Latin

Мезгил Сабактары - 26

Total number of words is 3856
Total number of unique words is 2325
26.6 of words are in the 2000 most common words
39.0 of words are in the 5000 most common words
45.4 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Улуу Октябрь Революциясына чейинки элибиздин көргөн күнү дал ошондой
коркунучтуу, өкүнүчтүү кордукта эле. Тарыхта белгилүү — ошол кездерде эле кыргыз,
орус, өзбек, украиндык, татар, дунган, уйгур, сарт-калмак жана башка далай уруу элдер
кыргыз жергесинде аралаш жашаган. Бирок, ачык айта турган сөз — ошол кездеги
бийликтин кайраштыруусу көп учурда элдерди кагылыштырып, аларды бири бири менен
чабыштырганды жактырчу. Кара букара эмгекчилердин, малайлардын, батрактардын
арасында гана дээрлик ынтымак, бирин бири түшүнүү, аяшуу болучу. Ал эми шаарларда
төрөлөр, чиновниктер, байбача-көпөстөр, кыштактарда кулактар, байлар чыныгы
ынтымакты, достукту четке кагышчу. Алар жергиликтүү элдерди «Туземецтер» деп
кемсинтип аташчу. Оокаттуулар кембагалдарды, шаардыктар элеттиктерди төмөнсүтүү,
кордоо адеттеги иш болучу. Революциянын алдыңкы жылдарында айрыкча көчмөн журт
шаарды, кыштакты аралап бастыралбай калышкан. Жергиликтүү элдердин балдары үчүн
атайы ачылган «Туземный школдо» элеттен келген кыргыз балдары тынч окуй албай
жадаса, шаардык татар, өзбек балдар аларга каршы жаатташып мушташ чыгарышчу.
Бул кезде Кыргыз Мамлекеттик университетинин профессору Кусейин Карасаев
1914—15-жылдарда Караколдогу «Туземный школдо» окуп жүргөн кезин эскерип мындай
дейт:
«...Көбүнчө солдаттардын ашканасына барып сабиз туурар элек. Көчөдө
баратканыбызда көпөстүн, бай-бачалардын, чиновниктердин балдары көз көрүнө
шылдыңдашчу. Кээде уруп кетишчү. Аны көргөн чоңдор кайра бизди айыпташчу. Бир
жолу биздин школдо окуган балдар шаардык, электтик болуп аябаган салгылаш
башталды. Кыргыз балдары аздык кылды. Алардын ар бирине экиден-үчтөн шаардык
балдар муш урушту. Четтеп чыккан бир кыргыз баласын үч өзбек бала ортого алды. Ошо
кезде базар жактан келатышкан чоң селдечен байбачалар бурчтан карп-курп чыга
келишти. Байбачалардын бири бейкасам чапандын жеңин түрө салып, ансыз да тигил
үчөөнүн ортосунда канга жошулган кыргыз балага — Оп падчагар?1 — деп муш койду...
Баятан балдардын мушташына кийлигишпей тек ээр кашына өбөктөп турган чоң
тебетей кыргыздар эми чоңдорду көргөндө чыдап турушпады.
— О сакалыңар өрттөнгөн уятсыздар!—деп качыра келишип, бай-бачаларды ат менен
койдуруп дабыратып камчынын алдына алышты. Тигилердин селделери жерде чубалды.
Чапандары айрылды. Таяк жеген баланы бири алып көчөнү дабыратып, кыргыздар
шаардан чыгып кетишти...»
Элдердин ынтымагын кетирген мындай өкүнүчтүү көрүнүштөр ал кезде дайым болчу.
Бирок аны тыйып, тентектерди тартипке чакырып жөнгө салган эч ким жок эле.
Улуу Октябрь, ошондой адилетсиздикти жексендеди. Чоң-кичине элдерди тең укуктуу
кылды. Элдердин арасында ошентип дайым чатынап, дайым ыдырап турган
ынтымаксыздыкка чек койду. Чоң-кичине элдердин жүрөгүнө — ынтымактыктын,
достуктун отун жандырды!
Азыр Социалисттик кыргыз жергесинде сексендей улут бир тилек бир ынтымакта
келечек үчүн түбөлүктүү жарык үй куруп жатышат. Кана, ушунча көп улуттун
кишилеринин арасында азыр бирин бири түшүнбөстүк, не бирине бири тике ачык
зомбулук көрсөтүү, не ызалоо, кордоо барбы?
Арийне, бир атанын балдарында да кээде ыркы келишпестик болгондой эле түшүнүгү
тар, маданияты төмөн, сезими кем айрым кемпайлар тарабынан күңк-мыңк эткен сасык
ойлор, сасык сөздөр жок деп айтууга болбойт. Бирок ал бара-бара жоюла турган эски
калдык. Ал эми баягыдай көз көрүнөө жектешүү азыр таптакыр жок!
Улуу Октябрдын эмгекчи элдерге берген эң сонун, эң адил, ыйык иши дал ушул —
элдер арасындагы чоң ынтымак, бийик достук!
Байыркы кулдардан бери эмгекчи адамдардын көксөгөн тилегинин асылы, жарыгы
ушул элдер арасындагы улуу достук болучу. Достуктун жарык отун биздин колубузга
революциянын акылман Прометейлери карматты. Улуу Октябрь Социалисттик
Революциясы алып келди!
Ким гана болбосун бул кезде бир элдин «касиетин» экинчи элден жогору коем десе, ал
Улуу Революциянын ушул ыйык ишине доо кетирерин эсине алсын?!
Башынан кептү өткөргөн эмгеккор, боорукер, кең пейил элибиз достуктун отуна
мындан ары да өз салымын кошот. Өмүрлүккө ал отту өчүрбөйт!
Биз өткөндөгү өмүрүбүздү канчалык так, кеңири билип, аны көз алдыбызга канчалык
туура элестетсек, Октябрь Революциясынын бул кездеги элдерге берген жемишин
ошончолук туура баалайбыз. Өткөндү унутуп коюу, өзүн жаратып, өзүн чоңойткон атаэнесин унутуп коюу деген сөз. Ата, энесин сыйлай албаган бала эл алдындагы өз
милдетин билбегендей эле, ким тарыхтын маанисин изилдеп туура баамдабаса, ал ушул
учурдун милдетин да туура түшүнбөйт. Жана аны бурмалайт... Тамтаңдап алдыңкы жолду
жастым басат...
Улуу прометейлердин түбөлүккө карматкан отуна жылынып, алардын жарык илиминен
— марксизм-ленинизмден дайым таалим, тарбия алган совет эли өздөрүнүн сонун
келечегине ишенет. Себеби, көп бүлөлүү биздин Улуу Союз — турмуштун,
жакшылыктын кең, сонун Университети болсо, андагы бардык элдер чоң-кичинеси ошол
жакшылык Университетинин илимин алууда. Бардык элдердин өткөндөгү өмүрү, алардын
андагы күрөшү бирдей болгондой эле, ушул кездеги жарык иш« тери, милдеттери
алдыдагы асыл жарык тилектери, үмүттөрү, максаттары бир!
Октябрь Революциясынын туусу астында, биз, жылдар озгон сайын зор жеңиштерге
жетишебиз!
Мейли, кылымдар барагын ачсын. Улуу Революциянын кадыр-баркы арта берет.
Бийиктей берет!
Чынар алыстан парандуу. Тоо алыстаган сайын бийик!
Берекелүү жана кенен совет жеринде орногон Октябрдын Улуу туусу жылдан жылга,
кылымдан кылымга бийиктесин, алоолонсун!
1967-ж.
СӨЗҮМ, КӨРКӨМ ДҮНҮЙӨМ
Ар бир кишини туура жолго салууда же аны ошо туура жолдон адаштырууда ага анын
өз «Мени» негиз болотко. «Өз башындагы төөнү көрбөй киши башындагы чөптү көрөт»
деген накыл сөз замандар бою айтылып келатат.
Ошондонбу же киши өзүн өзү билүү чынында кыйынбы. Айтор, мен ушул жашка
келгенимче көп эле жолдош-жоро, курбу-курдаш күттүм. Далайлары менен ачык айрым
сырдаштым. Бирок алардын эч бири өзүнүн ким экенин, мүнөзүндөгү оң-терс сапаттарын
— «Өзүм баамдаймын» деп ачык айтканы эсимде анча калбады.
Ушундан улам кишиге өз дүнүйөсүн өзү так, толук билүү кыйынбы? Же киши аны
угуза айткысы келбейби? Неси болсо да киши өз башындагы чөптү көрсө, анда ал башка
адамдан аксанатай, ак пейил, боорукер, күйөрмандыктан башка эч кандай терс сапатты
көрбөс эле.
ТҮШҮНҮК
Мурунку заманда кыргыздар баланын туулган күнүн, айын, жылын жазбай келген.
Киши жашы — анын төрөлгөн жылынын аты аталып, жыл сүрүү эрежеси менен
эсептелген. Маселен, жыл башы — чычкан, жыл аягы — доңуз аталып — он эки
жаныбардын аты менен жыл эсеби жүргөн. Алар: чычкан, уй, барс, коён, балык, жылан,
жылкы, кой, мечин, тоок, ит, доңуз.
Эгерде, мен төрөлгөн жылым — чычкан экенин жана жыл сүрүүнү так билсем, анда
1933-жылы Фрунзеде иштеп жүрүп паспорт алган кезимде, 1912-жылы төрөлгөнүмдү
өзүм эле аныктамакмын. Ал кезде биздин замандаштар өзүнүн төрөлгөн жылын болжоп
жаздырышкандай эле, мен да болжолдоп — «1911-жылы төрөлгөмүн» деп анкет
толтургамын.
Андан кийин өз айлыма барганымда төрөлгөн жылымды тактап алыш үчүн энемден
жана ошол кездеги мени билген карыялардан сураштырдым.
Энем: —Жылың — чычкан. Чоң жер титирегенден кийин туура жыл маалы толуп,
экинчи жайда кой төлү аяктап калганда төрөлгөнсүң — деди. Жер 1910-жылы декабрде
титирептир.
Ошол кезде кат тааныган Сурабай менин төрөлгөн жылымды—1912-жыл деп тактады.
Башка билген кишилер да ушуну айтышты. Мурунку убакта биз тарапта кой төлү аяктап
калган кез жылдын мүнөзүнө карай— 15апрель менен 15Майдын (эски стил боюнча)
аралыгы экен. Ошондуктан, 30 барча кагазга ошол аралыктагы күндөрдүн санын жаздым
да, ал барча барча кагаздарды таятасынын топусуна салып, алты айлык кызым Динаранын
алдына койдум. Талпынып олтурган кызымдын колуна илинген барча кагазда 14-май
жазылыптыр.
Ошентип, жашым отуз тогузга карап калган кезде, 1951-жылы февралда төрөлгөн
күнүмдү аныктадым. Анткени, ушул жылдарда менин романдарым Советтер Союзунда
жана чет өлкөлөрдө үзбөй чыга баштады. Китептерге жазылган баш сөздөрдө,
чыгармаларымды талдаган бир катар илимий иштерде, окуу куралдарында басылган өмүр
баяндарда менин төрөлгөн күнүм, айым, жылым так жазылууну талап этти.
1962-ж.
ТУҢГУЧ МУГАЛИМ
Ал жылдары бирден-бир өнөктүк: жер-жерлерде мектеп ачуу, бардык адамдарды
окутуу, жаш жеткинчектерге негиздеп билим берүү, чоңдорго кат таанытып коюш
мамлекеттик иш болучу. Шаардан келген нускоочулар айыл-айылдагы жаш-карыны
чогултуп, аларга Совет өкмөтү жөнүндө кеп угузуп — келечектин адамдары жалпы
сабаттуу, жалпы «көзү ачык — билимдүү болорун даңазалашчу.
«Окуу, окуу, жана окуу!» — деп Ульянов Ленин кеменгер жалпыбызды окууга, билим
алууга чакырып жатат. Мектеп ачабыз. Сынтырдан курс бүтүргөн кызыл мугалимдер
келишет! Уул-кыздарыңарды окуткула!»
Миң тогуз жүз жыйырманчы жылдардан тартып эле дал ушундай чакырык айылайылга жетти. «Суусаган жолоочу суусунду эңсегендей билимге чаңкаган биздин эл
балдарын окутушка дилгир. Уул-кыздарыңарды окуткула! «Билеги күчтүү бирди жыгат,
билими күчтүү миңди жыгат. Билим эрк булагы!» деди нускоочу.
— Атаа, деле таңдайынан чаң чыккан жаакта жок оён экен өзү!
Баса, айтса-айтпаса төгүнбү.
— Өзүбүздүн караңгы калганыбыз аз эмес, балдардын көзү ачылсын. Шаардан кызыл
маалим келди. Балдарыңарды окушка жибергиле! — дешип атынын мойнуна мине чаап
өзүнчө кабар салгандар четтен чыгышты.
Ата-энелер да балдарын окутушка дилгир. Эл кокту-коктунун оозунда өзөн-түзөңдөрдө
беш-он түтүндөн айыл-айыл болушуп журт чачкын кез. Анын үстүнө оор жылдарда
каржалып, азып-тозуп жакырданган журт дале жайдак, дале жарым ач. Кедей-кембагалдар
кызыл боор тартып эптеп күн өткөрүп отурушат. От башында олтурган балдар тургай атаэнелери жылаңач-жыртык. Мата көйнөккө жеткендер чанда. Колдон соккон таарды
эттерине кийишип, чылгый териден чарык тартынгандары туйтунгандай жүрүшөт.
Ошентсе да эртеңки күндөн чоң үлүш, жыргал күткөн журт бейкапар. Эртең менен тура
сала ата-эне балдарын шаштырат:
— Тур, садага! Сабагыңдан кечигесиң! Ой, энеси, уулуң кийингенчекти ачкыл
жармаңды жылытып, торгой көз кылып талканыңдан чалып тур! Балаң кере жутуп алып,
үшкөлүнө карай кедеңдесин!
Ата айткандай «торгой көздөн» кере жутуп ашыккан бала такымын кызаңдатып
мектепке карай кедеңдейт.
О, биз эшигин биринчи ачкан мектебибиз да мезгилдин туштугуна жараша — байдын
төө кепесин жаап, «жасалгалай» салган эки бөлмө боз там. Оозгу бөлмөдө бир, төркү
бөлмөдө эки терезе бар. Терезе деген аты болбосо, алар оңурая тартып сөлпү оюлган
оюктар. Төрт жыгачты эбелектеп кашек ордуна коюп, ага камырдан чыраштап кагаз
жабыштырылган. Бороондуу күндөрдө кагаз «айнек» дарылдапдирилдеп ак бүргөдөй кар
серпилет.... Оозгу бөлмөдөгү капкактуу казан мешке кокус от жагылып калса, каалгасы
жок төркү бөлмөгө болоорболбос жылуулук келет. Неси болсо да мурунду шуу тартып,
муштумду үйлөп коюп чөккөн төөгө окшоштуруп арыптарды ийри-муйру чийгилеп
жалпая олтурчубуз. Калың төшөлгөн самандын арасына буттун башын сойлотуп койсоң
жыргайсың да. Анын үстүнө бир сыныпта окугандар жаш жагынан бир кылка эмес: бири
— сегиз-тогузда. Бири — оноң бирде, бири — он төртөң беште. Ал тургай кер муруту
кадимкидей түктөйүп, эки баланын ордун ээлеген улан далдайып кээде алдыңды тосот.
Күзгө жуук шаардан эки мугалим келишкен. Алардын бири — жайык бет, жалпак
мурундуу, кыл муруту чычайган каратору киши. Мүнөзү чукул, ачылуу. Андан окуган
балдар да, айыл адамдары да биринчи күндөн эле аны — «Кара молдо» дешти. Беркиси —
орто бойлуу токтоо, жоош, сары чийкил жигит. Аны бардыгыбыз — «Сары молдо»
дейбиз. Чоң-кичине аларды сыйлайт, урматтайт. Сабаттуу адамдардын айылга келиши
элге сыймык, даңаза. Кеңеш өкмөтү жиберген «көзү ачык кызыл маалимдерди» сыйлап
коюшка ата-эне дилгир. Кой союп, мугалимдерди меймандаган киши үйүнө кут киргендей
кубанычтуу, өзүнө өзү ыраазы.
— Билимдүүнүн илими жугат деген, биздин балдар да сиздердей көздөрү ачылса экен?
— дешет чоң үмүт менен. Демейде билерман сынып жүргөн атка минерлер да
мугалимдерди көрүшкөндө жоош тартышып, сакал сылаган болуп, акырын аста сөз
козгошот:
— Ээ, «тентектен уруш жугат, билимдүүдөн ырыс жугат» деген. Жашыңар кичүү болсо
да зоболоңор жогоруу. Жаңы өкмөт жиберген кызыл маалимсиңер. Заңза күндү көзүңөр
көрөт. Эртеңки күнүбүз кандай болот? Көздөрү туюк агайын кеп уккусу келет?
Улуулар ушунткенде кичүүлөр андан беш бетер ийкемдүү, кичи пейил. Сый үстүндөгү
мугалимдер да салмактуу тартып, жаңы өкмөттүн мийзамын, жол-жобосун өз
билгендеринче туюндурат.
Улуулар чын дилинде ага ыраазы:
— Жакшынын шарапаты деген ушул. Кеп уктук. Билбегендерибизди билип тунуп
калдык... Ой балдар, омоктуу атка мингизип молдокемдерди жеткизип койгула!
Ушинтип кызыл мугалимдерге урмат көрсөткөн айыл адамдары өз ара ийри олтуруп,
түз кеңешти: — Кара молдо тиги айылдан жээрде кашка жоргону, Сары молдо бу айылдан
күрөң жоргону калаа түздө минип жүрүшсүн. Молдо кишилер атты багып минет дечи.
Жорго ээлери макул дегиле. Ортодон согумдук мал чыгаралы. Кезектешип отун-суу
жеткирип туралы. Ата уруулар эки кишини эптеп сыйлай аларбыз.
Айтор, ошентишти. Биздин айылга келишкен туңгуч мугалимдерди биздин эл урматсый менен күтүп алышты. Себеби, алар тек бала окуткан «молдо» катарында эмес, Совет
өкмөтү тарабынан атайы жиберилген билимдүү кадырман кишилер. Алар өз милдеттерин
жеке сабак берүү менен чектелбестен журт арасына Совет өкмөтүнүн заңзакүнүн
туюндурчу нускоочулар болучу.
Ал кезде чоң уруу кичи урууну басмырттоо, оокаттуу адам кедейди ирегесинде жалчы
жумшоо, улгайган адам жаш кызды токолдукка алуу, ата-ата урууга бөлүнүп жер-суу
талашып эки жаат болуп чабышуу, айтор толгонтокой зомбулук, карөзгөйлүк, бейбаштык
баягысындай эле кара канатын сермеп, кара букараларды эзип турган кез. Жаңыдан
чыңалып келаткан жергиликтүү өкмөттүн ишине жардамдашып, аркатирек болуп иш
жүргүзүүдө мугалим сабаттуулугун көрсөтөт. Батрактан жаңы көтөрүлгөн айылаткомдун
төрагасын да, жаңы уюшулган партячейкенин катчысын да, айтор айылдагы бардык баш
көтөргөн активдерге сабак берип, аларга кат тааныткан мугалим!
Ошондуктан айылды алдыртан бийлеген кээ бир атка минер шылуундар, таасирлүү
байлар өз тарабына тартыш үчүн аракеттенип мугалимге кошомат кылышат. Алардын ар
бири озунуп мугалимди меймандап, ага сый көрсөтүшкө ашыгат.
Кээ бир шылуун өз уруусунун момун кедейин кайраштырат:
— Атаа, кайраса, түккө өтпөгөн жаман иий... Элдин силердей томаяктары эле
«кедейбиз, батракбыз» дешип тигил Кара молдонун колтугуна кирип алды. Кудай алгыр,
сен деле кембагалмын де, берки Сары молдосун жандап албай жаның жокпу?! Көзү ачык
маалим колдо болсо, жок дегенде «биргөбөр» жаздырып албас белек... Оо, кайраса түккө
өтпөгөн жамандар...
Неси болсо да мугалимдерибиз бизге кат таанытып, билим берүү үчүн бир дилин
коюшту. Баштагы жылдарда аздыр-көптүр дин окуусун окуп калгандарды ылгап —
биринчи сынып, «А» деген тамганы тааныбагандардан — жарымынчы сынып түзгөн. Эми
сабак берүү эрежеси да жаңы. Башта молдоке ичигин желбегей жамынып, майланган
табылгы чыбырткыны белен коюп, өзү үргүлөгөн мышыкча көзүн ачып-жуумп дылдырап
олтурчу. Тескерисинче окуган шакирттер кээси «Алипилеп забар эмалхан, далпечдуу
элкем дуу» деп жабырашса, кээкилери ырдап жатышкандай үндү кырааттап, муңкантып
кандайдыр түшүнүксүз тилде алда кандай сөздөрдү созуп айтышчу.
Молдоке кез-кез: — Эй нассеп! Үнүңдү чыгар. Кырааттап айт! Тилиңди так келтир.
Кесип алам!—деп кекетип, чыбырткы кезечү...
Мугалимдер антишпейт. Басып-туруп борду чымчый кармап, тактага тамгаларды
жазат:
— Туура көчүргүлө. Мына, «А» тамгасына «Т»ны улай жазганда «Ат» болуп окулат.
Анан «А»ны уласак... Эмне болуп калды? Кана, ким кол көтөрөт?
Эдирейе карап ичтеринен эжелеп окуган окуучулардын бир-экөө жарышып кол
көтөрөт:
— Ата!
— Туура. Ата! Балдар, силер сабакка дит коюп, тырышып окусаңар бат эле өзүңөр
«Алиппени» окуп, жазуу жазып каласыңар! — дейт мугалим. Анан ал эсеп сабагын бере
баштайт.
Айтор колдорунан келишинче бизге билим берүүгө мугалимдерибиз аянбайт.
«Алиппени» тез окуп, өзүбүз жазуу жазышка жан-дилибиз менен тырышабыз.
Ойтоо шейшеп оронуп, аяз кычырап калган. Жыл башынан эле «Аскер ойну» сабагын
өтө баштаганбыз. «Мылтык» көтөрүп, «кылыч» асынып келгиле деп мугалим айткан.
Кимдин «кылычы», «мылтыгы» болбосо, ал «аскер ойну» сабагына чындап катыша
албайт. Себеби, ал сабакта балдар чоң-кичинеси дебей эки топко бөлүнүшөт.
«Большевик», «меньшевик» болуп атышат. Эки тарап кадимкидей «дүпүлдөтүшүп»
атышып туруп качан «окдары» түгөнгөн кезде жапырт качырышат. Ураалап айкыра
«карскарс кылыч» чабышат. Албетте, «меньшевиктер» жеңилүүгө тийиш.
Кар тоголоктоп «ок» камдап, чапандарды көтөрүп салпайып артта жүрүү «куралсыз
жоокерлердин» арнамысын козгойт.
Ошондуктан үйлөрүнө кайтканда мылтык, кылыч жасап бер деп атасын кыйнаган
балдар андан көп. Бул көрүнүш түркөй кишилерге жат учурады. Ага кошумча
бардыгыбызды каз катар тизип, айылдан айылга кыдырта бизди шыгыр айттырат. Кээде
айыл аткаруучуну чаптырып, сакалдуу көкүлдүүлөрдү — атайы бир дөбөгө чогулттуруп,
улуу кишилердин алдына мугалимдер бизди марш менен баштап келишет. Каада күткөн
сакалдуу кишилер бир четтен жол ачып, өздөрү уй мүйүз тартып тынч. Аскерче тизилип
шыгыр айтып турган балдарына аталар сакал сылай кубана карашат.
«О укмуш, бул не деген окуу. Ушундайча окуу болчу беле?! Ушинтип олтуруп
балдарыбыздын динден чыкканын сезбей калабыз го, кудай»,— дегендер шыпшынып жер
карашат.
Шыгыр аяктайт. Мугалим балдардан улам бирин алдыга чакырып, декломация
айттырат.
— Жалтанбей айт! Так Жунушбай байдын маңдайына туруп тике карап айт! — деп
мугалим дем берип турат. Бала жаттап алган сабактарды чакылдап айта баштайт.
— Кылычыңды кындан суур, жогору карма!—Мугалимдин буйругун жазбай аткарган
окуучу жыгач кылычын көтөрө калып, демите берет:
— Ой азамат! Тап берип айт!
Азуусу бычак, Казысы кучак. Кедей шордуудан — Келе бери деп кычап...
Өбөктөп баш көтөрбөй калган бай кызарып-татарып... «ал ырас, ал ырас» дегенсип баш
ийкегилейт. Боз тондуулар жаадырап сүрөмөлөйт. Кобур, күлкү. Торс-торс алакан
чабылат.
Айтор неси болсо да декломациянын таасири күчтүү. Чогулуштан тараган кишилер
балдарды жаңыча окута баштаган мугалимдердин жосунун бири жактыраса, бири ага
түшүнбөйт.
— Эй, теңири. Жыгач мылтык көтөрүп ырдап окуган окуусу тукумду динден чыгарбаса
ийги?
Анда бири тыңсынып коёт:
— Жаңы окуунун касиети — илим менен өнөргө эшик ачат дебедиби?
— Баса, окугандарына аз эле болсо да, бай менен кедейдин жиган ажыратып калды
балдар. Башта молдолор алты ай окутуп кош тамганы улап жазганды үйрөтүшчү эмес эле.
Эми жанакы теңирекейим эки ай өтпөй эле «Атка чананы тарттырып койду» аке.
— Э, мейли балдардын көздөрү ачыла берсинчи. Бул пан окуусу — өнөр-билим
үйрөтчү окуу! Сабеттин окуусу!
Эң биринчи мугалим бизди дал ушундай окуткан. Ошенттик. Жарык ааламга, биз
адегенде кичине жылчыктан карадык. Ал жылчык бат эле кеңейди. Элибизди жаңы
дүнүйөгө талыкпай чакырган бийик жарчы сыяктуу кызыл мугалимдер улам даңгыр
жолдо жалпыбызды илимге баштады.
Айтор, окуу, илим, маданият жөнүндө сөз болгон кезде, жыйырманчы жылдын
башында, биздин айылга биринчи келген туңгуч мугалим — «Кара молдо» менен «Сары
молдо» көз алдымда элестейт.
ТАМЧЫ ТЕР
Ал кезде шаарыбыз бир катар, көчөлөрү эпээн, үйлөрү жупуну, кээкилеринин камыш
жабуулары кышкы даакыдан бетер самсаалап туруучу. Ошентсе да бул биздин борборубуз
— биз сүйгөн, биз сыймыктанган Фрунзебиз! Экиден, үчтөн топтошо көчөсүндө басып
алсак, жарпыбыз жазылып куунап калчубуз. Анткени, биз шаардын өзүндө турбайбыз.
Азыркы вокзалдан наркы тоо тарапта айыл чарба техникумунда окучубуз. Азыркы
Түштүк көчөсүнөн өтө бергенден кийин эле ээн талаа башталчу. Биздин техникум тоо
менен шаардын эки ортосунда, чок койгондой болуп бактары дүпүйүп алыстан көрүнүчү.
Шаарга күндө келе бериш жок. Ансыз да орус тилин начар сүйлөгөн балдар убакытты
бошко өткөрүшпөйт — үчтөн-төрттөн баш кошуп, билгендерибиз билбегендерибизге
көмөктөшүп таң күнү сабак жаттайбыз.
Чынында эле биринчи класстан тартып окуу программасын толук өтуп келаткан адам
үчүн сабакка даярдануу, анча кымбат болбос беле? А биздин тушта бир курста окуган
шекирттердин деңгели бирдей бекен? Бири — айылдык мектептен окуган болсо, бири —
баштапкы билимди толук албастан келген, бири — не алты айлык, не үч айлык курстардан
окуп, андан «чолок этек» атанып кызмат өтөп жүрүп келген... Ошого жараша бири орус
тилин чала моңол түшүнсө, бири саал эркинирээк сүйлөп, беркисине көмөк беришке
жарайт. Тилди бир аз дурус билгендерибиз сабакты да тезирээк өздөштүрөбүз. Бирок
«Өзүм деги билип алдым. Сен эмне болсоң, бшо бол» деп басып кетишке эч кимдин
акысы жок. Адамдык сезими ага жол бербейт. «Атаа, сабакты эне тилде окусак, мынча
кыйналбас элек э» — дейбиз.
— Билгениң билбегениңди үйрөтүшкө милдеттүүсүңөр! — деп дайым мугалим
эскертип турат.
Ар бир сөздү жаттап, анын маанисин туюнганыңча чеке териң тып тамат.
О, мен да ошенткен курбулардын катарындамын. «Сабак жаттоо, эртең мугалимдин
алдында кызарбоо» дайым жүрөктү өйүйт. Окуйсуң, окуйсуң... Жат калган бир топ
сүйлөмдөрдү угуза айтып жиберип, мактангандай да болосуң. Айтор тып тамган тер сая
кетпейт. Мугалимдин алдында кызаруу сээл, болсо да анча байкалбайт. Өзүңө өзүң
ыраазысың, мугалим да сага анча ачууланбайт:
— Дагы тырышуу керек, сабакты дагы бышыкташ керек, силерге!
О, ушул «силергенин» бизге чын аталык камкордук менен айтылганы сезилет. Биз
күндөгү басыктан жазбайбыз... Жаттоо, жаттоо...
— Тигил шаарда өскөн балдардай башынан тыңгылыктуу билим алып келген болсокчу!
— Өкүнгөндө не. Билим өзү жукпайт. Кана, окуйлу! Серүүндө олтурсаң да чекеңден
териң тып тамгандай болосуң.
...Тамырлары мөлгө канып, жалбырактары күн илебинен кубат алган сайын жаш дарак
сөлдүү тартып жашылданып, бой түзөйт, жел жүрсүн жүрбөсүн теңселип, дирилдеп
менсинет. Курбулар, дал ошол жаш дарак сыяктуу болдук бейм? Күн өткөн сайын сабакты
өздөштүрүү артты. О, билбеген нерсеңди билип алуудан бийик таалай болбос... Окууга
көңүл коюп билимиңди арттырган сайын — асыл сезим сага кубат берет: дайым сергек,
чыйрак, көңүлдүү жүрөсүң. Оор түйшүктү тоготпой, кыйынчылыктан жалтанбай өз
курбуларынын катарында ак пейил сергек, шайыр, мээримдүү жүргөн адам тилегинен
өксүбөсов!
Айтор башта колго кармап көрбөгөн жылтыр кара шиблеттин таманын кычыратып,
жакаң агарып, ийниң кубанып, жаңыны кийген сайын өзүңдү карагың келет. Кырман
бастырып жүргөндө үстү-башыңды кылкан ширесе да байкабай өзүңдү өзүң барк албас
элең. Эми кыпын жуксун-жукпасын жакаңды черткилейсиң, үстү-башыңды кайра кайра
сыланасың, Тып тамган териң кургай калат. Желигесиң... Дал ушул кезиңде «Мен кайда
баратам?» деп эс токтотуп, аяр баспасаң өзүңдү өзүң уятка да калтырасың бейм?
Биздин замандаштарда ошондой осолдукту баштан өткөргөндөрү болдубу, болбодубу?
Билбейм. Бирге окуп, бирге турган курбуларымды азыр бирден көз алдыга элестете...
алардын эч биринин кетирген осолдугун эстей албайм. Аларга караганда саал-паал
тартиптен чыккан өзүм экемин. Баса, башкалар жымжырт сабак жаттап олтурушканда
менде көңүлдү четке бөлүп кыңылдап ыр жазуу башталды.
Албетте, ак талапты курбуларым жектешпеди, кубатташты:
— О, азамат. Биздин селхоздон да бир акын чыгып койсун. Кана, камчылан, курбум.
Анда бири одурая карады:
— Ай, болпойгон байкуш, ырды акындарга бер да, сабагыңды жатта. Мугалимдин
алдында сен үчүн биз кызара албайбыз.
Ага мен намыстана калдым:
— Сени канча кызарттым эле?.. Ырымды эле жазам анетсең.
Тигил колун силке таштады:
— Ырыңды жазсаң, алыс кет! Биз сабак окуйбуз! Бир-экөө мени жакташты:
— Биз менен эле бол!
— Акындын баарысы педтехникумдан чыга берсинби. Бизднн сельхоздун туусун
көтөрүп кой!
— Чыксаң катуу чык. Чанда калсаң, өзүң да боз ала болосуң, бизди да уяткарасың!
Ушинткен курбулар тек азел айтышты. Жазгандарым басма көрүп, менин акын
болорума шек чоң. Башкадан мурда өзүмө өзүм ишенбейм... Ошентсе да жылуу сезим
коштойт, чоң үмүт тынчтык бербейт. Кээде сабак жүрүп жаткан кезде да көңүлүм ырга
бөлүнөт. «О ырларым кандай? Өзүмө аппак көрүнөт. Башкарма 17 жактырабы, жокпу?»
Болжой албайм.
Редакцияга баргым келет. Жазгандарымды чөнтөгүмө салып коюп шаарга карай жол
тартам. Селхоз менен шаардын эки аралыгы ээн талаа. Ал аз келгенсип жүргөн тургандар
чанда. Жалгыз келатып өзүңдөн өзүң осолдук сезесиң. «Башкармага кантип кирем.
Ырымды ким окуур экен? «Ээ жигит ушундай да ыр болуучу беле?! Кой, бошко
убараланбай, сабагыңа көңүл бөл». Баса, айтса-айтпаса төгүнбү?»
Жападан жалгыз келатып, өзүмдөн өзүм осолдук сезем да шаарга жетпей орто жолдон
кайра тартам;
-жылдын апрель айы аяктайын деп күн мемиреп калган. «Кандай гана болбосун
бул жолу ырымды бербей кайтпаймын» деп мен өзүмө өзүм кайраттанып алгам. Жолдо
ката өзүмдү өзүм алаксыттым. Кере кере аттап, бир топ жерге өзүм өзүм жарыштым. Анан
бир аз үнсүз тез-тез бастым. Кыңылдап ырдап койдум. Мунун бардыгы менин редакцияга
баратканымды жан сезбесин деген аракет болучу. Баса мени менен элдин иши эмне?
Ошентсе да шаардын сүрүнөн жалтана түштүм да... «Башкармага барбай эле койсом
кантет?» деген ой көңүлүмдү чөгөрө баштады. Айтор редакцияга кандай жеткенимди
сезбей да калдым көрүнөт. Ал кезде редакция бир катар кичинекей үйлөрдө болучу.
Дарбазадан кирип далайга короодо туруп калдым.
«Мынча келдим, кирейин. Берейин...»
Кымтынып эшикти акырын ачып, көлөкөдөй дабышсыз босогодо туруп калдым. Үчтөрт үстөлдө бирден киши олтурат. Кимдир бири мен жакка жылуу ийкем менен карап
койду:
— Кел, жигит.
Жооп кайра алган жокмун.
— Кабар алып келдиңби?
Бүткөн боюм ымыр-чымыр, жонумдан тер кетти. «Билип койду, билип койду...» Кол
жазмам пальтомдун ички чөнтөгүндө болучу. Оң капталым ысып-күйүп кетти да үнүм пас
чыкты:
— Мукайга келген элем...
Тигил киши жанакыдан бетер жайдары айтты:
— Мукай мында иштебейт, баатыр...
Кайра кандай чыкканымды сезбей калдым. Кечке тынбай орок оргон кишиче көлшал
түшүп көчөдөн көчөгө өтүп ашыга келатам. «Тааныш балдар жолукпаса экен. Менин
кезитке келгенимди эч кимиси көрбөсө экен. О... акын болбой куруюн... Ушинтип жүрүп
кантип адам болом...»
Калдырттаган араба алдымдан туура кесип өттү. Карасам Дзержинский менен Демьян
Беднийдин18 бурчуна келип калган экем. Чаң уюлгуп тигил камыш менен жабылган
үйлөрдүн чатыры болбос көрүндү.
Чарчаган кишидей (чынында эле катуу чарчап калгам) шылкыя тартып жүрүп
олтурдум. Шаардан узаган сайын ызам ачынды. Уяңдыгым, жашыктыгым үчүн өзүмдү
өзүм жемеледим. «Ушинтип жүргөндөн көрөкчө такыр ыр жазбайын» деп да бекиндим.
Азыркы айыл чарба институтунун эски корпусу турган ченде жолду туура кесип жарым
кулактай суу агып жатчу. Дал ошол арыкка жеткенимде жылаңайлактанып бутумду сууга
салып, узакка олтурдум.
Техником жактан биз менен окуган Алыбай деген бала келди. Мен ага алдыртан
карадым:
— Шаарга баратасыңбы?
— Ооба,— деди ал. — Өзүңчү? Мен уятымды жаап жалган айттым:
— Мен да бараткан элем... Батинкем согончогумду өйкөп, басалбай калды. Кайра кетем
го...
Башкарма — редакция.
Азыркы Токтогул көчөсу.
— О эмесе жолдош эмес экенсиң. Кеттим! Ал шыпылдай басып өтө берди.
— Ай токтой турчу...
— Токтотуп эмне кыласың мени?
— Тура турсаң, өтүнөм? — Мен калдастап чөнтөгүмдөн кол жазмамды сууруп чыктым:
— Мынабу менин ырым эле... Майга арнап жазгам. Жаман көрбөсөң «Ленинчил
Жашка» берип койчу? Өтүнөм?
Кол жазманы аларында өзү жазгагансып кубанып койду Алыбай:
— Кам жебе, алпарып берем!
— Жоголуп кетпесин...
— Редакторунун өз колуна тапшырам. Эң болбосо, секретарына. Биздин техникумдун
акыны жазган ыр дейм!
Чоң ишке жарагансып өзүм техникумду карай бастым.
...Ал кезде майрамдарда азыркыдай парад өтпөстөн шаардын бардык эмгекчилери
аянтка чогулушчу. Митинге болучу. Азыркы өкмөт үйү турган жерде кичинекей камыш
үйлөр бар.
Азыркы Академия — анда өкмөт уйү эки ортодогу скивер боз топурак аянт. Май
майрамынын митингесине келишкен эмгекчилер ошол аянтка чайканды келбей — ар бир
коллектив өз-өз тобунда. Аралары ачык. Кантсе да редакциянын кишилериби, не атайы
бөлүнгөн адамдарбы? Эки-үчөө кучак кучак кезит көтөрүп тизиле тургандарга бир четтен
таратып келатышат.
Өзүнөн өзү жүрөгүм сокту. «Ырым чыкты бекен?» Кандаидыр бир «кылмыш» иш
иштегенсип кыйпычыктап турганымда... учүнчү курстун студенти Абдымомунов деген
«Ленинчил Жашты» жая кармап туруп, кубанып, жалпыга угуза айтты:
— Оо, сүйүнчү, балдар! Биздин техникумдан да акын чыгыптыр!
Бир тобу туштан сурашты:
— Ал ким экен?
— Сыдыкбек уулу!
Кубанган курдаштарым мени бир заматта курчап алышты.
Жонумдан чып-чып тер кетип, жооп айталбай мукактандым. Кубандым, уялдым,
толкундандым...
Ошол күндөн баштап мен сүйгөн кезит «Ленинчил жаш»! Биринчи жыйнагым
чыкканда да, биринчи романым жарык көргөндө да, ал тургай ар бир жаңы китебим
басмадан чыккан сайын көз алдыма — «Ленинчил жаш» тартылат.
О, курдаштарым, мейлиң курч болгун, мейлиң жашык болгун, айтор адал эмгегиңден
чыккан териң тып тамган сайын таалайың ачыларына ишен!
Кымбаттуу окуучулар, ошенткиле! Баарыңарга ак эмгектин үзүрүн каалайм!
1962-ж.
ТУҢГУЧ РОМАНДЫН ТӨРӨЛҮШҮ
Василий Коровиндин заимкасы бир коктунун оозун бүт ээлейт. Чатыры тактай менен
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Мезгил Сабактары - 27
  • Parts
  • Мезгил Сабактары - 01
    Total number of words is 3925
    Total number of unique words is 2168
    28.4 of words are in the 2000 most common words
    41.5 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 02
    Total number of words is 3835
    Total number of unique words is 1945
    25.2 of words are in the 2000 most common words
    37.9 of words are in the 5000 most common words
    45.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 03
    Total number of words is 3888
    Total number of unique words is 2004
    26.2 of words are in the 2000 most common words
    38.0 of words are in the 5000 most common words
    44.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 04
    Total number of words is 3917
    Total number of unique words is 2109
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    38.3 of words are in the 5000 most common words
    44.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 05
    Total number of words is 3841
    Total number of unique words is 2050
    24.3 of words are in the 2000 most common words
    35.5 of words are in the 5000 most common words
    41.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 06
    Total number of words is 3908
    Total number of unique words is 2175
    25.1 of words are in the 2000 most common words
    36.6 of words are in the 5000 most common words
    43.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 07
    Total number of words is 3879
    Total number of unique words is 2261
    24.6 of words are in the 2000 most common words
    36.6 of words are in the 5000 most common words
    43.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 08
    Total number of words is 3889
    Total number of unique words is 2322
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    38.4 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 09
    Total number of words is 3878
    Total number of unique words is 2190
    26.2 of words are in the 2000 most common words
    38.2 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 10
    Total number of words is 3881
    Total number of unique words is 2101
    24.1 of words are in the 2000 most common words
    34.1 of words are in the 5000 most common words
    40.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 11
    Total number of words is 3844
    Total number of unique words is 2201
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    42.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 12
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 2270
    27.6 of words are in the 2000 most common words
    39.9 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 13
    Total number of words is 3957
    Total number of unique words is 2233
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    47.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 14
    Total number of words is 3766
    Total number of unique words is 2212
    23.9 of words are in the 2000 most common words
    35.6 of words are in the 5000 most common words
    42.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 15
    Total number of words is 3906
    Total number of unique words is 2254
    27.6 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    47.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 16
    Total number of words is 4040
    Total number of unique words is 2326
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    38.3 of words are in the 5000 most common words
    44.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 17
    Total number of words is 3980
    Total number of unique words is 2278
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    38.4 of words are in the 5000 most common words
    45.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 18
    Total number of words is 3826
    Total number of unique words is 2298
    24.7 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 19
    Total number of words is 4011
    Total number of unique words is 2430
    25.2 of words are in the 2000 most common words
    37.5 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 20
    Total number of words is 3935
    Total number of unique words is 2383
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    45.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 21
    Total number of words is 3922
    Total number of unique words is 2456
    24.7 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 22
    Total number of words is 3905
    Total number of unique words is 2360
    25.7 of words are in the 2000 most common words
    37.1 of words are in the 5000 most common words
    43.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 23
    Total number of words is 3793
    Total number of unique words is 2219
    25.4 of words are in the 2000 most common words
    36.9 of words are in the 5000 most common words
    43.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 24
    Total number of words is 3857
    Total number of unique words is 2269
    24.4 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    43.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 25
    Total number of words is 3863
    Total number of unique words is 2183
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    35.5 of words are in the 5000 most common words
    43.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 26
    Total number of words is 3856
    Total number of unique words is 2325
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.0 of words are in the 5000 most common words
    45.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 27
    Total number of words is 3866
    Total number of unique words is 2429
    25.2 of words are in the 2000 most common words
    35.8 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 28
    Total number of words is 3971
    Total number of unique words is 2417
    23.9 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    42.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 29
    Total number of words is 3917
    Total number of unique words is 2300
    24.3 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    42.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 30
    Total number of words is 3926
    Total number of unique words is 2169
    25.8 of words are in the 2000 most common words
    37.9 of words are in the 5000 most common words
    44.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 31
    Total number of words is 3936
    Total number of unique words is 2141
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    45.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 32
    Total number of words is 3916
    Total number of unique words is 2096
    25.7 of words are in the 2000 most common words
    37.3 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 33
    Total number of words is 3934
    Total number of unique words is 2181
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    38.5 of words are in the 5000 most common words
    45.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 34
    Total number of words is 2486
    Total number of unique words is 1435
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    41.2 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.