Latin

Мезгил Сабактары - 11

Total number of words is 3844
Total number of unique words is 2201
23.7 of words are in the 2000 most common words
35.9 of words are in the 5000 most common words
42.6 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
жактан бир беткей ыргакка лирикалык баян — ал турмуш салмагы саал эле сезиле
түшкөндө бат эле калайдай майыша калаарын кээде жаштарыбыз эмес, атак-даңкы чыккан
кадыресе тажрыйбалуу жазуучуларыбыз да азырынча аны анча байкаша элек.
Калыстык айтсак: тигил мүчүлүштү эмитен сезген жаштар да бар. Ал жакшы. Кемтикти
тез көрүү — ийгиликке да тез жеткирет. Тигил мүчүлүштөрдү али сезбеген жаштар да бар.
Бул да закондуу. Кемчиликти тез таанышпаса эле биз алардан үмүт үзө салбайбыз. Арийне
биринчи жактан айтылган лирикалык баян өз темасын тапкан кезде комуз күүсүндөй
ыргагып, жүрөккө таамай тийсе; ал турмушту кеңири ачып, өмүрлөрдү кеңири баяндоого
келгенде өз чегинен чыгалбай мүчүлүш калат. Айтор, неси болсо да биз чынчыл болобуз
десек: өзүбүзгө жаккан теманы кандай ыкмада сүрөттөсөк да майда окуяларга урунбай,
көлөкө жакты көбүрөөк издебей — азыркы чоң дүнүйөнүн бардык ой чуңкурун, бардык
бийигин кеңири таанып, кенен көрүп таасын сүрөттөйлү. Замандаштарыбызды —
мезгилдин баатырларын бардык жагынан кенен ачып, алардын жандуу, адамгерчиликтүү,
акыл-эстүү, күрөшчүл таза элесин ырдайлык. Бир серпим татынакай аңгемеден тартып
чоң турмушту кеңири камтыган албан окуялуу баатырдык эпопеяларды жараталы.
Ал эми каармандардын элесин ачуу, мүнөз түзүү, жер-сууну сүрөттөө, тил байлыгын
орундуу пайдаланып, аны байытуу жагында да биздин тердеп-кургап ашар белестерибиз
аз эмес.
Ошол эле окурманды кубанткан повесттерди, аңгемелерди бардык жагынан кенен
талдасак алардын авторлоруна айтар каалоолор, кеңештер бир кыйла. Маселен,
кеңешмеде көпчүлүктүн көңүлүн бурган повесттердин ирилеринен Өскөн Даникеевдин
«Кыздын сыры», Кубатбек Жусубалиевдин «Күн автопортретин тартып бүтө элегин»
алсак, бул повесттерде каармандардын ички дүнүйөлөрүнүн ачылышы алынча жакшы
болуу менен бирге ал көп учурларда өтө эле чолок кайрылат. Каармандардын «кылт»
эткен ою, бир серпилген кыялы, кайгы-кубанычтары дагы мүнөздүү, элестүү жактары
кеңири ачылса, алардын элестери дагы бараандуу тартып дагы тириле түшмөк. Ошондой
эле каармандардын ар бирине эң мүнөздүү портреттик белгилери: ойлонуудагы,
кубануудагы, кейүүдөгү, өкүнүүдөгү адам жүзүндө «окулчу» өзгөрүүлөр, нурлар, не
көлөкөлөр, ойдун не кайгынын сырдуу «каймактары» тигил повесттердин
каармандарында кээ учурда анча жетиштүү боёктор менен тартылбай калат. Жер-суунун
сүрөтү (пейзажга тийиштүү) дал сүрөттөөлөрдө да үстүртөн «каймактап» өткөн учурлар
жок эмес. Аңкыган аба, чалкыган көл, тигил көп боёктуу жерлерибиз, тоолорубуздун
сүрөтү негизинен дурус тартылса да, кээде андагы боёктор өз түсүн ача албай калат.
Өз ыкмасын, өзүнчө чолок кайрып сүйлөм түзүшүн эске албаганыбызда Кубатбектин
тили өзүнө ылайык так, курч, салмактуу. Ал эми Өскөндө бир аз көп сөздүүлүк, кээде тил
чоркоктугу байкалат. Маселен, «Кыздын сырынын» беттеринен бул сүйлөмдөр окулат: —
«Мен ошол замат тиги баланы карап кал
дым. Бул караш эч ойсуз, эрксиз жазалды...» Бул сүйлөмдүн аягы кулакка кандайдыр
өөн учурашын айтпаганда да «жазалды», андан кийинки «жазалып»... Дагы: — «...андан
аркы жылдыздардын чыдамсыздары жымыңдай көз кыскандан жадап бүтүп, айлалары
кеткендеринен учуп, учуп түшүп жаткандай көрүнөт...» Же: «Ал жылмайды, колумду
кызды» «өрөзгөлүүлүгү», «тоонун силуэттери», «үйдүн күнөз жагына», «көрүнүштөрдүн
фонуада», «демек» деген өңдүү татымсыз угулган, тек, торала сөздөр повестте окулат.
Биздин оюбузча бул сөздөр тактыгы, элестүүлүгү менен сүйлөмгө боек кошуп, аны
жандантуунун ордуна кайра аны жансыз; кылат. Бир сүйлөмдө тургай бир абзацта, не бир
бетте эң орундуу колдонгон эң жандуу, эң элестүү, маанилүү, бир-эки сөз, кээде ошол
абзацты не бетти бүт жандантып жиберет. Биз, кээде архитектуралык жактан жөнөкөй
өңдөнүп туруп, көркөм, шаңдуу, кооз салынган имаратка кызыга караган кезибизде, көп
учурда аны кооздогон айрым гана көзгө илешпес боёктор, өз ордуна коюлган деталдар
экенин сезебиз. Тескерисинче, ордун таппаган деталдар, түсүн таппаган боёктор, чоркок
коюлган жасалгалар имараттын көркүн ачпайт, кайра аны жаман көрсөтөт. Эмесе, көркөм
сөздөн чебер тизилген сүйлөмдөр да ошондой эле өз-өз ордунда турууну талап кылат.
Ордун таппаган күчтүү сөз кайып кеткен октой кулакты чуулдатып сезимди чочутат, анан,
анын жалпы татымдуулугу жоюлат. Артыкча, кош маанилүү сөздөр өз ордунда айтылбаса,
ал акыры авторду уялтат, аны ачуу өкүнтөт.
Аман Саспаевдин тили жатык, жакшы дейбиз. Бирок, ушул эле жатык тилдүү жазуучу
кээде сөздү орунсуз колдонмою бар. Жазуучунун биз окуган бир аңгемесинде «карыган
абышка...» деген аныктаманы окуп, делдее түшкөнбүз. Баса, теги жаш абышканы
жолуктурган кимиңер барсыңар? Карыган соң ал эркек болсо, абышка да, аял болсо,
кемпир эмеспи. Жарайт. Эми ушул эле Амандын «Каяша» деген татынакай аңгемесинен
көзгө көрүнбөс өңдөнүп туруп кылдат баамдаган окурманга жакпас бир сөз бар. Ал
«кайырмагына илинди». Бул жерде кайырмакты салган жакшы жигит, ага илинген
жакшынакай кыз. Булар башынан бирин бири сыйлашкан түгөйлөр. Эмесе, бул экөөнүн
арасында кайырмактын кандай тийиши бар? Бул жерде жаш жазуучу тек бая тентек
жигиттердин өз ара каймана тамашаларын кулагына чалдырып алса керек да, анан аны
каламына иле салган бейм? Болбосо, автор, чын эле тигил арзышкан түгөйлөрдүн асыл
таза арзууларына күбө болорлук элпек, ийкемдүү жумшак тил тапса, аттигиниң, мүнөз
дагы ачыла түшпөс беле! Ал эми жигит арзууну баалабас селсаяк орой, деле ашык жарды
өмүрлүк жолдош катары көрбөй күнүмдүк кумар ордуна эсептеген торпок мүнөздүү
көпкөлөң болуп, өзүнө жар табууну кумар жазчу балык кармагандай көргөн терс каарман
акылдуу, эстүү, жакшынакай кызды азгырып-жазгырып кайырмагына илип алса, анда ал
жорук ошол терс каармандын мүнөзүнө кандай эп келише түшөр эле? Аттигиниң, анын
ыплас келбети арзууну сезбестиги кызга калганда дал ошол кайырмакка илинген ак
чабактын тагдырын элестетпейби да, аңгеменин максаты: — «Эй, кыздар! Тетигил көпкөн
зөөкүр кайырмакчыдан сак болгула!» дебес беле. Албетте, ошентет.
Эмесе, өз ордун таппаган курч сөз ташка тийген болоттой кетилип калат, ал курч
маанисин жоюп, сезимге жетпейт. Өз түсүн таппаган боёк — ал жашыл болсо, көзгө кара
түс берип көрүнөт. Көркөм адабиятта бардык боёкту түсүн чыгарып, бардык элести ачып
көрсөтүүчү касиет ал — сөз! Жаштарыбыз өз эне тилин мейиздей татый билишпесе,
сөздөрдүн маанисин, татымын, түсүн, каймана сырын ача, так көрүп, так сезе, так баамдай
билишпесе, анда алар негизги куралынан ажырайт.
...«Жаңы жээктерге» жетүү, темага карай сюжет курууда, окуяларды чагылыштырып
мазмун түзүүдө жеткинчектер менен маектешер оюбуз дагы олуттуу. Рас, кийинки
жылдарда биз баамдаган дүнүйөбүз бир кыйла кеңее түштү. Ал жылдар өткөн сайын кеңее
да бермек. Бирок, кеңейүү десек эле, ал мындан мурда эч болуп көрбөгөн кандайдыр бир
жаңы, таптакыр башка нерселерди алдыбызга тартпайт. Мейли, космостук ырлар,
поэмалар, мейли жалаң диалог менен эң так, эң кыска түзүлгөн повесть, роман, аңгемелер;
деле мейли таптакыр эле (ушул кездерге чейин илимге белгисиз болуп эми гана
Жерибиздин түпкүрүнөн табылган кен же Деңиздин тереңинен чыккан чоочун жаныбар
сыяктуу) биздин адабиятыбызга дагы жаңы түрлөр кошулсун, дагы жаңы ыкмалар
табылсын. Ошол жаңылардын да, эскилеринин да көтөрөр жүгү — турмуш арткан жүк,
көздөгөн максаттары да баары бир адамдын жарык мүдөөсүнө чыгуу! Кеп таптакыр башка
«жээктерди» ачуу болгон күндө да, ошол жээктерди ачкандар турмуш жүгүн тердеп
көтөрүп, адамдык мүдөөлөрдү так аткарып, анан ошол өзүнүн «жаңы жээгине» жетет.
Мезгилдин жүгүн сезбей турмуштан четтеп туруп тек «Мен жаңы жээкчимин!
Көрүнбөстөрдү көрчүмүн, угулбастарды укчумун!» деп өз бетинче күчөнө берүү — бери
калганда адабияттагы телибай тентектик. Адабияттагы телибайлык жаңы жээкке
жеткирмек тургай дайынсыз темтеңдетип коёру айдан айгине иш.
Миң жашаган адам жок. Бирок, миң Жылдаган адам тарыхын баамдасак,
бабаларыбыздын баскан жолдорунда урунттуу мезгилди таасын баамдап, так ачкан өз
балдарынын жээктери кийинкилерге мурас болгонуң көрөбүз. Айтор, кеменгер да,
колбашчы да, улуу ойчул акын-жазуучулар да кандай жээкке чыгышпасын, канчалык
бийиктикке көтөрүлүшпөсүн алардын ар бири өз доорунун балдары! Алар ошол өз
доорунун балдары болуу менен улам кийинкилерге жарык жылдыздарын өчүрбөй
келатышат. Бирок, ар бир асыл нерсе жөнөкөй болуп жаралгандай эле ушул өз доорунун
баласы болуп жаралуу оңой менен боло койбойт. Тоодой кумду эңшерип граммдап
кымбат кен алган эмгекчи адам — өзүнүн калың катмар арасынан шыктуусун иргеп,
тандап, ага ыйык милдеттерди тагат. Ага өмүр боюнча чоң көмөк беришет, аны улуу
сындан өткөрүшөт. Анан ошол милдеттерди ал адамча так аткарса, сындан адамча таза
өтсө, анан өзүнүн баалуу табылгаларын тигил элдик мурастарга кошо алса, анан ошондон
кийин гана ал өз доорунун баласы.
Эң татаал, эң жооптуу, көп кырдуу өмүр жолун басуу менен биздин замандаштарыбыз:
оор, татаал, асыл милдеттерди өтөөдө. Кечээ эле талаапүздөрдө, Улуу Тоо койнунда
көчүпконгон элибиз тез отурукташты. Кечээ эле жүздөн эки-үчөө араң кат тааныган
кишилер аз жылдын аралыгында жапырт сабаттуу. Алардын басымдуу көпчүлүгү орто
жана жогорку билимге ээ. Жаңы, жаңы адистиктерди өздөштүрүп жатышат. Башта ооз эки
баянга каныга, жөө жомокторду, уламыштарды, эл-жердин касиетин чечкен, адамдын
тагдырын жатка сүрөттөгөн улуу сөздөрдү чубурткан, ата-бабаларыбыздын чежиресин
чечкен так, курч, көп маанилүү месел сөздөрдү, лакап-макалдарды... айтор, элибиздин,
алп, баатыр, кеменгер, чечен, уз, чебер кишилерибиздин турмушун, өмүрүн, даңкын,
ишин, тиричилигин, акыл-эсин жатка баяндаган көркөм сөздү жатка угушуп, кулак курчун
кандырып, жан азыгын алган кишилерибиз эми китеп сөзүн эң тез өздөштүрүүдө. Ал
тургай алар азыр китепти баалап, сынап, талдап окушат. Дүйнөлүк окумуштуулар,
ойчулар, дүйнөлүк жазуучулар менен биздин кишилер азыр алардын китептери аркылуу
маектешет. Ошентип, бүгүнкү адамдарыбыздын аң-сезими артып, билиминин жээги
ааламдын кеңдигине чектеше башталды.
Кана эмесе, элдик маданиятка салым кошобуз деген кары-жаш акын-жазуучулар,
социалисттик коомдун өнүгүшү ушундай тез өркөндөп, эл турмушу жакшырып,
жаңыланып, адамдарыбыздын аң-сезимдери артып, элдик маданиятыбыз гүлдөп жаткан
кезде, артта калбай, алда жүрүш үчүн биз эмнелерге милдеттүүбүз?
Баарыдан мурда советтик жазуучу деген зор наамды бийик, таза сактоо менен ошол
асыл кесипти мыкты өздөштүрүп, анын чебер, кеменгер, таасын сүрөтчүсү болууга
тийишпиз. Тек, беленди качырбай, тек, «эң керектүү» темага жамынбай, тек, эпчилдикке
салып жойпуланбай чыныгы жазуучулук ак пейилдүүлүктү, жазуучулук көрөгөчтүктү,
калыстыкты, баамчылдыкты бийик сактоо. Мөмөлүү дарак сөлдү, ширени жерден, күндөн
алгандай, биз өзүбүзгө керектүү азыкты, кенчти, табылгаларды турмуштан, коом
өмүрүнөн, ар кыл кесипте күрдөөлдүү эмгектенген кишилердин эмгегинен, айтор,
адамдардын татаал өмүрүнөн баамдап азыктанууга тийишпиз.
Кебелбей суук жаткан ташта да өмүр, кыймыл бар дешет окумуштуулар. Эмесе, дайым
жандуу, ташкын кандуу тез өсүп жаткан эмгекчил адамдар өз кесибинде дагы тез
такшалыш үчүн алар изденгич, шашма, дайым демилгечи! Андай болсо, акын жазуучулар
дал ошол изденгич адамдарын эң алдыңкыларынан болууга милдеттүү.
Кербенчинин төөлөрүндөй улуу-кичүү, кеп-сөздү тиркештире салып: «Мына, улуу
акынды издесең, мен мында!»— деп төш согуу, не көз көргөндүн, кулак уккандын баарын
шакел, чөбүн аралаштыра сөз үймөгүн үйө салып: «Мына, таланттуу прозаик, укмуштуу
драматург десең, мен мына!»—дей бериш, бери калганда өзүнүн милдетин али баамдай
албай, тек көпкөлөң уландай ээлигип жүргөндүк болор...
Арийне, айрымдардын ушундай ээликмелиги баарыдан мурда анын өзүнүн чабалдыгын
чеберчиликке даярсыздыгын, ага шыксыздыгын башкадан мурда ал өзү далилдейт,
андайлар акыры өзүн артка калтырар.
...Айтор, шактагы мөмө сыртынан тегиз мөлтүрөп көрүнгөнү менен алардын бири
чирип пайдасыз үзүлөт, бири жетилип колго тиет. Азыркы ийгиликтин да, азыркы
мүчүлүштүн да соңку чоң жемиши ошентип бышып жетилгенде өз баасын айгине
таанытат. Эмесе, биздин бул айткандарыбыз жашкарыга коюлган доо эмес, кеңеш!
Биздин бул кеңешибиз кунанчыкмаларың жаңыдан таптап жатышкан Кубатбек менен
Мырзага, Өзкөн менен Амандарга гана тийиштүү болбос. Арийне, бул жаштарга көбү
таандык да, тигил тизгин чойдурбай алды жакта караан үзүп бараткан Чыңгыздан берки
Төлөгөн менен Шабданбайдын, Камбараалы менен Шатмандардын деле тигил
карыжаштарга аздыр-көптүр илеби тиер... Үйрөнүү, билүү, чеберчиликти өздөштүрүү
карыга, жашка бирдей тийиштүү, бирдей жооптуу милдет экенин эске ала (жеке
жаштарды гана эмес, өзүбүздү кошо) айтканыбызда, баягы балапанын үйрөткөн энебүркүт өз катарыбыздан али жетилип чыга элегин моюнга ала туруп, ошентсе да, өзүбүз
өтө эле жүдөө тартпастан — дал ошол бүркүттүн, деле жалпы эле канаттуулардын
балапан торолтуп, жетилтип учурушун эске алсак: сары оозуна эненин безилдеп түшө
калышы, темир канат сайганда, эненин телчитип уядан балапанын учурганы, анан, аны
өзүнчө жан багууга үйрөткөнү, ыкка, эпке, сактыкка үйрөткөнү, анан, канат, куйругу тегиз
жетилгенде өз баласын өзү жектегенсип, аны жанына жолотпой чокулап учуруп, эгерде
балапаны тың учуп бийикке көтөрүлсө, «Менин самаганым ушул» дегенсип эне-канаттуу
ага койкоңдоп, ага кубанып кошо учканын эстесек, атаганат, биздер да, дал ошол энеканаттуулардай тигил жаштарыбыздын тың учкандарына жан-дилибиз менен кубанар
элек.
Дал ошол эне-баланын мээримин, сүйкүмүн, ак пейил тилегин жүрөктө сактап,
адистикти арттырып, чебердикти улап, улуу-кичүүлөр тең жарыша канат сабап бийикке
көтөрүлөлүк.
Эй, эртеңкинин ээлери, шыктуу жаштар, силер чабал калбай, шыктын чабытында акыл
эргиткиле, бийикке серпилгиле! Жерден асман көрүнөт, асмандан аалам таанылат!
1965-ж.
ТАМЫРСЫЗ ДАРАК КӨКТӨБӨЙТ
Улуу дарыя башталышы көз жашындай булактардан куралганы, мөмөлүү дарактын
кубаты майда тамырлардан келгени — жаратылыштын эзелки эрежеси. Арийне, илим,
эмгек барган сайын сапатын арттырат. Бирок, булактарды соолтуп салып дарыя куруу не
кыйылган өзөктөн жемиш алуу турмушта эч боло элек. Билбейм, башкалар не дээрин?
Өзүн тамырсыз кургаган бутактардан жемиш алгысы келген «багбанды» кокус
жолуктуруп калсам, аны бул ааламдагы эң экилүү, эң оштонгуч кыялга алданган жан
экенсиң дээр элем.
Аны угабы, укпайбы экилүүнүн өз иши. Ошентсе да, адабият менен көркөм өнөр
майданына ат салышкан досторго айтаарым:
«Адабият дарагына кубат, көрк, мөмө бере турган күч — биз жашаган жер-суубузда,
кайратман эмгектенген адамдарда. Биздин адил эмгекте, биздин тунук акыл менен жарык
илимибизде. Эмгекчил адамдардын камын көргөн биздин чындык, биздин күрдөөлдүү
турмушубузда!»
Эмесе, жашкарыбыз бирдей ошол биздин асыл ишке күчкубат берип турган турмуш
булагына суусун кандыра, чоң-кичинеге эрмек болуп, көңүлүн ачып, жарпын жазган,
таалим, тарбия берип акылына акыл улаган, элибиздин асыл мурасы, сыймыгы болуп
эртеңкиге кала турган чыгармалар берүүгө милдеттүүбүз! Муну бизге жеке
граждандыгыбыз милдеттендирбейт. Ачуу терин адал тамызып, бизге ырыскынасип
бөлүштүргөн эмгекчил элибиз милдеттендирет! Айтор, бул жагынан жанагы
абстракционисттик... дегенине дил бурулбайт. Менин айтаарым:
«Экиленүү, оштонуу адабиятка жат. Кейпи, бул — эл жерден ажырап калып
аргасыздыктан, алсыздыктан мода издегендиктен келип чыкса керек? Андай болсо, мода
адам бир кемтигин жашырып-жабуу аракетинде чыккан. Ал экиленүү келинчек, менен
оштуу жигитке жарашса жарашар. Бирок, бүгүнкүнү даңктап, эртеңкиге баалуу мурас
болучу зор адабиятка жаман мода салакасын тийгизет.
Биздин советтик кыргыз адабиятын өнүктүрүшкөн жаш-карыбызда анчалык адабиятка
салакасын тийгизип жибергидей экиленүү, оштонуу байкалбаган менен айрым жаш талап
али кабыргасы ката элек оозжарма тайчасын эдиреңдетип тигил тескейге карай чаап
калмайы бар. Биздин баамыбызда тайчан жаштын кээде антип туйтуңдашы улууну
сыйлабастык эмес, анын жаш талабы ташкындап: «Жакшы жаз!» деп аны
тынчытпагандыктанбы? Баса, жеке эле жаштын эмес, жеке эле адабиятка ат салышкан
биздердин эмес, адабиятты сүйгөн окурмандардын талабына жооп бербей, алардын
кыжырын келтирген начар чыгармалар кээде көбүрөөк жарык көрүп калат.
Эки сөздү эптештирсе ыр, үч сөздү кураштырса аңгеме аталуу арзан. Ал эми көз
көргөндү, кулак укканды чөмөлө салып, адабият чөбүнүн үймөгүн үйгөн иши менен да,
жүрүштуруш кулкмүнөзү менен да эстүү есүп келаткан жаштарга жакпай калган улуулар
жок эмес... Неси болсо да: «Эмнени сепсең,— ошону оросуң»^ деген асыл макал
карыжаштын эсинде болуп, жакшы менен жаманды таасын көрүп, так бөлүштүрчү
жазуучунун таразасы кылдаттын кылдаты, чебердин чебери болууга тийиш. Башкаларга
тарбиятаалим, берүүчү китеп жаза турган адам—суктук, ичи тардык, калыссыздык,
арамзалык, карамүртөстүк, эки жүздүүлүк, кошоматчылык, ушакчылык сыяктуу жаман
сапаттардан эң алгач өзү тазарбай туруп, башкаларга «акыл үйрөтсө» ал эң мурда өз
ынсабына кол салган ууру, өз ырысын булгаган эки жүздүү бузуку...
Эмесе, айрыкча, жаш муун, сага айтаарыбыз асмандап дайынсыз эргий бербей ЖерЭнебизге кайтып, чыныгы сонундарды жаратып жаткан эмгекчил адамдардын катарында
байкоо жүргүзүп, адам наамын булгоочу жаман сапаттардан эң алгач өзүң таза болуп, иш
улантмайын замандын жарчысы боло албайсың!
Адабияттын асыл дарагына кубат берген булак — элдин улуу турмушу. Ушул булакка
канып, советтик адабияттын асыл дарагын көктөтөлү, достор!
1963-ж.
ЖЫЙЫНГА КАРАЙ
Жазуучулардын экинчи съездинен бери төрт жыл он айдын жүзү болду. Чыныгы
чыгарма жаратуу үчүн бул анча узак мөөнөт эмес, илхамы белен кезде камылгалуу
жазуучу бул арада салмактуу бир роман бүтүрөр. Андан ашса бир нече аңгеме же бир
чакан повесть берер. Бул мөөнөттө өз чыгармасында ушул ийгиликке жеткен жазуучуну
биз «жакшы иштедиң» деп айтышка тийишпиз. Себеби, татырлык чыгарма жаратуу
анчейин ат үстүнөн баратып, айдоого үрөн сээп өткөндөй эмгекти талап кылбайт. Чыгарма
жаратуу жазуучунун оюн, санаасын бөлөт, акылын эргитет. Көрөгөчтүктү, баамчылдыкты,
сезгичтикти, байкагычтыкты талап кылат. Зор эмгекти талап кылат! Бала эненин
курсагында тогуз ай көтөрүлгөн сыңары, өмүрлүү жакшы чыгарманын жаралышына да
ыңгайлуу шарты бар. Бала ара төрөлсө, анын адам болор болбосу илме кайып.
Ашыгыштык менен жүрнары бүткөн чыгарма жөндөмдүү автордун колунан чыкса да бир
жеринен жетишсиз дүмбүл болору ыктымал. Дүмбүл жемиш тез солуйт. Ал көзгө сонун
көрүнүп турса да көп жашабайт.
Ыңгайлуу учурунда каалаган темасы жазуучунун жүрөгүн толкутуп тынчын алып
турса, кыска мөөнөттө да өмүрлүү сонун чыгарма жаралат. Мындай жакшы ийгилик
эмгекти, кылдаттыкты, тажирибаны талап кылат. Дал ушундай ыңгайда биз ашыгып
иштешке милдеттүүбүз. Бул иштин ийгилигине өбөлгө түзүүчү ашыгыштык. Жазуучу өз
темасын так туюнбай, ылгабай, өз милдетин так баамдабай туруп, тек, күндөлүк таламга
жооп берем менен кайсаңдап шашып иштесе, өзү чыгармачылык азапты кылдай сезбестен
каламын кыйнаса, өзү тердебестен кагазын тердетсе, «иш бүттү» болгону менен анын
ийгилиги болбос.
Дилинде өз ишине күйгөн адабиятчыга айдан ачык дайын. Кеп ушул чындыкты көрүп
биле туруп, кээде ушул салакалуу шашмалыкты өзүбүз кетиребиз. Буга мисалды мен өз
ишимден да келтирер элем. Маселен, «Күн кызы Нурайымга күйөөлөгөн Жер уулу
Жанболот жөнүндө баянды» өтө тез жаздым. Бирок аны бүткөн кезде жүрөктү сылаган
кубаныч менен бирге кандайдыр бир айтылбаган сөз калганы сезилди. Ошол замат баянды
басмага берүүдөн тартындым. Кол жазманы дагы бир сыйра иштеп бастырганымдан
кийин да бир «бөксөлүк» сезиле берди. «Чолпон уулу Чокжутар баатыр», «Күн эненин
эрки» деген бөлүмдөрүн жазганымдан кийин гана мага бөксө болуп туруп алган мурда
айтылбаган сөздүн учугу табылды. «Тоо арасында» романдын эки китеби тең мурдакы
«Кең-Суунун» жаңы редакциясы. Билбеймин, эгерде менин көңүлүмдү улашпаса, окудук
деген кишилер роман жөнүндө көп жакшы пикирлерди айтышты. Өзүм да «Бул ишим
дурус» деген ойдомун. Романдын бул жаңы редакциясы кыйла жеткилең тартты. Бирок
ошого карабастан айрым мүчүлүштөр дале байкалат. Маселен, романдын биринчи
китебинде Сапарбай менен дагы бир каарманды Фрунзеге катташтырып, ошол кездеги
шаардын айыл адамдарына тийгизген таасирин көрсөтсөм, каармандын элеси күчөйт эле.
Турмуштун дагы бир сүрөтү тартылып, китеп дагы тереңдемек.
Мындай шашмалык жеке менде эмес, биздин акын, жазуучулардын далайында
байкалат. Соңку төрт жыл ичинде биздин жазуучулар бир топ күрдөөлдүү иштешти.
Кыска аңгеме, очерктен баштап көлөмдүү роман, повесттерге, бир шилтемдерден баштап
лирикалык ырларга, поэмаларга чейин жазылды. Айтор, башта аз козголгон дыңдар
бузула баштады. «Жылдызкан», «Таалай жолу», «Фабрика кызы» менен «Түпкүрдөгү
нур», «Ашуу ашкан суу» аталган роман, повесттердин бири пахтакерди, жибекчилерди
баяндаса, бири шахтёрлорду, студенттерди баяндайт. Ал эми үчүнчүсү болсо, илимий
фантастикалык ойду эргитет. Айтор, ушундай саамалык темаларга арналган чыгармалар
биздин адабиятта пайда болууда. Бул кубанаарлык көрүнүш.
Ушул жакшы жөрөлгөнү улантуу кыргыз жазуучуларынын мындан аркы милдети.
Таламга жооп берерлик чыгармаларды дагы көбүрөөк жаратуу. Менимче, таламга жооп
берүү жеке эле бүгүнкү күндүн темалары менен чектелбес. Бүгүнкү күндүн темаларына
көбүрөөк көңүл буруу менен бирге, кыргыз адабиятында козголо элек дыңдарга да
кайрылууга милдеттүүбүз.
Элибиздин эртетисин баяндаган китеп артыкча жаштарга өтө керек. Эмесе, кеп эч
чектелбестен теманы кеңири камтууда. Көркөмдүктө чебер сүрөттөлүп, мааниси терең
жана так, калыс чечилген чыгарма, өткөн күндөргө багышталып жазылса да өзүнүн ошо
терең жана үлгү берерлик мааниси менен бүгүнкү күндүн таламына жооп берет!
Ушул чоң талапты алдыга койсок, биз атаган роман, повесттердин ийгилиги менен
андагы мүчүлүштөр да ачык көрүнөт. Талаш жок: «Фабриканын кызы да», «Түпкүрдөгү
нур да бүгүнкү темалар. Бул темаларды китептердин автору Саткын Сасыкбаев туура
багытта чечишке аракеттенген. Ошентсе да көркөм сүрөттөө ыкмаларында мүчүлүштөр
бар. Каармандар көп учурда жасалма сүйлөшөт. Кебете-кешпирлери ачык көрүнбөйт.
Алтургай окуя кээде автордун өзүнө даана байкалбайт. Ошондон улам го, элестүү
сүрөттөөдөн мурда үстүрт кайпып кетиш бар. Бул кемчиликтер талкуу мезгилинде
авторго. эскертилди. Кээ бирлер бул кемчиликтерди жазуучунун талантынан да көрүшөт.
Менимче, жеке андан эмес, буга да жанагы ашыгыштын салакасы тийди го? Саткын
жибекчилердин, шахтёрлордун турмушунан китеп жазды. Демек, өзүнө тааныш эмес
чөйрөгө өтүш баатырдык кадам. Бирок, ал чөйрөнүн турмушун үстүртөн үйрөнүү же ал
жөнүндө ашыгып иштөө кемчилик. Эгерде, жазуучу шахтёрлордун ички дүнүйөсүн,
алардын кыял-жоруктарын кылдат байкап, айткан кеп-сөздөрүн кулакка куюп алса, анда
кейипкерлер жазуучунун көз алдында элестеп «Бизди жаз, бизди жаз деген кишилерче
үстөлдү курчап турмак. Андай учурда жазуучу кейипкерлерин жалган көрбөйт — нак
тааныйт, даана сүрөттөйт. Жазуучу ээн үйдө олтурганы менен ал жалгыз болууга тийиш
эмес. Эгерде, ал кабинетинде жеке өзү жымжырт олтурса, турмушту сезбесе,
кейипкерлердин элесин көрбөсө, кеп-сөзүн эшитпесе, анда анын жым олтуруп жазган
«чыгармасы да» мелтиреп тымып калары шексиз.
Бул жеке Сасыкбаевге тийиштүү эмес, баарыбызга тийиштүү. «Таалай жолунун»
автору өзүнө тааныш чөйрөнү сүрөттөдү. Каармандар өзү менен бирге өскөн
замандаштары, курдаштары. Ошентсе да ошо тааныш дүнүйөнү жеткилең сүрөттөй
албатандыгы айтылып, романдын көркөмдүк жактагы мүчүлүштөрү белгиленип,
жолдоштор тарабынан бир катар таламдар коюлуп жүрөт. Биздин байкашыбызча бул
романдын мүчүлүшү — окуяларды куруу, каармандардын ички дүнүйөсүн ачуу,
сүйлөмдөрдү так берүү жагында. Китепти кызык болсун деген ынтаа менен мүнөзсүз
окуялар а китептен орун алып калган. Бирок, айрым жолдоштор баамдагандай «Таалай
жолу» анча эле колдон түшкөн чыгарма эмес. Анда адамдар бар, турмуш бар. Ал эми
ошол адамдарды таасын бере албай калса, ал жазуучунун жазуучуча көрүп, баамдап
изилдеши кем болгондуктан.
Аталган китептердин ичиндеги салмактуусу, көркөмдүк жагынан бир топ ийгиликтүүсү
«Жылдызкан» романы. Мында турмуштук окуялар кеңири камтылып, кейипкерлер
типтүү, элестүү. Бирок бул ийгиликтер бардык учурда бирдей эмес. Айтор,
Байтемировдун китебин окуганыңда жакшы башталган окуя солгундап кетиши, элестүү
учур сээлдей калышы же куюлушкан чечен тил күймөлө калышы байкалат. Андай
учурларда сүлкүлдөгөн жорго жоргосунан жаңылып «дөмп-дөмп» желип кеткендей
сезилет. Ушул мүчүлүш «Жылдызканда» да жок эмес. Маселен, биринчи бөлүмгө
караганда экинчи бөлүмдүн саал солгун тартып калышына эмине себеп? Биздин
байкашыбызда буга да ашыгыштын салакасы тийди го. Байтемировдо жазуучулук көз
курч. Ал кээде «майда-чүйдөдөн» өйдө байкайт. Бул жакшы касиет. Ал акындык кыялга
эргип, кызыгып, өтө суктанып: «сонун», «укмуш» деп таң калууга чейин ашыгат.
Ошондон улам ал жазууга да ашыгат. Бул жакшы. Ал эми кайышты ийлеп алган соң
түрпүлөш да, сыдыргыга тартыш да керек го. Сыдыргыга тартылган кайыш катуудан,
өөндөн, түйүндөн арылат. Биздин байкашыбызча, Насирдин ушул сыдыргыны унутуп
коёт көрүнөт. Эгерде ал өз чыгармасына дагы баамчылдык менен кылдат карап эрикпей
иштесе, андагы мүчүлүштөр жоюларына сөз жок.
...Ушул съездибизде, таламга жооп берерлик чоң адабият жөнүндө сөз айтышка
тийишпиз. Соңку кездерге чейин арадан орун алып келген «кыжың-кужуң»
адабиятыбыздын өсүшүнө пайда келтирген жок. Ошондуктан, андай жаман жорукту түбү
түшкөн чылапчындай таштандыга ыргытып салуу оң!
Ар бир жылдын оту жаңы! Экинчи съездден берки ийгилигибизди да, мүчүлүшүбүздү
да салмактап баалап, бүгүнкү күндүн чоң адабиятын жаратуу жөнүндө кесиптеш
кишилердей ак ниет кеңешелик!
1959-ж.
ОКТЯБРЬ ӨМҮР БЕРГЕН АДАБИЯТ
Байыркы энелердин, байыркы уз-чеберлердин колдорунан жаралган көркөм өнөргө
таандык буюмдардын өмүрлөрү — үч миң, төрт миң жылдарга кетсе, элибиздин көркөм
сөзү — баштапкы ыры, дастаны, жомогу жетиле баштаган кезин биз билбейбиз. Арийне,
бул жеке кыргызда эмес, ар бир эле элде анын көркөм сөзүнүн эң байыркы башаты
тарыхтын датына басылган. Ушул кезде бизге маалым: байыркы египет лирикалары
мындан үч-төрт миң жыл мурда жаралып, көркөм сөздүн эң улуусу болуп жүрөт. Биз
ошол эң улуу лириканы окуганыбызда, ал бардык жагынан жеткилең, көркөм, маанилүү,
кыска, так сүрөттүү келип, азыркы биздин жүрөктүн илхампернесин кагат. Ооба, ушул биз
билген египет лирикалары да жер жүзүндө жаңырган көркөм сөздүн туңгуч мейманы
эмес. Андан алда качан мурда эле адамдар, эң сонун ырларды ырдаганы талашсыз.
Эмесе, ошондой эле, биздин элибизге таандык көркөм сөздүн байыркы жараткычтары
кандай кемзел кийип, кандай үйгө түнөп, кандай обон созгону, ал качан башталганы,
качан жетиле баштаганы бизге белгисиз... Бирок, бизди кубантар нерсе — кылымдарды
барактап, анын сырын баяндаган биздин улуу сөзүбүз —«Манас» баштаган ондогон сонун
дастандарыбыз бар. Булардагы артык касиет: бирин бири кайталабайт, бирине бири
окшобойт. Жана адам баласынын турмушунда болгон эң байыркы өмүрлөрдү, турмуштиричиликтерди, күрөштөрдү көркөм сүрөттөйт. Ошондой эле турмуштук ырлар, күйгөн
секетпайлар, эмгек ырлары, салт, үрп-адат, ырым-жырым ырлары качантан бери эл
оозунда айтылып, ырдалып келатат.
Бирок, эң өкүнүчтүү жагдай ошол байыркы мурастарыбыз толугу менен сакталып бизге
жетпеди. Жана ал, чоң маданият каалагандай деңгээлде өсүп-өнүкпөдү. (Балким, өсүпөнсө өнгөндүр). Бирок, терең тамырдап, бийик көкөлөп өсүшүнө мезгил шарт түзө алган
жок. Элдик шык, элдик алп таланттар канчалык чебердикте көркөм сөздү мончоктой
чубуртпасын ал кумга житти...
-жылы туңгуч кезитибиз — «Эркин-Тоо» жаралды. Бат эле мамлекеттик
басмаканабыз ачылды. Өткөн XIX кылымда өзүнүн тамсилдерин, казалдарын арап
тамгасында кол жазма түрүндө элге таратып жүрүшкөн Тоголок Молдо Байымбет уулу,
Ысак Шайбек уулу сыяктуу акындардын чыгармалары эми төл басмасынан чыга турган
болду. Баштапкы жылдарда, казак, татар тилдеринде жазып, ошол тилдерде чыккан кезитжурналдарга ыраңгемелерин бастырып жүрүшкөн Сыдык Карач уулу, Касымалы Баялы
уулу сыяктуу акын-жазуучулар эми өз эне тилинде, төл басмаканасында китептерин
чыгара баштады.
Ошентип, кыргыз жергесине Улуу Октябрдын жарык таңы атар замат улуттук басма
сөзүбүз пайда болду. Мазмуну социалисттик, формосу улуттук адабиятыбыз тездик менен
өнүгө баштады. Кылымдар бою өчүп-таамп бөгөлүп калган ой-пикир, акыл-талант, албуут
шыктардын уругу тездик менен өнүгүшүнө эми жакшы шарттар түзүлдү. Элдик
таланттардын жаңы муундары жаңыча тарбияланып, турмушту жаңыча көрүү — эзилген
элдин эркиндиктеңдигин, алардын баштан өткөргөн муң-зарын, баштагы кайгылуу
өмүрүн көз алдыга даана элестетүү; бүгүнкү күндүн артыкчылыгын, берекесин,
мээрмандыгын, эртеңки күндүн жарыктыгын, сонундугун так баяндоо, аны даңазалоо —
кыргыз жазуучуларынын башкы милдети болду. Социалисттик маданиятка өз салымдарын
кошуу кыргыз акын-жазуучуларынын эң ыйык иши болуп калды.
Ушул кездеги кыргыз адабиятын көз алдыңа келтирсең, ал мага эң күлгүн жана
гүлзарды элестетет. Баса, көздөрү өткөн жаш, жалындуу акын-жазуучуларыбыз — Жусуп
Турусбеков,
Жоомарт Бөкөнбаев, Мукай Элебаев, Алыкул Осмонов, Райкан Шүкүрбеков, Узакбай
Абдукаимов, Мидин Алыбаев, Жекшен Ашубаев, Кусейин Эсенкожоев, Жума
Жамгырчиновдордун ыр-поэмалары, аңгеме, повестромандары; улгайган сайын адабият
бөлүмүнө умтулушкан — эл акыны Аалы Токомбаев, Касымаалы Жантөшев, Темиркул
Үмөталиев, Кубанычбек Маликов, Абдрасул Токтомушев, Молдогазы Токобаев, Айткулу
Убукеев, Саткын Сасыкбаев, Насирдин Байтемиров, Токтоболот Абдымомуновдор
сыяктуу карт күрөңдөргө тизгин улаш айдыңы катуу чыккан — Чыңгыз Айтматов,
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Мезгил Сабактары - 12
  • Parts
  • Мезгил Сабактары - 01
    Total number of words is 3925
    Total number of unique words is 2168
    28.4 of words are in the 2000 most common words
    41.5 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 02
    Total number of words is 3835
    Total number of unique words is 1945
    25.2 of words are in the 2000 most common words
    37.9 of words are in the 5000 most common words
    45.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 03
    Total number of words is 3888
    Total number of unique words is 2004
    26.2 of words are in the 2000 most common words
    38.0 of words are in the 5000 most common words
    44.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 04
    Total number of words is 3917
    Total number of unique words is 2109
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    38.3 of words are in the 5000 most common words
    44.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 05
    Total number of words is 3841
    Total number of unique words is 2050
    24.3 of words are in the 2000 most common words
    35.5 of words are in the 5000 most common words
    41.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 06
    Total number of words is 3908
    Total number of unique words is 2175
    25.1 of words are in the 2000 most common words
    36.6 of words are in the 5000 most common words
    43.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 07
    Total number of words is 3879
    Total number of unique words is 2261
    24.6 of words are in the 2000 most common words
    36.6 of words are in the 5000 most common words
    43.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 08
    Total number of words is 3889
    Total number of unique words is 2322
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    38.4 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 09
    Total number of words is 3878
    Total number of unique words is 2190
    26.2 of words are in the 2000 most common words
    38.2 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 10
    Total number of words is 3881
    Total number of unique words is 2101
    24.1 of words are in the 2000 most common words
    34.1 of words are in the 5000 most common words
    40.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 11
    Total number of words is 3844
    Total number of unique words is 2201
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    42.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 12
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 2270
    27.6 of words are in the 2000 most common words
    39.9 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 13
    Total number of words is 3957
    Total number of unique words is 2233
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    47.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 14
    Total number of words is 3766
    Total number of unique words is 2212
    23.9 of words are in the 2000 most common words
    35.6 of words are in the 5000 most common words
    42.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 15
    Total number of words is 3906
    Total number of unique words is 2254
    27.6 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    47.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 16
    Total number of words is 4040
    Total number of unique words is 2326
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    38.3 of words are in the 5000 most common words
    44.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 17
    Total number of words is 3980
    Total number of unique words is 2278
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    38.4 of words are in the 5000 most common words
    45.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 18
    Total number of words is 3826
    Total number of unique words is 2298
    24.7 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 19
    Total number of words is 4011
    Total number of unique words is 2430
    25.2 of words are in the 2000 most common words
    37.5 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 20
    Total number of words is 3935
    Total number of unique words is 2383
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    45.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 21
    Total number of words is 3922
    Total number of unique words is 2456
    24.7 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 22
    Total number of words is 3905
    Total number of unique words is 2360
    25.7 of words are in the 2000 most common words
    37.1 of words are in the 5000 most common words
    43.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 23
    Total number of words is 3793
    Total number of unique words is 2219
    25.4 of words are in the 2000 most common words
    36.9 of words are in the 5000 most common words
    43.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 24
    Total number of words is 3857
    Total number of unique words is 2269
    24.4 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    43.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 25
    Total number of words is 3863
    Total number of unique words is 2183
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    35.5 of words are in the 5000 most common words
    43.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 26
    Total number of words is 3856
    Total number of unique words is 2325
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.0 of words are in the 5000 most common words
    45.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 27
    Total number of words is 3866
    Total number of unique words is 2429
    25.2 of words are in the 2000 most common words
    35.8 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 28
    Total number of words is 3971
    Total number of unique words is 2417
    23.9 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    42.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 29
    Total number of words is 3917
    Total number of unique words is 2300
    24.3 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    42.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 30
    Total number of words is 3926
    Total number of unique words is 2169
    25.8 of words are in the 2000 most common words
    37.9 of words are in the 5000 most common words
    44.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 31
    Total number of words is 3936
    Total number of unique words is 2141
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    45.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 32
    Total number of words is 3916
    Total number of unique words is 2096
    25.7 of words are in the 2000 most common words
    37.3 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 33
    Total number of words is 3934
    Total number of unique words is 2181
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    38.5 of words are in the 5000 most common words
    45.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 34
    Total number of words is 2486
    Total number of unique words is 1435
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    41.2 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.