Latin

Мезгил Сабактары - 30

Total number of words is 3926
Total number of unique words is 2169
25.8 of words are in the 2000 most common words
37.9 of words are in the 5000 most common words
44.2 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
баамчылдыкка түрткү болот. Кээде, курулай эле «акыл» үйрөтүп жаткандай «маңоо»
тарттырып, кыжырыңды келтирет. Айтор, көркөм чыгарма, же кызык окуя мени
ээликтирип, кызыктырып «Сен да жаз» деп эриксизден колума калам карматкандай
макала мага таасир этип калам карматканы эсимде жок. Айып этпеңиз, эсимде жок.
— 20—30-жылдарда бизде адабий талкуулар кандай өтчү эле? Өзүңүздүн бир
чыгармаңыздын кандай талкуулаганын айтып бере аласызбы?
— Эн биринчи мен окуган сын макала, Айткулу Убуке уулунун «Касым ырларына»
жазган сыны болду. Балким, мен ага дейре бирин-эки сын макаланы окусам окуган
чыгармын. Бирок алар мага эч таасир бербесе керек. Эсимде жок. Кат тааныган кыргыз
жаштарынын катарында мен да башынан эле «Касым ырларын» өтө көп окучумун.
Жактырчумун. Ал мага көркөмдүктүн жагымдуу илебин селбип серпип тургандай ички
сезимиме тийип, жанымды жыргатып, кызыктырып турчу. Арийне, ал жыйнактагы
ырларды окуган кезибизде андагы саясий-идеялык мүчүлүштөр бар деген ой бизде болчу
эмес. Тескерисинче Касымдын ырларында болсун, «Жаңыл Мырзасында» болсун
элибиздин эртеги турмушу элестүү сезилчү. Маселен:
Кен жайлау үйдү тигип жаткан шакта Бар меди Эр-Алашым сенде арман.
Деген сабактан мен саясый катаны көрмөк тургай тескерисинче эзелтен тоо-тоолордо
көчүп-конгон элибиздин турмушу сүрөттөлгөн деп түшүнчүмүн. «Эр-Алаш» деген
наамдан контрреволюциячыл алаш партиясын айтып жатат деген түшүнүк үч уктасам
түшүмө кирбес кеп болчу. Себеби, ал кездерде жалпы эле кара букаралардан өйдө «Казак,
Кыргыз бир Алачтын тукумубуз! Бир элбиз, бир журтбуз» деген сөздү көп айтышчу. Ага
кошумча, биздин эл казактар менен өрүштөш, жайлоолош көчүп-конушуп, бир элдей
жүрүшчү. Ошондон улам бир тууган эки элдин түпкү атасы — Алач деген түшүнүк бар
болучу.
Эмесе, Убуке уулунун сын-макаласын окугандан кийин эле ал макаланы ээрчий
салбадым. Чынын айтсам, макаладагы «Улутчул, байчыл, өткөндү көксөгөн» деген
сыяктуу Касымга коюлган айыптоолор мага жетпеди. Айтор, менин баамымда дал ошол
мезгилден тартып, тигил же бул китепке сын айтылуу башталды. Мейли, басмада
жарыяланган макалаларда, мейли чогулуштардагы талкууга катышкан жолдоштордун
сөздөрүндө тигил же бул чыгармага тийиштүү сейрек айтылчу да, көбүнчө чыгарманын
идеясы, андагы жиберилген «саясый каталар» жөнүндө сөз башталчу...
Ал кездерде мен жаш, оорулуу болгондугумдан талкууларда өзүм чыгып сөз айтчу
эмесмин. Ага кудуретим да жетчү эмес. Тигил «байчыларды ичинен аячууларга да»
өзүмдү кошчу эмесмин. Бирок ошентсе да акындык шыгы, илими, өткүр тили менен
мостое калып, элдик жалпак, элестүү тил менен кээде какшык аралаштыра айткан эстүү
сөзү менен Касым мага зор көрүнчү да, ушунча оор айыпталып, тил угуп жатканы мага
аянычтуу болучу.
«Курган киши, эмне үчүн тракторду, машинаны дагы башка жаңылыктарды, болуп
жаткан өзгөрүүлөрдү элестетип жакшы, жакшы ырларды жазбайт. Ага кудурети жетет.
Ошондой ырларды көп, көп жазса эле, айыптан кутулбайт беле?» деген ойтилек жеке
менде эмес, жаш акын-жазуучулардын көбүндө байкалчу. Дал ошол жылдарда Касым
«Биринчи жазын» жарыялады. Көпчүлүк аны жакшы кабыл алды. Ошентип, Касым бир
жагынан катуу сындалып жатса да, экинчи жагынан кызыл профессор деген наам алып,
акын, окумуштуу катарында ал киши барктала баштады...
—1938-жылдары «Кең-Суунун» эки китеби тең жарык көрдү.
Менин «Кең-Суум» талкууланып калды. Бул талкууну бул жолу кеңири мүнөздөй
албасмын. Ошентсе да кыскача эскерейин. Талкуу 1938-жылдын акыркы айларында
жүрдү. Узакка, узакка созулган чогулуштар бир жыйынтыкка келбестен дагы бир нече
күнгө же айга калтырылат. Чыгармачылык талдоо, ой-пикир жок. Мага коюлгандар тек
айып:
— Автор кулактарга трибуна берген. Анын молдосу да, байкулактары да Кеңеш
Өкмөтүнүн законуна каршы, колхоз курулушуна каршы. Жекеликти жакташат...— дагы
ушулар сыяктуу олчойгон айыптар саналып туруп — автор ушул каталарын мойнуна
алсын!—деген өкүм, таламдар болот.
Мен да тирүү жан болгондуктан эптеп өз сөзүмдү айтып: — Кеңеш Өкмөтүн сүйгөн,
колхозду каалаган кулак молдолорду көрө албадым. Ар каармандын өз тили, өз мүнөзү
бар — деген боломун. Бирок менин бул айткандарым көңүлгө алынбайт.
— Кулакты да, молдону да сүйлөтүп жаткан, аларга мүнөз берип жаткан сенсиң! А сен
болсоң, аларга жетеленбей кайра аларды жетелешиң керек?! Демек, сенин кулактарың
Өкмөткө каршы, колхозго каршы болууга тийиш эмес! Саясый жаңылыштыгыңды
мойнуңа албасаң, советтик жазуучулардын катарында сага орун жок!—дегенге чейин
айтылат. Мен да өз тууралыгымды жактап, позицияма бекем туруп:— Мойнума алгыдай
эч катам жок. Жок катаны тапкан чечендер аны өздөрүңөр бөлүшүп алгыла,— деп көшөрө
бердим...
Чогулуш улам кийинкиге калтырылып олтурду. Акыр аягында «Кең-Суу» романынын
экинчи китеби зыяндуу, бир ай ичинде автор китебин оңдосун» деген чечим болду. Бирок
мен «Кең-Суу» романынын «катасын» оңдоого олтурганым жок. Өз ичимде өзүмдү акмын
деп, мага доо койгон жолдошторго жооп бериш үчүн жаңы роман жазууга кекендим.
Башта жыйнап жүргөн материалдарым бар. Бирок Фрунзеде калып роман иштөөгө эч
шарт жок. 1938-жылы, 31-декабрь күнү кечки саат ондордо көп жолдоштордун ичинен
Алыкул жалгыз мени вокзалга узатып чыгып:
— Жолуң ачылсын!— деп ал калды.
— Кат жазып тургун!— деп мен кеттим.
Москвага барып, СССР жазуучулар союзунун жардамы менен Малеевкага путевка
алдым. Үч жазуучу таң эртеңки саат жетиде Дорохов станциясына түштүк. Эски полутора
тонка бизди күтүп турган экен. Бир тонду үчөөбүз бүркөнүп, токойду аралаган жол менен
өңкүлдөп-деңкилдеп бат эле Малеевкага жетип келдик. Үчөөбүз тең селейип тоңуп кала
жаздапбыз. Анын үстүнө менин кийгеним жеңил пальто эле. Биз корпуска кирерде эшик
алдында турган термометрге карадык. Сууктун күчү 56 градус экен.
Мен бир бөлмөнү ээледим. Кирерим менен эле колумдагы чемоданымды туш келди кое
салып, туалетке чыгып жуунуп келдим. Анан кагаз, каламды алып столго олтурдум да,
кекенип, жазайын деп жүргөн «Темирди» баштадым. Бир жарым бетче жазганымда эшик
чертилип, кыздын сүйкүмдүү үнү угулду:
— Завтракать, пожайлуйста!
Айтор, ошол олтуруштан эки ай өткөндө мен «Темирдин» акыркы главасынан
башкасын бүтүрүп жолго чыктым. Албетте, романды бүтмөйүнчө келбейт элем, мени
биздин союздагылар Фрунзеге чакыра беришти. Аргасыздан келдим.
Фрунзе станциясына поезд токтоду. Марттын жылуу күнү күлүп турган экен. Вагондон
чыкканымда кампыя баскан Алыкул дагы жалгыз тосуп алды.
— Аман келдиңби, Көлкөңбай?—деди ал колтугуна кыса келген «Акын-Булбулду»
берди.
— Ракмат, досум. Мен да куру келген жокмун! Эч эчтемке болбогондой экөөбүз
барбактап көрүштүк.
— Алгачкы кездерде поэзияга баа бергениңизде андагы башкы касиеттер деп эмнени
түшүнчү элеңиз?
— Турмуштук чындыкты чагылыштырган кызыктуу окуя элестүү, жандуу сөздөр
менен уйкалышып, кынапталып, адамга ой туудурган мааниси болсо, ал жакшы ыр же
поэма болот дечүмүн. Бул менин башынан берки пикирим. Рас, жаш кездеримде муну бир
аз үстүртөн, уяң түшүнсөм, улам жыл өткөн сайын анын салмагын сездим. Тек уйкалыш
кубалоо, ички ыргактарга кызыгуу, учкул канаттуу сөздөрдүн күчүн жумшап тек
көркөмдүк берүүчү боекторду коюуланта берип, акылды, ойду, поэтикалык
кеменгердикти эстен чыгарып коюп жазган ыр, поэмабыз сыртынан цыгандын атындай
ойсоктоп, жалтылдап турган менен ал базардан кийин Шукар абышканы өкүнткөндөй
мени ойлонтпос, мага акыл кошпос жалтылдак ырлар да мени өкүнтчү болду. Ошондон
улам бара бара башка касиеттерден мурда мен маанини жогору баалачу болдум. Албетте,
чыныгы поэзияны эске алып жатамын. Курулай эпилдеген этиштик уйкалыш же
кандайдыр бир ички-сырткы формону кубалаган трюкачтык, негедир мага башынан бери
эле табиятыма сыйбайт. Тек салыштыруу менен ички-тышкы уйкалыштарга бай,
жалтылдаган «канаттуу» сөздөр тизмектелген жеңил ырлар, сүйкүмсүз сулуулардай тез
эле десимди суутат.
— Адеп жаза баштаган кезде, Сиз «Сөз азабы», «Чыгармачылык азап» тарттыңызбы,
жокпу? Ырларыңызды кыйналып иштечү белеңиз, же тез иштечү белеңиз?
— 1928-жылы жогоруда эскергендей мелдешип «Капкакпай» жомогун 5—6 күндө жаза
салгам. Аны чоңго да, кичинеге да окуган кезимде эч бири мага сын айткан жок.
Ошондуктан, кудай алсын, ыр жазуудан оңой эчтеме жок экен деген түшүнүк менде
болду. 1930-жылы да дал ошондой эле темп менен бир катар ырлар жаздым. Алардын бирэкөөнү «Ленинчил жашка» жибердим. 1930-жылы 1-майда «Ленинчил Жаш» газетасына
«Булар кимдер?» деген ырым эч оңдоосуз чыкты. Мен ага чексиз кубандым. Мурункудай
темп менен бир катар ырларды жаздым. Бир-экисин ошол эле редакцияга дагы жибердим.
Бирок бул жолу өтө кыскартылып бир кана ырым басылды. Адегенде ичим ачышты. Анан
колумда калган караласы менен газетага басылган текстти салыштырып көрсөм —
өзүмдүн ырым. Бар болгону артыкбаш сууларын сыгып, маңызын калтырыптыр. Аны
редакциялаган адам ким экени ушул кезге дейре мага белгисиз. Ошентсе да ошол биринчи
редакторума өмүр бою милдеттүүмүн. Ракматымды айтамын!
Ошондон баштап, этиеттенүү, сактануу, чыгарма оңой-олтоң колго тийбесин сезүү,
азаптануу башталды. Арийне, бул азап жыл сайын өзүн сездирди. Айрыкча, кийин прозада
ал өзүн таанытты. Чынын айтсам, ырдагы азап прозага караганда шоона эшпей калды. Ыр
жазууда алдыда чыйыр болсо да бизди баштаган жол жаткан. Ал эми прозада алдыбыз
чытырман токой сыяктанды. Мен дал ошол токойду аралап көрүүгө кызыктым. Жолсуз
токой аралаган киши этек-жеңин жыртып, колбетин тыттырган сыңары мен прозанын
бардык өзгөчөлүктөрүн, ыкмаларын, касиеттерин таанып билиш үчүн кызыга берип, бир
топ жылга поэзияны унутуп салган учурлар болду.
Айтор, азапты сезе элегимде болсун, мейли аны аябай сезип аябай кыйналып турган
азыркы улгайган кезимде болсун, мен каламдын учун тиктеп кыйналып олтурсам иштей
албайм. Каламга «кул» болууну каалабаймын. Канчалык берилип, канчалык тез иштесем,
ишим ошончолук үзүрлүү болот. Мейли прозада, мейли поэзияда болсун берилип тез
иштеген тез төрөлгөн чыгармаларым, алдуу, кубаттуу, жеткилең жаралат.
— Кыргыз акындарынын арасында өз ара атандашуу, өз ара жарышуу кандай эле?
Аздыр-көптүр болсо да Сиз таалим алган кыргыз акыны болдубу?
— 20—30-жылдардагы жаңыдан өнүгө баштаган жаш акын-жазуучулар, арийне башта
классикалык мурас калтырган таалимчилери болбогондуктан, алар, дайым бирине бири
көмөктөш, демилгелеш болуп жаткан сыяктуу сезилчү. Акындардын бардыгы дээрлик сөз
чеберчилиги, көркөмдүгү жагынан Касымга сыйынышчу. Анын чоң акын экендигин
танган адам болгон эмес. Ыр түзүүдөгү чеберчиликти Касымдан үйрөнүү керек дегенди
бардыгыбыз тең айтычубуз. Ошентсе да Аалынын, Мукайдын, Жусуптун, Жоомарттын ар
биринин поэзиядагы өздөрүнө таандык өзгөчөлүктөрү аздыр-көптүр байкалчу. Маселен,
Жусуп, Жоомарт ырларынын лирикалуулугу, уйкалышка байлыгы угумдуулугу менен
айырмаланса; Аалынын ырлары саясий темадагы таптуулугу, саясий мааниси менен;
Мукайдын ырлары —кандайдыр бир кыскалыгы, түрү боюнча жаңылыгы, мааниң өзүнчө
так баяндашка аракеттенгендиги менен айырмаланчу. Кубанычбек сыяктуу акындар
башынан эле «трибун» акын аталышып, алар доордун жүгүн жеке өзү көтөргөн алп
сыңарында менсинсе, Жусуп, Жоомарттар өздөрүндөгү чеберчиликти баалашчу. Мына
ушундай абалда, биздин акын-жазуучулардын арасында биргелешип канатташ иштешүү
менен бирге атаандашуу, жарышуу, кызгануу да дээрлик өлчөмдө башынан орун алып
келди.
Өзүм, тигил аталган жана аталбаган акын-жазуучулардын ырларын ар бирин өзүнчө
таанып, өзүнчө баалап кабыл алышка тырышчумун. Албетте, башкалар сыяктуу эле
Касымдын ырлары мага жагымдуу болучу. Алардан кийин Жусуп, Жоомарттардын
ырларын баалоочумун. Аалы менен Мукайдын ырлары мага бирде жакса, бирде жакпай,
бирде жетсе, бирде жетпей, «Мен булардын терең маанисин түшүнө албай жатпайын» деп
кээде чыным менен эле делдейе түшчүмүн. Ал эми Кубанычбектин кай бир узун ырлары
өтө эле чоркок тил менен эпсиз түзүлгөн жамак, кара сөздү эске салчу. Супсактык
сезилчү. Курбулары бул кемчиликти ачык айтышчу. Бирок Кукең качан моюн беричү эле!
«Ар ким өз билгениндей жазат! Силердики маа жакпайт!»— деп кулжуңдап-мулжуңдап
салычу.
Кыскасы, ушул жаңы өнүгүп жаткан адабиятыбыздын бир өкүлү катары мен да
каламдаштарымдын катарына өз кейпимди таанытайын дечүмүн. Алардын жакшы
жактары аздыр-көптүр мага өз таалимин бербей койгон жок, берди.
— Өзүнө таандык касиеттери, өзгөчөлүгү, мүнөзү менен акын катары Мукай Элебаевди
кандай баалачу элеңиз? Анын орус тилин билиши, билими, жалпы деңгээли кандай эле?
Орус жана башка элдердин акындарынан кимге көп кызыгып, кимди көп окуп, кимге
суктанып, кимден таалим алып жүргөнүн билесиз?
— Олда иним ай, ушул «кимге» менен «эмнелериңдин?» өтө кыжаалат, өтө керектүү
экендигин сезип турам. Бул суроолорго толук жооп берсем да болор эле. Бирок кечиресиз?
Ага бизде азыр кубат жок. Тек үстүртөдөн айтууга аргасызмын.
Мукай өз тушуна карай ойчул, изилдегич, өз чамасына жараша кылдат, сезгич акын
болучу. Өз тушунда ал ага татырлык даярдыгы да бар: орустун классикалык адабияты
менен даң учурдагы жазуучулардын чыгармалары менен да алынча тааныш, чамасы
жетишинче аны талдап окучу. Жалпыга белгилуү Л. Толстой, А. Чехов, М. Горькийлерден
тышкары Леонов, Катаевдердин повесть, романдарын окуп, алар жөнүндө пикирлер
айтканын укчубуз. Артыкча «мастер!» деп В. Катаевди мактаганы эсимде. Толстойдун
«Хаджи Муратын», Горькийдин «Балалык чагын» көп кеп салып, көп мактачу. Алардан
тышкары дүнүйөлүк классиктер менен да тааныштыгы бар эле. Тили тектең элдерден
казак адабиятын кеңири биличү. Жеке эле көркөм чыгармаларды окубастан чоң
жазуучулардын кимиси канда иштешкени, алардын өмүр баяндарын билүү жагына көп
кызыкканы байкалчу. Мукай жазган учурда сөз тунугун ылгоого көңүл буруу жагынан ал
мага аздыркөптүр таасирин тийгизди. Ал тургай бир жолу мага графолог Зуев дегендин
китебин окутуп, «Огонек» журналынан графолог Кожемякин дегендин адресин таап
келип, экөөбүз ага «Өзүбүздүн ким» экендигибизди сурап, 7 сомдон акча жибергенбиз.
Эки ай өткөндө Мукайга да, мага да «Биздин ким» экендигибизди почерктеги белгилер
менен анын ачкан аныктамасын алганбыз. Албетте, бул өзүнчө кызык окуя эле.
Ошентип Мукай өз тушундагы билимдүү, жазууга даярдыгы бар өз ишине жооптуу
караган акын болучу. Бирок чыгармачылыкта кызганчактык сараңдыгы, кээде өтө эле
узакка тирмийгендей болуп «кысталып» иштегени мага анча жага беричү эмес. Кейпи,
мен ал кезде акындын «Чыгармачылык азапка» батканын анча сезбедимби. Не чынында
эле Мукай канатты эрксиз күүлөнткөн чоң шыктан мүчүлүш беле? Аны айталбайм.
— Жусуп Турусбеков жөнүндө аздыркөптүр маалымат бере аласызбы?
— Мен 1930-жылдын 31-декабринде «Ленинчил Жаш» кезитине кызматка орноштум.
Ошол кезде Жусуп, жаңылбасам, Түштүктө атайы кабарчы катарында пахтакерлерди,
теримчилерди мактап кабар, ырлар жазып жүрчү. Ал кездерде акын-жазуучулардын көбү
биздин республикалык кезиттерде «Кызыл Кыргызстан» менен «Ленинчил Жаштын»
кызматчылары болушчу. Мен көрсөм деп самаган акындын бири Жусуп. (Мукай
Жоомарт, Аалыларды көргөмүн). Бирок ал кезде Жусуп атайы кабарчы катарьгада
Түштүккө жиберилген экен. Анын Түштүктөн жазган кабарлары, «Теримчилер күүсу»
сыяктуу ырлары келер замат кезиттен орун алат. Редактордон баштап бөлүм
башчыларына чейин Жусуптун аты аталганда, ага сыймыктана, аны урматташканы
байкалат. Ансайын Жусупту көрүүгө кумарым артат.
Күндөрдүн биринде Жусуп келди дешти. Мына, биз олтурган бөлмөгө Жусукем да
келип, жалпыбыз менен кол алышып, алда немелерди айтып, барбактап өз кишидей
учурашты. Анын саал шашкансыган кебетеси, кийминин жупунулугу, өзүнүн
жөнөкөйлүгү мени таң калтырды. Эткел беттери жайыла калып, таноолу барбагай мурду
ага жараша түшүп, барбактап күлсө, кейпинде кандайдыр бир наристеги балалыктын
уяндыгы, айып сыздыгы бар. Ошентсе да чоң кишидей токтоолугу, деле шашпай оорбасырыктуу, салмактуу. Жыйырма экиге жаңы толгой жашында анын көрүнбөс касиет
ээрчиген сүйкүмдүү кешпир»! менден көп улуу өңдөндү мага. Бирок ал бар болгону
мендек эки кана жаш улуу экенин билгенимде ага теңтуш, курбу болоюн десем да, анын
таланты, өзүнүн адамгерчилик сапаты дайым менден улуу боюнча калды. Себеби,
Жусукем өз туштук замандаштарына караганда көп окуган, көптү билген, элинин
турмушун, кайгы-муңун кылдат сезген, тили бай, ички дүнүйөсү кенен, өтө ак пейил адам
экендигин мага бат эле байкатты. Мен Жусукемди таланттуу акын кана эмес, адамдык
жакшы сапаттарга бай, жүрөгүндө назик сезимдин күүсү бар экенин байкаганымда
Жусукемди бир туугандай сүйүп кеттим. Ал да мага (менин жаш кезимден оорулуу болуп
калганыма) жан кейите, бирок анысын сездирбей кайрат айтып:—Жашсың, айыгасың.
Жаныңды бак. Кечкисин иштебе!— деп акыл бериши менен анан же Тукайдан,
Магжандан же Касымдан, Пушкинден, же Лермонтовдон, Байрондон же Есенинден бир
сабакжарым сабакты жат айтып, менин көңүлүмдү поэзияга бургандай болучу. Артыкча,
ал Есенин жөнүндө кеп салганда, чоң сүйгүнчүлүк менен Сергейди жүрөгүнө жакын алып
туруп, таноолу мурду барбаңдай, саал коңур тарткан үнү ыкка анча көнө бербей, пас
муңкана калып:
Есть одна хорошая песня у соловушки — Песня понихидная по моей головушке.
Пейте, пойте в юности, бейте в жизнь без промаха Всеровно любимая отцветет
черемуха.
Ал толкундап, кызып, өзү да саал жашый түшүп, анан «акын деген ушул Есенин
эмеспи?» деп анын «Аялга катын», «Эненин катын», «Жооп катын» кеп салып, кээки
саптарын жат айтып жиберет. Ал тургай «Эненин катын» көчүрүп алып, аны алда нече
бүктөлүп, жыртылганча чөнтөгүндө сактап жүргөнү эсимде.
1932—33-жылы Жусуп менен мен коңшу туруп калдым. Ал кезде Жусукем баланын
атасы, үйжайдын ээси болуп калган. Ошентсе да турган үйүнө бир кишилик темир
керебет, кичине сүйрү үстөл араң батып, Гүлсүн үстөлдүн бир четинде кесме кесип жатса,
Жусуп бир четинде кол жазмасын редакциялап, же китеп окуп олтурар эле. Мага ырларын
окуп берип, анан ырды кандай учурда жазаарын айтычу. Баамымда, ал ыр жазып
олтурганында күүсүн маштап, унчугуп отурса керек.
Менден бир жолу сурап калды:
— Сен ырды кандай жазасың? Жазып олтурганыңда обон салып олтурасыңбы, же
ичиңден маштайсыңбы?
— Ырдап олтуруп ыр жазгыдай бизде атанын үйү бар беле, Жусуке,— дедим.
Жусуп барбактап аябай кубанды да: — Көрбөйсүңбү, мен Гүлсүндүн кесме кескен
үстөлүн талашып олтуруп жазып жүрөм. Көчмөн аталарыбыз бизге үй калтырбаса
кантебиз анан. Эчтемке эмес, жаза бериш керек. Жакшы ыр эрке турмушта чыкпайт.
Ошол кыш Жусуп көп иштеди. «Эне» дастанын баш кылып бир катар ырларды жазды.
«Ажал ордунанын» баштапкы вариантын иштеп анын кол жазмасын боз шинелдин
чөнтөгүнө салып жүрчү. «Кыргыздар» деген ыр менен жазылган роман жазарын айтып,
анын кандай жазыларын кеп салганда өзү алыскы дүнүйөдө жүргөндөй көңүлү алагдылана
калып, алда немнеге берилип толкундап кетичү. Ал романдын сабактарын жатка айтып
жиберчү. «Чаң болгон тебетейин алды күбүп» деп кай бир саптарын айтканында, менин
көз алдыма чабыша кеткен атчан адамдардын элеси тартыла түшкөнү эсимде. Айтор ал
жылдарда Жусуптун жазган ырлары биздин жаш коллективдин арасында чоң окуя
катарында кабыл алынар эле. Башка акындардын жыйнактары ар кандай кабыл алынса,
Жусуптун биринчи ырлар жыйнагы өз кезиндеги окурмандарга чоң поэзия катары жеткен.
Областтык комсомол комитетинин демилгеси менен болгон «Жусуп ырларынын
жыйнагына» арналган чогулуш азыркы тарых музейинин имаратында20 өттү. Чогулушка
катышкан жолдоштор бардыгы тең Жусуптун ырларын тек мактоо менен кабыл алышып,
ошондой жакшы ырлар жазууну башка акындардан талап кылышты. Анан акындын
урматына чакан банкет берилди.
Ошол кезде мен ичимдикти эч оозума албасам да, поэзиянын урматына болгон
берекелүү дасторкондо олтурган каламдаштардан, комсомол кызматкерлеринен
калышпай, алар менен бирге кубанып, бирге толкундап жыргап олтурдум.
...«Эми Жусуптун жолу кең ачылды. Анын акындык канаты эркин күүлөнөт. Таланты
курчуп, сонун ырлар чубурат. Мен ушундай болор бекемин» — деген тилек мени
тынчыткан жок.
Бирок, ошол ак тилектүү жакшы окуядан кийин эле анча мезгил өтпөй Жусуп өз өзүнө
кыжырланып, алда кимге таарынгандай болуп, бирок сырын эч кимге чыгарбай кейип, ал
тургай маалмаал иче коюп жүргөнү байкалды.

Бул кезде ал имараттын орду аянт.
Ал аңгыча, 1934-жылдын апрели жаңырып, Кыргызстан жазуучуларынын биринчи
Съезди чакырылды. Дал ошол Съезддин учурунда Жусуп эмнегедир капалуу да, ачуулу да
болуп, ичтен кекенип, кыжырланып кызып жүрдү. Съезд жүрүп жаткан. Чоң дем алышта
жаштардын бир тобун Жусукем үйүнө ээрчитип барды да меймандады. Өзү эмнегедир
ызалуу, ачуулу, ошентсе да ак пейилдигинен жанбай бизге акыл айтты:
— Эч кимдин азгыргандыгына алданбагыла. Ырыңарды жазып, өзүңөр калыс жүргүлө!
Жусуптун кейип, толкундап туруп купуя айткан кеңеши тегин эмес, анын чоң себеби
бар экенин биз сездик. Эч нерсе сураган да жокпуз. Себеби, биз сураган менен да Жусуп
бизге аны ачык айтпайт болучу.
Айтор, дал ошондон тартып Жусукем ичкенден ичти, кейигенден кейиди, чөккөндөн
чөктү. Ошентип, Сергей Есениндин асыл талантына үндөшкөн кыргыздын назик жүрөк
зор акыны тез ачылган жазгы розадай жайнай түшүп, жыйырма төрт жашка жаңы толгон
курагында өзүн өзү соолтуп салгандай болду...
-жылы жаз чарчап келатып азыркы орус драм театрынын каршысында,
скамейкага араң жеттим. Ымшып тердеп, демим кысылып араң олтурам. Бийик чыккан
акчечек, кара жыгач, эмил арасынан күн селбип турат. Каршыда жашыраак эмил керимсел
тартып учтары куурап калыптыр. Мен ошого карап калдым.
Театр жактан Жусукем келип жаныма олтурду да мага мээрим сала карады:
— Эмне, олтурасың мында? Тамаша ретинде оюмду айттым:
— Ээ, Жусуке... олтурам да... көрбөйсүзбү? Береги жаш бак менчилеп куурап
баратыптыр, Аз калыптыр. Жакында бул отунга кыйылат. А мени топуракка
жашырасыңар...
Жандили менен Жусуп аянычтуу жалдырай карап, мени колдон жетеледи:
— Кой, антип айтпа! Бак да куурабайт, сен да жашайсың!— Анан ак пейли менен
барбактап күлгөн болду.— Андан көрө үйгө барып ыр жаз!
Андан бери отуз эки жыл өттү. Баягы эмил жыл сайын жалбырактайт. Мен да өмүр
сүрүп келатам. Бийик таланттуу зор акын Жусукем катарыбызда жок. О, кандай ачуу
өкүнүч...
— Жоомарт Бөкөнбаевдин жалпы деңгели, акындык шыгы жөнүндө аздыр-көптүр
маалымат айталасызбы?
— 1929-жылы августа биринчи жолу Фрунзеге келдим. Тааныш эч кимим жок.
Издегеним Мукай. Аны биринчи жолу 1922-жылы Караколдо деддомдон көргөмүн. Анда
Мукай улам турникте ойной калып, балдар менен алышып-күрөшкөн шимеңдеген тынчы
жок жаш улан көрүнгөн. Чап жаак, беттери чаар болучу. Ошол белгисин эсте тутуп эми
Фрунзеден чаар киши жолукса эле — «Ушул Мукай болуп калбасын» дейм. Ал тургай бир
жолу «Ударник» кинотеатрынын алдына келсем, күдүрөйгөн кара чаар неме билетер экен.
«Ушул Мукай болбосун» деп,
анын жанына алда нече ирет келдим, бирок өтө эле күрсүлдөгөн орой немеге даай
албадым. Көрсө, ал уйгур жигит экен. Ошентип, Мукайды издеп тапбай жүргөн кезимде,
иликтеп педтехникумга келдим. Көздөрү алаңдай караган үксөгөй тармал чач жаш жигит
эшик алдынан оро-пара жолугуша түшүп, өтө берип кайрылды. Кейпи менин элеттик
кешпирим анын көңүлүн бурду окшойт:
— Ой, бала, кимге келдиң? Мында кимиң бар эле?
— Мукайды издеп жүрөм...
— Аа... Мукай жок, ал азыр Таласта тажрыйба өткөзүп жүрөт. Он беш күндөн кийин
келет,— деп калдастап өтө берди.
Көрсө, ал Жоомарт экен. Мен аны сыртынан жакшы билчүмүн, баамымда токтоо,
кадыресе чоң кишидей сезилчү. Эми калдастаган шашма жапжаш жигитти көргөнүмдө
көңүлдөгү элес бөксөргөнсүй түштү. Ошентсе да кандайдыр бир жылуу сүйкүм калтырды.
Жоомарт экөөбүз жакын таанышкандан кийин да мен ал жолугушууну ага эскербедим.
Жоомарт да эскербеди. «Жоомарт мени байкабай, билбей калды. Анда мен элеттен жаңы
келген бала элем. Андан бери кийген кийим мындай турсун кебете кешпирим да өзгөрүп
кетти», деп жүрдүм. Бир топ жылдай кызматташ болдук. Ал редактор, мен бөлүм
башчысы. Экөөбүз далай жолу уруштук, сөгүштүк.
Экөөбүз поэзия жөнүндө да айтышып жүрдүк .Бирок, биздин айтыш, биздин уруш, тек
тентек эки бир туугандын «чатагындай» кана кылга зыян келтирбес тентекчилик,
кызуулук болучу. Кейпи, албуут таланты ээликтирген Жокемдин өткүрдүгүн мен көтөрө
албай, оорунун эзгендигине кыжырланып жүргөн мен каламдаш жолдошумдун курчтугун
кечире албай экөөбүз көп учурда текөөрдөштүк бейм? Бирок биздин текөөрлөшүү
трибунада, не басма жүзүндө принципсиз сынашууга айланбады. Ага эч себеп да жок
болчу. Эсимде, бир гана жолу—1938-жылы кыш,— «Кең-Суум» катуу сындалып жаткан
чогулушта мен Жоомарттын катарында сүрөт тартып, күлүп олтурдум. Кейпи, менин
антишим ага кайдыгер көрүндү бейм? Мага эки-үч карап тултуя түштү да ыргып туруп
президиумга кайрылды:
— Китеби жөнүндө, өзү жөнүндө саясий айыптар коюлуп жатса, Сыдыкбеков сүрөт
тартып, күлүп олтурат. Тартипке чакырылабы, жокпу?! — деп жиберди.
Ошол замат мен да ыргып турдум:
— Сүрөт тартып күлбөгөндө ыйламак белем! Кайсы асыл сөздөр үчүн дит коймок элем,
саксайган чачтарыңды...
Күлкү угулду. Жаагынан терин аарчып, көгөрүп ачуу бүркүп булкунуп Жокем кайра
олтурду. Анын жанында калтырамыш болуп коюп мен кайрадан сүрөтүмдү тарта бердим.
Ачуум тарары менен Жоомартка эч кек сактабадым. Жана Жоомарт тараптан да мага
атайы каалаган жамандыгы сезилген жок. Тескерисинче, ал бат эле дардактап, айтпаганды
айтып мени тамашалай беричү. Экөөбиз жемелешсек да, айтышсак да, кеңешсек да,
сырдашсак да, адабият жөнүндө кеп салышсак да тек жай сүйлөшпөй сөз арасына мурчтуу
сөздөрдү айтышып, ачуу, орой эпитеттерди бир бирибизге серпишип... күлүп, жыргап
калчубуз. Биздин сүйлөшкөнүбүздү укканда курбулар моокуму кангандай күлүшүп,
келин-кыз болсо, жаныбызда тура албай жөнөй беришчү. Артыкча согуш жылдарында
экөөбүз өтө таттуу болуп кеттик. Ал мени көргөн жерден эле:— Көлтөйгөн арам,
Арстанбек менен Асылгүлдүн нормосун жеп алып, аларды ачка коюп келатасыңбы?! —
дейт.
— Саксайган акмак, Кулубек менен Тентинин нормосун сен жайына койгондурсуң?!—
дейм. Андан аркы айткандарыбызды азыр жазууга болбойт...
Айтор, кийинки жылдары экөөбүз поэзия жөнүндө кеңири сүйлөшчү болдук. Бир жолу
Жокем куш качырган кишидей алыска өкүнө карады да, күрсүнүп койду:
— Поэзия эмне экенин түшүнбөй ыр деген ушул деп жүрө берипбиз го. Өмүрдүн
кымбаты талаштар-тыштарда өтүп кеткен экен. Аманчылык болсо, эмки өмүрдү текке
кетирбей, анык поэзияга арнаймын! Курманжан жөнүндө ыр менен роман жазамын!
Экөөбүз артка кылчая калып, баскан жолубузга карап, өкүнүп да, күлүп да калчу
болдук. Баса, бир кездери дал ушул Жоомарт экөөбүз «Ырды башкадан үйрөнүп жазмак
беле. Күчүң жетсе, өзүң жаз!» — дегенбиз. Биздин антип айтканыбызды Мукай
кеңкелестердин кебиндей жактырбай, Жусуп болсо, бизди тек тамаша айтып жатышат деп
түшүнүп, талантты жетилтиш үчүн таалым керек дегенин эскердик.
Өткөндөгү кемтикти эми алды жактан толтуруш үчүн экөөбүз аябай бекиништик. Анан
Жокем тултуя калып, ойлуу терезеге карап бир азга унчукпай калды да, алда немнени
эстей койгонсуп өз бетинче ызырынып алды.
Экөөбүз көзү өткөн акындар жөнүндө кеп салышып кеттик. Бир маалда Жоомарт
улутунуп алды да мага жылуу карады:
— Экөөбүздүн алгачкы жолугушканыбыз эсиңдеби?
— Эсимде —дедим.
— Сен анда чоң өтүк, чоң калпак кийген арык узун бала элең. Шөлпөйгөн...
«Шөлпөйгөн» дегенине намыстана түштүм да:
— Сен анда чолок булгаарыдан куртка кийген, үрккөн улактай элеңдеген кара бала
элең. Саксайган...
Экөөбүз тең күлдүк.
— Сенин үстүңдө боз шырымал болучу. Топчулары чоң, чоң эле.
— А сенин ошондо эле буттарың ийри болучу...
— Аны кой, акмак, эми мындан ары жакшылап иштешибиз керек!
Элеңдеп шашма өңдөнгөнү менен бир караганда эле адамдын баш-аягын жазбай
баамдап калыш дал көрөгечтиктин, баамчылдыктын белгиси. Жокем, өз турмушунда,
жүрүш-турушунда калдас, шашма болушу тек жеңилдик эмес, ички дүнүйөсүн тынчытпас
касиетинен улам курч талантына ээлигип, дайым албуут өңдөнүп жүрчү. Ал ооз учунан
бул же тигил чыгарманы мактап, ага кызыккансыганы менен өз дүйнөсүнө эч бир улууга
сыйынбас, өз күчүн баалоо, өзүнө менсинүү касиети аны ээликтирчү. Балким ушул сапаты
аны бир аз дөгүрсүтүп, бир аз «кечиктирип ойготтубу». А балким, чыгармадагы
Жоомарттын өсүшү нукура закондуулукпу? Айтор, чаалыкпас канатын дагы катуу сермеп,
дагы бийикке көтөрүлөм деп турган кезде, кыргыз поэзиясынын шаңшыган жаш бүркүтү
күтүлбөгөн жерден зоого согулду.
Дагы бир курч калам колдон түштү... Кымбаттуу Жигитов!
Айрым суроолоруңуз маанилеш болгондуктан, кээкилери саал чаржайыт болгондуктан
мен аларды кыскартып койдум. Кечириңиз. Чынында эле «палан жазуучу кандай китепти
окуду, кайсы классикти жакшы көрдү?» деген өңдүү суроолорго биздин адабиятты
изилдөөчү жолдоштор көбүрөөк көңүл буруп жүрүшөт. Кейпи, кыргыз жазуучуларынын
өсүшүн, алардын жетилишин, чебердикти өздөштүрүү жагында же тигил, же бул
классиктин аты аталып, алардын атактуу чыгармасы, ал тургай каармандары, алардын
үндөшкөн үндөштүгү айтылып калса, ошондон кай бир изилдөөчүлөр табылга тапкансып
жүрүшөт. Менин жекече баамымда бул калтыс метод. Бир беткей үстүрттүккө алып
кетүүчү жалаң кабаттык. Жазуучудан мурда аны изилдеп жаткан окумуштуунун өз ишине
даярдыксыздыгынан келип чыккан жеңил болжоолорбу дейм.
Мен жаш да, жайдак да болдум. Бирок менин таалимчим: бир-эки адам, же эң мыкты
беш-он китеп болгон жок. Жашоо үчүн аба, күн, суу, тамак, кыймыл-аракеттер сыяктуу
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Мезгил Сабактары - 31
  • Parts
  • Мезгил Сабактары - 01
    Total number of words is 3925
    Total number of unique words is 2168
    28.4 of words are in the 2000 most common words
    41.5 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 02
    Total number of words is 3835
    Total number of unique words is 1945
    25.2 of words are in the 2000 most common words
    37.9 of words are in the 5000 most common words
    45.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 03
    Total number of words is 3888
    Total number of unique words is 2004
    26.2 of words are in the 2000 most common words
    38.0 of words are in the 5000 most common words
    44.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 04
    Total number of words is 3917
    Total number of unique words is 2109
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    38.3 of words are in the 5000 most common words
    44.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 05
    Total number of words is 3841
    Total number of unique words is 2050
    24.3 of words are in the 2000 most common words
    35.5 of words are in the 5000 most common words
    41.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 06
    Total number of words is 3908
    Total number of unique words is 2175
    25.1 of words are in the 2000 most common words
    36.6 of words are in the 5000 most common words
    43.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 07
    Total number of words is 3879
    Total number of unique words is 2261
    24.6 of words are in the 2000 most common words
    36.6 of words are in the 5000 most common words
    43.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 08
    Total number of words is 3889
    Total number of unique words is 2322
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    38.4 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 09
    Total number of words is 3878
    Total number of unique words is 2190
    26.2 of words are in the 2000 most common words
    38.2 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 10
    Total number of words is 3881
    Total number of unique words is 2101
    24.1 of words are in the 2000 most common words
    34.1 of words are in the 5000 most common words
    40.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 11
    Total number of words is 3844
    Total number of unique words is 2201
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    42.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 12
    Total number of words is 3898
    Total number of unique words is 2270
    27.6 of words are in the 2000 most common words
    39.9 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 13
    Total number of words is 3957
    Total number of unique words is 2233
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    47.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 14
    Total number of words is 3766
    Total number of unique words is 2212
    23.9 of words are in the 2000 most common words
    35.6 of words are in the 5000 most common words
    42.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 15
    Total number of words is 3906
    Total number of unique words is 2254
    27.6 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    47.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 16
    Total number of words is 4040
    Total number of unique words is 2326
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    38.3 of words are in the 5000 most common words
    44.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 17
    Total number of words is 3980
    Total number of unique words is 2278
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    38.4 of words are in the 5000 most common words
    45.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 18
    Total number of words is 3826
    Total number of unique words is 2298
    24.7 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 19
    Total number of words is 4011
    Total number of unique words is 2430
    25.2 of words are in the 2000 most common words
    37.5 of words are in the 5000 most common words
    45.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 20
    Total number of words is 3935
    Total number of unique words is 2383
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    45.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 21
    Total number of words is 3922
    Total number of unique words is 2456
    24.7 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 22
    Total number of words is 3905
    Total number of unique words is 2360
    25.7 of words are in the 2000 most common words
    37.1 of words are in the 5000 most common words
    43.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 23
    Total number of words is 3793
    Total number of unique words is 2219
    25.4 of words are in the 2000 most common words
    36.9 of words are in the 5000 most common words
    43.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 24
    Total number of words is 3857
    Total number of unique words is 2269
    24.4 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    43.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 25
    Total number of words is 3863
    Total number of unique words is 2183
    23.7 of words are in the 2000 most common words
    35.5 of words are in the 5000 most common words
    43.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 26
    Total number of words is 3856
    Total number of unique words is 2325
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.0 of words are in the 5000 most common words
    45.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 27
    Total number of words is 3866
    Total number of unique words is 2429
    25.2 of words are in the 2000 most common words
    35.8 of words are in the 5000 most common words
    42.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 28
    Total number of words is 3971
    Total number of unique words is 2417
    23.9 of words are in the 2000 most common words
    35.9 of words are in the 5000 most common words
    42.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 29
    Total number of words is 3917
    Total number of unique words is 2300
    24.3 of words are in the 2000 most common words
    36.2 of words are in the 5000 most common words
    42.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 30
    Total number of words is 3926
    Total number of unique words is 2169
    25.8 of words are in the 2000 most common words
    37.9 of words are in the 5000 most common words
    44.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 31
    Total number of words is 3936
    Total number of unique words is 2141
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    45.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 32
    Total number of words is 3916
    Total number of unique words is 2096
    25.7 of words are in the 2000 most common words
    37.3 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 33
    Total number of words is 3934
    Total number of unique words is 2181
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    38.5 of words are in the 5000 most common words
    45.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Мезгил Сабактары - 34
    Total number of words is 2486
    Total number of unique words is 1435
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    41.2 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.