Latin

Мезгил Сабактары - 05

Total number of words is 3841
Total number of unique words is 2050
24.3 of words are in the 2000 most common words
35.5 of words are in the 5000 most common words
41.9 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Йагини ашакласа, башка чыгар.
Суф көрмегинче этүк тартма.
Тилиң түгмишти тишиң йазмас.
Тевей минип кой ара йашмас.
Беш эренек түз эмес.
Күндө ирук йок, бэгде кийик йок.
Ач нэ йэмес, ток нэ темес.
Карга казга өткүнсө бути сынур.
Икки буура ирешур атра көкегүн йанчилур.
Көкке сагурса, йүзге түшүр.
Кулан кудугка түшсө
кур бака айгир болур.
Атан йүки аш болсо, ачка аз көрүнүр.
Эркеч эм болур, эчкү эти йэл болур.
Кош кылыч кынга сигмас.
Күзөкү узун балса элик күймес.
Арпасыз ат ашумас, аркасыз алп черик сыйумас.
Тайак биле таймас, тануг сөзүн бүт-мес.
Тикмегинче өнмес, тилемегинче бол-мас.
Ики кочкор баши бир ашичта быш-мас.
Кут белгиси билик.
Эл оозунда
Түлкү өз ийнине үрсө, котур болор.
Кан иши болсо, катын иши калар.
Куш канаты менен, эр аты менен.
От деген менен ооз күйбөс.
Инген иңгиресе бото боздор.
Киши сүйлөшкөнчө, жылкы кашын-ашканча.
Балтыр бит башка чыгар.
Суу көрмөйүнчө өтүк чечпе.
Тилиң түйгөндү тишиң чечпейт.
Төөгө минип койго жашына албас.
Беш кол бирдей эмес.
Күндө кемтик жок, бекте кынтык жок.
Ач не жебес, ток не дебес.
Карга казга теңелсе буту сынар.
Эки нар жөөлөшсө, ортосунда кара чымын кырылат.
Көккө карап түкүрсө, жүзүңө түшөр.
Кулан кудукка түшсө,
кур бака айгыр болор.
Атан жүгү аш болсо, ачка аз көрүнөр.
Эркеч эти эм, эчки эти жел.
Кош кылыч кынга сыйбайт.
Көсөө. узун болсо, кол күйбөс.
Арпасыз ат ашалбайт, аркасыз алп (жоого аттанбас) жеңе албайт.
Таякчан тайбас, күбө сөзүн танбас.
Экпесең өнбөс, тилебесең бербес.
Эки кочкор башы бир казанда кайнабас.
Кут белгиси билик.
Бизге түшүнүктүү болуш үчүн тигил макалдарды байыркы нускасын жана бул кезге
чейин эл оозунда айытылып келаткан бүгүнкү нускасын катар бердик. Ал эми
«Бактысыздан кут качат». «Жашында мээнет, карыганда дөөлөт». «Төө силкинсе, эшектик
жүк чыгат». «Коогада жолуна карабайт».
«Жаттын уча коюп сыйлашынан өздүн жаакка чапканы сый». «Талаада бөрү улуса,
үйдө иттин боору ачыйт». «Аталаш аңдышат, энелеш энчилеш». «Алп чабышта, чечен
сөздө».
«Тузактан корккон куш кырк жылы жыгачка конбойт». «Коркконго кой башы кош
көрүнөт». «Жат малы малың эмес». «Азыктуу арыбас». «Тикенди түбүнөн үз».
«Жыгач кессең узун кес, темир кессең кыска кес».
«Сөз ширини аш жедирет».
«Тешик жармак жерде калбайт».
«Табарман ташты жарат. Таш башты жарат».
«Күнүнүн күлү жоо».
«Жакшынын артында аты калат...»
Улуу сөз катары айтылып, элибиздин оозунда жүргөн бул макалдарды байыркы
тилибизге которо койсок, анда булар тигил түрк сөздөрүнүн жыйнагын байытып турат.
Биз бул макалдарды атайылап издебедик. Тек байыркы тилибизден азыркы тилибизге
не азыркы тилибизден байыркы тилибизге жөндөштүргөн кезде, өзүнөн өзү жарык жүзү
менен тааныла калды. Ал тургай бул макалдар ошол байыркы тилде эле өзүн ачык
таанытып турат. Аны тааныш үчүн, бар болгону, биз бүгүнкү тилибизди таасын туюнуп,
аны жакшы билелик. Ошондо бизге «жат» өңдөнгөн сөздөр жадырап өз жүзүн таанытат!
Биз жогоруда «Түрк сөздөрүнүн жыйнагындакы» макалдардын айрымдарын атадык.
Азыркы кыргыз тилин байытып турган сөздөрдү китептин ар бир эле бетинен бир нечеден
жолук-турасың. Ал көп сөздөрдөн мисал келтириштин эч кажаты жок.
Мында эске алар эң абзел иш:— «Тилге кийин кирген сөздөрдү жазбадым. Эркек жана
аялдар эң көп колдоно турган, кишилер майда-бачегине чейин билишке керек боло
тургандарын көрсөттүм»,— дейт автор.
Махмуд Кашкари айткан ошол адамдар көп колдонгон сөздөрдүн ичинде, биздин
баамыбызда, нукура кыргыз сөздөрү өтө арбын.
Неси болсо да, байыркы адабияттын үлгүсү катары сөздүккө кирген макал-лакаптар, ыр
куплеттери өтө көп. Жана бул адабий мурастарына биздин энчилеш экендигибиз да
талашсыз.
Мында баарыбыз эске тутар бир маанилүү иш бар. Бул изилдөө ишинде баамчылдыкты
— чоң окумуштуулукту талап кылар маанилүү, кызык жана татаал жагдайлар. Ал изилдөө
ишине тийиштүү. Ачык айтуу ишти бузбайт. Чыныгы окумуштуулук — «Мына, мобул
бетте минтип жазылыптыр...» деп китеп бетин сөөмөй менен чукуп... тек калууда эмес.
Баса, ошол «...минтип жазылыптыр» болгон маалыматтар чындык менен канчалык
айкалышат?
Окумуштуунун милдети терең, таасын изилдөө жүргүзүү менен чындыктын көзүн
табууда. Ушуга бир мисал:
Махмуд Кашкари сөз жыйнагында, кээ бир сөздөрдүн тушуна кайсы элдики, уруунуку
экенин көрсөткөн. Маселен, «Өтрүк» — угузча, «Аба» — кыпчакча жана башкалар.
Бирок, минтип таандыгын аныктаган сөздөр өтө аз. Кейпи, бул сөздөр ошол кезде
жалпы журтка бирдей түшүнүктүү болбосо керек. Ошондуктан жалпыга түшүнүктүү
болуш үчүн ошол айрым сөздөр кайсы тилде сүйлөнгөнүн окумуштуу белгилеп
көрсөткөн. Мындай сөздөр үч томдук китептеги сөздөрдүн эки-үч процентине да жетпейт.
Ал эми ошол Кашкари өзү көрсөт-көндөй эскиден келаткан жалпыга кеңири түшүнүктүү
сөздөрдүн кайсы тилде сүйлөнөрү эч көрсөтүлгөн эмес. Ал сөздөр, ошол Кашкари өзү
айткан нукра түрк тилинде сүйлөнгөн сөздөр — жалпыга кеңири түшүнүктүү болгон.
Ал эми 1969-жылы «Наука» басмасынан чыккан «Байыркы түрк сөздүгүндө» ошол өз
кезинде Махмуд Кашкари белгиле-ген, сөздөрү түшүндүрүүнү талап кылган элдердин,
уруулардын тизмеси берилген. Мында, «Кай, йабаку, татар, чумул сыяктуу өзүнчө тили
бар» журттар нетүркчөнү бир аз буруп сүйлөгөн журттардын тизмеси көбүрөөк. Ал
тургай — «уч», «куч» деген белгисиз элдер да тизмеде жүрөт. Ушуга караганда, «Байыркы
түрк сөздүгүндөгү» тизмеге түшкөн элдердин, уруулардын сөздөрү Кашкари сөздүгүндө
түшүнүк берүүнү көбүрөөк талап кылган. Ал эми нукра түрк тилинде сүйлөгөн кыргыз,
играк, чарук ж. б. элдердин сөздөрү түшүнүктү талап кылган эмес. Ошондуктан, алар
«Байыркы түрк сөздүгүндөгү» тизмеге кирген жок. Иштин ушул жагдайын байкабай, тек
тикие тизмеге карап, нукра түрк журту болгон элдерди байыркы мурасынан куру
калтырсак чоң жаңылыштык кетиребиз.
Эки жерде эки беш деп жазылып калганды, жок, ал төрт деп айталбай, тек сөөмөй
менен сабак чукуган мажрөлүктөн чыккан аргасыздык болот?!
Бул чабалдык деңгээлден көтөрүлүшкө, бизге, эбак мезгил жеткен!
Тээ бир кездери чаламоңол баамдап айта салган «аныктамаларыбызды» жалгандыкка
чыгаргыбыз келбей, ага аябай ишенип тырмыша берсек, илимди өнүктүрө албайбыз. Тек
керт башыбыздын куру намысына кул болуп калабыз.
Эмесе, куру намысты ээрчибейли. Тигил алдыңкы залкар окумуштуулардан таалим
алалы. Чыныгы зор окумуштуу чындыкты аныкташ үчүн өз өмүрүн сарп кылат. Жети
өлчөйт, бир кесет. Эгерде «кескени» мүчүлүш болуп калса, аны кайра өзү ондоого ашыгат.
Көп чыйырга түшүп чебер
иликтейт. Каршысына ызырынбайт, андан үйрөнөт.
Чындыкты көздөйт. Өзүн өзү сынга алат. Анан чындыкты табат.
Ушул айтканыбызды далилдеш үчүн, көрүнүктүү туркологдор В. В. Радловду, С. Е.
Маловду калыстыкка чакыралы. Бул залкар окумуштуулар чындыктын көзүн табыш үчүн
кандай эмгектеништи. Улам жаңы чыйырга түшүп, улам жаңы табылгаларды изилдеп
чындыкты табышты. 1891-жылы «Кутадгу билиг» эң байыркы түрк жазуу эстелиги деп
эсептелсе, жана уйгур тилинде деп аныкталса, Орхон эстеликтерин изилдегенден кийин,
В. В. Радлов баштапкы аныктамасын өзү танды. «Кутадгу билигке» немец тилинде жазган
акыркы баш сөзүндө Радлов өзүнүн баштапкы аныктамасын мындайча оңдоду:
«...Ошондук-тан «Кутадгу билигди» тили тууралу 1891—1900-жылдары айтылган менин
пикирлеримдин өзгөрүшүнө таң калуунун кереги деле жок. 1891-жылы мен Бамбердин көз
карашы менен толук макул болуп, «Кутадгу билиг» байыркы уйгур тилинде жазылган
деген пикирде элем, бирок «Кутадгу билигде» «уйгур» де-ген сөз бир дагы жолу
кездешпейт...»
«...Эстелик уйгур тамгасында жазылганы менен андан якут, хакас, соет, абакан
татарларынын тилдериңдеги фонетикалык өзгөчөлүктөрдү да көрүүгө болот, мындагы кээ
бир тилдик кубулуштар азыркы алтайда жашаган элдердин тилиндеги кубулуштарга да
жакындашып кетет. Менин «Кутадгу билиг» уйгур тилинде эмес деген пикирге келишиме
да бир нерсе — уйгурлардын маданияты өнүккөн эл экенин айтып, жана бул болсо,
автордун өз эне тилинде биринчи китеп экенин көрсөткөн автордун сөзү негиз болуп
олтурат...»
Мындан кийин В. В. Радлов «Кутадгу билиг» түрк тилиндеги биринчи окуу китеби
экендигин баса көрсөтөт. Аны аныкташ үчүн, баш сөздө «Кутадгу билигдин» автору деп
эсептелинген Юсуф Хас-Хажибдин өз сөзүнөн цитат келтирет. Байыркы эстеликтерди
салыштыруу менен ал эстеликтер түрк элдеринин эстеликтери экендигине ыйгарат.
Окумуштуу өзүнүн баштапкы аныктамасына киргизген соңку оңдоону эске алууну
суранат.— «...Эгерде мен «Кутадгу билигди» кайрадан басмадан чыгарсам, анда ал
башкача болор эле, бирок менин өмүрүмдүн калган жылдары мындай мүмкүнчүлүк
берерине көзүм жетпейт. Илим-дин жаңы тармагы болуп саналган туркологияга колдон
келишинче салым киргизүүгө аракет кылдым, өмүрүмдүн көбүн туркологияны түзүп,
өөрчүтүп-өркүндөтүүгө арнадым. Менин эмгектерим илимдин имаратын тургузууга
кирпич болуп, туркологияны андан ары өркүндөтүүгө көмөкчү болсо болгону11».
Чоң окумуштуунун керез айтып бизге эскертип, бизден суранып, тапшырып калтырган
— илимдин жаңы тармагы туркологияны өнүктүрүү алдыда турган ыйык иш экенин
унутпасак.
Айрыкча, байыркы мурастарды изилдөө, ал мурастарды өз бабалары калтырган аманат
катары карап аны баалоо, биздин байкашыбызча, бизге тектеш элдерде ийгиликтүү жүрүп
жатат. Алматыда, 1967-жылы эле «Эртедеги казак эдебиети хрестоматиясы» чыкты: Анда
«V—XIV гасырлардагы көне эдебиет нуска-лары» деген бөлүм «Орхон жазуларындагы
жырлар» деп ата-лып, анда Күлтегин күмбөзүндөгү кичи жазуу, Тоңукөк күмбөзүндөгү
жазуу; II тарау да «Сөздиктердеги жумбак, макал, мател, өлөң-жырлар» деген темада
Махмуд Кашкаринин сөздүгүндөгү макал, лакап, ырларды; III тарау да «Дастандар» деп
атап «Кутадгу биликтен» үзүндү басышкан.
Ал эми өзбек тилинде болсо, бизге орток ушул байыркы мурастар алда качан эле толук
өз ордун ээледи. Мында да айта кетер сөз, ошол казак, өзбек окумуштуулары бул байыркы
адабий мурастарга жеке эле алар ээлик болбостон, жалпы тектеш элдер энчилеш экенин
айтышат. Туура! Бул байыркы адабий мурастарга тектеш элдер энчилеш экенин биз да
аныктайбыз. Бирок, ошолордун ичинен, биз, байыркы кыргыз журту, бул мураска кошкон
үлүшүбүз чоң дейбиз. Буга, элибиздин байыркылыгы бир күбө болсо, андан кем эмес,
ошол байыркы маданиятты изилдеген окумуштуулардын аныктамалары жана ошол
байыркы адабий эстеликтердеги баяндар бул мураска кыргыз журтунун кошкон үлүшү
чоң экендигин айтышат. Бул — чоң далил болуп турган тарыхый маалыматтар! Ушул
тарыхый маалыматтарды элибиз жараткан «Улуу сөз» аныктайт жана толуктайт.
Ушул тарыхый маалыматтарга жана замандар бою түзүлүп, бабаларыбыздан бизге
мурас болуп калган «Улуу сөзгө» таянып, байыркы адабий мурастардын далайын, бизге
— кыргызга таандык деп айтуудан да тартынбас элек. Анткени, бизди бул жактан жеке
эле өзүбүздүн «Улуу сөзүбүз» эмес, тарыхый маалыматтарды өзү калыс баамдаган кишиге
ал байыркы мурас-тар биздики экенин айгине көрсөтөт.
«Вслед за крупными авторитетами — акад. В. В. Радловым и проф. В. И. Томсеном — я
не имею никаких причин не считать эти енисейские памятники принадлежащими
киргизам,— дейт, С. Е. Малов — В 1943 году я был во Фрунзе и в Институте языка,
литературы и истории Киргизского филиала АН СССР во время беседы об этих
памятниках я был очень удивлен, что встретил воэражения со стороны многих
сотрудников Института в отношении своих высказываний о принадлежности енисейских
памятников киргизам. Оказывается, в этом вопросе мои противники слишком доверяли
проф. К. К. Юдахину и доц. И. А. Батманову, ссылаясь на их печатные высказывания по
этому вопросу. Мне хотелось быдумать, что эти два почтенных ученных— И. А. Батманов
и К. К. Юдахин — отнюдь не является противниками мнения Томсена и Радлова12».
С. Е. Маловдун бул айтканына туура жыйырма алты жыл өттү. 1943-жылы төрөлгөн
бала бул кезде жетилген адам! Ошентсе да, биз өзүбүздүн ата мурасы болгон байыркы
маданиятыбызды таанууда, аны баалоодо, жактоодо али баягы балалык мажрө чагыбыздан
чыга элекпиз?
Биз жогоруда залкар турколог окумуштуулардын аныктама-сын келтирдик. Баса,
дапдаана тарыхый чындыктарга кайчы туруу окумуштуунун мүчүлүшү жана чабалдыгы,
калыссыздыгы. Мында И. А. Батманов соңку кездерде, байыркы эстеликтерди тыгыз
изилдеген соң, баштагы көз карашын өзгөрттү.
«Предки киргизов, тувинцев, шорцев, хакасов и алтайцев оставили после себя
енисейские памятники — стелы, воздвигавшиеся в честь родоплеменных вождей и
В. В. Радлов. «Кутадгу билигке» акыркы сөз. «Кыргызстан маданияты». № 4, 108, 22-январь, 1969. Немец
тилинен которгон А. Жолдошбеков.
С. Е. Малов: Енисейская письменность тюрков. Из-во АН СССР. М„— Л. 1952, стр. 4—5.
знаменитых воинов и содержавшие высеченые тексты, в которых излагались
биографические данные о покойном13».
Ушундан кийин окумуштуу байыркы кыргыз тили ошол кез-деги тектеш элдердин
тилдери менен эң жакын экендигин ай-тат. Абдан туура! Ал тургай ал кезде
диалектикалык жактан айырмаланган бир тил болгонуна биз анча күмөндөр эмеспиз.
Эмесе, ошол тилде жаралган байыркы адабий мурастарга биз-дин бабалардын кошкон
энчилери зор.
Бул маселе жөнүндө бизге өз байкоолорун бөлүшкөн досторубуз жеке эле
окумуштуулар бекен? Жок. Ошол, биздин байыркы маданиятыбыздан кабары бар
акындар, жазуучулар да бул маселеде биз тараптык. «Кутадгу билигти» жана Орто Азия
элдеринин элдик поэзияларын, макал-лакаптарын орус тилине которгон акын Наум
Гребневдин биз менен болгон бир жолку аңгемесинде, ал:
— «Кутадгу билиг» силерге көбүрөөк тийиштүү. Жеке эле анын мекени силердин жер
болгондон эмес, анын мүнөзү да, дүнүйөсү да силерге жакын,— деп айтканы бизди көпкө
ойлонтту.
Ал эми «Самарканд асманындагы жылдыздар» деген көп томдуу романдын автору,
Мамлекеттин сыйлыктын жана Өзбек л ССРинин Хамза атындагы Мамлекеттик
сыйлыгынын лауреаты, орто кылымдагы Орто Азияда жашаган элдердин тарыхын жакшы
билген чоң жазуучу Сергей Петрович Бородин:
— Силер, кыргыздар, эң эле камырабассьгңар. Жадаса, өзүңөргө тийиштүү энчини
алуудан жалтайлайсыңар! — деди да анан ал муну айтты:—Деги байыркы адабий
эстеликтерде силердин энчиңер чоң экенин билесиңерби? Кыргыз түрк элдеринин ичинен
байыркыларынан. «Манас» сыяктуу улуу баянды силердин бабаңар жаратканы бекер
эмес! Өз мурасыңардан куру жалак калбагыла!
Баса, биз чынында эле өз энчибизди алуудан жалтайлап турабыз. Биздин ушул чоң
кемтигибизди досубуз көзгө айтты. Муну моюнга албаска аргабыз жок! Жакында эле мага
келген москвалык жаш окумуштуу мындай деди:
— Улуттук маданиятты өнүктүрүү, анын талабын жактоо баарыдан мурда өзүңөрдүн
милдетиңер!
Эң туура!
Байыртан берки улуттук маданиятыбызды сактоо жана аны жактап алуу баарыдан
мурда биздин милдет!
Тарыхка бүгүнкү көз менен кароону биз эреже кылып алганбыз. Жада калса,
«мурасташпыз» дегенге да: «А кантип? Кай-дан эле?»—деп делдээ калчуларыбыз бар. —
А биз мурасташ болсок анын эни, тамгасы кана? — деп куудулданып койчулар да жок
эмес.
Делдейиш ушундай жолбун куудулдук менен чектелсе, анда ишти оңуна салыш арзан
го. Биздеги эң жаман оору — изилдеш керек дейбиз. Изилдеп жарытпайбыз. Билиш,
үйрөнүш керек дейбиз. Билип-үйрөнүп жарытпайбыз. Айсарала күдөрү тизгинди үзө
басып таштагандай, биз кай кездерде жарык максатты үзө басып таштайбыз да... анан
кайрадан далилдейбиз?!
Баса биз эмнеге делдейебиз?
Тээ байыркы адабий мурастар — ташка чегилген чыгармаларга — биз мурасчыбыз деп
айтууга, башкалардан мурда биз-дин негизибиз бар! Жө ошол байыркы адабиятта биздин
элдин өмүрү баяндалбай жатабы? Же ошол байыркы адабият менен биздин «Улуу сөз»
өзөгү айкашпай жатабы? Же ошол байыркы адабиятта сүрөттөлгөн элдин мүнөзү, кыялы,
дүнүйөсү менен биздин бүгүнкү элибиздин мүнөзү, кыялы, дүйүнөсү төп келбей кайчы
түшүп жатабы? Жок! Ошол кезде эле ач болсо, эмнеден карды ачканын билбеген момун,
ак көңүл, түз, керек кезинде тайманбас, каармандык мүнөз — дал бүгүн биздин эли-бизге
таандык!
И. А. Батманов. «Современный киргизский язык». Вып. 1. Фрунзе, 1963, стр. 14.
«Мен, түрктөр, түркмендер, угуздар, чигилдер, ягмалар, кыргыздардын
(кыргыздардын) шаарларын, кыштактарын жана жайлоолорун көп жылдар кезип чыктым,
сөздөрүн топтодум, ар түрдүү сөз айырмаларын үйрөндүм, аныктап чыктым. Мен бул
иштерди тил билбегеним үчүн эмес, балким бу тилдердеги ар бир кичине маанини да
аныкташ үчүн кылдым. Болбосо, мен тилде алардын эң жетиктеринен, эң урматтап
баалоочуларынан, сөз баркын билүүчү эски элденмин, жаңы иштеринде чебер
найзачандарынанмын. Аларга ушунча көңүл койдум дейсиң, түрк, түркмөн, угуз, чигил,
ягмалар жана кыргыз элдеринин тилдери бүтүндөй көңүлүмдө жат болду. Аларды ар
тамандан дыкандап бир негизге тартипке салдым.
Бул чыгарма адабий эстелик болсун деп, кудайга сыйынып, бу китепти түздүм. Китеп
«Девону луготит түрк».
Демек, китептеги тигил эң көп сөздөр, ыр куплеттери, макал-лакаптар эзелтеден
келаткан адабий мурастар!
Анын автору ошол киндиктеш түрк журту. Мурасчылары биз — ал журттун
тукумдары!
Эн-тамгасын көрсөтө айтыш керек болсо, биздин бабабыз — байыркы кыргыздардын
бул мурастарга кошкон салымы өтө чоң жана баалуу. Мейли, таштагы жазуулар, мейли
«Кутадгу билик», мейли «Түрк сөздөрүнүн жыйнагы» болсун аларда биз-дин бабалардын
бизге аманат калтырган улуу сөздөрү айдан ачык жаркырап көрүнүп турат!
Ырас, өткөн кылымдарда чет жакадан келген баскынчылар тарабынан талоондорго
учурап, кош кабат эзилген элибиз тынымсыз запкынын кысымында калып... тербип,
кырылып баратты. Журт башына кара түн түшүргөн ал оор мезгилде элибиз өзүнүн
улуттук маданиятын дээрлик өстүрө албады.
Октябрь революциясынан кийин гана азаттык алдык. Социалисттик республикалардын
катарында кыргыз эли өзүнүн улуттук маданиятын өстүрүүдө. Бизде, республикада
илимий изилдөө жайлары аз эмес. Анда иштешкен окумуштуулардын саны да жыл сайын
өсүүдө. Бул — иштин кубанычтуу жагдайы. Бирок, ушул чоң жеңишибиз менен бирге
илимди өнүктүрүүдө, керектүү кадрларды даярдоодо, адам өкүнөр мүчүлүшүбүз да бар.
Сөз, «Улуу сөз» жөнүндө бараткандыктан, биз мында айрыкча байыркы өмүртиричилигибизди, маданиятыбызды изилдөөдөгү кашаңдыкты айтпаска болбос.
Республикада айрым илимий кызматкерлердин, академиянын туркология секторунун
анча-мынча иштерин эске албаганда... байыркыбызга али кол тие элек. Бул эң өкүнүчтүү
иш.
Байыркы тарыхыбызды, адабиятыбызды, көркөм өнөрүбүздү изилдөөгө келгенде,
эмнегедир, тайсалдай калабыз. Анан чабалдык кылабыз. Илимий институттар ушул
багытка карай кадр даярдоону эстен чыгарып койгон сыяктуу... Жаш окумуштуулар тема
тандаган кезде, эптеп эле тез «жемиш»берер жакты көздөй калышат. Ал эми ийне менен
кудук казып, байыркыдан бүгүнкүгө, бүгүнкүдөн эртеңкиге илимди улоо, аны өнүктүрүү
менен тарыхтын жарык жүзүн ачууда да, бүгүнкү күндүн талабына жооп берүү эртеңки
тукум алдында да өз жүзүн жарык кылуу үчүн чыныгы чоң окумуштуулуктун салтын улоо
чанда.
Биздин оюбузча, ата мурасын эстен чыгарып, аны баалабай коюш тек кемчилик эмес,
ал кылмыш!
«Марксизм завоевал себе свое всемирно-историческое значение как идеологии
революционного пролетариата тем, что марксизм отнюдь не отбросил ценнейших
завоевании буржуазной эпохи, а напротив, усвоил и переработал все, что было ценного
более чем двухтысячелетнем развитии человеческой мысли и культуры14».
Ишти ушул багытка алып жүрүү менен эзелтеден келаткан элдик мурастарды сактоо,
баалоо, аны улап өнүктүрүү, эзелтеден эл түзгөн асыл мурас катары ага сыймыктанууга,
аны барктоого, бизди, марксизм ушундай үйрөтөт жана чакырат.
В. И. Ленин. Сочинения, издание четвертое, 31 том, стр. 292.
Эмесе, биздин ошентип барктап, баалап, сактап, аны жаңы өзөктө улап өнүктүрүп
сыймыктанар сонун мурастарыбыздын жарык өзөгү ушул баба мурасы — «Улуу сөзү».
Бирок, бул жооптуу ишти тейлеп жолго салуу, тек айрым ынтаалуу кишилер көтөрөр
жүк эмес. Бул, эң маанилүү жана жооптуу мамлекеттик иш. Биз, эзелки эл боло туруп
байыртан баскан жолубузду, өтөгөн маданий иштерибизди илимий жактан кең-кесири
изилдеп, аны аныктап, тактап ата мурасы катары баалап алууга милдеттүүбүз. Бул
жооптуу иш бардык жактан даярдыгы бар чоң окумуштуунун колунан келет. Ушул кезге
дейре биздин окумуштуулардын катарында араб, фарсы, хинди, кытай ж. б. элдердин
тилини билип, ошол тилдерде сакталып келаткан тарыхый мурастарды өз-өз нускасында
окуп изилдей турган бир да тилчи, адабиятчы, тарыхчыларыбыздын жоктугу жеке
республикабыздагы илимий жайларды гана эмес, жалпы элибизди уятка калтырар иш!
Элибиздин эзелки тарыхын, маданиятын изилдөө үчүн керек-түү кадрларды даярдоо
жумушу республикабызда тез колго алынышы азыркы кезде өзүнөн өзү суранып турат.
Байыркыны туура билип, анын жарык жана жакшы жагын сактоо, үйрөнүү элдин
маданиятын даңктайт. Алдыңкы басар жолго жарык берет.
...Алты томдон турган Кыргыз Энциклопедиясын басуу жумушу азыр тыгыз колго
алынды. Бул келечекке мурас болуп калуучу мааниси чоң, бардыкты камтыган зор
эмгектерде, баары-дан мурда, байыркы тарыхыбыз, маданиятыбыз, адабиятыбыз
Энциклопедиядан өз ордун кеңири ээлешке тийиш! Аны энциклопедиянын редакциясы,
анын чоң редколлегиясы, республиканын илим изилдөө институттары биргелешип
иштөөгө кезек келди. Ушуга дейре көз жаздымда калып келген кемтиктер толуктанууга
тийиш.
Биздин сунуш:
Кыргыз элинин байыркы тарыхы, байыртан келаткан улуу сөзү түзгөн бай адабияты,
искусствосу өз-өзүнө энчиленген темада Кыргыз Энциклопедиясынан өз-өз ордун кенен
ээлесин!
1969-ж.
АТА МУРАСЫ ЖӨНҮНДӨ СӨЗ
Биз элибиздин байыркы өмүрүнө көз чаптырсак, ал — журт кыйрына көз салган
эрөөлдөгү жоокер сыяктанат. Анын арткан жолу татаал, өмүрү күрөштөрдө өткөнү
байкалат. Бизге жеткен тарыхый маалыматтар дал ошондой баяндайт. Борбордук Азия-да
жашаган элдердин, уруулардын эң байыркыларынын бири кыргыздар экенин аныктайт!
Ошол байыркы кыргыздар, өздөрүнө канатташ-коңшулаш турушкан чоң-кичине элдер
менен дайым карым-катнаш кылганы, нукура өзүнө таандык маданияты, жазуусу,
тамгасы, мамлекети, бийлиги болгону айтылат. Байыркы кыргыздарга түздөнтүз таандык
«Чааташ» эстеликтери биздин доордон алда качан мурдагы «Тагар», «Таштык»
маданияттары менен байланыштуу экенин эске алсак, не ошо байыркыдан кыргыз
династиясы башталаганын эске алсак — элибиздин тарихий элеси кыргыз атчандын
караанындай туңгуюк тартып туманга житпейт, анын кайратман жоокердик сапаты
ачылып, карааны ири тартып даана көрүнөт. Тилекке каршы биздин тарыхчылар элибиздин ошол байыркысын азырынча көз жастыкта калтырып коюшканы өкүнүчтүү иш.
Ошондон улам биз ушул кезге дейре так баамдап эбак эле чечип алчу маанилүү маселелер,
алиге колго алына элек. Мен бул ойду жеме катары айтпайм. Тек бул маселе, эбак
жетилип, колго алышты күтүп турганын эскерем. Неси болсо да, элибиздин байыркы
өмүрүн аздыр-көптүр так-тап алганыбызда азыр бизге туңгуюк тартып талаш туудурган
ушул мурас маселесин кароодо, бүгүн биз анча кысталбас элек.
Азыр бизге күңүрт, түшүнүксүз болуп көрүнбөй, сезилбей жаткан туңгуюк нерселер
даана, түшүнүктүү болор эле. Адабий мурастарыбызды кээде танбастан аны баалар элек,
тааныр элек. Элибиздин замандар бою басып өткөн тарыхый өмүрүн кеңири изилдеп
үйрөнүп, аны туура баамдасак — тарыхый чындыктарды колдон келишинче туура тактар
элек.
Элибиздин байыркысын тек бүгүнкү күндүн белгилерине, бүгүнкү тилибиздин, не
бүгүнкү маданиятыбыздын. өлчөмүнө салып карасак, анда биз, эң маанилүү, жооптуу
маселеге бир беткей көңүл бурган болобуз. Чындыкты туура көрүп, терең баамдап, аны
калыс чечиштин ордуна жалаңкабат карап калгыс — туура эмес чечебиз. Айталык:
«Девону лугатит түрк» не «Кутадгу билик» сыяктуу мындан тогуз кылым мурда жаралган
мурастар жөнүндө сөз козгогон кезде, ал мурастардын тилин бүгүнкү кыргыз тили менен
салыштыра коюп «Мына, окшобойт, түшүнүксүз» дей салыш барыктуу, маанилүү жана
жооптуу ишке тек ат үстүнөн карагандык болор. Арийне, ар бир тил өсүп-өнүгүп,
жаңырып, байып, өзгөрүп олтурат. Тогуз кылымдан мурдагы тилибизди кое туруп мындан
токсон жыл мурдагы тилибиз да бүгүнкү тилден бир далай өзгөрүп, айырмаланып калды.
Мындан элүү жыл мурда дүнүйөдөн өткөн адам тирилип келсе, бул кездеги жаштар ал
адам менен сүйлөшүү үчүн, балким «тилмечти» талап кылар...
Эмесе биз бүгүнкү сүйлөнгөн сөздөр менен анча карт келишпей, бүгүнкү тилге
которулууну талап кылган байыркы мурас-тарды тануу принцибин колдонсок, анда жеке
бизге — орто-азиялык элдерге таандык мурастар тургай ар бир эле элдин байыркы мурасы
тексиз калар, дайнын таптырбас?!
Байыркы мурастарды козгобой туруп кечээ эле — мындан
беш кылым мурда жаралган Новоинин дастандарын, не «Бабур намени» өзбектер, ошол
баштакы тилде окуша албады. Эгерде, биз «Бабур намеден» турмушту көз алдыга
келтирсек не анын баштапкы тилин изилдесек — андагы элдердин турмуш-тиричилиги,
үрп-адаттары, мүнөз-кулктары, маданияты, оюн-тамашасы, тамак-ашы, адамдардын
жүрүш-туруштары ал тургай кишилердин сүйлөгөн кеп-сөздөрүнө чейин жеке эле бүгүнкү
өзбек-терге гана таандык болуп бөлүнүп турбастан, Орто Азияда коңшулаш, аралап өмүр
өткөргөн башка урууларга да, башка элдерге да, алардын ичинде кыргыздарга да таандык
белгилер бар. «Бабур намеде» саруу, кушчу, конурат, мундуз, аргын, найман, кыпчак,
кытай, кенегет, маңгыт ж. б. көп уруулар аталат. Бул уруулар ошол байыртан эле аралаш
турушкан. Азыркы кыргыз, өзбек, казак элдеринин негизин түзгөн уруулардан.
Кыргыздын саруу уруусунан чыккан Ибрагим Саруу Бабурдун эң жакын таянычы экени
айтылат. Ибрагим Саруу өлгөндөн кийин гана Бабур Ферганадан качып кетүүгө аргасыз
болгонун жазат. Бабурдун өзү жана анын чөйрөсү боз үйдө туруп бээ байлатканы, таруу
бозо салдырганы, жалпак отуруп маек куруп узун-сонор кеп айтышканы, ошол сүйлөнгөн
кеп-сөздөр көчмөн турмушту баштан өткөргөн байыркы шайдоот уруулардын, коншулаш
турган элдердин бардыгына таандык зкени жалганбы?
Бабур комузду («Бабур намеде» комуз деген сөздүн нак өзү жазылган) жакшы көргөн.
Буга далил да Хиндустанда падишах болуп турган мезгилинде Ферганадан атайын
комузчу алып келүүгө киши жибергени айтылат.
Эмесе биз байыркы мурастарды талдаган кезде, ага, ошол өз учурунун көзү менен
карап, ошол өз учурунун тили менен сүйлөп, ошол өз учурунун илимий аныктамалары
менен аныктап талдоону жүргүзүүгө милдеттүүбүз! Ошондуктан илимий тал-доону
жүргүзгөн кезде окумуштуу ошол байыркы турмушту таанып, көрүп анын ага өз
аныктамасын кеңири, эргите так айт-пастан туруп эле, же бул, же тигил тарыхчынын, же
бул, же тигил изидөөчүнүн аныктамасына таяна калып — «Палан мындай деген», «Түлөн
андай деген», «Палан бул жерде төрөлгөн», «Түлөн тигил шаарда өлгөн...» деп, тек көздү
жуумп ээрчий бериш менен биз чындыкты кеңири так айталбаспыз. Албетте, ар бир
доордо өткөн саякатчылар, тарыхчылар, изилдөөчүлөр бизге баалуу маалыматтарды
калтырды. Ошол үчүн биз аларды сыйлайбыз, баалайбыз. Алардын изилдөөлөрүнө
таянабыз, ишене-биз. Ошентсе да, тек алардын бардык эле айткандарына көздү жуумп
ээрчий бериш айрым учурларда бир беткейликке, так эместикке алып келери да ыктымал.
Себеби, ошол саякатчылардын, окумуштуу-изилдөөчүлөрдүн ичинде ошол кездеги
уруулардын, элдердин турмушун, тилин, үрп-адатын, салтын, тиричилигин так бералбай
болжолдой кеткен учурлары да жок эмес. Маселен, өз ишин эң жакшы билген академик В.
В. Радлов да «Кутадгу биликти» уйгур тилине салыштырганда, текске уйгур тилинин
элементин күчөтүп жибергенин кийин өзү мойнуна алган...
Эгерде кеңири даярдык жана билгичтик менен ишти колго алышса, мурас жөнүндөгү
орчундуу маселелерди туура баам-дап, аны туура чечишке кыргыз окумуштууларынын
мүмкүнчүлүгү чоң.
1. Кыргызга таандык жана бабаларыбыз менен коңшулаш өткөн урууларга таандык
болуп ташка жазылган байыркы жазуулар, тамгалар бар. Ал жазуулар көп учурда насият
сөздөр, ыр түрүндө жазылган чакан дастандар.
2. Элибиздин байыркысын бардык жактан чындыктын негизинде көркөм, элестүү
баяндаган «Манас» үчилтиги баштаган эпосторубуз арбын. Уламыштарыбыз, тарыхый
баяндарыбыз, санжираларыбыз, жомокторубуз көп.
3. Мурунку кылымдарда өткөн саякатчылардын, тарыхчылардын, окумуштууизилдөөчүлөрдүн тарыхый чындыкка сүйөнүп аныктап кетишкен илимий эмгектеринде,
жол баяндарында, тарыхый чыгармаларында кыргыздар жөнүндө көп маалыматтар бар.
Борбор Азияда азыркы тили тектеш элдердин эң байыркыларынан деп кыргызды аташат.
Биздин доордон алда канча мурда эле өз бийлигин курган, өзүнө таандык маданияты бар
эл экендиги айтылат.
Эмесе, кыргыздын ошол өзүнө таандык маданияты кандай маданият эле? Ошол жеке
кыргызга таандык маданияттын уландысы жеке эле өз кебете-кешпиринде калдыбы?
Алааматтын, чабыштын кесепети тийип жексен болдубу? Не ал ар бир эле элдин
маданиятындай өсүп-өнүгүү менен өзүн байытып анан өзүнө жакын, өзүнө тектеш
маданияттарга кошумча коштубу?
Кыргыз окумуштуулары дал ушул колдо бар байлыктарды өзгөчөлүктөрүн,
касиеттерин билгилик менен иликтеп-изилдөө иштерине ыйык кутка мамиле кылгандай
сак, этиет, эң жооптуу кароого улуусунан кичүүсүнө чейин милдеттүү!
Тарыхта ар бир элдердей кыргыздар да бирде өсүп-өнүгүп, бирде чабыштын, сырттан
кол салган каардуу душмандын кесепетинен чачылып бөксөргөнү, ошого жараша
маданиятынын да өнүгүп, гүлдөп өөрчүгөн кези, кумсарып өңү өчүп бөксөргөн кези да
болду. Бирок, ошентсе да ал маданияты кайра жетилди, уланды. Биздин улуу
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Мезгил Сабактары - 06
  • Parts
  • Мезгил Сабактары - 01
    Total number of words is 3925
    Total number of unique words is 2168
    28.4 of words are in the 2000 most common words
    41.5 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 02
    Total number of words is 3835
    Total number of unique words is 1945
    25.2 of words are in the 2000 most common words
    37.9 of words are in the 5000 most common words
    45.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 03
    Total number of words is 3888
    Total number of unique words is 2004
    26.2 of words are in the 2000 most common words
    38.0 of words are in the 5000 most common words
    44.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 04
    Total number of words is 3917
    Total number of unique words is 2109
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    38.3 of words are in the 5000 most common words
    44.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 05
    Total number of words is 3841
    Total number of unique words is 2050
    24.3 of words are in the 2000 most common words
    35.5 of words are in the 5000 most common words
    41.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 06
    Total number of words is 3908
    Total number of unique words is 2175
    25.1 of words are in the 2000 most common words
    36.6 of words are in the 5000 most common words
    43.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 07
    Total number of words is 3879
    Total number of unique words is 2261
    24.6 of words are in the 2000 most common words
    36.6 of words are in the 5000 most common words
    43.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 08
    Total number of words is 3889
    Total number of unique words is 2322
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    38.4 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 09
    Total number of words is 3878
    Total number of unique words is 2190
    26.2 of words are in the 2000 most common words
    38.2 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 10
    Total number of words is 3881
    Total number of unique words is 2101
    24.1 of words are in the 2000 most common words
    34.1 of words are in the 5000 most common words
    40.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 11
    Total number of words is 3844
    Total number of unique words is 2201
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    42.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 12
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 2270
    27.6 of words are in the 2000 most common words
    39.9 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 13
    Total number of words is 3957
    Total number of unique words is 2233
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    47.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 14
    Total number of words is 3766
    Total number of unique words is 2212
    23.9 of words are in the 2000 most common words
    35.6 of words are in the 5000 most common words
    42.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 15
    Total number of words is 3906
    Total number of unique words is 2254
    27.6 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    47.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 16
    Total number of words is 4040
    Total number of unique words is 2326
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    38.3 of words are in the 5000 most common words
    44.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 17
    Total number of words is 3980
    Total number of unique words is 2278
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    38.4 of words are in the 5000 most common words
    45.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 18
    Total number of words is 3826
    Total number of unique words is 2298
    24.7 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 19
    Total number of words is 4011
    Total number of unique words is 2430
    25.2 of words are in the 2000 most common words
    37.5 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 20
    Total number of words is 3935
    Total number of unique words is 2383
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    45.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 21
    Total number of words is 3922
    Total number of unique words is 2456
    24.7 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 22
    Total number of words is 3905
    Total number of unique words is 2360
    25.7 of words are in the 2000 most common words
    37.1 of words are in the 5000 most common words
    43.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 23
    Total number of words is 3793
    Total number of unique words is 2219
    25.4 of words are in the 2000 most common words
    36.9 of words are in the 5000 most common words
    43.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 24
    Total number of words is 3857
    Total number of unique words is 2269
    24.4 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    43.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 25
    Total number of words is 3863
    Total number of unique words is 2183
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    35.5 of words are in the 5000 most common words
    43.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 26
    Total number of words is 3856
    Total number of unique words is 2325
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.0 of words are in the 5000 most common words
    45.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 27
    Total number of words is 3866
    Total number of unique words is 2429
    25.2 of words are in the 2000 most common words
    35.8 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 28
    Total number of words is 3971
    Total number of unique words is 2417
    23.9 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    42.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 29
    Total number of words is 3917
    Total number of unique words is 2300
    24.3 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    42.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 30
    Total number of words is 3926
    Total number of unique words is 2169
    25.8 of words are in the 2000 most common words
    37.9 of words are in the 5000 most common words
    44.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 31
    Total number of words is 3936
    Total number of unique words is 2141
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    45.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 32
    Total number of words is 3916
    Total number of unique words is 2096
    25.7 of words are in the 2000 most common words
    37.3 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 33
    Total number of words is 3934
    Total number of unique words is 2181
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    38.5 of words are in the 5000 most common words
    45.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 34
    Total number of words is 2486
    Total number of unique words is 1435
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    41.2 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.