Latin

Мезгил Сабактары - 29

Total number of words is 3917
Total number of unique words is 2300
24.3 of words are in the 2000 most common words
36.2 of words are in the 5000 most common words
42.4 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
анын көңүл толкуткан, ыргаккан, шаңшыткан, безеленткен, торгойдун, булбулдун,
сарыбарпынын, деле кубулжута сайраган канаттуулардын; ал тургай бороондун,
толкундун, мемиреген тынчтыктын; ал тургай жортуулдагы чабыштын, жарыштагы
күлүктүн дубүртүн, баатырдын кайратын, жесирдин ыйын, кошогун так безенте
албаналбан ыргакка, кайрууга салып угуучуларды ойго чөмүлткөн залкар күүлөр, салт
күүлөр; адамдын сезимин чымыраткан кара күүлөр, моокун кандыра кол ойноткон шайыр
күүлөр— жеке эле комуздун аткаруусунда эмес, кыяктын, чоордун, темир комуздун
аткаруусунда замандар бою элибиздин жарпын жазган, муңун бөлүшкөн сыймыгы, эрмеги
болгон. Биз жаш кездеги салттуу карыялар илгерки өткөн улуу комузчуларды,
кыякчыларды, чоорчуларды, сурнайчыларды, жезнайчыларды дөңдө олтурушуп кеп
салышканда чымырап, эрип, толкундап олтурушчу. Айтор, улуу «Манастын»
аткарылышынан тарта дал ушул чечендердин айтыштарын да, дал ушул өнөрпостордун
өнөр салыштырууларында, ал тургай тек жай олтурушундагы оюн-зоок, тамашаларда
учурдун өзү милдеттендирген драматизми күчтүү көп окуяны жандандырып, күчөтүп
олтурчу. Жайдак, турмушта көчүп-конгон элибиздин өз тиричилигинен төрөлгөн, өзүнө
таандык ой-сезимди сугарган маданияты менен 1917-жылы элибиз улуттук боштондугун
алган.
1920-жылдарда биз айылда жүргөнүбүздө эле драматург жазган пьесасыз, жол
көрсөткөн режиссорсуз айылдык жаштар өз күчтөрү менен үй-үйлөрдөн көшөгө, жууркан,
идиш-аяк жыйнап, ээр токум, асбап жасап келишип — «Оюн» коюшчу. Биз бирден бир
таалим алган булак — өзүбүз угуп-көргөн элдик өнөрпостордун иштери, жомоктор,
баяндар болду. Албетте, ал тестиер чактын тестиер аракеттери эле. Дал ошол иштер
делебени козгоду, чоң өнөргө кызыктырды. Айылдагы шыктуу жаштарды окууга, илимге
тартты, шаарга чакырды.
Отузунчу жылдын башында эле клубдук сахнада «Текшерүүчү» сыяктуу классикалык
комедиянын ролдорун Жүндүбай уулу, Эшимбек уулу, Ботаалы уулдары жөндөмдүү
аткарып кетиштери менен алар жеке өз таланттары, жеке режиссорлордун үйрөткөн
таалимине эмес, сары ооз кездеринен турмуштан ала келген сабактарына да милдеттүү.
Айтор аз жылдын ичинде театралдык өнөр чоң ийгиликтерге жетишти. Ага элдик
булактар өз тамчысын кошуп турду. Бирок ошентсе да шыктуу артисттерибиз шыктарын
таасын ача албай келатышат. Эгерде талант бек, турган кулпу болсо, аны ачуучу ачкыч —
пьесадагы чоң ролдор. Ар бир шыктуу актердун чеберчилигин ойгото тургандай пьесаны
жазуу драматургдун милдети. Бирин-серин ийгилик бар. Күчтүү пьесалар али кезге чейин
жок. Ошентсе да бул мүчүлүштү биздин таланттуу актерлор өздөрү бөлүшөт. Себеби,
аларда чыгармачылык биримдик байкалбайт. Жетекчилерге жаккан көк шилти пьесаларды
чабырга ыргытып таштап, анын ордуна өздөрүнө жаккан, өздөрү аткарууга ролдор
табыша турган пьесаларды талап кылуу, эгерде андай пьеса колдоруна түшсө, аны коргоп
аткаруу көп учурда актерлордун колунан келбей калат. Бул жагынан алганда Немирович
Данченко не Станславский авторлор менен иштешкендей иштешүү биздин режиссорлордо
да болбойт. Ошентип ардуу авторлордон алсыз коллектив ажырап калат.
Буга бир кана мисал:
1938-жылдан баштап маркум Алыкул экөөбүз коңшу туруп калдык. Ал да пьеса жазды,
мен да пьеса жаздым. Ал мага караганда өткүрүрөк көрүндү. Аны алдыга салдым. Ал
жазган пьесаларын алпарып коллективге окуп берет, адегенде кубанып келет. «Коллектив
өсүп калыптыр. Кол чаап кабыл алышты. Кичинекей ой айтышты. Ошону оңдосом эле,
коюлмак болду. Сен да тездет, Көлкөңбай. Болбосо кеч каласың».
«Кичинекей ой» оңдолот. Алыкул театрды көздөй кумпуңдап жөнөйт. Бирок... тилекке
каршы бул жолу ал кумсарып ызаланып кайтат:
— Кай бирлери айткандарын унутуп салышат экен... Терс кетишти далайы. Өзүн,
артыкча чыгармасын сыйлаган киши пьеса жазбай эле койсун. Романды жаза бер,
Көлкөңбай.
Бечара Алыкул ошентсе да күдөр үзбөй пьеса жазып жүрдү. Азып, арыктап да кетти.
Анын жазгандары учурунда оңдуу сахнага коюлбады. Анын ордуна азыр дайны чыкпай
калган көкшилти пьеса сымактар кабыл алынчу. Ушул кезде Алыкулдун үч томдугун
карап жатам. Анын экинчи тому бүт дээрлик пьесалардан түзүлгөн. О, өз мезгилинде
бышкан жемиш кандай ширин. Жок дегенде Алыкулдун драмаларынын жартысы
мезгилинде сахна көрсө, балким ал драматург катары жетилет эле. Дагы жашайт беле? Ал
оор мезгилде кургак учуктан каза тапты.
Кыйыры келгенде айтыла калган бул мисал, балким, орунсуз угулар. Ошентсе да
айтылды. Себеби, басмаканалардын, артыкча театрлардын чөйрөсүндө кез боочулардай
кубулма жанбактылар көп. Алар эрегиштирүүгө, ушактоого өтө жөндөмдүү келишет. Өз
иштери ыплас болуп туруп кичи үйгө да, чоң үйгө да жол таап кетишет. Алардын
өнөктөштөрү да, тилектештери да, чөйрөлөштөрү да бар. Ишке алагды, чыгарма үчүн жан
кейиткен адамдар талаштартышта сүрдүккүчө аз өмүрдө иштеп калайын дейт.
Неси болсо да:
а) Чыгармачылык коллектив нукура таланттарды барктоо менен бирге зыяндуу
мителерге өз араларынан жол бербеске жетишсе.
б) Дүйнөлүк чеберлерден үйрөнүү менен элдик булактардан ууртап-татып улуттук
маданиятты жаратуу. Себеби, коммунизмдин мазмундуу жарык маданиятына кыргыз эли
да өзүнө таандык салымын кошууга милдеттүү.
в) Башкарчу жана башкарылуучу чөйрөдөгү айрым адамдар тарабынан кетирилип
жаткан сабатсыздыкты (наадандыкты дешке ооз барбайт) жоюп, көркөм өнөрдү туура
баалай билишке жетиштүү.
19. Азыркы кыргыз жазуучуларынан Сизге жаккандары кимдер?
— «Жагуу», «жактырууга» болгон менин мамилем айтылбадыбы. Кыргыз
жазуучуларында деле ошондой — бир бүтүн жактан алып караганда тигиниси же мунусу
жага коет деп айтышка азыр эрте. Биздин жазма адабият адегенде суйдан тарткан жалгыз
түп балатыдай болучу. Азыр ал шуулдаган токой болоюн деп калды. Аны өндүргөн чоң
коллектив бар. Албетте, ал азырынча жаш, анча жетиле элек. Ошентседа көп жаралуу ар
кыл темаларда жазылган чоң адабиятты өнүктүрүү биздин милдетибиз. Күнүмдүк жан
багуу, ал халтураны гүлдөтөт.
20. Алардын чыгармаларынан кайсылар жагат жана эмине үчүн?
— Поэзияга жаңылык деп берген Алыкулду, жумшак лирикалары, турмуштук
драмалары үчүн Жусуп, Жоомарттарды, каармандын ички дүнүйөсүн ачкан «Майдан»
романы үчүн Узакбайды сүйгөн окуучуларга мен да кошулам. Тирүүлөр жөнүндө азыр
атайы унчукпайм.
21. Кыргыз адабиятынын мындан аркы өнүгүшү жөнүндөгү пикирлериңиз?
— Бир ай мурда жаш жазуучулардын кеңешмесине катыштык. Бизде жыл сайын
ушундай кеңешме өткөрүү салтка айланып калды. Бул абдан жакшы жөрөлгө. Жазып
жүргөн жаштар жылда бир маал баштарын кошуп өз ара чыгармачылык отчёт беришип,
улуулардын кеңешин угуп кайтышат. Албетте, баамчыл, дээринде бар жаш мындай
жолугушуудан пайда алары айгине. Ушундай кеңешмелер, жолугушуулар, чыгармачылык
пикир алышуулар дайым болуп турганы алар үчүн пайда. Ал тургай ошол жолугушуулар
официалдуу өтпөстөн чыгармачылык мелдеш иретинде болуп турса. Айталык
кеңешменин президиуму жюринин милдетин аткарып, баяндаманын ордуна жаш
жазуучулар бир жыл аралыгында жазылган чыгармаларынан окуп берүү — айтыштын
жаңы түрү менен чыгармачылык жарышка катышкан жаш акын же жаш прозаик көпчүлүк
алдында өз жөндөмдүүлүгүн сындан өткөрүү. Ар бир ошондой жолугушуунун
жемишинен чыккан тандалган ыр, аңгемелердин жыйнактарын чыгарып туруу салтка
айланса — бул иш ынталуу жаштарды ишке шыктандырары талашсыз.
Кыргыз адабиятынын токою улам шаңдуу тартып өнүгүудө. Аны өнүктүргөн коллектив
улам жаңы таланттар менен толуктанууда. Катарыбыз калыңдаган сайын «Төө канча
болсо, жүк да ошончону» эске алууга тийишпиз. Башта чамабыз келбегендиктен
«бузулбай жаткан дыңдарыбыз» да көп. Элибиздин тарыхынан тартып бүгүнкүсү,
эртеңкиси али кезге жогорку көркөмдүктө кең планда көтөрүлө элек. Анын себеби,
күнүмдүк темага бирден бир көңүл буруу, мейли жүүнү бош үлдүрөп турса да көмүр,
темир, пахта, жүгөрү, мал, жүн сыяктуу асыл заттар арасында жүрсөк болду. Көркөмдүк
жактан оозго алгыс көк-шилтилигине карабастан, сага окшогон бапылдак сынчылар
ошондой көкшилтини көбүрөөк мактап, халтура төргө өтөт да өзүнүн ыплас
жөндөмдүүлүгүн ишке чексиз ашыра берип баарыбызды жүдөтүп келатат. Ошондой
халтуралык чыгармаларды кээки сынчылар курулай мактаганды коюшса, аларды
колдогондор чыгарманы өздөрү окушуп, жакшы-жаманды жалпы окурман өздөрү
баалашса, жакшы чыгарма туюкту бузуп элге жетет. Анын өмүрү узун, аны талдоочулар
да, баалоочулар да көп. Орунсуз мактоо асманга учурбайт жаманды. Окурман кабыл
албайт халтураны. Көрө албастар жамандап жакшыны жогото албайт. Себеби, нак алтын
чиричү беле. Адабияттын зергери сынчы «сыңар өтүгүн майрык басууга» акысы жок. Ал
атайы калпыс басса өз абийирин төгөт. Өзү убактылуу зыян тартып жатса да, калыстыктан
тайыбаган сынчы адабиятыбызга чоң салым кошот. Деле мейли кары, мейли жаш болсун,
жазууга үмүттөнүп, колуна калам кармагандар жазуучулук кесипти эң асыл иш деп
билүүгө милдеттүү. Дыйкан кайдигер караса, эгинди отоо басат...
«О, кудай алсын. Берген менен келгенди уйкалыштырып ыр жазгандан оңой иш кайда»
деп камырабай каяша айтычулар да бар. Андайларга жол бербөө жанагы көрөгөч, калыс,
баамчыл сынчынын милдети. Жөө тумандан түшкөн көлөкө жер-сууну түнөртүп койгон
сыяктуу натура пропаганда өтө салакалуу. Дайым ачык турган күн илеби адабияттын
өнүмүн тездетет.
Албетте, көлөкө нукура талантка жолто эмес. Ишин сүйгөн баамчыл талант барган
сайын боз жоргосун айдатат. Ал туура. Өз башымда дал ошондой карылуу, кайраттуу, ак
ниет таланттарды жактырам. Бирок, ар бир адамдын кабыл алуусу ар башка. Алыкул
менен Узакбайда өтө эле назик сезим күчтүү болчу. Алар анчейин капарга албай койчу
нерселерди жүрөктөрү сыздаганча кабыл алышып кейип, нааразыланып калышчу. Бул
сапат алардын кемчилигинен эмес адамгерчиликтин эң кылдат, эң назик сезимдери —
аларды кыйнап, эзип, өксүтүп, аксатып, кейитип коючу. Тескерисинче кээки кишилер
кыйналчу ишке кыйналышпай, уялчу иштерине уялышпайт. Ал тургай алар кайра ээлигип
кетишет. Ушундан улам: баамчыл, сезгич касиеттери күчтүү чоң таланттардын жүрөгүн
аяп, аны баалоо менен тигил уят-сыйды билбес саламчыларды айра таануу
адабиятыбыздын тездик менен өнүгүшүнө чоң жол ачар эле.
Эпсизден эп кыйыштырып кунсуз нерседен чыгарма табуу артыкча адабиятка жат. Ал
акыры уятка калтырчу опуртмалуу нерсе. Чытырман тамыры жерге житкен бай карагай
сыяктуу адабият турмуштук окуялардан, кишилердин мүнөзүнөн, элесинен, табияттын
дүйнөсүнөн күл азыктанып, акыл, таланттын элгегинде иргелет. Ошон үчүн ал бүгүн да,
эртең да өз өңүн өчүрбөс, баркын жойбос асыл мурас болуп калат. Тамырсыз дарак
көктөбөгөндөй эле же тигил, же бул жазуучу турмуштун тунук булактарынан
азыктанбастан тек жалтырак материалдардан пайдаланып, өзүнө чапан бычкан менен ал
калай сыяктуу алыстан жалтыраса жалтырар, бирок анысы дат баспас чыныгы элдик
мурас болбойт. Албетте, чеберчиликти өнүктүрүү , жаңы ыкмаларды өздөштүрүүдө
талыкпастык карынын да, жаштын да милдети. Атаа, көркөмдүк боекторго бай, жарык
мааниге доо кетирбес, ары дыкан, элпек, ары сезим тангыс сонун ыкма ар кимдин
мүмкүнчүлүгүндө болуп турса, кана? Ал жазуучу үчүн кен тапкандай кубаныч-сыймык,
байлык болор эле. Бирок сабакты ийри-муйру сындыра салуу жаңы форма болбогондой
эле, эки не үч улуттун кишилеринин тебетейлерин кийиштире коюу менен жаңы
адамдардын мүнөзү жасала калбайт. Андай күчкө салып «метистештирүү» тек
окурмандардын кыжырын кайнатат. Элдердин ортосундагы интернационалдык цементти
бекемдетчү чоң адабияттын каарманы аткарчу милдетти андай «метистер» көтөрбөйт. Ал
тургай салакасын тийгизет.
Изденүү — жардылантып, оңой жол таап адабиятты жүдөтүү эмес, изденүү — жаңы
тамыр чыгарып,. жакшы өнүм берүү.
Аны өстүрүүгө ат салышкан каламдаштар, артыкча жаштар, изденүү жолунда далай
азап көрөрүн эске алып, баамчыл, ойчул, тез тапкыч көрөгөч — алардан мурда чоң
түйшүктүү изилдөөчүлүктү моюндарына алып коюшсун! Жумурткадан жаңы чегилген
балапан жарык дүнүйөнү көрө сала күчөп чыйпылдайт. Анткени, жаш көз дүнүйөгө
суктанып, аны кеңири тааный албай жатат да. Көп учурда ,биз — адамдар да, ошол
балапандын милдетин аткарып калмайыбыз бар. Экинчи төрөлүп жатпаган соң, биздин
балапан болуубуз да закондуу иш.
Ошентсе да, тезирек адамча көрүп, дүнүйөнү тез таанып, иштен үзүр чыгарышка
милдеттүүбүз!
22. Уйкашсыз, ритмасы эркин ырга мамилеңиз кандай?
— Бизде көп жок нерселер азыр бар болууда. Бир заманда канаттуу гана ашкан
ашуулардан азыр оор техника өтүп калды. Эмесе уйкашсыз ыр кыргыз тилинде анча эле
бийик ашуу эмес. Жана биздин тил ошончо эле жарды тилдерден да эмес. Жорго сөз деп
аталабы, уйкашсыз ыр деп аталабы? Кеп анын атында да болбосо керек. Айтор дүнүйөлүк
адабиятта болгон түрлөр, ыкмалар биздин тилдин ийкемине да баш ийет деп ишенем.
23. Улуу кишилерден (революционерлерден, баатырлардан, полководецтерден ж. б.
лардан) Сиз үчүн кимдер бийик жана ыйык көрүнөт.
— Тестиер кезимде түркөй кишилердин баянынан: Чыңгышкан, Аксак Темир,
Искендер Зулкарнайын деген улуу аттарды укканымда алар мага шаңдуу, ыйык сезилчү.
Ал тургай чыбык минип аткулак менен чабышканыбызда өзүбүздөн Чыңгыш жаратып
торсоюп калчубуз... Ошондон бери дүнүйөнүн ар бурчунда жашап өткөн ар кыл улуу
адамдардын өмүрү, өтөгөн иштери менен таанышбыз. Албетте, балалыктын ууз сезимине
алдансам макталган баатырлардын, акылмандардын бардыгына сыйынар белем? Бирок,
улуу Чыңгыштын өз неберелери — азыркы моңголдор улуу бабасынын жортуулу
Оролдон ары өтпөй токтолуп, өз мамлекетин бекемдеп калганда жакшы болмок экен
дешсе, мен өз элимдин өткөндөгү кыргынын эстей келип, деле улуу Чыңгыш өз
жортуулун баштабай койсо болмок экен дейм. Ал тигил отунчу Абрам Линкольн ак,
иштерди аткарышты жүзөгө ашырышка узак мезгил көксөп президенттикке жеткенде
кулдарга азаттык берүү, адамдын укугун тең көрүү үчүн болгон күрөштө курман болду.
Эгерде улуу отунчу кайсар артисттин огуна учпай тилегин жүзөгө ашырып, адам адамды
кемсинтпөө үрөнүн ошол кезде өнүмдүү таштай алса, балким XX кылымдын «ак»
кишилери Америкада, Африкада дагы бир кур булуң-бурчтарда «кара» кишилерди мынча
кемсинтип, мынча жектешпес беле?
Ушул эки улуу ысмыны мисалга келтирип айтайын дегеним: Өмүрүмдүн ар мезгилинде
өзүм таанышкан, өзүм сыйлаган улуу ысмын урматтаган көсөмдөр, баатырлар,
колбашчылар ж. б. бир топ. Бирок «Күлүк күнүндө» дегендей өз доорунда албан эрдикти
көрсөтүп, кылымдарга унутулбай калган кол башчыларды, баатырларды, не эл башкарган
көсөмдөрдү, акылмандарды, падышаларды, хандарды, не акылдан «Алла» жаратып өз
билгенин бербес — өзү бек, өзү хан болушуп жортуулдун, чабыштын, зордуктун казанын
ат жалына асып коюшуп, өмүрдү көкбөрү тарткан, динди жолдоп, аларды кандайдыр бир
зор күчкө сыйындыруу колдорунан келген пайгамбарларды, диний даанышмандарды,
акылдын жемишин эл үчүн өндүргөн даанышман окумуштууларды эстеп алардын ар
бирин көз алдыдан өткөрсөк: коомдун өзгөрүшүнө, маданияттын өсүшүнө, журттун
бекемдеп, тамырлап сакталышына, анын маданиятынын көтөрүлүшүнө себепчи болгудай
ар биринин өзүнө туштук улуу иштери бар. Биз алардын өткөндөгү салмагын баалап,
азыркыга, эртеңкиге кошор салымын тактап, пайдазыянын өлчөй келгенибизде кылымдар
бою адамдын өмүрүн илдеттен сактоодо, кылымдар бою дүнүйөдө табыптык илимге маяк
болгон улуу Улукман Абу Али Ибн Син сыяктуу улуунун улуусу, не кылымдар бою
адамдын жүрөгүнө күү сезимин салып жан лазатын берген улуу Фирдоуси, Бедиль, Хафиз,
Саади, Рудаки, Омор Хаям, не падыша башы менен балта кармап өз элинин бардык кемкетигине балтасын согуп, келечеги үчүн турмуш кемесин курган Петр 1 ни, не айтор ар
заманда, ар кыл журтту жаңырткан улууларды жайына коем. Алардын катарында мен
сүйгөндөр көп. Бирок мен алардан да бул күндө бизге кеңири таанылбаган, бирок адам
баласын бүткүл жан-жаныбарларды кыргынга учуратып тыйпыл кылып келаткан көзгө
көрүнбөс күчтүү «жоону» табууда улуулардын улуусу болгон анча билимдүү да эмес,
кездеме саткыч Антони Левенгук, анын ишин уланткандар: Спалантсани, Роберт Кох, Луи
Пастер, Мечников сыяктуу окумуштууларга сыйынам. Баса булар не деген кол башчылар!
Не деген каарман, коркпос алп кишилер. Улуу колбашчы: Искендер, мейли Цезарь, мейли
Наполеон менен Суворовдор деле чопкут кийип, чоюн баш көтөргөн алптардын, замбирек
күркүрөтүп армия баштаган колбашчылардын бардыгы биригип тигил чечектин, обонун
(чуманын), карасан ооруларын өз денелерине кабыл алышып, тажрыйба жүргүзгөн —
укумдан тукумга чейин адам баласы бей ажал өлбөсү үчүн күрөшкөн чопкутсуз кол
башчыларга тең кишилер беле! Баса, коомдун жаңырышы, маданияттын өсүшү, ак, сары,
кара — бардык адамдардын өмүрү, алардын жыргалы, бардык жан-жаныбарлардын өмүрү
үчүн күрөш ачкан ыйык, чабуулдан жогору турган идеал барбы?
Эмесе алыскыны жууктай көрүп, аз сүйлөп, терең, баамдап — элдердин ортосунда
эркиндик,
теңдикти,
кишилерге
жакшылыктын,
калыстыктын,
берекенин,
боорукердиктин, ак пейилдүүлүктүн үрөнүн сепкен адам, мейли ал эч дипломсуз болсун.
Мен сүйгөн көсөм да, акылман да, баатыр да ошол!
24. Турмуштагы Сиздин эң жогорку принциптериңиз эмнелер?
— Менин эң жогорку принцибим: адам деген наамды "өзүнүн бардык касиеттеринде
тунук, ыйык, бийик сактап өтүү!
25. Чыгармачылык пландарыңыз кандай? Айтайын деп жүргөн оюңуз, көрсөтсөм деген
проблемаңыз, фантазияларыңыз, тилегиңиз болсо (ар кандай маселелер боюнча) да
айтсаңыз экен?
— Жазуучу — ойчул. Ал күн өткөн сайын баамчыл, даанышман, максаттуу болууга
милдеттүү. Максат адамдын чоң үмүтүнө жол ачат. Эмгек — анын ак үмүтүн ишке
ашырат. Ал, тек бүткөн калыбында зыңгырап менсинип тура берчү иш эмес — дайым
элестүү, дайым сүрөттүү, жандуу, адамдын кыялында, көз алдында, максат-тилегинде
кошо жашай берүүчү асыл иш. Албетте, мындай асыл иш оңой менен колдон келбейт.
Акыл, талант айкалыша келген менен да өз өмүрүндө үч дүнүйөнү бирдей асырай албаган
жазуучу сыңар аяк калаарын баамдап калдык. Неси болсо да «генерал болууну самабаган
солдат солдат эмес» сыяктуу, Ыманбай алдымда ошол үч дүйнөнү бирдей асырайын деген
асыл максат күн өткөн сайын мени да тынчытпайт. План да кең, максат да чоң, ойлор да
бар, проблемалар да коюлар, кыял да эргип коёр. Айтор алдын ала эсеп берүү калтыс иш.
Тирүү турсак, улам жүзөгө ашырылганын өзүң талдап, өзүң баала. Майданга чогуу
аттаналык. Бузулбаган дың кыргыз адабиятында көп. Биз аны бузушалык!
Замандын мүнөзү ырчынын таңдайында тешчү, бабаларыбыз. Аз сурооңо так жооп
берип, тез кутулайын деп канчалык аракет кылсам да суроо менен жооптун чубалжып
турган доору багынтып алды көрүнөт. Өзүм сезип турсам да ашык тантырап салдым. Аны
айып көрбө? Улак текедей бапылдаган иниси тынчын алып турса, түйшүктүү агасы ага
көнө берет тура.
Суроолоруң колума тийгенине бирер күндөр өтсө да өз иштерим кол байлады, анын
үстүнө эскирген дөңгөлөктөй эптеп чыйкылдаган жан чүчкүрүп калып, жоопту бир аз
кечиктирип койдум.
1963-ж.
КЫМБАТТУУ ЖИГИТОВ
Сиздин суроолоруңузга саал кечигип жооп берип жатамын. Ал үчүн Сизден кечирим
сурасамбы, сурабасамбы. Өзүм да анча ага акылым жетпей турат. Себеби, ден соолуктун
бир аз начарлашына байланыштуу өз иштеримдин бөгөлүп, бир кыйла түйшүк тартып
турган кезимде бул суроолор берилип калды. Аксакал жазуучу катарында мага көңүл
буруп, суроолор менен кайрылганыңыз үчүн Сизге ракмат айтсамбы, айтпасамбы. Неси
болсо да өтөп жаткан иштерибизди милдеттүү сезип, ага жооптулук менен карай
баштаганыбыздын белгисиго. Өткөн жылы Азиз Салиевдин кызыктуу суроолор менен
кайрылганын
айтпаганда,
ушуга
дейре
адабиятчыларыбыз
менен
акынжазуучуларыбыздын иштеги эриш-аркактыгы сээл. Ар кимибиз өз бетибизче болуп,
коюнга кекилик катып алган тузакчынын сыңарында култуюп жүрө берүү көбүбүзгө али
мүнөздүү. Неси болсо да Азиз экөөңүздөр жакшы ишке демилгечи болдуңар. Ушунун өзү
да биздеги өсүпөркөндөштөн келип чыккан аракет болуу керек. Түшүнүк катыңызда Сиз
«ушул кезге дейре мемуарлар, эстеликтер жазылбайт, баалу материалдар табылбай
калабы», деп сактанышыңыздын чындыгы болсо да, ал анча өкүнүчтүү нерсе эмес. Азыр
андан кудай сактасын. Кат жазуубуз бар. Окумуштуулар бар. Баарыдан мурда Сиз доо
койгон сакалдуулар азыр анча бөгүп-чөгүп кетише элек. Азыр алар күүлү демдер.
Алгачкы мезгилдин элесин сүрөттөп, мүнөзүн ачкан чыгармалар жаратышар. Азыркы
биздин башкы милдет ушул.
Деги өз мезгилинде бышкан жемиш ширин дечи, иним. Буга анча өкүнбөйлүк. Аны
эстен да чыгарбайлык. Ушул жакшы башталышты кубаттап суроолоруңузга кыскача
жооп берейин.
— Кайсы тилде, кайсы жерде, канча жашыңызда кат таанып, окуй баштадыңыз?
— Туулган жерим Кең-Сууда кар бир жаап калган маал. Энем колумдан жетелеп
барып, молдого тапшырды:— Сөөгү меники, эти сиздики, молдоке. Ушул жетимчемди
окутуп адам катарына кошуңуз?
Ошентип, 1919-жылдын акырында сегизге караган чагымда үч ай диний окуудан сабак
алдым. Бизди боз тон кийген, боз үйдө турган Түнкатар деген кыргыз молдо окутту. Үч
айда «Аптиекти» түшүрүп, «Курандын» башкы бараларын тамтуң окуп калдым. Бирок
араб тилинде басылган бул диний китептердин бир сөзүн да түшүнүчү эмеспиз. Тек
тамгаларды жаттап окуганыбыз болбосо, эки-үч сөздү кураштырып кат жазалган жокпуз.
Кийинки жылдары айылга келген кызыл мугалимдерден биз жаңыча окуй баштадык.
Бирок шартка байланыштуу мен бирде айылдык мектептен окусам, бирде шаарда,
хозяйндин үйүндө болдум. Ошонун кесепетинен арада мектепке баралбай калган
жылдарым болду. 1923-жылдын күзүнөн баштап, Караколдогу (Пржевальск) А. П. Чехов
атындагы биринчи баскыч орус мектебинен окуй баштадым. Дал ошондон кийин кана
негиздүү билим алууга шарт болду.
— Биринчи ырыңызды кантип жаздыңыз эле? Аны жазууга эмнелер себеп болду?
— Эс тартып, сөз маанисин түшүнө баштаган кезимден эле балдар менен оюнга
алаксыбастан, маек курган чоңдордун арт жагына олтуруп көп-сөз, аңгеме, баян, жомок
укканды жакшы көрчүмүн. Бир уккан жомокту көңүлгө түйүп калууга тырышчумун. Ал
кезде чоң-кичиненин жай олтургандагы эрмеги көбүнчө жомок айтышуу, ырдашуу, маек
курушуу болучу.
Кат таанып, китепке тишим өтө баштаган кезимде,. көркөм адабиятка кунт коюп, ага
өтө кызыгып жүрдүм. 1926-жылы Осмон, Саадатбеков деген биздин айылдык боз уландар,
менин суроом боюнча, мага көчүрүп берип жиберишкени эсимде. Кыргыз тилинде эң
биринчи «Касым ырларын», «Ажарды», «Эриксиз күндөрдү» окудум. Ал кезде жаңыдан
кат тааный баштаган уландар артыкча «Касым ырларын» коюнга ката жүрүп окушчу.
Жаштар Касымдын көп ырларын жатка айтышчу. Мен да алардан калышчу эмесмин. Орус
тилин саал өздөштүрө баштаган кезден тартып Пушкиндин ырларын, жомокторун,
Тургеновдун, Чеховдун чакан аңгемелерин окуп, аларды үстүртөн болор да түшүнүүгө
тырыштым. Шаардык китепканага келип, андан казак, татар, орус тилдериндеги
китептерди окуй турган болдум.
1928-жылы май айынын башында, мен шаардык китепканадан Пушкиндин бир
томдугун алып келип жапыс терезенин оюгуна олтуруп жарыкты тосуп окуп олтурам. Биз
менен бирге туруучу, бирок Ленин атындагы жети жылдык кыргыз мектебинде окуучу
жээним Молдокасым келип, колумдан «Пушкинди» жулуп алды:
— Ой, Чоңбаш! Орустун китебине тишиң өтпөйт! Муну коюп, сабагыңды бышыкта!
— Өзүм ушундай китеп жазамын, анда кантесиң!—дедим мен ага төштү такай.
Экөөбүз мелдеше кеттик. Бул мелдеш болгон менен жетилип, бышып келаткан тилегим
болучу. Ошондон кийин мен бат эле «Капкакпай» деген жомокту ыр менен жазып,
жолдошторума окуп бердим.
Ошентип, уяң башталыш болсо да оюмда жүргөн тилегим тумшук чекти.
— Бизден мурда жазма адабияты бар тили тектеш элдердин адабияты, көрүнүктүү
жазуучуларыбыз Сиздерге жана кыргыз адабиятынын калыптанышына аздыр-көптүр
көмөк көрсөттү деп айталасызбы?
— Арийне, өз эне тилинде чыкан китеби өтө аз болгондуктан бирин-серин кат тааныган
кыргыздар казак, өзбек, татар тилиндеги китептерди окушчу. Эсимде. Биздин жердеш
айтылуу Сарыбайдын уулу Ысмайыл акын татар, казак газеталарын, китеп, журналдарын
атайы алдырып алып, дайым эл ортосунда окуп олтурчу. Кээде дөбөдө, не айылдан окчун
чоң таштын үстүнө жалгыз олтуруп алып окучу. Аны чөйрөдөгү журт:— Ысмайыл казак,
татар кезитин окуйт. Көптү билген көзү ачык адам!— дешип даңазалашчу.
Ошондон улам биздин айылдагы жаңыдан окуп, илимге кызыгышкан балдар да
Ысмайылча газета, журнал, китеп окушка кызыгышчу. Алардын бири мен да казак, татар,
кийинчерээк өзбек тилиндеги китептерди кызыгып окучумун. Казак акындарынан алгачкы
тааныганым: Магжан Жумабаевдин өлеңдери, Бэйимбеттин өлеңдери, аңгемелери, Сакен
Сайфулиндин өлеңдери, кийинчерээк Жансугиров Ильястын, Мухтар Ауэзовдун аңгемеповесттерине, татар адабиятынан Тукайдын ырларына кызыктым. Ибрагимовдун «Казак
кызын» окудум. Өзбек жазуучуларынан артыкча мени чоң кызыктырган Абдулла Хадри
Жулкунбайдын «Өткөн күнлери» менен «Михрабдан чаяны» болду. Мен бул эки романды
сүйүп окуу менен ал аркылуу көркөм прозанын жанга жагымдуу асыл касиеттерин
сездим. Биз Мукай экөөбүз казак жана өзбек жазуучуларынан артыкча Абдулла Хадри
Жулкунбайдын эки романы менен Бэйимбеттин «Шоганын белгиси» деген сонун
аңгемеси жөнүндө көп пикир алмашып, бул чыгармаларга суктанып, кызыгып кайра-кайра
окуур элек. Жусуп болсо, казак, татар адабиятын көбүрөөк сүйгөндөй сезилчү. Ал эми
Карачев Сыдык татар адабиятын жакшы билүү менен адегенде өзү татарча жаза баштаса,
Касым ырды казак тилинде да, өз эне тилинде да жазды. Ал тургай тигилерден бир аз
кийинчерээк, өз эне тилибизде газета-журналдарыбыз чыгып калган кезде да Аалы
Токомбаев «Луговая» деген ырын казак тилинде жазды.
Менин баамымда биздин жаңы чыга баштаган таланттуу жаш акынжазуучуларыбыздын өсүшүнө, деле биздин жаш адабиятыбыздын калыптанышына тили
тектеш элдердин адабияты өз таасирин тийгизбей койгон жок. Кыргыздын оозеки
адабиятында, жомоктору, баяндары, эмгек ырлары, кошок, айтор бардык түрлөрү дээрлик
көбүнчө 7—8 муундан түзүлсө, жазма адабиятыбыз өнүгө баштаганда 11 муундуу ырлар
көп жазылды. Муну биз Касым ырларынан байкайбыз. Ал тургай Касымда 4—5 муундан
түзүлгөн «Айлуу түндөгүсү» ыр түзүлүшү, күүсү, ыргагы, темпи боюнча учурунда кыргыз
поэзиясына жаңылык салым алып келген. Ал эми 9—10 муунда ыр жазуу, артыкча 10
муунда ыр жазууга Касым демилгечи Деп биличүбүз. «Он муунду ыр күүгө оңой менен
келбейт, бирок он муунду ырды жазган акын өзүнүн акындык күчүн сынайт», деп Касым
айтыптыр деген сөздөн улам, отузунчу жылы кыш 10 муунду ыр жазууга кызыкканым
эсимде. Ушунун өзү биздин жаңыдан өнүгө баштаган адабиятыбыздын жаңы
башталыштары, тигил же бул өзөндөн куюлган көк кашка булактар сыяктуу, тигил же бул
элдердин адабиятынан бизге эри-шаркак болуп келип жаткан жаңы, асыл салымдар
сыяктуу сезилүүчү.
— Адабият теориясы боюнча алгачкы маалыматтарды кайдан, кайсы источниктен,
кайсы тилдеги китептерден алдыңыз?
— Кымбаттуу иним Жигитов, ушул «Кайсы?» «Кимден?» «Эмнеден?» деген
суроолорго жооп берүүдө мен ушул кезге дейре өз ички сырымды анча ачпай келатам.
Анын өзүнчө себеби бар. Ал менин өз ички дүнүйөмдө иштелип, такталып, бышыгып,
баамдалып дайым өсүп-өнүгүп же тескерисинче бөгөлө калып мени кыйнап келаткан, же
мени уяң, жумшак, асыл сезимдерге бөлөп жыргатып келаткан өзүнчө бир (албетте мен
үчүн) сонун, кызыктуу, эң керектүү, эң баалуу илим! Ал алида болсо өзүнүн өсүш
жолунда мени эчен албан, жооптуу, татаал, кызыктуу милдеттерин алдыма туура тартат.
Бирок, аларды өздөштүрүүдө, аткарууда элпек жигиттей даяр турсам да бирде белсенип,
курчуп, бирде этиет сестенип (албетте, күчкө ишенүү жагынан) ойлоно калып, кайра
чыйралып «Адамдын акылы жараткан мунарага адам чыкпай коймок беле!» деген ак
тилек, жарык үмүттө тигил сонун мунарага эптеп өзүмчө жол тапкым келет, эптеп өз
кебетемди бузбай анын бийигине чыксам деймин. Баса, адам тапкан жолду адам таппай
коймок беле. Кантсе да түйшүктү моюнга алуу керек бейм? Ошондуктан мыкты, көрөгөч,
эң таасын баамчыл саякатчыга жолдош болуп калсаң, тек анын баскан изине түшүп
ээрчий берүү менен өзүңдүн баамчылдыгыңды курчута албассың. Ал талашсыз нерсе.
Бирок өзүңчө оолуга берүү менен да өлчөлүү өмүрүңдө максатка жете албай катуу
кыйналарсың. Бул да талашсыз нерсе.
Эмесе, Сиздин бул сурооңузга, мен «Паландантүлөндөн», «Палан китептен, түлөн
эмгектен» дей салып, бир топ жалпыга дайын даңктуу адамдардын аттарын атай салсам
Сизден оңой кутулар элем. Анын үстүнө Сизди да өтө ыраазы кылмакмын. Себеби, андай
жооп залкар тартып, жолу болор мергенчинин жолунан ажалдуу кийик жолуккандай
изилдегич досторго айта турган олчойгон кеп-сөздөр өзү табылып, биз да делдейип жүрүп
өмүрдү текке өткөрбөй келаткан кишидей парандуу көрүнүп калар элек. Ал сөзсүз нерсе.
Өз дээринде анча болбосо да, күнтүн тирмийип китептен көзүн албай бардык эрежени,
бардык айтылчу ой-пикирлерди, цитаталарды жаттап алып дайым «4», «5» алып жүргөн
окуучу мугалимине сүйгүнчүктүү болору да, дээринде бар, бирок саал бейбаштанган
окуучу мугалимине убактылуу жексур көрүнөрүн, бааны төмөн аларын биле турсак да,
иним, Сиздин сурооңузга так жооп бербегеним, балким, бейбаштыгым, а балким
наадандыгым чыгар. Мейли не болсо, шол болсун. Бышык чыккан балдарым мени
жемелешсин, мейли Ыманбай өзү экен дешсин, айтор бир да улуулардын ыйык ысмын
атабастан айтарым бул:
Илимдин ойго калың, таасын, таамай талданган аныктамаларын окуганымда, же аны
өзүмө кабыл алып көрөгөч тартып, бышыгайын дегенимде — ачка бүркүт жемге
үмүттөнүп, бирок, канат күүлөй албай далдайып, теминип олтурганындай өзүмдү сезсем;
турмуштук асыл баяндарга каныгып, көркөмдүккө чагылышкан акылдуу китептерди окуй
баштаганымда... өзүм да канат күүлөп, эргип учуп чыгамын!
Көрсө ар бир шык өз ачкычы менен ачылат тура.
— Горькийдин кайсы макаласы Сизге күчтүү таасир калтырды, чыгармачылыгыңызга
аздыр-көптүр багыт бере алды?
— Чынын айтсам, багыт берүүчү макалаларды, илимий чыгармаларды окуганымда
(албетте, башынан бери) мага алар кандайдыр бир чыгарманы жазууга түрткү болгон
учурлары эсимде жок. Бирок, макалалар кээде ойлонтот, ой туудурат, акыл улайт,
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Мезгил Сабактары - 30
  • Parts
  • Мезгил Сабактары - 01
    Total number of words is 3925
    Total number of unique words is 2168
    28.4 of words are in the 2000 most common words
    41.5 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 02
    Total number of words is 3835
    Total number of unique words is 1945
    25.2 of words are in the 2000 most common words
    37.9 of words are in the 5000 most common words
    45.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 03
    Total number of words is 3888
    Total number of unique words is 2004
    26.2 of words are in the 2000 most common words
    38.0 of words are in the 5000 most common words
    44.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 04
    Total number of words is 3917
    Total number of unique words is 2109
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    38.3 of words are in the 5000 most common words
    44.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 05
    Total number of words is 3841
    Total number of unique words is 2050
    24.3 of words are in the 2000 most common words
    35.5 of words are in the 5000 most common words
    41.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 06
    Total number of words is 3908
    Total number of unique words is 2175
    25.1 of words are in the 2000 most common words
    36.6 of words are in the 5000 most common words
    43.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 07
    Total number of words is 3879
    Total number of unique words is 2261
    24.6 of words are in the 2000 most common words
    36.6 of words are in the 5000 most common words
    43.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 08
    Total number of words is 3889
    Total number of unique words is 2322
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    38.4 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 09
    Total number of words is 3878
    Total number of unique words is 2190
    26.2 of words are in the 2000 most common words
    38.2 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 10
    Total number of words is 3881
    Total number of unique words is 2101
    24.1 of words are in the 2000 most common words
    34.1 of words are in the 5000 most common words
    40.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 11
    Total number of words is 3844
    Total number of unique words is 2201
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    42.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 12
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 2270
    27.6 of words are in the 2000 most common words
    39.9 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 13
    Total number of words is 3957
    Total number of unique words is 2233
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    47.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 14
    Total number of words is 3766
    Total number of unique words is 2212
    23.9 of words are in the 2000 most common words
    35.6 of words are in the 5000 most common words
    42.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 15
    Total number of words is 3906
    Total number of unique words is 2254
    27.6 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    47.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 16
    Total number of words is 4040
    Total number of unique words is 2326
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    38.3 of words are in the 5000 most common words
    44.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 17
    Total number of words is 3980
    Total number of unique words is 2278
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    38.4 of words are in the 5000 most common words
    45.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 18
    Total number of words is 3826
    Total number of unique words is 2298
    24.7 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 19
    Total number of words is 4011
    Total number of unique words is 2430
    25.2 of words are in the 2000 most common words
    37.5 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 20
    Total number of words is 3935
    Total number of unique words is 2383
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    45.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 21
    Total number of words is 3922
    Total number of unique words is 2456
    24.7 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 22
    Total number of words is 3905
    Total number of unique words is 2360
    25.7 of words are in the 2000 most common words
    37.1 of words are in the 5000 most common words
    43.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 23
    Total number of words is 3793
    Total number of unique words is 2219
    25.4 of words are in the 2000 most common words
    36.9 of words are in the 5000 most common words
    43.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 24
    Total number of words is 3857
    Total number of unique words is 2269
    24.4 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    43.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 25
    Total number of words is 3863
    Total number of unique words is 2183
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    35.5 of words are in the 5000 most common words
    43.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 26
    Total number of words is 3856
    Total number of unique words is 2325
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.0 of words are in the 5000 most common words
    45.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 27
    Total number of words is 3866
    Total number of unique words is 2429
    25.2 of words are in the 2000 most common words
    35.8 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 28
    Total number of words is 3971
    Total number of unique words is 2417
    23.9 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    42.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 29
    Total number of words is 3917
    Total number of unique words is 2300
    24.3 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    42.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 30
    Total number of words is 3926
    Total number of unique words is 2169
    25.8 of words are in the 2000 most common words
    37.9 of words are in the 5000 most common words
    44.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 31
    Total number of words is 3936
    Total number of unique words is 2141
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    45.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 32
    Total number of words is 3916
    Total number of unique words is 2096
    25.7 of words are in the 2000 most common words
    37.3 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 33
    Total number of words is 3934
    Total number of unique words is 2181
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    38.5 of words are in the 5000 most common words
    45.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 34
    Total number of words is 2486
    Total number of unique words is 1435
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    41.2 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.