Latin

Мезгил Сабактары - 24

Total number of words is 3857
Total number of unique words is 2269
24.4 of words are in the 2000 most common words
36.2 of words are in the 5000 most common words
43.5 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
самсаалаган жөө туман жайытты бозортуп тургандыктан жайылган койлорду шагыл
таштан ажыратыш кыйын.— «Ал эмне?» — дегенсип Викулов тоо жакка ормое карады.
— Тигил бозоргондор шагыл эмес, жайыттагы койлор!
— Нуу! Ошондойбу? Кашары кайда. Кайда түнөшөт? — Ал жоопко күтпөстөн башын
чайкады: — Воот это даа! Чыныгы алп эмгек экен улуу тоодо мал өстүргөн адамдардыкы!
— Көз менен көрүп биз шаардыктар жылуу машинада жүдөп келатабыз. А тигил
жүргөн чабандар булутту курчанып алышып камырашпайт. Күн ачык-жарыкта ышкырып,
ырдап жүрүшөт. Ушул сүрдүү тоонун ачуусу келип, бороон үйлөп, кар бүрккөнүнө да
чыдап, чыйрак. Антпесе, койлорду бөрү талап кетпейби.
— Айтор, эт, май өзү өнбөйт экен да!
Күлө сүйлөгөн шофёр эми үнүн атайы жоон чыгарып күркүрөп койду:
— Кээ бир эт тандаган ак-чүчтөрдү беш жылда бир эле жолу ушул тоого алып келип
мал көздөтүп турса, эт, май аларга ширин татыр эле...
Шофёрдун кебине тегиз күлдүк. Ал аңгычакты болбой биз олтурган машина күүлдөп
шаалдап Сарт Ашуунун белине чыга келди. Нак ашуунун белинде үй ордундай жалпак
кара таштын үстүндө куржундарын чыканактап улгайган эки зайып камырабай
олтурушат. Жүздөрү чымыр, көздөрү ойноктой карайт. Улуу тоонун ээсибиз дегендей
камырашпайт.
Жанатан асман тиреп аркайган чокулар эми ашуунун туу жонунан караганда
кичиргенсип, басайгансып туш-тарап да томсоруп, түнөрүп, мелтиреп көрүндү. Ашуудан
нары эңкейген сайын машиналар эңкилдеп-дөңкүлдөп — батыш жактан ачылган сонун
дүнүйө көздүн жоосун алууда. Ал — күндүн чагылышында эркелеп, экиленип кубулуп
таш күзгүдөй жалтылдаган Соң-Көл! Туш тарабы чалкайган керүүлөр, кырка чөккөн
кербенчннин төөлөрүнчө курчай жаткан мөнгүлүү тоолор алптын колу атайы көлдү
курчап койгондой чынжырдай улашып, тирешип бири-бирине сүйөнө, ыкташа бейкапар
чалкая, менсине мемиреп тынч.
Кандайдыр бир таң калтырган сонунду көргөндөй жолоочулар алды жакка суктана
карашты:
— Ахх! Не деген сулуулук!
— Каардуу, сүрдүү, укмуштуу сулуулук! Сонун сулуулук!
— Ооба, Сергей Петрович, дал ушул каардуу да, сүрдүү да, укмуштуу сулуу Соң-Көлгө
жүздөгөн отор көчөт, жүз миңдеген мал жайлайт! Эттин, майдын жана жүндүн
«фабрикасы» дал көз алдыбыздагы чалкайган керүүлөр, томсоргон тоолор. Мындай
жайыттар кыргыз жеринде аз эмес!
Эңкейиште машиналар эңкилдеп-дөңкүлдөп буйдалган жок. Алды жак түзөң тартып,
тигил мелтиреген кылаадан берки ойдо өнүп чыккан жердин «киндиги» сыяктанган
укмуштуу «имарат» көрүндү. Анын теребели, аарынын уюгундай жанданып алыстан
дүпүйүп карарып быкыйт. Жакын келгенибизде быкыган калың эл, тигил жердин
«киндиги» сыяктанган «имарат» укмуштуу чоң дөбө экен. Бул бир заманда адамдын
колубыздан калган белек кылымдар бою сакталып, ушул Соң-Көлдүн төрүндө зыңгырап
дүмпүйүп турганы турган. Маал-маал дал ушул дөбөсүнө чөйрөдөгү малчылар баш кошуп
чогулушат бейм.
Малчылар, малчылар! Азыркы чабандар шири чокой тартынып, ыргай таяк таянып,
жалгыз жарымдан зеригип, зарыгып бай малын күзөткөн баштагы жалчылар эмес. Азыр
колхоздун, совхоздун оторун көчүргөн чабандар тек тоо койнунда, мал артында жүрбөйт.
Азыр ар бир чабан өз оторун оттуу жайыттарда багып, койлорду семиз асырап, аман
өстүрүү менен бирге алар китептерди, гезит-журналдарды үзбөй окушат. Маал-маалында
кино көрүшөт, радио угушуп, ааламда болуп жаткан жаңылыктан кабардар. Малчыларды
тейлеген медпункт, көчмө дүкөндөр бар. Алар менен бирге иштешкен зоотехниктер, мал
доктурлары, нускоочулар. Айтор, эң бийикте, эң сүрдүү татаал жайыттарда мал күзөткөн
кайратман кишилер өз тоосунун мүнөзүн жатык билген чымыр, күчтүү кишилер. Сергек,
сезимдүү кишилер!
Азыр ушул кишилер бир кишидей тымтырс сөз угууда.
Делегациянын жетекчиси Леонид Сергеевич Соболев сөз алды да, ал президиум жакка
бурулуп койду:
— Котормочу керек болор?
— Жадырап-жайнап олтурган кишилердин арасынан үндөр угулду:
— Панимаем! Түшүнөбүз, айта бериңиз! нан жаралган дөбө экендиги белгилүү. Бул
бабалары
Дит коюшуп кеп угушка кызыгып олтурган тоолуктар «Түшүнөбүз, айта бериңиз»
дегендерин укканда бул тарапка биринчи келип отурган Соболев кубангандан көпчүлүккө
жылмая карады:
— Ну чтож! Андай болсо, Сиздерге мен да кучагымды кең жайып туруп, орус
адабиятынын он күндүгүн өткөрүүгө келген жолдошторум менен тааныштырайын...
Бүткүл орус жазуучуларынын атынан, москвалыктардын атынан жалындуу салам айтам!
Жана жолдо келатканда «мен бул жолу ыр окубасмын. Малчыларга түшүнүксүз болор»
деп Сергей Викулов бир аз көңүлсүз болучу. Эми тигил жүздөрү нурданып, жайнапжадырап олтурган кишилерди көргөндө түндүктүк акын толкундап жанындагы Бородинге
күбүрөдү:
— Мен жаңылыпмын, Сергей Петрович. Ыр окуймун! Ушулардай ак пейил хонун
кишилерге окуп бербеген ырды кайда окуйсуң!
— Дал ушул кишилердин арасында окуш керек ырды, Сережа. Эмгектин поэзиясын
жараткан кишилер ырды да барктай билишет!
— Ооба, азыр ыр окубаска болбойт. Эмгек жөнүндө, достук жөнүндөгү, ал тургай
биздин кыштактык колхозчулардын чогулушу жөнүндөгү ырларымды окуймун!
Ошентишти. Вологдолук акын Сергей Викулов да, москвалык акындар Сергей
Васильев менен Николай Анцифиров да малчылар алдында ырларын окушту...
Ыклас коюп угушкан ак пейил малчылар жыргап күлүп, , алакан чаап, кубаттап
олтурушту:
— Молодец! Жаша! Дагы окуй бериңиз!
Тарыхый романдар жазган баамчыл жазуучу Сергей Петрович Бородин да кездешүүдө
толкундап сүйлөдү: — Кымбаттуу достор! Ак дилимден чыккан сөзүмдү сиздерге ачык
айтышка уруксат этиңиздер. Мынабу
бизди курчап менсине асман мелжиген улуу
тоолорду жердеп, ушул асман мелжиген бийиктерде эмгектенген кишилерди көрүүгө биз
куштар элек. Сиздердин чымыр, кабелтең кебетеңерде байыркы өткөн бабаңар Манастын
кайраты сезилет. Нурданган жүздөрүңүздөрдө ойчулдук, баамчылдык, токтоолук,
байкалат. Ошону менен бирге эмгекти сүйүп, кеп-сөздү баалап, айрылгыс достордой
бизге ак пейлиңерди төгүп олтурасыңар! Биз өз кучагыбызды кең жайып, пейлиңерге
пейлибизди кошобуз. Ишиңер жеңиштүү, жүзүңөр жарык болсун, достор!.. Эмгектин
жалыны, достуктун жалыны алоолонсун!
Акындар ырларын окушту. Баатыр эне Телегей баштап алдыңкы малчылардан да бир
тобу сөз айтышты. Кездешүү аяктап калган кезде бирөөнүн коңур үнү зоңк этти:
— Жолдоштоор! Азыр тамаша башталат, «амфитеатрга» өткүлө! — Баятан тым
олтурган көпчүлүк дүр турушту. Тигил жумурткадай торсойгон чоң дебөнүн күн батыш
жаккы бетин бербей кишилер каптай беришти.
Локуйган зор денеси менен солкулдаган Леонид Сергеевич каткыра күлдү:
— Ахаа1 Амфитеатр эмес бекен! Алты жүздөй кишини бир эле бетине батырып алды!
Ошентип, Соң-Көлдүн төрүндөгү байыртан менсинген зор дөбөнүн бетин каптай
олтурган журт менен алыстан самап келишкен меймандар — Россия Федерациясынын
акын-жазуучуларынын бир тобу эми кыргыздын улуттук оюндарын көрүштү.
Мына, кыз куумай.
Тигил кылаадан берки ойдо кызды коштоп жеңе, жигитти коштоп жигит бараткан. Ана,
кыз кайра тартты, жигит да атына камчы басты. О, кыз минген жээрде жерге жабыша
калып арыш созду. Дайым ээрде өскөн кыз «аттын кулагы менен ойноп келатты...
— Жарабады жигит, не аты арымсызбы, не өзү мазасызбы, айтор, кызга жетпей
калды...— деди Сергей Викулов.
— Мейли, кыз жеткирбесе жеткирбесин, жаштыктын жалыны кыз жүрөгүндө күчтүү
алоолойт!
Тамаша кызый берди.
1962-ж.
ЭҢ СОНУН
Ошто Кыргыз Жазуучулар Союзунун бөлүмү ачылды. Бул эң сонун иш!
Байыркы Оштун жергесинде улуу окуялар көп болуп турган. Коңшу элдер менен
болгон карым-катнаштарда, жер-сууну сактоо үчүн болгон күрөштөрдө элибиздин өмүрү
тарыхтын катмарында даана тамгаланган. Тарыхый зор мааниси бар андагы эчен албан
окуялар жазуучуну кызыктырбай койбойт. Жазуучулук баамчылдык менен ошол тарыхый
окуяларга кайрылуу, бабаларыбыздын өмүрүн баяндоо — тарыхый чындыктын көркөм
элесин чебер сүрөттөгөн повесттердин, поэмалардын, пьесалардын, романдардын
жаралышы кыргыз адабияты үчүн баалуу салым. Төлөгөн Касымбековдун «Сынган кылыч
романы ошол баалуу салымдардын саамалыгы. Бул салым мындан ары уланууга, ал улам
өнүгүүгө тийиш.
Ал эми ошондой тарыхы бай түштүк жергеси бул кезде Республикабыздын өркөнү
өскөн областына айланды. Бүгүнкү түштүк бай, көзөл, келечеги кең сонундар дүйнөсү
болуп калды!
Биздин түштүк — ак алтындын да чыккан жери. Эл чарбасына кунудай зарылдык
менен керектелүүчү сейрек кендердин чыккан жери. Эң байыркы доордун асыл мурасы
болуп калган дүнүйөдө эң сейрек — жаңгак токою, жапайы өскөн писте, алма, алмурут
токою, жапайы жүзүм өскөн жер. Мына ушундай көзөл жергебизде эмгектенишкен
түштүктөр бул кезде абдан бактылуу. Көп улуттуу элдер бир үй-бүлөнүн ынтымагында
жыргап турмуш куруп жатышат. Ушул ак сейил, ак дилдүү — эмгек ээси болушкан
күжүрмөн элибиздин күжүрмөн уул-кыздары да көп. Ар кыл кесиптерде өздөрүнүн
эптүүлүгүн, жөндөмдүүлүгүн, шыктуулугун көрсөткөн чеберлери, устаттары көп. Элдик
жакшы касиеттерди өздөрүндө сакташып, аны кайра тукумдарга үрөндөй сээп турушкан
акылман адамдары, таланттуу адамдары көп! Жамгырдан кийин жер көгөргөндөй дал
ушундай бай, сонун жергени гүлдөткөн шыктуу журттун арасынан өнүп-өскөн жазуучу
адам баамчыл, көрөгөч, даанышман болууга тийиш. Алар, өздөрүн асырап чоңойткон
элдердин көркөм элесин чебер сүрөттөшүп, адамдардын жакшы касиеттерин, мүнөздөрүн
көркөм баяндоого милдеттүу.
Оштук жазуучулардын даярдыктары жетилгенин эске алып, бүгүн байыркы Ошто
Кыргызстан Жазуучулар Союзунун бөлүмү ачылды. Бул баарыдан мурда оштук акынжазуучуларга эң жооптуу, чоң милдеттерди тагат.
Биздин Союзубуздун Оштогу бөлүмүн тейлеген каламдаштарга жарык өмүрдү —
жакшы жашап, жеңиштүү иштөөлөрүн каалаймын. Шабданбай Абдыраманов, Таш
Мияшев, Ысыраил Сулайманов, Айтмамат Үмөталиев, Жолон Мамытов, Мамат Жакыпов
дагы ушулар сыяктуу таланттуу замандаштардан эл жакшы чыгармаларды күтөт!
Жулукчу өтүкчү боло албагандай эле ардеме-бирдемелерди жазгандын баары жазуучу
боло бербесин эске алгыла, туугандар!
Жазуучу баамчыл, ойчул, даанышман болуу менен ал, баарыдан мурда өз элинин арнамысын сактаган асыл адам экенин, Сиздер, дайым эсиңерде туткула!
Таңкы салкындык адамдын көңүлүн сергитет. Таза ой, ак дил чыгармачылыктын тез
өнүгүшүне көмөктөш. Сиздердин катар дайым баамчыл таланттуулар менен толуктансын.
Ал үчүн жаш таланттарды туура тарбиялап, аларды жетилтип учуруп тургула!
1966-ж.
САЛАМ, БАЛДАР
12июлда, кыргыз жазуучуларынын Съезди өтөт. Анда, адабиятыбыздын бардык
түрлөрүн өнүктүрүп жатышкан акын-жазуучуларыбыз, драматургдарыбыз, адабиятсынчыларыбыз ар кими өз-өз иштеринен эсеп беришет. Соңку 6—7 жыл аралыгында
адабиятыбыз эбегейсиз өстү. Көп-көп жаңы китептер адабият окуучуларына тартууланды.
Алардын ичинде, балдар, силер үчүн жазылган китептер да бир далай. Анын баарын атап
олтуруштун эч кажети жок. Себеби, ал китептерди силер өзүңөр окуп жүрөсүдөр.
Ошентсе да, ушул Съездибиздин алдында мен, силерге эсеп берип коюшту макул
таптым. Анын да өзүнчө себеби бар:
«Түгөлбай агай»,—деп кат жазгандар мен балдар үчүн дагы кандай китеп жазарымды
сурашат. А мен аларга көп учурда ачык жооп бербей коёмун. Анткени, мен балдар үчүн,
же чоңдор үчүн деп ажырым койбостон эле мени кызыктырган окуяны аламын. Колумдан
келсе, ал чыгарма балдарды да, чоңдорду да кызыктырса деймин «Темир», «Ала-Тоодон
алтоо» деген роман, повесть жана дагы бир катар аңгемелер ошол тилек менен жазылган.
«Тоо балдарында» да мектеп турмушу, окуучулардын мүнөзү баяндалган. Ошентсе да аны
чоңдор, же айрыкча, мугалимдер, башка агартуу кызматкерлери деле ата-энелер окушаар
деп ойлоймун. «Түн жарчысынан кабар», «Ач көз ата», «Капкакбай» сыяктуу поэмажомокторум кенже класстын окуучуларын да, өспүрүм балдарды да кызыктырар. Бирок,
«Түн жарчысынан кабар» менен «Ач көз ата» соңку жылдарда басыла элек. Ошондуктан,
бул эки китеп силердин колдо болбосо. Бардык эле акындар космос жөнүндө жазып
жаткан соң, мен да ошол темага кызыккан элем. Натийжада: «Күн жана анын балдары»
деген жомок жаздым. Мындан башка силерге ылайыктуу бир нече ырлар да бар. Ошентсе
да мен өзүмдү балдар алдында борчтуу эсептеймин. Аманчылык болсо, ал борчумдан
кутулушка аракет бар. Бирок, балдар, мен кең планда роман жазып жүргөнүм эсиңерде
болсун. Роман жазуу убактыны көп талап кылат. Аны ашыгып иштөөгө да болбойт.
Ашыкканда иш чала бүтөт. Бирок, силерге эскертерим менин жазып жүргөн
романдарымдын — «Батийна», «Ашуулардын» көп бөлүмчөлөрү балдарды кызыктырар
деп ойлоймун.
Жогорку аталган эки китеп биригип жакында жарык көрөт. Кагылайын балдар!
Баарыңарга бакыт-таалай, узун өмүр каалаймын!
Балалык чак — баарыга кызыгуу.
Өспүрүм чак — токтолбой өнүгүү.
Жигиттик кез — тапталган болоттой жетилүү.
Ошентип, адам өмүрүнүн ар бир мезгилдери ар кыл асыл сапаттарды кабыл тутуп,
учурларга таандык жүктү көтөрөт. Жашында жакшы көктөгөн көчөт тез өсүп-өнөт.
Адамда ошондой. Жашында сергек, бышык, чыйрак болуп көптү билүүгө дилгирлиги
артса, ал баамчыл, тырыш, эмгеккор, билимдүү адам болуп өсөт.
1966-ж.
ЧАК— ӨНҮГҮҮ
Көптү билиш үчүн окуу, улуулардан таалим алуу, үйрөнүү керек! Окуу — тек
мектептен мугалим берген сабак менен чектелбейт. Өзүнчө китеп окуй турган болгондон
тартып, ар кыл жакшы китептерди окууну, улуулардын таалимин алууну өспүрүм өзүнө
сабак кылып алышы тийиш. Китептин жакшысы маанилүү, анан, кызыктуу болот. Акылойду, аң-сезимди өстүрүүдө тек кызыктуулуктун окуучуга берер пайдасы аз. Маанилүү
китеп адамга акыл ооштурат. Сен окуган китеп сага акыл ооштуруп, оюңду тереңдетип,
аздыр-көптүр турмуштан сабак берип жатабы? Же анчейин «кызыктуу» окуя азгырып
ээрчиттиби?
Баарыдан мурда өспүрүм, сен өзүң окуган китептен ошону байка! Окуган китебиң сага
турмуш сабагынан маалымат берсе: ата-бабалардын басып өткөн жолун, табигатты, жерсууну таанытса, ааламдакы ар кыл жан-жаныбарлардан, маанилүү окуялардан маалымат
берсе, турмушту, күрөштү, эмгекти, адамдагы, жан-жаныбарлардагы ар кыл касиеттерди
туура баяндап сага оң үлгү көрсөтсө — ал пайдалуу, кызыктуу китеп[
Турмуш чындыгынан кайчы кеткен терс багыттагы китеп азгырык сымал. Ал сенин
өзүңдөгү туура калыптанып жаткан ой-пикириңди чатыштырат. Ошондуктан, сен
жаштайыңдан эле оң — жакшы, терс — жаман экендигин ажырата билишке тырыш!
Ошондо гана сен турмушта көргөндөрүңдөн, окуп үйрөнгөндөрүңдөн таалим алып жакшы
сапаттарды өзүңө ооштура билесиң.
«Жаш ленинчи» журналынын жаш талапкер-окуучуларына кайрылып кеңеш этерим:
Балалык жана өспүрүм чак — өмүрдүн өтө сергек кези. Ушундай сергек чагында сага
оошкон бардык жакшы нерселер өмүр боюнча сенин акылыңда калат. Эң сонун, эң
баалуу, асыл табылгаларың ушул жаш кезден алган билимиң!
Жаш окуучу, сен ушул өспүрүм чагыңды кымбат баала. Өнүк, өс!
1970-ж.
АДЕП —БИЛИМ
Сүйүктүү «Кыргызстан пионери» аркалуу жеткинчектерге бир-эки ооз кеп айтууну
ылайык көрдүм. Себеби, улуулар, кичүүлөргө акыл-кеңеш айтууга милдеттүү. Жакшы кеп
— жанга жагымдуу. Ошондуктан «Адеп башы тил» деген макал бар. Бул, мындан тогуз
жүз жыл мурда китеп бетине жазылган байыркы макал. Албетте, бул макал, ал китеп
бетине жазылуудан алда-канча мурда эле эл оозунда айтылып, адамдарга акыл кошкон
кенч, мурас болуп келгени талашсыз.
Мен бул сөзүмдү аныкташ үчүн ошол байыркы китептеги макалдардан бир азын
келтирейин: «Эмгек текке кетпейт». «Эринчек булут минип учат».
«Жашыңда мээнет, карыганда дөөлөт». ,
«Экпесең өнбөйт, тилебесең бербейт».
«Атасы ачуу алма жесе, уулунун тиши камалат».
Түлкү өз ийнине наалыса, анын өз намысы төгүлөт».
«Кут белгиси билик...»
Дал ушул сыяктуу турмуш сабагы айттырган эң так, эң чулу, эң маанилүү унутулгус
болуп байыртан айтылып келаткан акыл сөздөргө злибиз абдан бай. Башта бул акыл кепсөздөр Улуу сөз аталып оозеки айтылып, калайыкка оозеки түрдө тарады. Ал кездерде
азыркыдай ар бир талаптуу жашка айкын күзгү болгон өз кезити, китептер, кинотеатрлар,
теле көрсөтүүлөр, радио уктуруулар болгон эмес. Ошентсе да, биздин ата-бабаларыбыз
ошол сөздөрү сактаган асыл мурастарды ооз эки айтып урпактарга таалим берүү менен
өздөрүнүн рухий дүйнөлөрүн азыктантып, байытып, улуулары кичүүлөрүнө, билгендери
билбегендерине жол көрсөтүштү.
Ошондуктан, «Улуудан уялуу, кичүүдөн ийменүү», «Сыйгасый, Сыр аякка бал» деген
макалдары да жаштарды адептүүлүккө, кичипейилдүүлүккө үйрөттү. Ар бир эле
уюткулуу, маданияттуу элдердей биздин элибизде да балдарына жакшы тарбия берүү ар
дайым ата-энелердин дилиндеги башкы вазипа болучу.
Алардын бала үчүн жумшаган ак күчү, уул-кыздарын адам катарына кошуудагы атаэненин ак дили, эмгеги өтө зор. Айтор, ата-эненин акысын жарым-жартылай кайтарган
уул-кыздар өз ата, энесине чоң кызмат өтөгөн болушар эле.
Биз бул жерде ата-энени ашыра ыйык эсептейбиз. Албетте, алар өз балдарына ыйык да!
Ошентсе да, тигил — «Сыйга — сый» деген асыл кеп баарыбызга тийиштүү. Улуудан
уялуу деген улууну көргөндө баш көтөрбөй жер карап калуу эмес. Андай уялыш жаштын
рухий дүйнөсүн өстүрбөйт, анын эркин эзет. Улуудан уялуу деген — улууну урматтоо,
сыйлоо, алардын жакшы иштеринен таалим алуу. Алардын алдында адеп сактоо.
Ошондой эле улуулар да, тек жашынып улуулугуна сыймыктанып, кичүүлөргө жогортон
караса, ал баарыдан мурда керсегей болуп калат. Эмесе, улуулардын ошондой кай бир
керсегейлерине, элибиз: — «Кичүүдөн ийменүү керек» деп акыл кошот. Улууларга
айтылган бул кеңеш да, алар өздөрүн токтоо, адептүү, салттуу кармоо дегенге жатат.
Ошентип ата-эне менен уул-кыздардын, улуулар менен кичүүлөрдүн ортосундагы
адептүүлүк, сый-урматтар байыртан эле баба салттарынын эң күчтүү таалими болуп,
жалпы элдик адеп-ахлакты түзгөн! Биздин коммунисттик абийир — этика дегенибиз да
өзүнүн эң башкы булагында ошол элдик адепти, элдик асыл салттарды улайт!
Ошондуктан Владимир Ильич Ленин бизди, баарыдан мурда ар бир элдерде ушинтип
байыртан уланып, сакталып, калыптанып, өнүгүп келаткан элдик адепти, жакшы
салттарды, жакшы жөрөлгөлөрдү улантуу менен жаңы салттарды, жаңы жөрөлгөлөрдү
өнүктүрүшкө чакырды.
Тамырсыз дарак көктөбөгөндөй — элдик мурастар, жакшы салттар, жөрөлгөлөр айкеш
келгенде гана жаңы салттар, жаңы башталыштар өнүгөт.
Элдик жакшы жөрөлгөлөр эч убакта жаман нерселерге, орой бей-адептүүлүккө жол
берген эмес!
Өзүн таза алып жүрбөгөн адам жаман дартты жугузуп алгандай эле, элдик жакшы
адепти, салтты, жөрөлгөнү билбеген жеңил мүнөздүүлөр да бей-адептүүлүккө өзүнүн
кандай берилип, кандай өткөнүн сезбей калат...
...Улуу Октябрь түбөлуккө энчилеп берген ушул «Кыргызстан пионери» аттуу сонун
газетанын окуучулары — сиздерге адептүү болууну эскертүү менен келаткан 1970жылыңарды куттуктаймын!
Бул жыл, бардык эмгекчилер үчүн, жалпы эл үчүн өзгөчө жыл!
Ильич атабызга жүз жаш!
Улуу кеменгердин акылы жандырган өчпөс шам алоолонот. Ал шам ар жыл өткөн
сайын жаркырайт. Себеби, Ильич шамы замандар бою адам акылы жараткан эң сонун
касиеттерден кубаттанган. Жана ошол элдик асыл касиеттерди өнүктүрүп турат!
1970-ж.
БАЛАТЫ
Жазда, күздө, кышта дайым жашыл, дайым көрктүү зыңгыраган карагайды көргөнүмдө
жаратылыштын эч түгөнбөс берекесин сеземин. Тереңге житкен чытырман тамырлуу,
сөлдүү жашыл бүчүрлүү алп карагай көгүлтүр асманга созулат. Ал узакка картайбай
жашыл көркүн кулпуртуп кылымдан кылымга өтүп шуулдап, зыңгырап, менсинип турат!
Карагайдын жан-жанында балатылары жапжашыл! Мен эс тарткан чагымда ошондой
бай карагайга көп карачумун. Көңүлүмдө: «тигил энеси, тигил балдары. Эң көп жыл өтөт.
Балатылары зор, бай карагай болот. Анан тоонун баары карагайга толуп кетет», деп
баамдачумун. Башымды кыйшайтып, сөөмөйүмдү чочойтуп ырдагансып коючумун:
— Карагай энеем. Балаты меен!
Өзүм ошол карагайдай бийик, күчтүү, зор болуп өскүм келчү.
Жеке мен эмес, эс тарта баштаган кезинде ар-бир эле баланын баамы, тилеги ушундай
болот. Балдар дүнүйөгө, жаратылышка, ар түрдүү кубулуштарга аябай кызыгат. Бардык
нерселерди бат эле билип алсам деп талпынат. Бир күндө, бир аптада, бир айда жаш өнүм
канча узарарын байкоого алат. Жалгыз безген кумурсканы көрсө, анын кайда барарын
билгиси келип тирмие тиктеп ээрчип алат. Жан-жаныбарларды, өсүмдүктөрдү — өмүрдө
болуучу өзгөрүүлөрдү жазбай билген билимдүү чоң киши болсом деген тилек ар-бир
балада болот.
«Жаш Ленинчи» журналынын ушул «БАЛАТЫ» бөлүмү ошол көптү билүүгө дилгир
бөбөктөргө белек! Бул бөлүм бөбөктөрдү кызыктырчу сүрөттөр менен кооздолот. Элпек,
түшүнүктүү тил менен жазылган эң кыска аңгемелер, тез жаттап алгыдай куплеттер,
кызыктуу баяндар бөбөктөргө көп-көп жаңылык жөнүндө сүйлөп берет.
Ар-бир ата-эне, бөбөктөрдү ушул өз «БАЛАТЫСЫНАН» куру калтырбагыла!
1966-ж.
ТҮШТҮКТҮН ТОКОЮНДА
Кеминде жүз жыл жашаган жаңгак жыгачы кулачы кең жайылып менменсинет. Күн чак
түш.
Жаңгактын калың жалбырагы нурду өткөзбөйт. Чытырман токойду аралап жол баратат:
жолоочу тийип өтсө, жол үстүнө ийилген бутактары силкинип калат, бир мөгөдө экиденүчтөн бөртөйгөн жаңгак жемиши көзгө чалдыгат.
Жол улам бийикке көтөрүлөт. Токойдун тереңинде куду чубап ташталган кара аркан
сыңарында капталды капталдайт. Булбул үнү кулакты тундурат... Жол айырмачтай
белеске чыга түшөт: туш тарап тепшидей ачыла берип, алдыңкы катарды алма жыгачтары
ээлейт. Алардын кээси шагы ийилгенче мөмөнү калың түйгөн. Болор-болбос жел калкып,
жалбырактар дирилдеп, короо ордундай ачыктарда жууркандай көөлбүй гүл жайнаган
бийик өсүмдүктөр нурга бөлөнөт. Жол илгерилейт. Имерилген калың токойдун ортосунда
унутулган күзгүдөн бетер көл жалтырайт. Камыштуу жээгинен нары балдар кайык
айдашат.
Жол капталдан тик көтөрүлөт. Оң кол жак кереге бою жарча, сол жакта имерилген көл
тереңде кала берет.
Дагы белес, дагы гүл кулпурган көрүнүштөр.
Токойдо иштеген адамдар обон созот. Обон улам алыстайт. Машина жолу бийиктеги
жалгыз аяк чыйырга айланат.
Бийикке чыктык.
Арстанбаба чөйрөсүндөгү сонун көрүнүштөр көз алдыда тизмектелди. Жаңгак
жыгачтары жыш адырлуу дөбөлөр тармалданып көк-жашыл, алмалуу беттер, алчалуу
коктулар. Суусу көбүк чертип Арстанбаба өзөнү кең ачылып, аска-зоонун алды-үстү жыш
токой. Бүркүт уялай турган зыңгыраган зоолор токойду как жарып керетедей созулат. Көк
жайык төр, доңуз сырты, куюлган шагыл, кылымдар бою менменсип керилген ак кардуу
Бабаш-Атанын кылды учунда жыйналган булут аппак бапактай бапыят. Ошол аппак
бапакты улап, биз Бабаш-Ата өрөөнүн кыдырта карадык.
Көк жалтыр аскалуу чокусу асман тиреген Бабаш-Ата өңүрү Арстанбаба менен Дашман
аралыгы тармалданган калың токой. Замандар бою адам аралап келбеген чытырман. Каба
менен Кызыл-Үңкүр туташып, Кара-Алма менен Орток туташып, башы Аркыт менен
Сары-Челекке дейре ондогон километрге созулуп жүз миңдеген гектардан ашык аянтты
каптаган жапайы жемиш жыгачтары: жаңгак менен алма, алча менен алмурут, витаминдүү
ит-мурун, ыргай менен долоно, писте менен карагат, ак чечек менен арча, ак терек, шилби,
карагай.
Аралап келсең, көңүлүңдү толкутуп, көзүңдү тойгузат. Жомокто айтылган укмуштуу
жерде жүргөндөй өзүңдү унутасың!
Мына, Кара-Үңкүр сай! Ана, көк жондон туруп караганыңда токой бүркөнгөн жондор,
коктулар, көз жалтанткан кызыл чапжарлар, көк шагыл коруму куюлган найзадай тик
зоолор кыдырат. Терең сайдын таманында көбүк чертип чамынга тоо суусу көз учунда
буралат.
Жаздын толуп турган күндөрүндө ак кар жамынып, көк муз бүркөнгөн аскалар көз
алдыда.
Алыста Чаткал тоолору.
Биз Аркыт өрөөнүнө өттүк. Жарташтан самсаалаган жапайы өнгөн жүзүмдү көрдүк.
Деңиз деңгелинен эки миң метрден ашык бийиктиктен арчага коңшу чыккан алмурутту
жолуктурдук.
Түштүк тарабынан калаган чийдей карагай курчаган Сары-Камыш төрү.
Каптал жол менен биз Сары-Камыштын наркы тектирине көтөрүлдүк. Июндун акыры,
Бул чөйрөдө ак-чечек, долоно, ит-мурун, ыргай али гүл чачып, ой, тоо аңкып турат.
Шилбибадал. Бирок Буугандынын түзөңүндө өзөгү адамдын белинче бар — кадимки
теректей бир менменсинген шилби турат.
Айтор, бул чөйрө жомоктогу элестей сонун: «Төрдүн бир ээси мен! Силер кимсиңеер,
силер кимсиңеер!» дегенсип «бугг-бугг» эткен буканын күркүрөгү угулду, бирок өзү
көрүнбөдү. Ал бийик чыккан тоо өсүмдүктөрүнүн арасында жуушап жатса, мурду
жылтырап, мүйүздөрүнүн учу чыгат. Эркин жайылган мал тоо чөптөрүн араласа, араң
жондору көрүнөт.
Кыр-кырда карагайлар тизилип, куду сөлпү жаткан таш күзгү сыңарында капчыгай
ортосунда Сары-Челек көлү жалтырайт.
Сууда калкыган калың куугандын арасындагы, көлчөдөн балыкчы кодосун чыгарды.
Туйлаган балыктар жылтылдап кайыкка төгүлдү.
Ала көлөкө көл четин каптады: балыкчы торун ыргытты...
Ана, көл түбүндө чагылышкан аска.
Ана, жапайы өнгөн дан куурайга толгон жыбытча. Ал жыбытка кез-кез аюу түшүп
келип, жемиш терет. Кайык айдап, көлдө жүргөн адамды жээктен аюу карап турат.
Ана, жайлоочулар конучу төр. Жылдыздай чачырап кокту ичинде эркин жайылган
колхоз малы.
Биз жаңгак токоюн, анан жапайы өнгөн жемиш жыгачтарын араладык. Булар деңиз
деңгелинен бир миң метр бийиктиктен тартып, тигил ак кардуу төрдүн этегине дейре
созулат.
Ал эми төмөнкү өрөөнгө өтөлүк.
Тоо этеги — куду эски чапандын өңүрүндөй бозчамбыл адыр. Жанакы көз жоосун
алган көрктүү салкын төрлөрдөн кийин чөл адыр көзгө жупуну: ой, кырда түп-түп
бадалдар көрүнөт. Бирок, алар анчейин бадалдар эмес — писте жыгачтары. Ал чөлдү
сүйөт. Ошон үчүн какшыган күңгөй этектеринде да терең тамырлап, ысыкты тоотпой
жагыштуу писте калың мөмөлөөдө.
Ушинтип түштүк кыргыз тоолорунун токой өзгөчөлүгү бөтөнчө: субтропикалык
жыгачтары менен кадимки Улуу Тоонун карагай, арчасы коңшу. Алардын чегин бир аз
гана километр бөлөт.
Жеке илимий жагынан гана эмес, эл чарбасы үчүн түштүктүн токойлорунун мааниси
зор. Ал: алма, алча, алмуруттарды, писте, жаңгактарды берет, жер кыртышын кыяндан
коргойт, сууну сактайт.
Кылымдар бою жаңгак токою жабыр тартты: өрткө чалдыкты, аны балта чапты, адам
аралап, мал тепседи. Адыр, адырдагы бирин-серин дүпүйгөн жаңгак жыгачтары бир
заманда токой кулачы менен жайылышына күбө. Тигине, далай адырларда, күңгөй
өндүрлөрүндө этеги түрүлүп токой сейректеп, кыртышы бузулуп, жер томсоро түшкөн.
Токойсуз тиктерден жер көчкү көчкөн.
***
Кыргызстандын түштүгүндөгү ушул жаңгак токоюн өкмөт азыр кымбат баалады. Азыр
токой чарбасын өндүрүп, асыроо иштерин советтик кишилер колдоруна алышты.
Алдыңкы милдет: токойду калыбына келтирүү гана эмес, мөмө жыгачтарынан
жемишти арбын алуу, алардын тукумун жакшылоо.
Биздин көз алдыбызда токойдо иштеген кишилер. Алар өзөн боюндагы ачыктарда,
токой аралыгындагы тилкелерде уругунан себилип өндүрүлгөн жаш өнүмдөрдө иштеп
жүрүшөт. Эки-үч өнүмдөр жалбырактап кадимкидей тез өнүүдө. Токойдогу азыркы
жаңгак жыгачтары орто эсеп боюнча 80—100 жашта. Жаш өнүмдөн карып калган
жыгачтар көп. Мына ошондуктан токой өндүрүүчүлөрдүн бирден бир милдеттери: жаңы
өнүм менен токойду жашартыш.
Рас, артыкча жаңгак жыгачы жай өсүп жетилет.
Азыркы бош тилкелерде жаңгак токою өсүп жетилген учурду кайрылып көрүшкө,
балким, биздин өмүрүбүз жетпес.
Адам жеке бүгүнкүнү самабайт. Эртеңки үчүн да өз күчүн зарып кылат. Келечек:
биздин балдарыбыздыкы, биздин неберелерибиздики. Биздин бүгүнкү эмгектин орчуну
балдарыбыздын, неберелерибиздин жыргал турмушу үчүн жумшалат.
Мына, биздин көз алдыбызда СССР илимдер Академиясынын. алдындагы токой
өндүрүү институтуна караштуу — илим изилдөө станциясы.
Мына, жаңгак жыгачтарынын питомниги. Булардын тамырлаганына он-он беш жылдар
өттү. Куду өмүрдүн эшигин жаңы ачкан бала-жигиттердей толуп келатышат.
Мына, уругунан себилген жаш өнүмдөр. Булар экинчи жазды гана көрүштү. Өзөктөрү
анча узара элек болсо да тамырлары тереңдеп — кубаттуу. Өз алынча калың жалбырактап,
кадим балтыр бешик жайнай баштаган — жаш өнүм жыгач көркүндө.
Мына, бул кыйылган жаңгак өзөгүнө Молдавиядан алынган калемче уланган.
Украинадан келтирилген сорттор кабыл алынган.
Мына, «кыргыз бомбасы» аталган жаңы сорттогу жыгач! Бул жемиштүүлүгү жагынан
да, сапаттуулугу жагынан да өйдө.
Мына, керилип көрктүү бутактаган «мырза» быйыл он беш жашта. Мындан он беш
жыл илгери жергиликтүү өзөккө америка кара жаңгагынын калемчеси уланган болучу.
Улоо жакшы кабыл алынды. Эки башка тукумдун ортосунан жаралган жаңы өнүм тез
арада менменсип өндү. Бул тажирийбалардын максаты — суукка убайымдуу, түшүмү мол
жакшы сортторду чыгарыш.
Ал эми көп жолдоштор жаңгак жыгачы тескейде гана өнөт, күңгөйгө өнбөйт дешет.
Изилдөө станциянын тажирийбасы аны кубаттабайт.
Биздин көз алдыбызда күңгөй беттер: бул беттерге да себилген уруктар мына, дүркүрөп
өнүүдө. Бул мичуриндик илимдин негизиндеги тажирийба күңгөй беттерге да жаңгак
жыгачтары кадимкидей тамырлап өнүгөрүн айтат.
Жаңгак токоюнда байыртан жашаган картаң жыгачтар, же ар түрдүү илдетке
чалдыккан жыгачтар аз эмес. Токой өндүрүү чарбасынын алдында аларды жаш өнүм
менен алмаштырыш милдети турат. Жеке уруктай өндүрүү жолу, токойду калыбына
келтириш мөөнөтүн бир канча алыстатчудай. Ошондуктан өнүмдү тездетүү токойдун
калыбына келишине өбөлгө болор эле...
Биздин көз алдыбызда анча чоң эмес, бирок жалбырактуу көркөм жаңгак жыгачы.
Мунун жемиш байлашы куду жүзүм сыңарында: ар бир мегөде алты-жетиге дейре жемиш
бар.
Күңгөй түзөңүндө эркин менсинген бай жаңгак. Бул өткөн күзүндө тогуз жүз
килограмм жемиш берген. Жаңгактын көгүндө жана анын жалбырактарында аскарбина
кычкылы сакталып, андан «О витамини даярдалынат. Андан тышкары консервалар, ар
уруу тамактар жасалып, жаңгак майы тартылат.
Жемиштин сапаты менен бирге жаңгак жыгачы да асыл жана баалуу.
Мына өзөгү жетилген жаңгак жыгачы. Бул — жүз сексен жашта!
Мына, жаңгак уюлу.
Жеке жаңгак жыгачтары эмес, түштүк токою алмага бай: Мөгөсү ийилген калың
мөмөлүү алма жыгачтары көз алдыбыздан өтөт.
Биздин токой алчага бай:
Мөмөсү жайнаган алча жыгачтары көз алдыбыздан өтөт.
Биздин токой алмурутка бай:
Мөмөсү жайнаган алмурут көз алдыдан өтөт.
Жапайы жүзүм, писте, витаминдүү ит-мурун, карагат — баары көз алдыбызда.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Мезгил Сабактары - 25
  • Parts
  • Мезгил Сабактары - 01
    Total number of words is 3925
    Total number of unique words is 2168
    28.4 of words are in the 2000 most common words
    41.5 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 02
    Total number of words is 3835
    Total number of unique words is 1945
    25.2 of words are in the 2000 most common words
    37.9 of words are in the 5000 most common words
    45.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 03
    Total number of words is 3888
    Total number of unique words is 2004
    26.2 of words are in the 2000 most common words
    38.0 of words are in the 5000 most common words
    44.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 04
    Total number of words is 3917
    Total number of unique words is 2109
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    38.3 of words are in the 5000 most common words
    44.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 05
    Total number of words is 3841
    Total number of unique words is 2050
    24.3 of words are in the 2000 most common words
    35.5 of words are in the 5000 most common words
    41.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 06
    Total number of words is 3908
    Total number of unique words is 2175
    25.1 of words are in the 2000 most common words
    36.6 of words are in the 5000 most common words
    43.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 07
    Total number of words is 3879
    Total number of unique words is 2261
    24.6 of words are in the 2000 most common words
    36.6 of words are in the 5000 most common words
    43.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 08
    Total number of words is 3889
    Total number of unique words is 2322
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    38.4 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 09
    Total number of words is 3878
    Total number of unique words is 2190
    26.2 of words are in the 2000 most common words
    38.2 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 10
    Total number of words is 3881
    Total number of unique words is 2101
    24.1 of words are in the 2000 most common words
    34.1 of words are in the 5000 most common words
    40.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 11
    Total number of words is 3844
    Total number of unique words is 2201
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    42.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 12
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 2270
    27.6 of words are in the 2000 most common words
    39.9 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 13
    Total number of words is 3957
    Total number of unique words is 2233
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    47.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 14
    Total number of words is 3766
    Total number of unique words is 2212
    23.9 of words are in the 2000 most common words
    35.6 of words are in the 5000 most common words
    42.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 15
    Total number of words is 3906
    Total number of unique words is 2254
    27.6 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    47.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 16
    Total number of words is 4040
    Total number of unique words is 2326
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    38.3 of words are in the 5000 most common words
    44.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 17
    Total number of words is 3980
    Total number of unique words is 2278
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    38.4 of words are in the 5000 most common words
    45.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 18
    Total number of words is 3826
    Total number of unique words is 2298
    24.7 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 19
    Total number of words is 4011
    Total number of unique words is 2430
    25.2 of words are in the 2000 most common words
    37.5 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 20
    Total number of words is 3935
    Total number of unique words is 2383
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    45.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 21
    Total number of words is 3922
    Total number of unique words is 2456
    24.7 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 22
    Total number of words is 3905
    Total number of unique words is 2360
    25.7 of words are in the 2000 most common words
    37.1 of words are in the 5000 most common words
    43.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 23
    Total number of words is 3793
    Total number of unique words is 2219
    25.4 of words are in the 2000 most common words
    36.9 of words are in the 5000 most common words
    43.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 24
    Total number of words is 3857
    Total number of unique words is 2269
    24.4 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    43.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 25
    Total number of words is 3863
    Total number of unique words is 2183
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    35.5 of words are in the 5000 most common words
    43.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 26
    Total number of words is 3856
    Total number of unique words is 2325
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.0 of words are in the 5000 most common words
    45.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 27
    Total number of words is 3866
    Total number of unique words is 2429
    25.2 of words are in the 2000 most common words
    35.8 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 28
    Total number of words is 3971
    Total number of unique words is 2417
    23.9 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    42.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 29
    Total number of words is 3917
    Total number of unique words is 2300
    24.3 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    42.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 30
    Total number of words is 3926
    Total number of unique words is 2169
    25.8 of words are in the 2000 most common words
    37.9 of words are in the 5000 most common words
    44.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 31
    Total number of words is 3936
    Total number of unique words is 2141
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    45.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 32
    Total number of words is 3916
    Total number of unique words is 2096
    25.7 of words are in the 2000 most common words
    37.3 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 33
    Total number of words is 3934
    Total number of unique words is 2181
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    38.5 of words are in the 5000 most common words
    45.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 34
    Total number of words is 2486
    Total number of unique words is 1435
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    41.2 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.