Latin

Мезгил Сабактары - 23

Total number of words is 3793
Total number of unique words is 2219
25.4 of words are in the 2000 most common words
36.9 of words are in the 5000 most common words
43.2 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
күнү опера жана балет театрынын жаңы үйүнүн салмактуу эшиктери кеңири ачылды. Бул
жеке театр үйүнүн ачылышы эмес, бул кыргыз элинин мазмуну социалисттик, түрү
улуттук болгон көркөм өнөрүнүн, маданиятынын зор салтанаты, илимдин салтанаты.
Бүгүн жаңы ачылган театрда СССР Илимдер Академиясынын кыргыз филиалынын
негизинде Кыргызстанда Илимдер Академиясынын ачылышына арналган биринчи
илимий сессия чакырылды.
Буга республиканын бардык илимий мекемелеринин өкүлдөрү, илимдин докторлору,
кандидаттары, профессорлор, педагогдор, врачтар, жазуучулар, жумушчулар, көркөм
өнөрдүн ишмерлери, студенттер келишти. Москвадан, Ленинграддан, Киевден,
Ташкенттен, Алматыдан, Ашхабаддан, айтор, бир тууган элдердин илимпоздорунун
өкүлдөрү катышты.
Залда олтурган кишилердин ичинде эки дүнүйөнү тең башынан өткөргөн ата да бар.
Ал, далай оор түйшүктөрдү көргөн: ал азган-тозгон, ал байларда жалданган. Азыр болсо
бардыгын эстен чыгарып жадырап таалайлуу. Анткени, сессияда ак дилден чыккан
маанилүү сөздөр, терең пикирлер, кымбат кеңештер айтылууда. Бирок, булар анчейин
салтанат үчүн айтылган бийик сөздөр эмес — Кыргыз Академиясынын бардык
институттары боюнча аткарылуучу кең пландуу зор иштер.
Кыргыз республикасы азыр жеке айыл чарбачылыгын тейлеп, жеке мал чарбасын
өстүрбөйт. Албетте, мал чарбачылыгы республиканын негизги кожолугунун бири. Ал эми
Кыргызстанда машина куруучу, нефти чыгаруучу, таш көмүр шахталары, сейрек табылчу
тоо кендери, курулуш материалдары, жеңил өнөр жайлары, дагы ондогон өнөр жай
тармактары өсүп, өнүгүүдө.
Кыргыз элинин тарыхы, этнографиясы, замандар бою ооздон оозго сакталып келаткан
эл адабиятынын сонун мурастары изилденүүдө. Мазмуну социалисттик, түрү улуттук
көркөм өнөрү, адабияты, маданияты өсүп, өнүгүп изилденүүдө.
Түштүк Кыргызстандын тоолорундагы жапайы жаңгак, писте, алма, алмурут,
таштардын, бийик кашаттардын үстүнөн самсаалап жапайы өнгөн жүзүмдүн токоюн
изилдөөдө да улуу тоо сырттары, Алай, Памир арасында тоют корук түзүүдө да, алкынган
тоо сууларынын эбегейсиз зор күчүн багынтып, эл жыргалы үчүн пайдаланууда да, жаны
жерлердин топурагын изилдеп, эгиндин, кант кызылчасынын, пахтанын, тамекинин
түшүмүн арттырууда да, республиканын жер-суу шартына ылайыктуу өнүгүп өсө
тургандай ар өсүмдүктүн жаңы-жаңы сортторун изилдеп табууда да, айтор, бардык
кожолуктун ар бир тармагында илимий иштер кең жайылууда. Башта адам баспаган
чытырман токой арасында, башта жору айланып, куркулдап кузгундар гана уча турган
сырттарда да азыр илимий станциялар, пункттар ачылган. Анда геологдор, жер кыртышын
изилдөөчүлөр, ботаниктер, зоотехниктер, ал тургай этнографтар, тилчилерге чейин
сырттарда, тоо арасында. Анткени, азыр кыргыз тоолору баштагыдай ээн, жапайы,
коркунучтуу эмес. Баштагыдай түшкө киргендей жомоктордун, мифтердин коркунучтуу
каармандары элестебейт, азыр тоо арасында эң четки, эң жапайы деген кокту-сайында да
эркин басып, эмгекчи адам жүрөт.
Мына ошол эмгекчи адамдардын байыркы тарыхынан тартып, анын сүйлөгөн тилин да,
ырдаган ырын да, окуган китебин да, иштеген ишин да, айтор, алардын бүгүнкү ойлогон
оюнан тартып, эртеңки аткарылуучу максаты да кең изилденип, эмгекчи кишилердин
жеңиштерин уланткан сонун илимий салымды жаңы ачылган Кыргыз Академиясынын
президиуму баштаган ар түрдүү кесиптеги илимий кызматчыларынын коллективинен
күтөбүз!
Өнүксүн, өссүн, биздин советтик илим. Өз колу менен жыргал жараткан эмгекчи
кишилер жашай берсин!
1954-ж.
АР АДАМГА АКЫЛМАН ДОС
Биз конгон колхозчунун үйү кыштактын четинде, тоо этегинде болгондуктан үйгө
киргибиз келбей, кесир күткөнсүп бөйрөктү таяна калып, серүүн желге бет тосуп жыргап
турган элек. Табыш чыга түштү да, ойсоктогон кер быштыга минген чокчо сакал арык
чырай кызылдуу киши кайдан-жайдан жаныбызга токтой калды. Жука эриндери кеп
айтышка эптенип, көздөрү күлүңдөй карады.
«Э, байкуш шаардыктар! Куш качыргансып ойготоого чабыттап калыпсыңар? Биздин
жердин көркүнө суктанып турасыңар го?»
Эмнегедир тигил кишиден мен ушуну айтатко деп күттүм. Бирок, ал биз менен сыпаа
гана учурашты. Ээринин кашына жазы боосу илинген кайыш баштыктан бүктөлүү
кезиттерди чубай чыгып, үй ээсине берди да, шарт бастырып жөнөп кетти.
Ооба, колхозчу-почтоочунун калтырганы — «Советтик Кыргызстандын» бир санынан
экөө экен. Мен бир санын жая берип:
— А, шашкан почтоочу, бир эки нускасын жаңылыш таштап кетти, э? — дедим.
— Жаңылбай калсын, ал! — деди үй зэси карыя.— Кезиттин экөө тең эле бизде калат.
Бирин келин окуйт... Азыркы адамдын жакын досу — кезит, китеп болгон тура. Бекер
олтурганда эрмекко деп эжелеп жүрүп, эми шыр кетчү болдум. Кезит окубаган күнү ишим
калгандай коңултактай түшөм. Ананчы? Дүнүйөдөгү кабардан калбай жазылат экен.
Баягыда асманга жердин жасалма жандоочусу учуп кеткен эле. Эмдигиче ал кайра түшө
элек. Тигил америкалыктар араптардын жерине аскерин түшүрдү. Алар кантээр экен? Э,
тынч жаткан элде неси бар? Шүмшүк болуп кайтса экен дейсиң.
Карыя өзүн өзү кубаттап койду:
— Ооба кезит окубай көрчү! Күндө жаңы кабар күтөсүң. Ой-сезимиң артат. Ааламды
тааныйсың. Мындан ынак, мындан акылман дос табылабы саа!
— Кезитти чыныңыз менен каалап калыпсыз. Мунуңуз жакшы,— дедим.
— Кантип каалабайын, балам. Далай жакшы кишилерден дос күткөм. Алардын эң
мыктысы ат мингизди. Суудан кечирди. Ырас, башыма күн түшкөн кездерде көмөктөш,
кеңештеш болушту. Бирок, кезит таанытканды алар мага бере алган жок. Башта ээк
астымдагыны да байкабай калчумун. Эми дүнүйөнүн төрт бурчунан кабар алып турам.
Бир себептер менен кезит окубай калсам, бөксөрүп, өксүй түшөм. Бирок...
Карыя кандайдыр бир көп айтычудай болуп токтоло калды.
— Эмне айтмак элеңиз? Үй ээси күлүп койду:
— Кезит акылман досум болуп калды. Ошондуктан ага айтар бир аз сыным да бар: кээ
бир сөздөрүн билбей калам. «Нормолдоштуруу, формолоштуруу, «запасы», «массаны»
дейт. Айтор, кээде сүйлөмдөрүнө да тил келбейт. Жакында «Советтик Кыргызстандын»
араб өлкөлөрү жөнүндө басылган бир макаланы окуп олтуруп, «ОАР» деген үч тамганы
түшүнө албадым. Көрсө, макала орус тилинен которулуптур. Котормочу башкасын эптеп
жөрмөп келип, «Бириккен Араб өлкөлөрүн — «ОАР» боюнча кое бериптир. Айтор,
кезитте иштеген балдар өз тилин жеткилең билишпейби? Биздин тил да, бай, жатык.
Ордунча сүйлөм курулса, кулакка угумдуу, тилге жатык, ыргактуу келет. Элдик тилден
бай, кымбат казына жок. Аны изилдеп, сактап, байытыш ушул кезит го!
Карыя колундагы «Советтик Кыргызстанды» жогору кармап силкилдетип койду.
Социалисттик Кыргызстандын басма сөздөрүнүн атасы — «Советтик Кыргызстандын»
он миңинчи саны канаттуу жарчыдай өз окурмандарына жетти!
Элибиздин саясы деңгелин арттырып, улуттук маданиятыбызды көтөрүүдө, «Советтик
Кыргызстандын» алдында турган милдет зор!
Карыя окурманы айткандай — ар бир адамдын акылман досу — «Советтик
Кыргызстан» канаттуу жарчыдай кыргыз элине тарай берсин, тарай берсин!
1949-ж.
ЖАРЧЫ СӨЗГӨ БАЙ
Баарыбызга белгилүү, кыргыз элинин басма сөзүнүн саамалыгы «Эркин Тоо»
кезитинин чыгышы менен башталган. Мындан отуз эки жыл мурда, жылдын так ушул
мезгилинде, «Эркин Тоонун» туңгуч нускалары тоо арасындагы чачыранды айылдарга
жаңыдан тарай баштаган күндөр эле.
Ал кезде элибиз көчмөндүү, айлыбыз чачкын, калкыбыздын басымдуу көпчүлүгү
сабатсыз болучу. Ошого карабастан, кыргыз эмгекчилери өзүнүн басма сөзүн зор кубаныч
менен күтүп алышкан.
«Айылга кезит келди!» деген сөз маанилүү окуяга айланып, ооздон оозго сүйлөнүп,
кезиттин ар бир нускасы колдон колго өтүп, ал айлар бою жыртылбастан сакталуучу.
Биздин эсибизде, кээде кат тааныбаган1 кара дыйкандар да кокус колуна кезит тийип
калса, аны баптап сактачу. Бир эмес, эки эмес алда нече ирет, кат тааныган адамдарга аны
окутуп угар эле.
Ошентип, мойну узун кыш түнүндө чаалыккан кашаң ат минип жол жүргөн жалгызжарым жолоочу сыңары караңгылыкка төнгөн, басынган кыргыз эмгекчилерин илимге,
окууга, өнөргө, маданиятка чакырууда жана элибизди эмгекке шыктандырууда басма
сөздүн баштапкы — «Эркин Тоо», ортоңку— «Кызыл Кыргызстан», эмдиги «Советтик
Кыргызстан» баштаган кезитибиз баа жеткис зор милдеттерди аткарууда. Бүгүнкү
окумуштуулар, көркөм өнөр ишмерлери, партиялык, советтик аппараттарда иштеген
белдүү кызматкерлер, инженер, врачтарыбыз көбүнчө өздөрүнүн эмгектеги жолун эң
алгач кабарчылыктан башташкан. Ал турган алардын далайлары илимде, маданиятта,
кызматта өздөрүн биринчи иретте басма сөз аркылуу таанышты. Басма сөз менен өсүп,
өнүштү!
Бүгүнкү күндө советтик кыргыз адабиятына салымдарын кошкон акындарды,
жазуучуларды, адабий сынчыларды биринчи бооруна тартып, алардын туңгуч эмгектерин
эл арасына учурган ошол — «Эркин Тоо», «Кызыл Кыргызстан», «Советтик Кыргызстан»,
ушул «Советская Киргизия», ушул «Ленинчил жаш»!
Акын-жазуучулардын алгачкылары өздөрү редакцияларда иштешти. Алар алгачкы
адабияттык илимди биздин басма сөздөр менен бирге баштап, бирге өсүштү.
Мисал үчүн алыс барбасак да болот.
Ушул «Сайрап турган чечен» 1931-жылы декабрь айынан баштап «Ленинчил жашта»
өмүрүндө биринчи кызмат иштей баштаган. Адабиятты сүйүү, ага ынтаа коюу менен
бирин-серин жүүнү бош ырларды жазганы болбосо, адабият эмне экенин терең
тааныбаган, ал тургай беш сөздүн башын тыңгылыктуу кураштырып кичинекей макала
жаза элек мадыра баш бир боз бала болучу...
Бирок, «Ленинчил жаш» аны жайына койгон жок! Басма сөз ага эмгекке бүйрө, иште
дыкан болушту үйрөттү. Адабиятка сүйүүчүлүгүн арттырды. Ал тургай анын тил
байлыгын өстүрүүгө да жардам берди. Чыгармачылыгына жол ачты.
Ошентип, советтик кыргыз адабиятын түзүп жаткан бүгүнкү жазуучулар, акындар
бардыгы дээрлик басма сөздөрдө кызматташ болушту. Алар ага милдеттүү!
Рас, редактор менен жазуучулардын макулдашалбай калышкан учурлары да көп болот.
Бирок, булар чечилбес чоң чатактар эмес, анчейин бир үй-бүлөнүн казанаягы
кагылышкандай гана кечаселен, биз талапка жооп бергидей очерктерди, аңгемелерди,
ырларды, сатиралык чыгармаларды кай кездерде өтө сараңдык менен берип калабыз.
Албетте, муну моюнга алышыбыз керек. Чынында эле күндөлүк саясий чарбалык мааниси
зор өнөктүктөргө тийиштүү маселелер жөнүндө биринчи кошуп, биринчи маселе
көтөрүшүп, чечен, чебер, жагымдуу тилде татыктуу очерктерди, аңгемелерди, ырларды,
терең калыс көрүп, калыс талдаган сындарды үзбөй берип турушка акын-жазуучулар,
адабиятчылар милдеттүү. Мунун үзгүлтүк жагдайларын айтыш, сынаш менен бирге, бул
үзгүлтүктү жоюшка биздин адабиятчылар мындан ары жооптуу, ишке дыкан болушар
дейбиз.
Бирок, тынч жаткан таштын алдынан суу чыкпайт деген макал да бар. Жолдош
редакторлор нак ушул макалды эске алуу менен кээ бирде, бизге окшогон кенебес
жазуучуларды кез-кез бөйрөккө укуп туруу керек. Алар, балким, «иштерибиз көп. Колубуз
тийбейт» дешип шылтоолорду да табышар. Рас, кээде ага макул болсок да, кээде ага
көнбөй, андан талап кылыш оң. Ал тургай, тигини кызыктыра турган темаларды сунуш
кылып, аны жаздырып алуу — бул аппараттагы кишилердин ийкемдүүлүгүн көрсөтөт.
Ийкемдүүлүк, адамды ишке кызыктырбай койбойт. Кай кездерде байкалбай көз
жастымда калып жаткан нерсени көргөзүштүн өзү да адамды шыктандырып коёт.
Ушул жерден бир мисал келтиришке болор.
Маселен, Москвадагы Балдар адабиятынын башка басмаканасы кыргыз мектептеринин
турмушунан повесть жазыш үчүн менин алдыма өтө туруктуулук менен маселе коюшпаса,
«Тоо балдары» жазылбас беле? Балким, «Тоо балдары» эмес анын ордуна башка китеп
жаралат беле? Айтор, басмакананын демилгеси бизге «Тоо балдарын» жазууга себепчи
болду.
Басма сөздөрдүн атасы «Правда» тараптан далалат болбосо, балким, Авечкиндин бир
катар терең идеялуу жакшы очерктери да жаралбас беле?
Ушундан улам биздин айталык дегенибиз:
Басма кызматкерлери адабиятчылардан баштап, айылдык кабарчыларга чейин тыгыз
байланышта болушса дейбиз. Кайсы иште болбосун ынтымактуулук, иш билгилик,
камкордук жеңиштерге тездеп жеткиргенин чындык далилдеп турат.
Биэде, кезиттин өзүнүн тили бар, өзүнүн стили бар деген сөздөр да кээде айтылып
калат. Рас, көркөм журналдарга койгон таламды биз кезитке коё албайбыз. Чынында эле
анын алдында турган таламдар өзүнүн стилине, анын саяси бетине жооп бергидей
болушка тийиш. Бул бизге белгилүү.
Бирок, бизге белгисиз бир жагдай — ал ошол эле кезит тилине тийиштүү. Себеби,
кезиттин өзүнчө тили болот деген пикир негедир бизге анча жете бербейт.
Тилтил! Аны ойку-кайкы бурмалашка же аны баалабай аттап кетишке эч кимдин акысы
жок. «Советтик Кыргызстан» баштаган биздин кезит жана журналдарыбыз кыргыз
тилинде чыгат. Алардын милдеттери зор. Аны бул жерде далилдеп олтуруштун да эч
кажаты жок. Бирок, кезит шаардагы окумуштуудан тартып, кырда жүргөн малчыларга
чейин түшүнүктүү болушу керек.
Өкүнүчтүү жагдай бүгүн баяндамада да кезит тилине көңүл бурбай кеткени болду.
Ал эми артыкча, кыргыз тилинде чыккан кезиттердин тили, түшүнүксүз сүйлөмдөрү
сынды көбүрөөк талап кылат.
Айрым кызматчылар да, окумуштуулар да, ал тургай студенттер да «Советтик
Кыргызстанды» окуганда эчтеме түшүнбөй калабыз дешет. Ал эми колхозчулар арасында
кезит окуу жөнүндө маселе козголуп калса, алар да көбүнчө ушул доону коюшат. Ал
тургай:
— Э, кагылайын балам, биздин кезитибиз кайсы тилде чыга турган болуп калган? —
деп суроо бергендер бар.
Биздин байкашыбызча, окуучуларыбыздын бул доосун редактордон баштап,
редакциянын кызматкерлери, артыкча, Киртагдын котормочулары өтө жооптуулук менен
эске алуулары керек. Ушул кезде, котормочулар тарабынан жиберилген жоопсуздук: алар
нукура элдик тилди үйрөнүшкө анча кызыгышпайт. Саясий мааниси чоң документти
түшүнүктүү кылып кыргыз тилине туура бериш үчүн-жеке эле орус тилин жакшы билүү
ишти камсыз кылбайт. Котормочу өз эне тилин абдан жакшы билүүгө милдеттүү!
Кыргыз тилин жөндөмдүү колдонуу менен окурмандарга түшүнүктүү сүйлөмдөр менен
бериштин ордуна ойку-кайкы тантык, түшүнүксүз сүйлөмдөрдөн эчен укмуштуу
мисалдарды келтиришке бул жерде убакыт аз. Бирок мааниси биздин кыргыздын төл
сөздөрүндө бар болуп, эл сүйлөп жүргөн жандуу сөздөр менен бериле турган көп сөздөр
орус тилинде кете бере турган болду.
Рас, биздин төл сөзүбүздө жок терминдер, буюмдун аттары, кээ сөздөр биздин сөздүк
тизмеге өтүү менен тилибизди байытаары шексиз. Бирок ошону менен бирге байыртан
элибиз сүйлөп келаткан бай тилибиздин биз билбеген көп-сөздөрүн изилдеп, билип
тилибизди байытышка да биз милдеттүүбүз. Себеби биздин улуттук маданиятыбыздын
баштапкы булагы — биздин эне тилибиз! Өз тилин үйрөнүшкө анча көңүл бурбай коюп,
башка тилди тамтуң үйрөнүп алганына мактаныч кылгандык бул — сыпайы айтканда
алакөөдөндүк.
Басма бетинде жарыяланган кээ бир котормолорду окусак: «системасында массаларга»,
«конкреттүү участогуна», «сигналына», «формалары», «бюрократтары» дагы ушулар
сыяктуу көп сөздөр менен тизмеленген сүйлөмдөр, сөзсүз тоо арасындагы колхозчуга
түшүнүксүз болот. Ал эми жогор жакта саналган сөздөрдүн туура маанисин бере турган
сөздөр кыргыздын төл сөзүндө жок бекен?
Сөзсүз бар. Маселен, ушул эле бюрократты алалы. Өзүбүз бул сөзгө текебер мамиле
кылбасак, кыргыздын төл сөзүндө мунун мааниси бир нече: менменсинүү, бойкөтөрүү,
төрө пейил деген сөздөр менен түшүндүрүлөт. Ал эми «сезондогуну» алсак — мезгили,
учуру, маалында деген сөздөр менен түшүндүрүлөт. Балким, котормочу жолдоштор
«сөздүн маанисин так бербей жатат, жаңылыштык кетирип тил уккуча «сезон» болсун»
дешер. Мындайды элибиздин чечен салыштыруусу менен атасак: жеңилдин үстү, оордун
асты менен күн көргөндүк. Окурмандарга кезит тили түшүнүксүз болушу, бул бир
котормочунун же редактордун «тил укканынан» алда канча көбүрөөк зыян келтирерин
эске алыш керек.
Жакында мага бир жаш жазуучу повестин алып келди. Аны окуган кезде, бир катар
чоркок сүйлөмдөр учурады. Маселен, ал сүйлөмдөрдө «иштин үстүнөн иштеп жатат» же
«...алар өз шпионун бизге ыргытты» ж. б. ушулар сыяктуу тантык сөздөр.
Булардын кемчилигин көрсөткөнүбүздө:
— Кантели, агай. Кезиттин таасири да — деп, жаш автор уялгандан күлгөн болду.
Басма сөз тили штамптан арылып, так, түшүнүктүү сөзгө бай болгондо гана ал тунук
күзгү сыңары жарчылык милдетин көпчүлүк алдында даана түшүндүрө аткарат!
1956-ж.
СОВЕТТИК ТАЖИК АДАБИЯТЫНЫН ЧЫНАРЫ КӨРКТӨЙ БЕРСИН
Кымбаттуу каламдаш достор!
Улуу Москвада тажик адабияты менен искусствосунун декадасы өтөт деген кабарды
укканымда менин көз алдыма эки чынар элестеди. Анын бири — байыркы Хафис, Саади,
Омархаями түзгөн классикалык поэзия — чыгыштын аңкыган гүл багындай жашарган
өмүрү менен жүрөк толкутса, экинчиси — Айни, Лахути, Мирзо Турсун Заде, Улук Заде
баштаган күрдөлдүү коллектив жараткан — советтик тажик адабияты байыркы зор
чынардын жанында жылдар өткөн сайын бутактап, жашылданып, өнүгүп бараткан жаш
чынардай эмитен бай!
Советтик чындыкты көркөм сүрөт менен элестеткен бир топ жаңы романдарды,
повесттерди, поэмаларды, драмаларды, ырларды бердиңер. Декада маалында, Москванын
коомчулугу, талкууга катышкан адабиятчылары, сиздердин ийгиликти баалоо менен
бирге, айрым мүчүлүштөрдү да эскертишери мүмкүн. Бирок, достук ниетте айтылган
кеңештер, кемчиликти жоюп, жаңы ийгиликтерге жол ачууга жардамдаш болот.
Талыкпас эмгек чеберчиликке жеткизет. Барк алынбас чулу ташты адам колу өгөп,
кынаптап көз тайгылган кымбат нерсе жараткандай — жазуучунун каламы да кагазга
канчалык көп-көп өгөлсө, андан жаралган чыгарма ошончо көркөм, терең маанилүү, өлбөс
болот. Ал адабият жеке бир элдин тилинде баалуу болбостон жалпы элдик болуп
кетеринде талаш жок!
...Эмесе, менин жердештерим — фрунзелик студенттер, тяньшандык малчылар,
жалалабаддык пахтачылар, ушул кезде Айнинин «Бухара» менен «Сүткордун өлүмү»
Улук-Заденин «Гүлдөгөн жерин», Лахути менен Мирзо Турсун Заденин ырларын,
поэмаларын, Рахим-Жалилдин «Булат менен Гүлварасын» ж. б. тажик жазуучуларынын
татынакай чыгармаларын кыргыз тилинде окушат.
Улуу борбордо, Сиздердин декада майрам катарында зор жеңиш менен өтүшүнө биз
кыргыздар тилектешпиз!
Советтик тажик адабиятынын жаш чынары барган сайын гүлдөсүн, өнүгө берсин!
Туугандык саламым менен Түгөлбай.
УЧУРАШУУ СӨЗ
Республикабызда өтүүчү орус адабиятынын он күндүгүнө өкүл катары келген, (албетте,
өкүл дегенибизге, Леонид Сергеевич) сиз капа болбоңуз. Себеби, биз ааламга таанылган
мунара сыяктуу зор адабияттын авторлорун өз үйүбүздө чоңуусу менен күткөн элек.
Кыргыздар үйүнө бир конок келсе — суз кабыл алат, он конок келсе — күлүп
меймандайт, көп конок келсе — бийик урматта жыргап күтүшөт.
Ал эми Константин Федин баштаган бардык досторубуз азыр ушул жарык залда биз
менен болушса, төбөбүз көккө тийгендей жыргайт болчубуз. Кантели? Келебиз дешип
келбей коюшкан досторубузга таарынчы жок. Элибиз жердеген Асман тоого келиш арзан
эмес. Доорубуздун эң учкул шумкары — ИЛ18 туура беш саат жыйырма тогуз мүнөттө
учуп жетет. Ал эми сиздерди күткөн жеке биз — борборлуктар гана эмесбиз. Түштүктүн
кенчилери, пахтакерлери, Чүйдүн кызылчачылары, жүзүмчүлөрү, түндүктүн экинчилери,
малчылары. Бизде адабият окурмандары «Евгений Онегин» менен «Тарас Бульбаны»,
«Обломовду», «Согуш жана тынчтык, «Заманыбыздын каармандары» менен «Энени»,
«Көтөрүлгөн дың», «Жаш гвардияны», айтор, ондогон томдорду алар өз эне тилинде эбак
эле окуп коюшкан.
Азыр Сиздерди алар ыклас менен күтүп турушкан кез. Биз сөзсүз тоо арасындагы
окурмандарга сиздерди кездештиребиз. Бирок, басып өтүүчү жол тасмадай эмес. Дайыма
жоргого мингизбейбиз. Жарайт, мелтиреген асфальтта көгүш «Волгалар» зымырасын, про
койнундагы деңиздерибизде кемелер күжүлдөсүн. Каалас? ар деле баягы самолёт,
вертолет, асмандар... Ал эми малчыларга баруучу ашууларда кантээр экенсиздер?
Жазуучу турмушту өз көзү менен көрмөйүн анын касиетин кантип баамдайт. Асман
тоосунун ой-чуңкурун өз көзүңөр менен көрүп коюшуңар керек болот... Ансыз ак зоону
көп катар үйгө салыштырганда, кээде окшошпой калат.
Айтор, ашууларды ашканда кааласаңар да, каалабасаңар да атка, төөгө минесиздер.
Башкаларды билбейм. Андай жолдордо менин жакын досум Анатолий Софроновго топоз
мингизем. Антпеске болбойт. Топоз каарман унаа. Топоз гана бизди көтөрө алат. Анын
сүтү кою, каймагы калың. Бир букасы он карышкырдан үйрүн сактайт. Ал эми курбум,
Анатолий, сен адабият майданында тынбас күрөшчүлсүң.
Дабандарда бизди топоз гана көтөрө алат!
Орус адабиятынын казнасы эбегейсиз бай. Анын укмуштуу сонун мурастары бар. Ал
анчейин «өлү» мурас эмес, Леонид Сергеевич, Сиздерге да, биздерге да, бардык элдердин
акын-жазуучуларына таалим берип турган сонун башат. Биз баарыбыз ошол сонун
башаттан таалим алып, чеберчиликти үйрөнөбүз.
Бирок үйрөнүү азыр жалаң кабат эмес, көп тармактуу. Дасыккан устат жазуучуга, кээде
катардагы окуучу ой айтып, аны сынап коёт. Агадан иниси үлгү алуу менен бирге анын
мүчүлүшүн да жазбай баамдайт. Агага пикир айтып, аны иниси сынап коёт. Көп улуттуу
совет адабиятына коюлган талам ошондой!
Табигый жактан эң шарттуу өзөнгө тигилген көчөт көктөп, көгөрүп, туш-тарапка
кулачын кең жайган саябалуу чынар болгонго чейин кеминде кырк жылдай мезгилди
талап кылат. Ал эми биздин көп улуттуу совет адабиятынын чынары андан аз мезгилде
эле асман мелжип ааламга таанылды, жер жүзүндөгү бардык досторду кубандырып койду.
Он тогузунчу кылым критикалык реализмдин алптарын берди. Азуусун айга жаныган
падышаны сыноодон, анын менсинген генералдарын, чиновниктерин сыноодон алар
тайманган жок. Ал бийликтин бардык кемкетигине чейин былыгын ача таасын
сүрөттөштү. Сатиранын уудай тили менен бийликти мыскылдашты, бетин ачты, алардын
жанын күйгүзүштү. Карапайым кишилердин мүдөөсүн жактап, алардын муң-зарын
бөлүштү. Аяк астында кордолгон кишилердин талаптарын боорукердик адилдик менен
жакташты. Ошентип, адамдыктын бийик сапатын сүрөттөп, адилдиктин гимнасын
ырдашкан көркөм сөздүн алптары — Пушкин, Лермонтов, Некрасовдор, кылымды бирге
карыткан кеменгер бабай Толстой, анын замандаштары Гоголь, Тургенев, Чеховдор өз
заманынын күзгүсү болушту.
Алар, бүгүн да, эртең да орус адабиятынын тарыхында кырдан чыккан күндөй
күлүпжайнап, бизге эң сонун адабияттык салт — орус адабиятынын салтын мурас кылып
турат!
Дал ошол сонун салтты улоо менен ага пролетарчыл жарык идеяны чебер кынаган,
социалисттик реализмдин жарчысы улуу Горькийдин салты кыргыз адабиятынын тез
өркүндөшүнө жол ачты, көмөк берди. Бизде да тез аранын ичинде терең мазмундуу, бийик
көркөмдүү ар кыл чыгармалар жаралды. Биз жөнөкөй кишилердин эмгегиндеги сонун
романтиканы ачып, жөнөкөй кишилерден чыккан каармандардын тиричилигин
сүрөттөйбүз. Ошондуктан биздин китептерди көпчүлүк чын ыклас менен сүйүп окушат.
Ошентип, бизге таалим берген орус адабиятына милдеттүүбүз жана аны менен
сыймыктанабыз! Андан таалим алып, анын өнүгүшүнө өзүбүз да салым кошуп жатабыз!
...Биз улуу Горькийдин салтын улайбыз. Себеби, ал бизге реализмди үйрөттү.
Турмушту кылдат баамдап, карапайым кишилердин ички дүнүйөсүн ачууну үйрөттү.
Элдик мурастарды кымбат баалап, андан ыгы менен туура пайдаланып, тилди байытууну,
улуттук өзгөчөлүктөрдү өз боёгу, өз касиети, өз колоритинде, чебер пайдаланышты
үйрөттү. Көп улуттуу совет адабиятына салым кошууга бизди чакырды!
Аз мезгилде жалпы союздук окуучуларга жеткен, андан ары дүйнөлүк алкакка кеткен,
өзүнүн бардык жанры боюнча өнүгүп жаткан кыргыз адабияты да баарыдан мурда орус
адабиятына милдеттүү. Албетте, биз дүйнөлүк адабияттан да таалим алабыз. Биз элдик
мурастарды да изилдейбиз, анын жакшы жактарынан таалим алабыз.
Кадырлуу достор!
Ушул жерден айта кете турган бир кептин ыгы келди.
«Гүл, булбул... чолпон, ай өңдүү чыгыштык гүлкайырдуулуктан качышы керек» дешип,
кээде бизге айрым жолдоштор сынтагып калышат.
Менимче, «гүлкайырдуулуктан» чычая качышка болбойт. Себеби, гүл жайнап, булбул
сайрап турса, ошол гүлдөй жайнаган жаштарды коёлу, үргүлөгөн токсондогу байбичелер
да булбул үнүн мемиреп угушат. Ал эми чолпон менен ай да биздин асманыбызда
миллиард жылдары жаркырап ааламга көрк берип турбайбы! А биз жердин балдары ошол
айдан жаңы эле кабар ала баштадык.
Айтор, сулуулукту ким танат? Өз ордунда турса коко тикен да сулуу. Өз ордун тапбаса,
гүлүң да жүдөө. Өз ордуна коюлган таш менен кирпич асман мелжиген үйлөрдү кооздоп
турат.
...Ошентип, кыргыз совет адабияты бардык керектүү сулуулукту өзүнө алып көп
улуттуу совет адабиятынын байтерегине көрк кошуп, көктөй баштады.
Сиздерден алда качан илгери кыргыз төрүнөн орун алышкан — Пушкин, Лермонтов,
Некрасов, Блок сыяктуу орус жеринин булбулдарына, Тургенев, Гоголь, Толстой жана
бардык Толстойлорго, Чехов, Бунин жана көркөм сөздүн бардык улуу чеберлери, орус
маданиятынын сыймыктары, улуу ойчул, демократтарьу! Белинский, Чернышевский,
Добролюбовдорго, Максим ГорьТий, Владимир Маяковский, Константин Федин, Михаил
Шолохов, Александр Фадеев, Леонид Леонов, Алёксандр Твардовский сыяктуу совет
доорундагы орус адабиятынын устаттарына биринчи урмат!
Орус маданиятынын ошол улуу адамдары менен учурашкандан кийин гана ошолордон
өкүл катары он күндүктү өткөрүүгө тердеп-кургап келген — Сиздерге, элимдин бийик
салты менен колумду боорума алып учурашууга уруксат этиңиздер:
— Кош келипсиздер, бир туугандар!
1962-ж.
ЖАЛЫН
Биз Төлөктү өрдөп келаттык. Куйрук улаш чубаган «ЗИМ», көгүш «Волгалар» тигил
аркайган улуу тоолордун алкымына сорулуп житип, таштардын кычыгында калчудай
сезилет. Дал ошол «кыйрашын», «өлүмүн» эңсегенсип машиналар эңкилдеп зымырайт.
Алды жак туюк, коркунучтуу көрүнгөн менен биз бараткан жол кадиксиз даңгыр, тек кезкез гана төө куйруктун, чийдин не майда бадалдын дүмүрчөктөрү жол жээгинде
дөмпөйөт, не өйдө-ылдый эңкейиштер, чукул бурулуштар алаксытат.
Жээги өлөңдүү, жай аккан Төлөк суусу бизге каршы — тескери аккандай сезилди.
«Өйдө карай аккан суу болобу, укмуш?» деп айтып коё жаздап токтолдум да, баамдайбаамдай өзүмдүн жаңылганымды туйдум. Кээде кашат-кашатка саздактын кызыл оту
кызгылт тартып, ошол чөйрөнү жалын каптап тургандай. Каз катар туруп алышып чалгы
шилтеп, чөп чаап жатышкан малчылар көрүнөт. Берметтей чачыраган ак койлор тигил
төртөрлөрдө чубуруп, чачырап, бет-беттерде, наркы чалкактагы доңуз сыртын каптай,
шагылдуу чокуларды этектей жайылууда, алардын не шагыл таш, не жайылган кой экени
байкалбайт. Аркы улуу тоолордун мөңгүлүү чокуларында сур булут самсаалап жамгыры
тургай ак чымындап кар эбелектеп, бороон улуп тургандай чокулар түнөрүңкү.
«Баса, ак жайдын күнү дал ушундай сурданган улуу тоодо татаал түйшүктө жүрүшкөн
малчылар кайратман, тайманбас, залкар кишилер бейм? Алп кишилер бейм!» — деген
ойго алданып сезбей калдым. Биз олтурган кара «ЗИМ» култ сол жакка бурула берип
жыгачтан салынган көпүрөдөн өтө чыкты да ошол замат жолун торогон тоого «таң
калгандай» өйдө баштанып лып токтоду.
Бийикке карай ийреңдеген кыялардан «ЗИМдин» бурула албасы бештен белгилүү
болду.
Биз машина которуштурдук. Өлкөбүздүн түндүгүнөн келген вологдолук акын Сергей
Викулов менен Ташкенттин ысыгынан келген Сергей Бородин, шайыр акын Сергей
Смирновдор улуу дабандын бийигине карай ийреңдеген кыя жолдун укмуштай
бурулуштарына тигиле чочуп, таңданып карашат. Мындай тоолордо болуп көрбөгөн
вологдолук, москвалык акындар башка дүнүйөгө келгендей кызыгышат, суктанышат,
кээде чочуркап сестее калышат. Байыркы Дмитрий Донской менен байыркы Аксак
Темирдин жүрүштөрүн сүрөттөп роман жазган баамчыл жазуучу Сергей Бородин тигил
акындарга караганда анча сыр алдырбайт. «Эчтемке эмес, Аксак Темирлерге кошулуп
мындай ашууларды кыялымда далай ашкам. Бул жер мага тааныш», деген кишиче
камырабайт. Ал тургай кез-кез куудул сүйлөп жолдошторунун көңүлүн алагдылап
келатат. Бийикке серпилген кыялардын чукул бурулуштары чыканактай уркуят.
Бурулушту улам айланган сайын мотор күүлдөп шаалдайт. Машина бүт тулкусу менен
титиреп калтырап өр таянып жан талашат.
«Кудай сакта! Кокус артына кетсе... кокус жазып тайып дөңгөлөк сыйгалактап машина
жол четинен чыкса... О, анын бетин ары кылсын».
Айтор, улуу тоону капталдай тигил бийикке — асманга талашкан ашууга карай
көтөрүлгөн тар жолдо туура жакка бет буруп — эңкейишке карашка чама чак. Чынды
караганда жүрөк «болк» этет, сезимиң дүрүлдөйт. Ой жакка карагың келбей тигил
чаңыттагы чокуларга, алды жакта тумандап кайкалаган дабанга карайсың. Мындай учурда
да көңүл алаксытуу, кандайдыр бир кызыктуу баяндан кеп баштап аңгеме салуу анча эске
келбей ар ким өзүнчө: «Кырсыктан сакта!—деп ичинен сызып калат бейм? Мотор күчөп
күүлдөп машина калтыраган сайын «тымтым» ойногон балдардай жолоочулар унчукпай
калып жаттык...
Дагы бир чукул бурулуштан көтөрүлө берип жүрүш басаңдап, машина титирепкалтырап өр талашып калганда шофёр тамашалап күңк этти:
— Үч миң метр бийиктик оңой бекен! Аба суюктук кылып, «Сур жорго бышкырып
жатпайбы... Ана аз калды. Дагы беш-он минуттай күжүлдөп койсо, ашууда болобуз.
Шофердун кеби дем бергендей, Сергей Бородин да тамшанып сурап койду:
— Ашуу кайсы? Береги чокудан берки ээрдей кайкаң эмеспи?
— Ашуу ошол! Эми жол да анча өр эмес — түзөң тартат. Баятан айнекке үңүлө туш
тараптан көз айырбай көркүнө суктанып караган Сергей Викулов чыны менен таңданып
айтты:
— Ай, ай, ай... улуу да, каардуу да, көркөм да кыргыздын тоолору! Тоо деп ушуларды
айтсак болот! Көрүңүзчү, тигил ак жайдын күнү да ушинтип каардуу, сүрдүү турат го
кейпи!
Мен кепке аралаштым:
— Ананчы! Бул тоонун мүнөзүн биздин тоолуктар жакшы билишет. Тетиги шагылдан
берки берметтей чачырап агаргандары, бозоргондору эмне дейсиздер? Чуудадай
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Мезгил Сабактары - 24
  • Parts
  • Мезгил Сабактары - 01
    Total number of words is 3925
    Total number of unique words is 2168
    28.4 of words are in the 2000 most common words
    41.5 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 02
    Total number of words is 3835
    Total number of unique words is 1945
    25.2 of words are in the 2000 most common words
    37.9 of words are in the 5000 most common words
    45.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 03
    Total number of words is 3888
    Total number of unique words is 2004
    26.2 of words are in the 2000 most common words
    38.0 of words are in the 5000 most common words
    44.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 04
    Total number of words is 3917
    Total number of unique words is 2109
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    38.3 of words are in the 5000 most common words
    44.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 05
    Total number of words is 3841
    Total number of unique words is 2050
    24.3 of words are in the 2000 most common words
    35.5 of words are in the 5000 most common words
    41.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 06
    Total number of words is 3908
    Total number of unique words is 2175
    25.1 of words are in the 2000 most common words
    36.6 of words are in the 5000 most common words
    43.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 07
    Total number of words is 3879
    Total number of unique words is 2261
    24.6 of words are in the 2000 most common words
    36.6 of words are in the 5000 most common words
    43.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 08
    Total number of words is 3889
    Total number of unique words is 2322
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    38.4 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 09
    Total number of words is 3878
    Total number of unique words is 2190
    26.2 of words are in the 2000 most common words
    38.2 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 10
    Total number of words is 3881
    Total number of unique words is 2101
    24.1 of words are in the 2000 most common words
    34.1 of words are in the 5000 most common words
    40.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 11
    Total number of words is 3844
    Total number of unique words is 2201
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    42.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 12
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 2270
    27.6 of words are in the 2000 most common words
    39.9 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 13
    Total number of words is 3957
    Total number of unique words is 2233
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    47.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 14
    Total number of words is 3766
    Total number of unique words is 2212
    23.9 of words are in the 2000 most common words
    35.6 of words are in the 5000 most common words
    42.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 15
    Total number of words is 3906
    Total number of unique words is 2254
    27.6 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    47.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 16
    Total number of words is 4040
    Total number of unique words is 2326
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    38.3 of words are in the 5000 most common words
    44.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 17
    Total number of words is 3980
    Total number of unique words is 2278
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    38.4 of words are in the 5000 most common words
    45.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 18
    Total number of words is 3826
    Total number of unique words is 2298
    24.7 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 19
    Total number of words is 4011
    Total number of unique words is 2430
    25.2 of words are in the 2000 most common words
    37.5 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 20
    Total number of words is 3935
    Total number of unique words is 2383
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    45.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 21
    Total number of words is 3922
    Total number of unique words is 2456
    24.7 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 22
    Total number of words is 3905
    Total number of unique words is 2360
    25.7 of words are in the 2000 most common words
    37.1 of words are in the 5000 most common words
    43.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 23
    Total number of words is 3793
    Total number of unique words is 2219
    25.4 of words are in the 2000 most common words
    36.9 of words are in the 5000 most common words
    43.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 24
    Total number of words is 3857
    Total number of unique words is 2269
    24.4 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    43.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 25
    Total number of words is 3863
    Total number of unique words is 2183
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    35.5 of words are in the 5000 most common words
    43.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 26
    Total number of words is 3856
    Total number of unique words is 2325
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.0 of words are in the 5000 most common words
    45.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 27
    Total number of words is 3866
    Total number of unique words is 2429
    25.2 of words are in the 2000 most common words
    35.8 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 28
    Total number of words is 3971
    Total number of unique words is 2417
    23.9 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    42.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 29
    Total number of words is 3917
    Total number of unique words is 2300
    24.3 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    42.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 30
    Total number of words is 3926
    Total number of unique words is 2169
    25.8 of words are in the 2000 most common words
    37.9 of words are in the 5000 most common words
    44.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 31
    Total number of words is 3936
    Total number of unique words is 2141
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    45.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 32
    Total number of words is 3916
    Total number of unique words is 2096
    25.7 of words are in the 2000 most common words
    37.3 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 33
    Total number of words is 3934
    Total number of unique words is 2181
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    38.5 of words are in the 5000 most common words
    45.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 34
    Total number of words is 2486
    Total number of unique words is 1435
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    41.2 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.