Latin

Мезгил Сабактары - 07

Total number of words is 3879
Total number of unique words is 2261
24.6 of words are in the 2000 most common words
36.6 of words are in the 5000 most common words
43.1 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
менен эзелки таанышымдай, курбумдай ачыкайрым сүйлөштүм.
Ана, жашыл бет,— биз өстүргөн кызыл карагай,— деди ал, бет-беттерге кол жаңсай. —
Отузунчу жылдары бул беттердеги бай карагайлар кыйрап кеткен... Тоо жылаңачтанып,
суу азая баштаган. Ошол ээн беттерге биз эми кызыл карагай өндүрүп жатабыз.
Мен тек тамашаладым:
— Өзү чыккан карагайлар иретсиз, сиздер өстүргөндөр саптап болуп деле
«маданияттуу го».
Карагай башы жылмая карап кебин улады: Адам маданияттуу эмгектенсе, анын колу
тийген токой маданийаттуу өнөт. Бирок, жекшемби сайын ушул жакка келишкен
шаардыктар маданияттуу дем алып кетишсе, жакшы болор эле. Алар көбүнчө ушул жакка
арак жүктөнүп келишет. Бизде тыным жок: эки көзүң төрт көз болуп карабаса, мас болгон
немелер, кээде арчаны арчадай, балатыны балатыдай кырка беришет. Күйсүн-күйбөсүн
суу чырпыкты отко жагуу алар үчүн кумардай. Олтурган жерлерине кагаздын
тытындылары менен бөтөлкөнүн сыныгы жайнайт. Тим эле тоонун кыжыры келгидей
болот?! Деги арак деген балакет адамды айбан кебетелентип салат экен да.
Шаардан келген мастардын ыплас жоруктарын карагай башы өтө кыжырланып,
нааразыланып кеп салды. Адам кейий турган, өкүнө турган, адам жийиркене турган эчен
жаман окуяларды көз алдынан өткөргөнүн айтты.
Уяла турган, өкүнө турган иштер. Деги кыйраканы түшкөнчө, шалпып оозуна келгенди
айта бергиче мас болуу, не деген маданиятсыздык?! Деги биздин улуу социалисттик
өлкөдө өнүгүп жаткан жалпы элдик жаңы маданиятка салака тийгизе турган жаман
отоонун ана башы ушул зөөкүрчүлүккө сокку уруу — бардык жамандыкка сокку уруу
Жаш карагай башынын жүйөлүү сөздөрү мага доо сыяктуу угулду. Мен кейидим,
өкүндүм:
— Бардык жамандыктын атасы — ичимдик, иним!—дегенден артык эчтеме
айталбадым.
—Жегени ыпластын иши ыплас! — деген сөздү мен кичинемде энемден уккан элем.
Энем боз үйдө чоңойгон, өзү ошол боз үйдүн түндүгүн тартып, казан аягын башкарган
карапайым аял эле. Эч окубаган, бирок эң сергек, кеп-сөздү орундуу айткан, адамды
баалаган түйшүкчүл адам болучу.
Күнү бүгүнкүдөй эсимде — эрте жазда балдар менен ойноп жүрүп кызгалдак терип
келдим. Алардын кээси түбү менен жулунуптур. Энем колуман байчечекейлерди алды да
— «Ай-ий, эң жакшына ачылыптыр. Эң жыттуу экен!» — деп мактап коюп кызгалдакты
кайра берди:
— Тамыры менен жулбай жүр. Тамырсыз байчечекей гүлдөбөйт. Деле гүлдү жулба,
балам. Бул — жер-суунун көркү!
Энемдин ошол бир сөзүнөн кийин мен гүл жулганды койдум. Баса, жулунган гүл солуп
калат, тамырында ал узакка гүлдөйт. Айтор, тоолук болуп дайым көк конушка
конгондонбу? Не элдик салтпы? Энелер бизге гүлдү жулдурчу эмес.
Неси болсо да ал жакшы салт дээр элем. Өнгөн, өндүрүлгөн нерселер адамдын колунан
кыйратыла бериш райымсыздык, маданиятсыздыкко.
Тоодон мага жолуккан жаш карагай башы да «тамырсыз кызгалдак гүл ачпайт»,—
деди. Эрте жазда тоонун, түздүн көркүн ачкан кызгалдактарды тамыры менен казып
алышьш, аны базарда саткан пайдакечтерге тыюу салууга болобу? Жер-суунун көзөл
энчисинин тукумун үзбөй кайра аны көбөйтүү, тукумдатуу үчүн аларга адамдык чоң
маданияттуулук менен мамиле кылуу азыр айтууга арзан, жетүүгө кыйын иш.
Деги неси болсо да, бул кезде жер-суубуздун көзөл жаратылышы адамдар тарабынан
маданияттуу мамилени күткөндөй.
...Элибиз эбак отурукташты. Өзөн-өзөн боюнда, чоң жолдор боюнда дарактуу жашыл
кыштактар бирине бири уланат. Шаарларыбыз андан жаңырып-жарашууда. Андагы
жогорку окуу жайларда улан-кыздар билим алууда. Завод-фабрикаларда, шахталарда,
өнөр-жай ишканаларында, колхоз-совхоздордун устанакаларында адамдар жаңы, жаңы
кесиптерди өздөштүрүүдө.
Биздин жарым көчмөн журтубузду ушунчалык тездикте илимге, техникага ээ кылып,
чоң маданиятуулукка жеткирип жаткан совет бийлиги. Октябрь революциясынан мурда
эле кыргыз жергесинде көп элдер жердешчү. Бирок, алар анда өз-өз ара ынтымаксыз эле.
Бирине-бири бийиктен кароо, күчтүүсү күчсүзүнө зомбулук көрсөтүү өкүм сүрүүчү.
Падышалык бийлик жергиликтүү элдердин улуттук маданиятын закондон тышкары карап,
аны кемсинткен. Улуттук маданияттын өнүгүшүнө жол берген эмес...
1918-жылдан кийин кыргыз жеринде мектеп ачылбаган айыл калбады. Мектеп
жашындагы балдар мындай турсун, эбак «тили каткан» чоңдор окуп кат тааныды. Атайы
алар үчүн — «Сабаттуу бол» деген кезит чыгып турду. Мамлекеттик басма, улуттук
театрлар ачылды. Кызыл үйлөрдү клубдар алмашты, жергиликтүү радио түйүндөрү
сүйлөй баштады!
Айтор, жаңы маданияттын агымы биздин көз алдыбызда өркөндөп ар бир эмгекчи
адамдын сезимин ачууда. Тоо желиндей зымыраган биздин доордо — бардык жактан
өсүшүбүз тез, жеңишибиз зор!
Бирок шашмаланган артык тездикте өрөпкүп алган спортсмен сыяктуу жаңыга бет
бурууда биздин шашмалык кетирген кездерибиз болду. «Эскилик» деген бизде биз эч
ылбагастан элдик маданиятта терең тамырдаган далай жакшы нерселерди кошо тандык.
«Бай-манаптык, феодалдык калдык менен аёосуз күрөшүү» деген ураан астында кээде
элдик кай бир асыл салттарды кошо жойдук. Буга бир мисал: калың мал алуу, жаш кызды
тең эмес адамга берүү — тыюу салар терс көрүнүш. Ал туура! Ага каршы чабуул ачыш
керек эле. Ал эми үйлөнүү тоюндагы кыз оюну эзелтен келаткан эк сонун салт болучу.
Кыз оюндарында кыз-келиндер, уландар келишчү. Анын өзүнүн жакшынакай эрежеси
бар: анда эч ичимдик ичилчү эмес, оройлук, осолдук болбостон кыз-жигиттин ортосунда
өтө сый-сыпат болучу. Мында үнү жакшы уландар макталчу. Кыздар аларга
токмок (жоолук) ташташчу. Уландар кубулжуган үн менен ырдашып, токмок салган
бийкеч менен жар көрүшчү. Комузчу, кыякчы, бийчилер өз өнөрлөрү менен кыз
оюндарын гүлдөтүшчү. Ошол кыз оюнунда ырдай албаган улан өмүрүндөгү эң кымбат
энчиден куру калгандай сезчү... Ошондуктан биздин элде — «Күйгөн», «Секетпай»
сыяктуу арзуу лирика жанры өтө өнүккөн. Ошон үчүн кыргыздар ырчы, обончу.
Соңку кездерде ушул элдик сонун салтты биз «эскиликтин таштандысын» көздөй
шилеп, аны унутуп баратабыз. Азыр үйлөнүү тойлорунда биздин элдин адебине жат —
ичимдик ичүү, улан-кыздар мас болуп алышып оройлук кетирүү болуп калат. Эки жардын
баш кошуу кечесинде эле кээде ушинтип таза сезимдер кирдей баштайт. Элибиздин
салтында улуу-кичүүлөрдүн көзүнчө өбүшө берүү болгон эмес. Айрыкча, ата, эне, ага,
жеңенин көзүнчө жигит, кыз өбүшүү эң уятсыздык, адепсиздик, тарбиясыздыкка жатат.
Бул — элдик салт! Буга тыюу салыш болбойт. Бизде карылар гана эмес, дал ушул кездеги
көп жаштар ушул элдик салтты колдошот.
Өткөн күзүндө мен эки жаштын үйлөнүү тоюнда болуп калдым. Той кечеси жаңы
кафенин сонун залында эң көңүлдүү өтүп жатты. Кече кызып ичимдиктер бир топ ичилип
калган кезде, те бурч жактан дарылдак үн чыкты:
— Горько, Горько!
Кыз-күйөө өбүшүүдөн ийменишти. Үн дале басылган жок. Ошол кезде колуктунун саал
кызып калган студент агасы ыргып турду:
— Улуулардын алдында карындашым өбүшпөйт! Ал тарбиясыз өскөн көчө кызы эмес!
— деп тыйды.
Ушундан кийин кеченин кызыгы болбой калды...
— Атаа, үйлөнүү кечеси кан кызытар ичимдиксиз эле, ыр, бий, зоок-тамаша, жар
көрүшүү менен өтсө, не? Качан кыз оюндарында чатак чыгычу эле? Бул эн ыйык кече
эмес беле — деп кобурагандар болду.
...Миң жылдар бою өзүн актап келген боз үйдү синтетика материалынан жасалган
ыксыз, эпсиз «боз үйгө» алмаштыруунун кажаты эминеде эле?
Баса, эминеде эле?! Буга республикага биринчи келген журналист эмес, ага ошол боз
үйдүн жайын жакшы билишкен адамдар бүт таң калышкан. О, алар таң калганда
кантишмек. Бизде, көп учурда адамдардын ойпикирлерин угуп, алар менен эсептешүүнүн
ордуна кимдир бирөө «жаңы» деп койсо болду. Калгандарыбыз жапырт ошол «жаңыны»
жакташка милдеттүү болобуз... Чарбанын негизги тармагынын бири мал өстүрүү болгон
республикаларда боз үй өз өмүрүн бүтүрбөйт. Жана ал өзүн башка бир жасалма нерсеге
алмаштырууда зыян табат. Бизге биринчи келген журналисттерге анын сырткы көрүнүшү
тез байкалат. Ал эми ошол боз үйдө туулуп өскөн биздерге ошол боз үйдүн ичинде
калыптанып эзелтен келаткан элдик маданияттын кыз оюну сыяктуу жакшы үлгүлөрү
жоюлуп жатканын айтпай коё албайбыз. Элдик маданияттын ошол жакшы үлгүлөрү
улуттук мүнөзгө сыйбас жат нерсеге өзүн алмашпай, өзүнүн улуттук сонун формосун
социалисттик мазмунга кошсо экен! Элдик жаңы маданияттын гүлзарында булар
байыртан — ата-бабадан келаткан асыл мурас, бүгүнкүнүн табылгасы катары жаңыча
өнүккөн байчечекейлерден болсо экен!
Бул айтууга арзан болгону менен кайрадан муну ишке ашыруу мамлекеттик камкордук
көрүлүп жаткан маанилүү иш.
Биз жаңыга бет бурууда жеке эле боз үйдү танбадык. Куйруктуу, эти, майы сапаттуу
кыргыз коюнун тукумун үзүп салдык?! Кыргыз коюнун тукумун үзүү жеке эле сапаттуу
эт, майдан куру калуу эмес, сапаттуу сонун кийиздерди жоготуу. Түйшүктү көбөйтүү...
Кылторко костюмду, кылторко көйнөктү кийишибиз керек, Ал үчүн уяң жүндүү меринос
койлорун эле көбөйтөлү. Бирок, ошол асыл тукум койлорду асырап, андан уяң жүндөрдү
өстүрүп алыш үчүн, алгач ошол асыл малды асыраган чабандар үчүн кам көрүү эң
биринчи маселе болбосун. Күн тийсе ысып, көлөкө түшсө сууп кеткен бризент чатырда
чабан эңкейип басса, не уй жүнүнөн эң сапатсыз жаралган көпшөк кийиз жабылып, артел
тарабынан эч жарашыксыз жасалган уук, керегеси не көгүш, кочкул сыр менен боелгон
көңүлсүз алачык боз үйдө чабан башкалкаласа, ал уяң жүндүү койлорду көңүлдөнүп
асырар беле?!
Кылчык жүндөн жасалган сапаттуу кийиз жеке эле чабан тиккен боз үйгө керекпи?
Жок! Ал, оюу-шыруу, чийүү сыяктуу байыртан келаткан элдик көркөм өнөрдү сактап, аны
өнүктүрүү үчүн Да керек! Жаз күндөрүндө апапакай боз үйлөргө кооз шырдак төшөлүп
жатса, ага башкалардан мурда ошол кылчык жүндүү кыргыз коюн жектеген зоотехник
вет-врачтар, сейилге барышкан окумуштуулар ошол кооз шырдакта олтуруп дем алууну
жактырар эле. Ошол кылчык жүндөн чебер жасалган ала кийиз, туш кийиз, шырдак XX
кылымдын эң жарык айнек үйлөрүнүн төрүндө көз жоосун алып, үй ээсин кубантканын
көрүп жүрөбүз. Бул буюмдар тек «көркөм буюм» эмес, алар өзүнө чоң көркөмдүктү
батырган маданий эстелик. Кыргызстанга башка жактан келишкен саякатчылар, туристтер
шырдакты, туш кийизди элдик чеберчиликти сактаган мурас катары баалашат.
Храмдарда сакталган байыркы көркөмдүктү бабалардан келаткан асыл мурас катары
баалайбыз. Алардын эскирип бузулгандарын чоң каражат жумшап, кайра аларды
баштапкы калыбына келтиребиз. Бул мурастарды түбөлүк сактоо үчүн болгон
мамлекеттик кам көрүү!
Бардык эле элдердин мурастары үчүн биздин мамлекет кам көрөт. Байыркы көчмөндөр
шаар курбаган, сарайлар тургузбаган. Бирок, алар көчмөн турмушта жүрүшүп эң эле
баалуу
элдик эстеликтерди жаратышкан. Алар — жыгачка, жибекте, кийизде, ташта, алтын,
күмүштөн жасалган буюмдарга чөгөрүлүп, оюлуп кооздолуп калтырылган. Бирок, жибек,
кийиз, жыгачтар сарай сыяктуу сакталбагандыктан андагы байыркы көркөм жасалга
бабалар тарабынан колдон колго, чеберден чеберге өтүп, анын үлгүлөрү улам кайра
жаралып бизге жетти. Эмесе, биз ошол байыркы көркөмдүктү бизге жеткизген — ала
кийиз, туш кийиз, шырдак, текче, тасма, боо, көөкөр, аяк-кап жана башка ушулар сыяктуу
эстеликтерди тек эскирип кеткен «үй буюмдары» катары карап, аларга кол шилтеп
салышка эч акыбыз жок. Аларды элдик көркөм өнөрүнүн эзелтен сакталып келаткан сонун
үлгүлөрү катары баалап, сактап өнүктүрүүгө тийишпиз!
Боз үй — жеке турак жай эмес. Көчмөн журттун маданиятын өзүндө сактаган касиеттүү
сонун «храм!» Көркөм жасалгасы шаймашай татынакай өргөлөрдү, ордолорду ошол
көчмөн журттун адамдары музейге келгендей атайы келип көрүшчү эмес беле. Атаа,
ошондой сонун жасалган боз үй азыр биздин музейдин чоң залында тигилсе, калайык
кызыгып, сүйүп көргөн сонун экспонаттарынан болор эле. «Мурунку кыргыздын турмушу
ушундай болучу» деп биз тарых музейине адам тургай ит үркчүдөй болгон жаман алачык
коюу менен чектелдик. Жасалгасы бай, жакшы боз үй коюлса, анда аны көргөн бүгүнкү
кишилер ошол «Эски феодалдык турмушту көксөп кетет» деп чочулайбыз. Тигил
Ленинград, Москва, Киев, Тбилиси, Ригаларда падышанын, княздардын сарайлары
сакталып турат. Аларды төбөлдөр эмес, ошо мезгилдеги устат-зергерлердин, элдик
таланттардын эстелиги катары көрүп жүрөбүз. Мен эчен жолу барып жүрүп көп сандаган
көрүүчүлөрдүн ичинен Шереметьев болгусу келген бир жанды байкай албадым.
Биз болсок элдик уздардын, чеберлердин колунан жаралган сонун жасалгалуу ак боз
үйдү баба мурасы катары азыркы адамдарга көрсөтүүдөн сактанабыз. Өзүбүздү эң артта
элек, жапайы элек деп айтканыбызга чоң ишке жарап жаткансып «сыймыктана» түшөбүз...
Барды жоготуу тарых алдында кечиримсиз иш. Эл ичиндеги уздар, чеберлер, бабадан
келаткан боз үйдү жасалгалоону танбас. Аны жүрнарга салуу — кандайдыр бир артелдин
колуна берүү, ал артель тараптан эң көрксүз, эптепген боз үйгө окшобос баш калкалар бир
нерсени колхоз-совхоздорго кайра кымбатка сатуу жеке эле ишти билбестик, чарбасыздык
эмес, элдик маданий мураска кайдигер кароо.
Миң жылдар бою жедеп калыптанып калган бул элдик мурас, кайра элдин өз колуна
берилүүгө тийиш. Аны мурас катары карап, элдик көркөм өнөр катары өнүктүрүү үчүн
мамлекеттик кам көрүү, элдик демилге көтөрүү күн тартибинен алынып салууга тийиш
эмес!
Кыргыз коюнун тукумун таптакыр үзүп салуу жеке эле чарбадагы бир беткейлик эмес,
анын салакасы ушунтип маданий турмушка тийгенин көрдүк. Эмине болбосун бир
беткейликтин бир акыры зыянга чабарын турмуш далай жолу бизге далилдеп көрсөттү...
Сары өзөн Чүйдө «Тордомо», «Басыбалды», «Көкчө» деген эң ширин коондор бышчу.
Шекер даамдуу ири дарбыздар бышчу. Кара топурактуу жерлерге эзелтен эң ири
картөшкөлөр өнчү. Ошол көп сорттуу ширин коон, ошол ширин дарбыз,. ошол ири
картөшкө азыр бизде болбой калды. Коондорубуз ашкабакка окшоп кетти. Картөшкөбүз
сырты таза, ичи чирик. Айрым адамдар аны жертөлөдөн көрүшөт. Андай болсо, илгерки
дыйкандардын жер төлөдө картөшкө кыш бою кантип таза сакталды? Жер төлө айыптуу
эмеско. Кеп — тоо топурагы жериген кай бир «жаңы» сорт же ыгы жок минералдык
семирткичтерди күргүштөтө берүүдөн болбосун?..
Мен бул жерден окумуштуу зоотехниктердин, селекционерлердин баарына доо
койбоймун. Бирок алардын өтө жаңычылдарына: — «Окумуштуу сыйлыгын алды, боз
соолук козулабай калды» деген учкул сөздү эскертемин...
Айрыкча биздин республикада, кай кездерде, кай бир иштер боюнча бир беткейлик
тогузунчу толкундан шар. Деңиздердеги тогузунчу толкунду күчтүү бороон айдайт. Бизде
кичине жел чыкса, болду. Толкун өзүнөн өзү түрүлөт?! Байыркы Бабур Оштун үстүндөгү
Сулайман-Тоого имарат куруптур. Ал жай алты кылымдан ашык мезгил өткөндүн
эстелиги болуп келди. Рас, ал жерди «ыйык» санаган динчилер да болушкан. Ошонун
кесепетинен өткөн жылы оштуктар,— «Динчилер табынчу жай болуп кетти» дешип ошол
Бабурдун үйүн бузуп салышты. О, достор! Бул сыпаа айтканда шаардык жетекчилер
тараптан кетирилген оройлукко? Болбосо, Бабурдан калган үйдү мурас катары баалап
азыркы адамдар экскурсияга барып туруучу маданий жайга айландырылса, ага динчилер
жолтоо кылат беле?
Ошол Бабур Индустанды башкарып турган кезинде Фарганадан алып барган коонду
көз жашын тамызып олтуруп жеген экен. Бул жеке эле туулган жерин сагынуу эмес, ошол
жерде бышкан жемиштин жагымдуулугун, шириндигин сагынгандык! Эмесе, ошол
эзелтен бабалар өндүрүп, бабалар баалаган коон сорту биздин Чүйдө калдыбы? О, жок!
Муну да биздеги бир беткейликтин толкуну кумга чайыды. Жаңы тапкан «коон» коон
болбой ашкабак болуп калды. Балким, биз дагы көз жашты тамызат белек? Ага XX
кылымдын техникасы бизди жеткизген жок. Күркүрөгөн ИЛ18 Чүй менен Фергана
аралыгында моторун тындырбайт. Кээде иш менен командировкага баруучуларга
самолеттон орун жок. А тигил коон сатычу алыпсатарлар ал орундан кам жебейт. Ал
жактан тоннатонна коон келет. Ширин, сонун! Чүйлүктөр ал коонго алты эсе кымбат
төлөшкө ыраазы?!
Бир беткейликтин зыян жагын көрсөтүш үчүн ушул көзгө даана тартылган мисалдарды
келтиришке аргасыз болдук. «Эски» деп кол шилтөө менен — рухий жоготууларыбызды
баалаш кыйын. Айрыкча, улуттук өзгөчөлук жөнүндө, улуттук мүнөз жөнүндө, элдик салт
жөнүндө кеп-сөз болгон жерде кай бир «официалдуу» адамдар кыйпычыктап олтурушат.
Ал тургай «Аны козгоп кереги не. Артка караштын кереги не» деген сөздөр чыгат.
Ошентип, эзелтен калыптанып бизге жеткен — элдик көркөм өнөр түрлөрүн жаңы мазмун
кийрип жаңыртыштын ордуна, улуттук кийимдердин жакшы үлгүлөрүн улантыштын
ордуна... «Мезгили өткөн, эскирип калган» нерсе катарында, аларга кол шилтөө айрыкча
мүнөздүү. Ошол «эскирди» делген кийимдердин бири ак кементай күн-түн жааган
нөшөрдө суу өткөрчү беле. Не күркүрөгөн бороондо жел өткөрчү беле! Ал — жеңил,
көркөм, жарашыктуу эмес беле? Тоодо түнөгөн малчынын, эрөөлдө жүргөн жоокердин
эзелки кийими ошол ак кементай узакка чыдамкай жыртылбас болучу. Ат үстүндөгү
адамдын боюна жарашкан өз кийми болучу. Азыркы малчынын колуна ошол кементайы
тийсе, ал аны эч синтетикага алмашпас эле.
Ушундан кийин колхоз-совхоздор жайгашкан ири кыштактарда, жумушчулар
поселкаларында курулган клубдардын сырткы жана ички жасалгаларына улуттук
орнаменттердин кирбегени, имараттардын архитектуралык жагы тээ Россиянын орто
жазыгындагы клубдарга коендой окшош болуп калганы биз үчүн таң каларлык эмес... Рас,
маданий жайларыбыздын саны бизди кубантат. Аларды санап айтып мактанабыз,
сыймыктанабыз. Бирок ал жайлардын көбү тек сарайга окшоп татымсыз, көрксүз
калганына да макулбуз. — «Бука болсо мейли, сүтү болсо, болду» деген экен апендим.
Ишти «чарба көзү менен караган» көп жетекчилерибиз дал ошол апендиме окшоп маселе
чечишет. — Клуб болсо болду, пансионат болсо, курорт болсо болду... Анын
эстетикасынын кереги не?! Айнек болсо болду, цемент болсо болду. Анын туш кийизинин
кереги не?! Квартира болсо болду, үйдүн шыбына төбө тийип, жоонураак айбанчасына
кептелсе мейли...
«Алга зымыраш XX кылымдын мүнөзү! Артка караш эски кишинин мүнөзү?!» —
дейбиз. Кайдигер кол шилтейбиз. Эскини танабыз не болсо болсун — «жаңы» дегенге
үзүлүп түшөбүз.
...Шаарларда жаңы кварталдар, микрорайондор көбөйүүдө. Албетте, мында да сан жагы
бизди кубантат. Анда сөз жок. Бирок коендой окшоштук, шаблондук чексиз.
Имараттардын архитектуралык жасалгасына улуттук мүнөз берүү таптакыр эстен чыкты.
Улуттук көркөм өнөр, улуттук маданиятты тааныткан, ошолор аркалуу калкка
эстетикалык тарбия берген кварталдар, аянттар түзүлсө, алар дал ушул биздин доор
келечек кылымдарга калтырган эстелик белектерден болор эле.
Республиканын курортторун кооздогон скульптуралар, чоң жолдун боюна коюлган
жасалгалар татымсыз, мүнөзсүз, кыска өмүрлүү шаблондон арылып — чебер жаралган
бийик көркөмдүктү, элдик маданиятты тааныткан, республиканын өз түспөлүн ачкан,
түбөлүктүү скульптуралык чыгармаларды коюшка кез жетти.
Бурана, Өзгөн эстеликтери, Ташрабат, Манас күмбөзү сыяктуу байыркы эстеликтерди
калыбына келтирүү, аларды сактоо, алардын жакшы элементтерин азыркы курулуштарда
пайдалануу — чыгармачылык табылгалар болор эле.
Тарыхты үйрөнүү, элдик мурастарды үйрөнүү — жаңыны тез улантат. Анын мазмунун
байытат, аны кеңейтет, тереңдетет. Артка кылчайып баскан жолду, андагы кымбат
эстеликтерди көз алдыга келтирген сайын, адам, алды жагын даана байкайт!
Бизди ушул сонун кылымга чоң жеңиш менен алып келген ошол байыркы
бабаларыбыздын иштери, революционер аталарыбыздын иштери эмес беле?
Ата-баба укум-тукумдун камын көргөн. . Алар тукум үчүн күрөшкөн, эмгектенген.
Ошол тукумга белек болсун деп, ал өзүнүн рухий байлыгын жараткан!
Эненин эмчек сүтүн актай албаган бала селсаяк. Баба мурасын сактап, аны өнүктүрө
албаган тукум да селсаяк. Биздин бабаларыбыз, бизге мурас катары элдик этиканы
калтырган. Ал: «уяттуу, абийирдүү, жөн билги, кичи пейил, меймандос, боорукер, ак
пейил, эмгеккор болуп өс. Өз ара да, башка элдер менен да достукту бекем сакта!» деп
үйрөтчү.
Биз бабалардын ушул акылын алып, анын ушундай жарык адеп-акылагын колдонуп,
улантууга милдеттүүбүз.
Улуу баяндарды, залкар күүлөрдү, элдик сонун көркөм өнөрдү тукумдан тукумга улап
бабалар бизге өткөздү. Ошол мурас болуп калган жаңы маданияттын сонун гүлзарында
өзөктөш өркөндөгөндө ал көркүнө чыгат.
Ысык-Көл, Соң-Көл, Сары-Челек деген укмуш көлдөрдү, Арстан-Боба, Кара-Алма,
Каба деген бул дүйнөнүн бейишиндей жаңгак токойлуу көзөл жерлер, ташкын суулуу
өзөндөр, эчен кенең жайыттар, ак мөңгүлүү Улуу-Тоо, Ала-Тоо, Керме-Тоону кеменгер
бабалар бизге белек калтырды!
Ушул сонун жер-сууну биз тездик менен жаңыртып жатабыз. Андагы көркөм элес дал
ушул Улуу-Тоо мүнөздүү болушу абзел. Себеби, биз өзүбүз ушул тообуз менен мүнөздөш
элбиз.
. Биз ушул өзгөчөлүгүбүздү өзүбүз жакшы билебиз. Республикабызга келишкен
меймандар, туристтер биздеги ушул өзгөчөлүктөрдү баамдашат жана аны элибиздин асыл
сапаттары деп баалашат. Ушул сапатты, ушул элдик маданиятты дагы өнүктүрүү жөнүндө
бизге кеңеш айтышат.
Ар бир элдин тарыхын, өмүрүн, мүнөзүн, өзгөчөлүгүн ачык баяндаган көркөм өнөр
ошол элдин маданиятына асыл салым кошкон эң баалуу мурас. Өткөн жылы «Советская
Культура» кезити бир «Жалбырак жана анын тамырлары» деген жол очеркти жарыялады.
Анда — элдик салттын, адептин, этиканын, элдик мурастардын жакшы үлгүлөрүн жаңыча
өнүктүрү маселесин койду. Журналисттин ал очерки кыргыз тилине которулуп
«Кыргызстан маданиятына» басылды. Андан бери мына жарым жылдай мезгил өттү. Мен
андан кийин республиканын түштүк жана түндүк райондорунда болдум. Бардык жерде ал
очеркти окуган адамдар ага абдан раазы. «Очеркте коюлган маселелер көпчүлүктүн
оюндагы, тилегиндеги иш. Аны жан-дилибиз менен жактайбыз, колдойбуз!» — дешет.
Бирок маданият министерствосу, комсомол уюмдары, не чыгармачылык коомдук
уюмдар, не республиканын илимий мекемелери ушул баалуу маселени «сезбей»
калышкан сыяктуу...
О! Советтик печать көңүл бурган ушул баалуу маселе неге сезилбесин? Жөнөкөй
кишилер баалаган маселени официалдуу жолдоштор кантип байкашпасын?
Кеп — дале болсо, баягы — «Эскиден этиет бол?!» — деген бир беткейликте.
— Атайын команда болбосо... ого гоо. Балакетке малынарсың,— деген өңдүү артыкбаш
сактык бизде дале күчүндө?!
Деги ушул артыкбаш «сактана» берүүгө чек коюп, элдик маданияттын жакшы
үлгүлөрүн өнүктүрүү, ага кам көрүү — мамлекеттик зор мааниси бар асыл иш экенин
түшүнүшкө кез жетти.
Тамырсыз байчечекей гүлдөбөйт. Жаңы, жакшы өнүмдөр терең тамырлардан
азыктанат!
1968-ж.
ЛЕНИНДИН ЖАРЫГЫ
Мурутка муз тоңдуруп чытырап темир аяз күчүндө. Жайдак өскөн кыргыз айлы
күңгөйдү этектей бороондон ыктоо кокту, коктудан кыштоо күтүнгөн. Оокатка бүйрө
бирин-серин үй-бүлө гана эки терезелүү төрт керегелүү там үйгө кыштабаса, журттун
көбү боз үйдө. Беш-он жандыкка ээ жалкы чарба кара кендирден сербейтип каша кармап,
жанына кубатөбөл алачыгын тиккен. Бир аз малдуурагы таш короону маанектеп ата
конушунан кетпей, чачыранды айыл бири коктунун оозунда түтүнүн булатса, бири
өрдөштө: «Өйт!» — деп ала телек күңгөйдү көздөй сонор буздуруп биринэкин малын
чубатат.
Бир айылдын кишилери экинчи айылга калың карды сонорлоп ар кандай чубалган
чыйыр менен катташат. Эгер, аскалуу тоо сур булут бүркөлүп, белдин бороону ызылдап
кар учура баштаса айылдын балдары, кээде эки-үч күндөй үйдөн чыгалбай калат. Аязга
кайыккан мал, бети ачык кашаада ыктайт. Боз үйдүн үзүк, туурдугу делпилдеп суукка
каткан тулкусу кычырайт. Кайдадыр кереге менен туурдуктун ортосунда же кашаада
ушул жайдак турмуштун зарын айткандай ышкырык сыбызгыйт...
Ошондой жупуну турмушта күн өткөргөн боз тондуу кедейлер Ильичтин жолунда
жаны гана белин бекем курчанган. Баштагы жайдак турмушуна канагаттанбай, баласын
мектепке узатып, көңүлдүү жүргөн кез болучу.
...Түнү бою чабармандар келди. Алар кар жиретип аттарын энтиктирди. Айылдан
айылды кыдырып, мал четиндеги адамга чейин кайтылуу кабарды угузду:
— Журт, атабыз Ленин дүнүйөдөн өттү!
Айыл айылдын адамдары чыйырды таптап мектепке карай чубурду. Окуган балдар аза
туусун ийе кармап каз катар турушту. Дүнүйөдөн көзү өткөн кеменгерди жоктоп боз
тондуу кыргыз камчысын бүктөй кармап ат үстүнөн бөйрөгүн таянды. Күндүн көзүнө кара
булут тура калдыбы? Же тебетейин көзүнөтүшүрүп тунжураган кишилердин өкүнүчү
күчтүүбү? Айыл үстү кайгы жамынып, калдайган журт катуу кайышты.
— Аттиң дүнүйө, акылманга миң жылдык өмүр аз го! —деп кишилер өкүндү.—
Акылман Ленин не эрте кетти? Бизди неге тез жетимсиретти.
— Кеменгердин көзү өтсө да, өрнөгү өчпөйт! — деп журт кайрат кылды.— Лениндин
өрнөгү жолубузду жарык кылат. Акылмандан таалим алган коммунисттер бизди улам
жаңы жеңишке баштасын!
Жылдар озду. Баягы сай, сайдагы жупуну айыл конушун өзгөрттү. Ала-Тоо
өзөндөрүндө пейзаж жаңырды: Колхоз айлы «Узун кыштак» атанды. Көк теректер
менменсип көкөлөөдө. Алма багы жемиш төгүүдө. Балбан трактор кең көчө менен
комбайнды сүйрөп чоң короого келди. Турмуш жаңырды, салт өзгөрдү.
Мына узун кыштак «Куланак». Улуу тоо өзөнү, дайым киргилденген долу суу Нарын
кыштагына жаңы көрк берди. Чамынган тоо суусун плотина бөгөдү. Жаңы өстөнгө суу
бурулду. Күчтүү доош чыгарып турбина айланды.
Атайын чыгышкан комсомол тобу ар бир үйдүн эшигин ачып, кишилерге кубаныч
айтышты:
— Бүгүн силердин үйдө Ильичтин шамы жанат! Майрамга камынгыла!
Комсомолдор кыштактын четирээк жагындагы эки терезеси күн жакка караган ак тамга
киришти. Жетимиш жаштагы Айым эне аларды каршы алды.
Комсомол Ыйса Айымга күлө карады:
— Бүгүнкү кабарды уктуңузбу, Айым эне?
— Уктум, кагылайындар,— деди Айым ак шнуру тартылган лампочканы көрсөтүп.—
Бүгүн биздин үйдө Лениндин шамы жанат дешкен. Олтургула, кагылайындар. Бүгүнкү
күнү кары энеңердин колунан даам татыгыла!
Картаңдын сөзү нускоолуу, кыймылы жай болду. Даяр койгон чоң ак мискениң
капкагын алды. Сыр аякка мелт-калт жуурат куйду. Эненин аяк кармаган колу майда
калтырады...
Так ушул секундда зымдарга ток берилди. «Куланак» үйлөрүнө Ильич шамы жарк этти.
Өмүр бою мындай нурду көрө элек Айым эне колунан аягын түшүрдү. Сыр аяк
көмкөрүлүп, жуурат төгүлгөнүн элес албаган кары балбылдаган чыракка таңдана карады:
— Ай ий, кагылайындар! Лениндин чырагы ушунча жарык беле! Түбөлүк өчпөсүн эми.
Бул жазуучунун кыялы эмес, мындан он жыл илгери бийик тоодо болгон окуя.
Куду канаттуу жарчы жеткиргендей «Куланактын» салты өзөндө дүмпүйгөн узун
кыштактарга тез тарады. Ат-Башыда, «Акжарда», Ысык-Көлдө, Даркан, Четбайсоорун,
Ак-Сууда, Чүйдө, Шамшы, Сокулукта... Айтор, жүздөгөн колхоз кыштагында Ильич
шамы жылдыздады...
Өткөн күз «Кайырма» колхозунун кырманында эгин үймөктөрү сары кар тартты.
— Пай, пай, пай! — деп Сыдык карыя колун чекесине серепчилеп, үймөктөргө
карады.— Не деген аштык! Баягы молоташ заманы болсо, бир жылда бүтөр беле...
Бирок колхоздун электр станциясы жаны тартылган зым менен ток жүгүрттү.
Кырманда алп молотилка күпүлдөдү. Тигил сары кыр үймөк тез кичирди.
Бул элес Сыдык акенин көзүнө жомоктой көрүндү. Адегенде топонду ууштап алып
таңдана сурады:
— Балам, эгиндин кызылы кайда кетип жатат? Тамашөкөй механик күлө сүйлөп жооп
берди:
— Бул электрдин кубаты, карыя! Бизди убара кылбай кызылды биротоло заготзерного
берет. Электр ишти ушундай бүткөрөт!
Бул да биздин кыял эмес, Чүйдө болгон окуя.
...Саруу, Даркан кыштактары айтылуу Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде алыстап
дүмпүйөт. Деңиз деңгелинен 1700 метр бийиктикте турган Ворошилов атындагы колхоз
бар. Колхоз 504 кожолуктан курулган. Ага Ата Мекендик согушка катышкан, коммунист
Асаналы Толукбаев жетекчилик кылат. 84 киловаттуу гидроэлектростанциясы өнүккөн
колхоз чарбасынын бардык тармактарына кубатын жеткизип канагаттандыра албады.
Жууку суусуна экинчи турбина орнотуп, электростанциянын күчүн 144 киловаттка
жеткирүү жөнүндө Асаналы правлениеге маселе койгон.
Толук механикалаштырылган үч кырман өткөн күз электр тогун алды. Колхоздун
устаканасы, кош кабат электүү тегирмен, механикалаштырган .кой чөмүлткүч ванна,
тактай тилүүчү араа, жыгач сүргүч, ойгуч ж. б. силос кескичтер, айтор, колхоз
чарбасынын орчундуу тармактары электрлешти.
Колхоздук радио түйүнү үчүн тургузулган жаңы курулуш аппак болуп кыштактын
көркүн ачты. Октябрдын отуз бир жылдыгында колхоздук радио түйүнү өз ишин
баштады.
— Адам, Артаман бул кайдан келип жатат? — деди даркандык койчу санын бир салып,
редукторго одурая карап.— Пржевалданбы, Поронзодонбу?
— Москвадан! — деди мал догдуру Артамонов күлүмсүрөп койчуга.— Чайковскийдин
музыкасы!
— А Чайковскийиң ким?
— Орустун улуу композитору!
Саал ичкерээк тартып салмактуу чыккан Ленскийдин ариясы аяктаганча, даркандык
койчу санын таянган калыбында репродуктордон көзүн албай олтуруп:
— Баракелде, Ленин атанын жарыгына, баракелде!—деди. Койчу көкүрөгүн өргө
көтөрүп толкундап, термеле түштү. Баягы жайдак турмуш көз алдынан бир тартылып
өткөндөй кабагын чытыды. Борошолуу түндөрдө боз кийиз делпилдеп, кайдадыр туурдук
менен керегенин арасында сыбызгып зар айткан ышкырык азыр жомоктогу жоруктай
кулагынан алыстады. Катарында олтурган мал догдурун койчу чочугандай далыга какты:
— Рахмат, Артаман! Ракмат!
— Рахматты Совет өкмөтүнө айтыңыз,— деди Артамонов койчуга.— Улуу Лениндин
жарык жолу менен бизди жаңы жеңиштерге баштаган Сталинге айтыңыз. Ата Лениндин
көрсөтүүсү менен, ушул кезде Фрунзеде биздин республиканы бүт электрлештирүүнүн
генералдуу планы иштелип жаткан кез. Ал февралда чакырылуучу Кыргызстан
Компартиясынын V съездине чейин иштелип бүтмөк.
Койчу үнсүз башын ийкеди.
— Ошентсин! Ильичтин шамы Ала-Тоо өзөндөрүнө жылдыздансын!
1949-ж.
ТҮБӨЛҮККӨ ӨРКҮНДӨ
Эртегисин элестетсем элимдин Чопкутчан алп көч баштап баратат. Кечээкисин
элестетсем элимдин — Кыйырында кылыч кандап солдат турат. Бүгүнкүсү тигине: Кан
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Мезгил Сабактары - 08
  • Parts
  • Мезгил Сабактары - 01
    Total number of words is 3925
    Total number of unique words is 2168
    28.4 of words are in the 2000 most common words
    41.5 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 02
    Total number of words is 3835
    Total number of unique words is 1945
    25.2 of words are in the 2000 most common words
    37.9 of words are in the 5000 most common words
    45.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 03
    Total number of words is 3888
    Total number of unique words is 2004
    26.2 of words are in the 2000 most common words
    38.0 of words are in the 5000 most common words
    44.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 04
    Total number of words is 3917
    Total number of unique words is 2109
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    38.3 of words are in the 5000 most common words
    44.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 05
    Total number of words is 3841
    Total number of unique words is 2050
    24.3 of words are in the 2000 most common words
    35.5 of words are in the 5000 most common words
    41.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 06
    Total number of words is 3908
    Total number of unique words is 2175
    25.1 of words are in the 2000 most common words
    36.6 of words are in the 5000 most common words
    43.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 07
    Total number of words is 3879
    Total number of unique words is 2261
    24.6 of words are in the 2000 most common words
    36.6 of words are in the 5000 most common words
    43.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 08
    Total number of words is 3889
    Total number of unique words is 2322
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    38.4 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 09
    Total number of words is 3878
    Total number of unique words is 2190
    26.2 of words are in the 2000 most common words
    38.2 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 10
    Total number of words is 3881
    Total number of unique words is 2101
    24.1 of words are in the 2000 most common words
    34.1 of words are in the 5000 most common words
    40.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 11
    Total number of words is 3844
    Total number of unique words is 2201
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    42.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 12
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 2270
    27.6 of words are in the 2000 most common words
    39.9 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 13
    Total number of words is 3957
    Total number of unique words is 2233
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    47.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 14
    Total number of words is 3766
    Total number of unique words is 2212
    23.9 of words are in the 2000 most common words
    35.6 of words are in the 5000 most common words
    42.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 15
    Total number of words is 3906
    Total number of unique words is 2254
    27.6 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    47.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 16
    Total number of words is 4040
    Total number of unique words is 2326
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    38.3 of words are in the 5000 most common words
    44.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 17
    Total number of words is 3980
    Total number of unique words is 2278
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    38.4 of words are in the 5000 most common words
    45.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 18
    Total number of words is 3826
    Total number of unique words is 2298
    24.7 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 19
    Total number of words is 4011
    Total number of unique words is 2430
    25.2 of words are in the 2000 most common words
    37.5 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 20
    Total number of words is 3935
    Total number of unique words is 2383
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    45.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 21
    Total number of words is 3922
    Total number of unique words is 2456
    24.7 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 22
    Total number of words is 3905
    Total number of unique words is 2360
    25.7 of words are in the 2000 most common words
    37.1 of words are in the 5000 most common words
    43.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 23
    Total number of words is 3793
    Total number of unique words is 2219
    25.4 of words are in the 2000 most common words
    36.9 of words are in the 5000 most common words
    43.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 24
    Total number of words is 3857
    Total number of unique words is 2269
    24.4 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    43.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 25
    Total number of words is 3863
    Total number of unique words is 2183
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    35.5 of words are in the 5000 most common words
    43.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 26
    Total number of words is 3856
    Total number of unique words is 2325
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.0 of words are in the 5000 most common words
    45.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 27
    Total number of words is 3866
    Total number of unique words is 2429
    25.2 of words are in the 2000 most common words
    35.8 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 28
    Total number of words is 3971
    Total number of unique words is 2417
    23.9 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    42.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 29
    Total number of words is 3917
    Total number of unique words is 2300
    24.3 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    42.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 30
    Total number of words is 3926
    Total number of unique words is 2169
    25.8 of words are in the 2000 most common words
    37.9 of words are in the 5000 most common words
    44.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 31
    Total number of words is 3936
    Total number of unique words is 2141
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    45.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 32
    Total number of words is 3916
    Total number of unique words is 2096
    25.7 of words are in the 2000 most common words
    37.3 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 33
    Total number of words is 3934
    Total number of unique words is 2181
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    38.5 of words are in the 5000 most common words
    45.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 34
    Total number of words is 2486
    Total number of unique words is 1435
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    41.2 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.