Latin

Мезгил Сабактары - 34

Total number of words is 2486
Total number of unique words is 1435
29.1 of words are in the 2000 most common words
41.2 of words are in the 5000 most common words
48.5 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
учурларды, эчен сонун боёкторду кайталангыс кыймыл, кыял
жоруктарды, жер-суунун көрүнүшүндөгү, жан-жаныбардын тиричилигиндеги
өзгөчөлүктөрдү көрүп жүрүп байкабастык жазуучунун табылгасын бөксөртөт.
Тиричилик бар жерде — турмуш да бар. Эмесе жазуучунун байкоосунда жеке эле
эмгектин кайнаган жери эмес, адам сергек учураган талаа-түз, жайыт, тоо-таштын арасы,
өзөндүн бою, көл, дарыя — айтор кайсы жерде тиричилик болсо, аны жакшылап байкап
алыш милдет. Адамдын мүнөзүн, кыял-жоругун үйрөнгөн сыңары жан-жаныбарлардын,
айбанаттардын өзүнө таандык кыял-мүнөздөрүн, алардын жашоо-тиричилигин туура
көрүш, кандай өсүмдүк кайсындай жерге өнөт, кандай гүл кайсы маалда гүлун ачат, кайсы
канаттуу кандай жерге байыр алып, жылдын кайсы учурунда балапандарын учурат?
Айтор, жер-суунун, өсүмдүктүн, айбанаттын, жан-жаныбардын өзгөчөлүгүн, жашоотиричилигин, ар биринин пайдалуулугун, же зыяндуулугун туура көрүп, туура билиш
бирден бир милдетибиз. Ушул жагынан алганда жаштар мындай турсун саамай чачын ак
чалган айрым авторлор романдарында кээ бир жан-жаныбардын тиричилигин терс
сүрөттөп коюп, кийин зоологдон же агрономдон сын уккан учурлар аз эмес.
Жакшы билбеген нерсени терс же жалган сүрөттөп кагазга түшүрүш бери болгондо
жоопсуздукка жатат. Ал эми биздин тажирийбада, турмуштун толгон кылдат жактарын
үстүртөн карай, желип-жортуп кете бермейлик көп жолдошторго өнөкөт болуп калган.
Бир нече роман, повесттердин автору болушканча «чыгармачылык азап» эмне экенин
сезбей жүргөндөр толуп жатат. Мындай авторлор үчүн китеп жазыштан арзан нерсе
жоктой сезилет белем? Жаза баштамак тургай теманы тыңгылыктуу тандап ала элегинде
эле басмаканалар менен келишим түзүшүп, аванса алууга ашыгышат. «Же жазга чейин, же
күзгө чейин паландай романды жазып бүтүрөм» деп убада бериш оңой. Албетте, чыныгы
жазуучу өз ишин анчалык жеңил баалабас. Ошентсе да ушул кезге чейин келаткан
тажирийбанын кээси чыгармачылык ишти жөнөкөйлөтүп жиберген учурлары жок эмес.
Маселен, чыгармачылык ишти өнөктүккө айландыруу союз тарабынан да, кээде басмакана
тарабынан да болуп калат. Биздин оюбузча, кадимки зор чыгарманы өнөктүк жолу менен
жаратыш кынын. Күндөлүк таламдын маанилүү учурларына жооп берерлик: аңгеме,
очерк, ыр, публицистикаларды берип туруу — бул керектүү иш. Бирок, муну ар бир эле
союздун мүчөлөрүнөн талап кыла берүү болбойт. Ар бир жазуучунун чыгармачылык
багыты бар: бири кыска аңгемени, очеркти берилип иштесе, бири кең планда роман,
повестти жазууну каалайт. Ошентип, ар бир адабиятчы аздыр-көптүр өз салымы менен
советтик зор адабиятты түзүшүүдө. Ал эми жетекчилерибиз союздун мүчөлөрүнө жекече
мамиле кылуу менен ар бир адабиятчынын мүмкүнчүлүгүнө карай талам коюшпастан
кээде орунсуз дооматтарын айтышат. Бир адамдын өзүнөн ар башка темадан китеп
жазышты талап кылган учурлар да жок эмес. «Сен айыл чарбасынан чыкпай койдун.
Өндүрүштөн жазбайсың. Интеллигенцияны унуттуң!» — деген жемени ушул кездерге
чейин угуп келатабыз. Дал ушундай мамилелер да көп учурда өз багытын анча баамдап
алалек авторлорду бирде тигиге, бирде буга урундуруп, башын маң кылышы ыктымал.
Андай учурларда жазуучу бардыгына жетишүүгө шашат. «Таламга жооп берем» менен
желип-жортуп турмушту үстүртөн көрүп, жүүнү бош «чыгармасын жаратууга» ашыгат.
Албетте, кудрети жетишсе, жазуучу өз ишин пландуу жүргүзүү менен чыгармачылык
өмүрүндө көп тармактуу эмгектерин түзсө, ал анын эрки. Аны куттукташка тийишпиз.
Бирок, антип үзүрлүү иштөө көп адамдын колунан келе бербес. Менимче, өз ишинен
ийгилик бергиси келген жазуучу бир багытта көбүрөөк иштегени дурус болор эле. Адам
эс тараткандан өзү көбүрөөк өскөн чөйрөнү кеңири билет. Артыкча бала кезден көрүп
өскөн турмуш тез таанылат. Эмесе, жазуучу өнөктүктүн талабына алданбастан каалаган,
өзүнө тааныш теманы тандаган учурда «ийне менен кудук казган» сыңары талыкпай
иштеп ийгиликке жетишер.
Кийинки жылдарга чейин көркөм өнөр менен адабиятта орун алып келген бир
беткейлик — турмуштун көлөкө жагын танып, жарык жагын гана көрүү, турмушту кеңири
таанышка жол ачмак тургай ой-сезимди мокотуп, белгилүү зыянын тийгизди. Адамды
тарбиялаш үчүн аны мактай бербестен кемчилигин көзүнө көрсөтө айтыштын өзү алдаканча күчтүү, таасирлүү болорун биз чындыктан көрүп жүрөбүз.
Адабият менен көркөм өнөрдө өкүм сүрүп өткөн «конфликтасыз теориясына» таянып
алышып, айрым сынчылар бүгүнкү турмуштан жазылган китептерди сынаган кезде,
андагы автор тарабынан туура берилген терс каарман болсо, аны бөлүп карашты.
«Советтик кишиге ушак. Бизде мындайлар жок!» — деген куру кыйкырыктар, китептин
авторуна саясий айыптарды тага салуу артыкча жер-жерлерде көбүрөөк өкүм сүрдү.
Кармашкан эки алп сыңары — эски менен жаңынын күрөшү бой тирешип турган
кездерде эчен курч окуялар, карама-каршылыктар, эскини көксөп, жаңыны
түшүнбөгөндүктүн негизинде жаралган далай татаал мүнөздөр пайда болору закондуу иш.
Эң жакшы, эң жарык нерсенин да белгилүү кемтиги болуп калышы ыктымал. Мөмөлүү,
берекелүү дарактын түбүнө түшкөн көлөкөсү бар. Анын көлөкөсү айтылбаса дарактын
толук сүрөтү берилбес эле. Турмуш — татаалдыгы, көп сырдуулугу менен сулуу. Анын
сырын ачуу таланттуу сүрөтчүгө да оңойлук менен келе бербейт. Ал эми тема жөнүндө
кеп козголсо, биз көбүнчө адамды эстен чыгарып: «Шахты жөнүндө такыр жок!»,
«Пахтаны аз жазасыңар!» «Өндүрүштөн эчтеме жок!» деген жемени жетекчилерден
баштап консультанттарга чейин, ал тургай көйкашка сынчыларга чейин айта салыш
өнөкөт. Көп учурларда булардын жемеси өздөрү тараптан ойлонуп айтылбастан «Айттым
болду, бир милдеттен кутулдум. Жазасыңарбы, жазбайсыңарбы өз ишиңер» деген маанай
менен айтылат.
Ушундан кийин өз милдетин даана түшүнө албаган кээ бир авторлор «таламга жооп
беришке ашыгышат». Шахта жөнүндө, же фабрика жөнүндө жазууга убадасын берет.
Ошентип, мында да баягы өнөктүк башталат. Турмушка үстүртөн кароо өкүм сүрөт.
Бардыгын куруучу, бардыгын жаратуучу адам экинчи планда калтырылып, машина,
маалымат, ар түрдүү түшүнүксүз терминдер биринчи катарга келишет. Мейли бул планда
роман жазылсын, мейли повесть, аңгеме жазылсын. Көркөм чыгарма катарында
окуучунун сезимин козгоп, ички дүнүйөсүн байытмак турсун кайра анын сезимин
мокотуп, тажатып коюучу супсак китептер түзүлүүдө. Мындай китептердин кемчилигин
көрүүдөн мурда: «маанилүү тема жөнүндө жазылган» — деп маалымат беришке
ашыгабыз.
Ошентип, өнөктүк менен башталган ишибиз өнөктүк менен токтолот. Натийжада арзан
табылган «китеп» ара төрөлгөн баладай кыска өмүрүн аяктайт.
...Жазуучунун «өнөктүгү» өзүнчө десек жаңылышпайбыз. Ал тийип-качып жүрүп арзан
табылга менен китеп жарата салышка эч акысы жок. Кандай гана объектини тандабайлык
алдыңкы катарда адам турат. Анткени, турмуш дегенде, биз биринчи иретте адамды
элестетебиз! Бардыгы адамдын колу менен жаралат. Ар кандай кубаныч да, кайгы да,
демилге, алга умтулган зор тилектер да адамдын сезиминен чыгат. Ошондуктан, адамдан
татаал эч машина жок экендиги баарыбызга белгилүү. Боорукерлик, таш боордук, ак
ниеттүүлүк, кара ниеттүүлүк, чеберчилик, осолдук, мейирмандык, зыкымдык, айтор,
жакшылыкка алып баруучу оң сапаттар да жамандыкка кабылтычу терс сапаттар да ар бир
адамда бар. Жалгыз айырмысы биринде терс жагы көбүрөөк болсо, биринде оң жагы
басымдуу. Бири өз кемчилигин тез көрүп, тез жоё алса, экинчиси өз кемчилигин оңой
менен сезбейт, андан оңой менен кутула албайт. Кандай гана баатыр болбосун анын өз
алдынча боштугу, коркоктугу болорун, кандай гана кеменгер акылман болбосун анын
белгилүү кемчиликтери болоорун бизге турмуш өзү дайым далилдеп турат.
Мына ушул жагынан алып караганда «адам жанынын инженери» аталган жазуучу —
чын инженерлик милдетин жогорку деңгелге көтөрмөйүнчө, ал турмушту да кеңири көрө
албайт. Бул жөнүндө да «минтсең» же «антсең» турмушту жакшы билип аласың деген
белгилүү рецепт жок. Мында да ар кимдин өз жөндөмдүүлүгү, байкагычтыгы, сезгичтиги
билет. Ошол эле колхоз талаасында жүрүп, дүнүйөгө жорго минген жолоочудай үстүртөн
караган жазуучуларыбыз толуп жатат. Эгин аянтынын арасынан данга зыян келтирүүчү
момойлорду, кошаяктарды илип алып жүргөн айры куйрукту, кулалыны көрүп алып:
«Эгинге зыян келтирүүчү канаттуулар менен күрөшүү керек» деп, «ураан таштаган»
жазуучуларды жолуктуруп жүрөбүз?
Албетте, «көрбөс төөнү көрбөйт» деген лакап да бар. Бул көрбөстүк жазуучуга туура
келбейт. Жазуучулук көз көрөгөч, жазуучунун фантазиясы (кыялы) учкул! Талаа түздө
жүргөн же станоктун жанында турган кези эмес, кабинетинде, ээн үстөлүндө жазып
олтурган кезинде өзү сүрөттөгөн окуяны көз алдына туура элестетмейинче, ар бир
каарманды жекече көрмөйүнчө турмушту туура берип жатам деп ишенүүгө болбойт. Сөз
— комбайн жөнүндө баратса, жемден чубурган кызыл көзгө көрүнүп, комбайнердүн тери
колуңа таамп, самандын жыты мурдуна келип турсун. Сөз — станок жөнүндө баратса,
иштелип жаткан нерсе ар бир майда жигине чейин көз алдыга туура элестесин. Эгерде
күңгөйдүн көрүнүшүн сүрөттөсөң, андагы өсүмдүк, жан-жаныбардын тиркчилиги өз
өзгөчөлүгү менен көз алдыңа туура тартылсын. Береги токум бетиндей такырда өзүнчө
түйшүктөнгөн узун мурут кара коңузду карап токтоло калсан, каармандын бетине жерден
тийген күндүн илеби кандай тийгенин туура сез. Ал эми сөз адам жөнүндө баратса, сен
анын кыймылын көр, айткан кебин ук, ойлоп турган оюн тап. Айтор, өзүнүн оң жана
тетири сапаттары менен тирүү киши көз алдыңда турсун.
«Советтик адам мындай болбойт» деген чечим турмушту калыс байкоодо белгилүү
зыянын келтиргени айтылды. Ал тургай толгон жакшы сапаттары менен бирге
кишилердин ар кимисинин өзүнчө кемчилиги болору талашсыз болду. Буларга бир катар
мисалдарды келтирсек да болот: жакында ири колхоздун төрагасы менен тааныштык. Сөз
жок, ал чарбанын жайын жакшы билет. Өзү башкарган артелдин кожолугу жолго коюлуп,
өткөн жылдарга караганда кирешеси арткан. Райондук кеңешмеде иши макталып, жүзү
жарык. Алдында «Победа!» Балким, ушундан чыгар, биз таанышкан жакшы башкарма бир
аз көп көлөң, ал тургай оройлугу да байкалат. Жакын тааныша келгенде, дагы жакшы
сапаттары менен бирге анын башка кемчиликтери байкалды. Сөзсүз төрага биздин киши.
Бирок ал кемчилигин сезиш үчүн, өзүнө окшогон кейипкерди окуган китебинен
жолуктурса, аны ойлонтор беле? Албетте, ойлонтот. Же, мына, Сырттакы малчыларга
келатып, ээн ашууда, жолдун бетинде ыксыз жатып калган таштарды тазалап жүргөн
карыяны жолуктурдук. Биз аны жолчу деп болжогонбуз. Бирок тааныша келгенибизде
карыянын жолчу эмес, малчы экенин билдик.
— Ташты эмне үчүн терип жүрөсүз? — деген биздин суроого карыя мындайча жооп
берди:
— Ээ, балам, жол деле биздики да. Колхоздун, өмкөттүн машинелери өтөт. Өз ордунда
жатпаган таштар дөңгөлөктөргө зыянын тийгизбей коючубу.
Карыянын бул ак ниеттүүлүгү — кадимки жакшы сапат! Ал эми биздин кээ бир
жаштарыбыз, ал тургай комсомолдор өзүнө тагылган милдеттүү иштерин кош көңүл
аткарганы жалганбы?
Ал мындай турсун оройлук, улууну сыйлабастык же андан да жаман жоруктарга
баруучулук толуп жатпайбы?
Тарбиялык жактан жаштарга таасир бериштин ордуна биздин көп «таттуу»
китептерибиз алардын жүрөгүнө тийгени жалганбы?
Тарбиянын эри күчтүүсү кемчиликти бетке айтуу, жашырып-жапбай ачык антуу
эмеспи. Башканы айтпаганда: «Биздин кишилерде кемчилик болбойт!» деп жүргөн
кездерде, кээ бир адамдар зөөкүрчүлүктү атайы сыймык катарында көрүп, мас болуп
алышып көчөдө кыйкырын сөгүнүү алар үчүн анчейин көрүнүш. Зөөкүрлүк зыяндуу
экенин бетке айтып, коомчулук тарабынан катуу сын жүргөндөн бери көчөдө кыйкырчу
мастар да азайды. Ичкиликтин тизгини тартылып, баштакы «эч оңолбос» зөөкүрлөр эми
тартиптүү, коомдук иштерге катышкан пайдалуу кишилердей боло башташты...
Ал эми келечектин кишилерин тарбиялаш милдети мойнунда турган биздин
педагогдордун, адамдын ден соолугун сактап, анын өмүрү үчүн кам көргөн
врачтарыбыздын кемчиликтери канча! Бул — кемчиликтерди гана көрөлү деген сөз эмес.
Турмуштагы чындыкты туура байкайлы дейбиз. Асыл затты бир аз кирдетип турган чаң
сыңары дүнүйөгө көз караштары тар айрым кишилердин мүнөзүндөгү кемчиликтер —
терс сапаттар. Бирок турмуштан жолуктурган жакшы менен жаманды ылгабай таразага
сала берүү жазуучунун милдети эмес. Турмуштан тандап алган чындыкты жазуучунун
курч, тунук фантазиясы дагы иргеп-ылгап, ага терең мазмун, бийик идея кошуу менен өңү
өчпөс сүрөт, унутулгус мүнөздөрдү, жарык элестерди түзөт. Ошентип, акыл-эс,
жазуучулук ой-сезим иштеп чыккан жана аны көркөм жараткан чынчыл чыгармаларды
берели.
Турмушту терең көрбөгөн жазуучу — жоокери жок колбашчы. Ал канчалык айкырып,
кылычын күнгө чагылыштырган менен да жалгыз өзү зор жеңишке ээ боло албайт!
1966-ж.
КЫСКАЧА БИБЛИОГРАФИЯЛЫК МААЛЫМАТТАР
МАКАЛАЛАР МЕНЕН ПИКИРЛЕР
«Манас» эпосунун элдиги жөнүндө — «Кызыл Кыргызстан», 29-май, 1952-ж.
«Советская Киргизия», 29-май, 1952-ж. Макала, кай-бир адамдар «Манасты»
буржуазиялык лирикалык эпос катары карап, ага тыю салууга талап этишкен терс
пикирлерине каршы жазылган.
«Манас эпосунун генезиси» жөнүндө — Тил Адабият Институтунун суроосуна карай
окумуштуу Рая Кыдырбаеванын монографиясына берилген пикир.
«Тарых жана «Манас» — «Ала Тоо», № 11, 1968-ж.
Күл-Тегин эстелигиндеги ташка чегилген жазуу — «Ала Тоо» № 11, 1968-ж.
Менин пикирим — Кыргыз жана орус тилинде «Манастын» бир томдугун жарыкка
чыгарууга карай жазылган.
«Улуу Сөз» жөнүндө ой — «Кыргызстан Маданияты», 1969, № 22, 28-май, №23, 4июнь.
Ата мурасы жөнүндө сөз — «Кыргызстан Маданияты», 1967, № 25, 27-июнь.
Жалбырак жана тамырлар — «Советская Культура», 1968, 20-июль.
Лениндин жарыгы — «Литературная газета», 1949, 22-январь.
Түбөлүккө өркөндө— (Жаңыра бер, Республикам!) —«Советтик Кыргызстан», 28октябрь, 1966-ж.
Эң кичинекейлер, эң маанилүүлөр—«Кызыл Кыргызстан», 12-октябрь, 1954-ж.
Жаш тилеги учкул — пионерлерге айтып бергин эскермеден.
Чеберчилик үчүн — Жаш талапкерлердин чыгармаларын талдоо кезинде аларга
берилген кеңеш.
Чоң адабияттын жаш өнүмдөрү — «Ленинчил Жаш», 8-январь, 1965-ж.
Кеңешмеден кийинки ой — «Ленинчил Жаш», 5-февраль, 1965-ж.
Тамырсыз дарак көктөбөйт—«Ала Тоо», 1963-ж. № 4.
Жыйынга карай — «Советтик Кыргызстан», 24-февраль, 1959-ж.
Октябрь өмүр берген адабият — «Ленинчил Жаш», 7-ноябрь, 1967-ж.
Алыкулдун «Махабаты» жөнүндө—Алыкул Осмоновдун ырлары, поэмасы топтолгон
«Махабат» жыйнагынын кол жазмасына берилген алгачкы жактоо.
Осокемдин «Ашымжан» тууралуу — Осмонкул Бөлөбала уулунун «Ашымжан»
поэмасына берилген алгачкы рецензия. Төкмө акын Осмонкул бул поэманы жазма
адабияттын салтында жазган. Бирок оозеки ырдап көнгөн акын жазмасында эч ылгабастан
ашык кайталоолорду жиберген. Берилген кеңештердин негизинде акын бул поэмасын
кынаптап иштеп чыккан болучу.
Баш сөз ордуна — Осмонкул Бөлө бала уулу. «Ашымжан» — «Кыргыз мамбас» 1949ж.
ЭЛ, ЖЕР, АДАМ, ЭМГЕК
Таалай жарыгы — «Кызыл Кыргызстан», 21-январь, 1952-ж. Ар жылдын оту жаңы —
«Казак Эдебиети», 31-декабрь, 1955-ж. Алп аял — мээримдүү эне — «Советтик
Кыргызстан», 31-январь, 2-февраль, 1960-ж.
Көркөм өнөр чеберлери — Эл акындары, ырчы, өнөрпоздору жөнүндө сүрөттөмө.
Ушул сүрөттөмөнүн негизинде кыргыз көркөм өнөрүнүн ишмерлери жөнүндө киноочерк
тартылган.
Улуу адам — «Жаш Ленинчи», № 11, 1965-ж.
Асыл мурасты уланткан залкар манасчы — «Советтик Кыргызстан», 27-октябрь, 1964ж.
Улуу манасчы Саякбай Карала уулуна алкыш—«Ала Тоо», 1964-ж. № 11. Тарых
илиминин доктору — «Советтик Кыргызстан», 27-октябрь, 1957-ж. Жамгырда —
Кызылчачы, эмгек баатыры Зууракан жөнүндө сүрөттөмө, радиодо окулган.
Курбулар — «Кыргызстан Пионери», 14-сентябрь, 1963-ж.
Тоо арасында — Тоолук Алдаш жөнүндө сүрөттөмө, радиодо окулган.
Шыкты эмгек курчутат — Жаш талапкерлер менен болгон маектен.
Эмгексиз жемиш жок — Жаш талапкерлер менен болгон маектен.
Эмгек жана көркөмдүк — Теле көрсөтүүдө сүйлөгөн сөз.
Эмгек жана тынчтык — «Кызыл Кыргызстан», 1-май, 1952-ж.
Алкыш сага — «Ала Тоо», № 5, 1963-ж.
Ясыр Шивазага — Эл акыны Ясыр Шивазанын 60 жашын куттуктоо. Өтүнүү — (Анын
кыздарынын бири) — «Правда», 23-январь, 1966-ж.
Академик Иса Акунбаевдин чебер хирургдугу жөнүндө сүрөттөмө.
Сүрөтчүнүн бир күнү — «Советтик Кыргызстан», 28-сентябрь, 1962-ж.
Кымбаттуу Мукама — «Ала Тоо», № 8, 1957-ж.
Улуу адамдын элеси — «Ала Тоо», № 6, 1964.
Түбөлүк эл менен — «Ленинчил Жаш», 29-сентябрь, 1965-ж.
Сыйлыктын биринчи ээлери — «Ленинчил Жаш», 18-ноябрь, 1967-ж.
Жаңы ийгиликтер — «Ленинчил Жаш», 1970-ж.
Эл өмүрү — «Советтик Кыргызстан», 6-ноябрь, 1957-ж.
Республикамын жолу — «Советский Союз» журналы, 1964, Вашингтондо англис
тилинде чыкчу санында басылды.
Кыштак четинде — «Советтик Кыргызстан», 28-сентябрь, 1962-ж.
Бакыт өстөндөрү—«Правда», 24-июль, 1957-ж.
Уулу айтты — «Советтик Кыргызстан» журналы, № 1, 1951-ж.
Жаңы шаар четинде — «Ленинчил Жаш», 6-ноябрь, 1960-ж.
Эл жөнүндө сөз — «Ленинчил Жаш», 28-октябрь, 1966-ж.
Дайым жаз болууга тийиш — «Правда», 28-октябрь, 1960-ж.
От тууралуу баян — Сүрөттөмө, радиодо окулган.
Гүлдөгөн Кыргызстан — «Советтик Кыргызстан», 6-ноябрь, 1956-ж.
Чоң ашуу — «Известия», 24-октябрь, 1958-ж.
Элибиздин асыл күзгүсү — «Советтик Кыргызстан», 25-ноябрь, 1964-ж.
Достуктун өрөөнү — Ысык-Көл жөнүндө сүрөттөмө, радиодо окулган.
Көп жылдык дарак — «Советтик Кыргызстан», 31-декабрь, 1963-ж.
Өнүксүн, өссүн советтик илим— 1954-жылы Кыргыз Академиясынын ачылышына
арналып жазылган. Радиодо окулган.
Ар адамга акылман дос — «Советская Киргизия», 5-июль, 1949-ж.
Жарчы сөзгө бан— 1956-ж. «Советтик Кыргызстан» кезитинин юбилейлик чыгышына
арналган сөз.
Учурашуу сөз— 1962-жылы сентябрде Леонид Соболевдин жетекчилиги менен биздин
Республикага келген орус акын-жазуучуларынын кездешүүсүнө арналган шаардык
чогулушта сүйтөнгөн сөз.
Жалын — Орус жазуучулары болуп биз Соң-Көлдө малчылар менен кездешүүбү;
арналып жазылган сүрөттөмө. Радиодо окулган.
Эң сочун иш—1966-жылы Ош областтык жазуучулар Союзунун бөлүмүнүн ачышын
куттуктоо.
Салам, балдар — «Кыргызстан Пионерн», 1966-ж.
Өспүрүм чак — өнүгүү — «Жаш Ленинчи», 1970, № 10.
Адеп — билим — «Кыргызстан пионери», 1-январь, 1970-ж.
Балаты — «Жаш Ленинчи», 1966, № 2.
Түштүктүн токоюнда— 1952-жылы Кара-Алма, Каба, Арстан баба, Сары-Челек токой
торун кыдырып чыккандан кийин жазылган сүрөттөмө. Ушул сүрөттөмөнүн негизинде
«Түштүктүн токойлорунда» деген түстүү киноочерк тартылган.
Октябрь — достук — «Кыргызстан Маданияты», 3-ноябрь, 1967-ж. Тоо алыстаган
санын бийик—«Советтик Кыргызстан», 3-ноябрь, 1967-ж.
ДИЛИМ, СӨЗҮМ, КӨРКӨМ ДҮЙНӨМ
Түшүнүк — Мурда баланын төрөлгөн күнү катка жазылып калбагандыктан биздин
замандаштардын көбүнүн төрөлгөн жыты, айы, күнү так эмес болгон. Менин да төрөлгөн
жылым, айым, күнүм так эмес болучу. Мен аны ушул түшүнүктө жазылгандай тактадым.
Тунгуч мугалим — Мугалим жөнүндө сүрөттөмө, радиодо окулган.
Тамчы тер — «Ленинчил Жаш», 18-ноябрь, 1962-ж.
Тунгуч романдын төрөлүшү — «Ленинчил Жаш», 5-декабрь, 1962-ж.
Сөз кезеги келгенде — «Ала Тоо», № 10, 1965-ж.
Жазуучулук сатам—Улуттар аралык байланыштары менен кыргыз адабиятына
арналган конференцияда сүйлөнгөн сөз. 1966, 4-октябрь.
Жаш окурмандарга жооп — Жаш талапкерлер менен болгон маектен. Төрт суроого
жооп—«Ленинчил Жаш», 1971-ж.
Кымбаттуу Азиз — Кыргыз Академиясынын мүчө корреспонденти, философ, сынчы
Азиз Салиевдин суроолоруна берилген жооп. 1963-ж.
Кымбаттуу Жигитов — Жаш окумуштуу, сынчы, акын жана жазуучу Салижан
Жигитовдун суроолоруна берилген жооп. 1964-ж.
Иним Камбар — Жаш окумуштуу, сынчы, акын Камбараалы Бобуловдун суроолоруна
жооп. 1966-ж.
Акындарга үч суроого жооп — «Кыргызстан Маданияты», 7-август, 1968-ж.
Эмине үчүн Ысык-Көл көгүлтүр — Бул сүрөттөмө 1971-жылы жазылган.
Биздин максат — 1971-жылы, 24-мартта, Кыргызстан Илимдер Академиясынын
жылдык чогулушунда сүйлөнгөн сөз.
Угулчу сөз — Элибиздин өмүр-тарыхын көркөм адабиятта чагылдырууда акынжазуучулар менен болгон маек.
Жакшы чыгарма үчүн — Жаш акын-жазуучулар менен болгон кездешүүдө сүйлөнгөн
сөз.
Турмушту терең таанып жазалы—«Советская Киргизия», 12-июль, 1966-ж.

You have read 1 text from Kyrgyz literature.
  • Parts
  • Мезгил Сабактары - 01
    Total number of words is 3925
    Total number of unique words is 2168
    28.4 of words are in the 2000 most common words
    41.5 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 02
    Total number of words is 3835
    Total number of unique words is 1945
    25.2 of words are in the 2000 most common words
    37.9 of words are in the 5000 most common words
    45.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 03
    Total number of words is 3888
    Total number of unique words is 2004
    26.2 of words are in the 2000 most common words
    38.0 of words are in the 5000 most common words
    44.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 04
    Total number of words is 3917
    Total number of unique words is 2109
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    38.3 of words are in the 5000 most common words
    44.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 05
    Total number of words is 3841
    Total number of unique words is 2050
    24.3 of words are in the 2000 most common words
    35.5 of words are in the 5000 most common words
    41.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 06
    Total number of words is 3908
    Total number of unique words is 2175
    25.1 of words are in the 2000 most common words
    36.6 of words are in the 5000 most common words
    43.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 07
    Total number of words is 3879
    Total number of unique words is 2261
    24.6 of words are in the 2000 most common words
    36.6 of words are in the 5000 most common words
    43.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 08
    Total number of words is 3889
    Total number of unique words is 2322
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    38.4 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 09
    Total number of words is 3878
    Total number of unique words is 2190
    26.2 of words are in the 2000 most common words
    38.2 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 10
    Total number of words is 3881
    Total number of unique words is 2101
    24.1 of words are in the 2000 most common words
    34.1 of words are in the 5000 most common words
    40.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 11
    Total number of words is 3844
    Total number of unique words is 2201
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    42.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 12
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 2270
    27.6 of words are in the 2000 most common words
    39.9 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 13
    Total number of words is 3957
    Total number of unique words is 2233
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    47.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 14
    Total number of words is 3766
    Total number of unique words is 2212
    23.9 of words are in the 2000 most common words
    35.6 of words are in the 5000 most common words
    42.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 15
    Total number of words is 3906
    Total number of unique words is 2254
    27.6 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    47.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 16
    Total number of words is 4040
    Total number of unique words is 2326
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    38.3 of words are in the 5000 most common words
    44.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 17
    Total number of words is 3980
    Total number of unique words is 2278
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    38.4 of words are in the 5000 most common words
    45.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 18
    Total number of words is 3826
    Total number of unique words is 2298
    24.7 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 19
    Total number of words is 4011
    Total number of unique words is 2430
    25.2 of words are in the 2000 most common words
    37.5 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 20
    Total number of words is 3935
    Total number of unique words is 2383
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    45.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 21
    Total number of words is 3922
    Total number of unique words is 2456
    24.7 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 22
    Total number of words is 3905
    Total number of unique words is 2360
    25.7 of words are in the 2000 most common words
    37.1 of words are in the 5000 most common words
    43.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 23
    Total number of words is 3793
    Total number of unique words is 2219
    25.4 of words are in the 2000 most common words
    36.9 of words are in the 5000 most common words
    43.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 24
    Total number of words is 3857
    Total number of unique words is 2269
    24.4 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    43.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 25
    Total number of words is 3863
    Total number of unique words is 2183
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    35.5 of words are in the 5000 most common words
    43.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 26
    Total number of words is 3856
    Total number of unique words is 2325
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.0 of words are in the 5000 most common words
    45.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 27
    Total number of words is 3866
    Total number of unique words is 2429
    25.2 of words are in the 2000 most common words
    35.8 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 28
    Total number of words is 3971
    Total number of unique words is 2417
    23.9 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    42.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 29
    Total number of words is 3917
    Total number of unique words is 2300
    24.3 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    42.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 30
    Total number of words is 3926
    Total number of unique words is 2169
    25.8 of words are in the 2000 most common words
    37.9 of words are in the 5000 most common words
    44.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 31
    Total number of words is 3936
    Total number of unique words is 2141
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    45.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 32
    Total number of words is 3916
    Total number of unique words is 2096
    25.7 of words are in the 2000 most common words
    37.3 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 33
    Total number of words is 3934
    Total number of unique words is 2181
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    38.5 of words are in the 5000 most common words
    45.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 34
    Total number of words is 2486
    Total number of unique words is 1435
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    41.2 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.