Latin

Мезгил Сабактары - 12

Total number of words is 3898
Total number of unique words is 2270
27.6 of words are in the 2000 most common words
39.9 of words are in the 5000 most common words
47.5 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Төлөгөн Касымбеков, Байдылда Сарногоев, Рамис Рыскулов, Жунай Мавлянов, Сүйүнбай
Эралиев, Сооронбай Жусуев, Омор Султанов, Түмөнбай Байзаков, Совет Урманбетов,
Шүкүрбек Бейшеналиев, Камбараалы Бобулов, Шатман Садыбакасов, Шабданбай
Абдраманов, коюңуз, бул катардын жана буларды шаштыра бардыгыбызды ураанга,
намыска чакырган сыяктуу дүбүртү катуу келаткан жаштарыбызга чейин биз жараткан
татыктуу чыгармалардын тизмелери өзүнчө шар толкуну көз алдыга тартат. Мындай
чакан макала тургай бул ийгиликке атайын арналган кеңири изилдөөдө бардык шык,
бардык таланттарыбызды жана алар жараткан чыгармаларды атап өтүү азыр мүмкүн эмес!
Дал ушунун өзү көп шыктуу чоң коллектив өсүп, жетилип калганына күбө, — чоң
адабияттын өсүп-өнүгүп жатканына күбө!
Азыр бизде эң чакан новелла аңгемеден баштап көп пландуу романдар, бир шилтем
куплеттерден, сүйүү жана саясы лирикадан баштап турмушту кеңири камтыган, аны чебер
сүрөттөгөн ыр менен жазылган роман-поэмаларга чейин, турмуш элесин, адам өмүрүн
даана баяндаган очерктен баштап адабиятты таануу илимине чейин... ушуңдай эле бардык
түрүндө кыргыз драматургиясы, балдар адабияты бирине бири эриш-аркак, бирин бири
толуктап, адабиятыбыз тездик менен өсүүдө.
Кыргыз адабиятын өнүктүрүүдө, аны байытууда, ага бир жагынан өбөлгө таалимчи
болууда дүйнөлүк адабияттын милдети өтө зор. Батыштын жана чыгыштын улуу
жазуучулары жараткан эчен укмуш өлбөс мурастардын далайы кыргыз тилине которулду.
«Лайли Мажнун», «Фархат Ширин», «Хосров Ширин», «Жолборс терисин кийген шер».„
Орус классиктеринен А. С. Пушкин, Л. Толстой, А. Чехов, М. Горький, М. Шолохов, А.
Фадеевдерден баштап, советтик жазуучулардын ондогон сонун романповесттери,
ырпоэмалары, драмалык чыгармалары; байыркы Шекспирден баштап Сервантестин,
Байрондун, Виктор Гюгонун, Ромен Ролландын, Рабиндранат Тагордун, Назим
Хикметтин... айтор, мында да эне тилибизге которулуп, кыргыз окуучуларынын энчисине
өткөн дүнүйөлүк авторлордун тизмесин түзүүгө шаабыз жетпейт.
...Бардык жанр боюнча тез жетилип, тез өнүгүп жаткан кыргыз адабияты бул кезде чоң
дүйнөгө карай арым таштоодо. Чоң адабияттардын катарына кошулууда. Акын
жазуучуларыбыздын көп-көп ыр-поэмалары, аңгеме-новеллалары, повесть-романдары,
драмалары Октябрь туусу астында жашаган көп улуттардын жана дүйнөлүк элдердин
тилдерине которулууда:
Улуу Октябрь өмүр берген адабиятыбыз өнүксүн, өссүн! Элдин асыл мурасы —
«Манас» өстөнүн жолдоп, кылымдан кылымдарга кетсин. Урпактан урпактарга атамурасы болсун!
1967-ж.
АЛЫКУЛДУН „МАХАБАТЫ" ЖӨНҮНДӨ15
Акын Алыкул Осмоновдун «Махабат» деген китебине анын 51 ыры жана 7 поэмасы
кирген. Ырларынын бардыгы жана поэмаларынын көпчүлүгү бүгүнкү күндүн темалары:
эмгек, баатырдык, достук, сүйүү, адамгерчиликтин сапаттары турмушту таануу,
душманды жек көрүү ж. б.
Поэмаларынан: «Мүнөз ойну», «Толубай сынчы» эл оозунда сакталган акылман сөз
мурастарынан пайдаланылып жазылган. Мааниге терең, окуяга бай, көркөм. «Махабат»
поэмасы — колхоз легендасы. Сүйүүнүн күчүн айткан легенда окуяга туура айкалышуу
Чоң доомат коюлуп кармалып жаткан «Махабат» ушул рецензиядан кийин жарык көргөн.
менен турмушта болгон чындыктан таасир берет. Калган төртөө: «Менин энем»,
«Күлүйпа», «Майдын түнү», «Ким болду экен». Бул поэмалар, немец баскынчыларына
каршы жүргүзүлгөн улуу Ата Мекендик согуштун баатырларынын эрдик сыймыктарын,
сүйгөн жарларынын зор эмгектерин, тунук сүйүүлөрүн баяндайт. Каармандары советтик
кишилердин жакшы сапаттарын сактаган. Мекенди сүйгөн, эмгекке берилген, убадага
туруктуу, сүйүүсү тунук. Учурунда терең кайгыга чыдап койгон, жумшак юмору менен,
күчтүү эрк-кубатты жүрөктө сактаган тирүү кишилер. Адабий жагынан өзүнчө стили так,
чакан көлөмдө.
Акын бир катар ырларын, поэмаларынын көпчүлүгүн күчтүү толкун менен жазган.
Тили бир катар байыган. Эстетикалык сезимин өстүргөн. Адамга кеңеш берген. (Айрым
учурларда, саалсаал үстүртөн кетүү бар). Албетте, бул жагы чоңураак зыян келтирүүгө
барбайт. Ошентсе да, акын бул кемчилигин байкоого тырышуу керек.
Оңдолууга зарыл болгон кай бир кемчиликтер:
Айрым ырларда («Сырт жайлоо», «Түп суусу», «Чөп чабыш», «Комбайн», «Адилеттик
куш», ж. б.). ашык сөздүүлүк, же туура эмес маанини бергендик бар.
«Сырт жайлоодо».
Жайлоонун жан жыргатар кымызы кен,
Жер-көктү теше чертчү күчү менен.
Буулугуп кен, аякта чалкып турса,
Өзүмчө мына мындай ойго келем:
деп аяктагы ууз кымызга кирсиз мүнөздү, тунук сүйүүнү салыштырат. Дурус. Ал алш,
кымыз «кең» болбойт, жер-суу кең анын кыз колтуктап басып жүрчү төр, көчө, гүлдүү
бакча кен. Кымыз ынак, мол. ,
Же «Түп суусунда» да:
«Аркы өйүзүңө тез өтөйүн кечүү бер...»
Дагы:
«Мени менен кас жеңеси бар караган...» — Булар чоркок жазылган. Оңдош керек.
«Аркы өйүзүңөнү» «өйүзүңө» десе эле жетишет. Өйүз суунун ары жагы. «Чөп чабык да».
«...Деңиз көк, катарына жалп-жалп жатып...» Же:
«Кайрадан шарк-шарк эткен кубаттуу үн!...» Мында чалгынын тартылганын сүрөттөйт.
Бирок талмоорсуган ысык күндө буралып чалгы тартсаң: «шшырт-шшырт...» же, «шшартшшарт...» деген өзүнчө угумдуу уйкалыштуу күүнү салат. «Шарк-шарк» эткен үндү, башы
какжыраган үч-төрт кетменди алдыңа өңөрүп, желиши жаман атка желдирсең, анан
угасың.
Ушул ырдын алтынчы куплети маани жагынан оңдоону талап кылат, «бардык»,
«толгон» менен, жана биринчи сабактагы сапат жеке эле колхозчуда деген түшүнүккө
кетпесин?
«Комбайнда»:
«Комбайн колхозчу үчүн бакыт-таалай,
Эң жакын кичүүсүнүн — агасындай.
Жана да агасы үчүн — инисиндей,
Атанын бир боор жакын баласындай...»
Бул куплетте, акындын айтайын деген пикири дурус, бирок биринчи үч жол, эмнегедир,
Калимдин ырына окшойт... Төртүнчү жол маани жактан туура эмес. «Бир боор» — агаини, эже-карындаш. Ал эми, атага бала — өз кубатынан сызылып чыккан насылы. Элде да
ата баласын бир боорум дебейт. «Тукумум, каным-жаным, чырагым» дейт.
«Кара көбөлөк» деген ыр маани жагынан такталсын. «Каракөбөлөк» — кырсык
жөнүндө журтка үркүн, калаба алып келүүчү легенда. Менин угушум — ал асмандан
жаабайт. Тилин салаңдаткан маңдайы кашка кара дөбөт элесинде келүү керек. Демек,
ушундай кырсык немецтерге тийгендиги так, ачык берилиши керек.
«Адилдиктин кушу», «Кара деңиз» өңдүү ырлардагы белги коюлган куплеттер, жана
айрым жолдор маани жагынан оңдолушу керек.
«Сүйүү жана мен», «Кайыңды» деген ырлар бул жыйнакка кирбесе да болор эле. Анын
киндик каны төгүлгөн Кайындысына «чыккынчылык» кылып, Чолпон-Атаны мекен
кылганы жеке башынын сезими да. Ошол эле өңдүү «Сүйүү жана мен», «Сүйүүгө көз
караш» жөнүндө, акын ансыз да ашыгыраак сүйлөп саалпаал кайталап да койгон.
Бирин-серин грамматикалык каталар байкалат. Маселен: бакты-дөөлөт бирде чоң
тамгалар менен башталып үтүр менен бөлүнсө, бирде кичине тамга менен башталып
дефис аркылуу жазылган. Дефис коюлучу жерлери тере менен кеткен. Кыл менен
оңдолгон сөздөр даана эмес, окууга кыйын.
Булар оңдолушу кыйын.
Акын Осмоновдун «Махабаты» Кыргыз басмасы тарабынан басылып чыгышын
күтөбүз.
1945-ж.
ОСОКЕМДИН „АШЫМЖАНЫ” ТУУРАЛУ
Эл акыны Осмонкулдун «Ашымжан» деген поэмасын окуп чыктым. Осмонкул бир
жерде комуз чертип, ырдап олтурса үстүнө Ашымжан келип калат. Экөө учурашып
көрүшөт. Бирине бири суроо беришет. Ашымжан кичинесинен өз башынан өткөзгөндөрүн
айта баштайт. Ал атадан жашынан жетим калат, туугандары аны энесинен тартып
алышып, орус кулагына малайлыкка берет. Жаш Ашымжан Матвей деген кулактын
каздарын багып, баласын көтөрөт, музоосун багып, үй кызматтарын кылат. Бир күнү каз
багып жүрүп, бир малай абышканын Күлжамал аттуу кызы менен таанышат. Күлжамал
экөө ниеттерин кошот. Бирок кулактын запкысына чыдабай Ашымжан качып кетет. Ал
кезип жүрүп, жумуш издеген кедейлерге кошулуп, дунган байына жалданат. Дунган
байынын күрүч талаасында иштейт. Жумуш оор, курсак ач, запкы катуу болот. Жадаса
иштеген иштери үчүн тийиштүү акыларын да ала алышпайт. Малайларды башкарган
Саалы деген ырайымсыз желдет байкуш малайларга катуу запкы көрсөтөт. Акырыңда
Ашымжан үч жолдошу менен качып, Пишпекке келет. Пишпектен Ашымжан бир аз багы
ачылайын дейт: ал бир адвокаттын ат баккыч, араба айдагычы болуп алат. Өзүнүн адал
эмгеги менен адвокатка жагып кетет. Адвокат адил киши. Ашымдын арызы боюнча
дунган байынан малайлардын акыларын алып берет. Тилекке каршы, Ашымжан жаңы эле
оңоло баштаган кезинде адвокат башка шаарга кызматка кетет. Ал кетеринде: «Сени киши
кыламын, жүргүн» десе Ашымжан Күлжамалды кыйбай калып калат. Адвокаттан
акысына алган акчасына, жакшы кунан сатып минип, кийим кийинип алып Күлжамалга
келет. Бирок Күлжамал жок. Күлжамалды токолдукка алмак үчүн анын атасын кыргыздын
Бекиш деген байы көчүрүп кеткен. Ашымжан бул кабарды Иван деген жолдошунан угуп
алып, энесине, туугандарына келет. Эми өзүмчө оокат кылып жан сактайын деген тилеги
болот. Ыгын келтирип Күлжамалды алууга аракеттенет. Бул жолу анын тагдырын Бекиш
бөгөйт.«Бузук чокундук Матвейдин атын минип качып кеткен. Аттың төлөөсүн биз
тартканбыз» деген чагым менен, шылуундар, Ашымжандын кунанын тартып алышат, өзү
кыргыз байынын коюн кайтарып калат. Эми, Ашымжан кордукту кыргыз байын көрөт. Ал
акырында, Күлжамалды аЛа качып шаарга кирип кетет. Эки арада революция болуп,
Ашымжан жолдоштору Иван, Кожокандар менен Кызыл Армиянын катарына өтүшөт.
Капалга чейин барышып, Колчактын бандаларын сүрүшөт. Андан келгенден кийин,
Аксуудан чыккан кулактардын козголоңун басышат. «Заман сонун болду, эл тынчыды»
дешип, Күлжамал экөө өз жерлерине келип туруп калышат. Поэманын кыскача мазмуну
ушул.
Ушинтип, акын белгилүү учурду алып, белгилүү адамдарды, аз да болсо алардын
таптык күрөштөрүн көрсөтүүгө аракеттенген. Ушул убакытка чейин, биздин эл
акындарыбыз жомоктордон пайдаланып келсе, Осмонкул чын турмуштан алып, тирүү
адамдардын элесин чындык негизинде көрсөтүүгө өткөн. Бул акындын жакшы умтулушу.
Кулактардын, дунган, кыргыз байларынын кысуусунда зардагаң жалчылардын элесин
Ашымжан аркылуу берүүгө тырышкан. Жана аны акын аздыр-көптүр бере да алган.
Поэмадагы негизги кемчиликтери:
Поэмага керектүү материалдар бар. Бирок ал материалдар адабий түрүндө жетерлик
иштелбеген. Башкы каарман Ашымжан туулгандан тартып, башынан кандай окуя өткөрсө,
анын баарын акын тизмектетип жаза берген. Ошонун натыйжасында каарманда барган
сайын өйдөлөш аз. Бирине бири окшош малайлыктар, бир запкыдан экинчи запкы болуп
кете берет. Бир айтылган зар-муң бир нече ирет кайталана берет. Кыскартып айтканда,
поэманын сюжети иштелип жетпестен жакшы жыгаччы чала сомдогон күрөктөй
колдогой, өөндүү турат.
Поэмада окуялуу элестер аз. Кыймыл-аракет аркылуу берүүнүн ордуна, башкы каарман
Ашымжандын сөзү аркылуу түзүлгөн, Сонун сүрөттөрдү талап кылган учурлар да,
адамдын ички кайгымуңун терең ачып бере турган учурлар да Ашымжан көп сөздүү
супсагыраак баяндамасы аркылуу үстүртөн айтылып кетет. Маселен, дуңган байынын
желдети Саалый, байкуш Мамбетти ат жоготтуң деп, бөйөн-чаянга толгон орго таштаганы
уруп-айдап келаткан кези аз да болсо окуя аркылуу берилгендиктен эсте турат. Ал эми
андан да таасирлүүрөөк жаш Ашымжанды туугандары энесинен тартып кеткени, же
кийин ал чеке теринен таап сатып минген жалгыз кунанын зордукчулардын тартып
алышы, же ушуга окшогон көп учурлар эч окуясыз кургак муң-зар менен чектелгендиктен
тез унутулат. Эгер Ашымжан Күлжамалды ала качышып чырканакка жашынгандары,
кууп келген Бекишти аттан түшүрө чабышы тийиштүү сүрөт менен берилсе, элестүү,
таасирлүү болор эле. Ал эми Бекишти Ашымжан чапты... «Күлжамал, сен коркпо; мен
доңузду жайлайм» деген кургак сөздөр поэманын таламына жооп бере албайт. Мен
жогоркуларды мисал үчүн келтирдим. Ошондуктан, кемчилик ушул айтылгандарда гана
экен деп түшүнүүгө болбойт. Поэма баштан аяк дээрлик ушул түрдө жазылган. Ошонун
натыйжасында негизги катышкан адамдар ачык көрүнбөйт. Кээ учурда алардын аттары
гана эскертилет. Ал эми аткарган иштери ачык элестери жок. Жадаса, Ашымжандын
энеси, Күлжамалдын атасы, же Ашымжан менен бирге жүргөн Кожокандар толук
элестери менен өздөрүнүн ким экендиктерин окуучуга жетиштүү таанытбайт.
Автор тилге бай, кыргыз айлын, жер-суусун жакшы билген адам. Ал айылды, же
Ашымжан кой кайтарып, жылкы айдаган кокту-колотту, гүл жайнаган өтөктү сонун
сүрөттөп бере алар эле. Элдин ошол кездеги салтын, үрп-адаттарын айтып бере алар эле.
Поэманын көп учурлары аларды талап да кылат. Бирок бул жок. Маселен, Ашымжанды
туугандары энесинен тартып жеке эле, аны малайлыкка бериш максатынан чыккан жок го.
Кыргыз элинин салтында аял жесир калып, колунда эркек баласы болсо, туугандары
тукумубузду тентитип жибербейбиз деп намыстанышат, кээ учурда баланы энесинен
ажыратып алып да калышат. Ал эми Ашымжандын жалгыз кунанын атка минерлер тартып
алып жатканда, ошол эле туугандары намыстана кетишип Ашымжандын таламын
талашып чыгууга да мүмкүн. Бул өңдүү салт кыргыз турмушундагы бир өзгөчөлүгун
көрсөтөр эле.
Көлгө кирип каздары Күрп алышты каркылдап, Койкойтуп мойнун чыгарып, Куудай
сүзөт калкылдап. Көлдү чаап ойношот, Күмүштөй канат жаркылдап...
же: Айдап алган алдында анча-мынча каздары Жабылган аппак балапан Жаш тайлактай
басканы...
Мына ушул куплеттерде биз талап кылган элестер бар. Канаты менен сууну чапкылап
коюп, койкоюп сүзүп жүргөн каздар же чайпала басып жайнап жүргөн мажүрө
балапандары көз алдыбызда элестей калып жатат. Мына бул чын сүрөт.
Дагы:
Байбичелер сооротту
Аман келди уулун. деп,
Чолпонуң тирүү көрүндү,
Бошотпо бекер муунуң деп
Эр жеткенде Ашымды
Эми кайра туудуң деп.
Апакем байкуш чуркады,
Каймак сурап, темтеңдеп.
Адашып кеткен алыска
Айланып келди эркем деп...
Мына бул куплеттерде дагы чындык бар. Мында салт да, турмуш да бар. Ашымдын
энеси канча «жаман» болсо да байбичелер анын кайгысың бөлүшүп сооротушту. Бул
биздин элдин боорукердик салты. Апакесинин каймак издеши чоң кубанчын билгизсе,
экинчиден өз колунда жок болсо да каймактай таттуу тамакты айылдаштарынан сурап
алууга болот экен. Бул да чындык.
Ал эми жогорку эле экинчи куплеттин акыркы эки жолу:
Көзүмөн учуп олтурам Күлжамалды көрсөм деп...
Бул чындык эмес, калп. Оор запкыны көргөн азамат көптөн бери көрүшпөгөн энесин
көргөндө, энеси жашын төгүп, ал үчүн каймак издеп жатканда, энесинин карып
кебетесине Ашымдын зээни кейиши керек. Бул учурда Күлжамалды эрксизден унутат.
Бул чындык. Ошентип мааниси тайкы эки жолду акын уйкалыш үчүн жабыштыра салган,
ошону менен башкы каармандын салмагын төмөн түшүрүп алган.
Дагы:
Берметтей данын белендеп, Буудайлар тегиз баш алган...
ушул эле саптарга улай:
Жайдын көркү ачылып, Жазгы талаа гүлдөгөн. Бачайы чапан жамынып, Бакдарак бүтүн
гүлдөгөн, Камданып уя салышып Канаттуу куштар дүрбөгөн...
Жогор жакта буудайлар тегиз баш алган кез. Июль айынын орто чени. Төмөн жакта
бактерек жаңы гүлдөп, канаттуулар жаңы дүрбөп уя салып жүрүшөт. Так айтканда, март,
апрель. Аксакал акын мындай калпты бурк эттирип коюшу кандай болор экен?!
Же болбосо тогуз жашар Ашымжан энесинен ажырап жатканда узакка боздоп ырдайт.
Бул дагы мүнөзсүз эмеспи. Бала энесинин кайгысын бөлүшүп, көзүнөн жашын
мөлтүлдөтүп төгүп жиберсе чындык болор эле. Жана баланын ошол абалын, акын же 4, же
6 гана сабакка батырса күчтүү чыгар эле. Поэмада болсо тогуз жашар баланын зардаганы
жүз жолго чаап кеткен, бирок таасири анча эмес. Ушул өңдүү, көп, зар-муңдар айтылат
таасирлери анча эмес.
Берер кеңешим:
Эгер автор кеңеш укса, бул поэмасын дагы бир сыйра иштеп чыгышы зарыл. Мүмкүн
болсо, бөлүмчөлөргө бөлүп жазса, маселен: «Ашымжан жетим», «Тоодой кайгы»,
«Ашымжан менен Күлжамал» дагы ушул өңдүү. Бир маанини/берген бир катар окуялар
кыскартылып, иштелип бирине бири түбүнөн байланышкан орчундуу темалардан болууга
тийиш. Автор сүрөттүү элестерди бериши керек. Ошону менен каармандын өзүнүн супсак
сөздөрүн мүмкүн болушунча кыскартуу, окуя аркылуу көрсөтүү дурус.
Поэма 4000 жолдон ашык ыр. Жогоркудай оңдоолорду киргизүү менен поэманын көп
кыскартуусун сунуш кылам. Эгер акын 4000 жолдогу айтайын дегенин 2000 жол менен
татыктуу берсе поэманын сапаты сөзсүз бийик болор эле.
Мен авторго оозеки кеңеш берүүнү ойлоп бир катар пикирлеримди жазбадым.
Осмонкул аксакал оозеки айтып, такшалган акын. Мындай жазма түрүндө чоң поэма
берүүгө умтулушу бир катар ийгиликтүү чыккандыгын да айтпай коюуга болбойт.
Поэманын негизги идеясы туура чечилген. Автор чыгармасындагы кемчиликти арылтса,
узакка жашай турган жакшы чыгарма болору сөзсүз.
1945-ж.
БАШ СӨЗ ОРДУНА
Эл акыны Осмонкул «Ашымжан» деген поэма жазды. Башынан көп жыйылган топто
ырдоо эл акындарынын салты болучу. Алар, жыйындарда, топтордо, аш-тойлордо ат
үстүндө жүрүшүп, заңкылдаган бийик обон менен ырдап көнүшкөн. Же кымыз ичкен
үйдө, көп чогулган дөбөдө, комуздун үч кулагын толгой, сезимди ойготуп таңшыган күүгө
кошуп, коңур обон менен ырдап көнүшкөн. Анда, акындар, көргөндөрүн айтып, же
бирөөнү мактап, же кордоп ырдаша турган.
Ошентип кийинки жылдарга чейин эл акындары өз чыгармаларын мурункудай эле көп
алдына ырдап аткаруу түрүндө тааныштырууда. Ырас, алардын ырлары айрым
жыйнактарда, журнал, гезиттерде да көп басылат. Бирок, ошол эле ырлар, акындардын
жазуу жолу менен чыгарган эмгектери эмес. Клубдарда, театр сахналарында, же эмгек
үстүндө колхозчулардын, өндүрүш жумушчуларынын тобуна ырдалып түзүлгөн
эмгектери. Эл акындары ырдоо менен бирге жомоктордон пайдаланып келишти. Алардын
ооздорунан чоң көлөмдүү элдик жомоктор жыйналууда. Көбү айрым китеп болуп
басылып да чыкты.
Ошол акындардын эң аксакалдарынын бири Осмонкул өз демилгеси менен турмуштан
алып, белгилүү доордо жашаган тирүү адамдардын элесин чындыктын негизинде
көрсөтүүгө өттү. Карыянын өзүнүн дасыккан ырдап айтуучу жолунан, жазуу жолуна
биринчи өтүшү. Бул акындын жакшы умтулушу. Акындын жаңылыгы!
Осмонкул өз чыгармасын жазуу жолунда өнүктүрүү менен бирге колунан келишинче
жазма адабияттын таламын да аткара алды. Акындын поэмасында иштелген сюжет, тирүү
каармандар (адамдар) бар. Алардын элестери көрүнөт. Жер-суунун сулуу сүрөтү, чыныгы
турмуш акындын элдик чебер тили менен сүрөттөлгөн.
Ырас, адабияттык көз караш менен акындын алдына бийик таламды койсок,
«Ашымжан» поэмасында бир катар кемчиликтер бар. Артыкча, адамдардын жеке-жеке
мүнөздөрүн айтууда, окуялардын жүрүшүндө ачыгыраак эмес, эмнегедир жетпегенсип
турган учурларды байкоого болот. Бирок, акын жашы улуу, оозеки ырдап дасыккан болсо
да, ал жазуу түрүнө биринчи өтүшү.
«Ашымжан» поэмасы, Осмонкулдун жазуу түрүндө берген эмгектеринин эң туңгучу,
жана бул чоң поэманын биринчи бөлүмү. Акындын поэмасынын экинчи бөлүмү жазылып
жатат. Ал: Ашымжандын баласы — «Эмдигинин Манасы». Бул эмгегин зор ийгилик
менен жазып бүтүшүн акындан күтөбүз.
1949-ж.
ЭЛ, ЖЕР, АДАМ, ЭМГЕК
Эс тартканымдан мени кызыктырган жаныбар кумурска. Ал буттары ичке, бели үзүлүп
кетчүдөй, бирок өзү күчтүү, күлүк, түйшүкчүл. «И, булар ачка. Тамак издеп жүгүрүп
жүрүшөт»,— деп ойлочумун. Көрсө кумурска эле эмес, зор, күчтүү жаныбар да жан
багыш үчүн түйшүктөнөт тура.
Байкасам кумурска чоң эмгектин үзүрүн көрөт экен. Бозоргон уюгу тек боз «дөбөчө»
эмес, көптүн күчү эң чебер курган өзүнчө эле имарат — жашоого, тиричиликке абдан
ыңгайлуу көп катардуу сонун жай экен. Өзүнүн архитектуралык жагынан чебер иштелген
бул сонун «Сарайды» эң алгач кумурска куруптур. Анын эмгектениши, жортуулу кишиге
таалим берген го? Ага киши өз акыл-эсин кошуп, эмгеги, өнөрү артып, асыл иштерди өтөп
жетилген сыяктуу.
Неси болсо да кумурска, аары сыяктуу түйшүкчүл жаныбарга атаандашканымда, мен,
иштерман болуп кетемин.
Бала чагымда: «Элсиз түлкү ачка өлөт»—деген макалды эшитип: «И, түлкүнү да эл
багат тура»,— дечүмүн. «Балбан болсоң жердей бол, баарын чыдап көтөргөн»,— дегенде
акылым жетпей: «Мен кантип жердей боломун»,— деп делдейчүмүн.
Көрсө Эл-Жер киндиктеш тура. Таманым күч-кубат алганы сезилет. Эл өз
Атаконушунда доор сүрүп өмүрүн өткөрсө, ал канат жайып өркөнүн өстүрөрүн, өзүнүн
элдик маданиятын гүлдөтөрүн, акылы, иши, эмгеги менен жерине көрк берип аны
жашартып турарын байкадым.
ТААЛАЙ ЖАРЫГЫ
Эркиндиктендикке жаңы жеткен боз тондуу кедейлер чарбасын анча түзө элек кез.
Өйүзбүйүз көчө сымак түшкөн кепетамдар, мелтиреген калың кар баскан кең
коктунун ар жеринде карарып кыштак аты гана болбосо, айыл көркү али жайдак,
жупуну. Там үйгө жете
албаган жалчылардын бири Айты да баягы кара алачыгын бүктөй элек. Ошентсе да
максаты айкын кишидей жүзү жарык, көңүлү куунак.
— Эй, кедейлер, бизге жер сууну Ленин ата берди. Эми эмгектенсек, береке келет.
Жаз алды менен Айым экөөбүз ушул кара алачыкты биротоло бүгөбүз го,— деп Айты
чамгаракка карап коючу.
Күндөрдүн биринде элге оор кабар жетти:
— Азаттык алып берген улуу Ленин дүйнөдөн өттү! Аттуусу — атча, жөөсү — жөө
чыйыр таптап чубаган кишилер айыл ортосунда чогулушту. Күндүн көзүн коңур туман
баскандай журттун жүзү түнөрдү. Аялдар көз жаштарын жоолук учу менен сүртүштү. Боз
тонду сырттан курчанган эркектер бүктөй кармаган шапалак камчыларын бөйрөктөрүнө
таянышты, кайышып кабактары жерге түшүп дүйнөдөн эрте кеткен улуу адамды
жоктошту. Тоо урагандай болуп бул күндөрү Айты кедейге оор сезилди. Белин чечпеди,
каруусуна оролгон кайгы тасмасын албай жатты.
Жалгыз Айты эмес, Улуу Тоо, Ала Тоо, Сары Өзөндү жердеген жалпы кедей, Ленин
дүнүйөдөн өткөндө ушундай кайгырышты.
Бир нече күндөн кийин Айтынын зайыбы уул төрөдү. Айылдагы курбу курдаштарын
үйүнө чакырып, Айты уулуна ат койдурду.
— Эй, балам Айты! — деди карыя Айтыга.— Жалпыбыздын атабыз акылман Ленин ата
жакында дүнүйөдөн өттү. Өзү өтсө да өрнөгүн калтырды, биздей кедейлерге акыл чачып
кетти. Айты, уулуңдун аты Акыл болсун. Атабыз Улиянов Лениндин акылы менен өссүн!
— Карыя туура айтат: уулуңдун аты Акыл болсун! — дешти кедейлер Айтыга.
Уулдун аты Акыл коюлду. Жашка толуп, Акылдын тили чыкты:
— Атам Ленин!
Айты Акылды маңдайынан сылап эркелетти:
— Тилиңден айланайын, ошол акылман атаңдай акылдуу бол!
Жыл сайын жаңыра баштаган кыштак көчөсүн аралай чаап Акыл чуркап жүрдү:
Атам менин Ленин. Ак көпөлөк учуруп Эркин ойноп жүрөмүн.
Аны укканда Айтынын төбөсүкөккө жеткендей кубанды:
— Аман болсо, Акылымды алты жашынан эле мектепке беремин. Эрте окуп ак
тилегине жетсин.
«Айты ударник. Колхоздун белдүү кишиси» деген сыймыкка жетишти.
А Акыл техникумду жакшы бүтүрдү. Райондук агроном. Ал өз колхозуна дайым келет.
Жыл сайын жаңырып, байып келаткан кыштагына кубанат. Өзүнүн күлгүн курагын
кыштагынын күлдөгөн кезине салыштырат. «Кишинин өмүрү кыскаа... Кыштагым, сенин
өнүккөнүңө укум-тукум күбөө болсунчу»,— дейт санаасында.
Кийинки шайланган башкарма жөнсүз болуп активтердин ынтымагы бузулду. Аз
жылдын аралыгында колхоз чарбасы кыйла чыгымга учурады. Ошол күндөрдө Акыл
милдеттүү иши менен өз колхозуна келди.
Күз. Эгин-тегин кызык жыйналып жаткан учур. Кырманда иштеп жүрүшкөн бир топ
колхозчу Акылды ортого алышты:
— «Биздин колхоз өнүккөн алдыңкы чарбалардан болсун» дебедик беле. Өзүң көрүп
турасың артта калып баратабыз.
— Көп сүйлөп убакытты албайлык, Акыл. Чарба жылы аяктап калды. Колхозду өзүң
башкар — башкарма болуп бер? Көпчүлүк талап кылат. Биз районго маселе коёбуз. Сен
баш тартпа, макул бол!
Көпчүлүктүн талабын райком кубаттады. Ленин атындагы колхозго Акыл башкарма
болду.
— «Кеңешип кескен бармак оорубайт, балам»,— деди Айты уулуна. — Сен эл менен
кеңешип иштеш.
— Ырыс алды ынтымак — деди Акыл колхозчуларга. — Жоопту иштерде ынтымак
менен бир кишидей киришкиле. Көпчүлүктүн колунан бүтпөй калычу иш жок. Көптүн
күчү тоо томкорот.
Колхозчулар бир ооздой Акылды кубатташты:
— Айтканыбыз айткан, эмгектен баш тартуу жок! Клуб, жаңы-жаңы үйлөр курабыз.
Жемиш багын өстүрөбүз. Электир станциясын тургузабыз. Биздин үйлөрдө да Илич шамы
жансын!
Колхозчулар убадага бекем турушту. Жыл өткөн сайын колхоз иши өркөндөдү. Бир
жайдын өзүндө он беш турак үй салынды. Үч мал сарайы курулду. Кийинки жылы 400
кишилик клуб, электростанция тургузулду. 7 гектар жерде жемиш бактары бир кылка
тартып мөмөлөй баштады.
— Балам Акыл — деди Айты уулуна. — Жашым алтымыштан өтсө да билегимде
каруум бар. «Атамсың» деп сен мени аяба. Карагай кескенге да жараймын. Иштеген '
кишилердин катарында жүрөйүн.
Айты үч жыл удаа нормосун 150 проценттен түшүрбөдү.
Айты бүгүн бөтөнчө көңүлдүү. Электир жарыгы үй ичин нурдантып, небереси жатчу
татынакай керебеттин тушуна тартылган килемчени ан сайын экилентип кубултат. Саат
алтыдан бери жаагын жаныган диктор улуу окуяны сүйлөөдө. «Мындан туура 28 жыл
мурда улуу Ленин дүнүйөдөн өттү...»
Тиги кырка китеп тизилген текчеге Айтынын көзү түштү.
Ошол кезде: «Лениндин жарык жолу бизди жеңиштен жеңиштерге баштоодо...» — деп
айтылды радиодон.
— Туура айтат радио! — деди Айты карыя. — Мендей жалчыларга өмүрдү да,
таалайды да Ленин ата берген болучу. Дүнүйөгө Ленин жарыгы себилген үчүн мен адам
болдум. Менин неберелеримдин жолу ачык. Жерибиз жаңырды. Элибиз өстү. Ленин
жарыгы түндү сүрүп: түн жарыкка — нурга багынды!
— Саат жетиде чогулуш башталат дебеди беле,— деди Айым. — Кечиккен жокпузбу?
Тигил керебетинде балбырап уктап жаткан небересин Айты ойготту:
— Сапаржан, тур! Чогулушка сени өзүм көтөрүп барамын. Жууркандын жакасын кайра
таштады. Небересин маңдайы
нан шуу-шуу жыттады. Анан Сапарды таптак көтөрүп алды:
— Жүрү, Сапаржан. Клубда чоң чогулуш бар. Журт Ленин бабаңды эскеришет!
1952-ж.
АР ЖЫЛДЫН ОТУ ЖАҢЫ
Эски жылды узатып, жаңы жылды тоскон күндөрдө эмгектен эсеп берип, алдыдагы
максатка ой жүгүртүү ийги салтка айланды.
Ай менен жыл эмес, бошко өткөн бир күнүңдүн өзү бизди өкүнтөт да, иш менен өткөн
күндөрүбүз кубантат. Эмгексиз өткөн ай менен жыл өмүрүбүздөгү кара так болсо, эмгек
менен өткөн ар бир жылыбыз баа жеткис зор ийгиликтери менен өмүрүбүздүн өчпөс
отундай жарык болуп турат.
Советтик казак адабиятын өндүктүрүп, анын өркүндөшүнө, өсүп-өнүгүшүнө үлүш
кошкон замандаш, каламдаш бир боорлорумдун өмүрүнө оттой жарык чачкан жылдары
көп болсун деп тилеймин.
Социалисттик Казакстандын кеңбайтак жери менен ашык жанды, эмгеккор, кайратман
адамдарын терең баяндап, толук сүрөттөлгөн жаңы романдар, жүрөккө жылуу тийген
жаңы ырлар жылы — ушу жаңы жылы болсун.
Замандаштарым! Элибиз кадыр тутуп, жогору баалап кубанардыктай ири чыгармалар
жазууга ашыгалык!
1955-ж.
АЛП АЯЛ —МЭЭРИМДҮҮ ЭНЕ
Катаал турмушту өткөзүп, башына оордук келсе: «Тагдырдын жазганы да. Кантесиң?
Чыдаш керек!» — дешип кишилер башка түшкөн оордукту көрүнбөс бир күч жибергендей
баамдашат. Ал күч адамдын тагдырын ченеп тургандай. Адал эмгектен үзүр көргөн
адамды: «Тагдыры жарык» деп коёт. Айтор, ким ушундай баамдаса, ал күрөшсүз таалай
келип берчүдөй өз тагдырын ээсиздикке калтырганы го.
...Төрөлгөндөн кийин баланын таалайы — ата менен эне. Эненин жылуу мээриминде
эркелеп, ак сүтүн кана ээмп, тили чыкса, бир жактан атасы камкордук көрсөтсө, колдон
жетелесе, чоңоё түшкөндө жол көрсөтүп эмгекке бышыктырып дүнүйөнү таанытса —
балага ал таалай да!
Мына май айы. Жер, суу кулпуруп, жер бети жашарып турган кез. Саат кечки жетиден
кийин да аба мемиреп, күн батарга далай бар. Кызматтан кайткан ата тамактанып дем
алган соң уулун, же кызын жетелеп сейилге чыкты. Бала ата менен эненин ортосунда
биринчи жолу саякатта. Ал жүгүрөт, алда немелерди айтып күлөт. Дүнүйөгө кызыга
карайт. Арыктагы сууга кол салат, гүлгө конгон көпөлөктү аңдыйт. Гүл терет. Алда
немелерди сурай берип, ата-энени зериктирбейт. Эркинче жүгүрүп, эркинче ойноп чарчап
келген бала эки бети албыра балкып, бат эле уйкуга кетет. Балага мээрими канбас эне аны
чачынан сылайт, маңдайынан жыттайт. Ак шейшептин жакасын кайра жаап, табышсыз
чыгып кетет. Ушул камкордукта бала чоңоё берет. Жыл өткөн сайын ата менен эненин
камкордугу артат: уул, кызды өстүрүп, аларды окутуп, адам катарына кошууну ата, эне
милдетим дешет. Албетте, ушундай. Ар ким колунан келгенче ата-энелик камкордугун
баладан аяшпайт.
Ошентип ата, эненин мээриминде жадырап өскөн бала да таалайлуу. Бирок, бул таалай
бардыгына бирдей эмес. Бала төрөлөрүн төрөлөт. Алардын далайы жаштайынан
таалайсыздыкка дуушар болот. Биринин атасы эрте өлөт, бири энеден калат. Кай кездерде
экөө бирдей көз жуумп, чүрпөлөрүн тоголок жетим калтырат. Ал эми өлбөй-житпей туруп
эле үй-бүлөгө мээримсиз ата-энелер да жок эмес. Артыкча энесиз жетимдер жаш
баштарынан далай муңдуу күндөрдү өткөрүшөт. Ата кайчалык аракеттенсе да эненин
мээримин балага бере албас. Анын үстүнө өгөй эне таш боор болсо, анын тарбиясында
калган баланы шору. Андай учурда жетим адам катарына кошулуп, өз жолун таап алганча
өгөй энеден далай оор запкыны тартат. Же интернатта окуп, билим алып, өнөр үйрөнүп
кетпесе, же боорукер кишилердин жардамын көрбөсө,— жетим кор. Мындай жетимдин
таалайы тайкы. Албетте, бул тайкылык өмүр бою өксүтпөс. Жаш кезинде турмушта
каксыгын алган далай жетим эр жеткенде адал эмгек аркалуу зор таалайга жеткендери
көп. Алар жеке керт башынын тагдырын чечпестен коомдук, мамлекеттик иштерде
таанылган алп кишилердин катарына өткөндөрү да аз бекен.
Эмесе бул очеркте жаш баштарынан оор, кайгылуу турмушту өткөрүшүп, бирок күрөш
менен адам катарына кошулган бизге тааныш кишилер жөнүндө сөз баштагыбыз келет.
Мына, биздин көз алдыбызда эмгекте дасыккан алп мүчөлүү карыя аял элестейт. Ал эл
кызы атанган — Зууракан Кайназарова! Бул кишини кыргыз жергесинде кичүүлөр —
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Мезгил Сабактары - 13
  • Parts
  • Мезгил Сабактары - 01
    Total number of words is 3925
    Total number of unique words is 2168
    28.4 of words are in the 2000 most common words
    41.5 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 02
    Total number of words is 3835
    Total number of unique words is 1945
    25.2 of words are in the 2000 most common words
    37.9 of words are in the 5000 most common words
    45.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 03
    Total number of words is 3888
    Total number of unique words is 2004
    26.2 of words are in the 2000 most common words
    38.0 of words are in the 5000 most common words
    44.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 04
    Total number of words is 3917
    Total number of unique words is 2109
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    38.3 of words are in the 5000 most common words
    44.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 05
    Total number of words is 3841
    Total number of unique words is 2050
    24.3 of words are in the 2000 most common words
    35.5 of words are in the 5000 most common words
    41.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 06
    Total number of words is 3908
    Total number of unique words is 2175
    25.1 of words are in the 2000 most common words
    36.6 of words are in the 5000 most common words
    43.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 07
    Total number of words is 3879
    Total number of unique words is 2261
    24.6 of words are in the 2000 most common words
    36.6 of words are in the 5000 most common words
    43.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 08
    Total number of words is 3889
    Total number of unique words is 2322
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    38.4 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 09
    Total number of words is 3878
    Total number of unique words is 2190
    26.2 of words are in the 2000 most common words
    38.2 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 10
    Total number of words is 3881
    Total number of unique words is 2101
    24.1 of words are in the 2000 most common words
    34.1 of words are in the 5000 most common words
    40.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 11
    Total number of words is 3844
    Total number of unique words is 2201
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    42.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 12
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 2270
    27.6 of words are in the 2000 most common words
    39.9 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 13
    Total number of words is 3957
    Total number of unique words is 2233
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    47.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 14
    Total number of words is 3766
    Total number of unique words is 2212
    23.9 of words are in the 2000 most common words
    35.6 of words are in the 5000 most common words
    42.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 15
    Total number of words is 3906
    Total number of unique words is 2254
    27.6 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    47.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 16
    Total number of words is 4040
    Total number of unique words is 2326
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    38.3 of words are in the 5000 most common words
    44.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 17
    Total number of words is 3980
    Total number of unique words is 2278
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    38.4 of words are in the 5000 most common words
    45.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 18
    Total number of words is 3826
    Total number of unique words is 2298
    24.7 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 19
    Total number of words is 4011
    Total number of unique words is 2430
    25.2 of words are in the 2000 most common words
    37.5 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 20
    Total number of words is 3935
    Total number of unique words is 2383
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    45.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 21
    Total number of words is 3922
    Total number of unique words is 2456
    24.7 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 22
    Total number of words is 3905
    Total number of unique words is 2360
    25.7 of words are in the 2000 most common words
    37.1 of words are in the 5000 most common words
    43.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 23
    Total number of words is 3793
    Total number of unique words is 2219
    25.4 of words are in the 2000 most common words
    36.9 of words are in the 5000 most common words
    43.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 24
    Total number of words is 3857
    Total number of unique words is 2269
    24.4 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    43.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 25
    Total number of words is 3863
    Total number of unique words is 2183
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    35.5 of words are in the 5000 most common words
    43.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 26
    Total number of words is 3856
    Total number of unique words is 2325
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.0 of words are in the 5000 most common words
    45.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 27
    Total number of words is 3866
    Total number of unique words is 2429
    25.2 of words are in the 2000 most common words
    35.8 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 28
    Total number of words is 3971
    Total number of unique words is 2417
    23.9 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    42.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 29
    Total number of words is 3917
    Total number of unique words is 2300
    24.3 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    42.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 30
    Total number of words is 3926
    Total number of unique words is 2169
    25.8 of words are in the 2000 most common words
    37.9 of words are in the 5000 most common words
    44.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 31
    Total number of words is 3936
    Total number of unique words is 2141
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    45.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 32
    Total number of words is 3916
    Total number of unique words is 2096
    25.7 of words are in the 2000 most common words
    37.3 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 33
    Total number of words is 3934
    Total number of unique words is 2181
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    38.5 of words are in the 5000 most common words
    45.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 34
    Total number of words is 2486
    Total number of unique words is 1435
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    41.2 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.