Latin

Асылбача - Бекбача - 19

Total number of words is 4245
Total number of unique words is 2140
30.4 of words are in the 2000 most common words
43.0 of words are in the 5000 most common words
50.0 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Талуу жер деп мойунду,
Бир найзадан кутулбай,
Ошол төртөө сойулду.
Жамгыр кылып жаа тартып,
Зыркыратып жебени,
Эки балбан жеткени,
Анткен менен Бактыбай,
Аларды көзгө илбеди.
Сундуруп найза тартпады,
Октоп мени атат деп,
Которуп орун качпады.
Топчу кулак кер атты,
Кандагайга каптаган,
Кара бойун чаптаган,
Минип турган кер аттын,
Тулку бойу күймөлүү,
Туйагынан башкасы,
Баары күмүш түймөлү.
Манасты алып оозуна,
Беттеп баатыр тийгени,
Тик качырып жетти эми,
Жеткен жерде эки эрди,
Беттей сайып өттү эми,
Бир Бактыбай он эрдин.
Түбүнө мындай жеткени,
Калың кыргыз элинде,
Уккан киши жок турса,
Өзүнчө болду кылмышкер,
Байакы ушак айткан эрлери.
Баатырлык кылып Бактыбай,
Жылас кылып жыйырманы,
Орто жерде турганда,
Хан Калдыктын көзүнө,
Кайран дүйнө тар болуп,
Кол алдында башкарган,
Алты хан эли бар болуп:
- Бирден барсаң жекелеп,
Тогузуң барсаң мекелеп,
Тобуңду бузбай, он балбан,
Качырып кирсең кан этет,
Жалпы барың тебелеп?
Же барасыңбы бир-бирден,
Керт башыңа менмин деп.
Калдыктан угуп калган хан,
Кантер айла табалбай,
Менмин деп чыгаар эр таппай,
Кыйналып турган кезинде,
Балтек деген бар эле,
Маңгыттардын элинде:
- Ойлонуп акыл мен таптым,
Олтурган, хандар, карагын,
Ылганып туруп ичиңден,
Жекеге бириң баргының,
Анда – санда беттешип,
Айарлык менен четтешип,
Кечкиртип кайра жангының.
Түндүн кара чапанын,
Башка чүмкөй жамынып,
Жүз сексен миң кишисиң,
Ханың, караң чогулуп,
Майданга орду казгының,
Топосун тарлап көтөрүп,
Көрсөтпөстөн каткының,
Арыбы көп адамдын,
Амалдап үстүн жапкының.
Жеке чыгып бириң бас,
Мылтыгын октоп миңиң жат,
Өзүң чыгып чекеге,
Бекбача кел деп жекеге,
Ханым Калдык, өзүң айт.
Ордо жаткан мергендер,
Бекбача келсе майданга,
Олпогу бар ок өтпөйт,
Өзүн койуп атын ат.
Бекбача аттан айрылса,
Канаты сынып кайрылса,
Айласын кыргыз табалбайт,
Жалгыз калат Бактыбай,
Баштакыдай боло албайт,
Ойлонгон менин акылым,
Жарабаса айтканың,
Калган эл, акыл тапкының.
Балтек айткан акыл, деп,
Барысы кетти макул, деп,
Бир балбанды зордоду,
Бактыбайга баргын деп.
Бир манжу кетти барбаңдап,
Чаначтай көөп дардаңдап,
Туурасы чыккан орто бой,
Курсагы чыгып чардаңдап.
Манжулап барат бакырып,
Бар кайратын чакырып,
Өтө мыкты бул манжу.
Бактыбайды качырып,
Жыйырманы сайып жылмалап,
Чапкан чөптөй кыймалап,
Антип турган Бактыбай,
Аткарыдан кан кечип,
Эр карыдан жин кечип,
Батырлык кылган Бактыбай,
Келе жаткан манжудан,
Анча-мынча кан кылбай,
Мелтиреп турат Бактыбай,
Карынан коркуп баатырдын,
Калтырап турат калгандар,
Заманасы куурулуп,
Алсырап турат калгандар,
Жайыбыз кандай болот, деп,
Жалдырап турат калгандар,
Айтарын билбей эс таанып,
Тамтырап турат калгандар.
Качырып келген манжууга,
Бактыбай найза сайдырбай,
Найзасын кагып жиберип,
Борошолуу жаандай,
Кайра тийди имерип,
Топчу кулак кер аты,
Ооздук тиштеп нидерип,
Капка тоодой каапырды,
Кайраты артык баатырды,
Карчытынын тушу, деп,
Как бөйрөгү ушу, деп,
Муштап өттү Бактыбай,
Кызыл канга найзаны,
Чыктап өттү Бактыбай.
Оодара сайып зоңкойуп,
Кең майданда тоңкойтуп,
Таштап кетти Бактыбай.
Калдыктын эли баспады,
Бактыбайга бара албай,
Бекбачадан жооп жок,
Майданда турат Бактыбай,
Хан Калдыктын аскерин,
Же аралап кирип кете албай,
Араңдан зорго далайда,
Калмактардын элинде,
Салбыр деген бар эле,
Билинбей жүргөн жан эле,
Жашырбай жайын айтканда,
Балбандын бири ал эле,
- Мен барамын, - деди эле.
- Барсаң, Салбыр, барып кел,
Кайратың бар эр элең,
Билинбей жүргөн неме элең,
Бактыбайды алып кел,
Алың ага келбесе,
Амал кылып кечкече,
Кечинде кайра жанып кел,
Салбыр чыкты аттанып,
Каңгайдан келген калмактар,
Бактыбайды алат, деп,
Батпай турат шаттанып,
Чыкканда Салбыр бастырып,
Барча тоодой көрүнүп,
Бойу мунар көрүнүп,
Колу чынар көрүнүп,
Жалт-жалт этип жаркылдап,
Жалыны көздөн төгүлүп,
Күрөккө, соот ичинде,
Тышынан эндей тон кийип,
Белине кылыч байланып,
Бар жарагын камданып,
Бастырып чыкты шайланып,
Болотун ташка түйрөйтүп,
Найзасын жерге сүйрөлтүп,
Чокморун кысып такымга,
Арзандык менен адамзат,
Беттешер эмес капырга,
Салбыр сүрдүү көрүндү,
Бактыбайдай баатырга,
Кирип келди ал Салбыр,
Тул катындай жулунуп,
Башында туулга алты кат,
Көп-көк болуп тулуйуп,
Анык күүсү кара бет,
Сакалы жок мулуйуп.
Бети жалпак дөң маңдай,
Сыртына кайкы жайык төш,
Мурду тоонун кыр таштай,
Эки көзү жуп көлдөй,
Оройу суук бадырек,
Мурундун ичи өзөндөй.
Балтыр эти баладай,
Көкүрөктүн кеңдиги,
Тай чабуучу талаадай,
Ай балкайы жиктенип,
Чөп ташуучу чанадай,
Алдыңкы ээрди түйрөйүп,
Ат мине албай нар минип,
Буту жерге сүйрөлүп,
Үстүнкү ээрди калбайып,
Дал ортосу далдайып,
Көзү экөө болбосо,
Макил дөө келип калгансып.
Минген нары тайраңдап,
Ала көбөң аңгидей,
Кирип келди дардаңдап.
Найзасын алып имерип,
Бурут, алың канча, деп,
Бактыбайга жиберип,
Бактыбай андан калабы,
Башын тартып ийменип,
Сексен аршын найзасы,
Бактыбай кайра какканда,
Сынып кетти канчасы,
Асманда учат зырылдап,
Сынган найза барчасы,
Күүлөп алып бу Салбыр,
Сыныгы менен чапканы,
Топчу кулак кара кер,
Чыга берди булт этип,
Сокмоктуу сойул тийгенде,
Жер айрылып солк этти,
Асманга учуп топурак,
Жөө тумандай тоз кетип,
Алды бүркөк, көк ачык,
Булут каптап калгансып,
Сойулун тартып алганча,
Оң карынын булчуңга,
Сайып өттү Бактыбай,
Тарамышын тарата,
Жарып өтүү Бактыбай,
Уу сугарган найзаны,
Өпкөнүн кара тамырга,
Малып өтүү Бактыбай.
Жалгызектин Бактыбай,
Өтө мыкты шамдагай,
Колуна жарак алдырбай,
Шылкы мойун чойунбаш,
Арстан тууган эр неме,
Ачып көздү жумганча,
Алтыны койуп өттү эле.
Ана-мына кылганча,
Колуна жарак алганча,
Оро-бара чокууга,
Онду койуп өттү эле,
Төбөдөн ары кош колдоп,
Төртү койуп өттү эле,
Мойун эттин тушу, деп,
Талуу жери ушу, деп,
Бешти койуп өттү эле.
Көз ачырбай токмоктоп,
Балта менен башка уруп,
Башындагы туулганын,
Төбөсүн ылдый жапшырып,
Каржилигин капшыра,
Койуп турат Бактыбай.
Каржиликтен кан агып,
Салбырдын көзү тунарып,
Шайы кетип калганын,
Анык билдик хан Калдык,
Ажыратпай тим койсо,
Өзөктөн канын жайарын,
Канык билди хан Калдык,
Салбыр токол болорун,
Таанып билди хан Калдык,
Алдынкы тааныш хандардан,
Калганы жок бир адам,
Кийинки жаңы хандардан,
Балбандан өлдү жыйырма адам.
Жыйырмадан ашык чокморду,
Көтөрдү салбыр бир адам.
Такоосуз калган хан элем,
Жалгыз калган жан элем,
Кара баш жалгыз калганда,
Башы бүтүн боору эсен,
Бекбача менен Бактыбай,
“Буларга кантип тең элем?
Он төрт хан алаш эл турса,
Буй кыламбы жеке мен?”
Ойлонуп Калдык аркасын,
Ажыратып алышка,
Салбырдын таап айласын,
Кара сурду камчылап,
Качырып Калдык баратат,
Калдык капыр жетет, деп,
Салбыр, Калдык бириксе,
Бактыбай жалгыз кантет?
Лобнурдагы хан Матан,
Койуп кетип бараткан.
Саптан Калдык бөлүнүп,
Жаачы күндөй көрүнүп,
Жан айабай келе атат.
Жагалданып Бактыбай,
Чокморду таштап жиберип,
Найзаны күүлөп имерип,
Алдындагы кер аты,
Ооздук тиштеп нидерип,
Салбырды эр Бактыбай,
Сайып өттү сооруга,
Сооту тогуз болбосо,
Кадалат эле бооруна.
Түбөгүнөн такалды,
Өтпөй найза какады.
Найзаны тартып алганча,
Бактыбайды капталга,
Калдык жетип сайганы.
Калдыктан найза жеткени,
Тебетейдей Бактыбай,
Аттан ыргып кеткени.
Салбырды сайар ал калбай,
Кыймыл этер шай калбай,
Матан жетти аңгыча,
Кылча жанын айабай.
Бактыбайга жетерде,
Кер атына мингизип,
Алып чыгып кетерде,
Кайра тартып хан калдык,
Бактыбайга эргешип,
Байкабай калган Матанды,
Туулганын төмөн чети, деп,
Бакалордун бези, деп,
Муштап өтүү хан Калдык,
Ак иретке Матанды,
Жумшап өттү хан Калдык.
Чылбыр чойуп тулпардан,
Жыгылды Матан дардайып,
Адегенче Бактыбай,
Кер атка минди залкайып.
Эсин жыйып Салбыр кул,
Эңкейип алды найзасын,
Кабаттан сайсам, экен, деп,
Алаштардын канчасын.
Алдынан Калдык бет келип
Аркадан Салбыр найзасын,
Күүлөп калды кескерип.
Карап турган Бекбача,
Май торуну чуратып,
Чаңды асманга созултуп,
Манас деген үн чыгып,
Кадимки Чубак үндөнүп,
Азиз хандын Алмамбет,
Так ошондой сүрдөнүп,
Алдындагы Май тору,
Тел кызылдай зыркырап,
Көзүнөн жалын шыркырап,
Ойрон Сыргак жолборстой,
Найзасынан үн чыгат,
Учкан куштай дыркырап,
Жебеден мурун жеткени,
Бактыбайдын артынан,
Бара жаткан Салбырды,
Этектен түрө муштады,
Күн тийбести талкалап,
Найзанын учу чыкканы,
Тартып алып найзаны,
Калдык ханга жеткени.
Бактыбайды сайдырбай,
Кара сурдун үстүнөн,
Аңтара койуп эми.
Карап турган хан кайда,
Жыйырма балбан дапдайар,
Тик качырып жазганбай,
Бекбачага жетти эми.
Жалгызектин Бактыбай,
Бекбачага карабай,
Хан Матандын өлүгүн,
Топчу кулак кер атка,
Жаш баладай өңөрүп,
Өчөшүп келген эл менен,
Койгулашып көгөрүп,
Матандын атын жетелеп,
Бактыбай кетип баратат,
Манжу, Солон элинен,
Тандалмалуу эринен,
Бактыбай менен салышып,
Бешөө кетип баратат.
Такырбаш жетти теминип,
Тап бүркүттөй желигип,
Бекбачага балбандан,
Маңгыт калдык баштаган,
Жыйырмасы кездешти.
Такыр баштын артынан,
Таабалды менен Шермат хан,
Медербек менен Курмушу,
Эки казак үч кыргыз,
Бешөө кирди канатташ.
Бактыбайды эсен сак,
Хан Матандын өлүгүн,
Алып кетти Медербек,
Алдындагы Такыр баш,
Жыйырма балбан ортого,
Бекбачаны алыптыр.
Найза, кылыч, балтачан,
Мылтык атып жаа тарткан,
Темир болот тор салган,
Мылтыкчандын тамамы,
Май торуну кастаган,
Торчу торун таштаган.
Найзанын учу күртүлдөп,
Мылтыктын үнү зүңкүлдөп,
Кылычтын үнү кыңгырап,
Балтанын үнү шыңгырап,
Кетелек үнү шакылдап,
Чокмордун үнү такылдап,
Жүн сабаган немедей.
Болуп жаткан тапылдак,
“Андай сайып, мындай чаап”
Акыл берип балбанга,
Карасур менен калдайып,
Калдык турат какылдап.
Алаштан кирген төрт баатыр,
Жетип келди жакындап,
Бекбача айтат бакылдап:
- Силерди карап турганмын,
Торго түшүп турбадым,
Айла кетип амалсыз,
Колго түшүп турбадым,
Эр Курмушу, Шермат хан,
Элдин сыртын кайтаргын.
Качпасын кангай жылыштап,
Тирүү киши чыгарбай,
Башын алгын кылычтап.
Таабалды баатыр, Такыр баш,
Амал ойлоп акыл тап.
Тиги турган хан Калдык,
Качпасын капыр ыгын таап.
Жоо бөрүсү баатырлар,
Тосоттоп жолун кайтаргын,
Мыктысы жыйырма балбанга,
Жалгыз өзүм мен бармын.
Бактыбайга айтып кой,
Байракты өзү кармасын,
Кыргыздын туусун жыктым, деп,
Мактанып Калдык калбасын.
Хотен, Жеркен, Азыктын,
Хандары жанын кайтарсын,
Топого башы шурдалып,
Тоңкойуп чалдар жатпасын,
Эрдин бири Медербек,
Алаштын элин байкасын.
Айтып болуп Бекбача,
Оролгон темир бир канча,
Тулку бойун бекитип,
Белин түйүп мекийип,
Эр Гүлүстөн абам, деп,
Жардамың барбы, маган деп,
Бурултбастан жетсем, деп,
Маңгыттын ханы саган деп,
Кайратын бойго жыйганы,
Кабылан баатыр туйлады,
Беш кабат темир тор түшкөн,
Жети катар жибек тор,
Чыгып кетип дал-далы,
Танап болуп баатырга,
Илинери калбады.
Бекбача баатыр кептенип,
Торду мурун ким үзгөн,
Аты менен өлсүн, деп,
Ачка кордук көрсүн, деп,
Коңурбай камап койгондо,
Шер Алмамбет бир үзгөн,
Тордон чыккан Бекбача,
Тоодон бийик талабы,
Колуна найза кармады,
Тегеректеп турганда,
Бешти катар сайганы,
Найзанын учу тийгенде,
Тирүү бирөө калбады,
Каары көрүп Калдык хан,
Беттеп бара албады.
Мен – мен деген жыйырмасын,
Жылдырбастан жалмады,
Карап турган Калдык хан,
Камчысын булгап калганы.
Калдайган колду аралап,
Кан төгүүчү шайтаны,
Бекбачанын кармады.
Жүз элүү миң аскери,
Алты уруктан келгени,
Алашта киши калбады,
Аралашып калганы.
Баатырлар жүрөт аралап,
Ат карыдан кан кечип,
Эр карыдан жин болуп,
Таш баканын далайы,
Талкаланып жүн болуп,
Ылгый сөөксүз жыландар,
Күдөрүдөй ый болуп,
Кескелдирик, батма чык,
Тайны калбай жоголуп,
Жердин бети тилинип,
Таштар чыгып коройуп,
Алты күндүк айлана,
Жуурулуп адам канына.
Токойунда айбандар,
Жолборс, айу, камандар,
Бугу, марал, куландар,
Кутулуп качып кете албай,
Карышкыр, түлкү, койондор,
Төрт айактуу бул эмес,
Тепселип өлдү момолой.
Мышык,мадыл ,чычкандар,
Маана болор жер таппай,
Түгөнүп кетти айбандар.
Туу кармаган Бактыбай,
Эки күнү эки түн,
Элге болду мүшкүл түн,
Калдык чыдап туралбай:
- Алаштын туусун жыкпасам,
Бактыбайды сойлотуп,
Бир кумардан чыкпасам,
Бекбачанын колунан,
Тирүү калбайт бир адам.
Бекбачаны карасам,
Эңиш жерге келгенде,
Кырк-элүүдөн бир сайат,
Өргөө чыга бергенде,
Албарс менен кайсалап,
Чамбыл ала чаң кылып,
Кылычтын мизин кан кылып,
Жалмап кетип баратат,
Түзөң жерде кес келсе,
Жүз элүүдөн талкалап,
Кетелегин булгаса,
Жетимиш-сексен жок калат,
Чогууну көрсө кол салат,
Арасын ачып жол салат,
Орто жерди ой кылып,
Ойуп кетип баратат,
Бет келгенди куткарбай,
Сойуп кетип баратат,
Хандын көзүн кашайта,
Ойуп кетип баратат.
Бул Манастын тукуму,
Буруттан чыккан кызталак!
Биздин эл качат аз калды,
Ар тарапка самсалап.
Өзүм аман турганда,
Бактыбайды сойойун,
Канын ичип кеселеп,
Ач курсагым тойойун,
Айтканымдай кылбасам,
Кантип хан Калдык болойун!?
Ушул бүгүн жеңилсем,
Батарыма эл да жок,
Барарыма жер да жок,
Кылчайып мени бир карар,
Каңгайдан башка пенде жок!
Чымырканып чыйралып,
Өрдөктөй мойнун узартып,
Кузгундай көзүн кызартып,
Өзүнө өзү сөз айтып,
Өжөрлөнүп Калдык хан,
Кара сурдун үстүнө,
Таш өбөктү салыптыр.
Көпчүлүктү аралап,
Бактыбайды мекелеп,
Элди жандап жекелеп,
Калдык кетип баратат.
Алабек менен Малабек,
Козубек үчөө бир турган,
Көрө салып Козубек:
- Курбалдашым эки бек,
Кулак сал, - дейт көзүмө.
Маңгыт Калдык келе атат.
Бактыбайды сайам, деп,
Туусун жыгып алаштын,
Бир калбаны салам, деп.
Ойлогону арамдык,
Келе жатат кара нээт,
Бактыбайга айтбайбы,
Ажал жетсе өлөрбүз,
Өлөм деп коркуп качпайлы,
Ажалым жетсе өлөйүн,
Азабым болсо көрөйүн,
Көкөтөйдүн ашында,
Манас менен бир жүрдүм,
Он сегизде жашымда.
Семетейди бир көрдүм,
Сейитимди көрбөдүм,
Кененимди көргөнмүн,
Асылбачам өлдү дейт,
Аны дагы көрбөдүм,
Токсон алты жаштамын,
Ажал жетпей өлбөдүм,
Маңгыттын ханы капырга,
Бир беттешип көрөйүн.
Козубектен кеп угуп,
Чалдын баары оолугуп,
Жеркендеки Малабек,
Мен барам деп куйугуп,
Азыкдагы Алабек,
Мен барам деп жулунуп,
Биринен-бири сураса,
Алабек менен Малабек,
Токсон беште тең экен,
Козубек бир жаш чоң экен,
Анда айтат Козубек:
- Жашым менин чоң экен,
Жол талашпа, баатырлар,
Силерден мурун алдыда ,
Менин барар жолум бар.
Билип калса Калдыкты,
Жол бербейт бизге Бактыбай,
Бирден-бирден баралы,
Бактыбайга туйгузбай.
Чалдар сырын айтышып,
Жүрүп кетти Козубек:
-Токсондо жашым бар болсом,
Тоодой болгон Калдыкты,
Томоро сайам мен болсом.
Ой Алабек, Малабек,
Карап тургун сен болсоң.
Келе жаткан Калдыкты,
Көрүп кетти Козубек,
Найзасын күүлөп сындырып,
Койуп кетип Козубек,
Манастап баатыр бакырып.
Манас деген үндү угуп,
Бактыбай жеткен экен, деп,
Калдык калды шашылып,
Өбөктөгөн атына,
Оңдонуп минди ашыгып,
Койуп өттү аңгыча,
Козубек кары качырып,
Кары да болсо Козубек,
Кайраты толук ушул кез,
Кыйрынан сайган Козубек,
Карасурдан кырданып,
Жер тайанды хан Калдык.
Өзү манжу уругу,
Өз жеринде жүргөндө,
Эки шаардын улугу,
Уутаң деген бар эле,
Беттешкенин кетирбей,
Алып жүргөн жан эле,
Аркасынан Калдыкты,
Кайтарып жүргөн чагы эле.
Уутаң капыр жеткени,
Козубектин атынан,
Аңтара сайып кеткени.
Козубектин найзасын,
Уутаң тартып алганча,
Алабек жетип бир койду,
Аңтарылып атынан,
Манжу Уутаң торойду.
Койгон бойдон Малабек,
Козубекке жеткени,
Козубекти атына,
Мингизип жаткан кездери,
Карасурга хан Калдык,
Кайра минди камданып,
Кандуу найза карманып,
Козубек менен Алабек,
Катар сайды кара нээт.
Окшош эки карынын,
Канын жайды кара нээт.
Бактыбайды мааналап,
Качып жетти Малабек,
Кеп айта албай апкарып,
Араң жетти Малабек:
- Манжу Уутаң Калдыкты,
Алып кетти жүрү, - деп.
Малабектен кеп угуп,
Эки хан өлдү деп угуп,
Козубек менен Алабек,
Өлүгүн алып келгин, деп,
Алдырып келди өлүктү,
Жалгызектин Бактыбай,
Салмак болду түйшүктү.
Ордо сактап жаткандан,
Элүүдөн жүз кишини,
Өлүктү берип колуна,
Жер-жерине жиберди.
Муну мындай таштайлы,
Канжалаган Калдыктын,
Айласынан баштайлы..
КАЛДЫКТЫН АЙЛАСЫ
Уутаң, Калдык биригип,
Тура калып кеңешип:
- Ушул бойдон тим койсок,
Бекбачасы баштаган,
Хандардан бар канча жан,
Адамды адам дебеген,
Балбандан бар мынча жан,
Акылы калды кыскарып,
Буруттан өлдү эки хан.
Уутаң айтат ошондо:
- Ханым Калдык, мен айтам,
Балтек айткан акылды,
Биз кылсакбы деп турам.
Ушул бойдон жөн болсок,
Бул кейпинде кыргыздан,
Кутулбайт тирүү бир адам.
Тил алсаң, ханым, буйрук бер,
Ажырасын эки эл.
Биз уйкудан кечели,
Жердин бетин ойолу,
Орду казып койолу,
Дем алдырбай кыргызды,
Урушка дайар бололу.
Калдык кабыл алыптыр,
Эл ажырап чыгуучу,
Барабанды кагыптыр.
Эл ажырап бөлүндү
Ажыраган элдерде,
Ар бир сонун көрүлдү:
Ичегиси иймелген,
Сүйрөлүп жерге чиймелген,
Ичегиси чубалып,
Каны качып кубарып,
Антип жүргөн андан көп;
Колу сынып чолойуп,
Көзү чыгып олойуп,
Кулагы жок молойуп,
Денеден каны чубуруп,
Кыпкызыл канга бойолуп,
Буту сынык сыйраңдап,
Жанбашы сынык кыйраңдап,
Бели сынык буйраңдап,
Бул түрдөгү мындан көп;
Коркурап жаны чыга албай,
Кыйналганы дагы бар,
Ага, ини бир тууган,
Бири калып, бири өлүп,
Ыйлаганы дагы бар;
Ата ордунда агам, деп,
Ини да болсо төрөм, деп,
Эми кайдан көрөм, деп,
Чымын жаны чыркырап,
Кыйналганы дагы бар;
Өлгөндүн тоноп кийимин,
Жыйнаганы дагы бар;
“Өлгөнчө жетер пул таптым,
Аз таппадым, мол таптым,
Ушул кыргын болбосо,
Муну кайдан мен таптым”.
Деп сүйүнгөнү дагы бар;
“Көр дүнүйөң куру, - деп,
Өлгөндөн ашкан бул дүйнө,
Түп болот деги кимге? – деп,
Өлбөчүдөй жутунба,
Тоңбочудай кумтунба,
Эки-үч күндүн ичинде
Өлүп кетсең непада,
Сага дагы буйурбай,
Артып калат артыңда,
Көр напсиге алданып,
Болбогон ишке чарпылба”,
Акыл айткан дагы бар;
Кабыл албай айтканын,
Өзүң жыйнап ала албай,
Жыйнаганды көрө албай,
Каңкылдабай олтур, деп,
Кайаша айткан дагы бар;
Буйурбаган ээсине,
Опа бербейт кишиге,
Ырас айтат, ушул, деп,
Колдогону дагы бар;
Мойнун толгоп бултулдап,
Болбогону жана бар.
Ар кимдин ойу ар башка,
Окшобогон шум жалган!
Түнүндө каңгай камданып,
Тирүү калган кишинин,
Баары калбай жамдалып,
Ортону көөлөп ор казып,
Көпчүлүк түндө бүтүрүп,
Бекбачаны орого,
Алабыз деп түшүрүп.
Каңгайлардын ичинде,
Бир далычы бар экен.
Далысын кармап колуна,
Хан Калдыктын үстүнө,
Кирип келди жүгүрүп,
Жаш баладай күйүгүп,
Оозунан түтүн бурулдап,
Токтоно албай үшкүрүп,
Улутунуп алганы.
- Эмине болдуң, айткын? - деп,
Калдык сурап калганы.
- Далыдан көргөн ишти айтам,
Жалганы жок чынды айтам.
Уктабай түндө ор каздык,
Ойлобой орду не каздык?
Далыдан көрдүм кыргыздын,
Төлгөчүсү бар экен.
Төлгө салып кечинде,
Ор казганды билиптир,
Бактыбайдын үстүнө,
Басып барып кириптир,
Билгенин айтып билиптир,
Төлгөсүн кайра салдырып,
Казактар аны көрүптүр,
Жалганы жок ырас, деп,
Күбөлүгүн бериптир.
Биз ор казган кезекте,
Көз байлоочу сыйкырдан,
Алтоо-жетөө келиптир,
Көзү менен көрүшүп,
Топосун алып барышып,
Айкындашып билиптир,
Барын билип болгондо,
Бекбачасы күлүптүр,
Эл башкарган Бактыбай,
Аскерди алты бөлүптүр.
Таабалды менен Такырбаш,
Эки топко эки баш.
Шермат хан менен Медербек,
Эки топко экөөнү,
Баш кылыптыр белгилеп.
Курмушу менен Бактыбай,
Эки топту алыптыр.
Туу көтөргөн Малабек,
Бекбача турат майданда,
Күнү бүткөн кишилер,
Келе берсин, мага деп,
Сактанган менен болобу,
Орго түшөт Бекбача.
Бекбача орго түштү, деп,
Ат койобуз жан калбай,
Бекбача ордон кутулат,
Барган менен карматпай,
Тегеректеп буруттар,
Өзүбүз казган орого,
Өзүбүздү тыгышат,
Жан кишини куткарбай,
Камап турат алты топ,
Четке киши чыгарбай.
Ор өлүккө толгондо,
Тоодой Калдык мааналап,
Сен качасың ошондо.
Алаш кетет элине,
Ар ким кетет жерине,
Бекбача түшөт көшөрүп.
Калдык, сенин изиңе.
Каңгайга барып азыраак,
Баш мааналап көрөсүң,
Кайсы экенин билбеймин,
Андан нары көрөрүң,
Далычыдан Калдык хан,
Татыгы жок кеп угуп,
Бекбача орго түшкөндө,
Куткарбаймын аны деп,
Кайрат кылып дем уруп,
“Качасың” ды унутуп,
Дардаңдады ал акмак,
Орго түшсө жеңдим, деп,
Олбуй-солбуй белин бууп.
Муну койо туруңуз,
Эми кыргыздын кебин угуңуз.
Келдике деген бар эле,
Ата-энеден туулуп,
Жер бетине келгени,
Беш ата болуп тукум кууп,
Төлгө салып билүүчү,
Киши келбей кечиксе,
Мал-парааны жоголсо,
Келдикеге эл келчү,
Төлгөсүн салып Келдике,
Көргөнүн айтып берүүчү,
Келдикенин айтканы ,
Бурулбастан келүүчү.
“Баатыр Манас төрөнүн ,
Төлгөчүсү эр Төлөк,
Келдике болуп калдың”-деп,
Тамашалап күлүшчү.
Ажырап аскер чыкканда,
Кош-кошуна түшкөндө,
Келдике салды төлгөсүн,
Келип айтты элдерге,
Төлгөсүнөн көргөнүн.
Кыргыздын бары ырас ,деп,
Ишенише кетишти.
Казактан карап тургандар,
Мадантай деген казактын,
Төлгөчүсү бар эле,
Чакырып алып келишти,
Карап көрүп Мадантай:
-Бара келди Бактыбай,
Орго түштү Бекбача,
Ордун оозун бек тосту,
Жан кишини бастырбай.
Тереңдиги он арыш,
Ыргып чыкты Майтору,
Туйагын кагып буйдалбай.
Калдык качты чыдабай,
Бекбача кетти кубалай,
Алты бөлүм аскерге,
Айдатып келип Бактыбай,
Түптүз ору толгончо,
Бир кишини чыгарбай,
Жооп берет элдерге,
Бекбачанын артынан,
Мен Бактыбай барам, деп,
Калгандар жеткин жериңе,
Эл-элиңе тара, деп,
Жүр, Келдике, турбайлы,
Бактыбайга баралы,
Байандап кепти салалы.
Тилге кирсе Бактыбай,
Арам кыйал Маңгыттан,
Анык кабар алалы.
Кабар айтып барышты,
Бардык кебин салышты.
Казак, кыргыз чуулдап,
Келдике менен Мадантай,
Жалган айткан эмес, деп,
Жабырашып калышты.
Карап калып Бактыбай:
- Андай болсо, баатырлар,
Калдыраган каңгайдан,
Кабар алчу кимиң бар?
Көрүп келе калыңар.
Таластан келген жеринде,
Бактыбайдын элинде,
Сакадай деген бар эле,
Көз боочу жайы бар эле.
Эки киши котчу алып,
Сен экөөңдү кишиге,
Көрсөтпөймүн деп алып,
Көрүнбөй жетип барганы,
Бар ишти көрүп калганы.
Казган орун Каңгайдын,
Тереңин өлчөп жип салып,
Он аршын экен тереңи,
Жипти туйуп белги алып,
Узунун өлчөп билиптир,
Беш жүз аршын келиптир,
Көргөнүн баарысын,
Келип айтып бериптир,
Кем-керчисин калтырбай,
Терип айтып бериптир,
Муну угуп Бактыбай,
Аскерди алты бөлүптүр,
Болгон иштин баарысын,
Далычысы моңголдун,
Билип айтып бериптир.
Төлгөчү менен Далычы,
Таамай айтты баарысы,
Жалганы жок айтканы,
Тамам келип калышы.
Бекбача орго түшөт, деп,
Сүйүнүп калдык уктабай,
Орго түшкөн немени,
Аламын деп куткарбай,
Барабанын кактырып,
Аскерин тизип сап кылып,
Өзү чыкты жекеге,
Бекбача, деп бакырып,
Карасур менен бастырып:
- Кырылды элдин далайы,
Бекбача, сенин мойнуңа,
Өлгөн элдин убалы!
Жашырынбай келгиниң,
Жайымды менин билгиниң,
Мойунуңа саадак илгиниң,
Саламыңды бергиниң!
Эгер андай кылбасаң,
Кутулбайсың бүгүн сен,
Шишиң толду, билгиниң !
Деп күркүрөп турганда,
Сыр найзаны зыңкыйтып,
Тоо текедей секиртип,
Май торуну кымдыйтып,
Бекбача жетти маңдайга,
Качырышып бет келди,
Карсылдашар кез келди.
Орду билип Май тору,
Арышын кербей шектенди.
Аны билбей Бекбача,
Сойулгур кантип калган!- деп,
Кара санын тилинте,
Камчы менен жиберди.
Кара жаак булдурсун,
Катуу тийди санына,
Карга-кузгун тойгундай,
Сандан аккан канына.
Кара санга камчы жеп,
Аркардай арыш алганы,
Төрт аркан келет туурасы,
Төптөп аттап кете албай,
Орго түшүп калганы!
Качырып жети хан Калдык,
Эңкейип найза сайа албай,
Аңдан качып Карасур,
Чукул кирип бара албай.
Буйдалып калган кезинде,
Кечиндеги уккан кеп,
Бактыбайдын эсинде.
Топчу кулак кер атты,
Койуп калды Бактыбай,
Зыркыратып жебени,
Чойуп калды Бактыбай,
Тарткан жебе жеткени,
Сол колунун шак-шагын,
Талкалап жебе неткени,
Сынган колун билдирбей,
Бурдай кармап хан Калдык,
Эл аралап кеткени.
Алты хан эли ат салып,
Жазайыл атып, жаа тартып,
Милтесин кызыл чоктошуп,
Зүңкүлдөтүп ок атып,
Кой чагыр атып чаңыртып,
Жердин бетин жаңыртып,
Каптап кирдиң каңгайлык,
Бактыбайдын кошууну,
Кызыл кан агып жошулду,
Кангайлыка жол бербей,
Бактыбайга кошулду.
Ордун оозун алганы,
Каңгайдан киши бастырбай,
Кыргыз тосуп калганы.
Аркасына качырбай,
Калгандар тосуп алыптыр,
Каңгай менен Алаштын,
Каны суудай агыптыр.
Орго түшкөн Бекбача,
Асмандын бети кызыл чок,
Жамгырдай түшөт аткан ок,
Туйундурбай адамга,
Бойго жеткен кыз болуп,
Кубулжуп турат дүйнө шок!
Ошол кезде Бекбача,
Төлгөчүнүн, кеби деп,
Бурулбай келди чыны, деп,
Өзү менен иши жок,
Калган элден кайгы жеп:
“Кылым кыргыз элинде,
Кызыл ээк чал калды,
Кызыл муштум жаш калды,
Ээ боло албай элге деп,
Мага жаман ат калды!
Сөөгүмдөн кетпей, бирге өлгөн,
Ушул менде дарт калды!
Атактуу Кеңкол, чоң Талас,
Ээсиз бүгүн бош калды!
Алтымыш уруу көп алаш,
Айак асты таланды,
Упурак болду кайран журт,
Маңгытка болуп каранды!”
Бекбача кейип муңканды,
Бекбачанын алдында,
Майтору минген тулпары:
“Асылбача мингенде,
Мени минди буудан деп,
Май тору минип турганда,
Кутулбайт качкан куусам деп.
Асылбача өлгөндө,
Бекбача минди керээз деп,
Ойуна алып көрбөгөн,
Аттап өтүп кете албай,
Төрт аркан тартса жеткидей,
Аңга түшүп кетет деп.
Аңкыса шамал атыр гүл,
Ала Тоо чөбүн мен жесем,
Айбан да болсом уйалдым!
Ак кула, мага жардам бер,
Сайдан аккан сууң сүт,
Сенден болсун мага күч,
Сарала мага, жардам бер!
Көк теке баскан адырда,
Телкызыл жүргөн кадууда,
Тайбуурул оттоп семирген,
Суусамырдын сыртында,
Сур койон оттоп элирген,
Сары коонун түзүндө,
Жуушадым жатып күзүндө,
Боз жорго, кирдиң түшүмө,
Кыргыз үчүн жан кыйнап,
Бекбача турса үстүмдө,
Туйак серпер алым жок,
Мен турсам ордун ичинде,
Алатоодон жеген чөп,
Сүт ордуна ичкен суу,
Кетелек турса ичимде.
Боз жорго келип жардам бер,
Арсыз айбан дедирбей.
Оң жагымда сен турдуң,
Сол жагыңда мен турдум,
Канаты бар Кеңкула,
Адамча билип сүйлөгөн,
Санаты бар Кеңкула,
Кубат бергин муунума!
Ойрон кеткен Сейитим,
Эркек эгиз уулуна,
Той бергенде Кененим,
Чыгып келген Телкүрөң,
Мага жардам бербесең,
Кыйноодо калды Май тору,
Тирүүлүк мага не керек,
Жаман аттын айынан,
Бекбача өлдү, дедирсең!
Тообо кылам тогузга,
Кабыл кылгын, тогуз ат,
Мендей тору доңузга!”
Бурчактап көздөн жаш кетип,
Белин түйүп мекийип,
Ордун тиктеп кашаттын,
Эки көзү чекийип,
Мышыктай чыкты Майтору,
Туйагын какпай секирип.
Аккула куйрук тиштетип,
Сарала жөлөп күч берип,
Көк теке жалдан тартканы,
Телкызыл колун көтөрүп,
Сур койон бутун көтөрүп,
Тай буурул менен Кеңкула,
Медет берди торуга,
Сейитимдин Телкүрөң,
Арта салып жонуна,
Бакай хандын Боз жорго,
Чылбырынан тартканда,
Канаты бар немедей,
Бекбачанын Май тору,
Так секирип чыгыптыр,
Казган ордун кырына.
Бекбачанын чыкканын,
Көзү көрдү Бактыбай,
Кишиден угуп билбеди,
Өзү көрдү Бактыбай,
Ача берип ор жагын,
Аркасына качырбай,
Камап кирди кыргыздар,
Калдыктын калың кошуну,
Өз оруна тыгылды,
Кыйан жыйнап келгендей,
Кемерине жыйылды.
Беш жүз аршын узуну,
Тереңдиги он аршын,
Төрт аркан бойу туурасы,
Кыры менен жык толду,
Кайнап жаткан калың кол,
Караны качып аз болду,
Түз жердей өтүп хан Калдык,
Бурулбастан чу койду.
Барабан согуп кабарлап,
Ажыратар жок болду.
Муну мындай таштайлы,
Хан Калдыкты Памирди,
Чапканынан баштайлы.
КАЛДЫКТЫН ПАМИР КЫРГЫЗДАРЫН ЧАБЫШЫ
Маңгытка Калдык баралбай,
Чыгышты карай бет алып,
Он эки калмак котчу алып,
Кетип барат Калдык хан,
Алды-аркасын карабай,
Күндүз жатып, түн басып:
«Көрүп калса бир киши,
Бекбачага айтат,- деп,
Угуп калса Бекбача,
Аркамдан издеп чабар, - деп,
Каалаган жерге жеткизбей,
Канымды суудай жайар,- деп,
Чыгышты карай түз жүрсөм,
Ат изине салар,- деп,
Абийирим ачып айрандай,
Амалсыз кылып салат,- деп,
Кудайым бир, диним бир,
Асилинде түрүм бир,
Таңгуттун элин табам, - деп,
Баштан өткөн жумуштун,
Баарын айтып барам, - деп,
Таңгуттун эли тил алса,
Котен, Черчен, Лопнурду,
Түп көтөрө чабам,- деп,
Түгөнүп калган кыргызга,
Түйшүктү мыктап салам” - деп,
Бадакшан менен Балыктын,
Арасынан качканда,
Оогандын элин аралап,
Үргөнчтөгү кыргыздын,
Абалын байкап чамалап,
Памирдин тоосун кыдырып,
Күңгөйү менен сыдырып,
Кешмирге жете барыптыр,
Кара нээт Калдыктын,
Шайтаны кармай калыптыр.
Ноңпа деген жер экен,
Такыр кыргыз эл экен,
Карыларын какшатып,
Катындарын боздотуп,
Такыр талап алыптыр,
Черчендеги кыргызга,
Теңи качып барыптыр,
Черченде эштек эли экен.
Ээ болуп элди башкарган,
Атактуу шаар Котенден,
Чын деген аты бар экен.
Козубектин ордунда,
Кетиркей деген хан экен,
Эгиз туулган жанында,
Эки баатыр бар экен.
Биринин аты Чакмакташ,
Биринин аты Кардыгач,
Черченде бар бир баатыр,
Анын аты Жагалмай.
Кетиркей кабар угуптур,
Ким экенин биле албай,
Элдин четин таласа,
Жетим таштап жатып алалбай,
Үч баатырды котчу алып,
Үч миң ашуун кол алып,
Кетиркей жөнөп калыптыр.
Ноңпадагы кыргызга,
Кетиркей жетип барыптыр.
Маңгыт Калдык экен деп,
Аны кабар алыптыр.
“Качкан экен Калдык, - деп,
Таңгытка келген сыйагы,
Баш калкалап маана издеп.
Бекбача биздин төрөбүз,
Кай кеткенин биле албай,
Калган окшойт жок издеп.
Бекбача болсо жарадар,
Кыргыз болсо санаадар,
Калдык келбейт мал издеп.”
Кетиркей муну ойлонуп,
Ноңпадагы элдерден,
Анык дайнын сураса,
Текши тоонун жерине,
Кызыл чапан элине,
Лахаса деген шаарына,
Тирүү кудай жанына,
Кетти деп угуп аныгын,
Кайра кетти Кетиркей,
Лахаса кууп баралбай,
Кайгырып калды Кардыгач,
Чакмакташ менен Жагалмай,
Билеги жоон жаш балдар,
Маңгыт Калдык дегенге,
Бир беттешип алалбай,
Таласка киши жиберди,
Котендеги Кетиркей,
Бекер жатып алалбай.
Лахаса барып хан Калдык,
Баштан айак калтырбай,
Барлык ишин кеп салып,
Лахасада Ламасы,
Калдыктан угуп каарданып,
Ачууланып заарланып,
Маржандан тизген миң теспе,
Оңдоп-солдоп сыдырып:
- Келиптирсиң, Калдык сен,
Бүт дүйнөнү кыдырып,
Моңгол, манжу, солонду,
Кара кытай, шибени,
Маңгытты кошо кырдырып.
Бекбача деген бурутту,
Мен жүргөнмүн көп угуп.
Жыйырма жылдын алдында,
Биздин элден канчасы,
Лопнурдагы кыргызды,
Чаап алган карачы,
Лопнурдагы кыргыздар,
Бекбачага жиберип,
Кабар айтып арачы,
Эки тарап бөлүндү,
Кыргыз, таңгут арасы.
Бекбача келген бул жерге,
Кан ичме бурут баласы.
Чиңгилди ашып биздин эл,
Мал алыптыр кыргыздан.
Бекбача келип кол салып,
Ак карлуу тоого жол салып,
Кармап алып Ламаны,
Журт эгеси маананы,
Кыргыздан алган малдардын,
Төлүн кошуп мал алып,
Жалган-чынын карабай,
Кыргыздын кеби ырас, деп,
Алтын-күмүш зар алып,
Кундуз, суусар, сүлөөсүн,
Койбой баарын бүт алып,
Жакут, кохар таш алып,
Зыбыр жатты жана алып,
Ага арзыбай бул бурут,
Беш жүз уул, беш жүз кыз,
Миң кишини дагы алып,
Миң кишини алпарып,
Кайта койо бериптир.
Кыргызды мактап миң киши,
Кайтып элге келиптир,
Кыргыздын эли калыс, деп,
Биздин эл айтып жүрүптүр.
Арамзада буруттун,
Айласын көр, хан Калдык,
Биздин эл жүрөт эмгиче,
Жок айлага алданып.
Уламадан угушта,
Андан мурун алдында,
Кененим келип бул жерге,
Чынгышты кармап колго алып,
Гүлгаакыдай кушту алып,
Чыныкедей кызды алып,
Кызыл гүлдү кошо алып,
Он жети кабат кызыл там,
Бирин бузуп кулатып,
Улуу-кичүү таңгутту,
Чуркуратып чуулатып,
Арылгыс арман күн кылып,
Кеткен экен Кененим.
Баарысын угуп жүрөбүз,
Бурутка барып кол салып,
Канча жылы кармашып,
Коросон, Испан, Ооганды,
Жөн койбостон буларды,
Сенин кирип тилиңе,
Ойондун баары кулады.
Моңгул, манжу, солондон,
Шибе менен киденден,
Мен баатырмын дегенден,
Хан Коңурбай баш болуп,
Айак жагы эмгиче,
Буруттан өлүп түгөнгөн.
Маңгыт менен жедигер,
Баары өлдү буруттан.
Тепсеп келет буруттар,
Ушу жерде сен турсаң.
Элүү миң аскер берейин,
Элден балбан издейин,
Курал-жарак саймандар,
Азык-түлүк арткан нар,
Агар алтын, ак күмүш,
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Асылбача - Бекбача - 20
  • Parts
  • Асылбача - Бекбача - 01
    Total number of words is 4218
    Total number of unique words is 2402
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    48.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 02
    Total number of words is 4224
    Total number of unique words is 2033
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 03
    Total number of words is 4167
    Total number of unique words is 2177
    29.3 of words are in the 2000 most common words
    41.9 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 04
    Total number of words is 4207
    Total number of unique words is 2249
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 05
    Total number of words is 4227
    Total number of unique words is 2142
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 06
    Total number of words is 4145
    Total number of unique words is 2368
    27.9 of words are in the 2000 most common words
    41.3 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 07
    Total number of words is 4178
    Total number of unique words is 2166
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    41.9 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 08
    Total number of words is 4277
    Total number of unique words is 2252
    30.1 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 09
    Total number of words is 4169
    Total number of unique words is 2230
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 10
    Total number of words is 4247
    Total number of unique words is 2253
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    43.8 of words are in the 5000 most common words
    50.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 11
    Total number of words is 4282
    Total number of unique words is 2270
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 12
    Total number of words is 4209
    Total number of unique words is 2246
    29.3 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 13
    Total number of words is 4233
    Total number of unique words is 2187
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    43.8 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 14
    Total number of words is 4237
    Total number of unique words is 2126
    31.5 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 15
    Total number of words is 4138
    Total number of unique words is 2147
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    40.8 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 16
    Total number of words is 4194
    Total number of unique words is 2163
    31.5 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 17
    Total number of words is 4192
    Total number of unique words is 2144
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    44.1 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 18
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 2261
    28.7 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 19
    Total number of words is 4245
    Total number of unique words is 2140
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 20
    Total number of words is 4306
    Total number of unique words is 2154
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    52.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 21
    Total number of words is 4116
    Total number of unique words is 2203
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.3 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 22
    Total number of words is 4226
    Total number of unique words is 2218
    28.7 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 23
    Total number of words is 4188
    Total number of unique words is 2153
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    44.1 of words are in the 5000 most common words
    51.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 24
    Total number of words is 4131
    Total number of unique words is 2199
    29.7 of words are in the 2000 most common words
    42.9 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 25
    Total number of words is 4187
    Total number of unique words is 2437
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 26
    Total number of words is 4295
    Total number of unique words is 2395
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    39.5 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 27
    Total number of words is 4235
    Total number of unique words is 2320
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 28
    Total number of words is 3254
    Total number of unique words is 1922
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.