Latin

Мезгил Сабактары - 31

Total number of words is 3936
Total number of unique words is 2141
26.9 of words are in the 2000 most common words
39.3 of words are in the 5000 most common words
45.3 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
адамга кубат берүүчү көп, көп касиеттер керек болгондой эле таланттын өнүп, жетилип
такшалышы үчүн да — ага эң алгач ошол таланттын өз күч-кубаты канча, чамасы канча?
Ар кыл татаал тоскоолдукка чыдап, туруштук бериши кандай? Өмүр сүрүүдөгү өзүнүн
баамчылдыгы, сезгичтиги, көрөгөчтүгү, чыдамдуулугу, курчтугу канча? Маселен, ал, жөн
көз көрбөгөндү көрө билеби, жөн кулак укпаганды уга билеби? Жөн сезим сезбегенди сезе
билеби? Эгерде ушундай сапаттардан куру болсо, анда ал мейли турмушту өмүр бою
араласын, классиктерди үзбөй окусун, адабият илими аныктаган эрежелерди,
аныктамаларды чубуртуп жатка айтсын — окшош, андай «талант» эрежеге так келген
китеп жазса жазар, анысы жансыз, кансыз, эч качан учуп көтөрүлө албаган канатсыз
бирдеме болору да талашсыз.
Өсүү, жетилүү да ар бир таланттын жекече өзгөчөлүктөрүнө жараша, жекече
касиеттерине жараша өмүр бою басып өткөн жолундагы ойку-кайкылар менен чиеленише,
баамына, жалпы эле билимине (билимди да, биз атестаттагы бааданулам баалабайбыз),
акыл-сезим, көрөгөч, кеменгердик касиеттери . менен бааланчу нерсе... Айтор, кара көң
топурак болбосо, кар төшкө да килого жетпегендей, же таштак маңыздуу кум аралаш
топурак болбосо, жүзүм барсайбагандай... деле көп жагынан төп келген жарык негиз
болбосо, жеке талантың жүдөө тартып калаары да ыктымал. Ал эми талантты унутуп
таштап, же аны анча эске албай коюп, жеке эле билим, билгичтик, илимий аныктамаларды
эреже катары жаттап алуу максатка жеткирет десек, бери калганда жоопсуздук менен
тамаша иретинде айтылган жалкы сөз болор. Баса, Пушкин, Гоголь, Лермонтовдор
болбосо, Белинский өзүнүн баамчыл, терең аныктамаларын айталат беле? Абу Али Ибн
Син сыяктуу даанышман, кеменгер табып турмуштук, жаратылыштын сырларынан,
касиеттеринен таасын тапкан өзүнүн табыптык тажрыйбасын 7—8 кылым бою дүнүйөлүк
медициналык илимге көрөңгө кылбаса, жалпы эле медицина илими азыркыдай. деңгелге
жетет беле? Менин баамымда, биздин медициналык илимдин начар жагы, ал, азыр, кээ
бир элдик бай тажрыйбаны байкабай, байкаса да аны танып, эр жетип алган эссиз уул өз
энесин тааныбай кеткен сыңары «Биздин илим. Элдик медицина табыпчылык, бакшылык»
деген болуп дөгүрсүгөн сыяктуу биздин кай бир адабиятчыларыбыз да «Фольклор бутка
оролгон чирик аркан. Орустун же тигил чоң элдердин адабиятына барып төш такап
келмейинче... бизде учурга жооп берген анык чыгарма жаралбайт» деш да, өзүнө өмүр
берген ата, энесин жерип салган көп-көлөң жигитти эске салат.
Менин жекече баамымда дал ушундай эбелектик тенденциянын өзү да жаш талаптын
өсүү, өнүгүү жолундагы жакшыга карай умтулууда демилгелүү далалаттын урунупберинген бир чыйыры. Ошондуктан мындай чыйырдан такыр баш тарткын деп мен эч
кимге кесе айтып кеңеш бергим келбейт. Себеби, тоого көтөрүлгөн адам оор жолдо тез
күйүгүп, тез талыкпас үчүн бирде кыялай басып көтөрүлсө, бирде салмак аттай тике басат,
бирде колго урунган нерсени селбий кармап таканчыктап таяна калат. Айтор бардык
аракет чарчоого моюн бербей, орто жолдо күйүгүп калбай тигил чокуга жетүү. Албетте,
бардык жактан даярдыгы бирдей болгон он спортсмен ону бирдей чокуга катар келбейт.
Сөзсүз алардын бири артта, бири алда, бири көбүрөөк күйүгүп энтиге калып, бири анча
кебелбей салмактуу басат. Бул, анын жүрүш ыгын өтө чебер өздөштүрүүсүнөн кана эмес,
күчүнөн да, ал күчүн селбип эптүү пайдалана билген чеберчилигинен да... Эмесе, шыкты
да, күчтү да, эпти да, айтор, адамды асыл максаттарына жеткизчү бардык касиеттерди
ээнбаштык менен бүлүндүрбөс үчүн өтө этиет, сак, баамчылдык менен бардык
«оңойолтоң, жеңил» жактарды туура көрүп, туура сезип, мүмкүн катары тез жана туура
өздөштүрүү, бардыгын акыл менен башкаруу ар бир жаш талапкердин милдети!
Чоку жакын көрүнгөн менен ага жетиш кымбат. Тек, аны оной көрүп албууттанган
адам тез күйүгүп орто жолдо калат. Улам барган сайын жондогу жүктүн оордугун сезе
билүү, чарчаган жерде аны таштап жибербес үчүн салмактын ыкмасын алуу өзүнчө илим
экенин таанып, аз өмүрдө ойдогу тилектерди өтөйлүк, иним.
1964-ж.
ИНИМ КАМБАР
Катынды алганыма бир кыйла болду. Ошондон бери жооп жазалбаган себебим да бар.
Иштин артынан иш болуп, колум тийбеди. Жанды сабап, күчкө салууга чама чак —
төбөдөн көк буу чыгып турган кырдаал эбак кеткен. «Бир кезде биз да бөрү элек, тайлак
басып жээр элек» дегендей биз да бир кезде жакшы көргөн жеңелерибизди сенчилеп эстен
чыгарбай уктасак түштө көрүп, ойго жүргөндө көз алдыга келтирип үшкүрүңчү элек. Эми
болсо, башкадан мурда көздүн оту өчө баштады. Сенин катыңды эки күндө араң окудум.
Себеби, сенин почеркиң Маркс атаңдын, Чалкар агаңдын почерктерине окшоп өтө татаал
экен. Эчтемке эмес. Куда кааласа бул да улуулуктун бир белгиси. Сенин эсиңен кетпеген
Асыл жеңеңе окшоп, почеркиң менин түшүмөн кетпей калды. Айтор, ушул почерктин
ээси өзү ошентип эстен кетпегидей залкар адам болуп калсаңчы!
Кагаз болуп турган чакта сенин суроолоруңду кайталабаймын. Өз жоопторумду да эң
кыска түрдө берейин. Ага капа болбоссуң.
Биринчи сурооңо жооп:
— оозеки чыгарманы мен өтө жогору баалаймын. Менин көз алдымда оозеки чыгарма
тек көңүл ачуу үчүн ырдалган уйкалышы куюлушкан көркөм сөздөр болуп көрүнбөйт.
Мен оозеки чыгарманын ар-бир куплетинен көзүбүз көргөн кечээки туңгуюк дүнүйөнүн
кабарын аламын. Элибиздин өткөндөгү тиричилиги, кишилердин мүнөзү таанылат. Ал
тургай ошол доордо жашап өткөн адамдын деми угулуп турат. Маселен, азыр сен
Москвадан ошол өзүң олтурган үйүңдөн мен Фрунзеден өзүм олтурган үйүмдөн туруп
телефон менен сүйлөшсөк бир-бирибиздин демибизди угуп турабызбы? Эмесе, дал
ошондой эле элдик оозеки чыгарманын кайсынысын алып окубай ыя өткөн доордогу
кишилердин деми ошол фольклордук сабактар аркалуу мага угулуп турат. Мен ошол
демдери аркалуу, мүмкүн катары элибиздин эртегисин, өмүрүн, тиричилигин, мүнөзүнкыялын сеземин. Кандайдыр бир лектордун окуган лекциясынан көрө «Опмайда»,
«Шырылдап», «Койчулардын коңурун» ж. б. эмгек ырларын окуганымда мага эмгектеги
кишилердин кейип кешпирлери, кийген кийимдери, кыймылдары көз алдыма элестейт.
Тердин жыты келет. Тондордун куудуру же самандын шуудуру, аттардын дүбүртү угулат.
«Күйгөн», «Секетбайларды» окуганымда бозойдун же бийкечтин деми келет. Биринин
өктөмүрөөк болуп ашыктыгын билгизип, арзуу отун тамызганы, биринин уяндык менен
жумшак ийкемде кылгырып, кымтынып, бирок, өчпөс чоктой таптуу болуп тигини өзүнө
жалбартканы азыркы жаштардын мүнөзүнө, бири-бирине болгон мамилелеринде алар
окшобойт. Тигилердики өзүнчө таза, өзүнчө уяң, асыл сезилет. Ошондон улам көрбөсөк да
көргөндөй болуп ошол ашыктар көз алдыга тартылат. Жалган тартылыш эмес, алардын
элеси чын ошолордун кейип-кешпири, мүнөзү, кыялына таандык экенин ишенемин. Бул
ишениш менин «олуя-чылыгымдан» эмес, оозеки адабияттын бизге ошону бузбай даана
баяндаган касиетинен. Буга баатырдык жомоктордун мага бала кезимден калтырган
таасирин мисалга келтирейин:
Мен эс тартканы көп-сөзгө жакын болдум. Чоң кишилер сүйлөшүп олтурушса, аны
тыңшаганды жакшы көрүчүмүн. Ал эми жомок аябай кызыктырчу. «Манас»,
«Семетейден» үзүндү укканымда өзүнчө эле чоң укмуштуу жаңы дүнүйөнү көргөндөй
болуп кызыгып, ээлигип калчумун. Байыркы элдин турмушу, тиричилиги, кебетекешпири көз алдыга өзүнчө сүрөт болуп тартылчу. Кийин мен чоңоюп окуп, тарыхтан
кабарым болуп калган кезде, илимий жазма адабияттардын маалыматтарын башта бала
чагымда таасир эткен ооз эки чыгармалардын мага берген маалыматтарына
чагылыштырып, салыштырып караганымда экөөнүн ажырымдары жок сыяктуу. Алар
бирине бири эриш-аркак болуп бирин бири толуктап турганы көрүнөт. Ал тургай оозеки
чыгармалардын мага берген маалыматтары турмуштун өзүнөн алынган тубаса уңгусу
сыяктанат. Кай бир учурда мен ошол өткөн доорду өз көзүм менен көрүп, ошол доордо
жашап келген кишиден бетер тарыхтын, жазма адабияттын маалыматгары менен
көңүлүмдө талаш туудурамын. Кай бир учурларда тарихтагы тек үстүртөн кеткен калтыс
нерселер кадимкидей шек туудурат. Айтор, сур кылымдардын түрмөктөп, бир жактан
өздөрү чалкыптолкуп, чарпылып өткөн ата-бабаларыбыз өздөрү жөнүндөгү эчен асыл
маалыматтарды жоготпой катып кийинкилерге сактап беричү алтын кутусу — эч чирибес,
жоголбос, эч уурдалбас болуп дал ушул оозеки чыгарманын түйүнчөгүндө сакталып
келгени байкалат.
Андай болсо, мен оозеки чыгарманын ошол касиетин сезбей калышка, аны кем
баалашка эч акым жок! Менин турмуштан алган таалимимди оозеки адабият ошентип
толуктап турат.
Экинчи сурооңо жооп:
— «Кең-Суу» романын жазып жаткан кезде мен аябагандай эле чала сабаттуу
болчумун. Ал жылдарда эмес, дал ушул азыр да биз мыкты эмеспиз. Кээки байкелериң
тек жото көрсөтүп дүңкүйгөн болушат. Чынында даярдыгыбыз баарыбыздыкы тең эле
чамалаш. «Ооруңду жашырсаң өлүмүң ашкерелейт» дегендей кимдин чамасы кандай
экенин баш терибизден деле көрүнүп турбайбы.
Рас, орус адабияты менен да, дүйнөлүк адабияттар менен да, тили тектеш элдердин
адабияттары менен да ал кезде бир аз тааныш элем. Бирок, ачыгын айтсам, «Кең-Сууну»
жазууга мага баарыдан мурда Ымакемдин өзү түрткү болду. Ыманбайды да, Сапарбайды
да, Бердибайды да, Сокени да, Калпакбайүптү да айтор романда каарман болушкан
кейипкерлерди мен жаш кезимен эле өз айлымдан көрүп жүрчүмүн. Ал тургай «КеңСуудагы» кейипкерлердин далайы өзөз аттары менен аталат. Аттары мындай турсун Соке
абышканын өзү аталашыбыз Сооданбак деген кишиге окшойт. Анын кашаң торусу
Сооданбактын кашаң торусу. Ыманбайдын өз аты да, кейип-кешпири да, кыялы да,
Бүбүсү да, Айсараласы да, ал тургай эшигинин алдына үйүп койгон сербейген куурайы,
жапма челек бозосуна дейре өзү. Мен романды жазып жатканда күүлөнгөн Ымакемдин
бөрсөйгөн курсагы көз алдыма көрүнүп туручу. Арийне, ошентсе да алар жалпылашкан
каармандар. Ымакемдин элчиликке барышы, чегедек менен бир салганда тырп
жыгылышы тирүү Ыманбайдын башынан өткөн эмес. Ошондуктан кийин китеп чыкканда:
«Чегедек менен бир салганда эле мен качан тырп жыгылып калчу элем? Сен мени
чымындан алсыз кылып шылдыңдаганың үчүн үстүңдөн арызданып сазайыңды окутайын
дедим эле. Балам болбой койду» деп Ымакем мага таарынчы да айтты. Имакемдин дал
ушул таарынчысынын өзү эле мага кымбат. Ал дагы жаңы ой туудурат. Кудай тилекке
жеткирсе, ал да ишке ашып калар.
Айтор, алгачкы романымда реализм байкалса, ал ошентип турмуштун сабагынан
алынды. Жазуучуга турмуш сабагынан күчтүү дарсты мен азырынча байкай элекмин!
Үчүнчү сурооңо жооп:
— Ал кездеги жазуучулар жаңыдан ыр-поэмалар, майда аңгеме-очерктер жазып
жүрүшкөнүнө карабастан ар бири эле өзүнчө дөө болушчу. Андай дөөлүк ар мезгилде эле
жаштардын башынан өтө берет. Азыркы жаштарды жакшылап байкасак — булар деле
өздөрүнө жан теңешпейт. Алп дүнүйөнү өздөрү жаратып, өздөрү бүтүрчүдөй болгондор
четтен чыгышат. Муну жаман көрүшкө болбойт. Биздин өмүрүбүздүн өз эрежеси
ушундай. Айтор «Кең-Сууну» жаздым дегениме каламдаштарыман «быш» эткени болгон
жок. Мен ден соолугума карай романды оор абалда жүрүп жазгамын. Жазып бүткөнүмө
чейин менин роман жазганымды каламдаш-жолдошторуман бир адам билген эмес. Ал
кезде роман тургай өзүм да бирде ооруканада, бирде курортто, бирде айылда жүргөн
байкалбас жан элем. Романды айлымда жүргөн кезимде, 1936-жылы күз эки китебин
бирдей аяктадым. Бирок жазып бүткөндөн кийин бирер мезгилге чейин роман жаздым деп
эчкимге айтпадым. Арадан бир топ өткөндө гана Союзда иштеген ары сынчы, ары
өзүмдүн жакын досум Өмүркул Жакишевге кат аркалуу роман жазганымды билгиздим.
Андан эч жооп болгон жок. Далайдан кийин өзүм Фрунзеге келдим. Жакишевге
жолуктум. Сенден эч жооп болгон жок, курбум, дегениме ал молоң этип күлүп койду:
— «Дугай салам жазбаган бала роман жазмак беле?» деп ишенген жокмун.
Оюн ачык айтканы үчүн мен ага таарынган жокмун. Башкалар деле ушул сыяктуу
болду окшойт. Бирок, роман жазылганы чын болуп, ал жарык көргөн кезде аны адегенде
кубанып кабыл алгандар да көп болду. Кийин сынай баштаганда аны чындап коргоочулар
чыга алышкан жок. Ага да таарынчы жок. Мезгил ошондой болучу...
Төртүнчү сурооңо жооп:
— Адеп китеп окуй баштаган кезимде эле казак, татар, анан өзбек тилиндеги
китептерден окуп жүрдүм. Алардын ичинен мага жакыны казак адабияты болду.
Кийинчерээк өзбек жазуучуларынан Абдулла Хадри Жулкунбайдын «Өткөн күндөрү»
менен «Михрабдан чаянын» сүйүп калдым.
Бешинчи сурооңо жооп:
— Кышында сонор буздуруу, жайында адам аралабаган жашыл токойду аралоо өзүнчө
кумарлуу, өзүнчө татаал, коркунучтуу болгондой эле отузунчу жылдарда роман жазуу
мага татаал да, кумарлуу да, коркунучтуу да болду. Канча айтса да, биз, кыргыз жазма
прозасынын биринчи чыйырын салдык. Ошондуктан ал бизге кумарланууну туудурду.
Аябай кызыгып, берилип, сүйүп, абдан ишенип иштечибүз. Болот чалгыны күрсүлдөтө
шилтеген чалгычыдан бетер сөздү ылгабай чубуртуу кумарымды кайнатчу. Себеби,
жандуу сүйлөшүүлөр, элдик ширин жатык тил менен ширешип, өзүнөн өзү чубуруп турчу.
Азыр ошол кезимди ойлогонумда «эминеси болсо да ошол кезде ошентип чубурган
жандуу сөз байлыгын далай капчыкка толтуруп салсам болмок экен» деп өкүнүп каламын.
Кара жамгырдай ээ бербей дыбыраган жандуу сөздөр жүрөктү кубантып туруучу. Бирок
аны кагазга түшүрө келгенде болор болбос жерден оордук сезилчү. Маселен, азыркылар
үчүн эбак чечилип калган диалог маселеси анда мени катуу кыйначу. Адамдар сүйлөшүп
олтургандакы «деди», «деп», «ал мындай деди», «мен мындай дедим» деген
байламталарды диалогдо кагазга түшүргөн кезинде бир беттин беш-он проценти ошол
«деди, дептир» ээлөчү. Сүйлөм канчалык жөндөмдүү, канчалык жандуу, көркөм
түзүлбөсүн окуучу катары окуганыңда «деди, дептир» өзүңдү тажатып жиберчү. Ал
тургай бул кыйынчылыктан кантип кутулуш аргасын ойлоп кыйналчумун. Төл
адабиятында жол көрсөткөн таалимчи болбогонуңа бир өкүнөсүң, ошол кыйынчылыктан
кутулуу, кийинкилерге жол салууну самап кайра кайраттанчубуз. Ушул мен мисалга
келтирген диалогго тийиштүү, урунттуу байланыш биздеги жандуу сүйлөмдүн
өзгөчөлүгүнөн чыккан нерсе. Дал ушундай эле кыйынчылыктар каармандын кейпин,
мүнөздөрүн ачууда да, сүйлөм түзүүдө, окуяларды илгепыргап сюжет курууда, койчу,
көркөмдүк-чеберчиликке тийиштүү жагдайдын баарында эле өзүнчө толгон
кыйынчылыктарды туудурду. Ал кыйынчылыктар ушул кездерге чейин уланууда. Арийне,
чыгармачылык азапты эсине албаган адамга жазуу, балким, арзандыр. Мага, ал дайым эле
милдет болуп турат. Эгерде, мен өзүмө тааныш болуп калган ыкмадан чыкпай жантыктан
жата калып жаза берсем анда өзүмө оңой болорун сезип турамын. Ошентсе да улам жаңы
чыгарма жазарымда аны өзүнчө жазууга аракеттенишим бар. Ал башкага байкалабы,
жокпу? Өзүмдө ал максат!
Жоопторду өтө чолок бердим көрүнөт. Айып этпе? Ал эми «Кең-Сууңун» биринчи
чыгышын сага жибере албаймын. Себеби, ал өзүмдө да жок. Колумда болгон бирин-эки
нусканы сага окшогон бышык жигиттер алышып жоготушту. «Кең-Суунун» биринчи
.китеби 1937-жылы «Узак жол» менен катар эле Самарканд басмасынан жарык көргөн. Ал
кезде «Каныбек» басмадан чыга элек болуу керек эле. Же чыксада мезгили чамалаш эле
болучу. «Кең-Суунун» экинчи китеби 1938-жылы Казандан чыгып келди. Бирок ал катуу
сынга алынгандыктан тыюу салынып, окуучуга анча жетпей калган. Биринчи китеп анын
капшабында калды. Ошентип, кийин 1940-жылы эки китептин тең экинчи басылышы
окуучуларга дайын. Ошондон улам, Сизге окшогон изилдөөчүлөр, «Кең-Сууну» «Узак
жол» менен «Каныбектен» кийин коюп жүрүшөт. Чындыгында 1933-жылы мен Мукайдын
үйүндө бир кышча туруп калганымда, ал «Узак жолун» төркү үйдө, мен «Кең-Суумду» аш
үйдө олтуруп жазчубуз. Кол жазма түрүндө ал кезде мен биринчи китебимди аяктап
калгам. Ошол эле жылы күз мен Касымалыга Гүлчөдөн жолукканымда ал, «Каныбектен»
үзүндү окуганы эсимде. Ошентип бул үч китеп эгиз төрөлгөн. Кош! Бул катты бир жазган
боюнча жибердим. Экинчи көчүрсөм бир аз толуктанмак. Айла канча. Ага убакыт
болбоду.
1966-ж.
АКЫНДАРГА ҮЧ СУРООГО ЖООП
— Поэзия жана көркөм өнөрдүн коомдук мааниси кандай?
— Бул суроонун жообу ар бир адамга жоопсуз түшүнүктүү. Адамга материалдык
байлыктын муктаждыгы кандай? Кийим кийүү, техникадан пайдалануу, үй-жай күтүү,
азыктануу... Булар адамга жашоо үчүн керектүү материалдык муктаждыктар. Адам адамча
өмүр өткөзүп, адамдык асыл сапаттарын өнүктүрүү үчүн, жеке материалдык муктаждык
аны канагаттандырабы? Жок, ал кемчил. Адам өзүнүн касиеттерин ачыш үчүн, ага,
материалдык муктаждыктан кем эмес, (балким кай бир учурларда андан ашып түшкөн)
рухий байлыктын муктаждыгы.
Ошол рухий байлыктын эң баалуулары — поэзия менен көркөм өнөр. Оор кайгыга
жеңдирип, адам тамактан, кийимден аша кечип өзүн өлүмгө кыйган кезде, таасирдүү ыр,
сонун обон адамдын кайгысын кетирип, көңүлүн ачат. Не аттан айрылып мөгдөгөн
жоокерге доолбас доошу күч бергени. Не эчкирип ыйлаган бала сыбызгып музыка угулса,
жайдаңдап басыла калганы. Сонун күү канаттууну чакырып, жыланды ойготкону — тек
анчейин бекен? Бул, көзгө көрүнбөс, колго кармалбас, бирок, адамды эргитип, анын жансезимине азык берген, көңүлүн ачкан, кай кезде адамды кеселден сакайткан рухий кубат
дал ушул поэзияда, обондо, күүдө, музыкада!
Поэзия менен көркөм өнөрдү сезбеген адам болууга тийиш эмес. Эгерде андайлар
болсо, не мересоорулуу, не ой-сезими өлүк, рухий дүйнөсү таптакыр жарды бечара
болор...
Эзелтен поэзия менен көркөм өнөр адам жанын азыктантып, аны жашартып, ага өмүр
берип келген касиеттүү күч. Рас, жазма поэзиянын эң байыркысы Мисир (Египет)
лирикасы. Анын өмүрү үч жарым төрт миң жылдар. Албетте, поэзиянын эң алгачкы
булагы ушул Мисир лирикасынан баштала калган жок. Бул, бизге белгилүүсү. Андан алда
канча мурда эле, адам баласынын ой-сезими чымыраган кезден тарта өз дооруна ылайык
поэзия менен көркөм өнөр жаралган да. Себеби, адам эмгекке үйрөнүп, тиричилик кылып
жашоо үчүн күрөшө баштаган кезинде эле, ага материалдык байлык менен рухий байлык
эриш-аркак күчкубат кошкону, экөө бирдей адамдын жан азыгы болгону талашсыз.
Айталык: адам тээ эң эбаккы таш доорунда жашоо үчүн күрөшкөн кезинде, ал тек
дүмүрөңдөп айбанча күн өткөрүп, айбанча аракеттенбеди. Ал, ошондо эле адамча: «Оп!»
деген үн чыгарып, ал тургай обон созуп, ал өзүнө күч чакырды. Кыял жүгүрттү. Ал өзүнүн
элесин, жан-жаныбарлардын элесин таш бетине чекти. Ал аны тек зеригүүдөн иштеген
жок. Ал кездерде адамга зеригүүгө чама жок болучу. Ар бир саат сайын жашоо үчүн
күрөшүп, тынымды билген эмес. Ал кездин адамы өзүнүн оор түйшүгүн жеңилдетүү үчүн,
башына түшкөн коркунучту качыруу, аны жеңүү үчүн, ошол байыркы бабалар өздөрүнүн
рухий дүйнөсүн байытып, андан өздөрү ар дайым күч-кубат алып турушкан
Эзелтеден бабаларыбызга ошентип күч-кубат берген рухий байлыктардын эң маанилүү
башаттары — ошол байыркы поэзия, байыркы көркөм өнөр!
Эл-эл болуп калыптануудан мурда эле ага таандык көркөм өнөр анын байыркы
бабасынан ага мурас болуп өткөнүн бизге тарых баяндайт. Мисалга кыргызды алалы.
Кыргыздар, тарыхта, биздин доордон мурда үчүнчү кылымдан белгилүү. Ал эми нукура
кыргыз көркөм өнөрүнө таандык оюу-чийүүлөр, жан-жаныбарлардын сөлөкөттөрү, алтын,
күмүшкө чөгөрүлгөн зергердик чебер иштер андан алда канча мурда болгонун дале тарых
бизге баяндайт. Бул, ошол эң байыркы көркөм өнөрүбүз да коомдук милдетин жойгон жок
дегенибиз. Ал эми ар заманда жашап өткөн укмуштуу таланттар жараткан «Манас»
үчилтиги, ондогон сонун баяндар, турмуштук ырлар, санаттар, арзуу лирикалары, макаллакаптар, уламыш-жомоктордун байыртан тарта ар бир доордо алардын аткарган
милдеттери жоюлдубу? Учур өткөн соң, алар «өлүү байлыкка» айландыбы? Же элибиз
жараткан ал асыл рухий байлыктар бүгүн да, эртең да коом алдында чоң милдет
аткаруудабы?
Поэзия жана көркөм өнөр эч убакта «өлүү байлыкка» айланбайт. Ал бүгүн да, эртең да,
ар дайым коомдук маанилүү милдеттерди аткарып турат! Мисалга ошол эле «Манас»
баянын алалы. Биз, бул улуу поэзиянын учугун иликтесек, ал, бизге, элибиздин байыркы
өмүр-тарыхын, ата-бабабыздын рухий дүйнөсүн таанытат. Бул, баяндын тарыхый
мааниси. Ал эми бүгүнкү жана эртеңки мааниси андан кем түшпөйт. Ал уулкыздарыбызды эрдикке үйрөтөт, рухий байлыктарын арттырат, аларды ар дайым күрөшкө
чакырат. Арнамыска, убадага бекем болууга, чыйрак, жөндөмдүү чебер уз болууга,
айлакер-чечен болууга үйрөтөт. Ал, баарыдан мурда, эң кымбат маданий байлык
катарында элибизди дүнүйөгө таанытат. Элибиздин өмүрүн улайт!
Чыныгы элдик болуп жаралган поэзия менен көркөм өнөрдүн алып жүргөн коомдук
милдети ушундай зор, асыл. Материалдык байлыктардан рухий байлык кай кездерде
ашып түшөт дегенибиз да ушул.
Эмесе, «поэзия менен көркөм өнөрдүн коомдук мааниси кандай?» деп суроо коюштун
өзү ыңгайсыз го. Мындай суроо туулуштун өзү — коомдук мааниси зор поэзия менен
көркөм өнөрдүн арнамысына тийип коёр...
— Азыркы кыргыз поэзиясында изденүү кандай, традиция, чеберчилик маселелери
кандай?
— Изденүү адам баласынын өмүрүндөгү эч бүтпөс милдет. Адам эч убакта бүгүн
изденем, эртең тынч дем алам дебейт. Изденүү эч кезек күтпөс, адамдын ар дайым үмүтүн
улап, аны жаңыга кызыктырган, улам өргө карай баштаган асыл күч. Бул күчтү көп убакта
адам өзү сезбейт. Ошондуктан, ал «Мен изденип жатам» деп алдына атайы максат
койбосо да, анын ой-тилеги, иштеген иштери, көздөгөнү, үмүтү изденүүгө чакырат.
Изденүү — өргө чапкан өмүрдөй, алга теминген суудай тынымды билбес агылыш. Ал
жеке адамдын эрки, аракети, үмүтүнөн гана келип чыкпастан жаратылыштын улуу күчү
иштеп чыгарган эч токтолбос бекем эреже. Изденүү милдетин жаратылыш өзү адамдын
жандилине түбөлүк сиңирген. Ошондуктан, биз, адамдар, турмушту алга өнүктүрүү үчүн
болгон күрөштөрүбүздө саат сайын изденип жатканыбызды өзүбүз сезбейбиз.
Адам, материалдык жана маданий, рухий байлыгын улам өстүрүп, улам кеңейтиш үчүн,
дайым аракетте, кыймылда, демек, изденүүдө. Ата-бабанын изденүүсү эң кымбат маданий
байлыктарды жаратты жана аларды бизге мурас кылып өткөрдү. Ата-баба түзгөн асыл
мурастарды эч качан кийинки урпактар кемсинткен эмес. Тескерисинче, ата-бабанын
маданий жана рухий байлыгынан кийинкилер таалим алган, аны улам алга карай сүрөгөн,
аны өнүктүрүп келген.
Ушул өнүмдөрдүн ийгилиги — тынымсыз изденүүнүн табылгасы!
Изденүү токтолсо, канчалык келечектүү иш болбосун, ал жүдөйт, кылмая тартат, тез
карыйт, өлөт. Жаратылыштын улуу эрежеси, бизди бардык иштерде тынымсыз изденүүгө
мажбур кылган себеби да ушул. Өмүр, тиричилик, илим, техника, маданият — бардыгы
изденүүнү талап кылат. Изденип жаңыны табуунун негизинде ар нерсе жашарат, көктөйт,
өнүгөт.
Ошол коомдук чоң өнүмдүн бир асыл тетиги — поэзия, тынымсыз изденүүнү талап
кылат.
Биздин баамыбызда, поэзиядагы изденүү бир беткей жалаңкабат багытта болсо, ал
ийгиликтен мурда зыян табат. Ошондуктан, ага үстүртөн кароого болбойт. Тек «Мен
изденүүдөмүн!» деп желип-жортуп ийгиликке жете койбойсун. Изденүүнүн чоң
ийгилигине жете коюш үчүн бир адамдын, бир муундун аракеттери чамасыз дээр элем.
Жаңылыкты ачуу, өзү менен өзү болгон кезде, эң зор таланттын колунан келбей калышы
ыктымал. Жаңылык — изденүүнүн бышып жетишкен жемиши. Аны турмуш талабы,
коомдук өсүштүн талабы бышырып жетилтпесе, жетилүүгө али эрте болсо, жеке талант
канча аракет кылбасын ал өзүнүн кара күчү менен жаңынын бийик ашуусун ашалбас.
Буга, биз дүнүйөлүк адабияттын өсүп-өнүгүү жолундагы тажирийбалардан көп
мисалдар келтирсек болор эле. Алар баамчыл окуучуга түшүнүктүү. Сөздү узартпай бир
мисал менен чектелели:
А. С. Пушкиндин тушунда орус поэзиясына «ат салышкан» самсыган акындар.
жүрүштү... Алардын «эң таланттуулары», «мыктылары» өз убагында улуу Пушкиндин
ысмын «басып» койду. Даңкка, сыйга ошолор ээ болушту. Падышанын колунан кымбат
сыйлыктарды ошолор алышты. «Пушкин ыр жазганды койсочу?!» дешип, улуу акынды
ошолор шылдыңдашты.
Дал ошол көйрөңдөрдүн эссиз менсинүүсү Пушкиндин изденүүсүнө дем берди.
Алардын мазасыз «поэзиясы» чыныгы поэзия үчүн күрөшкөн Пушкиндин ар-намысына
тийди. Ал өзүнүн укмуштай талантын таптап асырап, өстүрүү жолунда болду. Ал ошол өз
доорундагы батыш-чыгыштын маданиятын билүүгө максат койду. Ошол кездеги чоңкичине уруулардын, көчмөн элдердин өмүрүн, үрп-адатын, салтын билүүгө кызыкты.
Досу Н. Я. Бичуринден Түндүк Сибирдин, Борбор-Азия менен Орто-Азия элдери жөнүндө
кенен маалымат алды. Орус акындарынан биринчи болуп Пушкин — калмак, кыргыз,
тунгус жана башка элдерди досторчо сүйгүнчүк менен ырдады. Ал өзүнөн он сегиз кылым
мурда жашап өткөн Горациянын: «Мен эстелик тургуздум. Ал түбөлүктүү. Жезден жана
перамидден бийик, ал касиеттүү»,— деген даңктуу одасына таасирленди. «Мен кол менен
жасалбаган эстелик курдум өзүмө» — деп, Пушкин өз тушунда жаңыча курган эстелигин
жалпыга таамай жеткирди. Пушкинди Горация шыктандырды. Ал эми Горацияны ким
шыктандырды? Горациядан алда канча мурда фараон Рамзес падышалык кылып турган
заманда эле, эң байыркы белгисиз мисирдик жазгыч камыш калам менен мындай деп
жазды:
Акылман жазгычтар...
Өздөрүнө жезден перамида тургузбады,
Табытын колодон уютпады.
Атын сактап, тукум улар —
Балдарын калтырбады.
Жол көрсөткүч кеменгер жазмаларды
Алар мураска калтырды...
Өзүнөн көп кылымдар мурда жаралган бул поэзия эстелигинен Горация таалим алды
го. Ошентип, изденүү, үйрөнүү, таалим алуу — анан өз табылгасын табуу: кечээкиден
үйрөнүү, бүгүнкүнү билүү, эртеңкини көрүү менен тапталган таланттын талыкпай
изденүүсү гана чеберчиликтин жаңы ийгиликтерине жеткирет. Эртеңкини билбей,
бүгүнкүнү көрбөй тек алга карай космоско зымырай бериш — куру чабуул болуп калышы
ыктымал...
Биз жогоруда жазма адабияттын эң байыркы үлгүсүн мисалга келтирдик. Ал, бизден
мурунку укмуштуу таланттарды шыктандырганын көрдүк. Азырда, бул байыркы поэзия,
бизге таптакыр эскирип калган «өлү» нерседей угулбайт. Ал жандуу, маанилүү. Өзүнүн
сыйкырдуу күчү менен бүгүн да бизди ойлонтуп, бизге таалим берип турат.
Эмне үчүн андай? Эмне үчүн мындан кырк кылым мурда жазылган мисир лирикалары
бизге дал бүгүнкүдөй угулат? Ооба, поэзия баарыдан мурда адам дүнүйөсүнө кызмат
өтөйт. Ал эми адам дүнүйөсү тез-тез эле алмашып турбайт да. Кечээки чийнени араба
алмашты. Бүгүнкү машинаны эртең техниканын жаңы «уулу» алмашат. Бул талашсыз
нерсе. Техникадагы бул чоң өзгөрүүлөрдү тез таап турган, аны улам жаңыртып, өнүктүрүп
жаткан адам акылы. Эмесе, бардыкты жараткыч жаңылыктын ээси адам дүйнөсү өтө
туруктуу. Ошондуктан, тээ, эң байыркы мисирдик улан-кыздардын самаганы, үмүтү, чоң
арзуулары бизге бүгүнкүдөй угулуп жүрөктү соктурат, сезимди чымыратат. Бизди
жакшылыкка чакырат.
Балким, кай бир жолдоштор, анын мааниси ошондой, жазылыш ыкмасы чоочун,
примитив дешер. Айтор, бизде примитив дей салыш эң арзан болуп калды... О, деги миң
жылдарды камтый өтүп улам кийинкилерди кубанткан «примитивдер» көп болушу ийги!
Бул эң байыркы поэзиядан мисал келтирүү менен изденүүгө бир беткей кароо туура
эмес экендигин айткым келди. Чамасы, биз, изденүү дегендин өзүн примитивдүү түшүнөт
окшойбуз. Ооба, чынында эле үстүртөн бир беткей түшүнөбүз. «Традиция» дегенде,
биздин көз алдыбызга, көбүнчө, тээ XIX кылымдын матасы элестей калат. «Жаңы»
дегенибизде, түз эле XX кылымдын синтетикасын алдыга сунабыз. Тигил — мата, анын
эбак доору кеткен, бул — синтетика укмуш, келечек ушунуку?! Ошентип, традиция менен
жаңылык эриш-аркак болуп изденүү ийгилигин таппастан ал экөө бирине бири карама
каршы коюлат. Изденүүнүн өзүнө примитивдүү мамиле башталат. Ал тургай кай бирлер
бир акындын эки чыгармасын бирине бирин карама каршы коюп талдашат. Эгерде акын
ырын сындырып жазса, ал сөзсүз «жаңы». Эгерде ал ырын сындырбай жазса, ал сөзсүз
«эски». Биздин тажирийбада, буга мисалдан көп неме жок?!
Поэзиянын өсүшүнө мунун кошкон салымын көрө албадык...
Ал эми кээде акын элдики менен өзүнүкүн «куйрук боор» кылып тартууласа, анда аны
кай бир адабиятчылар:—Мына, изденүүнүн сонун үлгүсү, анын кымбат табылгасы.
Ушундан үлгү алгыла!—дешет.
Элдик ыкмага жаңы илеп кошуп, аны «жаңыртуу» аракети үстүртөн бир беткей кетет.
Натийжада куплет куплеттен айырмасыз болуп калганы да ошондон дейбиз... Албетте, бул
изденүүнүн эң чабал жана опуртмалуу методу. Мындай метод, акындын изденүүсүн да,
акындык эмгекти да, поэзия жаратууну да оңойлотуп коерун тажирийбадан көрдүк.
Айрыкча, соңку кездерде ыр жазуу өтө эле оңой кесип болуп кетти.
Ал эми изденүүдөгү ушул чабал, опуртмалуу жагдайды кемчилик катарында таасын
айтуунун ордуна, айрым адабиятчылар, сынчылар, аны — «жаңылык», «акындык
табылга» катары мактоо али кезге орун алып келатат. Алыкул Осмонов кыргыз
поэзиясына чоң жаңылыктарды киргизди. Эч мазмунсуз маңыз чубалжыган ырларга, ал
өзүнүн мааниге так, кыска ырлары менен сокку урду. Акындык ыкмалары, сөз
түзүлүштөрү, ойду так, жөнөкөй элестүү туюндуруусу менен кыргыз поэзиясына чоң
салым кошту. Акындын бул ийгилиги жогору бааланды. Ушул акындын изденүүсүндө да
үстүртөн кетүү болбой койгон жок. «Күмүш көкүлдү» «Күмүш медаль...» дей салуу не
элдик ырды оңой кайталоо ошол Осмоновдо да болду. Мында биздин адабиятчылар
Алыкулдун ушул мүчүлүшүн «табылга» деп макташты.
Ушундан кийин изденүү «табылгасынан» оңой эчтеме жок сыяктуу... Тек элдик
ырларды жыйнактап, түз эле өз атынан басмага тапшырган ынсапсыздар али кезге дейре
бар?!
Изденүүдөгү бир чабал, опуртмалуу методдорду чолуп айттык.
Поэзияда изденүү, чеберчиликти өздөштүрүү негизинен туура жолдо. Басма бетине
адеп ырлар, поэмалар жарыялана баштаган кезден эле — изденүү, чеберчилигин арттыруу
кыргыз акындарынын милдети болгон. Ошол эле Жусуп Турусбеков өзүнүн «Эне» деген
татынакай поэмасын изденүү жолунда чоң эргүү менен жазган. Анын: «Ха, ха, ха, чүкө
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Мезгил Сабактары - 32
  • Parts
  • Мезгил Сабактары - 01
    Total number of words is 3925
    Total number of unique words is 2168
    28.4 of words are in the 2000 most common words
    41.5 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 02
    Total number of words is 3835
    Total number of unique words is 1945
    25.2 of words are in the 2000 most common words
    37.9 of words are in the 5000 most common words
    45.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 03
    Total number of words is 3888
    Total number of unique words is 2004
    26.2 of words are in the 2000 most common words
    38.0 of words are in the 5000 most common words
    44.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 04
    Total number of words is 3917
    Total number of unique words is 2109
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    38.3 of words are in the 5000 most common words
    44.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 05
    Total number of words is 3841
    Total number of unique words is 2050
    24.3 of words are in the 2000 most common words
    35.5 of words are in the 5000 most common words
    41.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 06
    Total number of words is 3908
    Total number of unique words is 2175
    25.1 of words are in the 2000 most common words
    36.6 of words are in the 5000 most common words
    43.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 07
    Total number of words is 3879
    Total number of unique words is 2261
    24.6 of words are in the 2000 most common words
    36.6 of words are in the 5000 most common words
    43.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 08
    Total number of words is 3889
    Total number of unique words is 2322
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    38.4 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 09
    Total number of words is 3878
    Total number of unique words is 2190
    26.2 of words are in the 2000 most common words
    38.2 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 10
    Total number of words is 3881
    Total number of unique words is 2101
    24.1 of words are in the 2000 most common words
    34.1 of words are in the 5000 most common words
    40.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 11
    Total number of words is 3844
    Total number of unique words is 2201
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    42.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 12
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 2270
    27.6 of words are in the 2000 most common words
    39.9 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 13
    Total number of words is 3957
    Total number of unique words is 2233
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    47.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 14
    Total number of words is 3766
    Total number of unique words is 2212
    23.9 of words are in the 2000 most common words
    35.6 of words are in the 5000 most common words
    42.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 15
    Total number of words is 3906
    Total number of unique words is 2254
    27.6 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    47.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 16
    Total number of words is 4040
    Total number of unique words is 2326
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    38.3 of words are in the 5000 most common words
    44.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 17
    Total number of words is 3980
    Total number of unique words is 2278
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    38.4 of words are in the 5000 most common words
    45.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 18
    Total number of words is 3826
    Total number of unique words is 2298
    24.7 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 19
    Total number of words is 4011
    Total number of unique words is 2430
    25.2 of words are in the 2000 most common words
    37.5 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 20
    Total number of words is 3935
    Total number of unique words is 2383
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    45.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 21
    Total number of words is 3922
    Total number of unique words is 2456
    24.7 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 22
    Total number of words is 3905
    Total number of unique words is 2360
    25.7 of words are in the 2000 most common words
    37.1 of words are in the 5000 most common words
    43.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 23
    Total number of words is 3793
    Total number of unique words is 2219
    25.4 of words are in the 2000 most common words
    36.9 of words are in the 5000 most common words
    43.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 24
    Total number of words is 3857
    Total number of unique words is 2269
    24.4 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    43.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 25
    Total number of words is 3863
    Total number of unique words is 2183
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    35.5 of words are in the 5000 most common words
    43.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 26
    Total number of words is 3856
    Total number of unique words is 2325
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.0 of words are in the 5000 most common words
    45.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 27
    Total number of words is 3866
    Total number of unique words is 2429
    25.2 of words are in the 2000 most common words
    35.8 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 28
    Total number of words is 3971
    Total number of unique words is 2417
    23.9 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    42.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 29
    Total number of words is 3917
    Total number of unique words is 2300
    24.3 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    42.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 30
    Total number of words is 3926
    Total number of unique words is 2169
    25.8 of words are in the 2000 most common words
    37.9 of words are in the 5000 most common words
    44.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 31
    Total number of words is 3936
    Total number of unique words is 2141
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    45.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 32
    Total number of words is 3916
    Total number of unique words is 2096
    25.7 of words are in the 2000 most common words
    37.3 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 33
    Total number of words is 3934
    Total number of unique words is 2181
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    38.5 of words are in the 5000 most common words
    45.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 34
    Total number of words is 2486
    Total number of unique words is 1435
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    41.2 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.