Latin

Мезгил Сабактары - 13

Total number of words is 3957
Total number of unique words is 2233
28.2 of words are in the 2000 most common words
40.5 of words are in the 5000 most common words
47.0 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
«Эжебиз» — дешсе улуулар — «Элдин кызы» — дешет.
Бул талашсыз бийик таалай! Буга жетишүү да оңой-олтоң эмес. Биз Зууракай эженин
секелек кезинен баштан өткөргөн оор күндөрүн айтпайлы. Ал өзүнчө муңдуу, кайгылуу
баян. Өткөндөгү кыргыз аялдарынын башына түшкөн оор турмуштун өкүнүчтүү элеси.
Ага кайрылышка азыр мүмкүнчүлүк да жок. Бизди азыр Зууракан эженин кантип «Эл
кызы» деген атакка жеткени кызыктырат. Мунун өзүнчө оор жана кызык баяны бар.
***
Согуштун каары бардык нерсеге салакасын тийгизди. Колхоздордо айыл чарба
шаймандары жетишпей калганы мындай турсун, азык-түлүк тартыш, кишилердин кийим
кечелери тозгон. Малга тоют жетишпей, жадаса отун-суу да кем-карч. Булардын
бардыгын мезгилинде тейлеп алыш мүмкүн болбоду. Эр бүлө жапырт майданга кетишти.
Кары-картаңдар, кызыл чие балдар, алсыз аялдар ансыз да күн-түн дебей оор жумушта
каржалып жүрүшкөн кез. Бир адамдын мойнунда эки-үчтөн милдет. Чала сабаттуу
Зуураканэже бул кезде топбашы болуу менен бирге айылдык баштапкы партия уюмунун
катчысы, правлениенин төрагасынын орун басары. Түндөн туруп ишке кетип, үйгө түн
киргенде кайтат. Ансыз да райондун жетекчилери тыным бербейт.
Калинин атындагы колхоздун бүгүнкү иштери жөнүндө райкомдун катчысы
Кайназарова менен правлениеде сүйлөшүп да, тамактанып да олтурушкан. Кыңай
жабылган эшик «кырч» ачылып, бөлмөгө сербейген арык кыз кирди. Сырттын суугуна
карабастан кыз жылаңайлак, жылаң баш, үстүндөгү эски боз көйнөк талталынан бөлүнүп,
арык буттары жоон санына чейин тартайып, ал олтургандарга жалооруй карады.
Синеокин да, Зууракан да эриксизден кызга тигилишти. Ал орус кызы болгондуктан
секретарь ага өз тилинде кайрылды:
— Сен кайдан жүрөсүң, кызым?
Тигил кыз алда немеден коркконсуп селтең этип:
— Мен Кайназаровага келдим... — деди.
Беттери түктүйүп, кебетеси көлөкөдөй көрүнүп катуу жүдөгөн секелек Зууракандын
зээнин кейитти. Ал баланы аяп, энелик мээрим менен үйрүлө калып сурады:
— Ачкасың го, кызым?
Кыз жооп кайырган жок. Тек жалооруй караса, тетик тиктеген аянычтуу көздөрүнөн
жаш серпилип кетчүдөй. Өздөрү жеп олтурушкан бөлкө нанды Зууракан кызга карай
жылдырды:
— Ал балам. Ачка көрүнөсүң. Жеп ал.
— Ну, эмне турасың? Нанды ал,— деди Синеокин да. Бирок, кыз нанды алып кетпей
турду.
— Ну тойдуң го? Үйүңө бар,— деди секретарь.
— Мен Кайназаровага келгем,— деди кыз. Үнү жанагыдаң жандуурак угулду:—
Кайназарова боорукер адам дейт. Мен ага бала болгону келдим...
— Өз ата, энең кайда?
— Атам согушта. Өз энем жок. Өгөй эне мени жектейт. Тамак бербей кубалайт... —
Кыздын кирпиктери сууланыша түштү. — Мен анда туралбайм...
Секретарь эмне дээрин билбей Зуураканга карады:
— Жетим экен да...
Зууракан токтолбой чечкиндүү айтты:
— Өзүң билесиң. Колумда үч жетим бар. Бирок, алар өз туугандарыбыздан калган
балдар. Мен аларга өгөй эмесмин. Айтсам кебим өтөт. А бул кыз — сенин орусуңдун
баласы экен. Баккандан качпайм. Ой-пикири кандай болот? Бирок, мен татардын баласын
асырап чоңойтком. Ал азыр согушта. Аты Жекшенбай. Азыр андан кат келип турат.
— Өзүң бил,— деди Синеокин. — Колуңда үч жетим болсо, сага оор да болот. А бул
кыз тааныш да эмес. Айтыш кыйын... Айтор, өзүң чеч.
— Болуптур! — Зууракан ордунан тура калды да тигил сербейген кызды колдон алды:
— Жүрү, кызым, үйгө. Жолдош Синеокин, күбө бол. Орустан да бир бала багып көрөйүн!
Зууракан көчөгө чыккандан кийин сурады:
— Атың ким, кызым?
— Сара...
— Балким өз үйүңө баргың келбесин. Үйүңөр алыс эмеспи? Кыздын арык билеги дирт
этип жыйрыла түштү:
— Жок!.. Ал үй биздики эмес. Өгөй эне кубалап салат. Талаага түнөгөм...
Зууракан Сараны боюна тартты:
— Коркпо, бүгүндөн баштап сен менин кызымсың. Бирок, эскертип коёюн: өз атаэнеңдин атын унутпа. Атаңдан кат келип турабы? Ага кат жазам. Кызы менин колумда
экенин билсин. — Сара үнсүз, Зууракан ага мээрим кылды:
— Азыр экөөбүздү үйдө жети урук күтүп турушат. Ооба, андай деп үйдөгү балдарымды
айтам. Ушуга дейре жети бала асырадым. Жетөө жети башка. Эр жетип өзүнчө кеткендери
болду. Экөө согушта. Бири жанагы айткан татар баласы. Бири — Сапий. Ал жети
жашынан жетим калганда баккам. Ошол жети уруктун үчөө колумда. Үйгө келгенимде
энекелеп турушат. Үйжайга өздөрү ээ. Азыр барабыз. Эмне дешер экен алар да?..
***
Зууракан болжогондой «жети урук» Сараны жерип күтүштү. Артыкча Бүбүсия
тыкылдап, эркине койсо, Сараны үйдөн кууп чыкканы турат. Улам айтып, улам койбойт:
— Кайдагы чоочун орус кызды ээрчитип келдиң, апа? Бул ууру. Буюмдарды уурдап
кетсе, кантесиң?
Ага Алымкул да кошулду:
— Ооба, апаке. Кетир мунуңду. Бир деме кылса, бизден көрөсүң дагы.
«Баса, ушулардын айткандары чын бекен» деп ичинен күмөн санаган менен Зууракан
тигил балдарына силкинип койду:
— Бас, жаагыңарды, оңбогон жети урук. Силерди да ушундай кезиңерден баккамын.
Ачуума тийсеңер, баарыңарды коюп, Сараны багам! Кеткиле эмесе. Болбосо, бир
курсактан чыккандай моюн алышып өскүлө! Мен тирүү турганда аштан, кийимден кем
эмессиңер. О, оңбогон жети урук.
Жылуу сууга киринип, эскилүү-жаңылуу кийинтип койгон соң Саранын бетине кан
жүгүрүп, эти тирилип, көңүлү ачылды. Кечки тамактан кийин: — Сара кызым
баарыңардан сулуу болуп калган тура,— деп аны жанына алып эркелетип олтуруп
Зууракан балдарына кеп салды. Бакбак сүйлөгөн көңүлдүү аял, эри Иманаалыга да
эскертти: ,
— Семетей, сен да жакын олтур. Мен азыр балдарыма сабак берем! Менин сабагым
сага кызык болбос, балдарга кызык. Унуткандарым болсо, эске сала олтур? Ой оңбогон
жети урук, угуп койгула. Мен силерге жадыбал жаттатпайм. «А»га «Т»ны кошсо, «Ат»
болот деп окутпайм. Мен силерге Семетей экөөбүз баштан өткөргөн турмуш сабагынан
окутам. Жакшылап угуп, көңүлгө түйүп алгыла, о оңбогурларым. Биздин окууга ишенбей
турасың го? Көзүңөрдөн байкап турам, тынч олтуруп жакшы уккула! Сара кызыма
мишайт кылбай тим олтур, Бүбүсия!
Бала кездеги баштан көргөнүмдү башка күнү угаарсыңар. Мен сабагымды Семетей
экөөбүз баш кошкон кезден баштайм. Ооба, атаңардын аты Иманаалы. Аны «Семетей»
дегенимде маани бар. Экөөбүз баш кошкондо үстүдө үй, аскан казан жок, жадаса,
кийимден дырдый болчубуз. Ал кезде жаңы өкмөт анча күч ала элек. Айылды бай-манап
бийлейт дале. Мен байдын казанын асам, отун жагам. Тапканыбыздан үзүр жок. Курусун.
Минтип олтурсак күн өтпөйт экен. Кара жанды карч уруп, үстүгө үй тигелик дедик.
Экөөбүз кыдырып, кулактардын тешесин оруп кеттик. Кудай салбасын. Өзүм орокту
мыкты чалам. Семетей да шакылдатат. Чарчаганда мен ырдайм. Атаңар «Семетей» айтат.
— Зууракан күлүп койду: — «Семетейди» айтканда атаңар, тим эле заңылдачу. Ошол
кезден мен аны — Семетей деп жүрөм. Ошентип этек дал-дал болуп, колтук созулуп,
таңдан кечке жан тынбай жүрүп, эптеп эл катарына кошула баштаган кезде, биздин айыл
колхоз болуп калды. Адегенде колхоз да жарыткан жок. Анда азыркыдай шайман кайда?
Бардык жумуш кол менен бүтөт. Башаламан ээнбаштык көп. Колхозчулар эмгек акыны
алса алат, албаса жок. Анын үстүнө адегенде кара куурай айдадык. Анын жөнүн билип,
андан жакшылап түшүм ала баштаган кезде, кызылчага өттүк. Өмүрү кызылча эгип
көрбөгөн кыргыз кызылчаңдан үркүп кетти. Украинада ар гектарынан төрт жүз — беш
жүз центнерден түшүм алса, биздин мыктап алганыбыз кырк центнер. «Мындан көрө
арпа, буудайыбыз жакшы эле. Уурдасак да, балдарыбыз токочко тоюнуп калычу. Кызылча
деген балакетин ким көргөн» деп колхозчулар зиркагат. Ошентип үч-төрт жыл катары
менен кызылчадан түшүмгө жарыбадык.
-жыл аяктап калды. Ал жылы да айдаган жерибиз алателек кылып, кызылчага
жарыган эмеспиз. Бир күнү эле райком өзү баштап, ополдомочундар кардай жаады. Кудай
билет, облустан келгендери да болсо керек? Кант зоотунун агроному дейт — чарчы
бойлуу кызыл орус сүтко тойгон музоодой мантайып ынтыгат. Жалпы чогулуш
чакырышты. Эркектер мындай турушсун, катын бүткөндүн баары, келдик. Чогулуш өтүп
жатат. Биринен бири сала таңдайынан чаң чыгарган чечеңдер да көбөйүп кетти, райком
баштап баарынын айткандары: «Украинадан Мария Демченко чыкты. Ал жерди жакшы
иштегендиги аркасында ар гектардан беш жүз центнерден түшүм берүүгө жетишти.
Биздин жерибиз да асыл заттуу, топурагы алтын! Бирок, силер центнерден ашпай
койдуңар... Кана, ким Мария Демченконун чакырыгына кошулат?» дешип бизден жооп
күтүштү чоңдор. Карасам, эчким белсенип чыгар эмес. «О, өлүгүңдү көрөйүндүн
катындары» дедим да: — Ой, табариш, мага сөз бер! — деп колумду көтөрдүм. Үстүмө
кийгендерим да этек, жеңи далдалынан кеткен эски. Бутумда олчойгон эски өтүк. Арт
жактан туруп президиумдун жанына жеткенимче, күздүн күнкү жалбырак оттогон
эчкилерден бетер катындардын ооздору жебирешти: «Иий, салбыраган жетесиз... Бул
ушундай жаман болучу»? «Уялбай, убада берет, ээ». «Кайсы арына сүйлөйт, байкуш?!»
Зууракан колтугунда олтурган Саранын этегин кымтып койду да өз кебине маашыркап
күлө сүйлөдү:
— Катындардын кебин кулагыма илген да жокмун. Бирок, кызарып-татарып кетсем
керек? Беттерим ысып-күйүп, сүйлөйүн десем үнүм дирилдеп калды... Карасам, сакал,
муруту сексейип, басынып олтурган Семетейим биринчи көрүндү. Билип турам: «Ушунча
элдин алдында уялбай сөз сүйлөйт» деп мага ачуусу келип калыптыр... Эмне үчүн
айтканымды өзүм билбейм: — Тиши, табариши! — деп жибердим эле. Катындар биринбири санга чымчылашып ыкшыганы-ыкшып, шыпшынганы-шыпшынып: «Айтпадым
беле? Ушинтмек, жаман» — деп жатышат. Кайдан чыксаң андан чык. Адам баласы
иштеген иш менин колумдан келбей калмак беле дедим да:
— Жолдоштор, Мария Демченконун чакырыгына кошулам! Каалаган катындар менин
тобума катталсын! Башкарма жер чектеп берсин! Ат, арабадан жардам болсо болду.
Семирткичти өзүбүз топтоп алабыз дедим. — Кудай салбасын, чоңдор менин айтканымды
кубаттай беришти. — Эгерде баары жайында болсо, келеркиде ар гектардан өз башым
сегиз жүз, топ боюнча беш жүз центнерден түшүм берүүгө убада берем! — дедим.
Кудай салбасын. Чоңдор баштап алакандар шакашак. Күбүр-шыбыр басаңдап,
катындар жоошуй түшүштү. Карасам: Семетейим да түзөлүп калыптыр.
***
Айтор, Ырысжан, Айнеке, Калый, Айнагүл, Анар, Балайымдар белушуп, он эки катын
бир топко катталдык. Бизге он эки гектар жер бекилди.— Ал, катындар намысыңар болсо,
жанды аяш жок. Кийимиңерди кийингиле. Колуңарда тери колкап, бутуңарда өтак,
мындан ары баарыңар тең катын эмессиңер. Көйнөгүңөрдүй этек-жеңин далбаалатпай кур
курчанып алгыла да, мен эмнени таксам, кыңк этпей аткаргыла! Катындык кылып каяша
айтчу болсоңор, кызылча жок. Өкматтын алдында уят болуп бир өлсөк, тигил атаанчыл
абысындар эртең эле даардап кетишет. Элдин бетин карай албай калабыз. Ушуга макул
дегениңер эртеңден баштап семирткич заттарды чогултууга чыгасыңар — дедим. Бир
кайраттанып алышса, катындар намыска бекем журт го! Мен эмне десем тигил он катын
жардай туруп коюшту. Колхоздон баштап түтүндүү үйдү түрө кыдырдык. Биз кирбеген
короо, биз аңтарбаган тооктун күркөөсү калган жок. Жийиркенүү мындай турсун, тооктун
кыгын мейиздей тердик... Кант зооту жаңы курулуп, чоң жолдун асты-үстүнө
жумушчулар паселкөсү орношуп калган. Мен ал жакты койгон жокмун:
— Ой, табариш, тооктуку кык алууга болобу? — дейм. Короо ээси бүйрө адам болсо,
өзүмө керек, деп бербейт. Ак көңүлү: «Ала бер, тооктуку короо тазалап берсең болду» —
дейт. Кээ бир пайдакечтер да чыкпай койгон жок: «Тооктуку кык алтын. Керек болсо ага
акча төлөйсүң. Анан уруксат» — деп терс бурулат. «Ой, таварищ, түшүн? Мен кыкты
Анжиянга саттырбайм. Жер семиртем. Ал жерге кызылча зоотко келет. Шекер болот!».
Кээси колду терс силкип, укпай басып кетет. «О, өлүгүңдү көрөйүн. Кантсе да,
кулактын тукуму болсоң керек?» — деп жолго түшөм. Кээси: «Жарайт. Жыйнап ал. Ну,
только кызылчаны көп бер» дейт. Ага жандилим менен спасибалап, тоогунун күркүрөсүн
мизилдетип кетем.
Айтор, катын чындап киришсе, аа эчтеме чак келбей калат, балдарым. Бир күнү он
экибиз он эки арабаны калдырттатып так райкомдун өз короосуна келдик. Кудай жалгап,
чоңдордун короосундагы даараткана кыжылдап жыкжыйма экен. Канча айтса да көнбөгөн
жумуш бойду дүркүрөтөт. «Атасынын көрү өз боюбуздан чыкан асылдан чочубагыла!»—
деп катындарымды кайрап койдум да, марли менен мурундарды чулгап, ак баш болуп
алдык.„ Биздин ал күнкү бүтүргөн жумушубуз кыргыз баласынын башынан өтүп көрбөгөн
иш болучу. Бая ээликкен аттар, эми «асыл затка» майышкан арабаны чое тартышып,
тердеп-кургап жай басат. Өзүбүздө да кебете бир укмуш. Кыштакка жеттик. Бизди
көргөндө эркеталтаң катындар мурунду басып, жаа бою качышат:
— Аа... Жер албаган жаман. Ушундай шумдукту баштамак болучу...
А биз болсок ага кулак кагып койбостон «алтын» тапкансып көңүлдүүбүз! Можуну
силкип, аттарды соорулатабыз:
— Нөө, жаныбарлар. Айда, Ырысжан, аянтка! «, Айтор, эртеси райондон агрономда
келди. Эсепчи чотун
«тырсылдатып...» он экибиздин бир күндүк ишибизге бир миң эки жүз элүү эмгек күн
жазылды! Башкалары—жүздөн, мен— жүз элүү күнгө ээ болдум. Муну укканда баягы
мурун чүйүргөндөр сустая калышты. «Ай-эй, талтаң? Колхоздун эмгек күндөрүнүн
баарын ошолорго эле берип коюшабы? Биз эмнени алабыз?» — дегендер атаандаша
кетишти.
Анда уруучулук күчтүү. Кээ бир актиптер өз уруусунун катындарын жемелешти:
— Тигилерден силер артык белеңер. Эми күзүндө кирешени да алар алышат.
Сыйлыкты да ошолорго берет өкмөт. А силер кемегенин башында олтургула, үргүлөп?1
Жадаса, башкарма өзү баштап күнүлүк көрсөттү. Ат, арабаны өз жакындарына чектеп,
бизди ат, арабасыз коюучу болду.
Сөзгө кызып алган Зууракан балдарына эскертти:
— Ой, оңбогон жети урук. Энеңердин сабагын эстен чыгарбагыла! Эрегишкенде намыс
деген адамды кайраттантып коет. Өлөртирилериңе карабай кетесиң. Башкарма ат бербей
койгондо, топтолгон семирткичтерди жаман капка салып, ийиндеп көтөрүп жеткирген
күндөрүм болду. Канча күчтүү болсо да, адам ага чыдай албайт экен. Эки ийним кызыл
жоор болуп, бир күнү иш жаныма катуу батты. Түз башкармага келдим да, өзү минип
жүргөн атынын ээрин шыпырып, арабага чектим:
— «Зууракандын тобуна аттан, арабадан кем кылба» дебеди беле чоңдор. Эртеңки
күндө ишке тоскоолдук келсе, жоопту сен бересиң, бала?
Ачууланган башкарма калдастай түштү:
— Ой, оңбогон катын, мен жөө жүрөйүнбү?..
— Маа десең төбөң менен бас. Он эки гектир жерге семирткич жеткириш арзан эмес,
баатыр.
Ушинттим да балаңды жөө калтырып, арабаны айдап кеттим.
Он эки гектарга семирткич кыштай тегиз чачылды. Карга аралаштыра улам оодарып
кетебиз. Соко чыгардын алдында карасан, биздин аянт кара-көк тартып түтөп, бир башка
болуп калды. Соконун тиши тийген жер тим эле майланышыпжалпылдайт. Тооктун
кыктарын өзүнчө майдалап тегирменге тартылгандай үбүлтүп, кыргыз кабы менен туура
отуз капка эпилдетип койгом. Ал маланын алдында айдоого тегиз себилди. Карасаң
айдоонун бети тим эле күкүрттөйт. Нормо боюнча отуз эки килограмм үрөн себилмек. —
Айланайын, агроном, кырктан болсун,— дедим баягы семизге.
— Кою чыкса, кийин убара болосуңар, отуз эки жетишет,— деди агроном.
— Коюу болсо, суюлтабыз. Суюк болсо, кантебиз,— деп көнбөй койдум. Ошентип ар
гектарга кырк килограммдан үрөн ташталды.
Терендигин кырк сантиметрден типтик кылып, он эки гектар аянтты курчай чөнөк
казып чыктык. Мунубуз, биздин кызылча аянтына талаадан зыянкеч өтпөсүн деген «чеп»
болучу... Айтор бир жети өткөн соң, кызылча көгү жер бетине жылдыздай жамырап
чыкты. Ошондон баштап биздин топто тыным болгон жок. Ырдасак ыр, күлсөк күлкү
бизде. Бирок кайран катындар каруулашкан эмгекте бирде-бири кайышып коюшпады.
Кызылча тун баладай сүйгүнчүлүктүү болуп кетти. Суюлтканы да, сугаты да мезгилинен
өткөн жок. Жалбырактар асмандабай көк-жашыл тартып, ит тамандап жайкала берди.
...Жаздын жарышын күздүн күрөшү баалайт, балдарым. Кыскасы, берген убадам: топ
боюнча — беш жүз, өз башым сегиз жүз центнер эле. Түшүмдүү тактаганда, топ боюнча:
жети жүз, өз башым — миң отуз жети центнер кызылча тапшырдым.
Аракетин берекеси ушул да. Семетей да сакалды салаалай тарап, жайкала басты. Өзүм
да «жаман катын» атым өчүп, «Кыргыздын кызы Зууракан» атана баштадым. Айтор,
жанакы кезитчилериң албууттанган шумдуктуу эл болушат экен. Жанымдан кетишпей
тынчымды алды.
Көзүн албай делдейген балдарга эскертти эне:
— О, оңбогон жети урук. Эсиңер болсо, энебиздин берген сабагы ушундай болучу деп
унутпассыңар. — Зууракан ордунан турду. —Айда, төшөгүңөрдү салып, эки-экиден
коюндашып уктагыла эми.
Бүбүсия Сара экөөң кучакташып жаткыла!
***
Бул жылдары Зууракан баштагыдан беш бетер тынымын койду. Согуштан мурда
көңүлдү бөлгөн эмгек болучу. Азыр ал эмгек андагыдан алда нече оор — колхоздо
шайман жетишпейт. Арабалар сынган, эскирген, аттар арык. Башта эр жигиттин иштээри
эми аялга өткөн. Согуштун оор түйшүгү залкардай болуп, адамдарды каржалтып турган
кез. Үйгө келген энелер томсоруп олтурган балдарын көрүшөт. Кары-картаңдар ого бетер
эңкейип, өбөктөп калышкан. Аларды да оор түйшүк, ачуу санаа саргайтты. «О, кудай?
Майдандагы балдар аман болду бекен?» — дешет. Көздөрүнөн жаш кетпейт. Келиндер
жаш күйөөлөрүн көксөп, зарыгып күтүшөт. Саргайып сумсайышат...
Талаадан каржалып кайткан энелер, үйдө тынсачы: бүтпөгөн үй оокатын тейлөө, эптеп
балдардын курсагын тоюнтуш, жыртыктешигин жамаш, бирин-эки малды башкарыш —
бардык түйшүк байкуш аялдарды жүдөтүп жиберди. Мындай түйшүк Зууракандын өз
башында да бар. Жети урукту тоюнтуп, кийинтип: — Урушпай жүргүлө. Сараны жекелей
турган болсоңор, кечинде менден көрөсүңөр! — деп асырандыларды башкарып коюп, тала
жумушуна кетет. Башта заңкылдап ырдап жүрчү келиндер эми суз. Муңайым. Кээси четке
карап эриксизден толо түшкөн ачуу жашты жоолуктун чети менен сүртөт. Кээси ичтен
улутунуп өкүнүчтүү үшкүрүнөт. Буларды алдыртан байкаган Зууракандын зээни кейип,
сөөгү жашыйт. Бирок, ал азыр жыйырма беш аялга топ башчы. Өзү да тынбай, башкаларга
да демилгелеп жумушту өксүтпөйт. «Кызылчанын түшүмүн баштагыдан арттырабыз»
деген убада бар. «Анан кантишсин, байкуш катындар. Булардын кайгылары тоодой болду
го?» деп ичинен тигилерди аяп, сырттан сыр алдырбай, көңүл ачат:
— Ой, оңбогон келиндер, эмнеге сумсаясыңар, ыя? Же силерден башкалар селкинчек
тээп салкындап жүрүпбү?! Атасынын көрү деп ырыңарды ырдап коюп, ишиңерди жөнөтө
бергиле! Ай, Балайым; создур дейм үнүңдү!
Ак кагазга жаздырган, Катыңды алдым ардагым Айтам салам алыстан: Катарыңдан
калбагын! —
деп майдандагы күйөңөр күндө кат жазат. Жоокер эриңердин саламын актагыла, о
оңбогон катындар...
Бакбак сүйлөгөн Зууракан кабагымкашым дебеген кишиче күлүп, өзү баштап
заңкылдап ырдай да берет, кетмендин жанын койбой иштей да берет. Зуураканга тете
иштеген Ырысжан менен Калыйлар да тамашаны улантып, аларга Айнагүл, Анарлар
кошулушат:
— А, бечара. Балайым, бүгүн жаштуу теги?..
— Жаштуу болбогондо кантет? Өңдө көрчүсү түшүндө жок, төшөгү салкын, койну
бош...
— А! Аны айтпа, эжекеси, жаңы кучак жаярда ойгонуп кетсең, жалгызсың. Дирилдеп...
жаздык кучактап каласың...
— А, байкуш. Сенин да башыңда бар экен, э? Кандайдыр бир сыр баамдашып, курбу
курдаштар каткыра
күлүшөт.
— Кантейин? Ысык демимди суутуп, ырысты кыркып турган жоого каргыш!
Ачуу өкүнүч менен тамаша уланып, бир күлүп, бир жаш сүртүнгөн келиндер тынымды
билбейт. Күн батып, отоо чөп менен кызылча жалбырагы айра таанылбай калганда гана
аялдар четтеги боз үйгө келишет. Быйыл, Калинин атындагы колхоздун кызылчасы жол
астына айдалгандыктан Зууракандын тобу аянт четине көчө келишкен. Балдарынын
киркогун жууп, үй-жайын көрүп коюш үчүн кез-кезде гана бирден-экиден үйлөрүнө келип
кетпесе, чабык аяктамайынча үйгө түнөө да жок. «Дал ушундай иштебесек, иш үзгүлтүктө
калат», деп Зууракан жаз башынан эле өз тобуна айткан. Азыр таңдан кечке дем алуу жок.
Оор эмгекке жараша кызылчанын чыгышы быйыл да жакшы. «Түшүм жылдагыдан
артпаса кемибес», дешип чабык аяктаганда Зууракандар кыштакка кайтышты. Жолго
чыккандан тартып «Оңбогон жети урук кантип жатышат болду экен» деген санаа
Зууракандын оюн бөлгөн. Жол узак, арабада адамдар көп олтургандыктан ат аяңдай
басып, эл жатарда кыштакка араң жетишти. Зууракан келгенде Семетей жок, төрт бала
төртөө төрт башка кийимчен тоголонуп уктап жатышыптыр. «А, дүйнө. Мен буларды
канча кошсом да, бөлөк, бөлөк жатышканын көр. Бир жатындан чыккан — уялаштар
болсо, кайдан бөлүнүшсүн. Чоңдору кичинесине каралашпайт беле?» Ушуну ойлоп кейип
кеткен Зууракан домпоюп жаткан балдарын ар бирин будалап ойготту. Сара да, Бүбүсия
менен Алымкулдар да көздөрүн ушалап, уйкуларын ачкан соң:
— Эмне үчүн коюндашып жатпайсыңар, ыя? — Үйрүлгөн Зууракан балдарын
жемеледи: — О, оңбогон жети урук, бөлөктүгүңөрдү кыласыңар, э?! Баарыңар бир
курсактан чыксаңар, бир төшөккө да батат элеңер. Буларды көр, ой. Бирине-бири
кошулбай бөлөк-бөлөк жатышканын кара? «Ырыстын алды ынтымак, ынтымагың
болбосо, ыркың кетет ыркырап», дечү эмес белем силерге? Же апаңардын кеби
кулагыңарга кирбейби, ыя?! Көзүңдөн көрүп турам: чатакты баштаган сенсиң го,
Алымкул?
Зууракан уулун төбөгө жаза-буза укуду:
— Чыныңды айт, бала!
Чочуп кеткен Алымкул селтең этти:
— Урушкан жокпуз, апа...
— Урушпасаңар эмне үчүн бөлөк-бөлөк жатасыңар. Же жууркан, төшөк жок беле? Же
ушул үйдөн силерге орун табылбайбы, о оңбогурлар... Чатак, Бүбусия, кантсе да сенден
чыгат? Бери жакын келчи, кыз. Жөн эле чатак кандай экенин таанытайын сага... Ой, биз
талаада шапар тепкен жокпуз. Жаанды жаан билбей, түндү түн билбей кызылчада
иштедик. Далыбыз күнгө күйүп, алакандар чор болду. Ишенбесеңер, мына, карагыла!
Төөнүн таманындай туурулуп турат. — Жайлай кетменде бышкан алакандарын Зууракан
балдардын алдына далдайта жазды: — Мына! Мына! Эми үйгө келгенимде силер
кабагымды ачсаңар боло? Же мен силерге сабак бергенде ушундай болсун дедим беле!
Атанын алты уулу болсо, ар биринин таалайы өзүнчө. Эстүү болбосоңор, эмгекти
сүйбөсөңөр, эл ичинде ордуңар да жок. Мен силерди адам болсун деп санаамды бөлөм. А
силер болсоңор, төрт башка бөлүнөсүңөр. Кардыңар токпу? Апаңарды капа кылбайбыз
десеңер, азыр төшөктү бир салып коюндашып жаткыла! Мындан кийин төрт башка
болгонуңарды көрөйүн... Таарынбагыла, мага.
Бирге салынган төшөктө эми чогуу жатышкан балдарын көрүп, Зууракан энелик
камкордук менен үйрүлдү. Жамынчы жууркандын баш-аягын кымырып кымтып койду да
дагы эскертти:
— Жылуу жатып, таттуу уктагыла! О, оңбогон жети урук...
***
Сара келген күндөн тартып Зууракан менен Иманаалыга өз ата-энесиндей эле бой
салып, бирин — «апа», бирин — «ата» деп жаракөр болду. Ошентсе да Зууракан
асырандылар менен ачык кептешет. Беркилер болсо, туугануруктун балдары. Саранын
жөнү башка. Ата-энеси кандай адамдар экенин билбейт да. Балким кийин доосу болобу?
Бул кызымдын эртеңкиси алда кандай? Андан көрө ачыгы жакшы деди да, Зууракан
Сарага мындай деп жүрдү:
— Кызым, мен баккан балдарымды өгөй дебейм. Өзүмдөй көрөм баарыңды. Ошентсе
да сенин согушта жүргөн атаң бар. Балага ата менен эне кымбат болмог. Атаң согуштан
эсен кайтса, издебей койбойт. Сени табат. Кокус атаң ошентип келип калса, сен өз атаңа
кетесиң. Мен аныңа таарынбайм. Адашкан бала өз атасын табыш керек, кызым. Ошого
жетишсем кубанам. Мени көңүлү калат экен деп ойлобо. Атаңды унутпа. Бизде
экендигиңди билгизип жүр. Өз фамилияңды өчүрбөй, мектепке бар. Бойлуу турбайсыңбы.
Сегиздемин деп койсоң да мугалимдер ишенишет. Окуй бер. Үйдө жүргөндө эмне
кыласың. Көзүң ачылсын, адам бол!
Асыранды эненин ушул кеңешинен кийин Сара мектепке барды. «Кызым, сени өгөй
дебейм» деп Зууракандын энелик мээримде айтканы Саранын ичин элжиретип койгон. Ал
өгөй энеден көргөн кордуктарды эстесе, көзүнө жаш кылгыра түшөт. «Өз энем —
Зууракан. Ал мени өз кызындай көрөт» деп кайра кубанат.
Эртеси окуу бөлүмүнүн башчысы атайы келип Зууракандан сурады:
— Мектепке бир кыз келди. Кебетеси оруска окшойт. Бирок өзү Иманалиевамын дейт.
Эже, сиздин ушундай да кызыңыз болуп калдыбы?
Ичи элжирей түшкөн Зууракан кубангандан күлдү да:
— Ооба! Менин Сара деген кызым бар. Башка балдарымдан ал — тирикарак. Апалап
ич койнума кирип турат. Сен, бала, аны жакшы окут. Тентек балдарың ыйлатып койбосун.
Анда мектебиңдин чаңын асманга чыгарам тим эле.
— Жарайт, эжеке,—деген окуу бөлүмүнүн башчысы күлө. — Эч ким кызыңызды
кордобойт. Жакшы окутабыз. Сиз да айтыңыз. Өзү да тырышсын.
Ошентип Сара окуп калды. Эти тирүү сергек Сара сабактан калышкан жок. Кайра
окуучулардын бир тобунун алды болуп окуйт. Тартиби да жакшы. Өгөйлүк, жетимдикти
сезбей жайдары тарткан кыз бат эле гүлдөп — бой тартып чоңоюп да калган.
— Күндөрдүн биринде Зууракан балдары менен эшик алдында жайча турушкан. Алда
эмнени айтып күлүп турган Сара көчө жакка карап калды да, сестенгенсип жалт бурулуп,
үйтамды айланып кетти.
Ал аңгыча болбой таякчан, саал сылтый баскан солдат Зууракандардын жанына келди.
— Саламатсыздарбы? Зууракан Кайназарованы көрүүгө болобу? — деди ал.
«Саранын атасы болбосун?» деп шектенген Зууракан адатынча ачыкайрым жооп
кайырды:
— Саламат, табариш? Зууракан мен болот. Өзүң кимсиң? Тигил шашпай жай айтты:
— Салдатмын. Госпиталдан чыккам. Кудая шүгүр. Айыктым. Жакында кайра фронтко
кетем... Но... Менин кызым бар эле...
— Сарабы? — Зууракан озунуп сурады: — Саранын атасы сенсиңби? Анда энеси
менмин, табариш. Колуңду бер, таанышып коёлу!
— Ооба, Сара кызым болучу... — деди солдат. Зууракан үй артына кеткен Сараны
чакыртты:
— Ой, Сара, атаң келди! Учураш. Кайда качып жүрөсүң, оңбогур...
Бирок, таанып турса да Сара атасына анча бой салбай: «Дагы өгөй эненин колуна алып
кетпегей эле» деп сестенип турду. Бирок, ата антпеди. Ал кызына токтоо учурашты. Анан
Зуураканга ыраазылыгын айтты:
— Ыракмат, Кайназарова! Баламды көрдүм жетишет. Согуштан аман кайтсам, уруксат
эт. Мен кызыма келейин. Эгерде, келбей калсам, анда Сарочка сенин кызың. Аман
болгула.
Солдат кызын аталык мээримде өптү. Зууракандар менен кол алышып чындилинде
жылуу коштошуп жолго түштү.
Бирок, ушундан кийин андан кабар болгон жок. Саранын атасы кайтпай калды.
Сара тогуз классты бүтүргөндөн кийин апасына айтты:
— Апа, мен жолуңду жолдогум келет. Кызылчада иштейм. Зууракан кызын сынап
койду:
— Сага окуш керек. Оку!
— Эч окуусу жок Сиз деле Социалисттик Эмгектин Баатыры бөлдүңүз го. Адал эмгек
адамга абийир берет дебедиңиз беле. Сиздин тажрыйбаны алып калайын. Карып
баратасыз...
— Андай болсо, мейлиң, кызым. — Ниетинде ыраазы болгон Зууракан эми Сара менен
теңтушундай сүйлөштү. — Силер жаш кезде мен өз окуумдан өзүмө сабак берүүчүмүн.
Менин окуум кара жумуштун окуусу болучу. Совет өкмөтүнүн тушунда кара жумушуң да
баасына көтөрүлдү. Кагаз жазган чоң менен кара жумушту капшыра иштеген мен экөөбүз
даражалаш болдук. Ырас, мага караганда сенин эми окууң да бар. Жолумду жолдосоң
жолдо. Ачык сүйлөшөлү, кызым. Уят болбо! Кызылчага иштөө өзүнчө билимди талап
кылат. Мында да кол менен бирге баш иштемейинче жеңиш жок. Кышында жан сергитем
десең, жазда ишиң аксайт. Күздө түшүмүң жарды, уятка каласың. Кызылчанын шекери
ширин. Башкасы ачуу. Ошонун баарын мойнуңа ал. Анан иште, кызылчада.
Сара чечкиндүү айтты:
— Өзүңүздү көрүп жүрбөйүнбү, апа.
— Көрсөң ошол, кызым. Күндүз эмес, түндө тыным жок: көөкөрдөп каныңды
бергендей болосуң. Силер кызык уйкуда жатканда мен кетем. Таттуу уйкуну бузуш арзан
эмес. Белден баткак болсоң да кайышпа. Ошентсең түшүм аласың. Жер да эрке баладай:
сылап-сыйпап азыктантып турсаң кызылча берет. Ачуусуна тийсең, боз топурагы чаңдап,
томсоруп коёт. Кыктан, тезектен жийиркенбе. Иштен чарчаба! Ошондо менин жолумду
жолдойсуң, оңбогур. Ойсоктой бассаң, ойноктогон бир эр таап алып, төшөктүн
жылуусуна кызыксаң, түшүм сага асмандан себелебейт. Өзүң билесиң. Он эки жыл катары
менен бир аянттан миң центнерден кемитпей келдим. Эми жыл өткөн сайын жер да
арыктап, мен да карып баратам. Өлчөөмдөн өксүп калбасам экен дегенде санаам санга
бөлүнөт. Ой оңбогур, карыганда уят өлтүргөндөй. «Зууракан түшүмдү кемиттиң го»
дешсе, чоңдордун алдында сынып калбайын деп баштагыдан тыным жок. «Жаш
жыгачтын ийилгени — сынганы, жакшы адамдын уялганы — өлгөнү» дейт. Сен кызым,
адам болом десең ушул макалды унутпа! Жер арыктап баратат. Ал көп түшүмдү бериш
үчүн мени үч тердетти. Сени беш тердетет!
Эненин бул айтканы да Сарага эм болду. Ал эмгекке жандилин берип, өзүндөй
кыздарга топ башчы болду. Дени сак кайраттуу кыз адегенде эле кызылчанын оор
жумушун дасыккан кишидей моюнга алып, Зууракандын тажрыйбасын өздөштүрдү.
Биринчи эле жылы өз тобу боюнча жогорку түшүмгө жетишти.
Адегенде айылдык жаштарга кадыры өттү. Анан Сара областтык комсомол комитетине
мүчө болууга чейин көтөрүлдү. Саранын жеңишин көргөн сайын Зууракан кубанып
жүрдү:
— Сара кызым өзүмдү тартты. Эми жарышта менден чыкса да ыраазымын!
Алп эмгектен таалай тапкан улгайган мээримдүү эне менен таалайын эмгектен издеген
жаш кыз ушундай достук жарышта дагы жаңы ийгиликтер үчүн күрөштү. Жаш Сара жаңы
ачылган гүлдөй эмгекте гүлдөдү. Жыл сайын улам арттырып кызылчадан түшүм берди.
Жашынан абийир, атакка жетишти. Элге тааныла баштады. Ошентти. Келечеги алда
гүлдөп турган кызга өзү курдуу жигит кол берип, Зууракандын кызы таалайын тапты:
турмушка чыгып, Сара күйөөсү менен Таласка кетишти. Канатын жетилтип балапан,
учурган бүркүттөй Зууракандын чарпы жазылып, кубанчы артты.
Ооба. Таалай өзү келбей, талаш менен табыларын Зууракан балдарына дайым айтычу.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Мезгил Сабактары - 14
  • Parts
  • Мезгил Сабактары - 01
    Total number of words is 3925
    Total number of unique words is 2168
    28.4 of words are in the 2000 most common words
    41.5 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 02
    Total number of words is 3835
    Total number of unique words is 1945
    25.2 of words are in the 2000 most common words
    37.9 of words are in the 5000 most common words
    45.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 03
    Total number of words is 3888
    Total number of unique words is 2004
    26.2 of words are in the 2000 most common words
    38.0 of words are in the 5000 most common words
    44.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 04
    Total number of words is 3917
    Total number of unique words is 2109
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    38.3 of words are in the 5000 most common words
    44.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 05
    Total number of words is 3841
    Total number of unique words is 2050
    24.3 of words are in the 2000 most common words
    35.5 of words are in the 5000 most common words
    41.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 06
    Total number of words is 3908
    Total number of unique words is 2175
    25.1 of words are in the 2000 most common words
    36.6 of words are in the 5000 most common words
    43.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 07
    Total number of words is 3879
    Total number of unique words is 2261
    24.6 of words are in the 2000 most common words
    36.6 of words are in the 5000 most common words
    43.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 08
    Total number of words is 3889
    Total number of unique words is 2322
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    38.4 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 09
    Total number of words is 3878
    Total number of unique words is 2190
    26.2 of words are in the 2000 most common words
    38.2 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 10
    Total number of words is 3881
    Total number of unique words is 2101
    24.1 of words are in the 2000 most common words
    34.1 of words are in the 5000 most common words
    40.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 11
    Total number of words is 3844
    Total number of unique words is 2201
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    42.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 12
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 2270
    27.6 of words are in the 2000 most common words
    39.9 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 13
    Total number of words is 3957
    Total number of unique words is 2233
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    47.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 14
    Total number of words is 3766
    Total number of unique words is 2212
    23.9 of words are in the 2000 most common words
    35.6 of words are in the 5000 most common words
    42.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 15
    Total number of words is 3906
    Total number of unique words is 2254
    27.6 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    47.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 16
    Total number of words is 4040
    Total number of unique words is 2326
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    38.3 of words are in the 5000 most common words
    44.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 17
    Total number of words is 3980
    Total number of unique words is 2278
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    38.4 of words are in the 5000 most common words
    45.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 18
    Total number of words is 3826
    Total number of unique words is 2298
    24.7 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 19
    Total number of words is 4011
    Total number of unique words is 2430
    25.2 of words are in the 2000 most common words
    37.5 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 20
    Total number of words is 3935
    Total number of unique words is 2383
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    45.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 21
    Total number of words is 3922
    Total number of unique words is 2456
    24.7 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 22
    Total number of words is 3905
    Total number of unique words is 2360
    25.7 of words are in the 2000 most common words
    37.1 of words are in the 5000 most common words
    43.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 23
    Total number of words is 3793
    Total number of unique words is 2219
    25.4 of words are in the 2000 most common words
    36.9 of words are in the 5000 most common words
    43.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 24
    Total number of words is 3857
    Total number of unique words is 2269
    24.4 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    43.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 25
    Total number of words is 3863
    Total number of unique words is 2183
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    35.5 of words are in the 5000 most common words
    43.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 26
    Total number of words is 3856
    Total number of unique words is 2325
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.0 of words are in the 5000 most common words
    45.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 27
    Total number of words is 3866
    Total number of unique words is 2429
    25.2 of words are in the 2000 most common words
    35.8 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 28
    Total number of words is 3971
    Total number of unique words is 2417
    23.9 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    42.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 29
    Total number of words is 3917
    Total number of unique words is 2300
    24.3 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    42.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 30
    Total number of words is 3926
    Total number of unique words is 2169
    25.8 of words are in the 2000 most common words
    37.9 of words are in the 5000 most common words
    44.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 31
    Total number of words is 3936
    Total number of unique words is 2141
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    45.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 32
    Total number of words is 3916
    Total number of unique words is 2096
    25.7 of words are in the 2000 most common words
    37.3 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 33
    Total number of words is 3934
    Total number of unique words is 2181
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    38.5 of words are in the 5000 most common words
    45.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 34
    Total number of words is 2486
    Total number of unique words is 1435
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    41.2 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.