Latin

Мезгил Сабактары - 19

Total number of words is 4011
Total number of unique words is 2430
25.2 of words are in the 2000 most common words
37.5 of words are in the 5000 most common words
45.0 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
орноштурган изилдөөчү электр жарыгында көшүлүп, толкуган созолонгон симфонияны
угат. Капчыгайды как жарып тоо арасын арчындаган асфальт жолдор менен кумурскадай
чубурган машинелер күнтүн тынбайт. Ат тердетип, адам зарыга аптада араң жетичү
жолдорду азыркы жолоочу түш жарымда басат. Соң-Көлдө, же Каркырада, Ак-Сайда же
Арпада ашыкпай жүргөн адам кааласа, ошол күнү кечинде Фрунзеде, опера жана балет
театрынын залында «Айчүрөктү» же «Анарды» көрөт. Академиянын конференс залында
чогулушта олтурган окумуштуу эртеси Жалал-Абаддын же Оштун пахтачылары менен
аңгемелешип жүрөт.
Айтор, Социалисттик Кыргызстандын бу кырк жыл ичиндеги зор жеңишине ченем жок.
Анын өскөн-өнгөн элинин турмушу, жаңырган жеринин көрүнүшүн, байлыгын чолуп
сүрөттөгөн күндө да көлөмдүү китеп жазылар. Себеби, башта эч капарга алынбай жатчу
боз дөбөнүн койнунан же тар сайдын өзөнүнөн, асканын алдынан же байкалбаган адырдан
табылган кендери канча. Анда иштешкен кенчилердин жеңиши канча. Айтор, советтик
улуу үй-бүлөдө жаңы турмуш курушкан элиме карасам — кечээкиден бүгүнкүсү жарык.
Бүгүнкүдөн — эртеңкиси жарык!
Ушуларды баамдап, ушуларды көрүп, эртеңки таалайга жүрөк толкуп турганда,
элимдин өткөндөгү жайдак турмушу көз алдыга эриксизден келет.
«Эгерде Улуу Октябрь Революциясы биздин жерге эркиндик алып келбесе, кыргыз эли
баштагыдай эки тараптан эзиле берсе, анда элдин өмүрү эмне болмок?» О, жүрөк
мыкчылат. Андай болгондо, эмдигиче эл тооташтын арасында тербип жоголмок.
Жокчулуктун, жакырчылыктын, ар түрдүү оорунун курманы болуп кайран эл кыргын
тапмак. Ошондой болору шексиз болучу.
...Улуу Октябрдын туусу астында Социалисттик Республика болгон Кыргызстан азыр
ленинизмдин жарык жолунда зор жеңиштер менен өркөндөп, гүлдөп баратат. Улуттук
маданияттын өнүктүргөн кыргыздар көркөм өнөрү, адабияты, илимий жеңиштери менен
дүйнөгө таанылууда.
Жаш чынардын тамыры өскөн сайын бекемдейт. Жаш адам чоңойгон сайын жетилет.
Октябрь туусу астында өркөндөй берсин, гүлдөй берсин Кыргызстаным!
Илим, эмгек, өнөрү менен эли сен да өркөндө!
1957-ж.
РЕСПУБЛИКАНЫН ЖОЛУ
Тестиер кезимди азыр элестетсем бүгүнкүгө окшобогон өзүнчө дүнүйө көз алдыга
тартылат. Ал кезде элибиз ак кардуу тоолордун өзөндөрүндө көк шибери көйкөлгөн кең
төрлөрдө айыл конуп, көк конушка тигилген боз үйлөр кыркаар тизген жумурткадай
агарчу. Тээ жору айланган аскалуу бийиктерге чейин төрт түлүк жылдыздай чачырап
артыкча чымыр, бышык өскөн кыргыз жылкысы тоо кийигиндей куюлушуп бирде мындан
көрүнсө, бирде тигил кырда, тигил жондо. Ошондон улам биздин тоолуктар «Ат адамдын
канаты» дешчү. Тайга айырмач токуп, ага тамтуң баскан балдарын мингизип жетелеп
алышып, өздөрү элпек атчан ата, эне кыяны кыялай, ашууну ашып жолоочулап кетишчү.
Төрт-беш жаштагы уул тургай кыз тизгинди өз колуна алып чаап кете албаса, ал — «Чөп
көчүк» атанчу. Шылдыңга калчу. Дайым ээрде өскөн кишилер шыңгактай түз олтуруп
таскак урдура баратып да эртеги эрдиктин уламышын кеп салышчу. Шатырашатман
шайыр жүрүшчү. Кырдагы жылкычы шырылдаңын айтып, төрдөгү койчу коңур обон
созуп, айылда боз үйдө сайма сайып, үлгү бычкан кыз-келиндер эрмектеп жаңылмач
айтышып, табышмак табышып — ишин күлкү, шыкак тамаша аралап — карыжаш дебей
өзүнчө энчилеш иштен четте эмес, кеп-сөздөн куру калбай саймедирешчү.
Кепкор кишилер эзелки чоң дастанды бабалар баштан өткөргөн зор окуяларды
жомоктошуп — өздөрү кошо аралап келгендей, не ошол доордун кеменгер адамы кеңири
сүрөттөп жазып берип, анын китебин булар жаттап алышып, азыр ошол китептин сөзүн
жатка окуп бараткандай эч токтолбой, айткандарынан эч күмөн санабай сүйлөшчү.
Жортуул, чабуул, эл-жерди жоодон коргоо. Шайдооттукту, эрдикти даңазалоого тек эрмек
үчүн айтылбай эл-жерди даңктоо, жан азыгы күчкө күч кошчу кубат катары угулчу.
«Күмүш — күбөккө жарашат, күлүк — байгеде таанылат», эмесе баатырдык баяндар да
жоокердик жолдо айтылат. Жел ызгыткан эр азаматтардын оозунда эрдик баян жарашаары
айгине!» дешчү ат үстүндө жоокер сымак жүргөндөр.
Өмүрү батар күндөй кылкылдап от башында үлдүрөп олтурушкан мына карылар да
күрдөлдүү жаштык доорун самашабы, не балдарыбызга үлгү, нуска кеп калсын дешеби?
Айтор карылардын баяны да — шаңдуулук, шамдагайлык жөнүндө; эрдик, элпектик
жөнүндө; эстүүлүк, адамкерчилик, айлакердик, акылмандуулук жөнүндө; ак-пейилдүүлүк,
боорукердик, кара кылды как жарган калыстык, алысты жакын көргөн кеменгердик,
жатты өздөй санаган достук, туугандык жөнүндө баян.
Алар небире, чөбүрөлөрүнө ак балта чорт кескендей тике айтып: «Сен эр бол! Сен
акылдуу бол!» — дей салышпайт. Тек чөжүрөгөн балапандардай балдарын жан-жанына
олтургузуп коюшуп, улам бирин маңдайдан сылай:
— Ээ, кулундарым! Жети жашар уулду көргөндө кандуу ооз карышкыр да жети кырды
аша качат! Сегиз жашар кыз үйгө киргенде капшыт ырыска толо түшөт! Жакшы өскүлө!
— Карыя өз алдынча күлүп койчу: — Кой, акмактарым. Арсар кепти таштап, жанагы
баянды улантайын.
Айтор баян! Баян!
Сары ооз балапан чагымда мен да күмүш сакал карыялардан эчен сонун баяндарды
уккам. О! Ал кезде илим, өнөр, эрдик жеке эле биздин чөйрөдө, биздин элде өңдөнчү.
Улуу дабандарды ашып, айсыз караңгыда жалгыз ат кеткен чыйырдан жаңылбай жол таап,
карп-курп жолуккан аюу, жолборсту чаап алып жүргөн кыргыздардан кайратман ким бар?
Баса ойдо, кырда, түздө зыңгырап обон созгон бизден ырчы, бизден обончу ким бар?
Жадаса үч кою удаа эгиз козулап койсо, улуу кубанычка жөрөлгөлөп той берип, ат ордуна
балдарды чуркатып чыкканына байге үлөштүрүп жок жерден күлкү, тамаша жараткан
биздин элден шайыр ким бар? О, ошентчи. Менин элим акылман, айлакер, кайратман да,
жоош, момун, баамчыл кеменгер да. Боорукер, бейпил, жүрөгү таза, кучагы кең —
меймандос, ак пейил да! Муну мен кулагым уккан эчен албан көркөм баяндардан билем.
Өзүм баскан ойку-кайкы жолумда элимдин ушул касиеттерин байкап калгам.
Сыймыктанам. Ким болбосун бизди теңсинбей элимдин ушул жагдайына кылапат айтса,
анын тилин чагылган менен каарып салам. Себеби, асыл салмагы менен эмес — сапаты
менен баалагандай эл да кичине-чоңуна карабай элдик касиеттерин сактаары айгине.
Ырас, илим, окуу, өнөр, техника өстүрүү чоң элге да, кичине элге да жаңы сапат, жаңы
касиеттер берет. Бирок кандайдыр бир тарыхый себептер менен бирер кылым көчмөн
жайдак калган элдер тигил расистер аныктагандай акыл-эстен бөксө бекен? Жок! Элден ал
кем эмес, адамдан адам артык эмес. Маданият жагынан алга кеткен улут менен артта
калган улуттун айырмасы кандайдыр бир тарыхый шарттар менен белгиленген убактылуу
мүчүлүш. Сабаттуу менен сабатсыз кишинин ажырымы да бири — окуп билимдүү
болгондуктан турнабай менен карагансып алысты көрөт: билгени артык, дүйнөсү кең.
Бири— сабатсыз болгондуктан — билгени тайыз, дүйнөсү тарыраак. Ошентсе да тубаса
акыл, тубаса адамдык асыл сапаттары менен кээде окуган кишилериңден тубаса акылман
ийнинче бийик турат. 0, өркөнү өскөн улуу журт, пейилиңди кең салып, боордоштой
мээримиңди тийгизчи, билимиңди бөлүшчү. Ошондо жазгы жамгырдан кийин жабырап,
жайнап, дүркүрөп өнүккөн өнүм сыяктуу элдердин өз мезгилинде бардык жактан
дүркүрөп өнүгүп, өсүп жетишип кеткенин көрөсүң!
Дал ушундай! Муну аныкташ үчүн мен алыска барбайм. Улуу тоолордун ойтүзөңүнө
чачылып калган ууч буудайдай өз элимден мисал алам. Тигил баян туюндургандай кечээ
эле менин элим жайдак болчу. Канча кайратман, канча шайдоот болсо да, өнүккөн
техникасыз чачыранды уруулар баш кошуп өз Республикасын түзө алган эмес. Канча
акылман, канча чечен даанышман болушса да, сабатсыз кишилер түркөй жүрүшчү.
Ошентсе да кылымдар бою өз кыйрын сырткы жоодон ыйык коргошту. Өзүнчө эл катары
ата конушунда күн өткөрдү. Бирок мөңгүдөн чубурган көк кашка булак күрпүлдөгөн
өзөнгө кошулбаса, ал жерге житип, кумга сиңип соолот да. Ойтоодо жайдак калган
чыйрак элим аз болуп, алсыз калып жоголгусу келбеди бейм. «Ырыс алды ынтымак,
ынтымагың болбосо урап түшөт алтын так» дешчү кишилер саймедирешип. «Жер
тамырынан эл тамыры тереңде! Эл менен эл жоолашса тозот, азат: эл менен эл достошсо,
өнүгөт-өсөт!» дешти журттун акылман кишилери.
Байыртадан тарыхый татаал окуяларды башынан кечирип келген кыргыз журту
бөтөнчө өткөн кылымдын биринчи жартысында чопкутун дат басып жеке калган алптай
тиштенип турган кези болучу. Ал өзүнө жергелеш элдер менен байланышын күчөттү,
достугун улантты.
Башта жайдак жаткан өрөөндөргө шаар конду. Жол катнашы туш тарапка ачылып,
тигил же бул өлкөлөр менен байланыш башталды. Балдарды окутушка ата-энелердин
ынтызарлыгы артты. Башта тек эрдик, чабышсайыш жөнүндө саймедиреп кеп салчу
кыргыздар эми — окуу, өнөр, билим жөнүндө сүйлөшчү болду.
Ошентип кыргыз өз тарыхынын адил, жарык барагын ачты. Бат эле көчмөн журт бир
жайга байыр алышып, бат эле өзөн-өзөндөргө кыштактар орношту. Бат эле мектеп
ачылбаган кыштак болбоду. Уул, кызын мектепке узатпаган ата, эне калбады.
Дал бүгүнкүдөй көз алдымда. Жыгырманчы жылы биздин өрөөндө адеп мектеп
ачылды. Ага чөйрөдөгү айылдардын балдары чубурду. Аларды окутуш үчүн шаардан
атайын мугалимдер келишти. Алар кыргыздар болучу. Бирок жаңы ачылган мектептин
кемкарчы көп да. Окуу куралдары, депдер, карындаш жетишпеди. Дал ошол кезде биздин
өзөндү жердеген Василий Прокопьевич Коровин деген оокаттуу адам бар эле. Ал жеке эле
айыл чарбасы менен алек болгон түркөй мужик эмес, окуган адам болучу. Үй-бүлөсү бүт
кыргыз тилин билишчү. Кыргыздар менен ынтымактуу туручу. Бир жолу атайы шаарга
барып өз акчасына чоң мешок толтура дептер, карындаш сатып келип бизге тегиз таратып
берди. Дал ушул чакан маектин автору да мектеп босогосун аттаган кези. Жесир энем
жакырчылыкты баштан өткөрүп турган. Ал шаарга барып мага кагаз, карындаш алып
беришке чамасыз, алсыз. Василий Прокопьевичтин тараткан кагаз, карындашы жеке
мендейлер эмес бардык окуучуларды далайга камсыз кылды.
Биз келтирген бул мисал жеке биздин айылда гана болгон жок. Василий Прокопьевич
сыяктуу ак пейил адамдар жеке орус кишилеринин катарынан чыккан жок. Мектепке
карай жамыраган кыргыз жаштарын окутуп тарбиялоодо артыкча татар мугалимдери көп
эмгек сиңиришти. Айтор татар мугалимдер элеттен шаарга жаңы келишкен кыргыз
уландарын окутуп, аларга билим берүүдө, орус тилин үйрөтүүдө жөндөмдүү болушту. Ага
татарлардын эки тилде сүйлөй билгендери чоң мүмкүнчүлүк берди бейм? Жеке мектепте
тургай элетке барган уполномочендер, агартуу мекеменин нускоочулары да көбүнчө
татарлар болучу.
Ошентип кылымдар бою уруу урууларга бөлүнүп, баш кошо албай келатышкан
кыргыздар өз республикасын түзгөн күндөн тартып, башка элдер менен болгон достук
байланышы эриш-аркак жакшылык иштер аркылуу чыңала берет. «Эл менен эл достошсо,
өнүгөт, өсөт» деген элимдин макалы биздин турмуштун чындыгы менен дал айкалышты.
Ар кыл элдер менен байланыш чыңалып, маданият алмашып, кыргыз элинин өркөнү
өсө баштады. Кечээ эле айылда кат тааныган адам бирди жарым кездешсе, бүгүн орто
жана жогорку билими бар адамдар ар бир үй-бүлөдө. Ал тургай бой жеткен канча уул,
канча кызы болсо, бардыгы тең жогорку адистикке ээ болгон үй-бүлө четтен! Менин
атамдын замандаштары — койчу, уйчу, жылкычы, не бирин-серини тегирменчи, өтүкчү,
не бирин-серини — жыгаччы, темирчи, кайышчы; зайыптары — саймачы, бычмачы деген
өңдүү кесиптерди билишчү. Азыр менин замандаштарымдын балдары: — мугалим, врач,
мал доктору, зоотехник, куруучу инженер, тоо инженери, геолог, селекционер, радист,
электрик, байланыш инженери, учкуч, жазуучу, артист, сүрөтчү, архитектор, окумуштуу!
Койчу, азыркы атом заманындагы эң жогорку маданияттуу өлкөнүн кишилери ээ болучу
кесиптердин бардык түрүнөн кем калбай кыргыздар да адистик алып жаткан кез! Мен дал
ушул саптарды жазып жаткан кезимде медицина илиминин доктору Ыйса Ахунбаев
телефон чалып, жаш жазуучу Чынгыз Айтматовдун Ленин сыйлыгынын лауреаты
болушуна байланыштуу кыргыз адабиятынын чоң жеңиши менен мени куттуктады.
— Түкө, кыргыз маданиятынын дагы бир сонун жеңиши менен куттуктайм! Ушинтип
ийгиликтүү иштей бергиле, кымбаттуу акын-жазуучулар. Дардактап көөп кетпегиле!
Жакшы жазгыла!
Кадырман доктордун тамашасына мен да тамаша менен жооп бердим:
— Ыйсаке. Сизди да куттуктайм! Кагып турган жүрөктү көп жолу алаканга саласыз.
Сиз да этият, чебер болуңуз!
Хирург Ахуабаевдин карсылдаган күлкүсү тыңшоордон угулду.
— Түкөө, чочуба! Биздин медицина да жаңы ийгиликтерден куру эмес. Жүпек союп
кайттым. Үч порок экен. Эчтемке эмес, өлбөйт! Жакында менин клиникам жаңы үйгө
көчөт. Ал бир кварталдай жерди ээлеген үч катар имарат. Кудай алсын, бардык палаталар
сонун, ар бир оорулууга өзүнчө бөлмө. Таза, жарык, сонун жабдылган!
Ал менин үнүмдөн баамдай койду да кебин бүтүрдү:
— Кош, Түке. Ишиңден калтырбайын. Машинкаңды чыкылдатып бул маалда иштеп
олтурчу элең...
Азыр телефон аркылуу куттукташкан медицина илиминин доктору, академик Ахунбаев
Ыйса кат билбеген карапайым малчынын баласы. Ал балалык чагын айылдан өткөргөн.
Бирок тез өнүккөн чынардай ал бүгүн белдүү окумуштуу, көрүнүктүү коомдук ишмер.
Өзү айткандай жеке эле — богок, эхинакокко, жүрөккө операция жасабастан жаштардан
адистерди даярдап жүргөн педагог да. Кийинки эле жылдары Ахунбаевдин жетекчилиги
астында он чакты жаш хирургдар өз кесиптери боюнча кандидаттык диссертацияларын
жакташты.
Айтор, республикамдын маданият очогу болгон — Илимдер Академиясы, Мамлекеттик
Университетинен баштап башка далай жогорку окуу жайларында ар жылыга ондогон жаш
адистер диссертация коргошот. Жүздөгөн аспиранттар окушуп, миңдеген адамдар
жогорку билимге ээлик болушат.
...Улуу достуктун туусу астында өркөндөп жаткан жаш республикамдын көп улуттан
турган кишилери бүгүн бардыгы сабаттуу, көбү билимдүү. Улуттук көркөм өнөрдүн
даңкы алыста! Кыргыздын адабияты азыр ак канатын бийикке сермеген ылаачындай
республикамдын чегинен ашып: орус, кытай, немец, агылжын, француз, испан, хинди
сыяктуу улуу тилдерде окулуп — дүйнөлүк мурастардын катарынан орун алууда!
Ошент, жаш республикам, жаш өнүмдөй берекелүү көктөп, өркүндөп, жетилип,
даңктана бер кылымдарга!
1964-ж.
КЫШТАК ЧЕТИНДЕ
Келинче сыңар тизелеп баарыбыздан бийик олтурган арыкчырай адам койкоңдоп моюн
созуп туш тарапка карап коюп:
— Жаркыраган жаз — бойго жеткен кыз; күрдөлдүү күз — берекелүү эне...— деп кеп
баштай бергенде, аппак болуп катарда олтурган Осокем алданемени эстей калгансып мага
айтты:
— Жанакы өзүңө айткан «балдар» — ушулар!
Тигил адам Осокеме ызат кылды бейм, акылдуу көздөрүн күлүңдөтүп кебин токтото
койду.
Осокем күлгөн болуп колун жаңсай айтты:
— Бул башынан ызат сактаган ыйбалуу кургур.— «Ызгардуу кыш — каардуу ата...»
деп айтмак эле. Эми сөз кезегин маа өткөрүп коюп өзү тим калды. Тим калбаска айласы да
жок: өзү менден аяк сунар кичүү...
— Айтканыңыз туура, Осоке, айырмабыз анча эмес, аяк алар гана улуулугуңуз бар.
Ошентсе да агарып алыпсыз. Сизге караганда наркы агаңыз туурдагы куштай түз олтурат
го.
Мойнуна алган кишидей Осокем башкалардан мурда күлдү да тигил «туурдагы
куштай» түз олтурган карыя жакка ийкем этти:
— Бул киши менден он жаш улуу, Түке. Быйыл сексендин үчүнөн конуш которот.
Эчтемке эмес, баарыбыз куйрук улашпыз. Наркы олтурган байым менден он үч жаш
улуу... Токсондон конушуна коноруна дем берип калган кези. Ошентсе да камырабайт.
Сакалы буурул тартып, беттери тамылжып олтурат!
Алма бактын түбүндө кең жайылган шырдакта тегеректей олтурушкан он бештей
адамдын эң улуусу тигил тамылжыган буурул сакал карыя, эң жашы Осокеме аяк сунаар
кичүү, тигил сыңар тизелеп бийик олтурган киши экени мага маалим болду. Бул олтурган
курбулар сексенден бери жак менен ары жагындагы урмат-сыйдын кишилери бирин-бири
«Балдар» дешип жадырап жайнап олтурушканда дал ушул мемиреп жылуу тийген күз
күнүндөй өзүнчө мээрим, ракат сезилет. Баса, көп жашап, башынан далайды өткөрүшкөн
курбулар биринин жоругун бири эске салып, биринин «кылмышын» бири чукуп, курбулук
азел айтышкан сайын булардын өмүр жолу көз алдыга тартыла берди...
Кээсинин кеби тек шылдың шыкак сыяктанып айтылган менен анда адам өмүрүнүн
баяны, адам тагдырынын баяны бар. Кээсинин кебинде элдин, жердин баяны бар. Айтор
кимиси кеп баштабасын адамды ойго салчу окуяны сүйлөйт. Саябалуу дарактын
көлөкөсүндө сергигендей улуу кишилердин кебине канып семирип, жыргап олтурасың.
Баса, айтсаайтпаса төгүнү барбы?
Мөңгүнүн суусу соолбогондой журт өмүрү да тозбос, картайбас тура. О, картаюу
кайда! Каардуу атадай ызгарлуу кыш көк жалтыр музун ак буурасына теңдеп алып, тээ
булут түргөн ашууга таяна бергенче бойго жеткен кыздай сулуу жаз жаркырап-жайнап,
талаа-түзгө, ойтоого көйкөлтүп жашыл көйнөк кийгизет. Ошентет. Малжан семирет.
Жаратылыштын ошол сонун үлүшүн алган сайын өмүрдүн көктөмү кулпурат. Ак
пейилдүүлүк менен алп эмгек эриш-аркак келип, кишилердин ортосунда достук сезимдери
күч алып, эмгектештик чыңалган сайын адамдын колунан келбес эч иш болбойт тура.
Баса жалгыз устун үй көтөрбөйт. Ал канчалык жоон, канчалык бекем болбосун —аны
жалгыз койсок, береги аппак мектебибиздин чатырына ал жеке туруштук бере албасов!
Дал ошол сыңары биз бала кездери ушул өрөөндүн эли жапырт көчүп, жайдак жүрүшчү...
Бир коктуда олтурган айылдардын эң калыңы бешон түтүн. Алар конуш которуп кетишсе,
журту саргайып, жайыты ээн калычу. Күз маалында тоо томсоруп, түз чаңдап, тээ береги
Кордойдун кара тоосунан берки сары өзөндүн мейкини эпээн, бопбош. Андасанда айыл,
бирин-серин көч көрүнсө көңүл ошого бөлүнчү. Чамгарактан булаган түтүн менен
чачырай жайылган мал гана эрмек. Күн батып күүгүм кирди, болду — калдайган коңур
жууркан дүнүйөнү чүмкөп салчу. Кеч калган жолоочулар үлүңдөгөн от жарыгы менен
үргөн иттин үнүн улай бастырчу. Карайлаган карылар керегенин башын кармалап, эптеп
төшөгүн табышчу... Кеп салган карыя мыйыгынан күлдү:
— Э... балалык ай, балалык ай... Жарыктык ошенткен чоң атаны кээде төшөгүнөн
жазгырчу элек.
Осокем курбусун тамашалап койду:
— Анда сиз бала кезиңизден эле тентек экенсиз.
— Ошону айтам да. Ансыз да карайлаган кургурду кээде ошенткен менен колунан
жетелеп, «Чоң ата бул жакка жүрүңүз» дечүбүз. Кеп биздин балалыкта беле?! О, кудай
таала. Аны айтсаңыз, биздин бала чак ширин беле? Рас колунда бар атанын балдары даакы
кийип, тай жарыштырышчу. А көпчүлүк кедей-кембагалдар кандай эле. Балдары тургай
атасы мингичке жетпей... аттын күчүнө теше оруп беричү эмес беле. Балдарга тай кайда.
Курсагын бөрсөйтө жарма ичкени олжо. Жыңайлак кар кечип, тери тондун ичинде
өспөдүкпү. Не айтканымдын жалганы барбы, байым?
Кепке кулак коюп жым олтурган кишилер кубаттай беришти:
— Кебиңизде калет жок, чындыкты айтасыз, аке. Кембагалдын балдары торпоктун баш
терисинен чокой тартынган күнү төбөсү көккө тийичү.
— Түтүн башына десем калпычы болормун — сары карт басып, таз болгон балдардан
айыл куру беле?!
— Куу далы болгон балдар андан да көп болучу...
— Айтор анын несин айтасыздар. Өткөндүн күнү да күңүрт, түнү да коңур. Түркөй
өскөн биздин эл, жадаса, берекелүү жеринин жемишин кеңири жей албаптыр. Ал жеке
түркөйлүктөн да эмес, эзилгендиктен! Манастай бабасы бар — байыркы журтту «мал
катарында болчусуң» деп кемитишке акым жок. Тоо желиндей уюлгуп, аттын кулагында
ойноп, ойдокырда чабуулдаган албуут журттун бир замандарда күчкө толгон шердей
күүлдөп турган чагы да болгон дешет. Болгону да анык! Антпесе Манастай журт баккан
шерлерди баяндаган сөз кенчи кайдан куюлушсун, Бакайдай акылмандын атын кимдер
аташсын!
Бирок сакалын ак чалган сайын баатыр карыйт тура, азуусун жаныган сайын күлүк
арыйт тура. Аа кошумча, кыйырыңа жоо кол салып, айлыңды бөксөртсө; кара өзгөйлүк
бийлик күчөп, үйүңө доо келсе, ырысың төгүлүп... не теңдик, калыстык укпай, не
балдарың окуп көздөрү ачылбай элең-селең жүрсөң, ээк алдыңдан аркыны тааныбай
эзилет экенсиң, кордолот экенсиң. О, аттигиниң ай. Башынан окуп көздөрү ачылган
болушса, жанагы керегенин башын кармалап кайсалаган аталардын далайы адил ойлорун,
ак мурастарын берип кетишпейтит белее?!
...О, кечээки тийген күнүмдү күн десем, бүгүнкү көргөн >нурумдун жанында ал күңүрт
тартып түн болуп калды. Балдарым айткандай Октябрдын ушул нуру көзүмдү ачпаганда
эскирген кийимдей тепсөөрүндө жок болмок экем го?
Леп жорткон жел тымый калгандай кепке уюган кишилер тымтырс. Кээкиси кез-кез
баш ийкегилеп, кээкиси тек кепке кулак коюп, ойго батып, ичтен кубаттайт.
— Чын сөз, чын сөз. Айткандарыңызда калет жок. Өз башыбыздан өткөн, баарын
көзүбүз көргөн...
Дал ушул тынымда күрүлдөгөн доош угула калды да, бактардын учуна тийичүдөй
болуп так төбөдөн вертолет өтүп кетти. Мотордун күүлдөгөн күчтүү доошу жым олтурган
кишилерди уйкудан ойготкондой болду бейм? Тарыхтын катмарлашып сайраган барагын
ачып, тээ эбакыны эскерип, эбакыдан кеп салган кишилер бири ордунан козголуп, этегин
кагынып, бири азелди кайра баштады:
— Жаның таттуу экен, чочуп кеттиң го күрүлдөктөн?
Ага күлгөнү күлдү, күлбөгөнү далайга вертолет кеткен жактан көзүн албай, өткөн
жазда Суусамырга дал ушундай вертолет менен хирург учуп барып, өлүм оозунда жаткан
адамды ажалдан сактап калганын кеп салды.
Бат эле сөз сабагы жаңырды.
...Жыл өткөн сайын жер-суунун жаңырганы кепке алынды. Туш тараптарда канатташ
калдайган кыштактар бирине бири атаандашкандай калыңдап, коюланып, жаңырып
келатканы айтылды. Береги узун кыштакка электр жарыгы келгенине көп болсо да
колхозчулар сууну арыктан ичишчү. Анда суу түтүгү жүргүзүлгөнүнө эки жыл болду. Өз
кыштагыбызга майрамга карай жарык беребиз деп турушат. О, бул анча мактанч да эмес,
тигил тоо артындагы чет кыштактарда электр күйгөнү качан. Дале болсо, ушул биз
кечиктик. Айтор, ийгиликтин кечи жок деген. Улуу Октябрды үйүйүбүздө Ильич нуру
менен күтөбүз.
Радио жаагын баспайт. Электр келсе телевизор койдуруп жиберчүлөрүбүз да болот.
Азыр кана тигил көчө жактан басып келген коңкойгон узун бойлуу кара мурутчан чап
жаак кишинин жоон үнү чечкиндүү чыкты:
— Үч гектар кызылчаны түшүмдүү өткөрдүм. Жылдагыдан кабырга калың. Ниетти кең
салган адам азыр жүдөй турган эмес! Бул кездин жаңылыгын үйүнө келтирбеген адам
энчиден да куру калчудай... Азыр уктум: биздикилер Марска ракета учуруптур!
Мөөрөй алган кишиче тигил адам күлүмсүрөй карап, муруттарын жаныды: ,
— Атаа, телевизор болсо, ошол ракетанын учканын өз үйүбүздөн көрүп олтурат элек...
Тигине кебин анча баамдай албай калган карыя делдейе калды:
— О, койчу, аке. Ааламга кеткен ракетаң үйдөн кантип көрүнсүн?...
Тигил киши туруп турган калыбында жазы алакандарын бири-бирине таптап, зор колун
алга карай күүлөп койду:
— Техникага шаа жетпейт тура, карыя! Кечээки жомокко окшогондордун баары бүгүн
эскирип жатат. Өнөрилим, балким, адамды ажалга бербей коюшу да ажеп эмес.
Осокем күлдү да баш ийкеди:
— Адам өлбөс болбос. Өмүр узараар... Бирок адам акала тартып эскирген сайын анын
киндик каны тамган жер көк жашыл тартып кулпуруп баратат!
— Биз ошого ыраазыбыз!
Жериң жашарып, элиң өркөндөй берсин, замандаш!
1962-ж.
БАКЫТ ӨСТӨНДӨРҮ
Чыгыштан батышка карай Сыдык карыя сол колун сермей таштады:
— Бул өрөөн какшып жатычу.
Ал кишинин көрсөткөнү бир-эки колхоздун теребели эмес— көз учунда бүлбүлдөгөн
ак кардуу тоонун этеги Кичи-Кеминден тарта, Токмоктун үстүнөн өтүп, Кант, Фрунзеден
аша тигил Казакстандын Жамбылына чейин кетти. Сөз Чүй өзөнү жөнүндө болуп жатты.
— Ал кездери бул өрөөндөрдө кыштак жок катары. Айылайылы менен көчүп-конгон
уруулардан аз-аздап эгин эккендери болсо, алар суудан мүңкүрөчү. Тоо этектебей түздү
жердеген айылдар жаанчачын болбосо, эгиндери, чабындылары күйүп кетичү. Көп учурда
мал ичкидей да суу болбой аба бозчамбыл тартып мунарыктап, закым учуп, ысык жел
леплеп урган сайын жан-жаныбар акактап, бүт дүнүйөнү үп баскандай каатчылык
туруучу. Жер кыртышы какшып, дөңсөө, түздөр куурап томсоруп, жылаңайлак адам таман
коё алчу эмес. Какшыган жер жарыгында кара курт, музообаш, чаяндар катылышып
жылтыраган; шыбактын түптөрүндө ташбакалар жалкоо комдонуп; кирпи жөрмөлөп,
жылан ийрилип — Чүй талаасы эпээн жапайы жаткан. Кээ жерлерде камыштуу көлчөлөр,
саздактар, терең-терең коолор жер түрүн өзгөрткөндөй болбосо, бак дарактан дарек жок.
Андагы эккен эгин: буудай, таруу, арпа. Айдоо аянттары ашса бир-эки тешеден болбосо,
көбүнчө майда тилкелерди дыйкандар эптеп жыгач буурсун менен айдашчу. Үрөн
себилген соң, айдоо жыгач малалар менен тартылчу. Бардык жумуштар татаал шарттарда
жалаң гана кол күчтөрү менен жүргүзүлгөн. Бирок, баарынан татаалы эгиндикке суу
жеткириш болгон.
1914-жылы жаз күн аз жаады. Суу артыкча каат болду. Пишпек менен Токмокту
байланыштырган чоң жолдун боюн жердеген дыйкандар эгиндиктерин сугаралбай
кудайдан жаан тилешти. Элдин тилегин жараткан бербеди. Күндүн кайнаган илеби
топуракты какшытып, өсүмдүк солуп баратат. Суу келбейт. Себеби, тоо этектей олтурган
айылдар өзөн-өзөндөн түшкөн тоо сууларын тарамтарам арыктарга жыгып кетишет.
Негизги өстөн какшып, төмөнкү эл суудан куру. Бирден-экиден суу башына барышкан
жакалыктар суу алмак тургай тил угуп, токмок жеп кайтышат. Тиричиликтин каат күрөшү
бир элдин ынтымагын кетирди. Эки уруу бирине бири душмандардан бетер кекеништи.
Эгини куурап бараткан жакалыктар атты, тонду мыктылашып, күрөк, кетмен, союлдарын
такымга кысып, кадимкидей кол курашып суу башына келишти...
— Ошол жылкы суу талашууда бизден алтымыштай атчан барганбыз! — дейт Сыдык
карыя, өкүнүчтүү күлө.— Кадимки душмандар менен кармашкандай салгылаш башталган.
О, ал кезде суу үчүн болгон салгылаштарда адам өлбөй калыш сейрек болучу. Өмүр үчүн
күрөшкөндө кишилер бирин бири аябай калышчу. Колуна таш тийсе, ташты узатып, союл
тийсе союлду жумшашчу. Качан адам өлгөндө, арага калыстар түшкөндө гана чабыш
тыйылчу...
Бир жолку салгылашта өрдөштүктөрдөн узун бойлуу жаш жигит суудан чыкпай туруп
жан берген. Кийин «ынтымакта» өлтүргөн тарап жигиттин куну үчүн, түтүнгө беш сомдон
чыгым тарткан. Беш сом — асый аттын наркы. Асый ат эмес, бир тай үчүн, кедейлер
байларга жыл маалына жалданышчу.
Суу кенен болсо, кетмен менен иштеген дыйкан биздин жерден он тайчалык кирешени
бир жайда таап алары бышык эле. Замандын татаал шарты ага жол да бербеген. Кедейлер
эзилип, каржалып жайыкышы байларда жалданышты. Өчпөстүн отун жагышты, өлбөстүн
күнүн өткөрүштү.
...Совет бийлиги орношкондон кийин гана дени сак төрөлүп, ээн-эркин күлүп чоңойгон
бала өмүрүндөй — биздин жер тез жаңырды, тез гүлдөдү. Анын себеби, эмгекчил
кишилерге эркиндик келди. Эркин кишилер дайым эркин эмгектенишет. Аларда өз ара
талаштартыш, кагылыштар болбойт. Эки айрыкта жердеген эки уруу тургай кыргыз, орус,
өзбек, казак, татар, дунган жана башка элдердин эмгекчил адамдары бул кезде бузулгус
ынтымак курду.
Зор милдеттердин бири: өстөн чыгаруу, каналдар куруу. Эзелден томсоргон кайракка
суу жеткириш. Жыйырманчы жылдарда эле Чүй жеринде бирин жолу өстөндүн угу түштү.
Аны жергиликтүү эл: «Чупра» деп аташты.
1927-жылдарда эле кургак жерлерге суу бере баштаган Чупра өстөнү биздин күндөрдө
Фрунзе областына караштуу Ивановка, Кант райондорунун жол астындагы колхоздорунун
көбүн суу менен камсыз кылат.
— Биздин жерге суу да келди. Жерибиз да жашара баштады — дейт, миллионер
колхоздун төрагасы Социалисттик Эмгектин Баатыры Ысак Кочкорбаев.— Чупрадан суу
алган жылдары бир теше буудайдан 500 пудга чейин түшүм алганбыз. Ооба, эзелтеден кур
жердин топурагы асыл тура. Суу да жетти. Турпан талды кертип туруп арыктын жээгине
сайып койсоң, эки жылдан кийин дүпүйө түшөт. Башта буудай, таруу, арпадан башканы
экчү эмеспиз. Азыр жерибизде эмне айдасак, мол түшүм алабыз. Отузунчу жылдын
башында биздин жерге кызылча келди. Эч убакта кызылча асырап көрбөгөн адамдар
адегенде ага чочуп карашты. «Кызылча айдалган жерге эки-үч жыл өткөндөн кийин чөп
чыкпай калат экен», деген айың да тарады.
Жыл өткөн сайын кур жерге айдалган кызылчадан үзүр көрө баштаган колхозчулар,
азыр аны жактырып калышты. Баштагы айыңдын ордуна азыр, колхозчулар кызылчаны
даңктаган макалдарды айтышат: «Жазда тердеткен менен кышында жыргатып коёт»,
«Иши ачуу болсо болор, даамы ширин».
— Баса, неси төгүн? Өткөн жылы биздин колхоз жалаң кызылчадан эки жарым
миллиондон ашык киреше алды,— деди Кочкорбаев.— Жемиш багын асыроо,
жашылчаларды өстүрүү, жылдан жылга кеңейүүдө. Жалаң жемиш менен жашылчадан
өткөн жылы жарым миллион киреше алдык. Ал эми жалаң алма менен жүзүм 131117 сом
киреше берди. Быйыл андан эки эсе көбүрөөк болор деген үмүт бар. Себеби, өткөн жылы
15 гектар жердин алма жыгачтары мөмөлөгөн. Быйыл 30 гектар жердин алма багынан
мөмө күтөбүз!
Суу жетпей калат, ысык урат деген коркунуч азыр ойго да келбейт. Тарамтарам кеткен
өстөндөр, кол арыктар менен бардык эгиндикке, кызылча талааларына, жүзүмдүккө,
жемиш бактарына, ар уруу жашылча айдалган аянттарга мезгилинде суу келип турат.
Колхозчулардын өздөрү курушкан Буугандын көлүндө балыктар да көбөйүүдө. Андан
кеткен өстөндүн суусу колхоздук электростанциясынын турбинасын айландырат. Колхоз
кыштагынын борборунда, электр кубаты жүргүзгөн тегирмен бар. Радио түйүнү иштейт.
Колхоздук кантор, клубдан тарта, ар бир колхозчунун үйлөрүндө Ильич чырагы жарык
берүүдө. Кырман, мал сарайлары, чочко фермасы, канаттуулар фермалары суу менен
жарык менен камсыз. Жаңы жарык, таза сарайларда багылган саан уйлар электр саагыч
менен саалат. Автоматтык жол менен суу ичишет.
— Ошентип, азыр бизде суу бардыгына жетиштүү. Кыштагыбызда суу түтүгү
жүргүзүлгөн. Колхозчулардын далайы үйлөрүнө чейин суу киргизип алышты.
Колхозчу карыя башкарманы толуктады:
— Эсиңде болсун. Биз сууну «Чупрадан» гана. алабыз. Чоң Чүй каналынын милдети
андан зор. Ал бүткөндө Чүй өзөнүнөн өтүп казак жерлерине чейин суу жеткирет!
...Рас, колхозчу карыя айткандай Чоң Чүй каналынын милдети зор. Бул зор элдик
курулуш— 1941-жылдын жазында элдин күчү менен курула баштаган. Жеке
Кыргызстандын адамдары тургай Казакстандын Жамбыл областынан келген эмгекчилер
бул курулуштун ишине катышышкан.
Мээримдүү жылуу жаз күнү ачык жарык. Жүз километрден ашыкка созулган канал
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Мезгил Сабактары - 20
  • Parts
  • Мезгил Сабактары - 01
    Total number of words is 3925
    Total number of unique words is 2168
    28.4 of words are in the 2000 most common words
    41.5 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 02
    Total number of words is 3835
    Total number of unique words is 1945
    25.2 of words are in the 2000 most common words
    37.9 of words are in the 5000 most common words
    45.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 03
    Total number of words is 3888
    Total number of unique words is 2004
    26.2 of words are in the 2000 most common words
    38.0 of words are in the 5000 most common words
    44.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 04
    Total number of words is 3917
    Total number of unique words is 2109
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    38.3 of words are in the 5000 most common words
    44.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 05
    Total number of words is 3841
    Total number of unique words is 2050
    24.3 of words are in the 2000 most common words
    35.5 of words are in the 5000 most common words
    41.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 06
    Total number of words is 3908
    Total number of unique words is 2175
    25.1 of words are in the 2000 most common words
    36.6 of words are in the 5000 most common words
    43.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 07
    Total number of words is 3879
    Total number of unique words is 2261
    24.6 of words are in the 2000 most common words
    36.6 of words are in the 5000 most common words
    43.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 08
    Total number of words is 3889
    Total number of unique words is 2322
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    38.4 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 09
    Total number of words is 3878
    Total number of unique words is 2190
    26.2 of words are in the 2000 most common words
    38.2 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 10
    Total number of words is 3881
    Total number of unique words is 2101
    24.1 of words are in the 2000 most common words
    34.1 of words are in the 5000 most common words
    40.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 11
    Total number of words is 3844
    Total number of unique words is 2201
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    42.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 12
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 2270
    27.6 of words are in the 2000 most common words
    39.9 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 13
    Total number of words is 3957
    Total number of unique words is 2233
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    47.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 14
    Total number of words is 3766
    Total number of unique words is 2212
    23.9 of words are in the 2000 most common words
    35.6 of words are in the 5000 most common words
    42.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 15
    Total number of words is 3906
    Total number of unique words is 2254
    27.6 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    47.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 16
    Total number of words is 4040
    Total number of unique words is 2326
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    38.3 of words are in the 5000 most common words
    44.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 17
    Total number of words is 3980
    Total number of unique words is 2278
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    38.4 of words are in the 5000 most common words
    45.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 18
    Total number of words is 3826
    Total number of unique words is 2298
    24.7 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 19
    Total number of words is 4011
    Total number of unique words is 2430
    25.2 of words are in the 2000 most common words
    37.5 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 20
    Total number of words is 3935
    Total number of unique words is 2383
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    45.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 21
    Total number of words is 3922
    Total number of unique words is 2456
    24.7 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 22
    Total number of words is 3905
    Total number of unique words is 2360
    25.7 of words are in the 2000 most common words
    37.1 of words are in the 5000 most common words
    43.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 23
    Total number of words is 3793
    Total number of unique words is 2219
    25.4 of words are in the 2000 most common words
    36.9 of words are in the 5000 most common words
    43.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 24
    Total number of words is 3857
    Total number of unique words is 2269
    24.4 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    43.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 25
    Total number of words is 3863
    Total number of unique words is 2183
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    35.5 of words are in the 5000 most common words
    43.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 26
    Total number of words is 3856
    Total number of unique words is 2325
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.0 of words are in the 5000 most common words
    45.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 27
    Total number of words is 3866
    Total number of unique words is 2429
    25.2 of words are in the 2000 most common words
    35.8 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 28
    Total number of words is 3971
    Total number of unique words is 2417
    23.9 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    42.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 29
    Total number of words is 3917
    Total number of unique words is 2300
    24.3 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    42.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 30
    Total number of words is 3926
    Total number of unique words is 2169
    25.8 of words are in the 2000 most common words
    37.9 of words are in the 5000 most common words
    44.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 31
    Total number of words is 3936
    Total number of unique words is 2141
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    45.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 32
    Total number of words is 3916
    Total number of unique words is 2096
    25.7 of words are in the 2000 most common words
    37.3 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 33
    Total number of words is 3934
    Total number of unique words is 2181
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    38.5 of words are in the 5000 most common words
    45.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 34
    Total number of words is 2486
    Total number of unique words is 1435
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    41.2 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.