Latin

Асылбача - Бекбача - 03

Total number of words is 4167
Total number of unique words is 2177
29.3 of words are in the 2000 most common words
41.9 of words are in the 5000 most common words
47.8 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Айткан кеби мына ушул:
- Куру барбай ханыңа,
Айта баргын саламды.
Жаанбай хандын каны үчүн,
Миңден алам эсепти,
Канжыгага Каракөз,
Байлап келсин башын де,
Жолуңду тосуп эр Асыл,
Жолдо турат азыр де,
Армансыз болсун Каракөз,
Көкбөрү менен биригип,
Бирге жатсын чуңкурда,
Жалгыз жатпай зеригип!
Койтолоң кетти ат койуп,
Чуңкуруна көзүнүн,
Топурак кирип жык толуп.
Көрдөн ачып алгандай,
Жерден чыга калгандай,
Желмогуздай жаланып,
Жан-жагына каранып,
Хан Каракөз кошуна,
Кирип барды Койтолоң,
Бойу бокор, үнү жоон,
Мойну узун койколоң,
Салам айтып ханына,
Басып кирди жанына:
- Каракөз, сардар, ханыбыз,
Аман-эсен жаныңыз?
Барып келдим, бар дедиң,
Пейили жаман, түрү суук,
Көкбөрү деген неменин,
Тогуз катар жүгүнтүп,
Кара жандан түңүлтүп,
Тизелетип жылдырып,
Нечен таазим кылдырып,
Алып кирди биздерди,
Өзүңүз айткан сөздөрдү,
Калтырбай атты Койтолоң,
Бачым кайта бар, деди,
Сөздү угуп болгон соң,
Жалгыз эмес Кененим,
Эки экен дейт, Көкбөрү.
Асылбача мыкты деп,
Айтып кетти бир далай,
Таласка барбай Каракөз,
Түз келсин дейт бул жерге,
Тирүү болсок, өлсөк да,
Бололу дейт бир жерде.
Нары бара жатканда,
Бир жаш бала туруптур.
Тарашанын туу белде,
Жалгыз жанды көргөндө,
Олжолой кетсек белем деп,
Неет болду биздерде,
Жүрөк чыга жаздады,
Бет маңдай келген кездерде,
Кара бойу турушу,
Окшоор эмес эч бенде.
Мингени тору кашка экен,
Түрпөтү эрден башка экен,
Болжол менен айтканда,
Он төрт-он беш жашта экен,
Бала өзү дөө экен,
Мингени тору тоо экен,
Эмики жүргөн кишиде,
Мындай бенде жок экен,
Жаман кепти айтпады,
Жакшы кептен баштады,
Өзүң айткан кеп менен,
Жабалактай сүйлөдүк,
Кажылдаба, иттер, деп,
Жаман айтып таштады.
Жашырар айла болбоду,
Жайын айттык бар иштин.
Коросон, испан, жедигер
Колубуз токсон алты миң,
Токсон алты желдетти,
Дүрбү менен шыкаалап,
Баарын санап алыптыр,
Биздер анча барбасак,
Бастырганы калыптыр,
“Көкбөрүгө баргыла,
Беш уруу эли болупсуң,
Белиңерди буугула,
Биргелешип тургула,
Асылды белде көрдүк деп,
Көкбөрүгө айткыла,
Кошулуп маңгыт алты урук,
Азапты менден тарткыла,
Алыңар келсе кыргызды,
Баш көтөртпөй баскыла.
Керкиң өтсө кескин, дейт,
Балтаң өтсө, чапкын, дейт,
Керкиң кеспейт, кетилет,
Балтаң өтпөйт, мукуйат,
Түп атам Манас, билгин, дейт,
Ажалың айдап жай таппай,
Алты урук мында келдиң, дейт.
Ар канча болсо аскериң,
Бээжиндиктен көп эмес,
Мен-менсиген Көкбөрүң,
Коңурбайды койуп тур,
Мурадилче деги эмес.
Жан бүткөндө жаралган,
Жалаңгыч сарык аталган,
Кененим бар чоң атам,
Эркин өскөн баламын,
Эр Сейити өзүм ата,
Таркатып чилдей силерди,
Бириндетип жүрбөйүн,
Чогулгула бир жерге,
Ылаачындай тийейин”
Деди Асыл биздерге.
Мактаганың Көкбөрү,
Беттешкен окшойт ал мурун.
Биз кайра жанып келгенде,
Турган экен туу белде.
Айта бар дейт ханыңа,
Байкасын дейт алына.
Кыйалында биздерди,
Теңсинбеди дегеле,
Баш ийчүдөй көрүнбөйт,
Жер жүзүндө бендеге.
Көкбөрүдөн Каракөз,
Таласка барбас жооп уктум,
Эки сапар туу белде,
Асыл эрге жолуктум.
Өзүң билгин калганды,
Тирүүлүктөн өлүм ак,
Жакын көрдүм ажалды.
Ажал-өлүм тургузбай
Жакалап бизди алганбы?
Муну айтып Койтолоң,
Бир үшкүрүп жан берди.
Коросон менен испандан,
Барып келген кишилер,
Асыл деп айтып өлдү, деп,
Айтып кабар келгени.
Асылды көргөн беш киши,
Өлүп кетти маминтип.
Коросон, испан, жедигер,
Улуктары олтурду,
Мына минтип шай кетип,
Эртең менен жөнөдү,
Көкбөрү карай жүр дешип,
Топурак учуп боз түшүп,
Таш калдырап, тоо көчүп.
“Асыл тосуп туу белден,
Ашырбай такыр кырат, - деп,
Кабар берди кыргызга,
Тосуп турат жол-жолдо,
Кененим бардыр бир жерде,
Көкбөрүгө жеткиче,
Кыйын болду биздерге”.
Улуктары кеңешип:
“Белде турган балага,
Беттешкенче кетели.”
Айбалта, кылыч эгешип,
Жүрүгүнүң, жүр дешип,
Найза сайар ыктуусу,
Балта чабар мыктуусу,
Чойунбашка шыктуусу,
Көпкөлөң тарткан балдары,
Кылыч чабар кырааны,
Ылганып баары бөлүнүп,
Баштап алып алдында,
Хан Каракөз көрүнүп,
Мылтык аткан мергени,
Жебесин жаага кергени,
Сом темир чапкан сойулчу,
Кууш айак, кең далы,
Балбан сыйак жандары,
Хан Каракөз Тайтаны,
Испандын каны Насаны,
Ортого алып жөнөдү.
“Байлап алып кетели,
Кыргыздан бала төрөнү.
Бак-таалайга салышып,
Маңдайга келсе көрөлү,
Ажал жетсе өлөлү.
Асылды кармап алганда,
Жалгыз калат Кененим.
Аралап кирип кыргызды,
Туш-тарапка бөлөлү,
Агызып канын Таласка,
Суу ордуна төгөлү”.
Дүүлүгүшүп бабырап,
Күрдөөлүү аскер жөнөдү.
Асыл шер турат туу белде,
Көз жиберип бул элге.
Калмак менен тажиктен,
Карааны канча көп экен.
Түргө бөлүп аскерин,
Башкарганы зор экен.
“Тийишпесе ушул эл,
Тимеле карап турайын,
Баш кошкондо беш улук,
Кыйындыгын көрөйүн,
Акимсип булар катышса,
Аралашып көрөйүн”
Деп ойлонуп Асыл эр,
Алдындагы Майтору,
Кош олоңун бекитип,
Куйушканын узартып,
Каз таман найза көк түпөк,
Кездемдин боосун чубалтып,
Чарайнасын тартынып,
Буттап темир артынып,
Торгой көз темир бадана,
Беш кабаттап кийинип,
Кылыч белде кыңгырап,
Ай балта жанда шыңгырап,
Жанында кызыл доолбас,
Шамал тийсе зыңгырап,
Карап турат кайран шер,
Көк мейкин зоодой зымырап.
Ал аңгыча туу белге,
Үч улуктун аскери,
Жер сойулуп кыжырап,
Кайсы экени билинбейт,
Кара курттай быжырап,
Калың аскер сүрдөнүп,
Карап турган кишиге,
Алда канча түрдөнүп,
Тарашанын сыртына,
Талдуу суунун кыркууга,
Жабылып аскер токтоду.
Үч бөлүнүп топ болду,
Желектерин сайышып,
Уруштун болду белгиси,
Көрүп туруп Асыл шер,
Жалтанбас жоодон кеменгер,
Айкөл Манас тукуму,
Түгөнгөн сайын түтөйт деп,
Айткан сөздөр эп келер.
Өлгөн сайын өөрчүгөн,
Өткүр Манас тукуму,
Өчүгүшкөн душманга,
Өрт-жалындай чамынып,
Токсон алты миң колго,
Хан Каракөз баштаган,
Тайтана, Наса зорлорго,
Дайарланды эр Асыл,
Андестиги Асылдын,
Сыргактан үлгү алгандай,
Жолборс жүрөк, таш билек,
Түрү Алмамбет сардалдай,
Ач кыйкырык, куу сүрөөн,
Акбалта хандын Чубактай,
Он бештеги чунагың,
Опол тоодой зоңкойуп,
Шаңданып жалгыз бастырды,
Сырнайза колдо койкойуп.
Алдында минген Майтору,
Алоолонуп алкылдап,
Ок өтпөс буулум шым кийип,
Багалеги балкылдап,
Кырааның карап турганда,
Үнү күндөй күркүрөп,
Чоңдугунан чочконун,
Жер козголуп сүлкүлдөп,
Колуна кармап келатат,
Жолум үйдөй чойунбаш,
Мен-менсинген азамат,
Каапырды көрүп, көзүң ач.
Утур келген тумшукташ,
Чойунбаш менен талкалап,
Мингени төөнүн нары экен,
Заманды деген келатат.
Ал Заманды дегенди,
Жедигердин Каракөз,
Таап келген болучу.
Катаалды деген жерде өскөн,
Катаалды дөөнүн жери деп,
Адам уулу барбаган,
Каракөз киши жиберип,
Кененимге салмакка,
Ошол жерден алдырган,
Заманды келет заңкайып,
Минип алган нарынын,
Алдыңкы ээрди шалпайып,
Асыл туруп алабы,
Чоң экен деп жалтанып.
Чоңдугунан Асылдын,
Жүрөгү коркпойт калтаарып.
Заманды Асыл бет келди,
Ал Заманды ойунда,
Жаш балапан Асылды,
Кармап кетем, деп, келди.
Жакындашып келгенде,
Минген нары далпылдап,
Чокмор күүлөп дап берди,
Ойротто жок эр Асыл,
Замандынын чокморун,
Чаптырбай кагып жиберди.
Заманды ага ар кылды,
Чокморун кайра күүлөдү,
Бала баатыр Асылды,
Чокуга тартып жиберди.
Беймаал жерде шер Асыл,
Найзаны чындап сунганы,
Качырып келип чочкону,
Как далыга муштады.
Баатырдан найза жеткени,
Баатырсынган Заманды,
Минген нардын үстүнөн,
Аңтарылып кеткени,
Жер тайанып тургунча,
Карчыгадай кайран эр,
Чокуга чаап өттү эми.
Асыл чапкан оңобу?
Жер тайанган Заманды,
Кайта өөдө кобобу?
Аңгычакты болбоду,
Жедигердин элинде
Жоомарт деген бар эле,
Жоо бөрүсү ал эле,
Жаанбайдын тушунда,
Анча-мынча ал эле.
Хан Каракөз болгондо,
Баатыры болуп ордонун,
Балбан атка конгону.
Бул бадырек чуу койду,
Жедигерлеп бакырып,
Кыйаздап ураан чакырып,
Мингени чабдар тайкы жал,
Тулпар экен Куучаптар,
Кош кулагын жапырып,
Эки баатыр беттешип,
Найзаларын кагышты,
Кайта артына жанышты,
Кайраты толук тың экен,
Качпай туруп сайышты,
Найзалары мутуйуп,
Учтары түгөп калышты,
Балтасында курч калбай,
Уңгулары жарылып,
Кылычтар сынып кыңгырап,
Сыныктары шыңгырап,
Туулгасы жарылып,
Шал болуп уйуп колдору,
Жалдырап тиктеп калышып,
“Жоомарт мыкты баатыр”, деп,
Жедигер айгай салышып,
Шайы кетти Жоомарттын,
Эки колу карышып.
Ошол кезде Асыл шер,
Жоомартты сайып албасам,
Кантип адам болом, деп,
Сайдырып салсам Жоомартка,
Чабал атка коном, деп,
Атам Манас болгон соң,
Сайбай кантип койом деп,
Эр Сыргактын өткүр миз,
Найзасын булгап алганы.
Кезегине келтирип,
Кеңгиреген Жоомартты,
Кый сүбөөгө муштады,
Ошол сайган найзада,
Жоомартты сайып таштады.
Күчтүү урган Сырнайза
Ар жаккы такыр колтуктан,
Кылтайып үчү чыкканы,
Мыктысынган шүмшүк кул,
Жер кучактап жатканы,
Беттешкенин мент кылып,
Жоомартты жерге жастады.
Тентектен келди Буйтуна –
Темир кийген чоң бала,
Коросондук неме эле,
Азыркы тирүү кишиде,
Мен жалгызмын дээр эле.
Анча-мынча кишини,
Кадигине алчу эмес.
Кырк-элүү миң кол болсо,
Тартынып андан калчу эмес,
Найза сайып кишиден,
Куру кайра жанчу эмес,
Буйтуна сайган урчук тоо,
Томорулбай калчу эмес.
Ташты чапса талкандай,
Тоздуруп жүргөн Буйтуна,
Кыжыры кайнап жөнөдү,
Заманды, Жоомарт өлгөндө,
Ал экөөнүн өлгөнүн,
Карап туруп көргөндө.
Бурулгуп топо тумандап,
Асманга учуп топурак,
Чыдай албай титиреп,
Өнүп турган дал-дарак,
Ажыдаардай сүрдөнүп,
Ач карышкыр түрдөнүп,
Борошо жүрүп жаткандай,
Бетинен чыккан ыдыгы,
Жайдын күнкү аптаптай,
Жалындай тийсе ысыгы,
Кирпиктери бириндеп,
Жер бетинде турган чөп,
Токтоно албай кыймылдап,
Жел соккондой дырылдап,
Мурдунан чыккан тынуусу,
Кол ыштыктай буркурап,
Сакал менен мурутта,
Ала карга, сагызган,
Учуп жүрөт куркурап.
Өңү кара көмүрдөй,
Тиши аппак седептей,
Эрди калың төрт эли,
Желкеси агып ириңдеп,
Чачы тармал үксөйүп,
Жаалысы катуу түктөйүп,
Оозун ачып эстенип,
Азуулары шакылдап,
Башына кийген туулга,
Калгандай кара темирден,
Кара бойу кем эмес,
Кар тоонун сеңирден.
Кең көкүрөк, сом далы,
Балбандык сыны бар экен,
Ажал менен иши жок,
Айбан мүнөз жан экен.
Букадай мойну бултуйуп,
Туурасы жоон култуйуп,
Эки беттин этине,
Он даңгыт ит тойгондой,
Тай торпоктой тултуйуп.
Эмчектери салаңдап,
Кысыр эмди танадай,
Эки колдун булчуңу,
Алты жашар баладай,
Амири менен кудурет,
Жан жараткан ар кандай
Жаандын баарын сорчудай,
Келе жатат тайманбай.
Этегин кайра түрүнүп,
Эки колго түкүрүп,
Кара көздөн от жанып,
Башында чачы саксаңдап,
Кутурган иттей чакчаңдап,
Дык тийбеген бетине,
Адамдан суук түрү бар,
Эки беттин ортодо,
Беш байпактык жүнү бар,
Күүгүмдөгү устадай,
Күүгүмдөп бети жылтылдап,
Ат миништи билбеген,
Жөө жүрүүчү кызталак.
Найза, кылыч белинде,
Чокморун артып ийинге,
Оозунан көбүк чачылып,
Опсуз келет Буйтуна,
Эки өгүздүн терисин,
Чарык тарткан бутуна.
Чокморун колго алганы,
Чабайын деп Асылды,
Чакчайып тиктеп калганы.
Чоң экен деп Буйтуна,
Жаш арстан туруп албады,
Көк түпөк кызыл найзаны,
Күүлөп колго алганы.
Булгап-булгап чокморун,
Чапты чочко акырып,
Кар жиликтин булчуңга,
Сайды Асыл качырып.
Танадай болгон булчуң эт,
Талаа-талаа жарылды,
өпкөнүн кара тамырга,
Жара найза сайылды.
Салаалап колдон кан акты,
Бала баатыр карматты,
Чабандестик адатты.
Чабылган жерге чокморун,
Буйтуна алып болгунча,
Оңдоп кармап балтаны,
Отузду койуп жиберди.
Куйкалары шалбырап,
Кан куйулду шылдырап,
Каракушу жарылды,
Кыймылдаса кычырап.
Ачуусу келип Буйтуна,
Чокморду оолак ыргытып,
Булгап алды найзаны,
Карагайдай зыңкыйтып,
Жана кирди эр Асыл,
Майторуну кындыйтып.
Сайдырбастан Буйтуга,
Найзасын кагып жиберип,
Таан тепчү шумкардай,
Кайта тийди имерип.
Ана-мына дегинче,
Айта-буйта кылгынча,
Ачып көздү жумгунча,
Артык туулган Асыл шер,
Он бешти сайып өттү эле,
Он алтынчы катарда,
Бакалоордун тушу, деп,
Өлөөр жери ушу, деп,
Таамай муштап жиберди,
Алкымдын безин аралап,
Мойун сөөгүн талкалап,
Жүлүнүн кыркып өттү эле,
Барча тоодой Буйтуна,
Башмалдак атып жыгылды.
Бала баатыр Асылгга,
Барган киши болбоду,
Баргын деп хандар жумшады,
Балбандар болбой койгону,
Балбан атка конгондон,
Баш баатыры болгондон,
Үчөө катар сойлоду,
Сайган жерден желегин,
Үч урук жулуп алышты,
Көкбөрүнү бетке алып,
Чубуруп жөнөп калышты,
Белдүүдөн өлүп үч баатыр,
Белдери сынып калышты.
Коржоңдоп чыгып жол тосуп,
Колунан кетти намысы.
Асыл баатыр эр ойлоп,
Алда канча кеп ойлоп:
“Алсыраган караанды,
Артынан кыргын салсамбы,
Агызып канын суу кылып,
Бир кумардан кансамбы?
Же баш кишилер алдында,
Айдоого келген кара аскер,
Убалына каламбы?
Баш кошсун баары чогулуп,
Ошондо сынап көрөйүн,
Кара башын жолугуп,
Каптатып ийсе аскерин,
Баш кишиси оолугуп,
Анан канын чачайын,
Аккан дайра суу кылып.
Баш кишиси кылчайбай,
Кетип барат калдаңдап,
Улак ала качкандай,
Этектери далбаңдап,
Жыйнай албай өз бойун,
Өңүрлөрү салбаңдап,
Тайган кууган кийиктей,
Мурундары барбаңдап.
Чогулушуп барышсын,
Көкбөрүгө дардаңдап,
Бак-таалайга салбасам,
Басташып келген иттерди,
Баш аламан кырбасам,
Астын-үстүн кылбасам,
Асылбача атымды,
Которомун анда мен”
Деп ойлонуп артык эр,
Качанда болсо Манастын,
Тукуму элдин камын жээр,
Тартып тура калганы,
Хан Каракөз дегенди,
Анык кудай урганы:
- Жекелеше келгенде,
Заманды, Жоомарт, Буйтуна,
Жете албай өлдү ойуна,
Көпчүлүккө жолобой,
Турганын көрчү Асылдын.
Жекени көрсө майдандан,
Жеке жалгыз мен деген,
Көптү көрсө айанып,
Күчүн айап кирбеген,
Акылына төндүргөн,
Кененим муну көндүргөн,
Кете бериш жакшы эмес,
Жалпы калбай баргыла,
Жалгыз киши эмеспи,
Жарканаттай баланы,
Көкбөрүхандын алдына,
Байлап ала баргыла!
Каракөздөн кеп угуп,
Жедигердин кошууну,
Баары кирди чубуруп,
Качырып кирди Асыл шер,
Майторуга камчы уруп,
Манастап ураан чакырып,
Асыл шердин жанында,
Эки жолборс күркүрөп,
Шамал чыгып артынан,
Жер айрылып дүркүрөп,
Алдында сойлоп ажыдаар,
Түргөн чийдей карааны,
Бармактай кызыл меңи бар,
Кызыл бала дубана,
Суулугунан алганы.
Майторунун артында,
Жөө тумандай чаң калды,
Баладан көргөн бул ишин,
Элдин баары таңданды,
Он беш жашта чунагың,
Опол тоодой шаңданды,
Каптап келген жедигер,
Кайрат кылып тура албай,
Аламан келген көп аскер,
Кайра качып дыр берди,
Асыл эрге байкасаң,
Бабасындай сүр берди.
Көк түпөк кызыл найзаны,
Күүлөп колго кармады,
Күркүрөгөн кайран эр,
Астын-үстүн салганы.
Калың жерге кол салды,
Капчыгайдай жол салды,
Өлбөсүн кара аскер, деп
Каз таман найза алганы,
Эңиште сайып экиден,
Эптей сайып жетиден,
Беттеп сайып бешөөнү,
Жүздөн сайып жүдөтүп,
Миңден сайып бүлүнтүп,
Баатырлыгын билинтип,
Самсаалатып канчасын,
Найзасына илинтип,
Сапырып сайып сандалтып,
Караганды таңдантып,
Өчүгүшкөн душманды,
Өжөр тууган эрениң,
Өчөшүп сайып баратат,
Эси чыгып жүрөгү,
Жарылып өлгөн эр жатат,
Жаны ачыган жаш бала,
Жайнап чоктой баратат.
Каптап келген көп колду,
Тымтыракай түшүрүп,
Тамтыгын такыр чыгарды.
Кайнап жаткан жедигер,
Коросон, испан элдери,
Ханы-беги, карасы,
Жүрөгү коркуп желдеди.
Жолборстой баатыр чамынып,
Бетке алган чагы баатырдын.
Бириндеп качып чачылып,
Атын бура тарта албай,
Жыгылып өлгөн андан көп,
Качаарын билбей ашыгып,
Кеңеш кылып хандары,
Минтип ойго келгени:
“Эркинче койсок Асылды,
Шорубузду катырды.
Андан көрө урсун”, деп,
Барабанын кактырды.
Бабасы Манас айкөлдүн,
Ата наркы салты экен,
Барабан үнүн укканда,
Бурулуп кайра тартчу экен.
Бабадан калган ишине,
Колдон бербейт кишиге,
Бура тартты Асыл шер,
Айалдабай кичине.
Коросондун баштыгы,
Колун булгап бакырды,
Кошуунун кайра чакырды:
- Көрдүңөрбү Асылды,
Барабан үнү чыкканда,
Кеткичекти ашыкты,
Алдырап калган кез экен.
Жедигер отуз эки миң,
Калың колду аралап,
Майтарылып жүрөгү,
Найза салып балта чаап,
Талыккандыр билеги.
Алты күндөн бер жакка,
Оозуна таам салбады,
Ат чалдырып албады.
Билеги эрдин талыкты,
Минген аты чаалыкты.
Чарчабаган эр болбойт,
Чаалыкпаган ат болбойт,
Эки күндөн урушуп,
Эс алдырып он күнү,
Антип жүрсөк иш болбойт,
Атын суутуп чалдырып,
Уйку канып там татып,
Эриккенде беттешип,
Эси жоктой иш кылсак,
Тирүү баскан жан койбойт,
Сыйкыр экен кыргыздар,
Сырын билдим абыдан,
Иттей ээрчип артынан,
Антип жүргөн жан болбойт,
Ажыдаар сойлоп алдында,
Оозунан оту чачылып,
Бармактай кызыл меңи бар,
Кызыл бала дубана,
Суулугуна асылып,
Көрүп турду көзүңөр,
Карап турдуң өзүңөр,
Боло турган иш эмес,
Сыйкырлыгы болбосо,
Жолборс жүрөт күркүрөп,
Шамал чыкты дүркүрөп,
Жер айрылып боз түштү,
Топурак учуп тоз болду,
Сыйкырлыгы болбосо,
Мындай жумуш болобу?
Коркпогула, көп колум,
Миңден-миңден топ болгун,
Ар тарабын бекитип,
Ара жерге токтоткун.
Коросон отуз эки миң,
Сегиз жерге бөлүндү,
Төрт бөлүнүп коросон,
Асыл эрге жөнөдү.
Коросондоп чуулашып,
Сарыдан байрак булгашып,
Он эки сайман түр менен,
Заркум менен Аалынын,
Урушундай сүр менен,
Асман жарган чуу менен,
Жер айрылган дуу менен,
Эки миңден сегиз миң,
Төрт бөлүнүп алыптыр.
Мылтык атып зүңкүлдөп,
Каптап кирди дүркүрөп.
Күркүрөтүп найзасын,
Күүлөп сунуп эр келет.
Кылыч, чокмор, найзачан,
Сом темирин соксойтуп,
Эн темирин артынып,
Бирге келет балтачан.
Көп экен деп шашпаган,
Көөнүндө ишин баштаган,
Күкүрттөн кийин күч алып,
Күйгөн оттой түтөгөн,
Түбүнөн Манас тукуму.
Ата мурас иши экен,
Санды көрсө качпаган,
Санаада ишин баштаган,
Сапырып кырып таштаган,
Салты Манас калган нарк,
Окторулуп эр Асыл,
Майторуну ойнотуп,
Бири кетсе, бири бар,
Кетейин деп сойлотуп,
Айкөл Манас баатырды,
Атына айтып чакырып,
Каптап келген душманга,
Башын тартып тору аттын,
Бакырыгы баш жарып,
Баштан өтүп таш жарып,
Үнүн уккан баатырдын,
Кишинин баары апкаарып,
Көзүнөн кызыл от жанып,
Күүгүм туман көздөнүп,
Майлаган буудай жүздөнүп,
Каскаксыз найза карманып,
Аралап кирди душманды,
Балталуусун башка чаап,
Сооттуусун сойлотуп,
Олпоктуусун онтотуп,
Оң- тескери томпойтуп,
Кылычтуусун кыйратып,
Кыйырын бузбай сулатып,
Найзалуусун ыйлатып,
Сабы менен сулатып,
Каруулуусун какшатып,
Кар жаагандай суу агып,
Карысынан кан кечип,
Калдыратып калканын,
Кан агызып чанданын,
Чыгарып барат калканын.
Туулгасын башынан,
Томолотуп томпойтуп,
Коондой башын соксойтуп,
Башы тенден бөлүнүп,
Короздой мойнун кокжойтуп,
Көзү чыгып олойуп,
Кулагы жок мулуйуп,
Колу жоктор чолойуп,
Ээси коркуп энтеңдеп,
Эми айлам кантер, деп,
Жыгылып-кооп темтеңдеп,
Бели сынган очойуп,
Карачкыдай чочойуп,
Далысынан кан агып,
Кызыл канга кошулуп,
Ак көбүктөп шар агып,
Баш аламан суналып,
Ичегиси чубалып,
Кирпиги араң ирмелип,
Сүйлөй албай тил келип,
Асылдын жолун ачышып,
Ар тарапка качышып,
Айласы кетип коросон,
Аскери чыгып бөлүнүп,
Сап-сап болуп жардашып,
Колуна мылтык кармашып,
Жамгырдай кылып жаа тартып,
Мөндүрдөй кылып ок атып,
Жебенин огу зыркырап,
Кулак жарып чуркурап,
Асман-жердин ортосу,
Жалындаган кызыл чок,
Боздоп учат аткан ок,
Мунарыктап боз болуп,
Токтоно албай тоолорго,
Дирилдек кирди козголуп,
Кулагы тунуп кайберен,
Оттой албай топ болуп,
Тунарык кызыл көрүнүп,
Шамал чыкса артынан,
Жер ачылып сөгүлүп,
Муну көргөн адамзат,
Кара жандан түңүлүп,
Батмачык, кескек кырсылдап,
Уйасын таппай жүгүрүп,
Ийленип калды жыландар,
Талкаланды таш бака,
Топонун көбү тоз болуп,
Таштын көбү кум болуп,
Майда-барат дөбөчөк,
Түзөлүп кетти жоголуп.
Ушундай заман күндөрдө,
Уйку көрбөй түндөрдө,
Күндү күнгө улантып,
Түндү түнгө улантып,
Коросондун кошуунун,
Короодо койдой жуушатып,
Аттын көбү бош калды,
Тизгинин салып колуна,
Чылбырларын сүйрөшүп,
Бир түн, эки күн болду,
Коросондун кошууну,
Качып калды дүрбөшүп.
- Жедигер менен коросон,
Катары менен суладың,
Минген атка токтобой,
Томолонуп куладың,
Испандын эли кармагын,
Кайда кеткен уйатың?!
Испандын ханы акырып,
Кармагын деп бакырып,
Илебин деген бар эле,
Өңкөй испан элинде,
Жарамдуусу ал эле.
Испандын ханы Сакычак,
Илебинге кеп айтат:
- Сенден башка Илебин,
Бел болор киши менде жок,
Сен Илебин турганда
Мен Сакычак көөнүм ток.
Чапкан кылыч, тарткан жаа,
Кызыл милте аткан топ,
Тетиги Асыл дегенге,
Дегеле зыйан кылган жок.
Жедигер менен коросон,
Эси жоктой иш кылып,
Каптап кирди урушуп,
Каны акты кырылып.
Кокрконсуп туруп албайлы,
Арыды Асыл ал калбай,
Чаалыкты тулпар баса албай.
Эң алдында сен баргын,
Жармачтык кылып баратсаң,
Жаныңда турчу мен бармын,
Жарканаттай баланын,
Алы канча, кармагын!
Эндебей алы канча, деп,
Заманды, Жоомарт , Буйтуна,
Алардай өлүп калбагын.
Кезектешип жүрбөгүн,
Айабагын билгениң.
Сакычактан кеп угуп,
Илебин кирдли оолугуп,
Асыл менен беттешип,
Калар бекен деми сууп,
Каарданып Илебин,
Катуу кирди белин бууп.
Каары катуу эр экен,
Кайраттуунун бири экен,
Мингени кызыл пил экен,
Кылымда менче жан жок, деп,
Кыйалында жүрчү экен,
Кыйамына келгенде,
Кырк миң колду сүрчү экен,
Илебиндин оорагын,
Кылым түштүк билчү экен,
Жолум үйдөй башы бар,
Жолбун иттей кашы бар,
Көмүрдөн кара бети бар,
Жылтыраган көзү бар.
Маңдайы дөң тултуйуп,
Мурду жалпак былчыйып,
Үстүңкү ээрди кемиреек,
Тиши чыгып ырсыйып,
Кара бойу мунардай,
Бир колу бар чынардай,
Туурасы көтөк тарыган,
Жер дүңгүрөйт каарынан,
Оозунан көбүк чачылып,
Төбөсү түшкөн көр өңдүү,
Үңүрөйүп ачылып,
Азуулары качырап,
Илебин чыкты кызталак,
Маңдай тери бырышып,
Асыл шерди көргөндө,
Куйкалары курушуп,
Доолбасын карс уруп,
Ач бөрүдөй улутуп,
Күүлөп алды найзасын,
Бир сайгандан чыгарбай,
Алып көнгөн канчасын.
Кара бойу далбаңдап,
Кара темир калканы,
Капталында калдаңдап,
Качырып кирди Асылды,
Этектери далбаңдап,
Пилге минип жүрсө да,
Эшек минип алгансып,
Эки буту салбаңдап,
Тайган кууган кийиктей,
Таноолору барбаңдап,
Күзгү кирген букадай,
Туураланып дардаңдап.
Тушуна кирип келгенде,
Атасы Манас кара көк,
Андан кайдан жазганат.
Манастап бала бакырып,
Алдындагы Майтору,
Кош кулагын жапырып,
Араандай оозу ачылып,
Аркасынан чыккан чаң,
Жөө тумандай жазылып,
Баатыр Асыл жөнөдү,
Илебинди качырып,
Асылды көрүп түрпөтүн,
Тоодой болгон Илебин,
Эми калды шашылып.
Найзаларын кагышып,
Бир беттешип алышып,
Кайра кирди беттешип,
Бак-таалайга салышып.
Карап көрсө Асылдын,
Кара бойу каруу-күч,
Тулку бойу туура күч,
Турушун баары күч,
Тутушканын кылган түз.
Беттешип бенде жеңгисиз,
Бейажал бенде келгисиз,
Байкап көрүп Илебин,
Акылынан адашып,
Артык туулган Асылга,
Ажалы жетип жанашып,
Жана кирди бул экөө,
Өлөөр жагын самашып.
Аманат жалгыз бир жанды,
Кылга байлап таштады,
Илбеиндин найзасын,
Кагып ийип эр Асыл,
Ана-мына дегинче,
Айта-буйта кылгынча,
Камбыл тууган кара көк,
Илебинди камынтпай,
Алтымыш койуп жиберди,
Машыгып кеткен Майтору,
Ылаачындай имерди.
Колуна жарак алдырбай,
Көз ачырбай эр неме,
Күркүрөтүп урганда,
Мен-менсинген Илебин,
Эси кетип элейип,
Эси оогандай делдейип,
Карап турат калдайып,
Мыдыр этер ал калбай,
Чыкпагандан жан калып,
Ачып көзүн каранып,
Алдыңкы ээрдин жаланып,
Жан ачыган Илебин,
Колуна найза карманып,
Томпойтуп пилин жылдырып,
Испандан ураан кыйкырып,
Найзасын күүлөп алганда,
Манастын уулу чунактын,
Кармай калды шайтаны,
Кай кылыгын айталы,
Илебинге сайдырбай,
Кагып ийди найзаны.
Сыргактан калган Сырнайза,
Кайра жанбайт таш сайса.
Жыгачка сайса, таш тешкен,
Көөдөнгө сайса баш кеткен,
Баатырдан калган найзаны,
Күүлөп бала сунганы,
Күүсүнөн кулак тунганы.
Туулганын чети деп,
Ээктин алды бези деп,
Кырынан келип муштады.
Найзанын учу жеткени,
Ар жаккы кулак түбүнөн,
Найзанын учу жылт деди.
Ээрден көчүк бултайды,
Үзөңгүдөн бут тайды,
Пилден ооп кыйшайды,
Жер тайанып жыгылды,
Топого башы тыгылды,
Өкүмсүгөн Илебин,
Бу да көрдү өлүмдү.
Ат көтөрбөй пил минген,
Илебинди өлтүрдү,
Асыл эрди көрдүңбү?
Испандын эли бириндеп,
Этектери дирилдеп,
Жалдырашып турганы.
Кайра айланып Асыл шер,
Илебин минген чоң пилге
Качырып кылыч урганы,
Кылыч тийген кызыл пил,
Бук деп албай жан берди,
Бүдөөгө келбей өлгөнү,
Бутун серпе албады,
Жоон мойундун түбүнөн,
Таарый чаап салганы.
Илебин минген пил өлдү,
Коросон, испан, жедигер,
Карап туруп көргөнү.
Буйрук берип Сакычак,
Букара аскер жөнөдү.
Коросон менен жедигер,
Кордук көргөн эл калды.
Испандан келген кара аскер,
Санаты отуз эки миң,
Сакычак баштап барганы,
Баатырсынып Сакычак,
Качырып найза салганы.
Бала жолборс эрениң,
Баш калкалап калабы?
Келе жатат Сакычак,
Сакалы келет чоң кучак,
Найзасынын учунан,
Жалындаган от чыгат.
Атын санга салыптыр,
Мингени тору тобурчак,
Шамалдай чуркап алыптыр,
Майтору менен жол тосуп,
Асыл шер тура калыптыр.
Бала туруп кеменгер,
Ааламдан ашкан айлагер,
Ал Манастын тукуму,
Ар кандай айтса эп келер,
Эки баатыр бет келди,
Каңк-куңк этип найзалар,
Кагылыша кеткени.
Ээ бербей тору тобурчак,
Өтө берди алдына.
Кыйынсыган Сакычак,
Баатырдын кирди кыйырына.
Майтору оозун имерди,
Оңолгуча Сакычак,
Ойротто жок жаш Асыл,
Калкандын алды чети, деп,
Айдалынын бети, деп,
Баатырың найза урганы,
Асыл сайган оңобу?
Жыгылбай аман болобу?
Тобурчакка токтобой,
Томолонуп торойду,
Чарайнасы чатырап,
Тоскоолдук кылбай жарылды,
Тоодой болгон Сакычак,
Агып каны жайылды.
Карчыгадан шамдагай,
Камбыл туулган кайран эр,
Сомо темир, сом балта,
Сомдоп соккон айбалта
Чокуга койуп өттү эле,
Түгөнгөн сайын түтөгөн,
Түптүү Манас тукуму,
Буларга бенде түтпөгөн.
Өлгөн сайын өөрчүгөн,
Өткүр Манас тукуму,
Өчөшүп бенде түтпөгөн,
Өчөшүп келип буларга,
Өжөрдөн канча дөө өлгөн.
Өлүп кеткен нечен дөө,
Түптүү чынар көтөргөн,
Илебин менен Сакычак,
Булардай канча эр өлгөн,
Кагылышкан капташта,
Кара аскер эмес, хан өлгөн,
Белсенип найза өңөргөн,
Мелтиреп зоодой көгөргөн,
Мен-мен деген эр өлгөн.
Тукумунан Манастын,
Сегиз миң жыл жашаган,
Сыйкырдан Жүйрүн дөө өлгөн,
Дөөлөр басып жеңбеген,
Эки айактуу бендени,
Дегеле алы келбеген,
Темир кийген эр өлгөн,
Тебишип канча жан өлгөн.
Заманды, Жоомарт, Буйтуна,
Илебин менен Сакычак,
Кантип амал кыла алат,
Ажал турса жакалап,
Өлбөй кандай кала алат?
Испандыктын ханы өлдү,
Ишенип келген Илебин,
Эң алдында ал өлдү,
Испандыктын элдери,
Бурулбастан жөнөдү.
Муну мындай таштайлы,
Кирген жерде Таласка
Кырылыштан баштайлы.
ТАЛАСКА БАШ БАККАНДАГЫ КЫРГЫН
Жедигердин Каракөз,
Коросондун Салаасы,
Кеңеш кылып алышты,
Испандыкты кетирбей,
Испандыктын элине,
Арага элчи салышты:
- Ханы өлдү Сакычак,
Хан көтөрсүн бирөөнү.
Сакычакты баргын деп
Айтканы жок бир киши,
Хан туруп чыгып какчаңдап,
Ырас болду өлгөнү.
Арасынан шыйгарып,
Хан көтөрсүн бирөөнү.
Качып берсе калың эл,
Менден коркуп качты, деп,
Асыл карап турабы?
Адатынча аралап,
Арык койдой кырбайбы?
Азканакей элиңди,
Астын-үстүн кылбайбы?
Испандын эли тил алсын,
Кантип Асыл кырбасын,
Кызыл канын агызып,
Кылгылыкты кылбасын?
Барбаса Асыл аркаңдан,
Жедигер менен коросон,
Хан Каракөз, Салаадан,
Биз айтабыз күбөлүк,
Ким болсо хан испанга,
Элге да болсун түбөлүк,
Кол кармашып үч улук,
Көкбөрүгө кошулуп,
Түбөлүк доор сүрөлүк,
Эли кимди көтөрсө,
Бүткүл испан элине,
Ханы ошол түбөлүк.
Испандын эли турушуп,
Элчинин кебин угушуп:
- Хан Каракөз, Салаанын,
Акылы терең турбайбы,
Бизди кантип кетирсин,
Тээтиги Асыл кырбайбы,
Коросон менен жедигер,
Как ошондой кылбайбы.
Коросон менен жедигер,
Кырылып көбү түгөндү,
Кызыл кан агып жошулду,
Кыйаматка кошулду,
Кырдырып колун түгөтүп,
Хан Каракөз, Салаалар,
Кабагын бүркөп түнөрдү,
Мындан турган биз өлүп,
Испанда жаткан эл өлүп,
Эки тарап тең өлүп,
Өлүп атып түгөнүп,
Жылма болуп калбайлы,
Арабыздан бир киши,
Хан көтөрүп шайлайлы.
Тете деген бар эле,
Илебинди теңсинтпей,
Эрмин деген ал эле,
Чогулушуп күдүңдөп,
Хан көтөрдү аны эле.
Хан болуп Тете кубанып,
Кынына батпай дууланып,
Дүркүрөп испан чубашып,
Жедигер менен коросон,
Кошулушту түз барып.
Жедигердин Каракөз,
Коросондун Салаасы,
Испандан Тете кошулуп,
Асыл менен алышып,
Каны агып жошулуп,
Заманды, Жоомарт, Буйтуна,
Хан Сакычак, Илебин –
Беш баатыр өлүп мултуйуп,
Көкбөрүгө кошулду,
Кылмышкер болуп култуйуп,
Олтурган экен Көкбөрү,
Көгөрүп бети тултуйуп,
Кабагын ачпай бүркөлүп,
Кар жаачу күндөй чүмкөлүп,
Каракөз айтат ошондо,
Кара жанга күч келип:
- Сен Көкбөрү, болголу,
Далай иштин болгону,
Сенин айткан кебиңди,
Коросон, испан, жедигер,
Моңгул, маңгыт элдери,
Бузган киши болбоду.
Барабыз дедиң кыргызга,
Басташып келип бул журтка,
Баатырдын көбү жоголду,
Кыргыздан Асыл он беште,
Тең келген киши болбоду,
Келсин депсиң келатсак,
Асылбача жолдо экен,
Теңине алып койбоду.
Теңсинбесе бир бала,
Курушту куйка терибиз,
Үрпөйдү төбө чачыбыз,
Ачууландык баарыбыз,
Бир жанга кантип ал келбейт,
Чогулушсак баарыбыз,
Деген ойло кумсардык,
Байрак тиктеп туу сайдык,
Найза күүлөп төш жайдык,
Биз көпчүлүк , ал жалгыз,
Канат керип дагдайдык.
Чогуу туруп үч урук,
Чокчоңдодук урушуп,
Соот-тонду жыртышып,
Найзанын учун түйрүлтүп,
Балтанын сыртын баткалап,
Кылычтын мизин кетилтип,
Ат олоңун бекитип,
Айанбай салдык урушту.
Заманды, Жоомарт, Буйтуна,
Бирден-бирден мушташты,
Дөөкүрсүгөн эрлерди,
Кыргыздын Асыл баласы,
Кара жерди жыттатты,
Илебин менен Сакычак –
Экөөнү катар сулатты,
Беттешип чыккан ким болсо,
Тоо да болсо кулатты,
Тобу менен сулатты.
Каптап кирдик өчөшүп,
Аз өлбөдү, көп өлдү,
Кала жаздык түгөнүп.
Илебин менен Сакычак,
Катар өлүп кеткенде,
Испандын колу турбастан,
Жөнөп берди дүрбөшүп,
Хансыз калган караандар,
Атайын киши жыйдырып,
Хан көтөрдүк Тетени,
Анан келдик алдыңа,
Бурулуп киши кетпеди.
Бизден мурун карааны,
Сен кийипсиң, Көкбөрү,
Асыл өңдүү адамды,
Бизден мурун ким көрдү.
Жан бүткөндөн жан алган,
Өз-жат дебей жалмаган,
Жалаңгыч сарык атанган,
Кененим бекер калыптыр.
Уулдун уулу Асыл дейт,
Улутун ошол алыптыр.
Он төртүндө Сейитим,
Кең Керкитке барган, дейт.
Кара дөөнү какшатып,
Жадыкөй катын, төрт уулун,
Катары менен сулатып,
Бөлүп берип мал-пулун,
Керкиттин элин кубантып,
Кызын алып Кылжыке,
Сулайматты жубантып,
Көк күмбөздү талкалап,
Жан жүрбөстүн Кызылкум,
Урушка чыгып чалкалап,
Жети дөөнүн баласын,
Түгөтө кырып кан жалап.
Сулайматты жоготуп,
Балыкчыны хан шайлап,
Жети баштуу желмогуз,
Жолбун иттей аны айдап,
Өткөн экен Сейитим.
Анын уул Асылдын,
Өзүң көрдүң бар ишин,
Ага кылар амалың,
Эми кандай бар ишиң?
Деп Каракөз айтканда,
Күрс дегинче жөтөлүп,
Көкбөрү башын көтөрүп:
- Тете, Салаа, Каракөз,
Сурасаңар менден сөз,
Бир чатырда турабыз,
Жоголушуп бетме-бет,
Кек алар болсоң кыргыздан,
Кезеги мунун келген кез.
Түрк уулунун баарысын,
Чогултуп Манас бийлептир,
Түбүбүз бирге алаш, деп,
Манастын уулу Семетей,
Ак калпак кыргыз деп келди,
Атабады алаш деп,
Айчүрөктү талашып,
Жедигерди кыйратты,
Чакырып ураан Манас деп,
Семетейден бер жакка,
Өзбек менен казакты,
Таманынан жөлөдү,
Жедигер, тажик, түркмөндү,
Киши ордуна көрбөдү,
Түрк уулунун ичинен,
Тоңгустун тогуз тукумун,
Өз жагына бөлгөнү,
Чавшен, жапан ыраакта,
Алар колго келбеди,
Моңгул, манжу эки урук,
Бөлгөнүнө көнбөдү,
Кененимдин колунан,
Моңгул, тажик, маңгыттан,
Баш көтөргөн көп өлдү.
Сейтек менен Кененим,
Жедигер, сени кул кылды,
Толтой менен Кыйазды,
Катары менен сулатып,
Башыңа каран түн кылды.
Өзүңдө киши жоксунтуп,
Таластан сага хан кылды,
Тажиктен чыккан Көкбөрү,
Как ошого ар кылды.
Коросон, испан, жедигер,
Моңгул, маңгыт, тажикти,
Чогултуп сени жам кылды,
Кошулдуң деп монгулга,
Коросон, испан, тажикти,
Баш көтөртпөйт Кененим,
Маанайын элден пас кылды.
Коросондун Дабытай,
Испандакы Ачакан,
Тажиктердин Темирбек,
Коктукатта хан Чыктей,
Куландын сары сайында,
Козголбой жаткан үч моңгул,
Калдагай кулак Чойун алп,
Жез киндиктүү Кыкымат,
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Асылбача - Бекбача - 04
  • Parts
  • Асылбача - Бекбача - 01
    Total number of words is 4218
    Total number of unique words is 2402
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    48.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 02
    Total number of words is 4224
    Total number of unique words is 2033
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 03
    Total number of words is 4167
    Total number of unique words is 2177
    29.3 of words are in the 2000 most common words
    41.9 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 04
    Total number of words is 4207
    Total number of unique words is 2249
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 05
    Total number of words is 4227
    Total number of unique words is 2142
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 06
    Total number of words is 4145
    Total number of unique words is 2368
    27.9 of words are in the 2000 most common words
    41.3 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 07
    Total number of words is 4178
    Total number of unique words is 2166
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    41.9 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 08
    Total number of words is 4277
    Total number of unique words is 2252
    30.1 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 09
    Total number of words is 4169
    Total number of unique words is 2230
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 10
    Total number of words is 4247
    Total number of unique words is 2253
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    43.8 of words are in the 5000 most common words
    50.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 11
    Total number of words is 4282
    Total number of unique words is 2270
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 12
    Total number of words is 4209
    Total number of unique words is 2246
    29.3 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 13
    Total number of words is 4233
    Total number of unique words is 2187
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    43.8 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 14
    Total number of words is 4237
    Total number of unique words is 2126
    31.5 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 15
    Total number of words is 4138
    Total number of unique words is 2147
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    40.8 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 16
    Total number of words is 4194
    Total number of unique words is 2163
    31.5 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 17
    Total number of words is 4192
    Total number of unique words is 2144
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    44.1 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 18
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 2261
    28.7 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 19
    Total number of words is 4245
    Total number of unique words is 2140
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 20
    Total number of words is 4306
    Total number of unique words is 2154
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    52.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 21
    Total number of words is 4116
    Total number of unique words is 2203
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.3 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 22
    Total number of words is 4226
    Total number of unique words is 2218
    28.7 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 23
    Total number of words is 4188
    Total number of unique words is 2153
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    44.1 of words are in the 5000 most common words
    51.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 24
    Total number of words is 4131
    Total number of unique words is 2199
    29.7 of words are in the 2000 most common words
    42.9 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 25
    Total number of words is 4187
    Total number of unique words is 2437
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 26
    Total number of words is 4295
    Total number of unique words is 2395
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    39.5 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 27
    Total number of words is 4235
    Total number of unique words is 2320
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 28
    Total number of words is 3254
    Total number of unique words is 1922
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.