Latin

Мезгил Сабактары - 17

Total number of words is 3980
Total number of unique words is 2278
27.1 of words are in the 2000 most common words
38.4 of words are in the 5000 most common words
45.3 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
повесттер, аңгемелер жазды. Айтор, жазуучунун прозалык чыгармалары да анын адептүү,
ыргактуу поэзиясындай чакан, көркөм, таасирдүүлүгү менен окуучуларга жакты.
Ясырдын мейли поэзиясын, мейли прозасын окубайлы — биз андан дунган элинин
өмүрүн, мүнөзүн, жакшы касиеттерин сезебиз. Андагы так, күчтүү сабактар кеменгер
дунган кишисинин оозунан айтылгандай болуп угулат. Андан элдик кеменгердик сезилет.
Айрыкча акындын прозалык чыгармаларында жетимдердин, эненин, дыйкандын элестери
аркылуу дунган адамдарынын мүнөздөрүн бир топ таамай ачкан. Өз элинин
турмушундагы көркөм чындыкты элестүү сүрөттөгөндүктөн гана Ясырдын чыгармалары
бүгүн дунган элинин маданиятына салым кошууда!
Дунган элинин ошол чоң акыны, коомдук ишмер — Ясырды бүгүн куттуктап
айтарыбыз: Акын карыбайт! Элиң үчүн күрдөлдүү иштей бер, Ясыр!
ӨТҮНҮҮ
Тамгалары ири тартылган баланын почерки Иса Коноевичтин көз алдынан кетпеди:
«Агай, атам жок, энемдин жалгыз кызымын. Жашмын. Энем да жалгыз. Акчабыз жок.
Төшөктө жатамын. Жүрөк союп мага окшогондорго өмүр берет экенсиз. Баралбаймын...
Асыл.»
Өткөн жылы дал ушундай аянычтуу катты Иса Коноевичке таластык келин жазган:
«Агай, оорулуумун,— деген ал келин да. — Күйөөм таштап кетти. Ата-энеме жүк
болуп калдым. Көрсөтпөй ыйлаганымды алар билип коюшат. Жандары кейийт.
Жаштайыман кордолуп, азап тартканыма өлгүм келет».
Асыл ал келиндин жанында секелек кыз. Анан калса, эң эле жайдары, тетик, эстүү.
Ойдогуңду айттырбай баамдайт. Капкара көздөрү ойноктоп жайдарыланып ич-койнуңа
кирет. — Айыгамбы, доктор? Энемдин менден башка арка тутар жакыны жок. Ал мен деп
жүрүп каржалып кетти. Мени айыктырсаңар? Деним сак болсо, башка балдардай эле мен
да окуйт элем. Анан эңемди аяп, кор кылбай багат элем. —Тыкылдаган Асыл сүйкүмдүү
жылмаят. Жууган карагаттай жоодураган көздөрү күлмүңкүлмүң ойноктой калат. Анан
калса эң эле жылдыздуу кыз. Баягы таластык келин да ушундай жылдыздуу адам болучу.
Ал турмуштун ачуусун кошо тартып, ооруга алдырып турган кезинде — «Айыгасың,
бизге кел»— деп, профессор ардыккан келинди чакыртып клиникасына жаткырган. Оору
аздырып, жалгыздыгына басынып өзү кыйналганына карабастан койгулт көздөрү
жазыксыз жоодураган түсү ийги келинди Иса Коноевич ичинен аяды. «Ушундай
татынакай жарын таштаган акмак, жөн билбес дүйнөсү тар неме да. Күйүшкөн кишиси
дем берип жанында болсо, оорулуу адамга анын кубаты чоң эмес беле».
Өз өкүнчүн келинге сездирбей профессор ага этиет эскертти:
— Эми өлөм дебе! Адам мезгилсиз өлүш үчүн төрөлбөйт! Ооруңдун атын табалы. Өзүм
союп айыктырып аламын!
Алдагандай дегенсип сактанган келин эстүү тиктеген:
— Жүрөк эң эле сезгич тура... Болорболбос иштен улам сыздай берет. Ата-энемди
аясам деле лакылдап согуп чыгат. Коркуп кетемин. Көңүлүм чөгөт. Эзилемин. Доктурлар
деле эмдешти. Жылыш болгон жок. Табыптардын эмдомун иштеп көрдүм.
Профессор одурая карады:
— Эмине? Кыргыздын табыбына да түштүңбү?
Кескин чыккан Иса Коноевичтин үнү жактырбагандай туюлду. Келин айыптуудай
жалтаңдап күлгөн болду да ничке, апакай манжаларын кайта-кайта жүн одеялдын ансыз
да жылтыр түгүн сылай, сылай аста айтты:
— Байыркы Улукманакем да баласы жүрөк оорудан каза тапкан да... Баламды кандай
дарт алды экен, деп жарыктык, баласынын жүрөгүн ачкан тура. Көрсө жүрөктүн толтосун
акактай берч бүтөп калыптыр. Баламды алган ушул дарт экен деп, Улукман акем, берчти
кесип алып аны жалбыздын жалбырагына кое коюп, өзү колун жуугучакты тигил берч
эрип кетиптир... «Атаа жалбыздын дары экенин билсем, жалгызым өлбөй калмак экен»
деп Улукман аке да өкүнгөн дейт.
Келин энтигип токтоло калды да кебин улады:
— Оорулуу адам ошентип өкүнүп калбайын деп өз дартына арга издейт. Мен да арга
издедим. Айыга алган жокмун. Үмүтүм үзүлдү. Ушундан көрө өлөйүн деп чөгүп
калганымда... Жүрөктү союп айыктырган доктор бар дешти, Сизди. Мына эми колуңузга
келдим.
Эриндери көгөрө түшүп, келин энтигип унчукпай калган.Арадан ай өттү. Келиндин
дартынын диагнозу коюлду. Иса Коноевич келинге эскертти:
— Ооруңдун аты табылды! Аты табылган дарт менен күрөшүү да оңоюраак болот. Эми
соёмун. Эчтемке болбойсуң. Коркпой эле кой. Айыктырып аламын.
Келин демин тартпай жалжылдай караган:
— Айтканыңыз келсин, агай...
***
, Бир нече ай өткөн соң профессор ал келинден экинчи кат алды:
«Агай, колуңуздун алтындыгынан мен айыгып эми адам болдум. Ата-энемдер оор
жүктөн кутулушту. Экинчи күйөөгө чыктым. Ал мени сыйлап турат. Иштеп жүрөмүн.
Адам эмеспизби. Жүрөккө күч келерин унута салып, той-тамашада винону да кылт
эткизип коёмун. Кечириңиз? Сизге өмүрүм боюнча алкыш айтамын. Улукмандын жашын
берсин — миң жашаңыз!»
...Он эки жаштагы Асылдын дарты да дал ошол таластык келиндин дартындай —
митериальдык порок экен. Асыл клиниканын шартына бат эле көндү. Балалык
бейкапардык кыздын көңүлүн көтөрдү. Чоң кишилердей этиет болуп талыкшып жата
бербестен шап халатты кие сала, не үстүңкү, не астыңкы этажка кетип калат. Ал эми
операция кылбаса деле айыгып кетемин деген балалык ишенимге берилди. «Акырын.
Үчүнчүгө көтөрүлбө! Күйүгөсүң!» дегенди ал балача кайдигер угат. Тынч жат дегенди
тоотпойт. Кубанып сестрага эркелейт:
— Мен айыгып калдым э, эжеке? Сестра аны чачынан сылайт:
— Операциядан кийин бат эле энеңе кетесиң.
— Иий, энем мени сагынды го. Бат эле барсам экен!
— Иса Коноевичтин колу алтын! Ал өлө турган болуп келген далай кишиге өмүр
кайырды. Сеники эчтемке эмес, жеңил деп профессор өзү айтпадыбы! — Сестра энелик
мээрим менен Асылга сөөмөй кезейт — Чуркаба! Жүрөгүңө күч келет. Күйүгөсүң тынч
жатып күч жыйна.
Ушундан кийин созулуп көз жумган Асыл энесинин элесин көрөт. Аста-аста күбүрөйт.
«Профессор алтын колу менен жүрөгүмдөгү дартты алып салат, энеке. Анан абдан
айыгып сага барамын. Эшиктен чуркап кирип мойнуңдан кучактаймын. Күтө тур, энеке
бай, күтө тур. Аз калды...»
Бирок, операция, Асылдын балалык делебеси болжогондой жеңил эмес болучу. Анын
үстүнө кырсыкты кайдан дегидей. Жүрөктөгү кемтикти кеңейтүүгө колдун күчү келбей,
ага аспап колдонордо... күтпөгөн жерден «бир» дегиче болбой кан оргуштады.
Ассистенттер селее түшүштү.
«Жүрөк кулакчасынын түбү (ушко) жарылды — деди Иса Коноевич өзүнө өзү буйруп:
— Тез айрыкты бас. Канды буу! Тез! Тез! — Ал көңүлүндө ашыкты, өкүндү, сактанды,
бироксырт кебетеси камырабайт. Демейде эпсиз көрүнгөн барбагай манжалары жаңы
касиет сезгендей элпек, эпчил, шамдагай болуп машы менен эпилдейт.— Тез!
Кыпчыткыч!»
Буудан чыга келгендей бир заматта чеке тери мөлт-мөлт кетти.
«Канды... канды токтот. Ахх... бек кыпчып алдым, э. Кырсыкты көр».
Күрөш бир азга созулду. Кан көп кеткендиктен мээ сезимдери мүңкүрөдү. Энтигип,
кыйналып кыз үзүлчүдөй болуп эстен тайыды...
Асыл үчүнчү суткада араң эсине келди. Ошондон кийин кана кыз өз дартынын оор
экенин сезди. Алсыз жаткан кызды коркунучтуу санаа коңур жууркандай чулгайт.
«Өлбөсөм экен, өлбөсөм экен. Энекем ыйлайт э... Деги айыгар бекемин?»
Ал өзүнүн башкалардан узак жатканына өкүндү. — Айыгып калдың, Асылжан,— деп
сестра айтса, Асыл ага эми ишенбейт. Азыр ал ойлуу, токтоо, чоң кишидей санаалуу. —
«Чоң доктор өзү жеңил дебеди беле. Жеңили ушулбу?! Менден кийин операция жасаткан
Тамара тыңып кетти. Мен дале жатамын. Коркпосун дешип мени тим эле алдашкан тура.
Деги айыгып кетер бекемин?»
Асыл биротоло айыгарына ишенбей көңүлү чөгүп кыйды тартты. Ал жансыздай
созулуп уктаган болуп калат. «Мен жөнүндө эмине айтышаар экен. Чоң доктор эмине
үчүн жеңил деди? Эмине үчүн чынын айтпады? «Сенин порогуң оор. Операция жасаш
кыйын» десе, мен аябай кайраттанып, тиштенип эсимден танбай коёт элем. Же коркуп
кетип өлүп калат белем. Жоо... коркпоюнчу... Уктагансып калайын. Мени эмине дешээр
экен...»
Асыл мемиреп-чымырап уктагансып калат. Катардан керебет кыйч этет. Улгайган аял
оор энтигет:
— Уктап кетти.
Дагы бирөөнүн үнү аста угулат. Жумушчу аялдын үнү:
— Бечара кыздын ажалы чачынын учуна келиптир.
— Иса Коноевичтин чебердиги алып калды дешет. Асылга үмүт пайда болду: «Ии чын
эле өлбөйт экемин эне
кебайым». Сөз уланып жатат.
— О, Иса Коноевич алтын кол киши! Андан айыккандардын баары ошондой деп
айтышат.
— Кейпи орой көрүнөт.
— О, кеп кейпинде бекен. Кайратман адамдар ошондой болушат. Кесибине адис.
Кудайды карабагандай чечкиндүү дешет. Үч күн мурда үйүнө кеткен Тамаранын порогу
төртөө экен. Митериальдык тешиги бүтөлөрүнө аз калыптыр. Ага кошумча бези
ириңдеген оор аңгинасычы. Бүт терапевдер операция пайдасыз дешсе, профессор болбой
Тамарага экстерный операция жасаптыр! Ошентип Иса Коноевич Тамараны көз көрүнө
ажалдан алып калды деди ассистентврач.
— Акырын, курдаш. Кыз уктасын.
— Эчтемке эмес, жаны жай аларда кулагына кыйкырсаң да уктай берет.
Асыл кытылдап күлүп ийе жаздады. Мемиреп жумшак дем алды.
— Көп жактан оорулуулар келишет тура.
— Алтайдын бир кыштагынан эле он чакты адам богогун сойдуруп кетишиптир.
Карт аялдын үнү таң калгансып чыкты:
— Богокту союш жүрөктөн оор миш?
— Богогу оорулуу адамдын көңүлү мөңгүдөгү аба ырайына окшоп турат дейт,
Коноевич. Себеби, ал жүрөктү да, нервди да, бардык эле денени ууландырат тура.
Операциясы оор дейт.
Бир азга унчугушпай калды да анан карт аял өз бетинче кобурады:
— Ырасында эле алтын кол адам экен.
— Интеллигентный эмес. Манжалары барбагай.
— Малчынын баласы тура. Жашында түйшүктү көп тартыптыр.
— Башкириядан келген бир адам...— деп аял акырын шыбырады. Асыл анын айтканын
угалган жок.
—Эми ал таптакыр айыгыптыр. Иса Коноевич чоң хирург Бул кишиге Союздагы эң
биринчи сыйлыкты бериш керек деп ал башкырт далай жерге жазат экен.
— А, бечара де.
— Анан кантсин. Жүрөгүндөгү алкышын билгизет да. Асыл мемиреп уктап кетип
ойгонду. Чоң жарык терезеден
түшкөн күн нуру жууркандын үстүндө ачык жаткан билегин чымыратыптыр. «Ии мени
күн ойготкон тура. Энем десем күн экен. Энемдин деми да ушул күндөй жылуу. Мен аны
аябай сагындым. Эми айыгам, айыгамын, эне. Сага барамын. Көңүлүм абдан эле ачык.
Тигине, тигине жалбырактар дирилдейт. Алардын да жаны бар э. Ай, жарык күн, эң сонун
э! Мен да эми Иса Коноевичке өз ракматымды айтамын. Эмине деп айтсам...» Жаны жай
алган Асыл кайрадан мемиреп уктап кетти.
***
...Жекшемби күнү саат тогуз ченде Иса Коноевичтин эшигин бирөө акырын какты.
Эшикти Иса Коноевич өзү ачты. Асыл экен. Аяз атадан белекке алгандай дыкан оролгон
колунда ороосу бар. Асыл кубанып шашып учурашты:
— Саламатсызбы...
— Оо, Асыл белең? Кайдан келип калдың, кызым? Асыл жайдары күлүңдөдү:
— Сиз орноштурган фабрикада иштеп калдым.
— Ишти коюп жүрөктү айтчы?
— Жүрөк жакшы.— Анан ал манаттай кызарып кетти.—• Биринчи алган маянамдан
Сизге кемпит алып келдим.
Профессор кубанып Асылга үйрүлө калды:
— Охоо! Акчам да көбөйдү дечи, кызым. Асыл эреркеп кетти:
— Руксат этсеңиз, Сизди мындан кийин АТА деп жүрөйүнчү. .
Иса Коноевич ашыгып калдастап, үйрүлүп Асылды чекесинен өптү.
Жоодураган көздөрүндө кыздын эрке жашы кылгырды.
1966-ж.
СҮРӨТЧҮНҮН БИР КҮНҮ
Бүгүн төшөктөн турганы жүрөктүн уюп сыздаганы басылган жок. Кыймыл аракет,
жеңил дене тарбиясы бул жолу жардам берберди. Эч эчтемкени сүйбөй түктүйө тартып
көчөгө чыктым. «Не иштесем, кайда барсам? Баса берип, баса берип асфальтты да
жырткандай болдум, батинкем майрыйып бүттү...»
Өз оюма өзүмдүн күлкүм келди. Көңүлүм ачыла түштү. Биринчи май менен
Бөкөнбайдын бурчуна келгенде делдейип ток« той калдым. Капардын үйү көзгө
чалдыкты.
«Кокус ишине тоскоол келтирсем тымызын басып кетпей жаным жокпу» дедим да
Капардын үйү жакка бурулдум.
...Капар короосунда көгүчкөндөргө жем чачып турган экен. Ал адетинче шашпай
карады: — Э, кел... жүрүпсүң, достум? Азел айткым келди: — Сени тура элекко деген
элем, курбум! Капар камырабай уучундагы жемди сээп койду:
— Саат алтыда тургам. Оокаттиричилик бар.— Ал токтоло калып өз ичинен күлгөнсүп
айтты.— Короо шыпырмай. Жүзүм кесмей. Адамга оокат керек болгондо, жаныбарлар
жандарын бакбасынбы? Эми көгүчкөндөргө да минтип ырыс бөлүштүрүп коелу да.
Экөөбүз аркы-беркини айтып бир аз турган соң, алданемени эстей койгон кишиче
Капар калдастап мени үйгө кирели деди. Бирок анын дайым токтоо, дайым ойлуу
камырабас мүнөзүнө жараша анын ашыкканы сезилген жок. Тек шашкансып коюп
«туздуу» сөздөрдү айтты.
Капардын кебине алаксый түштүм. Конок үйүнө кирип, жумшак орундукка олтурарым
менен эле эшиктен ыйлап кирген чатак уулун сооротконсуп, сүрөтчү улам бир
укмуштанган татынакай буюмдарды мага көрсөтүп столго кое берди:
— Муну байкачы, бир нерсеге окшошобу?
Анча баамдай албай делдее карадым. Капар бужурланган уюл сымал бутактуу тамырды
жогору кармады:
— Бул кадимки эле сары жыгачтын тамыры, достум. Жакшылап карасаң, байкайсың.
Мынабу тамырлар үрпөңдөгөн корооздун канаттарын элестетет. Ортоңку өзөктөн анын
башын жасап койсок, өзүнчө жаныбар... Иш арасында бүтө калучу неме. Эрмек да!
— Балким үкү болуп калбасын?
— Болор эле... бирок үкүнүн мойну кыска, башы чоң болот. Бул өзөк ага кичинелик
кылат. Өзөк саал жоонурак болсо итиң, үкү да болуп калмак. Эчтемке эмес, биздин
туштарап кооз нерселерге толгон. Алар бардык адамга байкала бербейт. Чынында бул
скульптурлардын жумушу. Ошентсе да өз ишиңден чарчап калган кезиңде булар эрмек...
Көбүнчө, жазда, күздө, көл жээгинде, не тообуздун арасында сүрөт тартып жүргөн кезде
ушундайларга жолугуп каласың. Иштен чарчап калганыңда суу жеп кеткен жарларды
кыдырсаң, далай сонундарды табасың.— Өз ишине өзү маашыр Капар күлүп коюп
туюндурду.— Артыкча кыян жүрүп кеткенден кийин чыксаң, оюңдагың табылат. Курч
бычак колуңда болуп, чытырмандан, ширеп калган чымдан ажыратып, топуракташтарын
кагып салып карасаң, тамырлар укмуштанып улам кызыктырат. Далайы ишке жараксыз
болуп чыгат. Дагы издейсиң. Айтор тердеп кургап жүргөнүң өзүңчө эрмек. Табылгаң да
бар. Дем алып кайткан соң, негизги ишиңе жаңы күч менен кайра киришесиң!
Дем алган убактысын текке кетирбей сүрөтчү өз кесибине өнөктөш — скульптуралык
жумушка кызыкканы мага өтө жакты. Чыксын-чыкпасын тиштенип тирмийип олтура
берсең, кыял эргүүсүнөн тайып, көз курчу мокоп, иш өнүкпөй эзиле баштайсың. Мындай
учурду — чыгармачылык азап дейсиңби? Не ташыркап жүрбөй калган кезиңби? Айтор
неси болсо да эркин кесиптин адамы «ээликкен боз жоргонун тизгинин эркин кагып»,
сүрөт менен элести кыймыл менен мүнөзгө кынай эргип, иштөөнүн жолун баамдап алууга
милдеттүү... Тирмийип каламдын учун тиктеп, кез-кез чекени тырмап эзилип олтурган
кезинде мүнөз менен элести көрө албай, кыял менен ойду эргите албай кагаз менен
каламдын кулу болуп жүдөп олтурган кезимди эстедим да, сырымды айтпай сүрөтчүнүн
ишин кубаттадым:
— Мунуң сонун кеп, Капар! Чирип калчу тамырга жан киргизип, ага элес берип, андан
көз тойгус корооз жаралса, сонун да. Көрсөң үрпөңдөп, адамдын күлкүсүн келтиретко,
мунуң!
— Антпесе көркөм өнөр болобу, досум.
Капар түктөйгөн муруттарын жанып шашкансып койду да, эргип учканы турган
кандайдыр бир кооз канаттууну текчеден алды. Анын саал бурала калган мойну кой кое,
тумшугу ор« моюп асманга карагансыйт. Кооз таралган күңүрт жылтыр канаттары кайкып
азыр эле учканы турат. Аны койкойто жогоруга кармады Капар:
— Кадимки эле мүйүздөн жасалган нерсе. Бул менин ишим эмес өзү үйрөнчүк, чебер
кол Тургунбайдын иши. Биздин арабызда байкалбай жүргөн шыктуу адамдар көп.
Чыныгы шыктуу кишилер кээде байкалбай да калат. Себеби, шыктуу адам ишке алагды.
Ал өзүн көрсөтүп жутунбайт тура... Шыктуу Тургунбай талаада калычу мүйүздөн
ушундай сонун нерсе жасап койду!
Сүрөтчүнүн колунда турган мүйүз кушка кызыга карадым
— Башынан мал асыраган кыргызда мүйүз менен туяк баркталчу беле?! Чеберлердин
колунан чыккан соң, алар Табылгыс мүлк тура!
— Ооба, баштагыңды кой, ушул кездегини айтсаң. Үйүбүздү көрктөп, адам көңүлүн
көтөрүп коючу нерселер аяк астыңда тепселип жатпайбы. Кайберендердин мүйүздөрүнө
кызыгам. Аларга жетиш да кыйын. Биздикилер андайларды баркташбайт. Ал тургай
баласы сүрөтчү болом десе, анын жолун торогон аталар бар. Адам өзү сүйгөн кесипте
эргип, андан үзүр табаарын баамдашса боло...
«Жигитке кырк бир өнөр аз» дегендей артыкча биздин доордун кишилерине эки-үч
кесип аз болорун турмуш өзү талап кылып турат. Өз тиричилигиңди тейлөөдө башкага көз
каранды болбос үчүн да бир нече кесипти өздөштүрбөсөң турмушуңда жүдөө тартасың.
Ошентсе да кеп кесиптин бир-экисин адам артыкча сүйөт. Албетте, ал анын шыгын
эргитип, талантын курчутуп, ишинен үзүр берип турган кесип болууга тийиш. Шыгына
ылайык сүйгөн кесибин бардык шартта кысталбай өнүктүргөн адам мөмөлүү дарактай
берекелүү болот!
Сүрөтчүнүн иштери да, айткан кеби да мени катуу ойлонтту. Кандайдыр бир көрүнбөс
күч тартып тургансып мен Капарды ээрчип алдым. Үйдөн чыккандан кийин да экөөбүз
маектеше басып сүрөтчүлөр үйүнө келдик.
Фойеде адамдар көп экен. Капарды көрө сала алардын бир тобу кабинетке кошо
киришти. Тек кайдигер кишилер эмес, Союздун жетекчиси менен кеңешип, чечишээр
иштери бар сүрөтчүлөр, үлгүчү чеберлер, цехтин жетекчиси, правлениянын мүчөлөрү.
Жеке иштер эмес, алардын койгон маселелери да жанатан Капар кеп салып келаткан
жалпы иштерге таандык. Көркөм фондунун ишин жолго коюу, агитплакат цехинин
өнүмүн күчөтүү... айтор баятан дөбө жерде серүүндөп келатып токой аралап кеткен
сыяктуу болду бейм? Капар өз кишилеринин ортосунда, сүрөтчүлөр Союзунун жетекчиси
катары башкалардын сунуштарын, кеп-кеңештерин дит коюп угуп, анан өз пикирин так,
чечкиндүү айтып, козголгон маселелерди тез-тез бүтүрдү.
Баса, Капар ишке кош көңүл тартып, ар кимдин оозун карап жалтак болсо, кээ бир
маселелер тайкы калат беле? Неси болсо да сүрөтчүлөрдүн кеп-сөзүнөн, кеңештеринен
маанилүү иштер байкалат.
Элибиздин мурасы, көркөм байлыгы катары эзелтеден сакталып келаткан оюусызуулардын үлгүлөрүн негиздеп кыргыздын туш кийизин, килемин, текче саймаларын,
шырдагын жасап чыгаруу; тамыр, мүйүз, таш сыяктуу бааланбай келген нерселерден көз
тойгус көркөм буюмдарды жасоо үчүн атайын цехтерди ачуу; ал тургай комбинат куруу;
ага эл ичиндеги уздарды, оймочу-саймачы чеберлерди келтириш: жаш сүрөтчүлөр,
скульпторлор, үлгүчү чеберлерди тарбиялоо сыяктуу асыл милдеттер сүрөтчүнү дегдетип
турат.
Көркөм фондунун, насаат плакат цехинин иштери менен келген кишилер кетишкен соң,
кабинет бир азга жымжырт боло калды. Бирок мен жакка бурулуп Капар бир сөз айткыча
болбой орто бойлуу жаш жигит эшиктен күлүңдөй карады.
Капар аны көрө сала чакырып калды:
— Кире бер, Мухамбетжан, кире бер.
Жаш жигиттин кыймылында элпектик, кичи пейилдик бар. Ал ийменди бейм,
терезенин тушуна олтура калды. Аталык камкордук менен Капар ага ийкем кылды:
— И, жакын олтур, Мухамбетжан. Келип калыпсың? Жаш жигит Капарга жакындай
олтурду да:
— Килемге жаңы эскиз чийген элем, агай...— деди. Капар ашыккансып колун көтөрө
калып, тек сурап койду:
— Эскиз? Жакшы экен! Эмне, кабыл алса дейсиң го?
— Комиссия көрүшсө болор бекен?
— Эмне үчүн болбойт? Эскизиң жакшы болсо, комиссия аны көрөт да, кабыл да алат.
Эскизиң кандай, өзүң ишиңе ишенесиңби?
Мухамбетжан орундуктан тура берип аста сурады:
— Кайда алып келейин, кайсы жерден көрүшөр экен, агай?
— Өзүң билесиң да, үстүгө — килем цехине койгунуң. Ошол жерден көрүшөт.
Жаш жигит элпек басып кабинеттен чыгып кеткенден кийин Капар үстөлдү таяна
калып одурая карады:
— Мухамбетжан жаш үлгүчү чеберлердин бири. Өз кесибине берилген шыктуу жигит.
Эскиздери боюнча килем токулган.— Сүрөтчү мурутун жаныган болуп күлдү да, кебин
бүтүрдү.— Айтор жанагы айткан комбинат дегенибиз курулуп калса, дурус болор эле.
Азыр килем токуучулар, сөөк оюучулар цехтери алынча иштегенсип жатат. Комбинат
курулган кезде аларга дагы жаңы цехтер кошулууга тийиш. Эл ичиндеги шыктуулардын
күнү тууп, алар өнөрлөрүн өлтүрбөйт эле. Ким билет?..
Маданий сарайлар, колхоздук, совхоздук клубдардан баштап ар бир үй-бүлөө өз-өз
турган үйлөрүн татынакай жасалгалашты каалашат. Баланын, чоңдун керебетинин
тушунда килем, туш кийиз, не кандайдыр бир маанини баяндап турган элестүү жакшы
сүрөт илинип турууга тийиш. Үстөлдө татынакай гүл койгуч, ваза, пепелницалар,
текчелерде зайыптар ийне, жип салып коюучу кутучалар... айтор көркөм буюм жеке үй
ичин көрктөп, кооздоп жасалгалап турбастан, ал адамдын эстетикалык сезимин
тарбиялайт. Көркөмдүк — адамдын көңүлүн ачат. Иштен чарчаган кишилер, бир нерсеге
кейип, өкүнүп басынган кишилер, жүрөгү сыздап жаны кейиген кишилер жай олтуруп
жакшы сүрөттү көрсө, не татынакай жасалган көркөм буюмга көңүлүн алаксытса, адам
чарчаганын сезбей калат. Ал тургай бир паска ооруган жери басылып, көңүлү көтөрүлөт.
Баса, береги эшик жаккы бурчка жакын коюлган китеп кабында чокчоюп «балык
кармап» олтурган ойноо тентек өспүрүмгө кара. Ал кандайдыр бир чулу жыгачтан оюлуп
жасалган бала. Бир багалегин жоон санына чыгара, бир багалегин тизесинен аз түшүрө
түрүп коюп жүүртө басып көйнөксүз олтурган эдирейген тестиер мойнун бир аз созо алды
жакка жүткүнө карашы менен эле, не көлчөгө, не иримге кайырмак салып коюп
калкыгычтан көзүн албай тирмийген жаш балыкчыны таанытат. Баланын элесинде
жандуулук, өз ишине кумарланып берилгендик бар. Кетирейген мурду, эдирейген
кебетеси кайырмакчы баланын от-жалындап тынчыбаган мүнөзүн, жөндөмдүүлүгүн,
илбериң килигин, чечкиндүүлүгүн байкатат. Анын таза абада жүрүп күнгө күйгөн
чыдамкай, чымыр денеси жандуудай.
Адамды кызыктырып жанына чакырып турган кайырмакчы балага мен да кызыга
карадым:
— Тигил кайырмакчы бала эдирейип эле сага карап калыптыр, ал эмнеси, Капар?
Чыны менен күлгөн Капар кызара түштү:
— Анын ыргыткан кайырмагы дал ушу менин үстөлүм турган ченде... Мен сүрөтчүмүн.
Скульптурага иш арада көңүл бөлөм дебедимби. Ошентсе да тигил кайырмакчы тентек
менден көзүн албайт. Анын автору да мага жакын.
— Жаштарга берген таалимиң милдеттендирет да, курбум.
— Билбейм. Ошондой болсо керек. Айтор бул — Садыков Тургунбай деген өзү
үйрөнчүк жаш скульптордун иши.
Тамашалап койдум:
— Эмне Тургунбай аттуулар шыктуу боло беришеби?
— Айтор билбейм, бул эл ичинде шыктуулардын көптүгү го дейм, досум. Адамды ат
таанытпайт, иш таанытат да. Тигил сөөк ойгуч Тургунбай токтолуп калган адам.
Скульптор Тургунбай жетиминен жетилип келаткан жаш жигит. Ал эптеп өзүнчө келип
бир кезде биздин училищага өтө албай калыптыр. Аны эч ким да билбейт. Өз бетинче
барып, тигил кызыл жыгаччылардын курсунда окуйт, шыктуулугун билдирет. Андан
бизге келип кеңеш алып жүрүп, жасаган иштери сүрөтчүлөргө жагат. Оорбасрык мүнөзү
да дурус неме, ишти сүйгөндүгү да артык. Мастерскойдо жатып-туруп, мастерскойдун бир
бурчунда өз ишин иштеп жүрө берип — полктун уулунча бардыгыбызга жагып кетти.
Тургунбайдын мүнөзүн жактырып, шыгына раазы болгон Капар аны мактап койду:
— Ага жараша өзү жаш туруп оор-басрык азамат. Не чылым чегип койбойт, не
ичкиликти оозуна албайт. Мындай жакшы сапаттар шыктуу кишиде болсо, эң сонун да.
Биз Тургунбайыбызды билим алсын деп Москванын бир институтуна орноштурдук. Ал
анда кыскартылган программаны өтөт. Кадимки Сергей Тимофеевич Коненковдон маалмаалында таалим алып турат. Айтор оңой менен жаш таланттарды купулуна толтурбачу
зор сүрөтчү биздин Тургунбайды балам деп алды. Ушул басыгынан жанбаса, Тургунбайда
үмүт чоң. Ал жалгыз эмес, жаза баспай шыгын өстүрсө, биздин жаштардан сонун
полотнолорду жаратычу сүрөтчүлөр да, мыкты скульпторлор да, үлгүчү-чеберлер да,
толгон-толгон кесиптин ээлери чыгаат, достум!
Кабинеттен чыгып, биз сүрөтчүнүн өнөрканасын көздөй келаткан элек. Өнөркана —
сүрөтчүнүн чыгармачылык ишин улантычу жай. Чыгармачылык иште адам өзү менен өзү
болгону оң. Ал өзүнчө кыялданат, өзү менен өзү кеңешет. Өз ишин талдайт, сынга алат.
Ал ошенткен кездеринде кубанып, шайырланып, толкундап кетиши, не тескерисинче
кейип, ызаланып, кыжырланып кетиши ыктымал.
Сүрөтчү курбум Капарды билбейм. Мен өз өнөрканамда иштеп олтурган кезде үстүмө
беймаал бирөө келсе ишим токтолуп өзүм кейип калаарымды эстеп Капарга кайрылдым:
— Өнөрканаңа барсам ишиңе тоскоолдук болор, курбум? Кайтайын...
Капар кол берип коштошууга эптенип күймөлө калды:
— И, кетесиңби? Кош бол! Ойдогуну тапканың мага жагат. Мүмкүн катары күндү
туура бөлүштүрүп коюп, иш сааттарын туура пайдаланбасак болор эмес, достум. Барсаң
бар!
Мезгилди бошко кетирбей — эмгек сааттарын туура өткөрүп жүрөмүн го дечү элем.
Бирок сүрөтчү курбумдун бир күнү мени дагы ойлонтту. «Эгерде, эмгек эрежесин дагы
тактап, дагы бышыктасаң... Жүрөгүң сыздаганын коер беле? Иш өнүмү дагы тездеп,
ийгилигиң артаар беле?»
Дал ушул талап мага күч кошкондой болду да сүрөтчүнүн бир күнүн эске салдым...
Болот чыңалган сайын курчуп, адам такшалган сайын жетилет тура!
Ар күндүн энчиси өзүндө экен. Мезгилди бошко өткөрбөй эмгекте жетиле бер,
замандаш!
1962-ж.
КЫМБАТТУУ МУКАМА
Адам узак өмүр жашагысы келет. Бирок, жашы өткөн сайын картайгысы келбейт. Ошон
үчүн «Эр ортону элүү жаш» деп бабаларыбыз айканды Мукам танып: «Эр ортону
алтымыш!» деген эле. Ал мындан он жыл мурда айтылган сөз. Ал кезде чачынын агы
суюк, карасы коюу, бырышсыз бет чымырдоо — айтор, күчкубатка мол Мукам алты айда
роман берип турган. Өргө чапкан эр мүнөз, алтымыштын кырын — тээ Ала-Тоонун ак
чокусундай көз учунда бүлбүлдөтүп көрсөткөн. Ары-бери карап, «Абайды»
аяктаганыңызча, алтымыш кирип келди. Көктөмдө Сизди жолуктурдум. Баягы тармал чач
суюлган, кашкайган жазы маңдайдан бырышы тереңдеп, узак жол тарткан карт
жолоочудай алтымыштын ак жал боз айгырын минген Мукам: «Эр ортону жетимиш»
дегенди бул жолу айталган жок.
«Ой чиркин алтымыш, алтымыш!» деп баш ийкегим келди. Бирок, бул жолу Мукамдын
ошол бырышы тереңдеген опсуз жазы, кашкайган маңдайынан акылман ойчулдуктун зор
элеси даана көрүндү. Ал анчейин элес тургай — көп ойлонуп, таасын айтып, таза
эмгектенип, эли үчүн кызмат кылган адамдын маңдайы! Казактын бай, чечен тилин
устаздык менен тизмектеп — сар далаасын, Ала-Тоосун, адыр, белин сүрөттөгөн;
берекелүү, бейпил, акылман, боорукер, достук менен эмгекти сүйгөн казак элинин сонун
кишилеринин өлбөс элесин даана көрсөткөн аңгемелерди, драмаларды, романдарды
жараткан; кымбат баалуу илимий эмгектерди берген — көркөм сөздүн зор чебери Мукам,
эми өмүрү картайбастай көрүндү.
Ооба, өмүр тозсо тозор, бирок, эмгек тозбос. Эмесе, жакшы жашап, көп эмгектенип,
баалуу чыгарамаларды жараткан чоң жазуучу Ауэзов Мухтар алтымыштын ак жал боз
айгырын миндим деп төрдө олтуруп калбас. Ал, Социалисттик Казакстандын бүгүнкү
күнүн таасын сүрөттөп, туура элестеткен жаңы романдарды эми жаратат деп күтөм.
Тажирийбага бай, акылга толгон, эмгектин өмүрү, Мука, эми Сизге келди.
Мындан ары Сиз жараткан романдар да, драмалар да, аңгемелер да «Абай» менен
айылдаш — замандар бою өркөнү өскөн казак менен бирге, анын угумдуу, чечен тили
менен бирге жашай берсин, жашай берсин!
Мухтарага, Сизди алтымыштын ак жал боз айгырын мингениңиз менен куттукташка
руксат этиңиз! Узак, узак жашап, ийгиликтүү иштешиңизге тилектешмин.
Иниңиз Түгөлбай.
1957-ж.
УЛУУ АДАМДЫН ЭЛЕСИ
Мен Токомду көрбөй калдым. Ошол бөксөмдү толтуруш үчүн улуу акындын
чыгармаларын талдап окуп, күүлөрүн кулак кандыра угуп, өмүр жолун үйрөнүүгө атайын
көңүл бурган элем. Калык, Коргоол, Алымкул, Атай сыяктуу окуучуларын сүйлөтүп,
Токомдун сырт бычымын, кыял-жоругун, мүнөзүн, өзүнө таандык адаттарын, кыймылын,
адамдарга болгон мамилесин, турмушка көз карашын зээндүүлүк менен көрөгөч сезген
даанышмандуулугун, баамчылдыгын, куудулдугун, өзүнө таандык өнөкөттөрүн... айтор,
тирүү Токомдун элесин көз алдыма таасын келтириш үчүн атайын изилдөө жүргүзө
баштаган элем десем жаңылышпасмын. Себеби улуу акындын элесин ачып роман
жазайын деген ойдо болучумун. Ага даярдык катарында 1940-жылдарда эле «Эки акын»,
«Кербез» деген очерктерди жазгамын. Акындын өмүр жолунан урунттуу учурларды
баяндап дагы бир нече очерктер жазсам, акындын өмүрүн, жашап өткөн доорун, чөйрөсүн,
акындык иштерин, беш камандар менен болгон күрөшүн, акындын адамдык касиеттерин
көз менен көргөндөй туура баамдап, анан Токомдун элесин чоң полотнодо колдон
келишинче туура, элестүү көрсөтсөм деп көксөгөн элем.
Бирок, Ата Мекендик согуштун башталышы менин бул асыл максатымдын ишке
ашышына жолтоо кылды. Согуш талаасында, оорукта, эмгек майданында биздин
кишилердин күрөшүн баяндоону мен башкы милдет деп таптым.
Арадан жылдар өттү. Токтогул темасы чоң жазуучуларды кызыктырды. Азыр улуу
акындын ишин, эмгегин баяндаган бир катар пьесалар, киносценариялар романдан
үзүндүлөр, ырлар пайда болду. Арийне, улуу акындын өмүрүнө, ишине арналган ар бир
чоң же кичине чыгарманы окуп талдаган сайын, биздин көз алдыбызга көп шыктуу зор
адамдын жарык элеси дагы таасындап тартылууда. Кедей-кембагалдар менен тагдырлаш
болуп, эмгекчи кишинин ишин, укугун, кызыкчылыгын жакташып дайым күрөштө жүргөн
акындын курч куралдары: анын таамай тийген жалындуу, курч сөздүү ырлары, тике бетке
айтылган сөздөрү, сонун күүлөрү болгон. Тек көз көргөндү жамактай салуу, не укканды
илип алып күүгө келтирүү катардакы ырчынын, катардакы комузчунун иши экенин
Токтогул өзүнүн окуучуларына дайым эскерткен. Ырчылык — көрөгөчтүктү, калыстыкты,
даанышмандыкты, чечендикти талап кыларын дайым айтып, өзүнөн таалим алганы келген
ырчыны ырдатып ырын угуп, комуз черттирип күүсүнүн касиетин талдай анан анын
ырчылыгы, комузчулугу кандай экенин анын көңүлүнө карабай эле бетине баса айтып, ага
дайым тууратаалим берген. Барктуу адамдын жүзүнө карап калп айтып ырдоону жек
көргөн Током, өзүнө кайрылган окуучуларына да чынчыл болууну үйрөткөн: «Бирөөгө
көшөкөрлөнүп жалгандан аны мактап, жалгандан башка биреенү жамандап анын шагын
сындыруу ырчынын иши эмес. Ырчынын «жакыналысы», «өзү жаты» болбойт. Эл
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Мезгил Сабактары - 18
  • Parts
  • Мезгил Сабактары - 01
    Total number of words is 3925
    Total number of unique words is 2168
    28.4 of words are in the 2000 most common words
    41.5 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 02
    Total number of words is 3835
    Total number of unique words is 1945
    25.2 of words are in the 2000 most common words
    37.9 of words are in the 5000 most common words
    45.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 03
    Total number of words is 3888
    Total number of unique words is 2004
    26.2 of words are in the 2000 most common words
    38.0 of words are in the 5000 most common words
    44.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 04
    Total number of words is 3917
    Total number of unique words is 2109
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    38.3 of words are in the 5000 most common words
    44.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 05
    Total number of words is 3841
    Total number of unique words is 2050
    24.3 of words are in the 2000 most common words
    35.5 of words are in the 5000 most common words
    41.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 06
    Total number of words is 3908
    Total number of unique words is 2175
    25.1 of words are in the 2000 most common words
    36.6 of words are in the 5000 most common words
    43.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 07
    Total number of words is 3879
    Total number of unique words is 2261
    24.6 of words are in the 2000 most common words
    36.6 of words are in the 5000 most common words
    43.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 08
    Total number of words is 3889
    Total number of unique words is 2322
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    38.4 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 09
    Total number of words is 3878
    Total number of unique words is 2190
    26.2 of words are in the 2000 most common words
    38.2 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 10
    Total number of words is 3881
    Total number of unique words is 2101
    24.1 of words are in the 2000 most common words
    34.1 of words are in the 5000 most common words
    40.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 11
    Total number of words is 3844
    Total number of unique words is 2201
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    42.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 12
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 2270
    27.6 of words are in the 2000 most common words
    39.9 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 13
    Total number of words is 3957
    Total number of unique words is 2233
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    47.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 14
    Total number of words is 3766
    Total number of unique words is 2212
    23.9 of words are in the 2000 most common words
    35.6 of words are in the 5000 most common words
    42.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 15
    Total number of words is 3906
    Total number of unique words is 2254
    27.6 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    47.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 16
    Total number of words is 4040
    Total number of unique words is 2326
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    38.3 of words are in the 5000 most common words
    44.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 17
    Total number of words is 3980
    Total number of unique words is 2278
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    38.4 of words are in the 5000 most common words
    45.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 18
    Total number of words is 3826
    Total number of unique words is 2298
    24.7 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 19
    Total number of words is 4011
    Total number of unique words is 2430
    25.2 of words are in the 2000 most common words
    37.5 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 20
    Total number of words is 3935
    Total number of unique words is 2383
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    45.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 21
    Total number of words is 3922
    Total number of unique words is 2456
    24.7 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 22
    Total number of words is 3905
    Total number of unique words is 2360
    25.7 of words are in the 2000 most common words
    37.1 of words are in the 5000 most common words
    43.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 23
    Total number of words is 3793
    Total number of unique words is 2219
    25.4 of words are in the 2000 most common words
    36.9 of words are in the 5000 most common words
    43.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 24
    Total number of words is 3857
    Total number of unique words is 2269
    24.4 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    43.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 25
    Total number of words is 3863
    Total number of unique words is 2183
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    35.5 of words are in the 5000 most common words
    43.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 26
    Total number of words is 3856
    Total number of unique words is 2325
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.0 of words are in the 5000 most common words
    45.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 27
    Total number of words is 3866
    Total number of unique words is 2429
    25.2 of words are in the 2000 most common words
    35.8 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 28
    Total number of words is 3971
    Total number of unique words is 2417
    23.9 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    42.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 29
    Total number of words is 3917
    Total number of unique words is 2300
    24.3 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    42.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 30
    Total number of words is 3926
    Total number of unique words is 2169
    25.8 of words are in the 2000 most common words
    37.9 of words are in the 5000 most common words
    44.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 31
    Total number of words is 3936
    Total number of unique words is 2141
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    45.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 32
    Total number of words is 3916
    Total number of unique words is 2096
    25.7 of words are in the 2000 most common words
    37.3 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 33
    Total number of words is 3934
    Total number of unique words is 2181
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    38.5 of words are in the 5000 most common words
    45.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 34
    Total number of words is 2486
    Total number of unique words is 1435
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    41.2 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.