Latin

Мезгил Сабактары - 21

Total number of words is 3922
Total number of unique words is 2456
24.7 of words are in the 2000 most common words
35.9 of words are in the 5000 most common words
42.8 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
өнүктүрүп пайдаланып жатабыз. Жалпы эл чарбасынын казнасына биздин Республиканын
кошкон үлүшү чоң. Ошону менен бирге жалпы элдик казнадан алган жардамыбыз да
чекене эмес! Социалисттик принциптеги улуу ынтымактуулук, чоң достук биздин жаш
республиканын тез өркөндөшүнө зор көмөк!
Боорукер, бейпил, эмгеккор күжүрмөн элибиз достуктун жарык үйүн бекем курушат.
Ооба, жаш дос. Кыргыздар байыртадан дал ушундай ак пейил журт. Доско кучак жаят.
Душманга тике барат. Сергек, меймандос элимдин пейили өзү өмүр өткөргөн дал ушул
Улуу Тоосундай кенен. Бул мактаныч болот. Мен элимдеги мүнөздүү касиеттерди айтып
жатамын. Тек сендей жаш адам биздин элди туура таанысын дегеним. Себеби, биз —
совет адамдары көп улуттуу Социалисттик улуу державанын граждандарыбызбыз! Бизде
бири зор, бири кор болуу, бири чоң, бири кичүү болуу 1917-жылында эле адил
революциянын бороонуна сапырылган. «Ырыс, алды ынтымак» дешет биздин эл. «Акыл
оошот, ырыс жугушат» дешет даш биздин эл. «Жамгыр менен жер көгөрөт, эл менен эр
көгөрөт» дешет биздин эл!
Ушундай акыл-насаатты биз бала кезибизден эле укканбыз. Кеп-сөзгө маани берип, аны
салмактап кыска, так айтканды жакшы көргөн кишилер жаштарды дайым жакшы жакка
баштап, асыл иштерге үйрөтүшчү. Азыркы кезде өнүккөн улуу өлкөбүздүн алдыңкы
кишилери менен адымдашып акылойдун үрөнүн себишкен ойчул окумуштууларыбыз,
жазуучуларыбыз,
сүрөтчүлөрүбүз,
инженерлерибиз,
композиторлорубуз,
архитекторлорубуз айтор элдик интеллигенттерибиз жыл санап өсүүдө!
Кырк жыл ичинде бизге ырыс да келди, акыл да оошту, башка элдер менен кол
кармашып өнүп-өсүүдөбүз! Башкасын айтпасам да элимдин саны бир эседей көбөйдү.
Өткөн сентябрь айында, СССР Жогорку Советинин Президиумунун Указы менен бир
жолдо 66 энеге «Баатыр эне» деген ардактуу наам берилди. Мен үчүн өтө кубанычтуу
жагдайы — бул наамга ээ болгон энелердин саны жыл сайын өсүүдө. Кубанычтуу
дегенимдин өзүнчө себеби бар. Кыргыздар баланы чексиз сүйгөн, көксөгөн эл. Бирок
мурдагы жарым көчмөн турмушта балдардын аман чоңоюшу илме кайп болучу. Мен
энемдин он жетинчи баласымын. Ошол он жетиден үчөөбүз калдык...
Азыркы кезде ушундай мизилдеген асфальт жолдор Улуу Тоо өзөндөрүн арчындап,
алысты жакындатууда. Шаар менен кыштактын айырмасы жок сыяктанып баратат.
Шаардан узап кыштактан кыштакты аралаганымда көңүлүм толкундайт. Кубанчым
коюнга батбайт. Үйлөр жаңы, бак-дарактар мөмөлүү. Мектеп аянтында, клуб жанында
сейилдеген кыз-уландар көп.
Көчө-көчөлөрдө ойногон тестиерлер көп. Элибиз өсүүдө. Республикабыз жаш. Ал ай
сайын, жыл сайын жетилүүдө!
Романтик улан менен маектеше жолдун кыскарганын сезбей калыппыз. Белге чыга
келгенибизде машине токтоду. Белкырлар чалкайып, керилип, ой түздөр жапжашыл,
өзөндөр тереңге созулуп алыскы мөңгүлүү аскалар булут бүркөнүп укмуштанат. Туш
тараптарда чалкайган төрлөрдө, жайыттарда төрт түлүк жылдыздай чачырайт. Жашыл,
коңур, акчамбыл, саргылт, сургулт түстөрү саймаланып, тоо дүнүйөсү укмуштай көзөл,
көркөм.
— Жер көркү — эл дүнүйөсүн жаратат, жаш дос! Обочодон бозоруп, келберсип
каардуу көрүнгөн тоо койну ушундай көп түрдөнүп көзөл болгонундай эле, сыртынан
жөнөкөй көрүнгөн биздин тоолуктар менен жакшылап таанышчы. Алардын акыл ойго
бай, бейпил, берекелүү, ак пейил дүнүйөсүн көрөсүң!
Улан коштошуп жатып чечкиндүү айтты:
— Мен ушул сапарымды сиздердин Республиканын кырк жылдыгына арнагамын!
Мен да ага пейлимди чачыраттым:
— Рахмат, жаш курбум! Сапарың ак жолдуу болсун!
1966-ж.
ДАЙЫМ ЖАЗ БОЛУУГА ТИЙИШ
Мен тестиер кезимде, көбүнчө кыш күндөрүндө боз үйдө, коломтонун четинде отко
жакын олтуруп калганымда, энем мени алаксытып коючу:
— Ашыкпа, балам. Ындыстан жактан куш өтөөрүнө аз калды. Эми аз күндө шалактап
кар эрийт. Күн жылыйт. Келгиндер келет. Ошондо сен, таскак уруп, көпөлөк кубалайсың
Энемдин мени алаксытканы «балам суукка моюн бербесин» дегени го.
Мен таңданып сурачумун:
— Куш эмне үчүн ындыстан жактан келет, эне?
— Ал жакта кыш болбойт дейт, уулум. Жылууга кеткен келгиндер кайтат!
Энемдин кебине кызыгып, ошол дайым жаз болуп турчу «ындыстанды» көргүм келчү.
Арадан көп жылдар өткөндө мен ошол тилегиме жеттим.
-жылы Делиде болуп өткөн Азия Африка жазуучуларынын биринчи
конференциясына бизден барган делегациянын катарында мен да болдум. Азия, Африка
өлкөлөрүнүн ар тарабынан келген жазуучулардын өкүлдөрү менен кездештик.
Конференциянын трибунасынан алардын жалындуу сөздөрүн уктук. Андай сөздү биз
өзүбүз да айттык. Ооба, тилдери башка, диндери бөтөн, ал турган кийимдери бир-бирине
окшошпогон кишилер ал конференцияда ниеттерин, максаттарын бир жерге кошкон:
«Эмне үчүн адамга адам зомбулук кылат! Эмне үчүн бир өлкөнү экинчи бири
оторчулук максатта, кулдануу максатында, улуттук маданиятты өстүрбөй, жергиликтүү
элди эзүү максатында басып алат? Элдердин тең укуктуулугун сактап, түбөлүк тынчтыкты
сактап, жер жүзүнө дайым жаз келтирүүгө болбойбу? Албетте, болот! Бирок ал үчүн эң
биринчи милдет: Азия, Африканын элдери, дүнүйөнүн башка булуң-бурчундагы
оторчулукта эзилген элдер оторчулуктун чынжырын үзүп, улуттук эркиндиктерин алууга
тийиш!»
Оторчулуктун кесепетинен Азия элдеринин ортосунда үч жүз жылдай өз ара маданий
байланышы үзүлдү. Байыркы замандан сонун мурастарды калтырып, бийик маданиятты
түзгөн азиянын кеменгер калкын четтен келген колонизаторлук бийлик туура үч жүз
жылдай онтотту. Империалисттер өздөрүнүн капиталын арттырышка, кол алдындагы
калкты баш көтөртпөй кулданыш үчүн бардык арам амалдарын ашынтып тажаалданды.
Элдик мурастарды кыйратты. Жердин байлыгын өздөрүнө ташыды. Элдердин алын, күчүн
сыгышты... Бирок эл деген толкуган деңиз экендигин империалисттер анча баамдашпаса
керек?!
Укмуштуудай көзөл, түгөнгүс байлыкты койнунда сактаган — дайым жашыл жеринде
кылымдар бою тербиген азиянын балдары жыл өткөн сайын алп күчүнө кирүүдө. Узакка
уктаган зор алп азыр үстүндөгү кара жамынчыны силкип таштап, уйкусунан күрдөлдүү
тургандай!
«Империалисттер, Азиядан кет! — деди ал. — Адам кайда жашабасын, анын беттүспели кандай болбосун, ал бардык жерде бирдей жашашы керек. Алар, бардык элдердин
жыргалы, өмүрү, келечеги үчүн бир тилекте, айдыңы бийик, кайраты курч».
Өздөрүнүн кара күчүнө, кан төккүч куралдарына сыйынган империалисттер Азиядан
шүмшүк катары кете баштады. Алар азыр эзилген эмгекчи элдеринин келечеги, жыргалы
үчүн тынч эмгектенип жатышат! Ана, кеменгер индустар англиялык империалисттерди
кууп салып, көзөл жеринде улуттук боштондукка ээ болушту. Алар азыр, өз элинин
улуттук боштондугун чыңап, өзүнүн улуттук маданиятын өстүрүүдө... Биз Индостандын
шаарларын кыдырдык, кыштактарына чыктык. Жаңы Индияны көрдүк...
Жаңы дегенибизди тактап айталык: ал четтен келген кожоюнга көп жылдар бою бел
бүккөн индус кишилеринин азыркы кездеги өз жерлеринде бой жазып, кенен басып
калганы! Албетте, миллиондогон индус дыйкандары укмуштай байлыкты койнуна катып
жаткан сонун жерлерин дал ойдогудай иштетип, ойдогудай бай түшүм алып, үй-бүлөсүн
багууда, өлкөсүнө демилге күч берүүдө дале мүчүлүш кези. Көп сандаган эмгекчилери,
жумушчулары эмгек үлүшүн тең бөлүшүүгө али жетише элек кези.
Ошентсе да, улуу Тагордун сонун поэзиясы Индостан жеринин үстүндө жарчы куштай
ак канатын сермөөдө. Кеменгер Гандинин индус элин эркиндикке чакырган бийик добушу
арбир индуска угулууда.
Азиядан жорткон жылуу жел азыр Африканын жылытууда. Ооба, улуу Африка
экватордо — күндүн эң ысык илебин алып турган менен анда жашаган биздин кара
туугандарыбыз — негрлер уруулары, арабдар, дагы башка калктар кылымдар бою өздөрүн
калтыраткан оторчулуктун суук чынжырын быт-чытын чыгарууда. Алар азыр улуттук
боштондукту өз колдоруна алууда!
«Эмесе, дүйнөнүн тербиген балдары, ар ким өз жеринде эркин бассын! Ар ким өзүнүн
энчисин, өз ырыскысы, таалайы үчүн өзүнүн бүгүнкүсү жана эртеңкиси үчүн тынч
эмгектенсин, таттуу уктап, жакшы турсун, адилет иштерде, алп эмгегинен берекелүү
үзүрүн, жыргалын көрсүн! Ага жетишүү үчүн бирден-бир чара: үчүнчү дүйнөлүк согушка
жол бербөө. Бардык мойсогуч куралдарды жоготуп, согуш отун тутандырбай өчүрөлү!
Чоң эл да, аз эл да, күчтүү мамлекет да, күчү аз мамлекет да бейкапар жашайлы» — деш,
«айга карап үрүү» эмес. Бул — эмгекчил адамдардын таламын жактап, тагдырына көз
салгандык. Дүнүйөдө тынчтыктын туусун сайып, үзүрлүү ырыс-таалайдын үрөнүн
сепкендик! Ушул улуу жана ыйык иштерди улантууда коммунисттик партия жетекчилик
кылган социалисттик өлкөлөрүнүн эмгекчил адамдары барган сайын өз
жөндөмдүүлүктөрүн айкындоодо. Ишмердиктерин күчөтүүдө. Тынч эмгектенүү менен
социалисттик жарык маданиятын өстүрүүдө.
Ооба, маданият суктук менен капчыкка салып алынчу доллар эмес. Ал — акындын
кенчи, илимдин булагы берген эң сонун сапат! Доллар үчүн жутунган чөйрөлөр кандай
үрүшсө андай үрүшсүн?! Биз — дүйнөнүн эмгекчил кишилери өзүбүздүн жарык
таалайыбыз, эртеңки жыргалыбыз үчүн күрөшөбүз, эмгектенебиз!
Эмгекчи адам жашаган жерде дайым жаз болууга тийиш!
1960-ж.
ОТ ТУУРАЛУ БАЯН
Кечке мен терген бүргөндүгө арпа жарма араң бышчу. Кээде, азыраак артып калса, эски
тонун этине жамынып ак кажырдай калжайып олтурган чоң атам:
— Эй, куутумшук, куурайыңды демдеп жак! — деп аркасын тапка кактап, олтурчу.—
Кап... жаным жаңы кирейин дегенде, керчү, куурайдын түгөнө калганын... Бир кезде
тамыры менен тобулгу жулган күчтү карылык темтендеттиң. Алты жашар небереме күнүм
түшүп, сараң турмуш жадаса куурайга кеңири жеткирбедиң... Бол, куутумшук, оттун
кызылы өчөлөкте жайыңды тап!—дечү чоң атам. Өзү куур тонду айкара жамынып жата
кетичү.
Таштап койгон түйүнчүктөй болуп, чоң атамдын арка жагына томолончумун. Көзүмдү
ачып-жуумп далайга уктай албай жатсам, үзүктүн жыртыгынан жылдыздар көрүнчү. Кеч
күздүн жели керегенин көзүнөн урчу. Мен чыйрыккандан бүрүшө түшчүмүн.
Тонун чүмкөнүп нары карап жаткан чоң атамдын үнү, куду үңкүрдөн чыккансып
аянычтуу угулчу:
— Үшүп кеттиң, курган балам. Тондун этегин жамын. «Кокус чоң атам да өлүп калса,
анда мен да кайда барам?» деген санаа мени катуу коркутчу. Аркасын отко көп-көп
кактаса, чоң атам өлбөчүдөй болот. «Ай, сени. Эртең куурайды күчүм жеткиче терейин»
деп көзүмдү жумсам, бүргөндүнүп үлп этип бат өчкөн жалыны жылтылдап алыстан
көрүнгөнсүп, мен титиреп чоң атама ыктай берчүмүн.
Кээде азыр да көзүмдү жуумп ойлоно калсам, биздин эски алачыкта мен терген
бүргөндүнүн алсыз жалыны жылт-жулт этип өчүп тамат. Өткөндөгү биздин жупуну
жайдак турмушту эске салат. Катуу бороон согуп, биздин алачыкты жыгып кетти. Ошол
жылы чоң атам да өлдү. Ойлонсом ушул өзөндөгү боз кийиз жамынган кыргыздын
турмушу бүргөндү куурайдын желге сапырылган күлүндөй жайдакта экен.
...Улуу Ленин кыргызга жол көрсөттү. Жаңы доор төрөлдү. Биздин айыл колхоз курду.
«Коммунизм жолунда» деп аны атап койдук. Башта боз кийиздүү айыл кончу бул өзөндүн
кишилери бүгүн чоң колхоздун бүлөөлөрү!
Ал жыл интернаттан тарбия алдым. Андан совет мектеби бизге эшигин кеңири ачты.
Мектеп босогосун кечигип аттасам да, курдаштарымдан калышпай институт бүтүрдүм.
«Кааласаң министр да болот элең» дешип кээ бир жолдошторум мага жеме айтышат. А,
мен биздин колхоздун өсүп-өнүшүн көргүм келди. Алган илимимди эл үчүн аябай, эмгек
сүйгөн кишилер болуп бирге иштештик. Биздин колхоз өркөндөдү. Эгер чоң атам бир
кайрылып көрө алса, баягы ээн өзөнүн (азыр береги борчук таштуу тумшуктан араң
тааныр эле...) Мына, кең көчө бою окшош-окшош салынган аппак тамдарда биздин
колхозчулар жайгашкан. Береги дарактуу аянтта кызыл кирпичтен зыңгыраган бийик
имарат — колхоз мектеби. Анда биздин балдар окушат. Тигине, баягы жыртык кара
алачыктын ордуна былтыр электр станциясы курулду. Уй фермасы үчүн береги бөйрөккө
жаркыраган кең сарай курдук. Баары жаңырды, баары өзгөрдү. Жадаса, ар бир уйга: Зоя,
Мария, Сүттүү булак, Калия деген уйкаш-уйкаш аттар коюлду. Уйлар электр кубаты
менен саалат. Таза, таза акырларга бүрдүү тоюттары тууралат. Мына ушуларды байкуш
чоң атам үч уктап түшүндө да көрбөгөн чыгар... Ана, жогорку өзөндөн берки сап-сап
тизилип, дүмпүйүп көрүнгөн жемиш багы. Ал жер эзелтеден ээн жаткан таштак болучу.
Азыр анда алма, алмурут, өрүк, алча, ар уруу жемиштин ширин мөмөсү төгүлдү... Кырчын
талдар, мырза теректер жээк-жээкте көгөрүп, таш тизилип, кум төгүлгөн кең көчөдөн
комбайнды тартып балбан трактор баратат. Ал, тетиги чыгыш тараптагы кең түздүн
буудайын күн-түнүндө түшүрдү. Быйыл эгиндин ар гектары отуз эки центнерден түшүм
берди.
— Бале, биздин агроном. Бул сенин илимиң! — дешет колхозчулар мага.
— Жок, туугандар, бул силердей мейнеткеч кишилердин эмгектеги жеңиши! — дейм
мен аларга.— Башта кыргыз асырап көрбөгөн аары челеги, бизде быйыл, балдан туура
беш тонна киреше берди!
«Жолдош парторг, Сиз жана: «ойлоп, ойлоп олтурсам, эми бизге жетишпеген
колхоздун музейи экен. Улуу Октябрдын отуз эки жылдыгына арнап, ушул ишти да
уюштурсак кантээр эле дедиңиз. Сиздин пикирден улам мен ушул кыска аңгемени баян
эттим. Баса, мен азыр көз чаптырсам биздин колхоздун чөйрөсү көөр төгүлгөн көчөттүү
килемдей кулпуруп турат. Күндүз күн нуру жайнап, түндө Ильич жарыгы жылдыздап —
биздин жер, куду өмүрдүн жазындай жашарып баратат.
Мейли, Октябрь оту дүйнөнү жылытсын!
ГҮЛДӨГӨН КЫРГЫЗСТАН
Улуу Тоо, Ала Тоо, Керме Тоонун тулкулары чулгап мөңгүлөр жалтырап, күңгөй,
тескейи чалкайып, өзөндөр шуулдап, адыр, белдер, түзөңдөр кайкалап; Ысык-Көл, кең
Чүй, Талас, Чаткал, Алайдын керилген өрөөндөрү, кенен мейкиндери, Фаргананын тоо
таянган түздөрү — пахталуу, эгиндүү, кызылчалуу, жүзүмдүү, бактуушактуу талаалары,
ойдуңдары, көйкөлгөн сонун төрлөрү, бетегелүү белдер менен доңуз сырты чулгаган
чалкайган жайлоолорду кучагына сыйдырган кыргыз жери жыл өткөн сайын жаңырууда,
жашарууда. Былтыр ээн жаткан өзөндүн оозу, суунун бою же томсоргон таштак талаа
быйыл жаңыра баштаган. Ал жерлерде балбан бульдозер жер кыртышын сыдырып
кандайдыр бир курулушка жай камдап жүргөнү байкалат. Малкана же жаңы баздын
имараты ээлейт. Окшош, окшош бир топ үйлөр тизилишип, жаңы кыштактын көчөсү бой
тартып калат. Ошентип, сен көргөн ээн жерлерде
эми кишилер эмгектенүүдө. Жылдар өткөн сайын кишилердин саамайын ак араласа,
анын баскан жерлери жаңырып кулпурганын кара!
Баягыда ушундай ээн адырдан өткөн жалгыз аяк жолду кайрылып элестетип көргүлөчү.
Мына, жаратылыш кооздугун аябай көкмөлдүр көөлгүгөн Ысык-Көл. Маселен, Тоңдон
эрте аттанган жолоочу Тосорго жеткенче кылчактап карана: «Кудай сакта... Каракчы
кабылбаса экен»,— деп керсары тартып ат чалдырганга, өзү суусун жутушка буйдамы
келбей тепилдеп, көздөгөн жерине жеткенче зарыкканы кана. Же Токмоктон чыккан
саябалуу араба бир калыпта кылдырттап жолоочулар чаң жутуп, «Кеңбулуңдун
камышынан аман өткөй элек» деп санаа чегип, закым калкыган ээн талааны басып
Пишкек көздөн качпай койду беле. Же Оштон бастырган атчан өзөн өрдөп, кыя кесип,
ашуу ашып, суу тепчип Алайга жеткиче аты ташыркап, өзүнүн өң-түсү бозорчу эле.
Кандайдыр бир себептер менен кечиге калган жайлоочулар элтеңдешип сыйыртмалуу
тиктерден алда-жалда менен малын айдап эптеп көчүп түшкөндөрүчү. Суу киргенде
өзөндө маңдай-тескей конуш алышкан айылдар бири бири менен катташалбай калганычы.
Ушундай толгон суроолорго бул кезде тигил эң сонун далилдер менен так, даана жооп
беришке болот.
Мына, баягы жолоочуну зарыктырган коркунучтуу томсоргон адыр, өрөөн,
мунарыктаган элсиз талаа, өзөндөр. Андагы кишилер кайрылып көрүшсө, ишенгистей
өзгөрдү. Көл өрөөнү бирине бири уланган узун кыштактар. Курорттор ээлеп, калдайган
жаңы шаарлар орношууда. А тигил Тоонун койнунан жай алган Соң-Көл, Чатыр-Көлдөр
асман күзгүсүндөй тунук. Көк шиберлүү өзөн, төрлөрдүн, кызыл от бетегелүү кең мейкин
жайлоолордун көркү сыңары көз уялат. Тек, жаратылыш көзөлдүгүнө менсинип ээн
жаткан жерлер эмес, короо-короо койду, үйүр-үйүр жылкыны, ача туяк уйларды асыраган
арпадан күчтүү оту мол көйкөлгөн жайлоолор. Аксай, Арпа, Солтонсары, Каракужур,
Балгарт, тыягы Сырт, атактуу Каркырага чейин канатын жайса, быягы кенен Суусамырдан
тарта жер чокусу Алай, Памирлеп алмалуу, алчалуу, жүзүмдүү, пистелүү, жаңгактуу асыл
токойду ортого сактап кыргыз жергеси жер жүзүндөгү бейиштей жаратылыш өзү мол
энчилеп берген ырыскыга, берекеге, дөөлөткө толо!
— Эй, акыл-эстүү жашкары, ушул сонун Мекениңдин баркына жет. Байыртадан бери
сенин ата-бабаң бул сонун Ата конушту бизге мурас этип калтырган! — деп үн салгың
келет.
Азыр колхоздор боюнча асыраган малдан койдун 78 проценти метистештирилди.
Уйдун жалпы санынын 32 проценти асыл тукумга айланды. Тоонун татаал ашууларында
чаалыкпай кийиктей жол тапкан кыргыз жылкысы менен чоң тукуму кандашып аргымак
чалыш төл берди. Мурда кыргыз малды төрт түлүк деп бөлчү эле. Азыр малдын ал түлүгү
артты. Маңыздуу, кирешелүү асыл тукумду өнүктүрүү республиканын колхоздору,
совхоздору боюнча кеңири багытта. Азыр чопон, жылкычы, уйчу тек мал артында кана
жүрүшбөйт. Алар мал доктурлары, зоотехниктер менен бирге иштешет. Тажрийба
алышып, бирине бири көмөктөш, тилектеш. Азыр малчы сабаттуу. Ал китеп окуйт,
патефон ырдатып, радиоприемникти ала жүрүшөт. Кечкисин короо четинде, көңүл
сергиткен салкында олтурушуп, маек курушат. Дүнүйө жүзүнөн кабар алышат. Кыдырып
келген көчмө кинону көрүшөт. Айтор, жалгыз калган адам жок. Ар бир киши эл деминде
өнөр үйрөнүүдө!
Жайы-кышы кар каптаган муздактардан тарта миңсан булак мөлтүлдөйт. Алар улам
темине-чубура төмөн карай куюлган сайын күңгөй, тескей салааларынан аккан
булактарды кошуп, ак көбүк черткен өзөн суулар ташкындайт. Кокту коктуга куят. Өзөн
өзөнгө куят. Анан, таштан ташка урунуп буурканып, арстандын жалындай толгонуп
өзгөнгө сыйбай тоо суулары түзгө, мейкинге карай ашыгат. Бирок, ал ташкын суулар 5аш
бербес «тилсиз жоо» эмес азыр. Карасай, Тарагайдан, Нарындан, тыягы Кызыл Суудан
башталган Орто Азия дарыялары да, Чүй, Талас суулары да, Кара Суулар да, толуп жаткан
көлмөлөр, буугандар азыр баштагыдай тосуу бербей ээнбаш акпастан тарам-тарам
өстөндөргө бурулуп, колхоз, совхоз талааларын сууга кандырууда. Урунттуу, мелчемдүү
жерлерде буумалар, суу сактагычтар курулууда. Анткени, республиканын негизги
кожолуктары: эгинчилик, пахта, кант кызылчасы, дары-дармек өсүмдүктөрү, тамеки,
кендир, кенаф, ар түрдүү тоюткорлорун өнүктүрүү. Көп райондордо жемиш бактарын,
жүзүмдү өндүрүү сууну дайыма талап этет. Деле жибек куртун асыроо, жашылча өндүрүү,
деле жалпы эле жан-жаныбардын күн көрүүсүнө суунун керекгичи канча!
Эмгекчи киши азыр жерге, сууга ээ. Жаңы-жаңы техниканы башкарышат. Көптү
билүүдө, көптү үйрөнүүдө. Бирок, билип үйрөнөрү андан көп. Жыл өткөн сайын турмуш
адамга кызыктуу, көңүлдүү болуп баратат. Ошентсе да турмуштун кызыгы, көңүлдүүлүгү
дагы алда. Албетте, ага киши ак эмгек менен гана жетишет. Арамдан келген кызыктын
арты — кайгы?! Эмгектен безген кээ бир жалкоолорго, не урунуп-беринип «байыган»
эпчилдерге турмуштун кызыкчылыгы жок. Алар эртесинде кайгы орушат. Өкүнүп ооз
кармашат. Жер баркын сезбей арзан жолдор менен «саякаттап» жан баккандыктын арты
өтө өкүнүчтүү аяктайт...
Мейли зоот, фабрикада, башка өндүрүш жайларында, мекемелерде иштешсин, мейли
кендерде, шахтыларда, колхоз, совхоздордо, МТСтарда, жол курууда, же кичинекей эле
бир топто, пунктта иштешсин — кишилер өз ара ынтымакта көмөктөш болгондо береке
табат. Биздин коом миң өзөндөн курулган тоо суусундай күчтүү, шар. Эгерде кээ бир
жарамсыз жорук
тар, калдыктар ага тоскоолдук кылам десе, агыны катуу шарда калкыган чамындыдай
ал өзү четке урулат. Дайым алга карай айланган тарых дөңгөлөгү ар жылдын өзүн зорзор
жеңиштерге жеткирүүдө.
Жаңы фабрикалар, зооттор, өстөндөр, шахталар, ГЭСтер, комбинаттар, жүздөгөн
мектептер, клубдар, бир нече жаңы шаарлар, шаарга айланып бараткан ондогон чоң-чоң
кыштактар, Фрунзе менен Балыкчынын кан катнаштырган темир жолу жана жүздөгөн
километрге созулган асфальттуу канжолдору өткөн беш жылдыктардын берген мөмөлөрү
— ушулар! Эмки беш жылдыкта эл чарбасын өнүктүрүү үчүн жумшалчу каражат үч
миллиард сом өлчөмүндө саналат. Ушул каражаттын эсебинде курула турган
курулуштардын ирилери: кыргыз тоо кенин байытуу комбинаты, Избаскен нефти
чыгаруучу жайы, Аламүдүн гидроэлектро станциясы, номер төртүнчү жана номер
бешинчи пахта ийричү фабрикасы, Орто-Токой суу сактагычы менен Чоң Чүй Каналы,
жаңы фабрикалар, зооттор, шахталар, өстөндөр, мектептер, ооруканалар дагы далай элдик
курулуштар.
1950-жылга салыштырганда бардык кириш жетимиш процентке өстү. Артыкча оор
өнөр жайлары соңку жылдары өркөндөө жолунда. Азык-түлүк жана көп керектелүүчү
товарлардын, буюмдардын өнүмү дээрлик артты. Башка өндүрүш жайлары да өз
өнүмдөрүн мурдагыдан көп өнүктүрүүдө. Өнөр жайларын техника жагынан жабдууда,
илимий сунуштарды өздөштүрүүдө, механикелештирүүнүн деңгелин көтөрүүдө
республикабыз зор ийгиликтерге жетишти.
Ушинтип Социалисттик Кыргызстан — саябалуу көктөгөн жаш чынар сыяктуу жыл
сайын өнүгүүдө, гүлдөөдө. Жаңы үйлүү, кең көчөлүү, бакдарактуу кыштактар канат
жайууда. Баягыда көчүп кетсе, журтуна бир топ карга конуп калуучу жайдак айыл
ушундай өзгөрдү. Анда торпоктун чүлүгүнө асылчу, же топтошуп чүкө ойношчу, чикит
чаап, оромпай тебишчү, же көтөрмө курчанып куурай орушчу балдар азыр биринчи
сентябрди майрам күңдөй тосуп алышат. Азыр мектепке тартылбаган бала жок.
Мектепсиз кыштак да жок. Жеке жаштар тургай окууга, илимге улуулар да кызыгышат.
Эмки чоң аталардын салты итинен көлөкө талашып үйдүн түбүндө олтуруу бекен. Азыркы
карылардын көбү китеп окушат. Алар мектепке бара элек неберелери менен
маектешкенде:
— Чоңойгонуңда ким болосуң? Самалёт учурасыңбы же машине айдайсыңбы? — деп
сүйлөшөт.
Мойтойгон небере татынакай сөөмөйүн баракка тийгизип:
— Чоң ата, окуңузчу,— дейт. Китепте эмине жазылаарын билишке кызыгат.
Чоң ата калдастайт. Көз айнегин улам оңдойт. Неберелери аны тегеректейт. Чоң ата
эжелеп китеп окуп бергенден кийин неберелери аны шаштырат:
— Чоң ата, Сиз эмне үчүн учкуч болбой калдыңыз?
— Чоң ата, Сиз такыр эле машине айдай албайсызбы? Эңкейген кары менен дүнүйөнү
жаңы тааный баштаган чүрпөлөрдүн маеги жүрөктү кубантат. Жыл өткөн сайын мындай
кездешүүлөр кары менен жаштын арасында көбөйүүдө. Жаш карынын ак тилегине
жараша илим-билим булагы чоң шаарларда кана эмес, ар бир калк орношкон жайларга
жетти. Тигине, кең көчөнү бойлой курулган имараттар: бири он жылдык мектеп, бири
балдар бакчасы, бири клуб, мекеме. Китепканалар бар. Ага ар түрдүү китептер,
журналдар, кезиттер келет. Ушинтип, биздин кишилерге ушул чет кыштакта да өз
билимин арттырууга чоң мүмкүнчүлүк бар. Бул кезде билим алуу не наадан калуу
кишинин жеке сапатынан. Жогорку билими бар киши жалкоолонсо, аз жылдын
аралыгында ал далай нерседен куру калат. Зоотехник болуп не врач, мугалим, инженер
кесибиндеги киши дайым окуп, үйрөнүп жүрсө, ал дасыгат, билимин арттырат. Ошентип
илим-билим булагы алыскы тоо арасына чейин кетти.
Ушул тоолуктардын уул, кызы бул кезде сергек, шайыр. Ар бири өзү каалаган кесибине
жетише алат. Башта тек бир айылдын чөйрөсүнөн чыгалбай уктап калычу, өнүкпөй
калычу шык, талантка кең мүмкүнчүлүк берилди. Илимдин докторлору, көркөм өнөр
ишмерлери, инженер, врач, геологдор, архитекторлор, жазуучулар, айтор, ар түрдүү
кесиптин адистери чыгууда.
Бейпил, берекелүү, кеменгер элибиз дайым тынчтыкта ушинтип алп эмгекти дайым
уланта беришсе, улам алдыңкы жылдар жеңиштүү болору айгине!
...Ар бир адам кайгыны унутсун! Жылдар озгон сайын жер-суубуз жашара берсин!
Биздин Өлкөбүздөгү улуу үй-бүлөнүн ынтымагы бекемдей берсин!
1956-ж.
ЧОҢ АШУУ
Улам бийиктикке көтөрүлгөн сайын адам алды жакка кызыга карап, алыска чабыттап,
дүйнөнү кеңири көрөт. Жаңы ийгилик адамдын көңүлүн көтөрүп, эмгекке шыктандырып,
турмушка чексиз кызыктырат. Биздин өмүр дал ошол Чоң Ашууну көздөп бийикке
көтөрүлгөн кайратман кишинин сапарындай кадам сайын кызыктуу, көп жеңиштүү,
көңүлдүү, салтанаттуу! Бийикке көтөрүлгөн адам чарчоону сезбейт. Улам жаңы ашууга
тездеп жетиш эмгекчил адамдагы сонун сапар. Эң татаал, өтө оор кырдаалдар жолтоо
болгонуна карабай Октябрь таңы менен жаңы доор курган эмгекчил кишилердин сапары
жыл сайын жеңиштүү, көңүлдүү, кызыктуу болуп баратат.
Кечээ алдыда турган максат — бүгүн ишке ашууда. Мындан аз жылдар мурда жомок
иретинде угулган кыйын, татаал окуялар бүгүн адамдын колунан келген кадимки
иштерден болду. Ага анча таң калып, кеп салган адамды жолуктурбайбыз. Юрий Гагарин
менен Герман Титовдун айааламга кезип кайткан бийиктигине биздин кишилер бүт
көтөрүлдү, улуу кичүүлөр чексиз аалам бийиктигинен дүйнөнү таанышты!
Жакында алыскы тоо арасында жайгашкан колхоз кыштагында болдум. Ал кыштактагы
толгон ийгиликтерди, зор жеңиштерди, жаңылыктарды санабай туруп, биз бир түнөгөн
Кылычбек деген шофёрдун жаңы үйүндөгү быйылкы жаңылыгы — «Рекорд» телевизорун
көрдүк. Ал ички бөлмөнүн оңтойлуу бурчуна коюлуптур. Кылычбектин коңшулары да
келишти. Төрдүн алдын ала салынган жаңы шырдакты баса, тизиле олтурушкан кишилер
бир чоң үй-бүлөнүн адамдарындай жадырап, жайнап олтурушуп, телевизордон жаңы
берүүлөрдү көрүштү, кичинекей экранга кайдан-жайдан пайда боло калган татынакай
келинчек обон созду, ал ак куудай каалгып, көздөн кайым болор замат ал калпактын
этегин кайра кийген сулууча жигит «Жылкычыны» созду. Айтор, ыр, обон, чертилген
күүнү картина алмашты...
Олтургандар кадимкидей баамдап, талдап, кызыга олтурушуп эми Иоган Штраустун
«Чоң вальсын» көрүштү. О, бул жадырап олтурушкан чоң үй-бүлө Чоң Ашууга таяп
калган карапайым кишилер. Зор маданияттын ээси, жарык дүйнө курушкан эмгекчил
кишилер. Булардын дүнүйөсү кең, көргөнү көп, билгендери аруу ааламды таасын
таанышкан алп кишилер! Жадаса кемпир менен абышка баштагыдай таңданышпайт,
шыпшынышпайт... Көргөндөрүнө куштар, жадырап олтурушат.
— Балам, Алматың бүттү го. Кайра Фрунзени тартчы! — деди Абдылда карыя
Кылычбекке. Түндүн далайы өткөн менен мында олтурган кишилер улам бир шаардан
жаңылык алгысы келишет.
...Дал ушул үйдө олтурган кишилер бир кезде КПССтин жаңы Программасынын
долбоору жөнүндө кеп баштап кетишти.
— Атаа, кагылайындар,— деди Абдылда карыя бакылдап,— бул программанын
маанисин ойда туюндум! Кырк төрт жыл ичиндеги биздин баскан жолубузга салыштырсак
— алдыда Чоң Ашуу бар тура. Биз тигил басып койгон сонун жолубуздан кызыктуу,
андан да албан сонун көңүл өстүрүүчү ашууну такап келипбиз! О, кагылайындар. Ашууга
бараткан адам чарчоону сезбей калат. Себеби, бийикке чыккан сайын адамдын көңүлү
ойда көтөрүлөт, абдан сергектенет. Ошо ашуунун аржагындагы толгон сонундарды
көрүшкө кызыгат. Эмесе, ушул Чоң Ашууну да чогуу ашалы, балдарым. Бизди кары дебей
катарыңарга ала жүргүлө!
Баса, кандай адам эмгек жеңишин кубаттабасын. Жаңы дарактан жемиш таткысы
келбесин! Тынчтык менен бейпилчиликтин, байлык менен берекенин, рахат жыргалдын,
илим-өнөрдүн, акыл менен эмгектин маселелери каралган, адамдын таалайын ачуу менен
өмүрүн гүлдөтүү үчүн болгон жарык ишке ким кызыкпасын, тилектеш болуп ага ким
шыктанбасын!
1958-ж.
ЭЛИБИЗДИН АСЫЛ КҮЗГҮСҮ
Кырк жыл мурункуну эскерсек: өкүнүчтүү, аянычтуу, күлкүлүү, чоң кубанычтуу
окуялар дал бүгүнкүдөй көз алдыга келет. Жаңыдан улуттук боштондугун алган элдерди
көрө албай тиш кычыраткан, айласын тапса, мурункудай өз бийлигин жүргүзүүнү самаган
падышачыл бийликтин калдыгы али биротоло жоюлуп кете элек кез.
«Аккан арыктан суу агат. Тексиздер эл башкара албайт», деген эски чиновниктер,
төбөлдөр тарыхтын урандысында көмүлүп калган кечээкисин жандили менен самашат.
...Дал ушундай кырдаалда, жаңыдан Республикасын түзүү, өз эне тилинде кезитин
чыгаруу элибиз үчүн тарыхый зор окуя, түптүү жаңы маданияттын башталышы, элдик чоң
кубаныч, элдик максаттарды ишке ашыруудагы партиялык курч курал «Эркин-Тоонун»
чыгышы болду. Улуу Тоо, Ала-Тоонун айыл конгон өзөндөрүн аралап, «Эркин-Тоонун»
элге жетиши эстен чыккыс кубаныч!
Рас, ал кезде элибиздин басымдуу көпчүлүгү кат тааныган эмес. Бирок, бардык
жерлерде мектептер ачылып калган. Уул-кыздар жапырт мектепке тартыла баштаган.
Учурдун өзүнө мүнөздүү бир сонун башталыш: окууга жеке эле мектеп жашындагы уулкыздар келчү эмес, тосурайган балдардын, секелек кыздардын артында кер мурут
жигиттер, боз тончон, олчойгон чокойчон чоң эле кишилер да калам учту эпсиз кармап,
кат таанышка дилгир болушчу. Айтор, окуу окуш көз ачып билимдүү болуш деген асыл
сөздөр бирден бир максат катары улуу-кичүүлөрдүн ооздорунан түшпөй турган кез.
— Айылга кыргыз тилинде кезитибиз келди!
— О, эл! О, журт, кезитиң келди! Кат билген балдарыңа кезит окуткула, ата-эне!
— Кезит! Кезит! — дешип, атайы эле ушул ишти өз мойнуна милдет кылып алгансып,
колундагы топтоп кезитти төбөсүнөн бийик көтөрүп, аттарын энтиктирген кишилер
айылды аралай чабышты.
— О, журт, кезитиң келди! Балдарыңа окутуп, мындагы асыл сөздөрдү ук! Кезит сөзүн
уксаң, көзүң ачылат. Аң-сезимиң артат! Төгөрөктүн төрт бурчунан кабар аласыңар!
«Кат билбейм. Албайм», деген кишилер болчу эмес. Сакалы куудай байыркы карыялар
да кый өтүшпөй атайы айыл советтин мекемесине келишчү. Кезитти күнүнкүсүн күнүн
окуп таштап коюу жок. Кезиттин бир нускасын таап алган адам эбактан көксөп колуна
тийгизе албай жүргөн эн баалуу нерсесин тапкандай, аны баптап бүктөп жанына катып
алып, кат билген адамга атайы барып аны окутуп улам уга берүү, эч жырттырбай этиет
сакташып кыдыртып окуу, не боз үйлөрдө, дөбөдөбөлөрдө аял-эркек чогулушуп, мектеп
балдарына угуза окуттуруп угуу салтка айланган.
Күнү бүгүнкүдөй эсимде. Мектептен кайткан кездерде кээки адамдар атайы жолдон
тосуп турушуп, кезитти шыдыр окуган балдарды үйүнө ээрчитип барышып тамактантып:
— О, айланайын, үнүңдү кырааттап мобу кезитти окуп койчу? — дешчү. Анан кезит
сөзүнө чоң ыкласын коюп, бир сөздү кетирбей дит менен угуп тигил окуучуну алкап
калуучу:
— Учуң узарсын, айланайын. Тилегиңе жет! Караңгыда колума чырак карматкандай
болбодуңбу? Ошент, айланайындар. Окуп адам болгула! Биздин эл деле окууга, өнөргө
дилгир, сергек эл! Журт намысы үчүн окугула, кагылайындар!
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Мезгил Сабактары - 22
  • Parts
  • Мезгил Сабактары - 01
    Total number of words is 3925
    Total number of unique words is 2168
    28.4 of words are in the 2000 most common words
    41.5 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 02
    Total number of words is 3835
    Total number of unique words is 1945
    25.2 of words are in the 2000 most common words
    37.9 of words are in the 5000 most common words
    45.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 03
    Total number of words is 3888
    Total number of unique words is 2004
    26.2 of words are in the 2000 most common words
    38.0 of words are in the 5000 most common words
    44.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 04
    Total number of words is 3917
    Total number of unique words is 2109
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    38.3 of words are in the 5000 most common words
    44.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 05
    Total number of words is 3841
    Total number of unique words is 2050
    24.3 of words are in the 2000 most common words
    35.5 of words are in the 5000 most common words
    41.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 06
    Total number of words is 3908
    Total number of unique words is 2175
    25.1 of words are in the 2000 most common words
    36.6 of words are in the 5000 most common words
    43.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 07
    Total number of words is 3879
    Total number of unique words is 2261
    24.6 of words are in the 2000 most common words
    36.6 of words are in the 5000 most common words
    43.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 08
    Total number of words is 3889
    Total number of unique words is 2322
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    38.4 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 09
    Total number of words is 3878
    Total number of unique words is 2190
    26.2 of words are in the 2000 most common words
    38.2 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 10
    Total number of words is 3881
    Total number of unique words is 2101
    24.1 of words are in the 2000 most common words
    34.1 of words are in the 5000 most common words
    40.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 11
    Total number of words is 3844
    Total number of unique words is 2201
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    42.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 12
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 2270
    27.6 of words are in the 2000 most common words
    39.9 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 13
    Total number of words is 3957
    Total number of unique words is 2233
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    47.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 14
    Total number of words is 3766
    Total number of unique words is 2212
    23.9 of words are in the 2000 most common words
    35.6 of words are in the 5000 most common words
    42.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 15
    Total number of words is 3906
    Total number of unique words is 2254
    27.6 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    47.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 16
    Total number of words is 4040
    Total number of unique words is 2326
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    38.3 of words are in the 5000 most common words
    44.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 17
    Total number of words is 3980
    Total number of unique words is 2278
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    38.4 of words are in the 5000 most common words
    45.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 18
    Total number of words is 3826
    Total number of unique words is 2298
    24.7 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 19
    Total number of words is 4011
    Total number of unique words is 2430
    25.2 of words are in the 2000 most common words
    37.5 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 20
    Total number of words is 3935
    Total number of unique words is 2383
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    45.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 21
    Total number of words is 3922
    Total number of unique words is 2456
    24.7 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 22
    Total number of words is 3905
    Total number of unique words is 2360
    25.7 of words are in the 2000 most common words
    37.1 of words are in the 5000 most common words
    43.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 23
    Total number of words is 3793
    Total number of unique words is 2219
    25.4 of words are in the 2000 most common words
    36.9 of words are in the 5000 most common words
    43.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 24
    Total number of words is 3857
    Total number of unique words is 2269
    24.4 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    43.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 25
    Total number of words is 3863
    Total number of unique words is 2183
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    35.5 of words are in the 5000 most common words
    43.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 26
    Total number of words is 3856
    Total number of unique words is 2325
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.0 of words are in the 5000 most common words
    45.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 27
    Total number of words is 3866
    Total number of unique words is 2429
    25.2 of words are in the 2000 most common words
    35.8 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 28
    Total number of words is 3971
    Total number of unique words is 2417
    23.9 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    42.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 29
    Total number of words is 3917
    Total number of unique words is 2300
    24.3 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    42.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 30
    Total number of words is 3926
    Total number of unique words is 2169
    25.8 of words are in the 2000 most common words
    37.9 of words are in the 5000 most common words
    44.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 31
    Total number of words is 3936
    Total number of unique words is 2141
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    45.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 32
    Total number of words is 3916
    Total number of unique words is 2096
    25.7 of words are in the 2000 most common words
    37.3 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 33
    Total number of words is 3934
    Total number of unique words is 2181
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    38.5 of words are in the 5000 most common words
    45.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 34
    Total number of words is 2486
    Total number of unique words is 1435
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    41.2 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.