Latin

Мезгил Сабактары - 32

Total number of words is 3916
Total number of unique words is 2096
25.7 of words are in the 2000 most common words
37.3 of words are in the 5000 most common words
43.3 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
салган тулубум» дегени кулактан кетпейт. Чоңго да балалыктын эргишин эсине салат.
Ошол эле Жоомарт Бөкөнбаевдин «Ажал менен ар-намысы» традициялык ыкма менен
жаңы ыкманын ширесинен эп кыйышкан элпек, көркөм, элестүү, күчтүү поэма. Ошол .эле
Мукай Элебаевчи. Күңгүрөнгөн бул ойчул акын өзүнүн бүт жаратылышында ал изденгич,
жаңычыл болучу. Анын көпчүлүк ырлары, кыска поэмалары өзүнүн жаңылык илебин
кыргыз поэзиясына сээп турат.
Ошол улуу муундардын чеберчилигинен таалим алып, алардын изденүү методдорун
улап, поэзияны өнүктүрүүдөгү дүйнөлүк тажирийбасынан да таалим алган кийинки
муундар да кыргыз поэзиясын өнүктүрүүдө, ага жаңы дем кийрүүдө ар бири колдон
келишинче өз-өз салымдарын кошууда. Албетте, кийинки муундардын изденүүсүндө да
ийгилик менен мүчүлүш тизгиндеш. Бири өтө эле жеңил, карапайым жолго түшүп, тек
узун сабак менен кыска сабакты тизмектеп, не ыр экени белгисиз сөз тизмектерин түзсө...
бири жаңынын тамырын өнүктүрүш адамды ойлонткон, көңүлдү сергиткен салмактуу
ырларды — « чыныгы поэзиянын жаңы өнүмүн өндүргөн сыяктанат.
Мында Рамис Рыскуловдун изденүүсүнөн үмүт чоң. Биз кийинки кездерде «жаңы
жээкти» Сүйүнбай Эралиевге таандык кылып, жаңыга жеке чапкан ошол Эралиев болуп
жаткандай көрөбүз. Рас, «Ак мөөрдүн» автору кийинки жылдарда космикалык
поэмалардын циклин жазды. Мунун ийгилигин жана мүчүлүшүн эске алуу менен
акындын бул изденүүсүн жакшы жөрөлгө дейбиз. Эмине? Традициялык ыкмада эң сонун
«Ак мөөрдү» жараткан таланттуу акын, каламы мокоп калгандыктан «Жылдыздарга
саякат» жасап жатпайт. Ал, ошол өзүнүн күчүн сынап, шыгын сыйлап, акындык тизгинди
космоско карай бурду. Акын бул сапарын жаңы баштады. Анын өзүнүн максаты да,
поэзиянын жаңы белесине чыгуу, биздин ага болгон үмүтүбүз да акындан жаңы жеңиш
күтүү. Акын бул изденүүсүнөн ийгилик тапса, ал ийгилиги кыргыз поэзиясына чоң салым.
Эгерде акын бул изденүүсүнөн анча ийгилике жетишпесе да, эртеңки чоң ийгиликти
көздөй бир баскыч кадам койгону үчүн ага рахмат!
Биз изденүүнүн жаңы адамы Рамис Рыскуловдон башталганын айтуубуз керек. Муну
башкайдан мурда ералиев өзү айтар дейбиз. Себеби, Рамистин жарык көргөн жана жарык
көрө элек, бирок ушул жаңы илеп менен көтөрүнкү жазылган ыр-поэмаларын көбүбүз
жакшы билебиз. Жаш акындын бул изденүүсү өнүм берер деген үмүт бар. Рамистин
изденүүсүндө бир беткейлик анча байкалбайт. Ал, эскини танып, тек «жаңы» деп аңыра
чаппайт. Ал өз изденүүсүнө чоң ишеним коюп жандили менен берилгени байкалат. Ал,
эскини даанышмандуулугун, жаңынын ийкемдүүлүгүн, элпектүүлүгүн башкарсам деген
тилекте чоң ойдун чагылышын көз алдыга тартат. Бир угулганда кулакка куюлуп
калгыдай сөздүн жугумдуусун издейт. Бул жагынан акында ийгиликтер бар. Албетте,
акын өз изденүүсүндө шыдыр эмес, кээде мүдүрүлөт. Кай кездерде ырында идиргек бар,
маани күңүрт, ой чачкын болуп калат. Эмине? Изденүү сыдыргыга тарткандай
чеберчиликтин Жонунан сылатса, анда акындык табылга жаандан кийинки козу карындай
жайнай бермек... Рамис да, Сүйүнбай да, Омор да, Майрамкан да, Совет да... деле жаңыча
обон чыгарышка чоң аракет кылышкан жашкары акындар биздин оюбузча арам тер
болушпас, өкүттө калышпас. Алардын ар бири кыргыз поэзиясына өз-өз салымын кошор.
Чоң аракет, жарык үмүт, талыкпас эмгек, изденүү акыры адамдын жүзүн жарык кылат.
Изденүүдө, чеберчиликти өздөштүрүүдө акындарыбыз жеңиштүү ийгиликтерге
жетишсин. Ал үчүн баарыдан мурда эске ала турган нерсе: дүнүйөдөгү эң чоң
магистралдардын баштапкы угу чыйыр жол болучу. Ана, тасмадай созулган Фрунзе —
Ош жолунда байыркы чыйырдын угунда жаңырды. Техниканын аябай өнүккөнүнө
карабастан, туннел, адам жүрбөс чың түбүнөн өтпөдү. Туннелдин үстүндө байыркы
жолдун чыйыры калды. Атабаба из суутпаган эски жол жаңырды!
Биз, ал үчүн, ошол байыркы кан жолго эң биринчи из түшүргөн аты белгисиз
жолоочуну урматтайбыз!
Поэзиядагы жаңылык жана анын табылгалары тексиз болбойт. Поэзиядагы чоң
табылгалардын жеңиши дал ошол эски менен жаңынын ширесинен өнүгөт. Биз аны
өндүрө билүүгө милдеттүүбүз1
— Фольклор адабий булак катары түбөлүк кызмат аткаралабы?
— Мен ушундай суроо туулганына өкүнөмүн. Темирден не башка бир заттан жаралган
робот«адамдар» энеден төрөлгөн адамдарды алмаштырган учур болобу, жокпу? XX
кылымдын «сыйкырдуу» күчүнө арбалган кай бирлер, «Келечек роботтуку. Жакында
робот адамды алмашат» дешет. О, адам акылы роботту жаратса, анан ал өзүнүн ыйык
ордун жасалма «адамга» берсе, анда ушул адам дегенибиз деле адам эмес — Телпейбек?!
Адам эч качан Телпейбек болот деп ойлобоймун. Жүрөгү соккон, акылы ойлогон,
нерви сезген — кадимки табийгий жол
менен энеден төрөлгөн адам барда, анын рухий дүйнөсү азыркыдай эле бай боюнча
кала берет. Ал жардыланбайт, байып, өнүгүп-өсөт. Оозеки адабият (фольклор) эзелтеден
адамдын рухий дүйнөсүнө кызмат өтөгөн асыл мурас. Аны көп миңдеген жылдар бою
адам өзү жаратып, өзү улап өнүктүрүп, андан өзү таалим алып рухий дүйнөсүн байытып
келатат. «Жалпы эл сабаттуу болуу менен оозеки адабият жоюлат», деген пикирди эң улуу
адамдар айтышты. Рас, сабаттуулук рухий дүйнөнү жаңыртат, анын талабын арттырат,
сапатын өзгөртөт. Сабатсыз кезде ыр, дастан, жомок, эпосту ооз эки жараткан таланттар,
эми адабияттын жазма түрүн өнүктүрөт. Бул талашсыз нерсе. Бирок, сабаттуу болуу
менен эле адам өзүнүн эзелки табылгасын танып, аны унутуп таштайт деш кандай?
Адам өзүнүн асыл табылгасын эч качан танбайт, унутпайт. Аны эстейт, аздыр-көптүр
аны жаратып жаңыртып, жашартып улаң турат. Бул кезде биздин акындар баары сабаттуу,
көп китептердин авторлору болушту. Ошентсе да алардын кай бирлери колуна комуз тиер
замат (шартым эле калды) дегенсип жатка төгүп жиберишет. Акындын ал төкмөсү эл
оозунда жатка ырдалат. Жарайт. Бул жалпыга мүнөздүү эмес дейлик. А тигил бир нече
кылымдар бою басмасы бар, сабаттуулук өнүккөн элдерде да оозеки поэзия жаралып,
ырдалып жүргөнүн көрөбүз. Айрыкча тарыхый зор мааниси бар кырдаалдуу учурларда
оозеки поэзия жанданып өнүккөнү байкалат. Маселен, Ата-Мекендик согуш убактысында
биздин улуу Мекенибиздеги бардык элдердин тилинде оозеки ырлар жаңырып турду.
Мында көңүлгө ала турган нерсе: ал ырлардын авторлору өзүнүн күчтүү сезимин ыр
аркалуу айткан сабаттуу адамдар. Ал ырлардын көбү тек уйкалышкан сөздөр эмес: жарк
этип чагылыша калган талант учкунунан жаралган — элестүү, жандуу көркөм табылгалар.
Мааниси терең, ширелүү сөздөрү ой-сезимге тез жетет...
Айтор, сөзгө бай, элестүү, көркөмдүгү күчтүү, мааниси терең элдик сонун поэзиянын
үлгүлөрү бардык эле элдерде али жашап келатат. Кейпи адамдардын жалпы сабаттуу
болушуна карабастан эле турмуш өзү:— «Эй, адамдар! Силер эзелки табылгаңарды
унутпагыла. Ал, аздыр-көптүр рухий дүнүйөңөргө керек болот» деп дайым эскертип
турган сыяктуу.
Ошентип адамдын өз дүнүйөсү керектеп турган «оозеки адабиятты жоюлат,
сабаттуулук анын өмүрүн кыскартат», деп кескин айталбаймын. Кантсе да оозеки чыгарма
жашай бергидей. Ал жашап турган кезде өз үлүшүн аздыр-көптүр жазма адабиятка
бөлүшөрү талашсыз.
«Оозеки адабият эски, ал өлгөн нерсе, жазма адабият аны өндүрбөй салат» деген бир
беткейлик оозеки адабият менен жазма адабиятты бирине бирин карамакаршы коюу. Бул
туура эмес. Оозеки адабияттан таалим алуу — анын ыкмасын ошол калыбында
пайдалануу, анын куюлушкан элпек сөз каражаттарын, бай уйкалыштарын келки бойдоң
камтый берүү эмес.
Ошондуктан, адабияттын өсүшүн каалаган адабиятчылар, асыл фольклорду жаманатты
кылган кай бир акындын осолдугун ачып көрсөтүүнүн ордуна, алар оозеки адабиятка
чабуул коюшту. Кыргыз поэзиясында кээде примитивдүүлүктүн орун алып келаткан
себебин, аны «жараткан» акындын мажүрөлүгү эмес, примитивге кыргыздын оозеки
адабиятынын көптүгү себепчи болуп жаткандай көрүштү.
Биз фольклорду антип жаманатты кылышка эч акысыз жок: Оозеки адабият ал, ташты
жарып чыккан башат сыяктуу — элдик таланттын чагылышы жараткан кымбат табылга,
асыл мурас! Аны жерип, ага кол шилтеш бери калганда жеңилдик болор.
Эртеңкини бүгүн кесип айтууга эч акым жок. Бүгүнкү бар табылганы жок болот деп
алдын ала ашыгуу менен сыймыктанбайлы.
Оозеки адабият жашайт. Анын салымы да болот.
...Үч суроонун жообунан четке чыгалбадык. Бирок, поэзия жана көркөм өнөр жөнүндө
баалуу кеңештер айтышып, пикирлер алышууга учур келгени байкалат.
Неси болсо да ушул үч суроосу менен «Кыргызстан маданияты» адабиятчыларды кепкеңешке чакыруусу пайдалуу иш.
1968-ж.
ЭМНЕ ҮЧҮН ЫСЫК-КӨЛ КӨГҮЛТҮР
Ал деңиз деңгээлинен миң жети жүз метр бийиктикте. Ошондон көгүлтүр го? Жок.
Ага, тээ ак-көк мөңгүлөрдүн тамчысынан жыйылган булактар, чамынган көк кашка
өзөндөр куят. Анын түбүнөн кайнар булактар чыгат. Асманынан ак жамгыр, көк жамгыр
тамат. Ачык күндөрү эң мөлдүр асман бийиктен күлөт. Ошондон көгүлтүр го? Жок.
Ал аскалардын мөңгү чулгаган Улуу-Тоо, Ала-Тоо курчоосунда турат. Анын үстүнөн
ак булут, көк булут көчөт. Жеринен ар кыл минералдык заттар, туздар чыгып суусунда
эрийт. Ошондон көгүлтүр го? Жок.
Анан эмнеден Ысык-Көлүбүз ушундай көгүлтүр?
О, ага көгүлтүр түстү аны чулгап турган жаратылыштын бардыгы берди. Эгерде
чөйрөсүндөгү жаратылыш касиеттеринин бир азыгы кемип калса, балким көлүбүз мынча
мөлдүр, ушундай укмуш көгүлтүр болбос эле.
Жаратылыштын бардык касиеттери, өзгөчөлүктөрү көзөл түс берген сонун көлдөр
жергебизде көп. Аларды чулгаган тоолор укмуш бийик. Обочодон баш айлантат.
Зыңгырайт. Каардуу томсорот. Коркунучтуу, көңүлсүз сыяктанат. Өзөнүн өрдөп койнуна
кирсең, каардуу тоолор өз сырын ачат. Биринен бири кызыктуу кокту-колоттор, кенен
жайыктар көзөл, көк-жашыл. Асманы көкмөлдүр. Чыңдар, зоолор, аскалар бирине бири
окшобогон сыяктуу. Кылдат баамдачы ошол ар түрдүүлүк бир бүтүн көркөмдүктөгү эң
сонун табийгаттын сырларын курап турат.
Жергебиздин ушул табигатынын бир бүтүн көркөмдүгү эзелкиден эскисин түлөтүп,
жаңысын өнүктүрүүдө. Ушул өз чөйрөсүндө күн өткөргөн бабаларча ушул өз жергеси
кенен болду. Алар ар заманда өз өмүр-тиричилигин баян эткен дастандар жаратты. Ал
дастандар, ушул жер-суунун, ушул табигаттын чөйрөсүндөгү бардык көлдөрдөй көгүлтүр
болуп жаралды.
Кар бүрккөн кыш арыктаган буурадай эски чуудасын самсаалатып, те муз дабанга
карай илкиген сайын ойтоо, өзөнтүз көк-жашыл тартып жаздын жашыл өмүрү көктөгөн
сайын жан-жаныбардын бардыгы көктөдү, тукумдап өнүгө берди.
Ошентип көгүлтүрлүк калкыбыздын түшүнүгүндө — жан-жаныбардын өмүрү, өсүпөнүгүүсү. Ошон үчүн элибиз көгүлтүр дүйнөнү чексиз сүйүшөт. Башта кишилер өз
дүнүйөсүнө коктудан карашчу. Азыр алардын урпактары — биз, бийикке чыктык.
Бийикте, биздин дүнүйөбүз кеңейе түштү. Ана! Азыр биздин табигаттын байлыгын, анын
ар түрдүүлүгүн, бирине бири окшобогон өзгөчөлүгүнө адам таң калат. Бир жагында аяз
чытырап, бороон ышкырып турса, жергебиздин бул четинде жемиш дарагы гүл ачууда.
Бир жагында коңур тартып жыш токойдон баш адашса, бул жагында кум какшыган чөл,
уч-кыйрына көз жеткис мейкин. Бир жагында канаттуу ашалгыс муз дабандуу Улуу-Тоо
асман мелжисе, бул жагында толкун кубалаган деңиздер күңгүрөнөт.
Ушул кең жергеде бир үй-бүлө болушуп, жүз отуздан ашык улут менен калк жаңы
дүнүйө куруп жатат.
Ушул элдердин ар биринин өз чөйрөсү, жергесинин өзүнчө жаратылышы бай.
Өмүрүн, көбүнчө деңиз үстүндө өткөргөндөрү, ар дайым өзү алп урушкан толкун
мүнөздүү, толкун кыялдуу. Чөлдөгүсү, ар дайым тер шыпырткан, аптап ысыткан чөл
мүнөздүү, чөл кыялдуу. Тоодогусу ошол өз тоолорундай каардуу да, шайдоот да,
күңгүрөмө да. А тигил Түндүк уюл жактагылар этинен эт кесип алсаң да камырабастыр.
Алар ошол өз-өзүнүн ар түрдүү табигатында, чөйрөсүндө өз өзгөчөлүгүн жаңыртып
тарбияланган, өнүп-өсүп калыптанган калайык—жалпысы бир бүтүн болуп, жаңы
коомдун жашыл имаратын курууда. «Ни человечство, ни природы нельзя понять мимо,
исторического развития» деп акылман А. И. Герцен айткандай ушул кең жергебиздеги
элдердин өмүрү да, жаратылыштын өнүгүүсү да өзүнүн тарыхый жолунда тарыхый өсүпөнүгүштүн закондоруна айкаш көктөөдө, өркүндөп-өсүүдө. Жаңырып жашарууда.
Жер-суу картайган сайын ал кайрадан жашара берет. Адамдын керт башы картайган
сайын анын теги — тукуму да жашарат. Жаратылыштын укмуш закондору ушундай!
Жаратылыштын бул мийзамдарын киши шаштырып күч менен өзгөртөм деген кезде,
ал, эң чоң жана зыяндуу, кайрадан оңдоого көп күчтү талап кыла турган
жаңылыштыктарды жибериши ыктымал. Демек, жаратылыштын мийзамы менен адамдын
каалоосу эриш-аркак өмүр сүргөндө гана ал калатсыз жеңиштерге жеткенин көрөбүз.
Ошондуктан ушул бир бүтүндү курган көп түрдүү жана залкар турмушубуздун бир
караганда жөнөкөй көрүнгөнү — анын татаалдыгын, эң укмуштай асылдыгын, бай жана
көзөлдүгүн билгизет. Сырткы жөнөкөйлүк ички терең мазмундулуктун белгиси. Көп
учурларда, айрымдар, аны бир калып менен өлчөп, тек өз көзүнүн көргөнүндөй туюнат.
Ал тургай. андайлар жеке өз кабыл алуусун жалпыга таңуулайт. Чындыгында, биздин көп
түрдүү бай дүнүйөбүздү бир көз менен кароо, демек, анын байлыгын, тереңдигин,
көзөлдүгүн тааныбай, аны жардылантуу менен барабар!
Ысык-Көл өз чөйрөсүндөгү касиеттердин биринен кемип калса, өз тунуктугун
кемиткен сыяктуу бир бүтүндү курган биздин кең өлкөбүздүн ар бир эле чөйрөсү
өзүндөгү касиеттердин бирин кемитсе, ал, өз көзөлдүгүн кемитет.
Биздин социалисттик өлкөнүн ошол бир бүтүн элеси менин көз алдымда: гүлзарга
баткан эң сонун жана түбөлүктүү укмуштай асыл имарат болуп көрүнөт. Анын асылдыгын
көрктөгөн, эмгекчи кишилеринин рухий дүйнөсүн байыткан эң маанилүү касиеттердин
бири — көп улуттуу адабиятыбыз!
Мезгилдер өткөн сайын, ушул көп улуттуу адабиятыбыздын бир бүтүндүгү чулу
тартып тамырын жайган сайын, ал өзүнүн ар түрдүүлүгүн танса, балким, көргөндү
суктандырган эң барпагай, көркүнөн көз тайгылган бир чоң гүл болуп өсөр. Бирок, ал
канчалык барпыйса да, канчалык көз тайгылтса да жагым берген жыпар жытынан ажырап
калары айгине!
Эмесе, жыпар жытынан ажыраган гүлзар, ал канчалык көзөл болбосун, адамдын рухий
дүйнөсүнө берер азыгы кем. Баасы төмөн.
Көп улуттуу адабиятыбыздын гүлзарын өркөндөтүп өстүрүүдө, кай бирлер тек
барпагай бир чоң гүлдү жарата беришке кумарлана кеткен кездери да жок эмес. Мунун
пайдалуу не зыяндуулугун далилдеш үчүн биздин республикада, айыл чарбасында болгон
бир «тажрыйбаны» эстедим:
Мындан көп жылдар мурда, Чүй жазыгында, колхоз бакчаларында: «Тордомо»,
«Көкчө», «Басыбалды» деген эң ширин коондор бышчу. Ал коондордун шириндеги
ушундай эле — бир жегениңде анын ширини да, сонун жыты да далайга оозуңда сезилчү.
Коондун абдан ширин сортун өндүрүштү каалап бир селекционер жаңы сортторду
чыгарды. Баарыдан өкүнүчтүүсү мурунку коондорду ушул сорт алмашты.
Ар дайым күз маалында, биздин фрунзеликтер коон дешип ошол сырты кооз
ашкабакты алышат. Баарыдан кызыгы дал ушуЛ ашкабак-коондорго суктангандарды
көргөнүңдө, айла жок: «Көкчө» менен «Тордомонун» ширини оозуңа сезилет.
О, адабият ишмерлери, жакында боло турган баш кошуубузда, биз, баарыдан мурда көп
улуттуу адабиятыбыздын ошол рухий дүнүйөбүзгө ар дайым ширин азык берер асыл
касиеттери жөнүндө кам көрөлү.
Адабиятыбыздагы бир бүтүндүн ар түрдүүлүгүнүн бир сапаты кемисе, совет
адабиятынын деңизи да бир сапатын кемитери анык. Аны кемитишке акыбыз жок!
Азыркы кыргыз совет адабияты мөлдүр. Анын мазмуну — көп дарыялардан курулган
советтик адабияттын улуу Деңизинин теревдиги менен өлчөнөт. Аны өнүктүрүп
жатышкан жазуучуларыбыздын катарлары да советтик жазуучу деген наамга
сыймыктанышат. Таланттуу жаштарыбызды туура багытта тарбиялап, аларга советик
жазуучунун таалимин берүү менен катарыбыз жетилүүдө.
Ошентип, биз, кыргыз совет адабиятынын көгүлтүр көлүн улам тереңдетүү үчүн ат
салышабыз. Биздин адабияттын кандайдыр бир өзгөчөлүк касиетинин келиши, не бир
жанрынын кемиши — ошол көп улуттуу совет адабиятынын Деңизинин кемиши.
Биз аны кемитишке эч акыбыз жок. Себеби, биздин адабият мөпмөлдүр Ысык-Көл
менен түстөш.
1971-ж.
БИЗДИН МАКСАТ
Сөз берилет деп менин атым аталганда айланамда олтургандар эмне айтасың дешип
мага таңдана карашты. Анын себеби, ушул жарык залда, азыр мен сөз баштап турган
бийик жайда көп жылдан бери биринчи болушум. Муну эске алганда бардык чечендер
сүйлөп бүтүшүп, мага сөз эң акырында берилгенин эске алганда, өзүмдүн эң жай сүйлөп,
сөзүмдү кыргызча баштаганымда тигил олтурган татынакай стенографисттин дем алып...
тынч олтуруп калганын эске алганда, мен азыр беш мүнөт сүйлөймүнбү, не беш саат
сүйлөймүнбү? Өз эрким!
Жазуучу катары өзүмдүн чыгармачылык өмүрүмдүн бир аз мезгилин мен элибиздин
кечээки өмүрүң иликтөөгө бөлдүм. Түрк элдеринин эң байыркыларынан болгон кыргыз
элинин өмүр тарыхы, жашоо-тиричилиги ар бир элдердей эле замандар бою тарыхта өз
изин калтырып келди.
Мен ошол изге түшүп элибиздин байыркы өмүрүн изилдеген кезимде биринчиден
абдан кубандым, экинчиден абдан өкүндүм.
Кубанган себебим:
Ар бир элдердей эле кыргыз элинин байыртан бери из калтырып келаткан тарыхы,
өзүнө таандык маданият мурастары жана элибиздин башынан кечирген тарыхый окуялары
орчундуу
жана бай! Ал, өзүнө коңшулаш жана тектеш элдердин катарында тек момурап, тек
эптеп күн өткөрүп жүрбөстөн — ошол коңшулаш, тектеш элдер менен бирге чоң
күрөштөргө чыгышканы, кыйырды жоодон сакташканы айкын көрүнөт. Демек, элибиз
сергек болуптур. Бул бизди кубантты! Ал эми ошол байыркы элибиздин эртеги өмүр
тарыхын изилдөө таптакыр дээрлик көз жастыкта калып жатыптыр. Буга мисал:
Бир чети маалымат алыш үчүн, бир чети өзүмдү кызыктырган көп суроолорду тактап
алыш үчүн, мен тарыхчыларыбыз, адабиятчыларыбыз, айрым тилчилерибиз менен
пикирдешип көрдүм. Мени кызыктырган суроолорго тарыхчы жана башка окумуштуу
жолдоштордун айрымдары үстүртөн гана жооп айтышты. Көпчүлүгү өздөрү окушкан
китептерди, не алардын айрым главаларын атоо менен чектелишти.
Ал тургай алар «биз XIX кылымдын экинчи жартысынан беркини кең-кесири изилдеп
жүрөбүз. Ал эми XIX кылымдын биринчи жартысынан аркы байыркы замандарга чейинки
тарыхыбызга али көңүл бурулган жок. Чынында уулу боюнча кол тийбей, кебелбей
жаткан байыркы бай тарыхыбыз али «белгисиз, али изилдене элек» дешти.
Себеби, ар бир эле элдердикиндей биздин элибиздин байыркы өмүрлөрүн жана ар
замандарда баштан кечирген тиричилигин, күрөштөрүн, өзүнө таандык маданиятын,
рухий дүйнөлөрүн билүү урпактар үчүн өтө зарыл жана пайдалуу.
Мен бул жерде тарых таалими бүгүнкү урпактардын билимин арттырууда, патриоттук
сезимдерин тарбиялоодо, аларды рухий дүйнөлөрүн байытууда, адептүү-сылык болуусуна
үлгү берерине эң эле көп мисалдарды келтирсем болор эле.
Бирок, чогулуш ченеп койгон он минут чыкылдап тез өтүп баратат. Ошондуктан ал
мисалдарды өзүмө калтырдым.
Мен элибиздин өткөндөгү тарыхын иликтегенимде:
Биринчиден — ошо тарыхый маалыматтарга кайрылдым.
Экинчиден — ошол тарыхый маалыматтарды санжыра жана «Манас» сыяктуу
дастандарыбыздын маалыматы менен салыштыра карадым.
Үчүнчүдөн — алардагы чындыктарды элибиздин дүнүйөсүнөн издедим.
Баарыдан абзели: ушул үч өзөк — үч жаак бир эришти курап турушу эң сонун иш
болду!
Буларга кошумча, мен коңшулаш республикалардын, Москванын окумуштуулары не
жазуучу, адабиятчылары менен маектешкен кезимде, алардын кай бирлери мага
кыргыздар жөнүндө өздөрү билген маалыматтарды башка араб, парсы, кытай
источниктеринде көп экенин айтышат.
Чынында ошондой. Элибиздин өмүр тарыхы жөнүндө маалыматтар аз эмес.
Ошентсе да республикабызда илимий жайлар өркөндөп өсүп жатканына карабастан,
айрыкча, академиябыздын эң кадырдуу:
бардык сыйды, сыймыкты алып келаткан чоң инстуту—тарых институту экендигине
карабастан, ал тургай президиумда жетекчилерибиздин дандуулары тарыхчылар
экендигине карабастан элибиздин тарыхый изилдеш XIX кылымдын экинчи жартысынан
ары ашпагандыгы сыймык эмес?!
Мен элибиздин өмур тарыхын көз алдыма келтиргенде — эң укмуш зор даракты
элестетемин!
Анын тамыры канчалык тереңге тараса, амын өзөгү ошончолук өмүрлүү, ошончолук
көк-жашыл тартып өнүгөт. Анын берер жемиши ошончолук берекелүү. Демек, дал ошол
укмуш дарак сыяктуу — элдин тамыры — анын тарыхы. Бүгүнкү өмүрү—көктөгөн өзөгү.
Берекелүү жемиши—эртеңки сүрөр доору. Келечеги!
Дарак тамыры кыйылса, ал көктөбөй калгандай эле, өз өмүр тарыхын танып, аны
баалабаган ал эртеңки өнүпөсүүсүн бөксөртүп салары да анык!
Бизде кай бир окумуштуулар: «Енисей кыргызы биз эмес...» «Алтай кыргызы башка,
биз башка...» деп да жүрүшөт.
Жарайт. Андай болсо, Улуу баяныбыз «Манасты» ал жакка берип ишибизди
жеңилдетелик?!
Ошондо текжайыбыз мемиреп... эч талашыбыз жок болот да... «Кыргыз кызыл иттен
тараган» деп кокон хандыгынын кожолору тараткан ушакты чын деп делдейип калалык?!
Антип делдейишке биздин эч акыбыз жок!
Азыр социализмдин душмандары өздөрүнүн терс идеологиясын мактап, бизди
жамандаган кезде «орустар, маселен, Орто-Азиядагы кыргыз, казак сыяктуу кенже
элдердин улуттук маданиятын сактоого, алардын тарыхын изилдешке жол бербей
жатышат» дешет.
А өздөрүн болсо, маселен, АКШнын үгүтчүлөрү «биз мая сыяктуу небак жок болуп
кеткен элдин байыркы мурастарын, анын тилин изилдеп, аны элге таанытып жатабыз» деп
мактанышат.
Дал ушул жагынан да, биз, тигил тараптын тегирменине куюлган сууну оң өстөнгө
бурушка милдеттүүбүз!
Чындыгында биздин улуттук маданиятыбыз эң тездикте бардык жактан күрдөлдүү
өнүгүүдө. Биз ушул зор өнүгүштүн бир чырпыгы майышпасын десе, элибиздин байыркы
тарыхын кеңири изилдөө ишин колго алууга тийишпиз!
Бул жерде, Бүбүйна, адабий тилди өнүктүрүү, аны байытуу жана тазалыгын,
таасирдүүлүгүн сактоо жөнүндө эң туура маселени койду. Мен аны толугу менен
кубаттаймын!
Чынында эле биз али кезге чейин адабий тилибизди байытуу, анын тазалыгын сактоо
жана мазмундуулугун так, кеңирилетүүнү өтө үстүрт туюнабыз.
Маселен, тилдин тазалыгын сактоо керек деп айтканыбызда, айрым жолдоштор туз эле
четтен келген сөздөргө бизди каршы чыгып жаткандай көрүшөт.
Саясий-философиялык, илимий-техникалык, медициналык, педагогиялык ж. б. толуп
жаткан терминдерди жана биздин тилибизде жок сөздөрдү кабыл алуу менен биз өз эне
тилибизди байытышка милдеттүүбүз. Жеке биздин эле тилибиз эмес, бардык эле тилдер
өзүндө жокту башка тилден алып өз казынасын байытуу эзелки эреже!
Алсак:
Орус тилинде «А» башталган «Ах» деген междометиеден башка төл сөзү жок. Бирок
орус тилинин «А» тамгадан башталган сөздөрү ошол «ах» менен чектелип келатпайт да.
Бул кезде «А» тамгадан башталган, орустун төл сөзүнө айланып кеткен сөздөр сансыз.
Башка тилдерден келгендерин кое туруп: аргымак, арык, алтын, арча, архар, аркан...
сыяктуу биздин тилден алган сөздөрдү мисал келтирсек жетишер.
Ошентип ар бир эле тил эки жактан байыйт!
Ал эми биз тилибиздин тазалыгын сактайлы деген кезибизде, баарыдан мурда өз эне
тилибиздеги жандуу сөздөр, жандуу жана таасирдүү так сүйлөмдөр, көп учурда, өзүнүн
ошол жандуулугун, таасирдүүлүгүн, тактыгын жоюп, жансыз түшүнүксүз, чатыш —
Айсараланын тизгининдей чубалжыган сүйлөмдөргө айланганын айтабыз?!
Күндөлүк басма сөздөрүбүздө, радиотеле көрсөтүүлөрүбүздө, ал тургай жазуучулардын
жазгандарында угумдуу, таттуу, так тилибиз тамтыгы чыккан тайкы сандырактарга
айланып кеткени аз эмес. Ушул олтурган окумуштууларыбыз бири бири менен кыргызча
сүйлөшкөн кездеринде сөздү ушунча бүлдүрөт дейсиң, алардын айрым бузуп айткандарын
киши олтурган жерде оозго алышка болбойт.
Эмне үчүн ушундай?
Биз, тек орусча түшүнүктү ошол боюнча — сөзмө сөз кабыл алып жүрөбүз. Маселен,
«центр внимания» дегенди «көңүлүбүздүн борборунда» деп алдык. Бул карапайым
кишиге түшүнүксүз. Бул «көңүлгө түйүү», «көңүлгө алуу» деген эле сөз. Ал эми «ири
мүйүздүү мал», «майда мүйүздүү мал», «жоон мүйүздүү мал...» деген укмуш тилдер
чыкты. Эзелки замандан мал асырап келаткан элибиздин жандуу тилинде мал түрлөрү эң
так, элестүү, кыска аталат: бодо, кара, жандык. Элибиздин түшүнүгүндө — «өстүрүү» —
эгинди, чөптү, бакдарактарды өстүрүү деген түшүнүктү берет. Асты «сүт өстүрүү», «эт
өстүрүү» деп кыргыз баласы жер жүзүнө келгени айтып көргөн эмес?!
Анын ордуна — саандын сүттүүлүгү, малдын семиздиги деген кандай кыска, так,
түшүнүктүү, тилге да жатык. Же, азыркы кезде «саан сүттүү, мал семиз» багылсын
дегенибизде маани эмнеден бузулат? Көрсө, орус тилинин сөзмө-сөз мааниси сакталбай
калат имиш?!
Ошентип тил жөнүндө айтар пикирлер, каалоолор өтө көп. Бирок, кантсе да бизге
берилген он минут, төраганын эскертишине караганда өтүп кетти көрүнөт?
Тыянактап айтарыбыз:
Кыргыз академиясы илимдин бардык тармактарын каалагандай өркөндөтүп койгон
кезинде да, элибиздин эртегиси мүчүлүш изилденген болсо, илимдин бир капшыты бош
турган менен барабар. Академиябыздагы окумуштууларыбыз катарын чыңап, аябай көп
болгон кезде да, алардын ичинде, не араб, парсы, не башка тилдерди жеткилең билген
тарыхчылары, тилчилери, адабиятчылары ж. б. окумуштуулары болбосо, илим
кадырларынын сапаты саал бөксө калары да талашсыз нерсе.
Эмесе, ушул жактан кадырларды даярдоо бүгүнкү күндүн милдети. Көп тил билүү —
демек, дүнүйөнү бардык жагынан көрүү деген сөз!
Биз ушуга чейин тек илимий иштердин санын арттыруу үчүн кам көрүп келген болсок,
алдыңкы милдеттер: сан менен бирге изилдөө иштеринин сапатын көтөрүү, илимдин
тереңдигин, анын өмүрлүүлүгүн, жалпыга керектүүлүгүн арттыруу биздин максат!
Көңүл буруп укканыңыздарга ыракмат!
УГУЛЧУ сөз
Чыгармачылык өмүрүмдүн бир азын эмне үчүн мен тарыхка бөлдүм? 1206-жылы чоң
Курултайдан кийин, Чынгызхан кыргыз журтуна кылычын кезеди, чабуулун баштады.
Кыргыз кошуундары Чынгыздын күчтүү армиясы менен 1209-жылдын биринчи
жартысына чейин аянбай салгылашты. Бул салгылаш — кыргыз журтчулугу үчүн не өмүр,
не өлүм болучу.
Ошондуктан баатыр кол башчылар баштап атка минишкен кыргыз кишиси өздөрүн
жоокербиз дешти. Алар акыркы демине чейин колдон курал түшүрбөдү. Жоону беттеди.
Ал кезде Чынгызхандын каруусу өөрчүп калган чак. Анын аскерлери сан жагынан көп,
согушчулдук жагынан ашынып турган. Журтчулуктун эркиндигин талашкан кыргыз
кошуундары үч жылга тая салгылаштан кийин кансырады. Алдан тайды. Чынгызхандын
армиясына жеңилди.
Бул элибиздин башына түшкөн оор кайгы, кетпес так калтырды. Ошентсе да 1209жылы элибиз женилип калганына карабастан баскынчыга биротоло багынган жок. Баш
көтөргөн эрбүлө, карыкартаң ыпчадагы зайыптарга чейин атка минишип, маалмаал элибиз
өз эркиндигин талашып, көтөрүлүш чыгарып турушту. Мындай көтөрүлүштөр: 1218—
1254—1293-жылдары болду. Бул көтөрүлүштөрдө бабалар өзүнүн мурунку журтчулугун
сактап калуу үчүн айкаштарга аттанып турушту.
Эгерде, биз, 1210-жылдан баштап Чынгызхандын Орто Азияга, Кавказга, Русь жерине
жана батышка, Индостан менен Парсы, Арабияга чейин кылыч кезеп барганын эске алсак,
тымтыракайы чыгып аябай кансырап турган кыргыздардын начар алын эске алсак, ошол
канды моюн баскынчыга каршы 1254— 1293-жылдарда титинип баш көтөрүштүн өзү —
элибиздин азаттык үчүн жан аябай күрөшкөнүнө айкын күбө!.
Ошол 1293-жылкы кыргыздын көтөрүлүшүн басуу үчүн Чынгыздын тукумдары
козголоң чыккан жерге жыйырма миң кол узатты. Козголончулар аёосуз кыргындалды.
Кыргындан калгандар атайы таркатылды... Эгерде, биз, элибиздин тамырын кырккан
ошол 1293-жылдан эсептесек: соңку 624 жылдар бою элибиз тыңгылыктуу баш куруп, өз
журтчулугунун эркиндигин алалган эмес?!
Тескерисинче, бирде кытайдын, бирде арабдын, бирде жунгарлардын кысымында
өмүрүн айкаш менен өткөрүп келди. Ал эми соңку жылдарда биздин эл кош кабат эзүүнүн
алдында калган эң шордуулардан болду. Ал, кош кабат эзүүнүн алдында өзүнүн элдик
касиетин жоё баштаган. Кырылып, азайып жоюлуп бараткан.
Кылымдар бою кансыроодон шордуу болуп калган элибизди 1917-жылы Улуу Октябрь
революциясы эл катарына кошту. Түбөлүк азаттыкка чыгарды. Жолдоштор! эмне үчүн,
Чынгызхан кыргызга ушунчалык канкордук менен кылычын кезеди? Биз санжыра
маалыматына ишенсек Чынгыздын энеси кыргыз кызы имиш. Чынгыз биздин жээнибиз
имиш.
Ал бизге жээн болуп туруп да, ал эмне үчүн таякелерине ушунча кекенди?
Бул жерде айта кетерибиз: Чынгыздын энеси тарыхый маамылаттарда меркит кызы.
Ырас, башта меркиттерди монгол уруусунан дешчү бирок дал ошол кантөгүүлөрдө меркит
журту менен кыргыз журту тагдырлаш болушу; ал эми дал ушул бүгүнкү күндө
кыргыздарда меркит үркүт деген уруулардын болушу, санжыра маалыматындагы чындык.
Бул бардыгын аныктайт. Бул илимий жактан али изилдөөнү талап кылган иш. Тек ыгы
келгенде эске алдык.
Укумчул санжыралар: «Жээн эл эмес, желке тон эмес» деген макалды да Чынгызханга
таяшат. Биз мунун аныктыгын кийинки изилдөөлөргө калтыра туралы... Эмне себептүү
Чынгызхан кыргызга кылыч кезеди? Тарыхтан бир аз маалыматы бар киши үчүн бул
суроонун кажаты жок. Биз тарыхтан анча кабарыбыз болбогон соң, тигил суроого жооп
күтөлүк.
Ар бир эле баскынчы, ал тынч жаткан элдерге өзүнүн кандуу чабуулун баштаарында, өз
жолунда турган элдерди, не өзүнө жаат кылып алуу, не аны багынтып өзүнө черүү кылып
алуу байыртан бери келаткан иш.
Баскынчы баарыдан мурда күч жагынан өзүнөн күчтүү не өзүнө күчү барабар элди
жолдон алышка бардык амаларгасын жумшайт. Алыска барбастан эле кечээ отуз жыл
мурда биздин ыйык Мекенибизге кол салган Гитлерди көз алдыга келтирип көрөлү. Ал
адегенде биз менен ынтымак түзгөнсүдү. Европадагы башка мамлекеттердин да колуна
алууга аябай амалданды. Өзү болсо, түнкү каракчыдан беш бетер куралдуу күчүн биздин
чегибизге тымызын топтоду?!
Ал эми Чынгызхан эмне кылды? Ал, аста кана өз элчисин кыргыздарга жиберди.
Ынтымак сурады. «Мага кошулгула. Бирге чоң жортуулга аттанабыз» деди.
Кыргыз журтчулугу ага эң этиет, сак жооп кайырды:
— Биз өз кыйырыбызда тынч күн көргөн журтпуз..Сага тийиштик этпейбиз.
Ынтымактабыз. Ак шумкар, күлүк ат канга тартуубуз бар. Бирок жортуулга аттанбайбыз!
— деп Чынгызхандын элчисин узатты.
Ал эми Чынгызхан бир туруп тынчтык менен өзүнө баш ийип бербеген кыргыз ажосуна
кыжырланса, экинчиден жоокерлик салты бар, кошуундары күчтуү кыргыз журтчулугун
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Мезгил Сабактары - 33
  • Parts
  • Мезгил Сабактары - 01
    Total number of words is 3925
    Total number of unique words is 2168
    28.4 of words are in the 2000 most common words
    41.5 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 02
    Total number of words is 3835
    Total number of unique words is 1945
    25.2 of words are in the 2000 most common words
    37.9 of words are in the 5000 most common words
    45.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 03
    Total number of words is 3888
    Total number of unique words is 2004
    26.2 of words are in the 2000 most common words
    38.0 of words are in the 5000 most common words
    44.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 04
    Total number of words is 3917
    Total number of unique words is 2109
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    38.3 of words are in the 5000 most common words
    44.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 05
    Total number of words is 3841
    Total number of unique words is 2050
    24.3 of words are in the 2000 most common words
    35.5 of words are in the 5000 most common words
    41.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 06
    Total number of words is 3908
    Total number of unique words is 2175
    25.1 of words are in the 2000 most common words
    36.6 of words are in the 5000 most common words
    43.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 07
    Total number of words is 3879
    Total number of unique words is 2261
    24.6 of words are in the 2000 most common words
    36.6 of words are in the 5000 most common words
    43.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 08
    Total number of words is 3889
    Total number of unique words is 2322
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    38.4 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 09
    Total number of words is 3878
    Total number of unique words is 2190
    26.2 of words are in the 2000 most common words
    38.2 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 10
    Total number of words is 3881
    Total number of unique words is 2101
    24.1 of words are in the 2000 most common words
    34.1 of words are in the 5000 most common words
    40.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 11
    Total number of words is 3844
    Total number of unique words is 2201
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    42.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 12
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 2270
    27.6 of words are in the 2000 most common words
    39.9 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 13
    Total number of words is 3957
    Total number of unique words is 2233
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    47.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 14
    Total number of words is 3766
    Total number of unique words is 2212
    23.9 of words are in the 2000 most common words
    35.6 of words are in the 5000 most common words
    42.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 15
    Total number of words is 3906
    Total number of unique words is 2254
    27.6 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    47.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 16
    Total number of words is 4040
    Total number of unique words is 2326
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    38.3 of words are in the 5000 most common words
    44.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 17
    Total number of words is 3980
    Total number of unique words is 2278
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    38.4 of words are in the 5000 most common words
    45.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 18
    Total number of words is 3826
    Total number of unique words is 2298
    24.7 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 19
    Total number of words is 4011
    Total number of unique words is 2430
    25.2 of words are in the 2000 most common words
    37.5 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 20
    Total number of words is 3935
    Total number of unique words is 2383
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    45.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 21
    Total number of words is 3922
    Total number of unique words is 2456
    24.7 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 22
    Total number of words is 3905
    Total number of unique words is 2360
    25.7 of words are in the 2000 most common words
    37.1 of words are in the 5000 most common words
    43.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 23
    Total number of words is 3793
    Total number of unique words is 2219
    25.4 of words are in the 2000 most common words
    36.9 of words are in the 5000 most common words
    43.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 24
    Total number of words is 3857
    Total number of unique words is 2269
    24.4 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    43.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 25
    Total number of words is 3863
    Total number of unique words is 2183
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    35.5 of words are in the 5000 most common words
    43.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 26
    Total number of words is 3856
    Total number of unique words is 2325
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.0 of words are in the 5000 most common words
    45.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 27
    Total number of words is 3866
    Total number of unique words is 2429
    25.2 of words are in the 2000 most common words
    35.8 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 28
    Total number of words is 3971
    Total number of unique words is 2417
    23.9 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    42.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 29
    Total number of words is 3917
    Total number of unique words is 2300
    24.3 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    42.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 30
    Total number of words is 3926
    Total number of unique words is 2169
    25.8 of words are in the 2000 most common words
    37.9 of words are in the 5000 most common words
    44.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 31
    Total number of words is 3936
    Total number of unique words is 2141
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    45.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 32
    Total number of words is 3916
    Total number of unique words is 2096
    25.7 of words are in the 2000 most common words
    37.3 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 33
    Total number of words is 3934
    Total number of unique words is 2181
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    38.5 of words are in the 5000 most common words
    45.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 34
    Total number of words is 2486
    Total number of unique words is 1435
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    41.2 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.