Latin

Жомокчулар Жана Жомоктор - 31

Total number of words is 4117
Total number of unique words is 2049
32.9 of words are in the 2000 most common words
46.1 of words are in the 5000 most common words
52.5 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Ажалым жетти, мен өлдүм,
Бир окту сага аталбай,
–деп айтып, – сен мага наамарттык кылып алыстан атып койдуң. Сары тулпардын
жалындагы жазайылдан мерт болосуң – деп атам айтчу эле. Бала баатыр Саргалдай
кереметтүү аты менен дөөлөрдү кырат дечү эле!.. Ошол мүмкүн ушул турбайбы… Мен сага
достошо албай жүрчү элем. Тирүүмдө болбосо да, ушул жан таслим болуп жаткан маалда
достошсоң, бизден кийинки бала-чакалар ынтымактуу болуп өтүшсүн. Бол, Саргалдай,
мени кыйнаба! Өзүмдүн ач албарс кылычым менен кыя чаап ташта, кыйналбай өлөйүн,
жүрөгүмдү сууруп алып, жүрөгүңө бас, менден да жүрөктүү баатыр болосуң. Ичегимди
алып, ичегиңе басып, белиңе орогун, белдешип душман жеңбеген баатыр болосуң, – деди
да узап кетти.
Сары тулпар Саргалдайды ээрчите алыска алып барып:
– Бул Ак дөөнүн нагыз душман экенин билесиңби. Өзүнүн ач албарс кылычы менен
моюнун кесип, жүрөгүн сууруп, сууга ыргыткын, ичегисин алып, чынар терекке орогун –
деди.
Кереметтүү сары тулпардын айтканын угуп, ач албарс кылычын сууруп, сууга
ыргытты эле, адам агызып жаткан чоң суудан тамчы суу калбай соолуп, заматта кургап
калды. Экинчи жолу ичегисин алып, чынар терекке орой койду эле, көз ачып-жумганча
кыйылып түштү.
Саргалдай сары тулпарын карай басты эле, оозу төөнөлүү кыз учурайт.
– Сен эмне кылып жүргөн кызсың? – деп сурайт.
– Мен келгениме көп жыл болуп калды. Келген күндөн баштап алтын-күмүш, асыл баа
буюмдарын каткан казынасын кайтартат, даамдуу оокаттарды ичип, бирөө менен
сүйлөшүп, сыр ачып коёсуң деп дайыма эки жакка кетсе оозумду төөнөп кетет – деп
күңкүлдөп түшүндүрдү.
Саргалдай оозун төөнөгөн шишин жулуп алып, Ак дөөнүн тулпарына мингизип:
– Жол көргөзүп бергин, – деп өзүнө кошуп алды. Андан ары бара жатып кыздан: –
Мындан ары кимдер бар? – деп, сыр сурады.
– Ак дөөнү атып душманыңды жеңдиби, сен күнчүлүктөн атпаганыңда, дубалап сени
жок кылып коймок. Эми Көк дөөнүн абдан сак түлкү кароолу күнү-түнү уктабайт.
Түнкүсүн жылдызын карай түндүккө жол жүрсөң, кадимкидей Жети аркардын жайылып
жүргөнүн көрөсүң. Алардын ичинде карды салык кара аркар бар, ошону атып өлтүр.
Аркардын ичине сыйкырлап бекитип таштаган темир сандыкта Көк дөөнүн жаны – жети
балапан. Эми аркарлар караңгыда учурайбы, күндүз учурайбы, таамай мээлеп атпасаң,
баарыбыз өлүм болобуз, – деди сулуу кыз.
Көп узабай айлуу түндө көгөргөн тоонун тумшугу түгөнө берген жеринен аркарлар
күндүз бирөөлөр сезип коёт деп, караңгыда сууга чубап түшүп келаткан экен жыт алып:
– Адамзаттын жыты жыттанат, сууга барбай кете берелик
– десе, баягы карды салык кара аркар болбой сууну көздөй жөнөйт. «Ушунча жылдан
бери темир сандык ичимди эзип кыйнап болду. Адамзаттын колунан өлгөнүм бул
көрөкчө сооп эмеспи» – деп, сууну карай жөнөдү. Аркасынан алтоо ээрчип келип, суу ичип
кайра тартканда:
– Ата албасам мага жаман, жазып тийсең жазайыл сага жаман деп, такыр колтук тушу
деп, өлөр жериң ушу – деп, жазайылды дүң дедире басып туруп калды.
Карды салык кара аркар типтик түйүлүп барып, ала салып жатып калды. Түлкү
кароолу кеч калыптыр.
«Адамзаттын жыты жыттанды, шамал оңдоп кетти, бул жерге ажалдуу адам келбесе,
башкасы кайдан жетти?» – деп, түлкү акең жойлоп келип, бир шумдуктун болгонун сезди
да, Көк дөөнү карай зымырады.
Барса Көк дөө кабыргасынан кагынып, төбөсүнөн сезгенип, адам тааныгыс абалда
жаткан экен.
– Кел, түлкү баатыр, жакын отурчу, сен чыккынчылык кылган жоксуңбу? Аркарлар
кайда болорун сенден башка ким билет. Аны билген адамзат жарала элек деп жүрсөм,
өзүмдү өлтүрүүгө келип калган белем. Сен аркылуу болуп жүрбөсүн, түлкү баатыр! Бери
жакын отур, ажал чиркин жакындаган сайын, кулак чиркин укпай жатат. Жакын отурары
менен көк болот кылычы менен курсагын жара сайып сурай баштады, терисин сыйрып
кирет.
– Кана айтарсың, түлкүм, айтарсың. Айтпасаң жаның колумда, а дүйнө көздөй
кайтарсың, – деп жанын көзүнө көргөзүп, терисин сыйрый баштаганда:
– Эмнени айтайын, күн батыш тараптан адамзаттын жыты жыттана түшүп, эч нерсе
көзгө көрүнбөй койгон. Көрсө, Кансейиттин Саргалдай айры белес кайкаңды аша келген
турбайбы. Карды салык кара аркар ата келген турбайбы. Антыңды унутсам, Көк дөөм,
мени кудай урбайбы.
Өлтүрсөң – жаным колуңда,
Жулсаң – жүнүм колуңда.
Нас баскан түлкү баатырмын,
Батмак элем сонунга.
Тоотпогон акмакты,
Алып турам моюнга.
Деген сөзүнө болбостон:
– Саргалдай менен дос болуп,
Сырыңды ачтың душманга.
Карайлап турам катуу ооруп,
Экөөңдү бирдей жутканга.
Түбүмө жеттиң куу түлкү,
Калтырдың мени бышманга.
Калтылдап өйдө тура албайм,
Кан аралаш сары зил
Катуу ооруп кузганга.
Бир беттешип өлсөмчү,
Саргалдай сындуу душманга.
Тумшукка чейин жиреди,
Ырсаңда, түлкүм, ырсаңда.
Ажал алдына ачууга ууккан дөө терисин сыйрып ыргытып, түлкүнүн мойнун бурап,
кыпкызыл жылаңач ичегисин чубалткан бойдон ыргыткан экен. Ошондон түлкү-күлкү
деген сөз калган дешет. Ичегисине чалынып ырсаңдай качып түлкү өлдү.
Жаны чыкпай башмалдак атып жаткан учурда Саргалдай Көк дөөнүн жаткан жерине
жакындап калган кези эле. Аркардын ичиндеги жети балапандын алтоону өлтүрүп, алты
жакка ыргытып, бир балапанын тирүү калтырып, койнуна катып келе берет. Бирок баягы
Көк дөөгө жакындашканда Саргалдайдын бир жак ныптасынан, кабыргасынан кысып,
өпкө-жүрөгүн куушурултуп жибергенинен секин койнунан алып чыгайын десе, алдырбай
кабыргага тумшугун матыра баштайт. Акыры зор аракет кылып, мойнун толгоп чыгарып,
колуна алары менен Сары тулпар келип, баягы балапандын башын жара чайнап өлтүрөт.
Саргалдай Көк дөөнүн үстүнө кирсе, жаны жаңы эле чыгып, аяк-башы суналып калган
кез экен. Аңгыча болбой ашкана тараптан эки кыз чыга келишет. Ооздору төөнөлгөн.
Мурдагы дөөдөн кандим болуп калган Саргалдай дароо шиштерин сууруп алып,
сураштыра баштаса, бирин аялдыкка алыптыр, бирин үй жумушуна жумшап жүргөн
кыздардан экен.
Көк дөөнүн тулпарына бирөөнү мингизип, Ак дөөнүн үйүнөн келе жаткан кызга
кошуп, андан ары жол жүрүүнү улантат. Эки тулпарчан эки кызды ээрчитип, Кара дөөнү
карай жол тартып бара жатышып, тиги кыздардан Саргалдай Кара дөөнүн жайын сурайт.
– Мына ушул кара тоонун эң чокусунда жолборс кароолу бар. Аны эч пенде алмак
тургай, жакындап алдына бара алган эмес. Түштүк жол калганда жолборстун
күркүрөгөнү, Кара дөөнүн кыйкырган добушу угулуп турат. Кара дөө жеткен дубакөй,
күчтүү айлакер, сыйкырчы, малдарын семиртип туруп ташка айлантып коёт. Малдары
бир калыпта семиздикте тура берет. Кай маалда өзүнө керектүү малын жан киргизип
дароо союп, жей берет. Буга алышып да, атышып да ушул убакка чейин эч жан тең келген
эмес. Уккан кабарга караганда мунун жанын жанагы жолборско киргизип, сыйкырлап
койгон дешет. Кара дөөгө эч кандай дөөлөр да, баатырлар да даап келе алган эмес экен.
Буга бир көзгө атар айлакер кыл мерген болсо, Кара дөөгө тийбей, күркүрөп чамынып
жаткан учурда жолборстун эки көзүнүн ортосунда бармак басым агы бар дейт, ошол акка
таамай атса, Кара дөө өлөт, андан башка эч Кара дөөнү өлтүрүү жолу жок. Өзүн атсаң
баарыбыздын ажалыбыздын жеткени, бир жак азуусунун кычыгына да туура келбей, бул
тургандарыбыз жок болобуз. Сенин жазайыл мылтыгыңа арналган, аксакал-акылмандар
жети жылы ачыткан уу бар. Ошол ууга окторуңду бир күн чылап коюп, анан алып
сергитип, тоборсугандан кийин гана октош керек. Антпесе жөнөкөй окко өлбөй калууга
тийиш дешип, баягы сулуулар өздөрүнүн көргөн-билгендерин Саргалдайга тартынбастан
айтып беришти.
Ошол замат Саргалдай жети жылы чыланган ууга окторун салып, бир күнү күнү-түнү
менен чылап коюп, окторунун баарын даярлап коёт. Эртеси таң азандан кара тоонун
чокусун карата дүрбү салып караса, эч нерседен бейкабар жолборс чамынып, Кара дөө
менен алышып, ойноп жаткан учуру экен.
Берки сулуу кыздар айтышты:
– Сиз жанагы жолборстун маңдайындагы бармак басым ак таамай көрүнгөнчө
жакындап бара бериңиз, ага чейин алар эч нерсе менен иши жок алышып ойной берет, –
дешти кыздар. Саргалдай сары тулпарды кыздардын жанына таштап, кара тоонун
чокусун карай жазайыл мылтыгын алып жол тартып, туу чокуга жете бергенде, бас
белести бетке алып, жазайыл мылтыгын сундура чыкты. «Ата албасам менде айып,
өлтүрө албасаң чыланган уу окто айып – деп, кароолго жеткире мелтирете тиктеп, үч
жолу тартып алып, кайра сундурду.
Үчүнчүсүндө: – Жигиттин пири Шаймерден колдосоң – колдо, мен мерген дөөлөрдүн
баарын кырсам деп, аттанып чыктым эл-жерден, намыстандым жашымдан Кансейит
атам өзүмдү өлүмгө буйрук бергенден» – деп, өз ичинен тобосун келтирип, жолборстун
маңдайындагы бармак басым акка кароолду мелтиретип тиктеп, басып жибергенде,
жолборс түндүк бою түйүлүп келип, Кара дөөнү апчып, Кара дөө жолборсту мыкчып,
ооздорунан кан кетип, бирин бири коё бербей, денелеринен жан кетип, карышкан бойдон
жан беришти.
Кызыкка баткан Саргалдай эки жагын арылтып: «Чын эле өлдүбү, же сынамакчы
болуп жатып алыштыбы?» – деп, аярлай басып келип караса, экөөнүн тең оозунан көбүк
аралаш кан куюлуп жатканын көрүп, өлгөндүгүнө толук ишенет.
Кара дөөнүн мекен кылган үңкүрүнө кирсе, алтындан такты жасап, күмүш түркүк
орнотуп, хандардын сарайынан да ашыкча, кирген киши чыккысыз кылып жасап койгон
экен. Эки сулуу кыз эки жагынан чыгып келип, кол берип учурашып, көп жылдап туруп
калышкандыктарын айтып, бул дөөлөрдү эч ким жеңе албайт, кандай пенде жеңип,
биздерди куткарар экен деген ойлорго батышканын айтышып, акырында Саргалдайдын
айлакерлигине, акылмандыгына, жүрөктүүлүгүнө, жазбай аткан жазганбас, сүрдөбөс
мергенчилигине чын жүрөктөн ыраазы болушуп, кайда болсо да баарыбыз силер менен
чогуу бололук деп кеңешишип, Кара дөөнүн казынасындагы алтын-күмүштөн, асыл баа
буюмдардан эки тулпарга зыңгырата жүктөшүп, кыздын бири Кара дөөнүн мекенин, Ак
дөөнүн мекендеген жерин бир кыз, Көк дөөнүн мекендеген жерин бир кыз башкарып, үч
кыз өздөрүнүн колунан келишинче дөөлөрдүн тулпарларын мингизип, Саргалдайга
кошуп узатышат. Жети күнчүлүк жерге узатып келишип:
– Эми бизден кабар алып, колдон келсе, тез-тез келип турсаңар, биздин көргөн
күнүбүз эмне болот? – дешип, кыздар ыйлашып, коштошуп калып калышат. Эки-үч күнү
удаа жол жүргөндөн кийин, баягы өзү калтырып кеткен агаларына келет. Агалары баягы
сары тулпардын жасап берген сыйкырлуу оокатын ичип-жешип, дүнүйө бейкапар
жатышкан экен. Саргалдай үч дөөнүн үч сулуу кыздары менен, эчен тулпарларга
жүктөлгөн алтын-күмүш жана башка асыл баа буюмдар менен келип, агалары менен
аман-эсен көрүшүп, душманды жеңгенин, аздыр-көптүр кыйналыштык көргөнүн, түбөлүк
душмандары Ак дөө, Көк дөө, Кара дөөлөрдүн өлгөнүн, агаларынын алдында кубанычы
койнуна батпай, ал жерге үч кызды үч дөөнүн мекенине дөөлөрдүн ордуна эли-жерин
башкарып турууга дайындап келгенин айтып берип отурду.
Ошондо эки агасы Жармаңдай менен Калмаңдай сыртынан инисинин сөзүн угуп,
баатырлыгын, тайманбай дөөлөрдү аткандыгын мактап отурганы менен, ичтерине
жаман ой- сезимдер пайда боло баштады, ал сезимдер төмөндөгүчө: ысык кумдун
илебине чыдабай, азык-оокат жетишпей калса ачкалыкка чыдабай, бардаштары
жоктугунан атыңды союп бергин деп, инисин кыйнагандары, иниси тулпарын союп
беремин деп, сары тулпарды жыгып, мууздаймын дегенде, дүйүм тамак даяр болуп
калып, ошол жалганчы тамакка алданып, өлүм алдында инисин жалгыз жибергендиктери
агаларын катуу ойлонтту. Эми минтип, атынан башка жардамы жок, жалгыз өзү барып
жоосун жеңип, канча олжо менен дөөлөрдүн тулпарларын жана алтын-күмүш менен үч
сулуу кыз алып келип олтурса, ушинтип биз бери жакта калдык эле десек, кандай таш
боор бир туугандар колдорунан келген жардамын бербей, инисинин жолуна тоскоолдук
кылган деп, кандай жан болсо да айтпайбы. А көрө бир акыл табыш керек. Элижуртубузга уят болбогондой бололу.
Экөөбүз улуу болсок, анан кичүүсүнө жардам бербегенибиз аз келгенсип, атак-даңк да
албасак, а көрөкчө атабыздын айтуусу боюнча Саргалдайды дөөлөрдөн мурда
жайлаганбыз дебейликби да, Саргалдайды өлүмгө көзүбүз кыйбаса да, бир жолун таап
ушул жерде кала турган кылалы деп, эки агасы кеңешип Саргалдай жаткан үйдүн
эшигине кылычты туура байлашып, катуу уйкуда жаткан инисин эки тараптан экөө
келип:
– Жоо келди! Каптап келди! Тулпарлар менен кыздарды алып кетти! Камырабай жата
бересиң? – деп, агалары кыйкырганда, уйкулуу көзү менен чуркап чыгамын деп, кылычка
урунуп, эки тизеден эки буту шарт түшүп калат. Мурдатан даярланып алган эки агасы
тулпарларды алып келишип, алтын-күмүш дүр-дүнүйөнү жүктөшүп, үч сулуу кызды өз-өз
тулпарына мингизип, Саргалдайга кылчайып карабай кете беришет. Өзүн өзү жаман
куйкул сары ат кылып куулуп, баса албай аксап сары тулпар Саргалдай калган жерде кала
берет. Экинчи өзү менен кошо колунда ала жүргөн жазайыл мылтыгы калат. Эки тизеден
түшүп калган буттарынын жанында, бир тууган байкелеринин көрүнөө кылган ишине
муңканып айтып турганы:
Аралап өсүп чоңойдум,
Ата Журт кыргыз төрлөрүн.
Өлүмдөн коркуп качканча,
Атамдан неге өлбөдүм!..
Ит-кушка мени жем кылбай,
Байкелер, неге көмбөдүң.
Кийинки атам Кедейбай,
Кейиштүү күнүм көрбөдүң.
Зууракан апам экөөлөп,
Жар көчүрүп көмбөдүң!..
Эки буту жок, эп да жок.
Кара мүртөз, байкелер,
Кайрылып бириң келбедиң.
Ак дөөнү аттым алыстан,
Ал намысты алып берген
Кедейбай атам даанышман.
Караңгыда Көк бөрү дөөнү,
Кароолу менен сулаттым.
Каргашалуу Кара дөөнү
Жолборс менен кулаттым.
Жосуну жок, байкелер,
Жоолашкандай не жаздым.
Эки буттан ажырап,
Карып болгон убагым.
Как эткен карга жүрбөгөн
Кумдуу чөл болду турагым.
Эки агам кылды кордукту,
Кимдерге жетет убалым.
Ажалым жетип өлгөнчө,
Айла жок жашай турайын, –
деп, көз жашын көлдөтүп, муңун кимге айтаарын билбей, заманасы куурулуп, сан ойго
батып думугуп, ичинен чери тарабай, эки жерде жаткан эки бутун алып коюуга жарабай,
эси ооп, жазайыл мылтыгын кармалап турса, шартылдаган добуш чыгат. Кылчайып
артын караса, бир эликти кубалап эки колу жок чолок киши келе жатканын көрөт. «Көр
оокаттын айынан, элсиз жерде күн көрүп жүргөн мендей шордуунун бирисиң го» – деп
элигин ыргыта атып коёт.
– Айланайын тилегиңе жет! Көп күндөн бери наар сыза элек элем, – деп, Саргалдайга
салам айта келип, эки бутунун эки жерде жатканына таң калып, жакын отуруп –
белимдеги курду чечкин, кагылайын! Ичинде кырма кызыл дарысын кытай табыбы
берди эле, ажеп эмес, бир шыпаа болуп кеткиси бардыр, – деп, дарысын чечтирип,
сыйпаар менен кан токтоп, ооруганы басыла баштайт.
Аңгыча дагы бир дүбүрөгөн добуш чыгат, караса бир коёнду кубалап бир киши келе
жатат, караса эки көзү жок. «Бул дагы мендей шордуунун бири го» – деп, коёнун ыргыта
атат.
– Ким болсоң да өмүрүңө береке берсин. Көз салып бербесең да, бир күн да болсо
жаныма жардам бердиң, – деп алкайт.
Эки бакыр, бир тукур болуп оокат өткөзүп, ошол күндөн баштап, көзү сокур
Саргалдайды көтөрүп, колу чолок көзү сокурду жетелеп алат.
Бир жерден экинчи жерге келишсе да, өздөрүндөгү кытайдын кырма кызыл дарысын
Саргалдайдын эки бутуна бириктирип сыйпап, эч даба таба албайт. Бир күнү Саргалдай
буту ооруп жаны кейип, өз жанын өзү кыюудан тартынып, көз жашын көл кылып олтурса,
жанына ойноп бир чычкан келе берет.
– Мен жыргап калгансып келгенин кара! – деп, кылычтын учу менен чаап жиберсе,
чычкан тең бөлүнүп, ичеги-карды чубалып кызыл ала канга боёлуп, нары-бери
жанталашып, бир чөптү тиштеп алып, жараттарына сыйпап, көз ачып- жумганча көздөн
кайым жок болуп кетет.
Чычкан үзгөн чөптү издеп бирди таап, ушундай чөптөн издешип таап алып келип: –
Мени эптеп бастырсаңар, анан калган күндү көрүп кетет элек – деп, аздыр-көптүр издеп
табышып, Саргалдайды эптеп бастырып алышат. Ага чейин сокур көтөртүп, чолокко
жетелетип, Саргалдайга кыюусу келе калганда бир нерсе аттырып өлбөстүн күнүн көрүп,
жүрө беришет.
Саргалдай бир күнү ойлонуп олтуруп:
– Туугандарым, эми бизге бул жүрүшүбүз жарашпайт, бизге бир оокат жасап бере
турган карындаш издеп таап келейин! – дейт.
– Андай болсо, жакшы болбойбу! – деп жолдоштору сүйүнүшөт.
Саргалдайдын буту айыгып, кадимки калыбына келбесе да, басууга жарап, төшкө
чыгып сары тулпарын чакырып:
– Биз эки бакыр, бир тукур болуп оокат кылып жатабыз. Эгер мүмкүнчүлүгүң болсо,
бизге бир оокат жасап бере турган бир карындаш таап бербесең болбойт, – деп кеңешет.
Сары тулпары айтканына макул болуп, өз көңүлүндө макул болбой, зордук күч менен
бирөөгө алып бергени жаткан бир байдын кызынын үстүнөн чыгарат.
– Секин көшөгөгө кирип, бир тууганың бар экен, чакырып жатат дегин. Ал кайсыл бир
тууганым болду экен деп, кыз бизге келери менен, айтпастан менин атым Саргалдай,
сенин атың Ак коён, бир тууган карындашым болосуң деп мага учкаштырып алып
жөнөгүн. Ошол бойдон сага түбөлүк карындаш болуп калууга тийиш, – деди сары тулпар
Саргалдайга.
Айтканына макул болуп, Саргалдай сары тулпарды минип алып, айткан байдын
кызына барса, мергендерге жамбы аттырып, оюн куруп жатыптыр.
– Кимде-ким ушул ыйыкты атып түшүрсө, күйөө бала болууга акылуу – деп акындар
жар чакырып жатканын угуп, Саргалдай сары тулпарга:
– Мен өз эмгегим менен эле алып кетсем болбойбу. Дөөлөрдү аткан Саргалдай
ыйыкты ата албай калмак белем?
– дейт.
– Ал өзүңдүн ишиң, иримде сен карындашым болсун дебедиң беле, эми түбөлүк
жарым болсун дейсиңби? Анда эмесе, ошол ыйыгын атып түшүр, күйөө бала деп
ырчылары айта берсин. Андай болсо өзүң билгин, – деди сары тулпар.
Байдын кызына эчен жерден, эчен элден мен кыйынмын дегендин баары жети ай бою
ыйык атышып, эч кимиси ыйыкка тийгизе албаптыр. Ой кийигин ойго шилеген, тоо
кийигин тоого шилеген, учкан кушту кондурбай аткан мергендерден, уламалуу карыдан,
узун кулак жаштан, алтын тапкан соодагер, күмүш чапкан зергер, дары ийлеген дарыгер,
казысы, муптусу, табыбы, эл бийлеген акылмандан эч ким калбагандан кийин, думана,
бакшы, ырчы, чоорчуларга уруксат берип, ошолордун келүүсүн күтүп турганда, Саргалдай
келип олтурбайбы? Думана, бакшы, ырчы, чоорчу, соку, жаргылчак көпчүлүктүкү деген
сөз ошондон калган.
– Ыйык атууга мен даярмын, аялдыкка эмес, карындаштыкка алып кетемин – дейт
Саргалдай кабар берип.
– Шертимди бузбайм! – дегенден кийин кыздын атасы Саргалдай ойлонот: «Ыкка
көнбөс дөөлөр да өлгөн, ага болбосоң, ошо болорсуң» – дейт да, өздөрүнүн айтканын
бузбастан келип, ыйыкты ыргыта атат.
– Бек күйөө! – деген кандын сөзүн укпастан.
– Карындашым үйдөн чык! – деп, сары тулпарга учкаштырып алуу менен бирге, сары
тулпар удаа-удаа оосурду эле, жытына келген жыгылып, ууккан жандар уугуп, түшкөн
адам бири-бирин таба албай калышты.
Саргалдай Ак коён карындашын учкаштырып, беймарал жашап жаткан жерине барды.
Ал колу чолок, көзү жок агалары менен Саргалдайга тез көнүп, оокат-ашын жасап, кийимкечесин жууп берип турду. Ээн талаа, эрме чөл болгондуктан, от маселеси абдан кыйын
болгон. Саргалдай карындашы Ак коёнго:
– Биз жокто отко боор бышырып жечү болбо, садагасы – деп абдан эскерткен.
Күндөрдүн бир күнүндө: «Байкелерим келгенче отко боор бышырып көрөйүнчү» –
дейт да, күнүгө атып алып келип жаткан кайберендин этинен бирөөнүн боорун отко
салып коёт. Арадан бир аз убакыт өткөндөн кийин от өчүп калат. «Эч жерде от жок,
агаларым келгенче от жок тамак даярдай албай каламбы» деген ой менен Ак коён эчен
адырлуу тоо ашып, эчен татаал жол басат. Бир жерден оттун чыгып жатканын көрүп, Ак
коён өлө-тала жетип, от сурайт.
– Балам, келген экенсиң, отту ал, сени менен кошо барып, сенин кай жерде
турганыңды билип, ээн жерде мен да жалгыз эригип жүрөм, эне болуп алайын
кагылайын. Мен да жанга эш болор адам таппай жүрбөймүнбү, садага болоюн, отту
сенден кантип аяйын, – деп отту алып, Ак коёнду ээрчип кошо келет.
– Үйүң ушул жерби, садага болоюн, мен жакшы көргөн адамды маңдайынан сүйөмүн,
ага капа болбойсуңбу, – дейт.
– Жок, эне, жакшы көргөн кишилерге биз кантип капа бололук – деп айтаары менен
маңдайынан сүйүп, Ак коёндун канын соруп, жатканын байкас албайт.
Күнүгө отту дубалап өчүрүп салат. Күнүгө агаларына билдирбей эчен белес тоолордон
ашып, Ак коён от сурап барат. Ошентип, кыздын канын соруп, оокатын ичип жүрө берет.
Күндөрдүн бир күнүндө Саргалдай сезип:
– Эмне сыр болбосо байкагын, – деп, биринчи жолу көзү жок агасын калтырат. Көзү
жок өзүнүн жаткан жеринен жылбай, кейиген болуп жата берет. Анын жатканын, же
сыртка чыгып кеткенин карындашы Ак коён болбосо анын душманы желмогуз кемпир
билбейт.
– Бүгүн сени убара кылбай өзүм келдим, Саргалдай байкең сезбесе болду. Биз, балам,
өлүү менен тирүүнү билген адамдардан болобуз – деп жакындап келип, Ак коёнду
маңдайынан соргондо, Ак коёндун ээси ооп, акылын жоготуп, көпкө барып зорго оңолду.
Ошону сезип жаткан көзү жок байкеси: «Ии биздин карындашты ушул желмогуз ырастап
жүргөн экен» – деп, кечинде келээри менен Саргалдайга түшүндүрөт. Экинчи жолу эки
колу жок байкеси калат.
– Кана, карындашыңызга сиз да бир кам көрүңүз, кандай дейсиз! – деген турбайбы.
– Айланайын карындашым үчүн кашык каным чачылып кетсин, – деп чолок байкеси
калган экен. Колу чолок байкеси калган күнү эмнеси болсо да билип, айткан кеп сөзүн
угайын деп, көз ирмебей карап турса, биринчи жолу желмогуз кемпир:
– Саргалдай агаң каякта? – деген болуп үйгө кирет.
– Саргалдай байкем өз иши менен кетти, коркпой эле кире бериңиз.
– Жок, балам, Саргалдайдын жыты жыттанат.
– Туура, эне, акемдин кийимин жууп коёюн деп эртең менен алып калдым эле. Ошол
жыт болсо керек.
– И-и айланайын, ошондой эле болсунчу, Саргалдай үйдө экен деп, сансыз ойго
чөмүлбөдүмбү, – деген кемпирдин сөзүнөн улам колу жок ойлорду ойлоп, акыры
Саргалдайга өзүнүн түшүнгөн ойлорун айтат.
– Эми сен өзүң калгын – деп, көзү сокур менен колу жок талаага кетишип,
Саргалдайды калтырышат. Өзүнө чакан жерди оюп: «Берсең ушул жерден бер» – деп,
жазайылды бетине кармап, даярданган бойдон жата берет.
– Агаң үйдөбү, жыты жыттанат! – деп, бир убакта добуш чыгат.
– Жок, эне, талаага ууга кетишкен. Агаларымдын кийим- кечесин жуудум эле, кечээ
сизге айтпадым беле, кир, кире бериңиз, – дейт.
– Охо, ошондой эле болсунчу, үйдө экен деп жаным калган жок деген болуп, сырттан
үйгө кирип, Ак коёндун жанына келип отурат.
– Жалгыз ээн талаа, эрме чөлдө зериккен чыгарсың, чырагым! Биздин үйгө айылдап
барып келсеңчи.
– Кокус агаларым келип калышса, кайда кетти деп издешип убараланбасын деймин,
болбосо барат элем, эне.
– Андай болсо жөнү бар экен, – деп кызга жакындап, бетинен эми сүйө турган
болгондо, жазайыл менен жамбаштын кошконуна эч качалбас кылып атып салды.
Ошондо желмогуз кемпир:
– Атаңды ат, Саргалдай, Жотоңду ат, Саргалдай. Аздык кылса бардыгы, Ботоңду ат,
Сагалдай!..
Жайламакчы элең, жайладың, Саргалдай, сенин баскан изиңе баспаймын, артыңдан
кыяпат айтпаймын дедим эле. Мени жолдон азгырган карындашыңдын каны болду. Адам
жашарткан кандан чыга албай байырлап алдым эле, мына акыры өз колуңа түшүп
олтурамын. Эми эмне суранарың болсо айткын, колумдан келген жардамымды аябаймын
– деди.
– Менин бир туугандарымдын баары жарым жандуу кеселман болуп калды. Мүмкүн
сенин колуңдан келер деп ойлоймун. Ушулардын баарын кайра калыбына келтирип
бергин, андан ар жагын да ойлонушуп көрө жатарбыз.
– Анда эмесе мен макулмун, бир туугандарың келгенче өзүңдү жутуп көрөйүн, буттан
сабыркап жүргөн экенсиң, эч оорубас кылып, энеден жаңы төрөлгөндөй болсоң, ыраазы
болор белең?
– Жо-ок, ириде менин туугандарымды оору-сыркоодон каксыз кылгын, көзү жогун
көздүү, колу жогун колдуу кылгын, – деди. Аңгыча көзү жок келип калды эле: – Ушул
кишиден баштасаң болот, – деди.
Жарадан жамбашын коомайлап, өйдөрөөк болуп туруп жутуп жиберип, мекчейип
карап туруп калды.
Оңдонуп обдулуп коюп, эч бир куса турган кебетеси жоктой сезилет. Шашып кетип
Саргалдай кылычтын сырты менен желмогузду желкеге койду эле, шашканынан окшупокшуп барып кусуп жиберди.
– Саргалдай иним, ыраазымын, сен болбосоң дүнүйө бейкапар, күн-түндү ажыратпай,
ак-караны тааныбай, чоңкичинени өлчөбөй, күнү-түнү да караңгы бойдон өтмөкчүмүн
– деди эки көзү жайнап.
Экинчи кезек колу жокко келди. Колу жок жакындап келе жатканда эле даярданып,
жаратынан коомайланып турган кемпир лак дегизе сугунуп, эч нерсе көрбөгөн, билбеген
адамдардай мисирейип олтура берди. Чай кайнамдан ашык убакыт өттү, куса турган
пейли жок.
– Сен кузгуң келбей, аш кылып кеткиң келеби? – деп, кылычтын сырты менен көк
желкеге шилтер замат, эки колдуу башкача бир адам пайда болуп калды. Колдуу болгонго
кубанычы койнуна батпай, кайра-кайра Саргалдайды алкай берди. Кемтиги толуп, көзү
жогу көздүү болду. Колу жогу колдуу болуп, мурдагыдай болбой, бараандуураак, алдуукүчтүү, ден соолуктары таза адамдардан болуп калганына ыраазы болуп жатышты.
Үчүнчү кезек Саргалдайдын өзүнө келди. Саргалдай дагы баягыда байкелери кылыч
байлап, эки тизеден кесилип түшчүдө, кайра бүткөндө ойдогудай бүтпөй уруюп-буруюп
тукур болуп, басканда көп кыйналчу болгон.
– Азыраак туугандарым менен кеңешип алайын – деп, далдоо жерге ээрчитип барып
айтат. – Мени жуткандан кийин куспайт. Үчөөлөп алдын келишинче сабап жибербесеңер
болбойт, аш бышымга жетсе, аш кылып коёт. Айла кеткенде сойгула, союп туруп денесин
тинтип жиберсеңер табасыңар, болбосо өткөн өчү бар, өлсө да аш кылып кетүүгө аракет
кылат, – деди.
Колу чолок, көзү жок туугандары көздүү, колдуу болгонго жетине албай сүйүнүп
турушкан эмелер:
– Айланайын, Саргалдай иним, ушул Ак коён үчөөбүз кантип сени куздуруп албайлык,
– деп чуулдашты.
– Мейли андай болсо, мен макулмун – деп, желмогуз кемпирдин бет маңдайына келди.
Оозун чоң ачып, эки көзү чакчайып, жаны чыкчудай жарадарына карабай тыбырчылап
жатып, араңдан зорго жутту. Жутуп бүтөөрү менен бир мудаага жеткенсип, өңү кубулуп
барып оңолуп, буту-колун сунуп суналып, уйку-соонун ортосунда көшүлүп калды.
Чай кайнам убакты өткөн маалда:
– Куспайсыңбы? – деп, аракет жасашты. Киши катарында көрбөстөн, беймарал
толукшуп жата берди.
Ошондо Ак коён чыңырып:
– Кагылайын, байкелер, ушул да жакшылык болобу? Сойбойсуңарбы? Бул кебелбей
жатышы менен Саргалдай байкемди аш кылып жиберет, – деп ыйлап жиберди.
Ошондо эстерине келишип, Кара дөөнүн ач албарс кылычы менен жалгыз башын кыя
чабышып, ичин жарып издөөгө кирди. Ичеги-карындан издеп эч таба албай, бүт денесин
канжарлап жиреп издей баштады. Анда да табылбады. Колун кесип ары жакка таштап
койду эле, ошол туштан:
– Чыпалак, чыпалак, чыпалакта бир туяк – деп бир чыпалактын кайталап сайраганын
угуп: «Чыпалакта бир туяк дегени – ушунда калды деп жүрбөсүн» – деп, баягы чыпалакты
канжар менен тилип жиберсе, баягыдан эки эссе чоң, эч жеринде жарат жок, салам айтып
тура калат Саргалдай.
Ошентип, өлгөнү тирилип, кемтиги толуп, колдуу, буттуу, көздүү болуп, ынтымакта
жашап калышат. Душманы болгон кемпирден да кутулуп, жыргалдуу турмуш кура
башташат.
– Байкелер, ушунча жыл бир бирибизге караан-бутак болуп калдык, – деди бир күнү
Саргалдай. – Эми колдуу, буттуу, көздүү болдук. Ортодо бир карындашыбыз, бир
дөбөтүбүз бар экен, биз эми өз-өз эл журтубузга кайталы. Куу турмуштун запкысын
жакшы эле тарттык. Мындан аркысы кайырлуу болгусу бардыр. Анан карындашты,
дөбөттү өз жайына коёлу, кимибизди ээрчисе, ошонубузга бара берсин – дешип, убада
кылышты.
Көзү сокур менен колу чолок бир тарапка кетишти. Саргалдай бир тарапка кетти эле,
аны Ак коён менен дөбөт ит ээрчий кетти. Колу чолок колдуу, көзү жок көздүү болуп,
сүйүнгөнүнөн бир карайган шаардын караанын көрүп, өлбөсөк ушул шаарда жашайбыз го
деген ниет менен кадамдарын кере шилтеп жөнөп кетишти. Эмдиги кезек Саргалдайда.
Саналуу он эки күн жол жүргөндөн кийин, азыраак табы айный түшүп, ара жолдо
Саргалдай кайтыш болуп калат. Ак коён карындашы эмне кылар айласын таппай, ыйлай
берип үнү бүтөт. Бир зоокача кара ташты пааналап, ошол таштын түбүнө түнөп,
агасынын сөөгүн алып кете албай, же таштап кете албай, кыйноодо туруп: «Таш жарылып
кетсе, ушул жерге коюп кетсем – ит-куш жебесе» деген тилек менен:
Көлдөп акты көздөн жаш,
Кандайча дүйнө болду кас.
Саргалдай агам жаткыдай,
Зоо бөлүнүп, жарыл таш.
Тилегим курч али жаш,
Бири бийик, бири пас.
Бир адам жок жанымда,
Жардам бергин, жарыл таш! –
деп, кан какшап айлап буркурап, боздоп турган учурда, көлкүлдөй түшүп таш ачыла
берет. Ак коён агасын киргизип, өзү сыртка чыгар менен кайра жабылып калат.
Ботодой боздоп, артын кылчак-кылчак карап, байкесин кыя албастан айласыздан
узап жол тартат. Үч күн жол жүргөндөн кийин калың той берген айылга туш келет.
Байкеси менен жүргөндө жан алакет менен жүрүп, байкесинин кийимин кийип,
жазайылын асынып, эркекче жасанып алганда байкеси да, башка адам да эч кандай кыз
деп ойлобос эле. Эркекче кийинген кийими менен той берген айылдын четине келип,
эмне деген той болуп жатканын сурамжалдаса, Ооган элинин падышасы Абдырахман хан
кызын турмушка узатууга жар чакырып, узун шыргый жасатып, бир калта алтын байлап,
ыйык аттырып, жаа тарттырып жаткан экен.
– Ким ыйыкты атып түшүрсө кан күйөө болот. Анын байгесине Ак келтек сыйлык
берилет, – дейт. Ак келтек керемети бар келтек. Өлгөн адамдын баш жагына саят экен,
дагы бир тууганы Сулайман канда Көк келтек бар экен. Ал дагы кызын турмушка
узатканы той өткөрүп жатыптыр. Ал Көк келтек да кереметтүү келтек, өлгөн адамдын
аягына саят экен. Үчүнчү бир тууган Абдиталыпкан ал дагы кызын бергени жаткан экен.
Себеби үч бир тууган бир жылда, бир айдын ичинде кыздуу болушкан.
– Эл ылакабы боюнча жакшы ниет жарым ырыс, – деп, эң улуу агасы Сулайман кан: –
Ак келтекти Абдырахман кан сен алып, кызың турмушка чыкканда күйөө балага
сыйлыкка бергин. Көк келтекти Абдиталыпкан алгын, сенин да кызың турмушка
чыкканда күйөө балага сыйлыкка бергин. Мына бу көк гүлдүү бетаарчыны мен алайын.
Менин кызым турмушка чыкса, күйөө балама сый кылып берем. Бул үч буюмду сый
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Жомокчулар Жана Жомоктор - 32
  • Parts
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 01
    Total number of words is 4062
    Total number of unique words is 1893
    34.1 of words are in the 2000 most common words
    46.8 of words are in the 5000 most common words
    52.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 02
    Total number of words is 4214
    Total number of unique words is 2104
    32.9 of words are in the 2000 most common words
    44.6 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 03
    Total number of words is 4152
    Total number of unique words is 2045
    34.6 of words are in the 2000 most common words
    47.4 of words are in the 5000 most common words
    54.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 04
    Total number of words is 4150
    Total number of unique words is 2066
    32.5 of words are in the 2000 most common words
    45.7 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 05
    Total number of words is 4129
    Total number of unique words is 1861
    36.1 of words are in the 2000 most common words
    48.6 of words are in the 5000 most common words
    54.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 06
    Total number of words is 4073
    Total number of unique words is 1772
    37.9 of words are in the 2000 most common words
    50.9 of words are in the 5000 most common words
    56.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 07
    Total number of words is 4031
    Total number of unique words is 2005
    35.4 of words are in the 2000 most common words
    47.5 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 08
    Total number of words is 4000
    Total number of unique words is 1967
    34.2 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    55.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 09
    Total number of words is 4090
    Total number of unique words is 2041
    34.4 of words are in the 2000 most common words
    48.3 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 10
    Total number of words is 4090
    Total number of unique words is 1755
    36.3 of words are in the 2000 most common words
    49.5 of words are in the 5000 most common words
    55.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 11
    Total number of words is 4202
    Total number of unique words is 1835
    37.9 of words are in the 2000 most common words
    50.3 of words are in the 5000 most common words
    56.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 12
    Total number of words is 4059
    Total number of unique words is 1853
    34.9 of words are in the 2000 most common words
    47.5 of words are in the 5000 most common words
    53.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 13
    Total number of words is 4023
    Total number of unique words is 1816
    36.1 of words are in the 2000 most common words
    49.0 of words are in the 5000 most common words
    55.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 14
    Total number of words is 4128
    Total number of unique words is 1794
    35.4 of words are in the 2000 most common words
    48.5 of words are in the 5000 most common words
    55.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 15
    Total number of words is 4128
    Total number of unique words is 1880
    33.4 of words are in the 2000 most common words
    47.5 of words are in the 5000 most common words
    54.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 16
    Total number of words is 3951
    Total number of unique words is 1518
    36.3 of words are in the 2000 most common words
    49.6 of words are in the 5000 most common words
    57.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 17
    Total number of words is 3907
    Total number of unique words is 1675
    37.0 of words are in the 2000 most common words
    49.9 of words are in the 5000 most common words
    56.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 18
    Total number of words is 4005
    Total number of unique words is 1671
    37.2 of words are in the 2000 most common words
    51.2 of words are in the 5000 most common words
    57.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 19
    Total number of words is 4054
    Total number of unique words is 2029
    33.6 of words are in the 2000 most common words
    46.8 of words are in the 5000 most common words
    53.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 20
    Total number of words is 4155
    Total number of unique words is 1829
    34.3 of words are in the 2000 most common words
    47.3 of words are in the 5000 most common words
    52.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 21
    Total number of words is 4145
    Total number of unique words is 1916
    33.5 of words are in the 2000 most common words
    46.1 of words are in the 5000 most common words
    53.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 22
    Total number of words is 4175
    Total number of unique words is 1923
    35.3 of words are in the 2000 most common words
    48.7 of words are in the 5000 most common words
    54.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 23
    Total number of words is 3979
    Total number of unique words is 1623
    36.1 of words are in the 2000 most common words
    48.7 of words are in the 5000 most common words
    54.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 24
    Total number of words is 4111
    Total number of unique words is 1658
    36.5 of words are in the 2000 most common words
    49.2 of words are in the 5000 most common words
    54.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 25
    Total number of words is 4082
    Total number of unique words is 1920
    33.7 of words are in the 2000 most common words
    46.1 of words are in the 5000 most common words
    53.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 26
    Total number of words is 3970
    Total number of unique words is 1798
    32.3 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 27
    Total number of words is 4049
    Total number of unique words is 1925
    35.2 of words are in the 2000 most common words
    48.5 of words are in the 5000 most common words
    54.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 28
    Total number of words is 4196
    Total number of unique words is 1935
    34.7 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 29
    Total number of words is 4079
    Total number of unique words is 2069
    33.0 of words are in the 2000 most common words
    44.8 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 30
    Total number of words is 4175
    Total number of unique words is 2074
    33.1 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    52.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 31
    Total number of words is 4117
    Total number of unique words is 2049
    32.9 of words are in the 2000 most common words
    46.1 of words are in the 5000 most common words
    52.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 32
    Total number of words is 4160
    Total number of unique words is 2020
    33.9 of words are in the 2000 most common words
    46.5 of words are in the 5000 most common words
    53.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 33
    Total number of words is 4042
    Total number of unique words is 1830
    36.4 of words are in the 2000 most common words
    49.7 of words are in the 5000 most common words
    55.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 34
    Total number of words is 4275
    Total number of unique words is 1721
    36.7 of words are in the 2000 most common words
    50.1 of words are in the 5000 most common words
    56.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 35
    Total number of words is 4047
    Total number of unique words is 2016
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Жомокчулар Жана Жомоктор - 36
    Total number of words is 1590
    Total number of unique words is 953
    41.2 of words are in the 2000 most common words
    52.2 of words are in the 5000 most common words
    57.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.