Latin

Мезгил Сабактары - 15

Total number of words is 3906
Total number of unique words is 2254
27.6 of words are in the 2000 most common words
40.5 of words are in the 5000 most common words
47.2 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
түшүнгөндүк менен дегенди атайы белгиледик. Себеби, биздин тилибизди билмек тургай
аны эч укпаган адамдар да, улуу манасчынын укмуштай сонун аткаруусунда анын
ыргагынан, анын кебете сүрүнөн, анын чебер, чечкиндүү окуяларга өтө карт келген
таасын кыймылынан, анын бирде коңур үнгө салып боздото, бирде баатырдык
шаңдуулукка, шамдагайлыкка салып күпүлдөтө бирде өзүнүн өткүр, акылдуу көз карашы
менен алптардын дүйнөсүн ача айткан так күчтүү сөздөрүнүн ыргагына карай баянда
кандай окуя болуп жатканын тигил кишилер котормосуз эле түшүнгөнүн билдиришип,
биздин айтылуу, улуу манасчыбызды бийик урматтоо менен колдоруна көтөрүп алган
учурлар канча!
Албетте, бул жеке эле бир адамдын талантына сыйынуу, бир адамдын аткаруусун
баалоо беле? Жок. Бул менин кыргызымдай кичинекей, бирок байыркы тарихи бар,
байыркы маданияты бар, шыктуу элимдин асыл мурасын сыйлагандык болучу.
Рас, бул кезде биздин «Манас» улуу тилдерге которулбаган соң, дүйнөгө ал анча
тааныла элек. Бирок, илимдин жеңиши, маданияттын өркүндөшү, кылымдардын
жыйынтыгын берип жаткан биздин күндөрдө асыл мурасыбызда жакын арада бардык
тилдерге которулуп, жеке биздин гана эмес, бардык элге таандык дүйнөлүк мурас
болоруна ишенебиз!
Ошол учурда улуу манасчыбыздын ысмы дүйнө элинин оозунда — тирүү Гомер! Гомер
дал ушул Саякбайдай болгон дешер... Биз ага да ишенебиз.
Алптын жашын жашап, даңктана бериңиз, урматтуу Саке!
1964-ж.
УЛУУ МАНАСЧЫ САЯКБАЙ КАРАЛА УУЛУНА АЛКЫШ
Адамдын жан азыгы болгон жандуу, элестүү көркөм сөздүн, адамды ойго салган,
адамга акыл кошкон оозеки адабияттын ыр, кошок, жомок, макал, лакап, уламыш түрлөрү
менен тааныша баштаганымда эле «Манас», «Семетей» жомоктору мага сыйкырдуу
таасирин берди. Себеби, улуу сөздөрдү баалап, салмактап, анын төркүнүнө зор маани
берип, кеп салган улуулар эл оозунда айтылчу көркөм сөз мурастарынын ичинен «Манас»
жомогун кеп саларда, аны бийик баалап, ага сыйынышып, аны айтычулар да, угуучулар да
жан-дили менен берилип олтурушчу. Арийне, дасыккан манасчылар айыл башына дайым
кыдырып келип турушка жетишчү эмес. Манасчыны чакыргандар, күткөндөр көп
болгондуктан алар бардык самагандарга жетише бербей элди зарыктырышчу. Бирок
«Манасты» көп угуп, аны сүйүп калгандар негизги жомокторун уламыштап өзөктөтуп,
белгилүү окуяларды чордондотуп жөө-жомоктоп сүйлөчүлөр көп болушчу да, эл чогулган
жерде ошолор манасчынын ордун басышчу. Улуу жомоктун не тигил, не бул үзүндүсүн
билген экинчи бирөө анын айтканын толуктап, айтор коллективдүү түрдө бирде ыр, бирде
кара сөз менен айтыла берип: алп Манастын, акылман Бакайдын, баатыр Чубактын,
Сыргактын, Семетейдин, Күлчоронун элестери акырындык менен көз алдыга тартыла
беричү. Ал тургай эл ичинде болуп өткөн мурунку Акылбек, Назар, Дыйкамбай, Суранчы,
Байдылда, Чойке сыяктуу манасчысеметейчилердин элеси көз алдыга келичү. Себеби,
«Манас» же «Семетейди» жомоктоп айтып олтурган адам жеке эле жомокту айтпастан
аны аткарган манасчыны не семетейчини кошо мүнөздөп, анын кебете-кешпирин,
кыялын, жоругун, обонун, өзүнүн салмагын, ырчылык (акындык, манасчылык) күчүн
кошо салмактап, кошо мактап олтурчу.
Балким ошондон уламдыр, Манас, Семетей, баштаган алптардын элеси биздин көз
алдыбызга эбегейсиз зор, адамдын алы жеткис күчтүү, журт баккан адилеттүү болуп
элестесе, алардын баатырдык мүнөздөрүн, эрдиктерин, жоого каршы аттангандыгы
жортуулдарын көз алдыга келтире ушул элге жеткизген манасчылар башкача акылдуу,
кеменгер, таасын ырчы (акын) катарында аларды биз өтө касиеттүү адамдар деп билчүбүз.
Себеби, «Паландай чоң манасчы келип бабабыздын жомогун айтаарда баарыбыз даарат
алып олтурдук, шек келтирбей арбактарына сыйынып олтурдук» деген сөздөрдү чоңдор
дайым айтышчу. Биз балдар «Манасты» аны айткан манасчыларды касиеттүү деп
түшүнчүбүз. Ал тургай балдар ойноп жүрүшүп өз ара алда немени талашып мелдеше
кеткенибизде:
«Манас акенин арбагы урсун де. Ак бараңдын огу урсун де, анан ишенем!» деп
бакылдашар элек.
Куурай терип, эчки багып жүрсөк да, отун алганы тоого баратсак да балдар өз ара
«баатырдык ойнун» баштап, бирибиз Семетей, бирибиз Күлчоро болуп... ал эми «Мен
Манасмын» деп айтууга эч кимибиз даялчу эмесбиз. Андан балдар коркушчу.
...Жыйырма төртүнчү жылдын жазы болуш керек эле. Апийимдин отоосу кызык жүрүп
жаткан кез. Биз чоң-кичинебиз болуп алты-жети кишибиз. Суунун боюндакы узун тилке
айдалган апийим аянтын отоп жатабыз. Бир-бирден солду ээлеп жарыша ишти кызытыш
үчүн бирибиз жаак жанып ырдап, бирибиз күпүлдөп «Манас» айтып кечке тынбайбыз.
Мен ал кезде ырдан да жомокко өтө кызыкчумун. Өзүм «Семетейчи», өзүм Семетей болуп
күпүлдөп тигил отоо чөптөрдү менин «чоюнбашыман» кырылып жаткан Коңурбайдын
колу деп эпилдете чанжинин жанын тындырбай отоо чөптөрдү «кырып-жоюп» бир маалда
ордумдан тура калдым.
Дал ошол замат бизден жүз саржандай окчунураак те апийим аянтынын аягынан зорзор үч-төрт атчанчубаша жарышып өтө беришти. Экрандан көрүнгөн элестердей көздөн
кайым болушту. Мен адегенде сестее түштүм. Анан ишенимде: — Тигине, Семетейлер
чаап өтүштү! — дедим.
Отоочулар ишенеришенбестен селдее калышты да, анан мага бири:—Дөөдүрөбөчү,
бала,— деди.
Бирок Содонбак деген агабыз чын пейли менен бизди ишендирди:
— Жарыктык алптардын арбагы тирүү. Көп кеп салып, аларды көп эстегенде көзгө
көрүнө берет бабаларыбыз...
Өтө берилүүнүн, аша кызыгуунун натийжасында болгон бул көрүнүш жеке менде эмес,
дал ошол мендей жаштардын далайында боло келген иш. Далайлар Манасты не
Семетейди түшүндө көрүшкөнүн айтышчу. Ал тургай кандайдыр бир адам алыс жолдо
жолоочулап келатып элсиз төрдөгү жалгыз ак ордого келип кымыз ичкени, ал жолоочу
аттана берип артына караса, ал ак ордонун ордунда жок болуп калганы, көрсө ал ордодо
олтурган ак сакал адам Бакай, жолоочуга кымыз сунган көзөл зайып Айчүрөк экен деп
айтылчу...
Неси болсо да элибиз сүйгөн ушул улуу жомокту атактуу чоң манасчынын оозунан
уксам деп көксөп калгам. 1927-жылдын март айы болуу керек. Мен Караколдо
(Пржевальск) окуп жүргөн кезим. Манасчы келди деген соң мен сабак бышыктоонун
коюп, коңшунукуна бардым. Аял-эркек эшиктен төргө жык толушуптур. Боз шинелди
желбегей жамынып, төрдө олтурган арыкчырай, кызыл тоголок адам жаңы эле айта
баштаганбы? Үнү улам ачыла, улам ыргага, улам көтөрүлө берип, өзү да улам кызып,
күпүлдөп чубурган алп сөздөрдү мөндүрдөй сабатып жибергенде тымып олтурган
кишилер козголушуп: — Э, бале! — деп сүрөй калышат.
Мен иреге жактан орун алгам. Ушуга дейре мындай жетик айткан манасчыдан
укпагандыгымбы, не «Тай-Торунун» чабышын чоң манасчынын оозунан биринчи угуп
жаткандыгымдан болдубу? Билбейм. Айтор тигил боз шинелчен кызыл тоголок адам эчен
албан көркөм, элестүү жомок сөздөрүнүн сыйкырдуу күчү менен мени бат эле арбап алды.
Ал улам кызып, улам күпүлдөгөн сайын, тек кандайдыр бир жомоктогудай жер-суунун
көркү көз алдыма тартылып, зор алп кебетеленген кишилердин элестери көрүнүп, үндөрү
эшитилип, укмуштай чоң-чоң аттардын туягынан чыккан дүбүрттөр келип... биз олтурган
үй толо кишилер баарыбыз бүтүндөй ошо алп дүйнөгө аралаша бердик. Мага баарьшан
башкача касиеттүү сезилген зор элес — ал энебиз Каныкейдин элеси болду. Манасчы
Каныкейдин элесин сүрөттөй баштаганда эле менин көз алдыма өз энем Айымкан келе
түштү да, анан ал бат эле зор тартып, бат эле тайманбас алп тартып, өз ырайын өзгөрүп,
жомокто сүрөттөлгөн элестей сүрдүү, күчтүү, кайраттуу болуп кетти. «Энем аман кайткай
эле, энем аттан жыгылбагай эле, энемдин байгеге кошкон Тайторусу чыккай эле» деген
тилек менин сезимимди чымырата берди. Көзүмө жаш келе түшүп кызып олтурдум. Бир
кезде үйдөгүлөрдүн көбү жашып олтурушканы байкалды. Улгайган зайып аста шыпшына:
— Жарыктык энебиз ай!—десе, көөдөндөн ысык илеби ургандай болот. Улгайган эркек
алга бой созо:—Ой, акылман асыл энебиз ай!—десе, үнү да, сакалы да дирилдейт. А тигил
кызыл баркыт бешмантчасынын көкүрөгү күмүш тыйын, күмүш топчу, седепке жыш
толгон төрт-беш жашар кыз-бала тамылжып, жуулган карагаттай көздөрүн бакырайта,
телмире манасчыдан албай не корккону, чочуганы, не анын айткандарын боолгой
түшүнгөнү байкалбай көз ирмебейт. Балалык жумшак демин чыгарып аста улутунат.
Айтор чымын учпай калган үй ичине алп жомоктун сыйкырдуу сыры, касиети жыш
толгондой кишилер бирде тымып тынч, бирде жээкке урулган толкундай күжүлдөйбажылдай манасчыны сүрөй калышат...
Айтор мезгилдин өткөнү сезилген жок. Ошол түн, ошол түндөгү ортого коюлган
лампанын жарыгында курчай олтурган кишилердин кубаттоосунда Сакемди биринчи
көрүшүм, Сакемдин Тай-Торусун биринчи чаптырышы эч кетпес-өчпөс элестей көз
алдымда сүрөттөлүп калды. Ооба, не коркуу, не аша кубануу баланын эсинде өчпөйкетпей калгандай дал ошол Сакемдин таасирдүү айтуусу, анын сыйкырдуу күчүн жеке эле
улуу манасчынын өз элесин, жеке эле анын айткан жомогун эмес, аны сыйлап, аны угуп
олтурган ошол үйдөгү улуу-кичүүлөр, эстей калганымда дал бүгүнкүдөй бардыгы
жадырап көз алдымда. О, бул не деген күч! Ата-энени, элди-журтту, жер-сууну көз алдыңа
тартып турган көркөм күч Саякбай сыяктуу алп манасчынын, укмуштуу акындын колунан
келер.
«Манас», «Семетей», «Сейтек» делип үч бөлүмдөн турган баатырдык баян ушул улуу
манасчы Саякбай Карала уулунан толук жазылып алынды. Бабаларыбыздан бери айтылып
келаткан асыл мурасыбыз азыр кагаз бетине түштү. Бирок, «Манас» жеке кыргыз элинин
эмес, ал жалпы элдик мурас. Ал азыр «Илияда» менен «Одиссеядай» бүт дүйнөнүн төрт
бурчуна тааныла элек. Кат тааныган бардык адам баласынын колуна тие элек. Кан-Теңири
чокусу канча бийик болсо да, мурун көргөндүктөн Пушкин менен Лермонтов Казбекке
таң калып, аны мурун мактап ырдагандай Улуу Тоо катмарында тарихий себептер менен
катылып келген «Манасыбызды» биз бүгүн тигил «Илияда» менен «Одиссеяга»
салыштырып, Саякбайдай улуу манасчыбызды Гомерге салыштырып жүрөбүз. Эгерде
«Манас» дүнүйө калкына эрте таанылган болсо, анда ал бул кезде өз баасын алмак.
О, ушул улуу баян өз көркөмдүк касиетин сактап, элдин бүт тарихин укмуштай
баяндаган байыркыны бүгүнкугө таасын жеткизген өз маанисин терең берген салмагы
менен башка тилдерде да дал өз күүсү, өз касиети менен бардык элге жеткен биздин
«Манас» Алексей Максимович Горький аныктагандай эл баяндарынын деңизи аталып
дүйнөгө таанылган кезде улуу эпостун тарихи, анын жаралышы, анын көркөмдүк күчү,
анын мааниси өзүнчө илимий изилдөөнү талап кылып, адабий мурастарды изилдөө
илиминин жаңы жээгин ачуусуна ишенебиз!
Эмесе, ушул улуу мурасыбызды укумдан тукумга берип келаткан алп манасчылардын
арбактарына баш ийип туруп, алардын эң кенжеси, биздин замандын улуу манасчысы
Саякбай Карала уулу биздин Гомер болсо, Гомер өз кезинде дал ушул биздин Саякбай
Карала уулундай болгон деймин!
Элдердин өлбөс-өчпөс улуу мурастарын сактап беришкен ушул улуу адамдарга алкыш!
1964-ж.
ТАРЫХ ИЛИМИНИН ДОКТОРУ
Эмгекте таанылган жеке кишилер жөнүндө кеп башталса анын кечээкиси эриксизден
айтылат. Себеби, ата-бабабыз жашаган кез менен биздин учур — түн менен күндөй
ажырымы бар. Ооба, түндө жүргөн жолоочу ээк астынан аркыны көрө албай, темселеп
алды-артына элтең карап, алды-артын баамдай албай бабаларыбыз жайдак өткөн тура.
Азыноолак малдуулар эптеп өз алдынча күн өткөрүштү. Көпчүлүк букаралар байдын
малын багып, оокаттууларга жалданды. Аз айыл чоң урууларга коңшу конушту. «Курама»
атанды. Кедейлерди кандай башкарам десе, манаптардын өз эрки. «Калың карганы бир
туйгун айдабайбы» дешип манаптар өздөрүн туйгунга теңеп, эмгекчи элди «калың кара
каргадай кордоп турган замандын чет жакасын көрбөй койдук беле?
Ушул кезде өзүбүз бирге иштешкен мейли окумуштууларыбыз, мейли адабият менен
көркөм өнөрдүн ишмерлери болушсун көбүнүн өмүрү тар жол, тайгак кечүүдөн башталат.
Кедей Келдибек төрт баласын багууга кудурети келбейт. Жерден боорун алары менен
улам бирин малайлыкка берет.
— Артыкча малайлыктын оор жүгүн узакка кетирген менин атам Жамгырчы болгон
экен,— дейт тарых илиминин доктору Бегимаалы.— Себеби ал, баарынан кенжеси. Он
бир жашынан баштап ар кайсы байдын коюн багат. Атам жыйырма жылдан артык койчу
болуп, үйлүү жайлуу болушка кудурети келбейт. Качан ал отуз эки жашында агасы өлүп,
андан калган жесир жеңеге атам баш кошот. Ошондон кийин гана эптеп үй тигип, өз
алдынча күн өткөрөт. Бирок, көргөн күн, тарткан запкы мурункудан арылган жок.
Жакырчылык, жокчулук кычап турганы аз келгенсип, коркунучтуу оорулар айылды
каптап турду. Бир жолку келтеде көп кишилер каза тапты. Энем да өлдү. Беш бала жетим
калдык.
Бала кези көз алдына тартыла түшкөндө Бегимаалы ойлуу, сабырдуу олтуруп күрсүнүп
койду:
— Ошентип алты жашымда атамдын жолун жолдоп, төрт жылдай койчу болдум.
Баштагы заман болсо, ким билет? Бегимаалы да атасы Жамгырчыдан бетер жалчылык
турмушта көзү ачылбай өтөрү талашсыз болучу. Акылдын кайнар булагынан жаралган
сонун табылгаларды элдин ракат жыргалына жумшай турган окумуштуу, мыкты
адистерден боло турган эчен акылман кишилер караңгылыктын коңур тонун бүркөнүп,
көздөрү ачылбай кеткени аз беле.
Бардык жерлерде мектеп ачылды. Кедейкембагалдын балдары мектепке карай чубурду.
«Окуу, окуу жана окуу» деген ураан астында бардык жаштар илимге умтулду! Бай
ирегесинде жалчылыкта жүрүшкөн жетимдер үчүн кайсы окуу жайына өтөм десе токтоо
жок. Алтургай атайы нускоочулар тоо арасында житкен эң четтеги айылдарга чейин
келишип, кедей жаштарын окууга үндөдү. Ал кезде элеттен келген балдар шаар
турмушуна чочуркап карашчу. Орус тилин билишчү эмес. Жалпы илимден даярдыктары
начар болучу. Ошого карабастан кедей жаштарына билим берүү үчүн мүмкүнчүлүк кең
коюлду. Техникумдарда, рафактарда даярдоо класстары ачылды. Элеттен келишкен
балдардын бардыгы жатакана, кийим, тамак менен камсыз болушту. Сабакка жетише
албаган балдарды мугалимдер аталыкка алышты. Алар менен кошумча сабак жүргүзүштү.
Бул — Кеңеш Өкмөтүнүн энелик камкордугу болучу.
Өткөн жылдарды эсине салып, ойлуу олтурган Бегимаалы кубанычтуу айтты:
— Айтор жыйырма тогузунчу жылга чейин бүтүн кийим кийип, тоё тамак ичкен эмес
элем. Ошол жылы күз Фрунзедеги айыл чарба техникумуна өттүм. Ошондон баштап
көзүм ачылды. Кана билим алып, кесипке ээ болуп, кызмат иштеп, адам катарына
кошулгандан бери ар убак ойлойм. «Эгер ошондо техникумга өтпөсөм, Кеңеш Өкмөтү
андай жардам кылбаса, баштагыдай жалчылык өмүрүн өткөргөн атам сыңары мен да
жүдөө турмушта эптеп күн өткөрөрүм шексиз эле. Мүмкүн жашоого да болбой калат
беле?»
...Ошентип айыл чарба техникумунан таалайы ачыла баштаган Бегимаалы Фрунзеде эң
биринчи ачылган педагогикалык институтуна өтүп, анын тарых факультетин 1936-жылы
бүтүрдү. Мугалимдик кызматын аткаруу менен бирге, 1938-жылы аспирантурага өтүп,
билим алууну андан ары улантты. Ал аспирантураны ийгиликтүү бүтүргөндөн кийин
илимий ишке кадам койду. Жаш окумуштуунун кандидаттык диссертациясы
«Кыргызстандагы граждандык согуштун Нарын козголоңуна» арналган. Жети басма табак
көлөмүндө келген диссертацияда, автор «Нарын козголоңунун» контрреволюциялык
бетин айкындайт.
Жаш окумуштуу Бегимаалы Жамгырчинов өзүнүн илимий изилдөө иштерин өз элинин
тарыхынын эң маанилүү мезгилдериндеги окуяларына арнашы анын ишинин ийгилигине
эриш-аркак болду. Ал тарых илиминин кандидаты болгондон кийин педагогдук ишин
алып жүрүү менен бирге, СССР Илимдер Академиясынын кыргыз филиалында тарых
изилдөө иштерин улантты.
— Мейлиң эки институтту бүтүрсөң да, дайым окуп, дайым иштеп турбасаң артта калат
экенсиң, — дейт Бегимаалы.— Мен сүйгөн ишимди тактап, изилдебей калсам, кымбат
нерсем жоголгонсуп турат. Элдердин тарыхы менен таанышсаң, өз элиңдин эртегисин
ойлонсоң, кандайдыр бир демилге пайда болот. Иштесем, жазсам дейсиң. Ал үчүн көп
нерсени билишиң керек. Кандидат болгонумдан кийин бат эле докторлук диссертацияны
жазсам экен Деп ашыктым. Бирок ал үчүн даярдык керек эле. Бир катар тийиштүү
материалдарды изилдеген соң: «Кыргызстандын Россияга кошулушу» деген темада
докторлук диссертация жактадым.
Автор өз эмгегин анча баалабаган кишидей кайдигер айтты:
— Ой, Түкө, өзүң ойлосоң деги. Элдин тарыхы — докторлук диссертациям көлөм
жагынан алганда миң беттей. Көп эле иштегендей болгом. Ал биздин элдин тарыхындагы
эң маанилүү учуруна арналганыда рас. Бирок, Түкө, өзүң ойлосоң деги, элибиз кичине
болгону менен анын тарыхы чоң! Кыргыздар тооташтын арасында мал артында өмүр
өткөрө берген жок. Ал бир кезде, күчтүү мамлекет да болуп турган. Тигил Монголиядан
тартып, Енисейден тартып, чыгыш Түркстандагы ар мезгилде элдердин башынан өткөн
зор окуялардан биздин эл да четте эмес болучу... «Манас» сыяктуу баатырдык
эпосторубуз бекеринен чыга калган жок. Өткөн кылымдарда чет жакадан биздин элдин
кыйырына кол салган душмандары көп болгон. Эл катмарынан кол баштаган баатырлары
чыгып, чет душмандардан кыргыздар да өз эркиндигин коргоп келген. Ал эми өз ичиндеги
уруу кагылыштары, коңшу элдер менен болгон мамилелер, өткөндөгү жашоо тиричилиги
— айтор, элибиздин өмүрүнө байланыштуу көп маселелер азыр толук изилденмек тургай
чети да оюла элек. Биздин иштегендерибиз азырынча тамчы. Ошондуктан тарыхчылардын
алдында турган милдеттери да чекене эмес. Ар бирибиз иштөө үчүн ашыгышка тийишпиз!
Дайым токтоо ойчул жүргөн Бегимаалыны четтен көргөн адам анча биле бербейт.
Адамды үстүртөн тааныган көзгө ал «жоош, жумшак» өңдөнүп турат. Чынында биздин
окумуштуу өзүнүн иштеген иши, ою тилеги менен да, жүрүш-турушу менен да анык
советтик окумуштуунун адамгерчиликтүү жакшы сапаттарын сактай жүргөн — эмгекти
чексиз сүйгөн, чыныгы окумуштуу! Ал көлөмдүү диссертацияларынан башка бир катар
макалаларды, китепчелерди жазды. Алардын басымдуу көпчүлүгү он тогузунчу
кылымдагы кыргыз элинини тарыхынан. Ушул жылы Бегимаалынын «Кыргыз тарыхынын
маанилүү мезгили» деген китеби жарыкка чыкты. Автор бул китебин Кыргызстандын
Россияга кошулушунун жүз жылдыгына арнаган. Эки элдин бузулгус достугунун
урунттуу мезгилин илимий жактан талдап көрсөткөн бул китеп да Жамгырчиновдун
башка эмгектериндей эле тарых илиминдеги көрүнүктүү эмгектерден болору шексиз.
Мындан башка, «Кыргызстандын Россияга кошулушунун очерки» басмага даяр болду.
Кыргыз тарыхынын биринчи томуна авторлош болуу менен бирге, доктор Жамгырчинов,
бул томго редактор да. Бирок, ал окумуштуу катарында соңку жылдардын ичинде бир
катар илимий баяндамалар жасады. Алардын ичинде «Кыргыз элинин чыгышы жөнүндө»,
«Октябрь революциясы жана колониялардагы улут боштондук кыймылдары» жана
башкалар.
Бул баяндамаларды Жамгырчинов илимий конференцияларда, чогулуштарда жасады.
Маселен ушул жылы июнь айында Ташкентте чакырылган востоковеддердин илимий
конференциясында ал «Россиянын Кыргызстанга тийгизген прогрессивдүү таасири» деген
темада илимий баяндама жасады.
Кыргыз ССР илимдер Академиясынын анык мүчөсү, тарых илиминин доктору
Бегимаалы Жамгырчинов быйыл кырктан жаңы ашты. Ошентип, ал жаш жагынан
Октябрдан бир аз улуу болгону менен — төрөлүшү, тагдыры жагынан ал Октябрдын
баласы. Ага өмүр, илим берген Октябрь, ага анын келечегин да жаркыратып турат.
Курдаштык иретинде бир бирибизге беришер кеңеш:
— Октябрдын нуру астында биздин иштиктүү өмүрүбүз дагы алды жакта! Таасын
ойлонуп, талыкпай иштешип, колдон келген эмгектерибизди беришели, Бекиш!
1957-ж.
ЖАМГЫРДА
Бирде сээлдеп булут түрүлө түшүп, күндүн көзү көрүнө калат да, жер жүзү кайра
түнөрүп электен куйгандай жамгыр сабалайт. Көк ыраң өсүмдүктөр чачтай сеңселип, таш
жолдон жылт-жылт булактар агууда. Дубал-дубалдын кырында канаттары суу бирин эки
каргалар олтурат. Бак-дарактар жашыл тартып, жаанга жуулган мөмөлөр мончоктой
мөлтүрөйт.
— Бахх, жаан эмес бекен, э! — деди «Виллиста» келаткан секретарь.— Жер какшып
бараткан эле. Бул жаан артыкча кызылчага сонун!
Айнектен майдамайда булактар чубуруп, капоттун үстү жуулуп келатат. Жаан
бризентти дабыратып, мотордун доошу кайдадыр житкендей кулак учунда. Шофёр
педалдан бутун алды, алкакты жай айландырды: жүрүшү акырындай түштү да, «Виллис»
тоо жакка бөлүнгөн жолго бурулду.
Жол оор тартып машина жай келатты.
Колхоз жерлери. Кызылча аянттары. Күн ачык болсо бардык звено чабыкка чыгышып,
эмгек кызып, теребел көңүлдүү болмок. Эртеден бери жаан, кишилер жумушка чыгышкан
эмес. Ар ким өз үйүндө, терезеден көз алышпай кубанып олтурушкан кез:
— Бале, төгө түш, төгө түш! Кызылчам чоң өссүн. Кызым жибек кийсин!
Жол жээгин суу жептир. Эзилген ылай резинага илээшип, мотор күжүлдөдү.
«Виллистин» арты тыяк-быякка кетип, термелип алды.
Жаан да баягыдан күчөп себеледи... Берегиде алда ким жүргөнсүйт. Ооба, ал киши! Ал
тургай кетмени да бар, иштеп жүрөт!
— Ну, Вася. Баралабызбы!
— Оо, аксакал, арыктар бар. Тыгылабыз. —Стоп!
Өз ишине дасыккан Василий тормозду тып басты. «Виллис» токтой калды.
— Айда, тигил ким? Билчи.
Беш-он минута өтпөй резина өтүгүнө ылай илээшип, энтигип шофёр келди:
— Аксакал, ал Зууракан! Иштеп жүрөт.
— Кантип, жаандабы?
— Оо, мени кубалады... «Ой ак кол кет! Иштеген кишиге мишайт этпе?» деди.
«Караңызчы, колум акпы?» дегенсип Василий майланган калың алакандары менен
жаанды чеңгелдей силкилдеп күлдү:
— Мени ак кол дейт. Күн-түн баранкадан кетпейт... Ай, ай Зууракан, Зууракан!
«Виллис» ордунан козголгондон кийин да Василий башын чайкады:
— Ай, ай, Зууракан тим эле алп. Жаанды тоотпойт, иштеп жүрөт!
«Рас, Зууракан эмгектин алпы — деди секретарь ичинен.— Ушундай сонун адамды
жамандап да ушактар айтылды. Эх, ич тардык, ич тардык... Жок, ага жолугуш керек.
Жаанда иштеши артык».
— Стоп!
Шофер тормозду басты.
— Күтө тур, Вася!
Кыроолоно сеңселген жаш шиберлүү кыртышты жээктей катчы ашыга басты. Суукта
турган кежир кызын аяган ата сыңарында жакын келген катчы энтиге сурады:
— Ой, Зууракан, эмне кылып жүрөсүң жаанда?
Этек, жеңи түрүлүү өз ишинде камбыл жүргөн Зууракан ишин токтотподу. Жоолугу
саал артына шиленип, жаанга сууланышкан маңдай чачтары топтошуп, чекесиндеги жаан
тамчысы тер сыяктанат. Кетмен сабын күчтүү колдору бекем кармаган. Жашы элүүгө таяп
келсе да, алп кебетеси күчтүү, кайраттуу. Колдору эпилдеп тез-тез кыймылдайт, бирок
тулку бою козголбойт.
— Ой, бала! — деди райкомдун катчысын Зууракан — Сени ким чакырды мында?!
— Өзүм келбейинби мен да.
— Өзүң келбе, руксат жок...
— И! — деди катчы.— Тигил Васяны кубалаганың да жетишет. Менин сөзүмдү ук!
Зууракан ишин токтотподу:
— Азыр иштемин. Сөзүң болсо, анан айт.
— Жок, азыр айтам.
— Сен кеңсаларыңда токтом жазып олтурсаң, мен мишайт кылбайм. Сен да, мага
мишайт кылба!
— Андай эмес,— деди сөзгө такала калган катчы мостоё.— Ишиңди токтот!
— Токтотпойм! Жок токтот.
— Эмне, сен түшүмгө каршысыңбы?
— Жаанда иштебе... Түшүм түшүм, ден соолук да керек.
— Ой, бала,— деди Зууракан күлө,— бир чүчкүрүп, эки күн чүмкөнгөн эркеңердей
көрбө бизди. Ушул мемиреп себелеген жылуу жамгыр ден соолукту сактайт кайра!
Сөз таап айталбай калган катчы оозун ачкан калыбында бир саамга токтоло калып,
Зуураканды бажырая карады. «Баса — деди анын ою,— Зууракан үчүн бул жаан кеп эмес
да!»
-жыл. Жыртылып отко, эңкейип жерге жакын болуп, өлбөстүн күнүн эптеп
өткөргөн Кайназардын зайыбы кыз төрөдү. Кыздын аты Зууракан коюлду. Леплеп
жорткон таң эртеңки төрдүн желиндей балалык чактын тентек да, жайдары күлкүдөй эрке
кездери Зуураканда ачуу кайгы, оор түйшүктө өттү. Оор күндөр өчкүс тамгасын жанга
батырды. Ал он бирге жашы жаңы келип, саамай чачы сербейген секелек кезинде кой
кайтарды. Жаздын ысык аптабына бышты, кыштын ызгаар суугуна чыдады. «Бечара» деп
маңдайынан сылап, аны аяган эч ким болгон жок. Бирде койчу, бирде үй кызматчы —
түйшүктүн залкардай оор жүгү жыл өткөн сайын оордобосо Зуураканда жеңилдебеди. Ал,
байбиченин заардуу тилин укту, таягын көтөрдү. Эптеп өлбөстүн күнүн өткөрүп, туура он
беш жыл батрактык турмушта эзилди.
1930-жылы Зууракан колхозго өттү.
Башта алп күчүн жумшап күн-түн иштесе да анын ийгилиги чеке жылыткан эмес. Ийин
бүтөлбөй, курсак тойбой эмгек түпсүз кудукка куюлган. Мээнетти Зууракан сыңары
батрактар тартышты, анын рахатын байлар, байбичелер көрүштү.
Ал эми колхозго өткөнү Зууракан өзү үчүн эмгектенди. Анын алп күчү берген зор
ийгилик көзгө тез көрүндү, үзүрүн берди. 1932—1933-жылдардан тартып Зууракан
кызылчада баса иштеди. Башта кызылча эгип көрбөгөн кыргыздардын көбү адегенде
кызылчаны жектешти. Зууракан антпеди. Ал биринчи күндөн тартып эле өз ишинен
ийгилик беришке тырышты. Замандаштарынын тажирийбаларын тез өздөштүрүп, ага
өзүнүн тажирийбасын улады.
Ал звеного жетекчилик кылды. Ар жылына бир гектардан 800—1000 центнерден
түшүм берип турду.
Башта, адилетсиз бийликте Зуураканды басынтып жүдөткөн эмгек, азыр социалисттик
түзүлүштө анын даңкын чыгарды. Ал кетмен гана чапкан киши эмес, ал ишмер — 1937жылы биринчи чакырылышында СССР Жогорку Советине депутат. 1939-жылы Зууракан
жалпы Союздук айыл чарба көргөзмөсүнө катышат, Чоң алтын медалын алат. Ошол эле
жылы Ленин ордени менен сыйланат.
Ишинин ийгилигин көргөн сайын Зууракан эмгекке берилди. Аны эч ким ишке чеккен
жок. Ал тургай күн жаап турганын көрүп ал звеносундагы башка аялдарды жайына койду.
Кызылча аянтына өзү келди. «Далайдан бери жаан жок топурак какшып турат,— деди
Зууракан өзүнчө. — Нымды көп талап кылган топурак жаанда борпоң тартат. Жумшарат.
Ушул учурда чабык жүргүзсө жаман болбос». Бул кызылчачы аялдын көп
тажирийбасынын бири. Ушинтип жамгырга аралаш чабык жүргүзүп, биринсерин отоо
чөптөрдү кыйратып, ашык тамырларды суюлтуп, өсүмдүк түбүн бошотуп ишке кызуу
берилген Зуураканга тигил катчынын кеби тамаша иретинде угулду.
— Сөздү ук, чын айтам, Зууракан!—деди катчы. —Ишке сен жооп бересиң. Ден
соолугуңа мен жооп берем. Тамаша дебе. Токтот!
Ал кетмендин сабын кармады.
— Жарайт!—деди Зууракан күлө — убада ушул: колумдан кетменди жулуп алсаң,
макул ишти токтотоюн. Жулалбасаң мишайт этпе!
— Тамашаны кой.
— Эмне, алың жетпейби?
— Жетсин-жетпесин кармашканыбыз уят да.
— Түшүм начар болсо, план бүтпөй калса, анда баарыбыз уялабыз. Азыр, балам, сен
жалгыз уял...
Алп аял жендин сыртынан катчынын билегин кыса кармады.
— Өзүң айт, кайсы жамбашың тартып турат?
— Эмне, жыгасыңбы?
— Өзүм билем.
— Кой, кызылчалар кыйрайт.
Зууракан тигини камтый кучактап, балача көтөрдү. Кетменди таштап жиберген катчы,
алп күчкө багынып Зуураканга жалына баштады:
— Кулдук, эжекебай? Баткак болобуз.
— Баткак болсоң сен болосуң, мен эмнеге,— деди кызылчачы аял күлө. — Корксоң
мойнумду кучакта!
Дапдардай адамды балача көтөрүп Зууракан балт-салт аттай басып, жээктеги чоң түп
сүттикендин үстүнө тигини ооната таштады да, кубана күлүп кайра басты:
— Болду, сөзүбүз бүттү. Экинчи ишке мишайт кылба!
— Ой, күчүңөн кагылайын, эжеке?—деди туралбай жатып катчы. — Иштеген ишиңде
чатагым жок. Иште! Биздин мактанчыбызсың, абайла. Ден соолук баарыдан кымбат,
сактан?
— Жарайт, балам. Айтканың туура, ден соолук да сакталат. Бирок, темирди кызуусунда
сокпосо учуру өтөт деп, өзүңөр айтасыңар го. Январда мейкинди кар басат... А азыр талаа
көркү эмгек. Бискультур булчуңду чыңайт деп элге акыл үйрөткөндө талтөөндөйсүң. А
өзүңдүн булчуңуң өпкөдөй... Катындан жыгыласың. Менин асыраган кызылчам да
өзүңдөй көпшөк болсо дейсиң го. Жок. Топурак кетменди сүйөт: ал убактысында
чабылып, мезгилинде керегинче сууга канып, керегинде семирткич алып турбаса, жердин
күчү кетет. Кызылча мажирөө өсөт. План толбой, күзүндө сен да, мен да элге уят
болобуз...
— Аның туура, уят өлүмдөн күчтүү, бирок...
— Күчтүү болсо, ошол, балам. Жылуу жамгыр майдай жагат. Ден соолугуңду нак ошол
уят бузат.. Ой, бала!—деди кебинин акырында Зууракан. — Эсиңдеби, өткөн жылы
райондун планы кечигип толду эле. Сен обкомдун бүйрөсүндө катуу уялгансың. Ошондон
кийин ич оорулуу болуп калдың. Байка, балам!
Кеп таап айталбай катчы анчейин жылмайды. «Ай, ай биздин Зууракандын тамашасы
да, мүнөзү да анын алп эмгегиндей кайраттуу. Эми буга эмне десе болот. Деги ден
соолугун сактаса болгону?» деди ичинен. Шиберде жаткан калпагын алып, ал виллисти
карай басты.
...Биз жогоруда жаан күндөгү бир окуяны сүйлөдүк. Ал эми башка учурларда Зууракан
иштеген кызылча аянтында эмгек дайым кызуу, талаа көңүлдүү: звенонун аялдары
жарыша иштешип, бири тамашалуу кеп козгойт, бири обон созот. Кез-кез тоо жактан леплеп жел калкып, чеке терди желпип өтөт. Мейли, шоропто, мейли сугатта, мейли жерге
семирткич берүүдө, айтор иштин бардык түрүндө Зууракан жана анын звеносу дайым
алдыда. Жыл өткөн сайын Зууракан эмгекте такшалды, тажирийбасы артты. 1948-жылы
кызылчадан мол түшүм алгандыгы үчүн ага Социалисттик Эмгектин Баатыры деген наам
берилди. СССР Академиясынын Кыргызстандагы филиалы 1949-жылы райондо өзүнүн
көчмө сессиясын өткөрдү. Анда илимдин докторлору, кандидаттары илимий баяндамалар
жасады. Алардын катарында Зууракан да өз тажирийбасын баяндады.
Эмгекти сүйгөн алп аял өз колу менен таалай жаратууда. Анын эмгегин мактап акын ыр
түздү, обончу обон чыгарды. Өткөн жай Кыргызстанга келип кеткен румын акыны да
Зууракан тууралу поэма жазды. Артка кылчайып, өткөндү ойлосоң Зууракандын
зарыкканы элестейт, жүрөгүң сыздайт. Азыркысын көрүп, эркин канат күүлөп бийиккебийикке көтөрүлгөн таалайына жүзүң нурданат.
Бүгүн аны кыргыз ырдайт, өзбек ырдайт, румын ырдайт.
Бүгүн анын алп көкүрөгүндө баардык белги — алтын жылдыз, үч Ленин, Эмгек Кызыл
Туу ордени жана бир топ медалдар жаркылдайт.
Партиянын райкомунун жана Кыргызстан КП Борбордук Комитетинин мүчөлүгүндө.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Мезгил Сабактары - 16
  • Parts
  • Мезгил Сабактары - 01
    Total number of words is 3925
    Total number of unique words is 2168
    28.4 of words are in the 2000 most common words
    41.5 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 02
    Total number of words is 3835
    Total number of unique words is 1945
    25.2 of words are in the 2000 most common words
    37.9 of words are in the 5000 most common words
    45.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 03
    Total number of words is 3888
    Total number of unique words is 2004
    26.2 of words are in the 2000 most common words
    38.0 of words are in the 5000 most common words
    44.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 04
    Total number of words is 3917
    Total number of unique words is 2109
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    38.3 of words are in the 5000 most common words
    44.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 05
    Total number of words is 3841
    Total number of unique words is 2050
    24.3 of words are in the 2000 most common words
    35.5 of words are in the 5000 most common words
    41.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 06
    Total number of words is 3908
    Total number of unique words is 2175
    25.1 of words are in the 2000 most common words
    36.6 of words are in the 5000 most common words
    43.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 07
    Total number of words is 3879
    Total number of unique words is 2261
    24.6 of words are in the 2000 most common words
    36.6 of words are in the 5000 most common words
    43.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 08
    Total number of words is 3889
    Total number of unique words is 2322
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    38.4 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 09
    Total number of words is 3878
    Total number of unique words is 2190
    26.2 of words are in the 2000 most common words
    38.2 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 10
    Total number of words is 3881
    Total number of unique words is 2101
    24.1 of words are in the 2000 most common words
    34.1 of words are in the 5000 most common words
    40.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 11
    Total number of words is 3844
    Total number of unique words is 2201
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    42.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 12
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 2270
    27.6 of words are in the 2000 most common words
    39.9 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 13
    Total number of words is 3957
    Total number of unique words is 2233
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    47.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 14
    Total number of words is 3766
    Total number of unique words is 2212
    23.9 of words are in the 2000 most common words
    35.6 of words are in the 5000 most common words
    42.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 15
    Total number of words is 3906
    Total number of unique words is 2254
    27.6 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    47.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 16
    Total number of words is 4040
    Total number of unique words is 2326
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    38.3 of words are in the 5000 most common words
    44.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 17
    Total number of words is 3980
    Total number of unique words is 2278
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    38.4 of words are in the 5000 most common words
    45.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 18
    Total number of words is 3826
    Total number of unique words is 2298
    24.7 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 19
    Total number of words is 4011
    Total number of unique words is 2430
    25.2 of words are in the 2000 most common words
    37.5 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 20
    Total number of words is 3935
    Total number of unique words is 2383
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    45.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 21
    Total number of words is 3922
    Total number of unique words is 2456
    24.7 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 22
    Total number of words is 3905
    Total number of unique words is 2360
    25.7 of words are in the 2000 most common words
    37.1 of words are in the 5000 most common words
    43.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 23
    Total number of words is 3793
    Total number of unique words is 2219
    25.4 of words are in the 2000 most common words
    36.9 of words are in the 5000 most common words
    43.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 24
    Total number of words is 3857
    Total number of unique words is 2269
    24.4 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    43.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 25
    Total number of words is 3863
    Total number of unique words is 2183
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    35.5 of words are in the 5000 most common words
    43.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 26
    Total number of words is 3856
    Total number of unique words is 2325
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.0 of words are in the 5000 most common words
    45.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 27
    Total number of words is 3866
    Total number of unique words is 2429
    25.2 of words are in the 2000 most common words
    35.8 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 28
    Total number of words is 3971
    Total number of unique words is 2417
    23.9 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    42.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 29
    Total number of words is 3917
    Total number of unique words is 2300
    24.3 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    42.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 30
    Total number of words is 3926
    Total number of unique words is 2169
    25.8 of words are in the 2000 most common words
    37.9 of words are in the 5000 most common words
    44.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 31
    Total number of words is 3936
    Total number of unique words is 2141
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    45.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 32
    Total number of words is 3916
    Total number of unique words is 2096
    25.7 of words are in the 2000 most common words
    37.3 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 33
    Total number of words is 3934
    Total number of unique words is 2181
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    38.5 of words are in the 5000 most common words
    45.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 34
    Total number of words is 2486
    Total number of unique words is 1435
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    41.2 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.