Latin

Асылбача - Бекбача - 11

Total number of words is 4282
Total number of unique words is 2270
29.8 of words are in the 2000 most common words
43.1 of words are in the 5000 most common words
49.6 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Ак шумкар болуп тийейин.
Анык чүрөк болгондо,
Арыбым артса ошондо,
Амал канча билейин,
Айчүрөк кылган иш болсо,
Айланышып көрөйүн,
Айчүрөкчө болбосом,
Адам болбой өлөйүн.
Абдан билдим мен эми,
Айчүрөк экен турбайбы”
Акылга алып Кызылкыз,
Жети кат жердин түбүнө,
Далдаланып калса да,
Дубасы барып жашынгыс,
Эми түркүм-түркүм дубасын,
Түрмөгү менен салды эле,
Суф дегенде ооз ачып,
Кекилик болуп кыргыздар,
Чокчойушуп калды эле,
Ак шумкар болуп Кызылкыз,
Качырып кирип барды эле.
Кызылкыздын кылаарын,
Билип турган Айчүрөк.
Асман ачык жер жакын,
Ашкере кылган иштерин,
Көрүп турган Айчүрөк,
Ак шумкар болуп Кызылкыз,
Кырданып бара жатканда,
Ашкере бери Айчүрөк,
Ал билгенди ким билет?
Ак булут кыла салды эле,
Кырданып кирген Кызылкыз,
Кекиликке жете албай,
Илип алып кете албай,
Булут болуп кубулуп,
Туруп калды далбайып.
Тургузуп койуп шум кызды,
Жедигер менен Маңгытты,
Бекбачага көрсөттү,
Бели катуу Бекайбат,
Бекбача кетип баратат,
Эрдиги канча билем деп,
Эрдемсип Калдык баратат.
Эрегишип хан Калдык,
Кагыша кетти түз барып,
Каскаксыз найза колунда,
Бекбачаны хан Калдык,
Аңтара сайыш ойунда,
Айбаттанып хан Калдык,
Кара сурга камчы уруп,
Доолбасты карс уруп,
Маңгыттап ураан чакырып,
Жер жарылта бакырып,
Найзанын урду качырып.
Бекбача найза сайдырбай,
Алдыртан өөдө какты эле,
Балта тийген бул найза.
Асманды карай атты эле.
Тайны калбай найзасы,
Талкаланып жатты эле,
Ашыккандан ашыгып,
Айабай чындап шашылып.
Кылычын сууруп хан Калдык.
Жана кирди качырып.
Кылычтын бети жалтылдап,
От көрүнүп жаркылдап,
Кылычты шилтеп ийгенде,
Машы чыккан Кара көк,
Сырты менен балтанын,
Жалпагына кылычты,
Жандата кагып ийди эле,
Кылычка балта шак этип,
Беш бөлүк болуп кылычы,
Талкаланды шаңк этип,
Маңгыттардын хан Калдык,
Найзасы жок колу кур.
Кылычы жок кыны кур.
Кызыталак Маңгыттын,
Арданганын карап тур.
Калдыктын аты Кара сур,
Атынан айрып алгысыз,
Өз өңү да кара сур.
Муруту тал-тал бириндеп,
Ачуудан бойу дырылдап,
Көзү чуңкур ороодой,
Топо толуп ылайлап.
Айдар кара чачы бар,
Өңөргөн койдой кашы бар ,
Жылкычынын отоосу,
Жолум үйдөй башы бар ,
Эки бети болтогой,
Эки даңгыт тойгондай,
Мойну жоон букуйуп,
Далысы дүмдүк дукуйуп,
Төө кенедей кулагы,
Белгиси турат мулуйуп,
Шишик баскан немедей,
Булчуңдары дулуйуп,
Бели кыска тууралжын,
Уйуткандай тулуйуп.
Барча кара дөбөдөй,
Турат калдык думуйуп,
Мойну жыкыр ченебей,
Топ -томолок чулуйуп,
Найза, кылыч колдо жок,
Найза, кылыч бергин деп,
Аскерин карап турган жок,
Жолум үйдөй чойун баш,
Күүлөп-күүлөп имерди,
Бекбачаны качырып,
Чокморду койуп жиберди,
Бекбача карап турабы.
Чокмор келип тийгенче,
Каржиликтин булчуңга,
Найза менен муштады,
Оң колунун булчуң эт,
Бөлө сайып таштады.
Чабалбай колдон ал кетти,
Чокмор түшүп кеткени,
Кайра кирсе качырып,
Чын эле ажал жеткени.
- Ой, Бекбача, Бекбача,
Кеп айтамын мен сага.
Карым какшап кан акты,
Жанымда жарак жок калды.
Уруксат бер жан айым,
Мен аскерге барайын,
Сайар найза, тартар жаа,
Чойун баш чабар ай балта,
Кылычым калган кынымда,
Отуз киши аларды,
Жеткире албайт чынында.
Дүбүрөтүп аларды,
Аа-аалатып жүргүчө,
Кылычты кындап байланып,
Сайарыма найза алып,
Чойун баш кысып такымга,
Ай балта байлап белиме,
Армансыз болуп келейин,
Ажалым жетсе өлөйүн,
Азабым болсо көрөйүн,
Ачуулансам Бекбача,
Көмө чаап жөнөйүн,
Асыл менен канчалык,
Карачашкамын кармашып,
Эрегишип көргөмүн,
Үзөнгү тийип жандашып,
Чама жетип, чарк келбей,
Биз жүргөнбүз карчашып.
Бекбача, сени канча деп,
Мен жүргөмүн башында.
Белдүүнүн бири экенсиң,
Бет келишип байкадым,
Эки күндүк урушта.
Канды суудай чайкадың,
Теңдешээр киши экенсиң.
Эми сага кекендим,
Жооп берсең кетемин.
Эртең эрте келемин.
Армансыз болуп камынгын,
Айтпай койду дебегин,
Анда айтат Бекбача:
- Жооп берсем мен сага,
Кутулам деп дүмүңдөп,
Калбагының балаага.
Барсаң барып кайтып кел,
Кебиң болсо керээзиң,
Эл-журтуңа айтып кел.
Калдык жөнөй бергенде,
Кайра тартып Бекбача,
Калган элге келди эле.
Агачалык кыргыздар,
Аттуусу атчан жөөсү жөө,
Мурункудай салтына,
Кекилик болбой келди эле.
Булут болгун Кызылкыз,
Башы төмөн караган,
Дем ала албай кысылып,
Кыйналгандан чыдабай,
Кара тер бойдон сызылып,
Сыйкырлаган кыргызды.
Кекилик болбой кутулуп,
Бекбачанын алдына,
Баары келди чубуруп,
Каадасынча Бекбача,
Салам айтып карыга,
Андан калган баарыга:
- Бириң калбай кайтып кет,
Жалпайган үй, жайган мал,
Ээлик болгун оокатка.
Алым келет душманга,
Өзүнчө келип катышты,
Саламын башын душманга.
Кары-жашың- баарыңар,
Жай жаткыла кам кылбай,
Эркек-айал-баарыңар,
Айткан кепти угуңар.
Качып калса душмандын,
Артынан кетет уулуңар,
Бириңе бириң чоң чыкпай.
Ынтымактуу туруңар.
Башкарып турат силерди,
Ордонун ханы Орунбай.
Пейилиңди салып кулак сал,
Сага айтаар кебим бар,
Баш болдум деп барбайып,
Чаначтай көөп чандайып,
Кардыңды сылап чардайып,
Калбагының дардайып,
Эрте туруп, кеч жатып,
Акыл ойлоп, эс тапкын,
Кара жаның жыргатпай,
Калың элди тең баккын.
“Туура бийде тууган жок,
Туугандуу бийде ыйман жок”
Бул макалды сага айттым,
Эртең эле келгенде,
Эсебин алчу мен бармын.
Чоң атамдын барында,
Асыл агам жанында,
Кызмат кылдың аларга,
Нуска алгандыр андан деп,
Журт тапшырдым мен сага.
Эл жыргаса жыргасын,
Эмгегин тарткан элимдин,
Жыргалын көрсүн кара журт,
Эл башкарган эринин,
Ой, Орунбай ойлоп көр,
Эсири болсо кебимдин,
Аксакалдуу карың ук,
Айал-эркек – баарың ук,
Абайлап уккун айалдар.
Кылыктуу болгун боз балдар,
Баш кишиңер Орунбай,
Мойнуңду бурсаң кеп укпай,
Келгенде угам кылганын,
Мен кежирдин биримин,
Бириңе тийип кетпесин,
Бириңдин кылган кесирин,
Алын сурап тургула,
Жетим менен жесирдин,
“Карынын кебин бурчултпай,
Капка салып сактагын.
Өлүп калса өлүгүн,
Апта койбой сактасын”.
Жаштарга айтам көбүнчө,
Олуйа Кошой макалын,
Кылайтып көөнүн оорутпай,
Карыларды сактагын,
Бир көргөндө билинет,
Жакшы жаман бакканын.
Жубан-келин турасың,
Каргышын алып кемпирдин,
Карыганда кысас тартпагын.
Агала сакал чалыңар,
Ак саамайлуу баарыңар,
Уул менен келиндин.
Кылганына киришип,
Кыйгачынан тиктенип,
Кыйык сөз угуш не пайда.
Жаман карып калды, деп,
Айылдагы эл айтат,
Какчаңдады деп айтат.
Карыганда момун бул,
Калгандарга сонун бул,
Акыл уксаң кеп ошол.
Ушакчы болбо, ургаачы,
Ууру болбо эркегиң,
Жон сомоос уңгусу,
Ушул айтаар бар кебим.
Жазды-күздү – эки убак.
Арбагың тайы Айкөлдүн,
Унутуп калып жүрбөгүн.
Эгин эгип, малын бак,
Күчүң менен оокат тап.
Кар болбостон жаның бак,
Жети төр, кең кол Таласта,
Сыйынып баатыр Манаска,
Эби менен жан сактап.
Көк бөрү тартып кунан чап.
Эртеден кечке дардактап,
Кошомат кылып бирөөгө.
Жандай чаап салбактап,
Убара болбос жакшы эмес,
Карды ачканды каңгырап,
Эгин издеп тамтаңдап.
Бай-кедейиң аралаш,
Бирге жүргүн чамалаш,
Кем-керчиңе көз салып,
Бириңе бириң каралаш.
Жок жеринен чатак таап,
Чуу салбагын айылга,
Арадай жерге чарадай.
Жыйын курба талаада,
Өөдүк-сөөдүк кеп айтып,
Жакын болбо жалаага.
Көзү жок деп күбүрөп,
Кеп кылбагын жок жерде.
Жамандык жатпайт жашынып,
Угулуп калат бир демде,
Кишиден чыгып калаарда,
Ачык ооз болот ар пенде,
Ушул менин айтаарым,
Уксаң, кыргыз, силерге.
Айтып болуп Бекбача,
Тайарланды жүрүүгө,
Талыкпас деген бар эле.
Тили таттуу бул элде,
Кеп тапкычы ал эле:
- Айкөл шердин тукуму,
Ак болоттун укулу,
Кайрылып келбей койчудай.
Канча сөз айттың байатан,
Ак калпак кыргыз биз эмес.
Алтымыш уруу Алашка,
Арстанды Алла жараткан.
Укумуна тукуму.
Элин багып келе аткан,
Кулак менен укканбыз,
Эр Кененим кеп айткан:
“Качып калса душманды,
Кубалаба” деп айткан.
Бир белгиси болбосо,
Билгичтер мурун неге айткан?
Ата мурас сиздерге.
Илгертен бери эл баккан,
Эби болсо айткан кеп,
Барбасаңыз деп айтам.
Айкөл Манас өткөлү,
Эр Семетей, Сейтек,
Зор Кененим, Сейитим,
Асылбача артыкча,
Канатууга кактырбай,
Тумшуктууга чокутпай,
Азуулууга каптырбай.
Аманат жанын айабай.
Алашты бакты жайма-жай.
Зор Кененим абабыз,
Өзүңүздөн укканда.
Асылдын алып сөөгүн,
Аттанып кетти дедиңиз,
Алаштан алыс кетүүгө,
Бузулуп турат пейилиңиз.
Карчалышып хан Калдык,
Контукчу болуп Каракөз,
Кол салды келип кыргызга.
Баарысын, баатыр жандырдың,
Эми кала бергенде,
Алаш үчүн кам кылдың,
Сыйкырлуу кыздын амалын,
Сырын ачып шар кылдың,
Акимсинген иттердин,
Кетээр жолун тар кылдың,
Кекилик болгон кыргызды,
Кадимкидей эр кылдың,
Аттанып кетсең алаштан.
Амалкөй бирөө келбесин,
Кетиптир деп Бейбача,
Жазабызды бербесин,
Жаныбарды калтырбай,
Кекилик, чилдей тербесин.
Тамтаңдатып биздерди,
Талпакты ташка кербесин,
Тартып алып коргонду,
Ээ кылбастан элиңе,
Кордук кылып жүрбөсүн.
Бирге жатып, бир копсок,
Бирге басып, бир турсак,
Эңкейген эчен кары бар,
Эмгектенген жашы бар,
Кызыл муштум бала бар,
Кызыл ээк жана бар,
Калың кыргыз элинде.
Кеңкол, Талас жеринде.
Алтымыш уруу Алаш деп,
Айтылып келген бу элде,
Токсон уруу өзүбек,
Толкуган кыргыз дегенде.
Жакшы болсо көөнү жай,
Жаман болсок жай албай,
Бар алын айтат сиздерге.
Барып кел деп айткандан,
Барба деш арзан биздерге.
Бастырып кетсең болбостон,
Кыйамат күнү болгондой.
Көрүнүп турат бул элге,
Деп талыкпас айтканда,
Бекбача айтат мындай деп:
- Ак калпак кыргыз биздин эл,
Далайдан бери карасаң,
Кан кечишип келген эл,
Тетиги турган жоо менен,
Жолугушам эми мен.
Атам айткан Кененим,
“Ата журтуң Таласка,
Жат кишини бастырба,
Такалуу атка таластын,
Топурагын каздырба”
Насаатын кандай унутам?
Унутуп калсам айтканды.
Алашты кантип мен багам?
Таталаган бул элди,
Таластан айдап чыгарып,
Кайтып келем угуп кал,
Оокатың бар малың бар,
Ушу турган канча жан,
Жан сактооңор далай бар.
Азыр болгун малыңа,
Ээлик болгун жаныңа.
Баарыңарга угузуп.
Билгеним айттым алдында,
Көп кечикпей кетип кал,
Күмбөзгө силер келгели,
Болуп калды алты күн,
Аман келээр бекен деп,
Уктай албай жаткан бар,
Кирпик какпай узун түн.
Турбагыла, кет, - деди.
Турбай элдин кеткени.
Кетирип элди үйүнө,
Эртең Калдык келет деп,
Күйүп жатты Бекбача.
Булут болгон Кызылкыз,
Турган ошол бойунча.
Айтылып келген Айчүрөк,
Андан уккун кызык кеп,
Кызылкызды мурунку,
Олутуна келтирет.
Карап турду жанында,
Киммин мени тааны, деп.
Кыз болгондо Кызылкыз,
Токтоо кылбай шар айтты:
-Эжекебиз Айчүрөк,
Таанып турам,- деп айтты,
Мен жүргөмүн ойумда,
Жер бетинде сыйкырдын.
Түркүгү да, түйүнү,
Такыр менин колумда.
Эчтеме билбейт экенмин,
Эжеке, сенин алдыңда.
- Айчүрөк дедиң сен мени,
Атым Чүрөк эмесмин,
Кыз олуйа Кеңкол деп,
Кыргыздар айткан бу бир кеп.
Кыз олуйа дегендин,
Кызматкери боломун,
Жанымды койуп көөдөнгө,
Ташка айлантып тениңди,
Токтотуп койом жөн эле.
Акыр заман болгончо,
Алым келет билип кал.
Кеңкол, Талас жок жерде.
Кандай болсоң андай бол.
Кыйшаңдаган сетеркүң,
Турбагының кет, жогол!
Кайра келсең Таласка,
Кар болосуң, билип кой!
Жалдырап-жайнап турасың,
Баарынын кебин угасың,
Сүйлөйүн десең тил дудук,
Басайын десең бутуң жок,
Кармайын десең кол чолок.
Кете берээр жолуң жок,
Кулагың салып кебимди ук!
Айтып болуп эжекең,
Кайып болду кубулуп.
Көзү көрүп Кызылкыз:
“Эки айактап жер баскан,
Кара баштуу пенденин,
Көркөмү экен ушул кыз.
Кыз олуйа Кеңколдун,
Ээси экени чын экен,
Кеңкол, Талас деген жер,
Бир көргөнгө сыр экен.
Каракөз менен Калдыкты,
Жандырып алып кетейин.
“Кеңкол, Талас жок жерде,
Кандай болсоң андай бол”.
Ашкере айтты жашырбай,
Кыргын болуп күнүгө,
Болбос ишке асылбай,
Башка жерге баралы,
Баш-айакты жыйнактап,
Бекбача менен талыкпай,
Анан уруш кылалы”.
Деп ойлонуп Кызылкыз,
Башка жакка бурулду,
Жетип барса Кызылкыз,
Атын алып камданып,
Каардуу Калдык аттанып,
Басканы турган убагы.
- Эки күндөн бер жакка,
Келе албадым, хан Калдык.
Аттаныпсың камданып,
Кай тарапка барасың?
Ичи кара көзү чаар,
Айтканынын баары заар,
Калдык айтат ошондо:
- Билмексен болуп сурайсың,
Кызылкыз мени сынайсың,
Эки күндөн бер жакка,
Жанымда менин турбайсың.
Тиги турган Бекбача,
Асылдан канча тың экен,
Баатырлыгы чын экен.
Кааруулаштым, карчашып,
Бөй-чайандай заар чачып.
Чама жетпей шай болдум,
Кармалбай колум дал болдум.
Жарактын дайыны калбады,
Соотторум жыртылып,
Чыгып кетти далдалы.
Кыймыл этээр ал калбай.
Калдыктын кетти дарманы,
Айла кылып себеп таап,
Суранбай амал калбады.
Мына минтип жан калды,
Эгер андай кылбасам,
Чын эле жандын калбасы,
Кыйын экен Кызылкыз,
Куураган жандын аргасы!
Эртең менен келем деп,
Айтып келдим мен анда,
Атка минген чагым бу,
Айгашкан жоого барарга.
Барбай койсом кечигип,
Менден коркту деп айтат,
Ал айтпаса эл айтат,
Жакшы-жаман тең айтат.
Чоң-кичилер баары айтат.
Байкап көрсө Кызылкыз,
Башын салып хан Калдык,
Баргалы турган амалсыз,
Жедигер менен маңгытта,
Балбандары бар эле,
Оозунан чыкпайт бир балбан,
Мен барайын дегенде,
Кызылкыз айтат ошондо,
Хан Калдык жөнөй берээрде:
- Капаланба кайгырба,
Кар кылбаймын сени мен,
Жаным аман барында.
Камчыңды булгап кабар кыл,
Шайың кетип бара атса,
Куткарып алам сени мен,
Аламан уруш башталса.
Мен айтамын чынымды,
Жашырбай ички сырымды,
Таластын туруп бетинде,
Кылалбаймын сыйкырды,
Пири тирүү жер экен,
Колдоочусу бар экен,
Пири жердин кызы экен,
Сыйкырга менден мыкты экен,
Көрүнө мага айтты кеп,
Мында турбай кайткын, деп,
Таластан чыгып кеткенде,
Кандай болсоң андай бол,
Калганын өзүң билгин деп,
Апкаарыбай сен баргын,
Аман-эсен Таластан,
Алып кетчү мен бармын,
Аласкытып кыргызды,
Бир амалын табармын.
Каракөз турат жалдырап,
Мууну кетип шалдырап,
Жөнөп кетти хан Калдык,
Каруу жарак калдырап,
Тайарланып Бекбача,
Оттой көзү балбылдап,
Кыл мурутун имерип,
Он эки ороп кулакка,
Муруттун ичи иймейип.
Сакалы тал-тал сеңселип,
Залкарың турат шашылбай,
Майтору менен теңселип.
Качырып Калдык келе атат,
Тепсетип кетчү кептенип,
Ойуна албайт Бекбача,
Оозун ачып эстенип,
Кара сур минген хан Калдык,
Каарданып качырып,
Карап турат Бекбача,
Камыгып койбойт шашылып,
Бир беттешип алышып,
Найзалары кагышып,
Каңкылдаган үн чыгып,
Карсылдашып салышып,
Оро-пара турушуп,
Ороолонуп урушуп,
Ойду-кайкы жарышып,
Оң- тескери чабышып,
Жакалашып жулушуп,
Жан алчудай болушуп,
Чокморлорун алышып,
Колтуктарын чойушуп,
Чокудан ары койушуп,
Балталары чакылдап,
Найзалары такылдап,
Чогоол сүйлөп күпүлдөп,
Көрсөтөм деп дүпүлдөп,
Эми кандай болом деп,
Жүрөктөрү дүкүлдөп,
Найзалары сүлкүлдөп,
Көчүктөрү бүлкүлдөп,
Жалгыз жанды айабай,
Кылга байлап таштады,
Кыйаматты эске албай,
Кыйын уруш баштады.
Топурак учуп буркулдап,
Шамал чыгып зыркырап,
Күн тумандап боз болуп,
Таш быркырап кум болуп,
Булуту жок бүркөлүп,
Буруусу жок чүмкөлүп.
Маңгыт, Калдык, Бекбача,
Кара жанга күч келип,
Өжөрлөнүп хан Калдык,
Өлтүрөмүн муну деп,
Болбосо өлөм өзүм деп,
Өчөшүп кирди теминип.
Өөрчүп турат Бекбача,
Күлүк аттай элирип,
Каардуу Калдык күркүрөп,
Оозунан түтүн буркурап,
Найзасынын учунан,
Жалындаган от чыгат.
Карап турат Бекбача,
Камаарабай көп анча,
Качырып Калдык сайганда.
Сайдырбай качып Бекбача,
Жандап өтөөр берээрде,
Кабуусуна келгенде,
Хан Калдыкты капталга
Качырып сайды Бекбача.
Карасурдун үстүнөн,
Көмөрүлдү хан Калдык.
Табына келген Майтору,
Бута атымча алдына,
Өтө берди аркырап.
Хан Калдыктын аскери,
Ороп кетти чуркурап,
Оозунан тартып Бекбача,
Оңолуп артын караса,
Каратаандай көп Маңгыт,
Тегеректеп калыптыр,
Каракөздүн калың кол,
Камалашып алыптыр,
Аралап тиер жери жок,
Камал бузган кара көк,
Тартынып калаар жери жок,
Манастап баатыр бакырып,
Бар кайратын ашырып,
Бир жеринен көп элге,
Аралап кырды жапырып.
Кудай урган кумпайгыз,
Сыйкыры артык шумпай кыз,
Айланасын аң кылды,
Кечип адам кете алгыс,
Түшүп кетсе кокустан,
Түбүнөн адам чыга алгыс,
Маңгытча сүйлөп барбактап,
Жедигерди аралап,
Желип жүрөт дардактап:
- Сыйкырым эми бузулса,
Бекбачадан жан калбайт,
Ала кач! – деп, -жаныңды.
Билип болду Бекбача,
Бириңдин койбой алыңды,
Алдыңкы өлгөн Асылдан,
Бекбачасы эр экен,
Айласы бар амалкөй,
Ар тарабы тең экен.
Жаалысы келсе жан ачып,
Жалаңкычтын өзү экен,
Терисине сыйбастан,
Теминип турган кези экен.
Элге айтып Кызылкыз,
Жедигер, Маңгыт качыптыр,
Кең Таласты көрсөтпөй,
Туман уйуп басыптыр,
Шуркуйа кыздын маминтип,
Тилеги таштай катыптыр.
Муну мындай таштайлы,
Бекбачанын Таңгытка,
Жортуулунан баштайлы.
БЕКБАЧАНЫН ЛОПНУРДУК ЭЛДИН КЕГИ ҮЧҮН ТАҢГЫТКА ЖОРТУУСУ
Жедигер, маңгыт эл качып,
Үч күндүк жерге кеткенде,
Кызылкыз койду күндү ачып.
“Качкан жоону кууба, деп,
Кененим айтты эле, деп,
Айткан эле талыкпас,
Катышып келсе да бир күн,
Майторуң бар чалыкпас.
Бөлүнүп калган болбосун,
Бөөдө калба салбасын,
Байкайын- деп, -эл четин”.
Бекбача карап жол-жолду,
Бекемдеп тиктеп жон-жонду,
Арытып жерди келе атса,
Бир топ караан көрүндү,
Суусамырдын сыртында,
Мындан кабар алам деп,
Бекбача кетип бара атса,
Отузча киши кез болду,
Караанын көрүп капташып,
Аты айбандын чоңу деп,
Өзү адамдын зору деп,
Бекбачаны макташып,
Учураша бет келди.
Отузча киши дүркүрөп,
Жалпы салам бергени,
Алик алып Бекбача:
- Жүрүпсүңөр жол болсун,
Келдиңер кайдан?-дегени.
Узун бойлуу, чап жаактуу,
Кеби ширин бал таттуу,
Үңкүр кабак, дүм далы,
Бекбачага муну айтты:
- Ар жагы шор, жаткан кум,
Түндүгү азык аралда,
Жазгы-күзгү – эки убак,
Лопнур көлдүн бойунда,
Жаткан кыргыз эли элек.
Арстан Манас барында,
Хан Карача дээр элек.
Баатыр чыгып кыз Сайкал,
Залдарды бизге тийгизбей,
Эл сактаган кыз Сайкал,
Кыз да мындай болбойт деп,
Эл мактаган Кыз Сайкал,
Аттын изин салдырбай,
Жер сактаган Кыз Сайкал.
Семетейдин т ушунда,
Жоодарга болдук айылдаш,
Бирге жүрдүк караандаш,
Жакшы-жаман күндөрдө,
Чогуу болдук аралаш,
Кереге жайып үй тиктик,
Бир жылгага чамалаш.
Кененимдин кезинде,
Айылдан алыс барбадык,
Катардан түшүп калбадык.
Калмак, тажик биригип,
Каз чыкканда кыргызга,
Кененим эрди сайганда.
Кангайлыктын аттары,
Сай-сайда оттоп калганда.
Олжодон куру калбадык,
Кененим кетти дегени,
Айлабыс таппай сандалдык,
Ар жактагы таңгыттан,
Тынч жатып уктай албадык.
Эки катар кол салды,
Аз албады, мол алды,
Миңге жакын мал алды,
Бойго жеткен эки кыз,
Киши эсеби жыйырма беш,
Алып кетти таңгыттар.
Аркасынан биз бардык,
Баатыры бар эл экен,
Жекеге чыга албадык,
Тиктеп туруп жалдырап,
Томсоруп кайра келгенбиз,
Жай алып калаар бекен деп,
Жамбаштап жатып калганбыз.
Үчүнчү катар кол салды,
Үйрү менен жылкы алды,
Короосу менен кой алды,
Айылы менен эл алды,
Утур келбей таңгытка,
Буруудагы эл калды.
Хотен, Жеркен, Кашкарда,
Тайанар такоол калбаптыр,
Абал айтып барганга.
Арал азык тектир суу.
Буларда белдүү киши жок,
Такыр талап кетсе да,
Биз менен элдин иши жок.
Ушул бүгүн Лопнурда,
Боору бүтүн киши жок.
Боз уландан жаш кетти,
Бойго жеткен кыз кетти,
Кызыл ээк чал кетти,
Кызыл муштум ал кетти;
Карача каймал төө кетти,
Канатуу тулпар ат кетти,
Кастарлуу нечен бай кетти,
Ат мине албай жөө кетти;
Мына минтип таңгыттар,
Бүт айланы түгөттү.
Төрө Манас Айкөлдүн,
Артында уулу Бекбача,
Айтканы келдик бу кепти.
Арстан бала Бекбача,
Ачыныштуу кеп угуп,
Лопнурдагы кыргызды,
Таңгыт чапты деп угуп:
“Жедигер, маңгыт элдери,
Жерине кеткен самсалап,
Беш жылгача ошолор,
Кылчайып артын карабас”.
Аңгычакты таңгытка,
Барып келем алтын баш,
Мен Бекбача деп койсом,
Ээрчип булар бастырбас”.
Пейлине кетти баатырын,
Кайра аркага бурулбас:
-Алыстан келген элсиңер,
Коргондо калды Бекбача,
Издеп келген кишиңер,
Мен кайгуулчу билиңер,
Мен беремин бир белги,
Коргонго барып кириңер,
Ордонун ханы Орунбай,
Бул белгини бериңер,
Белсиз барсаң коргонго,
Тосуп коет киргизбей.
Колун салып кисеге,
Он эки кырдуу ок берди:
- Айалдабай бар - деди,
Азыр эле аркадан,
Жете барам мен,- деди,
Арызга келген кишилер.
Окту катып кончуна.
Коргонго кетип бара атып,
Түрдүү иш түшөт ойуна,
Ойлогонун айтышат,
Окту алып колуна:
- Кароолчусу ок берди,
Он эки кыры бар экен.
Өлүм белги бекендир?
Он эки жерден жол тосуп,
Бекбачага баруучу,
Же көрүм белги бекендир?
Он эки кабат жип асып,
Дарга тартчу белгиби,
Же кароолчунун бергени?
Кароолчу арзан киши эмес,
Айтор, сырын ким билет?
Ат арыктап жал калбай,
Айак серпер ал калбай,
Алыстан келдик жер самап,
Арыз айткалы Таласка,
Бекбачадай эр самап.
Талоонго кетип таңгытка,
Талаада өлүп жаткынча,
Өлтүрүп ийсе Бекбача,
Ойрон Манас төрөнүнү,
Оң жагында жаталы,
Оң жагында жатпасак,
Сол жагында жаталы,
Сол жагында жатпасак,
Кандай болсо Кеңколдун,
Бир жерине жаталы,
Көрбөгөн жер бул Талас,
Бачымдата бастырып,
Биз коргонго баралы,
Кужулдашып кужурап,
Коргонго барды чукулдап,
Дарбазанын алдында,
Орунбай калды учурап.
Көптү көргөн Орунбай,
Көзү көрдү буларды.
Жалайак ооз, кир кабак,
Жалпы баары кара сур,
Кереге сакал диң мурут,
Орок мурун дөң маңдай,
Кайдан келген элдер деп,
Бул ордого тайманбай?
- Баатырлар кайдан келдиңер?
Ат мойнунан жуурулуп,
Ылайланып териңер,
Кирпикке топо тер катып,
Мурутуңар бубактап,
Ашыгып жүргөн кейпиңер,
Карбаластап жүргөнүң,
Карашыңдан билинет.
Деп айтканда Орунбай,
Бекбачага кеп айткан,
Орунбайга муну айтты:
- Алыстан келген кишибиз,
Таластагы Бекбача,
Ал айткалы келгенбиз.
Карбалас келдик ыраактан,
Бир караштан билдиңиз,
Журт башкарып эл билген,
Ошондой турат пейлиңиз.
Опсолоң эмес орундуу,
Ооздон чыккан кебибиз,
Ордонун ханы Орунбай,
Дайынын айтып бериңиз,
Кароолчу берген биздерге,
Колубузда белгибиз,
Орунбай менен көрүшсөк,
Ошондо чыгат кебибиз.
Уга салып Орунбай:
- Белгини алып келиңиз,
Ал белгини көрбөсө,
Киргизбейт биздин бегибиз.
Орунбайдан кеп угуп,
Окту алды колуна,
Көзү түшүп Орунбай,
Бекбача тарткан жебенин ,
Белгилүү бедер огуна:
- Жүргүлө, жүр - деди,
Мен Орунбай билгиле,
Бекбачанын так өзү,
Окту берген силерге,
Ичиңерге калтырбай,
Айтыпсыңар кептерди.
Мени менен тең басып,
Жүрө албайт деп силерди,
Огун берип силерге.
Мага бар деп жиберди,
Деп Орунбай түшүнттү,
Бир сарайга түшүрдү,
Жыйырма тогуз киши экен,
Беш кишиге күттүрдү.
Алты күн өрүүн алдырды,
Айабай сыйга кандырды,
Эминеге келгенин ,
Абыдан кебин салдырды.
Бир тогуздан тон берип,
Бирден бедөө ат берип,
Азык-түлүк бышыртып,
Ак куржунга бекитип,
Баары дайар болгондо,
Бирден бирден карматып,
Орунбай турду муну айтып:
- Сиздерге белги ок берген,
Бекбачанын нак өзү,
Он эки күн өргүт деп,
Октон айткан ма сөзү,
Алты күнү коргондо,
Ат өргүтүп жаттыңар,
Алты күнү айанбай,
Эл аралап басыңар,
Айкөл шердин күмбөзгө,
Куран окуп кайтыңар,
Эмне көрүп-билсеңер,
Эл журтуңа айтыңар,
Орунбайдан кеп угуп,
Оголе жакшы болот деп,
Орунбай берди бирден ат.
Үстүнө эрдин токутуп,
Ээрчитип берип бир эрге.
Алып бар деп Төрткөлгө,
Төрткөл, Баркөл жерине,
Үч Кошойдон керүүгө,
Аралатып үч күнү,
Алып барды Күмбөзгө.
Орунбай айтып кабарды,
Эл чогулган болуучу,
Ошол күнү кетпестен,
Ак күмбөзгө конушту,
Күмбөзгө сойгон канча мал,
Санын кантип айта алам,
Бата кылып жанында,
Бычак кармап турбасам.
Суудай чалкып май агып,
Касиеттүү нечен бай,
Чаначтай болуп чардайып,
Он эки ором элечек,
Оң чекеде кыйшайып,
Олтурат кемпир чалкайып,
Башында кундуз тебетей,
Кыздар басып суйкайып,
Жоодурап көздөн шам жарып,
Келиндер турат суйсалып.
Мырзалар басып керилип,
Кеп айтаардан эринип,
Күрзүлөрүн көтөрүп,
Балбан турат дардайып,
Карап туруп Лопнурдук,
Кайран эрге таң калып:
- Атактуу Кеңкол чоң Талас.
Жер соорусу турбайбы,
Таластагы көп кыргыз,
Эл сырттаны турбайбы.
Кыйа карап каш серпсе,
Кыраан Манас көлжалдын,
Арбагы урат турбайбы.
Тааныбаппыз Бекбача,
Кат бербеди ок берди.
Ордонун ханы Орунбай,
Он эки күн жат деди,
Алты күн өрүүн алдырды.
Ээрчитип жүрүп үч күнү,
Күл бакчасын көрсөттү.
Баары журтун чогултуп,
Баатырга бата кылдырды,
Кылымда болбойт мындай иш,
Бул кыргыздын кылыгы.
Кетээр күнү Орунбай:
- Кечээ минген бирден ат,
Минишиңе алыңар.
Бир тогуздан сарпай тон,
Кийишиңе алыңар,
Эби келсе кетпеңер,
Бул жерде туруп калыңар,
Катын-бала үй десең,
Өз жайыңа жаныңар.
Бекбача болсо төрөбүз,
Эминеден камың бар?
Турбай кетип калсаңар,
Силер үйгө баргыча,
Келип калат малыңар.
Орунбайдан кеп угуп,
Жолго түштү бурулуп,
Соогага берген аттары,
Чабына батпай суурулуп,
Сарпайды кийип алышып,
Кыргоолдой болуп кулпуруп,
Элине барып кошулду.
Сүйүнүп жүрүп олтуруп,
Бар десе болбой башында,
Мойнун толгоп койгондор,
Улутунуп үшкүрдү,
Бармагын тиштеп баш чайкап,
Ичинен жалын от күйдү.
Муну мындай салыңыз,
Алдында кеткен Бекбача,
Кабарын угуп алыңыз.
Атын айтпай ок берип,
Коргонго элди кетирип,
Табына келген Майтору,
Белин түйүп меңкейип,
Олоңун оңдоп бекитип,
Жолго түштү баатырың,
Майторуну секиртип.
Чыгыш жакты бетке алып,
Түштүк жакка ыңгайлап,
Арстаның кетип бара атат,
Арасырт менен жол тартып.
Какыраган чөл басып,
Чаңдап жаткан кум басып,
Чалкалаган төр басып,
Зоңкойгон канча тоо басып,
Тоңкойгон канча бел ашып,
Мелтиреп жаткан көл көрүп,
Баш-айагы түгөнгүс.
Беш-алты күндүк төр көрүп,
Будурмак кара жер көрүп,
Албан-албан эл көрүп.
Шыңшыңша деген бел келди,
Жужу деген эл келди,
Ашып өтүп бул белди,
Аралап өтүп ал элди,
Тоонун башын кыркалап,
Жайы-кышы кар жаткан.
Туш-тушунун баары тоо,
Үстү жайык адыр-коо,
Асман менен такашкан,
Тоону аралап жөнөдү.
Абдан арбын койу көп,
Ача туйак малы көп,
Кокту-колот жери көп,
Жылга-жыбыр адыр көп,
Жылгалардан мал баккан,
Тоо аралап жан баккан,
Кызыл чапан төш ачык,
Кыжыраган эли көп,
Жүргөндөргө кез болду.
Жолуккандан кеп сурап,
Элдин жөнүн көп сурап.
Бекбача турду кобурап,
Кеп сураган бир киши,
Жообун берди божурап:
- Текши тоолуу жерибиз,
Бир жеңин белге курчаган,
Кызыл чапан төш ачык,
Таңгыт деген элибиз,
Бар турмушун бөлөкчө,
Түрүң барар көрөргө.
Кай тараптан келдиңиз?
Ачык айтың билели,
Ким болот эли жериңиз?
- Элим кыргыз Алаштан,
Жерим Кеңкол Таластан,
Жер кыдырып эл көрүп,
Алыскы жерден келе атам,
Элим кыргыз дегенде,
Жерим Талас дегенде,
Кеп сураган кишиси,
Көмөрүлүп дүм кетип,
Өксүп ыйлап жиберди:
- Айланайын ким болсоң,
Алтымыш уруу алаштан,
Манастын эли белемсиң?
Жеринен келсең Таластын,
Манастын уулу белемсиң?
Менин жайым сурасаң,
Түбүм алаш кыргыздан,
Уругум Эштек уруудан,
Үч атамдан бер жакка,
Лопнурду жердеп турушкан.
Кененим келип бул элге,
Гүлкакы алып кеткенде,
Мында келип жашынган,
Чыныгышты алып кеткенде,
Он жети кабат кызыл таш,
Экөөнү чанып кеткенде.
Чыңгышка булар болушуп,
Эр Кененим баатырдан,
Арыкта суудай шарылдап,
Каны агып кеткенде.
Коркуп калып жай жүргөн.
Кененим жок дегени,
Жалпы атка миништи,
Жаркылдатып кылычын,
Жай-жайдан ашып киришти,
Жандашып чыккан кыргызды,
Тик боорунан тилишти.
Кудай бетин нары кыл,
Мындай журтту ким көргөн,
Ат минбей киши минген бар,
Тирүү кудай молдосу,
Дамбал кийбей жүргөн бар.
Жаага огун керишет,
Жамбашында салмоору,
Таш мылтыгын илишет.
Жай-кышы жок баарысы,
Териден кийим кийишет.
Далайынын тоолордо,
Таш үңкүрдөн үйү бар.
Көргөн киши жийиркенет,
Пендеден бөлөк тирүү бар.
Адам тилин биле албайт,
Молдодон башка кишинин,
Айткан кебин түк албайт,
Таңгыттын эли ушундай.
Лопнурду карай кыргызга,
Кырк миң аскер, кырк балбан,
Далай күн болду кеткели,
Акмалап жүрөм бул жакты ,
Кайта киши келбеди.
Башка жол менен келдиби,
Же болбосо кыргыздын,
Кызыгына кирдиби?
Угуп алып Бекбача,
Басарына калганда,
Ай айлаган үн чыкты.
Жылкы айдаган капталда,
Көрүнбөйт көзгө үнү бар,
Буткул-буткул капчалда,
Ташты карай бет алып,
Камынды байкуш качканга.
-Мыдырабай тур!-деди,
Түрүн бузуп Бекбача,
Камыкпагын кайгырба,
Каңгып менден айрылба.
Арызын айтып кыргыздар,
Лопнурдан барган Таласка,
Арбагын сыйлап,
Айкөл баатыр Манаска,
Элдин дартын алам деп,
Капкайдан келдим Бекбача.
Талабыңа жеткирем,
Кул болупсуң Таңгытка,
Азы келсин, көп келсин,
Айрып алып алганын,
Айдатып сага кетирем.
Жерим Талас дегенде,
Атам Манас дегенде,
Бекбача атым дегенде,
Көргөн эмес кеп уккан,
Манастын уулу Бекбача,
Өтө мыкты деп уккан.
-Бекбача баатыр сенби? - деп,
Элинен азып айрылган.
Эмгектүү пенде менби? - деп,
Бак-таалайы кыргыздын.
Манасты элге берди - деп,
Манастын укум-тукуму.
Элин сактап келди - деп,
Алаштын эли жердеген.
Орто Асыйа дегенди,
Жерин сактап келди - деп,
Лопнурдагы кыргыздын,
Улугу элем миң үйдүн,
Конушбай деген менмин - деп,
Тартып алды таңгыттар.
Мал-пулума ээ кылбай.
Алса алсын мал-пулду.
Өзүңдү көрүп Бекбача,
Эми болдум көөнүм жай,
Аңгычакты болбоду.
Туурасында сеңирден,
Жылкы чыгып колбуду,
Бекбача айтат мамындай:
-Кимдики жылкы карап көр,
Тааныйсыңбы Конушпай?
Көрө салып Конушпай:
- Бул Матандын жылкысы,
Бирин койбой чапканы,
Түп көтөрө кыргызды?
Матан элдин улугу.
Көлдүн жээги туругу,
Шаарын бузуп талкалап,
Өрүштөгү малды алып,
Казынада зардалып,
Малабектин көп дүйнө.
Бирин койбой бүт алып,
Бойго жеткен кызды алып.
Жез оймоктой узду алып,
Эл башкарган Матандын,
Кесип башын кошо алып,
Келген окшойт Таңгыттар.
Ырайым кылбайт кишиге,
Күнгө күйгөн кара таш.
Жылтырай өңү ушулар,
Лопнурдагы кыргыздар,
Алты түмөн үй элек,
Карачадан бер жакка,
Бузулбай келген эл элек,
Бузулдук бүгүн Таңгыттан,
Кысылды кайран заманам!
Деп буркурап Конушпай,
Кара көздөн жаш кетип.
Боздоп турат момундай,
- Ой Конушпай ыйлаба,
Пайдасы жок ый сага,
Баш кишинин аты ким,
Айтып бергин сен мага.
- Бекбача баатыр кебимди ук.
Молдодон башка буларда.
Болбойт экен зорулук,
Буркун, буркун, буркун деп,
Турат экен чокунуп.
Молдолордун Бекбача,
Аса тайак колунда,
Түрдөп тизген мончоктон,
Миңден теспе мойнунда,
Колунда жүздөн мончогу,
Унутпагын ошону,
Улук билет калганда,
Карга, кузгун жоруну,
Эл башкарган эрлерин,
Башында кийген бөркү бар,
Кочкор мүйүз көркү бар,
Менсептерин болжолдоп.
Сен ошондо билип ал.
Ээ болгун калган кыргызга,
Өтө жаман жайыл журт,
Катышпагын, тилимди ал,
Кыра берсең кырылат,
Кыпкызыл кыйан сел агат,
Алдыңкысын тебелеп,
Келе берет кыжылдап,
Тилин киши биле албайт,
Таранчыдай кужулдап.
Конушпайдан кеп угуп,
Коркпой тургун деп койуп,
Калың малдын алдында,
Утур чыкты жолугуп.
Жылкыны кайра тоскондо,
Колунда найза короктоп,
Бирөө келди сороктоп.
Бекбача айтат тосоттоп:
- Кийгениң көпкөк темирден,
Кара бойуң кеп эмес,
Мына бу турган сеңирден,
Ээнбаштык кылып жай жаткан,
Жылкыны айдап келдиң сен.
Эркиңче айдап келгендей,
Ээсиз калган мал барбы?
Каныңды суудай чачайын,
Кутулаар сенден ал барбы,
Эсендигиң эске алсаң,
Жандырып бергин калтырбай,
Кыргыздан алган малдарды,
Жүктөтүп келген төөсүнө,
Алтын-күмүш зарларды.
Заркыратып ыйлаттың,
Кызыл ээк чалдарды,
Кызыл муштум балдарды.
Токтоло калып кеп айтты,
Кеп айтканда нени айтты:
- Жаныңдан безген экенсиң,
Ажал алып жакадан,
Ашыгып келген бекенсиң,
Чыйраксынып жол тосуп,
Жолумдан чыгып жолгошуп,
Жандан тойгон ким сенсиң?
Бет келгенди сулаткан,
Кыргызды чаап олжо алган,
Каракытай калкына,
Канча сапар кол салган,
Жымбы деген боломун,
Тур жолобой жоголгун,
Тирүүлүгүң канимет,
Тийишпей мага кайра кет,
Аркаңда киши бар болсо,
Ээрчитип ала кет.
Менин турган түрүмдү,
Айбаат менен сүрүмдү,
Барган жерге айта кет,
Мени менен беттешип,
Кек алам деп ким келет?!
Жымбы келет дегенде,
Индистан менен Какандык.
Уктай албай шай кетет,
Каканга канча кол салдым,
Индичинге барганча.
Мал оттоочу адырда,
Такыр тартып мен алдым.
Эки жылдан бер жакка,
Лопнурдагы кыргызды,
Төрт катар чаап олжо алдым,
Убап-чубап келе атат,
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Асылбача - Бекбача - 12
  • Parts
  • Асылбача - Бекбача - 01
    Total number of words is 4218
    Total number of unique words is 2402
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    48.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 02
    Total number of words is 4224
    Total number of unique words is 2033
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 03
    Total number of words is 4167
    Total number of unique words is 2177
    29.3 of words are in the 2000 most common words
    41.9 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 04
    Total number of words is 4207
    Total number of unique words is 2249
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 05
    Total number of words is 4227
    Total number of unique words is 2142
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 06
    Total number of words is 4145
    Total number of unique words is 2368
    27.9 of words are in the 2000 most common words
    41.3 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 07
    Total number of words is 4178
    Total number of unique words is 2166
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    41.9 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 08
    Total number of words is 4277
    Total number of unique words is 2252
    30.1 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 09
    Total number of words is 4169
    Total number of unique words is 2230
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 10
    Total number of words is 4247
    Total number of unique words is 2253
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    43.8 of words are in the 5000 most common words
    50.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 11
    Total number of words is 4282
    Total number of unique words is 2270
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 12
    Total number of words is 4209
    Total number of unique words is 2246
    29.3 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 13
    Total number of words is 4233
    Total number of unique words is 2187
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    43.8 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 14
    Total number of words is 4237
    Total number of unique words is 2126
    31.5 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 15
    Total number of words is 4138
    Total number of unique words is 2147
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    40.8 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 16
    Total number of words is 4194
    Total number of unique words is 2163
    31.5 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 17
    Total number of words is 4192
    Total number of unique words is 2144
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    44.1 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 18
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 2261
    28.7 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 19
    Total number of words is 4245
    Total number of unique words is 2140
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 20
    Total number of words is 4306
    Total number of unique words is 2154
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    52.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 21
    Total number of words is 4116
    Total number of unique words is 2203
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.3 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 22
    Total number of words is 4226
    Total number of unique words is 2218
    28.7 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 23
    Total number of words is 4188
    Total number of unique words is 2153
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    44.1 of words are in the 5000 most common words
    51.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 24
    Total number of words is 4131
    Total number of unique words is 2199
    29.7 of words are in the 2000 most common words
    42.9 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 25
    Total number of words is 4187
    Total number of unique words is 2437
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 26
    Total number of words is 4295
    Total number of unique words is 2395
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    39.5 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 27
    Total number of words is 4235
    Total number of unique words is 2320
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 28
    Total number of words is 3254
    Total number of unique words is 1922
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.