Latin

Мезгил Сабактары - 33

Total number of words is 3934
Total number of unique words is 2181
26.3 of words are in the 2000 most common words
38.5 of words are in the 5000 most common words
45.4 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
тек жайына коюштан чочулады. Балким, чынында эле чоң жортуулдардан кийин монгол
кошундары кансырап калган кезде тынч жаткан кыргыз кошундары аларга коркунуч
туудурары ыктымал болучу. Биз бул жерден байыркы бабалар антпес эле деп кесип,
байыркы жоокер журттун милдетин ала албайбыз. Экинчиден мурдатан бери бардык
жактан жогорку деңгээлде турган кыргыз журтчулугун Чынгызхан күнүлөдү. Мындай
күнүлее жеке Чынгыздан башталган жок. Ал небактан бери эле Батыш, Чыгыш элдеринин
тарыхында падышалардын, шахтардын, королдордун, хандардын, кол башчылардын
арасында болуп келген терс жосундар.
Ошондой күнүлүктүн кесири тийип, жадаса эки агайын киши, не тектеш эки калк
жоолашып кеткен учурлар аз эмес. Алсак: 840-жылдары кыргыз, уйгур арасындагы
жыйырма жылдык согуштар. 545-жылдан баштап түрк урууларынын. чет жоо менен да, өз
ара да салгылаштары. Алардын ичтеринде кыргыздар да бар.
Мына ушундай беттешүүлөр бирде же бул, же тигил кол башчынын чет жоодон
коргонууда ынтымакка келбегенинен болсо, бирде тек күнүлүктөн, ич тардыктан, мансап
талашкан, дыктан кандуу кыргыздар болуп турган... Ал эми ошол ар дайым айкаш ачып
кан төгүшүп турган элдердин ичинде кыргыздар кандай орунду ээлеген?
Кыргыз кол башчыларында тек жортуул баштап, тек олжо самап башка элди талоондоо
мүнөздүү беле? Не кыргыз журтунда өз кыйырын жоодон коргоо, өз эркиндигин. сактоо,
ошону менен өзүнө коншулаш, тектеш элдердин кыйырын сакташуу мүнөздүү беле?
Албетте, айрым хандар, айрым кол башчылар жеке керт башынын зоболосун көтөрүп,
жеке өзүнүн даңкын чыгаруу, олжого батуу үчүн жортуулга аттанган учурлары аз эмес
болгон. Мындай маалыматтар тарыхта да «Манас» сыяктуу зор мурасыбызда да айтылат.
Бирок кыргыз журтчулугу негизинен эркиндик үчүн болгон күрөштөрдү жүргүзүп
келишкен.
Маалыматтарга кайрылалык:
«...Чамасы Түштүк Сибирдеги динлин уруулары ошондой башкаруунун, балким гундук
башкаруучулардын иштеп чыккан, балким, алар тарабынан күчөтулгөн формаларын
табышкан. Мунун бардыгы — Борбордук Азиянын кезектеги зомбулоочуларына дайыма
каршы турган енисейлик кыргыздардын кийинчерээктеги абалын эске салганы эң абзел
иш».
Советтик чоң окумуштуу, Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты С. В. Киселовдун ушул
так баяны байыркы элибиздин жүзүн жарык ачат. Анын күрөшү — баскынчылык үчүн
эмес, эркиндик, кыйырды жоодон коргошуу үчүн болгон күрөштөр экендигин аныктайт.
Ал эми байыркы маалыматтардагы бир мисалды келтирели:
«...Биз кыргыз деген элге жеттик... Алардын өзүнчө туткан жосуну, ой-пикирлери,
жазуусу, жана ибадатканалары бар. Алар чыракты өзү өчмөйүнчө өчүрүшпөйт. Алардын
кофиялык сөздөрү — өлчөм менен так уйкалышкан кереметтүү, касиеттүү кыраат менен
окулчу сөздөрү бар, алдыларына жыпар жыттуу нерсе коюшуп, сыйынышкан кездеринде
аны кайталап окушат. Алардын бир жылда бир нече майрамдары бар. Жышанаасы,
белгиси көк... Чолпон, Алтын казык (Сатурин) жылдыздарын урматташат. Миррихкечки
кызгылт жылдызды жактырышпайт. Аны кырсык деп эсептешет... Аларда кечкисин
жарык кылар бир таш бар, ошон үчүн чыракка мухтаждыгы жок. Ал таш алардын
мамлекетинен башка жайда болбойт. Бардыгы моюн сунган бир падышасы бар. Анын
жанына жашы кырктан өткөн гана киши олтурат».
III кылымдын биринчи жартысында Бухарадан Чинге (Кытайга) карай сапарга барган
араб окумуштуу саякатчысы Абу Далав «Мужамул булдон» жазгандарынан.
Кытай, парсы, араб, орус жана батыш окумуштууларынын кыргыздар жөнүндөгү эң эле
бай маалыматтарынан биз кыска ушул эки маалыматты келтирдик. Ушул эки
маалыматтын өзүн элибиздин өмүрү, анын өзү түзгөн рухий дүйнөсү, Улуу сөзү менен
айкаштыра караганыбызда элибиздин байыркы өмүрлөрү жана алардын ажарлары дап
данаа ачылат. Дал ошол ажарлар жылдар бою мени тынчытпады:
«Качан мага кезек тиет? Бүгүнкү социализм жолунда өркүндөп өнүккөн кыргыз элинин
кечээки өмүрү — мен эмесминби. Ошо менин ажарымдын ачылышы бүгүнкү урпактарга
жакшы жактан сабак болбойбу? Менде, бардык эле элдердин өмүрүндө болгондой жакшы
жарык үлгүлөр бай. Аздыр-көптүр болсо да мендеги ошол байлыкты урпактарга
таанытыш жазуучунун, окумуштуунун милдети эмеспи. Ал милдетти, силерге Октябрь
революциясы такпады беле!» деген үн ар дайым менин кулагымдан кетпеди.
Мен бул үндөн — байыркы элибиздин «алтынга бөлөнүп, сүт көлгө чөмүлүп...»
жыргаганын эшитпедим?!
Баарыдан мурда бул үн:
Элибиздин замандар бою башынан кечирген катаал күрөштөрүн угузду. Күрөштөр —
четки жоодон кыйырды сактоо үчүн болуп турган. Күрөштөр — адал эмгек менен кен
эритүү, эгин эгүү, асыроо, чеберчиликти, устачылыкты өнүктүрүү, көркөм өнөрдү өстүрүү
үчүн болуп турган. Кала берсе, күрөштөр — журтчулукту бекем сактоо, тышкы элдер
менен достукту бекем сактоо үчүн болуп турган!
Ага:
Чыгыштан кытай, тогон; түштүк тараптан түпүт, Индостан. парсы; батыштан урум,
пурум, итаали, гректерден Борбордук Азияга маалмаал элчилер келиши, көчмөндөрдүн
турмушун, анын маданиятын таанып, аны жогору баалоолору айкын күбө. Булардын
ичинен элибиздин нукра маданияты уздардын, усталардын колунан жаралган чебер
буюмдар, көркөм өнөр өз кезинде храмдардан, музейлерден кеңири орун алышы да эң
абзел иш.
Ошону менен катар көчмөн журт баштан чоң кайгыны, терең муңду кечирип турушту.
Алсак:
Четтен келген калың жоо бир жолку салгылашта гана Борбор Азияда жердеп турушкан
көчмөндөрдөн эки жүз миң түтүндү өрткө чулгашты. Мында ар бир түтүндө бештен киши
болгондо да, бир миллион адам кыргын тапты. Же үйсүз-жайсыз тербиди. Булардын
ичинде кыргыздар да аз эмес болучу. Бир жолку айкашта кытайдын армиясы көчмөндөрдү
аябай кыргындады. Өзүнүн кан көксөгөн императорунун мийзамы боюнча отуз миң
кулакты аскерлери кесип кетишти?! Ошол кесилген кулактардын ичинде кыргыз
кишисинин кулактары да аз эмес болучу.
Анын аз эместиги «Манаста» айтылат:
Кулагын кесип култуйтуп, Мурдун кесип мултуйтуп...
деген саптар, тек манасчы-акындын кыялынан чыга келген сөз эмес. Бул чындыкка
үндөшөт.
Элибиздин башынан кечирилген дал ушул чындыктар, дал ушул муң-зарлар мени
тынчытпады. Мени өзүнө чакырды!
Баса, урматтуу жазуучулар!
Кыргындалган кишилерди, кесилген кулактарды, өрттөлгөн жүз миңдеген боз үйлөрдү
көз алдыга келтирип... ага салкын кандуулук менен кол шилтей карасак, биз өз элибиздин
муңун, зарын бөлүшкөн урпагы боло алабызбы? Жок!
Не элибиздин башынан кечирилген өмүрлөрүн үлгү этсек, бүгүнкү дүнүйөдө Батыш
жана Чыгышта жазыксыздан төгүлүп жаткан канды бөгөшкө аздыр-көптүр болсо да пайда
берер беле? Карөзгөйлүккө салып, куралынын күчү менен вьетнамдыктарга өрт чачкан
америкалык баскынчыларга наалат айталар беле? Баскынчылык согуш ар заманда эле
мазмундаш!
Байыркы заманда Борбордук Азияны өрткө чулгаган кытай жана башка
падышачылыктын баскынчылыгы менен азыркы империалисттердин кан көксөөсу бирдей
эле. Тек, айырмасы — алардын куралдарында?! Мурункулар: кылыч, айбалта, найза,
канжар менен кан төгүшсө, жыгырманчы кылымдын баскынчылары асмандан өрт
жаадырышат. Алыстан ажал чачышат. Байыркы баскынчылар кишини бирден өлтүрүшсө
азыркы баскынчылар кишини миндеп, өрткө чулхайт?! Бирок, алардын баскынчылык
таламдары бип-бирдей.
Эмесе, ошол байыртадан бери элдердин эркиндик үчүн болгон күрөштөрү биздин
бүгүнкү күрөшүбүзгө өзүнүн үлгүсүн берет. Согушту болтурбай коюу, не абдан
кылдаттык менен андан сактануу жолунда тарых таалими эчен асыл үлгүлөрүн бизге
сунуш этет. Демек, элибиздин байыркысын үйрөнүш — биздин бүгүнкү күрөштөрүбүзгө
чоң тажрыйба, үлгү кошор жарыка сабак!
Бул жөнүндө орустун укмуштуу кол башчысы А. С. Суворов: «Тарыхтын
шамчырагысыз тактика түнт» деп ачык айткан, таамай сөзүн кубаттабаска аргабыз жок!
Ал эми дүнүйөлүк окуялардан бир-эки мисал: Искендер Зулкарнайын — Александр
Македонский эски доордун IV кылымында дүнүйөнү титиретип кетти. Ошондон баштап
анын ысмы аталбаган, не ал жөнүндө чыгармалар жазылбаган мезгил аз. Ошого
карабастан, дал бүгүнкү күнгө чейин, ошол ажал сепкен кол башчы жөнүндө китептер
жазылууда. Ал китептер, тек кызыкчылык үчүн жазылып жатпайт. Ал жөнүндөгү улам
жаңы жазылган китеп урпактарга согушчулдуктан сак болуш үчүн эскертет. Явдат
Ильясов — советтик жазуучу. Ал 1929-жылы туулган жаш адам. Мурунку тракторист,
навайчынын жардамчысы. Бул кезде жазуучу. Ал өзүнүн «Тропа гнева», «Согдиана»,
«Полосатый смерть» деген тарыхый повесттеринде байыркы биздин бабаларыбыз
сактардын өмүрүн, ошол тушка карт келген Искендер Зулкарнайындын Орто-Азияга
жасаган чабуулун жазган.
Юлий Цезарь жөнүндө канча жазылды.
Башкасын айтпаганда да улуу Шекспирдин Цезарь жөнүндө дүйнөлүк мурас болуп
калган трагедиясына карабастан укмуштуу Бернард Шоу өзүнүн «Цезарь жана Клеопатра»
деген трагедиясында Шекспирди кайталаган жок. Ал өзүнүн трагедиясынын прологунда,
Шоу, XX кылымдын кишилерине кайрылып: Адам баласы ар доордо бирдей болгондугун,
анын тагдыры, муңзары бирдей экендигин эскертет. «Сен жыйырманчы кылымдын
мажрөө кишилери байыркы адамдардын баштан кечирген тажрыйбасынан таалим алып,
алар иштеген жаңылыштыктарды кайталабасаң, өркөндөйсүң. Жок, андагы жаман жолго
кайрытсаң, ошолордун башынан кечирген кайгыны сен да башыңан кечиресиң»... — дейт.
Ошондой эле:
«Өткөндү баалоо — нагыз маданияттын белгиси» деп Ф. Энгельс айтканында да,
элдердин тарыхындагы тигил асыл жана үлгүлүү жагдайларды көсөм эске тутканы
айгине! «Турмуштун насаатчысы — тарых» дент, байыркы грек жазуучусу, саясий ишмер,
жаакта жок чечен Цицерон Марк Тулий.
«Өткөн замандарды үйрөнгөндө жана дүнүйөдөгү өлкөлөрдү билгенде — адам акылы
көрктөнөт жана азыктанат» дейт Леонарда да Винчи.
«Бабаларды урматтабоо — барып турган наадандыктын, адепсиздиктин белгиси» дейт
А. С. Пушкин.
«Патриотизм — Ата-Мекенге карата эчен миң жылдап, кылымдар бою чыңалган өтө
терең сезимдердин бири» дейт В. И. Ленин.
Улуу акылмандардын дал ушундай укмуш чакырыктары мени тарыхка кызыктырды!
Дал ушул кеңештерден кийин, мен өз калкымдын өмүр-тарыхын билбесем, барып
турган наадан, адепсиз болорумду сездим.
Тарыхка кайрылдым.
Улуу Октябрь революциясы, кош кабат эзилген элибизди падышалык Россиянын
түрмөсүнөн биротоло бошотконуна, мына, элүү төрт жылга караганына карабастан, Улуу
Ленин, бизге, «эми улуттук маданиятыңарды өстүргүлө» деп алда нече көргөзмө
бергенине карабастан, ошол улуттук маданиятыбыздын бир асыл өзөгү болгон элибиздин
өмүр-тарыхын, анын байыркыдан аздыр-көптүр болсо да өнүгүп келаткан маданиятын
баян этүүдө, биз, кыргыз жазуучулары али арттабыз.
Артта болбогондо да, СССР элдеринин — орус, украин, белорус, грузин, өзбек,
азербайжан, армян, латыш, литва, эстон, казак, түркмөн, тажик жана башка адабият
күрдөөлдүү өнүккөн элдердин жазуучуларынан кемисек — баш ийкеп тим болор белек?
Биз өз элибиздин эртеги өмүр-тарыхын адабиятыбызда чагылыштырууда кыргыз
жазуучулары, башка элдердин бардыгынын артындабыз?! Муну тиштенип моюнга алууга
тийишпиз.
Тарыхый тема адабияттык жанр. Аны эстен чыгаруу — адабиятыбыздын бир өзөгүн
унут калтыруу деген сөз! Демек, бир өзөгү унут калган адабият эч качан чоң адабият
деңгээлине чыга албайт! Ишенбегениң бир колуңду кесип таштап, балбанга чыгып көргүн.
Эмне үчүн кыргыз жазуучулары ушул жанрды өксүтүп келишти? Мында бир кана себеп:
Эмнегедир айрым жолдоштор, өз тегин жектеп, тарых жөнүндө кеп болсо эле тиртейе
калышат. Ал тургай «дагы эмне балакетти айтканы жатат бу киши» дегенсип, беш
минуттай демин албай сени тиктей караган тарыкчыларыбыз бар.
«Енисей кыргызы башка. Алтай кыргыз биз эмеспиз... Алар башка кыргыздар. Биз
башкабыз» деген этиеттик менен делдейет.
Жарайт. Делдейелик?! Теги биз анда кайсы кыргызбыз? Тегибиз барбы? Бар болсо ал
кайдан чыкты? Кокон хандыгы эзип киргенде:
— Кыргыз кызыл иттен тараган?!—деп аныкташкан болучу. Эгерде биз
санжырабыздагы, «Манасыбыздагы» рухий дүйнөбүздөгү, тарыхый маалыматтардагы
кыргыз бабаны тансак, анда ушул кызыл иттен тараганыбызды мюнга алалы?!
Ким өз тегин танса, ал кызыл ит тегин кабылдай берсин. Мен — Күлтегиндин кырк
биринчи тоончорумун!
Албетте, бул жан кейигендеги сөз. Жанагы эки миң жылдан артык тарыхы бар кыргыз
— биз!
Ошол байыркы элибиздин өмүрү күрөштөрдө өттү. Биз, элибиздин байыркы өмүртарыхын колдон келишинче иликтейлик. Мында айрым жолдоштор күткөн жат окуя жок!
Элибиздин өмүрү, иши, эмгеги, тиричилиги, күрөшү, жеңиши, жеңилиши баяндалат.
Баарыдан мурда кытай империясынын биздин элге соккон кандуу куралы, анын эзүүсү
баяндалат. Мында, элибиздин эң татаал, эң оор жана кайгылуу өмүрү баяндалат.
Ошондуктан элибиздин байыркы өмүрүн аздыркөптүр чагылдырган чыгармалар
жөнүндөгү сөз — жылдар өткөн сайын толук айтылчу, толук угулчу сөз!
ЖАКШЫ ЧЫГАРМА ҮЧҮН
««Кантип жазуучу болот? Аңгеме, повесть, роман деген эмне? Мен талаптанам,
жазуучу боло аламбы?» Ушул суроолорду берген талапкерлерге жазсаң жазуучу болосуң,
деп оюн чындан жооп берип жүрөбүз. Кээде ушундай жооп беришке аргасыз да болосуң.
Албетте, бул толук жооп боло албасы белгилүү. Адам өз жөндөмдүүлүгүнө жараша шыгы,
кунту түшкөн кесипке умтулат. Ким өз кесибин жактырса, ага чексиз берилип, аны
өздөштүрсө, ал ишинен ийгилик көрөт. Ар бир кесип өз багытына жараша татаал. Жоктон
бар кылып, китеп жаратуу мындай турсун, кургап даяр турган талдын чулусунан сомдоп
ээрге каш чабышка олтурган жыгаччы да «Эмне?», «Кантип?», «Боло алабы?» деген
суроону өз алдына коюштан уялар эле. Себеби, эмнени кантип иштөөнү жана ал ишти
болтура аларды алдын ала көзү көрүп, сөзсүз бүтүрөрүн моюнга алып, анан ишин баштайт
да. Эгерде жыгаччы колумдагы эмне деп керкисин билбесе, чаап жатканым эмне деп
жыгачын тааныбаса, боло алабы, жокпу деп өзү баштаган ишинин бүтөрүнө ишенбесе,
анда ал жыгаччы эмес, анын колунан иш да бүтпөйт. Эмнени лантип бүтүрүштү жыгаччы
анчейин билбестен ал аны мыкты үйрөнүп, өздөштүрүп анан ишти баштаар. Эмесе
жазууга талаптанган, жаш талапкер, китеп жазыштан мурда аңгеме, повесть, роман эмне
экендигин айра таанып алып жазуучу болоруна көз жеткире ишенип туруп жазышка кам
көр. Жазуучу болуш үчүн жеке үйрөнүү, билүү аз. Ал өткүр шыкты, жандил менен
берилгендикти, алп эмгекти талап кылат. Адам өз күчүнө ишенгендиктен бир ишти
колуна алат да. Эмгектин баатыры Кайназарова Зууракан да эмгекте зор ийгиликке
жетишерин алдын ала ишенет. Иши жөнөкөй же жеңил болгондуктан Зууракан ийгиликке
жетишкен жери жок. Ал өз кесибине чексиз кызыкты, жерди кандай иштесе, сууну канча
сугарса, семирткичтерди кандай берсе, мол түшүмгө ээ болорун даана көрдү.
Ушинтип ар бир кесип өзүнчө татаал, оор. Оңойлук менен ийгилик берген иш да жок!
Ал эми жазуучуда өзү менен кошо төрөлгөн шык (талант) болушу керек. Ал шыкты эмгек
курчутат. Шык курчуган сайын жазуучу өз кесибине чексиз берилип, аны мыкты
өздөштүрүп, талыкпай иштеп анан ийгиликке жетишет.
Ойлойм да ойго батып бекер турбайм, Пушкинден, Шота абамдан акыл сурайм, Жок
дешбейт, мындай дешип айтып берет, Кайрадан көбүн ондойм, иргейм, ылгайм...
***
Ошентип, кирпик менен килем согом, Өнү өчүп, оной менен гүлү онбогон.
Биздин Алыкул ырды ушундайча жараткан. Ал өз ишин кирпик менен согулган
килемге салыштырган. Кирпик менен килем соогулбаган сыңары акын, жазуучунун
каламынан ыр, аңгеме, повесть, романдар оңойлук менен жарала калбайт. «Кирпик менен
килем соккон» сыңары талыкпай сөздөрдү тизмектеп чыгарма жаратат. Ал ойго келгенди
кагазга түшүрө беришке эч акысы жок: ал кайрадан көбүн оңдойт, иргейт, ылгайт. Ар бир
өздү ордуна коюп, маанилүү, көркөм сүйлөмдөрдү кынаптайт Ошентип, жазуучу «Өңү
өчүп, оңой менен гүлү оңбогон» чыгармаларды жаратат.
Ушул сабактарды окуганда, балким кээ бирлер:
«Андан болсо эмне... далай, далай жүүнү бош ырлар, поэмалар, аңгеме, романдарыңар
китеп болуп жүрөт?! Эмне үчү» аларды чыгартасыңар да, биздикин баспайсыңар?» дешер.
Ырас, биздин кээ бир китептерибиз ушундай суроого жод ачары да шексиз. Жазууга
талаптанган жолдошторго: «мындай уроого алданбагыла!» дээр элек. Максат — чыныгы
көркөмдүк, чыныгы көркөм чыгармаларды жаратуу! Андай болсо, арт жакка бурулбастан,
дайым алды жакка кара. Жүүнү бош, начарларга теңелбестен, үлгүлүүгө — жакшыга
теңелүүгө ашык. «Азыр ушуну бере турайын, кийин таанылып алып, жакшысын
берермин» дегендик бери болгондо өз милдетин ачык сезбегендик, адашкандык. Албетте,
жаңы жазып жүргөн кезде эмне жазсаң да өзүңө жакшы көрүнөт. Жазганыңды тез эле
басма жүзүнөн көрүүгө ашыгасың. Бул бир жагынан алганда закондуу иш сыяктуу. Кеп
ушул «закондуу иштен» тезирээк кутулуш жөнүндө болуп жатат. Кай бир акын, жазуучу
ашыгып иштөөге көнүп алышат да, аларга дайым ашыгыштык өнөкөт болуп калат. Эптеп
сомдолгон «чыгармаларын» окуучуга сунуш кылат. Көп учурда өз кемчилигин көрбөйт.
Ошон үчүн андай акын жазуучу чыгармачылык азап эмне экеннн сезбейт. Ага жазуудан
оңой-олтоң эчтеме жоктой сезилип, өзүнүн «талантына» өзү таңданып, бардык
жооптуулукту эстен чыгарып коюшу мүмкүн. Албетте, мындай «ийгиликтин» акыры
кайгыга алып барат.
Биздин замандаштардан чыгармачылык «азапты» тез сезген акын Алыкул Осмонов
болду. Ал экөөбүз көп учурда бирге болуп, адабиятка тийиштүү маселелер жөнүндө көп
сүйлөшчүбүз. Ал өтө байкагыч, ойчул, кепке сараң болучу. Ал адабият жөнүндө пикирди
даана, бан, сергектик менен маанилүү айтычу. Анткени, ал өтө көн окучу. Анчейин
окубастан баамдап, талдап, сынап окучу. Балким ушунданбы, ал өз кемчилигин тез
тааныды, аны тез жоюшка ашыкты. Ал каламы такшала элек кездеги начар жазылган
ырларын сактамак тургай аны көрүүдөн уялычу. Көңүлүнө жакпай жаман деген ырларын
тезирээк жоготушка ашыгычу.
Бир күнү мен иштеп олтурсам Алыкул келип, «Чолпонстанын» шкафтан ала баштады
эле мен бербей алып койдум. Аны алалбастыгына көзү жеткен соң:
— Башка кишиге окутпа, эч ким көрбөсүн. Уяламын. Ыр деп эле бирдемени жаза
беричү турбайбызбы,— деп аргасыз күлдү.
Бирок, «Чолпонстанды» мен кайтарып кала алган жокмун. Акыры аны Алыкулга
«уурдаттым». Акындын бул иши мени таң калтырды. Акын кыска өмүрүндө кирпик менен
согулган килемдей оңой менен өңү өчпөс, гүлү солбос сонун ырларын берди. Өзүнүн
кемчилигин даана көргөн соң баштапкы кездерде жүүнү бош жазылган ырлары үчүн
окуучулардын алдында катуу уялышы — анчейин кызаруу гана эмес, акын өз алдындагы
жооптуулукту ыйык сезгени. Анык көркөм чыгарманын туусун бийик кармап, аны баалай
билгендиги!
Советтик кыргыз адабиятынын өнүгүшүндө бир топ салымдарын кошкон Мукай менен
Жоомарт да өз кемчиликтерин жаңы тааный баштаган кездеринде арабыздан кетишти.
Ырас, Мукай чыгармачылык «азапты» эртерээк сезген. Ал баштапкы кездеринде жазган
ырларын кайра карап, редакциялап, көп оңдоолор киргизди. Кичинекей ырга терең маани
берүү, ар бир сөздү өз ордунда туура пайдалануу, жаңы ыкмаларды табуу, дагы ушулар
сыяктуу чеберчиликтин татаал жолдорун изилдөөдө көп эмгектенген жазуучуларыбыздын
бири ушул Мукай болду. Ошондуктан азбы, көппү, анын калтырган адабий мурастарын
бүгүн биз ынанып окуйбуз. Эмгектин кишиси күчтү дайым эмгектен алат. Ал сырткы
«жалтырагы» менен таанылбастан эмгеги менен таанылат. Арзан атак мийзамдын
гүлүндөй туруксуз, бүлк этип жел жортсо, үлп этип учат да кетет. Эмгек келтирген даңк
— бутактуу жаш чынар сыңары күн өткөн сайын өнүгүп, көгөрөт. Жазуучулук сыймыктуу
кесипке ээ болушка талап койгон адам,. ал жашпы же карыбы, мейли, жоопту бирдей
берерин биз турмуштан көрдүк. Мына, жаңы жыйнак, же жаңы повесть, же роман. Окуучу
аны окуй баштаганда ким жазганын анча этибар албайт: «бул кандай китеп, эмне жөнүндө
баян этет, мага пайда берер бекен?» деп чоң үмүттө китептин бетин ачат. Эгерде китеп
окурмандын талабын орундата алса, жүрөгүн толкутуп, көңүлүн көтөрө алса, көптү
көргөн акылман сыңары китеп окурмандын ой-пикирин тереңдетип аны ойлонто алса,
анда ал унутулгус жакын досу сыңары узакка эсинде калат. Мындай китептин авторун да
окурман бийик урмат менен сыйлайт. Эгерде, китеп мааниге тайкы, ой-пикирге жарды,
көркөмсүз — супсак болсо, андай китеп окурмандын кыжырын келтирип, аны тажатат.
Аны жазган авторуна нааразы болот. Ырас адабиятты үстүртөн тааныган айрым
окурмандар өздөрүнүн жеке татымына карай начар китептерди жакшы баалап, жакшы
китептерди түшүнбөй калган учурлар да болот. Жазуучу андай окурмандын пикирлерине
сыймыктанса, анда ал өзүн өзү алдап, кемчилигин да тез тааный албас. Чынында бул
өкүнүч ушул убакка чейин биздин кээ бир жазуучулардын жолун бөгөөдө. Муну көбүбүз
кечигип сезип, томугу тайыган жылкыдан бетер далайга аксай басып, өз
чыгармачылыгыбызда чечкиндүү бурулуштар жасай албай да жүрөбүз. Бул жеме
баарыбызга тийиштүү. Жалгыз айырма: бирибизде көп, ал тез байкалат. Бирибизде аз, ал
анча сезилбейт. Ал тургай: «Китеп болсо кызык болсун. Кызыгы жок китеп да китеппи!»
дешип бардык касиетти жылаңач окуядан тааныгандар жазуучуларда да жок эмес.
Менимче «кызык» дегендин түшүнүгү бир топ кең. Ал жеке эле чиелешкен окуялар менен
чектелбейт, орунсуз жалган окуя кайра китептин кызыкчылыгын тост. Кызык деп, биз нак
турмуштун өзүн айтабыз. Турмуштан кызык, дүнүйөдө эч нерсе жок. Кеп турмуштун
кызык жагын тааный билиште! Жазуучунун көз таразасы турмуштун ошол керектүү,
кызык жактарын калатсыз баамдап, калыс таразалашы керек. Турнабай алыстагыны
жакындатып көрсөткөндөй, башкалар байкай албай тургандарды жазуучунун көзү таамай
көрүп, ал тургай аны кадимкисиндей элестетсин. Өзүнө анча тааныш болбогон окуяны
жазуучу кагазга түшүрө берүүгө болбойт. Ооздон-оозго көчкөн улама сөздөр көп учурда
чындыкты бурмалап коёт. Маселен, «Жумгалдын Кабагында киши-кийик бар дейт. Ал
чаңырганда жанаша турган эки карагайдын учтары бирине бири чабыла түшөт экен»,
деген жомокту аныктап жаза беришке эч акыбыз жок. Балким, бир замандарда Кабакта
жапайы адамдар жашап да өткөндүр. Ага талаш да жок. «Киши-кийик» деген улама
ошондон калууга ыктымал. Ал эми: «ал чаңырганда жанаша турган эки карагайдын
учтары чабыла түшкөнү» сөзсүз жалган. «Киши-кийиктин» каарын көрсөтүш үчүн атайы
кошулган сөз экендиги оркоюп турбайбы?! Кээде мынчалык оркойбой эле калп-чынына
анча көз жетпеген уламалар айтылат. Маселен, «Алакарга суукта гана жашай алат. Ал
ысыкта калса мээси кайнап өлүп калат» деп айтышат. Башта ысыкта жайлап калган ала
карганы көрбөгөндүктөн мен буга ишенип да жүрчүмүн. Балким жакын арада балдар үчүн
китеп жазып калсам, ала карганы адаштырып ысыкка калтырып, анын мээсин күнгө
кайнатып өлтүрүп да коёт белем, ким билсин? Менин таалайыма жараша мен андай
китепти жазганымча тигил уламанын жалган экенин турмуштан көрдүм. Өткөн жайда бир
канаты майып болгон ала карга биздин короого байыр алды. Биз аны жайына койдук. Ал
короого көндү, өз тиричилигин өткөзүп жашай берди. Өткөн жайында июль, август
айларында ысык кандай болгондугу бизге белгилүү. Бирок биздин ала карганын мээси
кайнап өлмөк тургай өзүн жайлоодогудай эле сонун сезди. Ал тургай анын бир далай
кызык жактары да байкалды. Көрсө, анын өзүнө жараша амалы да, кайраты да болот экен.
Анын жашоо үчүн көргөн тиричилигин байкасак өзүнчө кызык, өзүнчө тамаша. Көп
учурда ал адамды кубантып, таң калтырат.
Эмесе, биз ушул ала карганы «каарман» кылып балдар үчүн китеп жаза турган болсок,
ал кызык чыгышы үчүн окуяны кандай түзсөк болор эле? Уламаны ээрчип ала карганын
мээсин күнгө кайнатып, аны сенделтип, акактатып, жалгандан ойку-кайкы окуя түзүп,
экиленткенибиз кандай? Же ала карганын турмушундагы чындыкты туура көрүп, туура
сүрөттөп, туура баяндаганыбыз кандай? Талаш жок: чындыктын өзү кызык экендигин
бизге ысыкта жайлаган ала карга өзү көрсөттү.
Чындыкты бурмалашка акыбыз да жок!
...Ушинтип жазуучунун көтөргөн жүгү өтө зор болорун да көрдүк. Ал жеке эле
билимин арттырып, тажрыйбасын өстүрүп токтолбостон, жеке эле кишилердин кулкмүнөзүн, сырын билип чектелбестен жаратылышты да жакшы байкоого милдеттүү.
Ушундан улам жазууну жаңы баштап жүрүшкөн жаш талаптарга эскертээрибиз: зор
жүктү көтөргөндөй күчүңдү топто, күчүңө ишен! «Менин талантым чоң (!) алдыңкы
жазуучулар жардам бербегендиктен өспөй жатам» деп айтып, бирин-эки жазгандарың
басылбаса ага таарынып, көңүл кайттылык кылба. Жазгандын бардыгы чыга бербейт.
Анда анын кемчилиги эмнеде экендигин ойлоо керек.
Башаттын суусу күчтүү акса, жолун канча бөтөгөн менен да ал туюктан жол таап оргуп
агат. Ал эми оргуй албаган күчсүз суу сугатчынын көңүлүн алдайт. Эмесе, жазууга
кызыктырган шыгың дайым ташкындап көңүлдү тынчытпай турсун! Ишенимиң бекем,
кайратың курч — эч жалкпас, намыскөй бол.
Кек сактаган куру намыс эмес, өзүңдү чыйралткан, кайратынды курчуткан
адамкерчиликтин чын намысы — үйрөнөм, билүгө ашыгам. эмгектенем, зор иштерди
бүтүрөм дедирсин. Кайратыңды курчутсун.
ТУРМУШТУ ТЕРЕҢ ТААНЫП ЖАЗАЛЫ
Бул кезде турмуш өзү ар бир эле кесиптеги кишилерден көптү билишти талап этип
калды. Тек өз кесибинин алкагынан чыкпай ошого тийиштүү нерселерди эле билишим
керек деген киши баарыдан мурда ошо өз кесибин жөндөмдүү өтөй албайт. Өз багытына,
мүнөзүнө карай чоң чеберчиликти жана кенен билимди талап эткен татаал кесиптерди
айтпаганда талаачылык, мал асыроо, ал тургай кай бир тар түшүнүктөгү кишилер кем
баасынткан иштер, анчейин жеңил көргөн кесиптер билимди, эпти устаттыкты талап этип
калды. Малчы менен маектешип көр. Ал тек жайытта мал кайрып жүргөнүнө азыр
канагаттанбайт. Мурдагы жайдак турмушту сынга алат. Жайытты үнөмдүү, үзүрлүү
пайдалануу жөнүндө, малдын тукумун асылдандыруу, анын эттүүлүгүн арттыруу —
кирешени арбындатуу, фермелерде эмгекти жеңилдетүү жөнүндө өз сунушун айтат.
Кеңешин берет.
Бул биздин өлкөдө кишилер тек эмгектенип жумуш иштөө менен кана чектелбестен, ал
өзү ишинин билги чебери. Ар бир ишке демилгечи, жаңы өнүмдү улоочу ишмер. Иш
билгилиги, дүнүйөгө көз карашы баары кенен жана жаңыча. Ошентсе да бардык эле
кишилер бул кезде эч кемтиксиз сонун болуп калышты деп ойлоого болбойт. Күрөш бар
жерде талаш-тартыш да, келишпестиктер да, түшүнбөстүк жана канагаттанбастыктар да
бар.
Биз жеке эле эки кишинин айтышын, өз ара келишпестигин, не көз караштарындагы
ажырымды байкоо менен чектелбейбиз. Жаңы менен эскинин кагылышын, андагы карама
каршылыкты туура жана калыс көрүү, күрөшчүл кишилердин мүнөзүндөгү кагылышты,
коомдогу өркөндөөнү байкап, ар бир кишинин ички ой-сезимине чейин кылдат баамдап
туура сүрөттөбөсөк, өз замандаштарыбыздын көркөм элесин чыгармабызда туура
чагылыштыралбайбыз.
Эмесе турмушту кылдат жана кеңири билүү жазуучу үчүн башкы вазипа. Аны кандайча
үйрөнүүнү ар бир жазуучунун өзүндөгү жеке сапаты билет. Албетте, бул жөнүндө
жазуучу, өндүрүш жайына, айылкыштакка барышсын деген жолдошторго да макулбуз
дечи. Бирок, ошентсе да биздин убакта ошо өндүрүш жайында, не айылкыштакта болуу
менен гана жазуучу адам турмушту кеңири биле коёбу? Албетте биле койбойт! Себеби,
эмне дегенде жазуучу биринчи иретте өз заманынын ырчысы. Заманыбыздын алдыга
койгон таламы алда-канча кең. Бүгүнкү кишилердин кыял мүнөзү өзгөрдү, турмушка көз
караштары кеңейди, иштеген иштери да жаңыча жүрө турган болду. Колхоз, МТС,
совхоздор тармакташат. Булардын бирин колхозчу-дыйкандар тейлесе, экинчисинде
жумушчулар, механизаторлор иштешет. Ушул сыяктуу эле кыштак менен шаар, завод
менен колхоз танапташ. Булар мындай турсун, илимий мекемелерибиздин иштери сырткы
турмуш менен тыгыз байланышта. Жумушчу менен колхозчунун катнашын айтпаганда,
кырдагы жүргөн малчылар менен шаардан келген окумуштуунун тажирийба
алмашуулары, ал тургай алардын айтыш-тартышынан келип чыккан адамды жылмайта
турган жылуу «чатактарды» байкап жүрөбүз. Жарайт, колхоз турмушунан роман жазыш
үчүн жазуучу колхозго эле жашасын. Каармандардын катарында колхозчулар менен
бирге, башка кесиптеги адамдар болушун турмуштагы чындык талап кылып тургандыктан
тигил окумуштуу романга кейипкер болуп киришке акылуу. Бирок, анын элесин түзүп,
илимий ишин көрсөтүш үчүн, жазуучу окумуштуунун кыял-жоругун кылдат байкап, ал
иштеген лабораториясынан баштап анын ички дүнүйөсүнө чейин — таанышууга
милдеттүү.
Жеке адамдар гана эмес, техниканын катнашы далайды талап кылат. Маселен,
Казакстандын мейкинин жайлаган малды жана аларды тейлеген адамдарды суу менен
камсыз кылыш үчүн көчмө кудук келди дейлик. Аны биринчи көргөн карыя сөзсүз ага
таңыркап карайт. Анын ишине кубанат. «Мындай сонун машинени кимдер иштеп
чыгарат? Мунун заводу кайда?» Ушулар сыяктуу толгон суроолор жоопсуз калышка
тийиш эмес!
Колхозчулар, жумушчулар, кызматчылар көп улуттан коллектив курган учурлар биздин
чындыкта басымдуу болуп келатат. Кыргызстанда эле он-он беш улуттан коллектив
курган колхоздор, же өндүрүш жайлары аз эмес. Өз заманын толук баяндайын деп
талаптанган жазуучу бул сонун чындыкты көз жастымына калтырышка эч акысы жок.
Эмесе бул кезде турмушту кең тааныш үчүн өткөн кылымдын кээ бир жазуучуларын
туурап, өз областынан чыкпай жата бериштин өзү да эртедир-кечтир жазуучуну
мүчүлүштөтүп коюшу ыктымал.
Ошондуктан, ар бир жазуучуга тема тандаш жагынан рецепт берилбеген сыяктуу эле
турмушту үйрөнүүдө да «Сен колхозго бар», «Сен заводго кет» — десек, бир ыңтайлык
болор. Кимдин кайда барышы анын өз тандоосу менен боло турган иш. Ар бир жазуучу
каалаган темасын ылгап алат. Сөзсүз ал тандап алган темасына материал бере турган
чөйрөлөрдө көбүрөөк жүрсүн. «Алтынды чыккан жеринен каз» деген. Мында эч кандай
талаш жок. Милдет — табылган кенди гана чукуп жатууда эмес, чексиз изилдөөлөрдү
жүргүзүп, жаңы кен байлыктарын табуу. Турмушту үйрөнүүдө жазуучунун изилдөөсү
андан ашпаса кем түшпөйт. Андай болсо, жазуучунун таманы тийген жер бир областтын
чегинен алда канча алыс кетсин. Анын көргөндөрү да, уккандары да көп болсун. Албетте,
көз көргөн, кулак уккандын баарысы кагаз бетине түшө бербейт. Топондон кызылы иргеп
алган дыйкандын ишиндей, жазуучунун фантазиясы баалуу, керектүү «кызылды» тандап,
иргеп алат. Артыкча чыгарманы жандуу, элестүү, кызыктуу кыла турган кымбат
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Мезгил Сабактары - 34
  • Parts
  • Мезгил Сабактары - 01
    Total number of words is 3925
    Total number of unique words is 2168
    28.4 of words are in the 2000 most common words
    41.5 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 02
    Total number of words is 3835
    Total number of unique words is 1945
    25.2 of words are in the 2000 most common words
    37.9 of words are in the 5000 most common words
    45.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 03
    Total number of words is 3888
    Total number of unique words is 2004
    26.2 of words are in the 2000 most common words
    38.0 of words are in the 5000 most common words
    44.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 04
    Total number of words is 3917
    Total number of unique words is 2109
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    38.3 of words are in the 5000 most common words
    44.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 05
    Total number of words is 3841
    Total number of unique words is 2050
    24.3 of words are in the 2000 most common words
    35.5 of words are in the 5000 most common words
    41.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 06
    Total number of words is 3908
    Total number of unique words is 2175
    25.1 of words are in the 2000 most common words
    36.6 of words are in the 5000 most common words
    43.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 07
    Total number of words is 3879
    Total number of unique words is 2261
    24.6 of words are in the 2000 most common words
    36.6 of words are in the 5000 most common words
    43.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 08
    Total number of words is 3889
    Total number of unique words is 2322
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    38.4 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 09
    Total number of words is 3878
    Total number of unique words is 2190
    26.2 of words are in the 2000 most common words
    38.2 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 10
    Total number of words is 3881
    Total number of unique words is 2101
    24.1 of words are in the 2000 most common words
    34.1 of words are in the 5000 most common words
    40.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 11
    Total number of words is 3844
    Total number of unique words is 2201
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    42.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 12
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 2270
    27.6 of words are in the 2000 most common words
    39.9 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 13
    Total number of words is 3957
    Total number of unique words is 2233
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    47.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 14
    Total number of words is 3766
    Total number of unique words is 2212
    23.9 of words are in the 2000 most common words
    35.6 of words are in the 5000 most common words
    42.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 15
    Total number of words is 3906
    Total number of unique words is 2254
    27.6 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    47.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 16
    Total number of words is 4040
    Total number of unique words is 2326
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    38.3 of words are in the 5000 most common words
    44.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 17
    Total number of words is 3980
    Total number of unique words is 2278
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    38.4 of words are in the 5000 most common words
    45.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 18
    Total number of words is 3826
    Total number of unique words is 2298
    24.7 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 19
    Total number of words is 4011
    Total number of unique words is 2430
    25.2 of words are in the 2000 most common words
    37.5 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 20
    Total number of words is 3935
    Total number of unique words is 2383
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    45.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 21
    Total number of words is 3922
    Total number of unique words is 2456
    24.7 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 22
    Total number of words is 3905
    Total number of unique words is 2360
    25.7 of words are in the 2000 most common words
    37.1 of words are in the 5000 most common words
    43.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 23
    Total number of words is 3793
    Total number of unique words is 2219
    25.4 of words are in the 2000 most common words
    36.9 of words are in the 5000 most common words
    43.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 24
    Total number of words is 3857
    Total number of unique words is 2269
    24.4 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    43.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 25
    Total number of words is 3863
    Total number of unique words is 2183
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    35.5 of words are in the 5000 most common words
    43.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 26
    Total number of words is 3856
    Total number of unique words is 2325
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.0 of words are in the 5000 most common words
    45.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 27
    Total number of words is 3866
    Total number of unique words is 2429
    25.2 of words are in the 2000 most common words
    35.8 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 28
    Total number of words is 3971
    Total number of unique words is 2417
    23.9 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    42.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 29
    Total number of words is 3917
    Total number of unique words is 2300
    24.3 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    42.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 30
    Total number of words is 3926
    Total number of unique words is 2169
    25.8 of words are in the 2000 most common words
    37.9 of words are in the 5000 most common words
    44.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 31
    Total number of words is 3936
    Total number of unique words is 2141
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    45.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 32
    Total number of words is 3916
    Total number of unique words is 2096
    25.7 of words are in the 2000 most common words
    37.3 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 33
    Total number of words is 3934
    Total number of unique words is 2181
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    38.5 of words are in the 5000 most common words
    45.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 34
    Total number of words is 2486
    Total number of unique words is 1435
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    41.2 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.