Latin

Мезгил Сабактары - 04

Total number of words is 3917
Total number of unique words is 2109
26.3 of words are in the 2000 most common words
38.3 of words are in the 5000 most common words
44.9 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
душман болду; Кара-Көлдө салгылаштык, Күл-Тегин кырк бир жашка келген эле; алп
Шалчынын ак боз
43.минип кыраандай тийди. Аздардын элтеберин /кол башчы-сын/ туткундады; аз
журту анда жок болду. Бабам кандын элинин ыркы бузулуп ич-ара жоолашты, кектешти.
Изгил
журту менен салгылаштык. Күл-Тегин алп Шалчынын ак боз атын минип...
44. кыраандай тийди, ал ат ошондо өлдү, изгил журту кырылды /кырдык/. Тогуз огуз
журту киндиктеш /өз/ журтум эле; теңиримдин жердин ыйыгы /кусуру/ ургандыгы үчүн
касиет качып, ниет булганып өзгө душман болду; бир жылда беш жолу салгылаштык
алгач Тогу-Балыкта чабыштык,
45. Күл-Тегин Азмандын ак бозуна минип, кыраандай тийди, алты эрин сайды, кол
айкалыша түшкөндө жетинчи эрин кылычтады; экинчи, Кушлагакта эдиздер менен
чабыштык,
Күл-Тегин өз ак бозун минип кыраандай тийип бир эренин сайды,
46. Тогуз эренин кубалап жүрүп өлтүрдү; эдиз журту анда кырылды; үчүнчү жолу Бол...
да огуздар менен салгылаштык, Күл-Тегин Азмандын ак бозун минип, кыраандай тийди,
кырды; колун талкаладык, элин чаптык; төртүнчү /рет/ Чуштун башында салгылаштык;
түрк
47. түрк элинин аягы талып, кайраты качып турганына карабастан эрөөлгө мурун
келген жоого Күл-Тегин колун атказды. /душманга чаптырды/. Тоңгра уруусунун он
алпын Тоңа-Тегиндин сөөгүн коюп жатканда камап өлтүрдүк. Бешинчи жолу ЭзгентиКадазда огуздар менен салгылаштык, Күл-Тегин,
48. Аздардын буурулун минип жоого тийди, эки эрин сайды, балыка /шаарга/ кирбеди.
Алардын колу анда кырылды, Маңы-Курганды /сепил/ кыштап жазында огуздарды көздөй
кол баштадык. Күл-Тегин баштап үйдү көздөй кайра тартты; огуздардын колу ордону
басты. Күл-Тегин...
49. Күл-Тегин Огсиздин акбозун минип тогуз эрин сайды, ордону бербеди, менин
каныша энем ага удаа туугандарым, агаларым, келин-кыздарым баарыңар тирүүң күң
болмокчу элеңер, өлүгүңөр журтта жолдо жатып калмак эле!
50. Күл-Тегин болбосо, баарыңар кырылат элеңер! Иним Күл-Тегин көз жумду /өлдү/,
мен муңайдым көрөгөн көзүм көрбөй калды, билерман акылым мокоду, өзүм муңга
чөктүм. Төбөдөгү теңиримдин буйругу ушундай экен, адам баласынын баары өлөр үчүн
туулат.
51. Ушунча муңайдым; көздөн чыккан жаш, көөдөндөн чыккан муң мени кайра-кайра
басынтты. Катуу кайгырдым, чектүм; эки шат, алардан кийин ини-уулдарым, бектерим,
журтумдун кабак-кашы ачылбады, муңайышты, кайгырышты. Жоктоп кошок кошуп
кайгырыш үчүн кытай, татаби журту баштап
52. Удар сенүң келди; табгач кандан Исйи Ликең келди, сан-сыз асыл мүлк, алтын,
күмүш алып келди; тибет кандан Бөлөн келди. Күн батыштагы согды, берчекер /перстер?/
букарак /Бухара/ элинен Нең-Сенун Огул-Таркан келди.
53. Он ок тукумунан өзүмдүн Тургеш каныман Макрач тамгачы, Огуз-Билге тамгачы
келди; кыргыз канынан Тардуш-Ынанчу Чур келди. Күмбөз куруп, ташка жазуу басып,
кооздош үчүн табгач канынан ташка тамга басуучу Чаң-Сеңүң келди. Күл-Тегин кой
жылы, тогузунчу айдын он жетинчи күнү учту /каза болду/, жыгырма жетинчи күнү
койдук. Күмбөзүн кооздоп жазуу ташын маймыл жылдын жетинчи айдын жыгырма
жетинчи күнү тургуздук. Алкадык, /бата кылдык/. Күл-Тегин кырк жети жашында булут
болду арбагы булутка кетти, /дүйнөдөн өттү/. Таш... ушунча уздарды тойгун, элтеберлер
алып келишти.
МЕНИН ПИКИРИМ
«Манастын» бир томдугу үчүн түзүлгөн материалдар менен тааныштым.
Орус тилинде 1 том, андан башка текстте кыргыз тилинде 1 том, дүйнөлүк
мурастардын томдоруна кошуу үчүн жүз миң жол, булардан башка бир вариантты бүт
академиялык басма-сын даярдоо иштерин азыр сектор жүргүзүп жаткан окшойт. Албетте,
саналган иштер каалагандай жогорку сапатта ишке ашып жаткан болсо, анда аны
кубатташ гана керек. Бирок, сектордун эки-үч илимий кызматкери жыл маалындай убакыт
бөлүшүп даярдашкан орус тилинде чыгуучу бир томдуктун материалы өтө чийки бойдон
редколлегиянын мүчөлөрүнө берилиши мени өкүнтүп койду. Арийне, биз зор эпосубузду
өз билгенибиздей кесип-бычып алып салуу, не өз тарабыбыздан сөз кошууга каршыбыз.
Андай бейбаштыкка эч жол берилбейт! Ал эми идеялык-көркөмдүгү жагынан кабелтең
варианттарды билгичтик менен ылгап, алардагы жеткилең ырдалган бөлүмдөрдү өз-өз
ордунча сюжеттик түзүлүшүнө ылайык иреттөө, улам кайталанган бир окуянын ордуна
айтыла элек жаңы окуяны сюжетке кошуу; бирдей эки варианттан тандалган кезде анын
ким тараптан аткарылышына карабастан көркөмдүгүн, эпикалык күчүн, окуяны
баяндоодогу мотивдүүлүгүн, маанисин эске алыш — томдун мазмун жагынан жеткилең
болушун камсыз кылат.
Саякбай, Сагынбай сыяктуу эки чоң манасчынын вариант-тарын жанаша коюп көрөлү.
Манастын төрөлүшү Саякбайда чоң социалдык мотивдер менен айкалышат. Анда четжакадан кол салып турушкан жоого сокку ургудай алптын, мыкты кол башчынын
төрөлүшү жөрөлгөлөнөт. Манас төрөлгөндөн кийин аны ымыркай кезинде душман жок
кылып койбос үчүн ага — «Чоң жинди» деген ат коюлуп, бала душмандан сакталат.
Ошентип ал эр жеткенден кийин чачылган кыргыз урууларына бел боло баштайт. Ушул
мотив улана берип кийин чоң казаттын башталышына да маани кошот. Ал эми
Сагынбайда башкача: бай Жакып мал-башыма ээ болгудай уулдуу болсом экен деп
тиленет да анан Манас төрөлөт. Ал эр жетер замат опсуз алп-баатыр болуу менен кол
баштап чет-жакага өзү кол салуу, анын чоролору чоң олжолорго батууну көксөйт. Отуз
түмөн колду баштап Бежинге казат ачкандагы максат — каапырды динге киргизүү, алман
алуу, олжого батуу.
Дагы бир мисал:
Саякбайда Чубактын атасы Акбалта акылман да, айлакер да, баатыр да, Сагынбайда, ал,
тек чабарман.
Биз ушуларды эске алып дайым Саякбай вариантына көңүл буруп жүрөбүз. «Манасты»
чоң дүнүйөгө алып чыгууда, биз, варианттардагы тигиндей касиеттерди таасын баамдап,
анан ишти баштоого тийишпиз. Эпостун нукура салмагын сезбей, аны туура баамдабай
туруп, тек айтычулардын ысымдарын урмат-ташсак, баягыдай эле чоң проблемага зыян
келтире беребиз.
Менин сунуштарым:
1. Ансыз да жармач күчүбүздү ар түрдүү томдорду түзүү иштерине бөлүштүрө
бериштин кажаты жок. Сектордун жаш кызматкерлери чынында эле кыйналып
жатышканын 1 томдукка материал даярдоодон сезилди. Ошондуктан, биз, ушул баш-тан
эле дүйнөлүк мураска салым кошчу жүз миң сап текстти даярдоого киришүүбүз керек.
Болжоп айтсак: 40—45 миң сап «Манас», 40 миң сап «Семетей», 20 миң сап «Сейтек»
болуп «Манас» үчилтигин баштан аяк дүйнөлүк мураска кошконубуз оң болот.
Айрым жолдоштор, эпосту баштан аяк камтуу мүмкүн эмес дешер. Жок! Мүмкүн.
Айталык: баатырдын төрөлүшүнөн баш-тап эң жеткилең жана маанилүү эпизоддорду ыр
менен берип, ич-арадагы мааниси анча эмес же көркөмдүгү солгун эпизоддорду байламта
катары /мазмунун/ кара сөз менен эң кыска баяндоо эпостун өз ыкмасына, өз стилине
абдан айкалышат. Себеби, /комокторду айтууда кай бир учурларда ортоңку окуяларды
жорго сөзгө салып, же кара сөз менен кыскача түшүндүрүү манасчылардын өзүнүн
ыкмасы болучу/
Эгерде «Манастын» үч бөлүмүнүн толугу — 550000 миң сап болсо, аны беш эсе
кыскартыш математикалык жактан бизди чочутканы менен артыкбаш кайталамаларды
сыгып, сыгылбагандарын жанагыдай кара сөз менен маанисин кыска аннотациялап —
эпосубуздун поэтикалык касиетин сакташ өзүнөн өзү суранып турган иш. /
2. Кыргыз элинин бизге койгон чоң доосунан тезирээк кутулуш үчүн «Манас»
үчилтигинин толук жазылган бир вариантынын академиялык басылышын басмага даярдоо
ишин ушул баштан колго алуу милдет. Эмнегедир, сектор, бул ишти солгундатып —
сүйрү куймулчактатып баратышат. Бул ишке зыян.
3. Эгерде сектордун калган күчү жетишсе, Сагынбай варинтын окуучуларга таанытыш
максат менен I томдук чыгаруу дурус болор эле. Бирок, мында эске ала турган нерсе —
аны тетигил бир томдуктун материалындай убап-чубап дептерлер-ден бастыра салышка
болбойт. Анда, биз Сагынбайга дагы бир жолу өзүбүз кыянат иштеген болобуз.
Арийне, мекемеге келген улам бир жаңы адамдын өзүнүн демилгеси болот. Ошондой
эле бир адамдын жекече көз карашында каалаганы-каалабаганы бар. Сүйгөнү-сүйбөгөнү
бар. Эгерде бир адамдын керт башынын каалабаганы жалпы иштин зыянына эмес, анын
пайдасына чаап турса, андай учурда тигил жолдош аргасыздан баш ийкешип, жалпы
иштин пайдасын көздөшүүгө милдеттүү.
Дал ушул убактарга чейин, жалпы ишке салака тийгизген жекече кызыкчылык жолдуу
болуп жүрөт. Колдон келсе, биз буга чек коюшка тийишпиз!
“УЛУУ СӨЗ” ЖӨНҮНДӨ ОЙ
Адеп башы тил.
Ата конушу уулга мурас.
Биз эпиграммага алган эки макал мындан тогуз жүз жыл мурда кагаз бетине түшкөн
байыркы тилибизде сүйлөнгөн бизге киндиктеш элдин макалы. Балким, бул ошол
замандагы кыргыз кишиси айткан макал болушу толук ыктымал. Себеби, киндиктеш түрк
элдеринин бир четинен экинчи четине аралап, ал эл-журттун дилин, тилин кеңири изилдеп
түзгөн өзүнүн китебин — «Түрк сөздөрүнүн жыйнагы» деп атаган Махмуд Кашкари ошол
кезде түрк элдерин түзгөн калктын, уруулардын чоң /ана/ элдеринин катарына кыргызды
кошкон. Мындагы эске алар эң абзел жагдай кимиси кайсы тилде сүйлөгөнүн даана айтат:
«Уйгурлардын тили түркчө, ликин өздөрү бири-бири менен сүйлөшкөндө башка бир
тилдери да бар8» /десе; «...кай, йобаку, татар, басмыл, жумул элдеринин ар биринин тили
өзүнчө. Ошону менен бирге, алар түркчөнү да жакшы билишет...»— \дейт. Ал эми —
«Кыргыз, кыпчак, угуз, тухси, ягма, чигил, играк, чарук тилдери нукра түркчө. Йемек
жана башкырт тилдери буларга жакын. Румга созулган булгар, субар, беченек тили бир
кылка сөздөрдүн акыры кыскартылган бир түркчөдүр9»/.
Биз өз доорунун даанышман окумуштуусу Махмуд Кашкариге и1ценсек, кыргыз тили
нукра түркчө экен. Ооба, чын эле биздин тил нукура түрк тилине кирет. Мында бир эске
алар иш — Кашкари атаган көп уруу элдерден ушул кезге чейин өзүн сактап келгендери:
түркмен, кыргыз, башкырт, уйгур... Ал эми аталган башка көп уруу элдер, не өзүнүн
байыркы атын жаңыртып жаңы эл болушту. Не кай бирлери өздөрүн жоюшту, сакталып
калган уруулары азыркы түрк элдеринин ичине сиңди.
Неси болсо да ошол тектеш, киндиктеш элдерди түзгөн көп уруу журт азыркы түркмөн,
өзбек, кыргыз, казак, какас, туба, башкырт, татар, каракалпак дагы башка түрк элдеринин
бабалары экендигинде талаш жок!
Ал эми биз V—X кылымдар аралыгындагы таштагы жазуу эстеликтерине, тарыхый
маалыматтарга кайрылсак өз элибиз жөнүндө эң баалуу кабар алабыз. Анда кыргыз эң
эски, эң байыркы элдерден экендиги ачык айтылат. Кыргыз биздин доордон /эрадан/ алда
канча мурда эле байыркы гундар менен тизгин-деш жүрүшөт.
Эмесе, ошол эң байыркы кыргыз элинин ошол байыртан өсүп-өнүгүп келаткан элдик
маданияты, адабияты, көркөм өнөрү болду беле?
Албетте!
Болгондо да, ал маданият, ошол байыркы башаттан уланып чыккан өз заманын
гүлдөткөн чоң жана жарык маданият болгон.
Ошол байыркы маданияттын чоң өзөгүнүн бири — «Улуу сөз»!
Биз, бул чакан макалада тек ошол «Улуу сөз» жөнүндө бир аз айткыбыз келди. Себеби,
байыртан калыптанып, ооздон оозго айтылып келаткан баба мурасы, соңку тукумдарына
аманат калтырган «Улуу сөздү» так таасын туюнсак жана аны илимий жагынан кенен
изилдей келсек, ушул кезге чейин биз анча «байкай элек» сонун дүнүйөнү ал ачып
көрсөтөт! Кечээ жакында эле калайык баш кошкон жерде, айыл арасындагы калжың,
шылдың тамашалуу кеп-сөздүү кишилер нарксыз майда-бачек сөз катары четке
кагылышчу. Анын ордуна:
— Улуу сөздөн башталсын, журт. Ата-бабанын аманатын туталык! — дечү кишилер.
«Улуу сөздү» көрүнгөн айтычу эмес. Аны укумчул санжырачылар, даанышман сөз ээси
кишилер, зор акындар айтышчу.
Кишилер, «Улуу сөздү» тымтырс олтуруп угушчу.
— Байыркы эл каймактап турганда..., не байыры жур) чайпалып турганда... деп
башталып, «Улуу сөз» чоң өмүрлөрдү баян этчү. Эл тарыхы — санжыра акыл-насаат
сөздөрү, жүрүш-туруш эрежеси, кишилердеги жакшы-жаман сапаттарды таамай айткан
лакап-макалдардан тарта, купуя айтылган сырдуу сөздөр, кара сөздөн тарта чоң дастанга
чейинки көркөм баян — «Улуу сөз» деп аталчу. Мында бөтөнчө эске аларлык жагдай —
«Улуу сөз» баян эткен кабарды, кишилер, чын болгон маалымат катары кабыл тутушчу.
Азыркы түшүнүк менен айтканыбызда, тек турмушта болгон ар кыл окуянын үстүрт элеси
деп аныктасак, ата-бабабыз аны туюнса, алар бизге капа болор эле. Себеби, алар
өздөрүнүн өмүрүн, жакшы-жаман касиет-терин, табылгаларын, тиричилигин, баскан
жолун, күрөштөрүн ушул «Улуу сөздө» сакташкан.
Махмуд Кашкари «Девону лугатит түрк». Узбекстон ССР фанлар академиясы нашриети. Тошкент, 1960,
65-6.
Ошонун өзүндө — 65-бет.
Маданияттын жана маданияттуулуктун башкы касиеттеринин бири-адеп. Эмесе, ошол
адеп башы тил экендигине элибиз чоң маани берген!
Караңгыда көз тапкан,
Каплеттен сөз тапкан...
Же:
Сөз келгенде сөз айтпасан, сөздүн атасы өлөт.
Же:
Баш мээси менен, сөз ээси менен
Же:
Баш кесмек бар.
Тил кесмек жок.
Же:
Жылуу, жылуу сүйлөсөң,
Жылан ийинден чыгат...
Бул макалдар, бабалар бизге аманат калтырган «Улуу сөздүн» шакапчылары. Бирок,
кыскалыгы жагынан шакапча. Маани жагынан бул макалдар залкар. Ааламдын байлыгын
өзүнө каткан сыйкырдуу кутуча сыяктуу — бир сүйлөмдүн ичине терең, күчтүү, эсте
калар залкар ойду сыйдырган бийик сөз!
Учурдун эң күчтүү куралы менен салыштырганда, сөз күчүн элибиз атомдун
жарылышындай эсептеген десек жаңылышпасбыз. Чоң кылмыш иштеп өлүмгө тартылган
киши жазаланар алдында, ал күчтүү сөз айтса, ошол сөзү үчүн анын күнөөсү кечирилчү.
Аны менен кылмышкер өзү да экинчи жаман жакка баспас болот. Тек атылып жерге
житкен октой жок болбостон анын айткан сөзү да калк арасында лакап, нуска болуп тарап
кетет. Ал тургай сөз күчү эр кунүнан кечиртчү. Эки элдин ортосундагы чоң чабышты
токтотчу.
Ошентип, байыртан элибиздин салтында сөздөн күчтүү, сөздөн ыйык эч курал болгон
эмес. Сөзгө баа жетпейт. Ал өтө кымбат.
1955-жылы жаз, раматылык Мухтар Ауэзов экөөбүз Ысык-Көл жакка бараттык. Көп
баалуу, кызык сөздөр сүйлөндү. Бир кезде Мукаң:
— Мен көп талдадым, Түгөлбай. Карапайым кишилерибиз өтө жандуу сүйлөшөт.
Неликтен ушундай?
Залкар жазуучунун бул таң калышы бекеринен эмес болучу. Чынында эле биз
«сабаттуу болуп калдык» деп дөгүрсүүнү коюп, ошол сөз ээси кишилердин аңгемесин
туюна эшитсек, биз тек өз алсыздыгыбызды сезер элек.
— Ошол сөз ээлери аңгеме айтканда, мен тек дым олтуруп угамын. Кызык новелланы,
не аңгемени, не роман үзүндүсүн жатка окуп жаткандай сезилет! — дедим.
Мухтар кубанып кетти:
— Басе, сен сөздү багалайсың!
Албетте, ар бир эле чоң-кичине эл өз-өз тилинде сөздү өнүк-түрөт. Аябай жогору
баалашат. Ар бир эле чоң-кичине элдер-дин өз-өз тилинде укмуштай бай сөз казнасын
түзгөндөрү талашсыз. Бирок, ар бир кулпунун өз ачкычы болгондой ошол ар бир тилдин
жекече касиетин ачкан өзүнө таандык ачкычтары бар экендиги да талашсыз.
Биздин эне тилибиздин касиеттерин ачык көрсөтө турган ачкычы — ушул байыртан
келаткан «Улуу сөзүндө!» Мында эң бай сөз казнасы гана сакталбастан, байыркы
өмүрлөрдү таасын, элестүү сүрөттөгөн көркөм байлыктар да бар. Макал, лакап, тамсил,
насаат, ыр, кошок, дастан, баян... ал тургай кайым айтыштары, купуя сөздөрү элибиздин
атак-аброюн, тур-мушун, күрөшүн, эмгегин, маданий деңгээлин таанытат. Кишилердин
рухий дүйнөсүн ачат.
Тилибиздин ачкычы кылып, бизге бабаларыбыз ушул «Улуу сөздү» аманат калтырышы
бекеринен болбоду. Биздин бабалар катаал тарыхый кырдаалдарды башынан кечиришти.
Эчен зор окуяларга күбө болушту. Жеке эле коомдук түзүлүш-түн өсүп-өнүгүшү, же
чөгүшү гана себепчи эмес, элибиздин бул рухий дүйнөсүн өнүктүрүүгө, аны
калыптандырып, ага өзүнө таандык өзгөчөлүктөрдү жабдууда элибиз жашап өткөн жерсуунун географиялык өзгөчөлүгү да чоң таасир этти.
Бабаларыбыздын жортуулу да, чабышы да, тынч кездердеги тиричилиги да өзүнөн өзү
ат үстүндө кыялга тизгиндеш-романтикада өттү. Андан башкача болууга тийиш эмес эле.
Алар ар дайым талаа-түздө, кырда, ашууда, күндө көрсө, күндө көзүнө сонуну таркабас
укмуштай көзөл жер-суусун чет жоодон сактады.
Чоң-кичинесине чейин айтканы — «Улуу сөз!»
— Эй, не иштеп жүрөсүң? — десе бири.
— О, ай дер ажо, кой дер кожо жок. Кыял минип жүрөм!— дейт беркиси.
Баса, ата-бабаларыбызды тек күлүк санаа кыялга мингизбеди. Алардын өмүрү кыял
менен тизгиндеш жүрдү. Өз өмүр-тиричилигине айкаш — ошол кыял минген кишилер
баба мурасы «Улуу сөздү» улады.
Биз бул кезде, ошол өзүбүзгө мурас болуп кеткен «Улуу сөздү» терең баамдап, кеңири
иликтесек, барыдан мурда элибиздин байыркы тарыхын, маданиятын тааныр элек.
Себеби, «Улуу сөз» маалыматы, бизге жеткен тарыхый маалыматар менен өзөктөш,
айкаш. Көп учурда бирин бири айгине толуктайт. Биз, иштин ушул сонун жагдайына анча
элес бербейбиз. Өткөндү баалабайбыз. — «Ал фольклор...» деп бардыгына кол шилтей
беришке деги «уста» болуп кеттик...
Студент эмес, аларга дарс окуган мугалимден: —«Айдээр ажо, кой дээр кожо жок»
деген макал эмнеликтен айтылып калганын сурап көрсөк, ал кеңкээ калып кол жаят:
— Э... кожосу жүргөн жерде ажысы болот да?!
— Чынында АЖОнун мааниси эмнеде? Чын эле кожону жандап келген ажыбы? Не ал
АЖО бу?
Ажо кожо эмес. Ал — ажо!
Байыркы кыргыздар — АЖО деп падышасын атаган! Ажодон кийинкилери: не АБО,
БИИ, БЕК деген титулдар берилген.
Жарайт. Байыркы кыргыз биздин бабабыз эмес, ал башка журт болсо, анда ошол башка
журттун падышасына, бийликтеги кишилерине берилген титул аттары эмне үчүн биздин
элдин оозунда макал болуп жүрөт? Жеке эле макал болуп калбастан ошол ажо-бийлердин,
алардын эл-журтунун өмүрү биздеги сан-жыра дастандар да, баяндар да кеңири айтылат.
Жарайт. Окшоштук да, кокустук да болушу ыктымал. Айрыкча соңку кездерде кеминде
бир беткейлик кетирип жатышкан тарыхчылардын божомолдору туура эле боло койсун
дейлик. Бабаларыбыз, Алтай, Кангай, Миңсуу, Енисей, Бай көлү (Байкал) жакты эч убакта
жердебесин, ал жакты жердеген байыркы кыргыздын биздин бабалар менен эч тийиши
жок эле боло койсун. Алар же башка журт, же биздин киндиктешибиз какас болсун
дейлик. Биздин укмуштай Ысык-Көлүбүз, Сары өзөн Чүйүбүз, Улуу-Тоо, Керметоолорубуз, сонун Түштүгүбүз бар.
Эч жерден кем түшпөс укмуш Ата-Конушубуз! Деле Байкал, Алтайды көрбөдүк
дейлик.
О, анда бабабыз «укумдан-тукумга мурас болсун деп, элдин тарыхы катары биздин
өмүрүбүздү билсин, бааласын, сыймык-тансын»,— деп бизге аманат калтырган «Улуу
сөздөгү» так, таа-сын, бай маалыматтарды кайда коёбуз?
Макал, лакаптан баштап зор дастанга чейин, уламыш сөздөн баштап санжырага чейин
элибиздин өмүр өткөргөн жерлери, баскан жолдору, жүргүзгөн күрөштөрү олуттуу
баяндалат. Мактаныч үчүн эмес, далил үчүн айтууга эрксизбиз. Баса, бизге тектеш
элдерден эң байыркы өмүрлөрдү кеңири камтып, күрөштө өткөн эчен албан өмүрлөрдү,
күрөштөрдү сонун сүрөттөгөн «Манас» сыяктуу Улуу сөз кимисинде бар?_[
Деги ушул — «Улуу сөз» баяндары эмнеден улам жаралып, бизде ушунча кеңири
айтылып калды?
Албетте, бул кымбат мурасты өзүнчө жеке карасак, аны тек оозеки чыгарма катары
«жеңил» бааласак, андагы касиет ачылбайт. Биз бул мурасыбызды тарыхый маалыматтар
менен айкаштыра карасак гана мындагы купуя сыр таасын ачыла баштайт. Биздин
бабалар, башы ошол Кем-Енисей, Алтын тоо — Алтай, Миңсуу, Кангайдан тарта аягы
Ысык-Көл, Талас, Алайга чейин ар мезгилде жердеп жүрүшкөнү, өздөрүнө коңшулаш—
ооган, парсы, түпүт — тибет журту, кытай, каракытай-манжу, монгол, уйгурлар менен
төш тирешип, бирде достошуп, бирде чабышып жүргөндүгүн тарыхый маалыматтар
кандай кабардаса, дал ошол кабарлар менен тигил бабалар бизге белекке калтырган «Улуу
сөз» маалыматтары үндөш. Көп учурда көп маалыматтары абдан айкаш. Көп учурда көп
маалыматтар бип-бирдей. Ошондуктан, биз «Улуу сөзгө» тек, фольклор мурасы катары
карасак бир беткейлик кетирерибиз айкын. Кантсе да ушул «Улуу сөзүн» жараткан
таланттуу бабаларыбыз, өз кезин-де көркөм сөз маанисин өтө ыйык санап, аны чындык
өмүрлөрдүн негизинде эч бурмалабай баяндаганы, аны уккандар да, ага сыйынып укканы,
бизге ушул жагдайдан түшүнүктүү.
Табгачтын (кытайдын) сөзү жылуу, жибеги жумшак. Жылуу сөзүнө, жумшак жибегине
алданган... түрк тукуму кыргын тап-канын VI—VII кылымдагы ташка чегилген жазуулар
баяндайт. Ал эми ушул эле кабарды «Манас» баянында Каныкей, Алмам-бет, Ажыбай
жана башка каармандар кандай так, таамай айтышат. Ушундай так маалыматтарды «Улуу
сөздүн» ар бир тармагы кеңири камтыган. Биз азыркы жерибизде туруп карасак, тээ
алыста жаткан кытай калкынын сырын билбечүдөй көрүнөбүз. Байыртан ушундай алыста
болсок, ошол бизден обочодо турган элдердин сырын чынында эле билбес элек. Ал эми —
«Кытай кебез менен мууздайт» деген макалды «Улуу сөз» сабагын туюнган ар бир эле
кишибиз айтышат.
Баштан өтпөгөн өмүрдү, көз көрбөгөн окуяны баяндап, арткы тукумга мурас калтыруу
кыялга оошпой турган иш.
Чынында элибиз көп кылымдар бою Борбордук Азияны чет жоодон коргоочулардан
болду. Бирок, бардыгы өзгөрүп туруучу бул оош-кыйыш дүйнөдө, тарыхый оор
кырдаалдардан кийин, айрыкча, XIII кылымдын акырында, кандуу чабуулдарда кыргын
тапкан элибиз арымдуу аргымактан түштү... Мезгилдин өкүнткүч кырдаалы байыртан
жоокер элибизге кер эшегин тартты. Ушундан кийин элибиз бүлүндү, бытырады, азайды.
Соңку кылымдарда биздин элдин кат-кабат эзилиши анын жылдызын өчүрдү.
Кишилердин эркин мокотту, ишенимин жойду, башкаларга көз каранды кылды.
Ошол кабат-кабат эзилген элибизге Улуу Октябрь революциясы түбөлүк азаттык алып
келгенине мына элүү эки жылга баратса да жалтаанчактыгыбыз али сөөгүбүздөн чыга
элек?!
Жадаса, элибиздин байыркы тарыхын изилдөөдө, байыркы маданиятыбызды элге
таанытууда элеңдеп басып эмне иштедик?..
Элибиздин тарыхын изилдөөгө ашып кетсе, XIX кылымдын ортосуна араң барабыз.
Ошону да элеңдеп этиет сөз кылабыз. Кечээки аныктамабызды бүгүн танабыз. Байыркы
тарыхыбызды, маданиятыбызды изилдөө, аларды мурас катары элге таанытыш мындай
турсун, элибизди — байыркы эл деп айтарыбызда күбүрөп ээрдибиз араң кыймылдайт. Ал
эми соңку жүз жыл ичинде гана кыргызды тоо башынан түшүп келген жапайы сыяктуу
сүйлөсөк кыйкырыгыбыз таш жарат?!
Кыргыз деп аталган элге таандык материалдык маданият-тын үч миң жылдай мезгилге
саякат жасарын анча эске албайбыз. Эске алуу мындай турсун. «Ал кыргыз сен эмес...»
деп ким-дир бири үн чыгарып койгон имиш. Ошондон бери жетим улак-тай элеңдеп
жүргөнүбүз аз эмес.
— Байка-а! Биз башка көрүнөбүз...— дегендерге деле маданиятыңдын керчи жоктой.
Мында сактангыдай эч терс иш жок. Тескерисинче өз элинин тарыхын изилдөө, анын
маданий байлыгын мурас катары сак-тоо ыйык иш. Бабалар, бизге, жеке «Улуу сөзүн»
мураска калтырбады. Укмуштай бай күүлөрдү, ташка чегилген байыркы сүрөттөрдү,
байыркы көркөм өнөрдү калтырды. Мына, биздин алдыбызда, VII—VIII кылымда
бабаларыбыз жасаган буурсуну, орогу, карапасы, жаргылчагы, кылычы. Зергерлер
иштеген укмуштай кооз буюмдары. Ал эми ошол замандын сүрөтчүсү тарткан таштагы
сүрөттү көрөлү.
Бул сүрөттөр, аны изилдеген окумуштуулар тарабынан:! «Мал айдоо», «Мергенчи
кыргыз», «Атчан кыргыз», «Кыргыздын ат-чан жоокери», «Кыргыздын жөө жоокери» деп
аталган. Муну изилдеген окумуштуулар бул сүрөттөргө жана аларды жараткан
сүрөтчүлөргө бийик баа беришкен.
«Особенно самобытным видом искусства кыргызов следует считать многочисленные
рисунки на скалах (писаницы) встречающиеся во многих местах Минусинской котловины.
В этих прорезных рисунках, изображающих сцены или отдельных охотников, воинов и
животных, чувствуется точность пропорций, легкость и смелость руки художника, так же
реализм, с которым выполнены все фигуры10».
Талантуу бабаларыбыздын чебер колунан тартылган бул сүрөттөргө биз тек кызыга
карап тим калышка акыбыз жок. Бул асыл мурастарды ыйык сактап, аны баалап элибизге
кеңири таанытыш биздин милдет. Ооба, тарыхый кырдаалдардын кесепетинен биздин
ошол байыркы сүрөт өнөрүбүз өнүгө албай калды.
Биз ошол кесепеттерди ачышыбыз керек. Бирок «башта бизде сүрөт болгон эмес...»
дешибиз калыстыкка жатпайт. Зергерлер ошол байыркы сүрөттөрдү улады, өз алдынча
өстүрдү. «Улуу сөздөй» эле элдик музыка, элдик көркөм өнөр канатташ өнүктү. Ырас,
алардын бардыгы бирдей жогорку деңгээлге көтөрүлгөн жок. Шартка байланыштуу «Улуу
сөз», элдик музыкалар жогорку деңгээлде көркөм жана бай өнүктү. Сүрөт өнөрү пастап
калды...
«Такыр болгон эмес» менен болгондун айырмасы чоң!
Элибизде сүрөт өнөрү да байыртан бар экендигин танууга эч акыбыз жок.
Ушул байыркы көркөм өнөрүбүздү көз жаздыкта калтырып салгандай эле, тигил
кеңири өнүккөн байыркы адабий мурастарыбызда көз жаздыкта. Байыркы адабий
мурастарыбызды илимий жактан кеңири изилдөө, аларды элге таанытуу али көңүлгө түшө
элек. Түшсө да, толук колго алына элек.
Мына, биздин колубузда «Орхон-Енисей жазуусу» аталган байыркы адабий мурастары
турат. Баарыдан сонуну азыркы Орто Азия жана Казакстанда, Түштүк Сибирде жашаган
элдер-дин ичинен бул мурас маалыматы кыргыздар жөнүндө кеңири кабардайт. Жеке эле
өз заманында кыргыз деп аталган эл жөнүндө эмес, аз төлөс сыяктуу элдердин өмүртиричилиги ал таштагы дастандарда баяндалат. Ал эми аз, төлөс журттары кийин кыргыз
элинин урууларынан болуп калганы тарыхта белгилүү. Кишилердин аттарына чейин,
алардын баштан кечирген күрөшү, тиричилигине чейин баяндалат. Бул эң абзел иш!
Бир-эки мисал:
«Көгмен жер-суу элсиз калбасын дедик,
Аз, кыргыз калкын жыйнап келдик, согуштук.
Элин кайта бердик».
Күлтегин күмбөзүндөгү «Чоң жазууда» ушул сыяктуу кыргыз жөнүндө көп баян бар.
Ал тургай: «...кыргыз канынан
Тардуш ынанчу Чур келди» деп кыргыз кишисинин атына чейин аталат.
Ал эми Тоньюкек (Тону көк) күмбөзүңдөгү жазууда:
«Табгач каны жообуз эле,
Он ок каны жообуз эле.
Баарынан күчтүүсү
Кыргыз каны жообуз болду».
Байыркыны баян эткен дастандын ушул төрт сабын биз өзүбүздүк «Улуу сөздөгү»
баянга катар койсок, баса неси төгүн? Ошол байыркы бабаларыбыздын күчтүү экендиги
«Улуу сөз» баяндарында таасын, кеңири баяндалып, тигил өз кезинде ташка чегилген
тарыхый маалыматтар менен айкеш келип турганын ким танат?
Жок. Муну эч ким тана албайт. Танууга мүмкүн да эмес! Себеби, бул байыркы
маданиятты түзүшкөн түрк будуңдары биздин киндиктештерибиз. Энчилештерибиз.
Л. А. Евтухова — Южная Сибирь в древность. «По следам древних культур». Госиздат
культурнопросветительной лит-ры. М.: 1954, стр. 220.
Бөлүнсөң бөрү жеп кетет. Бөлүнүп калды кыргыз деп, Бөлөк элге кеп кетет.
Акылман Бакай абабыз, ушул сөзү менен кыргыз журтуна кайрылганда, ушул көп уруу
киндиктеш тукумдан бөлүнбө, алар менен бирбиз деп кайрылган.
Не, биз тарыхый маалыматтарда, ошол бизге киндиктеш көп уруу журттардан
бөлөкпүзбү? Жок, бирбиз!
Атаңдын көрү дүнүйө, Арбыды мээнет күнүгө. Атпай түрктүн балдары, Жамандык
кылдым кимиңе?
Агабыз Алманбет дал ушундай таамай айткан доосун, баса, көп уруу журттун кимиси
укпай койду эле? Не «Улуу сөздөгү» бул доо да тарыхый маалыматтардан кайчы кеттиби?
Жок. Тарыхый маалыматтар менен «Улуу сөз» баяндары бир тамырдан өнгөн кооз дарак!
Биз, тарыхый маалыматтар менен «Улуу сөз» сабактарын салыштырсак, арадан көп
кылымдар өткөнүнө карабастан алар эң айкаш. Мында, биздин таланттуу бабалар, өздөрү
айткан баяндарын, сөздөрүн, санжыраларын лакап-макалдарын ойдон чыгарып
бурмалабай тарыхый чындыктын өзөгүн ыйык сактаганы айгине көрүнөт. Жер-суунун
сүрөтү, бир болгон чоң окуя-дан тарта бир серпим макалга чейин ошол байыркы түрүнтүсүн, ошол байыркы маанисин-чындыкты сактаган. Кейпи, чоң өмүрлөрдү, күрөштөрдү
бузбай белекке калтыруу башкы милдет болгон көрүнөт. Ошондуктан, «Улуу сөз» баянын
журт тып-тынч олтуруп, андагы айтылгандарга ишенип, сыйынып эшитишкенин көзүбүз
да көрдү.
Мен тестиер чагымда, энем айткан макалдар али кулагымда:
— Эринчээкке эшик арт, эринчээк болбо, балам!—дечү энем.
— Эмгек текке кетпес,— дечү анан.
— Эшик артың эмне, эне?— десем.
— Арт — ашуу. Эрикчек кишиге эшик ачып чыгуу ашуу аш-кандай көрүнөт,— дээр эле
энем.
Көп жыл мурда сабатсыз энемдин оозунан уккан ушул макалдарды мен кийин Махмуд
Кашкаринин китеби — «Түрк сөздөрүнүн жымнагынан» окудум. Албетте, китепте, бул
макалдар байыркы тилибизде айтылат. Эч айырма жок. Арийне, айрыкча, кыска, так
айтылган сөздүн каухары — макал, лакап ар бир элде мааниси жакын болору талашсыз.
Ошентсе да, элибиз айткан: — «Жылкы аласы сыртында, киши аласы ичинде» — деген
бүгүнкү макалы мындан тогуз жүз жыл мурда жазылган китепте эч бузулбай, дал ушундай
жазылганы бизди кубантпай коё албайт.
Ал эми:
«Кузгундуку куу жыгачтын башында, бөрүнүкү тең орток» — деген макалыбыз, «Түрк
сөздөрүнүн жыйнагында» мындайча:— «Кузгундуку жыгач башында, бөрүнүкү орток».
Бул жерде кийинки тогуз кылымдын ичинде, байыркы макалыбызга «куу», «тең» деген
эки сөз кошулганын көрөбүз. Кейпи бул эки сөз көркөмдүк боек катары кошулган болуу
керек. Макалдын мазмуну ошол боюнча. Мында, баамчыл адабиятчы үчүн эң сонун жемек
жатат. Атаганат, адабиятчы мындай турсун, биз, артык кооздукту, фольклордук
апыртманы кабыл албайбыз. Маанини так, кыска, жаңыча сүрөттөйбүз дешкен
акындарыбыз болуп, биз ушул байыркы ыр, макал саптарын туюнуп алышсак, зыян
таппас элек. Себеби, байыркы ыр, макал саптары артык, сөз-сүз, аша кооздуксуз, аз сөз
менен маанини так, таасын баяндайт. Баарынан абзели, элибиздин «Улуу сөзү» менен бул
китептеги байыркы мурастар жеке маани жагынан эмес, сөз түзүлүшү жагынан да өтө
айкаш. Мындагы айырма, бири байыркы тилде так, кыска баяндалса, экинчиси азыркы
тилде, бир аз «кооздолуп» айтылат.
Мисалы:
Китепте
Түлкү өз йниге урса узуз болур.
Кан иши болса, катун иши калир.
Куш канатин эр атын.
От тесе агиз күймес.
Инген инресе боту бозлар.
Киши сөзлешү йилкы йизлешү.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Мезгил Сабактары - 05
  • Parts
  • Мезгил Сабактары - 01
    Total number of words is 3925
    Total number of unique words is 2168
    28.4 of words are in the 2000 most common words
    41.5 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 02
    Total number of words is 3835
    Total number of unique words is 1945
    25.2 of words are in the 2000 most common words
    37.9 of words are in the 5000 most common words
    45.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 03
    Total number of words is 3888
    Total number of unique words is 2004
    26.2 of words are in the 2000 most common words
    38.0 of words are in the 5000 most common words
    44.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 04
    Total number of words is 3917
    Total number of unique words is 2109
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    38.3 of words are in the 5000 most common words
    44.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 05
    Total number of words is 3841
    Total number of unique words is 2050
    24.3 of words are in the 2000 most common words
    35.5 of words are in the 5000 most common words
    41.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 06
    Total number of words is 3908
    Total number of unique words is 2175
    25.1 of words are in the 2000 most common words
    36.6 of words are in the 5000 most common words
    43.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 07
    Total number of words is 3879
    Total number of unique words is 2261
    24.6 of words are in the 2000 most common words
    36.6 of words are in the 5000 most common words
    43.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 08
    Total number of words is 3889
    Total number of unique words is 2322
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    38.4 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 09
    Total number of words is 3878
    Total number of unique words is 2190
    26.2 of words are in the 2000 most common words
    38.2 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 10
    Total number of words is 3881
    Total number of unique words is 2101
    24.1 of words are in the 2000 most common words
    34.1 of words are in the 5000 most common words
    40.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 11
    Total number of words is 3844
    Total number of unique words is 2201
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    42.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 12
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 2270
    27.6 of words are in the 2000 most common words
    39.9 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 13
    Total number of words is 3957
    Total number of unique words is 2233
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    47.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 14
    Total number of words is 3766
    Total number of unique words is 2212
    23.9 of words are in the 2000 most common words
    35.6 of words are in the 5000 most common words
    42.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 15
    Total number of words is 3906
    Total number of unique words is 2254
    27.6 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    47.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 16
    Total number of words is 4040
    Total number of unique words is 2326
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    38.3 of words are in the 5000 most common words
    44.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 17
    Total number of words is 3980
    Total number of unique words is 2278
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    38.4 of words are in the 5000 most common words
    45.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 18
    Total number of words is 3826
    Total number of unique words is 2298
    24.7 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 19
    Total number of words is 4011
    Total number of unique words is 2430
    25.2 of words are in the 2000 most common words
    37.5 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 20
    Total number of words is 3935
    Total number of unique words is 2383
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    45.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 21
    Total number of words is 3922
    Total number of unique words is 2456
    24.7 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 22
    Total number of words is 3905
    Total number of unique words is 2360
    25.7 of words are in the 2000 most common words
    37.1 of words are in the 5000 most common words
    43.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 23
    Total number of words is 3793
    Total number of unique words is 2219
    25.4 of words are in the 2000 most common words
    36.9 of words are in the 5000 most common words
    43.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 24
    Total number of words is 3857
    Total number of unique words is 2269
    24.4 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    43.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 25
    Total number of words is 3863
    Total number of unique words is 2183
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    35.5 of words are in the 5000 most common words
    43.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 26
    Total number of words is 3856
    Total number of unique words is 2325
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.0 of words are in the 5000 most common words
    45.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 27
    Total number of words is 3866
    Total number of unique words is 2429
    25.2 of words are in the 2000 most common words
    35.8 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 28
    Total number of words is 3971
    Total number of unique words is 2417
    23.9 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    42.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 29
    Total number of words is 3917
    Total number of unique words is 2300
    24.3 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    42.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 30
    Total number of words is 3926
    Total number of unique words is 2169
    25.8 of words are in the 2000 most common words
    37.9 of words are in the 5000 most common words
    44.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 31
    Total number of words is 3936
    Total number of unique words is 2141
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    45.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 32
    Total number of words is 3916
    Total number of unique words is 2096
    25.7 of words are in the 2000 most common words
    37.3 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 33
    Total number of words is 3934
    Total number of unique words is 2181
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    38.5 of words are in the 5000 most common words
    45.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 34
    Total number of words is 2486
    Total number of unique words is 1435
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    41.2 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.