эки баланын алы-күчүн бүт кетиртип таштайт. Ошо менен балдар баса албай,
бир ай үйгө жатып калат. Бая ата эмеспи, малынан сойдуруп, балдарга өз колу менен
тамак берип өңдөнтүп, тыңытып, жакшылап багып калат.
Күз болот, мал семирет. Малайларына мал айдатып алып, бай Анжиянга кетет. Ошо
соода-сатык кылып жүрүп, бай бир ай кечигет.
Бая балдар чоңоюп калган. Байдын артынан өгөй эне кат жазат: «Бай, тез кел. Мени
эки балаң койнума кол салып, тынчымды кетирди», – деп балдарды каралап, ак жеринен
күйгүзүп, байды чакыртат. Бай келет, суроо берет. Баягы өгөй эне каралап:
– Эки балаң менин койнума кол салды, – деп айтып берет. Эки баланы чакырып, бай
суракка алат. Эки бала атасына:
– Ал ишке барганыбыз жок! – деп, кай шиленип, кай карганса деле бай ишенбей:
– Эки баланы өлтүргүлө! – деп, жигиттерине буйрук берет. Эки баланы алып жигиттер
талаага чыгат. Эки бала:
– Ушу бизди кантип өлтүрөсүңөр, өлтүрбөгүлө, акелер!.. – деп жигиттерине,
койчуларына жалынат. Бая жигиттер, койчулар болбой дарга асып өлтүргөнү жатканда
бир арпа сугарган кедей-дыйкан келет.
– Ой, баатырлар, эмне кылган жатасыңар?
– Ушу балдарды өлтүргөн жатабыз.
– Ой, бул баланын кандай кылмышы бар? Жан соога, бул баланы мага бер.
– Бул балдардын кылмышы көп, бербейбиз! – деп, баягы жигиттер айтат.
– Деги кылмышын айткылачы.
– Өз энеси өлүп калды эле, өгөй энесинин койнуна кол салыптыр.
– Ошол да кылмышпы, өгөй эненин кастыгы!.. Ошо эки баланы мага бер, жан соога! –
деп, жигиттерден сурап алат.
– Биз өлтүрдүк деп эмне белги алып барабыз, байга?
– Койдон бирди сойгула, эки баланын көйнөгүн канга боёгула. Балаңды өлтүрдүк деп
эки көйнөктү алып барып бергиле, ишенет! – деп, бир койду союп, этине тоюп, канга эки
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Жомокчулар Жана Жомоктор - 25
  • Parts
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 01
    Total number of words is 4062
    Total number of unique words is 1893
    34.1 of words are in the 2000 most common words
    46.8 of words are in the 5000 most common words
    52.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 02
    Total number of words is 4214
    Total number of unique words is 2104
    32.9 of words are in the 2000 most common words
    44.6 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 03
    Total number of words is 4152
    Total number of unique words is 2045
    34.6 of words are in the 2000 most common words
    47.4 of words are in the 5000 most common words
    54.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 04
    Total number of words is 4150
    Total number of unique words is 2066
    32.5 of words are in the 2000 most common words
    45.7 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 05
    Total number of words is 4129
    Total number of unique words is 1861
    36.1 of words are in the 2000 most common words
    48.6 of words are in the 5000 most common words
    54.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 06
    Total number of words is 4073
    Total number of unique words is 1772
    37.9 of words are in the 2000 most common words
    50.9 of words are in the 5000 most common words
    56.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 07
    Total number of words is 4031
    Total number of unique words is 2005
    35.4 of words are in the 2000 most common words
    47.5 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 08
    Total number of words is 4000
    Total number of unique words is 1967
    34.2 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    55.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 09
    Total number of words is 4090
    Total number of unique words is 2041
    34.4 of words are in the 2000 most common words
    48.3 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 10
    Total number of words is 4090
    Total number of unique words is 1755
    36.3 of words are in the 2000 most common words
    49.5 of words are in the 5000 most common words
    55.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 11
    Total number of words is 4202
    Total number of unique words is 1835
    37.9 of words are in the 2000 most common words
    50.3 of words are in the 5000 most common words
    56.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 12
    Total number of words is 4059
    Total number of unique words is 1853
    34.9 of words are in the 2000 most common words
    47.5 of words are in the 5000 most common words
    53.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 13
    Total number of words is 4023
    Total number of unique words is 1816
    36.1 of words are in the 2000 most common words
    49.0 of words are in the 5000 most common words
    55.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 14
    Total number of words is 4128
    Total number of unique words is 1794
    35.4 of words are in the 2000 most common words
    48.5 of words are in the 5000 most common words
    55.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 15
    Total number of words is 4128
    Total number of unique words is 1880
    33.4 of words are in the 2000 most common words
    47.5 of words are in the 5000 most common words
    54.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 16
    Total number of words is 3951
    Total number of unique words is 1518
    36.3 of words are in the 2000 most common words
    49.6 of words are in the 5000 most common words
    57.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 17
    Total number of words is 3907
    Total number of unique words is 1675
    37.0 of words are in the 2000 most common words
    49.9 of words are in the 5000 most common words
    56.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 18
    Total number of words is 4005
    Total number of unique words is 1671
    37.2 of words are in the 2000 most common words
    51.2 of words are in the 5000 most common words
    57.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 19
    Total number of words is 4054
    Total number of unique words is 2029
    33.6 of words are in the 2000 most common words
    46.8 of words are in the 5000 most common words
    53.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 20
    Total number of words is 4155
    Total number of unique words is 1829
    34.3 of words are in the 2000 most common words
    47.3 of words are in the 5000 most common words
    52.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 21
    Total number of words is 4145
    Total number of unique words is 1916
    33.5 of words are in the 2000 most common words
    46.1 of words are in the 5000 most common words
    53.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 22
    Total number of words is 4175
    Total number of unique words is 1923
    35.3 of words are in the 2000 most common words
    48.7 of words are in the 5000 most common words
    54.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 23
    Total number of words is 3979
    Total number of unique words is 1623
    36.1 of words are in the 2000 most common words
    48.7 of words are in the 5000 most common words
    54.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 24
    Total number of words is 4111
    Total number of unique words is 1658
    36.5 of words are in the 2000 most common words
    49.2 of words are in the 5000 most common words
    54.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 25
    Total number of words is 4082
    Total number of unique words is 1920
    33.7 of words are in the 2000 most common words
    46.1 of words are in the 5000 most common words
    53.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 26
    Total number of words is 3970
    Total number of unique words is 1798
    32.3 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 27
    Total number of words is 4049
    Total number of unique words is 1925
    35.2 of words are in the 2000 most common words
    48.5 of words are in the 5000 most common words
    54.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 28
    Total number of words is 4196
    Total number of unique words is 1935
    34.7 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 29
    Total number of words is 4079
    Total number of unique words is 2069
    33.0 of words are in the 2000 most common words
    44.8 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 30
    Total number of words is 4175
    Total number of unique words is 2074
    33.1 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    52.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 31
    Total number of words is 4117
    Total number of unique words is 2049
    32.9 of words are in the 2000 most common words
    46.1 of words are in the 5000 most common words
    52.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 32
    Total number of words is 4160
    Total number of unique words is 2020
    33.9 of words are in the 2000 most common words
    46.5 of words are in the 5000 most common words
    53.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 33
    Total number of words is 4042
    Total number of unique words is 1830
    36.4 of words are in the 2000 most common words
    49.7 of words are in the 5000 most common words
    55.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 34
    Total number of words is 4275
    Total number of unique words is 1721
    36.7 of words are in the 2000 most common words
    50.1 of words are in the 5000 most common words
    56.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 35
    Total number of words is 4047
    Total number of unique words is 2016
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 36
    Total number of words is 1590
    Total number of unique words is 953
    41.2 of words are in the 2000 most common words
    52.2 of words are in the 5000 most common words
    57.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.