Latin

Мезгил Сабактары - 09

Total number of words is 3878
Total number of unique words is 2190
26.2 of words are in the 2000 most common words
38.2 of words are in the 5000 most common words
45.0 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
максат, идея, каармандардын элестери, айтор, роман түзүлчү материалдар канчалык толук,
так, жетиштүү камдалса, ошончолук роман жеңиштүү жаралат. Материалсыз костюм
тигилбейт, материалсыз үй тургузулбайт, материалсыз роман да жазылбайт.
Бардык керектүүңдү камда, күчүң ташыса, тез да иште, бирок чийки чыгарма бербе!
Материал десе эле аны топтоп алып буза беришке эч кимдин акысы жок. Сонун трикону
чоркок бычса, андан тигилген костюм брак болгон сыяктуу жазуучу топтогон материал
туура пайдаланылбаса ал да брак. Реализмдин принциптеринде, революциячыл
романтиканын сонун санаасы артсын, фантазия эргисин, материалдан маани тереңдесин
— окуучунун оюн күчөтсүн, анын эстетикалык сезимин арттырсын. Романды окуганда,
окуучу дем алысын, күлсүн, ойлонсун, турмушту үйрөнсүн, билимин арттырсын, акылдуу
кишиден кеңеш уккандай пайда алсын...
Жакшы китеп асмандан түшпөйт. Аны кубаттуу жазуучунун курч каламы жаратат.
Талант жаратат. Адам кубатты эмгектен алат. Кайсы коллективде болбосун ашыгып,
алабарман эмгектенген адам ишти чала бүтүрөт. Чала бүткөн иш сапатсыз болот.
Кары-жашы болсун, көп акын-жазуучуларыбыз ашыгып иштешет, шыгын, талантын
туура асырабай жүдөтөт. Жаман бакса мал жоголгон сыңары туура тарбиялабаса талант да
жоголот. Татым жоголот.
Жазуучу Байтемиров Насирдиндин ырлары, аңгемелери басмадан орун ала
баштаганына жыйырма жылга жакындап калды. Ал окуп да жүрөт. Ал өз шыгын туура
тарбиялашка мезгил жетти. Албетте, анын бир топ ийгиликтери да бар. Ал, башта ырлар,
поэмалар, аңгемелер жазса, кийинки жылдарда көлөмдүү повесттерди, романдарды үзбөй
жазууда. Ал, эң кыска мөөнөттө роман берүүгө жетишет. Темпин, демилгесин
кубаттайбыз. Бирок ашыгыштан бүткөн повесть, романдар чийки кезинде окуучуларга
сунуш этилет. Маани жагынан супсактык, сөздөрүндө чоркоктук учурайт. Үстүртөн
желип жортуш бар... Оң каарман көп учурда кабагын чытыйт, ойлонгонсуп асманды
карайт, костюмуна, туфлисине мактангансыйт, сыланат. Маселен, ушундай адамды
көчөдөн жолуктурса, ал биздин көчөбүзгө апенди өңдөнүп көрүнөр эле. Бул терс сапат.
Кемчилик.
Жазуучу азырынча чыгармачылык азапты анча сезбейт. Биздин байкашыбызча, ал
бардыгын сонун дейт. Муну далилдеш үчүн бир мисал келтирели.
...Согуш жылдары кезинде бир күнү Байтемиров мага келди.
— Түкө!—деди ал. —Сизди калыс, туура кеңеш берет деп келдим. Кубанычбекке
барсам мулжуңдап койду. Поэма жаздым эле. Окуп бериңиз.
Мен чын ыкластан кабыл алдым. Поэманын аты жаңылбасам «Кош арстан» болучу.
Мен өз ишимди токтото туруп, поэманы окудук. Шашпай, абдан ойлонуп, билген
кеңештеримди айттым. Поэманы негизинен кубаттадым. «Өтө узун экен, кыскарт,
кеминде 200 жолдон ашыгын алып сал, супсак кайталама бар. Абдан ойлон, бышыкта. Бир
нече күн дагы терде!»— дедим.
— Абдан сонун, жакшы кеңештер айттыңыз Түкө,— деди акын. Бирок ал экинчи күнү
кыскартыштын ордуна дагы 100 сап кошту.
Акындын бул темпине оозумду ачып калдым. Айтарга саз таппадым...
***
Биз жогоруда айрым чыгармалардын жана айрым жазуучулардын мүчүлүштөрүн азаздан айттык. Жазуучулардын съездинде буларды айтпай кетиш болбос. Анча-мынча иш
кылып коюп, өзүн алда кимге теңеш, орунсуз жерден аксакал, кара сакалга бөлүү, дос,
душманга бөлүү сыяктуу жарамсыз иштер адабияттын өсүшүнө зыянын тийгизет,
тоскоолдук кылат.
Жазуучу — советтик коомдун эң алдыңкы кишилеринен. Ал — адам жанынын
инженери! Анын ою, санаасы, тилеги мөңгүнүн булагындай тунук, таза. Ички дүнүйөсү
дыйкандын алаканындай ачык, жарык, берекелүү — кең пейил болууга тийиш. Ошондо
гана ал — жазуучу деген сонун кесипти ыйык алып жүрөт.
Акын жана жазуучу ичи кара — эскичил болсо, өзүнүн жүрүш-турушунда эски атка
минерлердин ыплас жоруктарын эскертип, башканын ийгилигине ич тарлык кылса,
коллективдин ишинен мурда, жолдошторунан мурда «өз көмөчүнө гана күл тартса» ал,
баягы — «өз козумдан кочкор агытам» дечү өзүмчүл. Мындай акын, жазуучу мейли
коммунист болсун, мейли наамы, атагы болсун, ал эски калдык менен күрөшө албайт,
жаңы маселелерди анын чыгармасы көтөрө албайт. Советтик кыргыз адабиятынын
өнүгүшүнө артыкча ушул көрүнүш зыянын тийгизүүдө. Ыр, поэма, роман жазышка
жумшала турган эң сонун сааттар, айтыш, талаш менен өткөрүлдү.
Анык жазуучу таза иштейт. Анын жарык тилеги — жакшы ырлар, поэмалар, романдар,
драмалар жаратуу.
Ал жакшы укташы керек. Эрте туруп, дене тарбиясын ойноп, салкын суу менен
сүртүнүп, тазаланып, сергектенип, анан жарык үмүт, терең ой менен ишине баса олтурат.
Кум тоодон алтын изилдеген геолог сыңары сөздөрдү тизмектеп, чыгарма жаратат.
Көп эмгек жумшалган жер бай түшүм бергендей, мындай олуттуу эмгектин мөмөсү да
сонун!
Бизде бир жазуучунун кандай иштегенин байкап жүрдүм. Жазганы көлөмдүү чыгарма.
Колуна алганы кара карындаш, алдына койгону берекесиз барактар, өзү иш үстүндө баса
олтурбайт тийип-качып, чымчык чокугандай баракчасына беш-он сөздү түртө салат да
туруп кетет.
Албетте, бул метод — бечара метод. Минтип чокулап иштеш менен кагаздын
бетиндеги күбүнчүктү терсе терер, бирок жазуучу кыйратып эмгек бербейт.
Өткөн жыйырма жыл ичинде советтик кыргыз адабияты кыйла өстү. Кечээки
кыргыздардын укканы: жомок, уламыш, күйгөн, жарамазан, кошок болучу. Бүгүн биздин
жөнөкөй кишилер өз эне тилинде аңгемелерди, поэмаларды, повесттерди, романдарды
окушат. Кыргыздын турмушун элестеткен балеттерди, операларды, драмаларды сахнадан
көрүшөт. Жүрөк толкуткан музыкаларды угушат. Бүгүнкү кишилер маданияттуу жашап,
көңүлдүү турушат. Алардын рухий маданияты баюуда, таламдары артууда.
Кузгун учкан бийикте кой кайтарган койчулар азыр илимди, маданиятты адабиятты кеп
салышат. Окумуштуунун ийгилигин, кайсы жазуучу эмнелерди жазып жатышканын
сурашат.
«Согуш жана тынчтыкты», «Энени», «Евгений Онегинди», «Көтөрүлгөн дыңды»,
«Жаш гвардияны» айтор дүнүйөлүк классиктерден тартып, совет жазуучуларынын
ондогон роман-повесттерин, аңгемелерин, сонун поэмаларын, ырларын азыр кыргыздар,
өз тилинде окушат.
«Жолборс терисин кийген баатырды» бир колхозчу карыя баштан-аяк туура 29 жолу
окутуп укканы бар.
Адабият окуучулары китептерди анчейин окуп коюшпайт. Алар талдап, сынап,
ойлонуп окушат. Алар өз ара китепти талкуулашат, пикир айтышат, жазуучуга жардам
беришет. Окурмандардан каттар келет. Алар: жоокерлер, мугалимдер, колхозчулар,
пионерлер, жумушчулар. Алар авторду жемелешпейт. Ар бири өз түшүнүшүнчө анчамынча ийгиликке рахмат дешет, анан алдыга дагы жаңы таламдарды коюшат, пикирлерин
жазышат, кеңештерин беришет.
Сынчылар көңүлдөрүнө алышпасын. Чыгарманы терең талдап, авторуна жардам берген
сындар азыр чанда. Далай сынчылар куру сүрөөн менен айкыра найза сайып келишти.
Бирок алардын таш жарган айкырыгынан көрө, жөнөкөй кишилердин акырын айткан
пикирлери көбүрөөк пайда берүүдө.
«Биз кыргыздардын турмушун көрбөсөк да романды окуганда алар менен бирге
жүргөндөй болдук,— деп жазылат көп каттарда:— Кыргыздардын мүнөз жоругу бизге
жакты. Бирок, бул дале аз. Кыргызстандын жер, суусун кеңири таанып, элдин салтын,
азыркы кездеги турмушун толук билгибиз келет».
Бул таламды койгондор кара жумушта иштеген — үй куруучулар, молярлар,
күзөтчүлөр.
Ушул жөнөкөй кишилердин эки ооз сөз менен эскерткен таламдары алдыга зор
милдеттерди коюшат. Украинадан, чыгыштан, Эстониядан, Кавказдан, ал тургай,
китептерибиз жеткен тигил демократтык өлкөлөрдө жашаган кишилер, биздин элди, жер,
сууну жакшы билгиси келишет.
Анткени, республиканын тарыхында, азыркы кыргыздардын өмүр баяндары да аларга
далайды айтат.
Кечээ эле жупуну жайдак турмушта кор болгон кыргыздар мына бүгүн отрукташты.
Алар шаарларда, жумушчу шаарчаларында, кыштактарда турактуу үй жай курушту.
Үйлөрүнө картиналар илишти, приемниктерди коюшту, китептерди жыйышты. Сөзсүз
булар артыкча кийинки 10—20 жыл аралыгындагы ийгилик. Жерибизде жаңы-жаңы
шахтылар, кендер табылды. Жогорку окуу жайлары көбөйдү. Мамлекеттик университет
иштейт. Илимдер Академиясы ачылууда. Бүгүн кыргыздан илимдин докторлору
чыгышты. Инженерлер, сүрөтчүлөр, геологдор, механизаторлор, шахтерлор, агрономдор,
врачтар дагы далай кесип ээлеринин армиясы түзүлдү. Кылымдар бою баса турган жолду
жаш республика совет бийлигинин тушунда гана тез өттү.
Акын-жазуучулар ар бири өз чыгармасын өнүктүрүп, республиканын жалпы темпинин
ири алдында жүрүүлөрү тийиш.
Жазуучу көптү көрүп, көптү билишке милдеттүү. Жеке учурду билиш жазуучуга аз. Ал,
эртеңкини да көрүшү, сезиши керек. Жеке ийгиликтерди үйрөнбөстөн, кемчиликтерди да
айтсын.
Тасмадай асфальт жолдо машинеде баратып, ээрин көчүгүнө койгон кыргыз дале бар.
Үй тургузуп алып, огородуна жемиш багын отургузушту эскербеген кыргыздар да аз эмес.
Ал тургай, ортосун көпүрө бөлгөн эки кыштакты арала. Көпүрөнүн бери жагында кыргыз
колхозу, ар жагы орустар, же украиндыктар. Алардын кыштагы бардык жагынан алда.
Көрктүү, бактуу, шактуу, көңүлдүү. А берки кыргыздар турган кыштак жупуну, дале
артта. Тигил колхоздо түнкү саат 12 ге дейре клубда гармон тартылат, кыз-жигиттер
ырдашат, бийлешет. Кыштактын үстүндө күлкү өкүм сүрүп турат. А кыргыз кыштагында
ал байкалбайт. Кыргыздын уул-кыздарын ырдабасын, бийлебесин деп, аларга эч ким
тыюу салган жок. Кайра клубдарды тургузуп, радио станцияларын куруп, китептерди
чыгарып, окутуп үйрөтүп, Совет өкмөтү бизди алга карай үндөөдө.
Ошентсе да энөөлүктүн саркындысы этекке жармашып көп кишилерди мүдүрүлтөт.
Биз жазуучулар өз ырларыбызда, аңгемелерибизде, романдарыбызда, ал эски калдыктын
ушул зыяндуу бетин ача көрсөтүшкө тийишпиз.
Биздин республика көп улуттуу. Көп колхоздордо кыргыздар, орустар, өзбектер,
украиндыктар, дунгандар бир үй-бүлөнүн адамдарындай ынтымак курушту. Кээ бир
миллионер колхоздордо 10—15 тен ашык улут жашайт. Ал эми ар бир улут өзүнүн жакшы
салты, өзгөчөлүгү, обону, ыры, көркөм өнөрү менен бааланат. Биздин максат ошол
кымбат баалуу элдик мурастарды өнүктүрүү, аны өстүрүү, сактоо.
Быйыл киреше мол. Колхоздо түшүм тою өтсүн. Анда көп улут жашайт. Чоң клубда
кече өткөрүлсүн. Ар бир улуттун өкүлү өз өнөрү, ыры, күүсү, бийи менен концертке
катышсын!
Кишилердин рухий маданияты кандай бай, турмуш кандай көңүлдүү! Жазуучу нак
ушуларды сүрөттөшкө милдеттүү.
Советтик кишилер керт башы эмес, коомдун, мекендин камын ойлошот.
Мына чек арачы. Анын түздөн-түз милдети чекти сактоо. Бирок, ал жеке аны менен
канагаттанбайт. Ал өздөрүнө коңшу олтурган малчыларга жардам берет. Тоюткоруң
топтошот, азык-түлүк жеткиришет.
Мына малчы. Ал тигил төргө малды каптатып коюп, жолдо жаткан таштарды четке
ыргытып жүрөт. — Бул жол менен машиналар өтөт. Дөңгөлөгү жыртылбасын, балам!—
дейт.
Карт малчынын, бардык кишилердин ушундай ак ниет иштерин ачып көрсөтүш
жазуучунун милдети!
.Басма беттеринде оң каарман кандай болуш керек?— деген талаштар болду. Бири оң
каарман эч кемчиликсиз, үлгүлүү, сонун болушун айтса, экинчиси оң каарманда да
кемчиликтер болушун белгилешти.
Менин оюмча, чек белгилеп, жазуучуга «мындай жаз» деп рецепт бериш болбойт. Эч
кемчилиги жок күзгүдөй жаркыраган каарманды жансыз жарата салган менен ал эч кимди
суудан кечирбейт. Кемчиликсиз болгон күндө да каарман тирүү киши болушка тийиш. Ал
өзүнүн «сонун каарман» экендиги менен окуучуну ишендирсин. Болбосо, анын
«сонундугу» бир тыйын. Кеп кемчиликтин барында же жогунда эмес, кеп каармандын
белгилүү кемчилигин көрсөтүп бере билиште. Мында ар бир жазуучунун ыкмасы анын
чеберчилиги кылдаттыгы, байкагычтыгы билет. Ал, каарманды бардык жагынан чебер
таанышы керек. Жасалма «сонундук да», жасалма «кемчилик да» жалгандыгы менен
алыска барбайт. Ал эми окуучуга үлгү көрсөтүп, ага тарбия, таалимди бериште
чындыктын өзүнөн артык эч нерсе жок.
Турмуштан байкалган бир мисалды келтирели: Мен бир жолу ири чарбанын жалпы
чогулушуна катыштым. Чогулушта колхоздун жетекчилери жөнүндө сындар болду.
Бардык активдер сыналды. Бардыгынын тең тийиштүү кемчиликтери айтылды. Бирок
төрага жөнүндө эч ким эч сын айтпады.
Чогулуш тараган соң мен колхозчулардан:— Силердин төрага эч кемчиликсиз
адамбы?— деп сурадым.
Анда алар:— Кемчиликсиз да киши болучу беле?—деп күлүштү. — Биздин төрагада
кемчилик да бар. Аны айтпаган себебибиз да бар... Ал иштин көзүн тааныган, чарбаны
жөнгө салган, адамдын камын ойлогон, ак ниет жакшы адам.
— Анан анын кемчилиги эмнеде?
— Кошоматчыкуу шыйпактаса, ал аны тез байкабайт. Өз туугандарына аз-аздап жан
тартат. Анан анча-мында таарынтсаң кек сактап да калат. Ошон үчүн биз анын
кемчилигин айталбайбыз.
Колхозчулардан бул мүнөздөмөнү угуп алып, төрагага келдим.
— Башка активдер сыналды. Сиз жөнүндө эч ким айткан жок. Эмне, ошондой эле
сонун кишисизби?
— Таң...— деди төрага жоош. Чын пейлинде жылмая күлдү. — Эч ким кемчилигимди
айтпайт. Өзүм да таң калам. Чын эле кемчилигим жок чыгар?
Ал эч кандай кууланбастан чынын айтты.
Мына, эң жакшы төраганын да бир катар кемчилиги бар экен. Бирок, ал аны байкабайт.
Анын кемчиликтери коомдук турмушка зыян келтирип тереңдеп кетиши ыктымал...
Эмесе, ага бул кемчиликтерин көрсөтө айтса, ал аны жойгону да турат.
А жазуучу ушундай төрагалардын образын кандай берсе болот?
Кемчиликти жаап коюп, «сен сонунсуң» десек, андан тигил биз жолуккан төрага өз
кемчилигин көрөбү? Жок. «Сенив ушундай кемчилигиң бар» дегенге ал ишенеби? Балким,
мойнуна алат. Аны мойнуна алдырып, кемчилигин көзүнө көрсөтүп кызартыш үчүн, ал
төрага каармандын элесинен өзүн таанысын, өзү туура таап жүргөн иштеринин,
жоруктарынын туура эместигине анын көзү жетсин. Муну канчалык жеткире беришти ар
бир жазуучунун күчү билет.
Биз келтирген бир гана мисал. Биздин бай турмушту аралап көрүп, үйрөнүп, ар
кесиптеги кишилерди таанысак, демилге артат. Ага, жазуучу, сен кеңири ой жорутууңду
бөл тунук фантазияңды кош. Ар түрдүү каармандары көп, максаты жарык, акылга терең,
күлкүгө бай, советтик окуучуларга кеменгер жолдошуңдай таалим берерлик китептер
жазылсын!
Съезд бизге жаңы, жаңы зор милдеттерди тагат. Кечээ гана уядан учкан советтик
кыргыз жазуучуларынын жаш коллективи аз убактын ичинде өнүктү, өстү. Биз бүгүн анча
жаш, анча тайкы эмесбиз!
Көп улуттан түзүлгөн советтик жазуучуларынын күчтүү армиясынын катарында
турабыз. Мындан ары арзан чыгарма менен мактанышка акыбыз жок.
Окуйлу, үйрөнөлү, билели!
Заманды ырдайлы, заманды жазалы!
Биздин жердин балдары да бизди эскерсин, бизди билсин, сыймыктанышсын!
1954-ж.
ЖАШ ТИЛЕГИ УЧКУЛ
1920-жылдын башында эле жергебизде мектептер ачылып» анда илимге кызыккан
жаштар жапырт окуй башташты. Ал кезде жарым көчмөн кыргыздар, айыл-айыл болушуп
коктуларда олтурушчу. Алыскы айылдардан окуган балдар тайга„ кунанга, торпокко
учкашып жол бою жарышып ырдашып келишчү. Унаасы жок болуп же кандайдыр бир
себеп менен мектепке келе албай калган бала ыйламсырап кейичү. Айылда жалгыз калуу
көңүлсүз да. Мугалимдер мектеп балдарына хор, ыр жаттатып, оюн-зоок кечелерине
даярдайт.
Биз — балдар, өзүбүз сөзүн ойлоп таап, өзүбүз аны маштап, бирибиз жетекчилик
кылып, бирибиз «гримдеп» өзүбүз артист болуп оюн койчубуз. Баарыдан кызыгы: он - он
беш жаштагы балдар чалдын, молдонун, кемпирдин, зайыптын, кыздын, келиндин
мастендин ролун аткарышканда кечеге келишкен ата-энелерибиз шыпшынышып,
таңданышып күлүшүп жыргап олтурар эле.
Айтор, байдын ирегесинде эзилген жалчынын байдан теңдигин алуу, эрксизден карыга
кетип жаткан жаш кыздын азаттык талашып, окууга кеткени, дагы ушулар сыяктуу
окуялар биздин «спектаклдин» унтусу болучу,.,
Ошондуктан, биздин оюн-зоокту көргөн адамдар күлүп, жыргап кобурап, бизге бата
айтышчу:
— Ж. Чинтын тилеги учкул. Тилегиңерге жеткиле, кагылайындар!
ЧЕБЕРЧИЛИК ҮЧҮН
Кийинки эки-үч жыл ичинде жаңыдан жаза баштаган бир катар талапкерлер жеке
ырдан эмес, аңгеме, повесттер жазуудан башташты. Айрым аңгемелер, повесттер
журналыбызда басылды. Ал чыгармалардын бири Шүкүрбек Бейшеналиевдин «Чыныгы
достук» деген повести.
Жаш жазуучунун бул чыгармасы көлөмү жагынан ири, темасы керектүү, маанилүү.
Повесттин кыскача мазмуну: 7класстын окуучусу Жалий ооруп сабактан калат. Ал
ооруканада жаткан учурда класс боюнча үчүнчү чейректин жыйынтыгы чыгарылып, эне
тилдин ооз экисинен Жалийге «эки» деген баа коюлат. Бул анын ооруй электен мурунку
баасы. Башка сабактарды Жалий жакшы окуп келген. Бирок эне тилдин ооз экисинен
начар болуп калышына анын жолдоштору Кадыр, Наамат, Сагындар капа болушат.
«Жалий оорусунан айыкмайынча эне тилден начар баа алганын ал билбесин, билсе капа
болот», дешип аны аяшып, жолдоштору ага айтышкан эмес.
Жалий айыкты деген кабарды угушуп, Кадыр менен Нааматтар аны райондук
ооруканадан алып келишти. Жолдоштору Жалийге достук мамиле кылышты. Өткөн
сабактарды бирге окушуп, сыноого жакшы даярдануу максатын алдыга коюшту. Бирок
куру намыска алданган Жалий жолдошторуна оройлук көрсөттү. Ал сабак даярдоону
таштап, жолдошторунан бөлүндү. Жеке жолдоштору гана эмес, Жалийдин бул мүнөзүн
энеси Салиймаапа да жактырган жок. Кадыр сыяктуу сабакты жакшы билген, кичи пейил,
адамгерчиликтүү жолдошунан алыстаганын билип, Салиймаапа уулуна нааразы болду.
«Сен жолдошторуңдун ынтымагынан чыкпа, алардын кеңешин ук», деп эне Жалийге акыл
айтты. Мугалими Нуруя да, пионерлер да, комсорг Айна да Жалийдин кемчилигин
көрсөтүштү. Аны четке какпастан өз катарларына тартышып, туура тарбия беришти.
Жалий өз кемчилигин тез сезип, ынтымактуу коллективдин жардамы менен начар билген
сабакты өздөштүрдү. Сыноодон жакшы өттү. 7классты ийгиликтүү бүтүрдү.
Жалий өтө кырс, түшүнүгү тар, мүнөзү чатак окуучу эле. Мейли мугалимдери,
коллектив тарабынан болсун, мейли ата-эне тарабынан болсун ага өз убактысында туура
тарбия берилбей калса, анын келечеги ачыкжарык болбостон, тетири чечилиши да
ыктымал болучу. Кээ бир өзүмчүл, кырс, терс мүнөздүү балдар жок эмес, алар туура
тарбиянын күчү менен өз убактысында оң жолго түшпөй калышса, келечекте кбомго
зыяндуу иштерди иштеп, өз тамырларына өздөрү балта чабышы да ыктымал.
«Чыныгы достук» повестинин каармандарынын бири Жалийдин келечек тагдыры да
адегенде ошондой эки ажырым болучу. Ал узак ооруп, сабактан калды. Анын үстүнө
кырс, кежир, мүнөзү өтө оор. Эгерде коллектив ага таасир этпесе, мугалимдер сергектик
менен мамиле кылбаса, энеси аны эркелетип койсо, балким, Жалий оңолбостон сабактан
калат болучу. Жолдошторунан бөлүнүп, тетири жолго түц1өрү да мүмкүн эле.
Мектептерде болсун, үй-бүлөдө болсун жаш өспүрүмдөргө туура тарбияны берүү өтө
жооптуу коомдук маанидеги зор иш.
Жаш жазуучу Бейшеналиев эң жооптуу жана керектүү теманы алган. Бирок, максатка
тема гана жеткирбейт. Жакшы жана керектүү теманы чече билиш керек. Мына бул
жагынан алганда да баштапкы редакциясына салыштырганда «Чыныгы достукта» бир аз
ийгилик бар. Мен «бир аз» деген сөздү автордун жаштыгына жеңилдик бербестен атайы
айттым. Азыр, советтик кыргыз адабияты бир топ өстү. Башта жаңы жаза баштаган
талапкерлерге бир катар «жеңилдик» берилүүчү. Алардын ырларын редакторлор, же
консультанттар көп учурда өздөрү оңдоп чыгарып коюшчу. Чындыгында бул натуура
метод болучу. Жаңы жаза баштаган жолдоштор өздөрүнүн жооптуу экендиктерин анча
сезишчү да эмес. Ошон үчүн көп учурларда алардын айрымдары: «Мен ыр жибердим,
катасы болсо ондоп бастырып койгула» деп күтүшчү. Эгерде ал талабы орундалбаса
таарынып да калышчу.
Бейшеналиевге андай «жеңилдик» берилбеди. «Чыныгы достуктун» кол жазмасы проза
секциясында талкууга алынды. Кемчиликтери кеңири айтылды. Аны кандай оңдош
жөнүндө авторго кеңештер берилди. Ошентип, повесттин алгачкы редакциясы өтө чийкил
болсо да кийин ал көркөмдүк жагынан бир топ бышыкталып, журналдын бетинен орун
алды. Бирок, али да болсо, «Чыныгы достуктун» көркөмдүгү тайкы. Автор тарабынан бир
катар оңдоолорду талап кылат.
Биздин байкашыбызча, повесттеги негизги кемчиликтер булар:
1. Каармандардын типтүүлүгү аз, айрым окуялар мүнөздүү болуп чечилбестен,
автордун эрки менен кокусунан чыккансып турат. Маселен, Жалийди алалы. Эне тил
сабагын бышыктап олтурган учурда жолдошторуна эмне себептүү оройлук көрсөттү,
белгисиз. «Жалий, эми доскеге сен чык» деген сөзгө эле таарыныш, кежирлик көрсөтүш
мүнөздүү эмес. Узакка ооруган Жалий, балким, ачуучан болгондур. Сабактан өзүн жетише
албайм деп эсептер. Ошон үчүн анын терстиги, жолдошторуна таарынышы жасалма
өңдөнбөстөн мүнөздүү болуш керек. Өз кемчилигин тез сезип, сабакла жетишип кетишине
караганда Жалий акылдуу бала. Анын тетиричилигине да орундуу себеп болушу керек.
Окуучуга ал жек көрүнбөй, жүрүш-турушу менен аяныч, сүйкүм туудурсун. Ошондо гана
Жалийдин образы типтүү оолору шексиз.
Ал эми комсорг Айнанын образы жокко эсе. Үйгө бир кирип чыккан жат адам
сыңарындай ал окуучунун эсинде калбайт. Чындыгында Айна алдыңкы катарда турушу
керек. Ал — комсорг. Ал — коллективдин уюткусу, уюштуруучусу, ар бир жаңы иштерди
аш-тойдо жолдошторунун арасында демилгечи болушу керек.
2. Автордун тили жарды. Бир эле сүйлөмдүн ичинде бир маанидеги сөз эки-үч
кайталанат. Буга мисалды биринчи эле абзацтан табууга болот:
«Узак убакыттан бери больницада жаткан Жалийди жетинчи класстын окуучулары
чыдамсыздык менен күтүп жатышты». Же: «Сүйлөшүү акырындап суюктала баштады...
сүйлөшүү суу кошкон айран беле... уйкунун таттуу даамы улам мемиретип өз кучагына
тартты.
Эртеси... райондон эрте жол тартты. — Эки тартты удаа. — Уйкуда даам болобу...
Автомобилдин дөңгөлөктөрү чимириктей тегеренип, мелтиреген жайык талааны артка
сыдырып таштап бара жатты. Үстүндө келе жаткан үч баланын эркин кыялын эрте жаздын
жагымдуу жели ого бетер жайдарылантып таттуулантат...» Чынында чалмакей сүйлөм.
Же: «Алайган чоң көздөрү үлүрөйүп...» бул карама каршы. Алайган чоң көз үлүрөйбөсө
керек,. Же:
«Карасур кереңи жыйрыла түштү» бул да мүнөзсүз. Ирең жыйрылбайт, өзгөрүлөт,
бүткөнбой жыйрыла түштү деп айтылуусу мүмкүн.
Дагы:
«Жолдошторунун сөзү канчалык жумшак, жылуу айтылып жатканы менен Жалийге
катуу тийип жатты». Бир эле сүйлөмдүн өзүндө бир маанидеги сөз эки кайталанышы
мындай турсун сүйлөм бүт жарды, мүнөзсүз.
Дагы: «... Биз бир кишини жолго салалбай олтурабыз,— дешип экөө үңүлө карады...—
Кайда карашты? — Кадырдын өрттүү жүрөгүнөн фонтандай атылып чыккан бул сөздөрү
эки жолдошту терең ойдун кучагына тартты». Рас, жогор жакта Кадыр жаш
гвардиячыларды эскерип, алар Краснодондо, согуш мезгилинде, оор, татаал шарттарда
чоң иштерди аткарышкан болучу. А биз комсомолдук убаданы аткаралбайбызбы деп
сүйлөгөн. Ага жараша автордун тили да орундуу, салмактуу сүйлөнүшү керекко. «Оттуу
жүрөгүнөн фонтандай атылып» деген теңештирүү туура эмес салыштырма экендиги
мындай турсун, угуму жок, жасалма сөздөр. Эч убакытта турмушта антип сүйлөнбөйт го.
Эгерде бир адам: «өрттүү жүрөгүңдөн фонтандай атылып чыккан бул сөздөрүң» деп, сөз
айткан жолдошун мактаса, ага жолдошу кайра ызаланар эле. / Же: / «Устарадай курч
кетменин этиеттик менен лыпылдата чаап кызылчанын чабыгында жүргөн кези. «Карасаң,
машинадай тез иштөөнү үйрөнүптүр. Жүргүлө, барып көрөлү»,— дешип,
кызылчачылардын Салийманын ишине таңданып карап турган учуру».
Байкабаган адамга жогорку салыштыруулар, балким, көркөм өңдөнүп угулар. А
чындыгында сөздөр бүтүндөй кайталама. Кетменди устарага теңештирген соң, аны курч
деп айтыштын кереги эмне. «Лыпылдата чаап кызылчанын чабыгында жүрдү» деген
сүйлөмдү так, кыска айтышка болор эле. Салиманын ишин машинага салыштырган соң,
аны тез деп кайталаныш да ашык. эмеспи.
Биз жогоруда, автордун тил жардылыгын айттык. Уста канча адис болсо да дөшүсүз
балта таптай албас эле. Анын сыңарындай жазуучу да мейли таланты болсун, тили жарды
болсо, ал бечара болот, жазуучунун бирден бир байлыгы — тил! Жеке тилдин байлыгы
аздык кылат. Ага чеберчилик кошулса, жазгандары жөнөкөй гана тил менен сонун
сүрөттөлөт. Чоңго да, балага да бирдей түшүнүктүү, жеңил айтылат.
Буга мисалды Лев Николаевич Толстойдон келтирели. Бизге белгилүү Толстой «Согуш
жана тынчтык», «Анна Каренина» сыяктуу зор романдарды жазуу менен бирге эң кыска
аңгемелерди да, тамсилдерди да жазды. Анын жөнөкөй сөздөрү жалпыга түшүнүктүү.
Окуу куралы ордуна жазган «Жаңы алыппе» деген китебинде төмөнкүдөй сүйлөм бар:
«Несла баба ведро воды. Ведро было худо. Вода текла на землю. А баба была рада, что
нести стала легче. Пришла, сняла ведро, а воды нету».
Ушул жыйырма эки гана сөздөн турган сүйлөмдө бүтүндөй окуя сүрөттөлгөнүн көрдүк.
Мындагы касиет жөнөкөй гана тил менен чебер сүрөт берилген. Бул сүйлөмдүн автору
Толстой болбостон, же мен болсом, же Касымалы Жантөшев болсо, сөзсүз экилентип
жибермекпиз: «Аял чакадагы сымаптай мөлтүлдөгөн сууну адеп көтөргөндө ал
коргошундай оор эле. Чаканын түбүндөгү калбырдын көзүндөй тешиктерден суу жаздын
күнкү кара жамгырдай шырылдап төгүлгөн соң, бош калган чака бир чымчым пахтадай
жеп-жеңил болуп калды» деп обу жоктук менен сүрөттөш колубуздан келет. Бирок
чеберчиликти үйрөнүшкө өтө кашаңбыз.
«Спала кошка на крыше, сжала лапки,— деп жазат Лев Толстой. — Села подле кошки
птичка. Не сиди близко, птичкл, кошки хитры».
Уктуңар го Толстойдун тили кандай жөнөкөй, бирок кандай түшүнүктүү. Кандай чебер.
Кыска сүйлөм менен сонун сүрөттү элестетти.
Ал эми ушул эле турмушту Касымалы экөөбүз сүрөттөйлү:
«Уктамыш болуп жолборстой комдонуп чатырчада жаткан мышык илбирсче
күркүрөйт. Бирок анын маңдайына жагалмайдай кайып учуп келип чымчык конду. Эх,
байкуш чымчык, көп эле мойнуңду корозчо койкоңдотпогун. Тигил коңурук тарткан
сарала мышык кызыл түлкүдөн да митаам, сени баса калат да кулк эткизип бир сугунат».
Балким, мен өзүбүздүн күчүбүздү Толстойдон ашырып да жибердим окшойт. Тилекке
каршы биз көп учурда ушинтип боекту сүйкөй беребиз. Бирок кемчилигибизди тез
көрбөйбүз.
Мен буларды мисалга келтиришимдин себеби, жаш жазуучулар, сиздер кээде бизден
үлгү аласыздар. Биздин жарды стил, тантык сүрөттөөлөрдүн таасири сиздердин
чыгармалардан да жолугат.
Жакында бизде, Жантөшевдин «Жалындуу жаштары» талкууланды. Анда көбүнчө
жазуучунун стилиндеги кемчиликтер сүйлөндү. Бейшеналиев да «Жалындуу жаштардын»
бир топ кемчилигин көрсөттү. Ал жакшы, бирок «Чыныгы достукта» да стил жагынан
болсун, салыштырыш, сүрөттөөлөрү болсун, ошондой эле кемчиликтер бар.
Буга повесттин өзүнөн толгон мисалдарды келтиришке болот.
Жалий жолдошторуна таарынган соң анын жалгыз калып өз алдынча сүйлөй бериши,
анын айткан сөздөрү тантык, да, мүнөзсүз да. Ал өз алдынча сүйлөп жаткан кези окуучуга
жакпайт. Ошол учурда мугалим Нуруя келет. Жалийге акыл айта баштайт. Нуруянын
тилеги жарык, өзү окуткан окуучусуна ийгилик тилейт. Бирок мугалимдин суроосуна
жооп бериштен мурда Жалий ага үнсүз карады. Нуриянын жүзү Жалийге жылуу учурады.
Бирок муну автор жөнөкөй гана тил менен түшүнүктүү айтыштын ордуна ыксыз
салыштырып мындай дейт: «Апасыныкы сыяктуу заардын кылдай да тагын тапкан жок».
Стилдин чоркоктугунан бул сүйлөмдөн маани түшүнүш кыйын. Автор эмнени айткысы
келет, түшүнүксүз, орой.
Мейли мугалим болсун, мейли окуучу болсун жүрүш-турушу бирдей, сүйлөгөн сөзү
(тили) бир мүнөздө. Мугалим окуучуга бир аз үнүн көтөрө чыгарып, акыл айткансыйт,
окуучу ага макул болгонсуйт. А чындыгында анда эмес да. Бир бала бар: жүрүш турушу
ыкчам, шашып сүйлөйт. Өзүнө мүнөздүү адаттары болот. Бир бала бар: ойлонуп акылдуу
кептерди айтат, токтоо, же тескерисинче, шок. Айтор, мейли жүз, мейли миң киши
олтурушсун, өңүнөн, сырткы кебетесинен, же боюнан, кыймылынан окшоштор өтө аз. Бир
адам бар, сөз сүйлөгөн чечендин оозунан көзүн албайт, экинчиси анын тескерисинче,
бутунун башын карап олтуруп угат, үчүнчү бири, өз алдынча күлүңдөй берет, төртүнчү
адам тынч олтура албайт. Бирок, максат бир: бардыгы тең айтылган сөздү дит менен угуп
олтурушат.
Ушунун сыңарындай Бейшеналиевдин «Чыныгы достугундагы» окуучулардын максаты
да бир. Класстагы 32 бала тең сабакты жакшы өздөштүрүп, 7-классты ийгиликтүү
бүтүрүшкө тырышат, бирок алардын бардыгы коендой окшош эмес, же эреже боюнча
бип-бирдей сүйлөшпөйт.
Мына ушул жагынан алганда артыкча жазуучу өтө байкагыч, сезгич болуш керек.
Жөнөкөй көз көрө албаганды жазуучунун көзү көрүшкө милдеттүү, адамдын кебетесинен
улам анын ички дүнүйөсүн туура баамдаш керек. Чыгармасына каарман болуучу адамдын
жанына келип: «Сиз эмнени ойлоп турасыз?»— деп сураган жазуучу, ал бечара жазуучу.
Каармандын кубанычын да, кайгысын да, жадаса эч адамга айтпай жашырып койгон
сырын да, анын алдында турган максатын да жазуучу сурабастан билип ага кеңеш айтып,
тетири баратса, туура багыт беришке милдеттүү.
А биз болсок адамдын ички дүнүйөсүн туура тааныш мындай турсун, анын сырткы
кебетесин да оңдуу көралбайбыз. Маселен, сулууну сүрөттөсөк: бели кындай, бети толгон
айдай, мойну алманын сабагындай, кашы каламдай, көзү каухар таштай, чачы кайыңдын
бутагындай жана башка, ушулар сыяктуу салыштырууларды табабыз. Ал эми бизге
ишенген сүрөтчү табылса, биз айткандай тигил сулуунун сүрөтүн тартса, анда ал сулуу
эмес эле, мокочо болуп чыгар эле. Андай «сулуунун» жанына жигит гана тургай кутурган
жолборс да даап келалбас эле.
Сулуу деген биз түшүнгөндөй эмес, ал өтө терең, маңдайы тастайып, кашы чийилип,
мурду комуздуктай болуп, бети мөлтүрөп турса эле сулуу боло бербейт. Сулуудагы эң
башкы касиет — жылдыз. Жылдызы жок сулууда жандүйнөнү жылытар күн илеби жок ай.
Ал эми биздин оң каарман жигит болсо, аны күчтүү да, ырчы да, сулуу да, чебер да
кылып, айтор, ага бардык сапатты жабыштыра бериштен тартынбайбыз. Чындыгында ал
каарман тирүү адам болуштан кетет.
Үчүнчү кемчилик, ал турмуштан эмнени көрсө эч өзгөртүүсүз эле болгонду болгондой
кагаз бетине көчүрө бериш бар. Бул, артыкча жаш жазуучулардын чыгармаларына
мүнөздүү.
Жазуучу, сөзсүз турмуштагы чындыкты сүрөттөйт. Бул көзгө көрүнгөндү катары менен
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Мезгил Сабактары - 10
  • Parts
  • Мезгил Сабактары - 01
    Total number of words is 3925
    Total number of unique words is 2168
    28.4 of words are in the 2000 most common words
    41.5 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 02
    Total number of words is 3835
    Total number of unique words is 1945
    25.2 of words are in the 2000 most common words
    37.9 of words are in the 5000 most common words
    45.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 03
    Total number of words is 3888
    Total number of unique words is 2004
    26.2 of words are in the 2000 most common words
    38.0 of words are in the 5000 most common words
    44.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 04
    Total number of words is 3917
    Total number of unique words is 2109
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    38.3 of words are in the 5000 most common words
    44.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 05
    Total number of words is 3841
    Total number of unique words is 2050
    24.3 of words are in the 2000 most common words
    35.5 of words are in the 5000 most common words
    41.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 06
    Total number of words is 3908
    Total number of unique words is 2175
    25.1 of words are in the 2000 most common words
    36.6 of words are in the 5000 most common words
    43.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 07
    Total number of words is 3879
    Total number of unique words is 2261
    24.6 of words are in the 2000 most common words
    36.6 of words are in the 5000 most common words
    43.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 08
    Total number of words is 3889
    Total number of unique words is 2322
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    38.4 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 09
    Total number of words is 3878
    Total number of unique words is 2190
    26.2 of words are in the 2000 most common words
    38.2 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 10
    Total number of words is 3881
    Total number of unique words is 2101
    24.1 of words are in the 2000 most common words
    34.1 of words are in the 5000 most common words
    40.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 11
    Total number of words is 3844
    Total number of unique words is 2201
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    42.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 12
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 2270
    27.6 of words are in the 2000 most common words
    39.9 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 13
    Total number of words is 3957
    Total number of unique words is 2233
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    47.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 14
    Total number of words is 3766
    Total number of unique words is 2212
    23.9 of words are in the 2000 most common words
    35.6 of words are in the 5000 most common words
    42.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 15
    Total number of words is 3906
    Total number of unique words is 2254
    27.6 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    47.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 16
    Total number of words is 4040
    Total number of unique words is 2326
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    38.3 of words are in the 5000 most common words
    44.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 17
    Total number of words is 3980
    Total number of unique words is 2278
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    38.4 of words are in the 5000 most common words
    45.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 18
    Total number of words is 3826
    Total number of unique words is 2298
    24.7 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 19
    Total number of words is 4011
    Total number of unique words is 2430
    25.2 of words are in the 2000 most common words
    37.5 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 20
    Total number of words is 3935
    Total number of unique words is 2383
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    45.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 21
    Total number of words is 3922
    Total number of unique words is 2456
    24.7 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 22
    Total number of words is 3905
    Total number of unique words is 2360
    25.7 of words are in the 2000 most common words
    37.1 of words are in the 5000 most common words
    43.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 23
    Total number of words is 3793
    Total number of unique words is 2219
    25.4 of words are in the 2000 most common words
    36.9 of words are in the 5000 most common words
    43.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 24
    Total number of words is 3857
    Total number of unique words is 2269
    24.4 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    43.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 25
    Total number of words is 3863
    Total number of unique words is 2183
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    35.5 of words are in the 5000 most common words
    43.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 26
    Total number of words is 3856
    Total number of unique words is 2325
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.0 of words are in the 5000 most common words
    45.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 27
    Total number of words is 3866
    Total number of unique words is 2429
    25.2 of words are in the 2000 most common words
    35.8 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 28
    Total number of words is 3971
    Total number of unique words is 2417
    23.9 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    42.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 29
    Total number of words is 3917
    Total number of unique words is 2300
    24.3 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    42.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 30
    Total number of words is 3926
    Total number of unique words is 2169
    25.8 of words are in the 2000 most common words
    37.9 of words are in the 5000 most common words
    44.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 31
    Total number of words is 3936
    Total number of unique words is 2141
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    45.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 32
    Total number of words is 3916
    Total number of unique words is 2096
    25.7 of words are in the 2000 most common words
    37.3 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 33
    Total number of words is 3934
    Total number of unique words is 2181
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    38.5 of words are in the 5000 most common words
    45.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 34
    Total number of words is 2486
    Total number of unique words is 1435
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    41.2 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.