Latin

Асылбача - Бекбача - 18

Total number of words is 4159
Total number of unique words is 2261
28.7 of words are in the 2000 most common words
40.9 of words are in the 5000 most common words
48.5 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Ажал жетсе өлдүк, деп,
Азап болсо көрдүк , деп,
Бекбача, Мурат, Бактыбай,
Буларды издеп келе атыр.
Сайда турган Калдык хан,
Айласын билип булардын,
Экөөңдүн алың канча, деп,
Алдынан тосуп баратыр.
Кара көк тууган Бекбача,
Көрө салды Калдыкты,
Калдык эркин, ал тордо,
Буга жаман ардыкты.
- Айкөл Манас көкжалдын,
Арбагы жардам бергин, - деп,
Алмамбет, Чубак – эки шер,
Баатыр Сыргак кеменгер,
Олуйам жардам бергин, - деп,
Өлбөй тирүү кетти деп,
Элдер айтып жүрүшөт,
Карыйа Бакай кеменгер,
Арбактуу Семей атам кел,
Адамдан артык балбаны,
Азыркынын Сардары,
Шер Гүлүстөн абам кел,
Каныкей, Чүрөк – энем кел,
Кыргыздын эли кыйналды,
Кыйамында кайрат бер.
Жыйырма бешке чыкканда,
Ат көтөргүс дөө болгон,
Амалсыздан жөө болгон,
Эр Сейтек бабам кел,
Жан бүткөндө жаралган,
Жалаңкыч Сарык наам алган,
Кутулуп сенден ким калган,
Кененим келгин чоң атам.
Көк күмбөздүн сыйкырын,
Көрүнө калган таш талкан,
Сулаймат жолун тордоткон,
Хан калчаны баш кылып,
Жан жүрбөстүн кумунда,
Жети дөөнү сойлоткон,
Желмогуздун тукумун,
Жеринен үзүп жоготкон,
Жыйырма экиде жаш кеткен,
Сейитим атам жардам бер!
Бекбача зарлап турганда,
Кудай ишин оңдосун,
Мындай сонун болбосун.
Карыйа Бакай карпаңдап:
- Балам Чүрөк бол камын,
Кош кылалык тирүүбүз,
Айкөл Манас арбагын,
Кыйналып калды кыргыздар,
Бекбачанын айтканын,
Арбактарга угузбай,
Кыйамында сен баргын.
Такырбаш боло калганың,
Маңгыттардын Калдыкка,
Бир амалды салгының,
Бекбачаны саргартпай,
Бат куткарып алгының.
Айдай эне Айчүрөк,
Арыбын айтып адамдын,
Акылы жетпес, сөз жетпес,
Асманда учса канаттуу,
Сууда жүрсө балыктай,
Ар өнөргө санаттуу.
Балыктан бетер кылк эткен,
Сымаптай болуп, жылт эткен,
Айчүрөктөй амалдын,
Түбүнө билип ким жеткен?
Абасынан кеп угуп,
Хан Калдыктын алдына,
Такырбаш болуп кубулуп,
Эркечтенип сур атты,
Кирип келди суурулуп.
Хан Калдыктын ар кескен,
Ачуусу келсе нар кескен,
Жыгачка чапса таш кескен,
Көөдөнгө чапса баш кескен,
Каарданып хан Калдык,
«Такырбашты» кетирбей,
Таарый чапсам экен, деп,
Кармай алды сабынан,
Тартып алды кабынан,
Такыр баш болгон энебиз,
Сымаптан бетер жылтылдап,
Алдындагы сур атты,
Жыландай сойлоп кылтылдап,
Хан Калдыкка чаптырбай,
Чабар айла таптырбай,
Туман болуп көрүнүп,
Тунарыктан сөгүлүп,
Жарк дей түшүп ачылып,
Бекбачанын торуна,
Жеткендей болду асылып.
«Такырбаш» чапса кылычын,
Байлаган торду кесет, деп,
Сейитимдин Бекбача,
Бошонуп тордон кетет, деп
Бекбача тордон кутулса,
Ишибиз болот бекер, деп,
Сегиз хан эли кырылбай,
Тирүү кантип кетет, деп,
Карасурду тепкилеп,
«Такырбашты» куткарбай,
Чабайын деп кескилеп,
Каары катуу хан Калдык,
Кылычты шилтеп ийгенде,
Такыр баш болгон Айчүрөк,
Четке чыга бергенде,
Калдык чапкан ар кескен,
Бекбача түшкөн көп тордун,
Түйүнүнө тийгенде,
Чириген бөздөй баарысын,
Таарып өтүп кетти эле,
Бекбачада тору жок,
Майтору менен калды бош.
Эр Бекбача төрөдөн,
Манас деген үн чыгып,
Ак калпак кыргыз алашка,
Дал төбөдөн күн чыгып,
Калдык чапкан кылычын,
Кайра тартып алгынча,
Тоодой болгон Калдыкты,
Аңтара сайып өттү эле.
Такыр баш кетип аңгыча,
Бактыбайга Турумбек,
Эми жеткен кезинде,
Манжулардын чоң Бодоң,
Аңтара сайып жөнөдү.
Арам кыйал кара ниет,
Байлоодогу Бактыбай,
Башын кесип алам, деп,
Чаначтай көөп дардаңдап,
Таноосу батпай барбаңдап,
Манжу Бодоң баратат,
Мен кесейин башын, деп,
Жедигердин Кара көз,
Бир жагынан келе атат.
Эликтей кылып тор атты,
Эр Бекбача баратты,
Эми баатыр карматты,
Кадимкидей санатты –
Кырк-элүүдөн кишини,
Катарлап сайчу адатты.
Бодоңду сайып торойтуп,
Жедигердин Кара көз,
Башын кагып жөнөдү,
Мойну калды кодойуп.
Чынар менен Бетирке,
Катарынан жыгылды,
Жер кучактап торойуп,
Жалгызектин Бактыбай,
Ал тууралуу камынбай,
Бекбача сайып өткөндө,
Башын кагып баратат.
Кара аскерге катышпай,
Атка минген эрлерин,
Менмин жалгыз дегенин,
Ылгап сайып Бекбача,
Улай барат Бактыбай,
Башың кагып артынан.
Жабике менен Йобалы,
Кара кытай Зоңтары,
Каршы алдынан баатырга,
Катар кирген убагы.
Бирине-бирин жеткирбей,
Сайып өттү Бекбача,
Өпкөнүн канын агызып,
Жайып өттү Бекбача.
Жалгызектин Бактыбай,
Кылчайып артын караса,
Таабалды менен Матанды,
Шерматкан менен Турдана,
Эр Турумбек, Такыр баш,
Ысык көлдүк Медербек,
Таластагы Татыбек,
Ушулардын баарысын,
Шибе, солон – эки урук,
Манжуу, монгул – төрт урук,
Кара кытай кошулуп,
Маңгыт менен алты урук,
Сегиз эрди качырга,
Эки-экиден теңдешип,
Артып алып баратыр,
Аркан менен белинен,
Тартып алып баратыр.
Казактардын Курмушу,
Өзүбектин эр Мурат,
Кызыл канга бойолуп,
Өлүшүп барат арада,
Ажыратып аларга,
Алы келбей баратыр.
Жанын айап Бактыбай,
Жашырынбайт андайда.
Кара кытай Кампалаң,
Моңгулдардын эр Калдаң,
Аттарын олжо алыптыр,
Ортого алып эрлерди,
Жүз миң аскер жабылып,
Чыккан жердин чөбүндөй,
Жайнап жөнөп калыптыр.
Кездемдин боосун чубалтып,
Кескерип найза чунайтып,
Топчу кулак кер атты,
Аркадай арыш алдырып,
Алты катар аң келсе,
Алты аркан бойу жар келсе,
Кабаттап аттай чуратып,
Манастап уран чакырып,
Жеткен жерде Бактыбай,
Моңгулардын Калдаңды,
Кара кытай Кампалаң,
Катар сайды сулатып,
Манас деген үндү угуп,
Бекбача артын караса,
Чалдыга түштү көзүнө,
Көп аскердин ичинде,
Бактыбайдын караны.
Бактыбайдын артынан,
Өзүбектин Эр Мурат,
Мекелеп кетип баратты,
Бактыбай сайып өткөндө,
Калдаң менен Кампалаң,
Башын кесип жөнөдү,
Баатыр Мурат аркадан.
Казактардын Курмушу,
Карсылдашып бараткан,
Баатыр Мурат нетиптир,
Качырга жүргөн артылып,
Хандарга Мурат жетиптир,
Баатыры жок, ханы жок,
Башкарары дагы жок,
Мурат кирсе аралап,
Баары качып кетиптир.
Бактыбайдын найзасы,
Узаргандан узарып,
Өрттөй көзү кызарып,
Буркурап ооздон от жанып,
Эрдигинин эби жок,
Өлүмдөн коркуп Бактыбай,
Жазганып калар пейли жок,
Бекбача бар артында,
Бактыбайдын көөнү ток.
Маңгыттарды хан Калдык,
Көз үйрөтүп карады,
Катардагы кишисин,
Бирден – бирден санады.
Эңкейип кетсе өбөктөп,
Жыгылаар болсо жөлөктөн,
Каралды болор адамдан,
Карааны жок көрүнгөн.
Тегеретип эрлерин,
Телмирип карап турганда,
Арасында көп элдин,
Бактыбай жүрөт аралап.
Балта, кылыч, найзадан,
Куйулган кан сабаалап,
Ушу бүгүн тирүү жан,
Калаар эмес саламат.
Он төрт ханы алаштын,
Өлбөй-житпей бары сак,
Бекбача жүрөт бир четте,
Көрүнгөндөн көрүнүп,
Кээде туман сөгүлүп,
Кээде жылдыз жылтылдап,
Кээде сымап кылтылдап,
Кээде жолборс күркүрөп,
Үнүн уккан кишинин,
Сийдиги агат бүркүрөп,
Карап көрсө хан Калдык,
Бекбачага таңданып,
Кара кулак шер экен,
Уккан менен көргөндүн,
Кимиси мындай эр экен?
Кара кыргыз Бактыбай,
Бекбачага бел экен.
- Хандарымдан ажырап,
Калыптырмын жалгыз мен,
Канатым сынып уча албай,
Талыптырмын Калдык мен,
Баатырлардан айрылып,
Кан жутупмун кайгырып,
Түгөтүптүр күнүмдү,
Заманамды тар кылып.
Тосоттоп тур бастырбай,
Тар кыйа, тайгак жол кылып.
“Жатып өлбөй, атып өл”
Байыркынын кеби экен,
Бир чети акыл эп экен.
Салган бойдон жетейин,
Башын кесип Бактыбай,
Байланып алып кетейин,
Күңгүрөнүп кара неет,
Уйалбаган кара бет,
Топко кирди аралап,
Бактыбайдын жолунан,
Тосуп турду маралап,
Билип калып Эр Мурат,
Байкап турат чамалап,
Кара неет чоң маңгыт,
Өтө жаман ардыгып,
Жакын жерден качырып,
Карчыганын балык эт,
Найзанын учун батырып,
Бактыбайды кер аттан,
Аңтара сайып жөнөдү,
Тамырына бөйрөктүн,
Найзанын учу аралап,
Жарадар кылып төрөнү.
Ашыгып Мурат калыптыр,
Айкырыкты салыптыр.
Мураттын үнүн укканда,
Кайраттанды кара неет,
Ажыдаардай сүрдөнүп,
Айбаттанды кара бет.
Өзүбектин Мураты,
Сенин алың канча, деп,
Муратка найза сайдырбай,
Сайып өттү тоңкойтуп,
Артынан жетти Татыбек,
Аңтара сайды соройтуп.
Кашкардын ханы Турдана,
Чылбыр чойуп жыгылды,
Калдык найза урганда.
Турпандагы Турумбек,
Көрөр күнүң ушул, деп,
Өлтүрө сайды хан Калдык,
Өпкө боордун тушу, деп.
Хан Калдыктын көзүнө,
Бекбачанын карааны,
Кыйгачынан чалдыкты,
Сегиз Хандан ажырап,
Жалгыз калган чагым, деп,
Төрт баатырын кыргыздын,
Өзүм алдым жанын, деп,
Бекбачага кез болсом,
Калбайт түрүү жаным, деп,
Буйрук берип аскерге,
Токтотор уруш белгиси,
Барабанды каккын, деп.
Барабан үнүн укканда,
Баатырлар чыкты чекелеп,
Бактыбайды сенделтип,
Жетелеп чыкты Медербек.
Ак калпак кыргыз алаштан,
Төрт баатыр өлүп санаадар,
Бактыбай болду жарадар.
Муну мындай таштайлы,
Кызыл кыргын согушта,
Козубек баштуу карттардын,
Өлгөнүнөн баштайлы.
КОЗУБЕК БАШТАГАН КАРТТАРДЫН ӨЛҮМҮ
Сегиз хандан айрылып,
Эми кандай кылам, деп,
Айласын Калдык табалбай,
Акылдашып кеңешер,
Хандан бирөө Калалбай,
Жекелешип дем берер,
Баатырдан тирүү жан калбай,
Жалгыз калып жабыгып,
Акыл качып камыгып,
Алты хан элин чогултуп,
Айтып турду хан Калдык:
-Сегиз хан эли чогулдук,
Селдей аскер көп болдук,
Ооган менен испандык,
Колдошпой кетти элине,
Кутулганга сүйүнүп,
Турбай кетти жерине.
Кара көз салып бузукту,
Калкым, болдуң санаадар,
Белдүүлөрдөн ажырап,
Мен болдум бүгүн жарадар.
Элдин эбин эр табат,
Элин улук башкарат,
Ушул бойдон качканда,
Бизге жаман ат калат,
Эл башкартып туралы,
Эл ичинен эр тандап.
Балбан барсың бул элде,
Беттешип чыгаар жекеге,
Мерген барсың бул элде,
Мелжесең атар чекеге.
Найза сайсаң талыбас,
Калкаласа кажыбас,
Сардар барсың бул элде.
Хан билгенди эл билет,
Эл билбесе ким билет?
Билген элдин эрки жок,
Ханы ишти белгилейт.
Бай билгенди кул билет,
Айтайын десе тил кыска,
Билгенин кылып бай жүрөт.
Элдин эри болбосо,
Эрине эркти койбосо,
Эл четинен бөлүнөт.
Жер кубалап, сай санап,
Урук кууп куда таап,
Жык айрылат алжайып,
Кызыл чеке чабышып,
Азамат өлөт дардайып,
Бузуктардын күнү тууйт,
Мурду көөп барбайып,
Ар кимиси өзүнчө,
Керилип басат чардайып,
Хандуу элде караан бар,
Чогуу турат калдайып.
Ээсиз калдык, беш урук,
Ээ болуучу кишиңди айт,
Тетиги элди кеп салбай,
Мына бул турган ичиңди айт.
Баатырыңды бөлүп айт,
Хан болчуңу көрүп айт,
Жериңде ханың барыңар,
Башкарчууну табыңар,
Жериңде ханың жогуңар,
Хан болчууну табыңар,
Кайра элге барганда,
Хандыкты колго алыңар.
Маңгыттан башка элдерге,
Калдык айтты ушундай.
Манжунун эли жабырап:
- Ханыбыз Бодоң болуучу,
Алпыбыз Каман болуучу,
Экөө катар жоголду,
Элдин ханы жок болду.
Калгандары кажылдап:
- Башкарар киши бизде жок,
Мында тургай элде жок,
Биздей урган пенде жок.
Акылы бар жан калбай,
Ажырап элден хан калбай,
Айдалып келген бул жерге,
Билегинде күчү бар,
Жүрөгүндө оту бар,
Калбай келген бул жерге.
Таанылгандан калбады,
Таанылбаган калганы.
Жайын айта салганы,
Угуп калдык элдерден,
Көзү көрүп күмөнсүп,
Бир жылдан бери көргөндү,
Шеги бар деп жүргөндү,
Бешөөнө бешти хан кылды,
Өзүнө өзүн башкартып,
Кадырын Калдык жам кылды.
Кыргызды кырып болгондо,
Куржунга алтын толгондо,
Ооган менен Испанда,
Онтотом деп акырды,
Оозунан көбүк чачылып,
Октоло түшүп бакырды.
Жаңыдан улук болгондор,
Ээ болуп такка конгондор,
Айагы жерге тийбестен,
Алек-далек жүгүрүп,
Каткырыгы баш жарып,
Карсылдашып күлүшүп,
Хан Калдыктан жалтанып,
Кеп кыла албай калтаарып,
Ээ болдук элге дегенсип,
Акыл айтып, нуска айтып,
Өлгөндөрдү угузуп,
Хан болгонду билгизип,
Калган элге айттырып,
Атайлап киши чаптырып,
Канык кабар укканда,
Өлгөндөрдүн бүлөсү,
Улуп – уңшуп ыйлашып,
Кызыл кан кетип ичинен,
Жалынсыз отко күйүшүп,
Жан болгондун бүлөсү,
Кабагы жарык күлүшүп,
Жагалданып сүйүнүп,
Эне – атасы, агасы,
Ээси бардан канчасы,
Кара кыргыз каман, деп,
Канкор Манас тукуму,
Бекбачасы жаман, деп,
Хандын баары өлүптүр,
Алптын баары өлүптүр,
Калар бекен аман, деп,
Кыргыздын эли кыйын, деп,
Жылга жолборс быйыл, деп,
Жолборс сындуу азамат,
Тирүү калыш кыйын, деп,
Жолборс жылга келгенде,
Уруш болсо эр өлөт,
Эр өлбөсө жут болуп,
Борошолоп мал өлөт,
Тактадагы хан өлөт,
Катардагы жан өлөт,
Малга келсе жамандык,
Азы калып көбү өлөт.
Далай катын тул болот,
Нечен жигит кул болот,
Эгин чыкпай аз болот,
Элдин көбү ач болот,
Күлкүдөн ый көп болот,
Күн күркүрөп жаан жаабай,
Аркырап шамал көп болот.
Төгүлөт көздүн бермети,
Такыр болот жер бети...
Карылары ушинтип,
Жандын камын жеп жатты.
Аскер келсин жана, деп.
Жер-жерге Калдык кат жазды,
Уктай албай хан Калдык,
Агарып сүрүп таң атты,
Өлүп кеткен эрлердин,
Өлүгүн жыйнап алмакка,
Өлсө таштап атат, деп,
Жаман атка калбаска,
Кыргызга киши жиберип,
Урушта өлгөн эрлердин,
Бодоң баштап хандарды,
Андан башка калганды,
Кабар айтып угузуп:
“Үч айлык болсун аралык,
Анан уруш салалык.
Сен жеңилсең, жеңсең да,
Мен жеңилсем, жеңсем да,
Өз кезинде көрөлү.”
Деп айттырып хан Калдык,
Арага киши салыптыр,
Кара көк тууган Бекбача,
Айтканын кабыл алыптыр.
Кыргыздан өлгөн эрлерди,
Элдин ханы дегенди,
Алдырып келген Бекбача,
Булгарыга оротуп,
Жибек менен тордотуп,
Нардан тандап комдотуп,
Белгилеп ханын тургузуп,
Калгандарга угузуп,
Комдогон нарга жүктөтүп,
Ар бир эрге, үч жүздөн,
Киши кошуп дүрбөтүп,
Жай-жайына жеткир, деп,
Зыйнатын эли кылсын деп,
Эр Муратты Коконго,
Татыбекти Таласка,
Турдананы Кашкарга,
Турумбекти Турпанга –
Төрт тарапка узатып,
Барганың кайта келбе, деп,
Өзү баатыр Бек айтып:
- Арыбы көп Калдыгың,
Азыр болгун шай болгун,
Чыгарбасын тамтыгың.
Он төрт хан элин угузду,
Өлгөндөрдүн кызматын,
Өз элине кылгызды,
Калдыктын айткан кебине,
Кайта жообун бергизди.
Маңгыттардын Калдык хан,
Ар тарапка чаптырды,
Ат жетер жерде элдердин,
Баарына киши бастырды.
Алтынга, пулга алданып,
Калган киши болбоду,
Айтканың Калдык ырас, деп,
Барган киши болбоду.
Кара көз менен Калдыктын
Айтканына алданып,
Малга, пулга жалданып,
Кыргызга барып кол салып,
Аман-эсен элине,
Жанган киши болбоду.
Барган элдин чоңдору,
Айткан кеби бул болду:
- Үч айдын күнү токсон күн,
Бир киши четтен кошулбай,
Алты уруктун элине,
Эми болду жоксон күн.
Күн артынан күн өтүп,
Түн артынан түн өтүп,
Күн менен түндү кубалап,
Отузга толуп ай өтүп,
Болжол кылган токсон күн,
Өтүп болду түгөнүп.
Манжу, монгул элдери,
Жаңылап аскер келгени,
Шибе, солон элинен,
Эми киши келбеди.
Кара кытай калкынан,
Арбын келди көп адам,
Жаңылап келген элдерден,
Жана келди кырк балбан.
Жүз элүү миң санаты,
Толду аскер карачы,
Эми кыргыздын кыраан төрөсү,
Бекбачаны байкачы.
Жана киши келсин деп,
Жаңылап киши албады,
Он төрт ханды чогултуп,
Бекбачанын айтканы:
- Хан Мамайдан тараган,
Мурун кырк жүз наам алган,
Кырк жүздүн укум-тукуму,
Кырк уруу кыргыз атанган.
Хан Мамайдан Карахан,
Карахандын эки уулу,
Калаш хан менен Огуз хан,
Калашкандын балдары,
Жети вазир, беш балбан,
Сегиз уул өзүнөн,
Кырк жүзгө булар кошулуп,
Алтымыш уруу калаш деп,
Калаш аты кыскарып,
Айтып калды жонунан,
Алтымыш уруу алаш деп.
Огуз хандан алты хан,
Чоң катындын балдары:
Күн хан, Ай хан, Жылдыз хан;
Токолчонун балдары:
Тоо хан, Көк хан, Деңиз хан;
Чогулушуп баарысы,
Тураныдан чыктык, деп,
Түрк уулу деп атанган.
Булардын баары бир-бирин,
Кээде душман, кээде дос,
Мына минтип келе аткан.
Батыштагы беш урук,
Баш кошуп булар чогулуп,
Аларга маңгыт кошулуп,
Кыргыз менен жоо болуп,
Кан агып келет жошулуп,
Талаада жатып токсон күн,
Узунга кетти созулуп,
Манжу, моңгул, кыдаңдан,
Арбын келди далай жан,
Дайындаган ханың бар,
Жалгызектин Бактыбай,
Тилин алгын барыңар,
Айтканынан бурулбай.
Алты шаар, Анжидан,
Атактуу Кокон, Маргалаң,
Самаркан, Ташкен, Караган,
Ушулардын баарысы,
Өзүбектен тараган,
Эбегейсиз урушта,
Ажырап калды Мураттан,
Мураттын бар беш уулу,
Улуусуз хандык аткарган.
Турданадан тукум жок,
Баш вазири Кубат хан.
Таластагы Татыбек,
Уулу калды Пазилбек,
Турпандагы Турумбек,
Иниси бар Акылбек,
Калганың өзүң барсыңар,
Бир жакадан баш чыгаар,
Бир жеңден туруп кол чыгаар,
Майышбасаң бузулуп,
Сени кандай күч жыгар?
Качанда болсо капсалаң,
Аламан болсо каптаган,
Араңды ачып жол берип,
Киргизбе душман ар качан,
Жекелешип урушса,
Таабалды, Матан, Такыр баш,
Үч баатыр бар удаалаш.
Курмушу менен Медербек,
Шерматкан бар дайар, деп,
Жалгызектин Бактыбай,
Жар – жөлөгүң жана бар,
Калдык чыкса жекелеп,
Жанын айап ким калар.
Талкалашып киргенде,
Талыкпасын билгенде.
Жалтайбасын жүрөгүң,
Айкөл Манас арбагы,
Баарыңдын бар жөлөгүң.
Деп тапшырып Бекбача,
Бүгүнкү тирүү баатырдын,
Көргөн элге бир башка.
Таң атканча уктабай,
Камынып чыкты калдастап,
Аты чыккан көй кашка,
Ар боруму бир башка,
Он эки түрдүү жарак бар,
Баатырларда бир башта.
Соотторун тордотуп,
Бүчүлүгүн оңдотуп,
Чарайнасын кадатып,
Туулгасын жаратып,
Кылыч, найза, балтанын –
Баарын ууга сугартып,
Жарылып кетер бекен деп,
Ай балтанын уңгусун,
Коло менен чырматып,
Найзанын сыртын сырдатып,
Тердиктерин жумшартып,
Үзөнгү боосун кыскартып,
Куйушканын узартып,
Ат олоңүн чыңдатып,
Олпоктордун жыртыгын,
Була салып булатып,
Чыраштатып жаматып,
Калдыркан менен кисепче,
Мыгын бөрктөп кадатып,
Музурканып мурчанып,
Муздай темир курчанып,
Сом темирин артынып,
Чарайнасын тартынып,
Кездемдин боосун чубалтып,
Кескерип найза чунайтып,
Туулгасын башка чөмөрүп,
Баатырлардын баарысы,
Кийгени темир көгөрүп,
Кетелегин өңөрүп,
Кылыч кында кыңгырап,
Ай балта белде шыңгырап,
Кызыл мизден доолбас,
Чымын тийсе зыңгырап,
Көз тайгылып баатырлар,
Көк мейкин зоодой зымырап,
Аттанып чыкты калың кол,
Маңдай-тескей жыбырап,
Кара курттай быжырап,
Кумурскадай кыжырап,
Салкын желдей дуулдап,
Чар каргадай чуулдап,
Кернейдин үнү заңкылдап,
Сурнайдын үнү такылдап,
Адамзат пенденин,
Күнү бүткөн кишиге,
Ажал жетти жакындап.
Топурак учуп асманга,
Туман түшүп закымдап,
Намыс үчүн көй баатыр,
Көөдөн керип, төш жайып,
Суусагансып оозуна,
Тили батпай акылдап,
Алып учуп жүрөгү,
Токтобой турат лакылдап.
Алоолонуп тулпарлар,
Ала качып алкылдап,
Тегеренип токтобой,
Башын булгап кайсаңдап,
Тоңурчактап тура албай,
Ооздук тиштеп тил чайнап,
Турнадай мойну узарып,
Жылдыздай болуп көз жайнап,
Тизгин тартпай бош койсо,
Анда – санда туйагы,
Жерге тийип такылдап,
Урган таштай зыркырап,
Учкан куштай дыркырап,
Кетүүчүдөй закылдап,
Кыргыйек жетпей жанашып,
Көзгө илешпей закымдап,
Азаматы кыргыздын,
Ок өтпөс буу,лум шым кийип,
Кең багалек балкылдап,
Алтындап саадак курчанып,
Асаба көктө калкылдап,
Үч айдын күнү токсон күн,
Бекер жаткан эригип,
Уруштан коркуп алаштын,
Ойунда жок тартынмак.
Саймалуу калпак сары шым,
Салтанатуу көп казак,
Карк алтынга бөлөнүп,
Өлүмдөн коркор эл эмес,
Өжөрлөнүп көгөрүп.
Алты шаар өзүбек
Кийгендери чылт жибек,
Сынчыбектен бер жакка,
Уруштан качкан эл эмес,
Ата теги өзүбек,
Ханы, кара дебестен,
Сайышка чыгат жекме-жек.
Оңой, олтоң эл эмес,
Омор улар бел эмес,
Кашкар, Котен, Лопнурлук,
Турпан, Комул, Аралдык,
Кадимтен келген кармашта,
Намыс үчүн жаралып.
Түр бейкасам, ак шайы,
Жектелеп кийген чапаны,
Жалайак ооз, кир кабак,
Орок мурун, чуңкур көз,
Кең көкүрөк, кууш айак.,
Кара сакал жайкалган,
Кадимтен бери урушта,
Кан кечип көнгөн чайпалган,
Асманы көпкөк чаңкайган,
Көп жаабай жамгыр аз жаган,
Мээ кайнаган ысыктан,
Бок кайнаган сасыктан,
Кан бүркүшкөн кызыктан,
Баш тартып кайра качпаган,
Басташып келген душмандын,
Башын жерге жаздаган.
Баары баатыр, баары шер,
Эгин эккен, мал баккан,
Мөмөлүү жыгач бак баккан,
Алтын аккан суу ичкен,
Сал байлашып суу кечкен.
Кара малдан төөсү көп,
Черчен , Турпан тарабы,
Эгининен мөмө көп,
Чөп жеринен куму көп,
Жибек чычкан курту көп,
Эштек менен нойгуттун,
Ошол кезде журту көп.
Манас, Алтай, Иледе,
Комул, Баркөл дегенде,
Тоо бойунда жылкы көп,
Өзөнүндө уйу көп,
Адырында койу көп,
Какырында төөсү көп,
Кургак сайда кулан көп,
Аралында марал көп,
Эңкүүсүндө элик көп,
Ээн жерде жейрен көп,
Токойлуу жерде бугу көп,
Муз төрүндө айуу көп,
Тектиринде теке көп,
Курбусунда кулжа көп,
Кумдай кийик мында көп.
Карагай, кайың, тереги,
Бой теңешип теңселип,
Мени көрчү дегенсип,
Алтайдын суусу алкылдап,
Иленин суусу жалтылдап,
Үстүндө салы калкылдап,
Теңир тоонун шамалы,
Өтө сонун салкындап.
Бай чечекей түрлөнүп,
Күн чагылып кулпурат.
Кара кыйак ,буудай баш,
Таргыл менен айуу чач.
Бетеге, шыбак, жылтыркан,
Беттеринде аралаш,
Адам жечү чөптөрү,
Алтай, чөйчөк, иленин,
Адырында көптөрү,
Кызыл-ала бүлдүргөн,
Жантайма боордун түптөрү.
Козу кулак , жоогазын,
Балжууран, ышкын , кемирчек,
Кымыздык менен бээ эмчек,
Кончуңа толуп бастырбай,
Куйулуп жатат жөргөмүш.
Жыгачтын аты карагатТоонун жапа жүзүмү,
Шагы ийилип самсалап,
Жаңгагы сайда жыйылып,
Алма ,өрүгү аралаш,
Кыйан жеген кемерге,
Канчасы келип тыгылып,
Көргөн жан өтүп кете албай,
Басалбай турат кыйылып.
Табылгы ,четин, аралаш,
Жылгын , балгын ,чамалаш,
Чычырканак, эчки тал,
Мал өтө албайт аралап,
Жер бетинен мындайды,
Адам уулу таба албайт,
Мындай сонун конушун,
Жат душманга кыйалбайт,
Кол салып келген ким болсо,
Койгулашпай туралбайт.
Эне сайдан Алтайга,
Котенден Чамбыл бел гече,
Жерин сактайт алаштар,
Орто Азия ичинде,
Элин сактайт алаштар,
Айкөл Манас баатырдын,
Атын сактайт алаштар,
Атактуу Кеңкол Таластын,
Баасын сактайт алаштар
Котен, Жеркен, Кашкардын,
Элинин көбү кыпчактан,
Азы тоодо мал баккан,
Көбү эгин сактаган,
Тоодой кылып кызыл жүк, Түгөнгүсүз мүлк тапкан.
Чиритпестен чачпастан,
Домдыкканда сактаган,
Кыпчактай эгин экпейт, деп,
Индинин эли мактаган.
Кундуз артып, чай артып,
Түрдүү мурчун дагы артып,
Кепереч, сымап дары артып,
Киргит, дөбөт, ташмалык,
Буудай алып кетем, деп,
Индинин эли чубалган,
Борошодо белде өлүп,
Түтөк алган жерде өлүп,
Белден ашчуу пенденин,
Азы калып, көбү өлүп,
Индилер минтип куураган.
Котендин жолу кеңири,
Кешмирдеки кыргыздар,
Индиге жолду бербеген,
Каты жок келген индиге,
Кыпчак эгин бербеген,
Ал заманда кыргыздар,
Мөшкөй төөнүн жүнүнөн,
Килем соккон термеден,
Өлүп кеткен кишини ,
Быйдана төшөп алдына,
Термеге ороп жердеген
Бейкасам менен шайыны,
Жибектен жасап түрдөгөн,
Баашайы башка кулпуруп,
Тоту куштай гүлдөгөн.
Сооданын аты кыл торко,
Мөшкөй кылдан жасаган,
Төө жүн менен кой жүндөн,
Жасап алган буйумун,
Муну ноот деп атаган.
Эчки жүндөн жасашып,
Манат деп атын аташып,
Дүрүйө менен карала,
Мындай сонун соодалар,
Толуп жатат кыргызда.
Кайыштан жасап кандагай,
Отко салса чок өтпөс,
Жүндөн жасап олпокту,
Мылтык атса ок өтпөс,
Жылтылдаган дейилда,
Мындай соода кыргызда.
Алкылдаган аргымак,
Жылаңач жүнсүз тобурчак,
Булуттан күлүк буудандар,
Асыл жылкы кыргызда.
Айры өркөчтүү лөгү бар,
Жону туйук нары бар,
Төрт түлүк малдын баары бар,
Алтымыш уруу алашта,
Артыкча кыргыз, казакта,
Жардысы жок баары бай.
Эркин өскөн алаштын,
Эминеден кеми бар!
Туу болуп турган бул күндө,
Эр Бекбача төрө бар.
Ата мурас абалтан,
Айыгышып келаткан,
Манжу, моңгул – экөө бар,
Кээде душман кээде тим,
Ал экөөнөн калгандар.
Дайардык кылып баарысы,
Жабыла минип атына,
Майданга келип калышы.
Жаңылап келген кытайдан,
Кыйгактуу найза колунда,
Кыргыз эмес кылымды,
Жалгыз алыш ойунда,
Көпкөк темир кийинген,
Турган тулку бойуна,
Күчүн-күчкө улаган,
Өчүгүшкөн душманы,
Капылет өлүп сулаган,
Калжаңдатып тулпарын,
Кан бойогон найзачан,
Каңгайлап ураан чакырып,
Майданга чыкты бир адам,
Лопнурдакы эр Матан,
Өлүмдөн качан баш тарткан?
Каңгайдан келден эрдин, деп
Канчалык алын билем, деп,
Манастап Матан бакырып,
Баатырдын атын чакырып,
Аты – жөнүн сурашпай,
Найзалашты качырып.
Сайдырбай найза кагышып,
Канча түркүн сайышып,
Балталашып чабышып,
Баардык күчүн арнашып,
Найза менен балтадан,
Пайда таппай алардан,
Кылычты кындан суурушуп,
Кыйкырышып урушуп,
Кылычтан тапкан айла жок,
Калды деми суушуп,
Чокморлошуп койушуп,
Акакташып соолушуп,
Маңдай-тескей марашып,
Дем өткөрүп турушуп,
Кекенишип демитип,
Кетелек алып келишип,
Одарышып бир ээрде,
Тамандашып тебишип,
Кайран жанды кейитип,
Эртеден кечке салышып,
Кечинде кайта келишип,
Баатырлар кайтып келгенде,
Аттан жулуп алышып,
Алдына көрпө салышып,
Жарага даары чабышып,
Илегерлер чогулуп,
Түрдөп айла табышып,
Уктабай таңды атырып,
Кейипкерин багышып,
Тунарыгы ачылып,
Сүрүп чыкты таңатып.
Жана чыкты жекеге,
Кейипкерлер аттанып.
Адам уулу көрбөсүн,
Көк буу көккө созулуп,
Булутка чыгып кошулуп,
Алакандар сойулуп,
Кан чубуруп жошулуп,
Кулак-мээни тундуруп,
Асман жарган карсылдак,
Кулак укса көз тунуп,
Балтанын үнү чакылдап,
Ойротто жок Матанды,
Оморо сайып жөнөдү,
Кытайдан келген кызыталак,
Өлтүртбөскө Матанды,
Такыр баш жетти анталап.
Матанды тирүү куткарып,
Качырып кирди кытайды,
Кандуу найза колго алып.
Койгулашып беттешип,
Кой эти бышым болгондо,
Такыр башты тумактай,
Сайып өттү ошондо.
Сапта турган Таабалды,
Кылча жанын айабай,
Өлөмүн деп санабай,
Алды – аркасын карабай,
Жебеден мурун жеткени,
Кытайдан келген баатырга,
Кыйкырып найза неткени.
Карсылдакка алышып,
Качпай туруп салышып,
Кайта-кайта сайышып,
Бээ саам араң чыдады,
Таабалды жеткир майышып.
Кытайдан келген балбаны,
Кыргыздан чыккан Таабалды,
Таабалдыны дардайтып,
Аңтара сайып таштады,
Иледен келген Шерматкан,
Ажалым жетсе өлдүм, деп,
Азабым болсо көрдүм, деп,
Ат койуп кетип бараткан,
Ажыратып алайын,
Таабалды аман калсын, деп.
Кытайдан келген кызталак,
Үчтү сайып удаалаш,
Биринин башын кесе албай,
Кылычтын мизи кан жалап,
Шермат ханды бетке алып,
Катуу кирди санталак.
Кытайдын аты Кеженей,
Кыргыздан үчтү сулатты,
Бучгагына теңебей,
Шермет ханды көзүнө,
Илип койбойт кенедей,
Бендеби деп бейлебей,
Эсирип турат Кеженей,
Күүлөп найза сунганы,
Күркүрөтүп найзасын,
Шерматка күүлөп урганы,
Бендеби деп бейлебей,
Антип турган Кеженей,
Ат үстүнөн кулады.
Өтө берип Шерматкан,
Кайра айланып келгинче,
Кытайлардын Кеженей,
Өтө андес ченебей,
Атка минип мышыктай,
Шермат ханды артынан,
Аңтара сайды тумактай.
Ысыккөлдүн Медербек,
Жан айабай чебер деп,
Манастап баатыр бакырып,
Качырып жетти дереңдеп.
Карап турат Кеженей,
Кескерип найза теңебей.
Медербектин найзасы,
Жетер жетпес кезинде,
Жалт дей түштү атынан,
Найза тийген немедей.
Медербек минген кызыл ат,
Өтө берди алактап.
Минип жүргөн Медербек,
Атын оңдоп тартканча,
Кеженей жетип аңгыча,
Медербекти торойтуп,
Сайып өтүү аңтара,
Казактардын Курмушу,
Каарданып бакырып,
Кандуу найза колунда,
Кеженейди беттеди,
Курмушу баатыр жеткени,
Алдыңкыдай ал дагы,
Найза тийбей жалп этип,
Аттан кулап кеткени,
Курмушунун буданы,
Кутулбаган кууганы,
Жылкыдан асыл жаныбар,
Чылбыр бойу узабай,
Кайта артына жанганы,
Атка минип Кеженей,
Качырып калган убагы,
Кеженейди жеткирбей,
Кыран баатыр Курмушу,
Кыйырынан найза урганы,
Мыктысынган Кеженей,
Аңтарылып кулады,
Кытайлардын Чабалай,
Кылча жанын айабай,
Курмушуга жеткени,
Чабалайга сайдырбай,
Кыраандык кылып Курмушу,
Кытайды сайып өттү эми,
Алдындагы Кеженей,
Ардык кылып ченебей,
Курмушуга жеткени,
Атынын оозун бурганча,
Аңтара сайып кеткени.
Чабалай менен Кеженей,
Башын кесип алсак, деп,
Теминип кирди тебелей.
Топчукулак кер атты,
Койуп барат Бактыбай,
Чабалай менен Кеженей,
Каттап сайып кетүүнү,
Чиктеп барат Бактыбай,
Кирпигин ирмеп албастан,
Тиктеп барат Бактыбай,
Курмушуну Кеженей,
Эми жетип сайарда,
Өзөктөн канын жайарда,
Аркасынан Чабалай,
Башын кесип аларда,
Катар сайып экөөнү,
Койуп өтүү Бактыбай,
Канга жууп найзаны,
Сойуп өтүү Бактыбай,
Жаңы келген кырк балбан,
Экөө өлүп кандалган,
Карап турган калганы,
Намызынан арданган.
Катар сайып экини,
Бир киши найза майласа,
Сегиз баатыр ат салып,
Кирип келди шаңдана,
Бактыбай кантер экен, деп,
Калгандар турат таңданып,
Таабалды Матан, Такыр баш,
Дайарданып камданып,
Курмушу, Шермат, Медербек,
Оңдоп найза карманып,
Алты баатыр тепсетип,
Кирмек болду ат салып.
Кытайдан келген сегизди,
Телегейи тегизди,
Жалгызектин Бактыбай,
Беттеп сайып бешөөнү,
Эптей сайып экөөнү,
Бир аралап өткөндө,
Кулатты аттан жетөөнү.
Калганын сайып тумактай,
Томолотуп таштады,
Бөрү кырган улактай.
Бактыбайдын колунан,
Өлүп кетти он балбан,
Каңгайдан келген элдерге,
Кыйын болду бул заман.
Отуз балбан орукта,
Барбай калбайт балбандар,
Хандары бар деп жумшаса.
Маңгыт Калдык каарданып,
Жан алчудай зарданып,
Бактыбайдан ону өлүп,
Ого бетер арданып,
Мурдунан буусу буркурап,
Уламдан оозун карманып:
- Ылгангандан онуң бар,
Бир кишини он киши,
Ойуна койбой байлап ал!
Байлатпаса бултаңдап,
Найза сайып, кылыч чап,
Балта, чокмор катарлап,
Тирүү койбой башын ал!
Хан Калдык кылды жардыкты.
“Бактыбайды байласам,
Бекбачага салам, - дейт,
Кең дүйнөдө тарлыкты.”
Урушту мурун көрбөгөн,
Көңүлү көпкүр барысы,
Отуз менен жыйырма беш,
Ортосунда көйрөңдөн,
Миң кишиге керт башым,
Мен боломун дегенден,
Ылганып ону бөлүндү,
Орто – карта он дөбө,
Орто жерде көрүндү,
Кыргыздар, көрүп аларды,
Кыйалы кыркка бөлүндү.
Кээ бирөөлөр күдүңдөп:
- Бактыбай эмес чекеде,
Элде турган биздердин,
Каныбыз чындап төгүлдү,
Ону урчук он дөбө,
Бул доңуздан өлгөнчө,
Кезик болуп онтолоп,
Үйдө өлгөн жакшы эле.
Алдында өлгөн он балбан,
Кайраты жок бели бош,
Жамандарын тандашып,
Чыгарган экен турбайбы,
Алдында келген аскерден,
Ар балбанды көргөнбүз,
Манжулардын чоң Бодоң,
Кара кытай Зоңтары,
Шибелердин Йобалы,
Солондордун Жабике,
Ары баатыр ары хан,
Моңгулдардын бетирке,
Ылгап келген балбандан,
Каман алп, Чынар, Буракүң,
Калдаң кытай, кампалаң,
Ошолордон канча өөдө,
Тиги турган он балбан,
Алда кандай күн болот,
Атаңдын көрү шум жалган!
Дүйнөгө келген тамам жан,
Өлбөй киши калбаган,
Тирүү кетип үй көрбөй,
Өлөт окшойт курган жан!
Жан алуучу көздөнүп,
Турушу башка он балбан.
Жана жыйырма балбан бар,
Аларда кандай жандар бар?
Бекбача калар кутулуп,
Тамам болот окшойбуз,
Андан башка жан калбай!
Санаасы сан, кыйал миң,
Турган элдин ичинде,
Болуп жатат ар кандай.
Моңгул, маңгыт, шибеден,
Манжу, солон дегенден,
Кара кытай, кеденден,
Тандалып чыккан он балбан,
Экөө колго тор алып,
Экөө жебе жаа тартып,
Экөөңдө кылыч жаркылдап,
Экөөндө балта жалтылдап,
Экөө найза сундуруп,
Күркүрөгөн найзанын,
Күүсү кулак тундуруп,
Шамал болуп дуулдап,
Маңгыттап уран чакырып,
Чаркаргадай чуулдап,
Касабасы калкылдап,
Аргымактар алкылдап,
Айгай сүрөөн бакырык.
Качырып кирди чар тарап.
Эр Кененим көк жалдан
Токсон күн таалим көп алган,
Он балбан тургай миң балбан,
Миң түрдүү өнөр иштетсе,
Буйдалбаймын деп алган.
Ушул үчүн карылар,
“Жетимиш өнөр жигитке,
Көп эмес” – деп айтышкан,
Жалгызектин Бактыбай,
Он балбанды элебей,
Бекбача аман турганда,
Таталаган буларды,
Бучкагына теңебей,
Зым-зым этип зымырап,
Карап турат кенебей.
Торун түрүп колуна,
Качырып торун саларда,
Жойкуманы Бактыбай,
Алдынан утур чапканда,
Тордун баары кыркылып,
Куру кол болуп калганда,
Аңгычакты шаштырып,
Найзакер кирип барганда,
Ар кандай жорук үйрөтсө,
Маш болот экен жылкыны,
Колтугуна Бактыбай,
Соогончокту ныкыды,
Шиш менен сайган немедей,
Туурасына ыргыды.
Найзакерлер сайа албай,
Алдына өтө бергенде,
Ойротто жок Бактыбай,
Оңтойуна келгенде,
Жойкү масы колунда,
Мен-мен деген төртөөнү,
Салып койду жолуна –
Экөөнү кести мойундан,
Экөөнү кести белинен,
Узатып койду жолуна,
Ажыратып элинен.
Балта чабар кылыччан,
Кыйкырып жетти аркадан,
Жойкуманы Бактыбай,
Белге кынай байлады,
Адис болгон эр неме,
Найзаны кармай алганы,
Кылыч менен жарар да,
Балта менен чабар да,
Топчу кулак карагер,
Жыландан бетер жылмаңдап,
Койондой ыргып кылт этип,
Кетенчиктеп кеткени,
Жайнап чыга бергынче,
Найза менен төртөөнү,
Катар сайып өткөнү.
Таамай сайган Бактыбай,
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Асылбача - Бекбача - 19
  • Parts
  • Асылбача - Бекбача - 01
    Total number of words is 4218
    Total number of unique words is 2402
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    48.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 02
    Total number of words is 4224
    Total number of unique words is 2033
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 03
    Total number of words is 4167
    Total number of unique words is 2177
    29.3 of words are in the 2000 most common words
    41.9 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 04
    Total number of words is 4207
    Total number of unique words is 2249
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 05
    Total number of words is 4227
    Total number of unique words is 2142
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 06
    Total number of words is 4145
    Total number of unique words is 2368
    27.9 of words are in the 2000 most common words
    41.3 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 07
    Total number of words is 4178
    Total number of unique words is 2166
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    41.9 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 08
    Total number of words is 4277
    Total number of unique words is 2252
    30.1 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 09
    Total number of words is 4169
    Total number of unique words is 2230
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 10
    Total number of words is 4247
    Total number of unique words is 2253
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    43.8 of words are in the 5000 most common words
    50.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 11
    Total number of words is 4282
    Total number of unique words is 2270
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 12
    Total number of words is 4209
    Total number of unique words is 2246
    29.3 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 13
    Total number of words is 4233
    Total number of unique words is 2187
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    43.8 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 14
    Total number of words is 4237
    Total number of unique words is 2126
    31.5 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 15
    Total number of words is 4138
    Total number of unique words is 2147
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    40.8 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 16
    Total number of words is 4194
    Total number of unique words is 2163
    31.5 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 17
    Total number of words is 4192
    Total number of unique words is 2144
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    44.1 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 18
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 2261
    28.7 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 19
    Total number of words is 4245
    Total number of unique words is 2140
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 20
    Total number of words is 4306
    Total number of unique words is 2154
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    52.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 21
    Total number of words is 4116
    Total number of unique words is 2203
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.3 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 22
    Total number of words is 4226
    Total number of unique words is 2218
    28.7 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 23
    Total number of words is 4188
    Total number of unique words is 2153
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    44.1 of words are in the 5000 most common words
    51.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 24
    Total number of words is 4131
    Total number of unique words is 2199
    29.7 of words are in the 2000 most common words
    42.9 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 25
    Total number of words is 4187
    Total number of unique words is 2437
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 26
    Total number of words is 4295
    Total number of unique words is 2395
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    39.5 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 27
    Total number of words is 4235
    Total number of unique words is 2320
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 28
    Total number of words is 3254
    Total number of unique words is 1922
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.