Latin

Мезгил Сабактары - 08

Total number of words is 3889
Total number of unique words is 2322
26.6 of words are in the 2000 most common words
38.4 of words are in the 5000 most common words
45.0 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
төгүлгөн жеринде Шаар курулду кериле!
Биз азыр ошол керилген шаардын кең, жашыл бульварында келатабыз. Дүнүйөдөгү
шаарларда мындай бульвар аз дешет. Чынында азбы, көпбү, мен аны текшергим келбейт.
«Ар бир элдин өскөн жери өзүнө бейиш» дешет биздин эл. Анан эмине? Айтсаайтпаса
төгүнбү? Байыртан бабаларың жашап аны улам арткы урпактарына мураска калтырган
Ата-Конуштан кымбат не бар адамга!
Мен дайым эл жөнүндө ойлогонумда баарыдан мурда аркайган Улуу Тоонун өзөнсайлары, кокту-колоттору, анын жон-кырлары, мейкин түздөрү көз алдыма тартылат.
Таманымдан жердин деми берилет. Бул тек кыял эмес: андан адамдын тери жыттанат.
Туяктардын дүбүртү угулат...
Мунун өзүнчө себеби бар:
Эс тарткан кезимден эле: — «Жердин көркү — эл, жайыт көркү — мал» деген сөз
кулагымда калган. Бул кезде үч-төрт жаштагы балдар — тамакты, оюнду, жыргалды
билишет. Азыр аларды ата-эненин, мамлекеттин камкордугу курчаган. Алар азыр бар
болгону оюнчук машиналар менен алек. «Бубууп» дешип машиналардын жүргөнүн
элестетишет. Бул — таалайлуу балалык. Биздин балдар, биздин урпактарыбыз,, ар дайым
ушундай тынч өмүрдө жыргапкуунап жашай беришсин ылайым! «Азуу, тозуу. Жерден
ажыроо... Тентиптербүү...» деген суук сөздөр деле мындан ары тарыхый китептердин сөз
казнасында гана айтылсын.
О, ал эң бийик таалай. Азыр биз баарыбыз ошондой таалайлуу күндөрдө жашап
жатабыз. Бизди бул таалайга жеткирген Октябрь таңы болду.
Балким, азыркы жаштарга менин бул маегим өтө эле жасалма сөз өңдөнүп угулар. О,
жок! Кагылайын, урпактар. Адам өз башынан өткөрбөгөндү анча сезе бербес жайы бар.
Менин замандаштарым үч-төрт жаштагы курактарында алаамат күндөрдү баштан
өткөрүштү. Ошол ымыркай кезибизде көргөндөрүбүздү эстесек тарпка түшүп келаткан
кон жорунун канатындай далбайган коркунучтуу кара түн көз алдыга тартылат. Биз ошол
ымыркай чагыбызда таманды ташка тилдирдик. Ач, жылаңач тербидик: «Үркүн...
Козголоң... Азган-тозгон кайран эл... Ата-Конушунан айрылган шордуу эл...» деген сөздөр
биздин кулагыбызда жатталып калды...
Таяк алсаң колуңа — Аттай жүрдүң кайран эл. Почто менен жиберген — Каттай
жүрдүң кайран эл... Актай чийди кызылга — Чырмап саттың кайран эл... Арзан шыйрак
мында деп, Ырдап саттың кайран эл.
Ал кезде кары-жаштын ырдагандары ушундай муң-зар болду... Биз — балдар, анда,
оюнду, эркеликти билбедик. Карды калап от жаккан чоңдордун жанында түйшүктө
жүрдүк. Чоңдордун муңдуу кеби кулакта калды:
«Ата-Конуш кандай болду экен? Ал абдан көйкөлгөн, береке төгүлгөн сонун жер болсо
керек? Олда кудай аай, ошол Ата-Конушубузга бат эле барып калсак, э?»
Ушундай ой биздин көңүлүбүздү бөлүчү.
...Самсыган журт кайта башташкан.
Бир кара эчки, бир аксак байталга калган тарпыбызды артып алып биздин үй-бүлө
самсып-сенделип далай күн жол кездик. Ташты жастанып, жылдыздуу асманды жамынып
кез келген жерлерде түнөдүк. «Туулуп өскөн жер-суубузга келатабыз. Өз жерибизди
басып, өз суубузду ичебиз» деген тилекке тоюнуп өзөктү ооруткан ачкачылыкты тоготпой
уктадык. Сенделе жол кездик.
Тоодон тоону арттык, ашуудан ашууну бастык, өзөндөн өзөнгө өттүк. «Өз жер, өз
суубузга келатабыз» деген үмүт бизди чыйралта берди.
Күндөрдүн биринде улуу шашкеден ооп калган кезде биз керилген сонун ашууга
чыктык. Чоңдор алды жакка жардана карашты. Чоңдор эминени иштешсе, биз, балдар да
ошону иштеп көнүп калганбыз. Чоңдорго катардашып алды жакка карадык.
О! Ошол кездеги Ысык-Көл өзөнүнүн көрүнүшү ай! Андай көзөл, андай укмуштуу
сонун болуп көрүнгөн кезин мен андан кийин издеп эч табалбай жүрөмүн. Ал —
жомоктогудай кубулган эң асыл, эң сонун көрүнүш болучу!
Чоңдор үнсүз мелтиреп тигил сонун көрүнүшкө арбалып турушту. Тек ысык жаштары
ничке булактай сызылып акты. Ошондогу энемдин жашы мага бүтпөс ничке булактай
болуп көрүндү. Мен ичимден энемди аябай аядым. Энем мени карабады. Ал мени акырын
оң жагына имерип, үнсүз аста мени чочутпайын дедиби, калчылдап жаагымдан сылады.
Энемдин түйшүккө бышыккан алаканы туурулган бетимди өгөөдөй сүрттү. Анан ал
кандайдыр бир сыйкырдуу күчтөн өтүнүп, суранып жаткансып бата кылчудай эки
алаканын жогору көтөрдү да:
— О! Кагылайын тууган жер! Касиетиңден айланайын жер-суум! Тербиген балдарың
кайтты. Балдарыңды бооруңа ал. Мындан ары балдарың тербибесин. Балдарың кар
болбосун!
Ошондогу энекемдин жалбарган үнүн эстегенимде күнү бүгүнкүдөй кулагыма угулат.
Ал кезде, мага зор, ыйык көрүнгөн энем гана бизди өз жерибизге баштап келгендей
сезилген. Өзүнүн энелик касиети менен кадыр салып, кандайдыр бир зор күчтөн сурап
жатып, бизге өз жерибизди кайрып бергендей болгон. Бирок, ошондогу энемдин тилегин
ишке ашырган күч — Улуу Революция, улуу Лениндин түзгөн Совет Өкмөтү экенин мен
кийинчерек билдим. Эгерде, Октябрь таңы атпаса, биз өз жерибизге келет белек?" Келсек
да өз Республикабызды түзөт белек? О, жок?!
Кош тараптан эзилип азган-тозгон элдерге азаттык алып келген Совет Өкмөтү!
Кедей-кембагалдарга келген теңдик да, жетим-жесирлерге берилген жардамдар да,
айылайылдарда жаңы ачылган мектептер да, койчу, кандай жаңылык, кандай жакшы
иштер башталбасын — бардыгын тең биздин элибизге ошол Ульянов Ленин түзгөн жаңы
өкмөт берип жатты.
Өктөбүр Көңтөрүшү, Ульянов Ленин, Кеңеш Өкмөтү, Кызыл
Армия ошол биринчи күндөн баштап бизге кымбат угулду!
Эзилген элдерди азаттыкка карай баштап: бизге Республика түзүп берген да ушул Улуу
Революция, ушул улуу Ленин түзгөн Совет өкмөтү болду!
Азыр керилген шаарымдын ушул кең, жашыл бульварында сейилде басканымда мага
эчен албан ойлор келет.
Тербиптентип жүрүп Ата-Конушка кайттык. Арадан эки жыл өткөндөн кийин биздин
айылда жаңы мектеп ачылды. Кедей-кембагалдын уул-кыздары окууга жамырадык.
Жалпы эл жаңы дүйнөгө умтулду. Чоң-кичинелер сергек, сезимдүү. Жаюшыкты чоң
ынтаа, берилүү, кызыгуу менен кабыл алышты. Мен тестиер тарттым. Китеп окуп көзүм
ачылды. Күндөрдүн биринде — эриктүү Республика болгондугубузду майрамдадык.
Айылайылдардан аял-эркек калбай мектеп алдына келишкен. Адам көп. Төгөрөк тартып
жарданган көпчүлүк ортону ачып коюшкан. Орто өзүнчө эле бир заматта жарала калган
сонун сахна сыяктанат. Мектеп балдары улам бири алдыга чыгып, декламация айтууда:
«Илим ал. Өркөнүңдү өстүр. Эркин Республиканды башкарып, жаңы заман жарат!» —
деген сөздөр.
Эчен салттуу, эчен ак пейил карыялар кубаныч жашын буурул сакалы ылдый
сызылтып, окуучуларды алкашат:
— Тилегиңерге жеткиле, урпактарым! Республиканы гүлдөтүүчү жаңы заманды
куруучу силерсиңер!
— Биз көрбөгөн кордукту көрдүк. Биздин көргөн күн курусун?! Эми силер
өркөндөгүлө, чырактар. Элге кызмат өтөп, жер-сууңарды барктагыла!
Андан бери көп жылдар өттү. Ошол биздин көз алдыбызда түзүлгөн Республикам бүгүн
кырктын кырында! Эмне? Республиканын өмүрү үчүн кырк жаш балалык доору.
Республика урпактан урпактардын өмүрүн улайт. Ал түбөлүк. Бирок ушул кырк жылдык
өмүрүндө эле менин Республикам өркөнү өскөн эн алдыңкылардан болду. Өскөндүктүн
белгиси катары ушул бир мисалды айтайын.
Кыргыз жергесинде шаардын орношкону качан? Ал атайын илим изилдөөнү талап
кылат. Көлдүн түбүндө, жердин алдында калган шаарларды айтпаганда, Өзгөн, Ош
сыяктуу шаарлардын өмүрү миң жылдап саналат. Биздин ал шаарларыбыз көп
кылымдарга күбө. Бирок ошентсе да алар ошол кылымдар бою эскирип, жүдөп, тапталып
келди. Батыштан, чыгыштан кирген жоолор анын дарбазаларын качыратып далай жолу
аларды чаңга бастырды... Ал эми Улуу Тоо арасындагы сепилдерчи! Алардын көбү азыр
бизге белгисиз, урап бүттү. Көбүнүн уугу калды. Азыр борборубуз Фрунзенин чыгыш
босогосунда, тыяк-быягында көмүлүп байыркы сепилдер жатканы шаардыктардын көбүнө
белгисиз...
А эски Пишпекчи?
Борборубуз Фрунзе бир кезде Пишпек деп аталган. Ал кезде кыштактан айырмасы жок
болучу. Туура отуз сегиз жыл мурда мен ушул бульвар менен биринчи бастым. Анда
ушундай сонун бульварга окшоо кайда. Тек, үйлөрү сейрек кең көчө болучу. Анда көчө
бойлорунда, арык жээктеринде үй канаттуулары, мал жайылып жүрүүчү. Бирди-жарым атаараба өтүп кетсе, боз чаң уюлгуп, эскирген камыш чатырлар ого бетер чаңга басылып
бозоруп — бүт шаар боз чамбыл тартып тумандап абдан эле эскирген карыган
кебетеленип көрүнчү. «Жыл өткөн сайын адам карыйт. Шаар деле ушинтип эскире берет
да, деп ойлогомун анда...— Аманчылык болсо, мен дагы эр жетемин, улгаямын. А шаарым
болсо мындан да карыйт. Шаарымдын ошол карыган кезин көрсөм»,— деп тилегемин.
Өмүрлүү адам тилегине жетет тура. Мына менин да улгайган кезим. Бирок, мени
кубанткан, таңдандырган сонун иш: жыл өткөн сайын шаарымдын карыбастан жашарып
баратканы! Бардык нерсени картайткан мезгил азыр биздин шаарларды жашартууда! Бул
адам таң кала турган нерсе. Жаш кезимдегидей бир нерсеге тез таңдануу, тез кызыгуу, тез
ишенүү азыр менде жок. Азыр сөздү талдап, баамдап уккан кезим. Көргөндөрүмдү андан
бетер сынап караган кезим. Айтор, дарак өзөгү жоон тартып катыккан сайын бекем,
ийилбес сынбас болот да. Биз адамдар да ошондойбуз. Улгайган сайын баамчыл, сак
болуп кексээ тартабыз. Бул тек карылыктын кексээлиги эмес, акылдын, ойдун, эмгектин
үзүрү талап кылган токтоолуктун кексээлиги. Биз адамдар канчалык эмгек менен
каруулашып, үйлөрдү куруп, жол салып, кен казып жаңылыкты жараткан сайын,
турмушту жаңырткан сайын өзүбүз улгаябыз. Мен бүгүн аппак тартып карып
баратканыма сыймыктанамын. Себеби, мага келген карылык, шаарымды, Республикамды,
элимди жашартып тургандай сезилет. Чынында эле ошондой. Биздин замандагы ар бир
эле эмгекчи киши өз өмүрүндө ак пейилдүү болушту. Ар бири өз-өз алына жараша
колунан келген ишти чын ыкласында жанын сабап бүтүрдү. Биздин улуу өлкөдө жашаган
көп улуттун кишилерин ошондой пейилдүү, ошондой демилгелүү, ынталуу, бирдиктүү
кылган асыл идеал — коммунизмди куруу үчүн күрөш болду! Ошондуктан, биздин
замандаштар баягы эскиликти жоюу менен жаңы заман курууда зор майдандарга
аттанышты. Жүз жылдарды талап кылар улуу иштер, биздин күндөрдө, өз көз алдыбызда,
өз колдорубуз менен ишке ашып — өркөндөп өсүп, турмуш жаңырып, шаарларыбыз
жашарып жатат!
Ошол улуу өсүштөгү тез жаңыруунун, жашаруунун эң даана үлгүсү мына ушул
борборубуздун өсүпөнүшү, борбор шаарыбыздын жашарышы!
Азыр ушул керилген шаарымдын кең, жашыл бульварында сейилдеп келатып өзүмдүн
улгайышыма раазымын. Ооба, биздин улгайышыбыз баягы каардуу замандагы өкүнүчтүү
улгайыш эмес. Дайынсыз жоголгон жаштыкты гана эске салып, бекерге өткөн өмүрдү эске
салып, күрсүнтүп, өкүнтүп койгон максатсыз карылык качанкы бир кара баштыктай болуп
жалгыз аяк чыйырдын буйткасында жоголгон. Азыр мен бир кезде ошентип өз өмүрүн
дайынсыз жоготкон карыяны сезгим келгенде ушул жаш шаарымды аралаймын.
Таманымдан өз жеримдин деми келет. Анда бабалардымдын тамган тери, каны жыттанат.
Аттардын дүбүртү угулат... Замандар бою азаттык талашкан элимдин күрөшүн элестетем.
Анын азган-тозгон элесин көрөмүн.
О, ал кездер, эбаккы бир коркунучтуу элеске айланды: «Этиет, сак болгула,
урпактарым. Өзүңдүн улуу заманыңда жаңы дүйнөңдү жарата бергиле. Биздин көргөн
күн, биздин күрөштөр силерге, тек, бир эстелик болсун. А силер, уюткуңарды бузбай чоң
дүйнөдө өзүңөргө канатташ элдерге тизгиндешкиле. Алдыңкы марага карай ат
салышкыла!»—дегендей үн угулат.
О, бул бабалардын үнү! Кечээ, мындан кырк-элүү жылдар мурда ушул АтаКонушубузда жаңы замандын жарчысы, жаңы замандын куруучулары болушуп,
революциянын отун жагышкан күрөшчүл зор адамдын үнү!
Замандаштарымдын атынан мен аларга кайрылгандай боломун:
— Жылдар өткөн сайын Республикабыз өркөндөйт. Жер-суум көгөрөт, гүлдөйт.
Шаарларыбыз жашара берет!
Бардык бир тууган дос элдер менен бирге жаңы заман курушкан эмгекчил элибиз
ошентип өз Ата-Конушунда таалайбагын өндүрө берет.
Ак пейил, бейпил, эмгеккор элим, ошент, өркөндөп өсө бергин түбөлүк!
1966-ж.
ЭҢ КИЧИНЕКЕЙЛЕР, ЭҢ КЕРЕКТҮҮЛӨР
Адабият окуучуларынын көңүлүн буруп, китеп текчелеринен орун алган «Узак жол»,
«Каныбек», «Кең-Суу» романдары мындан туура жыйырма жыл мурда — 1934-жылдын
так ушул айларында авторлор тарабынан жаңы жазыла баштаган. Булар советтик кыргыз
адабиятынын тарыхындагы туңгуч романдар болучу.
Аталган чыгармалар биринен бири ашып кетсе, беш-алты ай эрте, же кеч башталып,
беш-алты ай эрте же кеч жарыкка чыкканы болбосо, бул чыгармалар бир мезгилдин
мөмөсү—советтик кыргыз жазуучуларынын биринчи съездинин берген жемиши.
Ушинтип кыргыз адабиятында, романдар, көлөмдүү повесттер жазуучулардын биринчи
съездинен кийин гана жаралды. Ырас, аталган чыгармалар бир мезгилде жазылган менен
алар таламга ар башка жооп берди. Каламы такшалбаган жаш авторлордун
тажирийбасыздыгы мындай турсун алардын алдында аз да болсо, нуска берип «Мектеп»
боло алгыдай чыгарма бизде болгон эмес. Журнал, кезиттерде чочугандай чыга калган
чийки аңгемелер, бирин-серин очерктерди айтпаганда, ал кезде, советтик кыргыз
адабиятында проза жанры өнүгө элек болучу. Ошентип роман, повестке биринчи ат
салышкан жаш жазуучулар таасир берип, үлгү болорлук салмактуу чыгарманы эне
тилинде окуй алышпады. Ал кезде басма жүзүндө чыгып турган аз аңгемелерден көрө, ооз
эки жомоктор бизге күчтүү, таасирлүү өңдөнүчү. Бирок жеке жомоктун үлгүсүндө
прозаны, түзүш бир ыңгайлык эле. Ырас, тилди байытууда, байыркы ата-бабалардын
жашоо тиричиликтеринен алыскы жаңырык сыңары маалыматтар алууда, ой жорутуу,
адабиятка кызыкчылыкты арттырууда, балким, кызыктуу сюжет түзүүдө, жомок, аздыркөптүр пайдасын тийгизбесе, жазма адабият жеке жомок менен сугарылып өнүгө албайт.
Тескерисинче, чеберчилик, ыкмалык жактан жомокко баш ийсе, жомокту ээрчисе,
кубаттуу жазуучу да кадамды артка шилтеп, анын чыгармасындагы ийгилик болсо да
тайыз, бир беткей, чыйрак эмес — жалаң кабат каларын биз тажрийбада көрдүк.
Буга мейли биздин акындардын бир катар ырларынан, поэмаларынан, мейли
жазуучулардын айрым романдарынан, повесттеринен мисалдарды кеңири келтиришке
мүмкүнчүлүк бар. Биздин байкашыбызча жогоруда аталган чыгармалардын ичинен
«Каныбек» романы ооз эки адабияттын күчтүү таасиринде жазылган. Ошон үчүн ал бир
катар жактарынан жомокко окшойт. Ырас, автор «Каныбекти» окуучуларга тарыхый
роман катарында сунуш эткен. «Каныбекке» арналган талкуусындарда Жантөшев: «Бул
турмуштук чындык...» деп жооп кайтарып жүрдү. Албетте, «Каныбек» чындыктын
негизинде түзүлгөнүндө талаш жок. Өткөндө Каныбектей акылдуу, эстүү, кайраттуу
баатырлар. Түлкүбектей соодагер-сүткорлор, Канайымдай кыздар, Жолойдой мергендер
болушкан. Анда талаш жок. Бирок өз турмушунда, жүрүш-турушунда, тиричилигинде
алар кандай эле? Сөзсүз алар эч укмушсуз жашаган жөнөкөй кишилер. Ал тургай алардын
доорунда окуу, илим, өнөр, техника болгон эмес. Бүгүн бир-эки саатта басып коюучу
жолду, алар бир нече күндөр жүрүшчү. Бүгүн машина бүтүрүүчү иштерди анда кол күчү
айлап, жылдап иштеп бүтүрө алучу эмес. Азыр таптакыр жок болунган жугуштуу оорулар,
дарттар, жаман жаралар ал кезде адам тукумун терип турду. Ошентип Каныбек заманы —
койчунун эскирген куур тонундай жылуусуз комсоо, көрксүз болду. Кишилер көзү
көргөндөн алысты тааныбады. Алды жылынса, аркасы тоңду. Узак жолдо жөө зарыккан
жолоочудай жупуну, жайдак турмушта эзилгендер өмүр сапарын каржалып өткөрүштү.
Романдын беттери, бизге, ушул чындыкты айгинелеп күзгүдөй көрсөтүшкө тийиш.
Жүрүштурушунда, ишинде, ой-санаасында, айткан кеби,, кийген кийими — айтор бардык
жагынан каармандын чын элесин көрүүгө, анын кайгысын да, кубанычын да кошо
бөлүшүп, ага ишенишке тийишпиз.
Ушул жагынан талдаганда бизди кыйла ынандырса да кай бир жагынан «Каныбек»
күмөндүү: романдагы бир катар окуялар апыртма сыяктанат. Ал тургай башкы каарман
Каныбекке окуучу ишенгиси келбейт. Чынында Каныбектей адам жашаган беле? Же,
жазуучунун кыялынан зордук менен жаралган каарманбы? Ал күчтүү да, эптүү да, ырчы
да, комузчу да, акылдууайлакер да, кайраттуу да. Айтор, адам баласына таандык бардык
сапаттардан Каныбек куру эмес. Албетте, турмушта, мындай көп шыктуу кишилер
болушат. Бирок алардын шыгы апыртмасыз белгилүү ченемде го. Маселен, Каныбек
карылуу, ал күрөштө, оодарышта алдырбайт, көкпөрүдө башкага улак бербейт, же өзүн
туткундаган, кордук көрсөткүсү келген душмандарынан кутулуп кетет десек, анын күчүн
ушул планда сүрөттөсөк, анда Каныбектин күчүнө окуучу ишенет, буга күнөм болбойт.
Ал эми Каныбек тосуп туруп бийиктен учуп келаткан айгырды куйругунан кармап
токтотконуна ишениш кыйын. Жер карада анча жапыздан жылкы учпайт. Жылкы чыңдан,
тик бийик беттерден учат.
Бир бээнин анча бийик эмес беттен учканын көргөнүм бар. Ал мындайча болгон эле.
Айылдын балдары кезектешип күндө эртең мененки жайыттан жылкы айдап келчүбүз.
Менин кезегим келди. Эрте туруп сыртка чыксам туман самсаалап, жамгыр себелеп
туруптур. Тердиктей кийизди үстүмө жамынып, шымымды жоон санга чейин түрүп
салдым да коктуну өрдөп тоого жөнөдүм.
Көп узаган жок — арчалуу көк жондон жылкыны айдадым. Менден чочуп тайып
кеттиби, байкабай калдым. Алды жагымдан учуп бараткан бээни көрдүм. Зымырап
созулган. бээ көз ачып-жумгуча өзөндүн суусунда сулк жатты. Анча татаал эмес беттен
катуу кеткен бээ мага күчтүү таасир калтырды. Андан бери туура 25 жыл өттү, бирок
ойлосом: жал-куйругу жайылып зуулдап бараткан кара кызыл бээ күнү бүгүн көзүмө
көрүнөт. Башкаларды билбейм. Нак ушуну ойлосом, учкан айгырды Каныбек куйруктан
алып токтоткону мени ишендирбейт. Эгерде айгыр чындап учса, аны бир Каныбек эмес,
анын жолунда 20 алп катар турушса да, айгырдын куйругуна кол созушпас дейм!
Эмне үчүн мындай? Эмне үчүн коомдук турмуштун негизинде роман түзгүсү келген
жазуучу обу жок апыртмаларга берилет?
Биздин оюбузча мунун себеби, жазуучу, турмуш чындыгын экилентип ой жорутуу
менен айкаштырып чыгармага, терең маани, акыл, ой берип, аны салмактуу иштебестен
канына сиңген ооз эки жомоктордун таасирине толук берилүү — курч сюжет түзүү
максатында жеңил окуяларды кубалоо, ошону менен «китебим кызыктуу болсун» дегени.
Албетте, башта роман, повесть» сурай берчү болдум. Көп жашаган тажирийбалуу
мергенчилер да «жоош» эчкилерди жолуктурбаганын айтышты.
Мен мындан аз күн мурда, сырт жайытына, нак ошол тоо эчкилер мекендеген
бийиктерге чейин бардым. 10—15тен сугатка түшкөн аркарлар биздин караан көрүнгөндө
шагылды аралай тик аскага карай секиришсе, шыйрактары гана агарып көзгө илешпейт...
Карасайда бизге жолуккан карт чабан эң кызык окуяны сүйлөдү.
— Бизде абдан кызыккан аңчы бар эле,— деди чабан күлө. — Ал киши капкан да
салычу. Жолу ачылып, капканына теке түшөт. Ал текени үйүнө тирүү жетелеп келишти
ойлойт. Капкандан чыгарбай текенин башына жаргак шымын каптай кийгизет. Анан
көтөрмөнүн бир учу менен моюндан күрмөп, бир учун белине бек курчай байлап туруп,
текенин бутун капкандан чыгарат. Капкан чапкан шыйрагы талкаланып оор жарадар
болуп, башына жаргак капталып айласы түгөнгөнүнө карабастан үч буттап атырыдган
теке шордуу аңчыны сүйрөп жөнөйт. Үйүнө тирүү теке жетелеп келем деген аңчы таштан
ташка урунуп өзү өлөрдө таалайына көтөрмө үзүлүп, жамбашын ташка тилдирип жаны
калат. Айласы түгөнгөнүнө карабастан теке түйүлгөн бойдон аскадан аскага кетет. Бирок
окуя аны менен бүтпөйт. Катуу чочуган жана жарадар болуп, башына жаргактан «селде
чалынган сопу» теке алыска кетет. Тоо эчкилер аны үйрүнө кошпойт. Ал жалгыз кезет.
Мүйүзүнө каптала бек байланган жаргак шым башынан түшпөйт. Күндөрдүн биринде
башка мергенчи текени көрөт. Бирок анын башында чалынган жаргакты тааный албай:
«Кудайдын кудурети. Башына селде чалынган текенин дамбылдасын көрдүм»— деп
мергенчи текеге ок чыгарбай келет.
Балким, бул аңгемесине чабан аздап боегун кошсо кошкондур, ошентсе да жогорку
окуя, тоо кийиктеринин оңой менен тез багынбас кыялын ачык далилдейт.
Бул мисалды анчейин келтирбедим. Мейли айбанды, мейли адамды, жер, суунун
көрүнүшүн, айтор, кандай окуяны албасын, турмуштагы чындыктын негизинде жазуучу
аны туура көрүп, туура таанышка милдеттүү. Адамдын сырткы кебетесин, анын кыймыл
аракетин, адатын, ой-санаасын, кулк-мүнөзүн, ички дүйнөсүнө чейин туура байкап, туура
билим кандай керек болсо, өскөн жериндеги жаратылышты, жан-жаныбарлардын
тиричилигин, алардын ар бирине таандык өзгөчөлүктөрдү байкап биле жүрүш жазуучу
үчүн абдан керектүү.
Аксакал жазуучубуздун бири К. Баялинов «Көл боюндасын» жазып жүргөн кезинде,
бир жолу бизден короз чакырганда анын кебетеси кандайча болорун сураганы эсимде.
Тоокту бир кездери Касыкем өзү да асырап жүрүүчү. Ошентсе да ал учурунда короздун
мүнөзүн байкай албаптыр. Качан өзүнө керек болгондо ушул майда деталь жазуучуну
иштен токтотту.
Кийин повесть жарыкка чыккан соң биз анын бетинен мындай сүрөттөөнү окудук:
«Таң атты. Таң сүргөндөн тартып, эмгек жарчысы болуп, канаттарын кагып, анда-санда
моюндарын созуп, көздөрүнүн агын тескери айлантып, чакырып жаткан короздордун
үндөрү да басылды».
Короздор «моюндарын созуп, көздөрүнүн агын тескери айлантып...» чакырышты. Пай,
пай... «Көздөрүнүн агы тескери айланса...» Касыкем көргөн короздор башкача жаралган
коркунучтуу, ачуулуу короздор болсо керек. Кадимки короздордун көздөрү теп-тегерек,
тикие карап, анын агы да анча байкалбайт. Ал чакырганда үнүн созуп басылганча жупжука ак чел карегин каптай калат. Бул майда деталдарды жазуучу эмес кишилер деле
байкашат. Ал эми көз көргөн нерсени кыйшык таанышка жазуучунун эч акысы жок. —Ал
терең байкап, башка киши көз жастыкта калтырганды жазуучу даана көрүшү керек.
Сыртын гана эмес ичти, мүнөздү, сырды билиш жазуучунун милдети. Ошонусу үчүн
«жазуучу жандын инженери».
Мейли чарчап турса да ишке шашып, өкүнүп, кейип турса да алдан зор үмүттү
белгилеп, жүрөктү жылыткан мээримдүү от жазуучуга дайым жолдош. Бул көрүнбөгөн
сыйкыр эмес, бул жазуучунун курч талабы, жарык үмүтү, ишине чексиз берилгендиги,
эмгекти сүйүшү. Бул сапаттар өзү келбейт, адам ага тырыштык менен күрөшүп жетишет.
«Ажардан» жыйырма жыл өткөндөн кийин жазылган «Көл боюнда» сөзсүз көңүл
бурарлык чыгарма. Ал орус, чех тилдерине да которулду. Бул ийгилик «Көл боюнда»
повести данектүү экендигине далил. Бирок данек салмактуубу? Көркөмдүк,
чеберчиликтин чоң талаптарына «Көл боюнда» толук жооп береби? Бул жагынан алганда
айта турган сөз бир топ.
Жогоруда биз кичине деталды короз жөнүндө келтирдик. Каармандардын элеси,
алардын иши, аракети сүрөттөлгөндө да көп учурда үстүртөн жеңил айтылат. Ар биринин
элеси өзүнө таандык типтүүлүк менен ажыратылбайт. Тек, аттарынан таанылбаса,
алардын көбү бирине бири окшош. Тил жардыдай., Диалог түзүштү автор чебер
өздөштүрө элек. Сюжет жеңил, анда схеманын залдары бар. Пейзажды, абанын,
жаратылыштын ырайы жөнүндө болгон сүрөттү окуганда окуучу, күмөнгер: «Бул жылдын
кайсы учуру дейсиң? Эрте жазбы, же кеч күзбү? Желби, бороонбу, жамгырбы, карбы?»—
Дагы бир кичинекей деталдан мисал келтирели. Маселен, турмушта жел, шамал,
бороондор болот. Аны жазуучу чатыш-тырышка эч акысы да жок. Бороонду бороондой,
желди желдей беришти чеберчилик талап кылат.
Ар нерсе өз өзгөчөлүгү, өз белгиси, өз аты менен аталат. Желди желдей бериш керек да.
— Жел жортот, леп-леп калкып өтөт. Жаз жели кыз мүнөзүндөй көңүлдү сергектентет,
кышкы жел сыдырымдап ичиркентет. Желжел! Касыкемдин жели тиришумдук, ал: «Карга
аралаш ышкырып, ойду-тоону жойлоп, карды учуруп, жел келди. Желге боз үйдүн түндүк
жабуусу желпинди...»
Ушуга удаа эле дагы жел келет:
«Тышта жел бирде дуулдап, бирде ышкырып, бирде каткырып, ойго-тоого урунуп
улуп-уңшуйт».
Бул кандай тири шумдуктуу желдер?—Дуулдайт, шуулдайт, ышкырат, каткырат, боз
үйдүн түндүк жабуусун делпилдетет, улуп-уңшуйт. Бул кадимки бороон го...
Жазуучу желди сүрөттөсө, ошол жел жорткон теребел анын көз алдында туруш керек.
Ойбу, тообу, коктубу, адырбы? Анткени ой менен тоонун, же кокту менен адырдын
желдери бирдей жорто бербейт. Жазуучу сууну сүрөттөсө, анын аккан өзөнүн, чертилген
көбүгү, түбүндөгү ташына чейин көрүп олтурсун. Касыкем болсо, жадаса повесттин
негизги каармандары Жамиланы, Жапарды, Зуураны дурусураак көрбөйт. Алардын айткан
кептерин өз ооздорунан укпайт. Ошон үчүн «Жамила тал чыбыктай буралып ордунан
турат, ошон үчүн өзүнүн Жапарга жазган катында:
«...алтын уйкубузду бузуп»,— «жоону тирүүлөй жуткум келет», «Сен дайым алдыңкы
линияда бол», «Тыл», «боецтердин...» дейт, Тойчубек карыя. Ал өз тили менен сүйлөбөйт.
Ата үчүн катты автор жазат; каармандар үчүн да көп учурда автор сүйлөйт. Бир маанидеги
сөздү бир сүйлөмдө артык кайталай бериш таза материяга курумшуну жабыштырган
сыяктуу бөлөк турушу авторго байкалбайт. Тил байлыгы, тил тазалыгы үчүн күрөш, сөздү
маанисине карай өз ордуна коюш, татаал сүйлөмдөрдү өздөштүрүш — көркөмдүктүн,
чеберчиликтин негизги таламдары. Буларга жетишиш арзанга турбайт. Терең изилдеп,
кылдат байкап, так сезип, туура көрүп, талыкпай иштеп, анан жетишет. Эки заманды
жашаган, эл ичинде көп жүргөн Баялиновдун тили супсак. Анын сүйлөм түзүлүштөрү
чолок, чолок секирме.
Жашы улуу жазуучубуздан адабият окуучуларынын күткөнү зор. Ал, өз чыгармасы
менен жеке окуучуларды канагаттандырбастан, жаш жазуучуларга тарбия-таалим
бергидей болушу керек. Бул макалада анын чыгармасына биздин бир аз токтоло
кетишибиздин себеби да ушул болду.
***
Соңку жылдарда биздин жазуучулардын тизмеси бир топ өстү. Байтемиров,
Абдымомунов, Таштемиров, Жангазиев, Бейшеналиев, Шиваза, Сасыкбаев дагы бир катар
жазуучулардын аңгемелер жыйнактары, повесттери, романдары текчелерде, адабият
окуучуларынын колдорунда.
Жогоруда аттары аталган жолдоштордун ар биринин өз алдынча ийгилиги бар. Башта
кол тийбеген темалар азыр жазуучулардын көңүлдөрүн бурууда. — «Жаш муундар» ФЗУ
тарбиялаган жаш жумушчулар турмушу. «Алкыш», «Бир мектепте» окуучулардын,
мугалимдердин, жаштардын турмушу. Соода кызматкерлеринин, жумушчулардын, айрым
адистердин элесин, биз, Таштемировдун, Абдымомуновдун, Назарбаевдин аңгемелеринен
көрдүк. Айрым главалары журналдан орун алган Сасыкбаевдин «Фабрика кызы» жакында
талкуудан өттү. Берилген кеңештердин негизинде автор повестин бышыктап чыкса, ал
анын чыгармасындагы ири бурулуш болорунда шек жок. Жибек фабрикасынын
турмушун, анда иштеген жумушчулардын, инженерлердин, башка адистердин иштерин
окуучуларга тааныштырууда «Фабрика кызы» өз милдетин аткарышка тийиш!
Албетте, биздин азыркы ийгилигибизди алдыңкы чоң иштердин гана башталышы деп
айтсак болот. Республиканын бетин кеңири көрсөтүштө алдыбызда зор милдеттер турат.
Али күнгө чейин тоо кенчилердин, пахтачылардын, кызылчачылардын, кыргыз
интеллигенттеринин турмуштары кеңири сүрөттөлгөн жок. Биздин кожолуктун негизги
тармактарын тейлеген дыйкандардын, малчылардын турмушуна арналган роман,
повесттер жазылса да, алар таламга кеңири жооп берелек. Жазуучу Абдымомунов өзүнүн
кең планда алган «Күнөстүү өзөн» деген романынын баштапкы редакциясын бүтүргөнүнө
эки жылдай болсо да, көркөмчүлүк, чеберчилик жактан берилген кеңештердин негизинде
автор романын олуттуу иштөөдө. Бирок, алиге тыянак чыга элек...
Жазуучунун күчү жардамды четтен күтүп олтурбастан, өз кемчилигин өзү табышта.
Чебер жыгаччы көркөм буюм жасап жатып, ал алда нече ирет ылгап, текшерип, бир сүрүп,
бир карап кылдат иштеген сыңары, жазуучу да өз чыгармасын зерикпей баса олтуруп,
ашыкпай, негиздүү иштеп улантышы керек. Чыгармачылык азабын сезбей жеңил
иштегендик, ал жазуучунун күчтүүлүгү тургай, желипжортуп ишине жеңил карагандыгы.
Ким ат үстүнөн жеңил иштесе, анын каламынан чыккан роман, повесть көлөм жагынан
бараандуу болсо да мааниси, көркөмдүгү көпшөк, дүмбүл калары талашсыз.
Эмесе романын баса иштеген Абдымомуновду биз, тез бүтүр деп шаштыргыбыз
келбейт, кайра анын романы бүгүнкү таламга жооп берерлик болуп салмактуу,
ийгиликтүү бүтүшүн күтөбүз. «Туулганына кубанбай, турарына кубан» деген макалды эл
тегининен чыгарган жок. Төрөлөрүн төрөлүп, өмүрү болбосо, бала ата-энени кайгыга
батырат. Жазыларын жазылып тез унутулчу романдар, повесттер, аңгемелер да
эртедиркечтир авторун кайгыга салат.
Ушул жагынан алганда бир кур акындарыбыз, жазуучуларыбыз кыйналбай жеңил
иштешет, ашыгып иштешет. Ошонун натыйжасында окулса окулуп, окулбаса жок тез
унутулган ырлар, поэмалар, аңгемелер, повесттер аз эмес. Ушул жерден бир ырдын
жазылыш тарыхы эске түштү. Бир жылдары үч жазуучу коңшу туруп калдык. Күндөрдүн
биринде үй китебине катталыш үчүн үчөөбүз тең паспорт столуна бардык. Кезекте он-он
бештей адам турган экен. Бизге бир аз убакыт күтүшкө туура келди.
— Силер кезек алып тургула. Мен убакытты өткөзбөй ыр жазайын!—деп ичибиздеги
акын басып кетти. Ал барып көчөнүн боюнда жаткан ташка соксоюп олтуруп алып ыр
жаза баштады.
Арадан жарты саат өтпөй, акын кайра келди да бизге куюлушкан узун ырын окуп
берди. Эртесинде ал ыры «Ленинчил жашка» жарыяланды.
Бирок, жолдоштор, мында айта турган бир сөз: мен акындын ал ырын эч жактан издеп
табалбай жүрөм. Кебетеси кезитке бир жолу басылышы менен байкуштун өмүрү өчсө
керек?
Айтор, ыр унутулган менен анын жазылыш тарыхы күнү бүгүнкүдөй көз алдымда
турат:
«Мына, акын көчөнүн жээгиндеги ташта соксоюп олтурат. Чаң жалкоо көтөрүлүп,
калдырттап арабалар өтүп жатышат, туурадагы баткакта мегежин оонап, торопойлору
коркулдап жер түртүп, наркы көлчөнүн боюнда он чакты каз оттоп жүрүшөт...»
Ал учурдун пейзажы эсте калды, жоо куугандай шашылыштык менен начар жазылган
байкуш ыр ара төрөлгөн баланын сыңарында кайда көмүлгөнү дайынсыз.
Албетте, тез убакта бүтүрүлгөн чыгарманын бардыгы чийки болбойт. Жүз жылдары
жашап келаткан дүнүйөлүк мурастардын тизмесинде кыска мөөнөттө сонун жаралган
көлөмдүү романдарды, повесттерди, драмаларды окуп жүрөбүз. Бирок алар укмуштуу
таланттардын оргуган булагынан чыккан. Мейли кыска мезгил болсо да авторлор ал
чыгармаларына зор эмгекти сарп кылышты. Менин оюмча, романды олтуруп жаза
баштагачдан жазуучунун эмгеги башталбайт, ага эмгек алда канча мурда тамат. Окуя,
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Мезгил Сабактары - 09
  • Parts
  • Мезгил Сабактары - 01
    Total number of words is 3925
    Total number of unique words is 2168
    28.4 of words are in the 2000 most common words
    41.5 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 02
    Total number of words is 3835
    Total number of unique words is 1945
    25.2 of words are in the 2000 most common words
    37.9 of words are in the 5000 most common words
    45.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 03
    Total number of words is 3888
    Total number of unique words is 2004
    26.2 of words are in the 2000 most common words
    38.0 of words are in the 5000 most common words
    44.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 04
    Total number of words is 3917
    Total number of unique words is 2109
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    38.3 of words are in the 5000 most common words
    44.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 05
    Total number of words is 3841
    Total number of unique words is 2050
    24.3 of words are in the 2000 most common words
    35.5 of words are in the 5000 most common words
    41.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 06
    Total number of words is 3908
    Total number of unique words is 2175
    25.1 of words are in the 2000 most common words
    36.6 of words are in the 5000 most common words
    43.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 07
    Total number of words is 3879
    Total number of unique words is 2261
    24.6 of words are in the 2000 most common words
    36.6 of words are in the 5000 most common words
    43.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 08
    Total number of words is 3889
    Total number of unique words is 2322
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    38.4 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 09
    Total number of words is 3878
    Total number of unique words is 2190
    26.2 of words are in the 2000 most common words
    38.2 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 10
    Total number of words is 3881
    Total number of unique words is 2101
    24.1 of words are in the 2000 most common words
    34.1 of words are in the 5000 most common words
    40.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 11
    Total number of words is 3844
    Total number of unique words is 2201
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    42.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 12
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 2270
    27.6 of words are in the 2000 most common words
    39.9 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 13
    Total number of words is 3957
    Total number of unique words is 2233
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    47.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 14
    Total number of words is 3766
    Total number of unique words is 2212
    23.9 of words are in the 2000 most common words
    35.6 of words are in the 5000 most common words
    42.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 15
    Total number of words is 3906
    Total number of unique words is 2254
    27.6 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    47.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 16
    Total number of words is 4040
    Total number of unique words is 2326
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    38.3 of words are in the 5000 most common words
    44.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 17
    Total number of words is 3980
    Total number of unique words is 2278
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    38.4 of words are in the 5000 most common words
    45.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 18
    Total number of words is 3826
    Total number of unique words is 2298
    24.7 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 19
    Total number of words is 4011
    Total number of unique words is 2430
    25.2 of words are in the 2000 most common words
    37.5 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 20
    Total number of words is 3935
    Total number of unique words is 2383
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    45.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 21
    Total number of words is 3922
    Total number of unique words is 2456
    24.7 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 22
    Total number of words is 3905
    Total number of unique words is 2360
    25.7 of words are in the 2000 most common words
    37.1 of words are in the 5000 most common words
    43.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 23
    Total number of words is 3793
    Total number of unique words is 2219
    25.4 of words are in the 2000 most common words
    36.9 of words are in the 5000 most common words
    43.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 24
    Total number of words is 3857
    Total number of unique words is 2269
    24.4 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    43.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 25
    Total number of words is 3863
    Total number of unique words is 2183
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    35.5 of words are in the 5000 most common words
    43.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 26
    Total number of words is 3856
    Total number of unique words is 2325
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.0 of words are in the 5000 most common words
    45.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 27
    Total number of words is 3866
    Total number of unique words is 2429
    25.2 of words are in the 2000 most common words
    35.8 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 28
    Total number of words is 3971
    Total number of unique words is 2417
    23.9 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    42.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 29
    Total number of words is 3917
    Total number of unique words is 2300
    24.3 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    42.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 30
    Total number of words is 3926
    Total number of unique words is 2169
    25.8 of words are in the 2000 most common words
    37.9 of words are in the 5000 most common words
    44.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 31
    Total number of words is 3936
    Total number of unique words is 2141
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    45.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 32
    Total number of words is 3916
    Total number of unique words is 2096
    25.7 of words are in the 2000 most common words
    37.3 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 33
    Total number of words is 3934
    Total number of unique words is 2181
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    38.5 of words are in the 5000 most common words
    45.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 34
    Total number of words is 2486
    Total number of unique words is 1435
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    41.2 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.