Latin

Мезгил Сабактары - 02

Total number of words is 3835
Total number of unique words is 1945
25.2 of words are in the 2000 most common words
37.9 of words are in the 5000 most common words
45.1 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Карачур менен Күлчурдун бир аз өзгөргөн түрүн бизге жеткирди.
Бул жөнүндө ташка тамга баскан эстеликтерден да буларды окуйбуз:
«Он ок тукумунан өзүмдүн Тургеш канымдан Макрач тамгачы, Огуз-Билге тамгачы
келди; кыргыз канынан Тардуш-Ынанчу чур келди» деп Күл-Тегин эстелигинде жазылса,
кыргыздын журт башкарган адамына коюлган — «Енисей эстелигинде» — «атым ЭлТууган түтүк. Теңирим берген элимдин элчисимин. Алты урук журтка бек элем» — дейт.
Биз кыргыз кишисине коюлган бул байыркы эки атты мисалга келтирген себебибиз,
тарыхка, илимий жактан тарыхый талдоо жүргүзбөсөк максаттан кыйчалыш кетерди
айткыбыз келди. Баса, биринчиде: Тардуш-ынанчу чур бүгүнкү адам ат-тарынан алыс
болсо, экинчиси — Эл-Тууган (түтүк — титул) биздин күнгө чейин адамга коюлуп
келаткан ат. Ал эми «Манас» каармандарын биз арага салсак, алар бизге ушул жагы-нан
көп жагдайды туюндургандай болот. Маселен: Бозуул — Бозуул, Күлүчурадан —
Күлчоро. Ал эми Тардуш-Ынанчу чур бизге табышмак болгондой эле — «Манас» деген
аттын өзү да «табышмак». Бир жагынан алсак: Манас деген шаар да, жер да, суу да бар.
Бир жагынан алсак — алп Манастын өзүнөн башкага бул зор ат коюлбайт. Неликтен? —
Бул илимий жак-тан так изилдөөнү талап кылган эң кылдат жана жооптуу жагдай!
Мындай изилдөө жеке эле окумуштуу адабиятчынын эмес, окумуштуу-тарыхчы,
окумуштуу-тилчилердин да алдында турган милдет. Болгондо да эң баамчыл, эң көрөгөч
кеп тармак-туу билими бар калыс жана чыдамкай адамдардын алдында турган милдет!
Ушундай татаал иштин илимий жактан чечилишин бабаларыбыз бизге милдет (вазипа)
катары таштап кеткендерине биз жеке эле өкүнө бербестен, бир жагынан сыймыктаналык.
Албетте, курулган мунаралар, том-том китептер бетинде бул өмүр так жазылып турса,
биз — «белен аштын» татымын татып абдан эле кубанычтуу болор элек. Бирок, улуу
тарых-тын туңгуюк купуя эрежелери менен эсептеше келгенибизде, биз өз элибиздин
баштан кечирген өмүрүнө жеке эле өкүнө бербестен, ага сыймыктанар жагдайлары да аз
эмес. Өз кезинде эң маданияттуу болушуп, күчтүү мамлекет курган элдердин кай бирлери
кийин майдаланды, ал тургай изин кумга чайытып соңкуларга белгисиз тартты. Кай
бирлери тыйпыл жоюлду... Бул кезде Орто-Азияда жашаган элдердин эң байыркыларынан
болгон кыргыз журту дал ошол тагдыр менен үлүштөш болсо да, ал өзүн сактап, элдик
маданиятын сактап, аны чамасы келишинче өнүктүрдү.
Биз ушул жерден «Кыргыз» деген аттын чыгышы жөнүндө кайбир тарыхый
маалыматтарды жана эл оозунда айтылган уламышты эскергибиз келет. Тарыхый
маалыматтарда кыргыз деген эл биздин доордон мурунку үч жүзүнчү жылдарда эле
белгилүү болуп, алар кызыл жүздүү, жээрде сакалдуу ноочо адамдар, минген аттары
аргымак — ири жылкынын тукуму, өздөрү жоокер эл экендиги айтылат. Ал эми эл
оозундагы ула-мыш мындайча баяндайт: — Эң байыркы заманда ашкан жоокер журт
болуптур, тынымсыз чабыштардын, тынымсыз каар-дуу алааматтардын кесепетинен ал
журт кыргын табат. Кыргындан кыр кезип кырк жоокер калат. Алардан — кыргыз тарайт.
Ушул эки кабарды иликтеп көргөнүбүздө, түз эле ошол байыркы сактарды, байыркы
хундарды эске салат. Байыркы учуктарды иликтесек, бизди ошол байыркы журттар менен
тектештирет. Ошол журттун жеке эле өмүр-тиричилиги эмес, алардын бизге жеткен
материалдык маданияттары биздин бабалар сактап бизге белекке калтырган материалдык
маданият-тары, рухий байлыктары менен эң жакын. Бул кезде кыргыз, казак,
алтайлыктардагы — ала кийиз, шырдак, ат турпатындагы жасалгалар, алтын, күмүш
буюмдарда чөгөрүлгөн чебер оюу-чийүүлөр дал ошол сактарда, дал ошол хундарда
болгону белгилүү. Боз үйдү жасалгалоо, бээ байлап кымыз ичүү, угут ачытып бозо
кайнатуу, курут кургатуу, сүзмө сактоо, жоокерге гүл-азык камдоо... ушулар сыяктуу
толгон материалдык жана турмуштук белгилер так алыскы жаңырык сыяктуу алыс-тан
үндөшпөстөн биздин бабалардан бизге өткөн — күнү бүгүнкүдөй колдонгон биздин
маданият, тиричилик, биздин өмүр-байлык!
Биз жогоруда кыргындан калган кырк жоокерден кыргыз журтун тараткан «уламышты»
эскердик. Кыргыз элинде ушул кездерге чейин айтылып, эл сөзүндө кеңири тараган —
кырк деген сандын эң ардактуу, эң мелчемдүү эскерилиши бекеринен эмеско? — Кырк
жигит кырк эрен, кырк кыз, кырк жылкычы, кырк баатыр, кырк чоро... Ал тургай —
«Кыргыздыкы кырк жылда» деген лакаптын айтылышына — ошол байыркы кырк жоокер
себепкер чыгар?
Неси болсо да ушул «кырктардын» чыгышына турмушта чын болуп өткөн тарыхый чоң
окуя себепчи.
Фарсы падышасы Кирдин талоончу колу сак урууларын кыргынга учуратты. Ошол
кезде талоончу колду чөлгө жазгырып... өз журтунун калганын кыргындан сактап, бирок
ал үчүн өзү курман болгон эр жылкычы Шыйрак байыркы сактан калган уламыш
каарманы. Бирок, муну да чын болгон тарыхый окуя жаратты.
Алтайдын Базырыгында, Орто-Азиянын тоо-талааларында сырдуу коргондорду өзүнөн
эстеликке калтырып... ошол уул-кызы жоокер, бүт эли-журту каарман сактар чоң
чабуулдардын кесепети тийип, алар бытырады. Алардын изин тарых бетинде кум чайыды.
Бирок, ал баатыр журттун даңктуу аты тээ көз учунда мунарыктаган улуу чокудай
элестейт.
Баса, түптүү журт таптакыр жоюлбайт да! Ал кайрадан түптөнөт, кайрадан өнүгөт. Ал
тургай кай бир учурларда ал таптакыр «жаңы» элдин атын алып өнүккөнүн тарых
күбөлөйт. Сактан кийин хундардын (гундар) пайда болушу, алардын дуулдап өнүп-өсүп
тарыхта белгилүү болушу, тек жаңы элдин, жаңы журттун пайда болушу эмес, хундар
мурунку урууларды кайрадан «жаратып» алардын өмүр жолдорун кайталап улаган
сыяктуу...
Биз байыркы сактарды өз жайына коюп, тек соңку үч коомдук чоң толкундарды байкап
көрөлү:
1. Биздин доорго чейинки III кылымдын акырынан I кылымдын элүүнчү жылдарынын
аралыгы — хун каганаты, хун доору;
2. Биздин доордун VI кылымынан VIII кылымдын ортосуна чейинки байыркы көк түрк
каганаты, түрк доору;
3. VIII кылымдын башынан XIV кылымдын ортосунда монгол, татар, кыпчак, кыргыз,
уйгур, түркмөн жана башка көчмөн калктардан күчтүү кол курап, батыш-чыгышка
алаамат жортуулдарды баштап кандык династиясын жүргүзгөн Чынгыз жана анын
тукумдары.
Ушул үч доорду аздыр-көптүр иликтеп көргөнүбүздө үчөөнүн тең кырдаалдуу
мезгилдеринде тарыхта аттары белгилүү болуп, бирок кийин өзүн өзгөрткөн калктардын
жана өзүн калк катары сактап өнүккөн элдердин катарында кыргыздар дайым белгилүү
орундарды ээлейт. Ал, ошол кездерде көбүнчө өз тизгини өзүндө болгон калк катары
тарыхтан өз ордун алган. Ал эми ошол мамлекет курган чоң уруулардын жылдызы
тунарып, журту бөксөрүп чачыла баштаган да... кыргыз журтунун да жылдызы тунарып,
эли бөксөрүп «белгисиз» боло баштайт. Тактап айтканыбызда: чабылып-чачылып тароо,
кырылуу негизинде хундар мамлекетин жойду. Жана ал, өзүнүн байыркы түзүлүшүн, атытегин өзгөртүп жиберди. Кыргыздар-да ошол биздин доордун баштапкы кылымдарында
ошол хундар менен тагдырлаш болгон сыяктуу: арадан төрт жарым, беш кылым өткүчөктү
тарыхта белгисиз боло калды... Бирок алтынчы кылымдан — айрыкча байыркы түрк
калктарынын арымы озгон кездерден тартып, кыргыздар да тарыхтан өз ордун ээледи. Ал
өзүнүн кандыгын чакырып, мамлекетин түздү.
Бирок, дал ушул жерден, биз, адамды катуу ойлонто турган сабакты тыянактап көрөлү.
Ал — улуу тарыхтын эң кызык-туу, эң татаал, эң таш боор жагдайлары!
Кара өзгөй жана каарман, айлакер жана тайманбас алп-кан Кара-хан уулу Ууз-кан 1
ошол көчмөн журттарды бирик-тирди. Ал тарыхта — хундар мамлекети деп аталды. Жана
алар ажаандай ашынып күчкө толуп турган кезинде Орто-Азия менен Борбордук Азиянын
адыр-жазыгында ат ойнотушту. Кытай падышасынын армиясы менен алданече жолу
салгыла-шып, өз кезинде ошол күчтүү армияны жеңип турду. Кара өзгөйлүк, тайманбас
каармандык жагынан Ууз-кандын даңкы төрт тарапка кеңири тарады. Ал баарыдан мурда
кытай падышасынын кыжырын кайнаткан, айласын кетирген каардуу душманы болду.
Мейли согуш кезинде чабыштарда, тынч күндөрдө дипломаттык мамилелерде, мейли, ал
кытай императоруна өз атынан жиберген каттарында болсун, Ууз-кан, өзүнүн күчүн,
тайманбастыгын, каарын, ал тургай императорго иштеген шыл-дыңын арттырды... Бирок,
ошол каарман Ууз-кан өлгөндөн кийин анын журтунун да илеби аздап бөксөрө баштады.
Анан кырылды, бытырады.
Хун бытырагандан алты кылым өткөндөн кийин ошол бытыранды көчмөн уруулардын
байыркы түрк мамлекети түзүлдү. Батышы Византияга (Урумга), Азов деңизине чейин,
түштүгү — персиядан Кебез Тоо (Тибетке) чейин, чыгышы — кытайдын Улуу сепилине
чейин, түндүгү — Тундра токойлорунан Эдил-Жайыкка чейин бийлик курган ошол
байыркы түрктөр VIII кылымдын кезенин ашпастан өз биримдигинен кетти. Күч-түү
мамлекет күчүнөн тайыды. Мында да каарман, акылман кол башчынын бийликке келиши
менен кандык бекемдесе жана алардын өлүмүнөн кийин бузуку кандардын өз журтуна
болгон чыккынчылыктын, коркоктуктун, өзүмчүлдүктүн кесепетинен акырында мамлекет
өзөгүн бириктирип турган чоң-кичине уруулар бытырады. Күчтүү мамлекет жоюлду...
Кыргыз калкы мында да ошол түрк урууларынын ичинен өз кандыгын, мамлекетин
сактап, аны улап калган күчтүү уруулардан болду. Бирок акыры анын тагдыры да ошол
коңшулаш, ошол тек-теш эл-журттар менен тагдырлаш болушу бекеринен эмес.
Борбордук Азиянын туусу болуп турган ошол байыркы көк түрктүн улуу мамлекети
жок болуп, анын көк туусунун астын-да баш кошкон күчтүү уруулар бытырап,
майдаланып кай бирлери өзүн жоюп койгон кезинде... аларга тагдырлаш кыргыз
калкынын да маанайы басылды. Тарыхта ээлеген орду «белги-сиз» тартты.

Ууз-кан — Кытайлар — Модэ Шанья, азия тарыхчылары — Карахан уулу Огуз-хан, кыргыз чежиресинде жана уламыштарда —
Карахан уулу Ууз-хан деп аталат. Биз ошо чежиреде аталгандай — Ууз-хан деп алдык.
Бирок, XIII кылымдын башында Чынгызхан жаангер батыш менен чыгышка өзүнүн
кыйраткыч чабуулун баштаган кезде, анын бийикке көтөргөн айбалтасын адеп тоскон
кыргыз колу болду. Бул кезде Чынгыз бардыкты мойсогуч тажаалдай күчтүү эле. Ал
батышты, чыгышты өрткө чулгап, бийик сепилдерди, шаарларды туяк астында тепсетип,
көп уруу элдерди кырдырды. Шаар ордуна арпа айдатты. Ошол кан төккүч, ошол кездеги
чоң маданиятты мойсогуч Чынгызханга каршы кыргыздардын жылдар бою чабышканы
соңку кылымдарга кайрадан күч алганына күбө. Өз эркиндиги үчүн аябай салгылашкан
ошол каарман кыргыздар дагы бир жолу күчтүү жоонун талоонунда калды. Дагы кыргын
тапты.
Кайындар жок кыргыз балта чаппаган, Өзөндөр жок кыргыз өлүп жатпаган...
Бул эки сап элибиздин каармандуулугун да, кайгысын да
баяндайт...
Чынгыздын сактанган, кекенген жоосу кыргыздар болучу. Ошондуктан, ал кыргыздын
жоокерлеринен тартып, үйдөгү катын-балдарына чейин ишенбеди. Кекенди. Кырды.
Кыргын-дан калгандарын жоокер катары пайдаланды. Бирок, алар, өздөрү менен
тагдырлаш башка уруу, башка элдердин уулдарындай эле өлгөнү өлүп, тирүүлөрү запкы
чегишти.
Мындагы эң мүнөздүү нерсе: кай бир өзүн тыйпыл жоюп салган калктарга тагдырлаш
болгон кыргыз калкы бул жолу да алдан тайып азып-тозду. Бирок өзүн сактады. Ал тургай
ал өзүнүн күчүн, эркин даңазалады. Ошентип кыргыз эли,— байыркы бабаларынын
жоокердик салтын улап, аскердик эрежелерди бекемдеп, өздөрү согушчул, каарман
болушту. Советтик окумуштуу С. В. Киселевдин аныктамасы менен айтканда —
кыргыздар, Борбордук Азияны, дайым четки жоодон коргоочулардан болушу эң сонун
иш!
Ошол өз замандарында, кыргыздар,— «Моголстандын жапайы арстандары»! деп
аталганын академик В. В. Бартольд да белгиледи. Ал эми элдик санжыра уламыштар ушул
тарыхый маалыматтарды толуктайт жана аныктайт. Айрыкча оозеки поэзиянын деңизи —
«Манас» үчилтиги баштаган биздин ондогон дастандарыбыз, тек кандайдыр бир
таланттардын фантазиясынан эргип чыга калган көркөм чыгармалардан болбостон, алар
баарыдан мурда элибиздин ар замандарда башынан кечирген тарыхий окуяларды
күбөлөгөн чоң өмүр, зор күрөштөр. — Так айтканда, чыныгы турмуштун көркөм
чагылыштары!
Айрыкча, «Курманбек», «Эр-Табылды», «Жаныш-Байыш», «Саринжи-Бөкөй»,
«Олжобай менен Кишимжан» сыяктуу баатырдык жана лирикалык кенже дастандарыбыз
баяндаган окуялар, андагы каармандардын өмүр-күрөштөрү мындан үч-беш кылым
мурдагы али кезге дейре элдин эсинде сакталган тарыхий адамдарга, тарыхта болгон
окуяларга арналат деп так ай-талабыз. Ошол кездердеги кыргыз менен калмактын
ортосун-дагы кагылыштар не кыргыз урууларынын арасында болгон окуялар ушул кенже
дастандардын сюжетин түзөт. Биз канчалык кылдат абайлап, бул кенже дастандардан орто
кылымдын не андан аркы доордун учугун тарта албадык.
Бирок, «Манас» сыяктуу улуу эпопеянын кайсы заманда жаралганын кесип айтыш
кыйын. Тек беритен карап, чолок ой жүгүртүп «палан» дей салыш, бери калганда ушундай
ыйык ишке «элпек» мамиле кылгандык... Узак өмүр жашаган акылмандын терең сырын
жөн кишилер оңой-олтоң баамдай албагандай эле, биздин ушул эң байыртан келаткан
залкар баяндын сырын ачуу да оңой-олтоң иш эмес.
Айрым жолдоштор «Манастын» чыгышын XVII—XVIII кылымдарга жунгария
калмактары менен болгон чабыштарга ыйгара коюшат. Кай бирлер андан бир аз арылай
барышып — «Манастын» чыгышын Аксак Темир көрөгөндүн мезгилине ылайыкташат.
Ал эми илимий жактан бир аз кеңирээк изилдеген бир катар окумуштуулар, кыргыздын
улуу мамлекети күчтөн тайыган кезде — IX кылымды аташып — «Манастын» калыптанган мезгили ошол IX кылым болуш керек, дешет. Ушул пикирлер биздин көңүлдү
уютат: чындыкка жакындайын дейт. Ошентсе да, саал күмөндүрөк.
. Бир эле мисал: тарыхта белгилүү — IX кылымда кыргыздын Барс беги уйгурлар менен
салгылашты. Эгерде, «Манас» ошол кезде калыптанса, анда кыргыз менен уйгур
ортосундагы чоң чабуулдар аз да болсо баянда чагылышат эле го? Ал тургай ал окуя
баяндын негизги мазмунуна кирмек. Бирок, ал чагылыш эпосто анча байкалбайт.
Тескерисинче, окуя кыргыз менен кытайдын ортосунда болгон чабыштарды кабарлайт.
Эмесе, андай чабыштар качан, кайсы замандарда болду? Аны биз жогор жакта эң сараң
түрдө чолуп айттык: — көчмөн уруулар менен (алардын ичинде кыргыздар да бар)
кытайдын чоң чабуулдары те байыркы алп Ууз-кан мезгилинде бир болсо, андан кийин
дал ушул байыркы түрк уруулары союз түзгөн — түрк мамлекетинин мезгилинде — ушул
түрк мамлекетинин көк туусунун астында, ушул журт кытай падышасынын аскерлери
менен салгылашып турушту.
Ал эми «Манастын» негизги сюжетин түзгөн окуялар жеке эле ич арадан чыккан
тектеш уруулардын кагылышын түзбөстөн, тигил тарыхый окуяларды эске салып: кытай
менен болгон чоң чабуул, эзелки кагылыштарды баяндап жатпайбы?
Айтор, бизди тердетип-кургатып ойлонто турган, көптү изилдөөгө милдеттендирген
татаал жагдайлар дал ушунда! — Неси болсо да «Манастын» жаралышы тек тогуз ай
бойдо көтөрүлүп бир күнү чоң толгоодон кийин эле «баа!» этип төрөлө калган алп уул
эмес. Ал кыргыз элинин өмүр-тарыхындагы эң кырдаалдуу учурларда «бойго. көтөрүлүп»,
кырдаалдуу учурларды камтып турган, элдик мүнөздөрдү, эрдиктерди, күрөш-төрдү
жалпылап тыянактап турган — кечээкинин каармандарынын элесин түзгөн улуу баян —
«Манас!»
Ошондуктан, «Манасты» тааный салыш, аны тез эле тегин тектеп чече салыш кыйын.
Ал — сыр чечпес кеменгер, эч жоодон жалтанбас алп сыяктуу табышмак. Бирок, ошол
сыр чечпес кеменгердин оюн тапсаң, ал сага сырын ачкан сыяктуу, баатырга ак пейил
болсоң, ал сага кылычыңды өөп берилген сыяктуу билгилик менен мамиле кылсак
«Манас» да бизге сырын ачат. Эмесе, биз, тек беритен издесек, жеңил-желпи үстүртөн
карасак «Манас» сырын туюна албаспыз... Аны туюнуш, билиш үчүн тээ тарыхтын
катмарында дат баскан эң байыркы өмүрлөрдү, эң байыркы окуяларды тааныйлык.
Бабаларыбыздын алп келбеттерин көз алдыга так элестетип көрөлүк. Алар баскан
жолдордо саякат куруп, алар баштан өткөргөн кайгы-муңду сезелик. Дал ошондо гана
биздин алп бабалар күлүп-жайнайт: — «Биз ушундай кезде төрөлгөнбүз. Биз ушуларды
баштан кечиргенбиз. Биздин күрөштөгү максат ушундай катаал, маанилүү, ушундай кенен
болучу. Дал ушул зор күрөш-тү баяндап силерге белекке калтырганбыз!» — деп сырын
ачат.
...Дал ошондой кырдаалда өткөн өмүрдүн, тарых катмарын-да катылган сырдын бири
мындан 1230 жыл мурдараак ушул «Күл-Тегиндин эстелигинде ташка чегилген жазуу»
баяны. Албетте, бул жерде, биз, Күл-Тегин кыргыз тукуму деп кесип айтпайбыз. Бирок ал
кыргызга тектеш-кандаш уруунун кол башчы-көсөмү дейбиз. Балким, кай бирлер,
жазууда, Күл-Тегин кыргыз менен жоолашып чабышып жатпайбы? Ошондук-тан, ал
кыргызга кайнаса каны кошулбас жат элден дешер. Антип аныкташ тарых менен
эсептешпегендик. Ага бүгүнкү күндүн көзү менен кароо. Тарыхтын агымында уруу
кагылыш-тары болуп турду. Анда тектеш эки уруу тургай кол башчы-баатыр ынтымакка
келбегени үчүн не чыккынчылык кылганы үчүн, киндиктеш өз уруусуна каршы
аттанганын ушул эстелик-тер баяндайт:
«Тогуз огуз журту киндиктеш (өз) журтум эле; теңиримдин жердин ыйыгы (кусуру)
ургандыгы үчүн касиет качып, ниет булганып өзгө душман болду; бир жылда беш жолу
салгылаш-тык, алгач Тору-Балыкта чабыштык2».
«Жыгырма жашымда басмыл урууларынын ыйык-кут уруусунун журту өз уруум болуп
туруп маа элчи жибербегендик-тен аларды каратып алдым. Олжолорду үйгө алып
келдим3».
Күл-Тегин эстелиги, чоң жазуу, С. Малов, 32-бет. 1951.
Могилян-ханга коюлган эстелик.
Алдыларына баш ийип келбегени үчүн, ниет булгап өзгө душман болуп журт касиетин
качырганы үчүн, баатырлар, жадаса, өз киндиктештерин аяшпай, аларды күч менен
тартипке чакырышканы — баатырдыктын адилет салты! Дал ушул баатырдык салттын
өзүндө биздин айкөл Манас баатыр менен ай-калыш-төп келген кандай сонун кырдаал
бар. Манаска баш ийгиси келбеген алты канды, Семетейге чыккынчылык кылган Абыке,
Көбөш эки арамды, Канчоро сыяктууларды элдин биримдигин самаган Манас, Бакай,
Семетей, Күлчоролор тигилерди канча жолу ынтымакка, тартипке чакырышты. Акырында
айбын моюнга алгандар айып тартып, эч оңолбогондору адил баатырлардын колунан жаза
тартышты.
Жазууда окуянын башталышынан тартып аягына чейин «Манас» баяны менен өтө
үндөш, мазмундаш, ал тургай сөзмө-сөз айкалыш келген учурлар көп. — Акылман, баатыр
бабанын көзү өткөн соң, журт биримдиги ыдырап таркаганы, бири менен бири
чабышканы, жоолашканы айтылат. Ини аганы тартпай калганы, уулдары атадай боло
албаганына журт үчүн кам жеген баатырдын жанын кейитет.
«Акылман эмес кан такка олтурса, анын мийзамы да акыл-сыз, мийзамына баш
ийгендер да акылсыз, коркок, кара өзгөй болду...» дейт жазуу. Ушундан кийин кан менен
кандын, бек менен бектин, уруу менен уруунун ынтымаксыз болгону айтылат. «Бектери
журтка түз болбой калган үчүн, табгачтын журту кайраштырганы, жоолаштырганы,
алдаганы, арбаганы үчүн, ага-ининин арасында ырк бузулду»,— деп жазылат Күл-Тегин
эстелигинде.
Дал ушул элдин ыркын кетирүүчүлүк мотивдер «Манас» окуясынын негизгилеринен
эмеспи? Мында да ак, адил, акылман кол-башчы — баатырлар ушул журт ынтымагын
бузчуларга:
Өзөктөгү дарт жаман
Өздөн чыккан жат жаман!
Дешип, кандай так, салмактуу, далилдүү эскертишет. Кыргыз элинин эзелки душманы
каракытай-манжулар4, ашкан амал-көй, ашкан митайым, айлакер экени «Манас»
баянында, анын Бакай, Каныкей, Алмамбет сыяктуу акылман-каармандары канча
айтышат, этиет, сак болууну, амалкөйлүккө алданып кетпести жоокерлерге кандай
эскертишет.
Жазууда: түрк тукумун табгач (кытай) амалдап журт ыр-кын кетиргенин, журтту чаап,
элди кырып, кыргындан калгандарын багынтканын — сулуу
кыз-уулду күң, кул
кылганын баяндайт. Көчмөн тектеш уруулардын эрксиз болуп калганына: «...уюткулуу
журт элек. Эми ал элибиз кайда? Ким үчүн журт-ту курадык» — дешип түрк журту табгач
журтунун канына каршы баш көтөргөнү айтылат. Алар кол баштаган кезде — «он жети
эренден кол курады».
«Жер кезип жүрөт деген кабар тарап, тоодогулар ойго чогулушту, ойдогулар тоого
келишти. Жетимиш эр баш кошту. Теңирим күч бергени үчүн кан атамдын колу жоого
бөрүдөй тийди, душманы койдой болду» — ушунтип аздан улам көп болгон кол,
бытыраган урууларды кайра баш коштуруу аракетине өтүшөт. Аскери — «Жети жүз эр
болгондон кийин кансыз калган эл-журтту курап, бирдиги бузулган элди
ынтымакташтырды. Кул, күң болгон журтту курап, ал менин бабаларым түзүп кеткен түрк
мийзамын төлөс менен тардуш калкына берди».
Мындагы бизди кызыктырган сонун жагдайлар, жеке эле окуялардын үндөштүгү
тургай, дал ушул кезге дейре кыргыз элин түзүп турган уруулардын эң байыркыларынан
болгон — дөөлөс (төлөс) ошол кезде бабалар түзүп кеткен түрк мийзамын колуна
алгандыкта! — ушундан кийин дал бүгүнкү кезге чейин:— «Дөөлөс төрүн бербейт, өлсө,
көрүн бербейт» деп эл айткан макалдын түйүнүн чечиш кыйын эмес. Баса түпкү бабанын
мийзамын колуна алган байыркы күчтүү уруу кимди тоотсун, ал кимге төрүн берсин!
Кара — чоң, каракытай — чоң, көп кытай деген мааниде.
Жазуу баяны — ошол көчмөн түрк урууларынын катарында жеке эле төлөстүн
болушун айтпайт. Ал, ошону менен бирдей эле — аз, кытай, кыргыздар болгонун
баяндайт. Алар ошол түрк уруулары менен тең тууган болуп, бирде чабышып, бир-де
ынтымакташып жүргөндөрү айтылат: «Көгмен жер-суусу эл-сиз калбасын деп, аз, кыргыз
журтун курап келип салгылаштык» дейт, Күл-Тегин эстелигинде... Элдин арасында
ынтымак, биримдик боло баштаганы, мурунку азган-тозгондордун, кул, күң болгондордун
бейпилдикте, берекеде жашап калгандары айтылат. —«Сенде ынтымак болсо, алыстан
жоо келмекпи? Алда кайдан найза сундургандар келмекпи?» — деп акылмандык менен
бириккен эл-журтка дагы эскертет.
Ата-бабанын арбагын аташат. «Үстү ачык Көк, боору күрөң Жер урсун!» дешет, ыйык
жер-сууга сыйынышат. Ушул анттын ыйык күчүнө бекем бел байлап жоого каршы
чыгышат. Жана өзүнөн көп күчтүү жоону жеңишет.
Байыркы бабалар калтырган жазуулардан биз ушундай сөздөрдү окудук. Ушул ыйык
сөздөр биздин улуу баяныбыз — «Манас» да ар бир эле жортуул алдында айтылары
айгине. Деле баянда окуянын башталышы, андагы баатырдын мүнөзү, элеси, аскердик
тартиби, айткан ант-сөздөрү, жоокердик салт-тары тигил эстелик маалыматтарына өтө
өзөктөш, үндөш:
«Манас» баянында кытай менен болгон чоң чабуулдардан кийин кыргыз уруулары
бириндеп алдан-күчтөн тайып турган кези болот. Алтайдын бир өзөнүн жердеген бай
Жакып (ал, кай кездерде кан Жакып деп аталат) аз айылы чет жоодон запкы чегип
турганда, ат жалын тартып Манас элге тутка болуп чыкты. Бакай, Кошой башында
акылман-баатырлар баш кошуп кенеш курат, бытыраган журтту ынтымакка чакырышат.
Кектешкен жоого каршы күрөш ачуу жөнүндө камынышат. Мында да жоого аттанган
эрендер:
Төшү түктүү Жер урсун,
Төбөсү ачык Көк урсун!
дешип ант беришет.
Жазууда: «Мен кандык кылган элдин кардында тамагы жок, үстүндө тону жок шордуу
эл эле», дейт. Жогоруда биз мисалга келтиргендей азган-тозгон урууларды курап, кул, күң
болушкан уул-кызды катарга кошкондук баяндалат. Ал эми «Манастын» баянында Манас,
Бакай, Семетей, Күлчоро баштаган алп-акылмандардын иштеген иштери, күрөшү, тилеги
да — ошол аз журттун кыйырын сактоо, аны көбөйтүү, аны муңайбас кылуу...
Кулалы таптап куш кылдым, Курама жыйнап журт кылдым. Телик куш таптап куш
кылдым, Тентиген жыйнап журт кылдым,—
деп Манас айтса:
Бөлүнсөн бөрү жеп кетет, Бөлүнүп калды кыргыз деп, Бөлөк элге кеп кетет! —
деп акылман Бакай көп уруу журтту, ар уруудан кошулган жоокерлерди журт (будуң)
ынтымагына чакырат.
Жазуу менен «Манас» баяны жеке эле мазмун жагынан, сөз, баатырлардын мүнөзү,
чабуулга кирген аскердик эрежеси жагынан үндөшпөстөн алар — рухий түзүлүш жагынан
абдан окшош. Жазуу — тек кара сөз менен ташка чегилген баян эмес. Ал көркөм баян.
Көркөм болгондо да өз заманынын обонунда айтылган дастан, кошок, поэма. Дал
ушунтип кесип айтуудан биз тартынбадык. «Күл-Тегин эстелигинде ташка чегилген
жазуу», «Могилян канга коюлган эстелик», Тонукөккө, Күлүчурга жана башка белгилүү
адамдарга коюлган эстеликтердеги чоң-кичи-не жазууларды талдап көрсөк: алар ошол өз
кезинде баатырлардын эрдигин, алардын журт үчүн иштеген иштерин, алардын акылын,
күчүн, максатын, тилегин ыр түрүндө көркөм баяндаган сюжеттүү чыгарма экени
талашсыз. Мындагы айырма: эстелик кимге коюлса, ким үчүн сөз айтылса, негизги
сюжетке ошол адамдын өзүнө таандык иштери, мүнөздөрү тек кошумчаланат. Ал эми
негизги чоң сюжет бирөө: бытыраган урууларды бириктирүү, журт баатырларын бир
ынтымакка чакыруу, эл-журттун кыйырын чет жоодон сактоо, азды көбөйтүү, өз жер-
суусун жердеген эл-журт муңайбас болуп тынч өмүр сүрүү үчүн күрөшүү, анан
ынтымакка келбеген тектеш урууларды ынтымакка чакыруу...
Ушул сонун так маалыматты бизге ташка түшкөн жазуулар баяндайт. Биз ушул
жазууларды иликтесек: ал баян ошол эле Күл-Тегин, не Могилян кан, не Тоникук,
Күлүчурларга байланыштуу жаралдыбы? О, жок! Биздин оюбузча: баатырдын ишин,
өмүрүн баяндаган бул сөз кошок, дастан түрүндө андан алда канча мурда эле мурунку
бабалардан эстелик болуп кел-гени талашсыз. Бизге ташка тамгаланып, аман сакталып
кылымды карыткандары жетти. Андан мурдагы бабалар өздөрү жөнүндө андай
эстеликтерди жаратышты. Аны муундан муун алда нече кайталады. Муну аныкташ үчүн
жазуудагы сөздөрдүн өзүн эле кылдат баамдасак анын учугу тээ алда кайда чубалып
жатат...
Башкасын айтпастан эле,— «табгачтын (кытайдын) жибеги жумшак, жибегинен сөзү
жумшак. Аны угуп алдангандар кыргын тапты», деген жазуудагы баян жеке эле ошол
VI—VIII кылымдарга мүнөздүүбү? Же андан көп ары — тиги эле бизге белгилүү Уузкандын кезинде эле ушул табгачтын бабалары көчмөн уруулардын башчыларына кымбат
белегин, тартуусун, алтын-күмүшүн тартып, сулуу кыздарын берип алдап жазгырышып...
анан кырдаалы келе калганда, чабуулга өтүп көчмөн кыргыз, хун журттарын кырыпжоюп, аларга алаамат салганы жалганбы?
Жазуу табгачтын дал ошол байыртадан берки амалкөйлүгүн эскертип жатпайбы?
Элдин өзүн, анын түзгөн маданиятын жексендеген албан-албан кыргындар, талап
жоготуулардын кесепети бизге дал ошол байыркыдан келаткан жаңырык ушул
жазуулардан угулат.
Ошентип, бул эстеликтер, жеке эле өздөрү жөнүндө кабар бербестен, алар, өздөрүнөн
мурунку бабалар жөнүндө да бизге кабар берет.
Кары тарыхтын чыпкасынан чыпкаланып бизге жеткен бул сараң маалыматтар —
өзүнүн сараңдыгына карабастан ошентип, бизге көптү таанытат.
Өлгөн эрди жоктоп кошок кошуу, баатырдын эрдик ишин баяндап ырдоо, анын эрдик
даңкын бийик сактап наамына, арбагына сыйынуу, эрдиктин, кеменгердиктин
колдоочуларына ишенүү жана аларга сыйынуу тээ биздин доордон (эрадан) наркы
кылымдар жаңырыгынан бизге угулат. Ал тек кыялдагы болжол, тилектеги самоо эмес: ал
турмушта чын болгон окуялар, жашап өткөн өмүрлөр, айтып өткөн сөздөр, иштеп кеткен
иштер экенин биз жеке эле бизге бабалардын калтырган ушул. эстеликтери, ушул улуу
баяндар сыяктуу рухий байлыктары аркылуу угуп-тааныбастан, ал бабаларыбыздын
эзелтен бери сактап бизге жеткирген материалдык маданияттарынан да көрүп билебиз.
Байыркы сак-энелердин чебер колдору сонун жасаган ала кийиз, шырдакты көз алдыга
келтирсек, ал тек ошол замандын материалдык маданиятынан күбө болбостон, дал ошол
шырдакта олтуруп ошол кездин адамы сүйлөгөн баатырлар баяны кулакка угулат. Андан
көп кылымдардан кийин хун-эненин чебер колунан иштелип чыккан шырдакта ошол
Хундун баатыр алпы Кара-кан уулу Ууз-кан олтуруп өз баатырлары менен мажлис курду.
Эң сонун кооздолуп өрүктөй кыпкызыл ышталган көөкөрдөн кымыз чайытып булар да
баатырдын суусунун ичишти. Ошол Ууз-кан олтурган шырдактагы бир «өзгөчөлүк» анын
чок ортосунда арстандын сүрдүү башы оймолонгон. Бул тарых чындыгы. Ал эми «Манас»
баянында Манас баатырдын өзүн азуулуу «тирүү арстан» колдоду. Бул турмуш
чындыгынын көркөм элеси! О, бул кокусунан болгон үндөштүк эмес,— бабалар баскан эң
алыскы доордун чебер жаңырыгы!
Ушинтип, бүгүнкү кезде элибизге таандык материалдык маданияттардын үлгүлөрү,
байыркы элдик көркөм өнөрү өз үлгүсүн, өз түрүн аздап өзгөртүп... ошентсе да байыркы
мүнөзүн сактап бизге жеткен сыяктуу эле, биздин бабалардын рухий байлыгы болгон
албан дастандары, баатырдык баяндары, ырлары, кошоктору чечен сөздөрү да ооздон
оозго айтылып бизге жетти!
Жарайт. Кара-кан уулу Ууз-кан бизден алыска аты башка хундун кол башчысы дейлик.
Ал эми биздин доордун (эранын) 555-жылынан баштап көчмөн уруулардын журт
башкарган ары башкы кандын бири, ары ашкан баатыры Карачурдун титулу — Бөгү кан
аталды. Бөгү кандын небереси — Шегуй Талас-тын Миң-Булагын жердеп журт башкарды.
Алардын аталаштарынын бири Нигу Чулокан Чач (Ташкентти) сурап турду. Тарыхта алар,
тек калайыкты эзген дүйнөгө семирген кандардан эмес, өздөрү журт башкарып кан болуу
менен, алар өз уруусун, өз эл-журтун сырткы жоодон коргошкон баатырлар.
Биз Манас баатырдын тегин териштирсек анын ата-бабаларында: Бакай кан, Ногой кан,
Шыгай кан, Кара кан деген аттардын тигил тарыхта болуп өткөн адамдардын аттары
менен үндөштүгү кандай? Мында жеке эле адам аттары үндөшпөстөн алардын жердеген
жер-суусу да бир болуп жатпайбы. Ошол тарыхта жашап өткөн адамдардын баскан
жолдору, иштеген иштери, күрөштөрү, максат-тилектери Манас баатырдын күрөшү, иши,
тилеги менен үндөшүп жатпайбы. Ушуларга карабастан, биз Бөгүканды Манас баатырдын
аталарынан деп кесип айтуудан алыспыз. Бирок, тигил Күл-Тегин өмүрү үндөшкөндөй
эле, бул Бөгүкан өмүрү Манаска үндөшкөнү жалпылашкан түрдө Манас баатырдын
баатырдык, адамдык элеси даана тартып ириленип жатканы айгине!
Деги ушундай үндөштүк биз жогоруда чолуп айткандай — тээ эң байыркы
бабаларыбызыдын өмүр-тиричилигинен, аларга тектеш — үзөнгүлөш алп колбашчы Каракан уулу Ууз-кандын өмүр-тиричилигинен тартып, алардан көп кийинки байыркы түрк
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Мезгил Сабактары - 03
  • Parts
  • Мезгил Сабактары - 01
    Total number of words is 3925
    Total number of unique words is 2168
    28.4 of words are in the 2000 most common words
    41.5 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 02
    Total number of words is 3835
    Total number of unique words is 1945
    25.2 of words are in the 2000 most common words
    37.9 of words are in the 5000 most common words
    45.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 03
    Total number of words is 3888
    Total number of unique words is 2004
    26.2 of words are in the 2000 most common words
    38.0 of words are in the 5000 most common words
    44.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 04
    Total number of words is 3917
    Total number of unique words is 2109
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    38.3 of words are in the 5000 most common words
    44.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 05
    Total number of words is 3841
    Total number of unique words is 2050
    24.3 of words are in the 2000 most common words
    35.5 of words are in the 5000 most common words
    41.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 06
    Total number of words is 3908
    Total number of unique words is 2175
    25.1 of words are in the 2000 most common words
    36.6 of words are in the 5000 most common words
    43.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 07
    Total number of words is 3879
    Total number of unique words is 2261
    24.6 of words are in the 2000 most common words
    36.6 of words are in the 5000 most common words
    43.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 08
    Total number of words is 3889
    Total number of unique words is 2322
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    38.4 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 09
    Total number of words is 3878
    Total number of unique words is 2190
    26.2 of words are in the 2000 most common words
    38.2 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 10
    Total number of words is 3881
    Total number of unique words is 2101
    24.1 of words are in the 2000 most common words
    34.1 of words are in the 5000 most common words
    40.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 11
    Total number of words is 3844
    Total number of unique words is 2201
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    42.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 12
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 2270
    27.6 of words are in the 2000 most common words
    39.9 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 13
    Total number of words is 3957
    Total number of unique words is 2233
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    47.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 14
    Total number of words is 3766
    Total number of unique words is 2212
    23.9 of words are in the 2000 most common words
    35.6 of words are in the 5000 most common words
    42.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 15
    Total number of words is 3906
    Total number of unique words is 2254
    27.6 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    47.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 16
    Total number of words is 4040
    Total number of unique words is 2326
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    38.3 of words are in the 5000 most common words
    44.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 17
    Total number of words is 3980
    Total number of unique words is 2278
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    38.4 of words are in the 5000 most common words
    45.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 18
    Total number of words is 3826
    Total number of unique words is 2298
    24.7 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 19
    Total number of words is 4011
    Total number of unique words is 2430
    25.2 of words are in the 2000 most common words
    37.5 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 20
    Total number of words is 3935
    Total number of unique words is 2383
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    45.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 21
    Total number of words is 3922
    Total number of unique words is 2456
    24.7 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 22
    Total number of words is 3905
    Total number of unique words is 2360
    25.7 of words are in the 2000 most common words
    37.1 of words are in the 5000 most common words
    43.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 23
    Total number of words is 3793
    Total number of unique words is 2219
    25.4 of words are in the 2000 most common words
    36.9 of words are in the 5000 most common words
    43.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 24
    Total number of words is 3857
    Total number of unique words is 2269
    24.4 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    43.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 25
    Total number of words is 3863
    Total number of unique words is 2183
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    35.5 of words are in the 5000 most common words
    43.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 26
    Total number of words is 3856
    Total number of unique words is 2325
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.0 of words are in the 5000 most common words
    45.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 27
    Total number of words is 3866
    Total number of unique words is 2429
    25.2 of words are in the 2000 most common words
    35.8 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 28
    Total number of words is 3971
    Total number of unique words is 2417
    23.9 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    42.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 29
    Total number of words is 3917
    Total number of unique words is 2300
    24.3 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    42.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 30
    Total number of words is 3926
    Total number of unique words is 2169
    25.8 of words are in the 2000 most common words
    37.9 of words are in the 5000 most common words
    44.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 31
    Total number of words is 3936
    Total number of unique words is 2141
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    45.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 32
    Total number of words is 3916
    Total number of unique words is 2096
    25.7 of words are in the 2000 most common words
    37.3 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 33
    Total number of words is 3934
    Total number of unique words is 2181
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    38.5 of words are in the 5000 most common words
    45.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 34
    Total number of words is 2486
    Total number of unique words is 1435
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    41.2 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.