Latin

Асылбача - Бекбача - 15

Total number of words is 4138
Total number of unique words is 2147
28.9 of words are in the 2000 most common words
40.8 of words are in the 5000 most common words
47.7 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Кылкандай болгон жигитти ,
Кырып кирди Бактыбай.
Олпоктуусун онтотуп,
Бөрү бөлгөн кой өңдүү,
Ар кайсы жерге топтотуп.
Он эки жерге бөлүптүр,
Үрккөн койдой чокчойтуп,
Эңиш жерге келгенде,
Сүрдүктүрүп сулатып,
Капталга кире бергенде,
Бир канчадан кулатып,
Томолонуп тоңкойуп,
Туулга жок башында,
Улардай мойнун койкойтуп.
Бет келген жагы Бактыбай.
Үрккөн койдой дырдыгып,
Бир жакка мойну кылжыйып,
Торопой тосуп манжулар,
Солонго барып тыгылып,
Чогула калып чоңдору:
“Биз жүрбөйлү момунтип,
Көрүнгөн жерде кырылып.
Бадакшанга баралы,
Баарыбыз калбай жыйылып”.
Киши салып арага,
Бактыбайга айттырып,
Жүрүп кетти дүбүрөп,
Токсон балбан кыргыздан.
Жедигер эли сүйүнөт,
Бактыбайды көргөндөМонгул, манжу элдери,
Шибе, солон дегени,
Кара кытай калганы,
Баатыр мындай болбойт деп,
Баары жандан түңүлөт.
“Качкан жоону кууба”деп,
Кененим айткан акыл кеп,
Арага киши салганда,
Бактыбай калды макул деп.
Эки күн өттү арадан,
Эр Бекбача кошулду,
Эркин келип талаадан.
Коргондоку көп колду,
Алып келди Малдыбай,
Таңга жакын болгондо,
Жана келди Татыбек,
Буйрук берди Бекбача,
Беш күн мында тургун деп,
Ар тараптан кошуундар,
Келип жатат дүбүрөп,
Басташкан душман кайда, деп,
Баатыр келди күжүлдөп,
Калкы менен калдайып,
Хандар келди бу жерге,
Күрзүлөрүн көтөрүп,
Балбан келди бу жерге,
Ханды кошо башкарган,
Зардал келди бу жерге,
Он төрт хан эли бүт келди,
Жедигер эли кошулуп,
Он бешке толду эсеби,
Жедигерге баш кылды,
Байакы Татан дегенди.
Айалдан алган аскерди,
Өз үйүнө жан деди.
- Күйөөгө башын байланып,
Үйлүү болгон калбагын,
Атан-энеңден ажырап,
Башка үйгө бара элек,
Кыз болсоң өзүң билгиниң.
Кетсең мейли элиңе,
Турсаң мейли бул жерге.
Анда Татан кеп айтат:
- Кыз-балдарым,-деп айтат,
Каракөздүн каарынан,
Күндө уруш заарынан,
Эркек киши элде жок,
Жетисуу деген жерде жок,
Мына бу турган эки миң,
Балдарым өзүң билесиң,
Булардан башка бүт элде,
Жетимиш менен он бештин,
Ортосунда бенде жок.
Кыргызда калсаң үйүр алып,
Курсагың ток кайгы жок,
Калган кеңеш силерде.
Мындан башка кебим жок,
Кыңк эте албай кызбалдар,
Кыжыл болуп турганда,
Кеп баштады Бактыбай:
- Татан ага не дейсиң?
Эркек уул элде жок,
Мында кал деп кыздарды,
Бу айтканың кай кебиң,
Кетпей калса бу жерде,
Күң атка барып конбойбу?
Кал деди деп кыздарды,
Алып калса кыргыздар,
Жедигердин кыздарын,
Олжо кылып алды деп,
Жаман атты болбойбу?
Жедигер-Алаш бир уулу.
Азыркысын карабай,
Түпкүлүгүн ойлойлу,
Кыз алар болсо кыргыздар,
Жедигерге барышсын,
Кудалашып алышсын,
Куда болуп курчалып,
Кол кармашып муңдашып,
Сырдашып анан жанышсын.
Антип барсын кыргыз деп,
Мында калыш дурус деп,
Ойлонгону калышсын,
Башка жерге барбасын,
Бекеринен калбасын.
Таластагы борборго,
Атбашыда коргонго,
Ордо кызы ат койуп,
Мына ошентип калышсын.
Бактыбайдан кеп угуп,
Бары кыз кетти чуу туруп:
- Жедигерге барбайбыз,
Ургаачынын эли жок,
Эли тургай жери жок,
Эрге чыгат бир элге,
Эли болот ал жерде,
Жери болот кетпеске.
Ырас айтат кыздар деп,
Айтканына көнүштү,
Он төрт хандын ордого,
Ордо кыз кылып бөлүштү.
Эрлери кетти жерине,
Кыздары кетти ар жерге.
Кызды кийин алгандар.
Ооздору батпай калышты,
Олжо катын дээрге.
Жедигердин эринен,
Бир кишини албады,
Акыл-насаат көп айтып,
Татанды жолго салганы,
Бадакшанды бет алып,
Баары жөнөп калганы,
Бактыбайды чогулуп,
Баш хандыкка шайлады.
Зор Кошойдун көрүнө
Колдоду муну арбагы,
Он төрт хан элин башкарып,
Калбады мунун арманы.
Муну мындай таштайлы,
Баатырлардын жекме-жек
Салышынан баштайлы.
АЛГАЧКЫ ЖЕКМЕ-ЖЕК САЛЫШУУ
Жедигердин беш киши
Каракөз баштап кошулуп,
Беш уруктун аскери,
Бетирке баштап отуруп,
Бадакшан барды балбаңдап,
Каарынан коркуп калтырап,
Хан Калдыкка жалпаңдап,
Бет келалбай Каракөз,
Кийин калды аркалап,
Хан Калдыктын үстүнө
Хандар кирди чалкалап,
Эшикте калды Каракөз,
Түз басалбай калтаңдап.
Манжулардын чоң Бодоң,
Солондордун Чабыке,
Шибелердин Йобалы,
Каракытай Зоңтары,
Моңгулдардын БетиркеХандар тамам киргенде,
Каракөз кирди бүгүлүп,
Боорунда колу жүгүнүп,
Тик карабай Калдыкка,
Мурункудай жулунуп,
Араң оозу былк этип,
Калдык турду тулуйуп,
Ооган менен испандын,
Чоңдору турат кулуйуп.
Баш көтөрүп хан Калдык:
- Баарыңар чогуу келдиңер,
Кайсы жерде чогулдуң,
Кабарын айтып бериңер.
Калгандар карап турушту,
Бетирке айтты калтырбай,
Баштан-айак жумуштуБактыбай менен буларда,
Барсылдашкан урушту,
Жедигердин аскери,
Кыргызга кирип кеткенин,
Манжулардын элинен,
Мыңчелык өлүп бүткөнүн,
Каракөз барып катышып,
Кыргызга колун салганын,
Элди бузган долунуЖасандыны алганын,
Ийне-жибин калтырбай,
Тамам айтты бүт барын,
Ошол жерде булардын,
Чогулушуп калганын,
Баарын угуп хан Калдык,
Жасандыны чакыртып,
Төбөсүнөн тик жарып:
- Ушул турган жети хан,
Каракөз менен сегиз хан,
Мени менен тогуз хан,
Кыргыз менен кармашып,
Ажыдаар менен арбашып,
Айагына чыкканча,
Хандыкка мени шайлаган,
Хан кылбайт мени дегенсип,
Ичинде арам сактаган,
Эки болбойт өкүмүм,
Каракөз башын мен алам!
Койбоймун тирүү бириңди,
Бөлүнгөндөн жан алам,
Алып чыгып баш кес!-деп,
Буйрук кылды Калдык хан,
Адамдын кулак-мурдунан,
Тумар кылып тагынган,
Желдеттер келди жаланып,
Арачалап койор деп,
Жал-жал этип Каракөз,
Жан-жагына каранып:
- Итчилик менден өттү-деп,
Кесер болсоң баш мына,
Төгөөр болсоң кан мына,
Алаар болсоң жан мына,
Жакын кишиң мен элем,
Абал мурун башында,
Абайлабай иш кылып,
Айыптуу болдум бул чакта.
Мени өлтүрүп хан Калдык,
Кай муратка жетесиң,
Көзүң кыйып мени сен,
Өлтүрө албас бекенсиң?
Каракөз турду муну айтып.
Каңгайдан келген беш урук,
Каракөздү сурады,
Калбай баары чуу туруп.
Кечирим кылды хан Калдык,
Бир далай туруп жымыйып,
Өлүмдөн калды кутулуп,
Өктөгө калды тутулуп,
Жергесинен айрылып,
Кургак наамы хан болуп,
Каракөз турат култуйуп,
Ачыбаган камырдай,
Бопбоз бети былтыйып,
Түрө карап алдыртан,
Хан Калдыкка билгизбей,
Келген кеткен кербенден,
Жети суу барып келгенден,
Кеп сураса Каракөз,
Ханы Татан болуптур,
Катын издеп ал жерден,
Кыргыз барып толуптур.
Уламалап уласа,
Укмуштуудан сураса.
Аскерге алган кыздары,
Кыргыздын он төрт ханынын,
Ордо кызы болуптур,
Баарын угуп Каракөз,
Абдан көөнү солуптур.
“Мында минтип жүргүнчө,
Бекбачага барсамбы?
Жамандык келген кишиден,
Жакшылык келет деди эле.
Ошону ойлоп Бекбача,
Мени аман койорбу?
Же эки ооз кепке келтирбей,
Эсен койбой сойорбу?
Бекер жетип барганча,
Бетирке менен Калдыктын,
Амал кылып айла таап,
Башын кесип алсамбы?
Аны алып барсамбы?
Калдык менен Бетирке,
Катар өлүп кеткенде,
Каш кайтарар жок калат,
Сегиз хандын элинде.
Селдей болгон аскерге,
Башчы болуп алсамбы?
Серпишип жүрүп кыргызга,
Куу сакал болуп карысамбы?
Алды менен Калдыктын,
Өзөктөн канын жайайын,
Эсирдин эбин табайын,
Шек алдырбай калганга,
Бетиркени сойойун,
Кабыл алып эп көрсө,
Сегиздин башы болойун,
Эп көрбөсө калган хан,
Башын алып экөөнүн,
Бекбачага жөнөйүн,
Бешенемде не болсо,
Кыргызга барып көрөйүн.
Эгер андай кылбасам,
Буларга кастык кылбастан,
Аз күндө болчуу уруштан,
Убакыт күтүп ушундан,
Жетисууга барайын,
Татанды сойуп, так минип,
Жаңылап аскер алайын.
Бекбача менен Татыбек,
Бул жерде жүрөт темселеп,
Карып калды Орунбай,
Кайкыргыз мага тең келет?
Коргонун тартып алайын,
Коркутуп туруп тебелеп”.
Арам кыйал Каракөз,
Ойунда дүйнө бүт ээлеп,
Бекбача менен эл болду,
Калдык менен Бетирке,
Ал экөөнү тең сойду;
Сегиз хандын элине,
Селдей болгон аскерге,
Өзү башчы ээ болду.
Коргонун алды Таластын,
Тагына чыкты Манастын,
Баашасы болду Алаштын;
Таң агарып атканча,
Уктабай чыкты ой менен,
Эртеси кечке сегиз хан,
Кеңеш менен кеч кирди,
Түн ортосу мезгилде,
Чатырына Калдыктын,
Асталай басып келгени.
Калдык менен Бетирке,
Кеште ойноп жатыптыр,
Үстүнө басып кирди эми.
Кеште ойногон эки хан,
Кел Каракөз дебеди.
Кастык кылмак ойунда,
Кылычы жалаң болучу,
Желбегей чапан койнунда,
Жакындап басып келгенде,
Кел олтургун, дегени,
Мойнун буруп Бетирке,
Каракөздү карады.
Жылтылдаган бир неме,
Чыгып турат этектен,
Эңкейип аны Бетирке,
Көз жиберип карады.
Билип калат экен, деп,
Кайта басты Каракөз,
Булкунгандай табышы,
Кулагында угулду.
Карады Калдык өтө тез,
Шамал тийген немедей,
Чапанынын этеги,
Дирилдептир токтобой.
Калдык айтата ошондо:
- Караңгыда Каракөз,
Эмне кылып келгендир?
Кеп кылбай кайта не кетти?
- Мен көргөндү, Калдык,сен,
Көрдүңбү? – деди Бетирке,
Кел олтур деп карасам,
Этегинен жылтырап,
Кылычтын учу кептенет,
Чыгып турду көрдүңбү?
- Мен көрбөдүм кылычын,
Булкунгандай угулду,
Кулагыма табышы.
Анда айтат Бетирке:
- Баскан-турган, жүргөнүн,
Кандай кылып жатканын,
Соодагерден кербенден,
Кеп сураган күндөрүн,
Баарын байкап билели.
Хандык өкүм жүргүзүп,
Башын ал деп айткансың.
Кек кылып аны жүрөбү?
Же болбосо бир күнү,
Экөөбүздү катар жеп,
Сегиз хандын элине,
Улугуңар менмин деп,
Доор сүргөнү жүрөбү?
Башыбызды көтөрүп,
Бекбачага киреби?
Чала күлүп жөтөлүп,
Канатташмын жакын деп,
Жедигер менен Маңгытка,
Катар өкүм сүрөбү?
Кара чекир буткулдун,
Кыйалын абдан билели,
Эшиктеги жесекчи,
Каракөздү чатырга,
Киргизбе деп айталы.
Уйку келсе мүргүтүп,
Башка чыгып жаталы,
Каракөздөн чыгат бейм,
Далай иштин чатагы.
Болжошкон жерге келбестен,
Атбашы барса темселеп,
Аскеринен ажырап,
Араң турса сеңселеп,
Караңгыда бул үйдө,
Не жумуш бар темселеп,
Олтур десе болбостон,
Чыгып кетти энтелеп.
Эки күн өткөн кездерде,
Бекбачанын кошууну,
Кайкап түштү бул жерге,
Кыргыздын колун көргөндө,
Кайгы түштү бул элге.
Байпагына бит түштү,
Уктай албай түнүндө,
Бадакшанга чогулуп,
Бармак эле Таласка,
Наманген, Ташкен, Самаркан,
Анжыдан менен Маргалаң,
Кетмек эле талаанга.
Таластын бетин бастырбай,
Топурагын чачтырбай,
Кыргыз келди буларга.
“Каракөз ичтен сүйлөшүп,
Бурулбаска тил берип,
Жеңдирген болуп кыргызга,
Келген экен мында, - деп,
Толук кабар укпаса,
Кыргыз келет кайдан? - деп,
Каракөздүн иши, - деп,
Ачыгын эми билдик” - деп.
Тиктеп калды көз айырбай,
Каракөздү изүүлдөп.
Кыргыз эли он төрт хан,
Көптүгү элдин кара таан,
Капкайдан келди сегиз хан,
Көптүгүнөн жадаган,
Уруш десе тынч албас,
Уруу десе уктабас,
Кангайдын эли жатпады,
Уруксат алып Калдыктан.
Бетиркениин аскери,
Барабанын какканы.
Жез барабан кагылып,
Бетиркенин атында,
Сегиз хандын аскери,
Селдей атка чабылып,
Кара чоктуу Каңгайдын,
Байрагы жерге сайылып,
Каңгайлардын калдаңы,
Жекеге чыкмак камынып,
Баатырлыгы бадырек,
Буткулдай көзү жылтылдап,
Байкаганга таанылып.
Букадай мойну букуйат,
Буурадай саны бултуйат,
Эки бети салаңдап,
Эки даңгыт тойгундай,
Дөмөр баштай тултуйат.
Сакалдарын карасаң,
Өзүбектин дабындай,
Маңдайынын кеңдиги,
Азык салчу байлардын,
Алты карыш кабындай,
Чекесинин бырышы,
Кой кыштоочу адырдай,
Кең көкүрөк дагдайып,
Тай чабуучу талаадай,
Эки эмчеги салаңдап,
Кысыр эмди танадай,
Эки жагын карасаң,
Он эки канат ордонун,
Эшигинде эни бар,
Ача чыккан бутакты,
Кошуудан таарып салгандай,
Чоң көтөктөй бели бар,
Чокуга чапкан немедей,
Айбандан чогоол кеби бар.
Буттары чынар бутагы,
Балтырына адамдын,
Жетээр эмес кучагы.
Мурду сеңир кырчактай,
Муруту камыш жекендей,
Оозу үңкүрдөй карарып,
Камандай тиши агарып,
Каалгадай тиштери,
Көрүнүп турат саналып.
Эки жагын каранып,
Койго тийчү бөрүдөй,
Ээрди мурун жаланып,
Ачакей тил өткүр миз,
Найзаны колго карманып,
Четке чыкты бөлүнүп,
Барча тоодой дардайып,
Айанбай келет аргытып,
Карарган топо чаң кылып,
Анча-мынча кишилер,
Бузулуп өңү саргарып,
Караанынан калмактын,
Карагайдай тарбактын,
Лопнурдакы хан Матан,
Бактыбайдан жооп сурап,
Жүрүп кетти аттанып,
Калдаң, Матан кез келди,
Кезкерип найза бет келди,
Калдаң келет ойунда,
Найзага илип Матанды,
Алып кетем деп келди.
- Каңгай, Каңгай, Каңгай - деп,
Бетирке биздин калдай - деп,
Калдаң келдим майданга,
Кыргыз алың кандай?-деп.
Баатыр Матан бакырып,
Манастап ураан чакырып,
Бурулгутуп топону,
Асманды карай сапырып,
Акырышып бет келди.
Жан алчу найза кез керди.
Калдаңдын кандуу найзасын,
Кагып өттү эр Матан,
Каңгыта кагып найзаны,
Жандап өтүп баратып.
Сооту жок карыга,
Муштап өттү эр Матан.
Каржиликтин ханына,
Колундакы найзасын,
Чыктап өттү эр Матан.
Аттын башын оң тартып,
Найзасын булгап карманып.
Кара боорго сайам, деп,
Катуу тийди каарданып,
Кактырып Калдаң найзасын,
Каржиликке сайдырып,
Калган экен арданып,
Матан сайган найзасын,
Ирмебей кирпик тиктеди.
Матандан найза жеткени,
Сайдырбастан найзаны,
Калдаң кармап кеткени.
Тартып алып найзасын:
- Алың Матан канчасың?
Баатырдык иштейт майданда,
Өкүм өтпөйт мындайда.
Оңдоп Калдаң найзасын,
Оодара сайып салганча,
Калдаң сайса өлдүм деп,
Олоңдой болгон чачынан,
Орой Матан кармады,
Кармаганда камынтпай,
Үзөңгү боого салганы,
Минген атын теминип.
Камчылап Матан калганы,
Чачтан тартып хан Матан,
Кайрат кылып канчалык,
Кара саат Калдаңды,
Оодара тарта албады.
Одурайган Калдаңдын,
Опол тоодой салмагы,
Капаланып Калдаң алп,
Чачын силкип тартканы.
Кам келбей койо бергенге,
Аты менен тоңкойуп,
Баатыр Матан кулады.
Комулдан келген Таабалды,
Карап тура албады,
Жебеден мурун жеткени,
Тоодой болгон Калдаңга,
Томукка балта шилтеди.
Таабалды чокмор күүлөдү,
Көздү ачып жумганча,
Ойротто жок Таабалды,
Онду койуп жиберди.
Калдаңга найза сайдырбай,
Кайран баатыр Таабалды,
Калкалады Матанды.
Матандын аты оңолду,
Кылчайып артын карабай,
Караганга жарабай,
Качып Матан чуу койду.
Таабалды менен Матанды,
Караган адам таң калды,
Көпөлөктөй Таабалды,
Эбелектей айланды.
Көз ачырбай Калдаңды,
Алда канча салганы,
Ар канча кылып аракет,
Адырайган Калдаңга,
Алы келе албады.
Бир убакта Калдаң дөө,
Ачып көзүн карады,
Матан кетип калган жок,
Таабалдыны көргөндө,
Ачууланып карады,
Кас таман найза колунда,
Таабалдыны бир сайды.
Калдаң сайган оңобу,
Көк бөрү тарткан улактай,
Шамал тийген тумактай,
Ыргып кетти Таабалды.
Ал аңгыча неткени,
Такырбаштын жеткени,
Манастан келген Такырбаш,
Эр сайышка адис маш,
Кырктан ашкан өзү жаш.
Салбардынын ойунда,
Сары сайдын бойунда,
Калдаң менен такырбаш,
Сайышка чыккан ойунда.
Биринин иши бирине,
Танабы жиптей колунда.
Такырбашты көргөндө,
Тайарланды Калдаң алп,
Мурункудай далбдаңдап,
Бойун уруп кире албай,
Айарланды Калдаң алп,
Калдаң менен Такырбаш,
Күркүрөтүп найзасын,
Күүлөп колго алышты,
Сайдырбастан найзасын,
Каршы-терши кагышты.
Канча айланып сайышып,
Сайдырбастан кагышып,
Найзадан айла таба албай,
Кылычтарын алышып,
Кыйкырыгы баш жарып,
Кылыч менен чабышып,
Кылычтын мизи ыдырап,
Сыныгы учуп кыңылдап,
Кылычтан айла кеткенде,
Эшик эндүү ай балта,
Айныбастан салышат.
Күчтөрүнүн барынча,
Туулгага чапканда,
Оттор учуп жаркылдап,
Уңгусунан балтанын,
Үнү угулуп чакылдап,
Балтанын сырты түйрүлүп,
Чокморлошуп койушуп,
Колтуктарын чойушуп,
Шылкы мойун чойун баш,
Шалак-шулак дедирип.
Күчөп чаап дембелеп,
Үзөңгүгө тамандап,
Кобо калып керилип,
Кайрат качып күч короп,
Калбайт булар эринип,
Өлгөндү албайт тыйынга,
Намыс үчүн берилип,
Челектей болуп баштары,
Шишип чыкты семирип.
Жарактан айла так кетип,
Жакалашып кол жетип,
Кочкордон бетер койушуп,
Мурдунан агып кан кетип,
Этектен түрө кармашып,
Барлык күчүн арнашып,
Капталда атчан алышып,
Кара темир үзөңгү,
Каңкылдашып кагышып,
Баатырлык менен бакырып,
Бар кайратын чакырып,
Акырайа тиктешип,
Көздөрү башка чакыйып,
Олпокторун булушуп,
Соотторун жулушуп,
Аттан түшүп күрөшүп,
Көөдөндөрүн тирешип,
Аркасына сүрөшүп,
Ичине карай тартышып,
Булкуп-жулкуп серпишип,
Койон колтук алышып,
Орой-торой чалышып,
Ача кармап серпишип,
Багалчеги майышып,
Буту ийилип жатса да,
Кайрат менен тайышып,
Чама кетип, так чарчап,
Кармалай колдор карышып,
Кара бойу дал болуп,
Кол кармалбай шал болуп,
Саратан тамыз ысыкта,
Кара бойдон аккан тер,
Өтүктүн ичи суу толуп,
Күн жашынып аңгыча
Жарыгы жок түн болуп,
Кирип барды Бекбача,
Май тору менен чуу койуп:
- Кайраты артык баатырлар,
Ай караңгы түн болду
Эби келсе кайтыңар,
Таң агарып түн кетсе,
Эртеңки күн дагы бар,
Бекбачанын кебине,
Кулак салбай балбандар,
Бекбачаны көргөндө,
Балбанга кастык кылат, деп
Бетирке барган ал да бар,
Каарданып Бекбача,
Түшө калып атынан,
Оң колу менен Таабалды,
Сол колу менен Калдаңды,
Камтып белден кармады,
Экөөн эки тарапка,
Ажырата салганы.
Кыргыздардын он төрт хан,
Хан Калдык баштап тогуз хан,
Айраң-азыр таң калды.
“Бекбачаны билбестен,
Келиптирбиз бекер”-деп,
Испан менен оогандык,
Айласы кетип сандалды,
Кетмек болуп ошол түн,
Калдыктан коркуп айманды,
Аңгычакты болбоду,
Таң агарып күн чалды,
Жер бетине нур тамды,
Өйүз-бүйүз турган эл,
Бири калбай аттанды.
Жер чайкалып козголуп
Топурак учуп боз болуп,
Таш быркырап тоз болуп,
Калыңдыктан кара жер,
Араң турат токтолуп.
Калдаң келет калдайып,
Колунда найза карманып.
Калдаңды көрүп Таабалды,
Тура албады заарданып,
Сары түгү түктөйүп,
Жүзү каарга айланып,
Жалтыратып жанына,
Жалаң кылыч байланып,
Колуна найза карманып,
Жүрүп кетти аттанып,
Айал-үйөл кылбастан,
Кадимкидей салт менен,
Качырышып сайышып,
Карсылдашып салышып,
Бака-шака урушуп,
Баш-аламан чабышып,
Түш кынтайган мезгилде,
Кыйамына келгенде,
Кыйа тарта бергенде,
Кыраан баатыр Таабалды,
Көтөндүн бүрмө чети деп,
Түрүлүптүр этеги,
Талабыма жетем деп,
Таталаган бул айбан,
Барар жайга кетер деп,
Манастап баатыр бакырды,
Өрттөй көзү кызарып,
Өрдөктөй мойну узарып,
Оозунан тутун буу жанып,
Муштап өттү Калдаңды,
Жаба койуп түпөккө,
Найзанын учу кандалды.
Таамай сайган Таабалды,
Калдаң өңдүү балбанда,
Кыймылдаар шай калбады,
Бучкактан каны куйулуп,
Камчы саптай чубуруп,
Өбөктөп атка шылк этип,
Бучкактан мөжүк кан кетип,
Оодарылып атынан,
Жерге түштү жалп этип.
Салмагынан кара жер,
Үн угулуп калт этип,
Кайра айланып Таабалды,
Башын кесип алганча,
Кара кытай Зоңтары,
Качырган бойдон ал жетип,
Таабалдыны атынан,
Сайып өттү зоңкойтуп.
Турпандан барган Турумбек,
“Таабалдыны өлтүрсө,
Бизге болду кыйын” - деп,
Жээрде ат менен аргытып,
Артынан чаңын баргытып,
Эки балбан бет келди,
Зоңтары менен Турумбек,
Салышып кирди дүпүлдөп.
Калдаңды Кангай көтөрүп,
Таабалдыны кыргыздар Аргымакка өңөрүп,
Алып барып багышты,
Жарага дары чабышты,
Турумбек менен Зоңтары,
Жан айабай салышты.
Жаңыдан чыга калганда,
Калдаңды айткан кыйын деп,
Зоңтарынын жанында,
Калдаң анча мыкты эмес,
Турумбек оңой эр эмес,
Оңойлук менен адамга,
Оморулчу бел эмес,
Кара кытай Зоңтары,
Оңой-олтоң жоо эмес,
Томолонор тоо эмес.
Күндү күнгө улашып,
Түндү түнгө улашып,
Кара кытай Зоңтары,
Ары баатыр ары хан,
Зоңтарынын колунан,
Өлүп кеткен далай жан,
Карасы өлгөн хан өлгөн,
Баатыр өлгөн дөө өлгөн,
Зоңтарыга беттешип,
Мыктысып чыккан эр өлгөн,
Белсенип найза өңөргөн,
Мелтиреп бети көгөргөн,
Мен-менсиген эр өлгөн,
Карагай найза өңөргөн,
Каарданып көгөргөн.
Кайраттуу канча жан өлгөн,
Кара кытай Зоңтары,
Касташып келген хан өлгөн.
Качырганын кайсаган,
Камандан качып калбаган.
Бала кезден бер жакка,
Алып көнгөн Зоңтары,
Өчөшүп капыр кайышып,
Үлүрөйүп тайышып,
Зоңтарыга Турумбек,
Туруштук берип тайышып,
Үч күнгө кетти сайышып,
Боло албай калды Турумбек,
Кайраты качып майышып.
Ортосунда чек болду,
Туруп бериш чыдашып,
Найза менен сайышыш.
Туруп берди Турумбек,
Арбагың Манас колдо деп,
Айтып жатат Турумбек,
“Турманың таш болсоң да
Эми өлдүң”-деп мекийип,
Ирмебей кирпик чекийип,
Сайып өттү Зоңтары.
Ташка сайса жанбаган,
Сайганын тешпей калбаган,
Зоңтарынын найзасы,
Үзүлүп кетип белинен,
Эрдиги кетти эбинен.
Эр Турумбек көчүгү,
Ээрден ооп бултайып,
Үзөнгүдөн бут тайып,
Жыгылчудай кыйшайып,
Жер тайанбай оңолду,
Өтө сонун иш болду.
Турумбек алып нөөмөттү,
Зоңтары турду зоңкойуп,
Орто тоодой болкойуп.
Манастап ураан чакырып,
Кыйрынан жандап качырып,
Найза менен бир койду,
Чылбыр чойуп Зоңтары,
Жер кучактап торойду,
Турумбектин найзасы
Сол колтуктун такырдан,
Кере карыш коройду,
Турумбектин бул найза,
Ченемсиз өткүр куу найза.
Зоңтарынын атынан,
Жыгылганын көргөндө,
Аркасынан Кытан алп,
Кар жаачудай бүркөлүп,
Кабагы карыш салынып,
Качырып келет түктөйүп.
Кытайлардын Кытан алп,
Кылып көнгөн өнөрү,
Турумбекти жеткенде,
Көмө койуп жөнөдү.
Кыргыздардын Татыбек:
“Турумбекти өлтүрсө,
Бизден кетет касиет,
Өлтүртпөйүн аны” - деп,
Шамалдан бетер зыркырап,
Канаттуудай дыркырап,
Кытан алпты камынтпай,
Койуп өттү капталга,
Чычалактай кара кан,
Агып кетти шыркырап.
Найзаны тартып алганда,
Кытан алп буга арданды,
Түшүп кеткен найзасын,
Эңкейип колго алганы,
Аңгычакты Татыбек,
Турумбекти аткарды,
Атка минип сенделип,
Араң келди Турумбек,
Буйрук кылды Бактыбай,
Ылдам аттан түшүр деп.
Турумбекти түшүрүп,
Ат сийдигин ичирип,
Жараатка себеп таптырып,
Медеттен эзип чаптырып,
Эбептен эзип ичирип,
Кир көңүлүн ачтырып,
Ичке зардап түшөт деп,
Жаткызбастан бастырып.
Күн бешимге барганда,
Кытайлардын Кытан алп,
Татыбекти шаштырып,
Май сооруга найза жеп,
Татыбек болду жарадар,
Таабалды Турум, ТатыбекБуларды көрүп турушуп,
Кыргыз болду санадар.
Ысык көлдүн Медербек,
Мен келемин буга деп,
Бактыбайдан жол сурап
Жүрүп кетти Медербек.
Атасы казак элинен,
Энеси кыргыз кызынан,
Кызыгышкан душмандан,
Агызып көнгөн кызыл кан.
Татыбекти Медербек,
Кытан алптан куткарып,
Мен да сендей эрмин деп,
Каарын салып сумсайып,
Куу найзаны колго алып,
Койгулашып Медербек,
Кытан менен теңдешип,
Кара тер бойдон жуурулуп,
Кыйандай агып сел кетип,
Өргө салып өксүтүп,
Эңишке салып мүчүтүп,
Капталдашып кагышып,
Жан айабай чабышып,
Чаң ичинде жарышып,
Кантер айла табалбай,
Медербек турду майышып,
Араң чыкты майдандан,
Толук бир күн алышып,
Сиркеленип териден,
Изиркектеп кан чыгып,
Кыймыл этер чама жок.
Бүткөн бойу жанчылып,
Челектей башы тулуйуп,
Бүт бойу шишик күпүйүп,
Кара бойун караса,
Казандай эти карарып,
Кирпиги араң мыдырап,
Өлбөгөн тирүү жан калып.
Аңгычакты майданга,
Келип турду дардайып,
Аккубактын балбаны,
Алматылык Курмушу,
Жекеге чыкты аттанып,
Коркуттук деп кыргызды,
Кытайлар турат шаттанып.
Манастап ураан чакырып,
Музбурчакты кошо айтып,
Аргымагын койкойтуп,
Куу найзасын коройтуп,
Желегин жерге жапырып,
Жеринен чындап качырып.
Жеп ийчүдөй бакырып,
Алгыр бүркүт түрдөнүп,
Каарын салып Курмушу,
Бөйөн менен чайандай,
Заарын салып Курмушу,
Жан алчудай сүрдөнүп,
Азыркысы турушу.
Качырганы камандай,
Бакырганы башкача,
Өзү казак чоңу экен,
Кара бойу бир барча.
Колундагы найзасы,
Кызыл канга чыкталып,
Алып көнгөн канчаны,
Аты-жөнүн сурабай.
Ачууланып айабай,
Кактырбастан найзасын,
Кара кытай Кытанды,
Как далыга муштады.
Далысына Кытан алп,
Куйган чойун каптаган,
Таш сайгандай чак этип,
Үнү катуу шак этип,
Кайта жанды найзасы,
Кайта жанып сак чыкпай,
Уңгусунун темири,
Сынып кетти быркырап,
Качырып жетти Кытан алп,
Каарданып чукулдап,
Оозунан көбүк кетиптир,
Буурадан бетер буркулдап,
Кузгундай болуп куркулдап.
Кекиртеги чуйкулдап,
Сайып өттү Кытан алп,
Кытан сайган оңобу?
Барча тоодой Курмушу,
Көмөрүлүп жыгылды.
Өзүбектин эр Мурат,
Токтоо кылбай ат салды,
Ат салганда бат салды,
Ат куйругун карматып.
Курмушуну куткарды,
Курмушуну куткартып,
Комутта калып Кытан алп,
Эр Муратты беттеди,
Баатыр Мурат хан уулу,
Башынан элге күйүнгөн,
Сынчыбектин тукуму,
Адамдан качкан эр эмес,
Чоң атасы Сынчыдан
Ар мүчөсү кем эмес,
Арзандык менен адамдан,
Жазганычу эр эмес,
Кырктан ашкан чамасы,
Өтө кары деги эмес.
Кең көкүрөк кууш айак,
Орто бойлуу капкан бел,
Жайык маңдай, сом далы,
Туткандын чыккан далдалы,
Туруп душман бат албас,
Бул замандын балбаны,
Кытан алп менен кагышып,
Каршылашкан убагы.
Кыйамына келе албай,
Ичинде болуп айкабы,
Амал кылып канчалык,
Айла иштетип мынчалык,
Эч айласын таба албай,
Амалы кетип кыйналып.
Кармашып булар кагышып,
Карса-курса чабышып,
Ажырай түшүп бөлүнүп,
Айланышып өмүлүп,
Мурат менен Кытан алп,
Караган элдин көзүнө,
Ажыдаардай көрүнүп.
Бирин бири жеңе албай,
Агып каны төгүлүп,
Эртеден кечке сайышып,
Тең сайышар балбандар,
Калгандай болуп табышып.
Бир мезгилде Кытан алп,
Ачууланып жаны ачып,
Күүлөп алды чокморун,
Күркүрөгөн үн чыкты,
Салмагынан чокмордун,
Жердин бети дүрүлдөп,
Күн күйгөнсүп күдүңдөп,
Көлдөр толкуп жаткандай,
Кара жерден үн чыгып,
Какыр чаңдап топо учуп,
Муратка шилтеп ийгенде,
Акылдан азбас эр экен,
Өзүбектин эр Мурат,
Өтө башка неме экен.
Балта менен Кытанды,
Дал шакшакка какканы,
Оң колунун шакшагы,
Сынып кетти карс этип,
Колундагы чокмору,
Жерге түштү тарс этип,
Салмагынан чокмордун,
Жер козголуп калт этип,
Чокмор түшкөн жеринен,
Топурак учту чаң кетип.
Сынган колун карабай,
Кара мүртөз Кытан алп,
Кылча жанын айабай,
Эр Муратты жакадан,
Булкуп-силкип тартканы,
Алдында минген атынан,
Аңтара тартып таштады.
Аңтарылып баратып,
Кытанды жеңден кармады,
Койо бербей бек кармап,
Чоң дөбөдөй дардайтып,
Оодара тартып салганы.
Сынган колун көргөндө,
Солондордун Чынары,
Салып жетип барганы,
Эр Муратка карабай,
Кытан алпты атына,
Шапа-шупа мингизип,
Алып кетип калганы.
Кытан алпты Чынар алп,
Аттандырып жатканда,
Турдана бар болучу,
Эр Мураттын жанында,
Эр Муратты алып барды,
Бактыбайдын алдына.
Эр Муратка Бактыбай,
Эки сыйра сарыпай,
Сыйлык кылып тон берип,
Өзүбектин салтынча,
Өз элиңе бар деди,
Колу сынык Кытан жок,
Кандай жан келсе жекеге,
Беттеше баргын сен деди,
Аңгычакты майданга,
Солон Чынар келгени:
- Чынар келдим мен - деди,
Билип кел, кыргыз сен - деди,
Майданга келген кишиден,
Тирүү бенде элиңе,
Кетирбеймин мен! - деди.
Мурат келди беттешип,
Күркүрөтүп найзасын,
Күч ортосун чектешип,
Айрыбай көзүн тиктешип,
Өлөр жерин чиктешип.
Кыйкырыгы таш жарып,
Качырып найза урушуп,
Такылдаган найзага,
Такат кылып турушуп,
Чарайналар чатырап,
Талаа-талаа жарылып,
Чарайнага тийгенде,
Найзанын учу такылдап,
Туулгага чапканда,
Балтанын сырты чакылдап,
Көөдөнгө найза така-так,
Туулгага балта чака-чак,
Кулак-мээни тундуруп,
Баатырлар үнү бака-бак,
Кош жаңырык шака-шак,
Оттор учуп жылтылдап,
Кан аралаш сары суу,
Заардап агып чылпылдап,
Ачуу келип алаңдап,
Баатырдын бойу кылчылдап,
Азуулары качырап,
Көздөн жалын чачырап,
Жебенин огу зыркырап,
Найзанын күүсү куркурап,
Кол ыштыктай мурундан,
Түтүн чыгып буркурап,
Кезек менен кээри жок,
Чынар менен Мураттын,
Эрдигинин чеги жок,
Биринен бири жазганып,
Тартынып калар жери жок,
Карсылдашып чабышып,
Былчылдата сайышып,
Жаактарын жара чабышып,
Мойнунан канын агызып,
Эртеден кечке салышып,
Күн кеч кирип аңгыча,
Элине кайта жанышып,
Таң атканча уктабай,
Найзаны ууга малышып,
Кылычын заарга сугарып,
Жарылып кетет сырты деп,
Балталардын уңгусун,
Коло менен чырмашып,
Найзаларын жаңыртып,
Ала-була сырдашып,
Тыштан кийген соотторун,
Жыртылган жерин тордотуп,
Үзүлгөн жерин улатып,
Тешилген жерин жаматып,
Мыгынан чыгып кеткенин,
Айабай бөрттөп кадашып.
Ага чейин таң атып,
Таң агарып чыкканда,
Тердиктерин жумшатып,
Олоңдорун оңдотуп,
Куйушканын узартып,
Үзөңгү боосун кыскартып,
Чарайнасын тартынып,
Сом темирин артынып,
Музурканып муңканып,
Муздай темир курчанып,
Калкандары калдайып,
Туулгалары тултуйуп,
Кулактары көрүнбөй,
Топ-томолок мултуйуп,
Доолбастары кыңгырап,
Найзалары зыңгырап,
Айбалталар шыңгырап,
Кылыч кында кыңгырап,
Көз тайгылтып баатырлар,
Аттанып чыкты зымырап.
Аттанган эрлер шаңданып,
Карагандар таңданып,
Өйүз-бүйүз эки кол,
Карап турат жарданып,
Сапта турган жандар көп,
Андай салттуу хандар көп,
Телегей кийген андан көп,
Темир кийген балбан көп,
Телмирип турган андан көп,
Теминип турган тентек көп,
Чынар менен эр Мурат,
Беттеше келди эки лөк.
Камчыга атты бөлөдү,
Солондордун чынары
Тик качырып жөнөдү,
Мураттын далай бар экен,
Баатырлыкта өнөрү.
Тура калып токтолуп,
Теминип койсо ыргыштап,
Тулпары турат шойт койуп.
Качырып Чынар жеткенде,
Каңтара койуп өтөөрдө,
Оордун салып жалт берип,
Кара жерди сайдырып,
Караган элди таң кылып,
Муратты сайбай жер сайып,
Чынар жаман ар кылып:
“Эми сайып алам-деп,
Өзүбектин Муратты,
Заманасын тар кылып,
Талпагын ташка жайамын,
Кең майданды кан кылып!”.
Кекээрденип кезенип,
Ээрдин кесе тиштенип,
Киндигин тартып бел түйүп,
Кара жанга күч келип,
Белин түйүп мекийип,
Маңдайда көзү чекийип,
Жана кирди чоң Чынар,
Кара керди теминип,
Капырын минген Каракер,
Эликтей чуркап секирип,
Алтын ээр кашы, деп,
Табарсыктын башы деп,
Өөдө кетсе тай кылып,
Как жүрөктүн тушу деп,
Күркүрөтө сунганы,
Күүлөп найза урганы,
Өтө андес Мурат да,
Өнөрү көп бу дагы,
Көп эмей өнөр аз бекен,
Болбосо Мурат бул күндө,
Он сегизде жаш бекен.
Найзанын учу жетерде,
Бир жагына тулпардын,
Жата кетти шалк этип.
Алтын ээрдин кашына,
Урунуп найза каңк этип,
Алактап Чынар өткөндө,
Ким көргөн мындай кызыкты, ай,
Атка минди мышыктай,
Тиктеп турду Чынарды,
Митирейип унчукпай,
Найза бойу алыска,
Өтүп кетип чоң Чынар,
Муратка найза тийгенин,
Тийбегенин биле албай,
Кылчайып артын бир карап,
Муратты көрүп ат менен,
Оозун ачып аркырап,
Көк буу көктө буркурап,
Көзүнөн чыккан жалыны,
Учкундай болуп чыркырап,
От күйгөндөй шыркырап,
Жана жетти Муратка,
Сайамын деп чукулдап,
Өзүбектин эр Мурат,
Найзасын ташка түйрөйткөн,
Минген атын ар түрдүү,
Жалт берме кылып үйрөткөн.
Чынардан найза жеткенде,
Минген аты Мураттын,
Иргип чыга берди эле,
Муратты сайбай жер сайып,
Өзү сайган найзанын,
Күүсү менен чоң Чынар,
Жыгыла жазып кыйшайып,
Оңолуп өтө бергенде,
Ойротто жок эр Мурат,
Оңтойуна келгенде,
Алдында минген бууданы,
Аркардай арыш таштады.
Аркардан кууп жеткени,
Карчыганын балык эт,
Муштап өтүп кеткени.
Мурат сайган оңобу,
Тоодой чынар атынан,
Жер кучактап торойду,
Өтүп кетип эр мурат,
Атын оңдоп алганча,
Айланып жана сайганча,
Шибелердин Буракүң,
Бүркөлгөнү жаачу күн,
Ур дедирбей жеткени,
Өзүбектин Муратты,
Аңтара койуп кеткени.
Алтай, Иле улугу,
Өзү казак уругу,
Айдаркандын чоң уулу,
Катарда Көкчө хан өткөн,
Айтылып иши ар жерде,
Калың элге даң өткөн,
Айдаркандын кичи уулу,
Сексен бирдин тукуму,
Ак болоттун укулу,
Ата-баба тукум кууп,
Сайышып көнгөн баатыр бу:
“Өлтүрүп кетсе Муратты,
Белибизди сындырат,
Өзүбекти кем кылат,
Ажыратып алам”-деп,
Кол көтөрүп жооп алып,
Бактыбайдан Шерматкан,
Майданга жетти ат салып,
Шибелердин Буракүң,
Найзасын оңдоп карманып,
Чыйраксынган Мураттан,
Кетсин деп эми кан агып.
Бура тарткан кезинде,
Казактардын эр Шермат,
Азыркысын Алашка,
Арка болчу бел Шермат,
Муратты атка мингизип,
Буракүңгө бет келди,
Шерматканга Буракүң,
Качырып найза сайганы,
Буракүңдүн найзасын,
Камынтпай Шермат какканы,
Буракүңдүн найзасы,
Чыгып кетип колунан,
Асманды карай атканы.
Найзаларын кагышып,
Бир беттешип жанышып,
Белдүүдөн калды бул экөө,
Кең майданда табышып.
Найза сайып кылыч чаап,
Балта иштетип жаа тартып,
Чокморлошуп койушуп,
Акакташып солушуп,
Жошологон челектей,
Баштарынан кан агып,
Пайдасы жок шум дүйнө,
Алда канча бууланып,
Адам уулун аздырып,
Кубулжуп турат чууланып.
Болжолу жок ар жанга,
Кимиси жеңип ким алыш.
Ажыдаардай арбашып,
Айанбастан кармашып,
Аманат кара бир жанды,
Кылга байлап ташташып,
Эрегишкен эки дөө,
Аттан түшкөн булар жөө,
Багалектеп жармашып,
Баардык күчүн арнашып,
Далай заман өткөндө,
Шибелердин Буракүң,,
Атка минип алактап,
Мас болгондой шалактап,
Качырып кирди кырданып,
Каар салып сурданып.
Казактардын Шерматкан,
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Асылбача - Бекбача - 16
  • Parts
  • Асылбача - Бекбача - 01
    Total number of words is 4218
    Total number of unique words is 2402
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    48.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 02
    Total number of words is 4224
    Total number of unique words is 2033
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 03
    Total number of words is 4167
    Total number of unique words is 2177
    29.3 of words are in the 2000 most common words
    41.9 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 04
    Total number of words is 4207
    Total number of unique words is 2249
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 05
    Total number of words is 4227
    Total number of unique words is 2142
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 06
    Total number of words is 4145
    Total number of unique words is 2368
    27.9 of words are in the 2000 most common words
    41.3 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 07
    Total number of words is 4178
    Total number of unique words is 2166
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    41.9 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 08
    Total number of words is 4277
    Total number of unique words is 2252
    30.1 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 09
    Total number of words is 4169
    Total number of unique words is 2230
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 10
    Total number of words is 4247
    Total number of unique words is 2253
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    43.8 of words are in the 5000 most common words
    50.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 11
    Total number of words is 4282
    Total number of unique words is 2270
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 12
    Total number of words is 4209
    Total number of unique words is 2246
    29.3 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 13
    Total number of words is 4233
    Total number of unique words is 2187
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    43.8 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 14
    Total number of words is 4237
    Total number of unique words is 2126
    31.5 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 15
    Total number of words is 4138
    Total number of unique words is 2147
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    40.8 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 16
    Total number of words is 4194
    Total number of unique words is 2163
    31.5 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 17
    Total number of words is 4192
    Total number of unique words is 2144
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    44.1 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 18
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 2261
    28.7 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 19
    Total number of words is 4245
    Total number of unique words is 2140
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 20
    Total number of words is 4306
    Total number of unique words is 2154
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    52.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 21
    Total number of words is 4116
    Total number of unique words is 2203
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.3 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 22
    Total number of words is 4226
    Total number of unique words is 2218
    28.7 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 23
    Total number of words is 4188
    Total number of unique words is 2153
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    44.1 of words are in the 5000 most common words
    51.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 24
    Total number of words is 4131
    Total number of unique words is 2199
    29.7 of words are in the 2000 most common words
    42.9 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 25
    Total number of words is 4187
    Total number of unique words is 2437
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 26
    Total number of words is 4295
    Total number of unique words is 2395
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    39.5 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 27
    Total number of words is 4235
    Total number of unique words is 2320
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 28
    Total number of words is 3254
    Total number of unique words is 1922
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.