Latin

Мезгил Сабактары - 27

Total number of words is 3866
Total number of unique words is 2429
25.2 of words are in the 2000 most common words
35.8 of words are in the 5000 most common words
42.8 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
жабылган жыгач үй алыстан жалтырап, бак-дарагы дүпүйөт. Катарда кампа, обочороок
мал сарай. Анын туш тарабында төрт устундан бекем орнотулган «козелдун» бир жагы
коло-коло карагайга шыкырайт, бир жагында чайыр жыттанган тактайлар додо. Наркы тоо
таянган айдөш бетти бербей тизилген даданчелектер теребелге көрк берип жыбырашат.
Күн жылыган сайын бал челектен учкан аарылар көзгө илешпес нокоттой карарып
зуулдап, ызылдап көк-асманга төнүп турат.
Түнү бою күрсүлдөп үрүп чыккан бөрүбасарлар кайдадыр көлөкөдө тынч. Шыңга
бойлуу Василий Прокопьевич башына жез тор кийип, колуна түтүн кармап аары
челектерди көздөй салмак аттап баратып зоңк этет:
— Букашкаа, о жаман бала! Айры-куйрукту көрдүңбү! Солкулдаган тал чыбыкты
асманга булгалай жөжөлөрдү
коргоп мен да аткулакты шабырата чуркайм:
— Гыйгуу! Гыйгуу!
Дал ошол мезгилдерде тигил өйүзгү жолдо из суутпай өрдөшкө карай көчтөр чубайт.
Алар жайлоого көчкөн биздин жердештер. Жеке эле малдуулар эмес, жайлоого жалгыз
аттуу кедейлер да көчүшөт. Кокус көчпөй калган бирди жарым түтүндөр болушса, алар
«Журтта калдык, элден калдык» дешип намыстанат, өлөөрүн самашат. Эзелтеден ашуу
артып, ээрде өскөн журт: «Төрүм — жайлоо, төшөнчүм — көк майсан гүлдөр» дешип,
сулуу жаздын мээримине батышат.
Ана, ак элечек байбиче тору бээге баса минип, алдына бала өңөрүп алыптыр. Ана,
байталга минген жаш келин жүк жүктөлгөн атты коштоп баратат. Ойсоктогон кер атчан
жигит укурук кармап жүктүү унааларды айдап, улгайган эркектер көч алдында топтошо
бастырат. Тайга минген тестиерлер «бөлп-бөлп» желдиртип коюшат. Аларга делдее карап,
ичим туз куйгандай ачышат. «Ай ий, жөжө багып эле жүрө беремби? Биз качан жайлоого
көчөбүз. Мен качан тайга минээр экем?»
Аз күн мурда айылга уполномочен келген. Тигил эки ортого жашкарыны бүт чогултуп
сөз угузган ал:
— Кыштакташкыла! Үй салып, короо жай куруп, огород айдап, бак-дарак асырап
жаңыча жашагыла, туугандар! — деген.
Анда Ымакемдер жактырбай терс багышкан:
— Пөө?! Көчтөн калган күнү жоголуш керек да, аттан калган күнү өлүш керек!
Солкулдак чырпыкты сайып коюп мөмөсүн күткөнчө... эл катары жайлоого барып, кенже
аяк кымызды кере жутканым ийги. Жемиш жейт элем деп жатакта калып балдарымды
кара чымынга талатканча Айсараланы алкынтып... ашуу ашам! Ой, катын, бол бачым!
Казан-аягыңды териштир, жуурканкечеңди таңылчактаа! Кудай маа тоону бергенде төрт
кереге боз тамда ышталгын деген эмес... Мал жок болсо, жок болсун! Тигил тоокторумду
кукулдатып жайлоого алып чыгам!
Ымакемдин ошол айткан кебин эстеп мен да делдейе калдым: «Баса, Ымакем чын айтат
да. Эмне үчүн биз хозяинден кетпейбиз. Эмне үчүн элден калабыз, жайлоого көчпөйбүз?»
Ичим күйөт, ыйлагым келет.
— Малай болуп эле жүрө беребизби, эне? Биз эмне жайлоого көчпөйбүз? — дедим үйгө
келип.
Мага ойлуу тиктеген энем баламды чочутуп албайын дегенсип мени алаксытып койду:
— Ашыкпа, балам... Ак эмгек үзүрүн берет. Айры куйрукка алдырбай балапандарды
сак кайтар. Күзүндө кожоюндан бөлүнөбүз. Акыбызды алабыз. Минээрге мингич, саарга
сааныбыз болот. Келерки жазда биз да эл катары жайлоого чыгабыз.
Энекемдин кебине ынанам. Майы тартылган сүттүн биртилдек айранынан бир
чөйчөктү жута сала так түйүлөм:
— Гыйгуу! Гыйгуу!
...Келерки жазда да биз эл катары жайлоого көчө алган жокпуз. Бирок мен «Гыйгуулап»
жөжө багуудан бир баскыч жогоруладым. Эми Василий Прокопьевичке жардамдашып бал
челекте иштешем. Албетте, челекте иштешүү жөжө багуудан найза бою жогору. Василий
Прокопьевич экөөбүз теңтуштай сүйлөшөбүз. Ал ничке жез сым тордун аржагынан
акылдуу Көздөрүн нүлүңдөтөт:
— Бал челекте иштегенди үйрөнүп ал, жаман бала. Бул сага өнөр болот. Ато карачы. —
Ал зор колун өйүз жакка жаңсап коёт. — Тигине Ыманбай арык атка шмоткасын артып
алып жайлоого көчүп баратат. Андан көрө таруусун көбүрөөк айдап коюп, жерден ырыс
сураса боло. Ай, ай, Ыманбай ай, Ыманбай ай...
Берекелүү күз келет. Рас эле бош тоогун «кукулуктатып» жайлоого көчкөн Ымакем
берекеден куру. Жайлай карагай, талды аралап, көк ыраң шиберди жиреп «кур оттоп»,
туш келген бутакка түнөп жүрүп жапайы болуп кеткен тооктор, кайра кыштоого
көчөрүндө Ымакеме таптырса таптырып, таптырбаса жок кукулуктап керүнген жыгачтын
бутагына уча качат, карматпайт.
— Шыйрагынан кармап кайнак сууга жыдытпасам! — деп эрегишкен Ымакем кечке
далбактап жаагынан терин чубуртуп өзү да көгөрөт, катын балдар да суй жыгылат, акыры
жадаганда колду силкет:
— Э...түлкү жесин, кырылгырды. Ата-бабам тоок асырап көргөн эмес, таштагыла
арамдардын?!
...Күз энчисинен куру — кыштоосуна шодоюп кайткан Ымакемдин көчү кыштоого
түшкөндө аянычтуу көрүндү.
О, жайлоонун салкын жели, мемиреген күнү, гүл аңкыган төрү Ымакемдерди терметип
жыргатып, ыксыратып коючу. Жеке Ымакем тургай турмуштун сөөлөтү да, ыракаты да,
берекеси да тэ асман мелжиген төрлөрдө кызыл-тазыл көч көчүрүп жүрүүдө деп
баамдаган кишилер далайга моюн берген жок. «Эмгек да, эрдик да, насипшыбага да
карызга ат үстүнөн буюрган, балдар! Көнсөңөр силер көнөсүңөр. Бизди өз ырысыбыздан
ажыратпагыла!» деген карыялар ээрден түшкүсү келбей түктүйүп калышчу.
...Жылдар озду. Эч кимге оюн бербес бир мүнөздүү баатыр эски тонун таштап, жаңы
чапан кийгенде ийни кубанып, көңүлү өсө түшкөн сыңары — баягы өз оюн эч кимге
бербес өжөр Ымакемдер да алды жактан шаң көргөндөй делдейе, ойлоно калышты...
Василий Прокопьевич мага атадай кеңеш берди:
— Адам болом десең шаардан оку, жаман бала. Кеңешти уктум. Айылдан шаарга келип
окуп жүрдүм. Кечээки билбегендеримди бүгүн туюндум. Улам эртеңким мага сонун болуп
кетти: «Жердештерим канетти экен. Баягы Ымакемдер өзгөрүштү бекен?» деген ой
көңүлдү бөлөт.
Ашыктым. Бир жылы жазгы дем алышта айлыма бардым. Рас, баягыдай эмес, айыл
жаңырып калган. Кырка тизилген үйлөр, узун кеткен көчөлөр болбогон менен аргайсы
өзөндө не тигил, не бул жерде чатырлуу үйлөр көрүнөт. Чок койгондой болуп топтоп
бактар көгөрөт. Баягыдай тоо башына карагандар айылдаштар да аз. Огород асырабаганы,
аштык айдабаганы аз. Сербейтип көчөт тиккендери да бар.
— Ашыкпа, Төкөш. Эмки келгениңде биздин бактан өрүк жейсиң, — деп калыптыр
Ымакем да.
Тиричилик жөнүндө Ымакем менен ачыкайрым сырдаштым. Бирок...
Эртеси Ымакемдин үйү жактан чайылдаган үн чыкты. Чоң жаңжал башталганын
сездим да ошол жакка ашыга бастым.
Көрсө Ымакемдин коңшусу эчкилерин коё бериптир. Оңбогон эчкилер көктөп турган
көчөттү мүлжүп салыптыр. Ачууга жеңдирген Ымакем Айсараланы жайдак мине чаап,
мүлжүгөн көчөттөрдү ат үстүнөн булкуп, тамыры менен сууруп алып эчкилерди сабап
жүрөт:
— О кара өпкө айдаган чычаңдардын ээси жок болсо кырып жоёюнчу, кырып
жоёюнчу...
Уялмак тургай коңшусу да ачуулу айкырат:
— Токто, Ыманбай?! Талымды кемиргенде кырчаңгыңды сабадым беле? Токтоо,
Ыманбай?!
Ымакемдин жоругуна күлдүм да, өкүндүм да. «О, Ымакем, Ымакем, ушул жоругун
койсо, жаңыга тездеп моюн сунар беле? Ымакемдин мүнөзүн ачып, өзгөрүп-өскөнүн
элестетип, кесибин сүрөттөп роман жаза алар белем?»
...Бир нече ырлар, бир-эки поэмадан башка адабият майданында сиңирген эмгегим жок.
Жаңы гана бой түзөп келаткан тал чыбыктай жаш, солку кезим болучу. Ошентсе да
жайдак турмушта ак пейил өсүп күн өткөргөн Ымакемдердин мүнөздөрү, тиричиликтери
тынчымды алды.
«Күтпө, Туке. Жашмын деп жалтанба. Ак эмгек адамды бат эле бышыктырат. Жаз!
Машыгасың! Мүчүлүшүң болсо кечебиз», деп ак ниет адам кулагыма таң күнү күбүрөп
тургандай мен да ошол өз көзүм менен көргөн окуяларды ачып, мага тааныш кишилерди
сыпаттап, сүрөттөп роман жазууга ашыктым. Колхоз курулушунун баштапкы
жылдарында эле тунгуч романым — «Кең-Суу» жарык көрдү. Ошентти. Жаңы доор бизге
илимдин эшигин ачты, жаңы кесипке үйрөттү, жаңы кубат берди!
...Жакында айлымда болдум. Жок. Айыл эмес — жаңы кыштагымда болдум! О, азыр
кыштагым жаңы деген сөзгө толук арзыйт! Азыр биздин кыштакта түн жок — күн батары
менен жаңы үйлөрдүн терезелеринен, көчө-көчөлөрдүн боюнан
Ильич шамы алоолойт. Үйлөргө кир. Баягы «өжөрлүк», баягы туюнбастык дарексиз.
Каламын дыкан кармап, кысталбай сабак жазып үстөлдө олтурган окуучу тигине.
Эмгектин үзүрүн кеп салышып жайдары олтурушкан чоңдор ана. Алардын бири —
тракторист, бири — шофёр, бири — курулушта иштейт «кара жумушчу». Айтор баягы
Ымакемдердин балдары, кыздары ар бир жаңы кесипке ээлик.
Жөн дыйканы агроном менен салмакташат. Алар аалам жөнүндө, айга учуу ракета,
кибирнетика жөнүндө маектешет. Баягыдай «Ой укмуш» деп аңкыя калыш жок. Көп
жашаган карыя да мурут жанып кейип коет:
— Атаа, раматылык Имакем, быйыл сексен беш жашында каза тапты. Саал эртерек
кеткен экен маркум. Дагы аз жашай турса, жанагы «Робот» деген темир киши менен
«сүйлөшүп» калмак экен, з?
Жаңы кыштактын ортоңку көчөсүнөн мага жердештерим Ымакемдин үйүн көрсөтүштү.
Баса, тунгуч романдын каарманы Сапарбай окко учкан жер да ушул чен болучу. Ал кезде
бул жер ак чий баскан ээн талаа эле, эми дүпүйгөн кыштак орношту. Береги кызыл
кирпичтен заңгырап курулган эки катар имарат он бир жылдык мектеп, тигил ортоңку
көчөнүн орто ченинде жаркыраган чоң үй — жумушчулар клубу. Клубдан наркы эки-үч
үйдөн кийин терезелери шаңкайып дубалы аппак, чатыры шифир менен жабылган
Ымакемдин үйү тигил суналган жаш теректердин көлөкөсүндө «серүүндөп» агарып,
томогодой кептүү, жарашыктуу. Эшик алдында, терезелеринин түптөрүнө гүл өнгөнбү,
кандай? Үй айлана кичинекей жалындар жыбырап алоолонот. Алар кызгалдак.
Жүктү өзү ыргытып салуучу машина күркүрөп өтүп баратат. Дал ошол Ымакемднн
үйүнүн туш тарабында кандайдыр бир чоң короонун ичинде тактай тилген араалар тынбай
чырылдап... шифир баскан араба ошол жактан чыкты. О! Дал ушул күн санап өркөндөгөн
жаш кыштактын бир эмгекчиси кайран Сапарбай болсо, не? Кантесиң. Ташкыны катуу
дайрадай залкар турмуштун эрежеси Сапарбайдын өмүрүн өксүткөн менен анын агалары,
инилери, курбу-курдаштары аны дайым эстей жүрүштү... Ошентишти. Күрөш курманы
кан тамызган топурак бул кезде зыңгыраган дарактын тамырына кубат берип: аны
бурдөтүп, гүлдөтүп, мөмөлөтүп турат!
Жаңы сезим, жаңы максат, жаңы көрүнүштөрдү, сонун элестерди, курч мүнөздөрдү
тынбай баяндап, жаңы роман жазгың келет. Өмүр болсо, өз ордубуз бош калбас... Ошентсе
да, жетилген дарак мөмөлүү болсо, жаш дарак — күрдөлдүү келет, шыктуу жаштар.
Учурдун өз каарманы — алп, өз чебери — устат экинин унутпай, үмүт жалынын
суутпай, эмгек майданында ат салышкыла, кагыланындар!
1962-ж.
СӨЗ НЕЗЕГИ КЕЛГЕНДЕ
«Зайыптар» үчилтигинин экинчи китеби «Ашуу» деп аталат. Арийне, бул тоо ашуусу
эмес — турмуш ашуусу. Замандар бою азаттыкка эңсеген зайыптар, айрыкча эски
дүнүйөдө ыпчанын «ээси» болушту. Алардын эркиндиги чектелди. Бала төрөп, бала
асыроо, эркекке кызмат кылуу, үй тиричилигин жыйнактоо, саан саап, малга каралашуу,
тамакаш бышыруу. Секелек чагынан кол чеберчилигине машыгып уздукка үйрөнүү:
саймачы, бычмачы болуш, кийим тигип түрдөп ала кийиз басуу, түрдөп шырдак жасоо,
кооздоп көөкөр, көнөчөк, саба, чанач сыяктуу идиштерди жасоо. Айтор жашоо үчүн
керектелген оокат тиричиликти башкарып, аны иштеп, тейлеп, бүтүрүп, тургандар
зайыптар болушту. Бирок коомдук турмушта эркектер менен тең укукта боло алышпай
алардан кем калышкандар да зайыптар болушту. Ак үйдү үптөп, уул-кыздын энеси болгон
зайып өзүн канчалык эркин сезгени менен да, ал, эрдин эркинде, башкаруусунда,
менчигинде келген. Кечээ эле жыгырманчы-отузунчу жылдарда «Ак малымды калыңына
бергемин. Ак никелеп алган катыным» деп ар бир эркек мактаныч айтышчу. Ал эми
«Арзышып кошулган кыйышпаз жарбыз, өмүрлүк түгөйбүз» дегендер чанда болушкан.
Эки жыныстын ортосундагы ушул теңсиздик зайыпты кемсинтип, эркекети
артыксынтып — замандар бою өз эрежесин түзүп келген. Эркек өз «артыкчылыгын»,
зайып өз «кемчилигин» жаратылыштан дешкен. Ошентип эки тарап экөө бирдей өзөз
ээлеген ордун эрежелүү деп эсептешип: бири башкарган, бири ага баш ийген. Белгилүү
өлчөмдө жубайлар өз ара адеп-аклак сактаса да бул калтыс эреже орой, өзүмчүл, карөзгөй
эркек зайыпты эркинче эзүүгө жол ачкан.
Октябрь революциясы ошол калтыс эрежеге сокку урду. Эң тездикте аялдар азаттыгы
үчүн күрөш башталды чоң чаралар колдонулду. Атайын мийзамдар кабыл алынды.
Сергек, сезимдүү зайыптар өз азаттыгын талашып күрөшкө чыгышты. Арийне, күрөш
жылма өткөн жок. Карама каршылык күч алды: каар төгүүлөр, кан төгүүлөр уланып
турду. Жакшы менен жаман, караңгы менен жарык дайым тизгиндешти... Чиеленген
катаал күндөрдү, оор кагылыштарды, муң-зарды биздин каармандар баштарынан
өткөрүштү. Ошо оор күрөштөрдүн натыйжасында алар эми кордолбоду, кем болушпады.
Залкар жүктү талыбай көтөргөн түйшүкчүл адамдардай кыйналып-азаптанып, тердепкургай күрөштөрдө чыйралып бышыгып, турмуш ашуусуна чыгышты.
Азыр биздин каармандар ошол ашууда турушат. Алдыңкы жолду кандай басышаарын,
өздөрүнө берилген азаттыкты канчалык туура пайдаланышып жүзөгө ашырышаарын
өздөрү аныктаар. Өздөрү баяндаар.
«Ашуу» көлөмү жагынан «Батыйнадай». Бардык убакытты «Ашууга» бөлгөндө,
балким, аны эртерек бүтүрөт белем. Бирок ага анча өкүнүч жок. Себеби, иш арасында
романды токтото салып тез арада иштей коючу иштер болду. Маселен, Алыкул
Осмоновдун үч томдугун редакциялап басмага даярдадым. Узакбай Абдыкайымовдун эки
китептен турган «Майданын» этиет редакциялоого туура келди. Көзү өткөн каламдаштар
үчүн бир аз кызмат эттик. Өзүмдүкүн бүтүрөмүн деп тигил иштерди кийиңкиге
калтырууга болбойт эле. Алардан тышкары илхам келе калганда «толкуп» кетип эки-үч
поэма шилтедим. Кырктай ыр, бирин-эки макала жазылды.
Айтор Республиканын кырк жылдыгын жарык жүз менен тосууга аракеттенген элем.
Колдон келгендери ушулар болду...
1965-ж.
ЖАЗУУЧУЛУК САЛАМ
Эгерде биз төл адабиятыбыздын тарыхына көз чаптырсак, анын баштапкы булагы
качан башталганын азыр кесип айталбайбыз. Орто Азия элдеринин эң байыркыларынан
болгон кыргыз эли өзүнүн дал ошол байыркы өмүрүндө эле көркөм сөздүн учугун чубап,
анын үлгүлүү сабактарын жаратканы айгине!
«Манас» баштаган баатырдык дастандарды, лирикалык, дастандарды, баяндарды алсак
алардын алгачкы булагы эң алыска кетет. Ар бир жомоктун, дастандын, турмушта болуп
өткөн окуяга байланыштуу тарыхы бар. Элдик сонун музыканы байытып турган ар бир
залкар күүлөрдүн жаралышы да элибиздин өмүрүнө, болуп өткөн тарыхый окуяларга
арналат, адамдардын тагдырларына арналат.
Поэма жагынан ошондой бай окуялуу, турмуштук кырдаалдарды таасын сүрөттөп,
көркөм жаралган биздин мурастарыбызда жеке эле кыргыз элинин өмүрүн баяндоо менен
чектелбейт. Аларда казак, өзбек, уйгур дагы башка тектеш, коңшулаш элдердин өмүрүн
баяндаган саптар аз эмес. Аларда элдердин өз-өз ара байланыштары да, достук
мамилелери да ырдалат.
Биздин жазма адабиятыбызда адеп жарала баштаган кезинен эле улут аралык
байланыштарды — достукту ырдоодо ошол байыртан келаткан асыл салтты улады.
Миң булак кошулуп, күрпүлдөгөн дарыя ташкындайт. Эмесе, биз, бай
мурастарыбызды, өнүгүп жаткан чоң адабиятыбызды калыс тактап, туура баалап жалпы
күч менен өнүктүргөн кезде гана элдердин ортосундагы маданий байланыштарды
бекемдетебиз!
Улуттардын арасындагы карым катнаштардын эң жандуусу, таасирдүүсү, ошону менен
эң жемиштүүсү көркөм адабият менен көркөм өнөрдөгү байланыш болор деймин. Себеби,
бир элдин турмушун, анын тиричилигин, адамдарынын кейип-кешпирлеринен тартып
алардын ички дүнүйөсүн ачып көркөм элесин экинчи бир элге даана көрсөткөн чебер
курал көркөм чыгарма. Элдин тарыхый өмүрүн, бүгүнкү турмушун, анын эртеңкисине
чейин көрсөтүүдө, ал тургай элдин жашап турган жер-суусун элестетип көрсөтүүдө
көркөм чыгарманын мүмкүнчүлүгү чоң.
Өзбек, татар кандай эл болорун анча биле элек тестиер чагымда Габдулла Тукай,
Абдулла Хадри Жулкунбай сыяктуу зор акын-жазуучулардын чыгармалары аркалуу
тааный баштагам. Жылдар өттү. Өзбекти да, татарды да мен өз элимдей жакындан
тааныдым. Бирок мындан айтарым: көркөм чыгармалар аркалуу алган алгачкы
маалыматтар чындыктан кайчы кетпеди. Ал элдер жөнүндө менин билгендеримди
толуктап койду.
Айрыкча орус тилин өздөштүрүп, орус адабиятын үйрөнүү менен биз чоң дүнүйөнү
тааный баштадык. Чыгыштын, батыштын бардык булуң-бурчунда жашаган элдерди,
баарыдан мурда алардын адабияты, көркем өнөрү аркалуу таанып жатабыз. Арийне, мен
бул жерде турмушту реалисттик баамдын ачкычы менен. ачып, аны бузбай, бурмалабай,
экилентпей реалисттик закондо баяндаган чыныгы көркөмдүктө жаралган чыгармаларды
эске аламын.
Иштин жагдайы ушундай болуунун өзү эле акын-жазуучуларга бөтөнчө жоопту, асыл
милдеттерди тагат. Айрыкча бизге окшогон аз сандуу элдердин жазуучулары өз элин
кыйшык күзгүдөн көрсөтүп албас үчүн, ал эки эсе баамчыл, эки эсе чебер, этиет, баарыдан
мурда өз эли үчүн ак ниет болууга милдеттүү!
Био кездерде көчмөн не жарым көчмөн болуп келген элдерде деле эбактан
олтуруктадашып калган көп сандуу элдердегидей эле кайталангыс жакшы сапаттар көп.
Айрыкча соңку жылдарда бизде айрым адабиятчылар өзүндөгү элдик тамырын өзү
кыйып, улуттук ар-намыска тийгидей жок жалган нерселерди элге жамаштырып
«чыгарма» жаратып жүрүшөт. Аны четтен турушуп жерге-сууга тийгизбей мактоого алуу
кээ бирлер тарабынан жаман салтка айланды. Өз үйүндө өз ээси кабыл албаган ыплас
нерсени ылгабай мактоо элдин өмүрү, анын өзгөчөлүгү менен эсептешпөө, баарыдан
мурда элдердин ортосундагы достукка доо кетирерин дагы бир жолу айта кетүүнү
республикамдын кырк жылдыгына арналган ушул илимий конференциянын күн тартиби
талап кылды.
Биз жазуучулук ар-намысты, жазуучулук баамчылдыкты, жаз үчулук калыстыкты ар
дайым эске тутушка милдеттүүбүз. Ансыз улуттук маданиятыбыздын асыл сапаттарын,
улуттук өзгөчөлүктөрүн, мүнөздөрүн граммдан баалап-талдоочу зергери боло албайбыз.
Улуттук маданиятты гүлдөтөр асыл данектерди чебер асырап, аны ийгиликтүү өндүрүп,
социалисттик улуу маданиятка салым кошуу кыргыз жазуучуларынын да ыйык миссиясы
деп ушул достуктун конференциясына катышуучуларды ишендиремин!
Улут аралык байланыштар менен кыргыз адабиятына арналган бул илимий
конференцияга катышуучуларга Кыргызстан Жазуучулар союзунун президиумунун
атынан жазуучулук ысык
Ишиңер жемиштүү жана жеңиштүү болсун, достор!
1966-ж.
ЖАШ ОКУРМАНДАРГА ЖООП
Адабиятка жаңы „кызыгышкан жаш окурмандар кээде китептин авторуна кат аркылуу
суроолор менен кайрылышат: «Сиз романдын материалын кайсы колхоздун, же кайсы
мектептин турмушунан алдыңыз? Каармандар чын барбы, алардын адрестерин билишке
болобу?» Бул суроолорго мүмкүн болушунча жоопту так, кыска бериш үчүн мисалга бир
гана «Тоо балдарын» алалы. Окуучуларга белгилүү «Тоо балдары» жети жылдык
мектептин, анда окуган пионерлердин жана ата-энелердин турмуштарын баяндайт.
«Күрпүлдөк» мектеби, мектеп турган колхоздун жер-суусу сүрөттөлөт; директор
Сабырдын, Сейитова, Сартбаев өңдүү мугалимдердин иштери көрүнөт; Аскар, Орусбек.,
Динар, Сырга, Ашым жана башка окуучулар менен таанышабыз. Айтор мектеп да, жерсуу да анда жашаган адамдар — мейли үч жашар Жыпардан тартып чоң эне менен Омор
карыга чейин жеке жазуучу оюнан жараткан дайынсыз кишилер эмес — турмушта
жашаган: окуган, иштеген, ата-энени, Мекенди сүйүшкөн, жыргалчылык үчүн күрөшкөн
бар кишилер. Бирок алар бир гана мектепте окуп, иштешип же бир гана колхоздо жашап
турушпайт. Сабыр, Сабийра, Нина Леонтьева өңдүү мугалимдер далай мектептерде
кызмат кылышат. Аскар, Орусбек, Динар, Сырга өңдүү окуучуларды биз көп
мектептерден жолуктурабыз.
Ошентип каарман белгилүү бир адресте жашап турбаса да алар турмушта бар
адамдардан. Жазуучу аларды көп жерден жолуктурат, окшош мүнөздөрдү жыйнактап,
типтүү бир каармандын элесин (образын) берет. Ал каарман өзүнүн мүнөзү, ою, санаасы,
иштеген үлгүлүү иши, жакшы демилгеси, эстүү, угумдуу сөздөрү менен окурманга
сүйгүнчүктүү болот, окурман андан таалим, тарбия алып, анын үлгүлүү жакшы иштерин
жолдойт. Каарманда терс сапаттар көп болсо, анда ал өзүнүн арамзалыгы, кыянатчылыгы,
жалкоолугу же бирөөнү калп жамандаган ушакчылыгы, же кара мүртөстүгү, зыянкечтиги
өңдүү тескери жоруктары менен окурманга жек көрүнөт. Андай каарманды окурман
жектөө менен эле тим болбостон анын терс, жаман иштеринен жийиркенип, өзү андай
иштерге барбай, ошондой жолго түшүп бараткан жолдошуна эскертип, аны жакшы жакка
баштайт.
Ошентип терең мазмундуу жакшы жазылган китептер, анын каармандары окуучуга
кеңеш кошуп, аны жакшы жолго баштаган ынак жолдошу. Алар бир жерден, бир гана
жолу жолукпастан окурманга ар жерден дайым жолугат. Окурмандың өзү да китептин
каарманына окшош. Ал өзүнүн үлгүлүү, жакшы иштери, жакшы сапаты менен эреңки
китептин каарманына негиз боло алат.
Китеп адамдын көзүн ачка« эң ишенчиликтүү досу. Ким жакшы китептерди көп окуса,
ал дүйнөнү кең тааныган, эмгекти сүйгөн, адамга жакшылык санаган, көптү билген
алдыңкы адам!
1964-ж.
ТӨРТ СУРООГО
«Ленинчил жаш» редакциясы тарабынан берилген төрт суроого азыр кыска жооп
беришке аргасызмын.
1. Мезгилдин каармандары — адамдар. Мезгилде аткарылган жана жаралган бардык
жакшы иштерди баштагандар, аны иш жүзүнө өтөгөндөр да адамдар. Демек, мезгил
жемиши ошол адамдардын өтөгөн иштеринин ийгилигине жараша өнүгөт.
Жазуучу ошол өз мезгилиндеги адамдардын дүнүйөсүн изилдей билген, алардын
жакшы жана терс иштерин салмактап баалай билген көрөгөч жана бетке айтар калыс
сүрөтчү. Ал, турмушта болгон эчен албан окуяларды өз элегинен өткөрүп, замандын
унутулгус элесин тартат.
2. Башы каарман — киши!
3. Баскан жолдун, бүгүнкү өтөлгөн иштердин, алдыңкы милдеттердин адам баласына
насаат, үлгү, сабак болор бардык асыл учуктарын улап чыгарма жаратуу жазуучу үчүн эң
башкы маселе.
4. Съездден съездге чейин эки роман жаздым. Бири тарыхый окуяга арналган — «Көк
асаба». Экинчиси — «Ыманбай пейли». Албетте, баягы кулакчыны делдейген ар дайым
жолу болбос Ыманбай эмес. Азыркы Ыманбай. Замандаштары, айылдаштары мындай
турсун бул Ымакем велюр калпакты аста алып дасторкондун четине коюп туруп мага доо
айтат:
— Эй, бала. Мен чегедек союл чертип койсо муруту сербейчү Ыманбай эмесмин...
Сенде доом чоң. Китеп жазышты менден эшит! — дейт да окуяга катышат.
Анча-мынча жылмаюу, анча-мынча өкүнүү жана ойлонуу да бар.
Романдардан башка бир катар макалалар жазылды. Элибиздин тарыхын, байыркы
маданиятын изилдедим.
Аманчылык болсо, алдыда турган иштер бар. Аларды ачык айтуу азырынча эрте,
1971-ж.
КЫМБАТТУУ АЗИЗ
Сенин конвертсиз жиберген катыңды Сабыр мага экинчи күнү кечинде тапшырды. Ал
аны унутуп коюптур. — О, балдарым, мага кат келдиби?—деп сураганымда ал аны алып
келди. Саалат. Айтор толуп-болуп келаткан бала-жигит курагында сен менин уулумдай
аңкоо да, уну Үчаак да болбосоң керек. Азыркы баштерине караганда сен он алы
жашыңда колдон суурулган торсойгон чунак болдуң го. Албетте, ошондой эле болдуң.
Азыр мойнуңа аласыңбы, албайсыңбы эркиңэ бери болгондо эркелемиш болуп коюп
жеңелериңдин каймагын алдап жегениңе көзүм жетет.
Неси болсо да суроолоруңа жооп берейин.
Бала кезиңизде жана кийин жаш чагыңызда кыргыздын кайсы акындары Сизге чоң
таасир тийгизди?
— Бала кезимде момпоюп—жоош, делдейип — унутчаак болчумун. Кокус энем: —
Уулум, тызылдап барып тигил коңшунукунан элек алып келе койчу!—деп жумшаса, мен
үйдөн беш-он кадам узабай эле делдее калчумун:
— Энее, эмне алып кел дедиң эле?
Энемдин коңур тарткан кайраттуу үнү күлкү аралаш чыгычу:
— Олда балам аай. Токсондогу картаңдай унута калдыңбы. Элгек, элгек дегем!
Улуу-кичүү мени аябай эрмекке алышчу:
— О, Айыке, уулуңуз он жашында унутчаак, отузга чыкканда кантээр экен?
Айылдаштардын күлгөнүнө камырабайм. Кепкор кишилер саймедиреп капкайдагыны
айтып отурушса, мен алардын жанынан кетпей айткандарын кызыгып угаар элем. Ал
тургай чоң кишилердин ал айткан кызык баяндарын, аңгемелерин не жомокторун төкпөйчачпай кулагыма куюп алып, өзүм курдуу балдарга сүйлөп беричүмүн. Бала күчтүү адамга
таңданат. Өзү да ошондой күчтүү болушту самайт. Албетте, мен да күчтүү кишини
баалачумун. Бирок күчтүү кишинин катарында салмедиреген кепкорчечен киши олтурса,
ал мага тигил күчтүү кишиден » да артык болуп көрүнчү. «Билеги күчтүү бирди жыгат,
билими күчтүү миңди жыхат» дешип куюлуштуруп саймедиреп олтурса, ошол «миңди
жыгычу билими күчтүү» ушул чечен сүйлөгөн кишинин өзү өңдөнүчү.
Ушундан улам, бара бара кара үчтөн көрө улуулардын оозундагы берметтей чубурган
көркөм сөз мага өзүнүн күчтүү таасири менен мени жомоктогудай сонун дүйнөгө
баштады. О, аттигиниң ай? Сабатсыз гана калганы болбосо, ушу сабатсыз кишилер
четинен кепкор, сөзмөр, четинен саймедиреген чечен, жазылбаган романдарды жатка
окуган көркөм сөздүн чебери, устаты, даанышманы сыяктуу болушчу. Сыяктуу тургай
аныгы да ошон быр он алтыга кечки саат алтыда паспортундой эле... Дал бүгүн өзүм
элүүнүн экисине келип калган чагымда ошол бала кезимдеги саймедиреген кишилерди көз
алдымда элестетсем — алардын жатка окуган романдарынын сөздөрү чубуруп, үндөрү
угулат. Ыргаккан обон сезимимди чымыратып мени көйкөлтүп салат. Элестүү, сүрөттүү
сонун ырлар ойду ойготот. Эчен элестүү, окуялуу кызыл баяндар, аңгемелер, алардын
жандуу каармандары азыр дэ7мени күчтүү таасиринде кызыктырат. Ал тургай мен
алардан жалтанам. Себеби, ошол карапайым, ошол сабатсыз кишилердин саймедиреткен
аңгемелери көркөмдүк, чеберчилик, маани жагынан жетилген жазма адабияттын милдетин
аткарып турган сонун баяндар — бир бүтүн аңгемелердин сонун романдардын главалары,
беттери болучу. Сабатсыздыктын кесепетинен аларды чачып салдык,. Дал өзүндөй кылып
кайра жаратыш эч кимибиздин колубуздан келбейби деп чочуймун...
Кумга житкен берметтей ал асыл аңгемелердин бири табылбаса көбү кайталанбас. Аны
дал өзүндөй кайра жаратуу биздин туштагы «чеберлердин» колдорунан келе койбос.
Көбүбүз эки сөздү эптей албай созуп-чоюп чырмооктой чубалган саптарыбызга башкадан
мурда өзүбүз чалынабыз.
Айтор ушундан кийин жазма адабиятты телчиткен биздин адабияттын милдетин
аткарып турган сонун баяндар — бир кайсы акын-жазуучубуз мага таасир эткенин али
күнгө өзүм байкай элекмин. Себеби, отузунчу жылдын башынан тартып басма бетинде
жарыяланган ырларды окуганымда, алар, бала чагымда менин кулагым канган элдик
ырлар: күйгөн, секетпай, казал, кошок, айтыш, эчен албан эмгек ырларынын жанында
кумсарып чабал сезилчү...
2. Сиздин тагдырыңыз үчүн же жөн гана чыгармачылык, эстетикалык табитиңизде
манасчылардын өнөрү, комузчулар роль ойнодубу?
Эң жаш кезегимде «Манас» жомогунан айрым бөлүмчөлөрүн кара сөз менен айтылган
мазмунун угуп жүрдүм. Сегиз-тогуз жашыма дейре «Манас» жөнүндөгү менин түшүнүгүм
эң эле жөнөкөй болучу. Айкөл Манас өзүнүн алп чоролору менен ошол эле биздин айылда
өмүр өткөргөндөй, аларды көп жашаган кишилер көрүп-билип жүргөндөй сезилчү. Өзүм
кеч төрөлүп, Манасты көрбөй калганыма өкүнчүмүн. Анткени, беш-он киши баш кошкон
жерде уруу тартыштары — жылкы тийүү, эки уруунун чабышы, барымта, доо жөнүндөгү
кеп сөзгө улап Манас жөнүндө — Манас менен бирге жүрүшкөндөй эле саймедиретип
сүйлөп олтурушчу. Алтургай: «Атаа, ушул кезде Манас Баатыр болсо, биздин элди эч бир
сырт жоого жем кылбай сактайт эле» деген өкүнүч угулчу.
Ошентип «Манас»— элимдин тарыхы, өмүрү, эмгектеги күрөшү, жоого каршы
аттануудагы кайраты, эрдиги жана башка
толгон жакшы сапаттары менен өз элимди таанытты. Айтор «Манас»— алп турмушту
чебер сүрөттөгөн тилге бай, көркөм баян катары делебемди козгоп, мени көркөм сөзгө
кандай кызыктырса, элдин ички дүнүйөсүн — мун-зарын, жыргал-тамашасын, жортуулун,
салтын, тиричилигин нускоолу баяндаган залкар күүлөрү да мени дайым кыялга тербетет,
сезимди чымыратат, ойго чулгайт. Кээки залкар күүлөрдү уга журтумдун башынан өткөн
чоң окуяны көз алдыга келтирем. Он сегиз жашымда эле «Чал комузу» баяндаган тарыхый
окуяларды сүрөттөп, комуз күүсүнүн узатуусу астында бир катар тарихий поэмаларды
жазууну ойлонгом. Анын башталышы — «Чал комузу» анан «Көкөй кести». Бирок
шарттуу себептер менен калгандарын али кезге жаза элекмин. Башка чыгармаларымда да
толкун күүлөр өз ыргагын калтырган учурлар аз эмес.
3. Кайсы манасчыны, кайсы комузчуну өзгөчө баалайсыз — эскилерден да, кийинки
жаштардан да.
— 1920-жылы күзүндө айлыбызга Кара ырчы (Жакшылык) келди. Бир нече күндөй ага
«Семетейди» айттырышты. Көзү өткөн манасчылардан Акылбекти, Чойкени, Тыныбекти
кишилер мактап эскеришти. Дал ошол кезден баштап өткөндөгү улуу манасчылардын
элестери мага кымбат. Сагымбай сөзүнүн көркөмдүгү, Саякбай алптыгы менен жагат.
4. Өз туулупөскен жериңизден башка Сизге чоң таасир берип, сүйүктүү болуп калган
жерлер барбы, болсо кайсы жерлер? Кыргызстандан тышкары Сизге байланыштуу же
жаккан жер барбы?
— Биз Ата-Конушту атаганыбызда көз алдыбызга биринчи эле туулуп-өскөн жерибиз
тартылат. Артыкча менин туулуп-өскөн жерим — Кең-Суу табигаттын көөрү төгүлгөн
бөтөнчө кооз, бөтөнчө келишкен жер соорусу! Анын салаа, салаа айрыктары, терең
коктулары, өзөндөрү, чалкайган төрлөрү суналган кыр-жондору, колоттору, карагайлуу,
бадалдуу, талтеректүү беттери, доңуз сырты жондору, ак чокулары — койчу бардык
булуң-бурчу көз тойгузган сулуулукту энчисине басып керилгени бир тир укмуш, (андай
көрүнүштөр биздин жерлерде көп. Аны айтпайлы). Бирок тигил Ой-Четиндинин
башындагы Коро-Карагай менен тигил Көлтөрдүн көкмөлдүр көлү атайын биздин жердин
энчисине баскан табийгаттын кымбат белеги сыяктанат. Кең-Суум—өзөндөргө, жылгажыбыттарга, кокту-колотторго, кайнар булактарга бай. Ышкын, балтыркан, сарымсак,
согон, кожогат, бүлдүркөн, козукулак, жөргөмүш, карагат, уй шилекейге чейин бар. Анын
төрлөрү эчен албан гүлдөргө өсүмдүктөргө, илбесиндерге бай. Ал тургай саздары бар.
Андагы «майы» каймактаган кайнар булактарында кыл курттар, жантык курттар, көнөк
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Мезгил Сабактары - 28
  • Parts
  • Мезгил Сабактары - 01
    Total number of words is 3925
    Total number of unique words is 2168
    28.4 of words are in the 2000 most common words
    41.5 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 02
    Total number of words is 3835
    Total number of unique words is 1945
    25.2 of words are in the 2000 most common words
    37.9 of words are in the 5000 most common words
    45.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 03
    Total number of words is 3888
    Total number of unique words is 2004
    26.2 of words are in the 2000 most common words
    38.0 of words are in the 5000 most common words
    44.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 04
    Total number of words is 3917
    Total number of unique words is 2109
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    38.3 of words are in the 5000 most common words
    44.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 05
    Total number of words is 3841
    Total number of unique words is 2050
    24.3 of words are in the 2000 most common words
    35.5 of words are in the 5000 most common words
    41.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 06
    Total number of words is 3908
    Total number of unique words is 2175
    25.1 of words are in the 2000 most common words
    36.6 of words are in the 5000 most common words
    43.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 07
    Total number of words is 3879
    Total number of unique words is 2261
    24.6 of words are in the 2000 most common words
    36.6 of words are in the 5000 most common words
    43.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 08
    Total number of words is 3889
    Total number of unique words is 2322
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    38.4 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 09
    Total number of words is 3878
    Total number of unique words is 2190
    26.2 of words are in the 2000 most common words
    38.2 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 10
    Total number of words is 3881
    Total number of unique words is 2101
    24.1 of words are in the 2000 most common words
    34.1 of words are in the 5000 most common words
    40.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 11
    Total number of words is 3844
    Total number of unique words is 2201
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    42.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 12
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 2270
    27.6 of words are in the 2000 most common words
    39.9 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 13
    Total number of words is 3957
    Total number of unique words is 2233
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    47.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 14
    Total number of words is 3766
    Total number of unique words is 2212
    23.9 of words are in the 2000 most common words
    35.6 of words are in the 5000 most common words
    42.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 15
    Total number of words is 3906
    Total number of unique words is 2254
    27.6 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    47.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 16
    Total number of words is 4040
    Total number of unique words is 2326
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    38.3 of words are in the 5000 most common words
    44.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 17
    Total number of words is 3980
    Total number of unique words is 2278
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    38.4 of words are in the 5000 most common words
    45.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 18
    Total number of words is 3826
    Total number of unique words is 2298
    24.7 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 19
    Total number of words is 4011
    Total number of unique words is 2430
    25.2 of words are in the 2000 most common words
    37.5 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 20
    Total number of words is 3935
    Total number of unique words is 2383
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    45.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 21
    Total number of words is 3922
    Total number of unique words is 2456
    24.7 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 22
    Total number of words is 3905
    Total number of unique words is 2360
    25.7 of words are in the 2000 most common words
    37.1 of words are in the 5000 most common words
    43.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 23
    Total number of words is 3793
    Total number of unique words is 2219
    25.4 of words are in the 2000 most common words
    36.9 of words are in the 5000 most common words
    43.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 24
    Total number of words is 3857
    Total number of unique words is 2269
    24.4 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    43.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 25
    Total number of words is 3863
    Total number of unique words is 2183
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    35.5 of words are in the 5000 most common words
    43.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 26
    Total number of words is 3856
    Total number of unique words is 2325
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.0 of words are in the 5000 most common words
    45.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 27
    Total number of words is 3866
    Total number of unique words is 2429
    25.2 of words are in the 2000 most common words
    35.8 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 28
    Total number of words is 3971
    Total number of unique words is 2417
    23.9 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    42.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 29
    Total number of words is 3917
    Total number of unique words is 2300
    24.3 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    42.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 30
    Total number of words is 3926
    Total number of unique words is 2169
    25.8 of words are in the 2000 most common words
    37.9 of words are in the 5000 most common words
    44.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 31
    Total number of words is 3936
    Total number of unique words is 2141
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    45.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 32
    Total number of words is 3916
    Total number of unique words is 2096
    25.7 of words are in the 2000 most common words
    37.3 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 33
    Total number of words is 3934
    Total number of unique words is 2181
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    38.5 of words are in the 5000 most common words
    45.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 34
    Total number of words is 2486
    Total number of unique words is 1435
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    41.2 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.