Latin

Мезгил Сабактары - 28

Total number of words is 3971
Total number of unique words is 2417
23.9 of words are in the 2000 most common words
35.9 of words are in the 5000 most common words
42.9 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
баштар көп. Койчу! Менин туулган жеримдин өзгөчөлүгүн, анын кыртыш байлыгын
санашка эсебим жетпейт. Бир гана айтарым: кымбат балалыгым сулуулукка суктанып али
күнгө өз жеримдин койнунда жашынып калган. Ал мага дайым эрмек, дайым кубат! Ал
мени чыгармачылык ишке дайым шыктандырат. Алыста жүргөнүмдө өз жеримди өтө
сагынган кездерим болгон. Согуштун оор жылдарында бир топ жыл Кең-Сууга баралбай
калдым. Жерим түшүмө кирчү. Энемди сагынгандай Кең-Суумду бир көрүшкө кусадар
болдум. Бала кездеги баскан жолдорду сагындым. Өз балалыгымды таап жолуктургум
келди. 1946-жылы үй-бүлөм менен атайы туулган жериме бардым. Малчылар бизди КеңСуунун жонуна алып кетишти. Бир күн кечке доңуз сырты жондо оонадым, жер кучактап,
жерди өптүм. Билбейм? Жер-Энени калтыратып майдан болуп өткөндүктөнбү? Айтор
ошол кезде жеримди сүйүүдө мага бөтөнчө күчтүү сезим пайда болгон... Жер кучактап
жаттым. Энемди жыттагандай шуу-шуу жыттадым, өптүм. Жөргөмүштү сабагы менен
оттодум. Ооба, кадимки жылкыча оттодум. Адегенде Асылгүл мени шылдыңдады, анан
таңкалды. Анан өзү мага жөргөмүш терип берүүгө ашыкты. Биз менен бирге жүргөн
жердешибиз Усупбек, Жумалар да — кагылайын Төкөш жерин сагынган тура дешип мен
үчүн жөргөмүш теришти.
Биз жылдыз толгондо гана малчылардын үйүнө келаттык.
Туулган жеримди сагынуум — жалпы эле жер-сууга болгон жактыруумду бөксөртпөйт.
Өзөнү аркыраган бийик тоолордун койнунда кум күйүп, закым учкан чөлдөрдө, көйкөлгөн
токойлуу түздөрдө, киргилденген дарыялардын бойлорунда, күңгүрөгөн деңиз
жээктеринде, токойлуу тоолордун койнунда, какшыган жылаңач адырлардын арасында өз
өмүрүмдө көп болуп жүрөм. Бирок кайда болбоюн киндик каным тамган жер эсиме түшөт.
«Бул чөл да, бул адыр да, менин киндик каным тамган жер да Жер-Эненин туташы, бир
тилкеси, бир бөлүгү. Бул жерлерге да өз киндик кандары таамп, ымыркай чагынан жердеп,
сүйүп, жашап келаткан кишилер бар. Эмесе, адам жердеген жерди «какыр-такыр, кум,
чөл» деп жектешке кандай акым бар? Ар бир жер өзүнчө көркөм, өзүнчө көзөл. Аны
жерибей тааный билиш керек да». Дайым мени ушул ой жеңет. Жадаса, июль, августтун
ысыгында Арыс менен Акдөбөнүн ортосунда термелип поездде жүрүштөн жадабайм.
Жаактан аккан теримди жайына коем, ансайын ысык илеп урат. Закым мунарыктап чөл
күйүп турат. Ана, камгак оттогон төөлөр. Ана, козуулагын ээрчиткен кой-эчкилер. Ана
майланган жолчу казак темир жол четинде дардайып камырабайт. Баса, ушуларды ким
сыйлап, ким кызыга карабайт? Термеле берем, термеле берем...
5. Жаратылыштын, өзгөчө биздин Ала-Тоодон Сизге өтө, айрыкча жакын көрүнүштөр
барбы (мисалы күркүрөгөн өзөн, чокулар, асман, булут, жаан, чагылган, жайлоо, токой,
талаа, көл ж. б. лардан)?
— Олда Азизим ай, бул сурооңо жооп бербесем да жаратылышка, анын көрүнуштөрүнө
менин сезимимдин өнөктөштүгү белгилүү болор беле? Айтор биздин Ала-Тоо болобу не
башка тоолор, түздөр болобу биздин Жер-Энебиздин койну эчен мээримдүү сонун, эчен
кызык, укмуштуу, эчен кайталангыс жагымдуу көрүнүштөр, кубулуштар менен толо!
Адамдын өмүрүнө салыштырганда алар тубөлүктүү сыяктанат. Ошентсе да алардын өзүнө
ченемдүү өмүрү бар. Ал аны жашап коюшка ашыгат. Ага караганда өмүрү жалт этип
өчкөн адам жаратылыштын өзүнө таандык сонун мүнөзүн не жакшы, не жаман деп
«ушактап» кетишке кандай акысы бар, иним?!
Антпесек күркүрөгөн өзөндүн кашатында туруп көбүк черткен шарды, алкынган
агымды жакшы көрөм дейин. Чынында аны аябай көксөймүн. Ал эми асман мелжиген ак
чокуда ааламга көз чаптырып сергип турганың андан кем бекен? Жаратылыштын албан
көзөлдүгү көз алдыңда, көңүлүң эргип, өзүң сергип ракатка батасың. Не кек көрпө төшөп,
көп гүл сайган төрде чалкаңдан түшүп оонап жатсаң, кандай ракат! Көгүлдүр асман, ак
чуудадай үлбүрөгөн аппак булуттар көз алдыңда созулат. Кайдадыр кузгун куркулдайт,
аска жактан чөкө таан унчугат, улар ышкырат, тээ алда кайда кыраан бүркүт шаңшып
коюп, ак булуттун астында төнүп жүрөт. Кырдан жорткон жорго жел саамайдан сылайт,
бетиңди аймалайт. Не чийин, куурайын, уйгагын аралап, этек-жеңдериңди тыттырып, өзүң
алсыз жаагыңдан тер кетип, чаңкап келип боз адырдын дөбөсүндө сергип, шилекей
жуталбай ачкыл көзүңдөн учса... Ал аңгыча кебез булут көчөт. Салкын деп... Кандайдыр
чымчык чыртылдайт. О, кандай ракат! Кана? Улактекедей бапылдаган иним, Азиз,
ушулардын биринен бирин ажыратып, бирин жакшы, бирин жаман деп айтып көрчү, эр
болсоң! Ал эми ойду-тоону күүлдөткөн албуут бороондон нөшөр куйган ак жаан кем
бекен? Бороон жер бетин күбүп-силкип койсо, ак жаан аны чаңдан жууп, серигитип, жер
кыртышына чык берип суусунун кандырат. Жер көгөрөт, токой жашылданат, ава сергийт,
мал семирет, чал менен кемпир жаш кездерин эске салышат...
Эмесе бороон менен жаан жаман бекен? О, тээ түнөргөн түпсүз туңгуюкту как жарып
чагылган ойноп, асман тең бөлүнгөнсүп кандайдыр «тарс-күрс» атылган күркүрөө
асмандын бир четинен бир четине тоголонуп турганда көктүн түбү түшкөндөй нөшөр
төгүп жатса. Мингениң кашаң ат болсо, ал аз келгенсип анын ооздугун чыгарып, тизгинин
бош таштап экөөң бирдей оюңарча жай, оюңарча шөлбүрөп келатсаңар, не деген ракат?
Бул өз учурунун кайталангыс сонун мезгили да! Мен бала чагымдан ошентип шөлбүрөп
жүргөндү жакшы көрчүмүн. — О, Айыке, балаңыз мал артында жүргөн чалдай экен.
Атынын ооздугун салбай, тизгинин бош таштап, жаанда шөлбүрөп келатат. Ушундай да
бала болобу, тобо?— дешсе кишилер, энем камырабай күлүп коюучу:
— Балам мал артындагы чалдай жүрсө, өмүрдүн даамын татып келаткандыр. Аман
жүрсүн, адам болсун.
Энемдин ушул кебинен мага деген мээримин да, мени ажалдан коргогон коркунучун да
сезер элем. Эмесе, мага эненин мээримин эске салган ак жаанды кантип танам? Не
энтеңдеп чуркап келатканымда балтырымды, тиземди тызылдаткан чалканды жаман
көрөмбү? Жок! Азыр эстесем ал менин балалык чагым менен бирге Кең-Суумдун
өзөнүндө, көк жайык беттеринде калган тура... Азыр жашым алтымышка бараткан
чагымда ошол балалыгымды эске салып, балтырымды тызылдаткан чалканды жек
көрөмбү? Жок! Ошол чалканды издеп жүрүп... азыр жылаңайлак изимди көңүлүмдүн
кылаасындагы кумдан таптым. Көл өмүрүмө ортоктош. Кумуна оонайм, көбүктүү жээгин
кечем, балача чуңкуймун, сүзөмүн. О, суу астындагы дүнүйө кандай көзөл. Миңдеген май
чабак жылт-жулт этип мени курчап кайтарышат. Суу астындагы нурдун чагылышы,
кубулушу чакырат. Тигине, жарыша сүзгөн эки адамдын элеси жомоктогудай
укмуштанып бермет-көбүктөр жыбырайт. Тааныдым: бири уулум, бири кыз экен.
О, бардык жактан менин күлгүн өмүрүмдү эске салган менин асыл көлүм! Өмүр бою
тынбай эмгектенсем да сенин мага бергениңдин өктөсүнө чыга алар бекем? Сенин
карызыңдан кутула алар бекем? Сен мага өмүр берген элең да.
6. Жылдын кайсы мезгили Сизге бөтөнчө таасирлүү же ар бир мезгил өзүнчөбү?
Күндүн кайсы мезгили жана кандай абалы өтө жагымдуу?
— Жаз — күлмүңдөгөн балалыгым! Жай — келберсиген жигит кезим. Күз — акыл эске
үзүрдүү киши болгонум. Кыш — абийирдүү карылыгым! Төрт мезгилимдин биринен
бирин кантип бөлөм, Азиз жан? Ар учурдун өз кызыгынан куру калбай, арткан жүгүн
көтөрүп коюш биздин милдет да!
7. Жаратылыштан эмине өзүңүздүн чыгармаларда дурус тартылды дейсиз да, эмине
дурус тартылбай келе жатат деп ойлойсуз?
— Жаратылыш өтө чебер, өтө кооз. Эң улуу сүрөтчү анын кооздугун толук түшүрдүм
десе, апыртып коер. Мен жаратылыштын бай кооздугун эч бир чыгармамда өзүндөй
сүрөттөй элекмин. Ага ишенбесең, өзүң окуп, өзүң баамда. Жазгандарымды сандыгыма
бекитип салганым жок. Силерди окусун деп көксөгөм.
8. Жаныбарлардан Сизге эмине өзгөчө сүйкүмдүү (жылкы, бүркүт, элик, ит, куш,
мышык ж. б.)?
— Балбан деп пилди жакшы көрөйүн десем, бели үзүлчүдөй кумурска өзүнөн эки эсе
оорду көтөрөт экен. Адамга жолдош деп итти жакшы көрөйүн десем, мышык душман эмес
экен. Жырткыч деп арстанды, жолборсту, карышкырды жектейин десем, миң жолу
чоңойгондо көзгө көрүнбөс микробдор аларды оорутуп, өлтүрүп салат экен. Сымбатынан,
адамга канат болгон күлүктүгүнөн жылкыны жакшы көрөйүн десем, сасык мурун «кара
ниет» уйлар көлдөгөн сүттү, сары жуураты менен адамды багат экен. Түрү суук, сойлоп
жүрөт деп, жыланды жек көрсөм, анын уусунан кишилер дары жасайт экен... Айтор өз
энеси баспай кеткен күкүктүн баласын башка канаттуулар бакканында да бир сыр бар го,
иним?
Неси болсо да биз адамдар, жан-жаныбарлардын тынчын албай, аларды куугунтуктап
тукумун түгөтпөй жашоосуна эрк берсек. Жер-Энебиз бизге алкышын айта турган. Укумтукумунан ажырап такыр тартып кеткенди ал кайдан кааласын...
9. Сүйгөн чөбүңүз, гүлүңүз, дарагыңыз барбы?
— Өз ордунда, өз тамырынан кубат алып көктөп, бүрдөп, гүлдөп турган чөп, гүл, дарак
— бардыгы мага жагат
10. Кандай түс, кандай жыт Сизге өзгөчө жагымдуу?
— Албетте, акты, кызылды, көгүлтүрдү, жашылды көбүрөөк сүйөр белем? Бирок
жаратылыш берген соң, өз ордун ээлеген бардык түс менин көңүлүмдү бөлөт. Артыкча
кочкул менен конур, ак менен кызгылт шайы, жашыл менен саргылт боектор, гүл чөп,
жалбырак түстөрүндө оошуп турса, алардан көз айырбаймын. Бирок ошондой эки түс
адамдын бетинде жүрсө, андан жийиркенем.
11. Кыргыздын эски ырларынан кайсылар өтө жагат?
— Бала кезимде «Үркөр үркөр топ жылдыз» жагычу. Кер мурут чагымда «Секетбай»
менен «Күйгөндү» аша сүйдүм. Кыз оюндарында жаагымды жанып:
Аргымак аттын токтугу Айылдач тандап бирди албай Азаптуу малдын жоктугу
деп боздоп кыздар менен жар көрүшүп да жүрдүк. Эр жеткенден бери нуска ырлардан,
муңдуу кошоктордон, санат ырлардан, таамай айтылган лакап-макалдардан кыя өтпөйм.
12. Музыкадан Сизге эмне жакын? Акыркы музыкага мамилеңиз (симфония, опера,
фортепьяно, скрипка).
— Ээй, иним, музыка мага аркы өйүзүнө көз жетпеген сезимдин улуу деңизиндей
сезилет. Ал толкун күүсү, кубулжуган ыргагы, созолонгон обону, чалкыган, толкуган
кайруулары менен адамдын жан сезимин көйкөлткөн, адамды ойго салган, жүрөктү
тымытып, денени чымыраткан — тербенген, безенген улуу толкун. Ал, шайырданса,
жүрөктү сыздаткан оорудан сакайтат, адамга кайрат, кубат, күлкү берет. Ал, кайгыны
боздотсо, таза жүрөктү оору кылат, көңүлдү чөгөрөт, басынтат, күлкү ордуна жаш төгөт.
Адамдын турмушун, ой-пикирин, кыял-жоругун, сезимим миң кыял обонго ыргактыра
баяндагандай эле, музыка жаратылыштын кубулуштарын, мүнөздөрүн, өзгөчөлүктөрүн,
жан-жаныбарлардын мүнөзүн, кыялын, тилин, жоругун... койчу, күүгө түшчү бардык
касиеттерин миң кубултат. Мөндүрдөй себилген окко жоокерди узатат. Кайгыдагы жарга
кайрат берет. Канаттуу безенет, төө боздойт. Бороон ышкырат — баарында тең
музыканын ыргагы бар. Ал гана эмес, улуу музыка сыйкырчыны үңкүрдө ырдатат, ажалды
асманда бийлетет, булут арасындагы жортуулчунун күпүлдөгөн жүрүшүн күңгүрөтөт.
Деңиз түбүндөгү суу — ээсин ойготуп, чымыратып; түнөргөн токой ээсин шакылдатып,
бороонду улутат, күндү күркүрөтүп, чагылганды чыртылдатат. Чоң залда, көп кишинии
катарында олтуруп ааламдын мейкиндигине эргийсиң. Кээде ичиркенесиң, калтырайсың,
титирейсиң. Кээде чымырайсың, термелесиң, сергийсиң. Сезим толкуну сени терметет:
салкын леп бетиңди аймалайт, күндүн мээримин аласың. Жаның лазатта, өзүң мемиреп,
көшүлүп, ааламдын кеңдигинде сонун сапарда кезип жүргөндөй болосуң... Ошентет,
сезимдин улуу деңизи толкунунда алып кетет. Толкун күүлдөйт, чамынат. Толкун
термелнп, көйкөлүп чымырап басылат.
Мен да музыканын сонун дүнүйөсүнөн кайтам. Ошентет, Азиз иним, ошентет.
Көлкөйүп үнсүз жүргөн ак баш кишилердин ички дүнүйөсү — карыны жашарткандай
касиеттүү күүлөрдү, обондорду гана кабыл алат.
13. Улуу композиторлордон Сизге чоң таасир тийгизгени барбы?
— Баса, быйыл орус музыкасынын он күндүгүнө карай бизге келишкен борбордук
композиторлор биздин. эл-журт, жер-суубузду көргөнү чыгышкан бир тобу
айылкыштакты аралап, тигил Түптүн ичинде, Сан-Ташта болушуптур. Совхоздун
жумушчулары, колхозчулар, малчылар композиторлорго учурашканы көп келишти дейт.
Албетте, аларды ошончо ынтызар кылган достук сезим. Ошентсе да тамашакөй койчу —
москвалык кыргыз, таланттуу композитор «Муратаалы» тигил курдашы Шестаковичти
ээрчитип келиптир. Ошол «Муратаалыны» көрөм деп айтып коюптур. «Жакшы тилек
жарым ырыс». Ырысты ал сүйөт. Ошондон улам улуу тоонун жонунда жүргөндөр да
жапырт келишиптир.
Көрсө, тамашакөйүн — «Муратаалы» дегени Вано Мураделн экен.
Аны билишкен соң, алардын меймандарга болгон урмат сыйы ого бетер артыптыр.
Ошол сыяктуу мен да артыкча Иоган Штраустун Чоң вальсын уга Кең-Суумдун
карагайлуу өзөнүн өрдөймүн. Людвиг Бетховендин сезимди чымыраткан сонеталары,
симфониялары тербетип кыялыңды алып учат. Деңиз күңгүрөнөт, күпүлдөп-шарпылдап
замандын бороонуң күүлөп сыбызгыйт. Өзүм болор-болбос нерседен кысталганымда
ошондой сезим деңизинин сыбызгыган, шаңшыган миң кыялы машакаттанып сезимимди
чымыратып турса ал мага чоң кубат.
14. Улуу жазуучулардан жана советтик жазуучулардан кимдер, алардын кайсы
чыгармалары өзгөчө таасир тийгизип, өтө жагымдуу. Кимдер Сизге өтө жакын?
— Кымбаттуу Азиз! Бул суроого кеңирек жооп бергим келди. Себеби, мага кандайдыр
жагымдуу экенин айтуудан мурда мен жалпы эле жагуу, сүйүү дегенге өзүмчө көз
карашым бар экенин айтайын. Айтор ар ишке болгон менин сүйүүм — эненин балага
берген сүйүүсүндөй кымбат, ыйык, таза болсо дейм. Ошондуктан, мен бирде кынала
калышып, бирде обочо болушуп туйтуңдашкан экилүү жаштардын «спорттук сүйүүсүнө»
кыжырым келет. Адамдык касиетти бир бүтүн карабастан, не жумуру моюнга, не тегерек
кулакка, не түптүз балтырга суктаныш кандай? Эмне? Ийри чыккан бутакта бышкан мөмө
ширин эмеспи.
Көңүлү өргө чапкан албуут жаштарга айла жок. Алар турмуштан сабак алгыча далай
урунат, далай сүрдүгөт. Акыры жүрүп өзүнө окшогон теңин таап, ийри бутактын
жемишин татса болгону. Ал өз таалайын тапканы да ошол. Турмуштун айлалуу чебер
элеги ошентет, өзү экчейт, сындан өткөрөт. Адамга да, жан-жаныбарларга да турмуш өз
сабагын тартуу кылат. Бирок адамдар турмуш сабагын эртерээк алып, эртерээк баамдап,
талдап далай өкүнүчтүү иштерден өз башын сактап калууга милдеттүү. Кыска өмүрүбүздө
табар таалайыбыз ушул сүйүү (жеке эле эки жыныстын ортосундагы сүйүү эмес, жалпы
эле чоң сүйүү) ар бир адамдын ырыстаалайын бекемдеп сактап, ким аны канча асырай
алса, ага ошончо ченемдеп бакыт бөлүштүрчү чоң күчпү дейм. Эмесе, ушул мага бакыт
беришчү чоң сүйүүм мага «жагат», «жагымдуу», «жакындар» менен аныкталган соң ошол
мага «жагып», «жагымдуу», «жакын» болчуларга өз мамилемди тактап, өзүмдү таанытып,
аларды да жакшылап таанып албасам болор эмес. Жактыруу жазуучу жөнүндө болсо, тек
улуулугун урматтап, ага сыйына берсең, өзүң сокур бойдон калгандайсың. Тек өзүңдү
сыйлап, улууларды тааныбасаң, наадан бойдон калгандайсың. Бул маселеде да өтө
кылдаттык, билгичтик, баамчылдык, этиеттик болбосо, тек ээрчий берген менен ар бир
улуунун өзүнчө басар жолу бар. Сенин кадамың анын изине туура келбейт. Аны ээрчий
берсең, атасынын өтүгүн коңултак кийип, дапдаарып чалынып жыгылган баладай беймаза
болоруң айгине. Маселен мен жаш кезимде мага улуу көрүнгөн акындар бир топ болучу.
Алардын чыныгы улуусу да бар. Улууга окшоймун деп окшой албай калгандары да бар.
Менин түшүнүгүмдө акын, артыкча улуу акын: өзү да акылман, сөзү да акылман,
кеменгер, кең, терең, ак пейил, жоомарт (албетте, пейилде), боорукер. Койчу, бардык
жакшы сапат, бир адамда болсо, ушул акында болот дечүмүн. О, иним, сага дагы
эскертээрим: менин акын деген терминимди кеңири түшүн. Мында акын деп жеке ыр
жазгандарды айтпайм. Өз дүнүйөсүндө акындык касиети барлар да болот эмеспи.
Адегенде алардын далайы мага бийик көрүндү. Бирок бара бара ылгана баштады. Айтор
алыстан бийик көрүнгөн тоону жакындан тааный баштаганда делдейе түшөт экенсиң...
Ошентип буларга өзүмчө мамилем болуп калды. Алар бул:
а) Мүмкүн болушунча улууларды урматоо, аларды жакындан таануу;
б) жамандарын иргеп салуу, жакшысынан таалим алуу;
в) өз Саралаңа жалпая минип, алга карай өз жолуңду табуу. Албетте, өз сапарымда мага
чыныгы улуулардын кимиси акпейилдүүлүк менен туура жол көрсөтсө, ошол мага өтө
жакын! Антпесем жеке Гогольду жакын көрсөм, тигил Мольер кантет? Пушклнди сүйсөм,
Байрон не дейт? Толстой менен Чехов десем, Гюго менен Моппасан нетет? Горький десем
Ромен Роллан не дейт? Твардовский менен Исаковский дейин десем, тыякта Бернс менен
Беранже бар. Токтогул дейин десем быякта Абай турат. Бунинди айтсам Флобер капа.
Шоломалейхимди айтсам, Марк Твен калабы? Айтор менин тааныштарымдын тизмеси
анча көп да эмес, ошентсе да мен алардын биринин чыгармасынан таалим алсам биринин
мүнөзүн жактырып жүрөм. Маселен Эрнест Хэмингуэйдин өзүнчө калам тартышына
жараша анын адамдык сапатын толуктаган кээ бир кызык мүнөздөрү, жоруктары
кызыктырат. Баса, укмуштуудай жандуу, жарышчыл, кыргызча айтканда алакандай
денесине эки жүздөй так калтырган, ошого жараша жазууда өзүнчө почерк түшүргөнү
кызык. Ал эми Эмиль Золячы. Ал трибунадагы салгылаштан, айтыштан тажабай андан күч
алган, ошол кездерде күчөп жазган. Бул өзүнчө кызык. Адам сүйө турган касиет.
Жаштайынан токмокко бышып, бар болгону ариптерди тиркештирип жаза алган
«билими» менен өзүн улуу окумуштуулардын катарына көтөрүп салган биздин Максим
Горькнн, сүргүн, жакырчылыкты тоотпой Кобзардын күүсүн дүйнөгө жеткирген Тарас
Шевченко! А тигил таңкы желдеп өктөм жорткон Лермонтовчу. Ал лепилдеген сонун
поэзиясындай өзү да өткүр, жагымдуу эмес беле? Эгерде дагы аз мезгил жашап копсо, ал
балким укмуштарды бермек.
Лермонтовдон улам заманыбыздын чоң жазуучусу Михаил Шолохов эске түшөт. Бул
мурутчан казак бир кезде мага жаккан. Анын залкар романдары
жаккан. Кокус,
отузунчу жылдын акырында (ал кандайдыр бир себептер менен) анын чыгармачылык
жолу токтоп калса, анда мен анын ысмына ошол бойдон сыйынып калат болчумун. Бирок,
ал кийинки жылдарда менин көзүмө бөксөрө түштү. Баса, улуу Горькийден кийин көп
улуттуу совет адабияты үчүн аталык кам көрүшкө милдеттүү киши эле. Ал аны иштей
алган жок. Бул жагынан Николай Тнхонов менен Александр Фадеевден кем түштү.
Өзүнүн узун камчысын башынан айлантып зуулдатып Щукарь абышкасы экөө артыкча,
«Көтөрүлгөн дыңдын» экинчи китебинде арзан күлкүгө берилип калган.
Албетте, бул менин өз пикирим. Муну тек жалпы улууларга болгон мамилеме карай
мисал иретинде айттым. Ушундан улам улуулардын даңктуу ысмынан да, алардын ар
биринин баскан жолу мени кызыктырат. Эй, иним, адам көп таптап из калтырган жолдор
жүргүнчүнү сапарга кызыктырат. Сиз менен биз өз тушубуздун жүргүнчүсүбүз да...
15. Классик, жана азыркы сүрөтчүлөрдөн кимди жана анын кайсы сүрөтүн жогору
баалайсыз?
— 1921-жылдын кеч күзү болуш керек эле. Мен, Илларион, Ыймаш менен бирге
хозяиндин Караколдогу үйүнө келдим. Шаарга кыштаган хозяин бизди үй жумуштарын
иштетишке алып келген. Тигил экөө менден 6 жаштай улуу. Оор жумуштарды иштешет.
Мен чорке майдалайм, самоор коем, Боряны көтөрөм. О, Азиз иним, «Мени кызыктырган
суроомо сенин Боряны көтөргөнүңдүн кандай тийиши бар» дээрсиң. Бирок кеп ушунда.
Жооп ушундан башталат да.
Эткел Боряны кучагыман түшүрүп жиберчүдөй болуп, чалкалап белим талый калып
турганымда тетиги печтин туура жагында илинген сүрөттөгү кайгылуу кыз мага өтө
жакын, сырдаш, муңдаш өңдөндү. Андан көзүмдү албай далайга карап калам. Кээде
хозяйкам мени ийниме укуп кетичү:
— Эмне, Букашка19 эз болуп калдыңбы?! Баланы жыгасың. «Жетим кыз го? Ата, энесин
сагынып
кудуктун башында ыйлап олтуратко». Анын жөнүн эч кимден сурай алчу
эмесмин. Көрсө, ал — Аленушка тура. Орус маданиятынан мага эң биринчи таанылган
ушул бечера — Аленушка. Анын андан бир аз кийин Тургеновдун «Мумусунан» андан да
бечера, абдан шордуу Герасимди жолуктурдум. Ар кимдин өзүнө жакындары эсинде
калат, сезимдеш болот. И. Е. Репиндин «Стрекозасы» мага түркүктө олтурган эрке кыздай
көрүнчү да, ал эми тигил «Кайырчы кызы» кадимкидей жүрөгүмдү сыздатчу. Ал мага А.
П. Чеховдун Ванькасынан да аянычтуу болуп көрүнчү. Себеби, Ваньканын кыштакта кат
жаза турган чоң атасы бар да. А тигил бечера кайырчынын эч кимиси жокко? Болбосо
кыз башы менен секелек кезинде кайыр сурайт беле? А тигил В. А. Серовдун
«Шабдалылуу кызы» кандай таалайлуу. Өмүргө раазы, жыргап олтурбайбы.
Койчу, балалык чагыңда, сага таза, ыйык сезим туудурган искусстводон кымбат эчтеме
жок да. Чынын айтсам, А. С. Пушкин ырларынан мурда акын катары, ал мага тигил
Державиндердин алдында өзүнүн «Падыша селосунагы эстелигин» окуп жатканда
таанылды. Мен Караколдогу А. П. Чехов атындагы биринчи баскыч мектебинде окуп
жүргөн кезимде мугалим бизге Репиндин ошол картинасын көргөзүп туруп Пушкиндин
жаш кезден эле жалындуу чыккан акындыгын айткан. Дал ошондон кийин Пушкин мага
өтө жакын боло баштаган. Айтор, ушулар таасирин тийгиздиби? Не жаш көңүл ээлигеби?
Сүрөт тартуу, ыр жазуу мени дегдетти. Ага кошумча таякем Тыны комузчу, кыякчы, ал
тургай өз комузун өзү курап жасачу экен. Алыс жол жүргөнүндө комузун курагынан
чыгарып чөнтөктөрүнө салып алып келген жеринде кайра эбине келтирип аштай салып
черте берерин энем айтчу. Мен аны кантип жасарын кайра-кайра сурап беймаза да
кылчумун. Тигил картиналарды көрө таякемдин чеберчилиги да эсиме түшчү. Жыгачтан
жонуп жаныбардын не кишинин кол, бутунун элесин чыгарышка тырышчумун. Бир жолу
кандайдыр бир «буюмду» жасап олтурсам, кошунанын тестиер кызы кокустан келе калды.
Мен чочуп кетип «буюмду» жеңимдин ичине каттым. Ал менин эмне иштетегенимди
билгиси келди окшойт. Көрсөт деп суранды. Мен «кыз көрүчү нерсе эмес» деп койдум. Ал
ага андан бетер кызыгып колумдан талаша баштады. Мен колумдагыны ага бербей
дубалдын артына ыргытып жибердим. Бирок ал менин «буюмумду» издеп жүрүп таап
алыптур. Аны алыстан туруп көрсөттү да мени жылуу гана дурустап сөгүп койду:
— Акмаксың, сен, акмаксың...
Мунун өзү «Өлө албай жүрүп өлөң айтат» дегендей бир кеп эле. Ошол «өлөңдөн»
башка да кадыресе иштерди иштегем. Аргандай колго тийген сүрөттөрдү жыйып жүрүп
айылга ала келчүмүн. Дурустарын мектепке алып келип дубалга кыркалата чаптачумун.
Өзүм айлымдын мектеби үчүн карта чийип, сүрөт тартып берчүмүн. Артыкча Азиянын
картасын жаңылбай чийгенди, Лениндин колун чөнтөгүнө салып, туура карап турганын
кызыгып тартчумун. 1924-жылдардан баштап 1928-жылдарга чейин ошол менин чийген
карталарым, тарткан сүрөттөрүм маалмаал Кең-Суу мектебинин керегелеринде чапталып
туруучу. Ал тургай 1926-жылы кышкы каникулда айылга келгем. Мектеп үчүн чоң чарчы
кагаздын бетин толтура ар кыл сөздөр, ырлар жазып, ага ылайык сүрөттөр тартып дубал
19 Букашка — кожоюндун энеси койгон менин атым.
газитин чыгарганым бар. Бирок Кримпросто окуп жүрүп кышкы каникулга келген
Ысмайылакун: «бир киши кезит чыгарбайт!» деп анымды жаратпай салды.
Божурап кеткеним үчүн кечир, Азиз. Бирок ушул божурда айтылбай жаткан кеп бар да.
Айтор ошол күндөн ушул кезге бир катар улуу сүрөтчүлөрдүн иштери менен таанышмын.
Башынан биздин багыт өз жолунда, өз оңунда болсо, ага ылайык турмуш шарты төп
келип, тийиштүү билимди өз убагында алсак (албетте, өзүбүз акмак болбосок) тигил Тарас
Шевченко, не тигил Федотовдорчо ыр да жазып, сүрөт да тартып калат белек? Ким билет?
Неси болсо да тизме айтып олтурбайын. Толкунду көрсөм Айвазовский (Айвазян) эске
түшөт. Россиянын мейкинине көз чаптырсам Левитан элестейт. Ар тагдырлуу адамдардын
дүйнөсүн эстесем, Репин көрүнөт. Албетте, булар жеке-жекеден эмес — Суриков,
Крамской Васнецовдор, Перов, Саврасов, Верещагиндерди кем көрчүлөр ким?!! Рас,
Верещагиндин «Мергенчи кыргызын» көргөнүмдө анын багелеги Манастыкына, мурду
Невскийдикине саал окшоп кетет. Биз болсок кийин төрөлгөнбүз. Өз заманын көзү көргөн
чеберден Талашууга акыбыз канча. Ошентсе да арбагы таарынбасын. Чоочун журттун
турмушун, кешпирин үстүрт көргөнү сезилет. Кантесиң.
Ал эми тигил байыркы Гректин, Римдин өзүнө чейинки чеберлерин көлөкөлөп салган
ар бир сонун, улуу искусттвосуна өзү раазы болбой кеткен Микельанджело Буонаротилер,
не улуу художник, улуу математик, механик — Леонардо да Винчи төрөлгөн батышты
тийбей койгондо да чыгыштын байыртан келаткан терең тамырлуу улуу искусствосун
акыл-эсиңди токтотуп бир пас көрүп олтурчу. Канчалык элдин тарихин, маданиятын,
өмүрүн, тиричилигин, жыргалын, кууралын — бардык укмуштарын тааныйсың. Бул
жагынан Кытайдын, Индостандын, деле тигил Бирманын искусство мунараларына көз
чаптырчы. Улуулардын улууларын тааныйсың. Адамдын акыл-эсине, адамдын
чеберчилигине, адамдын алп күчүнө таңданасың, сыйынасың, кубанасың! Баса, замандар
бою адам түзгөн улуу искусство кээде кыйрабай дайым өсүш жолунда өз көркүн ача
берсе, биздин Жер-Энебиз бардык планеталардын эң коозу, көзөлү, эң байы, кымбаты, эң
жарыгы болуп калар эле.
Айтор, иним, дайым ошондой мени ойготуп, ойлонтуп, жыргатып, мага күч-кубат
берип, менин сезимимди ак пейилдүүлүккө, боорукердикке багыттап, эмгекке
шыктандырган терең маанилүү элдик асыл искусство жагат.
16. Кыргыз сүрөтчүлөрү жөнүндө кандай пикир айтар элеңиз?
— Кыргыздын жаш сүрөтчүлөрү кыска мөөнөттүн аралыгында көркөм өнөрдүн улуу
дарыясына өз булактарын кошууга жарап калышты. Негедир башта сүрөт тартуу биздин
элде өнүккөн эмес эле. Эгерде кыргыздын жаш акындары элдик бай оозеки чыгармасынан
үлгү алса, жаш сүрөтчүлөр үлгү алгыдай булак элибизде тайыз болгон. Алар орус жана
дүнүйөлүк сүрөтчүлөрдөн таалим алуу менен «өз киндиктерин өздөрү кести». Ошого
карабастан кыргыз сүрөтчүлөрүнүн иштери мени өкүнтпөйт, кубантат. Ал тургай алардын
өнүгүшү, чеберчиликти өздөштүрүүлөрү, жаш сүрөтчүлөрдү табуу, аларды тарбиялоо.
элдик чеберлердин иштерин таанытуу, жайылтуу, улуттук оймо чиймелерди, сайманы,
көөрдү, сактоодо — ошолордун маңызын жаңы мазмунга эри-шаркактап улуттук көркөм
өнөрдү түзүүдө артыкча Гапар Айтиевдин талыкпас иши жагат.
Ал эми сүрөт өнөрүн барк тоодо, туурасын айтсак, наадандык жайыбыз да бар. Айтиев
не Акылбеков сүрөт тартат десең маданиятыбызды тейлеп турган кээки жолдоштор ага
күлүп карашат. Жер-суубуздун элесин берген, аба күндүн илебин берген, мазмунду
чебердик менен баяндаган картинаны тааныбай, туу көтөргөн жигиттин, кызылча
кармаган мандалактай келиндин, не пароходдун фотосун жактырмай четтен. Ал тургай
сүрөткө-шыктуу баласынын жолун торогон ата-эне ушул эле интеллигенттерден,
кызматкерлерден бар.
Эненин сүтүнөн келген шык өчпөйт. Албетте, аны тарбиялаш керек. Биздин таланттуу,
өз ишине чебер шыктуу сүрөтчүлөрүбүздөн күткөнүм: өз шыктарын этиет тарбиялоо,
чеберчиликти дагы курчутуп, дагы өнүктүрүү. Биздин кишилердин кебете-кешпири, ички
дүйнөсү, өзүнө таандык жылуу мүнөзү портреттерде азыр анча ачыла элек. Тоолу,
ойкырдуу көзөл жерибиздин көркү жалпы союздук көрүүчүлөргө анча тааныла элек. Ал
эми биздин элдин, артыкча биздин улуу тоолу жерибиздин көркүн, көзөлдүгүн элестеткен,
ички сырын ачкан, азыркы өнүгүшүн, келечегин өз касиеттери менен мазмунду баяндаган
полотнолор тартылса, дүнүйөлүк көрүүчүлөрдүн көңүлүн бурар эле. Живопись, музыка —
котормону талап кылбайт. Жеринде сонун төрөлгөн сүрөт менен толкун обон дүйнөнүн
бардык бурчундагы кишилерге өз өңүн бурбай жетет.
Дал ушул артыкчылык биздин сүрөтчүлөрдү, композиторлорду дайым шыктандырып
турушу керек!
17. Кыргыздын азыркы ырчылары (опера, эстрада жана артисттери) жөнүндө эмине
айтмаксыз?
— Менин байкашымча, кыргыздын операсы эки энени тел эмген кулундай мантайып
жакшы өсүп келаткан болучу. Бирок... кийинки кездерде ал арыктап түйтөйө түштү.
Балким мен адашып жатканым. Неси болсо да к,ээ бир ийгиликтер таланттуу
ырчылардын, шыктуу артисттердин күчүнөн чыккансып көрүнөт мага.
18. Жалпы эле кыргыз искусствосуна (театр, музыка, сүрөт, балет) байланыштуу биринэки пикир айтмаксызбы?
— Жалпы кыргыз көркөм өнөрү жөнүндө айтчу сөз бир топ. Бирок аларды топтоштура
айтышка, кечирип кой, убактым жок. Ансыз да сага жооп берем деп олтуруп өз
ишимден бир аз алагды болуп калдым. Ал үчүн сени айыптабайм, иним. Сен да ушул
биздин маданиятыбыз үчүн «тыйтымдай» болсо да бир пайда болор бекен деп бапылдап
жатасың.
Эмесе кыргыз көркөм өнөрү жөнүндө ойлогонубузда ошол өнөрдү түзүп жаткан
кишилерге мээрман колунан суусун берген элибиз көз алдыда болууга тийиш. Кээки
адамдар болжогондой биздин эл куур тонун куудуратып үңкүрдөн чыга келген жапайы
эмес да. О, андан кудай сактасьш. Орто Азиядагы элдердин эң байыркысы кыргыздар деп
жүрүшөт. Андай болсо, ошол эң байыркы элдин өзүнө туштук эң байыртан келаткан
маданияты да бар. Эң биринчиден ал маданият биздин бабалардын ой-сезиминен
сызылган өтө кылдат чеберчиликте, таасын таланттардын акылынан жаралып келген.
«Манас» баштаган ондогон элдик жомокторду (эпосторду) кылдат баамдап изилдеп
көрүңүзчү. Алар жеке эле жортуул баатырдыгын, жеке эле эки адамдын арзуусун, жеке
эле кыйырды жоодон коргоо, жеке эле коркоктук, чоркоктук, айлакердүүлүк, жеке эле
боорукердик, кемегердикти баяндоо менен чектелип жатабы? Жок! Аларда элдин акылэсинен сызылып жаралып, кайра ошол элди кайраттантып, кайгыртып, куунатып чарпын
жазып коюучу көп кырдуу касиеттер менен толгон асыл өнөрү бар. Ал баатырдык
жүрүштөрдү узаткан сурнай, жезнай, кишилерге күч кошкон жол күүлөрү, жүрүш
марштары. Алар — кошун сейил курган көк ойдуңдуу зооктамашаларга толтурган жигит
оюндары, бийлери; жез таңдайлардын чечендикте тил жаныткан салттуу, нарктуу залкар
кеп-сөздөрү; куудулдардын боорду эзген куудулдук жоруктары. Раматылык Шаршендин
куудулдук кешпирине чыдабай бир жигит күлө берип, талып көгөрүп өлө турган
болгонунда башына суу куюшуп жатып эсине келтириптир. Өмүрүндө бир жолу Шакен
роль аткарып сахнага чыкса, ага көрүүчүлөрдөн мурда артисттер күлө беришип, спектакль
ойнолбой кала жаздаптыр. Баса бул не деген юмордун күчү. Не деген зор талант! Мындай
таланттар бардык мезгилде, кыргыздын бардык жеринде жашап өтпөдүбү. Алар —
Айчүрөк, Аруукелер баштаган кыз оюндар, андагы ырлар, жар көрүшүүлөр, кызжигиттердин оюндары, бийлери, айтыштары. Өзүнчө элдик, «ансамбль» түзгөн
Бурулчанын селкинчеги. А тигил көзгө комсоо көрүнгөн үч ичек комуздун чечендиги,
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Мезгил Сабактары - 29
  • Parts
  • Мезгил Сабактары - 01
    Total number of words is 3925
    Total number of unique words is 2168
    28.4 of words are in the 2000 most common words
    41.5 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 02
    Total number of words is 3835
    Total number of unique words is 1945
    25.2 of words are in the 2000 most common words
    37.9 of words are in the 5000 most common words
    45.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 03
    Total number of words is 3888
    Total number of unique words is 2004
    26.2 of words are in the 2000 most common words
    38.0 of words are in the 5000 most common words
    44.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 04
    Total number of words is 3917
    Total number of unique words is 2109
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    38.3 of words are in the 5000 most common words
    44.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 05
    Total number of words is 3841
    Total number of unique words is 2050
    24.3 of words are in the 2000 most common words
    35.5 of words are in the 5000 most common words
    41.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 06
    Total number of words is 3908
    Total number of unique words is 2175
    25.1 of words are in the 2000 most common words
    36.6 of words are in the 5000 most common words
    43.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 07
    Total number of words is 3879
    Total number of unique words is 2261
    24.6 of words are in the 2000 most common words
    36.6 of words are in the 5000 most common words
    43.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 08
    Total number of words is 3889
    Total number of unique words is 2322
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    38.4 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 09
    Total number of words is 3878
    Total number of unique words is 2190
    26.2 of words are in the 2000 most common words
    38.2 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 10
    Total number of words is 3881
    Total number of unique words is 2101
    24.1 of words are in the 2000 most common words
    34.1 of words are in the 5000 most common words
    40.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 11
    Total number of words is 3844
    Total number of unique words is 2201
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    42.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 12
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 2270
    27.6 of words are in the 2000 most common words
    39.9 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 13
    Total number of words is 3957
    Total number of unique words is 2233
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    47.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 14
    Total number of words is 3766
    Total number of unique words is 2212
    23.9 of words are in the 2000 most common words
    35.6 of words are in the 5000 most common words
    42.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 15
    Total number of words is 3906
    Total number of unique words is 2254
    27.6 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    47.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 16
    Total number of words is 4040
    Total number of unique words is 2326
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    38.3 of words are in the 5000 most common words
    44.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 17
    Total number of words is 3980
    Total number of unique words is 2278
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    38.4 of words are in the 5000 most common words
    45.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 18
    Total number of words is 3826
    Total number of unique words is 2298
    24.7 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 19
    Total number of words is 4011
    Total number of unique words is 2430
    25.2 of words are in the 2000 most common words
    37.5 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 20
    Total number of words is 3935
    Total number of unique words is 2383
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    45.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 21
    Total number of words is 3922
    Total number of unique words is 2456
    24.7 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 22
    Total number of words is 3905
    Total number of unique words is 2360
    25.7 of words are in the 2000 most common words
    37.1 of words are in the 5000 most common words
    43.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 23
    Total number of words is 3793
    Total number of unique words is 2219
    25.4 of words are in the 2000 most common words
    36.9 of words are in the 5000 most common words
    43.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 24
    Total number of words is 3857
    Total number of unique words is 2269
    24.4 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    43.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 25
    Total number of words is 3863
    Total number of unique words is 2183
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    35.5 of words are in the 5000 most common words
    43.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 26
    Total number of words is 3856
    Total number of unique words is 2325
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.0 of words are in the 5000 most common words
    45.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 27
    Total number of words is 3866
    Total number of unique words is 2429
    25.2 of words are in the 2000 most common words
    35.8 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 28
    Total number of words is 3971
    Total number of unique words is 2417
    23.9 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    42.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 29
    Total number of words is 3917
    Total number of unique words is 2300
    24.3 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    42.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 30
    Total number of words is 3926
    Total number of unique words is 2169
    25.8 of words are in the 2000 most common words
    37.9 of words are in the 5000 most common words
    44.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 31
    Total number of words is 3936
    Total number of unique words is 2141
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    45.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 32
    Total number of words is 3916
    Total number of unique words is 2096
    25.7 of words are in the 2000 most common words
    37.3 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 33
    Total number of words is 3934
    Total number of unique words is 2181
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    38.5 of words are in the 5000 most common words
    45.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 34
    Total number of words is 2486
    Total number of unique words is 1435
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    41.2 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.