Latin

Мезгил Сабактары - 03

Total number of words is 3888
Total number of unique words is 2004
26.2 of words are in the 2000 most common words
38.0 of words are in the 5000 most common words
44.3 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
урууларынын жана алардын баатыр-кол башчыларынын өмүр тиричиликтерине да, деле
алардан да көп кийинки кечээ эле бизден үч-беш жүз жылдар мурунку эл-журтубузда
болгон окуялар камтылып: ошолордун баарына биздин улуу дастаныбыздын тизгиндеш,
үндөш болгону, биздин оюбузча, эң абзел иш!
Себеби, тарыхый чындыктарга айкалыштыра караганыбыз-да, улуу баян, элден ажырап
калбастан — ал ар дайым элдин баскан жолу, анын сүргөн өмүрү менен шериктеш бирге
ширешип өнүгүп олтурганын билгизет.
Байыркы журтубуздун өмүр баянын, анын улуу күрөштөрүн иликтей келгенибизде —
Улуу деңизди ар дайым толтуруп турган Улуу дарыянын башталышы мөңгү тамчысынан
жаралган сыяктуу — бабалардан бизге белекке калтырылган зор дастаныбыз — башынан
көп алаамат-тозокторду өткөргөн, чоң күрөштөрдү өткөргөн — бирде толуп-чалкыган,
бирде азайып азып бөксөргөн эл-журтубуздун эң байыркы өмүр күрөшүн, тамчыдан курап
камтыганын өзү эле айкын баяндайт!
Ошол бабалардан калган рухий байлыктын эң терең деңизи «Манас» баянын бирден
бир сактап келген кыргыз калкынын өзүнүн тереңдиги, өзүнүн байыркылыгы, өзүнүн
түптүүлүгү! Арийне, бул аныктаманы тек «өз элимди ашыра мактап салайын» деген
алабарман көйрөңдүктөн айта салбадык,— тарыхый кырдаалдардын негизинде, тээ алыста
мунарыктап өмүр сүрүп өткөн эл-журтубуздун байыркы элесин көз алдыга элестеттик.
Баса, биздин доордун баштапкы кылымдарында не биздин доордун III—X
кылымдарынын аралыгында өзүнчө уруу ата-лып, өзүнчө белгилүү аймакты жердеп «эл»
аталып жүргөн: басмыл, аз, азмай, чаа, төлөс, найман, баргы, кыпчак, кытай, монгул,
бугу... сыяктуу уруулар (кийин өзүнүн элдигин «жоюп» койгон жана өзүнчө эл болуп
кеткен көп-көп уруулар) азыркы кыргыз калкын түзүп тургандыгы бекеринен эмес. Биз
ушул жагдайларды канчалык терең жана кылдат изилдесек, ошончолук элибиздин
тарыхын даана тааныр элек.
Эмне үчүн ошол эң байыркы уруулар жана элдер кыргыз элинин урууларында көп
учурайт? Эмне үчүн бизге тектеш ошол байыркы түрк элдеринин ичинен ошол кездеги
улуу күрөштөрдү уламыштап көп сүйлөп, көркөм дастандарды жаратып калган кыргыздар
болду?
Биз ыманбайлыкты коюп... көңүлдү ушул жакка бир аз бурсак, атаганат,
окумуштууларга бай табылга, туура багыт боло турган сонун маалыматтар табылар эле.
Баарыдан сонуну — дал ушундай бай маалыматты бизге тарыхый илим катарында эле
«Манас» баяны бергени турат. Билгилик менен ак кеңешип көрөлүчү? Биздин ушул улуу
баян ошол байыркы элдердин, байыркы уруулардын кебете-кешпирин, алардын мүнөзкулктарын, иштеген иштерин, ой-максаттарын, жердеген жер-сууларына чейин айкын
айтып далилдеп, көркөм сүрөттөп көрсөтүп турат. Ал тургай ар заманда жашап күрөшүп
өткөн адамдардын аттарына чейин аталат.
Албетте, биз буга көңүл бурганда бир беткей карасак — баян сыры ачылбайт. Маселен,
«Манас Таласта өмүр өткөргөн. Кыргыз эч убакта Алтайда болгон эмес!» — деген өңдүү
чорт сөздөр баяндан сыр айттырып алмак тургай тарыхый илимдин эшигин жабат?!
Бай көлү (Байкал), Миң суу — Минусинский, Кем суу (Енисей), Тал чоку (талдуу,
токойлуу Саян тоосу) Каңгайдын кара тоосунан баштап, Кара-Көлдүн кашаты, ит
ичпестин Ала-Көл, Бар-Көлдүн маңдай жагында, бабаң Бакайдын салган тамына чейин
байыркы бабалар баскан жолду азыр биз басып, аны азыр илимий жактан кылдат, калыс,
билгилик менен иликтесек, «Манас» баяны ак көңүлдөнүп жайдары тартып бизге сырын
ачат. Деги тетиги байыркы эстеликтерде, жазууларда аталган географиялык маалыматтар
менен биздин «Манаста» аталган маалыматтарды эле иликтечи. Баянда башы ошол Бай
көлүнөн чыгышы Орхондон тарта Бежинге дейре, түштүгү Кебез-Тоо — (Тибеттен) алайга
дейре, батышы Букардан өтүп, Үргөнчтү кечип дагы нарылайт. Ал эми эстеликтерде
аталган жер-суу картага чийип койгондой дал ушул баянда аталган жер-суунун аттарын
аныктайт. Рас, анда кай бирлер башкача аталат. Маселен, Кебез-Тоо — Түпүт, Сыр-Дарыя
— Иинчү-Үгүз, Алтай — Алтын-Тоо...
Бай көлүнөн тартып Каспийге чейин, Алтайдан тартып Алайга чейин, Бежинден тартып
Букарга чейин, Орхондон тартып Үргөнчкө чейинки жер-суу баянда сүрөттөлөт. Ушул
аралардагы жан-жаныбарлар, өсүмдүктөр, жер-жемиштер сүрөт-төлөт:
Өрүгү чирип көн болгон, Өзөндүү булак сазына Өрдөк менен каз толгону
айтылат. Жылкы менен кулан аралаш жайылганы, кайберен кой-эчки королош — ойтоолордо батпаганы, чырпыгы түркүктөй, чымчыгы бүркүттөй, сыныкты бир демде
айыктырган эм чөптөрүнө чейин саналат!
Айтор, баян сүрөттөгөн ушундай элестерди тек көркөм сүрөт катары карап тим болсок,
анын тарыхый бетин тааныбайбыз...
«Манас кайдан эле Бээжинге бара койсун?! Бир ууч кыргыз кыжылдаган кара кытайга
каршы туруш кайда?! Бээжин деген Беш балык. Кытай деген же уйгур, же калмак!» —
дешип кай бир жолдоштор делдее калышат...
Албетте, делдейе калган адамга бардык иш ошентип дел-дейип үстүрт көрүнөрү да
бышык... Ал эми геолог ничке «тарамышты» улап алтын тапкандай, биз, бул тарыхый
мааниси
бар ыйык иштердин ар бир көрүнбөс-билинбес ничке учуктарын билгилик менен
чубасак, алар бизге эң баалуу кабарларды ачат.
Маселен, «Манаста», башка баяндарда, уламыш-кошоктордо, санжырада «Бичигине
жаздырып» (китебине жаздырып), «Ташка тамга баскандай», «Куш тилиндей кат»,
«Тамгалуу тил-кат...» деген маалыматтарды тарыхка чагылыштырып калыс иликтесек,
алардын жашыруун «тамырлары» бизге эли-биздин маданий байлыгы катары ошол
байыркы жазуубузду аныктайт. Атайы тамгачылар (жазуу, жазуучулар) болгонун айтат.
Алар, тетигил байыркы тамгаларды ташка басты, кийизге, жыгачка, жибекке жазды. Ал
тургай кытай, согди жана башка чектеш мамлекеттердин падышалары менен болгон
дипломаттык байланыштарда, аларга жеке эле элчи жиберүү менен чектелбестен, баш
кандын, акылман-билги кол башчынын атынан башка падышаларга тил-кат жазышты.
Алар менен ынтымак түзгөн кезде макулдашуу сөздөрүн (келишим) жазып, аны тамгалап
бекитишкенин тарых кабардайт. Кыргыздардын табынычу жайлары, купуя сөздөрү,
жазуусу, калайык баш ий-ген башкы падышасы болгону, кырк жаштан өткөн адам гана ал
падышанын жанына олтурууга акылуу экендиги эң абзел иш!
Ушул маалыматтардан кийин — «Ташка тамга баскандай» делип бабалардан бери
таамай айтылып келаткан жазуу жөнүндөгү байыркы маалыматтын кабары чындыктын
чагылышы экендиги айгине.
Бул ташка тамгаланган байыркы жазуу жөнүндө — «Ташка тамга баскандай» таасын
маалыматты эч эсинен чыгарбай кыргыздар байыртан айтып келатышканы бекер эмес.
Ошол байыркы жазууда биздин үлүш чоң.
Ал эми — бизде эски (архаикага) өтүп түшүнүксүз болуп калган сөздөр биздин
баяндарда, элдик санжыраларда өтө көп. Кечээ эле биздин аталарыбыз ал сөздөрдү «эски»
дебестен өз маанисинде туюнганын өзүбүз угуп-билип калдык. Маселен, кыргызда —
«алакчылаба», «алакчы» деген сөз бар. Анын мааниси — жат көрбө, бөтөн көрбө, кем
көрбө деген. Ал эми ушул маанини берген «алакчы» деген сөз эмнеден чыкты?
VII—VIII кылымдарда кыргыз мамлекети алакчын, куры-кандар менен чектеш
болушту. Кезинде алар менен чабышып, жоолашып да турушту. Эмесе, бир уруунун өз
кишилери айты-шып-тартышканда бирин-бири — «Мени алакчындай жат көрбө. Мен
өзмүн» деген жемени айтышканы анык да.
Дал ушундай бизге түшүнүктүү не түшүнүксүз бир сөздү иликтесек, анын чыгыш
себеби элибиздин өмүрүн, анын тарыхын такташууга кошумча кошот. Айтор, биз,
«Манас» сыяктуу сонун баяндарыбызды илимий жактан кеңири иликтегенбизде, алар
жеке эле көркөм сөздүн үлгүсү, жеке эле рухий байлык, жеке эле элдик маданияттын
салымы болуу менен чектелбестен — алар, элибиздин байыркы өмүрунөн, баскан
жолунан, жер-суусунан, тиричилигинен кабар айткан тарыхый илим экенин да айкындап
алабыз.
Эмесе, биз, «Манас» баянынын ушундай тереңдигине доо кетирип албас үчүн, ага
бүгүнкү күндүн «таламына» карай мамиле кылбайлык. Ага кыпындай «жаңылык» кошсок,
анда баба мурасына чоң зыян иштеп коёрубуз айгине. Атаганат! Биз жеке эле Сагымбай
Орозбак уулу, Саякбай Карала уулу, Шапак Ырысменде уулдарынан жазылган варианттар
эмес, алардын таалимчилери Акылбек, Чойке, Тыныбек сыяктуу таланттардан жазып
алган варианттарыбыз болсо, жана ошол улуу манасчылардын тилиндеги байлыктарды
ошолор атаган аттарды, ошолор сүрөттөп көрсөткөн мүнөздөрдү иликтесек: элибиздин
тарыхын тактап алууга алар чоң көмөк бермек. Ушул жагынан Тыныбектин «Семетейи»
бөтөнчө мааниде.
Эл оозунда айтылып бизге жеткен кабарда — мындан беш жүз — беш жүз элүү жыл
мурда өткөн Келдике деген «Манасты» айтканда, анын сөзүнүн деминен боз үйдүн тутуму
делпилдеп турчу экен... Ошол боз үйдүн жасалгасын эле сүрөттөп ал жарым күн айтычу
экен! О, ошондой зор манасчылардын сөзү бизге жетпеди, бирок, алардын улам кийинки
шакирттери — «Манасты» алып келишти. Биз ошолордун эң кийинкилеринен баянды
жазып алдык. Ушул колдо бар «Манасты» изилдеген кезибизде, аны ошол байыртан
келаткан баба сөзүндөй кароого милдеттүүбүз. Бизге «жат» — «чоочун» угулган бир
сөздү, таламга «сыйбаган» бир атты алып салсак, не өзгөртүп койсок... ошону менен бирге
байыркы Ата-Конушту көздөй бизге жол баштап баруучу байыркы жоокерди өлтүрүп
алышыбыз ыктымал...
Алгачкы кездерде, текстте: кан, бек, кытай деген сөз учу-раса, алардан жаа бою качтык.
Кытайды — калмак деп оңдодук. Манас баатырдын түпкү тегин санаган кезде: — «Түпкү
атабыз Түгөл кан...» — деп деле ондон ашуун кандар аталат. Бирок, алар тек кандар эмес,
кол баштаган алптар, журт баштаган акылмандар да. Баарыдан сонуну, алар, жогоруда биз
көрсөткөндөй ар заманда түрк урууларында болуп өткөн тарыхый адамдардын аттарына
үндөшөт. Ошого карабастан текстте — «кан» деп жазылган сөз курч устара менен кырылып... анын ордуна «томаяк» деген сөз жазылды. Ушундай «кыраакылыктын» зыянын
өлчөш өтө кыйын. Ал, өзүңө жол көрсөтүп бараткан жоокерди өлтүрүп салып, өзүң
чытырман токойдо жолдон адашып кеткендик менен барабар?!
...Байыркы Жайхун деңизге куйган жерден анын адепки ар бир тамчысы Улуу-Тоонун
кайсы мөңгүсүнөн тамганын айрып табыш кыйын болсо да, биз, Жайхундун башталышы
Улуу-Тоодо деп билебиз. Эмесе, элибиздин башынан өткөн тарыхы күрөштөрдүн
кайсынысы биздин улуу «Манаска» негиз салганын азыр так айталбасак да, анын
башталышы — биздин ошол
байыркы алп-акылман бабалардын өмүр-күрөштөрү кеңири камтылганын айдан ачык
дейбиз!
...Биз, тек эчен албан улуу күрөштөрдү элестеткен, эчен албан алп-баатырлардын, кол
башчылардын, акылмандардын элестерин жалпылаган бир айкөлдү — Манасты, бир
акылман — Бакайды, бир чебер уз, кеменгер — Каныкейди, бир айлакер сулуу —
Айчүрөктү, жоо чаап, журт кыйырын жоодон сактаган Чубакты, Сыргакты, Семетейди,
Күлчорону... койчу ошол өз замандарындагы ар башка элдердин карым-катнашы-нан
келип чыккан, алардын дилинен, канынан чыккан эң зор Алмамбетти, Куялыны, кыз
Сайкалды, Бурулчаны, Бирмыскалды, Аруукени турмуш өзү жаратканын, алардын ыйык,
адил күрөштөрү, алардын өмүр баяндары — ар заманда жашап өтүшкөн элибиздин өмүр
баянына, алардын ыйык иштерине шайма-шай ширешкенин белгилейбиз!
Албетте, ушул каармандардын жаралышына себепкер — бир кездери жашап өткөн
тирүү адамдар. Алар — биздин бабалар. Дал ошол бабаларыбыздын көркөм элеси
чагылышып, ушул сонун баян жаралды! Ошентип, бул дастан ар дайым эл-дин өмүрү
менен ширешип өнүгүп тургандыктан кылым кырын ашкан сайын — куурабас чынардай
журт катмарына тамырын тереңдетти, чырпыгын жайды, жалбырагын жашылдантты.
Ошентип кары тарых барагын ачкан сайын «Манас» улам кенендеп, улам жайкалып
табышмактуу болду.
Атаганат! Бабалар бизге ушул улуу сөзүн белекке калтыруу менен бирге, аны толуктай
турган тарыхый маалыматтарын да жазуу жүзүндө кеңири ушундай калтырган болсо,
каармандардын элеси канчалык жалпыланып, канчалык көркөмдөлбөсүн, өз заманында
жашап өткөн кишилерден алардын тирүү элесин биз бүгүн айгине таанып, айгине атап,
аларды айгине даңктайт элек.
Бирок, чоң кагылыштарды, зор күрөштөрдү баштан кечир-ген, эчен албан кыргынчабуулда күймөлгөн бабалар таштан мунара курууга чамасы келбеди: алар жоо четинде
жүрүшүп, ат жалында маектеп ушул улуу сөз мунарасын тургузушту!
Биз ушул улуу сөз курган асыл мунараны тарыхый жагы-нан калыс жана кылдат
иликтеп: анын табышмактуу сырын ачып — элибиздин өмүр-тарыхын такташка
милдеттүүбүз.
Ушул максат менен байыркы бабалардан калган белги — «Күл-Тегиндин» эстелигинде
ташка чегилген жазуунун котормо-сун калайыкка тааныштырууну ылайык таптык.
Котормо байыркы түрк тилинен5 бүгүнкү кыргыз тилине которулду. Бардык адамдарга
түшүнүктүү болуш жагын эске алып, котормодо кээ бир учурларда жөнөкөйлөштүрүү
болду. Бирок, ал, негизги маанини бузган жок.
Орхон, Енисей эстеликтериндеги жана азыркы кыргыз жергесинен — Талас
эстеликтериндеги жазууларды тил жагынан байкаштырсак: аларда сөз, ыргак, айтылыш
жактарынан окшош да үндөш. Ал эмес, ошол байыркы эстеликтердин жана XI кылымда
Махмуд Кашкари түзгөн «Девони лугати түрк» — «Байыркы түрк сөзүнүн жыйнагы»
азыркы кыргыз тилине салыштыра келгенде алардын өзөгү эң жакын. Күнү бүгүн кыргыз
тилинде айтылып жүргөн сөздөр аларда өтө эле көп. Ал тургай бизге тектеш тилдерде кай
бир айтылышы не өзгөрүп, не анча сакталбай калган сөздөр азыркы кыргыз тилинде толук
маанисинде айтылат. Маселен,— калайык, калк, эл, журт. Булардан тышкары ошол эскиче
— «будун» — «эл» да көп колдонулат. Биздин оюбузча, «эл» кыргыз тилинде ошол
байыркы маанисин өзгөртпөй келаткан сөз. Ал эми ал кездеги — «будун» азыр бардык эле
азыркы тектеш тилдерде айтылбай калды. Бирок, кыргыз тилинде анын түшүнүксүз
формасы бар. Маселен,— «будуң-чаң түштү» деген сөздү иликтесек — ал ошол байыркы
маанисинде — «журттун тынчы кетти, журт чачылды» деген маанини туюндурбасын?
Неси болсо да ошол байыркы түрк уруулары бирин бири ачык туюнган өтө өзөктөш
жакын тилде сүйлөшкөнү анык. Ал тургай алар анча-мынча гана . диалектикалык

Байыркы түрк жазууларынын эстеликтери — С. Е. Малов, АН СССР басмаканасы, Москва, 1951-жыл.
айырмасы бар бир тилде сүйлөшкөн. Бизге жеткен эстеликтер тил жөнүндө ушундай
туюндурат.
Ошондуктан, биз жогоруда, «...так айтканда, байыркы кыргыз тилинен азыркы кыргыз
тилине которулду» деген тыянакты атайы айттык. Себеби, түрк элдеринен кыргыз,
кыпчак, чигил, ягма сыяктуу элдер таза түркчө сүйлөшкөн деп Махмуд Кашкари өзү
аныктайт. Ошого таянып жазуу байыркы тили-бизде жазылган деп айталабыз.
Айтор, эне тилибиз ушинтип кайрадан которууну талап кылгычакты өзгөрүүнүн өзү
эле, ушул тарыхый мааниси бар ыйык ишке баамчылдык менен туура мамиле кылууну,
талдоолорду билгилик менен жүргүзүүнү бизден илим талап кылат.
Айрым жолдоштор үстүрт болжогондой: — «Таштагы жазуу жазуу болмок беле?!» Не
«Кыргыз тилине эмнеси окшойт?!» Не «Бул уйгур тили, биз кыргыз...» дей берсек,
баарыдан мурда, таң аткычакты бир дөбөнү айлана берген Ымакеңдин акы-балында
өзүбүздөн өзүбүз адашабыз?!
Ал эми азыркы кыргыз улутун түзгөн уруулардын ичинде ошол өткөн кылымдарда
өзүнчө будуң — эл, өзүнчө уруу ата-лып жүргөн: төлөс, меркит, кыпчак, саруу, найман,
аз, аргын, моңолдор, кытай сыяктуулар ал кездерде өзүнчө эл түзүп, ошол будуңдун
ичинде жүргөнүн эске алсак, азыркы уйгур калкы ошол кезде түрк будуңунун катарында
болуп, алардын ичинен байыркы кыргыздар байыркы уйгурлардын карым-катнаштары
жакын, тагдырлары бирдей болгонун эске алсак, анда бул тарыхый чоң мааниси бар
маалыматтарды өзүбүздөн алыс коюшка акыбыз жок!
Эмесе, Аккуласын минип жоого айкырып чыккан айкөл Манасын сүйүп, Манасын
тааныган элибизге, биз ушул: Акбозун минип жоого каршы арстандай чапкан Күл-Тегин
жөнүндөгү сөздү тартууладык. Тарыхта белгилүү болгон ушул Күл-Тегин алптын элеси,
биз сүйгөн, биз билген «Манас» баянындагы алптардын элесине үндөшөбү, жокпу?
Жазууда баяндалган эл-журт күрөшү, алардын ой максаты биздин «Манастагы» айтылган
кыргыз журтунун күрөшү, ой-максаттары, тилеги менен үндөшөбү, жокпу.
Эгерде, ал үндөштүктөр, ал жакындыктар бар болсо, анда алар биздин кемибизди
толуктайбы, жокпу? Муну ар бир баамчыл адам өзү талдасын!
1968-ж.
КҮЛ-ТЕГИНДИН ЭСТЕЛИГИНДЕ ТАШКА ЧЕГИЛГЕН ЖАЗУУ
КИЧИНЕ ЖАЗУУ
1. Тегим теңири, Теңирим жараткан /жасаган/ түрктүн билге каны бу насаатка
/бийликке, акыл айтууга/ олтурдум. Кебимди түгөнгүчө эшиткиле. Улуу-кичүү уруктуугандарым, ини-уулдарым, менин бийлигимдеги журтум, оң жагымдагы шадапыт
бектерим, сол жагымдагы таркаттарым, /таркат-наам, чен/ менин буйругумду кабыл
кылчулар, отуз...
2. Тогуз огуз журтунун бектери, калкы бул кебимди уккула тыңдагыла, эсиңерге катуу
туткула. Илгери күн чыгышка, биргерү /оңго/ түштүккө, курыгару /күн батышка/, йыргару
/солго/ түндүккө ушул ортонун ичиндеги журт менен бийлигимдин алдында. Мынча көп
калк...
3. Жалпыга бейкутчулук түздүм. Ал эми ак пейил түрк каны Өтүкендин жыш токоюнда
жердеп турганда элде муң болбос. Илгери Шаң-Туң жайыгына /мейкинине/ дейре
жортуулдадым, деңизге аз эле калдым, түштүккө Тогуз-Эрсенге чейин жортуулдадым.
Түпүтке /Тибетке/ аз жетпедим. Батышка Иинчү-Үгүз /Сыр-Дарыя/
4. кечип, Темир капыгка /капкага/ чейин жортуулдадым. Түндүктөгү Ир-Байырку
жерине дейре жортуулдадым. Мынча көп жерге жортуулдадым. Өтүкен жышында
/токоюнда/ акылман башкаруучу /элге ээ/ жок эле, ошондой болсо да Өтүкен жери ар
журттун башын кошууга ылайык эле. Бул жерде олтуруп табгач /кытай/ журту менен
ынтымакташтым.
5. Алтын, күмүш, даам кытай аянбастан мынча көп берди табгач журтунун сөзү таттуу,
тартуусу жумшак болду, таттуу сөзү, жумшак тартуусу менен алыс элди өзүнө
жакындатты, үйүр кылды, азгырды. Үйүр болгон бузукулукту үйрөтө баштады.
6. Жакшы /ак пейил/ акылман кишилерди, ак пейил алптарды ак жолдон тайыта албады.
Бириңер жаңылсаңар калайык-журт көбүңөрдү табгачтын ал жумшак сөзү, кымбат
тартуусу эритпеди. Кээ бирөөңөр алардын таттуу кебине, берген тартуусуна алданып, түрк
журтумдун көбү өлдүң. Түрк журтунун кай бир даары Чугай токою, Тун жайыгына конолу
дедиңер.
7. Алыста жүрсөң тартуунун /дүйнөнүн/ жаманы тиет, жакын коңшу турсаң жакшы
дүйнө берилет деп, муюштурду. Акылы жок билбес киши ал сөзгө алынып жакын туруп
көп киши өлдү.
8. Ал жерге берсең түрк журту өлөрсүң. Өтүкөн жеринде олтуруп кербен жөнөтсөң
чыгымың жок олжолуу болосуң, Өтү-кен токоюн түбөлүк жердесең журтунда ынтымак
болот, түрк элим ток болосуң. Сен ачып-арыбасаң токчулуктун кадырын билбейсиң. Сен
ачып-арыгандын кадырын билбейсиң. Ошондой момун, чолок ойлуулугуңан.
9. Өз каныңдын, акылманыңдын сөзүн укпай кайдыгер тарап кетип ачып-арыдыңар.
/Көпчулүгүңөр кыргын таптыңар/. Тирүүлөрүңөр аздыңар, тоздуңар, өлүү-тирүүнүн
ортосунда
болдуңар. Теңирим жалгап бактым колума конуп, кандык тактыга олтурдум. Кандыкка
келип,
10. арып-ачып жок болуп бараткан калкты жыйнап, мүлксүз элди мүлктүү кылдым. Аз
журтту көп кылдым. Айткан бу сөзүмдүн калети барбы? О түрк бектери! Эли, муну
эшитиң! Мен бу ташка кантип түрк журтун кураганымды, эл жыйнаганымды, кантип
силердин ыркыңар бузулгандыгын тамгаладым. Мен барлыгын,
11. бул жерге тамгаладым. Айтайын деген сөзүмдү ташка түбөлүк чектим. Аны көрүп
билгиле, түрк журту, бектери: менин башкаруума баш ийген бектер кээде
жаңылышасыңар! Мен түбөлүк ташка табгач канынан тамга басуучун алып келдим,
жаздырдым /бастырдым/. Менин сөзүмду бурбады /катаа кетирген жок/.
12. Табгач канынан келген тамга басуучу эле. Ага өзгөчө күмбөз курдуруп, ичинтышын ар түрдүү ою-чийүү чектирип кооздоттум. Таш токуттум /көтөрттүм/, көңүлдөгү
сөзүмдү... /он ок/ уулдарына, татыңа /татабы-эл/ чейин муну көрүп билгиле, түбөлүк таш
13. көтөрттүм... бул жер тогуз жолдун тоому болгондуктан мен бул эстеликти
көтөрттүм, жазуу чектирдим. Аны көрүп билгиле, эскергиле! Ал ташты мен... бу жазууну
баскан анын жээни Йолыг-тегин...
ЧОҢ ЖАЗУУ
1. Үстүдө көк теңири астыда күрөң жер бүткөндө /жаралганда/ экөөнүн ортосунда киши
уулу жаралган. Ошол киши-уулдарына менин бабам Кумын каган, Истеми каган кандыкка
келип түрк журтунун башын кошуп, мийзамын тутту.
2. Төрт булуңдагы көп журт бизге жоо эле. Кол баштап чыгып төрт булуңдагы журтту
баштуусун баш ийдирди, тизелүүсүн тизе бүктүрдү. Күн чыгышка Кадыркан токоюна
чейин, күн батышка Темир-Капкага чейин жердеди. Эки арада
3. көк түрктөр турушту, булар бексиз, башчысыз эле. Алар акылман кандар эле, алп эле,
буйругу калыс так кайратман эле, алардын башкаруучулары, журту көңүлдөрүндө кири
жок ачык эле. Ал үчүн уруулардын ынтымагы узакка жашап, мийзам так жүрдү. Өзүнчө?
4. Алардын көзү өттү. Аларга кайгырып өкүрүп-өксөп Бекли жазыгы-жайыгынан
табгач, Түпүт /Тибет/, апар /абар/, пурум /рим/, кыргыз, үчкүрүкан, отуз татар, кытан
/кытай/, татабы ыйлапсыктоого ушунча журт келди. Ушунчалык атактуу, даңктуу кан эле.
Андан кийин иниси кан
5. болуп, андан кийин анын балдары, уулдары кан болду. Андан кийин иниси
улууларындай болбой калды. Уулдары аталарын тартпады. Акылман эмес кан такка
олтурса, анын мийизамы да акылсыз, мийзамына баш ийгендер да акыл-сыз, коркок,
караөзгөй болду.
6. Бектери- журтка түз болбой калган үчүн, табгачтын журтту кайраштырганы,
жоолаштырганы, алдаганы, арбаганы үчүн, ага-ининин арасында ырк бузулду, журт
журтка каршы, башкаруучу башкаруучуга каршы болду. Түрк журтунун биримдик
ынтымагы бузулду.
7. Кандарынын колунан кандык кетти. Табгач /кытай/ журтуна бек болгон уулдар кул
болду, сулуу кыз-уулуң күң болду. Түрк бектери түрк деген атты өчүрдү. Бектер табгач
атын тутунду, табгач канына баш ийди.
8. Элүү жыл ак эмгегин, ысык күчүн берди. Илгери күн чыгышка жортуулга Бекли
канга чейин, батышка жортуулдап Темир-Капкага чейин жетип табгач журтунун канына
элин, бийлигин берди. Түрктүн кара журту
9. мындай дешти: уюткулуу журт элек, эми элибиз кайда? Ким үчүн журтту курадык?
ушинтип айтышты. Биз каныбыз бар эл элек, каныбыз кайда? кайсы канга ак эмгегибизди,
күчүбүздү беребиз? ушинтип айтышып, табгач журтунун канына касташтык.
10. Жоолашып, жеңип чыга албадык, бийликти түзө албадык. Кайрадан табгачтын
бийлигине баш ийдик. Эмгегин, күчүн табгачка берүүнү каалабаган түрк журту мындай
деди: мындан көрө өзүбүздү өлүмгө байлайбыз. Алар өлүмгө барышты. Үстүдө
түрктөрдүн теңири, түрктүн ыйык жери
11. суусу урсун дешти: түрк журту жок болбойт дешип, журт болсун дешип, каным
Илтерис кан, Умай энем Илбилге катындын теңири төбөгө келип, журт үстүнө менин атам
кан көтөрүлүп а дегенде он жети эренден кол курады.
12. Жер кезип жүрөт деген кабар тарап, тоодогулар ойго чогулушту, ойдогулар тоого
келишти. Жетимиш эр баш кошту. Теңирим күч берген үчүн кан атамдын колу жоого
бөрүдөй тийди, душманы койдой болду; чыгышка, батышка жортуул-дап кол жыйнады,
барлыгы
13. жети жүз эр болду. Жети жүз эр болгондон кийин кансыз калган эл-журтту курап,
бирдиги бузулган элди ынтымакташтырды. Кул, күң болгон журтту курап, ал менин
бабаларым түзүп кеткен түрк мийзамын төлөс менен тардуш калкына берди. Ушинтип
алып келди.
14. Ошентип Ябгу шат /Ябгу, шат-наам чен/ шайладым. Оң /түштүктөгү/ жагымдагы
табгач калкы касташты, сол /түн-дүк/ жагымдагы Базкандын, тогуз-огуз журту жоолашты,
кыргыз, курукан, отуз-татар, кытай, тат /татаби/ барлыгы касташты. Кан атам мынча...
15. Кырк жети жолу жортуулга аттанды, жыгырма жолу салгылашты. Теңирдин
шыбаасы тийген үчүн элдүүнүн элин алды, кандуунун канын багынтты, душманды бас
кылдык, тизелүүсүн чөгөрттү, баштуусун жүгүнттү. Менин кан атам...
16. бийлигин куруп жатып каза болду. Кан атама багыштап кырка Баз-каганга таш
балбал тургуздук, анын тагына өз таякем кандыкка келди. Кан таякем кандыкка олтуруп
түрк журтун курап күч-кубат берди. Жардыны бай кылды, азды көп кылды.
17. Таякем кан болуп турганда өзүм тардуш журтуна шат элем. Бабам кан менен бирге
алдыга Жашыл-Үгүз /Хуанхе дарыясы/ Шаңтуң жайыгына чейин жортуулдадык. Кайра
/күн батышка/ карай Темир-Капкага чейин жортуулдадык, Көгменди /Саян тоосу/ ашып
кыргыз жерине чейин жортуулдадык.
18. Бардыгы жыйырма беш жолу жортуулга чыктык. Он үч жолу салгылаштык, элдүүнү
элсиз кылдык, кандууну кансыз кылдык, тизелүүнү тизелеттик, баштууну жүгүнттүк,
Түргеш кан түрк элинен эле, билбегендиги үчүн,
19. биздин алдыбызда күнөөлү болгондугу үчүн каны өлдү, буйрук эткен бектери дагы
өлдү, он ок журту азап көрдү, ата-бабабыз тутунган жер-суу ээсиз калбасын деп аз журтун
жаратып...
20. Барс-Бек эле. Ага кан деген наамды /кандыкты/ биз бердик, сиңдимди
/карындашымды/ жар кылып бердим, өзү жаңылды, каны өлдү, журту күң, кул болду.
Көгмен жер-суусу эл-сиз калбасын деп, аз6 кыргыз журтун курап келип салгылаштык.
Элин...
21. кайра бердик. Илгери /чыгышка/Кадыркан токоюн ашып өтүп журтту анда
кондурдук, журтта ынтымак болду. Артка /күн батышка/ карай Кеңү-Тарманга чейин түрк
журту байырлады, бейпилчилик болду. Мурунку күңдөр күң күтүндү, мурунку кулдар кул
күтүндү, иниси агасын билбес болду, уулдары атасын билбес болду.
22. Биздин мийзамыбыз, ынтымак-ырашкерибиз ушундай болду! Түрктүн, огуздун
бектери, эли эшиткиле! Төбөдөн теңир баспаса, астыдан жер жарылбаса, түрк журту
мийзамыңды ким бузат, элиңди ким арытат? Түрк эли,
23. өкүн! Акылман каныңа көрө албастык кылган үчүн чыккынчылык кылдың. Өзүң
жаңылыштың, өз тузуңа карасанадың. Сенде ынтымак болсо, алыстан жоо келмек беле?
Алда кай-дан найза сундургандар келмекпи? Ыйык Өтүкен жеринен айрылдың. Бир
кезекте сен чыгышты караттың.
24. батышты караттың. Эми болсо сенин каның суудай агып, сөөгүң тоодой үйүлдү.
Сенин кайратман эр тукумуң кул болушту, сенин асыл, назик кыздарың күң болушту.
Баркын билбегениң үчүн, өз ара ыркыңар кеткени үчүн кан бабам учуп кетти /каза тапты/.
25. Кыркалап кыргыз канынын балбалын тиктим /тургуздум/. Түрк журтунун аты, күчү
жок болбосун деп, кан атамы, каныша энемди теңирим жалгады. Теңирим элди
бириктирип түрк журтунун аты жок болбосун деп, мени кан көтөрүштү.
26. Мен кандыкка келгенде телегейи тегиз журтка кан болбодум. Мен кандык кылган
элдин кардында тамагы жок, үстүндө тону жок шордуу эл эле, биз ата-бабабыз башкарган
элдин даңкын өчүрбөс үчүн иним Күл-Тегин менен кеңеш курдум. Аты, күчү жок
болбосун
27. деп түрк журту үчүн түн уктабадым, күндүз отурбадым; иним Күл-Тегин менен
бирге, эки шат менен бирге өлүү-тирүүсүн жыйнадым, журтту бириктириш үчүн жер-суу
аяба-дым; мен өзүм кандыкка келгенде
28. ачып-арыган өлү-тирүүнүн ортосундагы журт кайра келишти /баш кошту/.
Журтумду ирдентейин деп оңго /түштүккө/ огуз журтуна чейин, илгери /чыгышка/ кытай,
тат /татабы/ журтуна чейин, сол жакка /түштүккө/ табгачка чейин кол баштап он эки жолу
жортуулга бардым, салгылаштым,
кийин,
29. теңирим жалгап кутум бар үчүн, энчи-куюм бар үчүн өлүп кор болуп бараткан
журтту тирилттим, жетилттим, жылаңач журтту тондуу кылдым, жарды журтту бай
кылдым, аз журтту көп кылдым, бактысыз ак элге ак ниет болдум, төрт
булуңдагы /төгөрөктүн төрт бурчундагы/.
30. көп журтту ынтымакташтырдым, жоолаштырбадым, бардыгы мени көрдү
/урматтады, сыйлады/. Бул адилет бийликти түзүп бекемдеш үчүн иним Күл-Тегин ысык
күчүн аябады, ушунча көп эмгектенип каза тапты. Кан атам өлгөндө иним Күл-Тегин жети
жашта калган, он жашында
31. Умай энемдей куттуу каныша энем Күл-Тегин деп эр атын койду. Он алты жашында
бабам кандын элин, мийзамын чыңдады, алты чуб согдакка7 чейин жортуулдадык, чаптык.
Табгачтын он тутугу баштаган беш түмөн /элүү миң/ колу келди, салгылаштык.
32. Күл-Тегин жөө аскерине чабуул койду: он тутугун колго түшүрүп колун чаап
туткундап курал-жарагы менен канга алып келди. Ал жоо колун анда жок кылдык. Отуз
бир жашында Чача-Сеңүңгө чейин жортуулдадык; биринчи жолу Тадыкын-Чурдун боз
атын минип жоого тийди, ал ат анда
33. өлдү. Экинчи жолу Ышбара-йамтардын боз атын минип жоого тийди, ал ат анда
өлдү; үчүнчү жолу Иегин-Сылык бектин кертору атын минип жоого тийди, ат анда өлдү.
Жоо жарагына, /соотуна/ жүздөн артык жебе-ок тийсе да башына бир ок тийгизбеди...
аз — уруунун аты.
Согдак — согдлар.
34. эрдигин түрк бектери (эрендери) көп жолу көрдүңөр. Тиги колду анда ушинтип
талкаладык. Кийин жер Байырку Иркин жоолашты. Аны Түрги-Жаргун көлүндө чаптык.
Улуу Иркин аз гана колу менен качып кетти. Күл-Тегин жыйырма алты
35. жашында кыргызды көздөй жортуулдадык; найза бою кар жаткан Көгмен тоосун
ашып, кыргыз журтун уктап жаткан-да бастык; каны менен Суңа жышында /токоюнда/
салгылаштык; Күл-Тегин Байыркунун акбоз айгырына
36. минип качырып кирди; бир эрин окко учурду, эки эрин удаа сайды; бул чабышта
Байыркунун ак боз айгырынын жамбашы сынды. Кыргыз канын өлтүрдүк, элин
талкаладык. Ушул жылы тургис /түргөшкө/ чейин Алтын жышты /Алтын токойду/
37. ашып, Иртиш суусун кечип өтүп, түргөш журтун уйкуда жатканда бастык, Түргеш
кандын колу Болчудеген жерге оттой жанып, тумандай түрүлүп келди, салгылаштык: КүлТегин Башкунун боз атын минип тийди; Башку боз...
38.экөөнү өзү алды. Кайрадан жоо колун жарып кирип Түргеш кандын кол башчы,
элүү башчыларын туткундады. Канын анда өлтүрдүк, элин алдык, Түргештин кара
букарасын багынттык; ал журтту Табарга кондурдук, дагы жортуулдап
39. Согду журтун журтташтырайын деп, Ииңчү /Сыр-Дарыя/ суусун кечип, ТемирКапкага чейин жортуулдадык. Анан
кайра Түргештин кара букарасы кеңрестер менен жоолашты. Биздин колдун аттары
арып, азыгы түгөнүп эрлерибиз ачнып...
40. алп эрлери бизге кол салышты. Ошондо абдан өкүнүп Күл-Тегинди аз жоокери
менен куугунга жибердик. Чоң чабыш баштады. Алп Шалчынын ак боз атын минип жоого
кирди, кара түргеш журтун анда каратып алдык, дагы жортуулдап..
41.менен, Кушу-Тутук менен салгылашты. Эрлерин көп кырды, Үй-жайын көп
олжолоду. Күл-Тегин отуз жети жашта эле, карлуктун журту ээн-эркиндиктен пайдаланып
бизге жоолашты. Тамактын ыйык чокусунда салгылаштык.
42. /Күл/ Тегин бул салгылашта отуз жашта эле: алп Шалчынын ак боз атын минип
жоого кыраандай тийди; эки эрин удаа сайды. Карлуктарды кырдык, алдык; аз журту
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Мезгил Сабактары - 04
  • Parts
  • Мезгил Сабактары - 01
    Total number of words is 3925
    Total number of unique words is 2168
    28.4 of words are in the 2000 most common words
    41.5 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 02
    Total number of words is 3835
    Total number of unique words is 1945
    25.2 of words are in the 2000 most common words
    37.9 of words are in the 5000 most common words
    45.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 03
    Total number of words is 3888
    Total number of unique words is 2004
    26.2 of words are in the 2000 most common words
    38.0 of words are in the 5000 most common words
    44.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 04
    Total number of words is 3917
    Total number of unique words is 2109
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    38.3 of words are in the 5000 most common words
    44.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 05
    Total number of words is 3841
    Total number of unique words is 2050
    24.3 of words are in the 2000 most common words
    35.5 of words are in the 5000 most common words
    41.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 06
    Total number of words is 3908
    Total number of unique words is 2175
    25.1 of words are in the 2000 most common words
    36.6 of words are in the 5000 most common words
    43.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 07
    Total number of words is 3879
    Total number of unique words is 2261
    24.6 of words are in the 2000 most common words
    36.6 of words are in the 5000 most common words
    43.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 08
    Total number of words is 3889
    Total number of unique words is 2322
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    38.4 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 09
    Total number of words is 3878
    Total number of unique words is 2190
    26.2 of words are in the 2000 most common words
    38.2 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 10
    Total number of words is 3881
    Total number of unique words is 2101
    24.1 of words are in the 2000 most common words
    34.1 of words are in the 5000 most common words
    40.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 11
    Total number of words is 3844
    Total number of unique words is 2201
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    42.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 12
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 2270
    27.6 of words are in the 2000 most common words
    39.9 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 13
    Total number of words is 3957
    Total number of unique words is 2233
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    47.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 14
    Total number of words is 3766
    Total number of unique words is 2212
    23.9 of words are in the 2000 most common words
    35.6 of words are in the 5000 most common words
    42.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 15
    Total number of words is 3906
    Total number of unique words is 2254
    27.6 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    47.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 16
    Total number of words is 4040
    Total number of unique words is 2326
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    38.3 of words are in the 5000 most common words
    44.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 17
    Total number of words is 3980
    Total number of unique words is 2278
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    38.4 of words are in the 5000 most common words
    45.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 18
    Total number of words is 3826
    Total number of unique words is 2298
    24.7 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 19
    Total number of words is 4011
    Total number of unique words is 2430
    25.2 of words are in the 2000 most common words
    37.5 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 20
    Total number of words is 3935
    Total number of unique words is 2383
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    45.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 21
    Total number of words is 3922
    Total number of unique words is 2456
    24.7 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 22
    Total number of words is 3905
    Total number of unique words is 2360
    25.7 of words are in the 2000 most common words
    37.1 of words are in the 5000 most common words
    43.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 23
    Total number of words is 3793
    Total number of unique words is 2219
    25.4 of words are in the 2000 most common words
    36.9 of words are in the 5000 most common words
    43.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 24
    Total number of words is 3857
    Total number of unique words is 2269
    24.4 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    43.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 25
    Total number of words is 3863
    Total number of unique words is 2183
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    35.5 of words are in the 5000 most common words
    43.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 26
    Total number of words is 3856
    Total number of unique words is 2325
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.0 of words are in the 5000 most common words
    45.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 27
    Total number of words is 3866
    Total number of unique words is 2429
    25.2 of words are in the 2000 most common words
    35.8 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 28
    Total number of words is 3971
    Total number of unique words is 2417
    23.9 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    42.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 29
    Total number of words is 3917
    Total number of unique words is 2300
    24.3 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    42.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 30
    Total number of words is 3926
    Total number of unique words is 2169
    25.8 of words are in the 2000 most common words
    37.9 of words are in the 5000 most common words
    44.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 31
    Total number of words is 3936
    Total number of unique words is 2141
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    45.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 32
    Total number of words is 3916
    Total number of unique words is 2096
    25.7 of words are in the 2000 most common words
    37.3 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 33
    Total number of words is 3934
    Total number of unique words is 2181
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    38.5 of words are in the 5000 most common words
    45.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 34
    Total number of words is 2486
    Total number of unique words is 1435
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    41.2 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.