Latin

Мезгил Сабактары - 25

Total number of words is 3863
Total number of unique words is 2183
23.7 of words are in the 2000 most common words
35.5 of words are in the 5000 most common words
43.4 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Жеке жемиш жыгачтары гана эмес, түштүктүн токою: долоно, ак-чечек, кара чыгач,
кадимки даңктуу чынар — түркүн жыгачтарга бай.
...Балыктын коктусун бойлойбуз. Бак арасында тизилген бир нече бал челектер.
Жаңгак токойлорунун арасына он миңдеген бал челек жайгаштырса кенен жай бар.
Бактардын эчен уруу тоо гүлдөрүнөн тартылган бал жыттуу, да таттуу да, өтө жагыштуу
да.
Эчен уруу жемиштерди берүү менен бирге биздин токой тик беттерди жер көчкүдөн
сактайт.
Ачык беттердеги жер көчкүлөрдү, жарларды көрөбүз.
Чытырман токой.
Туптунук суулар кээсинин сызылып, кээсинин кайнап чыккан булак көздөрү.
Кокту колоттордон, жылгажыбыттардан, тамырлуу жыгачтын, шагылдын арасынан,
зоонун түбүнөн көз жашындай жылтылдап сызылган булактар, куду кан тамырларынан
чуркагандай ылдыйга ашыгат. Алар сай-сайга кошулат. Биздин көз алдыбыздан бир нече
шаркыратмалар өтөт. Кажы-Ата суусунун башы — Бууган көлүнөн берки тиктен биз
таштанташка секирип буркандаган шарды көрөбүз. Ал тикте суу ордуна жалаң ак
көбүктөр теминет.
Өзөндө ээ-жаа бербей тоо суулары күрпүлдөйт. Мына, Кажы-Ата. Ага — сайсайдан
суулар кошулат. Ал, капчыгайды как жарып алкынган Нарынга куйду.
Эгерде токою болбосо, тоо суулары мынчалык ташкындай албайт болучу. Тоодон,
токойдон куралган дарыя агыны бизди гүлдөгөн колхоз түзүнө баштап келди.
Мына, атактуу көркөм Фергана мейкини. Өлкөгө эн керектүү ак пахта мекени!
Байыртадан канатташ, чектеш кыргыз, өзбек жерлери. Достук менен тең эмгектешкен
советтик кишилер.
Суу өстөндөргө бөлүндү, арыктарда акты. Буурул сакал пахтачы карыя чагылтып
кетменин көтөрдү, кызыл көйнөк келин кулакты бурду. Түтүк менен бөлүштүргөндөй
пахта арасындагы жиптей таргылган чөнөктөрдө суу жылтжылт.
Суу эгин тамырын кандырды; суу жүзүм тамырын кандырды; суу жемиш бактарынын
арыгында жарышты; суу колхоз кыштагын аралады. Мына, колхоздун маданият үйү. Аны
колхозчу-усталар курган.
Кантсе да, лагерге барышка чогулган пионерлерге машина келди.
Машина пахта талаасында безди. Өзөндү бойлоду. Жаңгак токоюндагы лагерге
балдарды жеткирди.
***
Биз кайрадан токойдобуз.
Мейли түндүктүн музунда, аскалуу тоо капчыгайында, мейли чытырман токой
арасында советтик адамдар ак ниетте эмгектенишип, мамлекеттик милдетти аткаруулары
менен бирге маданияттуу турмушта көңүлдүү жашашат.
Жаңы заманда ак ниет менен иштеген эмгектеги адамга таалай жолу кең!
Биз «Кара-Алма» токой чарбачылыгына келдик.
Жумушчулар поселкасы жаңыра баштады:
Жети жылдык мектеп, мончо, электр станциясы, мал короолору, контора, ж.
Ахраменконун кабинети.
Бүгүн караалмалыктар жаңы клубдун ачылышына чогулушту.
Жол. Ахраменко жаңы клубду ачты. Салтанат.
Токойчу быйылкы жылдын жемишин үзүшкө мезгил жеткенин айтат.
Мектеп жашындагы балдар да, жумушчулар да өтө уюшулгандык менен быйылкы
жылдын жаңгагын үзүшкө чыгышат. Кызуу эмгекти эмгек маршы уланта берет. Жаңгак
даны дабырайт. Алма жаайт. Жемиш толо аянт!
1952-ж.
ОКТЯБРЬ ДОСТУК
Мактануу — ийгиликтен жана жаштыктан болот.
Эмесе, тебетейди көккө ыргытып туруп мактансак да азыр бизге ылайык. Себеби, бул
кезде эң сонун ийгиликтерибиз бар. Айрыкча, азыр маданий жактан жетишкендигибизге
биз сыймыктанып калдык. Ошону менен бирге күлгүнбүз, жашпыз, күрдөлдүүбүз. Алга
карай тез умтулуш, жаңыны тез кабыл алуу. Кай кездерде өзүбүзгө «чоочун» нерседен
саал чочулап делдейе түшсөк да эч күймөлбөстөн көп-көп жаңы, жакшы нерселерди тез
таанып тез өздөштүрүү бизге мүнөздүү.
Айтор, биз — романтикага бай жаш жигиттейбиз. Кызыгабыз, билүүгө ашыгабыз, тез
кабыл алабыз. Тез мактанабыз.
Кийинки урпактар бизди «Бабалар» деген кезде, алар баарыдан мурда биздин ушул
күрдөөлдүү тездигибизге, мактанчактык жагыбызга айрыкча көңүл бөлүшөөр. Алар
жылуу жылмаюу менен бизди атап эскерип, бизге сыймыктанып: «Өй кезинде
бабаларыбыз ошондой улуу иштерди өтөп өтүшкөн дешип, бизди өздөрү да макташар,
урматташар. Алар бизди антип макташпаска да эч акылары жок. Бирок, биз «силер аша
дардактап кетпегиле!» деп ушул баштан аларга эскертебиз. Куш чалгын күткөн сайын,
адам эр жеткен сайын сабырдуу тарткандай жаңы коом да улам жетилген, өсүпөнүккөн
сайын кенендейт. Бийиктейт!
Бабалар байыркы кулдар доорунан тартып эле жарык заманды көксөштү. Азаттыкты
самап алга карай от алып чуркаган эчен акылман-күрөшчүлөр мезгилдин түнөргөн татаал
жолунда тилегин өтөй албай курман болушту. Ал эми Маркс, Энгельс, Лениндей улуу
акылмандар ошол өчүп-таамп байыртан жылтылдаган азаттык оту алоолонгон күнгө
айлантып —илимий коммунизмдин, Улуу Социалисттик революциянын жараткычтары —
авторлору болушту!
Биздин агалар, алардын замандаштары жана өзүбүз ушул Социалисттик революция
үчүн кызмат өтөп, анын туусу астында жаңы заман куруп жатабыз.
Башта кош кабат эзүүдө кордолуп улуттук эркинен айрылган кыргыз эли Октябрь
революциясынан кийин кайра төрөлдү. Азыр тегиз элүүгө чыктык. Бардык жактан
күрдөөлдүү тартып өнүгүп, жетилип калдык.
Мына шаарларыбызды, ана кыштактарды аралаңыздар. Короо-короону көркүнө
чыгарган балдар, мектеп алдын, клуб чөйрөсүн, аянттарды гүлдөткөн жаш улан-кыздар.
Булар, биздин өмүрүбүздү — элибизин өмүрүн, келечегин улап жаткан тукумдар. Алар
канчалык эстүү, сергек, канчалык шайыр, демилгелүү, ар ишке ынталуу, өкүм, кайратман,
билги болушса, ошончолук биздин келечек бекем, өнүмдүү жана жарык. Элибиз
күрдөлдүү, көңүлдүү, түбөлүктүү жана жаш болот.
Жарык заманды жаратып, жаңы турмушту улап жаткан — социалисттик коом
түзүлгөнүнө мына элүү жыл! Элүү жыл коом өмүрү үчүн күлгүн курак. Бирок
социалисттик коом ушул күлгүн курагында эле ак, адил жарык ишинен, алдыга койгон
сонун максаттарынан айтып түгөтө алгыс зор ийгиликтерди өтөп койду. Өз көз алдыбызда
өз колдорубуз менен жаралып жаткан эчен албан иштерге өзүбүз раазыбыз. Таң калабыз.
Мактанабыз. Жомокко окшоп байыртан адам баласынын акыл-эсинде жүрсө да кылымдар
бою ошол адамдын колунан келбеген эчен укмуш иштер азыр биздин колдон жаралууда.
Эмине? Биз ошончо эле шыктуу, билгич, эптүү, күчтүү, жөндөмдүү бекембиз? Жок. Биз
ошолордой эле адамбыз. Бабалардын ишин улап, алардын кылымдар бою көксөгөн ак,
адил, жарык иштерин, асыл тилектерин азыр тездик менен жүзөгө ашырып жатабыз.
Себеби, Улуу Социалисттик революция башта төбөлдөр тарабынан кош кабат эзилген,
тилегине жете албаган эрксиз элдерге — алардын эмгеккор дыйкандарына, кайратман
жумушчу табына эрк, теңдик алып берүү менен азаттык көксөгөн адамдарды шыктуу,
күчтүү, жөндөмдүү, баарыдан кымбаты жана артыгы чоң-кичине дебей билимдүү, аз эл,
көп элди бирдей укуктуу, ынтымактуу кылып койду!
Көп улуттун башын кошкон Улуу Социалисттик мамлекетибиз жыл өткөн сайын
бардык адамга бирдей асыл илим тараткан эң бор, эң жарык Университетке айланып
баратат. Сабаттуу болуу азыр адамга аздык кылат. Ар бир адам билимдүү, сергек, жакшы
табылгаларды ойлоп тапкыч. Анан эмине? Тең укуктагы адамдар жапа тырмак эл үчүн,
элдин кызыкчылыгы, анын маданиятын өнүктүрүү үчүн ойлонуп, эмгектенген кезде
адамдар ушундай күрдөөлдүү, күчтүү, кыйынчылыктарды жеңип чыгууга жөндөмдүү
болбой коймок беле! Сөзсүз эмгекчи болушат, жеңгич болушат!
Ошондуктан, биз, башта адам көксөп жете албаган иштерди тез өтөп, бүтпөгөн эчен
албан иштерди өз колубуз менен тез бүтүрүп жатабыз. Адам өз эрки өзүндө кезде ал,
өзүнүн адамдык бийик зоболосун, өзүнүн адамдык зор элесин таанытары азыр айгине
боло баштады.
Бабалар күрөштөрдө өз элестерин — алп, зор, жеңилгис күчтүү, ыйык кылып баяндады.
Ал бабалардын жарык тилеги болучу. Тоо койнундагыны, жер түбүндөгүнү, деңиз
тереңиндегини үйдө олтуруп көрө турган сыйкырдуу күзгү болорун айтышчу. Эч сынбас,
бүлбөс асыл имараттар тургузуларын, эң кымбат бааланчу көркөм буюмдар, асыл
жаралган көркөм өнөр, өлбөс акылдуу китептер болорун, өнөр-билим өнүгөрүн айтышчу.
Ар бир муун өз тушунда — элдик маданиятка өлбөс асыл мурас болуп каларлык ырларын,
дастандарын, обондорун, көркөм өнөрүн жаратышты. Айтор, алар да, эртеңки акадил
өмүр үчүн күрөштү. Укум-тукум жеке эле жакшы турмушта жашап өтпөстөн алардын
өмүрү көркөм, көзөл, адамдык сапаттары сонун болушун каалашты.
Мисалга кыргыз элинин өмүрүн, анын байыртан келаткан ой-тилегин көз алдыга
келтирели. Кыргыздар Орто-Азиядагы элдердин эң байыркыларынан болуу менен ошол
байыркы замандан эле ар бир доордун өзүнө туштук маданиятын өнүктүрдү. Байыркы
кыргыздарда бий, сүрөт, музыка кеңири өнүккөнү бизге белгилүү. Биздин эрадан мурда
эки миңинчи, бир миңинчи жылдарда эле шырдак, ала-кийиз жана андагы оюу-чийүүлөр,
колодон, жезден кооз жасалган буюмдар, алтын, күмүш, асыл таштар чөгөрүлүп, чебер
зергерлер тарабынан кооз жасалган буюмдар — элдик чоң көркөм өнөрлүк мааниге
жеткен. Биздин доордун баштапкы кылымдарында эле ошол элдик, көркөм өнөрлүк
мааниси бар сонун жасалгалар кымбат бааланып, дүйнөлүк музейлерди, кандардын,
бектердин Ак-Сарай, Көк Сарайларын кооздогон экспонаттардын катарында коюлган.
Эгерде байыркы замандан бери биздин ошол элдик көркөм өнөрүбүз бир тамчыдан
болсо да сакталып олтурса... анда биз кийинки кылымдарда дүнүйөдөгү эң маданияттуу
элдердин катарында болот элек. Тилекке каршы чыгыштан жана батыштан кыйрыбызга
кол салып, дайым чабыш баштап талоончулук кылып турушкан четки жоолор менен
кыргыздар тынымсыз салгылашты. «Жапайы арстан атанган» күрөшчүл элибиз ажаандай
канкор душмандарды бирде жеңди. Бирде жеңилди... Тынымсыз салгылаштардын
кесепетинен чабылып, чачылып бөксөрүп олтурду. Мындай кайгылуу, өкүнүчтүү тагдыр
жеке эле кыргыздардын башына түшпөдү. Кандуу чабыштардын кесепетинен эчен чоң
уруулар, эчен өркөнү өскөн маданияттуу элдер, мамлекеттер таптакыр жоюлуп жок
болгонун тарых баяндайт.
Эгерде 1917-жылы Улуу Октябрь революциясынын жарык таңы биздин жерде атпаган
болсо, анда элибиздин тагдыры өтө оор, кайгылуу болмок. Себеби, дал ушул улуу
революциянын алдында кыргыз элинин көпчүлүгү жер-суусунан ажырап, азып-тозуп
калган. Ал өзүнүн байыркыдан келаткан элдик маданиятын, элдик көркөм өнөрүн,
адабиятын көңүлдөгүдөй асырап, аны өнүктүрмөк турсун күнүмдүк күлала турмушту
эптеп баштан кечирип өчүп-таамп, өлбөстүн күнүн көрүп турган кезинде ага улуу
революциянын жаңырыгы жетти. Биздин ошол байыртан күрөшчүл элибиз ак падышанын
кара бийлигине, эзүүчүлөргө каршы баш көтөрүү менен Улуу-Октябрь революциясына
өзүнүн аздыр көптүр салымын кошту. Жана өзүнө боштондук алып келген ушул Улуу
революцияны жандили менен кучак жайып кабыл алды!
...Кылымдар бою көксөгөн тилек колго тийгенден артык бакыт болобу. Бактысы
ачылган эмгекчил эл — ырдабай, көңүлү көтөрүлүп, күн санап өнүкпөй турабы?
Тээ муздуу мөңгүдөн уланган булак сыңары башаты байыркы доордо эле башталып,
бирок дат басып калган маданиятыбыз жаңырып, революциянын биринчи жылдарынан
эле — формосу улуттук, мазмуну социалисттик болуп чатырап гүл ача баштады. Сүрөт,
бий сыяктуу көркөм өнөрдүн жоголуп бараткан кай бир түрлөрүнө кайрадан жан кирди.
Ал жаңырып, тез өнүгө баштады. Элибиздин башынан кечирген өмүрүн, күрөшүн өзүнө
сыйдырып өлбөс-өчпөс болуп жаралган улуу баяндар, жомоктор, дастандар,
баатырлардын, акылмандын, ашык-жарлардын тагдырын, өмүрүн саймедрете баяндаган
эчен залкар күүлөр, лириканын ыргактары кубалашкан толкун түрмөгүндөй улуу
өмүрлөрдү көз алдыга тартып, жүрөктү толкута эми шаңдана эргип, ааламга таанылууда.
Элдик маданиятыбыз бул кезде, ошентип, бийикте эргип башкаларга таанылуу менен
өзү да ошол бийиктен туруп дүйнөлүк маданияттын жакшы үлгүлөрүнөн таалим алууда.
Рас, бул кезде адамдардын деңгээлдери аябай өстү. Сезимдери кеңейди, дүнүйөлөрү
байыды. Турмушка жаңыча кароо, анын бардык тармактарын жаңыртуу, тез өнүктүрүү
билимдүүлүктү, маданияттуулукту талап кылып калды. Ал эми адабият, көркөм өнөр, тек
каалоо менен жаралып калбасы ар кимге дайын. Ал, чоң шыкты, алп эмгекти талап
кылууда.
Албетте, шык төрөлөт. Бирок аны асырабаса, ал бардык эле мезгилсиз солгон гүлдөй
өчөт. Ошол шыктын өсүшүнө эң сонун шарт түзүлөр замат тосмосу ачылган суудай
кыргыз маданияты шаркырап ээ-жаа бербей өнүгүүдө. Мындагы кубанар жагдай ошол эң
алгачкы жылдарда эле туңгуч төрөлгөн эчен сонун чыгармалар азыркы жаңы адабияттын,
жаңы көркөм өнөрдүн алтын казнасын түздү. Буга эң туңгуч төрөлгөн «Ажал ордуна»
музыкалык драмасы, «Айчүрөк» операсы жана ондогон ырлар, поэмалар, роман-повесттер
айкын мисал. Булар али такшалбаган жаш авторлордун каламынан чыкса да, жогорку
көркөмдүктө өлбөс чыгармалардан болуп калды. Анын себеби алар байыртан келаткан
элдик өзөккө өздөрүнүн жаңы өнүмдөрүн улагандыкта.
Ошол Куттубаева Аныбара, Ашыраалы Боталиев, Касымалы Эшимбеков, Шамшы
Түмөнбаев, Сайра Кийизбаева... дагы толгон «өзү үйрөнчүктөр» өздөрүнүн актерлук
чеберчиликтерин өнүктүрүп, аны таанытууда атайын школаны бүтүрүшпөй туруп эле
профессионал чеберлерден кем калышпады. Ал эми укмуштуу куудул Шаршен Термечик
уулунун отузунчу жылдарда залды күлкүгө жаңыртып, сахнада турган элесин көз алдыга
келтирсек, кыргыздын ошол асыл таланты азыркы Аркадий Райкинден кем түшпөйт. Бар
болгон айырмасы — Шакем кыргыз тилинде, кыргыз кишисинин мүнөзүн, кейпин ачьш
турганы. Ал эми укмуштуу куудулдун зор таланты анын школдон өтпөгөн бөксөсүн
толтуруп салычу.
Биздин жазма адабиятыбызчы? Бир муундун өмүрүндө — өз көз алдыбызда кыргыз
адабияты бардык түрлөрү боюнча өсүп-өнүктү. Азыркы жеткилең ыр-поэмалар, жеткилең
повесть-романдар жеке кыргыз адабият окурмандарынын таламдарына жооп бербестен
жалпы союздук дүйнөлүк окурмандарга жетти. Мында да таналбас жагдай тээ башат
башын курушкан Баялинов Касымалы, Карачев Сыдык, Жантөшев Касымалынын
прозаларынан тартып Абдукаимов Узакбай, Токтоболот Абдымомунов, Төлөгөн
Касымбеков, Чынгыз Айтматов, Жунай Мавлянов, Насирдин Байтемиров, Шатман
Садыбакасов... дагы толгон жазуучулардын; Аалы Токомбаев, Жусуп Турусбеков,
Жоомарт Бөкөнбаев, Мукай Элебаев, Алыкул Осмонов, Темиркул Үмөталиев, Абдрасул
Токтомушев, Кубанычбек Маликов, Сүйүнбай Эралиев, Сооронбай Жусуев, Байдылда
Сарыногоев... дагы ондогон жалындуу акындардын кимиси болбосун жараткан
чыгармалары жеткилең өмүрлүү.
Ал эми ушулардын кимиси болбосун өзүн элден бөлүп жолбун тартканда, турмушту
бурмалайт, жалган элеске алданат. Өзүнүн элдик деген ыйык милдетин өтөбөйт. Алдамчы
сулуудай чет жакага кылгыра карайт. Ооз жүзүндө ал канчалык уурт көбүртпөсүн... иш
жүзүндө Улуу Октябрдын жарык иши үчүн кызмат кылалбайт.
Октябрь туусу астында эркин союз түзгөн бардык чоң-кичине элдер тең укуктуу болуу
менен социалисттик маданиятты гүлдөтүүдө ага бардыгы өз-өз салымдарын кошууда.
Улуттук интеллигенцияны тарбиялап чыгаруу, улуттук маданиятты гүлдөтүү, эне тилин
өстүрүп, аны өнүктүрүү партиянын ыйык милдети экенин революциянын улуу Прометейи
Ленин ага катуу эскертип, атайы табыштаган! Ким гана болбосун, бир улуттун «касиетин»
ашыра мактап, аны башкадан жогору койсо, ал, улуу Лениндин ушул осуятына
чыккынчылык кылган бузуку болорун, элдердин бекем достугуна жик түшүрөрүн эсине
алсын!
Октябрдын улуу туусу астында жаңы заман курушкан элдер менен бирге кыргыз эли
обон салып шаңданып катар басат.
Жаңы маданиятын өнүктүрөт. Жарык келечекке, түбөлүктүү бакыт-таалайга карай
өзүнүн бийик салтын жолдоп, бардык элдер менен бирге достук туусун көтөрүшөт!
1967-ж.
ТОО АЛЫСТАГАН САЙЫН БИЙИК
Элүү жыл — адам өмүрү үчүн анча аз эмес,— элүү жаштагы адам турмушту баштан
өткөрүп, бышыгып, акыл-эс жагынан эбак жетилип, иштеринен тыянак чыгара баштаган
кези болот. Жакшы карып, кийинки өмүрүн абийирдүү өткөрүүгө даярданат. Себеби, адам
өмүрү чектелүү. «Туулдум — өлдүм» деген канаттуу сөздү ар ким эсине ала жүрөт.
Ал эми жаңы коом, жаңы түзүлүшү, жаңы идеяны жүзөгө чыгарыш үчүн элүү жыл
өмүрдүн башталышы гана. Себеби, тигил өлчөмдүү өмүрдө жашап өткөн адам жеке эле
өзү үчүн эмес, артында өзүн улаган укум-тукумдун кызыкчылыгы үчүн да эмгектенет.
Алардын тилегин тилейт, ишин иштейт. Аларга болучу акыйкат, жакшылык үчүн
күрөшөт. Акылын зарыптайт. Бардык элдердин кызыкчылыгын көздөгөн, ар бир эмгекчи
адамдын кызыкчылыгын көздөгөн жарык идеяны даңазалайт.
Жана ошол жарык асыл идеяны ишке ашырыш үчүн, анын өмүрлүү болушу, барган
сайын уланып, өнүгүп түбелүктүү болушу үчүн күрөшөт. Аздыр-көптүр жеңишин —
асыл-жарык иштерин кийинки урпактарга көзү өткөн муун чоң сыймык менен улам
кересмурас кылып калтырат. Бабалардын, аталардын ал ак тилектерин, аткарган жакшы
иштерин алдыңкы муундарга улайт. Алар аны улам өнүктүрүп, улам ишке ашырууну
моюнга алат.
Ошентип, коом өмүрү — көп муундардын өмүрү. Кеп муундардын асыл-жарык иши.
Ал — түбөлүккө улана турган өмүрлүү, типтүү, үмүттүү жарык иш!
Жаңы коом жаратуу, аны өнүктүрүү, жетилтүү замандар бою улуу адамдардын
тилектеринде болду. Алар, ага асыл иштерин арнап, акыл-күчтөрүн сарыптап келишти.
Бирок, акыйкат үчүн болгон күрөштө күрөшчүл адамдар көп учурда курман болушуп,
алардын адил иштерин кара бийликтин зомбулугу басып турду. Эмгекчи калайык кандын,
бектин камчысынын астында кыңк эскис кул болушту. Королдор, падышалар өздөрү
басып алышкан жердеги журттун төбөсүнө кылыч ойнотту. Элдердин терин сыкты, канын
агызды, жер байлыгын, кен байлыгын, эл байлыгын өз пайдаларына ташып турушту.
Ошентип кара күч бийликте турган коомдордо ар мезгилдин төбөлдөрү замандар бою
жеке өз казналарын байлыкка толтурушту. Өздөрүнүн кара күчтөрүн сактап, адилетсиз
бийлик астында калыңкара букара журтту түбөлүккө кулдануу максаттарын көздөштү...
Канаттуу куш дайым бийикке эргип канат сермеген сыңары адам баласы да ар дайым
азаттыкта эркин эмгектенип, жакшы жашоого умтула берет. Азаттыкты көздөй канат
күүлөйт, өкүмдөнөт. Эркиндик күндү самап алга карай от алып чуркайт! Ошентти. Адам
кара бийликке каршы күрөшүүдөн тынбады. Тээ, байыркы Спартак баштаган кулдардын
көтөрүлүшүнөн тартып, азаттык оту өчүптаамп тутана берди. Жана кулдардын колунан
тутанган ошол азаттык оту улам тутанып, улам күчүнө келип, биздин кылымдын башында
ааламдын алтыдан бир бөлүгүндө ал өчпөс болуп алоолонду:
Бул Улуу Октябрь Социалисттик революциясы болучу!
Ошентип, бул Улуу революция эчен кылымдар бою кул болуп келген адам тукумунун
азаттыкты көксөгөн тилегин эң биринчи жолу чоң жана түбөлүктүү кылып колуна
тийгизген кези. Карл Маркс, Фридрих Энглис, Владимир Ильич Ленин — ошол азаттык
отун эми эзилген элдердин колуна карматкан — улуу Прометейлер!
...Кош баштуу кан тырмак бүркүтү өзүнө эмблема кылып, барган сайын адлетсиздиктин
өкүмүн түтөткөн Россия империясы Улуу Лениндин аныктамасы менен айтканда —
бүткүл эзилген элдердин түрмөсү болучу. Өткөн кылымдын орто ченинен баштап
колонизаторлуктун кара капканына чабылган биздин элибиз да орус дыйкандары, орус
жумушчулары жана империянын чеңгелинде кансыраган башка элдердин катары ак
падышанын ошол түрмөсүндө эзилди... Кош кабат эзүүнүн райымсыз кысымын көргөн
кыргыз эли бир жагынан төбөлдөр тарабынан граждандык укуктарынан ажырап,
камчынын астында запкы тартса, экинчи жагынан падышага кызмат кылган
колонизаторлор тарабынан кысылды. Кара чарбалар эзелки ата конушунан, жерлеринен
ажырай баштады. Кыргыз элинин улуттук боштондугуна доо кетти. Төрөлөр, чиновниктер
ал тургай эч мансапта жок, бирок, дөөлөттүү адамдар кыргыз эмгекчилерин адам
катарына санабай көз көрүнө кордоону тек адеттеги көндүм жоруктарга айлантышты.
Кордоонун эң каардуусу, эң заардуусу жана райымсызы — ал улуттун эркин чектөө,
анын кызыкчылыгына кол салуу, анын ак тилегин кыркуу... Эмесе, дал ошондой кордукту
башынан өткөрүп турган кыргыз эмгекчилери революциянын алдыңкы жылдарында туз
жүктөгөн унаадай арып-азып кош кабат кысымга чыдабай кара бийликке каршы каяша
айтты. Ар түрдүү ыгымчыгымдарды төлөөдөн баш тарткан букаралар жүз башылардын,
элүү башылардын камчысына ийленди. Запкы тарткан журт жергиликтүү бийликке баш
ийбей койгон кезде... уезддин чабарманы баштаган куралдуу солдаттар келишип, элдин
үрөйүн учурду. Эмгекчи букараны эч сураксыз жазалоо, набакка жаптыруу адеттеги
өнөкөт иш болуп калды.
Каракол уездинин жасоолу «Чоң кол» — айылайылды кыдырып чыкканында чоң тору
атты алкынтып, кылычты жаркылдатып асманга карай булгалап келүү, не: «Менин колум
беш кадак, кыргыздын башы ашкабак!» деп айкырып ырдап келүү, ал акмак үчүн атайы
салтка айланган.
Падышачыл бийликтин ушинтип өзүнүн орой, ырайымсыз зомбулугун канчалык
катуулаткан сайын, азаттыкты көксөгөн элдердин катарында кыргыз эли да ошо кара
бийликтин камчысынан бүгүлүп биротоло кыңк эткис өлүк болуп берүүдөн баш тартты.
Азаттык көксөгөн кыргыз эмгекчилери Россия империясынын жана жергиликтүү
бийликтин кысымына каршы баш көтөрдү. Ал өзүнүн улуттук боштондугун талашты,
эркиндик үчүн болгон күрөштө — элибиз, эзилген орус дыйкандары, эзилген жумушчу
табы менен тагдырлаш болду. Байыртан келаткан азаттык отунун жылт-жулт жарыгы
Маркс, Энгельс, Ленин жана коммунисттик партия тарабынан күрөш жолун даана
көрсөткөн жарык күнгө айланып, башка элдер катарында кыргыз эмгекчилерин ойготту.
Улуу Революция — «Күрөшкө кошул!» — деп үн берди. Ак падышага, эзүүчүлүккө
каршы баш көтөрүү менен революцияга кыргыз эли өзүнүн аздыр-көптүр салымын кошту.
Рас, кандуу көтөрүлүштүн жылдарында азган-тозгон журт кыргын тапты. Жерсуусунан ажырады. Арийне, дал өз убактысында — элибиз жарга камалган кайберендей
кансырап турган кезинде Улуу Октябрь Революциясы ага азаттык алып келбегенде,
кыргыз элинин келечекки тагдыры өтө оор, аянычтуу болмок. Ал тыйпыл жоюлуп кетпесе
да тымтыракайы чыгып, өлбөстүн күнүн көрүп калган...
Ошентип кара өкүмгө каяша айткан элибиз орус жумушчу-дыйкандары, эзилген башка
көп уруу элдер менен бирге эң каардуу империя түзгөн түрмөдөн кутулду!
Улуу Октябрь Социалисттик Революциясынын зор маанисин түбөлүк даңазалап, анын
ажарын ачып, баркын баяндап туруучу эң жарык жагдайы — ушул бардык элдерди
түрмөдөн куткарып, түбөлүккө аларга азаттык алып бергендигинде!
Улуу Революциянын дал ушул ак адил маанисин башынан көптү өткөргөн биздин
байыркы элибиз дайым даңазалайт. Аны эч унутпайт!
Ооба, унутпас, себеби, Орто-Азия элдеринин эң байыркыларынан болгон кыргыздар,
башынан көп алаамат күндөрдү өткөрүп, жаман-жакшыга, эчен кыйынчылыкка дуушар
болгон күрөшчүл калк. Ал, тээ байыркы кылымда эле «Жалпы тегис жоокер» атанган.
Өзүнүн мамлекети, тубаса өзүнө таандык маданияты, жазуусу, жакшы салттары болгон
кыргыз калкы кыйырына кол салган чет душмандар менен көп кылымдар күрөштү.
Калайыктын бузулбастыгын, өзүнүн эркиндигин сакташты. Чет душмандын басып
алуусунан өз жер-суусун сакташты. Ошентип, кыргыздар,— «Куштар учуп, желдей
сызган» көчмөн журттардын күчтүүлөрүнөн болду. Жана ошол күчтүү уруулар менен
биргелеш союз түзүшкөн кезде коркунуч туудурган кытайды кыйырга жолотпой сүрүп.
турду. Көп учурда аларды Улуу Сепилинин ар жагына кетишке аргасыз кылды...
Бабалардын ошол каарман күрөштөрүн элестүү баяндаган улуу сөздөр — ондогон
дастандар, эпостор, жомоктор жаралды. Элдин, айрым армандардын, кыз-жигиттин,
жоокердин тагдырын сыбызгыдай эргитип, муңкантып, жүрөк толкуткан эчен сонун
күүлөрү түзүлдү. Акылмандык кеп-сөзү, баатырдын ажары баяндалды.
Бирок кылымдар бою заман сурданды. Каардуу күрөштөр, кандуу чабыштар улам
киргил тартып ташкындап, өзүнүн эпкинин кылымдарга узатып турду. Чабыштардын
кесепетинен көл бөксөрдү. Токой өрттөндү. Эл-журт азайды. «Зордун түбү кор. Бардын
түбү жок» деген кайгылуу тыянак менен качантан бери каарман өскөн элибиз тагдырлаш
болду... Айрыкча, соңку жети-сегиз кылым бою кыргыздар тынч албады. Ал жоону чапты.
Жоодон чабылды. Улам чачылды. Улам бөксөрдү. Толу казан сүт кайнаган сайын соолгон
сыяктуу — дайым күрөштөгү каарман журт чабышкан сайын чарпылды... Улам бир
күчтүү душмандын кысымында калган уруулар кайрадан баш кошо албай көчмөндүктө
жайдак турмушту кечирип, элибиздин экономикасы өспөдү. Өнөр-билими көтөрүлбөдү.
Ошентип, айрымдар чолок болжогондой элибиз жайсыздыгынан «жапайы» бойдон
калбастан, ал, кары тарыхтын кезектеги каарына дуушар болуп жүдөп, арып-азып
көтөрүлө албай турган кезинде ошол байыркы кыргыз жергесине Улуу Октябрдын таңы
атты!
Эмесе, сабырдуу, баамчыл элибиз — өзүнүн ошол байыркы сонун каадасын, салтын
эске алып, оор тагдырын көз алдына элестете келип, анан Октябрь Революциясынан берки
элүү жыл аралыгында өзүнүн эркин эл катарында өркөндөп өсүп жатканын көргөндө эми
элибиз:
— Төбөбүз көккө жетти! Жашасын Улуу Өктөбүр! Совет Өкмөтүнө рахмат! — дешет.
Себеби, Совет Өкмөтү элибизди улуттук боштондукка чыгарды. Ар бир адамга
граждандык тең укук алып берди. Лениндик декрет менен өз жер-суусуна түбөлүккө ээ
болгон соң, баштакы чачыранды чарбалар тиричиликке ыңгайлуу жерлерге кыштак куруп
отурукташты. Жети жаштан жогорку уул-кыздардан тартып жетимиштен ашкан карыя
ата-энелерге чейин окуп сабаттуу болушту. Аз түтүндүү кыштактар өсүп-өнүп шаарга
айланды. Ээн өзөндөргө көп көчөлүү, жаңы имараттуу, жашыЛ кыштактар жайгашты.
Жалгыз аяк чыйырлар кеңейип, түзөлүп, жолу жок өзөндөргө асфальт төшөлдү —
күзгүдөй жалтыр кең, даңгыр жолдор азыр ашууларды ашты. Ат менен араң барышчу эң
байыркы жайлоолорго азыр машина жетет. Кең жолдор, жогорку вольттогу электр
зымдары өмүргө жан кийирген кан тамырлардай, азыр, шаардан шаарга, кыштактан
кыштактарга тарам-тарам созулду. Алар биздин республиканын турмушуна күч кийирип,
кубат берип турат. Жыл өткөн сайын республикабыздын өмүрү жашарууда. Азыр ар бир
эмгекчи адам колуна от кармап жүзү жарык!
Баягыдай таяк сүйрөп, жаргак куудуратып, жаны сыздап «Чойчойлогон» койчу жок.
Азыркы койчу дайым ат үстүндө. Ал куш атарды асынып, «спидолду» ээр кашына илип,
тээ алыстан кабар угат. Сейилде жүргөндөй жүзү жарык, көңүлү тетик. Биз бул жерде
койчуну көз алдыга келтирүү менен эң оор, эң татаал кесиптеги эмгекчини атайы
элестеттик. Баштакы заманда адам терин сыгып, күчүн кетирген эчен оор, эчен
коркунучтуу татаал кесиптер азыр советтик адамдардын колунда ойнойт! Баштакыга
салыштырганда ар бир эле иштин өнүмдүүлүгү алда нече артты. Азыр адам эмгеги
берекелүү, үзүрлүү болуу менен элдик казнага чоң салымдар кийирүүдө. Эмгекчил
адамдар өз турмуштарын жакшыртып, жаңыртып,. жашоо деңгээлдерин көтөрүүдө.
Суугу тоңдурбаган, Ысыгы күйгүзбөгөн, Суусу кымыздай, Топурагы май. Шибери
мамык, Таштары жастык Керме-Тоо, Улуу-Тоо, Сары өзөндү Мураска калтырган
Кеменгер экенсин, Баатыр бабам!
Сөздү кумдай чубурткан эчен кеменгерлери, эчен чечендери, деле бардык эмгекчи
элибиз өз Ата-Конушун, Ата-Мекенин дал ошондой баалап — андагы жайыт байлыгын,
андагы жер байлыгын, кен байлыгын көздүн карегиндей аяшчу, ага сугун арткандардан
кызганышчу. 1917-жылга чейин кыргыздар өз жеринен коргошун, күмүш, көмүр, сымап,
күкүрт, сурьма иштеп чыгарып келишкен. Байыркы убактарда эле тээ Енисей УлууТоодон темир, чоюн эритип, алтын чайкап алышчу. Ал эми орто кылымда Талас
өрөөнүндө күмүш чыгаруу бүткүл чыгыштагы ири өнүмдөрдүн бири болгон. Бирок, ар
дайым согуш ачкан баскынчылардын кесепетинен алардын көпчүлүгү кийинки мезгилде
жоголгон. Рас, ал замандарда кен байлыгын өндүрүп алуу эң жөнөкөйлүк менен
иштетилип, көп күчтү зарып кылган. Маселен, темирди көөрүктөп, коргошунду чоюн
кашыктап эритишчү. Кен чыккан жерлерди чет көздөн сактоо, билгизбөө эрежеси
эзелтеден бар болучу. Азыркы Жыргалаң шахтасы ачылган жерден көлдүк кыргыздар
байыртан эле коргошун эритип алып жүрүшкөн. Бирок падыша өкмөтү жиберген
геологдордун экспедициясы келген кезде аларды ал жакка баштап бармак турсун
Жыргалаңда кен барын алардан жашырышкан. Кендүү өзөндөр жөнүндө эң коркунучтуу
кабар айтышчу. «Ал жакта адамга зыян кыла турган сырдуу күч, жаман оору жугуза
турган жай — түтүн чыкчу үңкүрү бар, адамды дудук, мунжу, жинди кылып кое турган
жаман жел жүрөт», дешип чет кишини баштап баруудан жергиликтүү адамдар таптакыр
баш тартышчу. Арийне, мында диний ишеним салакасын тийгизишине да ыктымал.
Неси болсо да ошентип замандар бою зор, кымбат байлыгын өз койнуна катып
тымпыйган жергебиз кийинки элүү жыл аралыгында терең сырын — бай казнасын азыр
ачып салды! Баарыдан кубанычтуусу ушул байлыкты ачкандар да, аны эл үчүн
иштеткендер да совет кишилери.
Социалисттик Кыргызстан — азыр көмүрдүн, алтындын, колонун, башка түстүү
металлдардын мекени. Азыр биз сымап, сурьма чыгаруу жагынан Союзда мыкты орунду
ээлейбиз. Орто-Азияда чыгычу көмүрдүн тең жарымын биздин республика камсыз кылат.
Коргошун, калай жана башка сейрек кезигүүчү металлдар чыгарылат.
Соңку жылдарда жер кендерин өздөштүрүүдөгү жетишкендиктер зор. Геологдор,
окумуштуулар колонун, алюминийдин, көмүрдүн жана башка кымбат баалуу
металлдардын кендерин ачып, аларды өнүмдүү өздөштүрүү жолдорун илимий жактан
далилдеп жатышат.
Кыргызстан суу кубатынын байлыгы боюнча РСФСР жана Тажикстандан кийинки
орунду ээлейт. Бул байлыкты ар тараптан жана көп багытка пайдалануунун жолу совет
убагында кекири ишке ашууда. Айрыкча соңку жылдарда илимдин, техникалык
кадрлардын, экономиканын өсүшүндө чоң мүмкүнчүлүктөр болду.
Азыр биздин республика ак алтындын, дары-дармек өсүмдүктөрүнүн, кант
кызылчасынын, эгиндин, жүзүмдүн, жемиш бактарынын мекени! Айыл чарба
шаймандарын, автомобиль куруучу, электр лампочкаларын, физикалык приборлор
тетиктерин иштеп чыгаруучу, ар түрдүү куруучу заводдору бар.
Ошентип элүү гана жылдын аралыгында биздин республика илимдин, техниканын ээси
болуп калды. Ар жылда он миңдеген талаптуу жаштар ар кыл кесип берүүчү орто жана
жогорку окуу жайларына келишет. Ошондой эле ар жылы ошол окуу жайларын
бүтүрүүчүлөр — миңдеген жаш адистер — агрономдор, зоотехниктер, врачтар,
инженерлер, мугалимдер, геологдор, химиктер, физиктер, экономисттер... дагы толгон
кесип ээлери эмгек жолкатын алышат. Алардын катарларынан ондогон мыкты
окумуштуулар чыгууда. Улуттук көркөм өнөрүбүз, адабиятыбыз өнүгүүдө!
...Элүү жыл аралыгындагы эң зор жеңиш — элдердин достугу. Эски бийликтин эң
ыплас жана арамза иштери — эки элдин ортосуна от жагып, аларды кайраштыруу болучу.
Күчтүүрөгүн күчсүзүнө каршы шыкактап, алардын ортосунда дайым согуш отун
жагышчу. Аз урууларды, саны аз элдерди кырып жоюп, алардын эзелки жер-суусунан
ажыратуу, согуш аркалуу өздөрүнүн кара зоболосун көтөрүү, кандуу колдорун байлыкка
матыруу капиталисттик өлкөлөрдө дале болсо күчүндө...
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Мезгил Сабактары - 26
  • Parts
  • Мезгил Сабактары - 01
    Total number of words is 3925
    Total number of unique words is 2168
    28.4 of words are in the 2000 most common words
    41.5 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 02
    Total number of words is 3835
    Total number of unique words is 1945
    25.2 of words are in the 2000 most common words
    37.9 of words are in the 5000 most common words
    45.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 03
    Total number of words is 3888
    Total number of unique words is 2004
    26.2 of words are in the 2000 most common words
    38.0 of words are in the 5000 most common words
    44.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 04
    Total number of words is 3917
    Total number of unique words is 2109
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    38.3 of words are in the 5000 most common words
    44.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 05
    Total number of words is 3841
    Total number of unique words is 2050
    24.3 of words are in the 2000 most common words
    35.5 of words are in the 5000 most common words
    41.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 06
    Total number of words is 3908
    Total number of unique words is 2175
    25.1 of words are in the 2000 most common words
    36.6 of words are in the 5000 most common words
    43.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 07
    Total number of words is 3879
    Total number of unique words is 2261
    24.6 of words are in the 2000 most common words
    36.6 of words are in the 5000 most common words
    43.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 08
    Total number of words is 3889
    Total number of unique words is 2322
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    38.4 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 09
    Total number of words is 3878
    Total number of unique words is 2190
    26.2 of words are in the 2000 most common words
    38.2 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 10
    Total number of words is 3881
    Total number of unique words is 2101
    24.1 of words are in the 2000 most common words
    34.1 of words are in the 5000 most common words
    40.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 11
    Total number of words is 3844
    Total number of unique words is 2201
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    42.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 12
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 2270
    27.6 of words are in the 2000 most common words
    39.9 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 13
    Total number of words is 3957
    Total number of unique words is 2233
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    47.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 14
    Total number of words is 3766
    Total number of unique words is 2212
    23.9 of words are in the 2000 most common words
    35.6 of words are in the 5000 most common words
    42.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 15
    Total number of words is 3906
    Total number of unique words is 2254
    27.6 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    47.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 16
    Total number of words is 4040
    Total number of unique words is 2326
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    38.3 of words are in the 5000 most common words
    44.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 17
    Total number of words is 3980
    Total number of unique words is 2278
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    38.4 of words are in the 5000 most common words
    45.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 18
    Total number of words is 3826
    Total number of unique words is 2298
    24.7 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 19
    Total number of words is 4011
    Total number of unique words is 2430
    25.2 of words are in the 2000 most common words
    37.5 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 20
    Total number of words is 3935
    Total number of unique words is 2383
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    45.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 21
    Total number of words is 3922
    Total number of unique words is 2456
    24.7 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 22
    Total number of words is 3905
    Total number of unique words is 2360
    25.7 of words are in the 2000 most common words
    37.1 of words are in the 5000 most common words
    43.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 23
    Total number of words is 3793
    Total number of unique words is 2219
    25.4 of words are in the 2000 most common words
    36.9 of words are in the 5000 most common words
    43.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 24
    Total number of words is 3857
    Total number of unique words is 2269
    24.4 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    43.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 25
    Total number of words is 3863
    Total number of unique words is 2183
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    35.5 of words are in the 5000 most common words
    43.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 26
    Total number of words is 3856
    Total number of unique words is 2325
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.0 of words are in the 5000 most common words
    45.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 27
    Total number of words is 3866
    Total number of unique words is 2429
    25.2 of words are in the 2000 most common words
    35.8 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 28
    Total number of words is 3971
    Total number of unique words is 2417
    23.9 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    42.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 29
    Total number of words is 3917
    Total number of unique words is 2300
    24.3 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    42.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 30
    Total number of words is 3926
    Total number of unique words is 2169
    25.8 of words are in the 2000 most common words
    37.9 of words are in the 5000 most common words
    44.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 31
    Total number of words is 3936
    Total number of unique words is 2141
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    45.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 32
    Total number of words is 3916
    Total number of unique words is 2096
    25.7 of words are in the 2000 most common words
    37.3 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 33
    Total number of words is 3934
    Total number of unique words is 2181
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    38.5 of words are in the 5000 most common words
    45.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 34
    Total number of words is 2486
    Total number of unique words is 1435
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    41.2 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.