Latin

Мезгил Сабактары - 16

Total number of words is 4040
Total number of unique words is 2326
26.4 of words are in the 2000 most common words
38.3 of words are in the 5000 most common words
44.8 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Ошентип, кечээки батрак аял бүгүн жеке эмгек баатыры эмес мамлекеттик ишмер! СССР
Жогорку Советинин депутаттарын шайлоодо Улуттар Совети боюнча 257 Сталиндик
шайлоо округу добушка коюу үчүн элдин сүйгөн кызы Зууракан Кайназарованы каттады.
***
Бир нече күн мурда Зуураканды жолуктурдум. Ал кадимкисиндей жөнөкөй,
кадимкисиндей тамашалуу, алп.
Эмгекте бышкан салмактуу колу менен мени ийинге какты:
— Ой, бала, күрөшөсүңбү дагы?
Жок деп айталбадым. Күрөшөм дедим. Зууракан күлдү да:
— Чыдабайсың, жыгыласың!—деди.
Рас, Зууракан айткан тамашанын да чындыгы бар. Тынчтыкты жактоочулардын
Москвада чакырылган жалпы союздук конференциясына биз бирге барган элек. Жолдо да,
Москва көчөсүндө жүргөндө да Зууракан ушул тамашасын койчу эмес.
Биз Колонный залда акын Н. Тихоновдун баяндамасын угуп олтурабыз.
— Ой, бала,— деди акырын катарымда олтурган Зууракан: — Колуңду берчи.
Колумду сундум. Ал беш манжаларымды жабыштыра кысты. Мен уятымдан араң
чыдадым. Бир аз мезгил өткөн соң:
— Менин колум эмне жазды, эже,— дедим.
— Эчтеке эмес, бала!—деди Зууракан мостоюп:—Кетменимди сагындым. Бул жерде
кетменим жок, анын ордуна колуңду кармадым. Мейли, дүнүйөдө тынчтык узак болсунчу.
Ушул эле колдор менен таалай жаратабыз!
Кийинки жолукканда да Зууракан ушуну эске салды:
— Тынчтык болсун, алп колдор таалай жарата берсин!
КУРБУЛАР
Тоо арасындагы бир мектепте малчы менен жолчунун кыздары бирге окуп калышты.
Эс тартканы кыштак көрө элек малчынын кызы жер жүзү аскалуу тоо, муз каптаган
чокулар, мал жайылчу төрлөр деп таанычу. «Дарактуу кыштак, чоң шаар» дегенди
чоңдордон угуп, капкара көзү ойноктоп, сербейген секелегин жанып, мойтоюп атасынан
сурады:
— Ата, кыштактын үйлөрү көппү, же Сиз баккан кой көппү?
Кызынын тилине кызыккан койчу аны сүйлөткүсү келип минтчү:
— Ээй, Чолпонум. Биздин чоң кыштакта алты жүз жыгырма беш түтүн бар. Мен баккан
кой — жети жүз жыгырма беш туяк. Кана, Сен айтчы кайсынысы көп?
Секелек элеңдей калды:
— Өзүңүз айтыңызчы, ата. Мен билбей калдым. Койчу, атайы үнүн жоон чыгарып
мактанды:
— Ээй, Чолпонум. Мен баккан кой көп да!
Чолпон секелекке ааламдагы эң көп жаныбар атасы баккан бир короо кой өңдөнө
түштү: «Айиий, атамдын кыйыны аай».
Секелек атасына эркелеп мойнунан кучактай калды. Койчу кызынын маңдайынан
жыттады:
— Үч жылдан кийин сени кыштактагы чоң мектептен окутам, кызым!
***
Эс тартканы тоо көрбөгөн жолчунун кызы жер жүзү чытырман токой, кызыл чопо
топурак деп баамдачу. Себеби атасы жаш инженер ошол кезде токойлуу мейкинди жара
чаап, жол салып жүргөн. «Мөңгүлүү тоо чокуларында дайым кар жатат» дегенди уга
калса, тунук көк көзүн ойноктотуп жолчунун кызы атасынан сурачу:
— Папа, тоо чоңбу, беш катар үй чоңбу? Жолчу кызын эркелетчү:
— Албетте тоо чоң, Светлана. Светлана кайра-кайра сурачу:
— Жети катар үйдөн да чоңбу тоо?
— Чоң, кызым.
— Он катарданчы?
— Жүз катар үйдөн да чоң, кызым.
Светлананын тептегерек көздөрү бадырая калычу: «Ох, анда тоо булуттан жогору экен
даа». Папасы кызына эскертчү:
— Ашыкпа, кызым. Тоону да көрөсүң. Мен ал жакка жол курууга барамын!
Ошентти.
Күндөрдүн биринде Чолпон менен Светлана тоо арасындагы чоң мектептин босогосун
бирге атташты. Экөө бир партага олтурушту. Жолчу инженер бул жакка жаңы эле келген.
Светланага тоо арасы укмуштанып көрүндү. Ак калпак кийген эркектер атчан
бастырышат. Алтургай тигил мектепти тирмие тиктеген Чолпон да дайым бир жактан
атчан келет. «Ох, аттан коркбойт» дейт Светлана Чолпонду. Артыкча анын анча чоң эмес
капкара көзүнө Светлана кызыга карайт. «Ой кандай капкара. Эмине үчүн кара?»
Ага таңданган Светлана Чолпондон сурады:
— Эмине үчүн көзүң капкара. Эмине, жуубайсыңбы? Анда Чолпон ызаланды:
— Сен көк көзсүң. Көрбөйсүң.
Бир жолу Светлана «Алиппени» эжелеп окуй албай жатканда Чолпон ага тыңсынды:
— Көздөрү чоң. Дагы көрбөйт. Каргаа деп окубайсыңбы. Дал ушундан баштап
мугалимдердин арасында курбулардын кеби лакап болуп кетти.
***
Далай суулар акты. Алыскы сырттарга чейин жол салынды. Бирок Чолпондун сурмалуу
курч көздөрү али капкара. Светлана аны көргөн сайын балалык чакты эстеп кызарганча
күлөт:
— Ой, Чолпошка, биз ал кезде кеңкелес экенбиз да. Сенин капкара көзүңдү жууп койсо,
көгөрүп калбайбы деп ойлочумун. А сенин көзүң жууган карагаттай мөлтүр. Эгерде мен
жигит болсом, эң биринчи көзүңө ашык болор элем.
Жайдары Чолпон ойнок кулундай селтең этет:
— Ах, Светочка. А менчи. Көзү чоң, тамганы көрө албайт дечүмүн. Сенин тептегерек
мөлтүр көзүңө мен да ашыкмын!
— Ай балалык чак — чалалык чак...
Тентек желдей дирилдеп күлүп-жайнап курбулар дале тилек кылышат:
— Институтка да бирге өтөлү, э?
— Бир бүтүп, кайда жиберсе да кызматка бирге кетели, э?
— 1963-ж.
ТОО АРАСЫНДА
Адам өмүрү анча узун болбосо да, ар биринин баскан жолу өзүнчө роман го. Биз анын
мүнөздүүсүн көрөбүз, пайдалуусун эскеребиз. Кайгыны тороп, күлкүнү колдойбуз.
Эмгекте сергек жүрсөк, үйгө көңүлдүү кайтсак — жаш эркелиги менен, кары кызыктуу
кеби, курбу жайдары күлкүсү менен тосуп алышса. Мештин эшикчеси чала ачылып, анда
абдан тутанган жыгач отун дүрүлдөп, ак көңүл берекелүү эненин мүнөзүндөй үй ичи
мемиреп турса. Үйгө келишиң менен сен да балдарыңды кубантсаң: баятан аюунун
баласынан бетер шырдакта оонап, мышыкты кулактаган тентегиң, сени көрүп будаланып
тура калса, же журналды тетири кармап, анын чоң-чоң барактарын ачып сүрөт менен
сүйлөшкөн үрпөк баш кызың:
— Атам келди!
— Мамам келди!—десе, утурлай мойнуңдан кучактаса, кандай таалай.
Рас, таалай жолу татаал. Ал, зимде олтуруп, тасмадай асфальттуу жолдо
зымыраткандай тегиз да эмес. Ар адам өз чыйырын туура таптап, багытты туура алып
басса таалайды жолуктурат.
...Ар жыл жаңырган сайын каармандарыңа таалай тилейсиң. Мээрман тынчтыкта,
кайгы-капасыз жашап, ал өз ордунда эмгектин алпы болсо дейсиң. Кокус каарманыңдын
орунсуз жоругун байкасаң, ага өкүнөсүн. Аттигиниң, бекерге ушинтет, элге жакпаган иш.
Уят болду дейсиң. Ал эми каарманыңдын ийгилигин, анын жакшы жоруктарын көрсөң,
аны менен кошо кубанасың. Таң эртеңки салкында кырга чыкканыңдай көңүлүң
көтөрүлөт. Ага кошулуп иштешкиң да, мейли узак жол бас — бирге сапар тартып
талыкпай сүйлөшкүң да келет.
Билбеймин. Башка каламдаштар эмне дешер экен? А мага, эмгекте да, үйүндө да
маңдайы жарык, иши үлгүлүү, сөзү угумдуу адам жолдош болгон күнү өзүмдү
таалайлуумун деймин. Терең акыл, жарык ой, канаттуу санаа, алп иш, маанилүү сөз—
деги адамдын күчүнө эсеп жетеби! Ал өзү «аз жашаймын» дейт, кээде иштеген иши өмүрү
өлбөйт. Ал өзү «кичинемин» дейт, кээде тоону да көтөрөт. Ал билбегенин үйрөнүп алат,
кээде жакшынын ордуна жаманга да барат, жеңилдин ордуна оорго чыдайт.
Көп ишти өзү иштейт, ага өзү таң калат. Айтор аскадан секирип, таштан ташка урунган
тоо суусундай шар мүнөздүү, күрөшчүл каармандын татаал иштерин баяндагың келет.
...Маселен быйыл мен ак мурут Алдаш менен тааныштым. Айылдаштары кеп кылышса,
анын ар бир жоругу өзүнчө аңгеме. «Ак мурут Алдашча» дешет анын атын лакап
катарында аташат. Ал кишинин үйүн сурадым:— Оо, Алдаш өрдөштө, жаңы жерде —
дешти.
Атайы атка миндим. Кашка сулуу, карагайлуу өзөндү бойлоп, Алдаштын үйүнө
бардым. Балдарын эркелеттим. Байбичесине кол бердим. Үй ичи өзүнчө жасалгалуу,
албетте, жасалга Алдаштын жашап турган чөйрөсүнө, өзүнүн мүнөзүнө, байбичесинин
эптүүлүгүнө ылайык. Бардыгы өз алынча, өз ордунда. Эки бөлмөлүү жыгач үй.
— Бул үй жаңы бүткөн го?
— Быйыл, балам!
Ооба, жаңы салынган үй экени көрүнүп турат. Анчейин үй ээсин сүйлөткүм келген.
Ички бөлмө сүйрүчө тартып кенен. Эки терезенин ортосунан ала үстөл, орундуктар
коюлган. Төр жакта жүк. Жүктүн бери алдында шырдак, анын үстүндө үксүйүп аюу
талпак жатат. Тигил бир кишилик керебеттин тушуна туш кийиз тартылган, анын нак
ортосунда кимдиндир бирөөнүн сүрөтү турат, эки четинде өзүнчө мыктарга илинген
илбирс терисиндеги союлдай куйруктар үй таманына тиет.
Ошол куйруктарга караган болуп олтуруп тымызын сурадым:
— Орундуктар да жаңы экен?
— Ооба, балам. Булар да быйылкы.
— Өзүңүз жасагансыз го?
— Жок, балам!— Үй ээси күлө сүйлөдү. — Кыргыз үстөлүңдү биличү беле. «Жаңы
үйгө киргениңе», деп тигил коңшум Василий жасап келди.—Үй ээси сөөмөйүн көтөрүп,
бурч тарапка көрсөттү. —Береги кыргыз сандыгынын үстүндөгү кызыл сандык —
патипан! Өзүң да аны таанып тургандырсың. Табагын коюп, аны балдарым ырдатса, өзүм
тээ кырда жүрүп угам. Башта жок болучу. Бул да биздин үйгө быйыл кирди. Береги
байбиченин инилери, жанагы нан зоотунда жумушчу. Таза аба жутам деп дем алыш
алыптыр. Бизге келди. «Капчыгайдан чыкпай койдуң жезде, ырдатып жүр», деп ушунусун
калтырды. «Алдаш адамга карыз болгонду сүйбөйт. Издегениң таза аба болсо, баары
ушунун ичинде, миң уруу гүлдөрдөн тартылган», деп кайниме туура бир бут бал
жүктөдүм.
Өз кебине маашыркагансып Алдаш карыя карс күлдү. Чын эмес, анткору күлкүдөй.
Кебинде «калемпир» бар. Кээ бир ичине кир сактабаган ак көңүл кишилер сени биринчи
көргөндө эле айтарга сөз табалбай кучагын жаят. Алдыртан байкасам акмурут Алдаштын
азыр мага антер түрү жок. Каштары түксүйө түшүп, көздөрү бир жерди тиктейт. Алыстан
табыш уккансып, кулагы башка жакта. «Мени не кыласың, өз жолуңду туура бас, бул
өзөндө сага окшогон калпакчандардын далайы болгон», деп Алдаш угуза айтпаса да,
мамилеси билгизди. Мен да ага терикпедим.
— Тоону сагынып келдим, Алдашаке,— дедим. Кепти тескейден баштадым. — Сиздин
жер да биздин жерге окшош экен.
Баятан бир жерди тиктеген Алдаш кокустан мага карады, Азыр байкадым. Өткүр
тиктеген сүрдүү адам экен.
— Тоо сагынсаң, балам, коногум бол. Жатарга үйүм мына.
— Рахмат, Алдашаке...
— Куру рахматың мага суусун болуп бербейт.
— Сыпаакерчилик.
— Байкап олтурам үлпүлдөк көрүнөсүң. Адегенде элге жак, жерди сүй. Мени не
кыласың.
Ушул кебине улай Алдаштын баскан татаал жолдору көз алдыга келди.
...Бабасынан бери ушул өзөндү мекендеген. Аталарынын кесиби мергенчилик
болуптур. Нак ушул биз олтурган жаңы үйдүн ордунда таштан тизген коргончодо
Алдаштын үч атасынын өмүрү өттү. Ал эмес, өз башынын балалык чагы да, жигит курагы
да ушул ата конушунда өткөн Алдаш, өмүрүндө жаңы бурулуштар болуп, колхозго кирген
жылы да кыштакка көчпөдү. Ал кезде Алдашты түшүнбөгөндөр ага орой да айтышты:
«Сен качкындарды коргойсуң. Томояк болсоң да ниетиң бузук, сени кулакка тартыш
керек!»
Рас, ага Алдаш, терикти, ызаланды, ал турган чочулады. Бирок өзүнүн оюн туура деп
тапты. Моюн бербеди.
Ушул эки тоонун ортосунда бабаларым өткөн, мен да кетпейм. Алар жалгыз аяк
чыйырда адашкан, мен кең жолго жаңы жер чоң ашуунун түбү. Чоң жайытка мал көчөт.
Малчыга «бекет» керек. Менин үйүм бекет болот!
Рас, Алдаш кежирлик кылды. Бирок, ал өндүрүштөн четтебеди. Жаз ушул өзөндөн чөп
чабышат, кыш карагай кесишет. Өзү болжогондой үйү «бекет». Ал ага ыраазы. Ошентсе
да бара-бара Алдаш өкүнө баштады. Ар жыл өзүнүн ийгилигин берди. Былтыр жок эле,
быйыл келсе, өз колхозунун кыштагында электор жанган. Кең клуб салынган. Анда дайым
жаштар чогулат, оюндар коюлат. Тигине, чоң көчөдө селпо. Кыштактын кишилери андан
керек-жарагын кысталбай алышат. А Алдаш болсо, бир түрүм жип үчүн да ат токунуп
атайлап тоодон келет. Азыр талам башка. Бир түрүм жип, же бир асмүшкө чай менен
чектелбейт. Үстүңдү бүтөш үчүн боз кийбейсиң, трайке, баркыт, жибек, торко керек.
Чайга кант, ширин конфеттер кошулду. Айтор үстү бүтөлүп, курсагы тойгонго эле азыркы
киши канагаттанбайт. Ал музыка угуп, өзү да ырдагысы, күлгүсү келет. Китеп, журнал
окуп билимин тереңдеткиси, театр, кино көрүп дүнүйө тааныгысы келет.
Ошентип жыл өткөн сайын Алдаш «Жаңылган экемин» деди. Өкүндү, өзүн өзү
жемеледи. Ал тургай, ал «ата конушун» калтырып быйыл жаз алды менен кыштакка
көчмөк болду.
Күн узарды. Алашалбырт башталды. Арадан ай өттү. Өзөн бою көк жыттанып, жол
кургады. Мемиреген жылуу күндө мотордун доошу чыга түштү. Эки газикке батышынча
олтуруп кишилер келишти. Райондун жетекчилери, колхоз башкармалары, дагы Алдаш
тааныбаган көз айнекчен бар. Балким, ал «зымчы» чыгар. Алдаш ага назар бөлгөн жок.
— Алдашаке көчпөй калдыңыз!—деди өз колхозунун башкармасы ага:— Эми сиздин
үй чоң бекет болот. Коомдук малдар көбөйдү. Быйылдан баштап, биздин райондогу
колхоздордун малдары тоо артына кыштайт. Ага жол салынат. Пункут да, мектеп да,
селпо да бардыгы курулат.
Бул кабар адегенде Алдашка жомок сыяктуу угулду. Эзелден жапайы жаткан өзөн, кыр,
күңгөй, тескей, бийик аска адамга кантип багынат? А балким, багыңар. Азыркы кишилер
күчтүү, айлалуу да.
Алдаш көчпөй калды. Кайра анын жанына жаңы коңшулар келишти. Алардын бири
тигил Василий. Адегенде ал жол кургандарга бригадир болучу. Алдаш да аны менен бирге
иштешкен. «Көз коркок, кол баатыр» деген рас тура. Василий көчүп келген күздө ага
Алдаш берген күчүк быйыл эки кар басты. Азыр ал бөрүнүн изин чалат, түлкүнү
куткарбайт. Аты — Жолборс. Өзү да жолборстой. Аны ээрчитип Василий менен Алдаш
азыр тоо артындагы малчыларга дайым каттап турушат.
Жапайы тоолор да мына көз алдыда жаңырууда. Өткөн жылы жол курулду. Быйыл
үйлөр тургузулду. Малчылар боз үйдү бүгүштү. Терезелүү, мештүү, мемиреген жылуу
үйгө чыгышты. Аларга керек жарагын жеткирип, машинелер үзүлбөй катташат. Мейли
чай, кант; мейли кездеме, туз, атыр, самын; мейли кезиттер журналдар, окуу куралдары —
айтор азыркы кишинин тур
мушуна, тиричилигине, жыргалына керектүүлөр быйыл тоо арасына көбүрөөк келди.
Бирок биздин кишилердин таламы зор. Мейли алар тоо артында кышташсын. Кино
көрсүн, музыка уксун. Алар турмуштан артта эмес, алда жүрүшсүн. Кең, жарык,
мемиреген жылуу үйлөрдү көп тургузушсун. Дасторкону берекелүү, жыргалдуу турмуш
курушсун. Биздин кишилердин күлкүлөрү шайыр чыксын, обондору бийик угулсун. Тоо
арасы жаныра берсин!
Улам жаңырган жылда, мен каармандарыма ушул таалайды тилейм!
ШЫНТЫ ЭМГЕК КУРЧУТАТ
Бизде жазууга үмүттөнгөн шыктуу жаштар көп. Алардын далайы оор-басырыктуулук
менен окуп, иштеп, маанилүү окуяларды баамдай ой жүгүртүп, чеберчиликти өздөштүрүү,
тилин байытуу менен жакшы чыгармаларды берүүдө. Бирок кай бир жаш талапкерлер
адегенде тез жалындап «жарк» дей түшүп, тез өчүп жүрөт. Ал турган: «Талантым чоң.
Мени жазуучулар союзуна алып, мага тез жардам бербесеңер өспөй калам», деп «чоң
талантынан» адашып, алдастагандар да жок эмес...
Болочок жазуучунун чоң ийгилиги союзга тез эле келе коюуда бекен? Жок!
Тескерисинче талаптуу жаш өзү турмуштун чордонунда жүрүп, өз шыгын эмгек менен
курчутсун. Эмгек менен үзүр тапсын. Ошондо ал көздөгөн талабына жетип, ийгиликке ээ
болот. Ленин сыйлыгынын лауреаты Чынгыз Айтматовдун кесиби зоотехник болучу.
«Кыздын сыры» сыяктуу татынакай повесттин автору Өскөн Даныкеев инженер.
Колхозчу, жумушчу, медик кесибинде иштеп жүрүшүп жакшы ыр, жакшы аңгеме жазган
шыктуулар да бар.
Биз газетага сунуш кылган «Чөйрө», «Кара май» деген чакан аңгемелердин автору
Аман Саспаев да совхоздун жумушчусу. Трактористтердин курсунан окуп, механизатор
болууга дилгир адам. Ал өзү катышкан, көзү көргөн окуялардан калпып алып, аңгемелер
жазат. Байкалбас «майда» нерсеге терең маани берип, түшүнүктүү сүрөттөйт. Тили жатык,
бай.
Жаш талапкерлерге айтар кеңешим, силер бир неме кесиптин ээси болуп, шыкты эмгек
менен курчуткула! Ошондо жылдызыңар дайым жанат!
ЭМГЕКСИЗ ЖЕМИШ ЖОК
Жүзүмдүн ширеси боорго жакшы дегендиктен короонун ээн жерине жүзүм тигип
алыпмын. Ал үч жыл аралыгында чытырман тартты. Адегенде зерикпей түбүн
жумшартып, кодра бутактары менен ашык жалбырактарын суюлтуп, маалында суу берип
— айтор билишимче багбандык кылдым. Эмгегим сая кетпеди. Жүзүмүм түшүмдүү болуп
жүрдү.
Ары ишим көбөйүп, ары боорум сакайып, анан жалкоо тартып, бир жылы жүзүмгө анча
карабай койдум. Мага эрегишкендей апсайып-бапсайып кысыр бутактарын тарбайтып, ал
жылы жүзүмүм жарды мөмөлөдү. Жылда бал татыган жүзүмдү шимип жаман көнүпмүн.
Бул жолу августтун так катыраган ысыгында суусап келип мөмөсүз жалбырактарга өкүнө
карап калдым.
...Ошол кезде мага дайым келип жүрүшкөн эки жаш жазуучу эсиме түштү. Экөөнүн
шыгы бирдей, билими да бирдей болучу. Бирок бири ишине кызыкканы байкалчу да,
биринин кайдыгер тартып ойноктогон көздөрү: «Жазгандарым жарык көрбөсө эле
жазбайм, агай», дегенди билдирчү. Жылдар өттү. Иштер такталды. Жанагы ишине
кызыккан жаштын каламы такшалып калды. Берки өз ишине кайдыгер азаматтын кайда
жүргөнү азыр белгисиз. Кейпи өз шыгын өзү асырабай, ал бечара жемишсиз калган
көрүнөт, ошо мен баккан жүзүмдөй...
1963-ж.
ЭМГЕК ЖАНА КӨРКӨМДҮК
Адам ар дайым көркөмдүк жөнүндө кеп салып, аны эңсеп, мактаган кездери көп болот.
Көркөмдүктү адам дайым каалайт. Себеби, бийик көркөмдүк абадай, күндөй, тамактай эле
адамга азык берип турган касиеттерден. Албетте, аба деми, күн илеби, тамак кубаты
адамга биринчи керектүү, эң маанилүү өмүр азыгы. Ага талаш жок. Тек өмүр өткөрүп
коюш үчүн ушулар эле жетиштүү. Бирок өмүрдү мазмундуу жашап өткөрүш үчүн ага
албан эмгектин үзүрлүү көркөмдүгү дайыма чагылышы тийиш.
Албан эмгектин үзүрүн берген бийик көркөмдүк өмүргө мазмун берип, ага жан
киргизет. Мазмундуу өмүрдө, адам, илкип калкып эптеп күн өткөрбөйт. Ал ташкындуу
акыл эргитип, асыл ойлорду жүгүртүп, эң татаал, эң оор милдеттерди аткарып, чоң
максаттарды көздөп, жарык үмүт менен улам бир кырга чыгат.
Ошондон улам биз ишибиз жеңиштүү жашообуз максаттуу, турмушубуз көңүлдүү
дейбиз. Өмүр көркөмдүгү дегенибиз да ушул! Эстүү адам баамчылдык менен бир иштин
артынан көшөрө түшүп, ага чексиз кызыгып эмгектенсе, ал ишинен ийгилик чыгарбай
койбойт. Бир-эки мисал келтирели:
Инженер Юрий Власов, жаш чагында күчсүз мажүрө болгондугуна карабастан кийин
спортко кызыгуунун натыйжасында ал азыр дүнүйөдөгү эң күчтүү киши! Жеке эле күчтүү
эмес, мүчөсүн көркөм тарбиялаган келбеттүү азамат. Ал эми көп балалуу жарды негир үйбүлөсүнөн жети жашына чейин бечел калып, таянчык менен араң-араң каз турган Вильма
Рудольф үчүн тамтуң басуу чоң түйшүк, оор эмгек болгон. Бирок негирдин бул намыстуу
кызы албан эмгектин үзүрүнөн кийин дүйнөдөгү эн күлүк аялдардан болуп, «Кара
жейрен!» атанды. Вильма жеке эле күлүк эмес, адамды таң калтырган көркөм мүчөсү
абада тайгалай, таманы жерге тийбеген сыяктуу желдей лепилдеген чебердикти көрсөттү.
Айтор албан эмгектен тайманбай, сүйгөн ишине чексиз берилген адам кандайча болбосун
чоң үлүштү бөлүшпөй койбойт. Бирок ак эмгектен жалтанган адам колундагы ырысын
төгөт. Шыкты курчутуп, талантка канат берип, аны бийикке учурган күч — албан эмгек!
Эмесе, мазмунга бай, максаты кең, башкага үлгү болгудай турмуштук сонун
окуялардын көркөм элестерин туура чагылтып, ага көркөмдүк боёк жагып, жарык идея
берип, бүгүнкүгө— үлгү, эртеңкиге — мурас болуп калгыдай ынак чыгармаларды
жаратыш адабият менен көркөм өнөр ишмерлерине да арзанга турбайт.
«Ынак!» деген сөздү атайы айттым. Ынак дейбизби, не чыныгы дейбизби, айтор
адабият менен көркөм өнөрдүн жакшы касиеттерин өзүнө алган, жогорку маанидеги
көркөм чыгарма гана адамды эстетикалык жактан тарбиялайт, жан азыгы болот. Баса
сонун музыка, сонун сүрөт, сонун күү адамдын* көңүлүн эргитет, жанын жыргатат.
Жакшы полотно, жакшы сүрөт турмуштук чагылышты элестетип адамды сергитип,
ойлонтуп, турмушка, сулуулукка кызыктырат. Ошондой эле көркөм сөз менен чебер
токулган жакшы китепти окуган сайын, адам эң боорукер, бейпил, эң камкор, ак пейил,
кеменгер достон таалим алып, кеңеш уккандай дүнүйөсү кеңейет, жаман менен жакшыны
ажырата баамдап, турмуш чагылышындагы чыныгы сулуулукту туура таанып, туура
баалай баштайт.
Ал тургай бийик көркөмдүк көп учурда оорулуу адамды илдеттен сакайтат. Адамга күч
кубат берет, өмүрүн узартат. Ошентип, ынак, чыныгы көркөмдүк адамдын зоболосун
бийик көтөрүп, ага жакшы кеңешти, жарык багытты берип, асыл сапаттарды бөлүшчү,
көңүлдү көтөрүп, турмушка көрк берүүчү эң керектүү көзгө «көрүнбөс» асыл
касиеттерден. Тескерисинче мазмунсуз, көркөмдүгү жок нерселер чыгарма боло албайт.
Көп учурда ошондой жансыз нерселер бизде «чыгарма» аталып... ал турган макталып да
калат.
Мейли. Арзан калай күнгө көз уялта чагылышканы менен турмушта кунсуз жалган
жалтырак. Биздин милдет — терең мазмундуу, жогорку көркөмдүктөгү жакшы
чыгармаларды элге тартуу кылыш. Бул — албан эмгектин үзүрүнөн саалып, биздин
турмуштун жарык нурунан жаралат!
Ал достор!
Доорубузда адамга таалим берип, жан азыгы болгудай эртеңкиге асыл мурас болуп
калгыдай сонун чыгармалар үчүн талыкпай эмгектенели!
1952-ж.
ЭМГЕН ЖАНА ТЫНЧТЫК
«Эмгек жана тынчтык!» деген сөз советтик адамдардын ооздорунан анчейин эмес —
бийик ураан ордуна айтылат. Тынчтык кездериндеги эмгек зор ийгилик берет, бийик
таалайга жеткирет. Маселен элүү жыл мурда Ысык-Көлгө Түп, Жыргалаң, Ак-Суу,
Жуукту сыяктуу ташкындаган өзөндөрдөн тартып, жеңдей булактарга чейин жүз
жетимиш эки суу куйса, ал куймалар абдан азайды. Көл бөксөрүүдө.
«Суу чыкпаган кайрактар, таштактуу күңгөйлөр көп. Алардын жери кур. Эх, суу гана
жетсе, бул жерлер көңүлдү толкутуп кулпурбас беле?»—дешет кишилер. Ушул сөздү
айткандар биздин колхозчулар. Келечеги сонун иштерге алар ар дайым демилгечи
болушат. Азыр өстөн казышка чыккан адамдар бир кыйла татаал эмгекти моюндарына
алышты. Ондогон километр алыстыкка созулган өстөндү казып өтүш оңой эмес. Алар
тоону этектете адырларды кыркып, таш омкоруп, батмандап топурактарды тапташат, Алп
күч жумшалат. Бирок, эмгек кызуу, эмгек көңүлдүү. Ана, башы Каранар адырынан тартып
кайкалаган Көңдөйдүн мейкини. Бул мейкинге суу келтириш үчүн бир заманда өстөндөр
чыгарылган. Аны жергиликтүү эл: «Калмак-Арык» деп аташкан. Бирок ал «КалмакАрыктар» Көңдөй жерине суу бере алган эмес. Эми колхозчулар кайракка суу чыгарды.
Жаандан башка суу көрбөй, замандар бою какшыган адыр; түзгө бир аз жыл арасында
бактуу, шактуу кыштактар орноп, дан эгиндери менен катар жаңы өсүмдүктөр айдалат.
Жер жаңырат, жер кулпурат. Мына ошондо азыр өстөн казган кишилердин жарпы
жазылат. Жаңы чөйрөгө алар кубанып карашат: «Эмгек менен эл көгөрөт» деген ушул
экен да! Байыркы чөлдөр биздин күч менен жаңырып гүлдөп турат. Бах, тынч эмгектин
үзүрүн көргүлө.
Бүгүн өстөн казган кишилер эртең ушинтип айтышат.
Ал эми азыр дүркүрөп өнүккөн Чүй өзөнү да мындан бир аз гана мурда ээн болуучу.
Эмгектеги кишилер аны тез гүлдөттү. Азыр Чүй өрөөнүнө эмнелер өнбөйт? «Ак алтын»
аталган пахта16, мол түшүмдүү кызылча, дандуу күрүч, бийик кенаф миңдеген
гектарларды ээлейт. Мускат баштап ширин жүзүмдүн көп сорттору, жыттуу алмалар,
абрикостор, алмуруттар, алчалар азыр колхоздордун жемиш бактарында опсуз мөмөлөйт.
Кадимки кара жыгач, кайың, мырза теректер менен бирге тоодо өнүүчү арча, кызыл
карагай, альхо жыгачтары, түштүктүн анары, инжири, жаңгак, ак чечек, эмил жыгачтары
азыр Чүй жеринде ондогон питомниктерде өнүүдө. Казалик розалары гүлдөөдө. Көп
түрдүү көрктүү жыгачтар кыштактардын көчөлөрүн кулпуртуп, жаңы үйлөрдүн алдында
алар жарашып көрүнөт.
Башта «Ак-Чий» аталган чакан кыштак Талас шаары болду. Жолоочу зарыккан ээн
жерге Кант орношту. Ал эми гүлдөгөн түштүк жерлери кулпурган жаңы килем түрдөндү.
Колхозчу чеберлер тургузган маданият үйлөрү, мектеп курулуштары, радио түйүндөрү
кыштактын көркүн ачууда.
Мындан үч-төрт гана жыл мурда кыштактарда электростанцияларын куруу чечүүчү
маселе болсо, азыр тоо арасындагы эң алыскы айылдар электрлештирилди. Бүгүн биздин
кишилер үйлөрүнө электр лампочкаларын жеткириш менен канааттанышпайт. Алар,
электр кубаты менен молотилканы, вимди, тегирменди жүргүзүшөт. Электр машиналары
менен койду кыркышып, уйларды саадырышат. Колхоздордун чоң короолорундагы көп
түрдүү машиналар электр кубаты менен кыймылга келтирилет.
Ушинтип тынч күндөрдө алп эмгек менен жеңиштен жеңишти улантып, биздин өлкөдө
эмгекчи адамдын чеке тери таалай үчүн тамат!
Мейли тоо-тоонун арасындагы кыштактарда, мейли жумушчу шаарчаларда, мейли
МТС, совхоздордо, мейли четки бир пункттарда болсун ай сайын улам бир жаңылыктар
төрөлөт. Ал — эмгек жараткан жаңы өнүм, куду май айында өнүккөн өсүмдүктөй тез
дүркүрөп, көзгө тез көрүнүүдө, жыргал таалай, жеңиштери үчүн эмгектенген эмгекчи
адам тынч күндөрдө ырыска бөлөнүүдө.
Кечээ эле чаң чыккан көчөлөр, бүгүн карасаң, таш күзгүдөй мизилдеп асфальтталган.
Өткөн күздө эски үй турган квартираларда азыр көп катар үйлөр көтөрүлүүдө. Кыш
кынагыч кирпичти баптап, чебердеп коет. Столяр архитектор сызган татаал планды
тиктеп, миллиметрди эске алат. Таза иштетилген терезе кашектерин чеберчилик менен
кыйыштырат. Адис шыбакчы сылай берип, тиш-тиш кирпичтери көрүнгөн керегелерди
мизилдетип коёт. Бирок, этек-жеңи сырдуу, дайым көңүлдүү моляр бул чоң үйдү — бул
жаңы үйдү майлап өтүшкө келди. Ал эшикти, терезелердин кашектерин сынап карады.
Столярдын ишинен мин тапкансып, маляр шапкесин оң чекесине түртө кийди: — Эх! —
деп бөйрөгүн таянды. Ал ошентип чылымын тарткыча турду да, анан жаңы үйдү майлоого
киришти.
Маляр келди, бир чоң үйдү майлады, Кабак түйгөн капалыкты айдады. Ушул адам,
ушул сырдуу кийимчен, Бул дүйнөнүн үстүндөгү каймагы.
Ушинтип биздин акын Алыкул ырдагандай маляр ишин бүтүргөн сайын жумушчу
адамга улам бир чоң үйдүн эшиги ачылат. Ушул чоң үйдөгү өздөрүнүн жаңы бөлмөсүндө
уул атасы, кыз энеси кубанат. Бул жеңиш да тынчтык кездеги эмгекчи адамдын алп эмгеги
берген зор ийгилик! Май күнүндөй мейримдүү, май гүлүндөй таза турмуш ушул чоң
үйлөрдө, ушул жаңы үйлөрдө өтсүнчү.
Мейли ал станокто иштесин, мейли ал пахта талаасында, же кызылча аянтында
иштесин, мейли ал Боомдун, Нарындын, Кабактын капчыгайларында, же Кызыл-Кыя,
Токтогул жолдорунда машина айдап жүрсүн, мейли ал Сырттын жайлоосунда мал жайып,
же мейкин түздөгү эгиндикте суу агызсын, өстөн казсын, жемиш багын дарылап жүрсүн,
бардыгында бир тилек, бир максат — адам жыргалы үчүн кам көрүү.
Бир жылдары Чүйгө пахта айдалчу
Ата Мекен, эне тынчтыкта эмгекти сүйөт. Уул менен кыз советтик мектептерден билим
алууга ашыгышат.
Мейли, эмгек менен элибиз өнүп, өссүн!
Элдердин достугу бекем чыңалсын, дүйнөдө тынчтык турсун!
1952-ж.
АЛКЫШ САГА
Москвага ала кетчү кол жазманы тейлеп шашып олтургам. Жел түрткөндөй
кабинетимдин эшиги табышсыз ачылып, адегенде мурду көрүнө калып, анан узун бойлуу
жаш жигит иймене кирди. Ал мага кол берип учурашаарында кулагына чейин кызара
түштү да, кеби сылык чыкты:
— Кечириңиз... Ишиңизге тоскоол кылган жокмунбу?
Бул жигиттин өзү менен көрүшө элек болсом да, «Ак жаан», «Асма көпүрө» деген
аңгемелерин окугам. Алар мага негизинен жагып калган. Жаш талап, жаш жазуучу менен
сүйлөшкөнүңдө ак дилиңди төгүп, ансыз да ийменген жашты өз ичиңден сынай
олтурасың. Ички дүнүйөсүн таанып калгың келет. Тигил жигит ыйбалуу, токтоо боло
туруп анын өзү сезбеген калдастыгы, шашмалыгы сырткы оройлугу эмес, ички талабы
аны тынчытпай турганын билгизди. Биз бир аз сүйлөшкөндө эле, анын койгон
суроолорунан, кебинен, адабият жөнүндө айткан талдоолорунан улам жакшы белги
байкалды. Айтор, ал жолу ушул эр мурундуу, ак жүздүү жылдыздуу жигит мага жакшы
таасир калтырды.
Иштен күймөлгөнүмө өкүнбөй жаш талапкер менен маектешкениме сергип, кубанып
калдым. Анын калдастаган кебетеси көз алдымдан кетпей негедир Чаргындын элеси эсиме
түштү. «Не жазуучу, не каарман болучу жигит» дедим өзүмчө...
Андан бери жети жыл өттү. Тек жашоо үчүн жети жылдык өмүр аз мезгил. Бирок
чыгармачылык иш үчүн жети жыл — зор жеңиш берерин мына бүгүн биздин Чынгыз дагы
бир жолу далилдеди.
Жамийлаң, Асел, Дүйшөндөрүң дүйнөнүн төрт тарабына, тээ улуу деңиздердин ар
жагына кыргыз жүрөгүн ала кеткенине кубанасың!
Изденүү, өз чеберчилигин арттыруу, өз калеминин көркүн чыгарып, күчүн таанытыш
карынын да, жаштын да милдети.
Жеке талантка ишенүү — жүгөнсүз азоо мингендей ала качма болсо, шыксыз,
талантсыз тек куру «билимдин» сокмогуна салуу куру дүрмөт менен бута мээлегендей
дарексиз, ийгиликсиз болот. Эмесе талант, шык, билим эриш-аркак келгенде — эмгек
үзүрү жемиштүү да, жеңиштүү да болорун бүгүн биздин Чынгыздын ийгилиги айгине
далилдеди.
Жеке талант, жеке кызыгуу менен эмес, турмуштан сабак алып, орус адабияты,
дүйнөлүк адабияттардын бай казынасына терең изилдөө жүргүзүп, алардан таалим алуу,
талыкпай эмгектенүү Чынгыздын калемин курчутту.
Анын татынакай аңгемелеринин, повесттеринин адамкерчиликтүү каармандары бүгүн
дүйнөнүн төрт бурчунда эркин саякатта. Жамийла, Асел, Кемел, Дүйшөндөр ар бири өзөздөрүнө таандык кылык-жорук, мүнөздөрү, кейиптери менен кээ бир алыскы өлкөлөрдүн
«Кыргыз» дегенди укпаган кишилерге аны таанытып, даңктап жүрөт.
Алар сен жараткан каармандар, Чынгыз.
Жазуучуга мындан артык урмат, мындан артык сый болбойт! Эмесе, калемдеш
агаларыңдын атынан сени, дал ушул эмгегиңдин жеңиши менен куттуктайм!
Кымбаттуу иним!
Өзүңө жашыруун айтаар кеңешим: өмүр улгайган сайын чыгармачылык жашара берет.
Сен дал ушул жагыңдан картайбас бол. Өмүрүң узун болсун, жылдызың жана берсин!
1963-ж.
ЯСЫР ШИВАЗАГА
Өз өмүрүндөгү эсте кала турган белгилүү мезгилдерди адам эч унутпайт. Аны дайым
эстейт. Көз алдынан өткөрүп элестетет. Мен да өз өмүрүмдөгү белгилүү учурларды көз
алдымдан өткөргөнүмдө 1930-жылдардын башындагы болгон тарыхый зор окуялардын
бири — дунган эне тилинде, жаңы алфавитте өзүнүн басма сөзүнүн жаралышы! Бир элдин
ошол жаңы маданиятына кирпич коюшкан жаш интеллигенттердин бири жаш акын Ясыр
Шиваза болучу. Жаш болгондо да, ал менин көзүмө балажигит болуп көрүнчү. Бирок,
дайым тынбас элпек, ишке жөндөмдүү экени сезилчү.
Жылдар өтө берди. Баягы бала жигит Ясыр чыгармачылык жагынан такшалды.
«Чыныдагы жазуудагы», башка сонун лирикалык жалпы союздук окурмандардын көңүлүн
бурду. Акын өзүнүн чыгармачылык арымын жеке эле поэзияга арнабастан бир катар
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Мезгил Сабактары - 17
  • Parts
  • Мезгил Сабактары - 01
    Total number of words is 3925
    Total number of unique words is 2168
    28.4 of words are in the 2000 most common words
    41.5 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 02
    Total number of words is 3835
    Total number of unique words is 1945
    25.2 of words are in the 2000 most common words
    37.9 of words are in the 5000 most common words
    45.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 03
    Total number of words is 3888
    Total number of unique words is 2004
    26.2 of words are in the 2000 most common words
    38.0 of words are in the 5000 most common words
    44.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 04
    Total number of words is 3917
    Total number of unique words is 2109
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    38.3 of words are in the 5000 most common words
    44.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 05
    Total number of words is 3841
    Total number of unique words is 2050
    24.3 of words are in the 2000 most common words
    35.5 of words are in the 5000 most common words
    41.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 06
    Total number of words is 3908
    Total number of unique words is 2175
    25.1 of words are in the 2000 most common words
    36.6 of words are in the 5000 most common words
    43.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 07
    Total number of words is 3879
    Total number of unique words is 2261
    24.6 of words are in the 2000 most common words
    36.6 of words are in the 5000 most common words
    43.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 08
    Total number of words is 3889
    Total number of unique words is 2322
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    38.4 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 09
    Total number of words is 3878
    Total number of unique words is 2190
    26.2 of words are in the 2000 most common words
    38.2 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 10
    Total number of words is 3881
    Total number of unique words is 2101
    24.1 of words are in the 2000 most common words
    34.1 of words are in the 5000 most common words
    40.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 11
    Total number of words is 3844
    Total number of unique words is 2201
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    42.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 12
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 2270
    27.6 of words are in the 2000 most common words
    39.9 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 13
    Total number of words is 3957
    Total number of unique words is 2233
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    47.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 14
    Total number of words is 3766
    Total number of unique words is 2212
    23.9 of words are in the 2000 most common words
    35.6 of words are in the 5000 most common words
    42.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 15
    Total number of words is 3906
    Total number of unique words is 2254
    27.6 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    47.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 16
    Total number of words is 4040
    Total number of unique words is 2326
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    38.3 of words are in the 5000 most common words
    44.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 17
    Total number of words is 3980
    Total number of unique words is 2278
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    38.4 of words are in the 5000 most common words
    45.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 18
    Total number of words is 3826
    Total number of unique words is 2298
    24.7 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 19
    Total number of words is 4011
    Total number of unique words is 2430
    25.2 of words are in the 2000 most common words
    37.5 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 20
    Total number of words is 3935
    Total number of unique words is 2383
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    45.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 21
    Total number of words is 3922
    Total number of unique words is 2456
    24.7 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 22
    Total number of words is 3905
    Total number of unique words is 2360
    25.7 of words are in the 2000 most common words
    37.1 of words are in the 5000 most common words
    43.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 23
    Total number of words is 3793
    Total number of unique words is 2219
    25.4 of words are in the 2000 most common words
    36.9 of words are in the 5000 most common words
    43.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 24
    Total number of words is 3857
    Total number of unique words is 2269
    24.4 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    43.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 25
    Total number of words is 3863
    Total number of unique words is 2183
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    35.5 of words are in the 5000 most common words
    43.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 26
    Total number of words is 3856
    Total number of unique words is 2325
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.0 of words are in the 5000 most common words
    45.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 27
    Total number of words is 3866
    Total number of unique words is 2429
    25.2 of words are in the 2000 most common words
    35.8 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 28
    Total number of words is 3971
    Total number of unique words is 2417
    23.9 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    42.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 29
    Total number of words is 3917
    Total number of unique words is 2300
    24.3 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    42.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 30
    Total number of words is 3926
    Total number of unique words is 2169
    25.8 of words are in the 2000 most common words
    37.9 of words are in the 5000 most common words
    44.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 31
    Total number of words is 3936
    Total number of unique words is 2141
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    45.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 32
    Total number of words is 3916
    Total number of unique words is 2096
    25.7 of words are in the 2000 most common words
    37.3 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 33
    Total number of words is 3934
    Total number of unique words is 2181
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    38.5 of words are in the 5000 most common words
    45.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 34
    Total number of words is 2486
    Total number of unique words is 1435
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    41.2 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.